Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 21-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Ишеним

“Ишеним” аңгемесинде Гордеев деген шопур рейстерди кошуп жазып, көп айлык алып жүрөт. Анысы билинип калып, бирок автобазанын начальниги ага кечирим жана ишеним берип, ал шопур иштөөсүн улантат. “Экинчи кошуп жазбайм” деп убада берип, начальниктин ишенимин аткарып, экинчи кошуп жазууну токтотот.

Абдышев К. Кум дөбөлөр: Повесттер, аңгемелер. – Б.: Университет, 2012. – 544 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7 – 4
    А – 13
    ISBN 978-9967-02-817-13
    А 4702300100-12

Нуска 500 даана

Сүрөтчүсү автор

 

Старший диспетчер апкелген он чакты жол барак-чаларын, ага тиркелген товардык-транспорттук наклад-нойлорду жумуштун аягында калып, текшерип отуруп, кокусунан накладнойлордун биринин сандарынын оңдол-гонун байкап калдым. Ары салып карап, бери салып карап отуруп, беш деген сандын алдына бирди коюп, беш рейстин ордуна он беш рейс болуп калганын аныктадым. Балким мен муну байкабай калат белем, кашаага алынып арип менен жазылган «беш» деген создүн алдына «он» деген сөздү кошуп жазганды унутуп коюптур. Унутпаган күндө да ошол сөздү жазганга орун жок болучу. Ошентип сан менен он беш рейс, жазуу менен беш рейс бойдон калыптыр. Диспетчер балким байкабай калганбы, ушул жол баракчасы боюнча ташылган жүк менен жүк оборотунун эсеби ошо он беш рейсстин негизинде чыгарылыпытыр. Демек бензиндин зарпталышы да, шопурдун тапкан эмгек акысы да үч эсе көбөйтүлүп калган.

Мен бул автобазага начальник болуп иштеп жатканыма жарым жылча гана болгондуктан көпчүлүк шопурларды али жүзүнөн билбейм. Бу Гордеев деген кайсы шопур болду экен деп бир азга ойлонуп отуруп, анан селектор аркылуу байланышып, старший диспетчерди өзүмө чакырдым.

– Лидия Петровна, бизде Гордеев фамилиялуу канча шопур бар? — деп сурадым ал киргенде отуруңуз деп колум менен ишара кыла берип. Бирок ал отурбай, көз айнегинин ары жагынан чочуркаган көк-жашыл көздөрүн мага тикти. Менин алдыма келгенде анын жүзүндө ар дайым ошондой бир үрккөнсүп турган түрдү байкаймын. Адатта андай жүздөн: «Начальник мени эмнеге чакырды экен. Бир жеримен жазып калган жокмунбу?» деген жазуу-ну окуйсуң.

– Отуруңуз, Лидия Петровна, отуруңуз, — дедим кичине ныгыра сүйлөп. Ал иш үстүлүмдүн алды жагына коюлган жайдак үстөлдүн эки жагындагы отургучтардын бирине көчүк басты.

– Гордеев бизде бирөө эле, — деди старший диспетчер жооп күтүп жатканымды билип. — А эмне, бирдеме болуптурбу?

– Мен билбейт экем. Өзү кандай шопур? — Старший диспетчер бул суроону бергениме сактана калдыбы, же жөн эле мага ошондой көрүндүбү, ал жооп бербей тайсалдай түштү.

– Эмне десем. Менимче жакшы эле жигит, — деди ал үнүн ишенимсиз чыгарып.

– Жакшы болгондо?

– Ну... Оозунан көп сөз чыкпаган жоош неме. Айт-каныңызды эки кылбайт. Анан жүк ташуунун планын ай сайын аткарат.

– Лидия Петровна, сиз биерде көптөн бери иштейсиз. Төрт-беш жыл болуп калды. Ошо Гордеевдин мурда кылтың-култуңу байкалды беле? Жумушка чыкпай, жумуштан кечигип, ишке арак-парак ичип келип, болбосо билгизбей документтерге жүктөрдү ашык жазып алып дегендей.

Старший диспетчер шиштигийирээк мурундуу, жаактарында кылаңгыр саргыч түгү бар жүзүн мага буруп карады.

– Билбейт экем. Менимче андайлары болбосо керек, — деди ал үнүн аяр чыгарып.

