Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 21-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Орус аялы

“Орус аялы” аңгемесинде боорукер орус аялдын мас болуп, суукта көчөдө калган кыргыз жигитин аман алып калышы көрсөтүлөт.

Абдышев К. Кум дөбөлөр: Повесттер, аңгемелер. – Б.: Университет, 2012. – 544 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7 – 4
    А – 13
    ISBN 978-9967-02-817-13
    А 4702300100-12

Нуска 500 даана

Сүрөтчүсү автор

 

Мен өз ишим менен гана алектенип, үйүм менен министрликтин ортосундагы жолду гана билип, минист-рликтин аппаратында иштеп жаткандардын ичинен болобу, же министрликке баш ийген чарбадагы кызматкерлерден болобу, ылымсынган бир да адамым жок болучу. Те бала кезден аш казандын жарат оорусу менен жабыркап келем. Этим жука, аябай эле арыкмын.

Бир жолу кабинетимде жалгыз отургам. Таштын жаракасынан чыга калгандай:

– Ой, салоомалейкум! Кирүүгө уруксатпы? — деген үндөн селт эте башымды өйдө кылсам, бир буту босогону аттаган Кубанычбек турат. Кыры кыска тегерек кара шляпасын бир жак чекесине түшүрө кийген. Кара плащынын этеги чычайып тизесинин үстүндө жүрөт. Кара шымы чучуктай. Шиш тумшук кара туфлисин чымын консо тайгаланып жыгылып, буту сынчудай кылып жылтырата майлаган. Сол колу плащынын чөнтөгүндө. Колтугуна кыстарып койгон кезиттери бар. Оң колунда сигарет түтөйт. Жүзүндө жайнаган күлкү.

Кубанычбек шаардагы темир жол менен келген жүктөрдү ташуучу автобазанын техникалык бөлүмүнүн начальниги. Инженерлик билимди Москвадагы автожол институтунан (МАДИ) алган. Талас жергесиндеги айылдар-ыбыздын арасы алтымыш чакырымдай алыс болсо да, кокустук менен бала кезден таанышып калып, ошодон бери жолдошпуз.

– И, кел, Кубанычбек, кел. Киргениңди да байкабай калыпмын.

– Эми чоңойгондон кийин ошентип байкабай каласыңар да, — деп какшыгын айткан Кубанычбек жакындап келип, кол алышып учураштык. Ал иш үстөлүмдүн алды жагына коюлган жайдак үстөлдүн бир жагындагы отургучту артка тарта берип отурду да:

– Чоң болгондон бери такыр дайының чыкпай кетти го? – деди Кубанычбек мыйыгынан күлүп.

– Убактым жок. Эртең менен эрте келип, кагаздардан кечкете баш көтөрмөй жок. Бир топ эле кыйналып жүрөм, — дедим дилимдегини айтып.

– Ой, Кадыр, койчу эми ошо ишиңди. Иш дегениң чобур ат чегилген араба. Божусун кармасаң да, кармабасаң да, шапалак үйрүсөң да, үйрүбөсөң да, өз жолу менен кете берет. Иш деп бизге окшогон досторду, мейли биз болбосок да өзүңдү унутуп койосуңбу? Ушинтип үңкүйүп үстөлдү кучактап отургандан эмне чыгат?

– Анан эмне кыл дейсиң?

– Кичине бир разрядка деген да керек ко?

– Разрядка болгондо.

– Иногда жолугушуп, өткөн-кеткендерди сүйлөшүп, жүз граммдашып дегендей.

– Кубанычбек, чынында мен жыгылыштуумун. Ордумду жууп бере турган жөнүм бар эле. Давай, бүгүн жумуштан кийин шаарга бирге басып чыгалы.

