Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 21-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Атам жөнүндө

“Атам жөнүндө” аңгемесинде согушта сол колун атайын немистердин мөндүрдөй жааган огуна тосуп, жарадар болуп келгенин баласы билип калып, аябай кыжалат болгону көрсөтүлөт.

Абдышев К. Кум дөбөлөр: Повесттер, аңгемелер. – Б.: Университет, 2012. – 544 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7 – 4
    А – 13
    ISBN 978-9967-02-817-13
    А 4702300100-12

Нуска 500 даана

Сүрөтчүсү автор

 

Биздин айыл бир тамчы сууну бөлүштүрсө жеткидей чакан айыл. Анткен менен бизде аты уйкаш эле адамдар көп. Айыл ичи ким жөнүндө сөз болуп жатканы айкын болсун деп, андай уйкаш аттуулардын алдына жашагын көчөсүн, атасынын атын, кызматын, өнөрүн, болбосо анын кайсы бир жетишпеген жагын кошуп айтышат. 

Мисалы үчүн бизде эки Ыбырайым бар. Бирин атасынын атынан Жоордун Ыбырайымы дешсе, экинчисин Жилбик Ыбырайым дешет. Мына ушу экинчи Ыбырайым жетимиштерден ашып калган, шилиси көрүнгөн арык чал болучу. Ал кишинин эч кимге деле жамандыгы болбосо да Ыбырайым аты өчүп, ал жок жерде кары дебей, жашы дебей Жилбик деше турган. Бир жолу Ыйманаалы деген мындайыраак тууганыбыз, ыраматылык кишинин тирүү кези, баласы Кудакени ошо Ыбырайымдыкына мейманга чакырып кел десе:

– Жике, сизди биздикинен эт жесин деп жатат, — дептир.

– Ой, оңбогон Ыйманалы! Балаңа ушинтип чакыр деп үйрөткөн экенсиң, — деп Ыбырайым Ыйманаалыга таарыныч кылат. Сөздүн төркүнүнө түшүнгөн Ыйманаалы (жарыктык аябай аксым эле) Кудакенин үнүн кудайга жеткизе сабаптыр.

Бизде эки Абыке бар. Бирин атасынын атынан Төкөлдөштүн Абыкеси дешсе, экинчисин жөн гана Ырчы Абыке дешет. Ырчы деген Абыкебиз аш-тойлордо, канча атадан калганын ким билет эски комузун сөөмөйү жок сол колунун манчалары менен күүгө келтиримиш этип, ар ким-ар кимди ой-боюна койбой мактап ырдап коймою бар.

– Э койчу аты уйкаштарды айтып отурсам толуп-жатыры.

Баса, Ысактардан бизде төртөө: Уста Ысак, Молдо Ысак, курмушу Ысак, анан менин атам.

Атам мурда эмне Ысак аталганын билбейм, немистер менен болгон чоң согуштан кайтып келгенден кийин Сенек Ысак аталып калды.

Атамдын сол колунун туптуура билегинин ортосунан ок көзөп өтүп, манжалары ичин көздөй бүкүрөйүп, ошол бойдон ачылбай, бири — бирине биригип чүрүшүп ошо бойдон катып калган.

Атамды элден өзгөчө «Сенек» деп аташканы мага жакчу эмес. Бирок канчалык сен каалабаган менен көпчүлүктүн оозун тыйыш кыйын экен, бири болбосо бири оозу — мурду кыйшайбай туруп эле атамды Сенек Ысак деше берише турган. Ата Мекенин коргоп, колун окко жулдурган адамды сенек деп кемсинткени жаман экен баарынан. «Сенек» деген сөз атамдын өзүнө гана тиешелүү болсо бир жөн эле, мени да сенек Ысактын баласы дешет.

Мына бу карып бараткандар, көбүнчө мал артында тоодо жүргөндөр кийинки бизге окшогон жаңы өсүп келаткан балдарды көп тааный беришпейт. Салам айтсаң алды менен алик алып, анан атынын оозун бура тартып:

– Эй, токточу! Кимдин баласы элең? — деп бүшүркөй карайт.

