Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 19-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Орус кызы Наташа

“Орус кызы Наташа” аңгемесинде жыйырма төрт жаштагы кыргыз жигити менен мектептин сегизинчи классында окуган он бешар орус кызы экөөнүн курорттогу таанышуулары, кийин өмүр бою бирин бири унутушпай, сүйүүлөрүнүн сакталып калышы, никесиз эгиз кыздын төрөлүшү сүрөттөлөт.

Абдышев К. Кум дөбөлөр: Повесттер, аңгемелер. – Б.: Университет, 2012. – 544 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7 – 4
    А – 13
    ISBN 978-9967-02-817-13
    А 4702300100-12

Нуска 500 даана

Сүрөтчүсү автор

 

Асыл жер урук тандабайт,
    Ашыктык улут тандабайт.

К.Абдышев

 

Бала кезимден жармашкан ашказандын жарат ооруусу азабымды колума жакшы эле карматып келди. Илдет мага сегиз жашымдан илешип, нечен түркүн жасалган аракеттердин жардамы тийбей, отуз беш жыл өткөндөн кийин гана, болбосо кырк үч жашка чыккан курбалымда академик Мамбет Мамакеевдин жеңил колу ушул оору азабынан биротоло арылтты. Ошол ооруп жүргөн жылдар аралыгында бир нече жолу курорттордо болууга туура келди.

1964-жыл.

Фрунзедеги (азыркы Бишкек) политехникалык инс-титуттун төртүнчү курсун бүтүрүп, каникулга тарадык. Институтубуздун дарыгери Елена Николаевна Бурдукова болбос оюма койбой, мени Жалалабат курортуна жиберди. Жыйырмадан жаңы эле ашкан жаш келинчегим бар. Баш кошконубузга эки жылдан ашып калды. Мени курортко жөнөтүп, аялым өз төркүнү жакка кетти. Ал да политехтин технологиялык факультетинин төртүнчү курсун бүтүрдү.

Өмүрүмдө курортто биринчи болушум. Ысык сууна түшүп, баткагына шыбанып, дары суунан ичип, күнүнө төрт маал тамактангандан башка убакыт деген мол. Бош убактыларыңды өз каалаганыңдай өткөрөсүң. Китеп окумай, киного, кечки бийге бармай, бак аралап каалгып басып жүрмөй, түркүн оюн-шоокторго катышмай же жөн эле аларды кызыгып карап турмай.

Курортко келгендин эртесинде эле кечке маал тышка чыгып, бак аралап басып жөнөдүм. Колумда альбом, карандаш жана өчүргүч салынган папкем бар. Сүзүшүп ойноп жаткан эки улактын гипстен жасалган эстелигинин жанына барып, ыңгайлана отурдум да, алардын сүрөтүн тарта баштадым. Бул ишиме берилгеним ушунчалык, артыма эбак келип, кызыга байкоо салып карап турган кызды да сезбептирмин. Тартып бүтүп, жүзүмдү алыстата чалкалай, сүрөткө көз жүгүрттүм.

– Вы художник что-ли? -деп аяр айтылган аялзатынын үнүнөн улам башымды артыма бурсам, күлүмсүрөй караган жапжаш орус кызы турат.

– Нет, я не художник, а простой любитель-рисовальщик, -дедим кызга болгонумду жашырбай. (Мындан аркы сүйлөшүүбүздү кыргыз тилинде эле берейин).

– Ошондойбу? Мен сизди кадимки эле художник экен деп ойлогом, -деди кыз күлүмсүрөгөн ишенчээк көк-жашыл көздөрүн менден албай.

Мен ишимди жыйнаштырып, папкемди колтугума кысып, ордумдан турдум. Бейтааныш кыз экөөбүз ичибизден макулдашкандай жанаша басып жөнөдүк. Басып баратып аты-жөнүбүздү сурашып бат эле таанышып алдык. Наташа аттуу бул орус кызы Сокулук районунун Гавриловка айылынан келиптир. Сегизинчи классты бүтүрүп, тогузунчуга жакшы баалар менен көчүптүр. Мен да өз жөн-жайымды кыскача айтып өттүм. Бирок аялым бар деп сөз чыгарган жокмун. Техникалык жогорку окуу жайында окуп, анан адабият, маданият, искусство өнөрлөрүнөн жөндөмүм бар экенин билген он беш жашар мектеп окуучусун таң калтырып, экөөбүздүн ынак болуп кетишибиздин башкы себеби болду го деп ойлойм. Көз-дөрү сук аялдарга азгырылбай, сөзүнөн да, жүрүш-турушунан да куу-шуму байкалбаган бала кыял наристе таза сезимдерден али арылбаган мектептин окуучу кызы менен жанаша басып жүрүү жыйырма беш жаштагы мен үчүн алда канча ырахат эле.

Ошентип Наташа экөөбүз аябай ынак болуп кеттик. Менден он жаш кичүү экенине карабай, ал мени менен «сен» деп сүйлөшчү болду. Экөөбүздүн ортобуздагы мамиле бир класста окушкан мектептин жогорку класстарынын окуучуларыныкынан эч айрымасы жок болучу. Кечки кинолорго, бийлерге же болбосо башка бир оюн-шоокторго анча жолобой, ар нерсени сүйлөшүп, көпкө басып жүрчүбүз. Наташаны студенттик турмуш өзгөчө кызыктырып, ушул багытында көптөгөн суроолорду берчү.

Мен бир жолу:

– Наташа, мектепти бүтөрүңө эки жыл калыптыр. Андан кийин эмне кылайын деген оюң бар? Жогорку окуу жайларынын кайсынысына барасың? -деп өзүнөн сурап калдым.

– Апам Оштогу педагогикалык институтка эле оку деп жатат. Ош обкомунун экинчи катчысы Петр Михайлович менин апамдын бир тууган иниси болот, -деди Наташа чындыгын жашырбай.

– Демек, максатың келечекте мектеп окуучуларына мугалим болуу экен да? Жакшы, жакшы, — дедим Наташаны чын дилимден кубаттап.

Бүгүнкү кечтеги сүйлөшкөн темабыз ошо мугалимдердин айланасынан чыккан жок. Алгачкы арипти тааныткан мугалимим менен орус тили жана адабиятынан сабак берген эжекебиз туурасындагы таттуу эскерүүлөрдү ортого салдым.

* * *

Кечке маалкы жолугушар убакыттын келишин Наташа экөөбүз тең чыдамсыздана күтчү элек. Бир жолу болжошкон ак кайыңдын жанына жыйырма мүнөттөй кечигип келдим. (Жалал-Абад шаарына барып, өмүр бою түштүк тарапта иштеп келаткан, биздин айылдык «эт жебес» Эшимов Бекмолдо агабыздын комузун апкелгем. Кечиккеним ошодон болуп калды). Келсем Наташанын кабагы бүркөө, таарынып калгандай түрү бар.

– Кадыр, мынча эмне кечиктиң? Эмне болду деп аябай чоочудум,-деди Наташанын көк-жашыл көздөрү коюуланып.

– Шаарга барып, бир таанышымдыкынан комуз апкелдим. Эс алуучуларга концерт койом. Сага да күүлөрдөн чертип, ырлардан ырдап берем.

Ал мунума ишенип, анан экөөбүз колтукташып, күндөгүдөй беймарал басып жөнөдүк.

– Кадыр, сен экөөбүз бири-бирибизге ким болобуз? -деди Наташа бир оокумда мени таң калтырган суроо таштап. Мен мойнумду буруп Наташаны, ал да мени карады. Көз учкундарыбыз чагылышты. Өзүнүн суроосуна жооп күтүп жатканын анын акылдуу да, токтоо да, сабырдуу да көздөрүнөн окудум.

– Кандайча кимбиз? Жакшы тааныштарданбыз. Кала берсе мен сага ага, сен мага карындаш болосуң, -дедим эсиме келип. Наташа мени бир саамга сырдуу тиктеп, анан муңайым жүзүн буруп кетти да, алды жагын караган калыбынан жазылбай жүрүп олтурду.

