Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика
© Бондаренко О.Я., 2012
© Жаӊы Агым, 2012

Олег Ярославович БОНДАРЕНКО

Кыргыз китебин кантип өлтүрүп атышат: цифралар жана фактылар

Кыргызстандын эгемендүүлүккө жетишкенине 21 жыл болду. Бул бир муунду экинчи муунга алмаштыруучу мезгил менен барабар убакыт. Бул өлкөдөгү өтө чоң социалдык, анын ичинде маданият жана адабият чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр менен мүнөздөлө турган мезгил. Бул тармактагы тенденциялар кандай?

Жаӊы Агым, жума 14.12.2012 / 21.12.2012 / 28.12.2012

 

Китептердин акырындап жоголушу

Иликтөө китептин кыргыз коомчулугундагы ролу өзгөргөнүн, китептердин жоголуп баратканын жана китеп дүкөндөрүнүн, басмаканаларынын кыскарып баратканын көрсөттү. Мисалы, 1990-жылдары советтик доордо калыптанган китеп таратуу тармагы толугу менен талкаланды. 1991-жылга чейин Фрунзеде 25 китеп дүкөнү болсо анын баары жабылып, имараттар башка багытта пайдаланууга сатылып кетти. Учурда борбордо жеке менчик китеп тармагы («Раритет») бар. Бирок анын масштабы өтө эле кичине. Алсак, Бишкектин борбордук «Раритет» китеп дүкөнүндө болжол менен 20 миң аталыштагы китеп болсо, буга салыштырмалуу россиялык орто китеп дүкөнүндө 40-50 миң аталыштагы китеп бар. Азыр Бишкекте ассортименти жана китептеринин саны жагынан китеп дүкөнү аныктамасын канааттандыра турган беш-алты эле китеп дүкөнүн саноого болот. Мындан сырткары Кыргызстан боюнча дагы он чакты китеп күркөлөрү жана контейнерлери бар. Аларда болгону үч миңдей аталыштагы китеп бар. А Бишкек менен Оштун сыртында бир да китеп дүкөнү жок. Натыйжада Кыргызстандын көпчүлүк облустук борборлорунда китеп дээрлик сатылбайт. КМШ өлкөлөрүнүн китеп таркатуучулар ассоциациясынын маалыматы боюнча бүгүн Кыргызстан китеп соодасы боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинде акыркы орунда турат. Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда 300 миң адамга бир китеп дүкөнү туура келет. А Россия менен Казакстанда 50 миң адамга бир, Европада 15 миң адамга бир китеп дүкөнү туура келет экен. Бишкектин өзүндө жакында Россия элчилигинин жардамы менен ачылган, чет өлкөлөрдөн басылган китептерди сатып аткан орус китеп үйү иштеп атат. Ошол эле мезгилде кыргыз китеп үйү жок. Кыргызстандын бастырып чыгаруучулар жана китеп таркатуучулар ассоциациясы 2011-жылы өкмөт менен Бишкек мэриясына борбордук китеп үйүн ачуу маселесин сунуштаган. Бирок бийликтегилер бул маселени кароодон такыр оолактап кетишти. Ошол эле жылы ата мекендик басмаканалардын китептерин басмакана баасында сатууга ыңгайлашкан тармак түйүндөрүн түзүү жана көчөдөгү китеп сатууну иретке салуу маселелери көтөрүлгөн. Бирок мэрия бул маселени чечүүдөн баш тарткан.

Баягы басмаканалар кайда?

