Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Байжиев М., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 27-сентябры

Мар Ташимович БАЙДЖИЕВ

Менин токочум

Кыргыз прозаиги жана драматургу Мар Байжиевдин аңгемелери жана повесттери замандаштарыбыздын рухий дүйнөсүн чагылдырат. Чыгармаларында калемгер нравалык баалуулуктарды, чындыкты жана гуманизмди көркөм сөзү менен бекемдейт.

Байжиев Мар. Аңгемелер жана повесттер. – Б.: 2005 китебинен алынды

 

– 1941-инчи жылдын июль айында коңшу короого Адольф Гитлерди дарга асып өлтүрүштү…

Энеси бакырып жер чапчып боздогону асманга жетти. «Гитлер» көп-көк болуп, жүрөк түшүргөндөй зуңкуюп короодогу узун скамейкада жатат. Ал менден эки жаш улуу, болпойгон ак көңүл бала болчу. Биз ага кинодон көргөн батько– Махно, япондук самурай, шпион жана башка терс каармандарды берсек кыңк дебей аткара берчү. Бу жолу да эки короонун балдары кандуу замандын жер жүзүндөгү адамдарындай эки жаат болуп, согушуп, немистин аскерин талкалап, «фюрерин» колго түшүрүп, дарга асылсын деген өкүм боюнча «Гитлердин» мойнуна сыйыртмак салып, учун терекке байласа, колу кармап турган бутак чорт сынып кетиптир. «Гитлердин» көздөрү чанагынан чыгып, тили бултайганда, «кызылдар» ураалап күлүп, буттары тыбырап, денеси кыймылдабай калганда:

– Гитлерди дарга ассак, ал өлүп калды, – деп коркуп, качышыптыр.

Бул кайгылуу окуядан кийин эч кимибиз согуш ойнобой, корообуз тым-тырс болуп калды. Балалык турмушубузга кадимки кандуу согуш кирип келди. Корообуздун жанынан майданга бараткандар өтөт. Алар ар түрдүү кийинишкен, ар кайсы жашта, ар кандай улуттагы адамдар. Биз аларга суктанабыз. Алар анык согушка, анык душмандарды кырганы, өлкөнү коргогону баратышат. Бизге бул иш пединституттун короосунда өтүп жаткан аскер даярдыгындай көрүнөт. Колуңда мылтык, эки кадам алдыга, душманды штык менен так жүрөккө сайып, эки кадам артка, мылтыктын кундагы жерде. Анын үстүнө жакында эле көрсөтүлгөн «Эртең согуш болсо» деген кинодо ар бир чөмөлө чөптүн ичинен кызыл жылдызы бар танка, ар бир токойдун ичинде душмандын самолетун ыргыта аткан замбирек. «Үч танкист» деген кинокомедияда биздин танкисттер ойноп-күлүп бир сулуу кызды талашып боорубузду эзчү…

…Күндөрдүн биринде менин атам да согушка кетти.

Апам экөөбүз атамды Пишпек станциясына чейин узаттык. Боз шинелчен адамдарга жык толгон товардык поезд дүкүлдөп туманга кирип жок болду. Үйүбүз тунжурап, тымтырс болуп, биз жетимсиреп калдык.

Мен ушуга чейин эч нерседен капарым жок, кандайдыр бир кооз жомоктун ичинде тайраңдап, эркелеп жалаң оюн, оюнчуктардын дүйнөсүндө жашап жүргөнүмдү эми гана сезе баштадым. Жомок да, балалык да заматта бүттү. Мен нандын очерединде түрткүлөшүп, бири-бирин сөгүшкөндөрдү көрдүм, майдан жактан кара кагаз келгенде ботодой боздогонду уктум.

Кыш да кирип келди. Аяздуу шамал күндүр-түндүр мээримсиз ышкырып, апам экөөбүздү абдан жүдөттү. Мен канттын очерединде бир нече саат туруп, кулагымды үшүтүп алдым. Кечинде апам үшүк алган кулагыма каздын майын сүйкөп, даки менен таңып койду. Мен кинодон көргөн жарадар танкистке окшоп калганыма ичимден кудуңдап сүйүндүм. Апам экөөбүз кеңешип, мага кулакчындуу тумак сатып алууну чечтик. Апап карточка менен алган үч күндүк бөлкө нанды чогултуп онго бөлүп, ар бирин он сомдон сат деп мени базарга жиберди. Базардын митайымдары нандарды тартып албасын деп колбаса сатканы бара жаткан Сокен жеңенин жанына тур деп буюрду.

