Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Атантай Акбаров, 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 15-январы

Атантай АКБАРОВ

Тиррүү мекен

Биз көз жумган соң бир ууч топурак болуп-Атажурт менен бир бүтүндүккө айланабыз. Ал эми азыр-Улуу Жараткан бизге тикелей тирүүлүгүн ыроолоп турган тапта биз өзүбүздүн акыл-парасатыбыз, тили-жүзүбүз, ички кудуретибиз аркылуу Ата-Журтубуздун рух-кубатын ааламга чагылдырып, өз алдыбызча ойлоп турган, ошол ойлогонубузду төп келтире сүйлөп турган, мезгил менен жолу улаш, түбөлүк менен ою улаш, баарына бий, баарына жооптуу-ТИРҮҮ МЕКЕН экенбиз. Мына ошол башыбызга конуп турган бармактай бактыбызды барктап, көз ирмемдик тирүүлүгүбүздү көздөп, көрктөп өтсөк дейм...

 

ТИРҮҮЛҮКТӨ БИЗ ТИРҮҮЛӨЙ МЕКЕНБИЗ!

Тууган жерден түйүп алып топурак,
Ата-бабам жоону сүрүп келишкен.
Кан майданда каза тапса, дал ошол
топуракты бейитине себишкен.

Мекен ошол-атаң, анан бабалар,
Ошон үчүн Ата Мекен аталган.
Мекен менен бир тагдырлаш, бир дене
экениңди сен да туйгун, жаш адам.

Өмүр жолдун өрүн көздөй баратып,
Өзүбүз да көп байкабайт экенбиз.
Тизе бүкпөй баба салтты улаган
Тирүүлүктө биз тирүүлөй Мекенбиз.

Сыйыртмактай тоскоолдорду чарт үзүп,
Сыймык, даңкын көтөр, боорум, Мекендин.
Жакшы ыр менен жакшы иштерге өлүм жок,
Жашоону актап жарк этпесең бекерсиң.

Мээнет гана жасай алат дөөлөттү,
Жаның-элге, дениң-жерге карыздар.
Дооруң сатар, ишиң сатпайт, оо кандаш,
Мезгилиңде мезгилден күч агып кал.

Жер карасаң жексен болот Мекениң,
Жан жалп өчсө, ууч топурак экенбиз.
Тизе бүкпөй баба салтты улаган.
Тирүүлүктө биз тирүүлөй Мекенбиз!

 

УЛУТТУК ИДЕОЛОГИЯ

Кыргыздар бирин-бири аяш керек!
Кыргыздар бирин-бири таяш керек!
Кыргыздын кош канаты-Түндүк, Түштүк,
Кыргызга учууга кош канат керек!

Кыргыздар бирин-бири колдош керек!
Кыргыздар бирин-бири коргош керек!
Кыргыздын кош кареги-Түндүк, Түштүк,
Кыргыздар Авель, Каин болбош керек!

Кыргыздар бирин-бири сатпаш керек!
Меккеден Мекенди ыйык сакташ керек!
Калк үчүн күйгөн атуул, акындарды
Касымдай кыйнап туруп атпаш керек!

Бир кыргыз өзүн эки бөлбөш керек,
Кыргыздар бөлүнгөндөн өлбөш керек!
Кыргызды кыргыз гана сактап калат!
Ар кыргыз Ата-Журтту жөлөш керек!

Ким асыл-айкөл кыргыз элим асыл!
Бабалар мурас кылган Мекен улук!
Эмне ыйык-асыл кыргыз тилим ыйык!
Буларсыз болобуз биз тукум курут!

Бар болгун! Бир бол! Бай бол! Бий бол, кыргыз!
Асыл ой, ак сөз, ак иш жетектесин!
Жанымды сага таштайм, өлбө кыргыз!
Мекенге деним кошом, тепсетпегин!

 

АТА-ЖУРТУМ, ЭЛИМ АЙ!..

Ата-Журт, Сага айланган бабаларым
утурлайт келечекти туштап чыгып.
Ата-Журт, Сен түбөлүк жол улайсың,
Канымдан балам болуп чуркап чыгып.

Аттигин, бүгүн бизде заман кайчы,
Өзөндөр көзгө тартат эне жашын.
Миң жылдан соңку менин окшоп башым,
Ата-Журт, неге муңдуу тиктейт ташың?..

Тамырын аркан кылып улаштырып,
Тартам деп орго салып койгон элди,
Бир караан күңгүрөнүп басып жүрөт,
Ата-Журт, азабы күч ошол сенби?

А эл ким-бийлик ээси, туюш керек!..
Улуктар эл мүдөөсүн угуш керек.
Элинин бактысы үчүн башын сайып,
Эстүү хан кулдай кызмат кылыш керек!

Шарт түйүп азиз жанга Ата-Журтту
Мен болсо бакыт издеп келем жолдо.
Акындын ар бир ыры-хан таажысы,
Эгерде эл бактылуу болгон болсо.

Ата-Журт, асман толо жылдызыңдан
жылдызын тапсам деймин чөбөрөмдүн.
Ажалың алып кетсем акыретке,
Ата-Журт, ошол кайра төрөлгөнүм!..

