Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Драматургия, киносценарийлер, Киносценарийлер
© Байжиев М., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 27-сентябры

Мар Ташимович БАЙДЖИЕВ

Алтын күз

(Киноповесть)

Бул киноповесть боюнча атактуу кинорежиссер Төлөмүш Океев тарткан «Алтын күз» деген кино 1987-жылы Вильнюс шаарында өткөн Эларалык кинофестивальда биринчи байгеге ээ болгон.

Байжиев Мар. Аңгемелер жана повесттер. – Б.: 2005 китебинен алынды

 

Ипподром. Жыгач балка жамбыны даң дедире сокту. Жаңырык. Секундомердин жебеси сааттын цифраларын айлана чуркады. Ат чапкандар эрлерине кадалышты.

Аттардын буту-бутуна тийбей зымырылышты.

Туяктардын дүбүртү. Аттардын кошкурганы. Күйөрмандардын кыйкырыктары.

Трибунадан аз эле өйдөрөөк үйлөр көрүнүп турат. Алар боппоз, бири-бирине окшош. Үстүңкү кабаттын балкондорунда күйөрмандар орун алышкан. Алар кичине отургучтарда отурушат, жалгыздан, экиден, кээси бүт үй-бүлөлөрү менен балкондордо. Бул жерден ипподромдун аянты алаканга салып койгондой көрүнөт.

Балкондордун бири. Мында отуздар чамасындагы аял менен беш жашар бала, кичинекей отургучта жоош кемпир отурат. Бөлмөнүн төрүндө кырк жаштар чамасындагы адам чыкылдатып машинкага бир нерсе басып жатат.

– Биздин Боз ат кана? Көрүнбөйт го? –деди аял дүрбүгө көзү тигилип.

Бала чаңды буруксутуп бара жаткан аттарды көзү менен бирден талдады.

– Тигине! Тигинекей! – деп кубанычтуу кыйкырды ал.

Маңдайында кашкасы бар Боз ат күлүктөрдүн арасында баратыптыр. Бала менен аял добуштары аянтка жете тургансып «өзүлөрүнүн» Бозун кыйкырып, сүрөөнгө алышты. Бир кезде боз ат чын эле арышын арбытып, алдыга чыга баштады.

– Папа! Папа! Биздин ат чыгып келатат, карачы! – деп кыйкырды бала.

Мурат машинке басканды токтотуп, балконго чыкты. Ал баласын карады да «ушинтип да кыйкырасыңбы» дегенсип башын чайкады. Бирок, өзү да аргасыздан ат чабышка кызыгып кетти.

Боз күлүк мойнун созуп үчүнчү болуп келе жатты.

Кыйкырыктар. Кол чабуулар. Уу-чуу!.. Сүрөөндөр.

Мурат бөлмөгө кирип костюмун кийди.

– Кайда барасың? –деп сурады аялы баш багып,

– Жумушка, – деди Мурат.

– Бүгүн жекшемби эмеспи? – деп эскертти аялы.

– Бүгүн биз иштейбиз, – деп жооп берди Мурат.

***

Бульвардын аллеясы. Дарактардан саргайган жалбырактар жаап турат. Мурат микрофонду кармап, «камерага иштеп» жатты.

Мурат:

– Саламатсыздарбы, кымбаттуу телевизор көрүүчүлөр! «Коңур күздүн бир күнү» деген берүүнү борборубуздун эң кооз бульварынан көрсөтөбүз. Бул бульварды кимибиз билбейбиз, жана кимибиз суктанбайбыз! Ал биздин шаарыбыздын кайнаган күндөлүк тиричилигин, анын күжүрмөн эмгекчилеринин бактылуу турмушун дайыма айкындап турат. Кыш келгенде биринчи түшкөн кар кычырайт, жазында бул жерде биринчи болуп ак кайың бүчүрүн ачып көгөрө баштайт. Ал эми коңур күздө болсо бульварыбыз бөтөнчө кооз, бөтөнчө көрктүү.

