Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 19-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Казак кызы Сара

“Казак кызы Сара” аңгемесинде отуз алты жаштагы кыргыз адамы менен жыйырма жаштагы казак кызы Саранын алыскы Украинанын курортунда таанышканы, адамдын кызга болгон эч арамы жок агасындай кылган мамилеси, акырындап отуруп, кыздын ошол адамды тымызын сүйүп калышы көрсөтүлөт.

Абдышев К. Кум дөбөлөр: Повесттер, аңгемелер. – Б.: Университет, 2012. – 544 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7 – 4
    А – 13
    ISBN 978-9967-02-817-13
    А 4702300100-12

Нуска 500 даана

Сүрөтчүсү автор

 

Ачкалык аш тандабайт,
    Ашыктык жаш тандабайт.

Эл макалы

 

Кыз чоочуп ойгонду. Анын оюна адегенде эле: «Саат канча болду экен? Кечигип калган жокмунбу?» деген дүрбөлөңдүү суроо келди. Үйүр албаган көзгө бөлмөнүн ичи али караңгы болучу. «И-и, али эрте көрүнөт» деп кыз өзүн-өзү жооткотуп койду. Ал эми көзүн жумбастан ошо чалкасынан ойлуу жатты.

Нарыта коңшу керебеттерде уктап жатышкан эки аялдын бир калыптагы дем алгандары угулат. Сыртта жамгырдын тамчылары терезенин төмөнкү этегиндеги калай темирди дыбыр-дыбыр каккылайт. Кыздын оюна кетти: «Түндө жатаарда жааган жамгыр али басыла элек болсо керек. Бу Украина жери аябай жаанчыл болот тура». Анан анын оюна бүгүн узатканы жаткан агайы экөөнүн мурдагы күнү көлгө барып, кайра келатканда жолдо өтмө-катар шөмтүрөп, жамгыр алдында калышканы эсине түшүп, өзүнчө үн чыгарбай күлүп жиберди.

Кыздын көзү бара-бара караңгылыкка үйүр алып, бөлмөнүн ичи мурдагысынан жарык боло баштагансыды. «Жок, саатты карайынчы. Бөлмө ичинин караңгы көрүнүп жатышы күндүн бүркөгүнөн болуп жүрбөсүн?» деп кыз кантсе да шектенип, берки экөөнүн уйкусун бузбоонун аракетинде керебетинен акырын жылбышып түшүп, ич көйнөгүнүн үстүнө халатын жамынды. Тумбочканын үстүнөн кол саатын издеп таап, анан эшикти чебердеп ачып, коридорго чыкты. Биерде лампочкалар күйүп, жарык болучу. Сааттын жебеси бештен жыйырма үч мүнөт өткөнүн көрсөтүп турду. «Ай-ии-ий, кечигип калган турбаймбы? Кап! — деп кыз катуу дүрбөлөңгө түштү.-Автобустун жөнөөрүнө алты-жети гана минута калган тура. Үлгүрөр бекем?»

Кыз бөлмөгө кайра тез кирип, көйнөгүн издештире баштады. Карбаластап шашканда буюм да табылбай калабы? Кийим илинүүчү шкафтын ичинен колуна илинген көйнөгүн алып мойнуна салды. Анын үстүнө жука ак плащын кийип, бутуна танкеткасын коңултак илип, коридорго кайра чыкты. Саатына көз жибере салды. Автобустун жөнөөрүнө беш мүнөтчө гана убакыт калыптыр.

Кыз жол килеми салынган коридорчо менен шыпылдай басып жөнөдү. Үчүнчү кабаттан тепкичтер аркылуу жүгүрүп түшүп, тышка атып эле чыкты. Эшик алдындагы асфальттагы көлмөлөнгөн суусун чалп эттире кечип алды. Ал ушул жерге көз ирмемге токтоп, маңдайдагы агайы жатып жүргөн сегиз кабаттуу бийик имараттын эл кирип-чыгуучу эшик алдына көз жиберди. «Жок! – деп кыз өз ичинен күбүрөдү.-Кете турган киши кантип эле ушул убакка чейин турсун?»

Кыз эми нөшөрлөтө куйган жамгырга да карабай, бетон төшөлгөн жолдун көлчөлөнгөн жерлерин чалпылдата кечип, жүгүргөн бойдон жөнөдү. Түймөсү тагылбай, танкеткасы бутунан түшүп, убара кыла берди эле, анысын колуна кармап, эми жылаңайлактанып алды. Көчөнүн бурулушуна жетип, асфальт төшөлгөн аллеяга салбай, жолду кыскартмак болуп, көк чөп баскан бактын арасы менен чуркады. Жылаңайлак бутун кокус эски-уску дүмүрлөр, а балким айнектин сыныктары тилип кетери анын оюна бир келип койгон жок. «Эмнеси болсо да аны бир көрүп, коштошуп калсам болду эле,-деди кыз өз оюнда.–Кап, уктап калганымды карачы? Эң куру дегенде жана ойгонорум менен деле турганда жакшы болмок экен. Ай, ушу менин шалакылыгым ай!» – деп кыз өзүнө өзү урушуп баратты. Ал улам жолуна туш келе калган даракты ойт бере буйтап өтүп, өпкөсү көбө энтиккенине карабай, жүгүргөндөн жүгүрүп отурду.

Кыз машиналар жүрүүчү асфальтталган чоң жолдун жээгине жетип келди да токтоп, көчөнүн баш-аягына көз жүгүртө салды. Көчө ээн болучу. Бир да машина же баскан адамдын карааны көрүнбөдү. «Автобус көрүнбөйт. Демек, кете элек болушу керек» деген сокур үмүткө ишенген кыз эми тротуар менен жогору автостанцияны көздөй салды. Ушу бойдон жүрүп отуруп, үч жүз метрчелик жол жүрүп, солго бурулуу керек. Анан бир аз бассаң эле автостанция.

Жүгүрүп бараткан кыз тык токтой калды. Анткени, өзү болжоп бараткан бурулуштан адегенде машинанын жарыгы чыгып, анан өзү көрүндү. «Ошолордун автобусу. Кечигип калдым» деди кыз ичинен сызып. Автобус улам жакындагандан жакындап, жолдогу жамгырдын суусун чачырата кыздын жанынан өтө бергенде, ал токтот дегенсип колун булгалай, автобус менен теңтайлаша чуркады. Автобус токтоп калар деген үмүттөн ажыраган кыз кол булгай артта кала берди. Анан эле автобустун тормоз бергендеги артындагы кызыл жарыгы күйүп, жыйырма-отуз кадам барганда автобус токтоду. Кыз эмне кылсам деп оюн жыйып алгыча автобустун эшиги ачылып, андан бир караан түштү да, кызды көздөй желе жөнөдү. Агайы экенин дароо таанып, кыз да тигини көздөй утурлай чуркады. Эки караан бири бирине жакындап, анан үн-сөз жок, кучакташып калышты. Жарым мүнөттөй өтүп, эки караан бөлүнүшүп, бири автобуска барып түшүп, бири колун суна умсунуп, туруп калды. Автобус ордунан козголуп, бир бурулушка кирип, артындагы кызыл жарыгы көрүнбөй калды.

Көчө кайрадан ээнсирей түштү. Жамгыр гана өчү бардай дарактардын жалбырактарын, жалтырап тасырайган асфальт бетин тындырбай чапкылайт. Кыздын артына ташталган сеңселген капкара чачы азыр жамгыр суусуна батталышып, плащка салаа-салаа болуп жабышып калган. Жука плащтын ийнинен, жонунан кирген суу анын жылуу денесине эбак эле чыпылдап өтүп кеткен. Кыз муну сезген жок. Маңдайынан аккан тамчылар кыздын капкара кирпиктерин нымдап, жамгыр суусубу, же көздүн жашыбы, билүүгө болбойт. Кыз дал ушул калыбынан жазылбай, беш мүнөтпү же андан көппү, бир орунда тура берди. Мындай четтен караган киши кыздын бу түрүн көрүп таң калбай койбойт эле.

Кыз эки танкеткасын эки колуна кармаган бойдон башын жерге салып, эми элеки аягы жерге тийбей, чуркап келген жакты көздөй жайма-жай басып жөнөдү. Азыр ал жанагинтип бакты аралабай, чоң көчөнү бойлото кеткен тротуар менен кетип баратты. Эми шашканда кайда бармак. Кинотеатрдын жанына барганда кокусунан афишага көзү урунду. Төрт сериялуу кинонун аты бадырайта жазылып турган бойдон экен. «Кечээ биринчи эки сериясын көрдүк эле. Эми калган экөөн өзүм жалгыз көрөмбү?» деген суроо эрксизден кыздын оюна келди. Бирок киного жалгыз келүү эмнегедир ага кызыксыз көрүндү. Ал кино-театрдан өтө берип бурулуп, өзү жатып жүргөн корпуска бет алды.

Кыз эшикти чебердеп ачып, бөлмөгө кирди да, кере-бетинин аягына келип, берки экөө уктап жатты бекен дегенчелик азга тыңшап турду. Бул кезде бөлмө ичи кадыресе жарык болуп калган.