– Кадыр, мен бүгүн сенин ордуңду жуудурайын деп келген жокмун. Ал качпайт. Бир күнү жууп берерсиң. Менин келген жөнүм башка. Абды Борукеевич үйүнө конокко чакырып жатыр. Сага мени атайы жиберди. Бала кезден жолдош экенсиңер, барып ээрчитип кел деди.

Бул эмне деген чакырыш болуп кетти дегенсип, Кубанычбекти суроолуу карадым. Ал ошонумду түшүндү го:

Ушу экөөбүзгө окшогон автотранспорт жагында иштеген таластыктардын башын кошуп тамак берип койоюн дейт.

Эчтемеден оюм жок, Кубанычбек экөөбүз ээрчишип алып, Борукеевдикине бардык. Үч бөлмөлүү үйүнүн конок залындагы узун коюлган үстөлдүн бели түрлөнүп коюлган тамак аштан кайкалайт. Ичимдиктин не бир түркүндөрү турат: коньяк, арак, шампан, койкогой моюн винолор, минералдык суулар...

Урматтуу окурманым! Ушул отурушта болгон сөздөрдүн баарын тизмелеп айтып отурсам өзүнчө эле бир том болот. Сени тажатпай кыскартып гана айтып берейин. Кон-окко чакырылгандар: шаар ичинде нан жана башка тамак-аш ташуучу «Торгтранс» автобазасынын начальниги, болгону сегиз класстык билими бар Эшалы Бекетаев, Жүргүнчүлөр автотрестин башкаруучунун орун басары Мелис Эшмамбетов, Кызыл-Аскер автобазасынын начальниги Кимболот Солтобаев, министрликтин бөлүм башчысы мен — Кадыр Айтиев, автобазада техникалык бөлүмдүн башчысы болуп иштеп жаткан Кубанычбек Масалбеков, анан мен тааныбаган, көзүн алаңдаткан дагы бирөө отурат.

Тамакка карадык. Чай да келди. Бир-эки чыныдан ичилген чайдан кийин Борукеев:

– Эми чай менен ичибизди шыкай бербейли. Башкасына өтөлү. Кана, Кубанычбек, жаш эмессиңби. Бөтөлкөлөрдөн ачып, куюштуруп жибер,— деди.

Тармал чачы башын ого бетер чоң кылып көрсөткөн, ичи чыкпай, эти бүт дене мүчөлөрүнө тегиз тарап күржүйгөн, моюну билинбеген Борукеев ордунан көтөрүлүп:

– Та-ак, — деди ал тынчтангыла деген кыязда. Анын үнү кыңылдап ичке чыгат экен. -Биерге чогулганыбыз баш кошуп отуруп, тамак ооз тийели деген эле кеп. Башка эч себеби жок. Баарыңар бири-бириңерди жакшы билесиңер. Бир жердин кулунубуз. Калдарды гана чүйлүк дебесек. Ал чүйлүк болгону менен түбү таластык. Те илгери ата-теги Талас жактан көчүп келип, Карабалта тарапка отурукташып калыптыр. (Кийин билсем Кадыр Осмонкулов Россиянын бир шаарынан темир жол институтун бүтүп келиптир. Автотранспорт жагынан билими жок болсо да, ушул тармакта иштеп жүрүп, азыр биз Борукеевдикинде отурган учурда ал Министрлер Советинин транспорт бөлүмүнүн начальниги болуп иштеп жатыптыр. Осмонкулов таластык эмес эле накта чүйлүк экен. Кызматына карап, Борукеевдин аны кошоматтана чакырганы тура).

– И-и, дегиле,-деп Борукеев сөзүн улады.-Мурда эле ойлоп жүргөм, ушинтип бир өз балдардын башын кошуп койоюн деп. Антип-минтип эле убакыт деген өтө берет экен. Эми мындай. Алдагы толтутурулган «чөйчөгүңөрдү» колуңарга алгыла да, баш кошуп отурганыбыз үчүн деп алып койолу.

Жапырт алдык. Артынан ар ким каалаган тамагынан ооздоруна салышты.

