Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Байжиев М., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 27-сентябры

Мар Ташимович БАЙДЖИЕВ

Өлүм алдында

Кыргыз прозаиги жана драматургу Мар Байжиевдин аңгемелери жана повесттери замандаштарыбыздын рухий дүйнөсүн чагылдырат. Чыгармаларында калемгер нравалык баалуулуктарды, чындыкты жана гуманизмди көркөм сөзү менен бекемдейт.

Байжиев Мар. Аңгемелер жана повесттер. – Б.: 2005 китебинен алынды

 

Чекир Чыйкылдаков чепеңдеген, чарчы бойлуу, арык чырай жигит. Бир нерсе талашса, же бирөө менен урушса, чекирейген көздөрү чекчеңдеп, үнү бирде өтө ичке, бирде коркурап чыгып, адамдын күлкүсүн келтирет. Чынын айтсак ичкилик дегенди түк жактыруучу эмес. Анткени, кичинекей кылт эттирсе эртеси ооруп калат. Ошондуктан бирөө конокко чакырса да барбай коюунун аракетин кылчу. Бирок, бүгүн бир топ жолдоштору кезигип калып, барбайм кеп кыңырылса да болушпай аны пиво саткан жерге алып келишти.

Мына пивонун ууздай аппак көбүгүн чебердеп үйлөп, шашпа-а-ай кичинеден жутуп, курдаштары менен тамашалашып турат. Бүгүн майрам, анын үстүнө мурда күнү боюна чак костюмду издеп жүрүп араң тапкан, ошонуңду жуу деп да асылып алышты, андан кайда качасың, сараң деп да калышпайбы, өзүң алып берип жатып кантип ичпейсиң? Чекир «болду, ичпейм» деди, бирок, ага беркилер болушпады.

– Коночок чүкөдөй болгон түгөнгүр, ичип кой, өлбөйсүң! – деп тамашалады теңтушу Шаршен. Өзү узун бойлуу, каркайган, тили да ороюраак жигит. Жолдоштору: «Шакемдин төбөсү дайыма көккө жетип турат» деп эркелетишет. «Андан корккон жерим жок, өзүң жута берсеңчи, колхоздун буракка чыккан оопазындай каркайбай!» (Чекирдин тили да оңой эмес).

Чыйкылдаковдун пивосун ичип, шишкебегин шишине дейре кулжуңдап мүлжүп жаткандыр:

– Катырдың, кайран шумкар! – дешип кол чаап калышты. «Каркайган жигит» өзү да күлдү. Жакшы санашкан теңтуштар мындай тамашаны көтөрөт эмеспи.

– Коркпогондо эмне? Ичкенден да киши коркобу? Ич! Бирдемени көзүң чалса эле, машинени биринчи жолу көргөн кунанча кулагыңды тикчийтип үркөсүң, коркоктун иши чоркок, – Шаршендин бул сөзүнө эч ким күлгөн жок. Өзү да айтаарын айтып коюп, өкүнүп калды окшойт. Чыйкылдаковдун жаагы жап болуп, кружкасын какшытты, анын коркок экендиги олтургандардын баарына белгилүү болучу.

Кычы сөз адамдын терең жериндеги кемчилигине тийгенде, курч сөз экени же мокок сөз экени билинбей сөөккө тийгендей мизи майтарылат эмеспи. Мына азыр да так ошондой болду.

Чекир Шаршенди какшыктайын деди, бирок сөз ырбап кетеби деп унчуккан жок. Шаршен да сөздү башка бир нерсеге буруп тамашага айландыруунун аракетин кылды, бирок, «бул маневр кыйындаган абалды жөнөкөйлөтө албады». Чекирдин башы билинер билинбес айлана баштады.

– Оой, кеч болуп кетиптир, – Чекир сыртынан күлүмсүрөмүш болуп, кол берип кетип калды.

Эл деген укмуш экен го, билбегени жок, коркок экенимди кайдан билип алышкан?

Ал колун бирөөнү жаакка чапкандай шилтеп, кызуу болсо да соо кишидей, асфальтты ое-ое басып үйүн көздөй жол тартты.