– Сара, сен кайда жүрдүң?-деген үндөн селт эте кыз Шура деген орус аял жаткан керебетти карады. Тиги аял бери оодарылып жатты. Кыздын суу болгон шөмтүрөгөн түрүн көрүп:

– Ай-ай, Сара, карачы өтмө-катар суу болупсуң. Тез чечингин да, төшөгүңө кирип жат. Антпесең суук тийгизип аласың,-деди кадимки энелик мээрим менен.

Кыз адегенде плащын чечти. Сүлгү алып, бети-башын сүртүндү. Анан тиги аялга кырын келтирип, этине жабышып калган көйнөгүн чечинип, аны стулдун арткы сүйөнгүчүнө арта салып койду да, ич көйнөкчөн төшөгүнө кире бермек болду эле, Шуранын:

– Жок, жок, Сара. Алдагы ич көйнөгүңдү да чеч. Аның да суу экен. Ошо бойдон кантип жатасың?-деген аяр айтылган үнү чыкты.

– Элге уйку берсеңер боло,-деп берки терезенин тү-бүндөгү керебетте жаткан Ира деген аял бурк этип, башын чүмкөнүп, нары дубалды карап жатып алды.

Кыз Шураны суроолуу карады.

– Эчтеке эмес, чечине бер. Бүт чечинип, кымтыланып жат.

Кыз Шура айткандай үстүндөгү кийимдеринин эчте-месин калтырбай чечинип, төшөгүнө кирип жатты. Анын ойлуу, балким муңдуу көздөрү ирмелбей, шыпка тигилди. Дал ушул минутадан баштап, кымбат бирдемесин жоготкондой, эмнегедир кыздын ичи ачышып чыкты. Ооба, бүгүндөн баштап, тиги агайынын биерден биротоло кетип, мындан ары анын адабият, искусство, музыка, спорт, деги койчу, толгон-токой кызыктуу сөздөрүн укпай турганы, дегинкисин айтканда ошол агайы менен бирге басып жүрүү ырахатынан биротоло ажыраганы анын жүрөгүн катуу ачыштырды. Ошол адам өзү менен кыздын жүрөгүнүн бир чымчым жерин кошо ала кеткендей болду. Курортто жүрүп, ошо агайы менен кантип таанышып, кандайча бирге жүрүп калганы кыздын көз алдынан бирден саналып өтө берди.

* * *

Саранын курортко биринчи келиши. Ал адепки күндөрү эч кимге, ал эмес, бир бөлмөдө чогуу жаткан аялдарга да кошулбай жалгыз жүрдү. Белгиленген убагында барат да, курорттун дары суусун ичет, процедураларын алат. Ашканага тамак ичүүгө да убагында барат. Бош убактыларын китеп окууга кетирет. Аны менен бирге жатышкан берки эки аялдын: «Жүрбөйсүңбү, Сара, бийге, киного барып келели» дешсе: «Жок, менин баргым келбейт» деп уялыңкы жооп берет. Күн жаан-чачында бөлмөдөн чыкпайт. Күн ачыкта бак арасындагы ээн скамейкалардын бирине отурат да, башын көтөрбөй, китеп окуганы окуган.

Курортко келгендин төртүнчү күнү Сара тамак ичүүгө беш мүнөт калганда корпустан чыгып, эл сейрек жүрүүчү клумбалардын арасындагы ийри-муйру жол менен ашкананы көздөй кадимкисиндей ойлуу басып жөнөдү. Ашканага жакын калганда эл жүрүүчү кенен аллеяга чыга берип, бир кишиге аз жерден урунуп кала жаздады. Өңүнө караганда казак же кыргызга окшогон тиги адам Сараны чочуй карап, алдыга баса берди. Анан күтүлбөгөн жерден токтой калып, Сара ага теңелгенде:

– Чоң кыз, кайдан келдиң?-деп үнүн бийик чыгарып сурай кетти. Анын үнүндө агасы карындашына жасачу мамиле бар эле. Сара көзүн бир өйдө кылып алып:

– Казахстандан,-деп кыска гана жооп берип, кайра жер карап кетти.

– А-а, казак кызысыңба? –деди тиги киши казакчалап.

– Ие.

– Кай жеринен?

– Көкшетау облысынан.

– А-а, жаксы экен.

Аңгыча алар калың эл менен аралашып, ашканага кирип келишти да, экөө эки залга бөлүнүштү. Сара тиги агайын да Казахстандын бир жеринен келсе керек деп ойлоп койду.

Сара бу адамды ушул эле күнү кечке маал дагы көрдү. Сара ванна алгандан кийин кечки тамакка али көп убакыт бар экенин көрүп, санаториянын аймагынан мындайыраак басып чыгып, үстүңкү бети тегизделип чабылып, жолдон обочороок узатасынан ташталып коюлган устундун бир жак учунда китеп окуп отурган болучу. Боз шым, жеңи чолок ак көйнөк, бутунда да агыш өңдүү жеңил кендир туфли, башына чекеси кара баркуттан кыйылган тегерек ак кийиз калпак кийген алиги адам эки киши жанаша жүрсө эркин басчудай кууш аллея менен басып келатты. Ал Саранын жанына келгенде токтой калып:

– А-а, китеп окуп отурасыңбы? Жакшы, жакшы,-деп койду да, андан ары бейкапар басыгын улантты. Сара эрксизден тиги кишинин артынан көз жиберди. Жан-жагына көз чаптырып, кадамдарын жеңил таштап, тиги киши эчтемеден капарсыз ары токойдун ичин көздөй узагандан узай берди.

Анын эртесинде Сара эртең менен өзү жатып жүргөн корпустун арт жагындагы сквердин арасына коюлган скамейкалардын биринде жалгыз китеп окуп отурду. Китептин кызуусуна кирип алган Сара анын жанына келип орун алган кишини да байкаган жок. Чынын айтканда байкады. Эс алуучулардын бири деп, элес албай, аны карабай, бир аз терс бурулуп, китебин окуй берди. Бүт дүйнөсү китептин окуясына берилген Сара бир убакта:

– Кызык китеп бекен?-деген үндөн селт этип чоочуп, мындайыраак жанаша отурган кишини жалт карады.

– Ой-бай, коркып кеткенимши,-деди Сара уялыңкы күлүп, өзүнүн чочуганын жашырбай.

– Кана, бери апкелчи. Эмне китеп экенин көрөлүк,-деп киши Сарадан китепти алып, адегенде мукабасына көз жиберди.

– Абдижамил Нурпеисов. «Кровь и пот»,-адам үн чыгарып окуду. Анан анын жүзүндө таң калган жылмаюу пайда болуп, тамашалай минтти:

– Э, Сара. Сен өз жазуучуңдун китебин азыр окуп жатасыңбы?

Сара уяла түшкөнсүдү.

– Жок, агай,— деп ал адегенде чоочуп кетти.-Мурун, кичинекей кезимде бир сыйра окуган элем.

– Кичинекей болгондо качан? Азыр мектептин кайсы классын бүтүрдүң?

Бул киши тамаша кылып жатабы дегенсип сын көз менен бир карап, бирок тиги адамдын жүзүндө андай белгинин жок экенин көрүп:

– Мен казир студентмин,-деди Сара.

– Эмне дейт? Студент? Кайсы техникумдун? Же кайсы орто окуу жайынын? –деди тиги киши кадыресе таң кала.

– Университеттин.

– Кайсы университеттин? Алматыдама?

– Жок! Караганды университети.

– Кай курсун бүтүрдүң?

– Үчүнчүсүн бүтүрүп, төртүнчүсүнө көчтүм.

– Ошондой де. А мен болсо мектепте окуйт экен де-бедимби? Же сегизди, же тогузду бүтүрдү деп жүрбөймбү? Жүргөнүң-турганың ошондой. Китеп окуганды мектеп окуучулары жакшы көрүшчү эле го.

Сара унчуккан жок. Өзүн мектеп окуучусуна теңе-генине ичинен таңыркап, бир жагы аз да болсо ызалангансып калды. Коңшусу эми китепти барактап ачып, кай бирде анын сүрөттөрүнө көз токтотуп карап отурду. Ошо калыбында:

– Бул китепти үйдөн ала келдиңби?-деп сурады.

– Жок. Ушул жердин китепканасынан алдым.

– Окуп бүтөйүн деп калдыңбы? Чынымды айтсам, бул китепти өзүм да толук окуй элекмин. О-о, мындан бир нече жыл илгери «Роман-газетадан» биринчи бөлүмүн окугам. Мага өтө жаккан эле. Андан бери бул китеп колума тийбеди. Мындай китептер сатыктан табылбайт. Окуп бүткөндөн кийин мага бересиңби? Окуп чыгайын. Ордуна мен сага башка китеп берем. Стефан Цвейг деген жазуучуну уккан жайың бар беле? Немис жазуучусу?

– Жок. Билбейт экем.

– Менде ошол Цвейгдин новеллалар жыйнагы бар. Өтө кызык. Бир баштап алсаң баш көтөрбөй окуйсуң. Макулбу?

– Мейлиңиз. Окуп бүтүп, ошодон кийин берейин.

– Баса, атың ким?

– Сара.

– А, Сара, мында «Кан менен тердин» эки китеби экен. Үчүнчүсү жокпу?

– Үчүнчүсү казак тилинде чыккан. Орусчасын көргөн жокмун.

– Болуптур анда. Окуй гой,-деп тиги адам Сарага китебин кайрып берип, өйдө болуп, кыздын жанынан басып кетти.

