Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Байжиев М., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 27-сентябры

Мар Ташимович БАЙДЖИЕВ

Ууру катын

Кыргыз прозаиги жана драматургу Мар Байжиевдин аңгемелери жана повесттери замандаштарыбыздын рухий дүйнөсүн чагылдырат. Чыгармаларында калемгер нравалык баалуулуктарды, чындыкты жана гуманизмди көркөм сөзү менен бекемдейт.

Байжиев Мар. Аңгемелер жана повесттер. – Б.: 2005 китебинен алынды

 

– О-о! О-у-у! Кармагыла! Кармагыла, тигини! Кармагыла! – деп кимдир бирөө ак калпагын булгалап, айдоо менен сербектеп чаап келе жатты. Анын кашкайган башы күнгө жаркырайт.

Картошка отоп жүргөн окуучулар үрккөн улактардай селдейип туруп калышты.

– Агай, кимди кармайбыз? – деди кыз.

– Ырас эле, бул ким өзү? – Мугалим агай таңыркап далысын куушуруп койду.

Балдар биринин сөзүн бири бөлүп кужулдашты. Бир тобу, чаап келе жаткан көк башы Таштан аба, анткени үстүндөгү жашыл чапан экен дешсе, башкалары жок, бул Бөкөн чоң ата дешти. Дагы бирөөлөрү, бул Таштан аба да эмес, Бөкөн чоң ата да эмес, башка жаңы бир бейтааныш неме көрүнөт дешти. Анткени кийген чапаны Таштандыкындай жамаачы да эмес, Бөкөндүкүндөй жаңы да эмес дешти (Согуш жылдары аялдар жамачы жамаганга аябай уста болуп кетишкен, натыйжада кийип жүргөн чапан, көйнөк, шымдар өз түсүн эбак жоготуп, географиялык картадай, агала, көгала болуп кетчү эле). Атчан киши жакындап келгенде балдар көк башы Таштан абасын таанышты. Анын жашыл бешмантынын көкүрөгүндөгү ак жибек жамаачысы, атайын тагылган эмблемадай кашкаят. Алдындагы аты балдардын бардыгын тааныган Туйгун деген айгыр экен.

– Ой, кармаган жоксуңарбы? – деп күпүлдөдү Таштан аба.

– Кимди? – Мугалим агай алдынан чыкты.

– Ой, жанагы ууру катынды!

– Кимди айтып жатасыз, Таштан аба?

– Ой, кокуй оой, кимди дейт тура! Жанагы күрсүйгөн чоң катынды. Ар бир балтыры мендей бар. Чачы албарстыныкындай узун! Ошону да көргөн жоксуңарбы?!

Жарыктык киши көзүнө бир нерсе көрүнгөнбү дегенсип мугалим агай шектенди.

– Албарсты дейсизби?

Жарданып турган балдар да токтоно албай кытмыр кыткылыкташты.

– Ой, нан урсун, калп айтсам! Өз көзүм менен көрдүм, – деп Таштан аба карганып жиберди. – Энемди алайын , калп айтсам!

– Чш-ш! Балдардын көзүнчө антпеңиз, аба, – мугалим туталанган Таштан андан ары да балакет сөздөрдү кошуп жибербесин деп чочулады.

– Ой, кокуй-о-о-й! Силерди киши деп келген мен да акмакмын. Силер кудайга да, адамга да ишенбейт эмессиңерби! – Таштан колун силкти.

Мугалим агай намыстана түштү көрүнөт:

– Ой, аба, кайдагы аял? Чакалайдын чак түшүндө ал асмандан түшө калдыбы? Балким, ал окуучу кыздардын бирөө болуп жүрбөсүн?

– Ой, арман күн оой! Кайдагы окуучу кыз болмок эле? Бардык кебете-кешпири куду эле ууру аял. Зоот кунажындай далдыйган неме экен. Тим эле очоет!

– Немистердин ышпыену болуп жүрбөсүн, агай? – деди окуучулардын бири.

– Кайдагы ышпыен болмок эле? Согуш эбак бүтпөдүбү, – деди дагы бир окуучу.

– Эртең менен башкарма келип чакырыптыр. Барсам, «Аке, сиз колхоздун арык-сууларын башкарат турбайсызбы?» – дейт. Ооба, көк башымын дедим. «Эртели кеч суу менен алек турбайсызбы?» – дейт. Ооба, дедим. «Эмесе бутуңуздан сыз өтпөсүн – деп атайын резина өтүк алдырттым», – дейт. О, айланып кетейин. Рахмат камкордугуңа! – дедим. «Жакшы кызматчыны биз сыйлайбыз» – дейт. – Совет өкмөтүнө чоң рахмат, айланайын! – дедим.

– Сизди абдан мактаган экен да, – мугалим күлүп койду.

– И, айланайын! Мобу талаанын баарын суудан өксүтпөй, дүркүрөтүп атсам… Аял болгону менен мыкты башкарма болду, жакшыны баалай билгени жакшы эмеспи, – деп Таштан аба өзү да аны көп байкабай мактана берди. – Жакшы кызматчыны бардык жерде кадырлайт. «Сиз ташыркап калган жылкыны айыктырат деп уктум го» – деди анан. Ооба, айыктырам, дедим. «Анда базга барып Туйгунду жетелеп кетиңиз, дартынан айыктырып, минип жүрүңүз» – деди. Мен макул – дедим. Складга барып кончунун узундугу белге жеткен резинка өтүк алдым да, башкарма келинге кирип, сыйыңарга сизге жана совет өкмөтүнө чоң рахмат, дедим. «Эч нерсе эмес, аке, жакшы кызматчыларды биз…» – деди ал. Мен…

– Ой, аба, эс албай мактана бересизби? Андан көрө жанагы дардайган албарсты кайдан чыкты. Ошондон кеп салыңызчы? – мугалим күлдү.

– Азыр, ага да жетем. Аксак айгырды алпарып ары-бери чуркаттым, көк бедени ашыра жеп коюптур. Курсагы челек. Өлөт го дедим эле, жок. Мал болуп кетти жаныбар. Кичине туз берейин деп, үйгө жетелеп келдим.

Мугалим кайрадан картөшкө отой баштаган окуучулардын ишине көңүл буруп, Таштан абанын сөзүнө көп деле маани бербегендей, бирок, өзүнөн улуу кишинин сөзүн бөлгөндөн ыйба кылды көрүнөт, калп эле угумуш болуп, өзүнүн ишин уланта берди. Мугалимдин өзү согуштан мурда сабатсыздыкты жоюу курсун бүтүргөн,ал азыр физкультурадан, сүрөт-черчениеден, немец тилинен, орус тилинен, ал гана эмес, географиядын да сабак берет.

Көк башы негизги окуяга жете албай аңгемесин уланта берди.

– Карасам, сарайда бирөө жүргөнсүйт. Кошуна аял от алганы келген го деп ойлодум. Туйгунду байлап жатсам, бир катын сарайдан чыгып, тамдын артына жүгүрүп кетти. Кайнага деп качып жүргөн келин-кесектерден бирөөдүр дедим. Сарайдын артына барсам, тооктун башы жатат. Ит тиштеп келген экен дедим. Карасам, балапан басып жаткан күрп тоогумдун башы экен. Өзүмдүн тоокторумдун башын сыя менен боеп коемун. Бул кандай шумдук деп сарайдан чыктым. Баягы катын огородумду аралап чуркап, талааны бет алып, үймөктөрдүн арасынан көздөн кайым болду. Мен Туйгунду шап минип, артынан түштүм. Үймөктөрдүн тополоңун тоз кылдым. Жер жутуп кеткендей жок. Бир кезде аркы үймөктүн түбүнөн эки кучак жеткис чоочун катын чыга калып, качып жөнөдү. Чачы албарстыкындай саксаят. Башын кызыл жоолук менен байлап алыптыр. Көйнөгү балбалактап узун. Жалаң аяк, согончогу гана жалтырайт.