– Ысактын!

– Ысактын? Кайсы Ысактын?

Эл айткандай сенек Ысактын деп кантип айтам өз атамды. Алды менен көчөбүздү айтам. Анан чоң атамдын атын айтам. Биздин төмөнкү элден көчүп келгенибизге итапкан эле болуп калса да, айыл ичинде чоң атамдын аты да анчалык белгисиз болучу.

Анан тиги киши Ысактарды санай баштайт:

– Койо турчу. Бизде уста Ысак бар, молдо Ысак бар, и-и... курмушу Ысак бар... А-а, сен чолок көчөдөгү сенек Ысактын баласы турбайсыңбы?

Тиги киши тапканына ыраазы болуп, атын моюнга бир чабат да, деги эле эчтеке болбогонсуп, андан ары жолун улантат. Менин ачуумдун келгени ушунчалык жолдун четинде жаткан таш менен тетиги башын төмөн салып кетип бараткан немени жон талаштыра берип калгым келет. Бирок антпейм. Чын эле атамдын бир колунун сенек экени жалганбы да, менин анын баласы экеним жалганбы? Эмне дешсе ошо дешсин, анткен менен эли-жерин сыймык менен коргогон жоокердин баласы экениме өз ичимде сыймыктанчумун.

Атам өзү сенек аталып кеткенин билгени менен деги бир капарарына алып арданчу эмес. Чоң атам менен чоң апам энчилеп коюп берген атындай эле кабыл алчу.

Бригадир атамдын жарым жандуу экенин эске алып, аны жеңилирээк жумушка чегерчү. Алдына бир ат берип, же кароолчулукка, же араба-сокого чегилчү аттарды кайтарганга койчу. Менин баамымча дал ушул иштер атамдын түнт мүнөзүнө жарашып, ал элден бөлүнүп жалгыз жүрчү. Көп сүйлөбөйт, көп күлбөйт.

Элден угушума караганда атам аскерге кете электе тамашөкөй, шайыр жигит экен. Комузга үн кошуп ырдап, эл көңүлүн ачкан дешет. «Кантсин, колунан ажыраса. Комузун черте албаса. Комуз деген шайырдыктын дабасы деген чын болсо керек»-дешип атамдын көңүл пастыгын ошо комуз черте албаганына жоруша турган. Балким чын эле ошондондур. Бирок ошол эл айткандай бул жагынан анын ордун мен бастым: чоң күүлөр болбосо да, комузга бирин-серин обондордон сала койом. Ал эмес мектепте уюшулган ыр-хор кружогуна катышып жүрөм.

Кай бирде мектепте салтанаттуу чогулуштар болуп калганда, же ата-энелер чогулушунда атамды согуштун катышуучусу дешип урматтап, президиумга отургузушчу. Ошентип баркталып, эл алдында отурган атам чогулуш бүткөнчө жарадар колун нары үстөлдүн алдына катып алып, отурган элди да кенен-кесир карай албай, негедир корунгансып, өзүнчө эле кысынып, үстөлдүн үстүнө таштап койгон оң колун тиктеп коюп отура берчү.

Ал эми тетиги Арстаналыны айтпайсыңарбы. Ал менин атамдай эмес. Өзүнүн дит багып карай алгыс кара чаар жүзүнөн арданбай, отурган элге тегиз көз жиберип, кай бирде элдин көңүлүн буруп, өзү менен президиумда жанаша отургандар менен кулак кагыша бирдемелер туурасында шыбыраша түшөт...

Аскерден аман-эсен кайтып келгендердин орден, медалдары болор эле. Атамдын ошолордукундай эң куру дегенде бир эле медалы болсочу. Ал эми тетиги Арстаналы медалдарын тагынып алганда, көкүрөгү толо жаркырап, бизге, балдарга кадимки эле баатырдай көрүнчү.

