Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Даректүү жана өмүр баянды чагылдырган адабият
© Мамакеев М.М., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 18-октябры

Мамбет Мамакеевич МАМАКЕЕВ

Мезгил жана инсан

Автобиографиялык мемуарлар

Кыргыз улуттук медицинасынын корифейи, даңазалуу хирург, Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик, Улуттук хирургия борборунун директору Мамбет Мамакеевдин бул китебинде өзүнүн басып өткөн байсалдуу өмүр жолунун урунттуу окуялары, ымандай сырлары менен өрнөктүү мисалдары кызыктуу баяндалат.

Мамакеев Мамбет. Мезгил жана инсан: Автобиографиялык мемуарлар. – Б.: Турар, 2012. – 476 б. + 44 б. кара, 76 б. түстүү вкл. китебинен алынды.

УДК 821.51 
    ББК 84 Ки 7-4 
    М 22 
    ISBN 978-9967-15-148-2
    М 4702300100

Нускасы 700

 

КИМ ЭЛЕМ, КИМ БОЛДУМ?

Буюрса, быйыл – 2012-жылдын 1-октябрында 85 жашка толом, ошону менен катар мединститутту бүткөнүмө 60 жыл болот. Үчүнчүсү, байбичем Сокен менен баш кошуп жашаганыма дагы 60 жылдын эсеби келди. Ошентип, мен үчүн 2012-жыл – ийгиликтүү, жүрөк менен көңүлдү кубанткан, эстен чыккыс жылдарымдын бири.

60 жыл врач-хирург болуп иштедим. Бул аралыкта журт көзүнө түшкөн узак жана байсалдуу жолду басып өтүп, көптөгөн илимий даража жана ардактуу наамдарга ээ болдум. Башынан санасам: медицина илимдеринин кандидаты, доктору, профессору, 34 жыл госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Бишкек шаардык кеңешинин эки жолку депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрт жолку депутаты, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Казак улуттук илимдер академиясынын Ардактуу академиги, Н.И.Пирогов атындагы Бүткүлсоюздук хирургдар ассоциациясынын Ардактуу мүчөсү, Кыргыз Республикасынын хирургдар ассоциациясынын төрагасы, Бишкек шаарынын Ардактуу атуулу, Улуттук хирургия борборунун директору, хирургия боюнча кандидаттык жана докторлук диссертацияларды жактоо боюнча илимий кеңештин төрагасы дегендей кесиптик жана мамлекеттик бир топ мезгил барактарына жазылган сый-урмат баскычтарына жетишкен экемин.

Алган сыйлыктарымдын негизгилери:

1. Октябрь Революциясы ордени.

2. Эмгек Кызыл Туу ордени.

3. Эл Достугу ордени.

4. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы.

5. III даражадагы Манас ордени.

6. I даражадагы Манас ордени.

7. Улуу Петр Iнин ордени.

8. Кыргыз Республикасынын Баатыры.

9. Илимге кошкон көрүнүктүү салымы үчүн берилүүчү И.К. Ахунбаев атындагы алтын медаль.

10. Эл аралык «Алтын фортуна» сыйлыгынын медалы.

11. Хирургдар коомунун эстелик алтын медалы.

12. Саламаттык сактоонун отличнигинин төш белгиси.

13. Эл агартуунун отличнигинин төш белгиси.

14. «Эмгек ардагери» медалы.

15. Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын алтын медалы.

16. Улуттук илимдер академиясынын 50 жылдыгына арналган эстелик медаль ж.б.

Мындан тышкары, өзүмдүн окуучуларым И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын госпиталдык хирургия кафедрасына менин атымды ыйгарып беришкенине да кыйла убакыт болуп калды.

Ушул врач-хирург болуп иштеген жылдарымдын ичинде, адегенде 60 орундуу госпиталдык хирургия кафедрасы, андан соң өзүбүздүн аракетибиз менен 250 орундуу Улуттук хирургия борборуна айланды. Азыркы күндө бул Улуттук хирургия борборунда өзүм студенттик мезгилден баштап тарбиялап-өстүргөн балдарым менен кесиптеш болуп иштеп келатам. Алардын он бири – медицина илимдеринин доктору, профессор, бирөө – Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, медицина жана философия илимдеринин доктору, жыйырма үчү – медицина илимдеринин кандидаты, тогузу – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлангандар, отуз тогузу – жогорку категориядагы хирург.

Мен ушул балдарымдын ийгилигине ар качан кубанам жана чын жүрөгүмдөн сыймыктанам!

Биздин Борбордо ондогон хирургиялык бөлүмдөр бар, негизги аткарган ишибиз – күн-түн дебей тез хирургиялык жол менен айыктыруучу ооруларга жардам берүү. Жылына ушундай оорулар менен келген 7–8 миң адамдын өмүрүн сактап калабыз. Экинчи милдетибиз – бул жаштарды тарбиялоо, окутуу, кандидат, докторлорду өстүрүү. Госпиталдык хирургия кафедрасы медакадемияга карайт, 5–6-курстардагы студенттер бизден окуп, кесиптик такшалуу практикасынан өтүшөт.

Окурмандарга эскерте кете турган сөз, бул китепте бир дагы алымча-кошумча – кооздолгон сөз жок. Башынан аягына чейин менин өз колум менен иштеген, жасаган, өз көзүм менен көргөн, кулагым менен уккан – башымдан өткөн унутулгус окуялар эстелип жазылды. Алдыдагы максат – баяндап-айтылган нерселер окурмандарга, айрыкча, медиктерге жана башка жаш муундарга анча-мынча болсо да сабак болуп калса экен деген эле астейдил тилек.

Жогоруда айтылган даража-наам, сыйлыктар – элдик чоң урматка мен кантип жетиштим? Колумдан келишинче түшүндүрүп кетейин. Бул аксакалдык даражага – бак-дөөлөткө жетиш үчүн эмне деген гана азап-тозокторду көрбөдүм! Акырында, ошол азап-тозокторду майышпастан жеңип, көшөрө иштеген эмгек менен жүрүп, көздөгөн максатыма жеттим го деп ойлойм.

Ушул күндө мен көнгөн кесибим боюнча күнүгө 5–6 операция жасайм. Ден соолуктун бирден-бир өбөлгө-кубаты – бул өзүңдүн кесибиңди сүйүү жана талыкпас эмгек экен, ушундан Кудай айырбасын. Окурмандарга менин каалоом: ден соолукта болуп, жок дегенде менин жашыма жеткиле!

 

ТАГДЫРЫ ТАШ ЖОЛДУУ БАЛА ЧАГЫМ

Мен Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында жарык дүйнөгө келгем. Биздин айылды кадимки касиеттүү Кыдыр акенин айылы деп коюшат. Кереге-Таш деп аталганы, курчаган ак карлуу тообуз ийилип, боз үйдүн керегесине окшоп кетет, ошого окшоштуруп «Кереге-Таш» деп койгондугун илгерки карыялар таржымалдап айтышар эле.

Бала чагым өтө оор турмушта өттү, уруш убагы, өтө кедейчилик, ачарчылык, кийим-кече деген жок. Биздин үй-бүлө өтө чоң үй-бүлөдөн элек: чоң атам, чоң энем, өзүмдүн эне-атам, бир туугандарым болуп он бир киши турчубуз.

Энем он жети бала төрөгөн экен, ошондон үчөөбүз аманбыз. Ошол убактагы турмушту азыр ойлосом, өтө жаны бектерибиз калсак керек. Биздин үй-бүлө, эмгиче таң калам, өрөөн боюнча кедейдин кедейи элек, мал-сал деген болгон эмес, көргөн жокмун.

Атам Мамаке өтө момун, жоош адам эле, ачка жатсак дагы «Кудай берет» дегенден башканы айтчу эмес. Кийин ойлойм, атамдын алигидей «Кудай берет» дегени чын болуп, Кудай берди. Энем байкуш укмуш адам эле, бою кичинекей, көп сүйлөбөгөн, жоош адам болчу, бизди багам деп эмне деген азаптарды көрбөдү. Чоң атам Акун өтө мээнеткеч, ачуусу чукул киши эле. Бизди эптеп баккандардын бири – энем, бири – ушул атам.

Үйүбүз болсо топурактан согулган дубал, үстү чоң устун – карагай, анын үстүнөн жыгач-талдардан бастырып, үстүнөн топурак менен жаап, ичинен шыбап койгонду да билчү эмес элек. Жаан жааганда кадимкидей шарылдап үйгө суу агып турчу эле, анын үстүнө күл дагы, топурак дагы ыргытып койчубуз, ага карабай жаан жааган сайын тамчылай берчү, ошонун үстүнөн шыбап коюуга дагы акылыбыз жетпептир.

Эки атам тең 1916-жылкы Үркүндөн келгенден кийин Ак-Сууда туруучу – коңшу орустарга малай болуп иштешиптир, атам сүйлөсө эле: «Ибанке», – деп, ошол орусун мактап жатып калчу. Чоңоюп, эс тартып калган мен: «Ай, ата, малай болуп жүрүп, анын эмнесин мактайсың?» – десем: «Бөлкөгө (нанга) тойгузчу эле, орус балдарга сабатчу эмес», – деп ыраазы болуу менен жооп берчү. «Эмне иш кылчу элеңер?» – десем: «Чочкосун бакчубуз, малын карашчубуз, жер айдамай, чөп, эгин чапмай деген сыяктуу кара жумуштарын аткарчубуз», – деп айта турган. Кийин айылдан тыңыраак ат чыкса эле: «Ибанкенин айгырынын тукуму», – деп, өз малынын тукумундай кубана мактап кирчү. Эми ойлойм, ошондо малай болуп жүргөндө, оокат кылышты деле үйрөнүп алышса болмок экен. Мисалы, мен 1946-жылы окууну бүтүп, Фрунзеге кеткенче, айыл боюнча бир түп алма, өрүк дегенди көргөн эмесмин, кийин аталарыма: «Ошол орустун өрүгүнүн он чакты данегин алып келип огородуңарга сайып койгонду да билген жоксуңарбы?» – деп айтып калчу элем. «Анын данегинен өрүк чыгарын кайдан билдик», – деп, андан бетер таң калтырып сүйлөп коюшчу. Чынын айтканда, 1950-жылга чейин биз, кыргыздар, оокат кылуу, билим алуу жагынан өтө эле артта калган экенбиз.

Чоң энем Алтике өтө сонун, жоош, аз сүйлөгөн, укмуш киши эле. Анда бүт баарыбыз бир үйдө алдыга самандан чоң салып, үстүнө кендирдин жибинен жасалган жасалма ылантик, анын үстүнө эски кийизди жайып, башка жазданар жаздык дегенден эч түшүнүк да жок, эптеп жаман тигилген төшөктү жонго жамынып катар-катар түшүп жатып алчубуз. Чоң энем байкуш менден ажырабайт, эшикке чыксам кошо чыгат, жатканда экөөбүз чогуу жатчубуз. Эсимден кетпейт, бир түнү чоң атам Акун кеч келди, жатып алдык эле, келип жатып атып мени ыргытты: «Атаңдын көрүн урайын, тур мындай, ары барып жат», – деп. Өкүрүп ыйлап, ары барып жатып алдым, энем байкуш дагы унчуккан жок, кийин чоңойгондо түшүндүм эмне үчүн «ыргытканын».

Чоң атам Акун ден соолугу мыкты, күчтүү, кайраттуу киши болчу. Эсимде калганы, бизди өлтүрбөй баккан акыбеттин көбү – ушул кишинин эмгеги. Жазга жуук ачарчылык. Эски кырманга барып үймөктөлүп жаткан арпанын саманын эртеден-кечке чейин сапырып, бир чакага жетпеген арпаны таап келгени көз алдымда турат. Экинчи эсимде калганы, күзгө жуук картошка гүлдөп, эгин сарала болуп калганда, атам байкуш бир чоң тору атыбыз бар эле, ошону минип алып, таңга жуук колхоздун сарала болуп калган арпасынын башын оруп, чоң капка салып атына жүктөп алып келип бизди бакчу. Алып келгенде, ошол кабын көтөрмөк тургай, ордунан козголто албай койдум, ушунчалык оор, чала бышкан арпа да, анан атамдан: «Ата, мынча оор капты кантип атыңа артып салып аласың?» – деп сурасам: «Атымды тушап жыгып алып, анан капты арта салып минип келем», – деди. Үч-төрт күндөн кийин атам: «Атым ушунчалык эстүү ат болду, каптын жанына алып келип жыгайын дегиче, өзү жатып берчү болду», – деп аны мактап сүйлөдү. Мен ойлодум: «Ай, ата, калп айтып койдуң го?» – деп.
Кийин медицинаны окуп жүргөндө түшүндүм, шарттуу рефлекс деп коёт, мал болсо дагы, ал бир нече көргөнүн тез эле үйрөнүп кете турганын.

Атам кайраттуу киши эле дебедимби, баласы Мамаке армияга кетип жатканда, Пржевальскинин аягында пристандан пароход менен алып кетчү, ошондо жөнөөргө аз эле калган, учурашып калайын деп байкуш атам колхоздун жаман аты менен жетип келди. Эсимде, аттан түшпөй туруп: «Аман-эсен барып кел», – деп колум кармап, жөнөп кетти. Өлгүчө айылдын уюн кайтарып, бадачы болуп бизди бакты. Мамаке баласы армиядан келгиче, оор турмуштун айынан, карды толо аш ичпей жүрүп, 1943-жылы 78 жашында кайтыш болду.

Чоң энем Алтике байкуш көп кыйынчылыкты башынан өткөргөн киши экен, өлөр-өлгүчө ыйлап жүрүп кетти. Үйдө киши жокто эле ыйлай берчү. Бир күнү менин киргенимди байкабай калды, ошондо түшүнгөнүм: «Калича» деп эле ыйлап жаткан экен. Бизди көрсө, басыла калат. Бир күнү атам Мамакеден: «Энем киши жокто «Каличам» деп эле ыйлап отурат. Калича деген ким эле?» – деп сурасам, анын жөн-жайын толук түшүндүрүп берди. 1916-жылы Үркүндө Кытайга үркүп барганда, 14 жаштагы кызын ошол жердегилер бир чака талкан берип алып калышкан деди. Ошондо кайра келатканда энем байкуш жолдон нечен качып, боюнан түшүп, азап көрүп келген экен. Ошол кызын эсинен чыгарбай, өлгүчө ыйлап жүрүп кетти.

Анан 1947-жылы мен мединституттун даярдоо курсун бүтүрүп айылга барсам, кат келип калды Кытайдан, Үрүмчүдөн, ичинде сүрөтү бар, кемпир-абышка, үч-төрт кишилери менен кыргызча жазылыптыр. Атама: «Бул ким?» – деп көрсөтө койсом, ал тез эле: «Мобу кемпир – менин карындашым Калича», – деп тааныды. Жанында отурган абышкасы, тургандары, балдары экен, кат жазган да ошолор, ал жылдары Кытай менен биздин өлкөнүн мамилеси оңолуп, Кыргызстандан мугалимдерди да жибере башташкан убакыт эле. Эже байкуш кыз эмеспи, кичинесинде калса дагы унутпай жүрсө керек, мугалим келди дегенди угуп, ошол мугалимге барып таанышып, атайын келип: «Мен Кереге-Таштан Акундун кызымын, бир тууганым Мамаке» – деп түшүндүрөт. Кудай жалгап, тилчи мугалим буларды тааныбай, Мамбетти тааныймын деп, ошол жигит кат жазып берет.

Эже бизге салам айтып, аманчылыгын билгизип: «Турган – абышкам, булар – балдарым, буюрса, уруксат сурап жатабыз, берсе, барып учурашып келели деген үмүтүбүз бар» – деп, деле жүрөк-көңүлдү эриткен бир туугандык жылуу-жылуу сөздөрүн айтып жаздырган экен. Энем байкуш кызынын аманын билбей кетти, анан канча жылдан бери Каличасынан биринчи жолу кат келгенин да билген жок. Чынында эле, ага чейин эч кимибиз анын аман-соосун билген эмеспиз. Андан кийин Кытай менен биздин байланыш жакшы болбой калды, ошол бойдон эжеден эч кандай кабар болгон жок.

Ошентип жүрүп, төрт жыл мурда – 2008-жылы Үрүмчүдө хирургдардын чоң жыйыны болуп, ошого чакырылып барып калдым. Бизди ушунчалык урмат-сый көрсөтүп тосуп алышты, беш жылдыздуу мейманкананын люкс номерине жаткызышты. Мага казак профессору Серик, анан бир кыргыз врач кызды бекитип койду. Күн-түнү менен ошолор ээрчитип көрсөтүп, түшүндүрүп жүрүштү. Кыргыздар жашаган Кызыл-Суу Кыргыз районуна да самолет менен учуп бардык. Үрүмчүдөн алыс, эки саатта жетет экен. 140 миң кыргыз жашайт. Турмуштары ушунчалык оңолгон, мени космонавттарды тоскондой эле тосушту, өтө көп эл чогулган. Кечинде өзүнчө конок кылып, чоң концерт беришти. Эми артисттеринин үнү, кийген кийим-кечеси көргөн адам суктангандай. Азыр врач жетекчилери дагы өзүлөрүнөн – кыргыздар экен. Губернатору түшүнүгү кең, терең маданияттуу адам болуп чыкты. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүн башкаргандардын бизге көз карашы абдан түз, эмне сурасак, сурабасак дагы жардамын өз убагында берип турат дейт. Бирок окугандары кытай тилинде экен, сүйлөгөнү баары бизче – кыргызча, ошондой болсо да биздин тамга менен жаза алышпайт.

Губернатор айтып берди: «Мамбет агай, турмушубуз жакшы, кыргыздар жакшы эле жашап жатабыз», – деп. Бир мисал, Кызыл-Сууда, райондун борборунда 200 кыргыз бала интернатта жатып окуйт экен, кийим-кечеси, тамак-ашы, окуусу бүт бекер – өкмөттүн эсебинен. Дагы айтканы, менден сурайт: «Мамбет агай, силер эмне болуп жатасыңар, биз бул жакта уялып, жер карап калдык», – деп. Эмне дейм, чынында эле алар эмес, биз, түшүнгөн кыргыздар, бүт дүйнөгө атыбыз таанылып, шерменде эле болуп калбадыкпы.

Ошентип жүрүп, Калича эжем эсиме түшө калып, ээрчитип жүргөн кызыма, дагы бир топ кытайлык кыргыздар турду эле, кеп салып калдым. «Ушул жакта менин эжем калыптыр, дайынын билбейбиз», – десем, жаңкы врач кыз: «Мамбет агай, мен эне-атам менен Үрүмчүдө жашайм, барганда үйгө чайга чакырам, атамдын жашы 80ге жакындап калды, санжыраны, айрыкча, бул жакка келген кыргыздарды жакшы билет. Атама айтып көрсөңүз», – деп сунуш киргизди. Чынында эле, Үрүмчүгө келгенде чакырды, ата-энеси бар экен, атасы арыкчырай, сүйлөгөн сөзү түзүк киши, сүйлөшүп отуруп: «Менин эжем Үрүмчүдө, ушул жакта калыптыр, ошондон бери бар же жок экенин билбейбиз», – деп сурап калдым. «Аты ким эле?» – деди. «Аты – Калича», – десем: «Акундун кызыбы? Мамакенин карындашыбы?» – деп кайра суроо берип, мени таң калтырып салды, укмуш адам экен. Илгери Үркүндөн барган бечара кыргыздардын көбүн билет. Себеби өзү дагы Үркүндөн барган адам экен. Айта баштады, ал эжең 83 жашында каза болгон, абышкасы дагы каза болгон, азыр эки баласы бар, бирөө 78ге барып калды, көзү көрбөйт, көп болуп калды деп. Экинчи уулу 73төргө келип калыптыр, анын жети баласы бар болуп чыкты. Алар турган жердин жолу татаал, алыс, тоонун арасында болгондуктан, барып-келиш жагы өтө эле кыйын, кабар кылыш үчүн эле 3–4 күн керек болот деп жайма-жай отуруп түшүндүрүп берди. «Ка-ап, кезиксем болот эле!..» – деп өкүнүп калдым. Кийин, ортодон үч ай өткөн соң, ошол кишинин кичүү кызы бизге, университетке эки айга стажировкага келген экен, баягы айткан эжемдин балдарынан кат алып келиптир. Мен кеткенден кийин кабарлашыптыр, ушундай таякеңер келип кетти деп. Катты окуп алып, абдан толкундандым – ушунчалык жүрөк титиретээрлик жазылыптыр. Кезикпей калгандарына өтө кейип: «Келээриңизди билгенде, Үрүмчүдөн бир ай болсо дагы күтүп, тосуп алат элек», – деп жазган сөздөрүнө өтө ыраазы болдум. Мен буларды эмес, Калича эжемди дагы тааныбайт элем. Мына ушундай байкуш кыргыздар эмнелерди көрбөдү, эмнелерди башынан өткөрбөдү?!

Ошентип, бала чагым өтө оор болду, ойлочумун, ушундай турмуш менен жашай беребиз го деп. Себеби Кереге-Таштан ары-бери чыкпайсың, жанындагы Ак-Сууга бара албайбыз, анда жаман орустар жашоочу, баргандан коркчубуз сабап коёт деп.

1941-жылы согуш башталды. Турмуш дагы мурункудан өтө начарлады, эркек аттуулар армияга кете баштады. Айылда кемпир-абышка, балдар, аскерге жарабаган оорулуу, көзү көрбөгөн, кулагы укпаган анча-мынча эркектер калды. Анда машина, трактор деген жок, колхоздун негизги тиричилиги – апийим, арпа, буудай, картошка, чөп, мал чарбачылыгы эле. Болгон жумуштун баары: чөп чабуу, эгин оруу, айрыкча, апийимдин түйшүгү өтө машакаттуу, кыйын иш эле – ушунун баарын кол менен иштечү элек, кыймылдаткан күч аялдар жана жаш балдар болчу. Апийимдин отоосу тозоктун тозогу экенин баса белгилеп айтайын, мен анда кичинемден тартып, институтту бүткөнгө чейин иштедим. Арасындагы чөбүн кетмен, табке менен эртеден-кечке отойбуз, бир жумадан кийин дагы жабылып чыгат. Ошондо ойлончумун, бир чаап – отогондон кийин дагы эле жабылып чыгат, бул кандай жандуу чөп деп. Көрсө, биз жердин үстүнө чыккан – көрүнгөн чөптөрүн гана үстүртөн чаап кете берчү экенбиз, отогондон кийин таптаза болуп калчу, анан кайра эле жабылып чыгат. Чөптүн тамыры жердин астында көрүнбөй калып, кайра чыга берет тура. Түшүнгөн же түшүндүргөн киши болуп: «Ай, бала, бул чөптүн тамырын кошо албасаң, чыга берет», – деп эскертип койсо эмне. Кийин түшүндүм, бир отогондо эле тамыры менен кошо алып тазаланса, экинчи ал чөп чыкпасын.

Ошентип, бир иш менен бүтчү жерди биз түшүнбөстүк менен 3–4 жолу оточубуз, анан апийимдин экинчи тозогу – бул кесе баштагандагы жумушу. Текши гүлдөгөндө, апийимдин талаасы ушундай кооз, укмуш көрүнчү эле. Гүлү түшкөндөн кийин кесе баштайбыз, кескенде өзүнчө бычагы болоор эле, ошону менен түштөн кийин, күн салкындаганда кесчү элек. Күн ысыганда кескенде, кечке чейин сүтү катат, уюп, эртеси кырганда жабышып-булгап, бир топ убара кылат, кесип бүткөндөн кийин, эртеси таңга жуук күн чыга электе кырыш керек, күн чыкканда кырып бүтүп калыш керек. Ысык-Көлдө апийим менен көп жыл алек болдук.