– Лидия Петровна, бери болуп, мына муну карап көрүңүзчү, — деп алиги накладнойдун оңдолгон жерин көр-сөттүм. — Мына, сиздин мактаган шопуруңуздун кылганы. Силердин көзүңөрдү будамайлап жүрөт. А силер, диспетчерлер болсо анысын көрбөйсүңөр. А балким көрсөңөр да көрмөксөн болосуңар. — Мен старший диспетчерди ушинтип зекип, кабагымды бүркөй анын жүзүнө тик карадым. Ал ого бетер корккон чукчугуй жүзү менен мени үтүрөйө карап турду.

– Кана, тааныйсызбы? Бу кайсы диспетчердин колу? Ким кабыл алыптыр? — Старший диспетчер жакындай берип, жол баракчасына көз жүгүртүп, башын көтөрбөгөн бойдон:

– Надяныкы. Надянын колу экен? — деди эмнегедир мага түшүнүксүз себеп менен алаканын шак коюп. Ал башын көтөрүп, экөөбүз тиктеше калдык. Анын ансыз да коркок жүзү, дамамат убайым тарткансыган көзү бир башкача таң каларлыктай көрүндү мага.

– Ооба. Надянын өзүнүн колу. Өзү алыптыр. – Лидия Петровнанын үнү эмнегедир эми калтаарый чыкты. Мен анын түрүнөн, корко чыккан үнүнөн, «Надянын өзү алыптыр» дегенинен кантсе да бир сыр, бир маани бар экенин байкадым. Бирок ал сыр мага али түшүнүксүз болучу. Бирок начальниктик чоңдукка салып, аны кайрадан зекий баштадым.

– Кана, эмне дейсиз? Ким күнөлүү буга?.

– Ким күнөлүү болмок эле?. Биринчиден шопур Гордеев, экинчиден диспетчер Надя. Арийне, старший диспетчер катары мен да күнөлүүмүн, — деди Лидия Петровна бу саам анчалык тарткынчактабай.

– Андай болсо ошо Гордеевден, диспетчерден түшүнүк кат алыңыз. Өзүңүз да жазыңыз. Карап көрүп, ар кимиңе тийиштүү жаза берем.

Сташий дичпетчердин жүзүнөн өзүмдүн айткандарыма карата реакцияны байкаган жокмун. Анын убайым тарткан көздөрү мени жалдырай тиктеп, мен айтып жаткан жазаларга караганда олуттуу башка бир нерсе ичинде кайнап жатканы көрүнүп турду. Мен сөздү көбөйтүп отурбай:

– Барыңыз, Лидия Петровна. Азыркы айткан түшү-нүктөрдү жаздыртып, Гордеевди, Надяны таап, үчөөңөр мага киргиле.-Дегенимде анын жүзү ого бетер чүрүшүп, жука эриндерин таптап, бирдеме айталбай, үтүрөйө карап тура берди.

– Сиз дагы бирдеме айтайын деп турасызбы? – дедим мен анын түрүн көрүп.

– Жок, жок. Надя азыр иште жок. Сменага эртең чыгат. Гордеев машинасы менен иште. Келер маалы болуп калды.

– Анда эмесе Гордеев келгенде мага жибериңиз. Ба-рыңыз. Балким келип калгандыр.

Ошодон жарым саат өтпөй Гордеев келди. Каби-нетимдин эшиги акырын ачылып, нары жактан, куйкул сары чачын оң жагына жаткырып, учтарын кайрымыш этип койгон, бети-колу күнгө күйгөн, орто бойлуу арык-чырай жигиттин кебетеси көрүндү. Ал эшиктин босогосун аттап, чакырдыңыз беле дегенсип туруп калды.

– Келиңиз. Шопур Гордеевсизби?

– Ооба.

– Келиңиз. Отуруңуз.

Ал келип, алды жагымдагы отургучка мага капталын келтирип отурду. Мен сөздү эмнеден баштайын деп, адегенде ага назарымды сала көз жибердим. Мурду кабагынан ылдый тик түшүп, учу кертиле чыгып турат экен. Билегинен баштап чыканагына чейин саргыч-күрөң суйдаң жүн баскан колдорун үстөлдүн үстүнө таштап, ак-саргыл кирпиктүү көздөрү жарым-жартылай жумулгансып, алды жагына карап отурду. Сыртынан караганда старший диспетчер айткандай жоош, салмактуу өңдөнүп, жанагындай иштерге бара тургандай деле түрү жок көрүндү.