Эшиктин ачкычын эптеп-септеп таап, калдыратып-шалдыратып ачып жетээри менен керебетине сулк кулады…

Шаршен алдында тургансып:

– Зуңкуйган ит, сени шашпа! Кезек келээр – деди да, «эх, жалгыздык, жалгыздык» деп ою таптакыр башкага кетти!

Бир аздан кийин кийимчен жатканы эсине түштү, туруп күйнөгүн жакасынан кармап чечти, бөлмөнүн так ортосуна кагылган илгичке илди, шапкени үстүнө шалп эттирди, бузулган паровозчо бышылдап-күшүлдөп шымын, ботинкасын чечти да, кроватка боюн таштады.

Чекир көзүн жуумп мемиреп баратып селт ойгонду:

– Мен эмнени унуттум! Эчтекени! Хэ, эч-текени?

Кыргыздын сөзү кызык… «Бирок эмне үчүн бир нерсени унуткансып жатам?

А-а! Эшик! Эшикти илбей калбадым беле? Же илдимби? Жок, илиш керек…»

Ошол эле замат тура калып илейин деди, бирок ээринчектиги этегинен тартып жибербей койду.

Ана турам, мына турам дегенче бир топ убакыт өттү.

«Онго дейре санап, «он» дегенде тура калайын». Онго да жетти.

Бирок, тургандан эринди: жүзгө дейре да санады, эринчээктигин жеңе албады. Беш жүзгө жеткенде Шаршендин бүгүнкү «коркоксуң» деп жигиттердин көзүнчө сындырганы эсине түштү.

– Чын эле мен коркокмунбу? Кайдан? Коркокмун го… бала кезимде деле далай жолу ачуума тийгендерди «сабайм, өлтүрөм» деп барып, чекесине черте албай, кайра өзүм таяк жеп калчу эмес белем… Жок, бул коркоктук эмес – бул назиктик…

– Ал эми кыздарды чачынан жулуп далай чаңырттым го, кайран өзүм…

Кудай урган Шаршен, азыр эшикти илбей, терезени жаппай жатканымды көрсөң, мен да оңой эмес экенимди билер элең, шүмшүк! – деди да дөөчө козголуп ары карап жатып алды. Бүгүн өзүн чын эле баатырдай сезди, анткени, мурун үйгө кирээри менен эшиктин илгичин илип, ачкыч менен бекитип алуучу, үйгө бирөөлөр келип калса, эшиктин түбүнө акырын басып келип, бир аз тыңшап туруп: «Сен кимсиң ой!» – деп сурачу. «Мен» деген жооп угулса: «Мен деген ким? Аты-жөнүң жокпу?» – деген чукул суроолорго толук жооп алгандан кийин гана ачуучу. Бирок азыр сактыкты колдонгон жок, ары оонап, бери оонап уктай албады.

Бир кезде эшик чын эле «чы-й-йк» этип ачылып кетти.

Чекир селт ордунан тура калып: «Бу ким?» – деп бакырып жиберди. Жооптун ордуна угулар-угулбас «мяу» – деген үн чыкты.

– Өх, иттин мышыгы! Эртең сени ийне-мийне берип жок кылбасам! Мыш!!!

Чочуп кеткен мышык чыга качты, каалга «кырр» этип ачылып калды, тентек жел чуркап кирип пардаларды желпилдетти. Араң уктаган Чекирдин түшүнө алда кандай коркунучтуу нерселер кире баштады, анын үстүнө жанагы ичип койгон заттардын буулары өзүлөрүнүн «милдеттерин аткарууга» киришти көрүнөт… Арстан жүрөктүү Чекир Чыйкылдаков бир туруп басмачылар менен согуша кетет, бир туруп калың элдин алдына чыгып тартынбай сүйлөп жиберет. Ошентип түштөн түш болуп отуруп Айчүрөктөй сулуу кызга жолугуп, аны ала качты. Зоот аргымак менен куюндатып бара жатат, ай десе – аркы жок, күн десе – көркү жок сулуу Чекирдин белин кыса кучактап: «Кайда барсаң түбөлүккө сени мененмин» – дегенсийт. Аңгыча болбой калың токойдун арасынан кара мурутчан, түрлөрү кудай ургандай суук үч киши чыга калып, артынан кууду, колдоруна мылтык, кылыч, автомат, гранаталар…

– Ах-а-а-а! Түштүңбү колго! – түрү суук каракчы айкырып балтасын көтөргөндө, кара терге түшкөн Чекир ойгонуп кетти.