Адегенде апийимдин эмнеге, кимге кереги бар экенин түшүнчү эмес элек. Анда сураган, кайтарган, текшерген киши жок эле. Кырып келип, каалаган убакта өткөзүп койчубуз. Кийин эле апийимдин баркы, баасы көтөрүлүп, укмуш болуп кетпедиби. Канчалык адамдар өмүрүнөн ажырап, канчасы түрмөгө отуруп келишти. Кийин кайтаруу өтө катуу болду, ошого карабай уурдачу болду. Эми азыр айдалса, менимче, пулемёт менен кайтарса дагы алы келбей калды го.

Институтту бүткөндөн кийин, 1952-жылы үйлөнүп, турмушка тыгын болоор деп өз алдымча каражат табууну ойлоно баштадым. Элдин жашоосу өтө начар эле. Эне-атамдан жардам жок, үйгө келээр замат апийимге жумушка чыктым. Келишим менен бир кило апийим өткөзсөң – 100 сом, эсимде жок, 16 кг буудайга барабар болсо керек. 15 жашар жумушка укмуштай бышкан, акылдуу карындашым бар эле. Ошол карындашым Урупай экөөбүз 9 кг апийим өткөздүк.

Урупай карындашымды бул жакка алып келели деп жатканбыз кетээрде. Башкармага кирдим, ал – Дүйшөналы деген биздин айылдык, мага кайнагалык жайы бар, мурда райондо иштеп жүргөн киши эле. Келсем, 900 сом бермек: «Ой, бала, сен калың төлөп жүрөсүңбү, ушуну менен кутулуп алчы», – деп 300 сомумду бербей койду. «Ой, аба, институтту жаңыдан бүтсөм, үч киши кетип баратабыз, калыңды кийин мен тыңыганда берейин», – десем дагы болбой, бербей койду. Ичимден акмак киши экенсиң деп, айла жок кете бердим. Кийин апийим кесээр алдында Акпака деген сыйкырланчу жерибиз бар, ошол жерге бир ак боз бээни сойдуруп, канын чачып, айылдын молдосун алып келип, «Ак боз аттын каны урсун!» дедиртип, колдоруна куран карматып, элдин баарын бирден чубатып өткөрөт. Түшүнгөн комсомол балдар куранды кармабай, биздин куран бул деп комсомол билетин көрсөтүп өтүп кетишип, туура эмес иш кылып жаткан башкарманын кылыгы жөнүндө райкомго кабар беришип, алар жетип келип үстүнөн чыгып, башкармалыктан алып салат, ошол бойдон көргөн жокмун.

Бир топ жылдан соң, мен врач, профессор болуп калганымда, биринчи «Москвич» сатып алып, үйгө баратып Ак-Суунун борборундагы базарга токтосом, машинама толтура биздин айылдын аялдары түшүп алыптыр. Биринин үстүнө бири отуруп, мен: «Ой, бул өгүз араба эмес, үчөөң кал, калганың түшкүлө», – деп түшүрүп жатсам, ошол таяк таянган, кейпи кеткен «башкарма» учурашып: «Мамбет балам, оорукчан болуп калдым, өзүңө барып көрүнөйүн дедим эле, жардам кылсаң, айланайын», – деп айтканда эле көзүмө көрүнө түштү жасаган мамилеси. «Каалаган убактыңызда келе бериңиз, эсиңизде болсо керек, ошол 300 сомду ала келиңиз», – деп тез эле жооп бердим. Жаман болуп, айланып басып кетти, ошол бойдон келген жок, өлдү деп уктум.

8-классты бүткөнчө өзүбүздүн айылдан окудум. Андан ары 10-классты кошуна айылда – Сары-Камышта орто мектеп ачылып, ошондон бүттүм. Бери жагы биздин айыл, ары жагы Кайырма-Арык, Жергез деген айылдардын ортосу деп Сары-Камышка орто мектеп ачылган. Биринчи бүтүрүүчүлөрдөн болуп 10 бала 1946-жылы бүттүк.

Кереге-Таштан: Бекболотов Абды, Кулукеев Аалы, Саякбаев Турду. Кайырма-Арыктан: Султанбаев Асанбай, Дүйшөнов Темир. Сары-Камыштан: Коноев Султан, Субанбеков Жүрсүн, Мамыркалиев Жангазы, жалгыз кызыбыз – Эшмухамбетова Зайнап бар эле.

1943-жыл, уруш жүрүп жаткан убак. Кез-кези менен өлгөн адамдарды угузуп, ызы-чуу түшүп ыйлап, жашы жеткендерди армияга алып кетип жатышты. Айылда элдин турмушу абдан начар, ошол начарлыкка карабай, урушка, армияга эмне керек болсо, аткарууга эл даяр эле. Ойлойм, ошондогу элдин аң-сезими азыркыга караганда өтө жогору экен деп.

Айтпадымбы, өрөөн боюнча биз кедейдин кедейи элек. Мамаке армияда, колхоз бизге үч саан эчки берди, ушуну саап ичип жан баккыла деп. Катыра саап, улагына эмизбей жатып, бирөөнүн улагы өлүп калды, энеси тез эле семире баштады, күндүз бада катарында талаага кайтарып, кечинде айдап келет. Күз келейин деп, картошка гүлдөп, арпа сарала болуп калган, үч эчки эки улагы менен биздин үйдүн ортосунда жатат. Бирөө уурдап кетпесин деп жаныбызга алып жатчу элек, дат баскан жаман калай лампабыз бар, ошого керосин куюп, жүндөн беш бурап ошол бүлбүлдөп күйүп тураар эле.

Бир күнү эле түн ортосу ченде энем байкуш мени жулкулдатып ойготту: «Тур тез, бир эчки жок», – деп. Кечке колхоздун чөбүн чаап, чарчап келип катуу уктап жаттым эле, болбой эле тургузду, карасам, чын эле баягы улагы өлүп калган семиз эчки жок, тышка чыктым. Ары-бери бассам тымтырс, көчөнүн башына чейин, андан жогорку көчөгө түшүп, ары жак-бери жакты карап тыңшап чуркап келатам. Эчтеке сезилбейт. Кайра үйгө келип, эч жерде эчтеке сезилбейт, элдин баары уктап жатат дедим. Тышта энем экөөбүз ойлонуп туруп калдык. Эмне кылабыз, кайдан издейбиз? Ошентип туруп оюма келе түштү, биздин үйдөн бир үй ары бурчта Дөөлөтпай деген бир көзү жок, армияга барбай калган киши бар эле. Бул киши огородун күрөк менен жандан мурун айдап, картошкасы эрте гүлдөп, ошол огородунун четинде кайтарып жатканын көргөн болчумун. Ошол эсиме түшө калып, чуркап барсам, жок, көрүнбөйт, үйдүн ичинен эле эмчектеги баласы ушундай ыйлап жатат. Ал убакта эшикти кулпулоо деген жок. Эшигине жакындасам, Дөөлөтпай баласын көтөрүп чыгып келатыптыр, мени көрө коюп чочуп кетти. Мен: «Бир эчкибиз жок, тышта жатчу элеңиз, байкаган жоксузбу?» – десем, Дөөлөтпай: «Мен азыр», – деп эшикке чыкты, анан: «Бошонуп кеткендир, кудай алмак беле, эртең жарыкта табылаар», – деп кыйкырып жатканда, андан 4–5 үйдөн кийинки, четки үйдөн жарык жылт этип эле жок боло түштү. Ал Касий деген аксак абышканын үйү эле, мен түшүнө коюп: «Ырас эле, жүргөндүр, эртең издейин», – деп үйгө чуркадым. Огороддун башы менен чуркап отуруп, Касийдин жаман үйүнө сарайдын артынан секирип чыгып, морду жыттасам, бетиме ысык түтүндүн илеби урду. Чуркап түшүп үйүнө кирип баратсам, Касий абышка көчө жакта, тоок сарайынын үстүндө көчөнү кайтарып отуруптур. Мени көрөөр замат кайра качты. Эшигин ачып кирип барсам, эттин жыты бур эте дей түштү. Касийдин кемпири от жагып жатыптыр. Дөөлөтпайдын аялы, ал дагы бир бутунан аксап басчу, уурдап барган ушул Мээркан экен, бакырган бойдон: «Өлдүк!» – деп чалкасынан кетти. Күйөөсү армияда жүргөн келини төрдө кетмен менен кан болгон жерди сүрүп тазалап жатыптыр.

Мен сөзгө келбей эле, казандан колума тийген бир жиликти көтөрүп алып тышка чыга качтым. Жаман оюм, мени дагы бирдеме кылып жайлап салабы дегенсип, энемди ээрчитип, кошунабыз Жумадыл таяке армиядан келген, аны ойготтум, оорукчан, мурун актив болуп жүргөн, армияга алынбай калган Акпай деген кишини да ойготуп, ал-жайды түшүндүрүп бердим. Экөө тең: «Ай, бала, азамат, кантип таап алдың?» – деп эле таң калып, мени аябай мактап жатышты, туруп кеңештик. «Ай, бала, азыр уурулардын үйүнө барып эти менен силердикине алып келели» деген чечимге келишти. Мен андайды мурун көрбөсөм: «Өзүңөр билгиле», – дедим. Барсак, Дөөлөтпай – уурдап келген Мээркандын абышкасы кирип отурганда эле, бая мени менен барган экөө: «Ай, бала, бышып калыптыр, ушул эле жерден жейли», – дешпеспи. Эми баары ачка – ачарчылык эле да. Мен дагы кайрадан: «Өзүңөр билгиле», – дедим. Уурулар: «Ары, өйүзгө отур», – дешти. Этти алып келгенде, туура жарымын салыптыр, тиги менин кишилерим: «Эми калган чийки этин алып келгин», – дегенде, сарайына терисине ороп көөмп койгон экен, алып келишти. Аны менин алдыма коюшту. «Муну алып кет. Эртең менен булардын бир эчкисин алып беребиз», – дешти. Жеп тоюп алдык.

Тигилер: «Иттик бизден кетип калды, кечирип койгула, суранарыбыз, эч кимге айтпасаңар, ушул эле жерде калсын», – деп жалынып-жалбарып жиберишти. Убада кылдык, эч кимге айтпайбыз, эч кимге арызданбайбыз деп. Бери чыгып келатсак, жаңкы сокур Дөөлөтпай мага: «Ой, жээн, ушул эчкиңдин терисин маа бере көр, шым кылдырып алайын», – деп кыйкырып жатпайбы. Ошондо эле түз көзүнө айткан мүнөзүм бар эле: «Ошол шым жасатайын деп аялыңа уурдаттың беле?» – деп кайра катыра жооп бердим.

Таң аткыча чуркап жүрүп, эртең менен катуу уктап калган экем, күн чыга жаздап калыптыр, бирөө тамга жабыштыра бир тепти, дагы эмне болуп кетти деп ыргып тура калсам – маңдайдагы кошуна Жумалы деген сакалдуу киши, кулагы укпайт, армияга алынган эмес, сүйлөй албайт, ачуусу ушунчалык келген – дагы качырып келе жатат. «Ой, сизге эмне болду?» – десем, эне-атамдан эчтеке калтырбай сөгүп кирди: «Эчкиңди уурдаган ууруларды мага эмне үчүн айткан жоксуң?» – деп. Кулагынын укпасы эсиме түшө калды. «Ой, таяке, эшикти тепкилеп жатып ойгото албай койбодумбу», – десем, эс алып тура калды. Бул кишинин аларга ачуусу келгени, жаңкы Касий деген абышка ушул кишинин инисин тоогумду уурдадың деп сельсоветке айдатып убара кылган, ошол эсинде экен.

Чынында, Жумалыны алпарсам, чоң чатак чыкмак. Эртесинин эртеси Касий абышка мыйрыңдап көчөдөн өтүп баратса, Жумалы баса калып өлтүрүп коё жаздаган, «Сен менин инимди тоок уурдадың деп жаман атты кылдың, а сен эчки уурдайсың!» – деп. Мен карындаштарыма: «Эртеси бададан эчкилер келатканда, булардын бир жакшы эчкисин кармап алгыла», – деп эскертип кеткен элем. Кечинде жумуштан келатсам, Дөөлөтпайдын балдары, алар кайдан билсин, эчкисин бербей, менин карындаштарымды сабап жатыптыр, мен көрө коюп үстүнөн чыгып, тиги балдарды бир топ бакырттым, жайлап жибердим. «Эмне үчүн биздин эчкини аласыңар?» – дейт. Мен: «Барып эне-атаңардан сурагыла эмне экенин», – деп жаактарын бастым. Кийин таң калганым, үйдө ажаан куу канчыгыбыз бар эле, чоочун кишини жолотчу эмес, кандай үрбөй калды дейм да. Көрсө, Мээркан жеңе биздикине келип, жаргылчагыбыз бар эле, ошого талкан тартып кетчү, мурунтадан ойлонуп даярданып жүрсө керек, ит деле ачка да, талкан тартып отуруп улпагынан берип үйрөтүп алыптыр, ошон үчүн ит үргөн эмес. Мына, уруштун, жокчулуктун бир кесепети!

Түшкө чейин окумай, түштөн кийин колхоздун жумушунда болчубуз. Жумушту укмуштай иштечү элем. Бир эле мисал, чалгы менен күнүнө 60–80 сотых жер чабам. Колхоз күнүнө үч аяк суюк жарма берет, мага эки-үч норма аткарат деп беш аяк (чоң кесе) жарма берет. Азыр мынчалык жерди 5–6 киши дагы чаба албайт. Кийин доктур болгондо отпускага барсам, атам байкуш чалгысын алып кетип баратат. «Ата, кайда?» – десем: «Чөп чапканы», – дейт. «Азыр, мен дагы чалгыны алайын», – деп артынан бардым. Төш жакка атам кетти зуулдата чапкан бойдон, мен бир чаап эле демим кыстыгып, узай албадым, атам байкап, кайра келип: «Кой, балам, мен өзүм чабайын», – деди.

Жумушту укмуштай иштедим дебедимби, кайсы жумуш болбосун. Ошентип, башкарма, калган активдер 9-классты бүткөндө, мени күзүндө, эгин жыйыла баштаганда кырман башчы кылып шайлашты, менин милдетим – эгин бастырмай, тазаланган эгинди күнүгө жөнөтүп, мамлекетке өткөрмөй. Ал убакта мындай кызматка жетиш оңой эмес эле. Экинчи жагынан, эптеп эгин жыйнап үй-бүлөнү багыш керек болчу. Окууну унуттум, окубайм дедим, окуу башталганына 10–15 күн өтүп кетти. Бир күнү эле Сары-Камыш айылы жактан бир атчан киши келе жатат, анда машина деген жок, алыстан атчан киши келатса көрүнчү эле, жакындаганда карасам, менин директор агайым Токоев Касымбай экен. Келип, самандын түбүнө түшүп, мени менен сүйлөшө баштады. «Окуунун башталганына эче күн болду, эмне окууга барбай жүрөсүң?» – деди. Мен: «Агай, окууну бүттүм, окубайм, мындай кызматта иштеп көргөн эмесмин, менин максатым – бөбөктөрүмдү, үй-бүлөнү багышым керек, атам армияда болсо», – деп жүйөмдү айтсам, агайым: «Ай, бала, сен эле кыйналып жатыптырсыңбы? Бүт эл-журтка келген кыйынчылык бул. Уруш деле бүтөт. Андан көрө окууңду бүтүп, аттестат алып ал», – деп алда немедей сабырдуулук көрсөтүп сүйлөдү. Мен дале көгөрүп: «Жок, агай, окубайм дедимби, окубайм!» – деп кескин жооп кайтардым. Аягында, ал: «Эсиңе кел, акмактанба, бир убакта эсиңе келип, «Кап!» дебе, анда кеч болуп калат», – деди. Мен көгөрүп болбодум. «Ойлон», – деп коюп кетип калды.

Беш күндөн кийин дагы агайым келди, анда орой жаным: «Мага эмне эле жабышып калдыңыз? Окубайм!» – деп дагы кайра узатып жибердим.

Ошондон үч күндөн соң биздин айыл жактан дагы бирөө чаап келе жатат, жакын келгенде тааныдым, Чаки деген арык тыртайган, үнү ачуу абышка бар эле, ошол экен. Бул келе жатканда түшүнчүбүз, же бирөөнү армияга чакырып, же өлгөн адамдын кагазын алып келчү, ошон үчүн бул абышка суук көрүнчү. Аттан түшпөй туруп: «Ай, бала, бери кел», – деди. Чуркап барсам, повестка берип: «Сени эртең районго чакырып жатат, эки жылга Кеминге барып коргошун казат экенсиң», – деп атпайбы. Эсим оой түштү. Үйгө келип, үйдөгүлөргө айтсам, баары ыйлап киришти, эми биздин күнүбүз эмне болот деп.

Эртеси, анда жөө эле жүрчүбүз, Ак-Сууга жөө барсам, райисполком чакырткан экен, бир чоң эски клубга район боюнча 200 бала чогулдук. Райисполкомдун төрагасы Кокоев Сары деген ушундай сулуу, сонун киши: «Кан төгүлүп жатат, акыбал өтө оор, ишке жараган эркектер армияда, ошолорго жардам керек. Силер 2 жылга Кеминге барып, коргошун казган жерде иштеп, армияга жардам кыласыңар», – деп бизди чакырган жагдайды кенен түшүндүрүп айтты. Анда «барбайм» деген сөз жок эле, эки күндөн кийин даярданып ушул жерге келгиле деп таратып жиберди, кетип баратсам: «Ким Мамакеев?» – деп сурап калды. «Мен», – десем: «Сен мага кирип кетчи», – деди. Чуркаган бойдон артынан кирип бардым. Отургузуп, түз эле: «Эмне үчүн окубай жүрөсүң?» – деп суроо берди. «Агай, атам армияда, чоң атам, энем менин колумда, бөбөктөрүм көп, өтө кедей үй-бүлөдөнбүз, ушундай ишке ишенип койгондон кийин окубай эле коёюн дедим эле»,– десем, бул агай дагы акыл-насаатын айтып: «Мен сени калтырайын, окуйсуңбу?» – дейт. Сүйүнүп кетип: «Агай, азыр эле окуума барайын»,– десем, күлүп: «Бир-эки күндөн кийин бар, бул балдар атаандашат, эки күн көрүнбөй туруп, анан бар», – деди.

Эки күн огороддун башында чоң калың кендирибиз бар эле, ошонун арасында сойлоп жатып, эки күндөн кийин окуума жетип барсам, директор агайым ачуусу келип: «Эмне келдиң? Сен мен эки жолу барсам дагы болбой койбодуң беле, же сени бирөө коркуттубу?» – деди. «Жок, агай, өзүм эле окуюн деп келдим», – деп шылкыйдым. «Акмак десе, болуптур, окуй бер», – деп койду.

Кийин уксам, байкуш агайым, айласы кеткенде райисполкомго барып сүйлөшүп, ушинтип коркутуп алып келип бербесең болбой койду дептир. Ушул агайыма өмүр бою ырахмат, менин киши болушума, ушундай даражага жетишиме биринчи себепкер болгон – агайым.

Токоев Касымбай агайым мени артымдан кубалап жүрүп окутту дебедимби, же бул агайым менден бирдеме чыгаарын сезгенби, билбейм. Өмүрү кыска экен, 53 жашында кайтыш болуп кетти. Институтту бүткөндөн кийин мен ушул агайымдан кол үзгөн жокмун, барган сайын кезигип турчу элем. Кайтыш болгондо бара албай калдым, кабар берилген жок. Кемпири ушул күнгө чейин тирүү, Бишкекте инисинин кызы менен турат экен, колумдан келген жардамымды берип турам.

Ошентип, 8-класстан тартып, Сары-Камыш орто мектебинде окуп жүрдүк. 8–9-класстарда экенде 3 км жерге жөө барып келип окуйбуз, кийим деген жок, тон, тери шым, кийиз өтүк, жамаачы чокой. Жер кургакта, кар чоң жаап, суукта эчтеке эмес, анан март айынан ала-шалбырт башталганда, ошондо көрчү элек тозокту. Үйдөн чыкканы мен бир боо кургак саманды колтуктап ала чыгам. Бир аздан кийин эле таман чылпылдап кетет, суу саманды алып салып, кургак саманды сала коюп, дагы бир топ жерге чылангыча чуркап, мектепке жеткиче төрт жолу алмаштырып барчу элем. Кийин врач болгондо түшүнгөнүм: ошондогу биздин организм – чың организм, мыкты ден соолук болгон! Ооруп калуу деген жок эле, ошондо эле Кудай таалам жардам берип, шорубуз чыгып кетсе керек.

10-класска жеткенде интернат ачылып, ошол жакка тамак-аш берип жатып калдык. Ошондогу окуунун сапаты тууралуу айтсам, жогорку же орто билимдүү бир да мугалим жок экен. Окуу китеп, сыя, дептер дегенди көргөн жокпуз. Жаңы дептердин ордуна эски китептерди пайдаланып, сыянын ордуна өзүбүз күзүндө бөрү карагаттын ширесин сыгып алып, ошону менен жазчу элек.

1943-жыл болсо керек, күзүндө эгинди Караколдун аягындагы эгин төкчү жерге ат араба, өгүз араба менен алпарып төгүп турдук. Биздин айылдан 12 арабакеч өңчөй аялдар, жаш балдар элек, ушул арабакечтерге мени бригадир кылып коюшту. Анда бригадирди районго алпарып, милициядан, прокуратурадан зыкып бекитчү. Пристанга төкчү жерге барганда, өзүбүздөн чоң кап эгинди майышып-тырышып жатып көтөрүп төкчүбүз. Кийгеним – туш-тушунан жамаачы салынган жаман шым, энем байкуш күнүгө тигип берет, күнүгө айрылат, себеби чүпүрөктүн сапаты эскирип, жарабай калган.

Бир күнү Ак-Суу айылынан өтүп баратсам, эсимде, Имаке деген сакалдуу киши көчөдө токтотуп алып, кадимкидей ыйлады: «Айланайын, балам, балдарым ачкадан өлгөнү жатат. Колуңдан келсе, жардам кыл», – деп. Боорум ооруп: «Болуптур, аракет кылып көрөйүн»,– деп, эртеси бир мүшөк арпа бердим. Имаке: – Ырахмат,– деп жүнү алынбаган, бир тери шым берди, ошону кийип алып, көчүгүм жабылып жыргап эле калдым. Бир аздан кийин жыргаганымды чыгара баштады. Күн ысык, тердетип, думбалап дегендей, баса албай калдым, кечинде үйгө келип, энеме чечип карматып: «Эне, мунун азабы өттү, ушунун жүнүн алып берчи», – деп алдырып салып, эртеси кийип алдым. Эми дагы азабымды берди, отурсам-бассам кыркылган кыска жүнү этимди сайгылап, бастырбады. Айлам кетти, ойлонуп отуруп, аңтарып жүнүн сыртына каратып кийип алдым, жыргап эле калдым, ошентип, көчүгүм жабылып жүрдү.