Кайрадан «чөйчөктөр» толду. Биринчи тостту Бекетаев алды.

– Абды экөөбүз теңбиз. Улуу башын кичүү кылып, моминтип баарыбыздын башыбызды кошуп отурат. Баш-көз болорубуз ушу Абды байкеңер. Эки киши болсо да бири башкарбаса иш жүрбөйт. Абды байкеңердин акылы менен жүрөлү. Мындан аркы ынтымагыбыз өссүн. Абды байкеңер министр менен жакшы. Эмесе ушул үйдүн куту болгон Абды байкеңердин ден соолугу үчүн алалы...

Бекетаевдин тосун алдык. Жылдар өтөр. Министр Калыбаев алып берген эң мыкты үйдүн бир подьездинде турушкан Борукеев менен Бекетаев душмандашып, таластыктарча сөгүшүп, ит жебеген бокту жешип калары шалдыр тиш Бекетаевдин оюна келди бекен? Кайдан келсин?..

Эмки тост Осмонкуловго берилди. Ал Борукеевдин золобосу мындан да көтөрүлсүн деген тилек айтты. Жылдар өтөр. Автрестти башкарып турган бийлиги Борукеевдин колунан кеткенде, Министрлер Советинин төрагасы менен төшөктүк жакындыгы бар сулуу катынынын жардамы менен министрдин орун басары болуп турган Осмонкулов кылчайып карабай койору Борукеевдин оюна келди бекен? Кайдан келсин...

Кийинки тост Солтобаевге берилди.

– Мен Абды Борукеевичти агам десем да, атам десем да ылайык. Мени бир автобазаны башкартып койду. Мен Абды Борукеевичке эки дүйнөдө ыраазымын. Бул киши үчүн менин үйүмдүн эшиги дайым ачык. Мен бул тостту Абды Борукеевичтин министр болушу үчүн көтөрөм.

Уу-дуу. Баарыбыз жапырт көтөрдүк.

«Эшигим ачык» деп коюп, кийинки бир мезгилде Борукеевдин өз катынынын койнунда жатканынын үстүнөн чыгары, ошол себептүү кызматынан, катын-балдарынан айрылып калары Солтобаевдин оюна келди бекен? Кайдан келсин...

Эмики тост Эшмамбетовго берилди. Ал деле Бору-кеевди кызылдай мактады. Анын тостун да алдык. Кийин бир жолу Эшмамбетов: «Сен трестти башкарсаң, мен да бир күнү башкарам» деп Борукеевге мактана кетип, ошодон Борукеев кыртыйып калып, анан министрге айтып кызматтан куудуруп, түштүк жакка көчө качары Эшмамбетовдун оюна келди бекен? Кайдан келсин...

Тосттун кезеги мага келди.

– Биринчиден, Абды Борукеевичке рахмат, моминтип баш коштуруп, сиздерге окшогон туугандарым менен тааныштырган. Экинчиден, менин айтарым, мынабу бизге окшогон жаштарга ишенип берилген кызматты таза жана так аткаралы. Үсөн Калыбаевич, Абды Борукеевич сыяктуу агаларыбызды уятка калтырбайлы. Анан «таластык тапандар» деген сөзгө калбайлы. Ушул менин айтарым.

Менин тостум кимисине кандай жакты, анысын билбейм. Мурдагыларга окшоп үн кошуп кубаттоолор болгон жок. Бир саамга өкүм сүрө калган тынчтыкты менин тостумду жактаган Кубанычбектин кызымтал үнү бузду:

– Кана, жолдоштор! Эмне отуруп калдыңар? Менин досумдун тосту эмне, жакпай калдыбы? — деген болуп, рюмкасын оозуна кагып жиберди. Калгандар да ичти. Мен да көтөрүп, кайра ордума көчүк бастым.

