Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Байжиев М., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 27-сентябры

Мар Ташимович БАЙДЖИЕВ

Жайсаң-эне жана өлүмдөн сактаган Андрей

Кыргыз прозаиги жана драматургу Мар Байжиевдин аңгемелери жана повесттери замандаштарыбыздын рухий дүйнөсүн чагылдырат. Чыгармаларында калемгер нравалык баалуулуктарды, чындыкты жана гуманизмди көркөм сөзү менен бекемдейт.

Байжиев Мар. Аңгемелер жана повесттер. – Б.: 2005 китебинен алынды

 

– Кара жылаан көрсөң өлтүр, – деди Жайсаң-эне.

Мен муну кезектеги насаат катары кабыл алып, эки көзү алма, өрүк какка толтурулган куржунду, куураган дарактай картаң кемпирди араң көтөруп бараткан арык аттын түлөгөн куйругун кармап, келе бердим. Согуш башталганда колхоздун аттарын фронтко алып кеткен, айылда картаң чобур менен майда-чүйдө кулун-кунандар гана калган.

– Өлтурсөң буга салгын, – деп Жайсаң-эне оозу гезиттен оролгон тыгым менен кептелген бир литрлик кара бөтөлкөнү берди.

– Ичиндеги эмне? – дедим.

– Кашкулактын майы, – деди кемпир.– Сендей балдар мыкаачы болот ээ,каапыр? Же шаардыктар андай эмеспи? – деп мага бурулуп, ээриндерин кытмыр кымтып, сынагандай күлүмсүрөдү.

– Жок, шаардык балдар мыкаачы эмес, – деп айтайын десем, тентиген мышыктарды сууга ыргытып, таш менен уруп, рогатка менен таранчы чымчыктарды ыргыта атып, баштарын эки манжанын ортосуна кысып жулуп, көөдөнүн жыгач шишке сайып, кошунанын огородунан уурдап келген картошка менен бышырып жегендерибиз эсиме түшүп, тымпыйып унчукпай калдым.

– И-и, эмне унчукпайсың? – деди кемпир.

– Биз деле мыкаачыбыз! – дедим.

Кемпир кытмыр жылмайып, башын ийкеди. Менин жообума ыраазы болду окшойт. Шаардык балдар айылдык балдардай эле мыкаачы деп чындыкты айтканым жакты көрүнөт.

Жайсаң-эне айылдагы эң акылман, боорукер, кадырлуу байбиче. Ага айылдыктар ар кандай кеп-кеңештер менен кайрылып, жаңы турмуш курган жаштар, жаңы төрөлгөн ымыркайларга батасын алганы келишет.

Анын абышкасы Кашымбек бий да эмес, бай да болгон эмес,ал тургай сабатсыз болгон. Бирок тубаса акылман,сөзмөр дилгирлүү адам болгондуктан Ысык-көлдөгү теңизбай уруусун бийлеп турган. Кашымбек тегеректегилерге гана эмес Караколдо,Пишпекте, Казакстанда жана Кытайда да белгилүү адам болгон. Элдин айтуусунда ошол киши апийимдин уругун кайсы бир жактан алып келип, сээп, жердештерине аны өстүрүп ,жыйноону үйрөтүптүр. Анан апийимди жигиттеринин коштоосу менен ашуу ашып Кытайга алпарып сатып, баасына үйүрү менен жылкы айдап,куржун-куржун шайы, бөз, чай, фарфор идиш-аяк жана таттуларды алып келчү экен. Революцияга чейин көл башында апийим банги зат эмес,дары катары ярмаркаларда ээн эркин соодаланчу дешет. Жыйырманчы кылымдын элүүнчү жылдардын аягына чейин Кыргызстанда чийки апийим ар-кандай дары даярдоо үчүн мамлекетке тапшырылчу.

Коллективтештирүү жылдарында Кашымбек өзүнүн малынын «ашыкчасын» коммунага өткөрүп, жөнөкөй жупуну жашоого өтөт. Алынын жетишинче жыйнаган дүйнө-мүлкүн уулдары Насридин менен Хайратдиндин окуусуна жумшайт.

Экөө тең жогорку билим алышат, ВКП/б/ нын мүчөлүгүнө өтүшөт, кыргыз советтик интеллигенциясынын биринчи чөйрөсүндө болушат. Хайритдин эл агартуу тармагында иштейт,биринчи мектептерди ачат, кыргызча окуу китептерин түзөт,араб алфавититен латын алфавитине өтүү иштерине активдүү катышат. «Кызыл профессорлор» Төрөкул Айтматов менен Эркин Эсенаманов, Абдыкерим Сыдыков,Ишенаалы Арабаевдер менен тыгыз байланышта болот. 1936-жылы Москвадан Николай Иванович Бухарин Кыргызстанга келгенде аны менен жолугушуу Кашымбектин өзүнүн да уулдарынын да тагдырына балта чабат, 1937-жылы сталиндик опузага учурап, камалат, Абдыкерим Сыдыков менен Найзабек Тулин түзөбүз деген туран партиясынын мүчөлөрү, улутчул деген күнөө менен Сибирге айдалып, дайынсыз жоголушат.