 

ЧАТКАЛ

Чаткал, Чаткал, чай чыныга баткан жер,
Чалкарлыгы чексиз бирок бу жайдын.
Коен сымал суу жүгүргөн коктуда
Колдорунун изи калган Кудайдын.

Пайгамбарым Ыдырыс да Чаткалды
паана кылып, Акка моюн сунарда
Аскар тоонун өңүрүнөн өпкөн да,
Андан ары аттап кеткен Кудайга.

Шылдың кылып турат мында пастыкты,
Зыңгыраган бийик тоолор, дабандар.
Олимп тоодо жашагандай Кудайлар,
Жашайт мында ыйык, бийик адамдар.

Гүлдөрүндөй кайсы гүл жыт себелеп?
Булбулундай кайсы булбул безенет?
Чаткал деген чамгарагы дүйнөнүн,
Чаткал деген бейиште жок керемет!

Кыргыз жери-Жер шарынын жүрөгү,
Эгер аны сактабасак, Жер өлөт.
Чаткал болсо ал жүрөктүн толтосу,
Мындай жерде кыргыз жылдыз өңөрөт.

 

СУЛУУЛУК ПИРИ

Азабынан сүйүүнүн,
Алма болуп күбүлдүм.
Ширин эрдиң азгырат
Шиңгилиндей жүзүмдүн.

Көңүл музун эритип,
Көкүрөктү тирилттиң.
Жүз кылымда бир келчүү
Сен сулуулук пирисиң.

Баарын кечип, өмүрдө
сени сүйгөн айбыма,
Сан жылдарды жылкыдай
салып берем алдыңа.

Күкүкмүн да, сүтакмын,
Күйүп-сыздап турамын.
Дубанда жок сен үчүн
Дубана болду кыялым.

Жарылуучу бомбага
жалгап койгон сааттай,
«Чык-чык!..» этип жүрөгүм,
Чыдамы өчүп барат ай!..

Каккан мыксың сезимге,
Кантем сенин айыңды!?..
Суктандырып дидарың,
Сууруп барат жанымды.

Төгүлчүүдөй карегиң,
Мөлтүрөйсүң периштем.
Камай берсең сүйүүнү,
Өлтүрөрсүң периштем!..

 

БУЛБУЛ

Булбул деген эзелтен булбул экен,
Булкуп жүрөк, сайрашы муңдуу экен,
Канкор бүркүт текөөрүн каакы көрбөй,
Кастарлаган чындыкты кургур экен.

Бак-таалайдын байыртан кемчилдигин,
Калп дегениң качанкы эскилигин,
Булбул байкуш буулугуп, сыздап айтып,
Тилейт бизге Теңирдин теңчилигин.

Кан төгүлгөн жерлерде какайт булбул,
Жаз чакырып жүрөккө какшайт булбул.
Булбул иши кулдуктан куткаруудур,
Эркиндикке чакырып жашайт булбул.

Булбул не деп жатканын билип сайрайт.
Өзүн-өзү унутуп ийип сайрайт.
Булбул сүйөт түбөлүк чексиздикти,
Булбул жапыз учса да, бийик сайрайт.

Жүрөк дарты булбулдун айыкмакпы?
Таажычан гүл-тактысыз ханышасы.
Булбул-билсең сүйүүнүн накта кулу!
Булбул-ошол кусалык падышасы!

 

ПАЙГАМБАРЛАР БААРДЫГЫ АКЫН БОЛУШКАН...

Чыныгы акындар— пайгамбарлар
Пьер Леру-француз философу

Пайгамбарлар бардыгы акын болушкан,
Ай-ааламдан асылдыкты чогулткан.
Өткөөл салып сүйүү менен ыймандан,
Акыйкаттан Кудайга жол согушкан.

Пайгамбарлар бардыгы акын болушкан,
Азаттыктын улуу ырын созушкан.
Байлык, бийлик, алктын болгон курманы,
Адамзаттын бактысы үчүн оорушкан.

Кудай берген миссияны пир тутуп,
Алар дайым мезгилинен озушкан.
Өмүр-жашын узартсак деп адамдын,
Өз өмүрүн курман чалып коюшкан.

Пайгамбарлар бардыгы акын болушкан,
Мен да көктөн аян тыңшап келемин.
А пайгамбар болбой койгон себебим,
Ыйык жолго небак түшкөн элденмин.

Акындык не? Билгенге зор Ааламлы
Алакандай жүрөгүңдөн өткөрүү.
Акын болуу-ар бир ырың аркылуу
Адамзатты бир тепкичке көтөрүү!..

Пайгамбарлар бардыгы акын болушкан...

 

АЖАЛ

Ажал-мышык, биз-чычкан,
Аңдыйт ар бир кычыктан.
Тынч койбос бул жоо менен
Тытышканың тытышкан.

Ажал мерез, ажал куу,
Ар кыл салат чалмасын.
Арман менен курутат,
Адамзаттын айласын.

Чычкан деле кай бирде
Чыга качат мышыктан,
Чындап ажал алганда,
«Чы-р-р!..» дей түшөт ысык жан.

Антпегенде канаке,
Атакеңдин атасы,
Апакеңдин апасы?
Ажал жандын апааты...