Сара китептин окуп жаткан жерин ачты. Бирок көздөрү китеп саптарын ээрчигени менен көңүлүндө эми элеки киши турду: «Ким болду экен? Казакпы? Кыргызбы? Казакча сүйлөгөнү менен кай бирде накта казакча болбой жатыр. Кайдан келген киши болду экен? Бөлмөдө бир жатып жүргөн Шура деген улгайып калган аялдын айткан шум эркектеринен болуп жүрбөсүн? Антейин десе тигинтип кызыктуу китептер туурасында кеп салып, кандайдыр улуусунуп мамиле кылышы Саранын ичин жылытып койду. Бул адамдын жүзүндө да, сүйлөгөн сөзүндө да, үнүндө да бир башкача мээримдүүлүк, ак көңүлдүүлүк бар экенин Сара сезди.

Анын эртесинде эртең мененки тамактан кийин Сара адатынча алиги үстү тегизделген устундун бир четинде дагы китеп окуп отурган. Кокустан чыккан үндөн кыз чоочуп кетти.

– А-а, Сарасыңбы? Эмне китептен башка кылар ишиң жокпу? – деп үн каткан алиги адам анын тушундагы жолдо турган болучу. Жүзүндө тамашалуу жылмаюу бар. Бүгүн негедир үстүнө спорт форма, бутуна кеда кийип алыптыр. Спорт формасы тиги кишинин ийиндүү орто боюна чак келип, мурдагыдан Сарага бир топ жаш көрүнгөнсүдү.


– Мени дагы чоочуттуңуз,-деди Сара уялыңкы. «Бу киши эмне, мени эле аңдып жүрөбү?» деп ичинен да кайдыгер ойлоп койду.

– Сара, мен көргөн сайын эле китеп окуп отурганың отурган. Кечкисин бий, киного барганыңды көрбөдүм,-деди киши Сарага жакындап келип, жанына отура берип.-А-а, түшүндүм. Бу китепти тез окуп бүтүп, мага берейин деп жатсаң керек,-деди ал үнүн бийик чыгара тамашалай. Сара адамдын бул сөзүнө бирдеме деп жооп айткан жок. Тек кана анын жүзүн айылдык кыздарга мүнөздүү келген уяң жылмаюу аралап өттү.

– Сара, күн сайын көзүңдү албай китеп окуй бергениң болбойт. Ден соолукту чыңайм деп келгенден кийин түрлүү-түрлүү дем алуу керек. Кай бирде бийге, кай бирде киного барып, кай бирде жөн эле басып, убагы менен уктоо керек.– Сара адамдын айтып жаткан сөздөрүн түшүнүү менен кабыл алып укту. Анан тиги адам кокустан эле:

– Давай, Сара, бүгүн киного барабыз. Кечки саат тогузда экен. Мексикалык кино. Көргөндөр жакшы экен деп жатышат, — деп сунуш киргизип калды. Сара буга эмне дээрин билбей, жер карап унчуккан жок.

– Ошентелиби?

– Рахмат. Мен барбай эле койоюнчу, агай.

– И-и, эмнеге? Барабыз. Кечинде бир бөлмөдө жалгыз отурганда эмне? Барабыз. Мен азыр бир азыраак басып келем да, барып эки билет алып койом. Кечки тамактан кийин жолугабыз. Саат тогузга он мүнөт калганда корпустун алдына чыгып тур. Болобу?

Сара өзүнөн улуу адамдын кысымына туруштук бере албай, кыйылып жатып мейли деди. Адам бир таман жолго түшүп, андан ары басып кетти.

Бирок макул дээрин макул деп алып, Сара кечке чейин кыжалаттанып жүрдү. «Неге макул дедим, бир эле көргөн кишиге. Ой-ба-ай, уят а-ай. Жок барбайм» деп биротоло чечти да, кечки тамактан кийин китебин алып, санаториянын башка бир бурчуна жашырынып отуруп алды. Саат тогуздан өткөндөн кийин гана бөлмөсүнө кайтып келип, ошо бойдон он бирге чейин, берки эки аял «Маданий сарайда» өтүүчү бийден келгиче жалгыз китеп окуп отурду.

Анын эртесинде Сара эртең менен ашканадан чыгып, мындай баса бергенде алиги адам күтүп турганбы, жанына келип, катарлай басты.

– Саламатпы, Сара?

– Саламатсызбы?-деп жооп кайтарган менен Сара кечээги киного келем деп убада берип, бирок келбей койгонун эстей коюп, ошонун жоопкерчилигин эми сезип, өзүнчө кысылып уялып кетти.

– Кече неге келбедиң?

– Бир жаткан аялдар болбой танцыга ээрчитип ке-тишти,-деп Сара калп айтты.

– А-а, ошондойбу? Мен Саранын бир жери ооруп калдыбы, эмне болду деп чоочудум. Жаткан бөлмөңдү да билбейт экем. Бийге бара турганыңды мага айтып койсоң болмок экен. Ошентсең мен күтпөйт элем. Күтүп-күтүп сен келбеген соң билеттеримди сатып жиберип кетип калдым.

Сара адамды кылчая карап, анын жүзүнөн мурда байкап жүргөндөй ар дайымкы ак көңүлдүүлүктүн белгисин көрө албады. Бир аз түйүңкү кабагында, таарыныч, ал эмес билинер-билинбес ыза бардай көрүндү. Ары билимдүү, ары маданияттуу, ары өзүнөн улуу адамды алдаганын азыр аныктап түшүнүп, Сара ичинен өкүнүп отурду. «Барбай турган болгондон кийин, барбайм деп эле айтпай. Болбосо бу киши менен киного бирге барып келсе эмне болмок? Ансыз да жалгыз отурдум. Өзүмдөн улуу киши менен басат деп элден уялганымбы? Баса, элдин мени менен эмне иши бар? Басып эле жүрүшпөйбү, эки-экиден болуп алышып». Сара бул адамдан кечирим сурагысы келди. Бирок ыгын келтире албады. Ал өз күнөөсүн жуугусу келгенсип, мектеп окуучусу мугалимине кандай кайрылса дал ошол шекилдүү сүйлөдү:

– Агай, алиги китепти окуп бүттүм. Ошону аласызбы?

– Жарайт. Азыр бересиңби?

– Мейли. Бөлмөдөн алып чыгып берейин.– Сара тез басып, бөлмөсүнө кирип китепти алып келип, агайына берди.

– А мендеги китепти качан аласың?

– Кийин алайын, агай. Азыр окуй турган китебим бар.

Адам берген китеби үчүн Сарага салкын рахмат айтып, жолдун наркы бетиндеги сегиз кабаттуу корпусту көздөй кадам таштады.

Сара бу күнү убагы менен процедураларын алып, китеп окуп убакытты өткөздү. Кечки тамактан кийин берки бир жаткан эки аял адаттарынча Саранын эч жакка барбасын билишип, өздөрүнчө скверди аралап басып кетишти. Бөлмөдө Сара жалгыз калды. Китеп окууга негедир көңүлү чаппады. Анан китебин колуна алып, сыртка чыкты. Скамейкага отуруп, таза абада окуюн деп ойлоду. Китепке көз жүгүрткөнү менен эмнегедир көңүлү алагды болуп, аны кайра жапты да, тегерек-чекеге көз жүгүрттү.

Биерде эс алып жаткандар эки-экиден, болбосо үчтөн-төрттөн болушуп, аллеяларда каалгып басып жүрүшөт. Экиден жүргөндөрдүн көпчүлүгү бири эркек да, бири аял. Алар кандайдыр бир маанилүү, кызыктуу бирдемелерди сүйлөшүп баратышкандай, дегеле бири-бирине кыналышып, кез-кезинде көздөрү сүзүлүп, бирин-бири карашса, кез-кези менен баштарын салмактуу ийкеп коюшат. Мына, мында экөө келатат: эркеги алтымыштарга келип калган кашка баш адам. Жанында андан алда канча жаш отуздардагы аял колтуктап алган. Эркек адам башын ылдый сала сол колун маанилүү шилтей, бир нерсе жөнүндө кызуу сүйлөп келе жатат. Оң колу аялдын колтугунда. Бул экөө Сарага кымындай да көңүл бөлүп коюшпай, анын алдынан өтө беришти. Дал ушул жерден Сара чоочуп кетти. Анткени тиги эркектин жанындагысы өзү менен жатып жүргөн Ира деген отуздардагы аял болучу. Анын чоочуганынын себеби, биерде эки-экиден жүргөндөрдүн баарын ал күйөөсү менен аялы деп ойлоп жүрчү эле да. Ал эми Ира бая күнү эле башка бир эркек менен басып жүргөн. Анысы көрүнбөй калды. Мөөнөтү бү
түп курорттон кетип калса керек.

…Сара көз кырын жиберип, Ира тарапты карап койду. Ал жанагы калыбында адыялын чүмкөнүп, уктап жатат. Түндөгү катуу жаанга карабастан каяккадыр бир жакка жоголуп кетип, кеч келген.

Сара оюн улады.