Баса белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстандын эгемендүүлүккө жетишкен жылдарында өлкөдө ишкердиктин бир чөйрөсү болгон китеп чыгаруу тармагы толук талкаланган. 1990-жылдары мурда иштеген басмаканалар жабылып, полиграфиялык база сатылып жок болгон. Акырында «Акыл» мамлекеттик басмасы 2008-жылы жасалма түрдө банкротко учуратылды. Акыркы бир нече жылда өлкөдө болжол менен 25 басмакана жабылды. Кыргызстанда бүгүн типографияларды жана полиграфиялык мекемелерди эсептебегенде китеп басуу менен алектенген 6-7 эле басмакана калды. Алар «Турар», «Раритет», «Кутаалам», «Айат» УИАнын «Илим» басмаканасы, Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, бир катар ЖОЖ жана мамлекеттик мекемелер астындагы басма борборлору. Алардын бардыгы борборго топтолуп калган. Бишкектик басмаканалардын дээрлик бардыгы бүгүнкү күндө оор финансылык акыбалда. Кыргызстанда башка өлкөлөргө салыштырмалуу китеп бизнеси кирешелүү эмес. Бир катар басмаканалар китеп басууну социалдык милдет катары эсептегендиктен гана китеп чыгарышат. Муну менен бирге эле алардын негизги кирешеси басып чыгаруу ишинен эмес, кагаз ташуудан, полиграфиялык кызматтардан жана чет өлкөлүк гранттарга китеп чыгаруудан түшөт.

Кыргыз китептери Кытайда басылат

Китептердин адабий сапаты байкаларлык төмөндөп кетти. Китеп даярдоодо каталарын оңдоо, корректура деген кыскарды. Өлкөдө ата мекендик котормо мектеби жоголуп, адабияттык котормо адистиги өлүмтүк абалда турат. Жылына Кыргызстанда 800дөн 1000ге чейинки аталыштагы жалпы 700 миңден 1700 миңге чейинки нускадагы китеп жарык көрөт. А 1990-жылдарга чейин Советтик Кыргызстанда жылына 10 миллиондон ашык китеп чыгып турган. Баса белгилей кетсек, Россияда учурда жылына 120 миң аталышта жалпы 100 миллиондон ашуун нуска китеп басып чыгарылат. Статистика боюнча салыштырсак Кыргызстанда киши башына Россияга салыштырмалуу 38 эсе аз китеп чыгат. Бул дүйнө жүзү боюнча эң төмөнкү көрсөткүч.

А окуу китептери менен камсыздоодогу чоң көйгөй өз алдынча сөз. 2010-2011-жылдары басылып чыккан окуу китептери мектеп муктаждыгынын 39 пайызын гана жапса, 2012-жылы бул көрсөткүч 50-56%га гана жогорулаган. Көпчүлүк айылдык мектептерде бир китеп бүтүндөй бир класска туура келет. Мындай шартта эмдигиче окуу китептерин эркин басуу укугу берилген эмес. Китептердин жетишсиздигин окуу китептерин пираттык жол менен көчүрүп, Кытайда басып чыгаруу жеңилдетип келатат.

Кыргыз жеринде Китеп Форуму кыргызстандыктарсыз өттү

Китеп көргөзмөлөрү боюнча 2000-жылдардын ортосунан баштап Кыргызстан эл аралык китеп көргөзмө-жарманкелерине катышпай калган. Китеп басып чыгаруу жана таратуу ассоциациясы бул маселеге Маданият министринин жана өкмөттүн көңүлүн бир нече жолу буруп, бирок жооп ала алган эмес. А биздин коңшу өлкөлөр дайыма эл аралык китеп иш-чараларына катышып келатышат. 2010-жылы биздин ассоциациянын аракетинин аркасында Кыргызстандын Москва эл аралык китеп көргөзмө-жарманкесине (МЭККЖ) катышуусу калыптандырылган. Азыр биздин өлкө уюштуруу комитетинин уруксаты менен МЭККЖнын ишине бепбекер катышып аткан жалгыз мамлекет. МЭККЖга катышууга даярдык көрүү ассоциациянын коомдук башталышынын негизинде жүргүзүлүп келет. А Маданият министрлиги, Кыргызстандын Москвадагы элчилиги сыяктуу бардык мамлекеттик структуралар менин башым оорубайт таризинде сыртка чыга беришкен. Буга британиялык «Silk Road Media» басылмасынын 2012-жылы ноябрь айында Бишкекте өткөргөн эл аралык Китеп Форуму-2012 далил. Негизи мындай иш-чараларга катышууга акча төлөнөт. Кыргызстан басмаканалары иш-чарага катышуу үчүн акча төлөөгө чамалары чак экен. Ошентип кыргыз жеринде өтүп аткан Китеп Форуму жергиликтүү бастырып чыгаруучуларсыз өттү. Бул дүйнөнүн эч бир жеринде учурабаган нонсенс.