Карып өлсөң арман жок,
Жаштар өлбөс болбойбу!
Жазмыштын бул катасын,
Жарандар же оңдойбу?..

А дүйнөгө керегин
алат, ырас, Жараткан.
Кайран адам антсе да,
Кача берет жаннаттан.

Карып-арып мышыктай,
Калса ээ ажал ай карап...
Жалган дүйнөң, о-ов, анда,
Чын дүйнөгө айланат!!!

 

ТУМЧУКПАГЫН!

Туулгуча тумчукканың деле жетер,
Турмушта тумчукканың сенин бекер,
Көз жумсаң көр түбүндө тумчугарсың,
Көөдөндөн жүрөгүң «парс!» атып кетер...

Агаче агыл, агыл, агылып кал!
Жаштыгың суудай соолуп калгычакты.
Жарылгын! Жарыл! Жарыл! Жарылып ал!
Карылык каруу-күчүң алгычакты.

Чачылгын! Ай-ааламга чачылып ал!
Чаң сымал мезгил таптап салгычакты.
Фонтандай атыл! Атыл! Атылып кал!..
Күтүүсүз Ажал атып салгычакты...

 

ОО СҮЙҮҮ!..

Азиздер көрсөм дешип күтүнгөндөй,
Оо Сүйүү! Көргүм келет көздөрүңдү!
Дүлөйлөр сөздүн кунун түшүнгөндөй,
Оо Сүйүү! Уккум келет сөздөрүңдү.

Мунжулар басар күндү көксөгөндөй,
Жүрөгүм канат байлап күтүп жүрөм.
Дудуктар сүйлөсөм деп өксөгөндөй,
Кусадан кулап-кулап түшүп жүрөм...

Беш күндүк өмүрүмө болчу конок,
Жашоодон кетким келет Сенсиз безип.
Оо Сүйүү! Сен жок жердин баары-тозок,
Оо Сүйүү! Сен бар жердин баары-бейиш!..

 

МАХАБАТ ТҮНҮ

Канча болду көрбөдүм,
Кайгырсам да өлбөдүм.
Кайра өзүңдү көргөнгө,
Каткырат о-ов көздөрүм!

Келчи, алыска кетели,
Кетсин жүрөк кесели!
Жаман көз, сөз жетпеген,
Жапан бакка жетеби?..

Кайык кылып санааны,
Каалап жүргөн баягы,
Мыйзамы жок, жүрөк-хан!
Мына сүйүү аралы!..

Кучагыма кел эми,
Кулап түшчү, ардагым!
Куп гана бир берели,
Кусалыктын сазайын!

Жаш жытыңа мас болуп,
Жалын жутуп барамын.
Туйлап балык-мамагың,
Туткун-эрдиң камадым...

Махабатсыз, жарыгым,
Сен да, мен да жартыбыз.
Сен экөөбүз бириксек,
Бүтүн биздин бактыбыз.

Караңгылык бул түнү
Кароол бизге, карагым.
Жаның жанды кысканда,
Жалбара эстен танамын.

Өрттөп ийгим келет мен,
Сүйүүсү жок Ааламды.
Махабатсыз бул дүйнөң
көрдөн дагы караңгы!..

 

АК СҮЙҮҮ ЖАНА АТАЖУРТ

Жашоодо эмгек болду-менин культум,
Жалындуу сүйүү болду – өмүр пультум.
Эки ирет төрөлмөй жок, эки өлмөй жок,
Эч кимге болбо туткун, жүрөк булкун!
Садага чабам баарын ак сүйүүмө,
А сүйүүм сага курман, Ата Журтум!

 

БАМБУК

Өз-өзүнчө дароо өспөйт бамбуктар,
Шашылышпайт шамалга бой кергенге.
Бек кармашкан кол өңдөнүп эң алгач
тамырларын сүңгүтүшөт тереңге.

Жер алдында тамырлары алардын
айкалышып, тордой болуп чырмашат.
Бир максаттуу улут окшоп бамбуктар,
Биримдиктин улуу ырын ырдашат.

Тамырлары жетилгенде тарсайып,
Асманга аткан фонтандардай зуулдап,
Ар күн сайын бир кулачтан өсөт да,
Токой болуп толкуп чыгат шуулдап.

Көралбастык, саткындык жок аларда,
Оо алардын жол-мыйзамы башкараак.
«Өзүм гана өссөм» деген ой болбойт,
Алар такыр бирин-бири таштабайт.

Тамыры да, тагдыры бир бамбуктар,
Биримдиктин символу окшоп турушар.
Адам туруп өсүмдүктөн бир өрнөк
алса болот өсөм деген улуттар.

 

МЕН АР ДАЙЫМ КАРЫПТАР ТАРАПТАМЫН

Ар пендеңе, оо Кудай, көз бере көр!
Эч ким сокур болбосун Жаратканым!
Көкүрөгү көрлөрдү мен жек көрөм,
Бирок, көзү азиздер тараптамын.

Ар пендеңе, оо Кудай, сөз бере көр!
Эч ким дудук болбосун Жаратканым!
Тил кескендер сөөк өч душман мага,
Мен ар дайым дудуктар тараптамын.