Дагы эсимде калганы, ошол эле убакта айылга согуштан майып болуп келген бирден-экиден адамды бөлүштүрүп берчү. Өтүп баратсам, Бешкемпир деген абышканын үйү болсо керек, мал багат, үйү бош, ошол үйгө бир буту жок чолок орусту аялы, үч кызы менен киргизип коюптур, ал орус эки балдак таянып кадимкидей ыйлап: «Айланайын, ачкадан өлүп бара жатабыз, жардам кыл», – деп жалооруп кайрылды. Боорум ушунчалык ачыды. «Макул, ал түндө аракет кылып көрөйүн», – деп кетип калдым. Эгин төгүп, бир мүшөк буудай, бир кап арпа менен келатам, түнкү саат бирден өтүп калган, күн бүркөк, караңгы көзгө сайса көрүнбөйт, үйүнүн жанына токтоп, мүшөктөгү буудайды көтөрүп чуркап кирип үйүнө төгүп салып эле, кайра чуркап чыктым, бир-эки эле мүнөт өттү го арадан. Арабама чуркап келсем эле, арабанын үстүнө бир киши отуруп алыптыр, жүрөгүм түшүп калды. Таң каларлык: асмандан түшө калгандай же ошол жерде мени аңдып тургандай. Көрө коюп, баспай туруп калдым. Тиги киши: «Бас бери!» – деп каптан арпамдын оозун ачып сураганы: «Кайда кирип чыктың?» – дейт.

Кудай жалгап, оруска берген буудайды билген жок, көрсө, колхоздун бухгалтери – атам менен жашы тең Асанбек Чокоев деген сакалдуу киши экен. «Аба, заара кылып келдим», – деп койдум. Арабага түштүм. «Айда», – деди. «Кайда?» – десем: «Менин үйүмө», – деди. Үйүнө айдап бардым, «Арпаны түшүрүп, үйүмө киргиз», – деди эле, киргизип бердим. Кайра арабага түштү: «Айда», – деди. «Кайда?» – десем, «Кырманга», – дейт. Кырманга барып аттарды чечтирди, бирөөнө мин деди, миндим, өзү учкашып алды, кайра айылды көздөй жүр деди, келатабыз. Мени менен теңтуш арабакеч Сарыбаш, Мухамед, Ишен, дагы бир үч-төртөө үйлөрүнө кетишкен, ошолордун үйлөрүнө алып барды, аларды тургузуп сурай баштады. «Мамбет айтты, алып келген эгиндерди алып чыккыла», – деп. Мен: «Калп айтат, булар эчтеке алып келген эмес!» – деп кыйкырып жибердим. Артымда учкашып келатып: «Жаңкы жаныңдагы балдар бирөөгө мактанат экен, Караколго барганча эгин саттык деп, ушул чынбы?» – деп сурап жатпайбы. Мен унчукпайм, чынында, андай болгон эмес, сатмак турсун, түшүбүзгө да кирген эмес. Унчукпасам: «Ай, эмне унчукпайсың, чын беле сатканыңар? Сатсаңар дагы ичиңерде эле болбойбу, жар салбай», – дейт. Мен: «Ой, аба, эмнени сурап жатасыз? Андай болгон эмес», – деп жооп берем. Кыдырып бүтүп, түнкү үч болуп калган, үйүнө түшүп калып, кете бер деп коё берди.

Сарсанаа болуп бүттүм, ошондо 12 кг буудай үчүн эле 2 жылга кесилип кетишчү. Эртеси түш ченде шылкыйып үйгө келатсам, контордон мени кармаган Асанбек бухгалтер чыга калып: «Ай, бала, бери кел», – деп конторуна алып кирди, эки барак кагазга жазган экен, үстүн басып алып окутпай: «Кол кой мобу жерге», – деп аягын көрсөттү. «Ай, аба, бериңиз, мен окуп чыгайын», – десем: «Окубайсың, кол кой дегенден кийин койбойсуңбу», – дейт. Ошондо эле оройлугум – түз урмай жерим бар экен, мени баласынтып, кемсинтип жатканына ачуум келе түшүп, кагазын алып тытып-айрып салып, басып кеттим. Артымдан чыгып: «Мен сени Сибирге чиритем», – деп кыйкырды. «Чирите албайсың, энеңди ал», – деп, арабама түшүп кете бердим.

Кечинде активдер – башкарма Муса деген чала сабат, атам Мамаке менен теңтуш киши эле, армияга алынган эмес, оорукчан болсо керек эле, парторг, армиядан келген кампачы Самсалы, бригадир Жумалы – конторго чогулганда, бухгалтер Асанбек буларга баарын айтып берет. Ушинтип кечээ түнү бир кап арпа уурдап келатканын кармап алдым, уруш жүрүп, кан төгүлүп жатса, бул жакта минтип чыккынчылык жасап, ууру кылып жатса, мындайларды сотко берип, каматып-жоготуш керек дейт. Самсалы өтө эстүү, адамкерчиликтүү адам эле, ошол жерден: «Карап көрөлүчү квитанцияларын» – деп сураптыр. Себеби мен бригадир катарында күнүгө 12 арабанын эгинин өткөзүп, ар бир арабага 6 центнерден буудай батчу, документин алып келип тапшырам. Бир жеринде чатак жок, ашып калды, кемип калды деген сөз жок. Көрүп туруп, Самсалы айтыптыр: «Документтери таза экен, атасы армияда жүрсө, бөбөктөрүн эптеп багып жатса, бул арпаны уурдап алдыбы, сурап алдыбы же таап алдыбы – биздин эмне ишибиз бар, ызылдатпай тим эле койбойбузбу?» – деп. Анда закон күчтүү, законго таяп, дагы Асанбек: «Ууруну жашырабызбы? Болбойт, жазалаш керек», – деп көгөрөт.

Эртеси бригадир Жумадыл, аны таяке деп койчумун – кезигип баарын айтып берип: «Сени арабадан – бригадирликтен алып салды. Арабаңды Исмаилге бер»,– деди. – Макул дедим, Исмаил мени менен теңтуш эле – издесем, көрүнбөйт. Кайра кырманга барып, дагы буудай салып төккөнү айылга келип калсак, өзү күтүп турган экен, арабаны мага берди деп. Мен: «Бүгүн муну төгүп келейин, арабаны эртең ал», – десем болбойт. Арабага түшүп алды, бер деп айтсам түшүнбөйт, арабанын үстүнөн жабыштыра чаптым эле, кулап түшүп, кың дебей кетип калды. Жолдо баратып ойлондум, эмне кылсам деп. Башкарманын баласы Ишен менден эки жаш улуураак эле, ал да арабакеч, чогуу иштейбиз, ойлодум ушул Ишенди кошо ала жыгылайын деп. Эгин төкчү жерге барганда, эгин алчу киши мени жакшы көрчү, таанышып калдык эле, ага чынын айттым. Бери менин арабакечтериме айттым, бүгүнтөн тартып мен приемник менен кошо отуруп, ар бирибиздикин өзүнчө тартып өткөрөбүз деп. Аягында, Ишендин арабасынан 60 кг жетпей калды. Ишен мени менен мушташып кетти, сен атайын жасадың деп. Мен ага: «Ай, мен алып жаткан жерим жок, бу киши алып жатпайбы», – десем, тиги киши да Ишенге: «Ай, бала, Мамбеттин эмне иши бар? Мен алып жатпаймынбы», – деп оозун басып койду. Ошону менен Ишен калды.

Кечинде конторго, бухгалтерияга келип, документтеримди өткөзүп кеттим. Дагы активдер чогулат, башкарма карап отуруп: «Бул балээ бала экен, муну атайын жасаган», – деп арам санайт. Ошондо дагы Самсалы: «Туура кылган. Ар бир арабакеч өзүлөрүнчө жооп бергени жакшы», – деп айтыптыр. Ошону менен арабаңды өткөзүп бер деген жан болгон жок. Эки-үч күндөн кийин бригадир Жумадыл таяке сурайт: «Ай, бала, муну кантип ойлоп таптың?» – деп.

Бир топ күн өтүп кетти. Асанбек абадан сөз жок, баарылап жатып оозун басышса керек. Басылганын билип, конторго кирип: «Асанбек аба, жок дегенде кабымды бериңизчи», – десем: «Үйгө барып, үйдөн ал», – деди. Үйүнө жетип барып капты алайын десем, кабым бош – бошотуп коюптур. Себеби өзүлөрү деле ачка, эчтекеси жок эле. Ошондон кабымды алып кайра контордогу Асанбекке жетип келдим. «Эми мен сени сотко берем, ичиндегиси кайда?» – деп опурулуп кирдим эле, Самсалы, Жумадыл экөө турган экен, Асанбек кың эткен жок. Тиги экөө мени эшикке алып чыгып: «Ай, бала, жаагыңды басчы, мунун жаагын баарылап эптеп бастык эле, эми сен баштайсыңбы, башыман садага деп койчу», – деп менин оозумду басышты. Ушул Асанбек армияга барган жок, эмне үчүн экенин билбейм, айылда атагы чыккан кишилердин бири эле, көп кишинин убалына калган дейт.

Кийин ойлосом, бизди Кудай чоң колдоптур. Биз дагы күнүгө чогулуп алып түнкүсүн бир топ күнү издедик, Кудай жалгап кезиккен жок, кезиккенде балалыктык кылып майып кылып коёт белек.

Балалык чактагы оор турмуш эч качан унутулбайт экен, менимче, унутулбаш керек. 1944-жылдын аягында, же 1945-жылдын башында чоң кар түшүп, суук эле, атам Мамаке армиядан келип калды. Эсимде калганы, балдар чогулуп алып тоого чыгып, килейген карагайды койгулап жатып жыгып алып, аарчып, тумшугун жасап коё бергенде укмуштай учуп отуруп коктуга түшчү, менин карагайым 5 метр коктудан чыгып түптүз эле жолу жок талаага кирип кетип токтоду. Эми аны алып чыгыш өтө кыйын. Түнкүсүн өтө суук, кар калың, колхоздун өгүздөрүн уурдап чыгып, атам мен дагы барайын деп чогуу жөнөдү, колхоздун кара жумушун катырчу, оң колунун чыканагына согушта ок тийип, талкалап кеткен экен, өйдө-ылдый кыймылдабайт. Бир колдун манжалары, бармактары жумулуп-ачылып иштейт экен, сөөгүн талкалаганы менен тарамышы аман.

Барып, коктудан ылдый карагай кеткен жолго эки өгүздү жетелеп, карды жиретип бастык. Карагайдын ортосунан эки бөлүп, өгүздөр менен өйдө карай тик сүйрөтүп жолго чыгардык, ошондогу жаныбар өгүздөрдүн күчтүүсүн айтпа. Атам байкуш өтө ыраазы болуп, мен чоңоюп ишке жарап калганыма таң калып, карагайды көрүп: «Ай, балам, муну кантип жыктыңар? Тумшугун дагы укмуш жасаптырсың, ошон үчүн күү менен түз ылдый сойлоп кеткен тура», – деди.

Ошентип, жаз келди. Турмуш дагы эле өтө начар, эчтеке жок, ачарчылык. Колхоз биздин кедейчиликти билип туруп, өзүбүздүн эле жакын тууган Тайлаков Мамбет деген киши Мамакеден улуу эле, армияга барган жок, өмүр бою жылкычы болуп иштечү, атамды ушул кишиге жардамчы кылып, бир алачык таап берип, үй-бүлөсү менен жайлоого жиберди. Негизги максат – ачка өлбөсүн, жайлоодо сүт, кымыз менен жан баксын деген ниет болсо керек. Жаман үйдө жалгыз мен калдым. Окууга барам, келээр замат колхоздун жумушу, талаа-жер айдала баштады, ал убакта кыштата өгүз-аттарды багып семиртип, анан сокого салчу эле. Трактор, машина дегенди көргөн эмеспиз, ошентип талаа айдалып бүттү.

Бир күнү Мамбет абышка 5 кысыр бээ менен келип, өзүнүн туугандарынын огороддорун күн-түн дебей айдап, аягына чейин мен айдашып бүтүп калганда: «Ай, чоң ата, бээлериңизди мага берип туруңуз, мен огородду айдап ала коёюн»,– десем: «Ай, бала, бээлер чарчады. Мен барар замат башка бээлер менен Мамакени жиберем», – деп кетти. Мен ишенип кала бердим, ошондон кийин мына келет, ана келет деп күттүм. Атам келген жок, каттаган кишилерден кат жазам, атам латын тамганы окуй алчу, мен 4-класска чейин мектепте латын тамгасы менен окуп калгам. Кат түшүнсүн деп кыска эле: «Азыр кымыз, сүт менен жаныңарды багып жатасыңар, а кышында кантесиңер?» – деп жазсам да баары бир келбей койду. Мен билгенден, башынан эле капа-кайгы дегенди билбеген, камаарабаган киши эле, кенебесине көзүм жетти. Колхоздун талаасы айдалып бүттү, өзүм аракет кыла баштадым. Огород эски беде эле, аны түнкүсүн абдан сугарып, соконун тишин Жумалы устага чыңатып, өзүм бир өгөө таап алып бычактай курчутуп, өгүздөрдүн баарын төшкө чыгарып жибериптир, барып алты өгүздү тең кошуп, арык немелер баспайт, жыгылат, бечараларды улам откозуп отуруп, араң дегенде кечке жуук беденин ордун айдап бүттүм.

Эми, айдаарын айдадым, бирок үрөндүн даны жок, колхоздун кампачысы армиядан аксап келген Сыдык аба эле, ошого барып: «Аба, огородго сепкидей эчтекем жок», – десем: «Тээтиги таруу салган кампага барсаң, түбүн шыпырып алсаң, анча-мынча таруу чыгат», – деди. Барып, топурагы менен шыпырып алсам, жарым чакадай эле чыкты. Үйгө келатсам, Батма жеңе – Дүйшөнбү абанын аялы, шакылдаган кыйын жеңе эле, ушул айтчу: «Сен 1927-жылы туулгансың, улуу балабыз Жуматайдан 6 ай кичүүсүң», – деп. Ал көрүп: «Биздикинде бир чоң чыны таруу бар, ошону ал», – деди. Ошондо айылда эркек жок – жалгыз сакалдуу Качкеев Карымшак деген бар эле, ал – Кадыркул Качкеевдин агасы, мага таяке, Мамакеден улуураак, колхоздун жумушун өмүр бою укмуш иштеген кишилердин бири болчу. Бешим ченде үйүнө келсем, Карымшак таяке сугаттан жаңы эле кирип, бутун тарта албай келип жаткан экен, айттым: «Таяке, огородду айдап алдым, эптеп үрөнгө таруу таптым, ушуну сээп бериңиз», – деп. Тарууну себүү көрүнгөн эле кишинин колунан келе бербейт, билген киши гана себе алат. Таякем: «Ай, балам, бутумду тарта албай араң гана келдим, бара албайм», – деп тескери карап жатып алды. Сезип турам, анын үстүнө ачка да, мен көгөрүп отуруп алдым, корулдап уктап баратат, аны бутка уруп: «Таяке, тур, сээп бер», – дейм. Болбойт. Мен көктүккө салып түрткүлөп болбой туруп алдым эле, башын көтөрүп: «Ай, атаңдын көрүн урайын, жанды койбогон немесиң го?» – деди. Мен: «Койбойм, тур, сээп бер!» – десем, айласы кетип байкуш киши турду, барып топурак аралаштырып сээп берди.

Чындыгында, ачка, чарчаган киши жөө 40 сотых жерди баш-аягына чейин басып себиш оңой эмес. Менин жанын койбой көгөргөнүм, мурун бул киши сугат сугарат, мен жардамчы, кулактын башында туруп кыйкырганда, үнү ачуу киши эле, быякка тур, тыякка тур деп команда бере берчү, эки бутум, балтырым кесилип кетип баса албай, канча азапты көрбөдүм. Болгон дарыбыз – солидол. Анча-мынча менин мүнөзүмдү, ишке тың экенимди билип калган. Сээп бүтүп, эми аны тырмаш керек, кечке жуук талааны тырмап бүтүп, эки бала тырмоочун сүйрөтүп келатыптыр: «Ой, бере тургула, мен түнү бою тырмап алайын», – десем, экөө тең макул болбойт. Экөөнү тең тээп аттан ыргыта коюп, аттарын тартып алдым, аттары дагы өтө арыктаган, араң эле басат, үйгө алып келип чечип, талаага бедеге алпарып 3–4 саат откоздум, курсагын тойгузуп, таң аткыча тырмап бүтүп, таңга жуук аттарын бердим.

Эртеси, аркы үйдө Өмүралы деген көзү көк абышка бар эле, басып келип: «Ай, бала, эмне кылып жатасың?» – деди. «Көрүп турбайсыңбы эмне кылып жатканымды», – деп ороюраак жооп бердим. «Үркөр кайда келди?» – дейт. Мен: «Үркөрүңдүн мага кереги эмне?» – десем, абышка: «Билбесең, билип ал, үркөр төбөгө келди, төбөгө келгенден кийин эмне айдасаң дагы өспөйт, тескерисинче, кайра ылдый өсөт, кеч айдап, кеч үрөн сепкенде ошондой болот», – деп басып кетти. Мен эсим ооп отуруп калдым, бул абышканы чакырган киши жок, өзү басып келип мени жаман кылып кетти. Канча кылган менен көптү көргөн, сакалдуу киши айтып жатса, шек алып ишенип калдым. Ошондон тартып күн-түн дебей ошол тарууну эртели-кеч карайм, өсө элек, чыдабай акырын топурагын чукулап тарууну таап алып, акырын карайм, өйдө өсүп жатабы же ылдыйбы деп. Бир жумадан кийин го, түнкүсүн таң аткыча жаан жаап чыкты. Эртең менен чуркап огородго барып карасам, баягы күткөн таруум текши, укмуштай жайнап чыгыптыр. Ошондон чуркап барып Өмүралы абышканы: «Жүрүңүз» – деп жетелеп келдим. «Ай, чоң ата, өспөйт, ылдый өсөт дебедиң беле, мына, жайнап өсүп чыкпадыбы?» – десем: «Өскөнү менен бышпайт», – деп дагы басып кетти. Ошондон кийин бул абышка мага мокочо көрүнчү.

Кийин күзүндө укмуш бышып, көп түшүм алышыптыр. Мен 10-классты бүтүп Фрунзеге кеттим, ошол таруунун жарымын Мамаке буудайга алмаштырып, жарымын кышы менен бозо кылып ичип чыгыптыр.

Дагы эсимде калганы – унутулгус чөп чабуу убагы. Анда бир күнү жалпы элге уруксат берчү, чөптү уруксатсыз каалаган убакта чапса, чөбүн алып коюшчу. Уруксат бергиче, ар бирибиз талааны акырын кыдырып, кайсы жерде жакшы чыккан чөп бар – көзөмөлдөп карап койчубуз. Мен колхоздун чөбүн чабам, өгүздү минип алып өгүз араба айдайм, айылдын четинде «Шалба» деген жерибиз бар, негедир айдалбай, жыш кара сулуу укмуштай чыкты. Кенен жер, ошол кара сулуу азыр дагы көзүмө элестеп турат. Жел же шамал болгондо карап турчу элем, ушундай теңселет, ары-бери ооп чайкалганда, ушундай көркөмдүк – адам карап эле тургусу келчү. Ошонун эң калың, таза сеңселип чыккан жерин тандап, баамдап карап кайтарып жүрдүм.

Бир күнү угуп калдык, эртең чөп чапканга уруксат берет экен деп. Жаман чалгымды чыңап-таптап, даярдап койдум. Ошол түнү ай жапжарык, эл жатканда ай төбөгө келип калган, чалгымды көтөрүп алып барып загон салып, бир гектар чамасында жерди айланып баратам, бир айлана элекмин, жакындап калдым эле, айылдан бир атчан келатат, анда тымтырс, алыстан атчан киши чыкса тез эле көрүнчү. Түз эле мени көздөй келатат, мен активдер экен деп чөптүн арасына жата калдым, тиги киши көрдү, чапкан из менен таап алды. Атынан түштү, чалгысы бар, карасам, Иманбай деген бай абышка экен, Мамакеден улуу. Мени көрө коюп эле: «Атаңдын көрүн урайын, бул жерди мен кайтарып чабайын деп жүрсөм, сен желмогуз, кайдан чыга калдың?» – деп демитти. Мен: «Ой, чоң ата, бул жерди мен дагы жаңыдан өсүп келаткандан бери кайтарып жүрөм», – дедим. Жакын келип, жаакка бир чапты: «Жогол көзүмө көрүнбөй!» – деп. Менин алдыма түшүп алып күпүлдөтүп чаап кирди. Мен: «Чаба бер, мага жардам берип жатасың» – деп жинине тийдим окшойт, кайрылып келип бир тепти. Мен: «Эми бир кайрылып чапсаңыз, таарынбаңыз», – деп эскертсем, дагы качырды эле, мен кармаша кетип, көтөрүп чаптым да, төшүнө мине калдым. Түшүндү: «Тур!» – деп боктоп, чалгысын алып каңкылдап тилдеп кетип калды. Айылда ушул Иманбай биздин тууган Токтосун деген экөө өтө бай кишилер эле. Байлыгына салып, мен кедей 15 жашар бала болсом, ай, ушуну койчу деп кемсинткендер көп эле болду.

Таң аткыча, эртеси чаап бүтүп салдым да, окууга кеттим. Көп жыл өттү. Кийин медицина илимдеринин кандидаты, кафедрага мугалим болуп калган убагым. Айылга отпускага барсам эле, эртеси ушул Иманбайдын туугандары болуш керек, Акмат деген сакалдуу киши – мурун деле билчү элем, үйгө келип калды. Учурашып отуруп: «Мамбет, биздин сакалдуубуз Иманбай абышка катуу ооруп жатат, ошону барып көрүп бер», – деп турат. Эсиме түшүп секирип кеттим: «Жок, мен бошобой Караколго кеткен жаттым эле», – деп жанталашып жибердим. Акмат абышка: «Кой, Мамбет, антпе, Иманбай абышка өзү сурап жатат», – деп турбаспы. Айлам кетти, эмне кылам, ошондон бери бул кишини көргөн жок элем. Айлам жок бардым, барсам, өзүнүн туугандары, сакалдуулар отуруптур, Иманбай абышка чын эле төшөктө ооруп жатыптыр. Жанына барып отуруп, өңүн карай албай тамырын кармап, оорусунун ал-жайын сурап, кантип тез чыгып кетиштин амалын издеп жатам. Сүйлөшүп бүтүп, билген дары-дармегимди айтып, сакайып кетиңиз деп турайын десем, тамак ичип кет деп болушпайт. Мен такыр макул болбодум, болгон ишти экөөбүз гана билебиз, башка эч ким билчү эмес, абышка кантип айтсын, ушул жарыбагыр көтөрүп чаап төшүмө мине калды эле деп, мен кантип айтам бирөөгө? Болбой эле кетейин деп турдум эле, Иманбай абышка сөөмөйүн көрсөтүп: «Мен билдим эле ушундай болооруңду», – деди. Эми бул кишилердин баары аркы дүйнөгө кетишти, арбактары колдосун.

