Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Байжиев М., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 27-сентябры

Мар Ташимович БАЙДЖИЕВ

Арбак урду

Кыргыз прозаиги жана драматургу Мар Байжиевдин аңгемелери жана повесттери замандаштарыбыздын рухий дүйнөсүн чагылдырат. Чыгармаларында калемгер нравалык баалуулуктарды, чындыкты жана гуманизмди көркөм сөзү менен бекемдейт.

Байжиев Мар. Аңгемелер жана повесттер. – Б.: 2005 китебинен алынды

 

Силер 23 жашка чыкканда чачы купкуу болуп агарып кеткен адамды көрдүңөр беле? Мен көргөм жана эмне себептен ошондой болуп калганын билем…

Мурдагы жылы Пржевальск шаарынан Жыргалаңды көздөй жол тарттым.

Күн бүркөк, бирок жаан-чачын болбосуна көзүм жетип турат. Салкын. Өзүң жаш болсоң, көтөргөн жүгүң жок, жолуң кыска болсо, жөө баскандан жыргалы барбы! Мемиреп, учу-кыйрына көз жетпеген алтын деңиздей толкуган аштыкты жиреген жол менен чегирткелердин ансамблин, асманда безеленген торгойлордун үнүн угуп, терең ойго чөмүлүп, шашпай жол жүрүп отурган кандай ыракат! Мындай учурларда кандайдыр бир назик, укмуштуу кыялдар жүрөгүңдү лакылдатып алга, жарыкка, күндү көздөй, бийик, өтө бийик алып учкансыйт.

Бир топ баскандан кийин суунун жээгине келип эс алууга токтодум. Кичинекей көпүрөнүн жээгинде үңкүйүп бир адам олтурат, жанында кызыл таардан тигилген куржун, фляга жана пилотка жатат. Мен жакын барганда ал саймаланган чоң жүз аарчысы менен башын сүртүп койду, кыска, кубарган чачы ным – тердесе керек; мени кылчайып караган да жок.

Мен ал кишинин жанына колумдагы кичинекей чемоданды таштадым.

Чөнтөктөрүмдүн баарын тинтип бир тал ширеңке таппай койдум.

– Салоом алейкум, аксакал! Ширеңкеңиз бар бекен? – деп сурадым.

– Алеки салам, бар, – ак чач киши күлүмсүрөп мени карады.

Маңдайына караганда жыйырма бештеги жигиттей көрүндү, бирок, чачы!

Чачы алтымыштагы чалдыкындай купкуу. Экөөбүз тамеки тартып сүйлөшө кеттик.

Кыргыз баласы кайда гана жүрбөсүн, кандай шартта жолугушпасын, адегенде бири-биринен: «Кайсы эл болосуң?» – деп сурашат эмеспи. Биздин таанышуубуз да ошондой болду. Урук-туугандардын бардыгын сураштырып келгенде баягы эле «таяке-жээн» болуп чыктык.

– Кечиресиз, урматтуу жээн, канчадасыз? – деп сурадым.

– Жыйырма үчтөмүн! – жигит башын жерге салды.

– Мен сизди артыңыздан көрүп алтымыш-жетимиштин ичинде го деп ойлодум.

Ак чач жигит жылмайып койду.

– Чачымды көргөндөр дайыма жаңылышат.

– Оорудан ошондой болуп калдыбы, же?..

Жигит сөзүмдү бөлдү:

– Жок, оорудан эмес, башка бир окуя болгон…

Мен абдан кызыгып калдым, анткени, мындай учурларда болгон окуянын ийне-жибине дейре билмейинче жаным тынбайт:

– Аскерде жүргөндө бир балакет болгон го?

– Жок. «арбак урган»! – дагы мурункусундай түшүнүксүз күлүмсүрөдү.

– Арбак!?

– Ооба, арбак…

– Кандайча?

– Жүрүңүз, басалы, – деди жигит, – узун жолду кыскарталы, кеп салып берейин.