Нан өзүнчө бир жерде сатылат. Бипбирдей кесилген нандарын тарелкаларга салып коюп, кичинекей орундуктарда аялдар отурушат. Нан көп. Сатып алуучулар аз. Ал жерге башка бирөөлөр жакындаса эле, сатуучулар өздөрүнүн нандарын сунат.Бул жерде миллиметрлүү сызгыч да бар –нандардын кайсы кесиги чоңураак, кайсынысы кичирээк десең, өлчөп көр. Мен Сокен эженин жанында соксоюп тура берип бир да кесим нан сатканым жок. Минтип тура берсем, эч бир соода болучу түрү жок, андыктан өзүмдүн табагымды көтөрүп эл көп жүргөн жерлерди аралап жөнөдүм….

Базардын дубалында клеенка тартылган сүрөттөр илинип турат: көгүлтүр көл үстүндө жаңы ачылып келаткан лилия гүлдөрүнүн аркасында жирафтын мойнундай ийри моюндуу ак куулар сүзүп жүрүшөт, жээкте алтын жалдуу боз аттар кишенеп жулунат, суунун ортосундагы таштарда эмчектери иттин башындай, эриндери чыйкандай кызыл, буттарынын ордуна балыктын куйругу тартылган албарсты – русалкалар отурат. Алар маңдайында аңырая сонуркап, семичка чагып турган базарчыларга жылмайып, мээримдерин чачып: «И, кана, акчаң болсо бизди сатып алып, үйүңдүн керегесине илип койбойсуңбу», – дегенсийт.

– Кимге нан керек? – деп сурап көрдүм.

Базар сүрөтчүлөрүнүн өнөрлөрүнө суктанып тургандар мени байкашкан да жок.

– Га-зета! Кимге газета керек? – деген Зинканын чыйылдаган үнү угулду. Аны базардыгалырдын баары билишет. Ал көп болсо он беш жашта, бирок, түрү бир топ жашаган толук аялдыкындай: буттары кыска, жоон, курсагы чоң, көкүрөктөрү торсоюп, жүзү шишимик. Зинканы Крым жактан келген дешет. Немецтер ата-энесин, бир туугандарын бүт кырып, үйүнө бензин куюп өрттөгөндө Зина туздалган бадыраң, капусталар сакталган погребге жашынып калып, үч жүз үй-бүлө жашаган хутордун гүлү гана сапырылып калыптыр. Кызды биздин жоокерлер таап алышып, жетимдер менен кошо биз жакка, терең тылга жиберишиптир. Зина эмнегедир тез семирип кетиптир. Көрсө, бечаранын жүрөгү түшүп, мээси бир аз мандемдүү болуп калыптыр дешет.

Зина жайкысын муздак суу, кышкысын эски газеталарды сатып оокат кылат.

– Га-зета! Ким га-зета алат? – анын үнүн базардын чуулдагы басып, үзүп-үзүп жок кылды.

– Ботиңке! Татынакай ботиңке! Моделдүү ботиңке! – деп бир киши кыйкырды. – Мындай ботңкени бүт жер жүзүн сыйпаласаң да таппайсың!

Мен бул кандай укмуштуу ботиңка болду экен деп сыгылышкан элдин арасынан өтүп барып карасам, колго тигилген кадимкидей эле ботиңка экен.

– Мунуң канча? – деп галифе шым кийген бирөө сурады.

– Миң сом!

– Ой, сен соосуңбу?

– Масмын, – деди ботинка саткан киши. – Байкабайсыңбы кандай иштелгенин. Таманы спирттелген таза булгаары.

Таманын тарсылдата чертип, жыттап да көрдү, сөөмөйүн шилекейлеп тумшугун сыйпалады, бир-эки жолу ийип, жеңи менен аарчыды да шектенип көзүн жүлжүйтүп:

– Канча дедиң? – деп сурады галифечен киши.

– Сегиз жүз сексен, – деп ботнканын ээси бошураак айтты.