– Сенин айтканың боюнча экөөбүз бир туугандардан болуп калдык. «Сүйлөшүп жүргөн кызың барбы?» деп карындашы агасынан сурай алабы?-деди бир саамдан кийин Наташа тилге келип.

Мен кандайча жооп берсем деп ойлоно түштүм. Азыр: «Эбак үйлөнгөм, аялым бар» деп болгонун болгондой айтышым керекпи же жокпу деген суроого такалып турдум. Наташанын мени жакшы көрүп калганын, анан өзүмдүн да мектеп окуучусуна кайдыгер эмес экенимди сезип, чын жооптон баш тарттым да:

– Ооба, менде да сүйүүлөр болгон. Өмүрүмдө көп кыздарды сүйдүм. Менин алгачкы сүйгөндөрүмдүн бири Наташа аттуу орус кызы,-дедим токтоолугумдан жазылбай.

«Эмне деп жатасың?» деген таң калган суроолуу жүзүн Наташа мага бурду. «Наташа» деп өзүн айтып жаткан жокпу деген арсарланган жазууну анын жүзүнөн окудум.

– Ооба, Наташа, мен китептерден окуган же кинолордон көргөн сулуу кыздарды сүйө берчүмүн. Ошолордун бири Наташа... Наташа Ростова. Лев Толстойдун «Согуш жана тынчтыгындагы» Наташа Ростованы айтып жатам. Анан Александр Сергеевич Пушкиндин аялы Наталья Гончарова да сулуулардын сулуусу болгон. Дегеле Наташа аттуулардын баары сулуу болсо керек. Биздин жаш чагыбыздагы көргөн кинолордо көп ролдорду ойногон Марина Ладынинаны, кийин Элина Быстрицкаяны да сүйгөм. Шекспирдин «Отеллосун» окуп жатып, Отелло жазыксыз Дездемонаны муунтуп өлтүргөн жерине келгенде көзүмдөн жашым куюлуп ыйлагам. Көрсө, Дездемонаны он беш жашымда сүйүп калган көрүнөм,-деп айтып токтодум.

Унчугушпай калдык. Бир аздан соң:

– Наташа, а өзүңдүн сүйгөн жигитиң барбы?-дедим мен да түз суроо таштап.

– Жок,-деди Наташа кыска гана.

Ушу менен Наташа экөөбүздүн ортобуздагы махабат туурасындагы сөз токтогондой болду.

Бөлүнүшөр убакыт келип, Наташа экөөбүз ал жатып жүргөн имаратты көздөй жакындадык. Мерчемдүү ак кайыңдын жанына келип токтоп, эмнегедир бири-бирибизди кыя албагандай бет маңдай туруп калдык.

– Кадыр, эртеңге чейин, -деп Наташа бутунун учуна тура калды да, менин сол ууртумдан чоп эткизе өөп, кадимки жай баракат жүрүшүндөй болбой, кадамдарын тез-тез шилтеп, менден узай басып кетти.

Наташанын өбүшү мени анчалык деле таң калтырган жок. Мени жакшы көрүү сезими Наташада улам күчөп баратканын мен туюп эле жүрдүм. Бирок аялымдын бар экенин айта албай, ушул токтоо, акыл-эстүү, баамчыл мектептин окуучу кызына болгон махабат учкуну сезимимдин тереңинде жылт эте калып жүргөнүн өзүм да ичимден мойнума ала баштадым. Бирок аны ачык билдирбей, улуу агасы карындашына жасагандай мамиледен аша чаап кетпедим.

Анын эртесинде кечке маал басып жүргөнүбүздө Наташа:

– Бүгүн акыркы күн. Эртең келип апам алып кетет, -деди.-Эртең сени апам менен тааныштырайын, макулсуңбу?

– Мейли,-дедим Наташанын көңүлүн кыйбай. Чын-чынына келгенде анын энеси менен таанышуунун мен үчүн эч деле кызыкчылыгы да, зарылчылыгы да жок болучу. Ооба, жаш кыздын көңүлүн оорутпайын дедим.

– Кадыр, кел, дарек алышалык. Балким кат жазышып каларбыз, -деди Наташа.

Дарек алыштык. Аялым экөөбүз быйыл бөлүнүшүп, ал кыздар, мен балдар менен жатаканада жатмак болуп макулдашканбыз. Наташага ошо жатакананын дарегин бердим. Ал өз үйүнүкүн берди. Дарек алышканыбызга мен эч деле маани берген жокмун. Эми кайдагы кат жазышмай. Акыркы курс, анан дипломдук иш. Институтту бүтөрүм менен бир жакка ишке жиберишет. Бүттү. Ошо менен башка турмушум башталат.

Күндө келип ажырашчу ак кайыңдын түбүнө келдик. Наташанын жанымдан кеткиси жок.

– Кадыр, мени унутпай эсиңе алып жүрөсүңбү? Эң куру дегенде, өзүң айткандай, карындашың катары?-деди ал башын салып. Анын үнү жалооруй чыкты. Дал ушул жерден мен эркимди башкара албай, Наташанын толугураак келген мүчөлүү боюн бек кысып, адагенде эрининен, анан бетинен, моюнунун чоло жерин калтырбай өпкүлөп жибердим. Биз менен иши жок, ак кайыңдын жалбырактары акырын жүргөн кечки жумшак желге дирилдеп шоокумданат. Эки дене ажырашып, ар кимибиз өз жолубузга түштүк.

Анын эртесинде Наташанын энеси ак «Волга» машина-сын минип келди. Наташа айткан апасынын обкомдо экинчи катчы болуп иштеген инисинин кызмат машинасы экен деп билдим. Наташа элүүлөрдүн тегерегиндеги энеси Клавдия Михайловна менен мени тааныштырды. Бүткүл өмүрүн мугалимдик менен өткөрүп келаткан, мүчө-бою толугураак, ак жуумал орус аялынын мага карата болгон өтө кичи пейил жана адептүү мамилеси жакты.

– Наташанын жерге-сууга тийгизбей мактаган Кадыр деген агасы сен турбайсыңбы? Эми аш казаның кандай? Курорт жагат бекен? Жакшы болуп калдыңбы?-деди Клавдия Михайловна жан-алы калбай энелик мээримин төгүп. -Жакшы эле, — дедим оозум бош.

Анан ал өзү менен ала келген тамак ашын жайнатып, алдыма тартуулады. Калганын ороп, болбос оюма койбой менин колума карматты. Кызы бүгүн чыгып жатса, анан бул тамак-ашты мен үчүн эле ала келгенин ичимден билдим.

Машинага түшөр алдында:

– Кадыр, кош бол эми. Анан карындашың Наташаны унутпай эстеп жүр,-деди Клавдия Михайловна колун берип коштошуп. Наташа экөөбүз да кол сунуштук. Экөө тең арткы орундукка отурушуп, машина ордунан жыла берди. Машина бурулушка жеткенче Наташа арткы терезеден мени карап, колун булгалап барды. Анан машина бурулушка кайрылып, көздөн далда көрүнбөй калды. Мен дал ушул жерден жүрөгүмдүн бир чымчымын Наташа өзү менен кошо ала кеткенин кантсе да ич күйдүлүк менен сезип турдум.

* * *

Окуу башталды. Кайрадан эле лекциялар, курстук долбоорлор, чиймелер...

