Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 21-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Мүштөк

“Мүштөк” аңгемесинде мектеп окуучусу Отордун жеңеси Бегайымдын бригадир менен болгон тымызын байланышын билип коюшу, агасынын аялынан шек алып калышы, кайнисинин калп айтып болсо да жеңесин куткарып калышы айтылат.

Абдышев К. Кум дөбөлөр: Повесттер, аңгемелер. – Б.: Университет, 2012. – 544 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7 – 4
    А – 13
    ISBN 978-9967-02-817-13
    А 4702300100-12

Нуска 500 даана

Сүрөтчүсү автор

 

Алдан Оторлордукуна кирип келип, босогодо бир аз аярлай туруп калды. Ал өз көчөсүндөгүлөрдүн баарына өтүмдүү болгону менен Отордун жеңеси Бегайымдын алдында жалтактап, тарткынчыктай түшөт. Себеби Бегайым эмнегедир улууга да, кичүүгө да кырс мамиле жасайт. Азыр да Бегайым үйдө болчу. Болбосо эшиктен эле: «Кино келиптир!» деп кыйкырып кирмек.

Алдан кыйпычыктай үстөлгө өбөктөй китеп окуп отурган Отордун жанына барып:

– Кино келиптир, барасыңбы?-деп шыбырады. Отор унчукпастан жеңем эмне дейт дегенсип көзүнүн үстү менен казан-аяк жакта жүргөн жеңесин карап койду.

Отор ата-энеден эртелеп ажырап, аталаш агасы Дөө-лөттүн колунда калды. Отордун ар нерсеге чыйрак, мектепте да жакшы окуган тири карак бала экенин көрүп-билип жүрсө да Бегайым кырстыгын кайнисине да карматып, ага аялдык назик мээримин арнабайт. Өзүнө бирдеме жакпай калса мүнөзү салмактуу Отордун көңүлүнө калып калары менен иши жок, он эки-он үчтөрдөгү кайнисин кагып-силке берет. Балким ошол себептендир Отор жеңесине көңүлү ачылбай туюк жүрөт. Жеңесинин эркинен чыгып, өз алдынча бейчеки ишке барбайт. Бирок кино дегенде жантыгынан жата калуучу Отор азыр жеңеси макул болуп, Алдан менен киного жиберсе жакшы эле болмок. Алдан болсо шыбыш үн менен эң сонун кино экенин жанталаша далилдеп жатты. Муну байкап койгон Бегайым:

– И-и, эмне эле шыбырашып калгансыңар? Кыздардын койнуна баралы дегенден соосуңарбы? — деди үнүн тамаша иретинде чыгарган болуп.

Бегайымдан мындай олдоксон тамашаны мурда угуш-паган тигил экөө эмне дешээрин билишпей, уяла түшүштү. Ошентсе да Оторду киного жиберер же жибербесине арсар болгон Алдан жагалдана сөз катты:

– Кино келиптир, Бегайым жеңе. Дөөлөт байкем да үйдө жок. Отор үчөөбүз кино көрүп келбейлиби? Укмуш кино дейт.

– Ии. Эми мени менен жандашайын дедиңби? Мейли. Бала үйдө калсын да, киного экөөбүз барып келели. (Бегайым Оторду «бала» деп тергейт).

Алдан Бегайымдын мунусу тамаша экенин же чын экенин ажырата албай, ар дайымкы күлкүнүн жышааны кетпеген жүзү маңыроо тарта түштү. Бегайым Алданга ого бетер шаңкылдады:

– Ии, эмне унчукпай калдың? Жигит деген бир сөзүндө туруш керек. Баралыбы?

Демейде мындайда бир сөз айтып кутулуп кетчү Алдан да уялганынан кызарып, Оторду карады. Бул кыйын-чылыктан чыгууга Бегайым өзү жардамдашты.

– Анда эмесе киноңорго барсаңар барып келгиле. Сени жибербей койсом Алданың ыйлаганы турат. Бар, бала, бара кой.

Жибербей койобу деп отурушкан балдар аябай куба-нып кетишти Ал гана эмес балдарды таңдандырып, Бега-йымдын акыркы сөздөрү Отор кайнисине “бара гой” деп эмнегедир эркелете айтылды.