– Үч жүз! – деди галифечен киши.

Сатуучу беркини тикирейе карады.

– Шылдың кылгың барбы? – деп ботинкасына умтулду.

– Таманы кагаз экен, лак менен шыбап коюпсуң! Мындайларды биз да билебиз! – деди галифечен.

– Билесиңби? Анда унчукпа! Эмне кыйкырасың? Ар ким колунан келгенин иштейт. Согуш, ачарчылык, – деп шыбырады сатуучу.

– Жүр милицияга! – галифечен ары басты.

– Кыянаттык кылба, тууган, алдыгыны өзүмө бер. Балдарым жаш, ачка. Аялым келте менен жатат.

– Ким менен жатат?

– Келте менен ооруп жатат. Больницада? Эпидемия жүрүп жатпайбы? Кой, тууган? Ботиңканы бер. Түнү бою уктабай ушуну ултарып чыктым. Келе өзүмө! Эч кимге сатпайм!

– Алдамчылыгың үчүн кестирип жиберем. Ошондо билесиң!

– Кой, атпе, дос. Сен адамсың го. Согуш жүрүп жатат. Үйдө үзүм нан жок. Балдарым ач, жылаңач. Айла жоктон жанагындайга барбадымбы. Кечирип кой эми. Жан соога, тууган, – деп жалынды ботинка сатуучу.

– Болуптур! Бирок, сен жогол бул жерден. Карааның көрүнбөсүн, түшүндүңбү?

– Түшүндүм, түшүндүм, тууган! – өтүкчү ботинканы чүпүрөккө ороду. Галифечен адам кеткиче күттү да, ал көрүнбөй калганда ботиңканы кайра чыгарып сата баштады.

– Батиңке!! Татынакай батиңке! Моделдүү ботиңке! Ай бала, сен эмне тиктейсиң мени? Же батиңке сатканды көргөн жок белең!

– Мен нан сатып жүрөм, – дедим.

– Наның канчадан?

– Он сомдон.

– Сегиз сомдон бербейсиңби?

– Жок, – дедим.

– Анда кете бер! Батиңке! Ким жер үстүндө жок батиңке киет?

Мен нандарымды көтөрүп базар аралап жөнөдүм.

Бир жерде татар абышка буурчак менен төлгө салып, цыган аял карта ачып, сокур аял быдырала чекити бар боз китептин бетин манжалары менен сыйпалап, түш жооруп жатыптыр. Ал кимдир бирөөгө: «Капа болбо, жакында сагынган кишиң менен жолугушасың», – деп какылдайт. Көз айнекчен чалдын тизесинде кичинекей салынган ящикче. Анын сөөмөйүндө кичинекей сары чымчык конуп отурат. Мойнуна грамматикалык каталары жайнаган жазуусу бар тактайчаны асынып алыптыр. Анда: «Гыраждандар! Ким согушта жүргөн күйөөсүнүн же баласынын тагдырын билгиси келсе, тизмеден өзүнө тийиштүү суроосу бар номурду көрсөтсүн. Анан кудайдын ыйык чымчыгы баарысын айтып берет.

Наркы 10 сом. Акчасын мурда бергиле. Өзүм дудукмун», – деп жазылган. Андан ары суроолордун тизмеси:

№1. Менин күйөөм согуштан аман келеби?

№2. Эмне үчүн кат келбейт?

№3. Аялыма жолугушамбы?

№4. Майданда жүргөн уулум тирүүбү? Жана башка ушул сыяктуу суроолор.

Буурул сакал абышка келип экинчи номерди көрсөттү. Дудук төлгөчү колундагы чымчыкты ящиктин үстүнөн ары-бери алып өтүп, чымчык бир конвертчени чокуп сууруп чыкты. Конвертти ачса, ичинде «Кайрат кылыңыз, кудайдын буйругу», – деген гана сөз бар экен. Абышка конвертти дудук төлгөчүгө кайра берип: «Калп, ишенбейм!» – деп кыйкырды.

– Уулунан кара кагаз былтыр эле келген, бирок ишенбей жүрөт, биздин коңшубуз, – деди бир аял. Тургандар абышканы жалооруй карап калышты. Буурул сакал абышка өзүнчө кобурап, артын карабай нары басып кетти.