Жатакананын бир бөлмөсүндө беш студентпиз: орус Петр Карпов, татар Равиль Нагаев, украиналык Виктор Полищук, энеси татар, атасы кыргыз Бейшеке Кулманбетов жана кыргыздан мен. Те башында институтка киргендеги жыйырма беш чамалуу студенттен азыр он бирибиз эле калганбыз. Ошонун баары дээрлик ар улуттун өкүлдөрү. Группанын старостасы немис Адольф Барч, чех кызы Алла Ланичек, карачай Азретали Урусов, кыргыз жергесинде туулуп өскөн, ырдаса булбул үндүү ырчы казак кызы Куляш Тусупбекова, дагы бир кыргыз Төлөмүш Мусабаев, дагы бир орус Юрий Семенов. Кимибиз кайсы улуттан экенибиз менен бир ишибиз жок, бир туугандардан бетер өтө ынтымактуу элек. Биринчи курста орус тилин жакшы билбеген себептен, татар досум Равиль Нагаевдин эч тажабай Бейшеке экөөбүзгө көрсөткөн чоң жардамын эч убакта унутпайм. Ушул атаган курсташтарымдын ар биринин тагдыры өзүнчө кызык. Өзгөчө бөлүп айтсам Ташкендеги индустриалдык техникумду да, анын артынан момин-тип Фрунзедеги политехникалык институтту да артыкчылык диплому менен бүтүргөн татар досум Равилдин тагдыры татаал да, аянычтуу да, табышмактуу да. Ал жөнүндөгү аңгеме-дүкөнүбүз өз кезегинде болор...

Наташа туурасындагы кебибизди уланталы.

Бир жолу, ноябрь айы жаңы эле башталган. Лекциядан кийин аялым экөөбүз жолугушуп, бирге тамактанып, андан кийин киного барып, жатаканага кечирээк кайттым. Жаздыгымдын үстүндө конверт жатат. Дароо эле конвертти жөнөткөн дарекке көз чаптырдым: Сокулук району, Гавриловка айылы, Түштүк көчөсү, 48 дегенди окуп, Наташанын каты экенин дароо баамдадым. Конвертти ачып, ичинен мектеп окуучуларынын чатыраш көз барагынын бир жарым бетине тамгалары шурудай тизилтип, сулуу жазылган катко дароо көз жүгүртүп чыктым. Каттын мазмуну мындайча экен:

«Саламатсыңбы, Кадыр! Мен сени сагындым, чыны менен эле аябай сагындым. Анан Жалал-Абадды, экөөбүз бирге басып жүргөн күндөрдү сагындым. Кадыр, сен эмне үчүн кат жазбайсың? Жашооң, ден соолугуң, окууң кандай?.. Өзүң айтпады белең, мен сенин бир тууган агаң болом деп. Эмне, агалары карындаштарын унутуп коюшабы? Мен курорттогулар, өзгөчө сен жөнүндө дамамат апама эскерип келатам. Анда апам: «Кадыр агаң сени эмне үчүн унутуп койду?— дейт да, артынан: -Ал азыр үйлөнүп алган болуу керек. Сени унутуп койгон табышмактын сыры ошондо». Кадыр, чын эле ошондой болуп жүрбөсүн? Эгерде ошондой болсо, закондуу үйлөнүшүң менен чын дилимден куттуктаймын. А балким жөн эле сенин бош убактың болбой жатса керек. Кадыр, ушундай эмеспи? Бирок канткен менен да убакыт таап, беш ооз сөз жазып койгонго кантип эле болбосун?.. Болуптур анда, чындыкты күтөм. Наташа 28-ноябрь 1964-жыл.

Анда-санда гана кокусунан эсиме түшө калганы болбосо, мен Наташаны таптакыр эле унута баштагам. Анын бул каты жүрөгүмдү «болк» эткизе козгоп, көңүлүмө кандайдыр бир кубанычтуу дүрбөлөң салып койду. Ал эми Наташанын менден күдөрү үзүлбөй, сагынып жүргөнү, менин үйлөнгөн-үйлөнбөгөнүм туурасындагы кабарды аныктап билгиси келгени анын бул катынан дапдаана көрүнүп турат. Эмне кылышым керек? Катка жооп жазышым керекпи же жокпу? «Мурдатан сүйлөшүп жүргөн кызыма үйлөнүп алдым» деп Наташаны өзүмдөн биротоло түңүлтүп койсомбу? Жок! Эмнегедир антким жок. Наташадан кол үзгүм келбейт.

Мен Наташага кат жөнөттүм. Студенттик турмушум жөнүндө маалымат берип, эң негизгиси агасы карындашынан акыл сурагандай: «Наташа, менин үйлөнүшүмө кандай карайсың?» деп жаздым.

Көп узабай Наташанын төмөнкү мазмундагы каты келди:

«Саламатсыңбы, Кадыр? Сенин жазган катың мени бир жагынан кубандырса, бир жагынан таң калтырды. Кубантка-ны — ал сенин катың, а таң калтырганы... Ооба, эми сен институтту бүтүп жаткан жигитсиң. Албетте үйлөнүшүң керек. Бирок мага: «Кадыр жана анын аялы» деген түшүнүк өгөй көрүнүп жатат. Эмне дейин?.. Бирок канткен менен да сенин аялың дүйнөдөгү бардык аялдардан өйдө турарына кенедей да шенктенбейм. Сен менин кеңешимди уксам дейсиң. Чынымды айтайын, үйлөнсөм дегениң ичимди ачыштырып жатат. Албетте, көп убакта институтту бүтүрүшүп, үй-бүлө күтүп алып, анан ишке барышат. Моюнга алыш керек, Кадыр сен деле ошолордун бирисиң да. Ушундай эмеспи? Бирок эми мага кат жазыш үчүн убактың да, мүмкүнчүлүгүң да болбойт деп өзүмчө кападар болуп отурам.

Кадыр, азыркы абалыңды жакшы түшүнөм. Поли-техникалык институт, анын акыркы бешинчи курсу, дип-ломдук иш! Өзүңдү бекем карма. Сага суктанса болот—көздөгөн максатыңа жетүүгө аз калды. Биздин класс-тагылардын баарынан, анан апамдан чоң салам айтам.

Болуптур анда. Убакыт таап кат жазып тур. Макулбу? Кош бол. Наташа, 12-декабрь 1964-жыл».

«Менин үйлөнүшүмө кандай карайсың?» деп калп эле сураган кеңешиме: «Эми ал жагын өзүң бил, а менчи» деген кыязды билдиргенин, урматтуу окурманым, өзүң түшүнүп турасың. Каттын акырында: «Убакыт таап, кат жазып тур» деп суранганына караганда менин каттарым Наташаны убактылуу болсо да кубанычка бөлөрүнө көзүм жетип, анын кийинки жазган каттарына үзбөй жооп жазып турдум.

1965-жыл башталды. Советтик Армиянын күнү болгон 23-февралга карата орус жазуучусу Задорновдун Ыраакы Чыгыш флоту туурасындагы романын белек кылып жибериптир. Наташанын төмөнкүдөй кыскача каты бар экен:

«Саламатсыңбы, Кадыр! Биздин класстын кыздары өзүбүздүн классташ балдарыбызга Советтик Армиянын күнүнө карата белектерди даярдадык. Кадыр, сен солдат болуп көрбөсөң да, Мекендин башына коркунуч түшкөн мүнөттөрдө аны коргоого дайым даярсың. Ошол себептен сенин майрамыңды куттуктап, орус моряктарынын каармандыгы көрсөтүлгөн ушул китепти тандадым. Китеп мага жакты жана сага да жагат деп ойлойм. Наташа, 22-февраль 1965-жыл.

Мен да өз кезегимде Наташаны 8-март майрамы менен куттуктап кат жазып, ошол мезгилде Лениндик сыйлыккка татыктуу болгон Чыңгыз Айтматовдун «Тоолор жана талаалар повесттери» китебин баш кылып, дагы бир топ белек-бечкектерди жибердим.

Буга жооп кылып, Наташадан тез эле кат келди:

«Кадыр, саламатсыңбы? Сенин аялдардын майрамы менен куттуктап жазган катың мени өтө кубандырды. Белек-териң да жакты. Рахмат. Бирок ошончолук тыйын коротпой деле койсоң болмок. «Тоолор жана талаалар повесттерин» окуп чыктым. Мага Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары, ал эми бул китебиндеги «Жамийла» менен «Биринчи мугалим» өзгөчө жагат. Менин оюмча, «Биринчи мугалим» пове-стиндеги: «Бүгүнкү турмуш үчүн күрөшкөн адамдарды ун-утууга болбойт» дегени өтө туура айтылган.