Ошентип, ал ошол Ира менен кашка баш киши жа-нынан өтүп кеткен күнү китебин алдына коюп, эки жакты карап скамейкада отурду. Келгенине беш-алты күн болбой жатып, биер ага эмнегедир чоочун көрүнүп кетти. Өзүнүн курбу студент кыздарын эске түшүрдү. «Азыр алар айыл чарба жумушунда. Өздөрүнчө жыргап жүрүшөт. Мен болсо минтип, жаандуу Украинанын бир бурчунда отурам. Келбей эле койоюн десем врач болбой туруп албадыбы? «Гастритти айыктырганга жакшы курорт. Көп создуктурбай, жаш кезиңде дарыланып ал» деп. Сара курорттон азыр эле кеткиси келип кетти.

Ал кыймылдабай отура берди. Эбак караңгы кирип, айлана-тегеректи коюлган электр лампочкалары жарык кыла баштады. Туруп кетсемби деди. «Турганда кайда барам? Бөлмөгө барганда баары бир эч ким жок. Китеп окууга көңүлүм чаппайт. Анын үстүнө кызыксыз да китеп экен». Ал эми ордунан туруп, корпустун алдындагы аллея менен башы оогон жакка жай басып жөнөдү. Жарык түгөнгөн жерден кайра бери тартты. Корпустун алдына келип бир азга туруп калды. Ал эрксизден маңдайдагы бийик корпустун эл кирип-чыгуучу эшик алдына көз жиберди. Ал: «Мен аны издеген жокмун» деп өзүн-өзү алдаган менен ошо киши кокус көрүнүп калып жүрбөсүн деген үмүт бар эле. Көрүнгөн жок. Бири-бирине маңдайлата коюлган эки скамейкада бир топ киши (болжолу улгайып калгандар болуу керек) бир нерсе жөнүндө сүйлөшүп отурушкандай көрүндү. Сара кайрадан ары көздөй кадам шилтеди. Дал мына ушул жерден жомоктордо кездешүүчү окуя болду. Жерден издегени көктөн табылды. Анын артынан бирөөнүн басып келаткан кадамы угулду. Сара аны элес албай, эс алуучулардын биридир деп басыгын уланта берди. Артта келаткан адам ага жете бергенде кадамдарын жайлатып катарлай басып:

– А-а, Сарасыңбы?-деди. Сара селт этип чоочуп кетти.

– Ойбай, бул сизби? — Саранын үнүндө чоочугандык эмес, кубануудан келип чыккан аптыккандык бар эле. Анын жүрөгү эркине баш ийбей туйлады. Кыздын сезимин өзгөчө бир кубаныч каптады. Бирок анысын билдирген жок.

– Кечки салкында эс алып жүргөн экенсиң. Дурус, мунуң дурус. Уйкуң жакшы болот,-деп койду киши оюндагысын айтып. — Кечки тамактан бери мен да айланып басып жүрөм. Сенин минтип жалгыз басарыңды билгенде, бирге бассак деле болмок экен. Кана, убакыт канча экенин көрөйүнчү. О-о, али эрте экен. Араң эле тогуз жарым болуптур. Дагы бирге басып жүрөлүбү?

Адам бөлүнүп кетип калабы деп чоочуган Сара унчукпай катар басып жүрө берди.

– Баса, Сара курортко келгениңе канча күн болду?

– Алты күн.

– Демек менден бир жума кийин келген экенсиң. Курорттун шартына көндүңбү?

– Көндүк ко,-деп Сара кайдыгер жооп берди.

Сара бул адам менен жолугушкан адепки күндөрү оюнда бир гана шекшинүү пайда боло калып жүргөн. Жакыныраак таанышып калышса эртедир-кечтир тиги адам ага теңтуш болуп тамаша айта тургансып, ал эмес акырындап боюна тартып, «кол салып» жүрбөсүн деген бүдөмүк ой көңүлүнүн бир жеринде кыпчылып жүрчү. Бирок азыр ошол ойлогонун деле көңүлүнө албай, өзүнөн он беш жашка улуу адам менен күңүрт жарык аллеяда ырахат сезимде жанаша басып кете берди. Анын биерге келгени эркек менен ээн басканы ушу болучу. Ал киши эмне деп сөз баштар экен деп күттү. Эки адам бир жүрүп, бирок унчугушпай басып жүрө беришпеси бышык эмеспи. Сара күткөндөй киши сүйлөдү. Ал сөзүн «Кан менен тер» романынан баштады. Ал бул китепти акыркы жылдары окуган чыгармалардын эң мыктыларына кошорун айтты. Казак элинин Улуу Октябрь революциясы болор алдындагы турмушун, үрп-адатын, саада-салтын эң мыкты чагылдырып көрсөткөнүн, ар кыл образдарды ар башка элестүү кылып бергенин толкундануу менен сүйлөдү.

– Бу китепти окуп жатып, биздин кыргыз элинин да өткөн турмушу көз алдыма ачык тартылды, — деди киши сөзүн улантып. — Кыргыз менен казактын тилдеринин бир аз буруулугу, анан домбуранын эки кылы бар да, комузда үч кыл экени гана болбосо, бу эки элдин айрымасы аз го. «И-и, бу агай кыргыз экен го» деп койду Сара ичинен. Киши сүйлөгөнүн токтотуп, эми унчукпай басты. Сара болсо анын сүйлөшүн күттү.

– Ооба,-деди киши бир оокумда. — Эгерде революция жеңип чыкпаганда, ким билет эле, экөөбүздүн моминтип алыскы Украина жеринде эс алып жүрөрүбүздү? Балким, сени Бообектин тагдырындай тагдыр күтмөктүр. А мен болсо Теңирбергендердин жылкысын кайтармакмын.

Киши роман туурасында дагы көп нерселерди сүйлөдү. Кай бирде Сарага айтууга ылайыксыз эмес жерлерин да айтып өттү. Бир кичинекей бөлмөдө эки аялдуу Түлөө деген киши иниси, карындашы, апасы, эки-үч баласы болуп, чогуу жатып жүрүшкөнүн айтты. Бирок минтүү менен бул кишинин Саранын сезимин ойготоюн деген ниет менен айтып жатпаганы Сарага түшүнүктүү болуп турду. Кишинин үнүндө казак менен кыргыз элинин бир кезде текейге арзыбаган турмуш өткөрүшкөндөрүнө күйүп-бышканы билинип турду.

Алар айланып отуруп, кайра Саралар жашаган корпустун алдына келишти. Киши саатын карап:

– Убакыт болуп калыптыр. Болуптур, Сара, эми мен кетейин,-деди.

– Анда эмесе, соо болуңуз, агай,-деди Сара кичи пейил.

Сара ушу күнкү сүйлөшүүдөн тигил адамды сөзсүз эле жазуучу деп болжолдоду. Бул адам менен бирге басуу абдан көңүлдүү болгонун өз ичинен мойнуна ала, эми көңүлү ачык корпусту көздөй басты.

* * *

Анын эртесинде эртең мененки тамакты ичип, Сара тышка чыкса ага тааныш адам ашкананын алдындагы афишага көз жүгүртүп туруптур. Балким Сараны күтүп турганбы, чыгары менен байкай койду да, аны утурлай басты. Бул жолу алар эски тааныштардай учурашып, элдин шары менен кошулушуп, басып жөнөштү.

– Сара, кайда бастың эле?

– Жатар жериме.

– Мен афишадан көрдүм. Бүгүндөн баштап эң кө-рүнүктүү адамдардын турмушунан алынып тартылган хроникалдык-документалдуу фильмдердин түрммөктөрү көрсөтүлө баштайт экен. Убакыт болсо ошону көрбөйлүбү? Бүгүнкүсү Лев Толстой жөнүндө. Наркы күндөрү Шолохов, Гоький жана башкалар.

Саранын көңүлдөгүсү гана табылды. Ал өзү уни-верситеттин тил жана адабият факультетинде окуй турган. Улуу жазуучулардын турмушун, чыгармачылык жолдорун билүү ал үчүн кызык болбой анан! Ансыз да калп айтып, агайын анча-мынча таарынтып алган Сара азыр шыдыр макул деди.

Киши саатына көз жиберип:

– Азыр он болду. Фильм он бирде башталат экен. Ага чейин бир аз басып келбейлиби?-деди Сараны карап. Сара буга макул болгонун билгизгенсип, уялыңкы жылмая адамды карады.

Алар санаториядан мындай чыгып, эки адам жанаша басса бири бирине тийишкен бетон төшөлгөн кууш аллея менен басып баратышты. Тар жолдо түртүшпөйлү дедиби адам кызды колтуктап алды. Сара анын мунусуна каршылык көрсөткөн жок. Алар унчукпай жүрүп отурушту. Атайылап жасалган бетон аллея бүтүп, эки адам жанаша басса сыйбаган чөп-чар баскан жалгыз таман жолго түшүштү. Токой улам коюулана берди. Жалгыз таман жолдун тардыгынан улам адам кызды алдыга салып, өзү артынан ээрчиди. Жол жээгиндеги карагайларда тыйын чычкандар куушуп ойноп, кай бири тиги экөө жакындаганда ылдый түшүп, бирдеме үмтөтүшкөндөй моюндарын созушуп, кичинекей таноолорун кыймылдатышат.

– Сара, бир аз токтойлучу. Мынабу токойдун сулуу-лугун байкадыңбы? Тыйын чычкандар бизден бирдеме үмтөтүп жатышат. Кап, бизде эчтеме да жок, буларга бергендей. Кана, Сара колуңду тоссоң. Карагайга жакыныраак барып тур.