Күйөөсү Кашымбек «орто дыйкан» болсо да кулакка тартылып, камалып Караколдун түрмөсүндө каза болот. Жайсаң-эне күл азыгын камдап түрмөгө барса, Кашымбек карыянын өлгөнүн күзөтчү угузуптур. Теңизбайлар Тепкенин жонуна чыгып ,мал союп куран окутушуптур. Ал жерден Каракол түрмөсүнүн кызыл дубалдары көрүнүп турчу дешет.

– Ай-иий! Кокуй! Тигине! Тигине жылаан! – Жайсаң-эне атты чукул токтотуп, ак жоолугунун учу менен бетин жаап калды.

Мен колумдагы таякты көтөрүп алдыга чуркадым. Бирок жылаан көрүнбөдү.

– Жогору! Жогору жакты кара! Кызыл таш жаткан жерди карачы! – деди кемпир бетин ачпай.

Кичирээк кара жылаан эртеңмененки күндүн нуруна жылынып, кызыл таштын түбүндө ырахаттанып жаткан экен. Менин дабышымды сезип, асканы карай сойлоп жөнөдү, алдыда жол жок экенин сезип кайра кайрылды, айласы кеткенде башын көтөрүп мени көздөй обдулду. Мен артка секирип жыланды таяк менен урдум. Бели сынган жылаан ордунда тегернип калды.

– Өлтүрдүңбү? – деди Жайсаң-эне мен жакты карабай.

– Азыр! – дедим жылаанды жанчып жатып.

– Алтын башым аман болсо, алты күндө тирилем, – дейт жылаан.

– Анысын билем, – жылаанды башка чаптым.

– Азамат! Мен шаардыктар мындайды билбейт экен деп жүрбөйбү, – деди кемпир.

Шаарда жүрө берсем мындайды кайдан билмекмин? Айылдын балдары менен бир жыл ойноп жүрүп элеттик университетинин толук курсун өтүп койгом.

– Өлтүрдүңбү? Эми куйругунан кармап башы менен бөтөлкөгө сал, – деп буйруду Жайсаң-эне. Буйругун аткардым. Жылаан бөтөлкөнүн ичиндеги кашкулактын майын чачыратып, дагы эле ийрелеңдейт. Кемпир бөтөлкөнү алып, гезит тыгын менен бекитип куржунга салды.

– Бул ыйык Улукман акенин даарысы. Жылаан майга эригенде муундарыма сүйкөймун, – деди кемпир.

– Эмне үчүн жылаанды көргөндө бурулуп кеттиң? – дедим.

– Тирүү жанды өлтүргөндү көргүм келбейт, – деди кемпир.

– Жылаанды дагыбы? – деп таң калдым. Менин балалык көз карашымда жылаан менен таранчылар адамдын душманы, аларды жер үстунөн жок кылыш керек деп ойлочумун.

– Кудай жараткан тирүү жандын баарысы жашаш керек, – деди Жайсаң-эне.

– Анда эмне жылаанды өлтүрттүң?

– Даары үчүн! – деди кемпир.

Бул бир миң тогуз жүз кырк экинчи жылдын май айы эле. Бизге согуш алыста болуп жаткандай сезилчү. Радио жок,газета кечигип келет. Нан менен эт үзүлө элек. Жайсаң-эне экөөбүз Тасманы ашып кайсы бир туугандарынын үйлөнүү тоюна баратабыз…

Тойдо Жайсаң-энем баш кошкондорго батасын берип, чий баркыт чапан кийип,шайы жоолук салынды. Бир айдан кийин айылда кайгыдан, сууктан, ачарчылыктан жана келте оорусунан каза болгондорду алып кетүүчү «кара куш» айланары жөнүндө эч бир шегибиз да жок, курсак ток, капабыз жок,турмушка ыраазы болуп кайттык.

Атам согушка кырк экинчи жылы кеткен, Чарджоудогу офицердик курсту бүтүрүп, Украина майданында согушуп жүрөм деген каты келген.

Атам СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. 1942-жылы фронтко жазуучуларды жалаң гана өз калоосу менен жиберүү, аларды майданга катыштырбай, кабарчылык иштерге пайдаланыш керек деген В.И.Молотовдун жана А.Фадеевдин колу коюлган Москвадан келген буйрукту Кыргыз жазуучулар Союзунун ошол кездеги катчысы А.Токомбаев эч кимге көрсөтпөй катып койгону согуш бүтүп,көп жыл өткөндөн кийин билинди.

Кыргыздын биринчи драматургу,акыны Жусуп Турусбеков,биринчи кара сөз жазуучусу Мукай Элебаев, биринчи балдар жазуучусу Кусейин Эсенкожоев, биринчи публицист Жекшен Ашубаев, акын жана мугалим Жума Жамгырчиевдер согушка кетип,канга сугарылган майданга катышып курман болушту. Согушка кеткен ысык-көлдүк алты жазуучудан жалгыз менин атам гана жарадар болуп, тирүү келди.