Сүрөтчүлөр бул жерге келип картиналарын тартышат, композиторлор музыкасын, акындар ырларын ушул бульварга арнашат. Нечен-нечен атактуу адамдар, илимпоздор, артист, жазуучулар ушул жерге келип серүүндөшөт. О,. кечиресиздер. Мен муну айтарым менен алдыбыздан кыргыздын Эл акыны, Социалисттик эмгектин баатыры Аалы Токомбаев келе жатканын кара!

Мурат утурлай басып, микорфон аркылуу учурашат:

– Ассалом алейкум, Аалыке! Аалыке, Пушкин күз мезгилин жакшы көргөнү белгилүү эмеспи. Ал эми сиз жылдын ушул мезгили жөнүндө эмне айтар элеңиз?

– Күз – өтө кооз мезгил, бирок, жашың жетимиштен ашкан кезде күзүндө муңдуу ырлар ойду бийлей баштайт экен, – дейт Токомбаев.

– Аалыке, сиз Октябрь революциясынан мурда төрөлгөнсүз. Сиздин коз алдыңызда жаңы мамлекет, жаңы социалисттик коом курулуп, минтип өркүндөп өсүп чыкты. Өзүңүз болсо улгайып, эл аксакалы болдуңуз, мындайча айтканда сиздин да азыр коңур күзүңүз толукшуп турган кези. Ал эми ушул бүгүнкү күнү өзөңөздүн уул-неберелериңизге кандай акыл-насаат айткыңыз бар?

Мурат микрофонду Аалыкеге сунду. Кинооператор болсо мунун бардыгын зырылдата тарта берди.

Токомбаев микрофонду алып: – Рахмат. Биз эми чындыгында эле Октябрдан мурда жаралдык, бирок, биздин өмүрүбүз Октябрдын өмүрү менен бирге эгиздей болуп келатат. Согуш, ачарчылык, ошонун баарын башыбыздан өткөрдүк, кыйынчылык убакытта колубуздан келген эмгегибизди ошол жаш өкмөтүбүз үчүн берүүнү аракет кылып келдик.

Мурат микрофонду өзү алып:

– Рахмат, Аалыке, туура айттыңыз. Дагы бир суроо. Ушул бүгүнкү күнү сизди кандай ойлор тынчсыздандырат?

Токомбаев: – Бул сурооңуз бардыгыбызды ойлонто турган чоң суроо. Менин азыркы личный көз карашымда биз ушул партиянын көрсөткөн эмне иштеш керек деген программаны, токтомду толук аткара албай жатабыз. Бизде ушу турмушубузда иштеп отуруп, туура иштей албаган, кээ бир айыптуулар дагы эле бар.

Бир канча кызматкерлерди билем. Бир жерден айдалса, экинчи жерге ошондон кем эмес кызматкер болуп отуруп калышат. Бирок буларга… боорукерлик кылып… кайдыгерлик кылууга болбойт, бардыгы жооп бериш керек.

Мурат: – Ал эми кемчиликтерден арылыш үчүн, кандай аракеттер керек?

– Чыгармачылык кызматкерлер, телевизордун кызматкерлери, печаттын кызматкерлери, жазуучулар, журналисттер, ушулардын бардыгы мүлтүлдөтпөй бетти ачып, мүлтүлдөтпөй ачык айтып, аны жылмалап жүрбөй, чындыгын көрсөтүп жазуу, иштөө биздин милдетибиз.

Мурат: – Аалыке, сизге чоң рахмат.

Токомбаев шашпай ары басып кетти.

Оператор ал кишинин кеткенин тартып алды.

Мурат өтө сүйүктүү жылмайып: – Ооба, урматтуу телекөрүүчүлөр,. Бүгүн биз чын эле абдан жолдуу экенбиз! Эми биз Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, бүткүл дүйнөгө атагы чыккан, кыргыздын эл жазуучусу, академик Түгөлбай Сыдыкбеков менен маектешип отурабыз…

Экранда Түгөлбай Сыдыкбеков менен Мурат. Алар калың бакта, кызыл-тазыл, сары жалбырактар төшөлгөн аллеяда, скамейкада отурушат.