Сара алаканын жайып, колун карагайга жакындатып сунду. Тыйын чычкан ылдыйлап түшүп, жыгачка арткы эки буту менен жабышып, эки алдыңкы бутун Саранын колун көздөй сунуп, тумшугун кыймылдатып, алаканды жыттагылады. Эчтеке жок экенин билдиби, эми тыйын чычкан кыздын алаканына чыкты. Алакандан эчтеке таппагандан кийин, анын ийинине секирип чыкты эле, Саранын кытыгысы келип кеттиби: «Ой, бай!» деп силкинип жиберди. Тыйын чычкан жерге секирип түшүп, жыгачка чыга качты.

– Мындан кийин бул жакка келсек жаңгак ала келип жүрөлүчү. Бүгүн алдамчы болдук,-деди адам жыгачтын башына кызыга карап. – Эми кайталы. Барганыбызча убакыт деле болуп калат. Кинодон кечикпейли.

Алар кайткан жолдо да дээрлик эчтеме сүйлөшүшкөн жок. Токойдун калың жеринен чыгып, бетон төшөлгөн аллеяга чыгышканда, киши Сараны кайрадан колтуктап алды.

-Э, Сара, сен эмне дейсиң? Ден соолукта болуп, анан жаратылыштын сулуулугун бүткүл жан дүйнөң менен сезе билүү өзүнчө бир ырахат ко, чиркин! Чынбы? Адам бактысынын бири ошо го.

Сара буга эмне дээрин билбеди. Бирок жанындагы агайынын баятан бери көп сүйлөбөгөнүнүн сырын эми гана түшүнгөндөй болду. Көрсө, агайы Сараны унутуп, токой көркүнө суктанып келаткан турбайбы.

Алар «Маданий сарайына» жеткенче Сара агайынан өткөн базарда эс алуучулар менен бирге экскурсияга барганы, легендарлуу Ковпактын партизан отряддарынын жүргөн жерлери, алардын музейи, көк-жашыл жынч токой баскан Карпат тоолорунун таң каларлык сулуулугу, Алмалуу ашуусуна чыгышып, Закарпатьенин көз тайгылта чалкып жаткан токойлуу адыр-будур жергеси жөнүндөгү эң бир кызык кылып айтылган аңгемесин угуп барды.

* * *

Ушул эле күнү Сара кечки тамактан чыгып келатып, бозомтук костюм-шым, аппак көйнөгүнө костюмуна өңдөш гүлдүү галстук тагынган агайын эшик алдынан көрө койду. Ал өзү моюнга алгысы келбесе да, сезиминде кубанычтын учкуну жылт дей, өңүндө жылмаюу пайда болду. Адам жакындап келип, Сарага катарлай басты.

– Сара, бүгүн эмне планың бар?

– Эч деле планым жок.

– Бошмун дечи. Биерге келгени токойдон башка эч нерсе көрбөй, казактын кызы талааны сагынсаң керек. Жүр мындай басып келелик. Талааны көрсөтөйүн.

– Ал эмне болгон талаа?

– Барганда көрөсүң.

Алар алды менен токойду аралап жүрүп отурушту. Он беш мүнөттөй басышкандан кийин токой түгөнүп, чөбү белден чыккан кенен талаа башталды. Талаа алда кайдан барып бүтүп, кайра токой уланып кетет экен.

– Мына, талаа. Казактын талаасына окшойт бекен?-деп адам көзүн талаага чабыттаткан бойдон сурады.

– Биердин чөбү бийик да, калың да экен,-деди Сара.

Адам талаанын четиндеги чөп-чар баскан машина, араба жүрүүчү жол менен Сараны колтуктап, жайма-жай баса берди. Бир оокумда күтүлбөгөн жерден:

– Э, Сара, өлөң билесиңби? Билсең ырдап берчи, казак өлөңдөрүнөн.

– Жок, агай, билбейм, — деп Сара чоочуп кетти.

– Такыр эле эчтеңке билбейсиңби?

– Ооба. Менин үнүм жок.

– Кантип эле, эң куру дегенде бир куплет билбейсиңби?-деп адам Сараны тик карады. Сара жалтанып, башын жерге салды.

– Чын эле билбейм. Өзүм өлөң айта албайм. Бирок укканды жакшы көрөм.

– Демек, мени ырдап бер деп турганың го?

– Билсеңиз, ан салып бериңиз.

– Эмесе угуп тур. Казак өлөңү. Минтип ырдалат.

Жайнайды гүлдер далада,
    Сүйгеним мениң калада.
    Сүйемин сени жан саулем,
    Басканы каламайм.

Көңилимде бар түйгеним,
    Сенсиң саулем сүйгеним, 
    Көптен күткөн жарым мениң, 
    Кара көз сүйгеним.

Ак кайың турат ийилип,
    Тау басында жыйылып.
    Сүйгеним мениң алыста,
    Караймын кыйылып.

Көңилимде бар түйгеним,
    Сенсиң саулем сүйгеним.
    Көптен күткөн жарым мениң,
    Кара көз сүйгеним.  

Бул ыр аяктады. Ырчынын анчалык бийик эмес, бирок ыргактуу коңур үнү кечке маалкы тынч талаанын үстүндө жыбылжып каалгыды. Ырдын эң акыркы «Кара көз сүйгени-и-и-и-м» деген сабын созуп барып бүттү да, адам Сараны карады. Кыздын капкара көздөрү арбалгансып, адамдын карегинен тартып кеталбай турду.

– Ушу сага окшош кара көз кызга ырдалган ыр көрү-нөт,-деди адам бир башкача ажарлана жылмая берип.– Кандай, Сара, менин ырдаганым сага жактыбы?

– Ой-ба-ай, сиз адеми өлеңши экенсиз гой,-деди Сара таң калганын жашырбай, адамдын колтугуна ого бетер кынала берип.– Агай, дагы ырдаңызчы.

Дагы ырдады. Эми казак ыры «Кайыктаны», кыргыз ыры «Эсимдени» ырдады. Үнү бийик болбосо да, жүрөгү менен ырдайт экен. Жагымдуу угулушу ошол себептен экенин Сара ичинен түшүнүп баратты. Ырлар ырдалып бүттү. Айлана мемирей түштү. Бир гана эркек менен аялзатынын колтукташкандан башка күнөөсү жок, жайма-жай иретсиз ташталган кадамдарынын алдындагы чөптөр гана шырт-шырт этет.

Бул экөө талаанын чети менен бир топко жүрүп отуруп, анан кайра артка тартышты. Бир оокумда:

– Сара, Курмангазыны билесиңби? — деген суроону таштады эркек.

– Казактын домбурачысыбы? Билбей анан.

– Эмесе угуп тур:

Казактын эки кылдуу домбурасы,
    Алганда аны колго Курмангазы,

Ажайып укмуш күүлөр жаралыптыр,
    Шамалдай эл ичине таралыптыр.

Калтырган анын бизге ар бир күүсү,
    Казактын тарыхынын үзүндүсү.

Кайрыктар кадимкидей айтып берет.
    Качанкы өткөн турмуш кайтып келет.

Домбура эл мүдөөсүн ырдап берген,
    Досу ким, душманы ким ылгап берген.

Кошулуп жалчы менен ыйлаган дейт,
    Көл-шал кылып, көз жашын тыйбаган дейт.

Дүңгүрөп «Сары аркасы» сайраганда,
    Дүргүтүп казак жылкы айдагандай.

Мээримдүү бырыш баскан жүзүн көрөм,
    Чертилсе домбурада «Кайран энем».

Жараткан эки кылда Курмангазы,
    Неге тең ал күүлөрдүн турган баасы?!

Кошулуп домбуранын добушуна,
    Мен черттим күүлүрүңдү комузума!

Ыр айтылып бүттү. Анын акыркы эки сабын үнүн көтөрө чалып барып аяктады да, адам кызды карады. Сара да таң калган жүзүн агайына бурду. Адамдын көздөрүндө от жанып, жүзү нурданып, бир башкача түрдө экен. Анын жүзүндө балким Курмангазынын талантына башын ийип таазим кылуу сезимиби, айтор мурда байкалбаган бир башкача салтанат бар экенин Сара дароо сезди. Мына бу адамдын жүрөгүнөн атылып чыккан өз элинин атактуу домбурачысы Курмангазыга арналган ыр саптары Саранын да жүрөгүн толкутту.

– Агай, бул ыр кимдики? Кай акын жазган?

– Бул ырбы? Бул ыр меники. Ооба, меники. Бул ырды азырынча мен гана билем. Азыр мына сен да угуп отурасың.

– Бул ырыңыз мага өтө жакты. Көчүрүп жазып алсам болобу?

– Анын сага эмне кереги бар?

– Мен да акын болсом деген тилекте жүрөм,-деди Сара биринчи жолу ачылып.-Мен туулганда Сарадай акын болор бекен деп тилек кылып атымды Сара коюшуптур. Сараны билсеңиз керек. Казактын мурунку өткөн заманындагы үлкен акын кызы. Ошол себеп менен Караганды университетинин тил жана адабият факультетинде окуп жатырмын да.

– Ошондойбу?-деди адам чын эле таң кала. Андай тилегиң болсо жакшы экен. Бирок акын болуш үчүн жалгыз тилек аздык кылат. Ага талант керек. Анан көп окуп, көптү билүү керек. Көп эмгектенүү керек. Каалап калсаң, жазсаң жазып ал, айтып берем...