Атамдын немистер менен кантип атышканы, колунун кандайча жарадар болгону жөнүндө айтып берсең деп канчалык асылсам да, аныма көңүл бурбай, кайдыгер минтип койчу:

– Койчу балам, ошол өткөн ишти. Аны угуп эмне кыласың? Жанагы киноңдон деле көрүп жүрбөйсүңбү...

Бирок бир жолу Жеңиш майрамына карата биздин мектепте болгон салтанаттуу чогулушта, ошол жердеги эл атамдан аскерде кантип согушканын айтып бер дешип кыйнап калышты. Атам кыйналып-кысталып жатып буларды айтты:

– Ошол тозокту эске салганда эмне? Ок атышуу башталганда, кудай бетин салбасын, кимдин ким экенин ажырата албайсың. Немистер ушул жакта деп командирибиз ат деген жакка мылтыктарыбызды каратып алып ата беребиз. Окоптун тыяк-быягына снаряддар, бомбалар жарылып жатканы. Ок тийип баа деп бакырган солдаттардын кыйкырганы. Жаныңда түңүлөсүң. Э, койгулачы ошо балакетти эске түшүрбөй. Ошондой атышуулардын биринде колумдан жарадар болдум. Ырысым бар экен, моминтип силерди көрүп отурам...

Атамдын согуш туурасындагы кызыксыз аңгемесин укканым ушул гана. Кийин согуш туурасында кеп салып бер деп эч ким сурабай турган болду. Менин деле уккум келбей калды. «Командирибиз ат деген жакты каратып алып эле ата беребиз» дегени эмнеси? Окту талаага кетирбей, мээлеп атпайбы».

Бул жолку чогулушта Арстаналы жок болучу. О, ал болгондо укмуш болот эле да. Анын согуш турасындагы аңгемелери аябай кызыктуу.

Баса, Арстаналы демекчи, анын аскерден келгенине бир жылча эле болду. Ал аскерде эмнегедир көпкө кармалды. Айыл ичи аны ошояктан аял алыптыр, келбейт экен деп жүрүшчү. Бул айтылгандардын жармы төгүн, жармы чын экен. Согуш бүткөндөн кийин армиялык кызматты дагы улантып жүрүп, 1949-жылы гана бошоп, айылга келди.

Бала киши баамчыл болобу, кийинки кезде мен буларды баамдадым. Арстаналы келгенден кийин атамдын басмырт мүнөзү ого бетер чөгүп, ал бар жерде ченине да жолочу эмес. Атам эмнегедир Арстаналы менен жолугушуудан корко турган өңдөнүп көрүнчү мага.

Аскерге кете электе, эл ичиндеги кепке караганда Арстаналы менен атам жакшы жолдоштордон болушкан экен. Ал экөөнүн тилеги кабыл болуп, аскерге бирге чакырылып, бирге кетишет. Бир взводдо кызмат өтөшөт. Согушка кире берип эле атамдын колуна ок жаңылып, ошону менен кайтып келет. Арстаналы болсо Берлинди алганга катышыптыр. Эми баштагы эки дос бири-бириникине кирип чыгуу мындай турсун, тыңгылыктуу учурашканга жарашпайт.

Мына ушундан кийин эми мен чын эле Арстаналы менен атамдын ортосундагы түшүнүксүз келишпестиктин түйүнүн чече тургансып аңдып калдым. Алтынчыда окуп эс тартып калган мага бир кездеги ысык жолдоштор, кийин окопто бирге жатып, немистер менен бирге согушуп жүрүшкөн бул экөөнүн ортосундагы салкындыктын сыры түшүнүксүз бойдон кала берди. Бирок кантсе да ал экөөнүн ортосундагы достуктун үзүлүшү атамдын күнөөсүнөн го дечүмүн. Анткени атам Арстаналы менен жолугушуп калган учурларда бет-кат болуп коркуп турганын сезчүмүн. Эмне дегенде эгер атам те алыстан Арстаналынын көрүп калса, ага кезиккенден качып, башка жолго салчу. А кокус карп-курп жолугушуп калса атам эмнегедир күнөөсүн сезгендей көзүн өйдө кыла албай, Арстаналы бирдеме айтып жибереби деп коркуп, анын жанынан тезирээк оолактачу. Мындай учурда мен чукул жерге снаряд жарылып, ошондон калган Арстаналынын кара чаар жүзүнөн бирдеме издечүмүн. Байкашымча анын көздөрүнөн атама карата ачуу менен жек көрүүнүн заары чачылчу.