Бар мүчөсү, акылы түгөл болсун!
Кор болбосун түк эч ким Жаратканым!
Шах, бектерди мен билем шайтан албайт...
Мен ар дайым карыптар тараптамын!

 

ЖЫЛДЫЗДАР

Таң каласың, асман толо жылдыздар
кенен батып, жарык чачып турушат.
А Жердечи? Эки «жылдыз» жанашса,
Батыша албай ичи тарып, урушат.

Чыкпай туруп көралбастык сазынан,
Алар бекер бийикке кол созушат.
Бир-биринен жалган даңкты корушат,
«Жылдыз» деген оору менен оорушат.

Жалгыз жылдыз болсом деген ой менен,
Бирин-бири ушактап, бут тосушат.
Айкөлдүк не? Асылдык не? Кол шилтеп,
Калп жылдыздар наамдарды тоорушат.

Бир тепкич да көтөрө албай адамды,
Чыгармасы чыйрыктырат санааңды.
Жарым карыш дагы жарык чача албайт,
Калп жылдыздар көкүрөгү караңгы.

А асмандын жылдыздары башка го!..
Алар такыр жалган даңктын кулу эмес.
Караңгыны жарык кылып кашкайып,
Башкаларга төгүп келет нур элеп.

Өзүмчүлдүк сапаттары жок үчүн
Нак жылдыздар жүзү жарык, татына.
Түбөлүктүн мыйзамдарын карманган
үчүн алар жооп берет атына.

 

ТЕСКЕРИ ӨМҮР

Мен алсызмын, алым жетпейт ажалга,
Музоосу өлгөн бодо болуп өкүрөм.
Кимдир бирөө каза тапса, ошону
Мен өлтүрүп алган өңдүү өкүнөм.

Кызык сезим болот кээде ар кимде,
Андай ойду Сиз да ойлоорсуз кай бирде.
Адам чиркин алгач өлүп көрсө да,
Кайгы, түйшүк тык токтосо ал күндө.

Тирилүүнүн кайра аргасы табылып,
Андан кийин болуп көрсө карылык.
Адам чиркин карылыкка бой бербей,
Жашарууга турса күндө кам уруп.

Кайран жаштык келип анан буралып,
Ак сүйүүгө турсак жанды сугарып.
«Өлдү!»-дешип өкүрүшпөй эч кимге,
«Жашарды!»-деп турса баары кубанып.

Кайкып сүзүп бак-таалайдын көлүндө,
Калсак бүт ээ тирүүлүктө-өмүрдө...
Менин антип ойлогонум себеби,
Адамзатты кыйбайм такыр өлүмгө!

 

СҮЙҮШСҮН ДЕП ЖАРАТКАН

Сени көрсөм байкуш башка бак конот,
Көрбөй калсам көздөрүмө жаш толот.
Сенсиз жашоо эч көрүнбөйт көзүмө,
Сенсиз менин өз башым жүк өзүмө.

Бизди Кудай сүйүшсүн деп жараткан,
Ал сөзүнөн жанбайт, билем, Жараткан!
Ажырасам, кайгыруудан мен өлөм,
Жаратканды көз жашыма чөгөрөм.

Сүйүүм үчүн сүргүнгө айдап баргыла,
Мейли миң жыл тозок отко салгыла.
Мен баарыбир баш тартпаймын сүйүүмдөн,
Кессеңер баш, алам десең жан мына!..

 

ЖҮРӨК-ТУМАР

Атып сал мени, алдыңан чыксам!
Фараон сымал оюндан чыккам.
Ит көрдүң беле ийнени жуткан?
Нак ошол иттей арманым жуткам,
Атып сал, эгер, алдыңан чыксам!

Актыгың куттай төгүлбөй калсын,
Пастыгым болсо көрүнбөй калсын,
Казыктай жерге кагып ий мени,
Абийирим аман сөгүлбөй калсын!
Актыгың куттай төгүлбөй калсын!

Тазасың, таза боюнча калгын,
Сулуусуң карап каректер талсын.
Ыйманым байлаар ыйыгым менин,
Эсиңден эшке чыгарып салгын.
Тазасың, таза боюнча калгын!

Жүрөгүм-тумар, колдосун, алгын!
Жакшылык сага тилеген жанмын.
Баш жагы-сайран, аягы-ойрон
Жашоодон күткөн бактыңа кангын.
Жүрөгүм-тумар, колдосун,алгын!

Турмушуң-ошол, жыгылган, жыккан,
Бул өмүр-ошол, өксүгөн, уткан...
Ит өңдүү а мен ийнени жуткан,
Кайылмын, калкам, арманым жутсам,
Атып сал кокус алдыңан чыксам,
Атып сал эгер алдыңан чыксам!..

 

АЛТЫН ТАКТАН АРТЫКСЫҢ МАА МАХАБАТ!

Чагылгандай чакырымды бир аттап,
Чаңкоом айтып баргым келет, баралбайм.
Сен бир жансың сүйүү үчүн жаралган,
Сенсиз менин өмүр-жашым баары арман!

Кумарымды мынча чектен ашырдың?
Куурап, Сен деп чачыладай чачылдым.
Эмнем болсо анын баары Сеники,
Эдем бактай кучагыңа чакыргын.