* * *

Ошентип, адегенде бир жагы улуусунтуп, бир жагы чоочуркап жүргөн Сара өзүнөн он беш жашка улуу, отуз бештердеги агайына кадимкидей үйүр алып кетти. Эми ал бош убактысынын көбүн аны менен өткөрчү болду. Бул жерде өзүңдөн улгайып калган адам менен басып жүрөсүң деп эч ким деле айткан жок. Жаш болобу, кары болобу жаныңда оюңа ортоктош киши жүргөнү жакшы эле болот турбайбы, мындай алыскы четте жүргөндө.

Улам күн өткөн сайын ардемелерди сүйлөшүп, таа-ныштыктары улам жакындаган сайын агайы менен өзүнүн ортосундагы жаштын айрымасы Сарага уламдан-улам би-линбей, агайын теңтуш катары эле кабыл алгансып калды. Анын үстүнө бул адамдын бала кыял мүнөзү да аны бир топко жашартып көрсөттү. Бирок таанышкандарынан бери кыйла эле убакыт өтсө да, агайынын оозунан курорттун шартында аял менен эркектин ортосунда боло калуучу жакындашуу тариздеги сөздөрдүн эң жеңили да айтылбады. Адам Сарага улуусунган мамилесинен жазылган жок.

Бир жолу Сара түшкү тамактын алдында курорттун дары суусунан ичип, жалгыз келаткан болучу. Алдынан көздөрүн алайтып көрсөткөн көз айнек тагынган, өң-түспөлү казак-кыргыз улуттарына окшош, субагайынан келген сөөк-түү, элүүлөрдөгү аял чыгып, Саранын аты-жөнүн сурай кетти.

— Ой-ба-ай, өзүмдүн сиңдим турбайсыңбы? Мен да Казахстанданмын. Жаңы эле келип, таанышым жок жүрөт элем. Жакшы болбодубу!-деп аял катуу сүйүнүп кетти.

Түшкү тамактан кийин Сара эшикке чыкса алиги аял аны дагы күтүп туруптур. Айласы жок анын жанына басып барууга туура келди. Уурданып тегерегин карады. Тааныш агайы ары жактагы килейген фигуралары бар, тактасы жерге сырдалып жасалган шахматта ойноп жатышкан элдин арасында турган болучу. Ал Сараны көрүп, аны көздөй бир-эки кадам шилтеп, бирок Саранын жанындагы чоочун аялды көрүп, андан айбыккансып токтоп калды. Бейтааныш аял Саранын ой-боюна койбой, колтуктап, шаштырып алып жөнөдү. Ошентип, Сара бу күнү тетиги текебер аялдын жанында бирге басып, анын тап-такыр кызыксыз сөздөрүн угууга мажбур болду.

Анын эртесинде кечки тамактан кийин алиги аял Сараны дагы күтүп турган болучу. Бирок бу жолу Саранын агайы алардын жанына басып келип, салам айтты. Берки аял алайган көзү менен кыйгачтай карап, өзүнө бейтааныш кишинин саламын алган жок. Бирок Саранын агайы аялдын мунусун байкамаксан болуп:

– Сара, бүгүн кечкиге билет алып койгон элем. Макул көрсөң бирге кирип көрөлү,-деди.

Сара берки аялдан айбыгып унчукпады. Аял силкине адамды кыйгачтай карап:

– Биз да билет алып койгонбуз,— деди кекеткенсиген үн менен. Мунусу калп экенин Сара билди. Бирок унчуккан жок.

– Андай болсо үчөөбүз бирге кирели,-деди Саранын агайы куулугу жок.

– Биз эркеги жок эле жүрөбүз. Жүр, Сара,-деди да, тиги аял Сараны колтуктаган бойдон жөнөдү. Жолдо баратканда:

– Жанагы кишини тааныйт белең?

– Ооба,-деди Сара иймене.

– Вот, еще мне! Уяты жок киши го. Ушу сага окшогон жаш кызга көз артып жүргөн, — деп аял бир бурк этип, андан ары ээрчишип басышты.

Саранын ичи ачышып калды. Жалгыз калган агайын аяды. Бул аял болбогондо азыр агайы менен колтукташып бирге басып жүрөт эле. Анын кызыктуу сөздөрүн укмак. Айла жок, жанындагы аялдын табитти тартпаган сөздөрүн кулагынын сыртынан кетирип, көңүлү алагдылана кошо басып жүрүүгө мажбур болду.

Бул экөө көпкө басып жүрүштү. Сара аялдан кантип кутулуунун жолун ойлоду.

– Эже, менин аяктарым ооруп кетти. Кайталычы, — деди анын чыдамы кетип. Аял саатын карап:

– Саат тогуз эле болуптур го, — дегени менен артында:-Мейли, анда бар,-деп Сараны бошотту.

– Анда эмесе, соо булуңуз,-дегенге араң жарап, Сара шыпылдай басып, өздөрү жатып жүргөн корпуска кирди. Үчүнчү кабатка жүгүрүп чыгып, жемперин үстүнө илип эле, кайра төмөн чуркап түштү. Жанагы аял көрүнүп калып жүрбөсүн деп, маңдайдагы корпустун алдына тез көз жибере салып, анан корпусту айлана кинотеатрды көздөй чуркаган бойдон жөнөдү. Ал келгенде театрдын алдында эл суюлуп калган болучу. Элеңдеп эки жагын каранды. Ал жаңы эле театрга кирип бараткан агайын көрө коюп:

– Ага-а! — деп кыйкырып жиберди. Агайы Саранын үнүн уга коюп, бери жалт карады. Анан элден бөлүнүп, шашыла бери басып келип, Сараны колдон алып:

– Сарасыңбы? Киного келдиңерби? Берки эжең кайда?-деди шашкалактап.

Сара энтигип жооп бере албай, сагынычтуу көздөрүн агайына жиберди.

– Жок, жок, ал аял жөн эле айтып койгон. Киного билет деле алган эмес, — деди Сара.

– Бир билетти сатып жибербедимби? Кап. Эми канте-биз?-деди адам үмүтсүз.

– Агай, бүгүн киного кирбей эле койолучу. Бир би-летиңизди да сатыңыз,-деди Сара биринчи жолу өзүнүн талабын коюп.

Саранын агайы билетин сатып жиберип, анан Сара экөө Моршин курортунун кечки салкынында бирге басып жүрүштү. Бүгүн Сара мурдагысындай тарткынчактабай, агайын колтуктап, кынала басып жүрдү. Ал агайы менен эки күн бирге жүрбөй, анын кызыктуу сөздөрүн сагынып калган болучу. Жок! Жалаң эле кызыктуу сөздөр эмес, агайынын өзүн сагына түшкөнүн моюнга алгысы келбегени менен, ошондой экенин те ичтен сезип баратты Сара.

Алар саат онго чейин басып жүрүштү. Коштошордо адам:

– Баса, жанагы аял ким, — деп сурады.

– Ушу жерден тааныштык. Казахстандан экен. «Сиңдим турбайсыңбы» деп эле жабышып алды,-деп Сара кайдыгер жооп берди.

— Эртең базар. Суу ичүүдөн башка эч процедура жок. Мындан анча алыс эмес жерде кичинекей көл бар экен. Ошону көрүп келбейлиби?

Сара бул сунушту дароо кабыл алды.

Анын эртесинде Сара эртең мененки тамакты ичип, ашканадан чыга берип, тигиндейирээк четте агайы менен алиги Казахстандан келген аялдын сүйлөшүп турганын көрө койду. Ал ашкананын эшигинен мындай боло берип, тигил экөөнө көз жүгүртүп турду. Агайы токтоо гана бир нерсени түшүн-дүрүп жаткандай. Аял болсо кыйгачтана жактырбагансып, өзүнүн талабын далилдегендей. Акырында агайы талылуу сөз айткандай болду көрүнөт, аял бир силкинип алып, беркиден бөлүнүп басып кетти. Мына ушудан кийин гана Сара агайынын жанына басып келип, салам айтты.

– О, Сарасыңбы? Тиги эжең экөөбүз ой да сени та-лаштык бейм. Акырында мен жеңип чыктым, — деди агайы экөө элден бөлүнүп, мындай чыга бергенде. «Тамак ичип чыксам, тиги аял турат. Сени күтүп турганын билдим да, жанына басып барып, салам айттым. «И-и, кечээ көргөн киноңор кызык бекен? Сара экөөңөргө жактыбы? — деп сураган болдум. Ал мени жаман көзү менен карап койду. — Сараны күтүп турасыз го? Күндүзгү сеанска билет алып койсоңуз керек? — дедим бир аз тамашалай. «Ооба, Сараны күтүп турам» дейт тетирлене. «Кыздар дегенди жигиттер күтчү эле. Сиз жигиттин ролун аткарайын деген экенсиз?» дедим мен тамашамды какшыкка алмаштырып. «Аны менен сиздин ишиңиз болбосун!» деди аял кадимкидей бултуңдап. «Бүгүнчө Сараны мага бериңиз. Ал экөөбүздүн көлгө баралы деген убадабыз бар эле» дедим чынымды айтып. «Сарада эмне ишиңиз бар?» деди аял кадыресе ага кожоюн боло. «А сиздин эмне ишиңиз бар?» дедим мен да үнүмдү бийиктетип. «Ал менин сиңдим болот. Экөөбүз тең Казахстандык болобуз». «Ал менин карындашым болот. Эшиктен кирбей жатып, төр меники деп жатасыз. Сара экөөбүз биерге келгени таанышпыз. Анан келгениңизге бир күн болбой жатып, өзүңүзгө таандык кылып алганыңыз кандай? Андай экен, азыр Сара чыккандан кийин сурайын, кимибизди ээрчир экен?» десем эле мени жаман көзү менен карап, анан бултуңдаган бойдон басып кетти», деп айтып, агайы Сараны күлүмсүрөй карады. Сара да: «Ушинткениңиз дурус болгон экен» дегенсип, агайынын баланыкындай ачыктыгына ыраазы боло күлүмсүрөп, ичинен: «Кандай ак көңүл, жакшы адамсыз» деп ойлоого үлгүрдү.