– Согончогу жалтырайбы? – Мугалим шектене сурады.

– И!

– Түшүнүктүү, – деп – мугалим желкесин тырманды, анткени элдин айтуусу боюнча «албарстынын согончогу текскери болот» дегенди эстеди.

– Ой, кокуй-о-о-о-и! Дагы эле ишенбей жатасыңбы? Согончогу кадимкидей эле экен.

– Андай болсо кызык экен, – деп койду мугалим.

– И, артынан кууп жөнөдүм. Айгырым аксак. Катуу чапсам өлө турган. Анан мага атайылап жакшы кызматкер деп ат берсе, аны өлтүрүп аламбы. Дал ушул жакка жүгүрүп кеткенин өз көзүм менен көрдүм!

– Балким, башка жакка кеткендир?

– Ой, нан урсун, ушу жакка кетти.

– Мүмкүн, көзүңүзгө ошондой көрүнгөндүр?

– Ой-то-бо-ой! – Көк башы чөнтөгүнөн көк сыя менен боелгон тооктун башын алып чыгып, мугалимге ыргытты.

Балдар үймөлөктөшүп, тооктун башын карай башташты. Таштан кыйратып салгансып, чөнтөгүнөн аялдын эски көйнөгүнүн майланышкан белкурчоосун сууруп чыгып, мугалимге карматты

– Мына, ишенбесең!

Окуучу балдар арык боюндагы калың шыраалжынды тинтип киришти.

Мугалим арыкты бойлоп басты.

– Ал ушуякка кирип кетти. Көчүгүн гана байкап калдым. Мына мо-омундай экен! – Таштан кучагын жайып көрсөттү.

– Аксакал! Окуучулардын көзүнчө анткениңиз уят, – деди мугалим.

– Мына мындай! – деп бир аз уялып калган Таштан мурдагысынан саал кичирейтип көрсөттү.

Балдар талаага жайылып, ар бир карарган чөмөлөдө, дүмүрдү аңтарышты.

– Балким, ал катын… заматта жоголуп кетчү, көз боёчудур, ыя? – деди көк башы.

– Андай болбойт! – деди мугалим.

Балдар аарылардай ызылдашып, кең талааны кыдырып, мугалимине келишип, эч кандай аял жок, – дешип доклад кылып жатышты.

– Ой. Бул укмуш го? – Таң калган Таштан жакасын кармады.

– Жер жутуп кеттиби аны!

– Демек, көзүңүзгө албарсты көрүнгөн, – деди мугалим.

– Тобо, укмушуң кургур! Ушундай да болобу, – көк башы таң калды.

– Мындайлар боло берет. Өөдөлөнүп жатып калгансыз, жаман түш көргөнсүз, – деди мугалим.

– Ой, тобоо! – тиги башын ийкеди. – Узун түндө уйку көргөнүм жок, тизем какшап чыкты, Алымкан жеңең барда мындай болчу эмес…

– Демек, жеңемди сагынгансыз, ошондуктан түшүңүзгө аял кирип, көзүңүзгө албарсты көрүнгөн .

– Ой, тобоо! – таң калган Таштан жакасын кармады.

– Мына! Демек, сиз аялыңызды кетирип жиберип, ошонун азабын тартып жатасыз! – Мугалим айтканын бардыгы ордунан чыкканына кудуреттенип барган сайын чечкиндүү сүйлөдү.

– Мен аны кетиргеним жок! Жыйырма жыл бирге жашадык, бирок, бала көрбөдүк. Баласыз жашооң жашообу? Балага куса болуп, кайгыга чөмүлдүк. Иче баштадым. Акыры ажырашалы дедик. Мүмкүн ал башка эрге тийсе, балким, бактылуу болор. Мен дагы башка аял алсам, балким, перзенттүү болормун дедик. Эми көрбөйсүңбү, иштин жагдайын. Балким, менин бойдок жүргөнүмдөн ошондой болуп жаткандыр? – Таштан күнөөкөр адамдай жумшара берди.

– Эң туура! Мисалы, төшөккө ачка жатсаң, түшүңө беш бармак кирет. Туурабы? – деди мугалим

– Туура. Ой, тобоой, билимдүү адамга айла жок экен. И?

– Ал эми таңдайың катып суусап уктап калсаң, түшүңө муздак кымыз кирет, туурабы?

– Туптуура! – Көк башы башын ийкеди. – Э, укмушуң кургур!

– А эгер, аягың ачылып калса, түшүңдө жылаң аяк жүргөндөй болосуң.

– Капырай, ушунун баары китепке жазылганбы?

– Акак же! «Уйку жана түш» деген китепте мунун бардыгы жазылуу.

Демек, сабатсыздар муну билбейт. Анткени учурунда жалкоочулуктун негизинде ликбезден окубай койгонсуңар.

– Ой эми, аны… Жалкоочулук деле эмес. Көр оокат менен алышып жүрүп, анын үстүнө… Э, болуптур, аны койчу. Өтүнөрүм жанагы менин көзүмө көрүнгөн албарсты жөнүндө оозуңан чыгара көрбө. Шылдың болом. Аптариятымды кетире көрбө, садагасы, макулбу, – деп жалынды Таштан.

– Макул, – деди мугалим: – Ооз басырыгына эмне бересиз?

– Мобу эски чапанымды ал, жамаачысы чылк жибек, – деди Таштан.

– Аныңыздын тер жыты ат чабым жерден буркурайт. Андан көрө бүгүн менин арыгыма суу жибериңиз!

– Ирети келсе, суу жиберем, – деди Таштан.

– Болуптур, кеп жебейт экенсиз! Балдар, – деди мугалим иштемиш болуп чоңдордун сөзүн небактан бери тыңшап жаткан окуучуларга кайрылып, – Балдар, он беш мүнөт дем алыш жарыялайм. Арыктан суу ичпегиле! Ичиңер өтөт! Түшүндүңөрбү?

– Түшүндүк, агай! – деп, окуучулар жамырай жооп беришти да, көк чөпкө отуруп баштыктарынан тамактарын алып чыгышты.

Көк башы калпагын былчыйта кийип, Туйгундун оозун арык бойлото бурду. Бир оокумда айгыр жалт берип үркүп, Таштан кыйкырып, колун кезеп калды. Балдар аны көздөй жүгүрүштү.

– Мына ууру катын! Айтсам ишенбейсиңер! – Таштан талааны жаңырта бакырды.

Аял арыктын ичине туурасынан жатып алыптыр. Башы менен буттары суудан чыгып, жээктен самсаалаган чөп менен жабылуу. Денеси болсо суу ичинде. Ал кадим өлүктөй былк этпей жатат, корккондон эңсиреп калган окшойт.

– Эй, тур, мастан! – Таштан аялды камчы менен түрттү. Мастан кыймылдаган жок.

Көк башы келме келтирип кобурап, сууга кирди. Мастан ыргып турду да, узун этегин кармап алып, суу ылдый качып жөнөдү. Балдар ызы-чуу түшүп ышкырып, кыйкырып аркасынан чуркашты. Таштан жоо чапчудай айкырып, Туйгунду теминди. Мугалим жарадар бутунан аксаңдап артта калды, бирок, ага карабастан команданы кадимкидей катуу берип жатты.