Балдар кинодон кеч кайтышты. Отор өз үйүнө кай-рылып, Алдан андан ары кетти. Үйдүн терезелери караңгы болучу. «Жеңем жатып алса керек» деп ойлоду Отор. Эшикти тартты эле, ичинен илинүү экен. Отор эшикти каңкылдатпай, аярлап бир-эки чертти. Жеңеси катуу уктап калганбы негедир ич жактан дабыш болгон жок. Ал эми эшикти катуураак каккылады. Анан кулагын такап, ары жактагы ички бөлмөнүн ачылышын тыңшап, жеңесинин келишин күттү.

– Бул ким? — жеңеси Отор келе электен мурда эле күтүп тургансып, эшиктин так эле ары түбүнөн үн катты.

– Мен эле жеңе, Отормун.

– Азыр бала, азыр. Мен бирдеме жамынып алайынчы. — Жеңеси негедир жарыкты да күйгүзбөй, нары кеткендей болду. Ал бир топко кармалып, Отор бул кезде жайкы түндүн жылдыз толгон ачык асманын алдында сулк жаткан кыштакка көз кырын салып турду. Айсыз караңгы түндө кай бир үйлөрдөн электр жарыгы жаркырайт.

Жеңеси келип эшикти ачты.

– Кир, кире гой, бала. Жана эле күйүп турат эле, эмне болгон электрине. Күйбөй да калыптыр. — Жеңеси караңгыда карбаластап чырт-чырт эткизди. Бирок жарык күйгөн жок..

– Бар эми, бала. Ордуңа барып жата кой. Эртең тиги электригин чакырып оңдотоорбуз,-деди да, Бегайым сырткы эшикти илип, ары ортоңку бөлмөгө Отор менен кошо кирди. Ал эмнегедир Отор чечинип жатканча ошол жерде күйпөлөктөп, жарыкты күйгүзмөк болуп, включателди чыртылдатып көрдү. Бирок жарык күйгөн жок. Анан ал күңкүлдөп бирдеме деп урушуп, төркү өздөрү жатып жүрчү бөлмөгө кирип кетип, эшигин жаап алды.

Отор жаткан бөлмө жым-жырт боло түштү. «Жарык станциядан берилбей калдыбы?-деп ойлоду Отор.-Жок, азыр эле кээ бир үйлөрдүн терезелеринен жарык көрүнүп турбады беле? Предохранитель күйүп кеткен го. Жеңем аны кайдан билсин. Эртең менен жарыкты текшерип көрөм». Анан Отордун ою дароо эле бүгүнкү көргөн киного биротоло бурулуп кетти. Ал бир топко чейин кинодон көргөн эр жүрөк тайманбас балдарды элестетип жатып, анан гана үргүлөп, талыкшыган денеси таттуу уйкуга тартылып баратты. Отор уйку-соонун ортосунда жеңеси жаткан бөлмөдөн эркек кишинин жөтөлгөнүн уккансыды. Бирок уйку анын жаш денесин өзүнүн күчүнө багындырып, эмнегедир ага тааныш жөтөлдү же өңүндө укканын, же түшүндө укканын ажырата албай, ошо бойдон терең уйкунун кучагына бөлөндү.

Отор эртең менен турса Бегайым жеңеси эбак эле туруп кетиптир. Болжолу сүт тарттырганы Ташкул коңшусунукунда болсо керек. Отор тура калып, көйнөк-шымын кийбестен жарыкты күйгүзмөк болду эле, күйгөн жок. Анан ал дароо кийине салып, электр эсептегичти текшермек болуп, байкелери жатчу бөлмөгө кирди. Жеңеси жаткан төшөгүн жыйбай кетиптир. Электр эсептегич башында жаңылыш коюлуп калганбы, эмнегедир ушу төркү бөлмөдө болучу. Отор эски отургучтун биринин үстүнө чыгып, эсептегичтин пробкаларын текшерип көрдү. Эмнегедир эки пробканын бири артка буралып, бери чыгарылып коюптур да, контакт болбой, лампочкалар дал ошол себептен күйбөй жатыптыр. Бошогон пробканы нары бекем бурап койду эле лампочкалар бүт жанды. «Кызык,-деди Отор өз ичинен таңданып.-Бирөө тийбесе өзүнөн өзү артка буралып, контактоочу пробканын бери чыгып калганы эмнеси? Кечээ кечинде киного кетерде эле күйүп турган. Аны бурап көргөндөй мурдагы күндөн бери үйдө Дөөлөт байкеси да жок. Жеңеси жанынан коркуп, электр тогу уруп кетет деп, андайлардын ченине жолобойт.