Саясаттын жалпы багыты – китепке каршы

Кыргыз мамлекети китеп тармагындагы кырдаалды оңдоого аракет кылбай эле, тескерисинче ар кандай өзгөрүүгө болгон аракеттерге тоскоолдук кылып келатат. Муну өкүнүү менен белгилей кетпесек болбойт. 2009-жылы Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн китептерин колдоо декларациясына кол койгон. Бирок ушу күнгө чейин декларациянын бир да пункту аткарылган жок. Кызыгы, анын текстин Маданият жана туризм министрлигинен сыйпалап таба албай коюшту. КБЧТА үч жыл бою министрликке 15 жолу кат, суроо-талап менен кайрылып, ар кандай долбоорлорду сунуштады. Бир да кат, бир да кайрылууга жооп болгон жок (а китептерди колдоо декларациясында мамлекеттик жана коомдук уюмдар китеп саясаты чөйрөсүндө бирдиктүү иштөөсү каралган). Мунун баары министрликте китеп маселеси менен алектенүүчү бир да бөлүмдүн, бир да кызматкердин жоктугунан улам болуп отурат. Бул жерде Кыргызстан китеп чыгаруучулар салык кызматынан башка бир да ведомство, бир да министрлик көзөмөлдөбөгөн ишкерлер экени көрүнүп турат. Дүйнөдө китеп бастырып чыгаруучулардан жеңилдетилген салык алуу же басмаканаларды толугу менен салыктан бошотуу практикасы бар. Бул мамлекеттин китеп бастырып чыгаруу ишине түз жана кыйыр колдоосунун түрү болуп эсептелет. Кыргызстан бул маселеде да өзгөчө. Басмаканалар салык түрлөрүнүн бирин калтырбай төлөйт. Илимий адабиятты чыгаргандар да атайын каражатка 20 пайыздык салык төлөп келет (Кыргызстандан башка дүйнөнүн бир да өлкөсүндө илимий китептерден салык алынбайт). Бизде бир гана мамлекеттик тилде балдар адабиятын таратуу салыктан бошотулган. Бирок Салык кодексинин бул пункту татаал, эки беткей болгондуктан иш жүзүндө кайра эле салык төлөнөт. 2001-жылы «Кутаалам» балдар басылмасы кыргыз тилиндеги китептерди чыгарганы үчүн салык органдарына 500 миң сом кошумча баага болгон салык төлөгөн.

КБЧТА китеп басып чыгаргандарга жеңилдетилген салыкты киргизүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке, өкмөткө жана Экономикалык тескөө министрлигине кайрылган. Баары баш тартты. Өкмөт бул баш тартуусун өкмөт менен Дүйнөлүк банктын ортосунда 2011-жылдан 2014-жылга чейин Салык кодексине өзгөртүү киргизбөө меморандуму бар экендиги менен түшүндүрдү. Бирок меморандумга карабай эле 2011-2012-жылдары эле Салык кодексине төрттөн ашык өзгөртүү киргизилди. Албетте, анын бири да китеп тармагын камтыган жок.

Бийлик бөрк албай баш алды

Коомдук уюмдардын 2010-2011-жылдары «Окурман Кыргызстан» аталыштагы китепти жана китеп окууну пропагандалоону колдоо программасын иштеп чыгуу аракети да майнапсыз аяктады. Программанын улуттук статусун алуусу каралып, анын долбоорун өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева да колдогон. Бирок иш жүзүндө программа боюнча өкмөттүк деңгээлде, Маданият министрлиги, Жогорку Кеңеште да эч кандай чечим кабыл алынбады. Мунун ордуна 2011-жылдын жазында шашылыш түрдө иш жүзүндө басма ишин эч бир жеңилдетпеген жана китеп басып чыгарууну колдоонун эч кандай механизмдерин карабаган «Басма иши тууралуу» мыйзамы иштелип чыгып, кабыл алынды. А миңдеген басма субъектилери бар Россия, Казакстанда мындай мыйзамдар азыркыга чейин кабыл алынган эмес. Анткени коом буга азырынча даяр эмес деп эсептешет алар.