Жылдар өтүп, мектептен алган жетиби-сегизби класстык гана билими бар Борукеевдин бир эле мезгилде «сырттан окуп», автожол техникуму менен университеттин экономикалык факультетинин дипломдорун сатып алганын, ушунчалык ыплас жана кызылдай паракор адам экенин билип, ишке үстүртөн мамиле кылганы үчүн мен аны коллегиянын кеңешмелеринде катуу сынга аларым, ошол себептен аны менен кырды-бычак болуп каларым ошндо менин да оюма келген эмес.

Тост көтөрүү кезеги эми Кубанычбекке келди Ал ордунан туруп, эмнегедир эле өзүнөн-өзү күлүп, отургандарды кыдырата карады.

– Эң акырында тост берилген да жакшы болот турбайбы. Эмесе мындай. Мен алдыда сүйлөп кеткендердин бардыгынын тилегине кошуламын. Кана, ошон үчүн алып жибергиле, — деп Кубанычбек өз рюмкасындагы аракты шак алды.

Борукеевди кудайындай көргөн Кубанычбек кийин аракка алдырып, Москвадан алган билими талаага кетип, андан эчтеме чыкпасын, анын арактарды «профессионалдык деңгээлде» куюштура турганын билген Борукеев кийин кырын салып карабай койору, ичимдиктин артынан түшүп, ошонун кесепетинен мээсине зак кетип, баскан-турганын билбей элүү жаштын ар жак-бер жагында бул дүйнө менен коштошору Кубанычбектин оюна келди бекен? Кайдан келсин...

Тосттор кайталанды...

Борукеевдин үйүнөн түнкү саат он экилерден өтүп калгандан кийин гана чыктык. Этинин бышканы ошо болдубу, билбейм. Аракка ала-күү болуп алып, бир чара эттен жарытып деле эчтеме жебедим. Жараты бар ашказаным да ооруп чыкты. Автобустар токтоочу жерди көздөй Кубанычбек экөөбүз бирге бастык. Бая отуруштун алдында машиналары жокторду жеткизип койобуз деп Борукеев айткан болучу. Кубанычбек экөөбүздөн башкалардын баары «Волга» минишет. Билбейм, эмнеге жеткизишкен жок.

Ошентип Кубанычбек экөөбүз аялдамада турабыз. Кубанычбекти билбейм, мен аябай кызуумун. Уйку менен мастык аралашып, көздөрүм сүзүлүп, жаным жер тартат. Аялдамадагы узун отургучка узунуман түшүп алып, уктап алсамбы деген да ой келет.

Кубанычбек чылымын күйгүздү. Ал деле теңселип араң тургандай. Бирок мага окшоп анын ашказаны же бир башка жери оорубайт. Тамакты болушунча бапылдатып жеп жаткан. Чылымын улам соруп, ары-бери басканына караганда бирдемеге өзүнчө эле ыраазы.

– И-и, кандай, Кадыр? Бүгүнкү отуруш сага жактыбы?-деди Кубанычбек так эле маңдайыма келип, мени сүзө берерге алып.

– Ашказаным жаман ооруп жатыр, — дедим өз дартымды айтып.

– Ушу сен, Кадыр... Качан болсо ашказаным. Бүгүнкү отуруш кандай болду деп жатам. Отургандар жактыбы сага? Көрдүңбү, бардыгы өз жердештерибиз. Таластыктар,-деди Кубанычбек менин мурдума мурдун такап.

– Кубанычбек, сен айтчы. Абды Борукеевичтикине чогулганыбыздын анык мааниси эмнеде?

– Мааниси?.. Бири-бирибизди жакыныраак таанып жүргөнгө. Колдон келип турган учурларда бири-бирибизге жөлөк-бутак болгонго.