Эми менде болсо баштагыдай эле. Жаңылыктар жок. Өзүңдүн иштериң кандай жүрүп жатат? Кош бол. Н.13-март 1965-жыл».

Март, апрель, май айлары артта калды. Дипломдук иштерибизди аяктап, жактоого даярдык көрүп жатабыз. Ал ортодо Наташа экөөбүз бир нече жолу кат алыштык. Анын май айынын аягында жазган каты дипломдук ишти жактаар алдында келди. Окуу жылын ийгиликтүү аяктап, каникулга тараганын баян этиптир. Катты: «Сиздин ийгилиңиз кандай, жолдош инженер?» деп тамаша менен аяктаптыр.

Наташа экөөбүздүн кат жазышыбыз ушуну менен үзүлдү. Себеби 1965-жылдын июнунда дипломду жактап, министрликтен Талас автобазасына жолдомо кагаз алып, аялымды Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) шаарына практикага узатып, өзүм туулуп-өскөн талас жергесине жөнөп кеттим.

* * *

1969-жыл.

Мен бул кезде автомобиль транспорту жана шоссе жолдор министрлигинин борбордук аппаратында жүк та-шуучу автомобилдерди пайдалануу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жаткам. Жаркыраган май айынын бир күнү министрибиз Үсөн Калыбаевич айыл чарба жүктөрүн ташуу бөлүмүнүн башчысы Сергей Григорьевич экөөбүздү чакырып алып, бир ишти текшерип келгиле деп, Оштогу автомобиль трестине жиберип калды. Сергей Григорьевич Батлук өз ишин жакшы билген, кагаз-кугаз иштерине да каныккан алтымыш-тардан ашып калган автомобиль транспортунун эски кызмат-кери. Иш кагаздары орус тилинде жүрчү. Жазган кагаздарыбызды текшерткени кыргыз жигиттери, өзгөчө мен а кишини көздөй эрээн-төрөөнү жок эле чуркап турчумун.

Ошентип Ошко бардык. Эки күн авточарбаларда жүрүп, кийинки күнү кечке маал мейманканага кайтып келдик. Сергей Григорьевич келип эле керебетине кулады. Кирбийип аш казаны оорулуу адам.

Түштүк тарапка, Ош шаарына өмүрүмдө биринчи келишим. Көчө кыдырып басып келмекке камданып жатканымды байкап:

– Чалды жалгыз таштайын деген экенсиң, — деди Сергей Григорьевич кыңылдаган үнү менен тамашалаган болуп. – Бирге басып келсек деле болмок. Алым кетип чарчап калдым. Эс алайын. Эртең жолго чыгабыз. Сен бассаң басып кел. Кечикпе.

Тышка чыгып басып жөнөдүм. Ак-Буура дайрасындагы көпүрөдөн өтүп, айланама көз чаптырып коюп, кетип баратам. Кайсы бир студенттик жатакананын тушунан өтө берген-имде андан бир кыз чыгып, мен тарапты көздөй басып келатты. Анын басышы, бой турпаты мага тааныштай көрүндү. Жакындаганда тааный койдум, Наташа экен. Ал мага көңүл бурбай, дал эле алдымдан өтө бергенде:

– Наташа!-деген үн оозумдан өзүнөн-өзү атылып чыкты. Ал селт эте чоочуп, токтой берип мени карады.

– Кады-ыр? Чын эле бул сенсиңби?-деди Наташа да таң кала кубанып.

Экөөбүз тең эмне кыларыбызды билбей, бири-би-рибизди таңдана карадык. Анан көчөдөгү элди деле көзү-бүзгө илбей, кучакташып өбүшүп жибердик. Наташанын каякка баратканы эске алынбай, экөөбүз катарлашып, башыбыз оогон жакты көздөй басып жөнөдүк.

Мен биякка келген жөн-жайымды баяндадым. Наташа болсо Ош пединститутунун үчүнчү курсунда окуп жатыптыр. Орус тили жана адабият факультетинде. Ортобузда көп сөздөр болду. Бирок аялым, үч жашар эркек балам бар экенин айтпадым. Наташа да сурабады. Менин үй-бүлөлүү экенимди сезип-билип турса деле аны сурагысы, уккусу келбегенин мен ичимден туюп эле турдум. Ортодогу сөздөр түгөнгөндөй болду. Бирок экөөбүз тең жанаша басуу ырахатынан ажырагыбыз келбей, кечки күүгүмдө Оштун автобекетинин тегерегинде каалгый басып жүрдүк. Асмандагы кара булут коюуланып, айлананы тез эле караңгылатып салды. Аңгыча нөшөр жамгыр куюп жиберди. Биз автобекетке кире качтык. Жарым сааттай убакыт өттү. Жамгырдын токтолор түрү жок.

– Наташа, жамгыр токтобосо эмне кылабыз?-дедим чын эле эмне кыларыбызды билбей.

– Билбейм. Күтүгө туура келет ко. Караңгыда жата-канабыздын кайда экенин да билбейм, — деди Наташа. Мындай түндө өзүм деле мейманканамды тапмак эмесмин.

Күңүрттөнгөн залдын бир бурчунан орун таап, кы-налыша жайланышып отурдук. Үн-сөз жок, эриндерибиз магниттей тартылышты. Экөөбүзгө ээн-эркин жайлуу төшөк гана жетишпей тургансыды. «Мен сени сүйөм» деп айтылган сөз болбогону менен бири-бирибизге болгон ысык сүйүү сезими эбактан бери сакталып келатканын экөөбүз тең дал ушул түнү билдик.

Ошентип, никелешкен жарымды, үч жашар уулумду унутуп, «Бу Кадырга эмне болду?» деп мейманканадагы калган шеригим Сергей Григорьевичти бүлүккө салып, мамлекеттик беделдүү министрликтин жооптуу кызматкери, ком-мунисттик партиянын мүчөсү, формалдуу алганда ислам дининдеги мен, христиан дининдеги «каапырдын» кызы менен ошол түндү бейкүнөө өткөрдүм.

Катарлашып кынала отурган бойдон экөөбүз тең уктап калыптырбыз. Бир оокумда ойгонсом, куланөөк салып таң атып келатыптыр. Наташа башын менин саныма жөлөп, жамбаштай жатып уктоодо. Эңкейип ырахаттана мойнунан жыттадым. Башымды кайра көтөрүп, арткы сүйөнгүчкө чалкалай жөлөндүм. Оң колумду Наташанын колтугуна жиберип, ошол бойдон көзүмдү жуумп, ойго түштүм. Наташа менен коюндашып жатпаган күндө да, бул түн мен үчүн үй-бүлөмдүн алдында, мусулманчылык алдында, социализмдин моралдык эрежелерин бузуп, күнөөгө баткан «чыккынчылык» түн болду. Бирок улутуна, динине, расасына карабай, эркек менен аялдын ортосунда болуучу сүйүү деп аталган ыйык нерсенин чын эле бар экенин далилдеген да түн болду. Эркек менен аялдын ортосундагы сүйүү акыры барып эмнеге такалышы керек? Бул суроонун мен билген төмөнкүдөй жооптору бар.

Биринчиси, баш кошуп, үй-бүлө куруу. Бул жолго барыш үчүн мен аялым менен ажырашып, Наташага үй-лөнүшүм керек. Жок! Мен минте албайм. Мүнөзү тоңураак аялымды кыйсам да, баламды кыя албайм. «Жарык дүйнөгө келген адамзатынын эң башкы милдети—артына акыл-эси ордундагы, алты саны аман тукум калтыруу» деген жаратылыштын улуу мыйзамы бар. Мен бул мыйзамды аттап кете албайм. «Артына тукум калтыруу» деген бул жалаң эле аялды боюна бүтүрүп, төрөтүп-түшүрүү эмес. Ал деген, биздин кыргыздын салтында ошол баланы тарбиялап, окутуп-чокутуп, балакатка жеткизип, үйлөнтүп-жайлантуу. «Сүйүп калдым, күйүп калдым» деп, балдарын атасыз калтырып, башка аялга кетип калышкан эркектерге түк дагы түшүнө албайм!