– Өх астрапрылда, түшүм экен!..

Бирок көзүн ачканда «ба-а» деп бакырып жибере жаздады, анткени, жанагы каракчыдай бирөө килейген балтасын көтөрүп так чыкыйга мээлеп турган экен. Чекирдин жүрөгү оозуна тыгылып көзүн кайра жума койду, мал оттоп кеткен чөптөй сейрек чачы төбөсүнө тик турду.

Ана чабат, мына чабат – бирок, жаналкыч маалкатып чаппай туруп алды. «Айланайын кудай! Бул да түш окшойт» – деп көзүн ачпай өзүнүн санын чымчып көрдү.

«Жок, түш эмес экен! Көзүн ачты, Ууру дагы эле чапканы турат. Кеңгиреген башын жаздыктын астына катты. Эшикти жаппай, бекитпей койгону эсине түштү.

Башын жаздыктын сол жагынан кылтыйтты – жаналкыч дагы эле керилген бойдон турат, балтасынын мизи жарк-журк!

«Кудай ургандын көзү эле окшураят, караңгыда бутум кайсы, башым кайсы экенин тааныбай жатабы?» – Чыйкылдаков өлүмдөн кутулууга мүмкүнчүлүк бар экенин сезди. Кылдаттык менен жерге түштү. Түрү суук куралдын мизин тиктеп, жүрөгү сокуга арпа күйшөп жаткандай дүкүлдөйт.

Чекир чычкан алуучу мышыктай босого жакка секирди, тартаңдап барып эшикти сүзүп чыга качты.

– Жардамга-а-а!!! Хозяйка-а-а! –деп бакырды.

– Эмне болуп кетти! – деп аркы үйдөн көйнөгүн далбалактатып аял чуркап чыкты, артынан бөкчөңдөгөн кемпир көрүндү, булар квартиранын ээси тетя Дуня менен жетимиштеги энеси .

– Тетя Дуня! Басмачы! Топор! – деп калтырады Чекир.

Тетя Дуня шымаланып эшикти ийини менен жөлөп калды..

– Эне, капуста туурагычты алып келиңиз! – деп тетя Дуня энесине буйрук берди. Мизи кетилген балта колуна тийгенде эшикти шарт ачып жиберди.

– Мында ким бар? Чык!!!

Ажыдаардын кулкунундай карарган үйдөн шырп эткен дабыш чыккан жок. Тетя Дуня эшиктен баш багып, Чекирдин керебетинин аягында бир адам колун көтөрүп турганын көрдү.

– Чык! Эмне жаш жигитти коркутасың? Кыйын экенсиң мени менен кармаш! – Тетя Дуня бөйрөгүн таянып, туруп калды.Чекирди өлтүрөм деп келген ууру уялгансып унчукпайт. Кемпир электр кнопкасын басып жиберди. Лампа жарк эткенде, тетя Дуня каткырып, Чыйкылдаковдун керебетине жыгылды да боорун тытып калды. Кемпир да кемшеңдеп күлдү. «Кечириңиз, кириңиз, кудай сактасын!»– деп эшиктин артына жашынып калган Чекирди чакырды.

Чыйкылдаков беркилерге ишенбей үйгө кирди .Балта көтөргөн адамдын ордунда далдайтып илип койгон көйнөгүн, шымын жана шапкенсин көрдү, көйнөктүн бир жэңи берки мыкка илинип балтага окшоп калыптыр.

Бул окуядан кийин Чекир Чыйкылдаков: «Кенедей кылт эттирсем эле, көзүмө шумдуктар көрүнө баштайт» – деп таптакыр ичпей калыптыр дешет…

1959-ж.

 

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Байжиев М., 2005

 


Количество просмотров: 980