Дагы бир эстен кеткис окуя. Кийин ушул мага жардам берген – кайнене болот деп, бирок болбой калган «кайненеме» чоң ырахмат. 9-класста жүргөн убагым. Биздин айылда чоңойгон, өзүлөрү Сары-Камыш айылынан – Курман деген киши бар эле. Бир кызы бар, ал 7-класска чейин биздин айылда окуп, андан кийин окубай калды. Эне-атасы, Кызыл-Кыя деп коёбуз, Каркырадан бери жайлоо, тоо, калың карагайлуу жер эле, ошол жакка тоонун арасына жыгач үй салып, жайы-кышы мал-салы менен ошол жакта жашашчу. Мен ал кыз – Токор экөөбүз эс тарткандан баштап, негедир бири-бирибизди жакшы көрүп калдык. Ошо жакка кеткени анда-мында эле келип калчу. Бая балалык сүйүү сезими болсо керек, экөөбүздө тең. Ал убакта аял алуу менин түшүмө да кирген эмес. Себебин айтпадымбы, уруш убагы, анан кедейчилигибиз. Кызыл-Кыяга биздин айылдан барыш үчүн тың ат болсо, эртең менен чыксаң, кечинде жетесиң, кыштын күнү суук, кар өтө калың. Декабрь-январь айлары болсо керек, бир күнү эле атчан ошол кыз мага келип калды, учурашып сөз сурай электе эле ыйлап кирди. «Ой, эмне болду, эсенчиликпи?» – дедим. Айтканы ушул болду: «Мени күйөөгө бергени жатат».

Мен айттым: «Кайдагы күйөө, эркек кишилер жок болсо, же бир абышкага токолдукка барганы жатасыңбы?» – деп. Антип тамашаласам, ыйлайт эле, ыйлайт. Көрсө, эжеси бар экен өлүп калган, ошого кудалап коюптур, эми ошол жигит армиядан келиптир. Атасы: «Эжеси өлсө, эми сиңдиси бойго жетип калыптыр, ошону алабыз», – деп маселени кабыргасынан коёт. Ал жигиттин өңүн дагы такыр көрбөптүр, тааныштыгы жок, ата-энеси макул болот. Себеби мурун анча-мынча калыңын өткөзүп койгон да. Эмне кылам деп эле ыйлайт. Мен: «Ай, менде андай ой жок, өзүң билесиң биздин кедейчиликти», – десем: «Мен эне-атама айттым, ал кишилерге өлсөм дагы барбайм, менин жакшы көргөн жигитим – Мамбет дедим», – дейт. Мени укканда энеси: «Ай, койчу, анын ити да жок, томояк немеге барасыңбы?» – деп секирип кетет. Аягында боорум ооруп: эртеңкиге чейин коюп турчу, энеме, Бердибай деген чоң ата бар эле, ошолор менен кеңешип көрөйүн деп, кечинде Бердибай чоң атама, энеме кеңештим, болгонун болгондой айтып бердим, экөө тең: «Ал, Кудай берет, тобокелге сал, намыс үчүн», – деп турбаспы. Мен алганда, кандай жашайм, ансыз деле үй толтура бүлө, бир жамынарга жуурканыбыз жок десем, болушпайт, ала бер деп.

Эртеси Токор кезигип, макул болду. Бир жумадан кийин бармай болуп болжоштук. Мукамбет деген жолдошум барып бирөөнүн үйүн сурамыш болот, ошондон билип даяр бол дедим. Макул болуп, ага чейин мен энемди макулдатууга аракет кылайын деп кетти. Бир жумадан кийин, болжошкон күнү чанага эки ат кошуп, Ишен, Мукамбет деген эки теңтушумду күйөө жолдош кылып алып, кардын калыңдыгы, сууктун укмуш убагы эле, эртең менен чыгып, күүгүмдө араң жеттик. Сүйлөшкөндөй, Мукамбет бир атты чечип минип алып кетти, Ишен экөөбүз коктуда турабыз. Алардын үйү жогору карагайдын арасында, бийик жерде экен, Мукамбетти энеси көрө коюп аттан түшүрүп, өзү бизди көздөй чуркайт. Карасак, энеси далдаңдап чуркап келе жатат, келип эле: «Жүргүлө үйгө, үшүп кетесиңер», – деп үйүнө чананы айдатып барды. Эт салып тамак берди, энеси: «Сен, бала, убара болбо, кызымды сага бербейм, итиң да жок томояк бечарасың, аялды эмне кыласың?» – деп түз эле мени жайлап кемсинтти, үн жок – эчтеке айта алган жокмун. Чынында эле ошондой элем. Кызы болсо чыдабай, макул болбосо дагы мен Мамбетке барам демиш болду. Таң аткыча бир казак кошунасы экөө уктабай кайтарып отуруп алды.

Эртеси шылкыйып үйгө келе бердик. Жолдон айылга баргандан уялып, Сары-Камышта окуган мектебимде калып калдым, Эртеси уксам, айылда туугандары – энесинин сиңдиси Сары-Камышта сельсовет Атый деген өңдүү-түстүү, зыңкыйган сулууча аял бар эле, анын биздин айылда оорукчан, армияга барбай калган Акай деген тууганы түнү менен жолду тосуп, кайтарып отуруптур. Эгер алып келип калса, жолдон алып калалы деп. Эки жумадан кийин жаңкы Ишен деген жолдошум келип калды: «Мен шахтага көмүргө баратам, жүрү, жанагы кызыңа бара келели», – деп, себеби тигилердин турган жери ошого жакын эле. Уга албай турган жаным, макул болдум.

Кабар кылбай эле капысынан кечинде жетип бардык. Барсак, үйүндө бир солдат жүрөт, энеси үйүндө жок, Токор экөө эле экен. Мени көрүп, кызым чочуп, жүрөгү түшүп калды көрүнөт. Кубарып эле тилден калып, сүйлөй албай турду. Солдатты байкасам, бою кичинекей, оң колунун бармактары жок, кыйтыйган адам экен, түшүндүм, жанагы алам деген жигити ушу экен. Энеси булар тил табышсын деп, экөөнү таштап, өзү айылга кетип калыптыр. Башка барар жер жок, кышында суук, конуп калдык. Тамак берди. Байкасам, баягы сага барбасам, жашабайм деп ыйлаган кызым башкача болуп калыптыр, кейпи, тил табышып алгандай. Энеси, туугандары баары кийлигишип жатып макулдатса керек, сезип эле турдум, мени ити жок кедей, анан жакында жашы жеткенде армияга алып кетет, келеби-келбейби, анан «атаңардын арбагы урбайбы» деген сөздөр менен ийитип койгондой, жаткыча эч сөз сүйлөгөн жок. Мен дагы унчуккан жокмун, Ишен эле тиги солдат менен анча-мынча сүйлөшүп отурду. Кызыгы, жатканда Ишен экөөбүзгө бир үйгө төшөк салып коюптур, жаттык. Эшикти тышынан бекитип койду, сездим, коркту – менин кыялымды дагы билчү эле.

Эртең менен тамак берди, колубузга суу куюп кирди. Кызымды ошондо солдаттын көзүнчө жаактан ары бир чаптым, бакырып алып качып кетти. Эшикке чыксак – жок, кете бердик. Көңүлүм кала түштү. Эртеси сабакта отурсам, балдар: «Эшикте бир солдат чакырып жатат», – дейт. Солдат дегенибиз – солдат кийим менен жүрчү. Чыксам, баягы солдат, атын ушу күнгө чейин билбейм, жанына келсем: «Мамбет, айланайын иним, мен чоң жаңылыштык кылдым, эне-атам кыстаганынан эле алышка макул болдум эле, эми түшүндүм, Токор сенин кызың экен, мен эми экинчи жолобойм, өзүң ала бер», – дейт. Мен дагы: «Ошол кызды сага бердим, ала гой. Мен дагы экинчи жолобойм», – дедим да, ошентип бөлүнүп кеттик.

Онунчу классты бүтүп, Фрунзеге кеттим. Ошондон кийин аял алам дегенди институтту бүткөнчө оюма да алган жокмун. Мунун аягына чыгып коёюн. Институтка кирип окуп жүрсөм, кышында карындаштарымдан кат келип калды, баягы Токор – бизге жеңе болчу неме кошунабыз Дүйшөке дегенге тийип келди деген. Таң калдым. Дүйшөке армиядан келген, аялы Шапа биздин эжелер эле, армияга кеткиче үйлөнүшүп, бир баласы бар болчу, ошол эже менен ажырашып, менин Токорумду алып алыптыр. Бул экөөнүн тууганчылык дагы жайы бар эле, ошолордун үйүнө келип, бир аз күн жүрүп кетчү. Токор экөөбүздүн мамилебиз жакын экенин Дүйшөкенин энеси, эжеси – баары билишчү. «Жакшы болуптур», – деп мен үйдөгүлөргө кат жаздым.

Кийин каникулга барганда, эч эшикке, көчөгө чыкпай койду, көрөйүн десем, көрүнбөйт. Маңдайда Мүлүкан деген кыз бар эле, Токор экөө теңтуш, бири-бири менен жакшы мамиледе болучу. Ошондо жашырынып келет экен, «Мамбет кеткиче эшикке чыкпайм, кайсы бетим менен кездешем», – деп айтканын угуп калдым. Мүлүкандын кичине иниси бар, 3–4 жаш болсо керек, биздикине келип ойноп калат, ошондон: «Токор силердикине келеби?» – деп сурадым. «Келет», – деди. Аты Акен эле: «Акен, ошол эжең силердикине келгенде, мага чуркап келип айтчы келди деп», – десем, макул деп кетти. Бир-эки күндөн кийин, түш ченде эне-атам баарыбыз картошка жеп отурсак, Акен жыгылып-туруп сүйлөй албай эле чуркап кирип келди да: «Келди», – деп туюндурду. Мен түшүнө коюп, тура калып Акенди көтөрүп алып, тышка чуркадым. «Эмне?» – десем: «Келди, эжем менен сүйлөшүп отурат», – дейт. Кирип барсам, күткөн эмес да мени келет деп, бир аз туруп, дагы ыйлай баштады, ыйлап бүтүп: «Азыр кет десең, азыр кетем», – дейт. «Мен анте албайм, сен кетсең Дүйшөке эриң менден көрөт, эми Дүйшөке экөөбүз душман болобузбу?» – деп болгон жокмун. Муну бир текшерип көрөйүн деп: «Кийин ноябрда майрамга карата келем, ошонун алдында кабар берем, ошондо кет», – дедим. Макул болду. Бирок баягы солдат менен үйүндө жүргөндү эстеп, көңүлүм калып калгандай болду эле. Кайра окуума кеттим.

Кийин ноябрь майрамында 3–4 күнгө келмей болуп калдым, ошонун алдында бизде окуган, теңтуш кайырма-арыктык Мусаев Нукени мурунураак жөнөтүп, Токорго: «6–7-ноябрда барам, үйүңдө болуп тур», – деп кат жазып берип жибердим. Катты алар замат үйүнө кетип калыптыр. Карындаштарым дагы кат жазды, Токор кетип калды деп. Алар кайдан билсин. Ноябрда үйгө келип калдым, кезиккенге анча деле шашкан да, кызыккан да жокмун.

Эки айылдын ортосу – Шалбада күрөш, оодарыш, улак тартмай, ат чабыш өтүп майрам болуп жатат, баягы мурунку жолдошторум баары айылда. Ишен – башкарманын баласы, ат алып келишти, чогуу жүрүп бозо эле ичип жүргөндөй болдук эле, оюн-зоок бүтүп, кеч кирип калыптыр. Ишен экөөбүз Сары-Камыш айылына жакын бир чоң арыкчадан байкабай чаап өтүп баратып атыбыз менен жыгылдык, чынында, кызып калыптырбыз. Тура албай жатсак, кайдан пайда боло калганын билбейм, Ишендин атасы Муса келип калды. Баласын камчы менен жонуна бир-эки басып алды дагы, атына мингизип айдап кетти.

Мен билбейм, түн ортосунда ойгонсом, чоочун үйдө жатам, тышкы үйүндө бирөөлөр кобурап сүйлөшүп жатышат. Эшиктин терезесинен карасам, кызым Токор, энеси, энесинин сиңдиси – сельсовет Атый отурат. Чыктым. Үчөө тең эпилдеп, баягы итиң жок деп кемсинткен энеси жок: «Келе гой, алдыңа кетейин», – деп калыптыр. Атый – сельсовет таэжеси баштап: «Мамбет балам, бизден чоң катачылык кетип калды, экөөңөрдүн убалыңарга калдык, кечирип кой, Токоруң сенден кат алар замат күйөөсүн – Дүйшөкени таштап келип, өзүңдү күтүп отурат», – дебеспи.

Мен карап отуруп, баягы кемсинткендери, шылдың кылып кызын бербей коюп уят кылгандары эсиме түшө калды. Туруп: «Менин азыр дагы итим жок, иттүү болгондо келейин», – деп басып кеттим.

Ошону менен кайра окуума кеттим, Токорумду көргөн жокмун, бирок эмне болду экен деп сыртынан сураштырып жүрдүм. Андан кийин 2–3 күйөөгө тийиптир, турмушу болбой калыптыр, баласы жок дейт, инисинин кызы менен Ак-Сууда жашайт дешти. Энеси, калган туугандары кайтыш болуп кеткен. Жакын кездешип жүргөн адамдары мага айтып берди, энеси өлөр-өлгүчө ага нааразы болуп, энеси менен урушуп, ыйлап жүрүп өттү дешет.

Кийин, мындан 7 жыл мурун мага чочугандай келип калды, ошол бойдон көргөн эмес элем, жашы келип калган, бирок сүйлөгөн-турганы, баскан кыймылы тың эле экен. Клиникама жаткызып, бир сыйра текшерип, анча-мынча дарылап, жакшы эле мамиле жасадым. Ден соолугу түзүк эле экен. Түнкүсүн бүт сестра, врачтарды чогултуп, экөөбүздүн тарыхыбызды төкпөй-чачпай айтып бериптир. Жакшы узаттым, кийим-кечек алып берип, жолго тыйынын бердим. Кетээринде бечара: «Өмүр бою ыйлап келатам, кайда барбайын, кимге тийбейин, бирок сени унута алган жокмун», – дейт. Мен айттым: «Биринчи жакшы көргөн кызым сен элең. Баягы солдатыңды көрбөгөндө, ошол сага болгон сезимим эмдигиче сакталат эле», – деп. «Мен эмне кылам, эчтекени билбеген бала болсом, энем күн-түн дебей: «Ошого барасың, эгер барбасаң атаңдын кусуру урат деп, чакырып алып солдатты кошо камап салса», – дейт.

Ойлосом, мунуку дагы – бечараныкы чындык. Коштошуп узатып койдум, ошол бойдон көргөн жокмун, барбы, жокпу – билбейм. Аман болсо, менден бир-эки жаш кичүү же тең элек. Экинчи ыраазы болгон кишим – ушул менин болочокто боло турган «кайненем». Эгерде, ошол убакта кызын берип калса, тагдырым эмне болот эле? Анда чын эле окубай калат элем, бала-чака да болуп. Кээде анан мындай деп да кыял жүгүртүп коём: кантип эле менден бир эл билген түзүк киши чыкпай койсун, жок дегенде, колхоздун башкармасы болот элем го?

Жогоруда айтпадымбы, менин билим алып, ушул даражага жетишиме бирден-бир көмөк көрсөтүп, көп жагынан жардам берген мугалимим – Токоев Касымбай. Бул агайыма көзү өткүчө ырахматымды айтып, саламымды жазган жокмун. Өмүрү кыска экен, жаш чагында эле кайтыш болуп кетиптир. Өтө адамкерчиликтүү, салабаттуу сүйлөгөн, уюштургуч адам эле. Сары-Камыш мектебин салдырган да ушул киши. Тегерете дубал салдырып, бак-сак, өрүк-алма, жашылчаларды тиктирип, бизди дагы жеке окуу гана эмес, эмгекке да үйрөткөн.

Ал киши кеткени бир нече директорлор алмашты, анын үстүнө 1970-жылы чоң жер титирөөдө ошол мектебибиз түбү менен кулап жок болгон, кайра мектеп курумуш болуптур, аты эле бар, бак-дарак, алма-өрүктөн дайын жок.

Касымбай агайымдын кемпири азыр да бар, бир жылча болду көзү көрбөй калды, келип турчу эле. Зилей эжени кийин өзүм издештирип, ушул Пишпектен таап, бир инилеринин кызы менен жашайт экен: «Эже, келип туруңуз»,– деп акча-тыйын берип турчу элем. Бир жылдан бери келбей калды, телефону жооп бербейт, адресин билбейм. Сары-Камыш мектебинин директору Касымбай Токоевди мен эч качан унутпайм. Себеби бизди биринчи билим берип учурган ушул мектеп. Эмдигиче эсимден калбайт, уруш убагында окуп калбадыкпы, орус тилин орус мугалим жок окуган жокпуз, айылыбыз таза кыргыз, бир да орус жок, орустарды чоң жолдон өтүп баратканда гана көрчү элек. Мугалимдерибиздин көпчүлүгү калмактар, буларды эмне себептен армияга алышкан эмес – түшүнүгүм жок, айтат: «Калмактарга Союз убагында көп ишенич болгон эмес», – деп. Ошентип, Сары-Камыш айылынан орто мектепти биринчи бүтүрүүчүлөрдөн болуп 1946-жылы 10 бала бүттүк:

Субанбеков Жүрсүн өтө жөнөкөй, тамашакөй, сөздү укмуштай таап сүйлөгөн жакшы жолдошум эле. Энеси балкайган сонун киши болчу, тез-тез үйүнө барып турчумун. Анда ачарчылык, эсимде калганы, бир күнү барсам, жарым чакадай картошканы бышырып жатыптыр. Энеси Жүрсүн экөөбүзгө бир табак кылып салып берди. Ошондо биздин ашказандын түбү жок болсо керек деп ойлойм, себеби кийин түшүндүм, ар жагында запас жок, ырыстуу тамак ичпегенден болсо керек, ошол бир табак картошканы экөөбүз солк этпей жеп кеттик.

Университетти бүтүп үйлөнүп, үч эркек, бир кыздуу болуп, докторлук диссертацияны жактап, ошонун бекип келгенин укпай, өтө жаш убагында кайтыш болуп кетти. Өзү толугураак эле, көптөн бери билчүмүн, кан басымы жогору болуп башым дей калчу, нечен жолу: «Ой, Жүрсүн, жатып текшерилип дарылансаңчы», – десем, ушул камырабаганы бар эле: «Өтүп кетет, басылат», – деп коюп жүрө берчү. Дачасына уулу экөө кетип баратып, аскердик госпиталдын жанынан башы айланып, көзү тунарып, кусуп жиберет, машинаны өзү айдап баратыптыр, токтой калып, бутун чечип муздак сууга салып, башын жууп жибериптир. Ошол жерден эле эсин жоготуп жыгылат, жанындагы госпиталга алып барып жаткыза коюшат. Ошол замат мага чалышты, мен тез эле жетип барсам, Жүрсүн байкуш эс-учу жок, коркурап-шаркырап, дем ала албай жатыптыр, бир жак өңүрү кыймылдабайт, мээсинен кан кеткени көрүнүп турат. Ошентип, эсине келе албай, төрт-беш сааттан кийин кете берди. Өтө өкүнүчтүүсү, эрте кетти. Бир аз жылдан кийин аялы Бурулкан дагы кайтыш болду. Балдары үйлүү-жайлуу, ушул жерде иштеп жүрүшөт.

Султанбаев Асанбай тил-адабият факультетин бүтүрүп, үйлүү-жайлуу, көп балалуу болуп, мугалим, завуч болуп иштеп жүрүп, бул дагы жаман ооруга чалдыгып кайтыш болуп кетти, өтө өкүнүчтүүсү эрте кетти.

Бекболотов Абды университетти бүтүрүп, үйлүү-жайлуу, көп балалуу болуп, мектеп директору, айыл өкмөтү болуп жүргөн, бул да эрте кайтыш болду.

Кулукеев Аалы Караколдогу мугалимдер институтун бүтүрүп, үйлүү-жайлуу, балалуу болуп, бул дагы эрте жол кырсыгынан каза болду.

Саякбаев Турдубек жогорку билим алып, мугалим, сотто катчы болуп иштеп жүрүп, 80ден ашып кайтыш болду, үйлүү-жайлуу балдары бар дейт. Турдубек окуп жүргөндө, баскан-турганы, сүйлөгөнү кыңылдап кызга окшоп кетчү. Ошонусуна карата тамашалап «Турдукан» деп ат коюп алдык эле. Бир айылдыкпыз, 10-классты бүткөндөн көзү өткүчө көргөн жокмун, кезиккен да жок, кээде сабап койчу элем, же ошону эстегенби?

Коноев Султанбай – Сары-Камыштан, университетти бүтүргөн, мугалим, мектеп директору болуп иштеп, оорукчан болуп жүрүп, бул дагы эртерээк кетип калды. Үй-бүлөсү, балдары бар.

Маматканов Жангазы университетти бүтүргөн, бизден бир жаш улуураак болсо керек, бала-чакалуу. Балдары жакшы чыкты дейт, өзү мугалим, директор болуп жүрүп, пенсияга чыгып, азыр аман-эсен экен, менимче, 86 жашта болуш керек. Жакында бир тойдо бир кыз «ата» деп эле эпилдеп учурашат, татынакай кыз экен. Тааныбай турам десем, журналист болуп иштейм, Жангазынын кызымын дейт. Ушундай ыраазы болуп бетинен өөп, кезигип тур дедим. Жангазыны төрт жыл мурун машина жиберип алдырып, маектешип, өткөн-кеткенди эске салып, жыргап калдык. Кийинки барганда сураштырып чакырсам, баса албай, үйдөн чыга албай калды дейт. Аман-эсен, ден соолугу болсун деп тилеп коём.

Эшмухамбетова Зайнап жалгыз кызыбыз эле, атасы татар, химия мугалими, жашап калган, балдак менен баскан сонун киши болчу. Зайнап өңдүү-түстүү, жоош, адамкерчиликтүү, тогузубуз тамашалап тыткылай берсек дагы капа болуп урушуп, ыйлап койчу эмес, окубай калды. Кийин айылга барсам, биздин айылдык – армиядан келген Жанториев Касий деген колхоздо бухгалтер болуп иштеп калды, ушул Касийге аял болуп келиптир, көп балалуу болду. Бирок Касий аба ичкиликке берилип, Зайнап кыйналып жүрүп кетти окшойт.

Мен отпускага барганда, Зайнап кезикпегенге аракет кылчу. Бир жолу кокусунан кезигип: «Кандайсың, Зайнап?» – десем, бакырып ыйлап кирди, ичине бугу толуп жүрсө керек: «Окууну бүткөндө мени эмне үчүн алып кеткен жоксуң?» – дейт. Анда бизде башка мамиле жок эле. Бир күнү жатып алдым эле, түнкү саат 12де Касий аба – күйөөсү чуркап келди, кызуураак экен: «Ой, Мамбет, айланайын, тур тез, этим бышып калды, жүр», – дейт. Мен: «Ой, Касий аба, түнкү саат 12де да киши чакырабы, эртерээк айтып койбойсузбу? Тим эле коюңуз, эртең барайын», – десем болбоду. Ошончо болуп мага чай берип көргөн жан эмес. «Зайнаптын классташы экенсиң. Зайнап дагы чай бере албай уялып жүрөт», – дегенинен, ишенип: «Бара бериңиз, мен азыр кийинип барайын», – деп узатсам, артынан бир баласы чуркап келди: «Энем жиберди, келбесин, үйдө эт эмес, бир сындырым нан жок», – деп. Таң калдым, бул эмне деген акмакчылык деп. Эртеси эртең менен ачуум менен барып: «Ой, Касий аба, бул эмне шылдың кылганың, же мени ачка жүрөт деп ойлодуңбу?» – десем унчукпайт. Зайнап байкуш: «Бул акмактын кылганы – сени чакырып келсем, айласыздан арак таап келет дейт, ошону өзү ичиштин амалы», – дегенде эле түшүндүм, тигинин «соодасы» бүткөнүн. Ошентип, кыйналып жүрүп Зайнап байкуш эрте кетип калыптыр. Угушумда, балдары түзүк чыкты дешет.