Бир жолу атам экөөбүз он алтынчы мылтыкты алып, кыргоол атып келмекке токойго барып калдык. Бул күнү оңдой берди болуп, токойдун кире беришинен эле топ кыргоолду кезиктирдик. Алар уча бергенде атам мылтыкты мажес колуна жөлөй берип, атып калды. Кыргоолдордун бири ошол эле жерден топ дей түштү. Алардын арасынан бир корозу эмнегедир тигилер менен теңелип уча албай, тобунан ажырап, артта кала берди. Бирок чырканак бадалдын учун чийип, андан ары учуп кетүүгө үлгүрдү. Атам кыргоол кеткен жакты көрсөтө берип:

– Тиги да ок жегендей болду. Артынан чурка. Көп узай албайт. Чырканак бадалды айланып чурка, — деди шашып.

Мен атам айткан жер менен чөп-чар, бадал-садалга чалынып чуркап жөнөдүм. Жарадар болуп жан берген кыргоолду араң дегенде таап, кайра атам калган жерди көздөй эми шашпай басып келаттым. Камыш, майда тал, караган, деги койчу токойдо эмне өсүмдүктөр болбойт, ошолорду аралап, ээнирээк аянтка мына чыга берерде бакылдап сүйлөгөн бирөөнүн үнүн уга койдум. Мен тык токтой калдым да, бадалдардын ачыгынан атамдын жанында атка минип турган Арстаналыны тааныдым. Анын бак-бак ачуулуу сүйлөгөнү мага дапдаана угулду.

– Эй, Сенек, алдагыны эмнеге аттың, ыя?! Өкмөт тыюу салганын билбейсиңби?

Атам күнөөсүн мойнуна алгансып башын салып унчукпай турду. Арстаналынын ого бетер күчөп чыккан үнү күзгү ээн токойдо жаңырды. Менимче ал токойдо атам жалгыз деп ойлоду. Менин биерде экенимди билгендей болгон жок. Ал мурдатан айталбай жүргөн бугун болдожолу дал ушиерден чыгарды.

– Эй, сенек! Эл сага сенек деп бекеринен ат койбоптур. Ушул сенек колуң менен мылтык кармай алат бекенсиң, ия? Те баягы согушта жүргөндө эки колуң сопсоо туруп, немистерди көздөй мылтык аткандан коркчу эмес белең?! Берилген окту эмнеге түгөтө атпадың деп айтат деп командирден коркуп, башыңды окоптон чыгарбай асманга туш келди атканыңды билесиңби, ия?! Ошо баягы кийинки бир жолку атышууда мени өлүп калды го деп ойлодуң го, Жок. Өлгөн жокмун. Эсим ооп жатканда бир карап койгон жоксуң го иттин баласы. Ошондо мени караганың-карабаганың бир тыйын болучу. Эй, ит! Менин сени ушинтип айтууга толук акым бар. Ошондо көп болсо мен өлүп калмакмын. Бирок өлгөн жокмун. Ошондогу алааматта эсим ооп жатып, байкуш Ысак кантип атты болду экен деп сени карадым го А сен болсоң... — Арстаналы муунгансып, үнү чыкпай калды. — А сен болсоң мылтыгыңды окоптун түбүнө таштап, сол колуңду окоптон чыгарып, немистердин мөндүрдөй жааган огуна тосуп бербедиңби?! Мен ошону көрбөй, билбей калды дедиңби? Анан ок тийген сол колуңду бооруңа катып, бүк түшүп отуруп калган жок белең? Сенин мурда ушундай кылбайлыбы дегениңди тамаша экен деп жүрсө, ит, арам оюң чын турбайбы?..

Атам лам деп ооз ачкан жок. Чын сөз айтылганда адатта ушундай болот эмеспи.