– Эмне иш менен чакырганымды билесизби? — дедим үнүмдү кадимкидей жай чыгарып.

– Жок, — деди ал мени бир жалт карап, кайра жүзүн тартып кетти.

– Эмне, Лидия Петровна айткан жокпу?

– Жок.

– Накладнойлорду оңдоп, эмнеге кошумча рейстерди жазып жүрөсүз.

– Аны ким айтты? — Гордеев калың кирпиктеринин арасынан жылтыраган көгүш көздөрүн жиберди. Кантсе да анын үнүнөн шектенгендикти байкадым.

– Мен айтып отурам, — дедим үнүмдү бекемирээк чыгарып. — Беш рейсти он беш рейс кылып оңдогон ким?

Ушинтсем эле кабагы карыш түшүп, кирпиктери ого бетер батталышып, Гордеев башын төмөн салып отуруп калды.

– Мына!-Мен кагаздарды анын алдына таштадым. Ал кагаздарга караган жок. Туптуура сабак билбеген биринчи класстын окуучусундай башын салып отура берди. Ооба, күнөөсүн дароо эле сезди.

– Сенин бир жылдан берки жол баракчаларыңдын бардыгын текшерттирем. Ушул эле эмес болуш керек сенин кошуп жазгандарың (припискаң). Кана, айтчы өзүң чыныңды. Мурда да оңдоду белең накладнойлорду?

Гордеев кабагын карыш салып отурган калыбында:

– Акыркы эки айда болсо керек эле, — деди күңкүлдөп.

– Мун үчүн эмне болоруңду билесиңби? Бул деген социалисттик менчикти уурдоо деген болот. Сот жообуна тартыласың. Ошону ойлодуңбу?! Аял, балачакаң барбы? — Гордеев ошо ындыны өчүп отурган калыбында жок дегенсип башын чайкады.

– Ошонусу жакшы болуптур. Түрмөгө кетсең сенин азабыңды тартышпай. Анан башкалардын да шоруна кал-ганыңды билесиңби? Сенин бул кылганың үчүн диспетчерлер да жаза алышат. Кимиси кабыл алса. Мынабу документиңди Надя алыптыр. Аны да жазалайм. Балким иштен алам. — Надянын атын укканда Гордеев селт эте, каштары ого бетер бириге түштү. Мен сүйлөгөнүмдү токтотуп, Гордеевди тиктеп отурдум. Анын жаак эттери түйүлүп, ичтен ушунчалык катуу өкүнгөнүн сездим.

– Болуптур, баргын. Баргын да, түшүнүк кат жазып кел, — дедим сөзүмдү жыйынтыктап.

Гордеев ордунан турбай, ошо бир калыбынан жа-зылбай, ичтен чыңалып отура берди. Анан түзөлүп, мен жакты бир карап, кайра алдын тиктеген бойдон:

– Сизден суранарым, мени түрмөгө салдырасызбы, эмне кылсаңыз баарына макулмун. Бирок кошуп жазганымды Надя билбей эле койсунчу, — деди.

– А эмне үчүн?

– Аны сурабай эле коюңуз.

– Документти оңдогонуңду ал билеби?

– Жок. Билбейт.

– Эмне үчүн билбейт? Кабыл алганда жакшылап текшериш керек эле да? Эмнеге антип текшерген эмес.

– Ал мага ишенчү. Менин кагаздарымды текшербей эле кабыл ала берчү.

– А эмне үчүн сага ишенет?

Гордеев жооп бергендин ордуна өйдө боло берип:

– Дагы суранарым, Надя билбей эле койсун. Сизге айттым го, эмне жаза берсеңиз да баарына даярмын деп. Ошо. Надя билбей эле койсун, — деди да шылкыя басып, кабинеттен чыгып кетти.

