Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Байжиев М., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 27-сентябры

Мар Ташимович БАЙДЖИЕВ

Тогузунчу май күнү

Кыргыз прозаиги жана драматургу Мар Байжиевдин аңгемелери жана повесттери замандаштарыбыздын рухий дүйнөсүн чагылдырат. Чыгармаларында калемгер нравалык баалуулуктарды, чындыкты жана гуманизмди көркөм сөзү менен бекемдейт.

Байжиев Мар. Аңгемелер жана повесттер. – Б.: 2005 китебинен алынды

 

Жогору чыга бериште автобус жарадар болгон аюудай онтоп, араң кыбырады. Көк түтүн асфальттан чыккан аптап менен аралашып, коңурсуду.

Автобустун ичи үп. Машине жулкунган сайын адамдар алдыга –артка чайпалып, шамалга ыргалган камыштай сеңселет.

– Эй, айдоочу, сен эмне? Отун тартып баратасыңбы? Чебердеп айдабайсыңбы! Какшык сөздөр, шылдыңдуу күлкү жаш айдоочунун далысынан кайкып өткөнсүйт. Ал рулду бекем кармап, үн катпайт.

«Балдар жана инвалиддер үчүн орун» деген жазуунун астында толмочураак, улгайган аял олтурат. Ал кез-кез жүз аарчысы менен желпинип коет. Эртең менен серүүндө үйдөн чыккан. Ал эми май айында аба ырайы тентек баладай эмеспи: эртең менен жаан жаап, түштө ысып, кечинде кайра бүркөлөт же тескерисинче болот. Аял күндүн ысыгында жылуу жоолук салынып алганын ичинен өкүнүп, автобустун эшигин көздөй басты.

– Ой, апаке, менин бутумду басып алдыңыз! – деди бир жигит. Бирок, андан кечирим суроого чамасы да келбеди. Машина токтоочу жерине жакындап калган, анын үстүнө колундагы корзинасын сууруп ала албай алек болду.

– Жок дегенде сумкамды берип койгулачы? – деп сыртты көздөй умтулганда бир нерсе тырс дей түштү, көрсө жакасындагы седеп топчусу үзүлүп кетиптир. Бирок, ушундай тыгылышта аны кантип табасың. Аял автобустан түшүп топчусуз жакасын кармап, төөнөгүч сатып алайын деп белек саткан дүкөнгө кирди. Эл көп экен. Сатуучудан төөнөгүч сурайын деди эле, кезекте тургандар чурулдап жиберишти:

– Очередге туруңуз.

– Бул нан эмес го, күтө турууга болот?

– Мага белек эмес, төөнөгүч керек эле, – деди аял.

– А эмне, төөнөгүч белек эмес бекен?

Аргасыздан кезекке турду.

Аялдар чурулдашып бири галстук, бири мүштөк, портсигар, сакал алгыч, – иши кылып жалаң эркектерге арналган белектерди алып жатышты.

– Мага эки галстук. Мына муну жана муну, 5 ордендик лента үчүн колодка, – деди көк көйнөкчөн аял.

Сатуучу, сулуу сымал, көздөрү жалжылдаган кыз белектерди шыпылдап ороп, сатып жатты. Ак жуумал аял портсигарды тандап алды: «Сүйгөн курбума, жеңиш күнү берген белегим. 9 май – 1962-жыл» – деп гравировщикке жаздырды.

«Баса, бүгүн жеңиш күнү эмес беле…» – деп ойлогуча, улгайган аялдын ирети да келип калды.

– Сизге эмне берейин? – деди сатуучу.

– Мага баары бир… Эмне берсеңиз, өзүңүз билиңиз, – улгайган аял аптыгып калды.

– Тезирээк айтыңыз, эл күтүп жатат, ушинтип өзүңөр эмне аларыңарды билбейсиңер, анан сатуучуну күнөөлөйсүңөр, – деди сатуучу.

– Деги бир нерсе бериңизчи?

– Галстук берейинби?

– Мейлиңиз…

– Канчаны берейин?

– Экини тандап бер, кызым, – деди аял.

– Жаш адамгабы, же улгайган адамгабы?

– Экөөнө тең .Сатуучу заматта эки галстукту шуудураган кагазга ороп, көк лента менен байлап, аялга сунду да, шляпа кийген абышкага кайрылды. Ал дагы галстук тандап жаткан экен.

– Уулума, сонунун тандап алайын, ал согушка катышкан, он алты жашында кеткен, Берлинди алган… Берлинди, кызым да согушка катышкан, ага да белек алдым, – деп абышка өзүнчө кобурады.

Улгайган аял эшикке чыкканда гана бул жерге төөнөгүч алайын деп келгенин эстеди, үйгө чейин жакасын кармап барууга туура келди… Аял үйгө кирери менен кагазды ачты : галстуктун бири кызыл тазыл – жаш адамга ылайык, экинчиси күрөң. Аял галстуктарды көкүрөгүнө басып ыйлады. Бара-бара караңгы түштү. Бир кезде күндүн күркүрөгөн үнү угулду, бирок, ал жеңиш күнүнүн салюту экен. Ракеталардын нуру ирегеде илинген эки адамдын портреттерине түштү: бирөө буденыйчылардын шапкесин кийген адам, экинчиси учкучтун формасын кийген, жап-жаш лейтенант. Бирөө күйөөсү. Бирөө уулу. Күйөөсү граждандык согушта курман болгон. Уулу Ата Мекендик согушта курман болгон. Аял терезеге келди, жаздыкта көзүнөн аккан жашы калды…

Асманга кызыл-тазыл ракеталар учуп, кайра жерге түшүп жатты. Дүңгүрөк басылды. Аял терезени карап тура берди. Бир кезде кырчындай жаш жигиттерди майданга узаткан вокзалдын үстүндө, күмүш нурун чачкан сөздөр бирде өчүп, бирде күйөт:

Тогузунчу.

Май.

Жеңиш.

Күнү…

Тогузунчу…

Май…

1962-ж.

 

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Байжиев М., 2005

 


Количество просмотров: 1848