Арачалап Сени бардык азаптан,
Арманыңды келет суудай шимиргим.
Алдас уруп күү-шаа түшкөн күнү-түн,
Арзуум-мухит, каалашыңча кирингин.

Сени тагдыр жасай албас кайталап,
Сен перисиң элик мүчө, айтамак.
Акын үчүн артык күч жок сүйүүдөн,
Алтын тактан артыксың маа, махабат!

 

МАХАБАТ-ДЕГЕН АНТИ АКЫРЗАМАН!

Бир жанмын түшкөн сүйүү тозогуна,
Билгенден сүйүү менин башкы айыбым.
Арманга чөгүп набыт болорумда,
Айдадым махабаттын жаш кайыгын.

Махабат мага улуу бакыт чачты!
Карызым махабаттан чачтан ашты.
Канткенде кутуламын бул карыздан?
Жанымды жарсам жалаң казал акты.

Көз жумсам көрөм жазмыш камдаганын,
Тирүүмдө сүйүү-жаздык жазданамын.
Миң жылдык муз өмүрдөн артык бир күн
Сүйүүнүн казанында кайнаганым.

Кыямат болбойт Сүйүү болгон жерде,
Мен кетсем, Улуу Сүйүү калсын аман !
Махабат-Түбөлүктүн символу бул,
Махабат-деген анти акыр заман!..


ОО МАХАБАТ !

Оо махабат миң тозокко салдың го,
Оо махабат оюмду ээлеп алдың го.
Өттүң көзөп жүрөгүмдү жебедей,
Өзөгүмдү тарашадай жардың го!

Күн тийбеген чөптөй болуп соолудум,
Күлдөй купкуу болуп өңүм оорудум.
Күйүтүмдү козгоп сайрап күкүктөр,
Күтүүлөрдүн күн-түн өтчүү жолумун.

Кайран сүйүүм, кадырыңдан күч алдым,
Кантип, бирок, кайыгыңа түшө алдым?
Оюнуңа кантип сенин түтө алдым?
Оо махабат өмүрүмдү бүт алдың.

Караганда карек болдуң көзүмө,
Сүйлөгөндө данек болдуң сөзүмө.
Жанымды алып тынасың го, жан сүйүүм,
Сөөгүм менен кетесиң бейм көрүмө.

Кыялыма кылтак салган, кырчыным,
Кыяматка каткан сенсиң бир сырым.
Он мүнөтүң татыйт Сенин бир жылга,
Оо махабат, ар бир күнүң-бир кылым.

 

АРЗУУ АЗАБЫ

Өталбай миң тозоктон тоздум арып,
Өзүңө алпаралбай жолум карып.
Өңдөнүп кайрыкмакка түшкөн балык,
Өзүңсүз карыптыктан барам карып.

Акылың айдан тунук, сөздөрүң бал,
Арзуудан Жер чайпалтып боздогум бар.
Ардактап асманга атың жазгым келет,
А бирок, сага жетпей колдорум зар.

Карааның көралбаган көзүм жетим,
Кароосуз калган үйдөй койнум жетим.
Оюңду буралбаган оюм жетим,
Оозуңдан сүйө албаган оозум жетим.

Жаштыктын жашыруун бир жолу менен
жаныңа жетким келет көз ирмемде.
Жанымдан жакшынакай көйнөк тигип,
Кийгизгим келет сага эзилгенде.

Алмадай сага берип ар күнүмдү,
Сүйүүнүн деңизине чөккүм келет.
Кайтарып карылыктан өткүм келет,
Ажалдан алакачып кетким келет.

 

СҮЙҮҮ КОҢГУРООСУ

Кудайдын жашы менен өлчөгөндө,
Жүз жашың бир чымчым жаш бойдон калат.
Сен мени карылыктын тузагынан
куткардың жүрөгүмдү козгой карап.

Таалайым татаал жолдо таштап кетип,
Тагдырым азгын эле оорукчандай.
Өмүргө келгиче да миң жыл күтүп,
Өңдөндүм өзүңө араң жолуккандай.

Бактымдан баш айланып чайпаламын,
Башта тынч жаткан жаным-аккан жалын.
Бейиштин тамагындай сезилет, оов,
Сен менен ичкен чайым, таткан даамым.

Өксүгөн күндөрүмдү мажес саптай
өчүрүп көңүлүмдөн чийип салам.
Бакыттын пири деп саа кулдук уруп,
Сулуулук ханшасы деп таажы тагам.

Жашоону тарки дүйнө кылып мурда,
Дүйнөнүн бүт жыргалын тангам айкын.
Кудай ай! Намаз окуп жатсам эми,
Кайыптай карегиме кадаласың.

Сүйүүнүн коңгуроосу сыяктанып,
Жүрөктөр бат кагышты, бат табышты.
Машаяк болсоң дагы багындырган,
Махабат-түбөлүктүн башталышы!

 

АЯЛ

Аял эмне — эскирбеген өлбөс ыр,
Аялуу да, көөнөрбөгөн махабат.
Асманында күн калкыган түбөлүк
Ата-Мекен аялдардан башталат.