Кабинетимде жалгыз калдым. Өзүмчө ойго түштүм. Жана старший диспетчер менен сүйлөшкөндө да, азыр Гордеев менен сүйлөшкөндө да Надянын аты аталганда башка бир корккон абалда калышты. Оозунан жарытылуу сөз чыкпаган менен Гордеев кылмыш ишине барыптыр. Болбосо бери эле жагы эмгек китепчесине жазылуу менен иштен айдалат. Эмгек китепчеси бир жолу булганса, анын кийинки эмгек жолуна сөзсүз түрдө терс таасирин тийгизет. Кыскартып айтканда Гордеевдин азыркы абалы эң оор болучу.

Жетекчи адатта берер жазасын алдын-ала эле аныктайт. Мен Гордеевди сотко бербей эле, эмгек кодексинин статьясына такап туруп, иштен кетирейин деген чечимге келдим.

Мейли, ошентейин дейин, ал эми диспетчер кыз Надянычы? Закон боюнча ага да жаза беришим керек. Бирок старший диспетчер Лидия Петровнанын «Надянын өзү алыптыр» деп айтканы менен Гордеевдин «Надя билбей эле койсун» дегени көңүлүмдө кайталанып, ошонун сырын ачуу мага кызык көрүндү.

Анын эртесинде ишке келерим менен Лидия Петровнаны кабинетиме чакырдым. Гордеев болсо айтпады, бир билсе ушу билет дедим. Эки-үч жолу айтып жатып, алды жагыма отургузуп, көпкө созбой дароо гана суроолорго өттүм.

– Лидия Петровна, айтыңызчы, диспетчер кыз Надя менен Гордлеевдин ортосунда кандай байланыш бар? — Капталын келтирип алды жагын түз карап отурган Лидия Петровна көздөрүн тез-тез ирмеп, жүзүн мага бурду. Адатынча мукактана түшүп, анан кайра алдын карап кетти. Кылаңгыр сары түктүү бетине кан төгүлдү.

– Лидия Петровна, уялбай эле айта бериңиз, — дедим болушунча үнүмдү сылык чыгарып.

– Алар сүйлөшүп жүрүшөт экен, — деди ал кыйналып-кысталып жатып.

– Ия, ошондойбу?

– Надя айтты эле жакында кошулганы жатабыз деп.

– Көрсө кептин баары биякта жаткан турбайбы? Демек, жанагы ишти экөө биргелешип жасашкан экен да? — дедим ичимдегини тышка чыгарып. Лидия Петровна мени карады. Бу карашынан менин ойлогонума кошулганын же кошулбаганын айрып билүү кыйын эле.

– Лидия Петровна, сиз кандай деп ойлойсуз? Надя ошондой ишке барат беле?

– Менимче антпейт. Куулугу жок, өз ишин ак аткарат деп ойлойм. Бирок ким билет. Антип айтыш да кыйын. Экөө сүйлөшүп жүрүшсө. Балким биринин сөзүн бири кыйбастыр. Надя бүгүн ишке келди. Азыр барып сурап көрөйүнчү.

– Жок, жок, Лидия Петровна. Азырынча шашпаңыз. Менимче Гордеевдин бул кылганын Надя билбейт. Муну «Надя билбей эле койсун» деп ал катуу суранган.

Менин алдымда кыйын маселени чечүү милдети турду. Чын эле Надя Гордеевдин ошо кылганын билбегени чын болуп, тигиге ишенип, анын кагаздарын үстүртөн карап, кошуп жазгандарын байкабай өткөрүп жиберди дейли. Бирок канткен менен да Гордеевге бир жаза беришим керек. Минтпешке менин советтик жетекчи жана коммунисттик партиянын катарында турган уятым жол бермек эмес. Бирок антсем эле Гордеевдин кылмышы Надяга билинип калмак да, Надя өзүнүн жигитинин тигинтип алдап жүргөнүн билмек. Анан Надя намыстуу кыз болсо Гордеевден көңүлү калып, ал экөөнүн ортосундагы таттуу үмүттүн таш-талканы чыкмак. Мындай болбос үчүн бир гана жол бар: Гордеевге эч жаза бербей, жабылуу аякты жабылуу бойдон калтыруу керек. Бирок бул жерде дагы бир ой турду. «Бу кудай албаган Гордеев болочок колуктусун эмитен алдап жүрсө, деги кызга карата болгон дилинде таза бирдеме барбы? Кызга чыныгы өмүрлүк жолдош боло алабы?