Имаш (ак чач жигиттин аты ушундай экен) үч жыл аскерде жүрүп, айлына келсе, карыган атасы Белек катуу ооруп төшөктө жатыптыр.

– Балам, аман келдиңби? Сени көрбөй, арманда кетет экемин дедим эле. Көр оозунда турганда Имашымды көрсөттү! – деди кары каргылдаган үн менен. Киртейген, кирпиги күбүлгөн эки көзүнөн мончоктой жаш тоголонуп бырышкан бетин жууп, күмүш сакалынан жылтырады. Ошол түнү таңга жуук бул дүйнө менен түбөлүккө коштошту. Туш-туштан эл чогулуп, эркектер көздөрүнөн жаш чыкпаса да өкүрүп, аялдар заңылдап кошуп, айылдын ичи ызы-чуу болду.

Имаштын энеси ыйдан үнү бүтүп, эси ооп жатып калды. Ысык чайга боорсок чылап берип жатышат, бирок байкуш аялдын жүрөгүнө тамак кайдан барсын.

Мындай чоң кайгыга кабыларын күтпөгөн Имаш жашын төгүп, эмне кыларын билбей, ары-бери басып мындай сөздү укту:

– Белектин зайыбы бетин тыттыбы?

– Жок, – деп жооп берди, сураган кемпирге жашыраак келин.

– Ал эмнеси? Обу жок! Белектин баркы жок бекен? Тыттыргыла! – деди чүкөдөй болгон кемпир.

Муну уккан Имаш:

– Андайыңарды койгула! – деди.

– Бул ата-бабадан калган салт! Далдайып ары-бери баспай, таяк алып өкүрбөйсүң атаңа! Же энең экөөң асмандан түшө калдыңарбы? – Туш-туштан аялдар топтошуп: «Карынын сөзүн капка сал», «Өз салтыңан баш тартпа» деген керексиз сөздөрдү айтышты.

– Жок, жок энемди аягыла! – деп Имаш болбой койду.

– Эмки балдар салт дегенди билбейт. Атаңдын арбагы урат! – деп зиркилдеди Аалыкан байбиче…

Бул иш айыл ичинде бир кап сөз болду.

Кеп ошол эле өкүргөндө бекен, бетин тытканда бекен? Булардын бардыгы эски доордун калдыктары эмеспи. Кантип эле түбөлүк жашаган зайыбы, өз баласы күйбөй койсун, күйөт дегилечи, бирок, аларга кайрат айтып, соороткондун ордуна жанагыдай кыл дегендери, кансыраган жарага туз сепкендей эмеспи. Ошону үчүн Имаш аялдардын тилин алган жок.

Бир нече жумадан кийин Имаш атасына кичинекей эстелик салып, бак тигип, жанына жыгачтан орундук жасап койду.

«Эртең ашы» деген күнү, кызматтан кийин атасынын мүрзөсүнө гүл койду да, жыгач орундукка олтуруп, терең ойлорго чөмүлдү. Атасынын эркелеткендери, экөөлөп чөп чапкандары, кечинде шашпай эски комузун чертип отуруп айткан насааттары көз алдына келип жашын кылгыртты. «Белек ыраматылыктын уулу атасынын мүрзөсүнө барып куран окубай эле кетип калат экен. Арбагын ыраазы кылбайт экен… Арбактын каргышы жаман болчу эле» деген айыл ичиндеги сөздөр да эсине түштү.

– Айта беришет да! – деп койду жигит. Жылдыздар жымыңдап, түн да кирип кетти. Анда-санда ыраак жерден күндүн күркүрөгөнү билинер-билинбес угулуп, чагылган тоолордун чокуларын жарк эткизип коет.

– Кош, атаке, жакшы жат!

Имаш бул сөзүн айтып, ордунан туруп кетейин дегенде этегинен бирөө тартып калды. Жигиттин жүрөгү шуу деп артын карады, бирок эч ким жок. Дагы басайын деди эле, этекти баягыдан да катуу тартты. Имаш кайра отурду.