Атам фронтко кеткенде, биз айылга келип жалгыз бой Жайсаң-эненин эки бөлмөлүү сокмо тамында жашайбыз. Педтехникумдун биринчи эле курсун бүтүргөн апам айылдагы жети жылдык мектепте тарых, география, орус тил жана кыргыз тилинен сабак берет.

1942-жылдын декабрь айында Ысык– Көлдүн жээгине кара келте (брюшной тиф) оорусу тарады. Бул кесепеттүү оору кийинки жылы Жыргалаң , Түп сууларын бойлоп, жогору көтөрүлүп Сан– Таш, Каркырага да жетти. Биринчи болуп бул ооруга мугалимдер чалдыкты. Алар айлыктарын райондун борборуна барып алышчу. Кыязы, ошол жактан келте оорусун жугузуп, айылдарга алып келишти көрүнөт.

Апам эки күн башым деп жатты. Үчүнчү күнү Жайсаң-энем жыгылды. Экөөнүн тең эти катуу ысыды. Кемпир жөөлүй баштады. Мен аларга бир кашык сүт кошулган ак суу берем. Иче турган тамак да, дары да ошол. Күндөрдүн биринде корообузга үстү жабылган машине келди. Темир будкага болгон төшөнчү, кийим-кечебизди салып ысытып, сасык дары чачты. Апам менен Жайсаң-энени бир ат кошкон чанага салып райондук ооруканага, Түпкө алып кетишти. Төрттөгү иним, экидеги карындашым, жетидеги мен– жалгыз калдык. Аргасыздан бат эле бөбөктөрүмдү карап, камыр жууруп, казанга нан жапканды, кесме кескенди, буудай, арпа кууруганды, сокуга салып күүшугөндү, жаргылчак менен ун-талкан тартканды, жарма бышырып, ачытканды өздөштүрдүм. Жакында эле Маршак менен Агния Бартонун ырларын орусча тыкылдап жатка айтып, балдар бакчасына барарда аппак көйнөгүмдүн төш чөнтөгүнө салып берген печеньенин кыры тиш-тиш болуп турбаса: «Мосваныкы эмес экен»-деп жер тепкилеп долуланып, балдар бакчасына барбайм деп тайраңдаган беш жашар эрке баласы, эки жылдан кийин минтип түлөгөн мурдун шуу тартып, тезектин сасык түтүнүнө ышталып, айран менен кийиздин жытына сиңген, кыйрайган сокмо кепеде, эскирип өңү өчкөн, этек жеңи кырылган матрос көйнөкчөн, жаргылчактын жыгач сабын кычы баскан, мултуйган муштуму менен бекем кармап, тегерек ташты араңдан– зорго айландырып отурганын атам көрсө кантээр эле?

Апам менен Жайсаң-энем ооруканадан бир айдан кийин чыгып келишти. Алар менен Түпкө чогуу кеткен үч киши өлүп калыптыр.

Апам да, Жайсаң-энем да таанылбайт. Чачтары устара менен алынган, ачарбактай арык, экөө тең өспүрүм тентек балдарга окшош. Буларды көргөндө карындашым коркуп мага жабышып ыйлап, апама жолобой койду. Кеч киргенде гана апамды үнүнөн таанып койнуна барды. Ачарчылык башталды. Эстен танып, кайра келип, үч күндөн бери ажалыбызды күтүп жатабыз. Жаналгычтын сөлөкөтү кыламык кар баскан үйүбүзгө жакындап келип, тоңгон терезени каккылагансыйт. Долуланып улуп-уңшуп үйүбүзгө киргиси келет, каркайган сөөктүү далысы менен эшикти ыргыта түртүп, жулунуп кирип бизди бир-бирден терип, бооруна кысып, асманга учуруп кетүүгө даяр. Эки жашар карындашым араң дем алат; төрт жашар иним үшүгөн күчүктөй кыңшылайт; жыйырма алты жаштагы апам көзүн ачпай чалкасынан жатат, кирпик-каштары каап-кара; көмүрдөй кара кыска чачтары мрамордой чекесине татынакай болуп түшүп турат; көздөрү бакырайып, кандайдыр бөтөнчө жалдырайт. Ал мени бетимден сылаганда, жылуу алаканынын мээрими жоголгондой сезилди. Жайсаң-эне апамдын колун сөөмөйү менен басты. Ал жер чуңкурайып калды.

– Ачкалыктын шишиги, – деди кемпир, калай чөмүч менен жылуу суу сүзүп апама зордоп ичирди. Жайсаң-эненин чачтары эркек баланыкындай тикчийет. Чекесиндеги, оозунун айлана-тегерегиндеги бырыштар кемпирди кандайдыр шылуун, чукул мүнөз, шайдоот өспүрүм балага окшотот.