Дүмкөнов Темир онунчу классты бүткөндөн кийин негедир окубай калды. Темир экөөбүз окуп жүргөндө мамилебиз өтө жакын эле. Мен жакшы көрчү элем, өзү балдардан бөлүнүп бою узун, кебетеси, мурду барпайып, көзү үңүрөйүп, кебете-кешпири сулуу эмес, былтыйган бала болчу. Бирок жөнөкөйлүгү, адамкерчилиги жакшы, тамашаны түшүнө – көтөрө билген бала эле, экөөбүз көп күрөшчүбүз. Кээде бапылдап: «Ээ, Маке, экөөбүз чоңойгондо, курсак байлап, машиналуу болсок, биз отурган жактын дөңгөлөгү көтөрө албай былчыйып калат го?» – деп тилек кылчу. Анда машина деген жок, көргөн дагы эмеспиз.

Ошол бойдон мен жалгыз окууга кеттим, Темир менен кезикпей калдым. Кийин институтту бүтүп, илимдин кандидаты, хирургиядан мугалим болуп калдым. Бирөөлөр келип, күндүз саат 1–2де болсо керек: «Маке, тамак ичип келбейлиби?» – дегенинен, макул болдум. Анда болгон ресторан – эң алыс сезилген «Суусамыр» рестораны, азыркы «Ош» базарынын ичинде болчу. Машинадан түшүп, 3–4 кишибиз, ресторанды көздөй баратсак эле, Темир да 3–4 киши менен бапылдап келатат, маңдайдан чыкты. Жакындап келгенде дагы тааныбайт, кезикпегенибизге бир топ жыл өтүп кеткен эле. Маңдайыма келип калыптыр. Мен бир уруп, жөөлөп кеттим. Карап калды таңданып. Кокодон алып муунтуп жибердим, коё бердим – дагы эле тааныбайт. «Сволоч, картошка сатып, курсагың тоюп, арак ичип келаткан экенсиң го? Эмне мени жөөлөп кеттиң?» – деп калп эле догурунуп калдым. Берки мени чакырып баргандар да, Темирдин жанындагылар да таң калып, эси ооп калышты. Бирөө: «Маке, бир ачууңузду мага бериңиз, бул жигит байкабай жөөлөп кетти окшойт», – дейт. Мен: «Билбейм, бул сволоч кара санап жөөлөдү», – деп коём. Темир байкуш, өңдөн эчтеке жок: «Агай, кечирип койсоңуз, байкабай калдым», – деп жалынып жатат. «Бара бер, көзүңдү ачып жүр, болбосо, бул жерден – шаардан жылаңач кетесиң», – деп көчүккө бир тээп жөнөттүм. Дагы эле тааныбайт, бир аз басып кетип кайрылып: «Ай, Темир!» – десем, карап калып эле, жанындагыларга: «Ай, менин атымды айтып жатат», – дейт. Бери кел десем, чуркап келатат, жакын келгенде гана таанып, бакырып кучактап жыгылды. Мен: «Ай, Темир, кантип эле тааныбай калдың?» – десем: «Буюрбасын, тааныган жокмун»,– дейт. Бир аз сүйлөшүп, ал-акыбалыбызды сураштык. «Окуй албай калдым, айылда эле колхоздун ар кайсы жумушунда иштеп жүрөм», – деди. «Аман болсоң болду, мен керек болсом, кезигип тур», – деп коштошуп, ошондон кийин Темирди көргөн жокмун. Кийин уксам, кайтыш болуп кетиптир. Бул да эрте – жаш эле убагында кетти.

Ушул онубуз 10-классты бүткөнчө, ынтымагыбыз абдан жакшы эле. Бири-бирибиз менен айтышып, мушташкан да жокпуз. Ар бир нерсе убактысына, шартына, жашына карата өтө берет тура. Жокчулукка, ачкачылыкка, уруш жүрүп жатканына карабай, балалыктын доору: ойномой, чуркамай, оюн коюп, элге көрсөтмөй, бири-бирибизди тамашаламай, кышында таруу бозодон салып жоро ичмей дегендей өз ирээти менен кете берет экен. Жашагысы келип аракет кылып, илгери үмүт менен алпурушуп жашай берет экен адам. Себеби табигат, Кудай Таалам ошондой жаратат экен да.

Мугалимдерибиз биз үчүн өтө барктуу эле, ары жак, бери жакты билбесек, алар кандай турмушта жашап жатканын туйбасак, ушундай болот экен деп биз да жашай берчү элек. Директорубузду – Касымбай агайды айтпадымбы, кыргыз тил, адабият сабагынан берчү эле. Завучубуз дагы калмак Токобаев деген киши, өтө заардуу, бир да көргөн жокмун күлүп-жылмайып койгонун, тарых сабагынан берчү. Ар дайым башынан тумагы, үстүнөн чапаны түшчү эмес, негедир такылдап эле жөтөлүп отурчу, өзү арык.

Мен комсомол комитетинин секретарымын, ушул завуч агайдын кабинетинин бир бурчунда кичинекей тумбочка бар, анын ичинде – комсомолдордун документтери. Ал убакта комсомолдун кадыр-баркы абдан чоң, партиядан кийинки күчтүү уюм эле. Бир күнү эшиктен уруксат сурабай эле кирип, тумбочкамды ачып, кагазымды алайын деп жатсам, завуч агай, Салима Сулайманова деген эже физикадан окутчу, жаш, өңдүү аял эле, ошону менен отуруптур. Агай мени: «Ай, акмак, эмне уруксат сурабай кирип келесиң? Чык эшикке, акмак!» – деп сөгүп кирди. Мен: «Агай, менин бул жерде тумбочкам турат, кагаздарымды алып алайын», – десем болбойт, чык эле, чык деп. Мен да көгөрүп, ошондо эле анча-мынча орой экенмин: «Жок, агай», – деп, тумбочкамды ачып отуруп алдым. Салима эже дагы тиги кишиге кошулуп: «Ай, бала, завуч айткандан кийин укпайсыңбы»,– дейт. «Жок, укпайм!» – дедим. Завуч агай: «Сени мектептен айдап чыгам»,– деп коркутту, чыгып кеттим. Эртеси мектептин балдарынын баарын чогултуп, мени аябай келтирип: тартиби жок, хулиган, мектептен чыксын деп маселе койду, эч ким кол көтөрбөдү, чыгара алган жок.

Директор агайым: «Эмне болуп кетти, эмне кылдың эле?» – дейт. Агайыма болгондун баарын айтып бердим, окуй бер деп коё берди. Ошондон кийин, завуч сабакка келет, сабак берет, мен бармынбы, жокмунбу – эсепке албайт. Сурабайт, салам айтсам, жооп бербейт. Ошентип жүрүп бир нече убакыт өтүп кетти. Эртең менен сабакка чуркап келатсам, балдар тарап келатышат, «Ой, эмне болуп кетти?» – десем: «Завуч Токобаев агай эртең менен мектепке келатып жолдон катуу жөтөлүп, өпкөсү оозунан ыргып кетип, өлүп калыптыр», – дешти. Кийин врач болгондо түшүндүм, кабагы ачылбай, эмне эле заарданат десем, бечараны оору ошого жеткизген экен. Көрсө, өпкөсүнөн ачык түрдөгү кургак учук экен. Мындай дарт өтө коркунучтуу жана жугуштуу. Ал убакта эч ким текшербейт, эмне оору экенин да билбесе керек. Таң калганым, Кудай сактап, бизге жукпай калганын карасаң. Кийин институтту бүткөндө, алты ай кургак учук ооруканасында иштеп калдым, ошондо анык түшүндүм завуч агайдын эмнеден өлгөнүн. Түнкүсүн дежур болуп жатканда, үч-төрт палатадан ары сестра келет, оорулуунун абалы жаман, кан кусуп жатат деп чуркап, бир-эки мүнөттүн ичинде өлүп кетет, оозунан шар этип кан агып, көз ачып-жумгуча кайтыш болуп кетет.

Себеби кургак учук – туберкулёз оорусунун микробу өпкөнү жеп отуруп чиритип, анан өпкөнүн кан тамырын тешип жиберсе, ушунчалык шар кан кетет, адам заматта жок болот. Завуч агайдын өпкөсү ыргып кетпей эле, ушундай кан аккандан мүрт өлгөн экен.

Салима эже физикадан берчү, маселе чыгарып келатып, жаңылып чыгара албай калса, ошол замат токтотчу, «эртең» деп. Аркы Жер кезде сиңдиси Рабига дагы физикадан окутчу, экөө бир жашашат, сиңдиси түнкүсүн чыгарып берип, үйрөтүп, эртеси Салима эже бизге чыгарып берчү.

Ордобаев деген мурутчан – мурутунан жылмайып күлгөн, какшык сөздү көп айткан киши эле. Бул дагы тарыхтан берчү. Бизге: «Жөөлүй бергиле, тажаганда өзүм токтотом», – деп калчу. Кийин чоңойгондо барсам, почточу экен, ал-жаны калбай учурашып, элден уксам, мени ар дайым мактап жүрүп кайтыш болуп кетиптир.

Эшмухамбетов агай жашы өтүп калган киши эле, химиядан берчү, формула чыгарып жатып жаңылып кетсе, шашып жеңи менен өчүрүп жиберчү.

Математикадан жаңы эле армиядан келген Барий деген калмак окутчу, бул киши бизге сабагын дурус билгендей эле көрүнчү. Бүтүп жатканда, мамлекеттик экзаменге келгенде, конвертти бир саат калганда ачат эмеспи, ачты. Биз күтүп отурабыз, мына чакырат, ана чакырат деп. Чакырбайт. Кечке күтүп, кечинде таратып жиберди. «Балээ болду. Эмне себеп болду экен?» – деп биз сарсанаага түшүп, эртеси мектепке эрте келдик. Ак-Булуңдун мугалимдерин чакырып келишиптир, анда берилген маселени булар да чыгара алышпады. Түштөн кийин Пржевальскинин Киров мектебинен орус аял келди, ошол чыгарып берди көрүнөт. Баарыбыз эле капталыбыз күйгөн балдарбыз, сездик чыгара албай жатканын, себеби бирөө дагы жогорку окуу жайын бүткөн адис эмес эле. Мен директор агайыма кирдим: «Агай, биз кирбейбиз экзаменге», – деп. Анда: «Эмне болуп кетти?» – дейт. «Мугалимдер эки күндөн бери өзүлөрү чыгара алышпай жатса, биз кайдан чыгарабыз?» – десем, күлүп жиберди. «Кантип билдиң чыгара албай жатканын?» – деп. «Агай, бизди алдоого болбойт, бизге кыйын турмуш баарын үйрөтпөдүбү», – дедим. Агайым, чындыгында, мени жакшы көрчү. Мугалимибиз Барий дагы турду эле, ал агайым мени колумдан алып: «Жүрү, экөөбүз сүйлөшүп келели», – деп эшикке алып чыкты. «Ай, Мамбет, чыдай турбайсыңбы, ушундай болуп калды, татаал суроо экен, эми оозуңардан чыгарбагыла, биз даярдап беребиз, эки саат отуруп шашпай көчүрүп алгыла», – деп турбайбы. «Жарайт, агай!» – деп, мен балдарга барып айтып, кеңешип, экзаменге киргенде, кыйналып-кысталып чыгарып жаткансып, эки саат дегенде шашпай көчүрүп бердик.

Дагы бир калмак агайыбыз – армиядан келген, колу-буту соо, бизге физкультурадан сабак берип калды. Кыштын күнү кар калың, суук, бул агайыбыз физкультура болсо эле баарыбызды короого алып чыгат, «жат», «сойло» деп. Ушундан башка үйрөткөнү жок, күнүгө эле ошо. Болгону – бир тери тонубуз, тери шымыбыз, жоон кийиз чокоюбуз бар. Жатып, сойлоп жүрүп тонубуз сууга чыланып, тытылмай болду. Дагы эле ошол көнүгүүлөрүн жасатат. Бир күнү мен туруп басып кеттим. «Кайда?» – дейт агайым. «Бу сиз «жат», «сойло» дегенден башка сабак билбейсизби? Мен эми жатпайм, мобул жаман тонум чыланып катып айрылса, эмне кылам, эмне кием?» – деп жооп бердим. Барып эле директорго арызданыптыр: «Мамакеев баш ийбей жатат, калганын да бузуп жатат», – деп. Директор агайым чакырып: «Эмне болду, эмне мугалимге баш ийбей басып кетесиң?» – деп сурады. «Агай, физкультурадан качкан жокмун, мобу агай күнүгө эле эшикке чыгарып алып, «жат», «сойло» дегенден башканы билбеген неме экен», – десем, күлүп жиберди. – Бара бер,– деди. Ошондон кийин «жат», «сойло» дегенден кутулганбыз. Кийин байкап көрсөм, ал дагы жөн эле жүргөн солтокон экен, мугалим жоктугунан: армияга барып-келди, бирдеме билет го деп эле кызматка ала беришкен.

Бүтүп жатканыбызда, мамлекеттик экзамендин алдында Пржевальск институтунан мугалим Исаев Нурдин деген келип калды. Кийин билсем, бизде толук эмес жогорку билимдүү жалгыз ушу Исаев экен. Өзү жаш. Тарых боюнча экзаменде, биздин баягы агайыбыздын «жөөлүй бергиле, тажаганда өзүм токтотом» деген сөзү эсибизде, ошентип «жөөлүй» баштаганда эле, Исаев: «Жок, туура эмес айтып жатат», – дейт. Биз ага көп көңүл бурбай, баш ийбегенсип, колду чулгуп коюп сүйлөй бердик. Бул чатак кыла баштады, эчтеке билбейт деп. Анын оюн көп укпай, комиссиядан өтүп кеттик. Бүткөндө колдон келишинче банкет уюштурдук. Эсимден кетпейт, ошондо кийим жок, армиядан Мукаш Бердибаев деген агам келип калды, бойлуу, чоң киши эле. Барып: «Аба, өтүгүңдү, шинелиңди берип тур», – деп сурап алып, атасынын – Бердибайдын бир түлкү тебетейи бар эле, ошону да сурап кийдим. Шинели жерди шыпырып калды, өтүгү да өтө чоң экен, болбой эле ушуларды кийип, жасанып бардым.

Болгон тамагыбыз: бозо, кымыз, боорсок, аз-маз эт. Анда күчтүү бозо кадимкидей кызытып койчу, бүтүп жаткандар Исаевге ызырынып калдык эле, ушуну кичине окутуп коёлу деген чечимге келдик. Директор агай кыраакы киши эле, байкап калыптыр, мени чакырып: «Акмактанба, мен сезип-билип турам, эртең уят болобуз», – деп турат. «Жо-ок, агай», – деп жооткотумуш болуп койдум. Агай сезди, бир убакта карасак, Исаев жок, акырын алып чыгып , качырып жибериптир. Кийин мен чоңоюп доцент, мединститутта парткомдун бюро мүчөсү болчумун, Исаев – ошондогу агайыма байланыштуу бир чатак иш болуп кетти. Ал жерде философия кафедрасын профессор Абдылдаев Таабалды деген өтө заардуу, бирок өзүнүн кесиби – философиясын мыкты билген адис башкарчу. Анын кемчилиги – чатак адам эле, ал убакта философия, партия тарыхына эч ким каршы сүйлөй алчу эмес, ушуга таянып Абдылдаев өтө катуу кармачу. Бир күнү эле партбюродо ызы-чуу түшүргөн чатак иш каралды. Көрсө, ошол менин агайым Исаев 6-курстун балдарынан акча чогултуп алып, колго түшүп калыптыр. Биз талкуулап жатабыз. Исаевдин түшүндүргөнү: «Бүтүрүүчү курстун балдары акча чогултуп: «Агай, сиз сейфиңизге салып катып койсоңуз, кийин бүтүрүү кечесинде керек болуп калаар, ошондо алалы», – дегенинен алып катып койдум эле дейт. Мен чыдабай ачуум келип: «Жолдош агай, бир убакта мага агай элең, азыр карасам, менден кичүү болуп, ини болуп калыпсың. Бул жерде отурган бюро мүчөлөрүн ким деп ойлоп турасың? Баары эле эчтеке түшүнбөгөн макоо адамдар экен деп ойлоп турасыңбы? Чынын айтсаң, туура болоор эле. Мединститутта хирургия, терапия деген негизги кафедралар бар, эмне үчүн ошол студенттер мага алып келип каттырып койбойт?» – дедим. Ошентип, айткан жообуна эч кимибиз ишенбей, алганы далилденип калып, партиядан чыгарылсын, иштен алынсын деген жыйынтыкка келдик. Ошондон кийин Исаев Казакстанга качып кетип, ал жакта бир топ жыл иштеп жүрүп келди деп уктум. Өткөн жылы бир жерден көрүп калдым, өтө карыган, таяк менен араң басып жүрөт.

Эми, окууну бүтүп жатканда, Фрунзеден бир орус аскер кишиси келип, бизди чогултуп: «Мен мединститутта аскердик кафедрада мугалим болуп иштейм, келгенимдин себеби...» – деп, медицинага өтүүгө үгүт жүргүзүп, мактап-жактап жакшы жагын айта баштады. «Ким мединститутка баргысы келет, мага жазылгыла», – деди. Ошол эле замат мен биринчи болуп жазылдым, башкалары бирөө дагы макул болгон жок. Ошондон кийин, мен беркилерди үгүттөй баштадым, чогуу кетели деп. Бирөө дагы макул болбоду. Үйлөрүнө, ата-энесине айтса керек.

Бир күнү эле огород жактан Саякбай абышка басып келип, сөзү жок – кепке келбей эле таягы менен мени жонго бир чапты. Мен чочуп кетип: «Ой, чоң ата, сизге эмне болду? Эмне кылган күнөөмө чабасыз?» – десем, ачуусу келген, мурду бучук киши эле – киңкилдеп дагы качырып кирди. Мен кача бердим. «Сен кетчү жагыңа өзүң кете бер, менин баламды – Турдубекти азгырба», – дейт. Ошондо түшүндүм эмне үчүн чапканын. «Ой, чоң ата, мен жөн эле чогуу барып окусун деген болчумун, барбаса барбасын, аны Турдубек дебей эле, Турдукан дечү элек», – дебедимби. Мен дагы ачуум келе түшүп: «Сенин балаңды мен катындыкка алып бараткан жокмун», – деп айтып качтым.

Андан кийин чогуу бүткөн Аалы Кулукеевди дагы азгырдым эле, дагы Кулуке, Мукамбет деген эки атасы келип, экөө тең атчан кубалап сабаганы аз калды. Айтканы эле: «Балабызга жабышпа, кетчү жагыңа өзүң кет», – деген сөз. Андан кийин, Бекболот деген жоош, жакшы абышка эле, бул киши тигилердей ачууланбай, сабайм дебей, акырын: «Ай, бала, Абдыга жабышпа, ал барбайт», – деп коюп кетти.

Ушинтип, бирөөнү да үгүттөп макулдата албай, өзүм жалгыз жөнөдүм. Кеткенде эч чамам жок, кийим-кече, жол кире табуу өтө кыйын, айтпадымбы, өтө кедей элек деп, акчанын жытын да көргөн эмесмин, бая колхоздо ушунча жакшы иштечү элем, башкарма кетээрде эки араба кара сулу чөп берип, ушуну Пржевальскиге алып барып базарга сатып, ошонун акчасына бир шым, ал да боёлгон неме экен, кийин этиме боёгу чыгып, булгап жүрдү, бир көйнөк, бир тапочка сатып алдым. Энемдин бергени – жүндөн токулган, тизеге чейин жеткен байпак, бир мешоктой арпа талкан. Ушуну менен Пржевальскиге автовокзалга келсем, анда автобус, машина деген жок, эки күнү ошол автовокзалда таштын үстүндө машина күтүп отурдум. Отуруп, кез-кез уктап кетем. Эки күндөн кийин бир жүк тартуучу машина, полуторка деп койчу эле, ошол келип калды, үстүндө киши толтура, мени алды, болгон оруну – машинанын бурчунда керосин куйган бочкасы бар экен чынжыр менен байланган, ошол бочканын үстүнөн орун тийди.

Кетип баратабыз. Тоң жак экен кийин билсем, машинага деле биринчи жолу түшүшүм болсо керек. Пржевальскини деле бир-эки жолу жөө үч тоок көтөрүп келип, сатып көргөм. Андан башка жакка биринчи жолу чыгышым. Кубанып-сүйүнүп, чынжырды бек кармап баратам, себеби бочканын үстүндө бийик отуруп, бардык жак сонун көрүнүп, көрүп баратканыма эле куштармын.

Жолдон Быстровкага токтоду. Дарбызды биринчи көрүшүм, кичинесинен бирди ала коюп, кеспей эле тишим менен кабыгын кошо катыра жей баштасам, саткан адам менин билбестигимди көрө коюп: «Ой, бала, мунун ичиндеги кызылын жейт, көгүн, кабыгын жебе», – деп түшүндүрүп берди.

 

ЭНЕМ БАТЫЙДЫ БИР КҮН ДА ЭСИМЕН ЧЫГАРБАЙМ

Энемдин кайтыш болгонунан бери 28 жыл өттү. Аман болсо жүз он бирге чыкмак экен.

Энем ыраматылык бою кичине, толук эмес орто бойлуу, өтө жоош, сыпайы, оозунан жаман сөз чыкпаган, бир калыпта жүргөн, баарына чыдаган укмуш адам эле. Он жети бала төрөгөн, ошондон өлүп отуруп, азыр үчөөбүз барбыз. Улуусу мен – 85ге чыктым, карындашым Упаш 80 жашка чыкты, бала-чакалуу, небере-чөбүрөлүү, иним Абдылда 68 жашта, төрт кыз, эки уулу бар, баары үйлүү-жайлуу.

Эне деген бала үчүн, ал канча жашка чыкпасын, кандай акыбалда болбосун, түшүнгөн жан үчүн, ЭНЕ бойдон кала берет. Бизди бул жарыкчылыкка ким алып келди? Азап-тозогуңду туулгандан чоңойгуча тартып, тарбиялап, уядан учуруп, ушул жашка, ушул даражага ким жеткирди? Кийинки муундарга, эне-атасы бар адамдарга мен улуу катарында, врач катарында көргөн-билгендеримен айтып берейин. Мүмкүн, ойлонуп каларсыңар. Мен деле асмандан түшө калган жокмун. Ким элем, ким болдум? Энемдин теңдешсиз эмгеги, тарбиясы менен 60 жыл врач-хирург болуп иштеп келатам. Энеге байланышкан турмуштук окуяларды өз көзүм менен көрүп, угуп күбөмүн.