Экинчиси, Наташага ислам динин кабыл алдырып, экинчи аялдыкка алышым керек. Өз дилимде мен ушуга макул элем. Бирок коммунисттер курган социализм коомунда эки же андан көп аял алууга укугум жок. Эгерде эле эки аял алып, аным билинип калса, ошол замат партиялык билетимди жулуп алышат да, дыргаяктата иштен айдап чыгышат. Ошодон кийин жашап көр.

Үчүнчүсү, аялыма жана башкаларга билгизбей, Наташа менен тымызын байланыш түзүп, төшөк кумарынын ырахатына батып жүрө берүү. Бул жол да жабык. Наташа жогорку окуу жайын бүтүрүп, закондуу түрдө бирөөгө баш кошуп, төрөп-түшүп, «эне» деген ыйык атты алуусу керек!

Оюм ушул жерге келип токтоду. Себеби, уктап жаткан Наташа кыймылга келип, нары карап жаткан эле, моюнун буруп, башын саныма жаздаган калыбынан жазылбай, жазы маңдайлуу ак жуумал жүзүн шыпка жиберип, көздөрүн бадырайта ачкан бойдон бактылуулуктун балкыган кучагында жата берди. Эңкейип эрининен өптүм.

Бир аз убакыт өткөзүп, автобекеттен чыгып, белгисиз бир көчө менен катарлаша басып жөнөдүк. Бир жерге келип токтоп, маңдайлаша туруп калдык. Чоң күнөө кетиргенсип, башыбыз салыңкы, тик караша албайбыз. Ортобуздан сөз чыкпайт. Бири-бирибизди кыйыша албай тура бердик.

– Кадыр, эми коштошолу, -деди Наташа муңайым көздөрүн өйдө кылып. -Сага рахмат, мени унутпапсың. Мындан ары да унутпай эстеп жүр. Макулбу?– Менден бою жапыз Наташа умтула берип, эринимден чоп эткизе өптү да, тез бурулуп, менден алыстай басып жөнөдү. Имараттын бурчуна жетип токтоп, акыркы жолу колун булгалады да, бурчту айлана берип, көздөн далдаа көрүнбөй калды. Менин жүрөгүм мыкчылып, делдирей басып өз жолума түштүм.

* * *

Андан бери нечен жылдар зуу этип өтүп кетти. Турмушумда көп өзгөрүүлөр болду. Атактуу хирург Мамбет Мамакеевдин жеңил колу кырк үч жашымда ашказандын жарат оорусунан биротоло арылтты. Зымырайган аялым азаматтык кылып, дагы эки уул төрөп берди. Тун балам жогорку окуу жайын бүтүрүп, үйлөнүп-жайланды. Ортончу балам Россиянын Новосибирдеги мамлекеттик университетинин экономикалык факультетинин биринчи курсунда окуп жатат. Кенже уулум мектепте бешинчи класста окуйт. Аялым өз кесиби менен ишин улантууда. Өзүм болсо инженер-техникалык адистигим боюнча кызматымдан кол үзүп, көп тармактуу чыгармачылыкка биротоло бет алгам. Кара сөзмөр жазуучу катары СССР Жазуучулар союзунун мүчөсүмүн. Өзү сурангандай мен Наташаны ушул күнгө чейин эсимден чыгарбай келатам. Баягы бир кездегидей сүйүп-күйгөн алоолонгон сезим болбогону менен, мени өзгөчө кызыктырган анын тагдыры эле.

* * *

1989– жыл.

Адистигим боюнча кызматымды таштап, көп багыттуу чыгармачылыкка өттүм дебедимби. Азыр колу-жолум бош, төрт тарабым кыбыла. Чыгармачылыктын кызыктуу да, кумардуу да, азаптуу да кучагына кабылып, өмүрүмдүн бир маңыздуу мазмуну менен жашоо өткөрүп жаткандаймын.

Кара сөзмөр жазуучуга тема керек, сюжет керек. Ошо сюжетти көздү жуумп кыялданып издебей, өзүң аралашып көрүп-билип жүргөн турмуштун дал өзүнөн издөө керек. Советтик еврей жазуучусу Илья Эренбург: «Өз өмүрүң роман болуп турган соң, башка жактан роман издеп убара болбо» деген таризде айткан экен.

Орус кызы Наташа жөнүндөгү аңгемемдин мындан аркы бөлүгүн кыялга салып деле бүтүрүп койсом болмок. Жок! Мени чын эле Наташанын тагдыры кызыктырып туруп алды.

Ошентип мен «Жигулимди» минип алып, Наташаны, аты-жөнүн толук айтсам Наталья Ивановна Петрова деп аталган орустун кырк жаштагы аялын издеп жолго чыктым. Болжошумча Сокулук районунун мектептеринин биринде мугалим болуп иштеп жаткан болуу керек. Бая илгери Ош шаарынын автобекетинде түнөп чыкканда Наташанын: «Пединститутту бүтүрүп, өз туулган жериме барып иштейм го» дегени эсимде жүргөн.

Шыр эле райондук агартуу бөлүмүнө бардым. Менин ал-жайымды толуктап билишкенден кийин: «Ооба, ооба, Наталья Ивановна Петрова аттуу мугалимибиз бар. Райондун борборундагы №1-мектепте орус тили жана адабиятынан сабак берет. Биздин кадыр-барктуу мугалимдерибиздин бири. Элге билим берүүнүн отличниги» деди тиешелүү бөлүмдө иштеген орто жашап калган аял менин суроомду канааттандырып. Алган дарегим менен Наташанын иштеп жаткан мектебин бат эле таап алдым. Мугалимдер отуруучу бөлмөгө кирип сурасам, классында сабак өтүп жатканын, беш мүнөттөн кийин коңгуроо кагыларын айтышып, жаш мугалим кыз мени ээрчитип барып, Наташа сабак өтүп жаткан класстын эшигин да көрсөтүп койду.

Коридордо ары-бери басып турдум. Жүрөгүмдө билинер-билинбес толкундануу бар. «Наташа кандай болуп калды экен?» деген суроо көңүлүмдө кайталанды. Баягы бир мезгилдеги кыз кезин элестетип, көкүрөгү алдыга чыккан, кырк жаштагы келишкен орус аялынын чыгышын күттүм. Жүрө-гүмдү болк эткизе бүгүнкү окуу күнүнүн акыркы сабагынын бүткөнүн кабарлаган коңгуроо кагылып, окуу бөлмөлөрүнөн жамырап окуучулар чыга баштады. Наташа сабак өтүп жаткан класстан да балдар, кыздар чууруп чыгып, акырында аягы тыйылып, акыркы чыккан бала жаппай, эшик ачык бойдон калды. Бирок Наташа эмнегедир чыкпай кармалды. Мен ачык эшиктен башбактым. Желкесине түшүрө кырктырган саргыч күрөң чачтары жумуру ийиндерин жаап, ак-саргыл гүлдүү көгүлтүр кездемеден тигилген көйнөк кийген Наташа бирдеме жазып олтуруптур.

– Наталья Ивановна, кирүүгө болобу?-деп аяр үн каттым. Мен тарапка капталын келтирип отурган Наташа селт эте мойнун буруп, мен жакты карады. Өз көзүнө өзү ишенбей, таңыркай тиктеп, анан мени тааныган Наташа:

– Ой, Кадыр, бул чын эле сенсиңби?-деп ал ордунан шашыла тура калды.-Кир, Кадыр, кирбей анан.

Мен аны көздөй, ал мени көздөй кадам таштадык. Бири-бирибизге жетип-жетпей кучактарыбызды кенен жайып, үн-сөз жок, бая илгери Ош шаарындагы жатакананын алдында жаш кезибизде жолугушкандай, эми болсо элүү жаштагы эркектин ичи чыкпаган, кырк жаштагы аялдын толмочураак келген денелери өздөрүнүн эрктерине баш ийбей, эки полюстуу магниттей тартылышып, чыпталышып калды. Атыр жыттуу моюнунан кумарлана искедим. Бир саамга эриндерибизден сорушуп турдук.