– Га-зета! Га-зета! Ким алат? – Зинка жакын жерден кыйкырды.

– Зина! Зиночка! Берикелчи, кызым, – китеп менен төлгө салган сокур аял кашайган көзү менен жерди тиктеп, Зинаны чакырды.

– Эмне? – деп үн катты Зина.

– Садагасы, мага бир кесим нан, бир кружка квас алып келип берчи, – сокур аял акчасын сунду.

Зинка акчаны алып, түртүшүп элдин арасына кирип жок болду. Зинкага ишенип акча берсе болот, анткени ал бала бойдон калган – алдап кетүүгө акылы жетпейт, ал эми качып кете турган жайы да жок.

– Ой, бала, наның канчадан? – деп сурап калды аскер тумакчан бир киши.

– Он сомдон

– Тогуз сомго бирди бер? Карачы, кандай бир сомдуктар? Жапжаңы. Кылдырайт, – деди аскер.

– Жок, мен тумак сатып алышым керек!

Чачы саксайган, бети-башы шакмардай цыган бала: «Бир сом берсеңер, курсагым менен да, башым менен да бийлеп берем», – деп жанынан ары-бери өткөн-кеткендерге асылып жалдырайт.

Кайсы бир жерде кыяктын үнү чыйкылдап, күлкү угулат. Барсам, чемичке чагып, тамеки тартып турган элдин ортосунда эки жаш бала уяттуу чаштушкаларды ызгытып жатыптыр. Бирөөнүн колундагы тумакка жез тыйындар ыргыйт.

Ошентип, базарды бүт кыдырып жүрүп болгону бир тоголок нан саттым. Мындан башка сооданын болбосуна көзүм жеткен соң, үйгө кетмек болдум.

Базардын ызы-чуусуна кошулуп, кимдир бирөөнүн коркурап ырдаганы угулду. Аны матрос тельняжкасын кийген адам ырдап жүрүптүр. Төшүндө «За отвагу» деген медалы жаркырайт. Эки буту мунжу, далдайган алп мүчөсү дөңгөлөктүү кичинекей арабанын үстүндө. Карылуу колдорундагы шыбакчынын калагына окшогон тактайчалары менен жер таянып жылып жүрөт. Анын киркиреген үнү далай жерге угулат. Ырдаганда мойну кызарып, күрө тамырлары барсайып чыңалат. Бирөө майда тыйын берсе, ырын токтотуп: «Ырактам, иним! Ыракмат энеке! Же болбосо «Ыракмат, тууган», – деп ыраазычылыгын айтып, алганын койнуна катып, ырын улантат.

Жок, ал кайыр сурагандай эмес. Ал өзүнүн акыбалын элге көрсөтүп, ушундай кыянатка туш болгонунан жардам сурап жүргөн сыяктуу. Менин атам да майдандан ушундай мунжу болуп келсе, ал да ушинтип согуш жөнүндө ырдайт, мен болсом анын арабачасын түртүп, ушинтип элден акча чогултам деген ойго кеттим. Атамдын үнү жакшы болучу, жумуштан келгенде мени мойнуна мингизип алып, бөлмөдө ары-бери басып ырдап калчу.

Мен колумдагы майда тыйындардын бардыгын инвалидге бергим келди, бирок, бир тыйын да берген жокмун. Жок, зыкымдыгымдан эмес, бала кезимде мен өтө эле уяң болчумун, тартындым.

– Ой, уулум, бери келчи! – деп киркиреди мунжу матрос.

Мен жанына бардым.

– Курсак ачты, куу кекиртек кулкулдап тамак сурап жатат, акчам жетпейт, алдагы токочуңан бирди сегиз сомго бербейсиңби? – деп жалынып жиберди матрос.

Мен ага жакшылык кылгым келип, колумдагы падносту сундум. Ал нандын бирин тандап алды да, анын ордуна сегиз сом таштады.

– Ыракмат, уулум, – деди матрос.

Мен ага бардык нанды акысыз эле бергим келди, бирок, апамды, анан дагы жайкы шапке менен бир жума үшүүрүмдү эстеп, токтоп калдым.

– Ай, уулум, сегиз сомдон дагы эки нан бербейсиңби?. Буттарым жок болсо да куу кекиртек бар эмеспи. Кулкулдап тойбой калды, – деп жалдырады матрос.