– Көпүрөгө чуркагыла! Арыктан чыгарбагыла! – деп, берген буйруктарынан аскер ишине такшалган кемингерлиги даана байкалат.

Бир кезде мастан шарт бурулуп, аппак тиштерин арсыйтып, түз эле Таштанды бет алды. Ал эрксизден айгырдын ооздугун тартып кетенчиктей түштү.

– Таштан аке, коркпоңуз мен мындамын! – деп, мугалим кыйкырып жиберди.

Командирдин үнүн укканда, Таштан шердене түштү да, камчысын көтөрүп аялга жакындай баштады. Колдоруна таяк, чыбык, чым, таш алышкан балдар курчап калды. Көздөрү чычкан көргөн мышыктыкындай балбылдайт. Алар жакындай беришти. Мастан бөлтү¬рүктөрдүн үйүрүнө жолуккан канчыктай ырылдап, айласын таппай ары-бери теңселет. Кулагында жаңы туулган айга окшогон чоң жалпак алтын сөйкө жаркылдайт.

– Хенде хок! Гитлер капут! – деп кыйкырды балдар.

– Көтөр колуңду! – деди мугалим.

Мастан башын чайкады. Сөйкөсү күн шооласына жарк-журк этти.

– Куралыңды тапшыр! – деди мугалим.

Сөйкөлөр дагы жарк этти.

Көк башы колдорун арбайтып, аялды качырып сала берди, бирок, тиги жалт бергенде, сууга күп дей түштү. Ал турганча мастан тырмышып жээкке чыкты.Эки бала анын бутуна жармашып, шыйрактан алышты. Мастан жыгылып кетти. Таштан ага камчысын үйүрдү.

– Ой, ой! – деп мугалим кыйкырды.

Бирок, Таштан аялды камчы менен жонго тартып жиберди. Ал экинчи жолу кол көтөргөндө, мугалим жетип барып, камчысын жулуп алды.

– Аялды урууга болбойт! – деди мугалим

– Кайдагы аял! Бул ууру! – деп бакылдады Таштан.

– Азыр сурак кылабыз, – мугалим куду тергөөчүдөй кагаз карындаш камдап ташка отурду.

Жыгылганда оорутуп алган колун кармап көк башы өзүнчө күңкүлдөдү – балдарга угузбай сөгүндү көрүнөт.

– Сиз кимсиз? – деди «тергөөчү».

Аял жооп берген жок.

– Хынды хок! Гитлер капут! Хальт! – деп балдар туш-туштан немецче билген сөздөрүн кыйкырышты.

Мугалим колун көтөрдү. Балдар унчукпай калды.

– Ой, бул ууру катын! Менин тоогумду уурдады. Күрп тоокту! Нанымды уурдады! Карагылачы. Анысы аз келгенсип, минтип бармагымды тиштеп алды… ата бабаңды… Муну шаарга, түрмөгө жөнөтүш керек! – Таштан аба муштумун түйүп ызырынды.

– Демек, сиз совет адамына материалдык зыян келтирип, денесин жараладыңыз, андыктан биз сизди кылмыш жообуна тартууга тийишпиз! – мугалим тилин аябай таптап атайын орусча сүйлөдү.

Ууру эч бир сөз түшүнбөгөндөй жалдырап тура берди.

– Хынды хок! Дойч ферштейн!1 – деди чыдап тура албай бир бала.

– Шүк! Мышай кылба! – деп буюрду мугалим агай.

Баланын жаагы жап болду.

– Менин командамды уккула! – мугалим ордунан турду. – Чукул окуяга байланыштуу картошка иши токтотулат!

– Ураа! – деп кыйкырып жиберишти балдар.

– Акырын! Ашым менен Төлөмүш! Силер мында калып, болгон окуяны бригадирге докладдагыла. Калгандар бул аялды конторго алпарышат.

– Түшүнүктүүбү?

– Түшүнүктүү!

Таштан уурунун колун чылбыр менен байлап, Туйгунга минди.

– Ой, балдар, бул суволучка жакын жолобогула, тиштеп алышы мүмкүн, – деп эскертти да, астыга түшүп жөнөдү. Балдар гулливерди туткунга алган эргежээлдердей болуп аялды тегеректешип, чурулдап коюу чаңды буруксутуп жөнөштү. Мугалим сылтып басып алардын сол жагында бара жатты.

Таштан абанын үйүнө ууру кирип, ээсин автомат менен жарадар кылып , үй ичиндеги илдибарлуу буюмдарынын баарын шыпырып кетиптир деген каңырыш айыл ичине небак тарап кетиптир. Муну Таштандын кое берген аялы кылды деп божомолдошуптур. Ууруну пил жетелегенсип көчөдөн өткөндө, кары дебей, жаш дебей бала-чаканын баары сыртка чыгышып, ар бир короодон үргөн иттердин ызы-чуусу кошулуп, колхоздун конторасына дейре эрчип барышты.

Башкарма жок экен. Талаа жумушунда жүргөндөр да атчан, арабачан, трактор менен келе баштады. Алар ууру аялды азыр эле дарга асып салчудай таңыркашты. Таштан болсо болгон окуянын чыпчыргасын коротпой улам кайталап бир нече жолу башынан айтып берди. Ал аңгемесин айткан сайын окуяны башкарма ага жакшы кызматчы катары резинка өтүк берип, аксак айгыр мингизгенин, анан ал айгыр көк беде жеп, ичи көөп өлүп кала жаздаганынан баштайт.

Балдар болсо шпион аялды кантип кармашканын, анын эч бир тилде сүйлөбөсө да, баарын түшүнүп турганы жөнүндө өз теңтуштарына айтып жатышты. Аңгыча кеч да кирди, аксакалдар өз ара кеңешип ууру аялды азырынча кызыл үйгө камап, эртең өкмөткө тапшыралы деп чечишти.

Бул иш Таштанга тиешелүү жана үйү да теке маңдайында, көчөнүн наркы өйүзүндө болгондуктан, ууруну кайтаруу өзүнө тапшырылды. Ууру аялды төбөсү жапыз бөлмөгө кийиришти. Жакшылыктуу кулпу таппай, эшикти сыртынан кыл аркан менен чие байлашты.

Таштан үйүнө келип, сарайга кирсе, күрпүнүн алдында болочок жыйырма жөжөнүн ордуна жумуртканын 20 кабыгы жатат, көрсө мышык акең баарын жайлап салыптыр. Байлоодогу музоосу ачкасына чыдабай оозунан шилекейи чубуруп, ыйламсырагандай мөөрөйт. Кожоюн курсагы ачка Туйгунду чидерлеп огородго кое берип, уюн саайын десе, ал түгөнгүр чаканы тепкилеп жолотпой койду. Кошуна аялды чакырып саадырайын десе, анан күйөөсү – чоң курсак Качкымбай кече бозого тоюп алып, үйдүн ичи бытырап жатса бирөөнүн уюн саайсың деп, айры менен качырып жүргөнүн көргөн. Аны эстегенде Таштан өзүнчө капа болду. Ал акмак аялын мага күнүлөдүбү? Же колунда бар бойдок эркектин аялдуу эркектердин баары шек санап, ушинтип аялдарын кызгана береби? Сөздүн кыскасы, көк башы ойлонуп отуруп мындай чечимге келди: сугат иши бүтүп, эл түшүм жыйноого киришкенде сакал-мурутумду жылмалап кырып, Туйгунга жакшы жабдык токуп, күмүш жүгөн катып, тескейдеги Тоңдо жашаган эзелки досум Султанбекке барайын. Ал жаткан акылман, токтоо, ал эми аялдарды сынаган жагынан ага эч ким жетпейт. Ургаачы аттууну сүйлөгөн сөзүн угуп басып баратса артынан карап туруп эле оокат-тиричилик, жашоого, адамгерчиликке кандай экенин дароо эле байкап коет. Бул жагынан ал өмүрүндө жаңылган жан эмес. Ал мага төбөлүккө жан-шерик, зайып болуп, этегинен жалгап бактымды ача турган бирөөнү таап бербей жаны жокпу. Дос деген мына ушундайда жардам бербесе доспу? Бул ойлор келгенде, Таштан көптөн бери таппай жүргөн айласын эми тапкансып, жанданып, санаасына бай болуп кадимкидей кайраттанды… Таштан үйүнө кирип, аялынын эски жоолугун таап, башына куду аялы салынгандай салынды. Көкүрөгүнө алжапкыч байлап, чарага улпак салып, уйдун астына койду. Уй аны бакырайган көзү менен акшыйып бир карап алып, чарага мойнун созду. Анан ал бышылдап чоң тили менен улпакты кайсай баштаганда, Таштан отура калып саап кирди. Улпагы түгөнгөндө уй тынчсызданып, булганыч куйругу менен шыйпанып, алдатканын эми гана байкагансып кыжырланып ичин тартты. Таштан сааганын токтотуп, музоосун салды. Музоо энесине жетип барып, тумшугун жылуу эмчекке такады. Уй болсо балпайган байбичедей энелик мээримин төгүп, баласын узун жылуу тили менен жалай баштады.