Мен өзүм бу Надя деген диспетчер кызды анча-мынча билем. Бети тегерек, мурду саал-паал борбогоюраак, эки бетинин алмасы чытырап чыккан, бою бийик эмес, томолок кыз. Кой көздөрүндө шаттыктын жышааны кетпейт. Эттүү болсо да бөлбүрөбөй, баскан-турганы тарсылдап тың. Автобазанын эксплуатациялоо бөлүмүнүн начальниги Рашидовдун: «Иштегение жарым жылча болсо да, Надя диспетчерлердин ичинен тыңдарынын бири» дегенин жакында эле уккам. Айтканыңды айткандай аткарган кыз. Бир иш тапшырсаң убагында селектордон же телефондон анын ишенимдүү шаңк-шаңк үнүн угасың. Болбосо өзүңө чакырсаң кабинетке кирип келет да, көз-дөрүн бадырайта, үнүн аптыга чыгарып, иштин жайын баяндайт. Анан тарсылдай чыгып кетет. Баралына келгенде кажылдаган шопурларды так катыра тургандай түрү бар.

Азыр мен Надяны көз алдыма келтирип отуруп, анын чын эле Гордеевдин ишине шериктеш экенине түк да ишенген жокмун. Мындай ачык-айрым кишилер андай жаман иштерге барышпайт. Балким Гордеев Надянын дал ошол шартылдаган мүнөзүнөн коркуп, алиги кылганын билдирбегени чын болушу керек. Өңү-түстөрү, сырткы кебете-бой турпаттарын караганда Гордеев менен Надя бири-бирине пар келишет. Мүнөздөрү боюнча таптакыр карама-каршы. Бирок сүйүшүп калса айла жок экен да. Мен азыр ушу Надяны аядым. Эгерде чаңдатып, Гордеевди сотко берсем, болбосо иштен куусам, Надяга тийген эң оор сокку болот. Гордеев баш болуп, башка адамдарга болгон ишеними жоголот. Анан ким билет анын андан аркы тагдыры кандай болорун.

Мен дал ушуларды ойлодум. Азыр Лидия Петровнаны кетирерден мурда ага бул туурасында Надяга түк эчтеке айтпасын катуу тапшырдым.

Гордеевди кайрадан чакырттым. Шылкыйып келди алдыма.

– Жолдош Гордеев, чыныңды айтчы. Сенин доку-менттерди оңдогонуңду Надя билеби?

– Жок. Билбейт.

– Экөөңөр сүйлөшүп жүрөт экенсиңер. Анан кантип эле билбей калсын?

– Жок, жок. Аны Надя билсе өлбөдүмбү. Ошентип эле ооз ачып көрөйүнчү, ал менин теримди сыйрып алсын.

– Анан эмнеге ошентип рейсти көбөйтүп жазып жүрөсүң?

Гордеевдин башы шылк дей түштү. Анан ошол башын салып отурган калыбында сөзүн баштады.

– Акча керек болду. Жалгыз картаң энем бар. Иш-тебейт. Акча төлөп, бирөөдүн батиринде турабыз. Үйлө-нөйүн дегем. Надяга. Башка эмне дейм. Ошо. Мына, тү-шүнүккө да ушинтип жаздым. Кылганымды мойнум менен тартам. Дагы суранарым, мен соттолгончобу, иши кылып биерден кеткенимче Надя билбей эле койсун.

Гордеевдин салаңдап түшкөн кабагы, жаак эттеринин кез-кезде түйүлө калышы, анын терең өкүнүчтө отурганынын күбөсү деп билдим.

– Жолдош Гордеев, эгерде мен ушул ишти өз мойнума алып кечирсем, мындан ары андай жаман иштерге барар белең?

Гордеев эмнегедир менин мунумду кайдыгер кабыл алды. Болор иш болду, мени тамаша кылганда эмне дегенсип, эки ийнин куушуруп койду.

– Эмне унчукпайсың?

– Эмне дейт элем. Болор иш болду да.

Мен көбөйтүп отурбай, сөздү жыйынтыктадым.

– Жолдош Гордеев, экөөбүз эркектерче сүйлөшөлү. Мунуңду кечирейин. Эч деле жаза бербейин. Бирок сен да эркектерче убада бер, мындан ары мындай болбойт деп. Кана, ошентип сүйлөштүкпү?