– Айтайын деп жүрдү элем. Акыры айтылар сөз ай-тылды. Ит турмушуңду уланта бер. Анан моминтип экинчи токойго келчү болбо. Биерде менин корукчу экенимди билбейсиңби?

Арстаналы атын моюнга бир чапты да, атамдын жанынан бастырып кетти.

Мен турган ордумдан жылбай, селейип калыптырмын. Арстаналынын сөздөрү атама айтылбай эле мага мага айтылгандай болду. Атама кандай таасир эткенин билбейм, Арстаналынын ар бир сөзү жүрөгүмө ийне болуп сайылды. Дал ушул минутадан баштап, жашоомдун бейкутчулугу быт-чыт болуп бузулду.

Бир оокумда колумдагы кыргоолдун түшүп калганын да сезбей, ошо бойдон кур кол тетигинде башын жерге салып турган атамды көздөй, сенделе басып жөнөдүм. Атам жанына барганда гана селт этип чоочуп:

– Тапкан жоксуңбу? — деди.

Мен анын жүзүн кароодон айбыгып:

– Жок, — деп күңк эттим.

Эми элеки Арстаналы экөөнүн жаңжалынын күбөсү болгонумду атам туйдубу, туйган жокпу, аны билген жокмун. Ал мылтыгын оң ийнине асынып, анан алдыбызда өлүп жаткан кыргоолду көрсөтүп:

– Муну алып ал. Кеттик үйгө! — деди да, мени күтпөстөн алдыга басып кетти. Алды менен кыргоолду аларымды же албасымды билбей, анан өмүрүмдө биринчи жолу атамдын тилин албай, кыргоолду ошол жаткан жеринде калтырып, сенделе басып атамдын артынан жөнөдүм.

Мен чыккынчыларды, коркокторду кинолордон гана көргөм. Азыр болсо ошолордун бирөө жонун үңкүйтүп, менин алдымда, беш-алты кадам аралыкта кетип баратты. Чыккынчылар менен жаны таттуу коркокторду бир өзгөчө кишилер десем менин атама окшогон эле бирөө болот турбайбы?

Согуштун азап-тозогунан качып, өз жанын сакташтын амалы менен андан өлбөсүн билип, атам колун өзү окко тосуп бергени мен үчүн акылга сыйбаган иш эле. Мылтыгын таштап коюп, анан өз эрки менен колун душмандын огуна тосуп берүү деген бул өзү душман менен биригип алып өз жаатына ок атуу эмеспи. Андан эмне айрымасы бар?

Атамдын согуштан кийинки эл баалаган токтоо-лугунун, ачыгыраак айтканда элдин бетин карай албаган басмырттыгынын сыры мага ушинтип ачылды. Эл алдында, Мекен алдында, Арстаналынын алдында атамдын кечирилгис зор күнөөсү бар экен да?!

Күздүн боз чаңгыл асманы алдындагы жаратылыштын миң түркүн бойогуна сүртүлгөн токой сулуулугуна маашырланганды унутуп, башымды жерге салып кетип бараткан учурдан баштап, мына бу алдымдагы адамга карата болгон мендеги баштагы жылуу сезим билик чырактай жалп этип өчтү. Анткен менен мен, эл атагандай, сенек Ысактын баласы бойдон кала бердим.

«Ата-энесин канжыгасына байлап жүргөн эч ким жок» деген чын сөз экен, ушудан бир жыл өткөндөн кийин атамды тиги дүйнөгө узаттык. Ал мага түшүнүксүз бир ооруга чалдыгып, ошондон кутула албай көп узабай көз жумду.

Аны көмгөндө мүрзө башына эл чогулду. Ага Арстаналы да келип топурак салды. Атамды жайына коюп, мүрзөнү топурак менен дөмпөйтүп болгондон кийин молдо Ысак куранды узак окуду. Анан эл туруп кетерде биздин туугандардын бири элге кайрылып:

– О, эл! Ысакта аласа-бересеңер бар беле? — деп заңк этти. Эл арасынан эч ким үн катпады. Ал бул сөздү дагы эки жолу кайталады. Аласа-бересебиз бар деп эч ким айткан жок.