Алганга эле кыйын, бергенге жок

Жаңы мыйзамдын бирден бир жакшы жагы – басылган китептин үч нускасын басып чыгаруучу сөзсүз түрдө Китеп палатасына берүү нормасы бекитилген. Бул тиешелүү эл аралык стандартка төп келген кичинекей сан. Анткени ар бир нуска үчүн басып чыгаруучу же автор өзү төлөгөндүктөн, бул басылманын өздүк наркынын өсүшүнө алып келет. Бирок 2012-жылы мыйзамдын бул нормасы алып салынып, Китеп палатасына 10 даана китеп бекер берүүгө милдеттендирген түзөтүү кабыл алынган. (20 нуска берүү да каралып атат). Албетте, бул түзөтүү китеп чыгаруучулар менен макулдашылган эмес. Тактай кетсек, азыр өлкөдө китеп нускасынын орточо көлөмү болгону 100-250 даана. Китептин өздүк баасына мамлекеттик ар кандай кошумчалар да таасир этет. Мисалы, ар бир китепте эл аралык ISBN каттоо номери болушу кажет. Муну каттоо учурунда мамлекеттик Китеп палатасы берет. Бул ырахаттын өзү 800 сом турат. Эмне үчүн мынча көп? Анткени Китеп палатасындагы кызматкерлердин штатын камсыздаш керек... А мунун баарын басып чыгаруучу же автор төлөйт. Натыйжада мамлекеттин кесепетинен китеп дагы кымбаттайт.

Китепке жана китеп көйгөйлөрүнө маани бербөө жергиликтүү администрацияларга да мүнөздүү. 2011-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук акимияты шаардагы ата мекендик басып чыгаруучулардын китеби басмакана баасында сатыла турган жападан жалгыз соода борборун жабууга аракет кылган (“Ала-Тоо” кинотеатрынын жанында). Президентке жолдонгон кайрылуу гана бул соода түйүнүн сактап калды. Ушул эле жылы президенттик пландын алкагында атайын мектеп программасы үчүн Ч.Айтматовдун чыгармаларын камтыган “Окуучунун китепканасы” китептеринин сериясы чыгарылган. Бул китептер басмакана баасы менен китепканаларга, анын ичинде Бишкектин Борбордук китепкана системасына (БКС) да сунушталган. Бул жерде акыркы жылдары Ч.Айтматов аз басылып, китепканаларда анын китептери тартыш боло баштаганы эске алынган эле. Айрыкча анын кыргызча китептери аз болгондуктан БКС китеп сатып алууну колдогон болчу. Анан эле мэрия БКСга китеп сатып алууга каражаттын жоктугуна такап сатып алуудан баш тартты. Ошентип Ч.Айтматовдун кыргызча китептери китепканаларга түшпөй калды.

“Кыргызпочтасы” эми кыргызча китеп сатпайт

2010-жылдан баштап кыргызча китептерди, биринчи кезекте балдарга арналган китептерди таратууда байланыш түйүндөрү активдүү роль ойной баштаган. Мисалы, “Кыргызпочтасы” китептерди өлкөнүн бардык почта түйүндөрүндө сатуу функциясын өз мойнуна алган. Бул ошо кездеги президент Роза Отунбаеванын макулдугу менен президенттик пландын алкагында китеп соодасын нормалдаштыруу боюнча уюштурулган болчу. Анткени облус, район борборлорунда, айылдарда китеп сатып алууга такыр мүмкүн эмес эле. Почта тармагы бул маселени чечүүдө жакшы жардам берип аткан. Эки жыл ичинде бир нече миллион сомго ата мекендик китептер сатылган эле. Өкүнүчкө карай, 2013-жылдан баштап “Кыргызпочтасы” бир тараптуу бул долбоордон баш тартууну чечти. Ошентип эми кайрадан айылдарда китептер сатылбайт...

Жакында эле Кыргызстанда “Ак илбирсти коргоо улуттук стратегиясы” кабыл алынганы маалым болду. Мунусуна караганда качандыр бир кезде китептерди коргоо улуттук стратегиясына да жетет окшойбуз...