Бизге, кечиктирилгис хирургияга, жашы улгайып калган эне-ата көп түшөт, кээ бирөөлөрү кыйналып, оор операция жасалып жатса да, балдары келип ал-акыбалын сурап койбойт. Тамак-аш алып келбейт, кээ бирөөлөрү эстегенде кайдыгер кишидей телефон чалып коёт: «Аманбы?» – деп. Үй-жайын талашып, эне-атасы менен соттошуп, эне-атасын сабап, бычак менен сайып, мээсинен жарадар кылып жаткандар бизде ар дайым кезигип турат. Эми ушундай айбандарды дагы ошол энеси төрөп чоңойткон. Көргөн күнү ушул. Эгерде баласы оор акыбалга түшүп калса, энеси байкуш канатын сууга салып, ал-жайын сурап, күн-түн дебей баласынын тегерегинде чуркап жүрөт.

Бир эле мисал айтайын. Андай эсимде калган мисалдар жүздөп саналат. Мындан көп жыл мурун 23 жаштагы бир жигит бир топ кишини автомат менен атып салып качып кетет. Көпкө чейин таптырбай, карматпайт. Артынан аңдыгандар акыры үйүнө келер деп, күн-түнү жашаган үйүн жашыруун кайтарууга алат. Бир түнү келет. Билип калып дубалдан секире качканда, бутун сындыра атышат. Бир огу боорун аралап өтөт.

Бизге өтө оор акыбалда алып келишти, абдан көп кан кеткен, түнкү саат экилерде мен операция жасап, аман алып калдык. Оор акыбалына карабай, күн-түнү дебей эки милиционер кайтарып жатышты, кейпи зыңкыйган эле түзүк жигит көрүнөт, эми ошол баланын энеси күн-түн дебей оорукананын тегерегинде чырылдап ыйлап жүрдү, баласына киргизишпейт. Мага келип, арыз-муңун айткан. Баласына эч жамандык жолотпойт, ушундай сонун, жакшы деп. Баарын айтып боздойт, баласы көпкө жатып жакшы боло баштаганда, түрмөнүн ооруканасына алып кетишти. Эмне болгонун билбей калдым.

Эми бизде, мусулманчылыкта эне-атасын кароосуз таштабайт эле, көптөн бери көрүп жүрөм, дүңкүлдөгөн чоң эле балдары энесин же атасын карылардын үйүнө жеткизип таштоочу болду. Булардын дагы кээ бирөөлөрүнө операция жасадым: «Ой, эне, балаңыз бар экен, кандайча бул жайга түшүп калдыңыз?» – десем, «Эмне кылам, келиниме, балама жакпай, ашка жүк болуп калсам керек, ошон үчүн бул жайды өтө мактап, үч маал ысык тамак берет, жатаканасы жылуу, ичинде таза жууркан-төшөгү баары бар, ар дайым карап турган өзүлөрүнүн врачтары, медсестралары бар деп ынандырышты», – дейт. Көрсө, кээсин алдап, бир ыгын таап өткөзүп кетишет экен.

Мен ушундай карылардын балдарына, келиндерине сакалдуу катарында, врач катарында айтаар элем: Эсиңде болсун, сен дагы карыйсың, сен дагы бала-чакалуу болосуң, ошол балдарыңдан так ошондой энеңе көрсөткөндү көрүп кал деп. Турмушта көрүп жүрөм, энесинин каарына калган бала оңолуп, балдарынан жакшылык көргөнүн. Башыңа келгенде өкүнөсүң, бирок башыңды койгуласаң дагы кеч болуп калганы жаман.

Мен эми ушул жашка келип, чоң ата болсом дагы, ушул күнгө чейин ЭНЕМ оюмдан кетпейт. Энемдин ак сүтүнөн кутулдумбу, актадымбы, толук актай алган жокмун го деп ойлоном, а кээде алымдын келишинче актоого аракеттенбедимби деп өзүмдү жубатам. Эми энем жөнүндө эсимде калгандар эч качан унутулбайт экен. Айтпадымбы, 17 баланы төрөгөн деп. Көпчүлүгү өлүп калган, кийинчерээк эс тартканда деле, андай шартта төрөлгөн балдар, менимче, көпкө жашашмак эмес. Ошол шартка, ошол турмушка көнүп, чыдамкайлары гана аман калса керек.

Күз мезгили, энемдин төрөөр убагы келип калгансыды, сарсанаа болгонум эле толгоо кармап энем төрөп калса, ким төрөтөт? Көрүп жүрдүм, толгоо күчөгөндө каканагы жарылып, суу кете баштаганда, убакты жетти деген белги болсо керек. Бир жолу күчтүү киши артына отура калып, тизесине отургузуп төрөткөнүн эстейм, айылда андай адам жок, бүт армияда. Кечке жуук энем байкуш жоош киши, кичине кыңкылдай баштады, түшүндүм толгоо башталганын. Көчөнүн четинде Мамакенин карындашы Аный эжекем турчу, ага чуркаган бойдон жетип барып: – Эжеке, энемдин толгоосу башталды окшойт – десем, эжекем тез эле мени менен кошо чуркап келди. Энем бир аз кыңкыстап жатып эле эч жардамы жок өзү төрөп салып турбайбы, сүйүнгөнүмдү айтпа. Төрөгөндөн кийин эжекем баланы бир жаман чүпүрөккө ороп алды. Баланын дымы чыкпайт, ыйлабайт, мен көрүп жүрчү элем, эгер дымы чыкпаса, чаканы калдыратып, же муздак суу чачып жиберсе үнү чыкканын. Мен дагы ушуларды жасап жиберсем, анан үнү чыкты, аман экен деп сүйүнүп калдым, түнкү саат бир-экилер болсо керек. Анда электр деген жок, эптеп майга жүндү салып, шам жасасак, жылтырап күйүмүш болчу. Эртеси эртең менен баланын өңүн көрөйүнчү деп, жарыкта көрө коюп эсим чыкты, адамга окшобойт, чымчыктын кызыл эт балапандарын көп көрчүмүн, кейпи ошонун эле өзү. Башы, курсагы чоң, колу чийдей, кабыргалары арсайып бир укмуш көрүндү, ойлодум, ушул кантип адам болсун деп. Кийин түшүндүм, мындай төрөлүштүн себеби, боюна болгону энем байкуш бир ырыстуу тамак ичкенин көргөн эмесмин. Баланын өсүшү эненин түзүк тамак ичишине байланыштуу болот экен.

Энем төрөгөндө огородубуз кырк сотых жер эле, толтура арпа айдаганбыз, арпа бышып кетти, мен ошого чейин орок оргонду жакшы үйрөнө элек экемин, эки-үч күн оруп аракет кылдым, колумду кесип жатып бир аз ордум. Энем байкуш баарын көрүп туруп, төртүнчү күнү өзү туруп эки күндө оруп койду, анда жок дегенде талканыбыз кенен болсочу. Энемди күчүнө келтирип ордургандын себеби мындай эле. Ошонун алдында, биздин айыл чоң айыл болчу, мектептин комсомолдору болуп, бир комсомол уюмубуздун 82 мүчөсү бар. Бир күнү, райком комсомолдун катчысы эсимен чыкпайт, Исмаилов деген эки буту жамбашынан тубаса майып болуп чыгып кетсе керек, өрдөкчө баскан киши эле, ошон үчүн армияга барбай калса керек, сайраган өтө тың киши келип тапшырма берди. Ар бир комсомолдон фронтко бирден тоок чогултасың деп. Анда фронтко дегенде жок деген сөз болчу эмес, ошол замат бала дебей, чоң дебей так аткарчу элек. 82 тоокту бир эле күндө чогулттук, бир өгүз арабанын алдына кендирден чоң салып алып, буттарын байлаштырып, Ак-Суу райком комсомолуна алып келдим, кирип: – Агай, айтканыңызды аткардым, тоокторду алып келдим – дедим. Азаматсың деп айтат го десем, тескерисинче, сен, акмак, эмне алып келдиң, алып кел дегенде алып келбейсиңби – дейт. – Агай, өзүңүз алып кел дебедиңиз беле? – десем, укпай, – алып кет кайра, алып кел дегенде алып келесиң деп кууп жиберди. Кайра үйгө алып келдим. Үйдө сарай деген жок, буларды качырып жоготуп жиберип кантип төлөйм – деп сарсанаа боло баштадым. Ойлонуп, жаман тамдын оозун бекитип, уча качпасын деп тооктордун канатын кесип, эки күнү камап салдым. Кудай жалгап, ошолор жумуртка тууй баштады. Энеме күнүнө 3–4 жумурткадан бышырып берип жатып, тыңып кетти.

Энем байкуш өмүр бою колхоздун жумушун аткарды. Чөп чапмай, эгин ормой, айрыкча, апийим убагында иши өтө оор болоор эле. Андан башка күн-түн дебей үйдүн иши. Ошол төрөлгөн иним айылда, азыр 66 жашта, 6 баласы, бир топ неберелери бар, ажал жок болсо адам жашайт экен да, ушунчалык кедейчилик, уруш убагы, ушул иним адам болуп аман калганына таң калам. Энемдин ушул баласы кенжеси болуп, 7-классты бүтүп, андан ары окубай койду, эркелетип коюшту. Мен 1946-жылы окууга кетип калдым. Абдылда кийин чоңойгондо колхоздо шофёр болуп иштеди. Мен институтту, кийин ординатура, аспирантураны бүткөндөн кийин, ассистент, доцент болуп, оңоло баштаганда энемди кышкысын такай шаарга алып кыштатып, жайында айылга жиберип жүрдүк. Абдылда энеси менен ар дайым чогуу болду. 18 жашка келгенде же окубаса, же иштебесе деп, армияга жөнөтөйүн десем военкоматка барып, медкароодон өтүп эле жарабай калдым деп келет. Бир жарым жылда эки-үч чакырылып, жарабайт дегенден башка сөз жок. Бир күнү хирург Ерусалимский деген мени жакшы таанычу, бирге иштешип калганбыз, көчөдөн кезигип: – Мамбет, сен мага 100 грамм карызсың,– деп тамашалап калды. – Эмне болуп кетти десем, сенин иниң Абдылданы мен армиядан алып калып жүрбөймүнбү – дейт. – Ой, аны сенден ким сурады, муну алып кал деп,– десем, – сен өзүң сурап жатасың да – дейт. Көрсө, иним комиссияга келгенде тигинин кулагына шыбырап койчу турбайбы, абам суранды деп. Буга акылынын жеткенин карабайсыңбы, ушул хирург болгондон кийин абамды тааныйт го деп шыбыраса, ал ишенип, болбогон шылтоо таап калтырып коюптур. Ошондон ачуум келип, үйдөн инимди айдап военкоматка алып барып, комиссияга кирип, менин көзүмчө текшергиле, эч оорусу, кемтиги жок деп армияга айдадым, себеби мурун ошол убакта армия деген укмуш да, окутуп, тарбиялап адам кылып жиберчү эле. Ошентип Сибирдин алыскы Уссирийск деген жерине армияга кетти. Үч-төрт ай өткөндө командиринен кат келди, иниңиз бөөдө шылтоо таап, эки жолу госпиталга жаткызып текшерип чыктык деген. – Эч оорусу жок, күч колдонуп, сабап туруп кызмат кылдыргыла деп, кайра ошол командирине кат жаздым. Ошондон кийин инимден кат келди, эмне дедиң эле, мени сабап жатат деп. Мен кат жаздым, сага сооп болот, дагы сабай түшсүн, сенин жаның башкалардан артыкпы, акмактанбай жакшы тил алып, кызмат өтөп кел деп. Армияда эки жыл жүрүп келди, кызыгы, кеткенине үч-төрт ай өткөндөн кийин энем байкуш мага: – Абдылдам эмне болду, эмгиче келип калам деди эле – дейт. Мен: – Ай, эне, кеткенине үч-төрт эле ай болбодубу, ал эки жылдан кийин келет десем, ыйлап жиберди. Кетерде ыйласа, ыйлаба, жибере берсин, үч-төрт айдан кийин келип калам деп энесин сооротуп кеткен тура, барганда көрсөткөн «номурлары» өтпөй калып эки жыл жүрбөдүбү. Бул инимди чоңойгуча, кийин аял алып бергенден кийин деле, өзү жалкоороок, тилдеп, сабап да койгон күндөрүм болгон. Энем байкуш тунум деп жакшы көрчү, аяп, мага: – Тим койчу, аман жүрсө болду деп калкалап турчу эле, ушул баласынын чайын ичип, келинин, бала-чакасын көрүп кетти. Азыр ушул иним айылда үй-жайдын ээси болуп, жакшы карылыктын башталышын көрүп жатат. Тамеки чекпейт, арак ичпейт, момураган жакшы адам болуп калды. Бул инимдин азабын энем экөөбүз жакшы эле көрдүк.

Дагы бир ушул күнгө чейин эсимден кетпеген нерсе бул. Эстесем, демим кыстыгып, дем алалбай, жашып кетем. Айтпадымбы, өтө кедей элек деп, уруш убагы, 1944-жыл болсо керек, энем байкуш күнүгө эртең менен эрте кетет. Ак-Суу айылынын үстү жагындагы тоо этегиндеги кенен жайыт жер биздин айылга караштуу. Ошол жерде колхоздун саан уйлары бар эле, анда машина жок, уйларды кол менен саашчу. Кечке саап, кечинде эки чаканы баканга көтөрүп, суу сүттү (тартылган сүт) жөө көтөрүп келет, аны жарма кылып бышырып, талкан аралаштырып бизге берип бакчу.

Бир күнү кечке жуук укмуштай бороон-чапкын болуп, күн катуу жаап кирди, оюм энемде, эмне болду деп, огороддо бир ат жүрүптүр, аны кармап алып, белимдеги жипти чечип, ооздук байлап, жайдак минип алып, алдынан тосуп чапкан бойдон жөнөдүм. Айылдан өтүп, төш менен чаап баратам. Баратсам, бир коктунун ичинде ыйлап отуруптур, жаан куюп жатат, көрсө, коктуга ичке жол менен түшүп келатып, ошондон тайгаланып жыгылып кетип, чакасы кошо кулаптыр. Ыйлаба, эне, тур деп жөлөп тургузсам, бүгүн эмне ичесиңер деп боздойт. Экөөбүз тең ыйлап, эптеп сооротуп: – Эчтеке эмес, бүгүн сүтү жок эле жарма ичебиз деп атка учкашып алып, үйгө келдик.

Канча жыл өттү, ошентсе дагы жыл сайын айылга баратканда, машинадан ошол коктуну карайм, караган сайын ошол окуя, энем эсиме түшүп, бир аз муунуп барып оңолом.

Дагы бир унутулгус окуя эсимде калды. Ошондон бир-эки жыл мурун энем катуу ооруп калды деп карындашым Бейшекан, Түптө иштечү, өзү врач, телефон чалып калды. Кечинде: – Аба, энемдин оорусу өтө кыйын, тез келбесеңиз болбой калды,– деди,– макул, эртең менен эрте чыгам –дедим. Мындайда артын, алдын чогуу ойлонуш керек экен, даярдык деген болуш керек, Сабирдин Турсунов айыл чарба министри эле, мамилебиз жакшы болчу, түнкүсүн телефон чалдым: – Сабике, энем катуу ооруп атыптыр, жөнөгөнү жатам, айылда деле даяр шартыбыз жок. Караколдо мал байлаган комбинат болсо керек эле – десем,– бар – деди. Бир-эки жылкы айтып койсоң десем: – Маке, капа болбо, энең аман-эсен айыгып кетсин, мен азыр эле телефон чалам, ал жагынан кам санабай бара бер,– деди. Эртеси дары-дармегимди алып жетип бардым. Барсам, энем чын эле кыйналып, деми кыстыгып дем алалбай, температурасы көтөрүлүп, чабалактап жатыптыр. Байкуш энем мени көрүп сүйүнүп, бетимен өөп, жакшы боло түштү. Тез эле алып барган дарыларымды куюп да, ичире да баштадым. Бейшекан – врач-инфекционист, жанынан чыкпай отурду. Туугандар чогулушуп, чочулап турушкан экен, мен не бар, не жок деп эт комбинатына барсам, директору жакшы адам экен: – Турсунов телефон чалган, даярдап койдук – деди. Мен: – Айланайын, ырахмат, энем оңолуп кетсе кереги жок, өзүңдө калат дедим. Кайра кечке жуук үйгө келсем энем кичине түзүк, этинин ысыганы түшүп, дем алганы оңолуп калыптыр. Туугандар: – Баласын күтүп жаткан, көрүп боюн түзөп жатат – деп жоруй башташыптыр. Мамакенин карындашы Уулкан деген эже бир кыз төрөп алып, ар дайым биз менен чогуу жашачу, күйөөгө чыккан жок. Сүйлөгөнү, сөз тапканы укмуш киши эле. Ошол эже, дагы бир жеңе ырсалаңдап эле күлүшөт. «Ой, силерге эмне болду? Эмнеге кубанып жатасыңар?» – десем, эже мага карап: – Атаңдын чекесин карачы – дейт. Эмне болуптур деп карасам, чекеси томуюп калыптыр. Көрүп: – Ай, ата, эмне болду, жыгылдыңбы десем, жөн эле,– деп койду. Уулкан эже агасы менен ачык эле сүйлөшө берчү. Мен айтып берейин деди: – Сен шаарга кеткенде бул кемпирине жакын барып отуруп, чакчадагы асмайдан берип: – Капа болбой, ойлонбой жата бер, уулуң Мамбет эки жылкы даярдап коюптур, ошону көргөнү шаарга кетти – деп кемпирине айтып берип жатпайбы. Кемпири уккандан кийин чакча менен чекеге коюп калыптыр, ошол жылкылар сага союлуп калсын деп. Күлбөгөн киши жок. Мен: – Ой, ата, бул эмне кылганыңыз, эс-учун табалбай жатса, кантип айттыңыз десем, жөн эле оозуман чыгып кетти – дейт. Атам байкуш мурунтан эле эмне көрсө, укса ичине жашыра алчу эмес. Энемдин жанына барып алаксытып, атам тескери түшүнүп калыптыр, мен больницага бирөөнү көрүп бер деп чакырганынан барып келдим десем, унчуккан жок. Бирок абышкасынын сырын билчү.

Ошону менен энем дарыланып жатып, айыгып кетти. Энем өтө көп төрөгөн. Менден мурункуларынын баары жаш убагында кайтыш болушуптур. Менимче, ага себеп – ошол турмушта үйдүн сууктугу, кийим-кече, тамак-аштын жетишпестиги. Кийин ойлойм, балдары кичинесинде эки өпкөсүнө суук тийип, врач деген жок, дары-дармек деген жок, ошон үчүн көпчүлүгү өлө берсе керек. Мен өзүм чоңойгону, 10-классты бүткөнчө кийим дегенди көргөн эмесмин. Тон, шым териден, бутта кыштын күнү кийиз чокой, күн жылыгандан, кыш түшкөнчө бут кийим дегенди билген эмесмин. Ал убакта түшүнүк ушундай эле, ар жак-бер жакты көрбөсөк, башка эл кандай жашап жатканын билбесек, ойлойсуң, ушундай турмуш болуш керек деп жашай бересиң. Таң калганым, айылдагы эстүү-баштуу кишилер деле жаныбызда 3–4 км жердеги Ак-Сууда орус эли жашайт, ошолорго барып, алардын үй-жайын, айдаган эгинин көрүп, оокат кылса деле болмок, оңолуп кетмек. Мен чоңоюп, Фрунзеге кеткиче, 1946-жылга чейин биздин айылда бир түп алма, өрүк болгонун көргөн жокмун. Ушуларды айдап-багып алса деле түзүк жашашка жардам болот эле да, ушунун баары билбестик, билимдин жоктугунан болсо керек.

Институтту 1952-жылы бүтүп, Сокенге үйлөнүп, үч жыл хирургия кафедрасында ординатор, аспирант болуп, стипендия менен эптеп жашадык. Аспирантураны 1958-жылы бүткөрүп, илимдин кандидаты, ошол эле хирургия кафедрасына окутуучу болуп калдым. Аспирантурада окуп жүргөндө кайнагам Жумагул Алышбаев Москвадан жогорку партиялык мектептин аспирантурасын бүтүп, илимдин кандидаты болуп келип, Фрунзедеги Республикалык партиялык мектепке директор болуп калды, тез эле академик, андан соң Жогорку Советке депутат болду. Ушундай таланттуу, боорукер, укмуш киши эле. Биздин кыйналып жүргөнүбүздү көрүп, депутаттык стипендиясын, эски-уску кийимдерин да берип жүрдү. Эки бөлмө үйүн биз бүткөндө идиш-аягы, жууркан-төшөгү менен таштап кеткен. Мына ушул кишинин биз үчүн жасаган жакшылыгы, жардамы укмуш эле. Бул жакшылык эч качан унутулбайт.

Кийин мен чоңоюп, түзүк хирург болгондо да, ушул кишинин жакшылыгын унутпай, актоого чоң аракет жасадым. Мага өтө ыраазы болуп, жакшы көрчү. Ыраматылык ал 49 жашында кайтыш болуп кетти.

Ошентип, 1960-жылга чейин энемди жакшы деле бага алган жокмун. Анча-мынча кийим-кечегине каралашпасам, ашык жардам көрсөтө албадым. 1960-жылдан баштап жардам кылышка, багышка чоң аракет кылдым. Биринчиден, айылга үй салып бердим. Мал-салдуу болушуна көмөктөшүп, атамды жылкылуу кылдым. Аркы-берки жерге жөө барбай калды, уй, койлуу болуп дегендей, кийген кийимин, жууркан-төшөнчүсүн оңдоп, оңолуп эле калышты. Андан кийин экөөнү кышкысын бул жакка алып, жазга чейин күн жылыганча биздин үйдө болуп, өзүлөрү дагы кыңкыстап, айылга көнгөн кишилер, чыдай албай айылга кетишчү. Адеп келгенде, аялым – Сокен кайнатасынан уялбай-этпей эле бакыртып, чечинтип, ваннага сууга салып, жууп, тазалап, таза дамбал, көйнөк кийгизгенин билем. Атам бечара, түшпөйм, жакында эле сууга түшкөм деп бакырып жатат. Мен сурай калдым, эмне, айылда мончо салынып калдыбы, кайдан түшүп жүрөсүң деп. Билем да, айылда мончо эмес, ысык суусу жок экенин, атамдан такып сурап жатам. Ичине эч нерсе жашырбаган момун неме айтып жатпайбы, бээмди талаада откозуп жүргөндө, арыктагы сууга жуунуп алгам деп. Сокендин оюн мен билип турам, кайнатасын тазалайын деген ою деле болбосо керек, ушул бит-ситин кетирейин, үйгө жайылып кетпесин деп сууга түшүрсө керек. Энем байкуш, өтө момун, оозунан жаман сөз чыкпаган киши эле. Көзүмдү ачып биринчи көргөн келиним деп Сокенди жакшы көрчү. Сокен деле жетим өскөн, жокчулукту, кыйынчылыкты бала чагында башынан көп өткөргөн, артыкчылыгы – өтө таза, үйгө, кийим-кечеге чаң жолотпойт, тамак-аш жасаганга укмуш, менин жакын келиндеримдин баары ушул Сокенден сабак алчу эле. Кыялы бар, тили бар, ушул күнгө чейин 40–50 жыл мурун өткөн окуяларды жылы, айынан бери сайрап айтып отурат, мен аларды биринчи уккандай болом, бирок моюнга салып коёт. Канча сайраса дагы, энем бир ооз ачып койбойт. Деги, жаман сүйлөп ажылдашкан кишилерге жооп да берип койчу эмес. Өзүнө айтчу элем: – Ой, эне, бир жооп берип койсоң боло – деп. – Ай, балам, аны менен ажылдашып, нервимди коротуп жүрөмбү, андан көрө ошол кишиге карап туруп, сөз айтпай эле бир аз жылмайып күлүп койсоң, мээси болсо түшүнөт дечү. Кийин тиши түшүп, тиш жасатып бердим, байкуш энем ошол тиш менен өлөр-өлгүчө мактанып, бадыракты тарсылдатып чайнап койчу. Көзүнөн катаракт болуп операция жасаттым, кийин калың очки менен көрүп, түзүк эле жүрдү. Мен чоң ата, чоң энем менен чогуу жашап калгандан болсо керек, тигилерди жакшы көрөр элем. Фрунзеге кеткиче чоң энем мени өтө жакшы көрүп, эркелетээр эле. Түнкүсүн эшикке чыксам, артымдан кошо чыкчу. Ыраматылык энем – ошол үчүн өз эне. Атам менен ачык сүйлөшчү элем.