– Кадыр, Кадыр, болду, болду. Бирөө келип калып жүрбөсүн,-деди Наташа шыбырап. Бири-бирибизден бошон-дук.-Жүр эми мындай. Сүйлөшүп отуралы.

Наташа үстөлүн көздөй басты. Мен артынан карап, турган турпаты, боюн түптүз алып басышы ошо илгерки жаш курагындагысынан эч өзгөрбөгөнүн байкадым. Наташа үстөлүнүн жанына барып:

– Кана, жолдош жазуучу-акын, биринчи партага оту-руңуз. Азыр сиз менин окуучумсуз. Үйгө берилген тап-шырмаларга жооп бересиз,-деди тамашалай. Тамашасы го тамаша. Анан менин жазуучу экенимди кайдан билет деп өз ичимден таңыркадым. Наташанын айтканы менен болуп, мугалимдин үстөлүнүн алды жагындагы партага көчүк бастым. Наташа өз ордуна олтурду. Бири-бирибизди суроолуу тиктедик.

– Кадыр, албетте сен эки тилде: кыргызча жана орусча сүйлөгөндү жана жазганды билесиң А мени канча тил билет деп ойлойсуң?

– Өз эне тилиңди, орус тилин билесиң да,-дедим анын башка тил билер-билбесин көңүлүмө албай.

— Жок, жолдош жазуучу, мен кыргыз тилин да билем,-деди Наташа бу саам кыргызча менин оозумду ачтырып. (Урматтуу окурманым, аңгемебиздин ушул жерине чейин Наташа экөөбүз жалаң орус тилинде сүйлөшүп келгенбиз). Наташанын өзүмдүн эне тилимде, кыргызча сүйлөп турушу так төбөмдөн тарс урган чагылгандай эле болду. Мен өзүмчө эргип кеттим. Кудая тобо, ичтен муунум бошоп, кубанычтуу ыйдын деми алкымыма келип такалды.


Наташа ордунан жай көтөрүлүп:

– Эмки сабакты кыргыз тилинде өтөбүз, -деди. Анын жүзү токтоо тартып, бирдемени эсине түшүрүп жаткансыды.-Бүгүнкү сабактын программасында кыргыз жазуучусу Кадыр Айтиевдин чыгармалары.

Наташа үстөлүнөн мындай четтей берип, үч катар коюлган парталардын ортоңкусунун биринчи партасынын алдына келип токтоп, бүт класс ичине көз жиберип, менин өзүнө арналып жазылган «Наташа» деген ырымды үнүнүн кыраатын келтире айта баштады:

Курортто бирге түшкөн сүрөтүбүз,
    Көргөндө жаш чагымды эске салат.
    Күлкү аралаш жүзүңдү карай берем,
    Көзүмдү айрый албай көпкө кадап.

Эриндери калбыйган бир кыргыздын,
    Эмнесин жакшы көрүп калдың экен.
    Он беш жашар орус кыз жүрөгүнө,
    Эмнем менен чок отун салдым экен?

Сүйүүм бир кездеги кайра жанат,
    Сүрөт салган альбомду ачкан сайын.
    Кумар канбай аймалап өпкөнүмө,
    Күбө болгон четте өскөн аппак кайың.

Наташа окуп бүтүп:

– Кана, балдар, акын ушул үч куплет ыры менен эмнени бере алган? Кол көтөргүлө. Кимиңер айтып бере аласыңар? — деди бүт класстагыларга кайрылып жаткансып. Анан ал мугалим өңдөнүп, кадимки эле окуучуга кайрылып, мага суроо таштады. – Айтиев, кана, сен айтчы. Бул ыр тууралуу сенин оюң кандай?

Мен ордумдан көтөрүлүп, окуучуга окшоп, кадыресе жооп бердим:

– Кыргыз акыны бул ырында өзү жаш кезинде Наташа аттуу орус кызын сүйүп калганын, ошол сүйүүсү өмүр бою өчпөй, жүрөгүндө сакталып келатканын көрсөтөт. Кызды аймалап өпкөнүнө ак кайың күбө болгон дейт. Ак кайыңды орус калкынын символикасы катары көрсөткөн.

– Азаматсың, Айтиев! Беш!-деди Наташа. Ал кайрадан келип өз ордуна отурду.

– Наташа, бул ырыма обон чыгарып, өзүм ырдап жүрөм.

– Чын элеби? Биерден ырдаганга болбойт. Бир ылайыгы келгенде ырдап берерсиң.

Кыргызча сүйлөгөнү, анан башка бирөө эмес, так эле өзүмдүн ырымды өз тилимде бир такалбай жатка айтып бериши Наташанын мага дагы жакын, дагы сүйкүмдүү көр-сөтүп, ичим эзилип турду.

– Наташа, айтчы, кыргыз тилин кандайча үйрөнүп алдың? Ага эмне себеп болду? Мени жазуучу деп жатасың, аны кайдан билесиң? Кыскартып айтканда, эгерде жашырын дебесең, мындан жыйырма жыл илгери Оштун автобекетинде күнөөсүз түнөп чыккандан берки өмүр жолуңду айтып өтсөң. Сенин тагдыр жолуңду угуш мен үчүн өтө кызык. Үй-бүлө курдуңбу дегендей.

– Ошону угуу сен үчүн чын эле кызыкпы?

– Наташа, ириде сенин аман-эсен жүргөнүңдү, өзүңдүн сүйгөн кесибиң менен иштеп жатканыңды көрүп, мен чыны менен эле кубандым. Ал эми: «Наташа эмне болду экен? Өз бактысын тапты бекен?» деген суроо дамамат көкүрөгүмдө сакталып келатат,-дедим чынымды ортого салып.

Наташа ойлонуп калды. Ал мага али белгисиз өмүр жолун төмөндөгүчө баяндады:

– Ошентип, Ош пединститутунун филология факуль-тетинин орус тили жана адабият бөлүмүн бүтүрүп келип, мына ушул мектепте иштей баштадым. Атам Иван Сидорович мен мектепте тогузунчу класста окуп жүргөндө эле каза болгон. Немистер менен болгон согушта көкүрөгүнөн катуу жарадар болуптур. Апам Клавдия Михайловна өмүр бою айылыбыздагы орто мектепте мугалим болуп иштеп, кийин пенсияга чыгып, жетимиш жашында бул дүйнөдөн көзү өткөн. Иним Сергей үйлөнүп-жайланган. Өз айылыбызда тракторчу болуп иштейт.-Наташа сөзүнүн ушул жерине келип токтоп, муңайым жүзүн жерге бурду. Ал өзү жөнүндө эмне айтаар экен деп мен да күтүп калдым. Наташа сөзүн улады.-Менин күйөөдөн жолум болбоду. Ургаачы болгондон кийин күйөөгө чыгуу керек деп, бирөө менен баш коштум. Мунасабыз келише албай калды. Келише албай калды эмес, карасам арак ичет экен, чылым тартат экен. Кийинчерээк чылымын таштап, жапжаш туруп насыбайга өттү. Алары да эчтеме эмес, чыдаса болот. Кийинчерээк апийим жыттай турганын билип калдым. Азыркы экөөбүздөй адамча сүйлөшүү кайда? Маңыроо тартып, музоо көздөнүп турчу. Апам анда тирүү. Ал: «Наташа, кокуй, кокуй, мындан кутул. Андан төрөлгөн балаң да жарым жан болуп калышы мүмкүн»,-деди. Эми анын баарын терип-тепчип айтып отурбайын. Апам экөөлөп жатып, ал күйөөмдөн араң дегенде кутулдук. Ал кийин баңгизат таратуучу катары кармалып, кесилип кетти. Андан бери көп жылдар өттү. Ошо менен анын өлүү-тирүүсүнүн дайыны жок. Андан кийин ылайыктуу бирөө табылбай, экинчи башкага турмушка чыкпадым. Ошол. Ошо менен ишим менен алекмин. Айылдагы үйдү сатып, райондун борбору Сокулуктан өзүмө ылайыктуу чакан үй алгам. Азыр жалгыз бой турам. Мына, менин кыскача тажымалым ушундай.