Анан ошол эле тууганыбыз:

– Агайын-туугандар, Ысак кандай киши эле?-деп дагы элге кайрылды.

Эл бир саамга үн катпай, мүрзө башы тунжурай түштү. Дал мына ушул жерден Арстаналынын баягы токойдогу айтканы эсиме түшө калып, көзүмдүн үстү менен ага көз жибердим. Нары четте эки-үч киши менен кошулуп, ал да аза күтүп отурган экен.

Элге кайрылып жаткан тууганыбыздын жанында отурган курмушу Ысак өзүнүн кекечтенген тили менен:

– Жа...-жакшы ки-ки... киши бо-болчу,-деп калды эле, жакшы киши болчу деп эл жапырт коштоп кетти. Мен дал ушул учурда Арстаналыдан көзүмдү албай, уурдана карап турдум. Ал эриндерин кыбыратпай, өзүнүн кара чаар жүзүн алды жакта бир жерди караган калыбын жазбай отурду. «Жок, жок. Ой эл! Ысак жаман киши болчу. Ал өз колун душмандын огуна өзү тоскон!» деп кыйкырып токойдогу атама айткандарын дал ушул жерде айтат ко деп күттүм.

Анан ошол эле тууганыбыз: «Ысакта аласаңар болсо баласынан аласыңар, бересеңер болсо баласына бересиңер» деп менин ийниме колун коюп, элге көрсөттү.

Өлүк ээси катары үйгө эрте өкүрүп бармакка элдин шарына кошулуп, мен да жөнөдүм. Кылчая көзүмдүн кыйыгын дагы бир жолу Арстаналыга жибердим. Ал калыбынан жазылбай, баягы боюнча отурган экен. Жанында отурган дагы бир экөө ордуларынан турушуп, нарыта байлаштырып койгон аттарын көздөй басып баратышыптыр. Менин жүрөгүм эми гана аныктап ордуна келгенсиди.

Ооба, мага түшүнүксүз себеп менен Арстаналы эмнегедир атамдын өз колун душмандын огуна өзү тосуп берген чыккынчылыгын тышка чыгарган жок.

Атам өлгөндөн кийин Арстаналы менен көп эле жолу жолугуп жүрдүм. Ага салам айтсам иргелбей алик алат. Анын көздөрүнөн азыр баягыдагы атам менен жолугуша калгандагы заардын учкуну жок. Киши дит багып карай алгыс чаар жүзү мээримдүү да, жайдары да.

Мен: «Атам кандай киши эле?» деген мүрзө башында элге берилген суроону нечен ирет Арстаналыдан сурайын деп жүрдүм. Анткени ошондо элден өзгөчө ушу Арстаналы гана «Ысак кандай киши эле?» деген суроого үн катып жооп берген эмес. Мен атам жөнүндөгү чындыкты Арстаналынын өз оозунан угайын деген чечимге биротоло келдим. Бирок Арстаналы жок жерде канчалык баатырсынган менен, анын жанында оозумдан сөзүм түшүп, ошол суроонун берилиши кечиктириле берди. Убакыт өтүп, «Атам кандай киши эле?» деген суроону берүү эсимден такыр эле чыгып кетти. Кийин ойлосом ошентип сурашым деле ылайыксыз экен. Мен жанында турбаган менен атам жөнүндөгү чындыкты баягы бир жолу токойдо Арстаналы атамдын көзүнө тике айтып бергенде өз кулагым менен укпадым беле...

Тагдырдын буйругу ушул экен атам өлгөндөн бир жыл өткөндөн кийин аялы жок Арстаналы менен апам баш кошуп, ак нике кыйылды. Адегенде мектепти, кийин жогорку окуу жайын бүтүрүп, мамлекеттик ишмерлердин катарына кошулганыма Арстаналынын өз атадан өткөн камкордугу себеп болду деп билемин.

1977-жыл

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 2248