Бирок энем көпчүлүгү бул жакта жашап калды. 83 жашка келип калганда негедир тамакты жакшы ичпей арыктай баштады. Эне, эмне тамакты жакшы ичпей калдың десем айтат, негедир коюу тамак жакшы өтпөй калды деп. Тез эле билдим, чочудум, канча болду десем, мындай болгонума бир топ эле болуп калды, суюк тамак гана өтөт дейт. Эртеси эле өзүмдүн ооруканама жаткызып, текшерип карасак, кызыл өңгөчүнөн шишик (рак) болуп калыптыр, дарылай баштадык, дарынын күчү менен бир аз оңолуп калды. Андан кийин ашказанын операция жасап, ашказанга трубка кийирип, ошол аркылуу тамак бере баштадык, ошону менен кайтыш болгуча жашады. Алы кетип, арыктагандан арыктай баштады, айлам кетти, начарлагандан начарлады. Мындай оору менен ооруган жашы келип калган адамдарга эчтеке жасай албайбыз.

Бир күнү түнкүсүн хирургияда дежурный элем, Сокен телефон чалды: – Тез келчи, энем кыйналып, чыдабай жатат – деп. Чуркап барсам, деми кыстыгып, дем алалбай жатыптыр, кыйналып: – Балам, эшикке чыгарчы, аба жетишпей жатат,– деди. Кенедей болуп калган, көтөрүп алып балконго чыгарып, алып отурдум. Кислород бар эле, аны менен дем алдырдым, кыйналып жатып: – Балам, атаңды чакыртчы,– деди. Атам айылга кеткен эле, түн боюнча сельсоветке телефон чалып кабар бердик. Атам байкуш эртеси эле жетип келди. Кемпиринин жанына отуруп дем салды, кичине жакшы боло түштү, ошентип жатып эртеси түнкү саат 12де кете берди.

Ошондо өзүмө, өзүмдүн врач кесибиме таарынып, колумдан эчтеке келалбай, энемди сактай албай калганыма капа болуп ушунчалык кейидим. Эртеси айылга алып жөнөдүк, айылда болгон мусулманчылык ырым-жырымынын баарын жасап, коюп келдим. Ошентип, 1983-жылдан тарта энесиз жетим калдым.

Бир өкүнүчүм, ата-эненин тирүү кезинде кээ бирибиз көп барктабайбыз, кээде укпай, орой жооп берип, жакшы көңүл буруп бакпай койгон учурлар болот. Бирок көзү өткөндөн кийин: кап, ушундай акмакчылык кетирип коюптурмун деп өкүнөсүң, бирок жерди тепкилеп, башыңды койгуласаң да, өкүрсөң да энең тирилип келбейт экен. Мына ушуну ата-энеси бар балдар унутпасаңар!

Ушул күнгө чейин өкүнөм, жыл сайын отпускага барганда энем байкуш уулум келет деп, эшиктин алдында күтүп отурчу эле. Келгенде машинадан түшөр замат, чыныга суу куюп алып бирдеме деп, башыман айлантып, түкүрүп, чынысын көмкөрүп, эшиктин алдына койчу эле. Ошондон мурунку жылы барсам, дагы эле чыныдагы суусун алып келип түкүрүп койчу дегенинен: – Койчу, эне, болбогон нерсеңди,– деп, болбой бастым эле, артымдан ээрчип алып түкүрткөн.

Ошону менен анда эчтеке оюма келбей кеттим. Анан кийинки жылы энем өлгөндөн кийин барсам короодо бир киши жок, үйдөн чыккан жан жок. Ошондо энемдин элеси, баягы күтүп турган, чынысын кармап түкүрүп койчу деген жан жок. Энем эсиме түшүп, эсим оой түштү, сарайдын артына барып бир өкүрүп алып, анан эс алдым, ушул күнгө чейин эмне үчүн ошенттим экен дейм. 1983-жылы профессор, кафедранын башчысымын, ишим ушунчалык ийгиликтүү жүрүп турган кези эле.

Кетээрде энемдин айткан акыркы сөзү: «Балам, саган ыраазымын, ак сүтүмдөн кечтим. Жашымдан кедейчилик, жокчулуктун азабын тарттым эле, карыганда берди дөөлөттү, колуңан келишинче жакшы бактың, менин эле балам болбостон, элдин баласы болдуң, өмүрүңдө ден соолугуңду тилейм» – деп. Бул сөздү эч качан унутпайм, күнү-түнү мээмде турат. Энемдин оозунан жаман сөз чыкчу эмес, жалынганы айтканы, алдыңа кетейин деп, кээде бул сөзгө да маани бербей койчу элем. Көрсө, ар бир эне-атанын тилеги, балдарынын жаманчылыгын көрсөтпөй, балдарынын алдында кетсем деген тилек тура, дагы бир тилеги – балакетиңди алайын дегени укмуштай тилек экен. Балдарынын кыйналганын, ооруганын жана башка кырсыктарынын баарын өзүнө алгысы келген тура.

Энем менин аялыма кандай жакшы көрүнүп сый-урматка жетти? Менимче, энем жоош, момун, жаман сөз айтпаган киши эле дебедимби. Менин кемпиримдин кыялы, тили бар. Энем байкуш эмне десе дагы, бир үн катчу эмес. Акыры жүрүп отуруп ушундай адамдар жеңет экен. Азыр Сокен бир-эки айдан кийин 82 жашка чыгат.

Экинчи мисал, өзүмдүн улуу келиним Анара да энемдей унчукпаган, оозунан жаман сөз чыкпаган келин. Эки уулу институтту бүттү, бирөө үйлөнүп эки неберелүү, мен чөбүрөлүү болдум. Ушул күнгө чейин кайын энеси Сокенге өөдө карап жооп бере элек, сууга түшүргөн, кайда барса жөлөп-таяп артында жүрөт. Мына Анара дагы ошентип жүрүп кайын энесин жеңди, эми Сокен Анара эмне десе баш ийип отуруп калган.

Мен энемдин ак сүтүнөн кутулдумбу, актадымбы?

Энем азыр тирүү болсо, эмне кылаар элем? – деп ойлойм. Колума көтөрүп, ичпегенди-ичирип, кийбегенди-кийдирип багат элем. Айла жок энем жок. Кайда жүрбөйүн эсимден кетпейт. Арбагында колдой жүр деп ичимден да, тышымдан да кайырып жүргөн убагым.

 

АТАМДЫ ЭСКЕРҮҮ

Атам 1985-жылы 93 жашында кайтыш болгон. Он жети баланын атасы, ошондон үчөөбүз барбыз. Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Экинчи группадагы майыбы болгон. Мен атам жөнүндө эсимде калганын эскерип кетейин. Кийинки муундарга анча-мынча үлгү боло алар. Ата-эне бала үчүн канча жашка чыкпасын, кандай ахвалда болбосун, түшүнгөн балага эне-ата болуп кала берет. Атам раматылык ден соолугу түзүк, алдуу-күчтүү киши эле. Эсимде, өлөр өлгүчө бир жерим ооруйт деп дары ичип көрбөгөн. Айтып жүрбөйүмбү, негедир өрөөн боюнча өтө кедей үй-бүлөдөн элек деп. Атам байкуш мен билгенден өмүр бою колхоздун жумушун жасап жүрүп өтүп кетти. 16-жылы үркүндө Кытайга барып келгенин, көргөн азап-тозокту, кыйынчылыкты 14 жашар карындашы Каличаны бир чака унга сатып алганын айтып калаар эле. Кайра келе жатканда чоң энем Мамакенин энеси Алтыке, кызына капа болуп ыйлап отуруп, жолдон кайра: «Кызыма кетем» – деп эчен ирет качканын, ошентип күйүттүн азабынан чоң энемдин жолдо боюнан түшкөнүн айтып калчу эле. Кытайдан келгенден кийин Ак-Суу (Теплоключенко) орус айылына биздин Кереге-Таш айылынан 4 км орус айылда Иванко деген оруска малай болгонун айтып, аны мактачу эле. Анда орустун эмне жумушун жасачу элең десем чочкосун, уюн кайтармай, чөбүн чапмай, жер айдап эгин ормой жана башка болгон жумушунун баарын жасамай. Эмнесин мактайсың десем, башка орустарга сабатчу эмес, бөлкөнү тойгуча берчү дечү. Кийин айылда тыңыраак ат, түзүгүрөөк уй болсо эле, Иванкенин айгырынын, букасынын тукуму деп калчу. Чындыгында кийин ойлосом ошол орустар, деле билими жок, бирок адамгерчилиги болгон экен. Айтышат, кийин Кыдыр аке өлгөндө 1926-жылы Ак-Суу орусу бүт өкүрүп келген деп. Кыдыр аке кыргыздар эмес орустардын арасында өтө барктуу адам болгон экен. Кийин Советтер Союзу болуп, эркиндикке чыкканда айылга үй салып, ошол үйдө мен дагы төрөлгөм. Ал убакта ушундай түшүнүк болгон, ушундай үй, ушундай жашоо болуш керек деп. Үйдүн кейпи топурактан согулган дубал, үстү узун карагай шыгыр менен устуну бар тал-терек, анын үстүнө саман, самандын үстүнө калың топурак төгүлгөн, ичи-тышын шыбамай деген жок. Эшик-терезе жок. Эшиктин ордуна эптеп жыгачтан жонуп зым же жип менен бекитмей, терезе деген тамдын боорун тешип, ары-бери жыгач уруп, күн жааса, суук болсо саман же жаман-жуман тери, чүпүрөк тыгып коймой эле. Тактай деген түшүнүк анда жок, калың саман же куурай төшөп ошонун үстүнө отуруп, жатканда үстүнө жатып, уктачу элек. Кровать, шейшеп, жаздык, чыны кашык, тарелка, кийимибиз, негизинен, тери. Тери шым, көйнөк деген аты эле бар. Кант, момпосуй дегенди көргөн жокмун, мына менин 1946-жылга чейинки көргөн жашоом ушундай эле. Кийин чоңойгондо Мамаке менен айтыша берчүмүн, айтышканымдын себеби Мамакенин атасы Акун атам, Алтыке энем баарыбыз чогуу жашадык, ошон үчүн чоң атамды – ата деп, чоң энемди – эне дечүмүн. Атам Мамаке менен энем Батыйды байке, жеңе деп калдым. Байкеме айтчумун: «Ай, байке, оруста көп жыл малай болуп, болгон жумушунун баарын жасап жүрүп ошондо эмне үйрөнүп калып, кийин үйүңө жасаган жоксуң?» – деп, унчукчу эмес. Мен эс тартканы, колхоз уюшулуп калды. Биздин айылда негизги кесиби мал чарбачылык, апийим айдоо, эгин, картошка, чөп чабуу, кышында карагай тартмай. Мына ушул жумуштун баарында иштеди, колхоздун жумушу дегенде мындай укмуштуу иштеген кишилер аз эле болчу. «Күлөмбай» деген ат коюшту. «Күлөмбай» деп, жан-дили менен берилип иштеген кишилерди айтчу. Өзү менен курдаш Бейшеке Мусурманкулов, Качкеев Карымшак жана башка бир топ адамдар укмуш иштешчү. Эсимде, уруштан мурунку жылдарда машина, трактир дегенди көргөн дагы эмеспиз. Бүт жумуш ат, өгүз, кол менен иштелип бүтчү. Соко айдаганда Бейшеке, Мамакелер күн-түн дебей жөө айдашчу. Байкем чөп чабыкта, үймөк үйгөндө, чөп жыйнаганда анда мындай темир айры деген жок, тоодогу четинден эки-үч ача кылып айры жасап алышчу. Байкем жыгач айры менен бир чөмөлө чөптү бир сузуп көтөрүп, үймөктүн үстүнө ыргытчу. Экинчи эсимде калганы буудай бышканда, оруп боолоп, анан кырманга үймөк кылып жыйышчу эле. Ошондо Мамаке үймөктү жыйнаганы, айрыкча кырын чыгарганга өтө уста эле. Адам карап эле тургандай жасачу, себеби мындай үймөктүн кырынан жаан жааганда өтпөйт. Өмүр бою сугат сугарып жүрдү, ала-була калтырбай сууну арык чаап жылдырып отуруп, чыкпай калган жерге жеткизчү. Бир күнү түш оогондо жарма алып барып берейин деп, сугарган жерине барып дөңгө чыгып турсам ылдый жактан мени көрүп басып келе жатат, жакын келгенде: – Ай, байке, эмне жумуртка таап алдыңбы? – десем – жок, суу жайылып аткан жерде чычкандардын ийини көп кезигет. Ийинге суу киргенде чычкандын балдары тумчугуп, тышка чыга качат, ошол сууга тумчугуп, чыга албай жаткан чычкандын балдарын өлбөсүн деп этегине салып алып келе жатыптыр. «Муну эмне кыласың?» – десем, «Тетиги дөңгө чыгарып коёюн» – дейт. Келе мен чыгарып коёюн деп чычкандын балдарын жерге чаптым. Мына ушундайыңдан өтө кедейсиң – деп койчу. Өзү момун киши эле, оозунан жаман сөз чыкчу эмес, эки сөзүнүн бири эле «Кудай берет» дечү. Кээде мен урушуп кирем, сенин Кудайың бергиче, ачкадан өлөбүзбү, ууру кылсаң дагы бирдеме тап дечүмүн. Бечара байкем ошого ишенчү, барбайм шайтандын ишине жумшайсың дээр эле. Ошончо колхоздон иштегени менен «эмгек акы» деген жок эле. Күзүндө бир центнер арпа же буудай берип койчу. Эч бирине арызданчу эмес, түшүнүгү ал убакта ушундай болуш керек. Жылкычы болуп көп иштеди. Мал багышчу ал убакта, чөп жыйноо деген жок, болсо дагы аз, жетпейт. Кышында жылкы жаныбар чоң карды тээп, чөп издеп эптеп жан багаар эле. Бир жакшы жери төлдөп жайлоого чыкканда, түнкүсүн коё берет. Эртесине чейин оттоп жүрүп эртең менен таап айдап келчү. Кымызы болгондо кымызды, кымызы күчтүү болсо көп ичип алып кызып жүрүшчү. Анда арак деген түшүнүк жок эле. Бир күнү эсимден кетпейт, жайлоого кетип баратып Ак-Суу курорту биздин айылдын жери эле, ошонун төшүндө бешим ченде жылкыны кайтарып тургам, ээр-токум деген жок, семиз жоош бээнин үстүндө, оонап ойноп отургам. Коктудан бир зоот кызыл айгыр азынап чыга калды. Түз эле биздин бээлер жакка келе жатты, биздин айгыр жөнөкөй, жапыз бойлуу, жалы, секелеги, куйругу жерге тийип чубалжыган көрктүү айгыр эле. Секелеги оттогондо көзү— башын жаап, көрүнбөй калчу. Ошол айгыр караганда башын силкип алып, азыркы биздин «кыздардай» башын бир жакка булгуп алып карачу, болбосо көзүн секелеги жаап калат. Чоочун айгыр азыналап келип эле бээлерге асыла баштады. Биздин айгыр шашпай алдынан тосуп чыгып, беттеше түшүп кармашып киришти. Бир аздан кийин чоочун айгыр алынын жетпесин сезди окшойт, капталдай качып жөнөдү. Биздин айгыр артынан кууп баратып, чандырдан тиштеп туруп тартты эле, ал аласалып жыгылып түштү, үстүндөгү ээри солдат ээр булгаарыдан жасалган экен, үзүлүп түштү. Ошол замат жетип барып, ээрди илип алып үйдү көздөй жылкыны айдап алып мен келдим. Андай ээр-токумду көрбөгөн жаныбыз эртеси жайлоону көздөй жөнөдүк. Ошол «ээрди» жок дегенде 10 жыл колдондук окшойт. Ошентип жүрүп 1941-жылы согуш башталып калды. Мамакени 1943-жылы апрель айы болуш керек, армияга чакырып калды. Биздин айылдан төрт киши калды: Кожогелди, Байжума, Төрөм, Бейшеке. Бейшеке бай киши эле: «Үйдөн алып кетсин» – деп барбай койду. Кийин кесилип кетип, уруш бүткөндө аман-эсен бошоп келди.

Армиядан кат келип турду. Байкем мурунку латын алфавити менен бир аз жазчу, ошол жазганына кубанып, анын эсенчилигин билип турдук. Бир топ убакыттан кийин кат келбей калды, 5–6 айга дайыны жок болуп жүрүп бир күнү кат келип калды. Ал убакта үч бурчтуу картон кагаздан жасалган, өзү латын тамга менен тартаңдатып жазыптыр. Мен 4-класска чейин латын тамгасында окугам, катты окуй алчумун. Байкем, колумдан жараат алып госпиталда Смоленск шаарында жатам деп жазыптыр, аманчылыгын билип сүйүнүп калдык. Мен ошол замат кайра кат жаздым, бир жумага жетпей кайра кат келип калды, колумду операция жасап жакшы болуп калды – дептир. Мамакеден кат келиптир дегенди сельсовет башкарма Иса, Муса деген кишилер келип: «Ай, бала, Мамакеден кат келдиби?» – деп сурады. Мен: «Ооба, эки жолу кат келди» – дедим. «Берчи катын биз окуп көрөлү» – деди, бердим окуп бүтүшүп, ары аңтарат, бери аңтарат: «Мен эмне издеп жатасыңар?» – дейм. «Кайсы күнү жазылган числосу жок экен» – дешти. Мен эчтеке оюмда жок, датасын койгонду унутуп калган го – дедим. Андан кийин тез-тез эле кат келе баштады, келген сайын баягы активдер жетип келет, окуйт, баштарын чайкайт. Аягында менин ачуум келип, эмне эле байкемдин катына мынчалык кызыгып калдыңар десем, ошондо сельсовет Иса: – Ой бала, Мамакеден эки-үч жолу дайынсыз жоголду деген кагаз келген – дейт. Эми түшүндүк, аман-эсен бар экенине – деп келбей калды. Нечен жолу бизге угузалы дешип, биз өтө кедей элек, ошого карата коё туралы деп угузбай коюшуптур. Кара кагаз келгенде эле күбүр-шыбыр болуп угулуп калчу элге. Энемдин төркүнү Качкеев Карымшак дегендин кемпири дарылдаган чоң киши эле. Бир күнү көчөдөн, үйүнүн жанынан энем өтүп баратса: – Ай кыз, кире кетчи – деп үйүнө чакырат, отургузуп арпанын унунан жасалган катырманы, бир чыны ыcык суу берип угузат. «Ай, кыз, белиңди бекем бууп, кайрат кылып бала-бакыраңа көз болуп, оокатыңды кылып жүрө бер. Мамакеден эчак эле кара кагаз келген» – дейт. Энем байкуш ичинен тымып, капасын тышка чыгарбай, ыйлап коюп жүрүптүр. Кийин аман-эсени такталгандан кийин, энем байкуш ушуларды айтып берип жатпайбы. Мен сельсоветке Исага барып: – Ой, аба, ошол келген кагазды мага бериңизчи көрөйүн – десем берди, эки жолу келиптир дайынсыз жоголду деп. Эмне үчүн жоголгонун кийин чоңойгондо түшүндүм. Көрсө, Мамаке билими жок, мылтык дегенди көргөн эмес, барганда аскердик бөлүктөр болот эмеспи, анын командири бар. Уруш жүрүп жатканда «атака» деп чуркашат, тапшырма аткарылгандан кийин взвод чогулуп аман-эсендигин текшерип санайт, ошондо Мамаке орусча билбесе же даярдыгы жок болсо командирин, взвод эмне экенин, кайдан билет, адашып башы оогон жакка кете берсе керек. Өзүнүн командири эсептегенде жок болуп чыгат, дайыны жок жоголду – деп кабар берсе керек. Кийин армиядан келгенде сурап жатпаймынбы, «командир», «взвод», «отделение» дегенди билчү белең десем, жок – дейт. Уруш убагында менин түшүнүгүмчө, Мамаке эмес миңдеген билими жок аскерлер аскер кызматы менен түшүнүгү жок, орус тилин билишпеген. Биздин Кереге-Таш айылынан Караколго чейин 14 км. Караколду көрбөгөн адамдар армияга кетпедиби. Мен ойлойм, кээси адресин жоготуп жиберип, кайда экени белгисиз, адашып, сураса «кыргызмын», «кереге-таштыкмын» дегенди араң билген бечаралар тентип жүрүп жоголду го. Менимче ушул адамдардын эмне пайдасы болду? Тосмо катарында пайдаланса керек.

Мамакенин армияда, согушта жүргөн кээ бир жерлерин айтып берсе, укмуш анекдот катарында кабыл алса да болот. Байкем айтып берип жатпайбы: «Уруш жүрүп жатат, бир аз тынчый калды эле солдаттар уктап калды, мени командир ар жак-бер жакты жакшы карап кайтарып тур – деди дейт. Бир сөзүнө түшүнгөн жокмун, бирок көрсөтүп жандап айтты эле, анча-мынча түшүндүм кайтарып тур дегенин. Тынч, баары уйкуга кирди, бекер отургуча мылтыгымды тазалап коёюнчу деп, мылтыктын дүрбөсүнө чүпүрөк тыгып сүрткөндө кайра чүпүрөк чыкпай койду, айлам кетип, муну ок салып атып жиберсем ок сүрүп чыгарып жибербейби деген ой менен, ок салып атып жиберсем мылтык жарылып кетти» – дейт, дагы жакшы жерде жаткан бойдон аткан экен. Эгер колуна алып же төшүнө такап атса өзү өлмөк. «Тарс» дегенде уктап жаткан солдаттар ыргып туруп, туш-тушка чуркашат, эч ким жок, немец жок, кайра чогулушуп мылтыктын жарылып жатканын көрүп: – Мамакени жакадан алып силкилдетип, кайда немец? – деп сурашат. Эмне болгонун түшүндүрө албайт. Жалдырап үн-сөз жок тура берет, өзүнүн айтуусунда, анан билбейм, боор оорудубу үч күн караңгы жерге алдыма чөп салып жаткызып эс алдырды дейт, үч күндөн кийин башкалардын арасынан бир татар солдатты таап келишти. Татарга баарын түшүндүрүп бердим, ошондон кийин ал татар бир аз күн мылтык атышты үйрөттү – дейт.