Ушудан жарым саат өткөндөн кийин алар токойду аралап, көлдү көздөй кетип баратышты. Жолдон тыйын чычкандарга жаңгак беришти. Адам коңур үн салып, бир-эки ыр ырдады.

Анан кадимки адатынча эле ал капысынан суроо таштады:

– Э, Сара, Шишкин деген сүрөтчүнү билесиңби?

Сара агайын бүшүркөй карап:

– Жок, — деди.

– Эмнеге билбейсиң? Орустун улуу пейзажисти эмеспи? Эсиңде барбы, бир сүрөт бар? Көп жерлерде илинип турат. Токой. Карагай сынып, жерде жатат. Мамалактары менен аюу тартылган.

– Ооба, ооба, эстедим. Чоң аюу жерде отурат. Балдары сынган жыгачтын сөңгөгүнө чыгып...

– Ооба, — деди агайы ырастап. – Ошол сүрөттү орус-тардын Шишкин деген сүрөтчүсү тарткан. Анын токой пейзажына арналып тартылган канча мыкты сүрөттөрү бар дейсиң. Мына бу сынып жаткан карагайды көрдүңбү? Ушуну көрүп Шишкинди эстедим. Анан Сара, билесиңби, Шишкин ушунчалык чоң сүрөтчү болуп туруп, жаныбарлардын сүрөттөрүн тарта алчу эмес экен. Ошол Шишкиндин «Эртең менен карагайлуу токойдо» деген сүрөттөгү аюуларды тартууда Савицкий деген сүрөтчү жардам бериптир.

– Ошондой бекен? — деди Сара чын эле таңыркап.– Анын баарын кайдан билесиз?

– Окуу керек, Сара, окуу керек. Үйрөнүү керек. Акын болом дейсиң. Акын-жазуучулардын башында өзүнчө эле энциклопедиялык билим болушу керек, Сара. Түшүндүңбү? Чыгармачыл адам маданият жана исусствонун бардык тармактарынын сырлары менен кабардар болушу керек.

– Сиз менен таанышканы көп нерселерди билгендей болдум.

– Балким, билсең билгендирсиң. Бирок ал өтө аз. Өз алдыңча көп оку, көп изден, көп үйрөн. Турмуштун ар бир көрүнүшүнө, ар бир өзгөчөлүгүнө баа берип жүргүн. Ошондон бир жыйынтык чыгар. Сенин ошол жыйынтыгың элге, кийинки муундарга үлгү болсун, сабак болсун.

Алар көл жээгинен обочороок, жалгыз дарактын түбүнө келип жайланышты.

– Сара, кана, көлгө түшүп, күнгө күйөлүбү?

– Жок, агай. Мен түшпөй эле койоюнчу. Сиз түшсөңүз түшүңүз, — деди Сара үнүн кечирим сурагандай чыгарып.– Мен андан көрө сиз берген Стефан Цвейгдин бир новелласынын кызыктуу жерине келген элем, ошону улантып окуюн.

Саранын агайы өз оюн таңуулабай чечинип, көл жээктей басып, бирок түшкөн жок. Жээгине камыш, чөп-чар өсүп, түшө турган деле көл эмес экен. Анын үстүнө күн тийип турганы менен аба да салкын. Ал нары күн тийген ачык аянтты көздөй басып кетти. Эрксизден Саранын көздөрү агайынын ийиндери чыккан, күрөшчүл спортсмендикине окшошуп кеткен москоол мүчөсүнө көзү түштү. Он мүнөтчө жүрүп, кайра келип, сүлгүнү салынып, боортоктоп жата кетти. Жөн жата бербей, кагаз, калем, өчүргүчүн алып, кыйгач отуруп китеп окуп жаткан Саранын сүрөтүн тарта баштады. Бир сааттай убакыт өткөндөн кийин ал:

– Сара, мен сенин сүрөтүңдү тарттым. Көрөсүңбү?-деди.

Сара акырын башын буруп карады. Чын эле агайы бир барак кагазга калем менен бирдемелерди чиймелеп отурат. Ал өз ичинде тамашалап, карикатура өңдөнгөн бирдеме тартса керек деп ойлоп койду. Агайы кагаз бетине дагы көз жүгүртүп, калем менен кайра-кайра чиймелеп, анан аны Сарага сунду. Кагаздагы сүрөттү көрүп алып, Саранын таң калганын айтпа.

– Ой-ба-ай, агай, сиз сүрөтчү да турбайсызбы? Мен жанатан бери сизди китеп же журнал окуп жатат ко, балким уктап калдыбы деп ойлодум эле.

Сара бир барак калың кагаздан эки бутун чала сунуп, бир жак бети гана көрүнүп, кыйгачынан китеп окуп отурган кыздын сүрөтүн көрдү. Дал эле өзүнүкүндөй болуп, калың чачы артына төгүлүп, учтары түйдөктөшүп турат. Ал эмес төбөсүндөгү кайсы бир гүлдүн үлгүсү менен жасалган чач кыстаргычты да өзүндөй кылып тартып коюптур. Татынакай буттары тизесинен чала бүктөлүп сунулуп, тизесине жетээр-жетпес кылып көйнөгүнүн этеги жаап турат. Кыздын жанына дарактын жоон сөңгөгү тартылып, те алыскы фондо токойдун бүдөмүктөнгөн үлгүсү көрүнөт.

– Кандай, Сара, сүрөт сага жактыбы? Бир кыймылдап койбой отуруп бердиң. Тартканга абдан жеңил болду.

– Өтө жакты, агай.

– Бул сүрөттү карап туруп, туптуура эле Саранын өзү дешке болбойт. Бирок токой арасындагы бир дарактын түбүндө бүт дүйнөсү менен китептин кызыгына түшүп кеткен жашы жыйырмалардан жаңы гана ашкан жаш кыздын элеси берилген десек болот. Жалпысынан алганда да сага окшоштугу бар. Өзгөчө мага ийиниңден жогору жагы жагат. Сеңселген чачыңдын арка-жонуңа төгүлүп турушун карачы.

– Агай, ушул сүрөттү мага бересизби?

– Эмнеге? Анын сага эмне кереги бар?

– Эстеликке алып жүрөйүн. Альбомумдун бир жерине жабыштырып койом.

– Кана, берчи. Дагы бир сыйра карап көрөйүн, — деп ал сүрөт тартылган бир барак кагазды кайра алып, башын бирде алыстатып, бирде жакындатып, сын көз менен карай баштады. Анан баракты Сарага сунду.

Алар кайткан жолдо жамгыр куюп келди. Шөмтүрөп суу болушту. Кыскараак деп башка жолго салышты. Токойдун калың жерине келгенде суусу жок терең сайдан өтүүгө туура келди. Сайдын таманына дарактардын аркы-терки чыгып жаткан тамырларын тепкич кылып түшүү керек экен. Адегенде агайы түштү. Анан ал түшө бер дегенсип, жардын башында турган Сараны карады. Кыздын бутуна кийгени такасы бийигирээк танкетка болучу. Ал адегенде оң бутун төмөн түшүрүп, тамырга таканчыктады. Анан ага жанаша сол бутун койду. Ошентип өтө кылдаттык менен түшө берди. Сайдын таманына жете берерге эки-үч кадам калганда танкеткасынын такасы тамырлардын бир жерине илинип, токтоно албай күүлөнүп, кыз агайын көздөй боюн таштады. Колундагы портфелин жерге таштай коюп, агайы Сараны жыкпай, кучагына тосуп алды. Ошо бойдон кызды белинен кучактап, таптак көтөрүп, сайдын таманына койду. Өтмө-катар суу болгон денелер чыпталышып, экөө тең ушуну эле каалагандай, бир саамга бөлүнө албай, сүйүшкөн эки жаштай ажыраша албай турушту. Анан алар бөлүнүшүп, Сара тизесинен бир топ өйдө болуп тар-тылып, этине жабышкан көйнөгүнүн этегин ылдый тартты.

Эми сайдын берки кырына чыгуу да оңойго турган жок. Агайы сол колуна портфелин алып, оң колун Сарага сунду.

– Келе колуңду. Сол колуңду.

Алар жетелешип сайдын кырына жайма-жай чыгып келишти. Анан ошол кол кармашкан бойдон шатырата төккөн жамгырды да капарына алышпай, үн жок-сөз жок кете беришти. Эмнегедир колун тартып алайын деп Сара да, койо берейин деп агайы да ойлогон жок.