Кубанычбектин ушул сөзүнөн улам Борукеевдин «аттанар аякты» көтөрткөн тосту эсиме түштү: «Куш канаты менен учуп, куйругу менен конот» — деген болучу анын жайык кара тултук жүзү токтоо тартып. — Канаты болбосо куш уча албайт. Куйругу болбосо конгондо жерге келип топ этип катуу тийип майып болуп калат. Ушиерде отургандар бири-бирибизге канат-бутак болуп жүрөлү».

– Слушай, Кадыр, — деди Кубанычбек күтүлбөгөн жерден өзүнүн мас бетин мага такап. -«Таластык тапандар» деп эмне себептен айттың? Ошенткениң эч кимге жаккан жок. «Тапан» деген сөзүң отургандардын ар бирине тийди. Балп эттирип салбай, кичине алды-артыңды карап сүйлөбөйсүңбү. Министрликке бөлүм башчы болгону мурдуңду өйдө көтөрүп калдың.

Аш казаным кыжылдап, өз жаным менен алек болуп жатканда Кубанычбектин келжири жаныма батып кетти. Бирок оң колумдун ачуусун сол колум менен басып дегендей, үн катпай, мастыктын күүсү менен андан шарт бурулдум да, бет алды кадам таштадым. Кубанычбек артымдан келген жок.

Мен белгисиз бир көчөнүн чети менен жүрүп отурдум. Кайда баратканымды өзүм билбейм. Оюмда үйүмдү көздөй кетип баратам. Көчөдөгү жарык-журук, үйлөрдүн сөлөкөттөрү гана көзүмө бүлбүл урунат. Мастык менен уйку менин акыл-сезимимди, бүткүл болгон күч-кубатымды өзүнө багындырып алгандай. Буттарым араң эле шилтенгенсийт. Басып баратып уктап кетем. Темтеңдеп жыгылып баратып, кайра араң оңолом.

Мен эсакылымды жогото баштадым. Паровоздун үнү угулгансыйт. «И-и, Талас шаарына темир жол келип калган турбайбы» деп койом, ошол шаарда жүргөнсүп. Минтип ойлогонум өткөн жылы ошол шаарда автобазада механик болуп иштеп келгем.

Шайым такыр ооду. Бирок кандайдыр бир күч дагы деле болсо бутумду элдир-селдир шилтендирет. Оюмда алды жагымда жарыгы көрүнгөн имаратка жетүү...

Көзүмдү ачсам бүктөлүп бүрүшүп, жалаң кабат матрац салынган, асты такта керебетте бүкүлү бойдон капталыман жатам. Чыйрыгып калыптырмын. Алды менен көзүмдү ачканда өз үйүмдө жаткан экем деп ойлогом. Бирок байкоо салсам биздин үйгө окшобойт. Соолуктуруучу жайга түшкөн экем деп бүткөн боюм дүркүрөп кетти. Турайын десем бүт денем жанчылып, ырп этерге дарманым жок. Оозумдун ичи чыла даамданат. Ачуу көк алма жегенсип тиштерим камалган. Тиштерим бири-бирине тийип кетсе бүт нервим зыркырайт. Тамак жок ичим кабырылат.

Башымды эптеп көтөрүп, керебетке отурдум. Ичи төрт чарчы метрден ашпаган бул кичинекей бөлмө кароолчу отурган жайга окшойт. Төркү бурчта эски үстөл, жанында эки отургуч. Үстөлдүн үстүндө электр плитасы, темир бастек. Стакан, кашык, журнал-кезиттер.

Аңгыча тыштан бирөөнүн жай басып жакындаган дабышы угулгансыды. Кулак түрдүм. Белгисиз бирөө эшик алдына келип токтогондой болду. Беш-он секунддан кийин баскан дабыш кайра чыгып, улам алыстай берди.

Менин кароолчунун кепеси деген божомолум туура чыкты. Дабыш кайра жакындаганда эшикти түртүп ачтым. Менин алдымда тыбыт жүн жоолук салынган, бутуна кийиз чокой, үстүнө чолок кара тон кийинип, ийнине мылтык асынган элүүлөрдөн ашып калган, тоголок беттүү орус аялы турган эле.