Мен а, бу дегенче ал эки нанды тандап койнуна катты да, он алты сом санап берди. Бизди базарда аңырап басып жүргөндөр курчап калышты. Менин жоош экенимди зулумдар байкап калышты көрүнөт. Кимдир бирөө бир бөлүк нанды алып, падноско сегиз сом таштады. Мен акчаны санаганымча дагы эки нанды жулуп кетишти.

– Эй, ач көздөр! Бергиле баланын нанын! – матрос аларга айкырып, менде калган нанды алып койнуна катты, мага майда тыйындан отуз эки сом санап берди. Нандарымдын бардыгын сегиз сомдон сатып алганын эми гана түшүндүм. Ичим ачышып калды. Нанды он сомдон сатам деп айтайын дедим, бирок, уялып, тилим барбады.

– Сен пионерсиңби? – деп сурады матрос менин акыбалымды, байкагандай.

– Ооба, пионермин, – дедим

– Тимуровецсиңби?

– Ооба, – дедим.

– Анда азаматсың! – мунжу матрос карылуу, кызыл колу менен мени далыга чапкылап койду.

Апам нанды арзан саткандыгым үчүн урушаарын билем. Бирок, көңүлүмдү жылыткан оюм бар. «Мына, эми согуштан эки бутунан ажырап келген матрос базардын баткагын кечип, үнү айрылганча ырдап, кайыр сурабайт, анткени мен аны нанга тойгузуп койдум», – деп өзүмчө компоем. Майда тыйынга толгон чөнтөктөрүм кадам сайын шыңгырап, өтө салмактуу, куру начар шымымды ылдый тартат. Кашатымды кармап алдым. Ал эми буттарым болсо өзүнөн өзү момпосуй тапанчалар, замбиректер, короз жана башка айбандарды саткан базарга алып келди. Согуштан атам экөөбүз мурда бул жерге көп келчүбүз, анан мен таттуу оюнчуктар менен тишиме дейре «куралданып» кетчүмүн. Ал кезде бул колдо жасалган момпосуйлар өтө таттуу, тунук-кызыл жылмакай болчу. Азыр болсо киргилт күрөң, бодуракай, таттуусу да кеткен, баасы болсо туптуура он эсе кымбат.

– Короздор! Короздор!

– Машиналар! Мотоциклдер!

– Тапанчалар! Маузерлер! Браунингдер!

– Төөлөр! Бир өркөчтүү! Эки өркөчтүү!

– Тракторлор!

– Пилдер!

Момпосуй саткандар бири-биринен өтө кыйкырып, мени ортого алышып, өздөрүнүн товарларын сунушту.

– Трактор ал, балакай! Иттей таттуу!

– Ай бала, мына төөлөр! Төө сатып ал! Балың биякта калат!

Көздөрүм жайнап кетти. Бирок, үйгө туура он сегиз сом кемитип барарым эсиме түштү. Ал эми момпосуй сатып алсам, андан да аз алып барам. Апам мунжуга токочумду арзан сатканымды мүмкүн кечирип коер. Жакшылап түшүндүрөм. Адегенде бир аз жемелейт дечи, анан мен согуштун инвалидине арзан нан бергеним жөнүндө атама жазып жиберет. Бирок, момпосуй үчүн сөзсүз урушат. Биринчиден, үйдө кант бар, экинчиден тумак өтө кымбат турат, акча керек. Мунун бардыгын ойлоп, момпосуйду иттей жек көргөсүп, тымызын шилекейимди жутуп, шек билгизбей ары басып кеттим.

Төлгөчү сокур аял китебин жаап, ичине өпкө-боор салган пирожкини жеп саргыч квастан ууртап, алдын тиктеп отуруптур. Татар төлгөчүнүн жанында «Кайрат кыл»! деген сөзү бар конвертти алган абышка отурат; ал башын ийкеп, күлүмсүрөйт, болжолу буурчак төлгөлөр жакшылыкка жоруган окшойт.

Сокен эжем нан саткан жерде жок экен. Колбасасын сатып, үйүнө кеткен көрүнөт.

– Нан! Граждандар, ким нан алат? – деп киркиреген тааныш үн угулду.