Эч ким жок, тымтырс. «Арбак» деген сөз кулагына шак дей түштү. Жүрөгү оозуна тыгылып, мойнунан кара тер шорголоду. Кетейин деп кыймылдаса эле этектен алат, бирок, кыбыр эткен жан жок. Дүмүрөйгөн мололордун бардыгы «арбак урду, арбак урду» дешип шыбырашкансыйт. Апсайган кара булуттар майда-чүйдө жылдызды жутуп так төбөгө келип салаңдап калды. Замбирек атылгандай калдыр-күлдүр башталды, чагылган жарк эткенде мололордун түбүнөн эрбеңдеп көлөкөлөр качып, бүткүл айлана кыймылга келгенсийт. Арбак…арбак…арбак…

«Бул эмнеси? Же элдин айтканы чынбы? Мындай укмуштар жер үстүндө жок дечү эмес белем… Ким? Ким мени тартып турат? Арбак? Бул чын экен го. Менин күнөөм барбы? Жок… Жок… Мүмкүн эмес»… Кетейин деп жулунат, бирок, кете албайт.

Айласы кеткенде:

– Ата, атаке, кечир, атаке, кагылайын… атадан калган салтты эч качан бузбайм, карынын сөзүн капка салам, кечир! – деп жалынды. Туш-туштан «атаке, кечир» деп томсоргон мүрзөлөрдүн арасынан да үндөр угулгансыйт.

Асманда замбиректер дүңкүлдөйт, чагылган жарк-журк этет, этегин бирөө тиштеп алгандай кое бербейт. Жаш, тер аралашкан жаан мойнунан, бетинен шорголой берди.

«Атаке, кечир, кагылайын, атаке, кечир»… Ошентип бир саат турду, эки саат турду, үч саат турду, көзүнө укмуштуу-укмуштуу нерселер көрүнө баштады, кыйкырса үнү чыкпайт, өз үнүн өзү тааныбайт, бирөө кулак түпкө балка менен тыкылдатып уруп жаткандай… андан кийин дагы канча саат турганы, эмне болгонун билбейт.

Эртең менен бадачылар мүрзөнүн арасында өлүктөй купкуу болуп жаткан адамды көрүшөт. Көтөрүп кургагыраак жерге жаткызалы дешет, бирок, шинелинин этеги кое бербейт, караса жыгачка каккан мыкка илинип калыптыр. Бадачылар Имашты далайга дейре таанышкан жок, анткени, анын кундуздай капкара чачы бир түндүн ичинде аппак болуп кетиптир.

– Мына ошондон бери жыйырма үчтөгү куу чач болуп калдым. Жанагыдай арбак-сарбактар дүйнөдө жок экенин билсең да, кээде коркуп кетет турбайбы адам деген, – деп сөзүн бүтүрдү ак чач жигит.

– Эми чын эле «арбак урду» деп жүрөсүңбү?

– Кайдан! Арбак эмес эле скамейканын мыгы уруп жүрбөйбү! – деди да жымың этип күлүп койду, мен да күлдүм.

– Мүрзөлөрдүн арасынан чыккан «дабыштарыңчы»?

– Хэ-хэ-хэ… «Коркконго кош көрүнөт» деген ошо да. Бул окуяны айылдагыларга айткан жокмун. Өзүңүз билесиз, азырынча эл арасында жанагыдай нерселерге ишенгендер жок эмес. Артыкча Аалыкан энем укса сөзсүз: «Мына арбак этектен алыптыр»– дейт эмеспи, жигит дагы күлдү.

Жыргалаңдын көпүрөсүнө жеттик, коштошуп, ал Сары-Көл жакка, мен Тепкени көздөй жол тарттык.

1958-ж.

 

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Байжиев М., 2005

 


Количество просмотров: 2238