Кыргыз классикалык адабияты кыйын акыбалда

Ата мекендик китеп чыгаруу жана таратуунун боор ачырлык акыбалы кыргызстандык акын-жазуучулардын талантына эч кандай таасир эте албайт. “Кыргызстан жаңы адабияты” (www.literatura .kg) электрондук китепканасынын редакциясынын байкоосу боюнча кыргызстандык авторлордун адабий чыгармаларынын орточо деңгээли россиялык авторлордукунан жогору.

Учурда ата мекендик адабиятта муундун алмашылышы тууралуу кеп кылуу актуалдуу. Мисалы, Ч.Айтматов атындагы жайкы адабий мектептен чыккан “Ковчег” жаш адабий тобун атоого жана “Эл достугу”, “Биздин замандаш” журналдарына чыгармалары жарыяланган кыргызстандык авторлорду эстөөгө болот. Мындан сырткары акыркы он жыл ичинде пайда болгон чет өлкөдөгү эмигранттык адабиятты баса белгилөөбүз керек.

Жаңы адабияттын башкы өзгөчөлүгү авторлордун кагаз басылмадан баш тартып, чыгармаларды электрондук түрдө жарыялоого багыт алышы. Бул так ушул Кыргызстандагы кагаз китептердин жана кагаз басылмаларынын кризисинен улам болуп отурат. Заманбап технологияны өздөштүргөн жаңы муун психологиялык жактан интернет жана электрондук публикациялар менен иштөөнү туура көрүшөт. Интернет-журналдар, блогдор жана интернет конкурстарга катышуу кеңири жайылып, жаштар өз чыгармаларын кадимки “калың” адабий журналдарга басуу муктаждыгын деле сезбейт. Мындай электрондук адабиятты окуучу чөйрө салыштырмалуу анча чоң эмес. Ал негизинен Бишкектеги, Оштогу, чет өлкөлөрдөгү жаш менеджерлер жана студенттердин азыраак катмары. Жаңы автор, окурмандарга мүнөздүү сапат алардын Кыргызстан классикалык адабиятын начар билгендиги, эң негизгиси алардын кагаз эмес, электрондук басылмаларга ыктагандыгы. А кыргызстандык классиканын электрондук түрү интернетте азырынча жок. Учурда кыргызстандык классиктердин китептерин массалык түрдө цифралаштыруу зарылчылыгы күч. Бирок бул долбоорлор каражаттын жоктугунан ишке ашпай турат. Кыргызстандагы коомдук китепканаларга окурмандардын келишинин азайышынан жана китеп фондунун иштен чыгышынан улам улуттук адабият акырындап жаштардын, чыгармачыл жаштардын көңүл борборунан чыгып баратат. Бүгүнкү күндө биздин аймакта Интернеттин негизги тилдери орус, англис тилдери. Интернеттин кыргызча сегменттери өнүккөн эмес, жок десек да болот. Бул Интернет-технология менен алектенген жаштарды адабий тексттер менен иштөөдө кыргыз тилин колдонбоосуна алып келет. Мурда Кыргызстанда орус адабияты(“Литературный Киргизстан”) жана кыргыз адабияты (“адабий журнал “Ала-Тоо”) деп салттык түрдө бөлүү болгон болсо, бүгүн чыгармалардын басымдуу бөлүгү орус тилинде. Буга кагаз басылмалар жана интернеттеги чыгармалардын да тиешеси бар. Орусча негизинен кыргыз авторлор жазышат. Ошондуктан жаңы тенденция – орус тилдүү (орусча эмес) адабияттын пайда болушу тууралуу азыр тикелей эле айтуубуз керек.

Кыргыз адабияты тарых үчүн эле керекпи?