– Наташа, ушу сага окшогон татынакай аялзатына кантип эле бир ылайыктуу жигит чыкпады?

– Сөз таштаган эркектер көп эле болду. Бирок салыш-тырып, бирин да сага окшоштура албай койдум. Сенин элесиң, сенин чыгармаларың менен жашап келем. Сен жөнүндө Бейшекенин аялы Айнагүл айтып берген. Ал ушу биздин мектепте кыргыз тили жана адабиятынан сабак берет. Ал сени билет экен. Көрсө Бейшеке экөөңөр политехтин мехфагын бирге бүтүргөн турбайсыңарбы?

– Бейшеке? Бейшеке?.. Кулманбетовпу? Ооба. Ал экөөбүз бир группада окуганбыз. Биринчи курста экенибизде жатаканада бир жатканбыз.

– Ооба. Бейшеке Кулманбетович Сокулуктагы авто-базанын башкы инженери болуп азыр да иштеп жатат. Жакшы киши. Анын аялы менден беш-алты жашка улуу болсо да, ал экөөбүз сырдаш курбуларданбыз. Сенин эң алгачкы чыккан аңгемелер жыйнагыңды ошо Айнагүл көрсөткөн. Ушу сенин китептериңди өз тилиңде окуш үчүн кыргыз тилин үйрөнүүгө бел байладым. Айнагүлдөн сабак ала баштадым. Мына, өзүң көрүп, угуп тургандай кыргыз тилин кадимкидей үйрөнүп алдым. Мурда кыргыз элинин алдында негедир күнөөм бардай бет-кат болуп, жүдөмүш тартып жүрчү элем, азыр болсо өзүмдү ээн-эркин сезем. Башка элдин өзүн билиш үчүн адегенде тилин билиш керек турбайбы? Азыр менде кара сөз менен жазылган төрт жыйнагың бар. Өзүңдүн ырыңда жазылгандай, ошо илгери курорттогулар болуп чогуу түшкөн сүрөттү мен да сагыныч менен карап коюп жүрөм. Мен мектепте, сен институтта окуп жатканда жазышкан каттардын баары сакталуу. Кадыр, сен өзүң жөнүндө айтпай койсоң деле болот. Сенин техникалык жогорку билимдүү сулуу аялың, аны менен качан үйлөнгөнүң, андан үч эркек балаң бар экенин билем. Сенин бактылуу болушуң мени да кубандырат. (Бейшеке менен Айнагүлдөн билген экен деп болжолдодум).

– Наташа, менин аялым менен кандайча таанышып, кандайча баш кошконубуздун таржымалын, анан ал экөөбүздүн эркек-аял катары бири-бирибизге карата болгон мамилебизди сен билбейсиң да? Мен бул жагынан балким бактысыздырмын.

Наташанын сабырдуу муңайым көздөрү мага суроолуу тигилди. Бул карашында: «Эмне, Кадыр, сенде да бак-тысыздык барбы?» деген анын көңүлүн бүлүндү кылган аянычтуу суроо бар эле. Бирок мен эчтеме дебей, Наташанын колтугунан сүйөй өйдө тургузуп, эки алаканымды жаагына коюп, уялгансып ылдый кылган башын өйдөлөтө өзүмө буруп, эринине эринимди жакындаттым. Эриндерибиз да, денелерибиз да эч кандай күч ажырата албачудай, бири бирине тартылышты.

Мен ошол күнү жалгыз бой Наташаныкына түнөп калдым...

* * *

2004-жыл.

Алтымыш бешке чыкканыма байланыштуу эл жык-жыйма толгон филармониянын чоң залында менин адабий-музыкалык кечем уюшулду. Анда менин ырларым көркөм окулуп, ыр-обондорум ырдалып, комуз менен домбурага чыгарган күүлөрүм чертилип, тамаша-такмазаларым айтылып, тарткан сүрөттөрүм көрсөтүлүп, кече өзүм ыраазы болгондой өттү. Концерттик номурлар арасында менин талантымды баалагандар гүлдөрү менен сценага чыгышып, ыраазычылык сөздөрүн айтышып, башыма калпактарын кийгизишип, үстүмө чепкендерин жабышып, айрымдары калп эле “мунун ичинде «аргымактын пулу» бар “дешип, конверттерин сунушту. Ошолордун арасында бойлору бирдей, окшош кийинишкен, өңү-түсү да бири биринен айрымаланбаган, болжолу эгиз кыздар да корзинага салынган гүлдү экөө эки жагынан кармап, сахнага чыгып келишти да, гүлдөрүн катар тизилген гүл-дөрдүн жанына коюп, бири мага конверт сунду. Анан алар да көпчүлүккө аралашып, билинбей сахнадан түшүп кетишти. Конвертти конверттер салынып жаткан ички төш чөнтөгүмө салып койдум. Накта кыргыз кыздарына окшобогон, өңдөрү буруу булар кайсы кыздар деп бир саам оюма да кете калды.

Ошол эле күнү түнкү кечте үйгө келип, чөнтөгүмө түшкөн конверттин баарын алып чыгып, аялыма бердим. Ал бирден жыртып, ичиндеги акчалардын эсебин ала баштады. Мен өз кабинет-бөлмөмө кирип, жаңы жазып жаткан аңгемемдин акыркы барагына көз жүгүртүп отурдум. Аңгыча эле:

– Ай, Кадыр! Бери келчи!-деген аялымдын чаңк эткен заардуу үнүн угуп, ордумдан туруп, кайра залга кирдим. Бир колунда конверт, бир колунда открытка кармаган аялым мени заардана карап:

– Ай, бул кайсы катының да, кайсы кыздарың? — деди тиштеринин арасы менен ызырына сүйлөп. Ал демите сунган открытканы алып, көз жүгүртүп, момундай текстти окудум:

«Урматтуу Кадыр Айтиевич! Алтымыш беш жылдык мааракеңиз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Сени менен сыймыктанып келгенбиз. Ден соолукта болуп, чыгармачылык ийгиликтериңиз мындан ары да артып, биз сыймыктангандан сыймыктана берели. Наташа, эгиз кыздарыңыз Мария менен Амина».

Мен делдирей аялымды карадым. Бүгүнкү гүл тап-шырып, конверт сунган эки кызды Наташа төрөгөнү, алардын атасы мен экенимди ичимден тана албай, азыр мүнөзү тоң, мунасаларыбыз анчалык келишпесе да, үч эркек бала төрөп, кырк үч жылдан бери бирге жашап келаткан аялым экөөбүздүн ортобузда боло турган бороон-чапкынды ойлоп, көңүлүм айнып турду. Ошол кажы-кужуну болтурбоо аракетинде:

– Күлүмкан, өзүң алтымыштан ашкан Акылкарчач аялсың. (“Акыл карачач” кыргыз элинин жомокторунун бириндеги акылдуу аял). Анан моминтип мага атырылып бир тийгениң сага жарашпайт. Өзүң жүрөк оорулуусуң. Менин атак-даңкымды билген бир аял балким жалакорлонуп жаткандыр. Ошондойлор азбы бу заманда? — дедим бул бир арзыбаган иш өңдөнтүп.

– Мен беш жашар бала эмесмин, бул сөзүңө алдан-гандай. Жанагы жалаң катындарга арналган ыр китебиңдеги Наташа болуп жүрбөсүн? Сени унута албай, сүрөтүңдү карап коюп жүрөм деп жазыптыр элең го, бир ырыңда. Демек кырк жыл мурда ошол курорттон таанышкандан берки байланышыңар үзүлбөй келаткан турбайбы, моминтип кыздарды туудуруп. Бар, жөнө! Калган өмүрүңдү ошо катының менен өткөз, — деп аялым бир силкине ордунан тура жөнөдү.