Муну көргөн Таштан жоомарттык менен айбанатка берген бакытты менден эмне үчүн алакчыладың деп, кудай таалага дагы бир нааразы болду.

Үйү эч качан анын көзүнө бүгүнкүдөй ээн учурап каңгыраган эмес. «Аял дегендин кыялы көбүнчө чатак, акылы анчалык терең болбогону менен, ал түгөнгүрсүз үй-жайың ушундай мээримсиз, дүркүрөтүп жалаң таш көмүр жаксаң да жылыбайт турбайбы. Үйүңдө аялың болбосо идиш-аягың да башкача калдырап кыжырыңды келтирет тура. Ал жанагы мугалим болсо «аялга камчы көтөрбө» деп мени тыйымыш болот, асмандан түшө калгансып. Өзү согуштан мурда бозого тоюп алып, эки күндүн биринде эле жанагы тартайган катынын камчылап калчу эле. Аял деген кандай жан экенин кандуу майданда ажалдын отун кечип жүрүп түшүнүп келгенсип, эми дегеле анысына Сокен –Сокенчик– деп чаң жугузбайт. Өзү да оңолуп, зөөкүрлүгүн коюп, арак дегенди оозуна албайт, тамеки тартпайт. Аялысыз эч жакка баспайт, согуштан мурда орусча оозуң кана десе мурдун көрсөтчү эле, эми радиодой бакылдайт. Эртең менен таң азандан туруп алып, жин урган немече үйүн айланып чуркайт, анан короосуна келип алып колу-бутун шалактатып, килейген дөңгөчтү кара терге түшкөнчө башынан бийик көтөрүп, анысы аз келгенсип түркүккө асылып алып дагы бир топко дейре салаңдайт. Кыштын караан чилдесинде белине дейре жылаңачтанып, тулку бою кызарганча кар менен сүрүнөт. «Молдонун айтканын жаса – жасаганынын жасаба» деген ырас кеп турбайбы. Аялыңды сагынганыңдан түшүңө кирип, көзүңө албарсты көрүнүп жатат деп коет, оозу мурду кыйшайбай туруп. «Боекчу – боекчу» десе сакалын бойойт дегендей, окумуштуу окумуштуу десе кудайды карабаган кепти айтат. Ууру көрдүм десем, деги бир ишенсечи, такымыңды жегир. Мен эмне, жаш белем, калп айт¬кандай! Таштандын эсине жанагы ууру аял келе калды. Короого киргенден бери көр оокат менен алышып жатып, аны таптакыр унутуп калыптыр. Баса, ал кудай урган терезеден чыгып кетсе, эмне болот? Байланган чылбырды бирөө чечип жиберсечи? Ууруну кайтаруу мага тапшырылбады беле?

Көк башы эски кош кооз мылтыгын асынып, конторду көздөй бет алды. Байлаган аркан аман-эсен. Ал терезеге келип, ширеңке чагып айнектин сыныгынан бөлмөнүн ичине сунду. Ууру аял эски дивандын үстүндө уктап жаткан экен. Ширеңкенин жарыгына анын алтын сөйкөсү жарк этти.

– Эй! – Таштан терезени тарсылдатты.

Аял жооп каткан жок. «Арбак ургур өлүп калып жүрбөсүн? Уурдап алган нанын жегенге үлгүргөн жок. Суу болгон көмөчтү балдар бүтүн бойдон таап, ошол эле замат жалмап коюшпадыбы. Ал эми башы жулунган тоокту, бул шордуу качып жүргөндө түшүрүп салгандыр. Жаз – жылдын оор мезгили, азыр үзүмчүлүк эмеспи. Бул байкушту уурулукка ачкалык түрткөндүр. Ичине кан түшүп кетип, жан берсе, доосуна калып жүрбөйүн», – Таштан үйүнө барып бир аяк чийки сүт, бир сындырым нан алып келди.

– Эй! – деп, ал терезени катуураак тарсылдатты, ширеңке күйгүздү.

Аял башын көтөрдү. Караңгыда анын алтын сүйкөсү жарк-журк этип, кап кара көздөрү жалдырады.

Таштан тамакты терезеге коюп, өзү нары басып кетти.

Ууру аял ракмат айткансып кандайдыр түшүнүксүз тилде кобурап, караңгыда сүттөн ууртап, нанды жеди да бош идишти терезеге коюп, тамтырс болду.

Таштан мылтыктын оозун төмөн каратып ийнине асып алып, таң атканча, болгон окуяны бүт эске түшүрүп, өз турмушу жөнүндө жана жалпы эле аялдар жөнүндө түрдүү ойлорду ойлоп, конторду айланып басып жүрдү…

…Айымкан. Канча кылган менен, ал өтө жакшы адам эле. Ырас, тилдүү эле, бирок, тили буудай куурубаган аял барбы. Акыркы жылдарда аны менен жашоо абдан кыйын болуп калган. Кичине эле бирдеме болсо, шолоктоп ыйлайт: «Мен шордуумун, мен оорулуумун, же боорума баскан балам жок», – деп догурунат. Шаарга да барышты. Доктур текшерип көрүп, экөөңдүн тең дендериңер таза, балалуу болушуңар мүмкүн деген. Андан кийин үч жыл өттү. Согуш да бүттү. Бирок бала көрүшпөдү. Айымкан экөө акыркы жолу сүйлөшкөнү эсине түштү. Келчи, абышкам, экөөбүз жай отуруп бир сүйлөшөлү, – деп баштады Айымкан.

Таштан жанына келип отуруп, өтүгүн жамай баштады. Айымкан өзүн кармай албаган, тил-жаактуу, бир аз долулугу да бар жан эле, бирок, бул жолу ал негидир өтө токтоо, акылман адамдай сүйлөп кирди, буга көптөн бери ойлонуп, даярданып жүргөн түрү бар.

– Сен экөөбүз тырмактайыбыздан кошулуп, жашап келдик. Несин айтайын, сен мени далай жолу таарынттың, колуң тийген күндөр да болду. Ал өтүү-кетти. Мен да оңой бейбак эмесмин. Анын үстүнө экөөбүз көп жылдан бери ортоктошуп келе жаткан шор түйшүгүбүз бар эмеспи, андыктан мен сенин далайыңа чыдап, кичирип жүрдүм, – Айымкан сөзүн уланта албай жашып, мурдун шуу тартып, этеги менен көз жашын сүрттү.