Адабият жана окуу маселеси менен алектенген адис-психологдор менен китеп тармагынын менеджерлеринин айтымдарында, кайсы бир улуттук адабияттын өнүгүшү үчүн жылына ошол тилде 800дөн кем эмес аталыштагы адабий китептер басылып чыгышы керек. Кыргызстанда учурда кыргыз тилинде (көркөм жана көркөм эмес) жылына 400-500гө жакын аталыштагы китептер басылып чыгат. Бул сунушталган нормадан да төмөн көрсөткүч, балким, акыркы чектен да өтүп кеткендигибизди айтып тургандыр. Чынында, кыргыз адабиятынын даңктуу тарыхы бар. Ал кичине эмес, чет өлкөлөрдө да таанымал. Бүгүн Улуттук жазуучулар союзунда 400 мүчө бар. Бирок, алар барган сайын китеп рыногунан сыртта калып, китептерин басып чыгара албай келатышат. Өлкөдө адабий калемакы институту жок, которуулар жүргүзүлбөйт, адабий агенттиктер жок. Жазуучулар союзунун мүчөлөрүнүн көбү улгайып калгандар, жаштар аз. Жаштар өзүнүн көз карандысыз жашоосу менен жашап, интернетке эле чыгармаларын жарыялагысы келет.

Интернет-публикациялардын тили орус тили болгондуктан жаштар аргасыз кыргыз адабий тилинен алыстап атат. Натыйжада кыргыз адабияты, кыргыз классикасы изоляцияда калып атат. Ал “тарых үчүн” гана керектей болуп, шаардыктар күндөн күнгө аз талап кыла баштады. XX кылымдын кыргыз маданияты жана адабияты XXI кылымда мамлекеттин кайдыгерлигинин астында өз позициясын алдыра баштады.

Буга www.literatura.kg интернет сайтына чыккан “Манас” эпосунун электрондук версиясына байланыштуу жагдайды мисал кылууга болот. Эпосту аталган сайт редакциясы КР Улуттук китепканасы менен биргеликте цифралаштырып чыккан. Бүгүн бул эпостун интернеттеги бирден бир толук версиясы. Сайтта Болот Юнусалиев редакциялаган эпостун кыргызча версиясы коюлган. Интернет колдонуучулар бул кыргызча версиянын бар экенин жакшы билишет. Эпос интернетке коюлган эки жыл ичинде Б.Юнусалиевдин кириш статьясын 5 миң киши окуган. Мунун өзү ушул статьянын негизинде азыр рефераттар, курстук иштер жана башкалар даярдаларын айтып тургандай. Бирок кызыгы ушул эле сайттагы эпостун өзүн окуганга эки жыл ичинде болгону 300 киши гана баш багыптыр. Мунун өзү интернет колдонгон жаштарды маалыматтын биринчи булагы таптакыр кызыктырбаганын далилдеп турбайбы.

Саны бар, самопал кыргыздар көп

Китеп окубаган “айылдык мамлекет” шартында калктын көпчүлүгү тилге карата сандык менен сапаттык мамиленин айырмасын түшүнбөй баратат. Сандык мамиле тилди алып жүрүүчүлөр санынын экстенсивдүү кеңейишин түшүндүрөт. Орой айтканда, “канча көп болсо, ошончо жакшы”. Канчалык адамдар кайсы бир тилде, мисалы, кыргыз тилинде көп сүйлөсө ошончолук жакшы. Өкүнүчтүүсү, көз карандысыздык жылдары кыргыз мамлекетинин бардык саясаты так ошол сандык мамиледе түзүлүп келатат. Сандык мамиледе ошол эле Мамлекеттик тил боюнча мамкомиссиянын иши, масштабдуу көптөгөн мамлекеттик иш-чара, майрамдар, саясатчылардын билим берүүдө, мамлекеттик мекемелерде мамлекеттик тилге өтүүгө чакырган сөздөрү негизделген. Бирок сандык мамиле иш жүзүндө чектелүү же ал тилди алгачкы, сүйлөө деңгээлинде колдонууга өбөлгө түзөт. Өнүккөн маданият жана адабият үчүн баштапкы деңгээл таптакыр жарабайт. Баштапкы дэңгээл – базалык гана, андан ашпайт.

Мисалы, көп жерде иш жүзүндө сүйлөшө алган, бирок кайсы бир себептер менен кыргызча китеп, гезиттерин окуй албаган жаш кыргыздарды көп кезиктиресиң. Демек, кыргыз китеп, гезиттери бардыгы үчүн эмес, а салыштырмалуу азыноолак окурмандарга гана чыгарылат десек болот.