Аял — назик, кайталангыс музыка,
Өмүрүңдүн өксүк жерин толуктайт.
Бул дүйнөдө аз дейсиңби сулуулук,
Сулуулуктун жеткен чеги аялзат!

Аял — алсыз, күчтүү дагы жарымың,
Ал Кудайдын жерге чачкан жарыгы.
Бак-таалайга андай эч ким тундурбайт,
Шоруңдун да аял болот тамыры.

Аял — күлкү, күлө албасаң ыйлап ал,
Ал керемет көкүрөктү чырмаган.
Акак төшүн ак көгүчкөн дегин да.
Көздөрүн айт махабаты сыйбаган.

Эриндери бышкан гилас мөлтүрөп,
Ай нурундай чачтарын көр анан да,
Өмүр суусу түгөнсө да тамчылап,
Бөксөрбөгөн сүйүүм калат аялга!..

 

АКЧА

Акча — сен цыган кызсың,
калчаган тагдырларды.
Буйругуң — Кудай сенин,
Куйругуң — ажыдаарбы?

Акча, сен балекетсиң,
Кимге эмне керектигин билип алдың,
Жеңил ой селки болуп,
Желдеңбайдын койнуна кирип алдың,
А түгүл аялындай тайралаңдап,
Ашепке эркелетсе барбалаңдап,
Делдеңбайдын мойнуна минип алдың.

Кызыл, көк, сары чолок,
Өңүң да өзгөрүлмө,
Өмүрдү сүлүк курттай
соросуң көз көрүнөө.

Киресиң отум менен,
Чыгасың күлүм менен.
Жыландай азууңду ичке катып,
Жылмаңдайсың эки ача тилиң менен.

Акча — сен кара ниет сыйкырчысың,
Жалынды муздай кылдың.
Жазыксыз сүйүү балын,
Жаратка сээп салган туздай кылдың.

Өлчөгөн баардыгын тең,
Акча — өзүң таразасың,
Кундуздай нечен чачка
ак болуп араладың.

Барк болуп келсең, кайра
жаш болуп салааладың.
Кожожаш өңдүү сени кубаласам,
Азгырып Сур эчкидей жазалагын!

 

АРАК

Атын дагы коюпсуңар туура эмес,
Абат бир кеп тапкан өңдүү “Арак” деп,
Андан көрө берүү керек өз атын,
“Арак” дебей, “Азап!” деп, же “Мазак” деп.

Ичкич байкуш кантип карыш жыла алат?
Асынса өлөр, кантип алкын тыя алат?
Арак ичсең апасы өлгөн бөбөктөй
акыл байкуш ыйлайт экен ыңаалап.

...Легендада өлбөстүктүн дарысын 
табамын деп бир окумуштуу жаңылып,
Арак жасап, акыбетин көргөн соң,
Ар-корунан өлгөн дешет асынып.

Икаяда дагы мындай айтылат,
Каракчылар жолоочуга шарт коюп:
“Жан соогаңа сен жаш кызды зордукта,
Жаш талды кый, же ичкин, дейт, мас болуп!..”

Жолоочу анда айтат кетип аргасы:
“Кантип тандайм мен арактан башкасын?
Кантип колум барып кыям жаш талды?
Кыз зордоодон Кудай өзү сактасын!..”

Ошентти да шору каткан жолоочу,
Ал жеткиче арак иче баштады.
Өзүн билбей Азезилге айланып,
Талды кыйып, кызды зордоп таштады...

Арак ошол, алгач чечен, шер кылат,
Кулагыңды кулптап анан кер кылат,
Көшөгө жаап көздөрүңдү көр кылат,
Эң акыры эр башыңды жер кылат.

...Арак-дары, ырас андай жагы бар, 
А көп ичсең ууга айланат дарылар.
Генийсиңби, королсуңбу түкүрбөйт,
Арак — баарын жутуп койчуу ажыдаар.

Омор Хаям бөөдө даңктап аракты,
Каргыш жолго түртүп айтат “Ал, тур тик!..”
Акыйкатты нак айтуудан жалтанган,
Омор Хаям калп ыр жазган халтурщик.

“Жалгыз жаның жаралганда аны ээрчип
токсон тогуз ажал кошо жаралат...”
— деп айтылат байыркы Ыйык китепте,
Бир ажалың — арак!— демек, адамзат!

Бал-бал жанып энчиленген жылдызың,
Бакыт өзү тоссун десең астыңан,
Ырдын пири — Акын Баба атынан
Мен баарыңды ичпегенге чакырам!

 

ЭКӨӨ

Капысынан кирген айбанканага
Ит бөрүнү темир тордон көрдү да,
Иттик кылып үргөн болду, турду анан
Карышкырдын тагдырына суктанып.

А бөрүнүн тоо-талааны күсөгөн
көзү жанып, турду жалы тикчийип,
Алдындагы сулп эт түгүл, сук арткан
итке да ал койгону жок түкүрүп.

“Атагөрү ээй, көрчү тагдыр марттыгын!..
Бирөөлөрдү салат минтип бак даарып...”
Ит ушинтип, карышкыр болуп туулбай,
Ит тукуму болгонуна наалыды.