– Ой, бул сен эзелде мындай сүйлөчү эмес элең, оозуңа шайтан түкүрүп кеттиби? – деп таң калды Таштан.

Аялы анын кер какшыгына маани бербегенсип, сөзүн уланта берди…

– Эртең менен сен ойноп жаткан балдарды карап туруп, көзүңө жаш алдың. Эски заманда болсо, сага токол алууга мен өзүм руксат берет элем, бирок азыр заман башка. Мен төркүнүмө кетип, сага эркиндик берейин. Сен чүнчүбө, шашпа, жеке гана бала төрөбөй, өзүңдү да баалай сыйлай билчү жубай тап. Сен мага көк тукаба чапан, көлөч, маасы, ата-энеме чай-чемек сатып бер. Соксоюп куру кол кирип барсам, көрө албаган душмандарыбыз катынын кууп жибериптир деп сөз кылбасын.

Эки-үч күндөн кийин жубайлар көк эчкисин союшуп, айыл аксакалдарын чакырып, аларга өздөрүнүн ажырашарын угузушту. Аксакалдар эки тараптын тең сөзүн угуп отурушуп, жубайлардын ойлору туура, анткени баласыздык – бактысыздык дешти.

Таштан уюн сатып, Айымканды баштан аяк бир сыйра жаңы кийгизип, анын төркүн-төшүнө белек-бекчек камдап, үй буюмдарын экиге тең бөлүп, Жети– Өгүзгө узатты.

Үйүндө жалгыз калган Таштан абдан кайгыланды. Аймыканды бирөө жаман десе анын оозу-мурдун талкаламак. Бирок, кудайым ага энеликти жазбаптыр да! Ал эми баласыз үй-бүлөнүн турмушу курусун. Айрыкча эрте жазда жан-жаныбарлар төлдөп, өсүмдүктөр гүл ачып, бүт жандуу дүйнө жыргалга бөлөнүп, жашоого, кумарданып-кулпунуп турган учур кандай сонун! Бул кезде эртеңки абанын өзү да сүйүү жана өмүр жыттангансыйт, жер бетине жамырап көк чыгып, дарактар бүр байлайт. Чымын, чиркей, көпөлөктөр чээндеринен чыгып, куштар сүйүү эңсеп сайрашат, жайыттарда чалкайган бээлер жайылып, кулун-тайлар оюн салышып, айылдардын көчөлөрүндө жаш балдар чурулдашып ойношуп, чүкө атышып, жуусан тебишип жүрүшсө, чалдар небере-чөбөрөлөрүнүн кызыгына суктанып, күнгө кактанып отурушканы кандай ыракат! Ал эми Таштан болсо, эртеден кечке чоң өзөндүн боюнда жаны тынбай арыктар менен талаага суу жиберип, жерди, мал-жанды бүт сугарып жүрсө, үйүндө аны күткөн тирүү жан жок. Мына, азыр да контордун алдында сербейип жалгыз отурат. Адам деген бактысына өзү эч качан баа бере албайт тура. Баласыздык – чоң түйшүк дечи, бирок, үй-бүлөсүз жашоо андан жакшыбы? Үйүңдү күлсөң кошо күлүп, ыйласаң кошо ыйлап турган аял болсо, бу да өзүнчө жыргал турбайбы.

Дүрмөтү небак дат баскан кош ооз мылтыгына таянып, Таштан көпкө чейин ойлонуп отурду. Көзү илинип кеткен экен, арабанын кычыраганына ойгонду. Күн көтөрүлүп калган экен.

– Саламатсызбы, аке! – деди кызматына келген колхоздун башкармасы Майрамкан Оморова.

– Аманчылык, аксакал келиним, – деди ордунан тура берип Таштан. – Кечээ биз бирдеме, тоюс, ууру катын кармадык. (Тоюс деген сөздү Таштан төрагалар менен сүйлөшкөндө кошуп коючу).

– Айтышты… – Майрамкан күлүмсүрөп койду.

– Аны эмне кылабыз?

– Билбейм, аке, – деди башкарма келин.

– Өзүңүз суракка алып көрбөйсүзбү? Балким ал тиги… чет мамлекеттин ышмыйаны болуп жүрбөсүн! Жанагы Черчиль деген семиз немиси иттей куу шүмшүк дейт… Балким ошонун кишисидир… Сурак кылбасак болбойт.

– Бизде андай укук жок, аке, – башкарма аргасыздан күлүп жиберди.

– Э, кокуй, мен муну таң атканча кайтарбадымбы? Эми эмне кылам?

– Милицияга алпарыңыз, – деди башкарма келин.

– Э, айланайын, мылыйсаңды кайдан табам?

– Районго алпарып тапшыргыла.

– Анан аларың бул шордууну камап салабы?

– Текшеришет. Бригадирден араба алып жеткизгиле, – деп буюрду башкарма.

«Кызыл үйдүн» жанына бир топ адам жыйналып калды. Таштан ууру аялдын эки колун байлап, арабага отургузуп, районду карай жол тартты.

Айылдагы балдар жана бир нече кемпир аларды кара жолго чейин узатып барышты. Балдар ышкырышып, колдорундагы жеп жүр¬гөндөрүн ыргытышып, арабанын артынан асылышты, ууру аялдын ызасын келтириш үчүн жаман сөздөр менен сөгүштү. Арабакеч кулагыңарды кесем деп, камчысын кезеди, бирок, балдар тыйылган жок, анткени – алар Таштан аба калп эле сес көрсөтүп жатканын сезишти. Анын балдарды өтө жакшы көрөрүн бардыгы билишчү. Чоң жолго жеткенде, Таштан арабадан түштү да, чөнтөгүнөн бир ууч чүкө алып, балдарга таратып, «Эми үйүңөргө кайткыла», – деди. Балдар кыңырылып айылды көздөй бурулушту. Араба төшөлгөн жол менен райцентрди көздөй калдырады.

Андан ары эмне болгонун Таштандын өзүнөн башка эч ким билбейт.

Райондон ал өтө кеч кайтты. Түнү бою үйүнүн терезесинде шам күйүп, морунан көк түтүн бурулдап жатты. Эртеси Таштан керели кечке күйпөлөңдөп, короосунан оокаттарын тартипке келтирип жүрдү. Жанынан өткөн-кеткендер ууру эмне болду деп сурашса «жакында билесиңер» деп табышмактуу жооп берет. Кечинде улак союп, үйүнө аксакалдарды чакырды. Казанда эт эзилип бышканча коноктор карта ойношту, өткөн согуш жөнүндө, быйылкы эгин жөнүндө, согуш алдындагы токчулук жана азыркы ачарчылык жөнүндө кеп салып кобурашып отурушту. Алар жөн гана этке чакырылгандай эч нерседен шеги жок. Эт желип, ийнине аппак майлык салган бала колго суу куюп бүткөн кезде, үй ээси Таштан ордунан турду;

– Агайын туугандар, кеңешип кескен бармак оорубайт деген эмеспи. Андыктан кеңешимди ортого салайын. Тагдыр мага бир аялды туш кылды. Анын үйү-жайы, бала-бакырасы жок жубай экен. Соолгон согуштун кесепетинен сындырым нан үчүн кыйла жерди кыдырып жүрүп биздин айылга туш болуптур. Бирок, анын каны да башка, дини да башка, тили буруу экен, кыязы лөлү сыгаан окшойт. Тагдырдын жибергени ошо болсо, айла барбы. Иши кылып үйүмө кут болуп, тырмактай бир перзент төрөп берсе менин бактым ошол. Буга макул десеңер ак батаңарды аябай бизди никелештирип койгула. Бул бир. Экинчи сөз: азыр согуштун каары али кете элек. Жесирлер баштарынан кара жоолуктарын түшүрө элек, көз жаштарыбыз кургай элек. Оозубуз толо токоч чайнай да элекбиз. Мен азыр жалгыз улагымды сойдум, колумда андан башка союшум жок экен. Жакшылыкка арнап эптеп-септеп бир той берип, эл-журттун да ак батасын алып калалы. Колуңардан келген кошумчаңарды аянбагыла. Учуру келгенде – мен дагы карап турбасмын, аманчылыкта эртеби-кечпи ар бир үйдө үйлөнүү тою да болот, бешик тою да болот эмеспи, – деп бүтүрдү Таштан.