Анын эртесинде Сара барып, төрт сериялуу кино-фильмдин биринчи эки сериясына билет алып, агайын киного чакырды. Кинодон он бир жарым ченде чыгышып, өздөрү жатып жүрчү корпустун тегерегиндеги аллея менен басып жүрүштү.

– Сара, ошентип эртең кетем. Автобус биерден эртең менен эрте, саат беш жарымда жөнөйт. Львов шаарынан самолеттун учушу ошондой экен.

– Агай, сиз ким болуп иштейсиз? Мындай караганда бирде жазуучу-акын, бирде артист, бирде сүрөтчү деп ойлоого болот,-деп Сара көптөн бери көңүлүндө жүргөн суроону берди.

– Жок, Сара, мен алардын бирине да жатпаймын. Адистигим — инженер-механик. Мынабу автотранспорт жагында иштейм,-деп токтоо гана жооп берди.-Бирок көп өнөрлөргө кызыгам. Кезит-журналдарга макалалар, бирин-серин аңгеме, ыр жазып жүрөм. Бүгүн өзүң көрдүң, сүрөт тартам. Комуз чертем. Алматылык казак досум Ерментай Сламов домбура тартуулаган. Ошону үйрөнөйүн деп жүрөм.

Күн тыбырчылап жаай баштады.

– Кана эмесе, Сара, кош айтышалы. Ошентип эртең Кыргызстанга жөнөйм. Ден соолугуңа кара. Окууңду бүтүр. Мына ошондо гана чоң турмуштун босогосун аттаган болосуң. Балким мугалим болорсуң, балким акын болорсуң. Аны азыр айтып болбойт. Турмуш көрсөтөт. Бирок кайда болбогун, ким болуп иштебегин, адамдык бийик сапатты, акыйкат, адилдикти сактап жүр. Ишиңе тыкан бол. Беттеген максатыңдын өтөсүнө чык.

Агайы Сарага кол сунду. Анын жумшак алаканынан келген жылуулук Саранын бүт денесин ток болуп аралап өткөндөй болду. Адам эңкейип барып, Саранын чекесинен сүйүп койду. Байкелери карындаштарын ошентип өбүшчү эле го. Дал ошентип. Сара буга кенедей каршылык көрсөткөн жок. Ал азыр сүйгөн жигитинин астында тургандай, таттуу сезимдин кучагында эле. Ал балким азыр агайы анын бетинен, эрдинен соро өпсө да каршылык көрсөтмөк эмес.

– Бара гой, Сара,-деди агайы эми кыздын колун бо-шотуп. Анын үнү ушул жерге келгенде эмнегедир мурун-кусундай эмес, Сарага кайратсыз угулду. – Бар эми, Сара. Бара гой. Адептүү жакшы кыз экенсиң. Ушунуңдан жазылба. Агайыңды кезек-кезек эстеп коюп жүр.

– Ал энди, сауы болыңыз, агай. Эртең менен узатууга барам, — деди Саранын алкымына ый түйүлүп.

– Жок, уйкуңду бузбай эле кой. Өзүм эле кетем. Таң заарынан туруп эмне кыласың? Байкеңди унутпай эсиңден чыгарбай жүр.

– Жок, агай. Сөзсүз барам...

 

...Сара көзүн жумар-жумбаксан болуп, дагы эле чал-касынан жатты. Бөлмөнүн ичи эбак жарык болуп, коридордо аркы-терки баскандардын дабышы угулат. Саат сегизден өтүп кетиптир. Туруу керек. Барып суу ичүү керек. Бирок өзүнүн таттуу кыялынан ажырагысы келбей жата берди. «Кандай кереметтүү адам. Мен мындай адамдар китептерде гана болот ко десем, турмушта деле болот турбайбы?» Сара эми өзүнүн жигити туурасында ойлоду: «Бейсембекте ушу адамдагы сапаттардын, кылык-жоруктардын бири барбы? Жок! Ушудан кийин аны менен басуу, ардемелерди сүйлөшүү кызык болор бекен? Ай ким билет?» Курортко келип, бул адам менен бир жүрүп калгандан бери Сара бир топ жашка улгая түшкөнсүдү. Ошол себептен өзү курактуу Бейсембекти азыр купуя теңине албагансып жатты. «Баса, ал агайдын атын да, дарегин да сурабаптырмын» деп адегенде өкүнүп алып, анан кайра «Анын эмне кереги бар эле? Эмне, кат жазышмак белем? Ушул жашка келгени кантип эле аялы, балдары болбосун?»

Сара өз ичинен минтип күбүрөдү: «Кымбаттуу кыргыз агайым, сиз менин идеалым болуп калдыңыз. Мен өз өмүрүмө шериктеш сизге окшогон адамды жолуктурар бекем?»

* * *

Андан бери отуз жыл артта калды.

Саранын үйүнүн залы конокторго жык толгон. Алардын улам сөз кезеги тийгени казактын белгилүү акыны Сара Ерханованын элүү жашка толгонун кызуу куттуктап жатышты. Аңгыча Саранын тимеле койчу дегенине болбой он жаштагы небере кызы телевизорду койо кетти.

Теле алпаруучу келин:

– Биздин телеэкрандын бүгүнкү мейманы боордош кыргыз калкынын жазуучу-акыны жана башка көп өнөр-лөрдүн ээси Кадыр Айтиев,-деп жарыя кылды. Сара эмне-гедир экранга алаксый калды. Экран жыла берип, колуна комуз кармаган, жанындагы отургучка домбурасы жөлөнгөн, кара каш, көгала суйдаң чач, көк мурут адамга көзү түштү.

– Кадыр ага, эмнеден баштайсыз?-деди теле алпаруучу.

– Комузда элдик күү “Камбарканды” чертип берейин.

Комуз күүсү чертилип бүттү. Анан тиги адам комузду домбура менен алмаштырып, Курмангазынын “Сары аркасын” тартты.

– Сиздин казак калкына арналган ырларыңыз, аларга чыгарган обондоруңуз бар. Ошолорго кезек берсек.

– “Казак кызы, сагындым карааныңды” деген ырымды домбуранын коштоосунда ырдап берейин.

Казак кызы, сагындым карааныңды,
    Кайдасың, айтсаң боло кабарыңды.
    Отуз жыл өтсө дагы, карегимден
    Өчүрбөй келатамын жамалыңды.
    Жоготпой али сактап жүрөсүңбү,
    Сүрөтүңдү түшүргөн барагымды.

Катарлаша жай таштап кадамыңды,
    Кай бирде жаркылдатып кабагыңды.
    Отуз күндөй курортто бирге жүрдүк,
    Ойго салып кез-кезде агайыңды.
    Жүрөгүм аңтарулчу көрүп алып,
    Жутканда чай көрүнгөн тамагыңды.

Ала-Тоодон жиберем саламымды,
    Аныктап билгим келет кабарыңды.
    Эми деле көрсөм деп куштарланам,
    Элүүдөн өткөндөгү жамалыңды, 
    Камынып атайылап издеп барсам,
    Калың казак журтунан табамынбы?

– Ушул ырыңыздын жазылыш тарыхы барбы? — теле алпаруучу суроо таштады.

– Ооба. Бул ыр Сара атуу казак кызына арналат. Мындан отуз жыл илгери алыскы Украинанын Моршин деген курортунда дарылангам. Ошондо Сара аттуу казак кызы менен таанышкан элем. Ал дагы дарыланганы барган экен. Мен анда үйлөнүп-жайланып дегендей, эки эркек балалуу болуп калгам. Ага-карындаштай ынтымактуу жүрдүк. Адабий китептерди көп окуган кыз болучу. Казактын мурунку өткөн Сара акынындай акын болуп ыр жазсам деген да тилеги бар эле. Ошол кыздын тагдыры мени өтө кызыктырат. Азыр аман-эсен бар болду бекен? Билбейм. Казактын “Бармысың бауырым?” деген теле берүүсү аркылуу издетип көрсөм дейин деген да оюм бар.

– Сара дедиңизби?

– Ооба.

– Фамилиясы Ерханова болуп жүрбөсүн?

– Ооба. Ерханова. Сара Ерханова.

– Ой-бай, ал деген азыркы биздин атактуу акын кыздар-ыбыздын бири да. Жакында элүүгө чыкты. Казактын халык акыны наамын алды, — деди теле алпаруучу аябай таңданып.

– Чын элеби? Өтө кубанычтуумун. Эгерде Сара ка-рындашым азыр бизди телевизордон көрүп жаткан болсо, салам айтам.

– Кадыр ага, телевизор эле эмес, Сара эжемиз экөө-ңүздөрдү атайы жолуктуруп, телевизордон көрсөтөбүз,-деди телеалпаруучу толкунданып...

 

Кайрадан Саранын үйү. Үлпөт тойду башкаруучу:

– Сара, эже,бул киши айтып жаткан Сара сиз болуп жүрбөңүз?

— Ооба. Дал өзүмүн. Ырында айтып жаткан “Казак кызы сагындым карааныңды” деген казак кызы мен боломун. Ал тарткан сүрөтү да бар,-деп Сара башка бөлмөдөн альбом алып чыгып, эң башкы бетине жабыштырылган кара калем менен тартылган өзүнүн сүрөтүн көрсөтө кетти. Альбом колдон колго өттү.

– Ардактуу агатайым, аман-эсен бар экенсиң го. Ку-дайдын мунусуна шүгүр, — деп Сара көзүнө жаш алды.

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 3177