Мен ага бурулуп, селейип калдым. Баягы мунжу матрос менин нандарымды сатып жүрүптүр. Жайылган газетада алты бөлүк нан толугу менен жатат. Ал өтө ачка болсо да бир кесимин жебептир.

– Нан! Кимге нан керек? Бир кесими он сом! – деп ал дагы киркиреди. Мен аң-таң калып жанына бардым. Ал мени көрүп, жаагы жап болду. «Ар ким өз колунан келгенин иштейт, согуш, ачарчылык» – деп аткандай түрү бар, бирок, матрос эмнегедир унчукпай кайсактап, мени эч качан көрбөгөнсүп, башымдан алыс карады. Анан кимгедир каардангансып, жаак эттерин түйүлтүп:

– Нан! Кимге нан керек? – деп кыйкырды.

Мен ыза болдум. Үйгө кетким келбеди. Ыйлагым келди. Базардын адамдары мени түртүшүп, балчык баскан буттары менен ботинкамды булгашты. Тегерегимдегилер кужулдап, ар кайыс тилде сүйлөшөт. Ал эми мен элдин агымы менен кете бердим. Бир кезде:

– Төөлөр! Бир өркөчтүү. Эки өркөчтүү! Төөлөр! – деген үн угулду.

Көрсө өзүмөн-өзүм баягы оюнчук момпосуйларга келип калыпмын. Оозуман шилекейим чуурду: «Бир сомдук эки короз алып жейин. Апама, он кесим нандын бардыгын мекенди коргогон инвалидге сегиз сомдон саттым деп коем. Бүгүн тилдейт, бирок, эртең эле кайра эркелетип өбөт. Атама жазып жиберет. Же бул – алдамчылыкпы?! Жок, эмнеси алдамчылык! Эч кандай алдамчылык жок. Ар ким өз билгениндей жашайт, согуш. Ачарчылык. Мен момпосуй жегим келсе кантейин? Кулкунум таттуу сурап кулкулдап жатса өлөйүмбү?»

Жанагы өтүкчү деле, мынабу матрос деле алдап жатпайбы! Ачарчылык болсо, согуш болсо бизде эмне күнөө? Антпесе оокат өтөбү?

Мен момпосуйларга умтулдум. Эки короз сатып алдым. Бирөөнү ошол эле жерден кытырата чайнап, таттуу эңсеп турган курсакка жөнөттүм да, сыртты көздөй бастым. Момпосуй короздун куйругу оозумда айнектей кычырайт. Базардын инспектору турган дарбазага жеткенче, экинчи корозду күм-жам кылдым. Токтоп калдым. Кекиртегим дагы таттуу эңсеп кулкулдады.

Беш сомго тапанча сатып алам. Апама жоготуп койдум дейм. Бир бала жулуп качты. Мен артынан куудум, бирок ал жеткизбей кетти… Ушундай ойлор мени момпосуйларды көздөй кайра жетеледи.

Он сомго пил сатып алам… Сарайга катып коем да, эртең мектепке алып барып, сабак бүткөнчө соруп отурам. Мунжу жөнүндө апама айтпайм. Ал баары бир ишенбейт. Акчамды уурдап кетишти дейм. Баардыгын уурдашканы аз келгенсип, өзүмдү да уруп кетишти дейм. Жонго бир коюшту. Абдан катуу, тепкилешти. Ошондон кийин жөтөлүп калдым. Тилим да булдурактап жакшы сүйлөбөйт. Мүмкүн эми мен учук ооруга чалдыгам. Бүкүр болуп калам… Мен чынында эле өзүмдү-өзүм аяп, көзүмөн жаш чыгып кетти.

– Төөлөр! Бир өркөчтүү. Эки өркөчтүү! – деген чакырык жөн эле коңгуроодой угулат. Мен «төөлөрдү» көздөй жөнөдүм.