Отор отургучтан жерге түшүп, жыңайлак буту бир-демеге урунганын сезип, эрксизден ылдый болду. Жеңесинин төшөгүнүн чекесинде чылым сайгыч жагы тоголок, оозго салып сорчу жагын көздөй ичкерип, ийри-буйру түстөгү кооз мүштөктүн жатканын көрө койду. Отор мүштөктү өйдө кылып, кызыгып карады. «Кимдики болду экен? — деди ал өз ичинен. — Дөөлөт байкем чылым тартчу эмес». Мындай мүштөктү Отор үйдөн мурда көргөн эмес. Бирок мүштөккө анчалык маани бербей, Отор аны терезенин текчесине жабылган кезиттин бир бурчунун астына бастырып коюп, бөлмөдөн чыкты.

Жеңеси келгенде Отор мектепке камынып жаткан.

– Жеңе, сиз электр эсептегичке тийдиңиз беле? — деп Отор эчтемеден капарсыз сурады.

Бегайым Оторду оозун ача бир жагы корккон, бир жагы таң калган түр менен аңырая карады.

– Аа-а… Эмне болуптур? Жок. Тийген эмесмин.

– Бир пробкасы бери чыгып калыптыр, атайын бирөө бурагансып. Ошентип койсо контакт болбойт да, үй ичиндеги лампочкалардын баары күйбөй калат. Түндө жарыктын өчүп калганы ошондон экен.

Жарык туурасындагы сөздү көбөйткүсү келген жокпу, «Ким билет аны» деп күңк этип, Бегайым казан-аяк жакка аралашып кетти.

Отор эми унчукпастан портфелин алып мектепке жөнөмөк болуп тышка чыкты. Ал орто жолго барганда бүгүн физкультура сабагы болорун, спорт формасын, кедасын унутуп койгонун эстей коюп, кайра артын көздөй чуркады. Сабактан кечигип калбайын деп, ал кыска жолго салды. Өздөрүнүн чарбагын айланып жүрбөстөн, анын башындагы дубалдан ашып түшүп, кашаанын түбүндөгү жалгыз аяк жол менен үйдүн артынан чыкты. Аерге энтигип чуркап келип, ары эшиктин алдында жеңеси бирөө менен азилдешип көңүлдүү сүйлөшүп жатканын уга койду да, ким болуп кетти деп бир саамга токтой калды.

– Кайниң шек алган жокпу түндөгүнү? — деген брига-дирдин кыйналып-кысталып чыккан киңилдеген тааныш үнү угулду.

– Жок, билгендей болгон жок. Бирок ал жарыбагыр мен сүт тарттырып келгенче, электр эсептегичти оңдоп, жарыкты күйгүзүп коюптур. Түндө сен кетериңде кайра нары бурап койом деп унутуп кеткен турбайсыңбы? «Жеңе, сен тийген жок белең» дейт. “Жок дедим”.

– Ай, Бегайым, баса мүштөгүм жок. Түндө түшүрүп койсом керек,-деген бригадирдин үнү кайрадан угулду.

– Жок, төшөктү жыйнаганда көрүнөт эле. Көргөн жокмун. Ой, оңбогур, андан көрө башка бирөөлөрдүкүнө түшүрүп койсоң керек,-деди Бегайым кайра бригадирге дооматын коюп.

– Түндө эле үйгө кирерде чылым тарткам. Жакшылап карасаң. Силердикинде эле калды.

Отор мындан ары алардын сөздөрүн укусу келген жок. Ал ошол бойдон спорт формасын албай, тигилердин көздөрүнө да көрүнбөй, жанагы келген жолу менен мектебине кайра кетти. Анын ичи негедир уйгу-туйгуланып, эсине албайын десе деле болбой, жеңесинин шумдуктуу жоругу улам эле эсине түшө калып, сабактан кечигип каларын деле ойлоп койбой, жайма-жайынан салбырай кетип баратты. Жеңесинин мурункусундай албууттанбай элпектик кылып, Алдан менен киного жибериши, жарыктын атайын өчүрүлүп коюшу, уйку-соонун арасында бирөөнүн жөтөлүшү, үйдө калган чоочун мүштөк, анан калса тигил экөөнүн тигинтип сүйлөшкөндөрү — мына ушулардын баары Оторго бүдөмүк бир нерсени далилдегенсип жатты…

Отор сабактан тарап үйгө келгенде үйдө Дөөлөт байкеси менен Бегайым жеңеси бар экен. Дөөлөт Фрунзеден апкелген белектерди карап, жеңеси чечекейи чеч болуп отуруптур.