Аялымдын айткандарынын жөндүү экенин ичимден мойнума алып, ошол кыздар берген конвертти өзүнчө катып, аялыма көрсөтпөй койсом болмок экен деп ичимден катуу өкүнүп турдум. Мен билбеген, өзүмдүн канымдан жаралган эгиз кыздарым бар экени акыл-сезимиме анча сиңбей, жүрөк ооруусу кармап калбагай эле деп, аялым Күлүмкандан корктум. Анын артынан өзүбүздүн бөлмөгө кирсем, чын эле аялым дем тарткан-тартпаганы билинбей, бозомтук тарткан ачык көздөрү шыпты тиктеп, чалкасынан жатат. Мен чоочуп анын жүзүнө эңкейе бердим, Ал өлүмтүк көздөрүн ирмеген болуп:

– Корвалолдон кашыкка элүү тамчылатып, суу менен берчи,-деди эриндери кыбырап. Мен анын айтканын жа-садым. Башын өйдөлөтүп, дарыны ичирип, кайра жаткыр-дым. Он-он беш мүнөттөн кийин аялым кадыресе калыбына келип, керебеттен өйдө болуп, өз тирилиги менен аралашып кетти. Бирок бул күнү да, кийинки күндөрү да жоболоңдуу жоругум эскерилбей, карылыкка бет алган жашоо-тирлигибиз баштагыдай калыбы менен улана берди.

* * *

Аялым пенсияга элүү бешинде эле чыккан. Бирок өз ишин мыкты билген адис катары суранышып, мына алты-мыш бирдин тамагын ичип жатат, дагы эле ишин улантууда. Эртең мененки жетиде чыгып, бир жарым саат жөө басып ишине жетет. Жөө басканы жүрөгүнүн айынан. Мен болсо кечкете үйдө болуп, көп тармактуу чыгармачылыктын ошол күнкү көңүлүм чапканы менен алектенип, кечке маал эшиктин алдында даяр турган машинамды айдап, алып келгени аялым иштеген жерге барам. Күн сайын ошол.

Ошентип бир жолу үйдө жалгыз элем, коңгуроо кагылганынан эшикти ачсам, почточу кыз турат. Тиешелүү кагазына колумду коюп, жөнөтүлгөн дареги жок, заказ менен аялыма жазылган катты алып, анын жасанып-түзөлүүчү үстөлүнүн үстүнө коюп койдум. Эрди-катын болсок да ар кимибизге келген каттарды окушпай, чөнтөк-пөнтөктөрүбүздү аңтарышпайбыз. Кечинде үйгө келгенде аялыма:

– Күлүмкан, кайсы бир жигитиңден сага заказ менен кат келиптир. Үстөлүңдүн үстүндө жатат,-дедим эчтеме менен ишим жок тамашалаган болуп. Ал көзүнүн үстү менен үңүрөйө бир карап, кийимдерин которуп кийинмекке биздин жатып жүрүүчү бөлмөбүзгө кирип кетип, бир топтон кийин гана барып чыгып келди. Конверт менен бир барак колунда жүрөт.

– И-и, кат кайсы жигитиңден экен?-дедим дале болсо эчтемеден капарым жок тамашалап.

– Сенин Наташаңдан экен,-деди аялым эмнегедир ачуусу жок үнүн кападар чыгарып. Мен бир жагы таңыркай, бир жагы кооптоно аялыма тигилдим. – Ме, сен да окуп чык. Конвертинде менин аты-жөнүм көрсөтүлгөнү менен бул каттын сага тиешеси көбүрөөк экен.

Мен катты алып, диванга көчүк басып, көз айнегимди тагынып, Наташанын катын шашпай аягына чейин окуп чыктым:

«Күлүмкан эже! Эгерде ден соолугум калыбында болсо, балким бул катты жазмак эмесмин. Тубаса жүрөк ооруум бар эле. Ошол азыр мени төшөктөн тургус кылып чалып жыкты. Болжолу жакынкы эле аралыкта бул дүйнө менен биротоло коштошом. Көзүм өтүп кетсе он бештерге чыгып калган эгиз кыздарым Мария менен Аминанын көргөн күндөрү эмне болот деп ичим өрттөнөт. «Улуу сөздө уят жок» дегендей, бул эки кыздын атасы өзүңүздүн өмүрлүк жолдошуңуз Кадыр Айтиевич. Менин көзүм өтүп кетсе, ошол эки кызды жетимсиретпей, үч эркек балдарыңарга карындаш кылып бергиле. Аталары Кадыр экенин кыздар билишет. Анын көп кырдуу таланты менен сыймыктанышат. Күлүмкан эже, көптөн суранарым-мени да, Кадырды да күнөөлөбөңүз. Жүрөк ооруунун айынан он беш жашымда курортко барып, ошондо Кадыр менен таанышып, аны жакшы көрүп калдым. Өмүрүмдүн ошол көктөмүнөн ушул күнгө чейин Кадырдан башка көңүлүмө жаккан адам болгон жок. Күлүмкан эже, менин эсебим боюнча Кадыр экөөңүздөр он алты миң суткага жакын биргелешкен өмүр сүрүп келатасыңар. Ошончо көп түндөрдүн бир гана түнүн мен Кадыр менен өткөздүм. Буйрук экен, боюма бүтүп, моминтип эки кыздуу болдум. Жалгыз бой, ал экөөн кандай гана кыйынчылык менен өстүрдүм. Азыр болсо үй иштеринин баарын өздөрү бүтүрүп, кадыресе чоңоюп калышты. Күлүмкан эже, эгиз кыздарды бооруңузга тартып, кыз кылып алыңыз. Карып бараткан чагыңарда кол аякка жарап калган кыздардын зыяны деле тийбейт ко деп ойлойм. Кош болуңуз. Наталья Ивановна Петрова».

Наташа айткандай менин канымдан жаралышкан кыздар экенине кенедей да шек келтирген жокмун. Дивандын тигил чекесинде чыканактарын эки тизесине коюп, үңкүйө ойлонуңку отурган аялыма делдирей көз жибердим. Ал да мени карады. Бири бирибизди күнөөгө жыкпай, «Эмне кылышыбыз керек?» деген суроону көз караштарыбыздан окудук...

* * *

Мария менен Аминаны Сокулуктан Бишкекке алып келүү шаан-шөкөтүнө бүт баарыбыз: мен, аялым, үч уулум, үч келиним, эч эркек, үч кыз неберелерим катышты. Чет элдик маркадагы төрт машина менен барып алып келдик. Кыздарды райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, алар окуган мектептин деректири баш болгон мугалимдери жана окуучулары, институттун жатаканасында бир бөлмөдө жатып окуган курсташым Бейшеке Кулманбетов, мени жазуучу катары кумир туткан, Наташага кыргыз тилин үйрөткөн, Бейшекенин жапакеч аялы Айнагүлдөр узатышты. Маркум Наташаны эскерип, бир мүнөт башыбызды ийип, үн катпай аза күттүк...

Мени бир гана нерсе ойго салат. Наташа эмне үчүн эгиз кыздардын бирине христиандардын пайгамбары Исанын энеси Мариянын, экинчисине мусулмандардын пайгамбары Мухаммеддин энеси Аминанын аттарын энчилеген? Азыркы учурда байкалбаган өңдөнүп, бирок христиан дүйнөсү менен ислам дүйнөсүнүн ортосундагы бой тирешкен карама-каршылык от алгандан от алып, дүйнөлүк кыйроо жолуна баратканына мусулман баласынан эгиз кыздуу болгон орус кызынын каршы койгон пикири (протести) эмеспи?!

Ал эми андай көйгөйлөр менен азырынча иши жок, Мария менен Амина бирибизди ата деп, бирибизди апа деп, аялым экөөбүздүн ортобузда өмүр бою келаткан салкындыктын каймактаган музу эрип, улгайып калган чагыбызда жашоонун бир башкача багыттуу да, маңыздуу да жолуна түшкөнсүдүк.

21.02.2005
    Бишкек шаары

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 4620