– Баарыбыз өлөбүз, – деп бышактады апам – Биз го жашадык. Балдарга убал болду…

– И-ий, бетим, ушу сен жашадыңбы? Тун балаңан канча жаш улуусуң?

Жерден бооруңду көтөрө электе—революция дегени башталды. Жетим калдың, күйөөгө чыгаарың менен чоң камактар башталды, туугандарыңдын далайы атууга кетти. Бир аз эс алганда –Гитлер чыкты. Согуш бүтүп, күйөөң келсин, мына ошондо бактылуу жашайсың. Ыйлаба, балам, кайратыңан тайба! – дейт Жайсаң-эне.

Согуш жеңиш менен бүтөөрүн, кандуу майдандан аман келген атам үч жылдан кийин түрмөгө камалып, эки жылдан кийин апабыз жесир, биз жетим калаарыбызды ал кезде ким билсин.

– Жүрөгүм бир жакшылыкты сезип турат, – деди Жайсаң-эне. – Жүрөгүм мени алдачу эмес эле. Кашымбек камалар алдында үч күн катуу каккан. Төртүнчү күнү ГПУ келип кармап кетти.Өткөн жылы жүрөгүм катуу какканда, жакшы кабар болду. Ошондо чаар Асылбек согуштан кайтып, Сталин Гитлерди Маскөөгө киргизбей айдап салганын айтып келбедиби…

Айылда эки Асылбек бар эле. Согуш башталганда экөө тең фронтко кетишкен. Бирөөсүнүн мурдунун кайкысында, бетинде чаары бар эле. Москванын алдындагы майданда жарадар болуп, бир колунун ордуна жыгач протез байлап келген. Чаар Асылбек келгенде айылдыктар согуштан тирүү да кайтат турбайбы деп үмүттөнүп калышкан.

1943-жылдын 20-майында капысынан калың кар жаап, суук түштү. Жер жарып чыккан үрөн тоңуп калды. Жегенге сакталган буудайды кайрадан себишти. Үрөн июнь айында чыгып, күзүндө бышканга үлгүрбөй сүт маалында кар алдында калды. Наны жок калган журт акыркы малын сойду. Эптеп-септеп кышка даярдаган тамак-ашты «военный налогко» берүүгө туура келди. Салык төлөбөгөндөрдү милиция районго айдап кетти, аскерге жарабаган элүү-алтымыштагы эркектерди эмгек армиясына айдады.

Акчалай же ун-талкан, эт түрүндө согуш салыгы чогулткан финагенттер өтө кыйналды. Ач жылаңач эл журт аларды каргап-шилеп үйгө жолотпой, эшиктерин бекитип коюп качып,итин агытат. Ишине куру кол барса-өзү камакка кетет. Айылдын четинде жашаган сексен жаштагы бир кемпирди ач иттер талап жеп коюптур. Кемпир үйдөн түзгө отурайын деп чыгып ачкалыктан эсинен танып жыгылып калган окшойт. Эртең менен кемпирдин кажылган сөөктөрү, тытылган кийимдери табылды. Так ошол күнү фронттогу баласынан көпкө зарыктырып күттүргөн кат келген экен. Катында госпиталда жатып, эми үйгө келе жатканын жазыптыр. Кемпирдин сөөгүн ошол катты алып келген почточу тааптыр…

Күндүн кызыл нурлары терезеге тоңгон кыроону жаркыратып көз уялтат. Бара-бара кыштын кыска күнү өчө баштады. Аны менен кошо кемпирдин, жаш келиндин, анын үч баласы-биз да өчүп бараттык.

Ошондо эмне ойлогонум эсимде жок. Балким,эртең менен ойгонгондо жаздыгымдын астынан чоң кызыл алма, же кагаз пистон менен аткан тапанча тапкандарымды эстегендирмин. Мындай күтүлбөгөн белектерди жасаганды атам жакшы көрөр эле. Кечинде жатаарда эртең менен кандайдыр бир кубанычтуу нерсе болоорун күтөөр элем. Ал эми бул жерде, алыскы айылда оту өчкөн очок, какшыган бош казан. Таңдын атарын тынчсызданып күтөсүң. Ит үрсө кооптонуп, кулак түрөсүң: фронтон кара кагаз келдиби? Согуш салыгын чогулткан финагаентпи? Бирөөнүн өлүмүн угузган кабарчыбы? Балким, биздин мордон чыккан түтүндү аңдыгын кайсы бир тууганбызбы? Мындай «конок» биз дасторконго отурган учурду болжоп кирип келет. Аны ата-бабабыздан калган салт боюнча төргө отургузуп, өзүбүзгө жетпей жаткан тамагыбыз менен бөлүшөбүз…

Иттин үргөнү угулду. Апам дубалды карап жатат. Иним жеңинде үч күмүш топчусу бар менин пальтомо чүмкөнүп жатат. Карындашым үн катпайт. Кемпир Египет фараонунун мумиясына окшоп, көк тамырлуу колдорун көкүрөгүнө кайчылаштырып чалкасынан жатат. Анын эриндери билинер-билинбес кыбырайт. Өлүм алдында адам эмне сүйлөйт болду экен? Мен ага төрт аяктап жылып келдим. Жайсаң-энем арабча дуба окуп, анан кыргызча бат-бат сүйлөй баштады. Өлүп кетсем айтчу сөзүмдү айта албай калам-деп шашты окшойт.