– Карачы, бала, байкең бизди жыргатыптыр, — деди Бегайым көйнөк-кечелердин биринен сала бирин алып. – Мы-на, сага да костюм-шым апкелиптир.

Жеңеси Оторго арналган костюмду кайнисине суна берди:

– Э, бала, бу байкеңдин ушинтип эле Фрунзеге бат-бат барып турганы экөөбүзгө жакшы экен го. Моминтип белек-бечкек алып келип…

Отордун көңүлүнө: «Экөөбүзгө жакшыбы, же өзүңө жакшыбы?» деген суроо кылт эте калды. Бирок бул оюн байкеси түшүнүп койдубу деп чоочуп кетип, Дөөлөткө көз жиберди. Ал шектенмек түгүл, Бегайымды сагыныч мененби, айтор жылмая карап отуруптур.

– Эмне туруп калдың? Наркы тамга барып кийип көр, туура келер бекен? — деген Бегайым жеңесинин сөзүнөн кийин гана Отор төркү бөлмөгө кирип, жаңы костюмду которуп кийди. Анан оюна алиги чоочун мүштөк түшө калып караса, ошо бойдон экен. Болжолу эртең менен жеңеси таппай койсо керек. «Эмне кылсам? Ыргытып жиберсемби?» деп оюн жыйып алгыча аркы эшик ачылып, Дөөлөттүн далдайган тулкусу көрүндү. Отор мүштөктү албай, ошо бойдон газетанын алдына калтырып, байкесин утурлай басты.

– О, куюп койгондой турбайбы? Мына, кадимки эле жигит болуп калыпсың. Ай, Бегайым, бери келчи. Сен да карап көрчү.

– Ооба, чын эле жарашат экен, — келин күйөөсүнүн сөзүн кубаттады.

Алар ушинтип жатышканда, сырттан күшүлдөй-бышыл-дай бригадир Мөкүш кирди.

– Ой, Дөөлөт, келип калдыңбы? Кандай, ат-көлүк аман-эсен келдиңерби? Машинаңды көрүп кайрылып калдым. Бар-ган ишиңер оңунан чыктыбы?

– Кел, Мөкө, кел. Мындай жогору өт. А-а, атасынын көрү, табалган жокпуз. Фрунзеге барып кел деп бекер эле айтыпсың, Мөкө. Кур убара, кур чыгым болуп, — деди Дөөлөт бригадирге ызаат кылып, төрдөн орун көрсөтө берип.

– Эми аны кайдан билдик. Чоң шаардан табылып калар дебедимби?

Отор көзүн албай Мөкүштү, анан жеңесин алмак-салмак карады. Бирок алардын ортосунда эчтеме болбогон өңдөнүп, дегеле бир камырап коюшпайт.

– Эмне базарлыгың бар, Фрунзеден ала келген? — Мөкүш тамашалымыш этти.

– Бегайым, апкелчи, бирдемең барбы? Фрунзеден ап-келгендей эле ичип койсун, бу Мөкөм,– Дөөлөт байкеси ушинтти эле, Бегайым жеңеси ушуну эле күтүп тургансып лып эле туруп, казан-аяк жакка кетти.

Отор кийимин которунуп кийинип, тамактанып алып, мектепке кайра кетти. Мектеп алдындагы тажрыйба участогунда иш кылышмак.

Ал үйгө күн батарга жакындап калганда келди. Үйгө кире берип, оозун ачып туруп калды. Дөөлөт байкеси алиги мүштөктү Бегайым жеңесинин көзүнө такап, кыйкырып жатканынын үстөнөн чыкты.

– Бу кимдики деп жатам. Айт чыныңды!

– Билбейм дебедимби, — деди Бегайым жалтактап. — Балким өзүң менен ээрчишип келгендердин бирөөнөн түшүп калса керек, — деди жеңеси күнөөнү кайра Дөөлөткө коюп.

– Менин кеткениме үч күн болду. Андан мурун кимди ээрчитип келди элем? Канчадан бери биздикине киши келе элек. Айт чыныңды, кимдики деп жатам?