– Балам, – айылдын аксакалы Токой карыя сүйлөдү. – Биринчи байлык ден соолук, экинчи байлык – ак жоолук, үчүнчү байлык – он сомдук деген. Көңүлдөшүп баш кошуу деген – бул айтып бүткүс жөө жомок. Эгер жубайды кудайым сага эп көрүп, сенин жүрөгүң жылып турса, өзүңдүн ойлогонуңду ишке ашыр. Анын үстүндө үйү жок, коколой баш деп өзүң айтып отурасың, демек, сенин кадамыңда арам ойлук жок. Таянар тоосу жок, ар кайсы жерде жалгыз жүргөн пендени үйүнө киргизип, асыраганың – бул накта соопкерчилик. Кудайым мунуң үчүн сага бир жакшылык жиберип, сени да самаган бактыңа жеткирер. Мейли, башка улут, дини башка болсун, анын боорун тартып имерил, эл-журтуңа сүйүктүү келин, жайдары жеңе кылып берүү сенин колуңда. Жараткандын алдында бардык адамдар бирдей. Темир токмок күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет деген. Сага жарашыктуу жубай болуп, балалуу-чакалуу кылып өнүп-өстүрсө бизге бир чөгүн чайынан башка сыйдын кереги жок. Сен адилет көк башысың. Сенин ишиңе туугандарың да, начальниктериң да ыраазы, сага эч ким жардамын аябайт. Куш бооң бек болсун, балам! Сага ырыскы шерик ак жоолук болсун! Көшөгөңөр көгөрсүн! О-мийин! – деп Токой карыя бата бергенде, отургандардын баары жаалап сүрөп кетишти.

Таштан ички үйдөн баягы ууру деген аялды жетелеп чыкты. Эки жеңеси анын тармал чачтуу башына ак жоолук салышты. Анан ак чыныга тунук суу куюп, ансыз деле кыргызча түшүнүксүз куранды тамтаң-тумтаң окуган айылдын молдосу нике кыйды. Шаани-шөкөттү көп улантпай эки тарапты тең никени кабыл туттуңбу, бири-бириңе жубай болууга макулсуңарбы деп сурады да, ан чыныдагы сууну экөөнүн башынан тегеретти. Нике кыйган молдо келиндин Маргарита деген атына тили келбей, улам эле Марипат деп атай берди. Ал эми Марипаты болсо молдону бакырайган кара көздөрү менен алактап карап күрүчтөй тизилген аппак тиштерин кашкайтты.

Той бат эле даяр болду. Туугандары эки кой, бир мүшөк таруу чогултуп беришти. Колхоз башкармасы бир мүшөк ун берди. Бозо салышып, нан жаап, эки мүшөк боорсок бышырышты. Кимдир бирөө бир чанач кымыз алып келген экен, аны өтө кадырлуу конокторго деп жүктүн алдына катып коюшту. Колхоздун жылкысы да согушка кетип калып, кымыз деген нерсе аздыгынан дарылыкка гана ичилип калган болчу.

Тойдо тамак-аш көп болбосо да эл көңүлдүү отурду. Келин сатинден жаңы көйнөк, жаңы көлөч маасы кийип, башына бөртмө жоолук салынып көшөгөнүн ичинде отурду. Келин көргөнү келгендерге ордунан туруп, кадимкидей жүгүнүп жатты. Кемпирлер ага батына албай аны башынан сылап, чекесинен өбүштү.

– Оо, ананайын! Өзүбүздүн эле кыргыздарыбыздай турбайбы. Көзү кара, чачы кара таранганы да кадимкидей эле биздей экен! Жараткан этегиңден жалгап, үйүң толгон бала берсин! – деп ал жаны калбай чын дили менен алкап жатышты.

Биринчи күндөрү Таштандын курбу-курдаштары: «Ой, кудай урган, сыганча эмес орусча бир сөз билбейсиң, мен сени алам дегенди кантип түшүндүрдүң, ыя? Жолдо баратканда бир балакет болдубу араңарда? Ал эми түн ичинде экөөңөр кайсы тилде сүйлөшөсүңөр? Аның кайрадан Ысык– Көлдү айлана жөө кыдырып, алакан карап, карта ачып, тоок жана ат уурдап жүрбөсүн?» – деп тамашалаша турган. Бирок алардын тамашасына көк башы таарынчу эмес, ал тургай досторунун туздуу суроолоруна, мурчтуу жооп берип жүрүп акыры жаактарын жап кылды. Сөздүн чынын айтканда бул аялды эмне себептен тандап алганын Таштан өзү да билбейт. Чын эле көңүлү түштүбү же өмүрүндө көрбөгөн, жакындабаган, өңү-түсү тап-такыр башкача болгондуктан ага кызыктыбы? Ким билсин?

Маргарита жаңы турмушту тез эле өздөштүрүп, көмөч нан бышырганды, уй сааганды үйрөндү, тил билбесе да, ар түрдү кыймыл-аракет, жандоолор менен кемпирлер жана балдар менен сүйлөшүүнүн ыгын таап алды.

Жаз өтүп, күз аяктап, кыш да кирип келди. Көк башы шлюзду бууп салчу муздарды талкалаш үчүн күн алыс чоң өзөнгө барат. Жолдон коңшу совхоздун дүкөнүнө кирип, аялына таттуу-паттуулардан ала келет. Кыштын узун түндөрүндө очоктун жанында отурганды жакшы көрөт, ал эми Маргарита болсо жумшак коңур үн менен тили түшү¬нүксүз, муңдуу ыр ырдап отурат…

Бир жолу Таштан бүбү атанып жүргөн жакын жеңесине келип, Маргаританын боюнда бар экенин айтты.

– Аның эмнеге талгак? – деди бүбү.

– О, билбейм! Эки күндүн биринде эле боор кууруп бер дейт.

– А-а, анда, кудай буюрса, эркек төрөйт, – деп салды бүбү жеңеси.

– Оозуңа май, айланайын жеңеке! – Таштан жашылдана түшкөн көздөрүн калпагы менен сүрттү.

Таштан ошол күндөн тартып, буюрса эркек балалуу болот экемин деп, кубанычы койнуна батпай лекилдеп калды. Жаратканым мени бала деп зар какшап жүргөнүмдү угуп, мага төрөп берчү катын жиберген турбайбы. Кайсы ажары ачылган күнү наристемди алаканыма салып жыттаар экем?! Жүрөгүм жарылып кетпесе болду! Таштан ал күндү чыдамсыздык менен күтүп, түнкүсүн көпкө чейин уктап жаткан Маргаританы тиктеп отурат, ойготуп албас үчүн өтө чебердик менен аялынын курсагын сылап, кулагын коюп тыңшайт:

– И? – дейт аялы, уйкулуу үнү менен.