Дагы Мамакенин айтканы: – Ошондон кийин «атака» деп чуркап калышты дейт, мен дагы алардан калбай чуркап баратам, бир маалда эле оң колум «шалк» деп түшүп кетти, карасам жеңимдин ичинен кан ага баштады, жанымдагы солдат көрө коюп колумду муунтуп байлап берди, кан акпай калды, жерде тартылган зым бар экен, ошого жип байлап берди ушуну менен жипти кармап алып чуркап жүрүп отуруп, бир топтон кийин жеттим. Жеткен жерде дарыгерлер бар экен, колумду байлап андан ары жөнөттү – дейт. Ошентип отуруп Смоленск госпиталына түшөт, госпиталдан операция жасап үч ай жатат. Келгенде чыканактын сөөгү, муундун ашталган эки сөөгүн талкалап кеткен. Кийин ошол чыканак мууну иштебей, бүгүлбөй калган. Бирок колунун манжалары кадимкидей иштөөчү. Кудай буюруп, аман-эсен келген экен менин атам.

Ошол убакта 1945-жылы өтө кыйынчылык, ачарчылык, кийим деген жок. Биз өтө көп үй-бүлөлүүбүз, кедейдин кедейи элек. Жаз келди. Жер айдамай башталды, жерди бүт өгүз, ат соко менен айдоочу элек. Өгүз аттарды кыштата колдон келишинче колхоздун сарайында жем, чөп берип бир аз семиртип алып, анан сокого салар эле. Колхоздун малын баккандар жайлоого көчө баштады. Байкемди – Мамакени Тайлапов Мамбет деген өзүбүздүн эле жакын тууган чоң атабызга кошуп берди. Өмүр бою колхоздун жылкысын баккан киши эле. Ушул кишиге Мамакени жардамчы жылкычы кылып, бир алачык берип бала-бакырасы менен эптеп ак ичип жан баксын деген мааниде болсо керек. Кызыл-Кыз деген жайлоого көчүп кетишти. Мен үйдө жалгыз калдым. Мен колхоздун жумушунда, кайда десе ошол жакта иштемей, укмуш иштечү элем. Чоң чабыкта, азыр эч ким ишенбейт, бир күндө мен 80 сотых жер чапканымда, эки норманы аткаргандыгым үчүн колхоз үч кесе суюк ачкыл жарма берет.

Өгүз, ат соко тынбай иштейбиз. Колхоздун талаасы айдалып бүткөндө, өзүбүздүкүнө уруксат берчү айдаганга. Бир күнү чоң атам Мамбет 5 кысыр бээ менен жайлоодон келип калды. Күн-түн дебей мен айдаштым, бүт өзүнүн туугандарыныкын айдап бүттүк. Бүткөндө чоң ата мага бээлериңизди түнкүсүн эле берсеңиз мен дагы огородумду айдап ала коёюн десем, Мамбет абышка: – Ой бала, Мамакени ушундай беш бээ менен жиберем, бул бээлер чарчады деп, мени ишендирип болбой кетип калды. Ошондон Мамакени эртең келет, бүрсүгүнү келет – деп күтөм, жок келбеди. Жадаганда, каттаган кишиден латын тамгасы менен кат жазам. Байке азыр кымыз, айран менен жан багып жатасыңар, а кышында атаңардын башын ичесиңерби дегенге чейин жаздым, жок келбеди. Айлам кеткенде колхоздун талаасы айдалып бүттү, өгүз, аттар арык көтөрүм болуп баспай калды. Огородго себе турган дагы үрөнүбүз эчтеке жок, 40 сотых огородго мурун беде айдалган, ушул огородду түн бою сугарып чыктым. Соконун тишин Жумалы деген кошуна уста, кулагы укпайт, армияга барган эмес, ушул киши соконун тишин чыңап, курчутуп берди. Өзүм бир жаман өгөө таап аябай сүрүп отуруп бычактай эле курчуттум. Себеби беденин тамыры жоон, терең кетет, кесиш кыйын, эмне себем эчтеке жок. Кампаны Сыдык деген армиядан аксап келген агалар карар эле, ошого бардым: – Ой аба, огородго себе турган эчтемем жок десем,– ой бала тетиги таруу салган кампага барсаң анча-мынча болуш керек, ошону шыпырып ал – деди. Барып шыпырып, чаңы топурагы болсун бир чакага жетпей калды, үйгө келатып жолдон Батма жеңе кезигип, Өзгөрүш Шаршекеевдин энеси, шакылдаган эстүү жеңе эле, көрө коюп: – Ой бала, биздин үйдө бир табак таруу турат ошону ал – деди. Өгүздөрдүн баарын тышка чыгарып жиберген экен. Барып алты өгүздү айдап келатам, өгүз байкуштар өтө арык, басалбайт, бир аз басып эле жыгылат, улам откозуп отуруп араң айдап келдим. Бир суткадан ашык айдадым го, улам эс алдырып отуруп эптеп айдап бүттүм.

Айылда эркек жок, тарууну билген киши сеппесе көрүнгөн киши себе албайт. Болгону көчөдө Качкеев Карымшак таякем бар, Мамакеден бир аз улуу. Бешим ченде сугаттан келген маалын андып туруп келгенде кирип бардым, чарчап араң эле келген кейпи бар, жата калган экен. – Таяке, огородду айдап бүттүм эле себе турган киши жок, сээп бериңиз десем: – Ой, бала, бутумду серпе албай араң келдим, бара албайм – деди. Көгөрүп отуруп алдым, уйкуга кирип баратат мен болбой түрткүлөп: – Ой, таяке, тур – десем ой жанды коёсуңбу, кандай жабышкан немесиң – дейт. Койбойм жаныңды, тур сээп бер – деп көгөрүп туруп алдым, ой акмак жанды коёр эмессиң го – деп эптеп туруп барып, кыбырап сээп берди. Кечинде талааны тырмалап бүтүп карасам эки бала келе жатыптыр: – Ой, балдар, тырмоогуңарды берип тургула, түнү бою тырмап алайын – десем экөө тең көнбөйт, бербейбиз – дейт. Экөөнү тең аңтара коюп, аттарын алып алдым. Үйгө келип тырмагын, эр токумун, камытын алып түнү бою колхоздун бедесине 2–3 саат откозуп, курсагын тойгузуп, таңга жуук эки сыйра тырмап, бүтүрүп алдым. Айдалган талаам түптүз күзгү эле болуп калды. Түнкүсүн колхоздун өгүз арабасын айдачумун, ошону менен короого жыйнап алдым. Ошентип август айында Фрунзеге окууга жөнөмөй болдум. Колхоз эки араба чөп берди, ошону Караколго алып келип сатып, бир шым, көйнөк, тапичке сатып алдым. Болгон кийимим ушул. Сырттан эне-атам келип калышты, бир жолу кутулуп, отургузуп алып байкеме (атама): – Мен окууга кетейин, эми өзүң үй-бүлөңдү багып ал,– деп кетмей болдум. Энем байкуш дениң соо болуп, кырсыктан тышкары аман-эсен жүрсөң эле болду – деп, бетимен өөп узатты. Болгон азыгым бир мүшөк арпа-талкан. Окуп жүрөм, 1948-жылга чейин нан, картошка, 500 грамм нан андан башка эч тамак-аш жок. Көгөрүп бардык кыйынчылыкка чыдап окудук. Төртүнчү курсту бүтүрүп, каникулга бардым. Каникулга барар замат эле колхоздун жумушуна чыкчу элем, себеби кетээрде эптеп жол кире болсун деп. Институтту бүткөнчө алты жыл бир адамдан бир тыйын жардам көргөн эмесмин. Үйдөгүлөрдүн кейпин көрүп туруп, алардан эч үмүтүм жок эле. Ошол 4-курсту бүтүп барганымда Мамаке атам сурап калды: – Кайда жүрөсүң, эмне иш кылып жүрөсүң? – деп. Жарыктык киши ошого чейин менин окуп жүргөнүмдү дагы толук билбесе керек, мен: «Ай байке, медицина институтунда окуп жүрбөйүнбү, эми эки жыл калды бүтөөрүмө» – десем, «Эмне болосуң?» – дейт. Мен: «Кишинин догдуру болом» – дедим. Байкем: «Эмне акы аласың?» – дейт. Мен: «600 сом алам» – десем, «Аа кокуй, алты жыл окуп убара болбой эле, андан көрө мобу кошунанын баласы эшиктеш Жумадылов Айтпосун, азыр деле тирүү 70 жаштан ашып калды го, ушул Айтпосунга окшоп эле милийса болуп алсаң жакшы болот эле» – деп атпайбы. Мен: «Анын милийсасынын эмнеси жакшы?» – десем, «Пайдалуу көрүнөт, Айтпосун түнү ат, бир уй же жылкы, кой алып келип үйүнө түшүрөт» – дейт. Түнкүсүн көп уктабай сарайдын үстүнө чыгып, баарын көрүп отура берет экен. Ал убакта апийим айдачу, Айтпосун аңдып жүрүп, апийим уурдагандарды кармап, ошолордон алган малдар болуш керек. Кийин Айтпосунга кезигип айттым: «Айтпосун, алып келген малдарыңды кошуналарыңа көрсөтпөй жүрчү?» – деп. Ал менден бир аз кичүү: «Эмне болду?» – дейт. Мен: «Мамаке мени ушул Айтпосундай эле милийса болуп алчы деп, кеңеш берип, суранып атат» – дедим. Ошентип институтту 1952-жылы бүттүм. Үйдөгүлөр дагы эле ошондой кедейчиликте өтө кыйналып жүрүштү. Институтту бүткөндөн кийин деле он жылдай ординатор аспирант болдум, бул деле окуу, эч жардам бере алган жокмун. Кийин 1958-жылы илимдин кандидаты, кафедрага мугалим болуп, күн-түн дебей иштеп, күнүгө операция жасап, курсак тоё баштады. Үйлүү-жайлуу болуп, ошондон тарта жардам бере баштадым.

Ошентип жүрүп кийин арыздана баштады, жыл сайын согуштун ардагерлерине сельсовет ырымдап көйнөк, калпак, чай берип сыйлап коёт экен деп. Бир жолу барганда арызданды, сельсоветке мени такыр чакырбайт, эчтеке бербейт деп. Эмне үчүн? – десем, документиң жок экен деп. Мен сельсоветке барып кезигип: – Ай, ушул абышканы кандай унутуп койдуңар, армияга барып колу жараксыз эмеспи десем. Сельсовет: – Ай, агай, Мамаке абанын эч документи жок экен, ошон үчүн биздин тизмеде жок болуп жатат дейт. Чындыгында документи жок, жоготуп койсо керек. Менин деле эсимде жок, ошондо байкемден сурап жүрөм: – Кайда документиң? – десем,– билбейм, жоготуп жибергем – дейт. Документиң жок болсо кайдан сага бермек эле – дедим. Ошондон абышканын абдан капа болуп, таарынып калганын көрүп, Фрунзеге келээр замат Москвага военный архивге кат жаздым. Байкем айтып бергени боюнча Смоленск шаарында жарадар болуп жатканын ошондо билдим, совет өкмөтүнө ыракмат. Он беш күндөн кийин жооп алдым. Смоленскиде жарадар болуп үч ай жатып, операция болгонун, бардыгын толугу менен жазып жибериптир. Ошондон кийин байкемди чакыртып алып, ооруканага жаткызып, рентгенден өпкө-жүрөгүн текшергенче, андан коркуп бакырып чыга качыптыр. Мени чакырышты, эмне болуп кетти? – десем. Байкем жарыктык, эмне мени караңгы үйгө камап жатат, – дейт.

Экинчи жолу дагы жүрөгүн текшергенге электрокардиограмма жасайт да, сестра чуркап келди, жаман болуп жатат – деп. Чуркап барсам сүйлөй албайт, тиштенип калыптыр. Эмне болду? – десем, айталбайт, булдурайт, жанына отуруп: – Коркпо, жүрөгүңдүн иштешин текшерет – деп түшүндүрдүм. Бир аздан кийин эс алып, эмне колу-бутумду тушап жатат дейт. Резинка менен буту-колун байлап текшерет да, ошондон коркуп, тушап союп жиберет деп түшүнсө керек. Мындай болгонунун себеби, өмүрүндө ооруп дары ичип көрбөгөн киши эле деп. Ошентип бүт органын текшерип бүтүп комисиядан өткөзүп, экинчи группадагы майып деп чыгарышты. Өлөр өлгүчө пенсиясын, сыйлыгын алып жүрдү. Согуштун майыбы дегенди кеч өткөзүп калдым, 75 жаштан өткөндө, көп көңүл бурбай жүрө берип, кийин мен өзүм дагы өкүнүп калдым. Кийин өзү кубанып жүрдү, согуштун ардагеримин деп. Колхоздун жумушун деле ушул 75 жашка чейин иштеди. Кийин мен: «Ай, байке, болду го иштебей эле койсоңчу?» – дечүмүн. Көрсө, туура эле кылган экен. Дени соо киши ошол эмгек менен алаксып жакшы дем менен жүрөрүн. Мына мен 85 жашка чыгып билип атам, эмгек эмне экенин, азыр мен 1–2 күн иштебей калсам, барарга жер таппай, колу-бутум шалдырай баштайт. Кийинчерээк энем-атам экөө тең тың эле, бирок карый башташканы билине баштады, ошон үчүн кышкысын шаарга алып келип кыштатып, жазга жуук айылга жиберип жүрдүм. Ошондо да араң чыдашат. Үйүн, неберелерин сагынышат, кетсек деп эле турушаар эле. Болбой эле, кээде атам эртерээк кетет, энемди көбүрөөк кармаганга аракет кылчу элек. Атам тың, баскан турганы, ден соолугу, тамак ичкени, көзү, кулагынын угушу жагынан карылыктын белгиси жок эле. Бир күнү атама анча-мынча ичирип туруп тамашадан баштадым. Илгери-кийин байкедей өсүп, калгандан кийин ачык эле, тамашалаша берчүмүн. Менин тамашамды абдан түшүнчү, көтөрчү, өзү сөзгө жок, көп сүйлөбөгөн киши эле, ошон үчүн сөз чыгарыш үчүн, сырын билгендик кылып адегенде 150 гр ичирип коюп, ал таасир эткенден кийин мен сөз баштап, тамаша аралаштыра сүйлөй берчү элем. Тамак ичкени өтө жакшы эле, өзү арыкчырай адам. Бир күнү кечки тамакта келини Сокен, семиз койдун этинен бешбармак жасады, ошондо карап отурсам, атам адагенде 3–4 майлуу кабырганы жеп койду, анан бешбармактан жакшы жеди. Мен тынч отура албай: – Ай, байке, сенин ашказаның «дизелдин моторунан» күчтүү го – десем, ушу сен менин аш-казаныма көзүң тийип калды – деп капа боло түшкөнүн өңүнөн түшүндүм. Түшүнүп: – Ай байке, мен тескерисинче, сүйүнүп жатам. Эгер сенин аш-казаның начар иштесе мен эле азабын тартпайт белем? – деп оңдодум эле, унчукпай кайра ыраазы болуп калды. Энем экөөңөр эмнелерди гана көрбөдүңөр – деп, кез-кези менен ичирип койчумун. Бир күнү теңтушум Мукамбет Мамбетов энем-атам менен кошо чогуу конокко чакырып калды, бир топ адамдар менен байкеме кыстап Муканбет: «Ата, анча-мынча ичип туруңуз?» – деп ичирип жатат, ичкенде байкем түбүнө чейин шыпкап ичип атат, бир убакта карыган киши кызып калабы деп, мен байке шаардагы кишилерди көрүп отурбайсыңбы, ар жак-бер жагыңда отургандардын баары ичкенде стакандын жарымына чейин гана ичишет. Кээде сөздү укмуш таап, чукугандай жооп берип койчу. Байкем мен деле, жарымын эле ичейин деп аракет кылам, бирок болбойт, көтөрсөм эле стакандын түбү көрүнө түшөт – деп отургандарды күлдүрдү. Ушундай сүйлөгөн, баскан-турганы ар дайым ушул күнгө чейин эсимде. Кийин эле айылга отпускага барып калганымда, туугандардан, теңтуштардан айланса болот, күнүгө «расписание» түзүп алып, конокко чакырышат. Бир күнү Дүйшөке Жумакеев деген кичинесинен бери бирге өскөн, менден 4 жаш улуу жакшы киши эле, чакырып калды. Айылда кандай, түнкү 2–3тө араң таратат, кетээрде эшикке чыгып, кызып алган адамдар бир аз сүйлөшүп туруп калдык эле, эшик караңгы, кетели деп атсак эле байкем жок: – Ай, абышка, кайда кетти, чогуу кетели – десем, айтып калышты абышка эчак эле кеткен – деп. Мен чочуп кеттим, ай кантип кетип калат, ушундай караңгы, жол да түз эмес – десем: – Айылдагылар түнкүсүн жүрө беребиз – дейт. Үйгө келсем жатып алыптыр, тамаша кылдым: «Ай, байке, бул караңгыда кантип жол таап келдиң, көзүң укмуш үкүнүкүндөй го?» – десем. Түнкүсүн кадимкидей эле көрөт, анан айылдын жолун кайсы жерде арык, кайсыл жерде өңгүл-дөңгүл жатса билем – дейт. Таң калдым, ушул көзүң аман болсун деп. Жогору жакта айтпадымбы бир сөз чыгаарда, сүйлөшөөрдө бир аз ичирип алып сүйлөшчү элем деп. Оюма келип туруп алды. Байкем тың адам, энем байкуш карып калды, ден соолугу да начарлап баратканын байкап, энемди такыр эле Фрунзеге алайын, байкем Фрунзеге чыдабайт деген ой келип: – Кой атама башка аял алып берип, айылда жашай берсин деген ой кетти. Отуруп аркы-беркини сүйлөшүп отуруп айта салдым. Кемпири, келини баары отурушат.

– Байке, саган мен башка аял алып берейин макул болсоң? – десем бир аз унчукпай калып, өзүң бил деп турбайбы, кемпири да унчуккан жок. Мен ишенип алдым.

Ошондон тартып атама аял издей баштадым. Тааныштар аркылуу аржак-бержактан табыла баштады. Кээ бирине өзүм барып сүйлөшө баштадым, көпчүлүгү макулбуз, өзүн көрөлү дешти. Мен чочулабагыла тың эле киши дейм.

Акырында өзүмдүн досум Мукамбеттин аялы, аяшым Турдубүбүнүн төркүнү мобу Кой-Таштан, телефон чалып калды: – Ай Мамбет, сага эне таптым – деп, мен сүйүнүп кетип: – Ой Туке, жүр көрүп келели деп, Мукамбет, Турдубүбү үчөөбүз Кой-Ташка жөнөдүк, барып Турдубүбүнүн эне-атасыныкына чакыртып, ачык эле сүйлөштүк. Боло турган эне 60 жаштын тегерегинде экен, угуп отуруп бир жума күткүлө, бул келген жерим жакпады, бир жумадан кийин кетем, анан макулмун деди. Көрсө, 2–3 ай мурун ошол жерге күйөөгө тийген экен, келген жериби же күйөөсү жакпай калганбы, кетем деп айнып калыптыр. Макулдашып кете бердик, бери чыгып Турдубүбүгө кеңештим. Ай, бул аял аржак-бержагыбызды сурабай эле макул болуп жатат, деги дени соо немеби? – деп. Келип эле кечинде атама сүйүнчүлөдүм, буюрса аял таптым, эртеңден баштап даярдан, сууга түш, сакал-мурутуңду тегизде, таза кийимиңдериңди даярда, бир жумадан кийин күйөөлөтүп алып барам десем: – Ай, балам, убара болбо, аял албайм, аялыңды урдум – дейт. Мен таң калып: – Эмне болуп кетти? Өзүң макул болбодуң беле, эмне мени ошондон бери убара кылып, канча жерге бардым, аял издеп – деп, мен да ачууландым. Чыныңды айт, ким сени айнытты – десем. – Алып эле көр деди – дейт. Шак эле отура калдым. Акмакчылыгымды ошондо биле койдум, тилден калып калдым. Мурун ойлонбоптурмун, карыган немелерге, көрсө өмүр бою бирге жашап жүрүп башка аялга абышкасын кыйбайт экен да. Энем жоош, көп сүйлөбөгөн киши дебедимби. Көрсө, сүйлөбөгөнү менен акылы башка экен. Мен энемдин алдында ит эле болдум, жүзүн карай албай, тамак ичип олтурганда тамашага айлантып: – Атама караба, мен жөн эле тамаша кылгам кантээр экен – деп, көрсө чын көрүп ишенип алган турбайсыңбы – деп тамашага айланттым, экөө тең унчуккан жок. Кийин атамды ичирип туруп, жалгыз алдап сурадым. Энем эмне үчүн ушинтти? – десем, сен чындап эле киришип калганда кеңеш салып айттым, уулуң ушинтип жатат, алайынбы десем, бир эле сөз айтты, алып эле көр – деп, басып кетти дейт. Кемпиринен кийин эки жылдан кийин оорубай төшөккө бир аз жатып, 1985-жылы кайтыш болду. Энем өлгөндөн кийин атамды бир жолу шаарга алып алайын деп ойлоп кеңештим, Фрунзеге алып кетейин десем, жок балам барбайм – деп койду.

Эки жылда бир да келген жок. Эмне үчүн барбайсың? – деп баласы Абдылда айтса, барсам энеңдей ошол жактан өлүп келейинби – деп, өтө коркок киши коркуптур.

Айылда экөөнө тең бирдей кызыл гранит таштан эстелик койдук. Барган сайын, үйгө түшөөр замат мүрзөсүнө барып куран окутуп, арбагында колдой жүргүлө деп, көзүмө жаш келип, ушул күнгө чейин капа болуп кетем. Атам байкуш ырыстуу киши экен 93 жашка жетип, бала-чаканын алдында, небере-чөбүрөлөрүн көрүп кетти. Бул дагы эне-атанын тилеги, алардын балдарына жалынганда алдыңа кетейин деген сөздүн маанисине түшүнсөң, укмуш эле сөз экен. Атам байкуш тилегине жетти, жогоруда айтпадымбы Кудай берет деп, ар дайым айтчу. Менин түшүнүгүм жок, кедейчиликтин азабынан атамды: «Сенин Кудайың бергиче ачкадан өлөбүзбү?» – деп күпүлдөп койчу элем. Ушул кишинин Кудай берет деген тилегин кийин түшүндүм, чындыгында, Кудай берди. Жаман болгон жокпуз, ошол баласы, мен, азыр Кыргыз Республикасынын Баатырымын, академик, профессор, болгон сыйлыктын баарынын ээсимин.

Экинчи баласы Абдылда 67де, 6 баласы бар, неберелерин менен жакшы карылыктын үзүрүн көрүп отурат.

 

МЕН ЖАПАРЫМДЫ ЭЧ КАЧАН УНУТА АЛБАЙМ 

Мен ушул жашка келип, көп эле жакын адамдарымдан айрылдым. Ошонун ичинен энемдин кайтыш болгонуна быйыл 29 жыл болду, ошондон бери кайда жүрбөйүн бир күн дагы эстебей калган күнүм боло элек…

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

PDF форматында китепти көөчүрүү

 

© Мамакеев М.М., 2012

 


Количество просмотров: 7871