Жаман кыйнап ошол иттик даргөйү,
Ичегиси аңтарылды курулдап.
Эркиндик деп күйүп-жанбай жан бакса,
Кашабаң да ит болорун туйган жок.

Эттин жыты кытыгылап тумшугун,
Темир торго жакыныраак келди анан.
Көкжал аны көрүп көзү канталап,
чыдабады, атып турду оордунан.

Көөдөнүндө “кү-үр!..” дей түшүп бир көчкү,
Эки миздүү шамшар болду кулагы.
Сөөк өчтүсү кайнап шалпаң кулакка,
Жебе болуп сайылды ана!.. Күрс этип
темир торго урунду, арман! Улуду...
А ит кире качты ээсинин чатына.
Эркиндиктин кулу менен курсактын
кулу ошентип келише албай турду азыр.

А мен анда тигил көк жал бөрүдөн
Бабаларды көрдүм дагы кажарлуу,
Бечара итти кулу болгон курсактын
биздин муунга окшоштуруп аядым...

 

АПА

(баллада)

Мен келген кезден дүйнөгө
мээнетим алып бүтүндөй,
“Башы эсен болсо болду!..” — деп 
Багыпсыз колдон түшүрбөй.

“Оо Кудай, алсаң, мени ал!..” — деп 
Оорусам канча боздодуң.
Маңдайда сансыз бырышың,
Мен басып өткөн жолдорум.

...Бала кез эле. Бир жолу 
басынып турсаң кейишке,
Чын күлдүң “Апа, тирүүндө
чыгарам — десем, бейишке...”

Тилегим жакшы болсо да,
Тийбеди жакшы жардамым.
“Алдейиң” өзүн чогултсам,
Ат көтөрө албас салмагын.

Жер өңдүү түтүп баарына,
Жешилбей, бирок, сабырың,
Чакада суудай турмушту
чайпалта ташып карыдың.

Өзүңдөн алып бир сабак,
Өкүрчүү кезде ырдадым.
Таңдайда даамы сүтүңдүн
тазартып келет ыйманым.

Жанын да берчү өзүңдөй
жакыным болбос жалганда, ай.
Бөксөмүн сенсиз, апаке,
Бөйрөгүм алып салгандай...

 

КЫРГЫЗ ЖАНА ЫР

Заман каргап, Жер боору таарыганда
Ыр койнунда телчигип жетилген кыргыз.
Ачка калса ыр болуп жан азыгы,
Ырга айланып кайгысы кетилген кыргыз.

Камап келсе душманы жебе тартып,
Ырга айланып көзүнө сайылган кыргыз.
Жаза тайып найзадан жараланса,
Жараттары ыр менен таңылган кыргыз.

Ырга айтышып эч кимге айтпас сырын,
Кудайы да ыр болуп таанылган кыргыз.
Бу дүйнөгө ыр болуп сиңип кетип,
Бу дүйнөдөн ыр болуп табылган кыргыз.

 

АРГЫМАК

Ажалдан нечен куткарып,
Бешик да болгон сынаакы.
Аргымак бизде — кыргызда,
Кичи Ата мекен сыяктуу.

Көк чапчып жаны октолуп
Комуздай үнү шаңгырап
Өң түгүл мени түштө да
Азгырат ошол аргымак!

Келет да окуранып ал,
Ийниме жалы төгүлө,
Колумду жыттайт жаныбар,
Кадалып көзү көзүмө...

Тизгинди тартсам шарт анан
титирей түшүп аргымак.
Турнадай тизип мезгилди
туяктан ала салдырат.

Ээрден жулуп кетчүүдөй
этектен шамал тарткылап,
Көгүчкөн болуп күлүктүн
Көкүлү көккө талпынат.

Утурлай чуркап узун жол,
Шилтенет буттар кылычтай.
Түйүлүп күлүк муштумдай,
Түзөлөт кайра сызгычтай.

Тизгинге колум карышат...
Тирүүмдө канбас бул көксө!
Мен кетсем менин баламда
дүбүртү калып жүрөктө
азгыра берет аргымак!

 

СУЛУУЛУК

Он сегиз жаш ойноп турду көзүңдө,
Эриндериң жамгыр жууган кызгалдак.
Мен ал күнү күтүп жатсам ажалды,
Сүйүү болуп кирип келдиң гүл кармап.

Арык элем сөөгүм катып бычактай,
Ажал да анда алмак колун тилдирип.
Тиктешиңде бир кудурет бар эле,
Жылмайышың тартуу кылган тирүүлүк.

Чачтарыңда ойноп шамал, анда сен
сулуулуктун ханшасындай сезилдиң.
Көйнөгүң да толкуп турду шамалга,
Өжөр, өктөм толкунундай деңиздин.

Ортобузду бөлүп мезгил, бул күндө
Сүйүүм деңиз, күткөн кемем билинбейт.
Желге ойногон көйнөгүңдөй андагы
Сагынычтан жүрөк гана дирилдейт.

 

КЕРЕМЕТ ЖАН

Керемет жан, керемет жан, керемет!..
Сендей мага эч ким илхам бере элек.
Клеопатра, Ак мөөрлөр өтсө да,
Сендей пери бул жарыкка келе элек.