– Оо, жараткан,менин акыркы тилегимди ук. Сен берген ичеер суум түгөнүп, саналуу саат калды, мени жаратканыңа, ушунча жаш бергениңе ыраазымын. Алтын аяктан канча бакыт ууртасам, ошончо түйшүк кайгыны кара аяктан жуттум. Мага перзент буйрубапсың, эмчегиме наристенин эрини тийген жок, улгайган кезимде чалымды алып кеттиң, анын мүрзөсүнө бир ууч топурак таштатпадың, өз баламдай чоңойтуп, өстүргөн уулдарымдын убайын көрсөтпөй белгисиз жакка айдап кеттиң. Алардын тирүүсүн же ГПУ– нун огу жүрөгүн тешип,кайсы кара жерде жатканын сенден башка эч ким билбейт. Адамдык намысымды булгаганым жок, картайганда мени минтип жалгыз калтырдың. Кайгы кападан алаксытып жаш келинди үч баласы менен жибердиң эле, эми минтип аларды да кайра алганы турасың. О, жараткан, кудайым, сенден сураганым: аларга тийбе. Сага тирүү жан курмандыкка керек болсо, мени ал. Мен өлсөм эч ким жетим калбайт. Менин арбагым о дүйнөгө тентип жүрүп өзүнүн сүйүктүү жакындарын табат. Бул байкушту балдары менен аман кой. Ал карды тое тамак жеп, бакытка бөлүнүп жакшылык көрө элек. Жаратканым, мен бейбакты кечир! Сага жалынып,жалбарам, жараткан кудайым!..

Жайсаң-эне өзү түшүнбөгөн арабча намазга өттү. Бул сөздөрү мага да түшүнүксүз. Бирок башындагы кыргызча айткандары мени өтө таң калтырды. Үмүт үзбөй күндө эскирип күткөн Көкө менен Хайритдин өзү төрөбөгөн өгөй балдары экенин билчү эмесмин. Айылдыктар Жайсаң-энени Кашымбектин байбичеси –дешчү. Демек Көкө, Хайритдин абамдар кичүү аялы-токолунан экен да! Европалыктардын түшүнүгүндө эки аял– бул батышпаган күнүлөшүү, кызганыч, үй-бүлө чатактары феодалдык эзүү, эрксиз деспотизм эмеспи! Бирок жашоо чындыгында бул көрүнүш башкача болгон. Экинчи аялды кыргыздар биринчи аялы, байбиченин уруксааты менен алган. Буга көбүнчө байбиченин төрөбөгөндүгү , оорукчандыгы, жашы келип калгандыгы себеп болгон. Ал тургай кээ бир учурларда күйөөсүнө токолду байбиче өзү издеп, тандап берген. Байбиче– токолдордун күнүлөшүүсү адепсиздик катары бааланган. Үй-тиричилигин байбиче башкарган. Токолдор аны «эже»-деп, балдары «эне» – деп баш ийген. Ар бир аялынын өзүнчө өргөөсү болгон. Ушул себептерден байбиче– токолдордун өз ара ыйкы-тыйкысы болсо, аны сыртка чыгарбай, күйөөсүнүн ар-намысын бекем сакташкан.

Кемпирдин эриндери гана кыбырайт. Өзү кебелбейт. Кудайга жалынып же жөөлүп жатабы? Анын көргөн турмушу көз алдыман өттү. Аппак эки боз үй. Үйүр жылкылар. Кичүү аялы бээ саап жатат. Тоодон аппак суу шаркырайт. Анан ал келин эмне болду экен? Төркүнүнө кетип калдыбы? А балким эрте каза болгондур? Чырактай болгон эки уулун кантип таштап кетсин?

– Кет, жогол,ажал! Кет менин үйүмөн! Балдарга тийбе! Шашпа! – деп кемпир угуза жалынды.

Мен коркконуман бүрүшүп калдым.Эки далымдын ортосунан мупмуздак суу шорголоп кеткендей болду. Кимдир бирөө төбө чачымдан тырыштыра кармап асманга тарткансып, үрөйөм учту. Корконуман калтырап-титиреп кеттим. Жаналгычтын сөлөкөтү шимшип, апамды, карындашымды, инимди, мени жыттап, кимибизди биринчи алып кетээрин тандап жүргөндөй сезилди. Бул үйдөн качыш керек!