– А-а, жигит, туруп алдыңбы? — деди аял эркелеткен болуп.

– Мен биерге кайдан келип жүрөм? — дедим адегенде эле башка сөзгө келбей үрпөңдөп.

– Түндө келдиң. Басып тургам. Бир убакта темтеңдеп баскан бирөөнүн карааны көрүндү. Мылтыгымды оңойлотуп күттүм. Басар-басмаксан болосуң. Анан тетиги столбаны көрдүңбү? Ошого келип сүйөндүң. Карап турам. Улам тизең бүктөлүп, чөгөлөп калдың. Мен шектендим. Калп эле мас болумуш этип, анан жанына барсам мени жаткыза чаап жүрбөсүн деп. Анан башыңды салаңдатып алып, шар-шар куса баштадың. Көпкө ыткыттың. Шектүү эмес экениңе көзүм жетип, жаныңа басып бардым. Өң-далеттен кетип купкуусуң. Сүйлөй албайсың. Өлөрчө мас экенсиң. Колтугуңдан алып, өйдө бол десем тура турган эмессиң. Бу бойдон калсаң суукка тоңуп каларыңды билип, эки колтугуңдан алып сүйрөп келип жаткызып койдум. Жепжеңил экенсиң.

– Сизди убара кылган экем. Кечирип коюңуз, — дедим башымды салып.

– Анын эмнеси убара? Этиң жок өзүң да жука экенсиң. Сууктун күнүндө кийгениң да жука плащ. Күндүн суугу бул болсо, жердин сыздыгы тиги болсо, тоңуп калмаксың. Тоңбогон күндө да суук жеп ооруп калмаксың.

– Сиздин аты жөнүңүз ким?

– Валя. Валентина Михайловна.

– Валентина Михайловна, кечирип коюңуз. Түндө бир жерден көп ичип алыпмын, — дедим аялды тик карай албай дагы деле болсо бет-кат болуп. -Өзүмдүн аш казаным да оорукчал.

– Ичпе деп айтпаймын. Ич. Бирок чени менен ич. Анан жанга караш керек да. Кебетеңе караса чын эле оорулуудай көрүнөсүң. Болгондо да аш казаның ооруса. Анан ичип эмне азап?

Мен эми унчукпадым. Кетүүгө кам урдум. Саат алты болуп калыптыр. Бара турган жеримди айтсам, кайсы жерден кайсы автобуска түшөрүмдү мынабу боорукер көк көз орус аялы жан-алы калбай түшүндүрүп берди. Аялга рахматымды чоң айтып, эки колумду жашыл плащымдын чөнтөгүнө солоп, кылжыйган бойдон үлдүрөп жолума түштүм.

Саат жети ченде үйгө жеттим. Эшиктин коңгуроосун чырылдаттым. Аялымдын бул ким деген үнү ары ичкериден чыгып, мен экенимди билгенден кийин эшикти ачты. Анын алайган көздөрүү ирмелбей мени тиктейт. Мен унчукпай сүзө качырып үйгө кирдим. Туфлимди кире беришке калтырып, плащымды илгичке илип, залга өттүм.

– Күлүмкан, сүтүң барбы жылытчы. Аш казаным шакардай кайнап жатыр, — дедим артымдан ээрчий кирген аялыма.

– Ай, сүттү коюп кайда жүрөсүң конуп-түнөп? Ошону айтчы, -деди аялым ачуулуу.

– Сүттү койсоң плитага. Сүт ичмейин сүйлөөгө чамам келбейт, жаагым карышып.

Аялым ашкана бөлмөсүнө, мен төркү уктоочу бөлмөгө кирип, полго салынган төшөктүн четинде момурап уктап жаткан үч жашар уулумдун чекесинен искедим. Баламдын жанында бир аз жатып, кайра туруп ашкана бөлмөсүнө кирдим. Орундукка көчүк бастым. Аялым ысытылган бир чыны сүттү алдыма коюп, өзү маңдайыма отурду.