– Чын эле ошондой болсо сизге чоң рахмат. Мындан ары түк да андай ишке барбаймын. — Гордеев сүйлөп жатып бир жолу мен жакты карады. Ак-саргыл кирпиктеринин арасынан көгүш көздөрүнөн ушунчалык ыраазычылыкты, чоң кубанычты байкадым.

Ошентип, Гордеев кайрадан иштеп жүрдү. Анын алиги уурулугу Надяга билинбеген бойдон калды.

Ушудан жарым ай өттүбү, бир ай өттүбү, Гордеев менен болгон иш такыр эле эсимден чыгып кеткен. Бир күнү эле менин үстүмдөн түшкөн тоголок арызды текшергени министрликтин бир киши келип калды. Болсо да, болбосо да арызда майдалатып көп нерселер жазылыптыр. Ошолордун арасында: «Гордеев деген шопур жалган рейстерди кошуп жазып, документтерин өткөзүп жүргөн. Буга анын сүйлөшүп жүргөн кызы, автобазада диспетчер болуп иштеген Надя көмөктөш болгон. Бул ишти автобазанын начальниги Айтиев көрүп-билип туруп эле аларды эч себеби жок кечирим берип жатат, бул начальнигибиз. Минтип отурса автобазанын бүт коллективи алдым-жуттумчулукка айланып кетет» деп да көрсөтүлүптүр.

– Ооба, ооба. Гордеевдин кылмышын өзүңүз анык-таптырсыз. Ашык жазылган жүк отчеттон алынып, ашык алган акчасын карматыптырсыз. Аныңызда талаш жок. А бирок эмне үчүн Гордеев менен диспетчер кызды жазалаган жоксуз? Сотко берүү керек болучу. Ашык жазуу деген бул күйүүчү майды талаага төгүп таштоо же бирөөгө сатып акча жасоо деген эмеспи. Туурабы? Анан ошентип жүргөн шопурду жазасыз калтырыпсыз. Кошумча жазуу (приписка) үчүн эң бери жагы административдик катуу жаза берип, бир жылга чейин бардык сыйлык акылардан кур калтыруу керек. Туурабы? Квартира, машина алууга анын өчүрөдүн да артка жылдырып койсоңуз болот. Ал эми Гордеевиңиз сайрандап иштеп жүрөт. Сиздин жумшак мамилеңизден мындан ары анын андай иштерге барбайт деп ким кепил боло алат? Кечире берет экен деп башкалары Гордеевди туурай баштайт.

Текшерүүчү дагы көп нерселерди айтты. Анын айт-кандарынын баары негизинен туура болучу. Бирок мен Гордеев менен Надянын сүйлөшүп жүрүшкөндөрүн, алардын советтик ынтымактуу үй-бүлө болушуна кам көргөнүмдү жакшы эле айтып түшүндүрдүм. Бирок закон-закон деп тырышкан неме экен, менин сөздөрүмө муюбай койду. Коллегияга салышты. Мен ошол жерден да текшерүүчүгө айткандарымды кайталадым. Он жыл бирге иштешип, мени жакшы билген министрибиз Владимир Петрович эч жаза бердирген жок.

Иш менен алаксып жүрүп, Гордеев менен болгон окуя таптакыр эсимден чыгып кетти. Ушундан бир жыл өттүбү же андан көп өттүбү, бир жолу кадрлар бөлүмүнүн башчысы апкелген буйруктарга кол коюп жатып, диспетчер Кулакова Надежда Петровнага декреттик отпуск берилсин дегенди окуп калдым.

– Кулакова бизде диспетчер болуп иштечү эмес беле? — дедим Надя эсиме түшүп.

– И, ооба.

– Бойдок көрүндү эле го?

– Күйөөгө тийген. Бизде шопур болуп иштейт. Гордеев деген. Жакшы жигит. Иши да жакшы.

– Бизде канча Гордеев бар?

– Бирөө эле.

– Мына, буйрук дайындадык. Мыкты иштеген алдыңкы шопурларга сыйлык акча жаздык. Ошо Гордеев да бар.

Эсиме Гордеевдин баягы окуясы түштү. Ошондо соккуну өзүмө алып, Гордеевди сактап калганымдын тууралыгына эми биротоло ишендим. Көңүлүм көтөрүлүп калды.

1979-жыл

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 910