Мен төрт аяктап эшикти көздөй жылып жөнөдүм. Кашекти кармап, өйдө турдум. Үйдүн төбөсү кыйшайып, айлана баштады. Эсиме бир аз келгенде эптеп короого чыктым. Аяздын суук илеби, көз уялткан аппак кар жүлүнүмдү бошотуп, алсыратып жерге көтөрүп чаба жаздады. Башым кайрадан айланды; морунан түтүн чыкпай, күмбөздөй бозоргон кепелер, батып бараткан муздак кыпкызыл күн, түбү жок көк асман, жылаңач дарактын чокулары айланып, өзүмдү бүт ааламдын каруселинин ортосунда турган мамыдай сездим. Ар кандай адамдар. Алардын жылуу жүздөрү. Бактылуу жылмаюлар. Чачтарына көгүлтүр бантик байланган мотурайган кыздар. Кыска шым кийген жаш балдар. Моюндарына кызыл галстук байланган пионерлер. «Пионер-барды кишке даяр эр». Шыңкылдаган күлкү, «маньчжурия»вальсы угулат. Кыз жигиттер бийлеп жүрөт. Колуна эң чоң балмуздакты кармап, менин кантээримди күтүп, күлүмсүрөгөн атам. Балмуздак тептегерек. Үстү асты вафли. Ал вафли жибигенде жупжумшак, укмуштай даамдуу болот. Мен жыргап балмуздакты ала коюп, тилим менен тегерете жалайм. Маңдайында брошка төйнөлгөн, ак беретка кийген апам атамды колтуктап турат. О-о, кудайым! Карагылачы, эне-атамдын бири-бирине жарашканын! Экөө тең жапжаш! Кандай сулуу! Парктагы кишилердин бардыгынан, дүйнөдөгү эң сулуу адамдар-менин атам менен энем! Балмуздак ээрип таттууга жабышкан салааларыма, алаканыма шорголой баштады. Абдан таттуу. Абдан муздак. Кимдир бирөө суюк балмуздакты башыман ылдый куюп жибергендей болду. Мээм, баш сөөгүм чачтарым тоңуп баратат. Суук балмуздак эки далымын ортосунан, ичимен, бутуман,шымымдын багалектеринен аппак карга жорголоду.

Таттуу сүттөн кирпиктерим чапталышып, көзүмдү ача албайм. Көзүмдү сүртүүгө дарманым жок… Аппак кардын үстүндө менин капкара колдорум, шишик басып арбайган манжаларым. Тура албайм. Эсиме келип абалымды баамдай баштадым.Өлүп калсам денем карда тоңуп калат, анан мени да ач иттер Аяткан кемпирдей кылып жеп кетет. Балким менин өлгөнүмдү ушул жерден таап алганы дурустур. Тапса, сөзсүз үйгө киришет, үйдөгүлөрдү ач өлүмдөн сактап калышар. Былтыр эле өзүмө тар, кыска болуп калган бешмантымдын жеңдери чыканакка дейре түрүлүп ачкалыктан, сууктан кызарган билектерим көрүнөт. Же, мен өткөн жазда тууган бээнин кулунумунбу? Бээнин чоң кара көздөрүнөн ыйлаган аялдыкындай жаш шорголойт. Мен ным тарткан көк чөптүн үстүндө жатам, энем учтуу кулактарын жапырып, таноосун дердейтип, кошкуруп, бодур-бодур тили менин буу чыккан башымды жалап, мени башкалардан кызганып ачуулу окураят. Мен ичке буттарым менен араңдан зорго төрт аяктап теңселип турам,анын фудболдун резина камерасындай кап кара жылмакай,жып жылуу желинине жумшак эринимди тийгизип,чопулдатып эме баштадым… Эми туруш керек. Кандай гана болбосун туруш керек! Болбосо азыр баары бүтөт. Колдорум кара жыгачтын бодурайган сөңгөгүнө тийди. Бул корообуздун кашаасы. Эми устун тосмого жетиш керек. Дагы…Дагы бир аз… Колум жылмакай устунга тийди. Дагы бир аз көтөрүлсөм, денемди устундун үстүнөн ашырам. Жок, ага күчүм жетпеди. Ушуну менен өмүрүм бүттүбү? Бетимен аккан жаш жаактарыман тоголонуп ошол замат тоңот. Өлгүм келбейт. Кандай өкүнүч. Көмкөрөмөн жатып калдым. Кургак кар оозума,таноолорума кирди. Жаактарым кайыгып эч нерсе сезбейт. Бир аз кулактарым тызылдап заматта эч нерсе сезбей калды. Уйкум келди. О-о, мына азыр азаптардан арылып, кайтып келбес жакка кетем. Кош бол жарык дүйнө… Жүрүп келе жаткан чананын,туяк астында кардын кычыраганы, аттын кошкурганы, дүбүртү угулду. Кайдагы ат? Айылдагы аттар фронтко кетпеди беле! Чуркураган балдар карганын шыйрагындай капкара жылаңайлак буттары менен чаңды буруксутуп, аларды кара жолго дейре узатпады беле! Кайда бара жатканын байкуш аттар билген жок. Аларды пристанга айдап келип Ысык-көлдө жүрүп турган жалгыз кеме«Сергей Киров» деген параходго түшүрүшкөн. Айылдыктар көл көрүнүп турган дөбөгө чыгып, параходдун кара түтүнү көздөн кайым болгончо карап турушкан…

Кимдир бирөөнүн күчтүү колдору ийинимден көтөрүп, чалкаман оодарды. Тунарган ак тумандан көзүмө килейген эки кара туяк көрүндү,үксүйгөн сары жүндөрдү көрүп коркконуман бакырып жибердим. Бирок өзүмдүн үнүмдү өзүм укканым жок.