Дөөлөттүн ачуусу улам күчөп, Бегайымды ура берерге алды.

– Сен кеткени эч ким үйгө кирген жок. Мыны, бала деле айтсынчы, — Бегайым жанталашып Отордон жардам издеди. Отор унчукпай акырая караган байкесин көзүнүн үстү менен карады.

– Бу кайдагы мүштөк? Сен билип жүрбө?– Дөөлөт ки-йинки кезде канчалык мээримдүү боло баштаган менен аталаш инисине корс этти.

Отор бир саамга агасын нес боло карап турду. Бир заматтын ортосунда турмуштун аки-чүкүсүн али ажырата элек Отордун оюна ар нерселер келди. «Бу мүштөк Мөкүштүкү десемби? Балким, бу туурасында бирөө менен акылдашып көрсө эмне болор эле? Мурда нечен жолу өз акылын айтчу участкалык милиционер Жайлообаевге айтсамбы? Бу деле уурулуктун бир түрү болуп жүрбөсүн?»

Отор ичинен ойлонуп, бир жыйынтыкка келе албай турду. Бирок азыр байкеси да, жеңеси да анын оозун карап, андан жооп күтүп, азыркы окуянын чечилиши так эле өзүнүн берген жообуна жараша болорун Отор ичтен сезди. Анан ар дайым чындыкты айтып көнгөн Отор Жайлообаев менен кеңешкенче бул ишти жашыра турайын деген чечимге келип:

– Байке, алдагы мүштөктү жолдон таап алгам. Тиги тамдын терезесине коюп койгом. Ошиерден алдыңбы? — деп өмүрүндө биринчи жолу калп айтты.

– И-и, мына! Баятан бери жөнү жок эле акыраңдайсың. Эми эмне дейсиң, ия! — деди Бегайым Дөөлөттүн кырына чыгып.

Дөөлөт эмнегедир ичтен туталангандай:

– Ме, өзүң ал таап алган болсоң, — деди да колундагы мүштөктү Оторду көздөй ыргытып жиберди. Өзү шарт эшикке чыгып кетти. Отор тетигиндей ыргыган мүштөктү өйдө кылып, анан Бегайым жеңесин жйиркеничтүү карады. А жеңеси болсо Отор мүштөктү жолдон таап алганына ишениңкиребей, окуянын мындайча бүтүшүнө аң-таң болуп, Оторду жалдырай карап турду. Отор мүштөктү чөнтөгүнө салды да, а дагы агасынын артынан жөнөдү.

– Ай, бала токточу. Мүштөктү жолдон таап алганың чын беле?

Отор жеңесин акырая бир карады да, аны жоопсуз калтырып, ошо бойдон сыртка чыкты.

Алдан чын эле Жайлообаевге барып, акыл сурайын деп ниеттенди. Жолдо катар: «Деги ушинтип сураганым оң болду бекен?» деген ой гана кайталанып, бирок жооп таба албай кыйналды. «Макул, айтайын, ошон үчүн Мөкүштү же Бегайым жеңемди күнөөгө тартышабы? Ал эмес былтыр Салмандын бир эркек төрөгөн аялын көз көрүнөө Тагайбек тартып алганда деле эчтеке болгон эмес. Алар азыр да бирге жашап жатышат».

Отор орто жолдон шарт бурулуп, үйүн көздөй ты-зылдап чуркаган бойдон жөнөдү. Ал үйгө киргенде өзү тилеп келаткандай Дөөлөт байкеси жок экен. Ал босогодо энтигип турган калыбында жеңесин жаман көзү менен карап, анан чөнтөгүндөгү мүштөктү алып чыгып, жеңесине ыргытып жиберди:

– Ме, жолдон тапкан эмесмин. Өзүбүздүн үйдөн, төшөгүңдүн баш жагынан тапкам. Ал. Алгын да бер, Мөкүшүңө , — деди да сыртка кайра атып чыкты.

Отор ушундан кийин алиги жоболоңду мүштөктү Мөкүштөн да, жеңесинен да, деги эле эч жерден көргөн жок. Отордун гана турмушуна бир жаңылык кирди. Мурда жетимсинтип мамиле жасоочу Бегайым жеңеси, эми Отордун итиркейин келтирип, анын көзү менен тең айланып калды.

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 985