– Эгиз болуп жүрбөсүн? – Таштан күнөөлүүдөй жылмаят.

– Хе! – деп аялы мыңк этет да, башка капталына оодарылат.

– Сен укта… уктай гой… Мен жөн эле, – аялынын чачын сылап, алыстан жылдыздар жылмаңдашкан көк-жашыл терезе көз чаптырат, дүйнө – жашоого кумарданып, караңгыда өзүнчө жатып күлүмсүрөйт. Дүйнө сонун жаралган! Жер үстүндө менин атам жашап, менин төрөлүшүмдү күткөндүр, андан соң менин чоңоюп адам болушумду күткөндүр, эми минтип уулум төрөлөт. Качан, кандай адам болор экен деп мен күтүп жүрөм, андан соң менин уулум өзүнүн уулунун төрөлөрүн күтөт. Ошентип менин тукумун өнүгө берет! Менин бир тамчы тирүү каным кылымдан кылымга өтүп жашай берет…

Анын ачуу-таттууга ширелген мурдагы өмүрүнүн бардыгы дал ушул кубанычтуу күндөргө жетүүгө болгон даярдык сыяктуу… Ал эми эртең менен ишке кетерде, аялына оор нерсе көтөрбө, оор жумуш иштебе деп буюрат. Бирок, аялы анын айткандарына бир аз жылмайып коет да, өз билгенин иштей берет: үйүн жыйнайт, суу ташыйт, жаргылчак тартат, ун элеп, камыр жуурат, нан бышырат, ысык көмөчнанды өтө жакшы көрөт. Анан ал ачуу тамекини гезитке ороп алып тартат. Таштан кээде, кокус ушинтип Айымкандын боюна бүтүп калса, ал байкушум кантээр эле деп ойлойт. Ал анда, Таштандын ар бир айтканын угуп, көзүнүн кареги менен кошо айланмак. Маргарита болсо такыр башкача аял, башка улут, жүрүш-туруш да башкача. Таштан ага болсо каршы чыга албайт, Маргаритадан күткөнү бала. Наристени аман-эсен төрөп берсе болду. Башкасына чыдай берет.

Кырсык Таштандын үйүнө каадасынча күтүлбөгөн күнү кирип келди. Ал күнү көк башы үрүң-бараңдан туруп, картаң айгырын токунуп (Туйгун дартынан айыгып, жайлоого кеткен) канжыгасына максым куйган кол чаначын байланып, узун конч резинка өтүгүн кийип, кетменин алып, шлюзду ачып, негизги арыктарга суу жиберейин деп, чоң өзөндү көздөй жөнөдү. Жаз жамгырсыз каткалаң болуп, жаңыдан кылтыйган көктүн каны катып чаңкап турган кез эле. Ал түшкү тамакка үйгө келем деген, бирок, суу аз экен, анын үстүнө эки-үч балыкчы купшуңдап өзөндү бойлоп жүрүптүр. Алар бир-эки балык алабыз деп каналды бууп, ансыз да суу жетпей кагырап жаткан аштыкты курутчудай түрлөрү бар.

Буудай сугарылып бүтөрү менен бир кулак сууну картөшкөгө буруш керек. Көк башы ошо менен алек болуп керели кечке талаада жүрө берди. Күүгүм талаш күнү картөшкөгө бурду да бел ашып айылды көздөй жол тартты. Белге чыкканда ал артынан оозун эрксизден тартып айланага суктанды. Алдында мелмилдеген өрөөн. Ар бир талаа түптүз болуп арыктар менен бөлүнгөн. Ар биринде ар башка түстөгү көрүнүш. Суу жемиштүү жерди жай баракат каптай, батып бара жаткан күндүн нуруна сымаптай мөлтүрөйт. Ошонун бардыгынан зор жана бийик болуп залкар атчан адам турат. Ал – көк башы Таштан. Анын калдайган көлөкөсү жерге батпайт.

Ал совхоздун дүкөнүнө күүгүмдө келип, жашыл көздүү шакек сатып алды. Маргаритасы жалтырак-жултуракты жакшы көрөт эмеспи. Ал караңгы түшкөнчө үйгө жетейин деп атын теминди.

Таштан короосуна кирип келсе ую сууну казандан ичип жатыптыр, мойнуна көтөрмө байлаган музоосу курсагы чардайып шыйпанып турат. Бул эмне шумдук деп Таштан жүгүрүп үйүнө кирди. Аялы жок. Жүгүрүп кошунасыныкына барды. Маргаританы эч ким көрбөптүр. Үйүнө кайтып келди. Тегерек столдо кат жатат. Таштан аны мурда байкабай калыптыр. Анда: «Жакшылыгына ракмат!» – деген эки сөздү эптеп тайраңдатып баланын колу менен жаздырыптыр. Таштан жүгүрүп Камчыбайдыкына барды. Анын кыздары үйүндө жок экен, ойноп кеткен окшойт. Аларды тапканча күн кирди. «Рита жеңе түштө мени чакырып алып, кант берди да анан ушул сөздөрдү жаздырып алды. Андан башка эч нерсе билбейм» – деди кыз. Эмне болуп кетти? Мүмкүн, ал өзүнүн балакеттүү ишинен жана сарсанаасынан оңолуп алып, өзүнүн мурдагы эркин турмушун сагындыбы? Эртеңки күнү жөнүндө эч нерсе ойлобой, бүгүнкү күндүн аракети менен гана жашаган, аркасына майда-чүйдө буюмдарын көтөрүп, жылаң аяк жер кезип, кечкисин талаада оттун тегерегине бийлеп көнгөн неме өзүнүн мурдагы жөн салды жашоосуна кайра кеткиси келдиби? Бала төрөсө ал анын буту-колун байлап, бир жерде жашоого мажбур кылмак, ошондон кутулууга аракет кылдыбы? Андай болсо, ал эмне үчүн мага тийди? Түрмөдөн коркуп ошенттиби? Сөздүн кыскасы, анын кеткенинин себебиин Таштандын өзү да, башкалар да эч түшүнө алышпады, башында анын бул үйгө келгенинин себебин да эч ким түшүнгөн эмес. Бул жакка ал кандайча келди? Эки дөңгөлөктүү арабадагы эски алачыгынан, чачтары таралбаган, бети-башы кокочо балдарынан, базарларды кыдырып, карта ачып, төлгө тартып, ар кимдин тагдырын алаканынан билем деп какылдап, ишенчээк адамдардын акчасын алдап алган кемпирлери менен курбуларынан ал кандайча ажырап калды экен? Сыгаандардын турмушун өзүлөрүнөн башка ким түшүнсүн.

Таштан катуу кайгырды. Кээ бирөө анын кайгынысына кейишти, кайсы бирөөлөр (негизинен аялдар) согуштан кийин эл ичинде жакшынакай жесирлер, күйөөгө тийбей калган татынакай кыздар толуп жүрсө, жоктон тапкансып кайдагы бир тентимишти үйүнө кийирип алган немеге сооп болот деп табалашты. Таштан жакын кыштактардын баарын тинтип чыкты, ар жекшемби күнү шаарга барып, базарды кыдырып, анын болочок бактысын курсагына катып уурдап кеткен катынды издеди. Милицияга барса, аны табуу мүмкүн эмес дешти. Биринчиден, анын фамилиясын эч ким билбейт, эч кандай документи, түшкөн сүрөтү жок, экинчиден, инструкция боюнча аны издетип, табылса да кайра алып келүүгө болбойт: анткени ал өз ыктыяры менен кетип калды, курсагындагы баласын кайда барып төрөйм десе өзү билет деп түшүндүрүштү. Мүмкүн, ал урук-туугандарына кеткендир төрөгөндөн кийин кайра келер? – деп үмүттөндү Таштан. Күз да келди, бирок, аялы кайрылып келген жок.