Сүттөн бир ууртадым. Даамыңдан айланайын, жа-рыктык. Улам бирден ууртап, кылк-кылк эткизе жутуп, чыныдагы сүттү түгөттүм. Мен билем, ичкен сүтүм ичиме барып, аш казан согуна каршы «согуш» жарыялайт.

– Эмесе мындай, Күлүмкан. Угуп тур...

Мен Борукеевдикине конок болуп, аябай ичип мас болуп, талаада калып, кароолчунун кепесине түнөп чыкканыма чейин эчтемесин калтырбай айтып бердим.

– Э, кудай! Кароолчу болбой, талаада калсаң эмне болот эле?

– Ооба десең, Күкөбай, кеп дал мына ошондо. Бул дүйнөдө да боорукер, кайрымдуу адамдар бар экен. Башка бирөө жолугуп, кийимимди шыпырып, жылаңач таштап кетсе эмне болот эле?

– Анан ошончолукка чейин ичпей эле койбойсуңбу?

– Таластыктар деп, ар кимибиз тост көтөртүп эле...

– Таластык болбой тамыран калгыла! Таластыктар болгондо ошо жанагы Кубанычбегиңби? Ошо менен жүргөн киши кантип оңсун. Балким сени талаада калсын дешип, машиналары менен жеткизишкен эместир, — деди аялым булкулдап.-Таластык, көлдүк, чүйлүк, нарындык, оштук деп беш кыргызды бешке бөлгөн ушу биз кыргыздар оңобузбу? Антет экенсиң, ошо жактан бир катын таап ал да, Таласыңа көчүп кет!

Мен башымды салып үндөбөйм.

– “Эмне болду?” деп түн бою кирпик каккан жокмун. Ал эми мунун кылганы көчөдө калгыча арак ичмей. Сени отузга чыкты, аялдын күйөөсү, баланын атасы деп ким айтат? Дагы министрликтин бир бөлүмүн башкарат имиш. Анан дагы партияга мүчө. Сага окшогондорду партияга мүчө кылган ошол партияң кайда карайт. Көзү сокурбу? Менин колумда болгондо сени партияга бир күн да тургузбайт болчумун. Минте бере турган болсоң бир күнү ошо партияңа барып айтам.

Мен аялыма көз кыйыгымды жибердим. Бадырайган көздөрү балбылдап жашка толгон. Аялымдын баягы көнүмүш сөздөрү го деп, анын күйүп-бышканы сезимиме жетпей отурду эле, көз жашын көргөндө бүткөн боюм жыйрылып, чыйрыга түштүм.

– Болду эми, Күлүмкан. Күнөө менде. Азыр сен эмес, өзүмдөн өзүм уялып отурам. Мас болуп талаада калганымды бир сен, бир мен, анан жанагы Валентина Михайловна деген боорукер аял билет. Бул сөз ушул жерде калсын. Андан көрө ысык шорпо жасап берчи. Аңгыча мен «Титанды» жагып сууга түшөйүн. Ошентпесем эс ала турган эмесмин. Түштөн кийин Нурчикти ээрчитип алып, кино көрүп келели.

Мен ордуман туруп, аялымдын ийнине колумду коюп, эңкейе берип, ууртунан өөп койдум.

Кийин-кийин билсем Борукеев машиналууларга: «Айтиевди жеткизбей эле койгула. Өзү жетип алсын» деп айтканын Борукеев менен душмандашып калган Кимболот Солтобаевден уктум.

Ал эми мени өлүмдөн сактап калган Валентина Михайловнанын суукка тотуккан тоголок жүзү, мээримдүү көк көздөрү күнү бүгүнкүгө чейин элесимде турат.

27.01.2008

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 1075