– Өлүп калыптырбы? – деп орусча сурады аялдын үнү.

– Дем алгансыйт, – деди эркек.

– Кар менен сүрт. Катуурак сүрт, – деди аял. Куудураган чоң колдору бетимди, моюнумду, кулагымды, колдорумду, көкүрөгүмдү кар менен сүртүп жатканын сездим. Мурдума ным болгон жүндүн, ачуу махорканын жыты келди.

– Бечара кайдан келген?.. Ии , мына издери! Үйгө киргизелиби? – деп сурады аял.

– Чукул жылууга кирсе өлүп калат, – деп эркек кар менен сүрткөнүн улантты. Муундарыма жан кире баштады окшойт, мени ажалдан сактап калган адамды ичигинин жакасын жанталашып кармадым.

– Эми үйгө киргизсек болот! – деп орус мени эбелектей көтөрүп үйдү көздөй басты.

– Нн-оо! – деп кыйкырып аял чананы биздин артыбыздан айдады.

Орус мени үйгө алып киргенде, апам башын көтөрүп чоочуганынан кыйкырып жиберди. Жайсаң-эне да өйдө болду. Менин үйдөн чыгып кеткенимди байкашпаптыр.

– Бул сенин бала? – деп акцент менен сурады орус.

– Айыл араласак тирүү жан жок. Карасак бир караан турат, ошондон сурайлычы деп келсек,карда жатыптыр. Тоңуп өлүп калмак экен.

– Ырахмат сизге! – деди апам орусча.

– Үйүбуздүн төбөсү кулап калды, устун сатасыңарбы? – деди орус.

– Устун толуп жатат,бирок бизге акчанын кереги жок. Айыл боюнча эч кимде тамак жок. Базарга жете албайбыз. Ачкадан өлгөнү жатабыз, – деди апам.

– Андай болсо, кемпир арпадан салып берелиби? – деди эркеги.

– Эмне дейт? – деп сурады аялы.

– Акчанын кереги жок. Нан бергиле дейт.

– Өзүбүз эмне жейбиз? Кудабызга да жарымын беришибиз керек. Буларга акча бер,өздөрү сатып алат, – деп тултуңдады аял.

– Каяктан сатып алмак эле, балдары менен өлгөнү жатпайбы?

– Сен эмне,өлүмдөн сактаган Христос белең? Адегенде өзүбүздүн балдарды ажалдан сактап кал. Боорукерлигин кара мунун! – аялы чукчуңдап үйдөн чыгып кетти.

Күйөөсү ирегеде турган бош чаканы алып, жарыкка, тешиги жокпу дегендей түбүн карап, короого чыкты.

Апам экөөбүз орустардын кыжылдашканын түшүнүп, унчукпай күтүп калдык. Сырттан күңкүлдөгөн үндөр угулду.

– Орустар эмне урушуп жатышат? – деди Жайсаң-эне.

– Аялы арпа бергиси келбей жатат, – деди апам.

Эшик чоң ачылды. Бөлмөгө ызгаардын муздак илеби менен орус киши кирип, чаканы үйдүн ортосуна койду. Апам экөөбүз ажалдан сактап калчу чаканы көздөй төрт аяктап жылдык. Чака толо арпа экен. Жайсаң-энем коочуштап сүзүп алып, чын эле арпабы дегенсип жыттап, кайра чакага таштады да, орустун колун кармады.

– О-о, Андрейим! Ырахмат сага, кагылайын! Эки пайгамбар– Иса менен Мухаммедге сыйынам. Алар менин үнүмдү угуп сени жиберген турбайбы. Кудайлар сени кайдан тапты, Андрей? – деп жалынды.

– Михайловкадан келдик, бирок мен Андрей эмесмин, – деп күлдү орус. Мен Спиридон,апа!

– Баары бир Андрейсиң! – деди Жайсаң-эне колун шилтеп, анткени биздин айылда орустун эркегин Андрей дешчү.

– Короодо талдын кесилген устундары да бар, өсүп турганы да бар. Каалашыңча ал, – деди кемпир.

Бир аздан соң балтанын тыкылдаганы, кулаган талдын кычыраганы угулду.