Бул дүйнөңбү, а дүйнөңбү, баарыбир,
Сүйөм сени! Эч маанисиз калганы.
Сени сүйгөн жүрөгүм миң бактылуу!
Сени көргөн көзүмдүн жок арманы.

Мен колума калем алгам, а балким,
Маңдайыңа сенин таалай жазышка,
Мейли, мейли өмүр сен деп агылса,
Мейли, мейли, жүрөк сен деп жарылса.

Ай болом да, терезеңдин түбүнөн
Түнү бою кетпей коём көшөрүп.
Кайып болуп кетким келет дүйнөдөн,
Жалжал көзүм, жалгыз сени көтөрүп.


КУДАЙГА ЖАЗЫЛГАН КАТТАР

(ыр түрмөк)

Мен Кудайга кат жазамын,
Кулдук уруп жалдырап.
Барактарым — дарактагы
Дирилдеген жалбырак.

“Түбөлүктүн жолун көрсөт...”
Жооп болбойт Кудайдан.
Барактарым — бариктерим
Саргарышат убайдан.

Башкалар да кат жазышат,
үнү менен асманга:
“Адам уулу неге жашап,
Эмне иш бүтөт кайтканда?”

Балким, Кудай жооп бербес,
Арбын чыгар күнөөбүз.
Же Кудайдын жооп катын
Окуй албай жүрөбүз...

 

ТҮНКҮ ЖОЛ

Уктабаган көздөрүнүн кызылын
уяң катса караңгыга алчалар,
Сайда калган сакалы окшоп кыргыздын
сапырылат түнкү желге арчалар.

Ай көлчүктө сызгырылып май болуп,
А кашка суу күйүп жатат биликтей.
Канатына калган түндү жай конуп,
Каркыралар алып учат бийиктей.

Азгырат да белгисиз бир тарапка,
Алка-шалка тердеп жорго — жол барат.
Улутунган жетим — чөп баш салат да,
Умай эне олтургансыйт ой жамап.

“Адамзатты алдыда не күтөт?”— деп
айтсам ыйлайт жооп бербей бабырган.
Улуу тоону таянганга түтөктөп...
Учу менен “саят” боорду кабыргам.

 

ЖАРАНДАР МЕНЕН ЖАРАТКАН

Адам уулу арман айтып айга да,
Ийин жөлөп, жардам күтөт дарактан.
Аян келет эмнегедир мага да,
Бизден жардам күткөн өңдүү Жараткан.
Сен да жалгыз, мен да жалгыз, ал жалгыз...
Жалгыз демек колдоо керек жалгызды.
Кудай дайым бизди колдоп келатат,
А биз Кудай тарабында барбызбы?

“Алды жакта нак Кыямат Кайым — деп,
Алдым-жуттум “көзү ачыктар” жанын жейт.
Мезгил болсо кулагыма шыбырап:
“Адам адам болчу күн аз калды!..” — дейт.

 

УБАКЫТКА ЖУУРУЛУУ

Мыкаачылык Жерди куйкалайт,
Адамдардын ашып көзүнөн.
Арбактар да кайдан тынч алат,
Октор тепчип турса сөөгүнөн.

Ууланышкан чөптөр эндиреп,
Улуп-уңшуйт аба жалында.
Кыяматтан качып безилдеп,
Кыйкырышат суулар канымда.

Атом заман чийип сени эстен,
Атам заман келет жасагым.
Атантайдан кээде келет мен
От Антейге өтүп жашагым.

Каршыксаңар түшпөйм убайга,
Карегиме арман толтуруп.
Ыйман мөлбү жетем Кудайга
ырдан шаты жасап олтуруп.

Ташбоордукту тактан кулатып,
Таппасак дейм Жерден кара так.
Башым менен ойлоп убакыт.
Бутум менен басып баратат.

 

АРЫЛБАГАН УБАЙ-МУҢ

Байкалбаган кийимдей кийген эле,
Билген эле нерсе экен, билген эле,
Ошентсе да оозумдан Аллам түшүп,
Мен таңгалып турамын бирдемеге.

Тоолор тоого жамандык этпейт экен,
Жемиштер да бир-бирин жешпейт экен.
Адам колу тийбесе, адам колу,
Бычактар да бир-бирин кеспейт экен.

Бир-бирине жылан да ор казбайт экен,
А ак куулар сүйүүсүн сатпайт экен.
Адамдардын ниети куурабаса,
Мылтыктар да бир-бирин атпайт экен.

Эринимди тиштейм да жара кесем,
Кара карлар каргыштан аян бекен.
Топук кылбай алпарчуу топон сууга
Жер үстүндө бир гана адам экен.

Жок! Барбайбыз каргыштуу бул жол менен,
Күйөт жүрөк кызыл нур чачыратып,
Коем жана колумдун жилигиндей
Жыйырманчы кылымды кайчылатып.

Оо адамзат! Арылбас убай-муңум,
Жүрөк жарып вулкандай чыгаар бугум,
Кайрый алсам мен сага адамдыгың,
Кайтара алсам Кудайга Кудайлыгын!..

 

© Атантай Акбаров, 2012

 


Количество просмотров: 2307