Көк башы чачын алдырбай, өзүнө тамак бышырбай, чүнчүп адам кебетесинен кетти. Тегерегиндеги ага-туугандары, эже-карындаштары, жолдош-жоролору, коңшулары жашаса да ал өзүн ээн талаада жалгыз калган мусаапырдай сезди. Эртең эрте чоң өзөнгө жөнөйт, кечке дейре арыктарга суу бөлүштүрөт, үйүнө эл орунга отурганда кайтат. Кызматына кеткенде кокус тиги келип калса, колунда ачкычы жок үйгө кире албай калат деп, эшигин бекитпейт. Кечинде келгенде үйүндө Качкымбайдын балдары алып келип койгон бир табак ысык тамак болот. Түнкүсүн муздак төшөктө жалгыз жатып, Айымканды көбүрөөк эстечү болду. Эмне үчүн ажырашууга макул болуп, аны төркүнүнө кетирди? Ошол үчүн кудай таала жазалап жатабы? Айымканга жуучулар келсе макулдугун бербей коюптур, карыган ата-энеси менен турат экен дешет.

Бир күнү өзөндөн кайтып келсе үйүндө жеңелери отурушуптур. Алар үйүндөгү акыр-чикирди тазалап, төшөнчө-жууркандарын, шырдак-көлдөлөңдөрүн күнгө жайып, күбүп, идиш-аяктарын жууп, кийим-кечелерин жамап-жазгап, майын сызгырып, жакшы тамак бышырып коюшуптур.

– Ии, көк башы-уул, кана мындай отурчу биз менен! – Ырыс деген чаар жеңеси кеп баштады.

– Үйүндө кубаныч болгондо тууган-туушкандарыңды кеңешке чакырчу элең. Башыңа күн түшкөндө, сен бизди унутуп койдуңбу? Биз сени жакшы эле күттүк. Бирок сен жолободуң, биз минтип өзүбүз келдик… Катын үчүн кайгы жеп, убайым тарткандан уялбайсыңбы? Сенин ата-бабаларың, кай бир кезде катыны эмес, бүт элинен айрылса да кабагым-кашым дебеген, кайратынан тайбаган оён болчу. Сен деген эркексиң. Эркекке колу-бутунун манжалары канча болсо, ошончолук катын табылат. Капкайдагы бир тентип келген неме үчүн өзөлөнүп кайгырып, ага-туугандан кол үзөсүңбү?

– Ой, мен ага эмес… балама күйүп жатам, – деди Таштан.

– Чырпыгы сынса сынсын, чынары аман болсун дейт. Сенин көрөр күнүң, ичер сууң түгөнө элек. Сен бизге тапшырчы, биз сага татый турган катынды азыр эле үйүңө кийирип беребиз, – деди Ырыс жеңеси.

Таштан көпкө чейин унчукпай отурду, анан башын көтөрдү.

– Согуш бир тууган инимди кырчындай кезинде алып кетти. Анын артында туяк калган жок. Калыбы, мен дагы өз өмүрүмдү перзентсиз өткөрөт окшоймун. Ошентип тукумубуз үзүлөт экен да! Бирок, менин өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк боло турган, оорумду колдон, жеңилимди жерден алып, көрөр күнүм, ичер суум бүткөндө, киндик канын тамган жерге коюп, топурак сала турган жакын туугандарымдын бар экендигине кудайга ыраазымын. Силерге ыракмат. Элге ыракмат. Мен эң акыркы демим бүткөнчө силерди, мекендеп турган жерибизди чоң өзөндүн суусу менен сугарамын. Силер бала-чакаңар менен жаркырап жайнап мага алкышыңарды айтасыңар, ал эми сугарылган жерибиз болсо дүркүрөп жаңы түшүм берет. Муну көргөн менин көңүлүм жайланат. Силер мага жакшылык кылгыңар келсе, мага Айымканымды кайра алып келип бергиле. Мен аны менен жыйырма жыл өмүр сүргөмүн, калыбы, калган өмүрүмдү ошону менен өткөзөт окшоймун.

Аялдар каршы болгон жок, анткени көкбашы ыймандай сырын айтканына көздөрү жетти. Эртеси эле Таштан Качкынбай досу, Ырыс жеңеси менен Айымкандын төркүнүнө барышты. Ал жерде ажырашкан аялына кайрадан күйөөлөп барган көк башы өлөр-өлгөнчө сенден ажырабайм деп Айымканга ант берди.

Экөө үйлөрүнө кайтып келишип, мурдагысындай өмүр сүрө баштады. Таштандын балалуу болом деп, ыңгайсыз иштеген аракети жөнүндө эч сөз кылышпайт, ал жөн гана түшүндө көргөн окуя сыяктуу…

Көк башы ар күнү эртең менен суу бөлүштүрүш үчүн чоң өзөнгө барат, кечинде чарчаса да көңүлү куунак келет. Суу жөнүндө бригадир менен чатакташканын же балык уурусун камчы менен чапканы жөнүндө Айымканына кеп салып берет. Жаан-чачындуу күндөрдө аялына очокко отту бачырата жактырып, буту-колуна скипидар сыйпатып, белин ушалатат.

– Сен эми картайбадыңбы, чалым! Башка жумуш сурасаң боло. Кызыл жүгүрүгүң барган сайын күчөдү го. Аны карабай, эртеден керээли-кечке тизеңе чейин муздак суу кечип жүрөсүң, – деп кобурайт Айымкан.

– Э-э, койчу! – Көк башы колун шилтейт. – Мен кечпесем ал сууну башка бирөө кечет. Кызыл жүгүрүк мураптарга байлап койгон оору. Ал эми суу болсо үнөмдүү кожоюнду жакшы көрөт!.

Ооруга, карылыкка моюн бергиси келбеген Таштан борс-борс күлүп, аягында бир-эки ирет жөтөлүп, манжаларын арбайтып күрүлдөп күйүп жаткан отко кактанат…

Жылдар өттү. Көк башы абдан картайып, үйүндө отуруп калды. Дале иштейм десе муундары чыдатпай ооруп сууга жакындатпай койду. Курортко да барып көрдү, бирок, эч шыпаа болбоду. Канча айткан менен сексенди сермеген жаш оңойбу. Айрыкча күндүн кабагы түнөрүп, күзгү жаандар башталганда кыйын болот. Андай күндөрдү Таштан карыя төшөктөн турбай калат. Кемпири Айымкан болсо жүн байпак согуп анын жанында отурат.

– Айым! – деп калды бир күнү Таштан.

– Эмне дейсиң, абышкам?

– Бүгүн нечеси?

– Январдын бири, – деди кемпир.

– Теңге салып койдуңбу?

– Салдым, – деди Айымкан.

– Кана, алып келчи! – деди Таштан карыя.

Кемпири тери тулупту алып келди.

– Саначы!

– Отуз экен, – деди кемпири, күмүш теңгелерди санап.

– Быйыл отузга чыгат турбайбы… Уулум келгенде, бул теңгелерди унутпай өзүнө бере көр. Түндө жакшы түш көрдүм. Ал сөзсүз ата журтун таап келет, – Таштан карыя сербейген сакал мурутун сылай, жашылданган көздөрүн кагыраган кургак алаканы менен сүрттү…

1970-жыл, декабрь

 

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Байжиев М., 2005

 


Количество просмотров: 1713