Жайсаң-энем тегерек столго эки ууч арпа төгүп, арасынан майда таштарды, кара сулуусун терип тазалай баштады. Апам арпаны муздак сууга жууду. Шаарда пало басарда күрүчтү так ушинтип жуучу эле. Мурдума куурулган эттин, пияздын,кызыл калемпирдин жыты келгенсиди, токчулук жыргал заманды элестетти. Көзүм тунарып кетти. Ачкадан кайра эсимен тандым окшойт.

Көзүмдү ачсам түн кирип калыптыр. «Андрей» устундарды чанасына жүктөп Михайловкасына алып кеткен окшойт. Көмкөрүлгөн чынынын түбүндө пахтадан жасалган билик шам чырак үлпүлдөйт. Үй жылуу, жайлуу. Апам чай кашык менен иниме арпа ботко жегизип отурат. Жайсаң-эне жаныма келди.

– Мына, айланайын. Адегенде эки кашык сорпо, анан бир кашык арпа. Дароо көп жесең, өлүп каласың. Бир ажалдан кутулдук, кагылып кетейин. Айтпадым беле,жүрөгүм бир жакшылыкты сезип турат деп… Кудай бизге орус Андрейди жибериптир… О о, жаратканым, миң мертебе ыраазымын сага! Ошол орустун өзүнө, балачакасына ден соолук, узун өмүр бере көр! Жайында Михайловкага барып, Андрейдин балдарын бетинен өөп келели…

Мен ботко жеп бүткөнчө кемпир кудайга жалынып, жалбарып сүйлөй берди. Ысык-Көлдө Курское, Орловка, Хутор, Покровка, Михайловка деген орус кыштактар көп. Алар 19-чу кылымда отурукташкан.Орус падышачылыгынын крепосттук реформасынан кийин жерсиз калган дыйкандарды ачарчылыктан куткаруу максатында империянын чет-жакаларына көчүргөн экен.

Жыргалаң суусу Ысык– Көлгө куйган жерде орус кыштактары кантип пайда болгонун Жайсаң-энем айтып берген. Айылга эки жигит чаап келип, Түптөн бизди көздөй кызыл өгүз, чоң жалдуу аттар чегилген арабалар менен бапыйган сакалчан орустар келе жатканын кабарлаганда, айылдыктар күлүк аттарын токуп, союл, мылтык менен куралданып каршы чыгышат. Жоого аттанган чоролор ач айкырык, куу сүрөөн менен жулунуп «жоонун» алдына келгенде, жаактары жап болуп, сенейип туруп калышат. Алардын алдында баштарын көтөрө албай шылкыйган, жылаңайлак, кийимдери самтырап тытылган мужуктар, узун этек-жээңи самсаалаган аялдар, үтүрөйүп өңүнөн азып жүдөгөн балдар, моюндары жооруп канаган өгүздөр; сынган туяктары майрайып, капталдары ичине баткан, жалдары уйпаланган аттар, алсыз сеңселип араң турушат.

– Эй! Силер кимсиңер? Кайдан келдиңер? – деди Кашымбек.

Жол баштаган бирөө алдыга чыгып татарча:

– Буларды ачарчылык айдап келди. Ак падыша орус жеринен кубалады. Ырайым кылгыла! Жакшылыгыңарды Алла-таала унутпайт, – деди.

Жигиттер буйрук күттүп кол салууга даяр турушту. Сүйлөшүү жүрүп жатканда орустун чалдары, аялдары чокунушуп, мужуктар балталарын колдоруна алып, мылтыктары даяр. Аттарын ойноктотуп чабуулга аттанган жигиттерден жакшылык болчудай эмес…

– Биз буларды кабыл албасак эмне болот? – деди Кашымбек.

– Согуш болот. Буларда падышанын атайы кагазы бар, – деди татар.

– Бул жерде эмне кылышат? – деп кыйкырды жигиттердин бири.

– Буудай эгет, тоок багат, – деди татар.

– Чочкочу?

Жол баштаган татар орустар менен бир аз кобурашып жообун берди:

– Чочколору жок. Жолдо жеп коюшуптур.

– Буларды эмне кылалы? – Кашымбек артында турган аксакалдарга кайрылды.

– Жер кенен. Көл жээктей жашай беришсин. Кол салсак, ак падышанын каарына калабыз. Жайыттарга чыкпасын. Сууну таза кармасын, -деп кожурады чалдар. Кашымбек атын бурду. Олжого жетпей, жоокерлик өнөрлөрүн көрсөтө албай калгандарына өкүнгөн жигиттер, аргасыздан аттарын кайра бурушту… «Колго түшкөн коенду кое берген оңобу», – деп кыңырланышты.

Жайсаң-энем дагы бир кашыктан арпа ботко жегенге уруксат берди.

Үйүбүздүн морунан чыккан көк түтүн бул жерде жашоо уланып жатканы жөнүндө жар салып сан жылдыздуу асманга жөнөдү…

 

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Байжиев М., 2005

 


Количество просмотров: 1731