Тилди үйрөтүүнүн кыргызча заманбап программасы керек

Сапаттык мамиле сандык мамиледен айырмаланып интенсивдүүлүктү, тереңдикти, тилди сапаттуу билүүгө шарт түзөт. Бул кийинки, кеңири сөз байлыгын жана белгилүү, маданий-ыраатталган ой жүгүртүүнү камтыган жогорку дэңгээл. Тилдин сүйлөө дэңгээлин билген адам менен өнүккөн, жогорку тил деңгээлине ээ адам экөө эки бөлөк адамдар. Так ошол өнүккөн тил чыныгы маданият жана адабият үчүн негиз, өзөк. Ошол өзөк, негиз шаардык кыргыз интеллигенциясынын жана кыргыз пассионарийлеринин массалык түрдө эмиграцияланышы менен жуулуп кетип атат. Китеп чыгаруу кризисинин убагында маданияттын ошол негизги өзөгү соккуга дуушар болуп атат. Эгер чыныгы маданиятты өнүктүрүү көз карашы менен карасак кыргыз тилин алып жүрүүчүлөрдүн санын механикалык түрдө көбөйтүүнүн мааниси жок. Андыктан мамлекет менен коом, китепти коргоо менен бирге эле тилге болгон сапаттык мамилеге өтө чоң маани бериши керек. Кеп колдо турган тил пайдубалына жогорку дегээлдеги адабий жана атайын тилди камтыган дубал куруу зарылчылыгы тууралуу болуп атат. Мисалы, иштөө, укуктук, дипломатиялык, медициналык, техникалык, философиялык тилдерди өнүктүрүү зарыл. Так ушул чөйрө кайра калыптанган жаңы муундагы шаардык кыргыз интеллигенциясынын өзгөчө укугу, милдети болушу керек. Бирок бул маселени чечүү үчүн алгач өтө көп жеке маселелерди чечүү кажет. Биринчи кезекте китептерди колдоо жана өлкөдө китеп окууну жайылтуу. Цифралык технологияга байланышкан технологиялык маселелерди чечүү. Мисалы, Кыргызстандын борбордон тышкаркы аймактарындагы жашоочулары орус тилин билбейт. Бул эмнени айтып турат? Анткени, алар орус жана англис тилдерине негизделген интернет, цифралык технологиялар менен байланышкан эмес.

Демек, Кыргызстандын негизги бөлүгү XXI кылымдын технологиясынан, жетишкендигинен тышкары калган. Катасыз жаза албайт, резюме түзүп, иш катын даярдай албайт. Ошондуктан бул адамдар менеджмент, маркетинг, заманбап өндүрүш чөйрөсүндөгү иштерге жарабайт. Жогорку технологиялык, өнүккөн, терең иштелип чыккан кыргыз тилин түзүү үчүн бүгүнкү билим жана технология менен иштей билүү керек. Жок эле дегенде цифралык технология тили болгон орус, англис тилдерин билүү кажет. Эгер ар бир айылга интернет кирсе жаштар орус, англис тилин бат өздөштүрүп, тилдин өнүккөн деңгээлине тез эле жетиши мүмкүн.

Муну менен катар эле кыргыз тилинде адистештирилген, кызматтык программаны, тилди үйрөтүүнүн заманбап методикасын иштеп чыгуу маселеси турат. Мындай программаны иштеп чыгууда эл аралык Rossete Stone тил үйрөнүү программаларын эске алсак болот. Бул багытка каражат жумшабай туруп кыргыз тилин өнүктүрүү мүмкүн эмес. Азыртадан бул боюнча ойлонбосок Кыргызстан маданияты жана адабиятынын келечеги тууралуу сунуш, пикир, идеялар сөз жүзүндө эле калат.

Олег БОНДАРЕНКО
    Китеп басып чыгаруучулар жана таратуучулар ассоциациясынын (КБЧТА) аткаруучу директору

Кыргызчалаган Мелис СОВЕТ уулу

 


Количество просмотров: 5104