Төө сатып алам. Бир өркөчтүүсүн да, эки өркөчтүүсүн да алам. Болгондо да бешти. Катып коем. Күн сайын бир төөнү жейм. Апамбы? Тумакпы? Биз нан сатып тумак алгандай, ошончолук эле кедейбизби? Сатсын атамдын костюмун, пальотсун, туфлисин, көлөчүн сатсын! Мага тумак алып берсин. Кулакчыны бар, кулакчыны жок, кыры жок, кыры бар тумактар толуп жатпайбы? Атам келсечи? Эмне киет? Анын тирүү келер, келбесин ким билет? Согушта курман болуп калсачы! Анда баары бир, булар мага калат. Кокус буттарынан ажырап кайтса. Ага туфлинин эмне кереги бар? Ушу мени, жалгыз баласын апам кийиндире албайбы? Өзүнүн жападан-жалгыз уулу, мураскору эмесминби! Демек бул акчалар бүт меники. Өзүмдүн акчаларым. Карточка боюнча мага да нан берилет. Ал эми менин курсагым таттууну талап кылып жатат. А, баса, митайымдар менин бардык акчамды тартып алышы мүмкүн эле го. Туура, жулуп алып качып кетишти. Тигине, канчасы жүрөт базарда. Бардык акчага төө сатып алам. Бир өркөчтүү, эки өркөчтүү төөлөрдү. Митайымдар бардык акчамды тартып алышып, тепкилеп
салышты. Эми менин жонум бүкүрөйүп, төөнүн өркөчүндөй болуп калат!..

…Алдыда шыкыраган эл. Барып карасам негедир бардыгы үнсүз турушат. «Бул жерде «момпосуйдан да таттуураак бирдеме сатып жаткандыр. Сатып алам. Акча болсо көп!» Мен жарданып турган элдин арасына кирдим да… артка кетенчиктедим. Ортодо булгаары кутуда колдору да, буттары да жок бир адам отуруптур. Болгону кесиндидей кыска көөдөнү, офицердик картуз кийген чоң башы бар. Мулуйган денесине офицердик кител кийгизилген. Ак көйнөк. Кара галстук. Өзү кол менен жүргүзүлүүчү кичинекей арабада отурат. Бул велосипед сыяктуу арабаны Американын ошол кездеги президенти Рузвельт өзү ойлоп чыгарыптыр дегенди уккам. Чогулган адамдар тунжурап жымжырт.

Узун бойлуу мурутчан адам топту жарып келип, кара көрпө папагын чечип, алиги кутуда отурган кишиге таазим кылды да, арабасына отуз сомдук кызыл кагазды койду. Мунжу жактырбагандай башын чайкады.

– Албайм деп жатат! – дешти бери жактагылар.

– Эмне үчүн албайт? – деп ызаланды мурутчан адам. – Алат.

– Капа кылбаңыз, биз бул жерге акча чогултканы келген жокпуз – деп сулууча келген узун бойлуу аял базардан сатып алган тамак-ашты арабага салды.

– Аялы экен, – дешти топтогулар.

– Анда кечирип кой, уулум. Мен башкача түшүнүпмүн, таарынба, – мурутчан адам кызыл акчасын кайра алып, папагын чечип, дагы бир жолу таазим кылып, уятына чыдабай элди аралап жок болду.

Арабада отурган киши: «Эч нерсе эмес, мен таарынбайм», – дегендей билинер-билинбес жылмайды да биз жакты карагандай болду. Денем дүр дей түштү. Анын көздөрүндөгү терең ой-сырды айтып берүүгө сөз жетпейт, эң бир коркунучтуу жомокто да баяндап бералбайсың.

«Согушуң менен куруп кал! Бечараны сактайгөр, Христос! – жанымда турган кемпир чокунуп ыйлап жиберди.

Буту-колунан тыптыйпыл ажырап, моло таштай молоюп, булгаары кутуда отурган офицер менин атамдай сезилип кетти. Мен аны Рузвельт чыгарган арабага салып алып рикшадай чуркап жер жүзүндөгү шаарларды жортуп:

– Эй, адамдар! Көрдүңөрбү менин атамды! Согуш тургай, ачарчылык тургай, акыр заман болуп кетсе да адамгерчиликти, ар-намысты унутпайлы! – деп кыйкыргым келди.

Мен акырын элдин арасынан суурулуп чыктым. Апама мунжу матроско ар бир нанды сегиз смодон сатканымды, эки сомго момпосуй короз сатып алганымды айтып бермекке үйдү көздөй жөнөдүм… Негедир өтө таза жана ак ниет адам болгум келди…

1966-ж.

 

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Байжиев М., 2005

 


Количество просмотров: 2675