Мурат: – Аксакал, ушул бакты бир кезде сиздер тиккен экенсиздер. Мына эми болсо ошол сиздер жерге сайып кеткен ичке чырпыктар көгөрүп, көктөп, тамыр бутактары барпайып, көктү тиреген бактарга айланды. Бүгүн минтип сиз менен кызыл-тазыл жайнаган күздүн жалбырактарын шуудурата басып, сейилдеп жүрөбүз. Ал эми сиз ошол кездеги өспүрүм бала, эми минтип ак чач болуп, атак-даңкка жеттиңиз. Небере-чөбөрөңүздү көрдүңүз… Эми ушул коңур күз келип, эл айткандай, ак төөнүн карды жарылып жатканда, сиз кийинки муундарга айта турган сөзүңүз бардыр.

Сыдыкбеков: – Бул бульварды, биздин борбор шаарыбыздын мындан башка да көп бульварларды жеке эле биз курганбыз десек, мактаныч болор. Бул бульвардын башкы башталышы биздин ата-бабадан курула баштаган. Биздин аталардын замандаштары курушкан. Ал эми биз болсок, мына ошолордун жолун жолдоп бульварды көгөртүүгө, жашартууга улам жаңы-жаңы бактардан тигүүдө эмгегибиз чоң. Ал эми биз ушуну курган кезде буга чоң ишеним менен келгенбиз, жаңы ийгилик, жаңы демилге менен келгенбиз. Бирок, ушул өткөн өмүрдө жолубуз шыдыр болгон жок, биздин жолубузда тик кыялар, терең кечүүлөр, кыйын мезгилдер да болду. Бирок, биз ошонун бардыгына чыдадык, белди бекем бууп, эмгектенип ысыкка-суука чыдап, ошонун натыйжасында азыркы жетишкендиктерге келип отурабыз.

Мурат: – Эң туура, аксакал, ырахмат, айып этпесеңиз эми дагы бир суроо. Ошол биздин бабаларыбыз – сиздер берген эстафетаны кийинки муундар кандай алып бара жатабыз? Бул жөнүндө пикириңиз кандай?

Сыдыкбеков: – Азыр мынабу дарак көгөрүп турат. Сыртынан карасаң баары жакшы, баары жашыл. Бирок, кай бир учурларда, борон болгондо, же биринчи кар түшкөндө кээси майышып, сынып калат, карасаң ичи көңдөй, ичин дарт чалган. Жакшынакай даракты ичиндеги кичинекей гана курт майып кылып койгон. Элде макал бар: «Ооруну жашырса, өлүмү аны ашкере кылат» деген. Бизде кээде артык баш эле мактануу бар, бул мактануу жанагыдай кээ бир кемчиликтерди жашырып коюп, биздин жалпы ишке зыян келтирет. Окуп билим алуу, иштеп эмгектенүү бул албетте сонун нерсе. Бирок, азыркы учурда эң негизги нерсе – бул тазалык, калыңдык, ак-ниеттик. Мен силерге ошону каалайм.

Мурат: – Рахмат, Түкө…

***

Телестудиянын чакан залы.

Бөлүмдүн редакторлору Мурат даярдаган «Коңур күздүн бир күнү» деген берүүнүн материалдарын көрүп жатышат.

Телевизордун экранында:

Бульвар, саргайган жалбырактар, Мурат микрофон менен «камерага иштеген» мезгилде сүйлөгөн сөздөрү угалат.Экран өчүп, залдагы электр жарк этти…

– Кана эмесе, жолдоштор, пикир алышалы? –деди башкы редактор. – Рахима Караевна, сиздин оюңузча ушундай берүүнү эфирге чыгарууга болобу?

– Тексти узунураак экен, бир аз кыскартып, эфирге жиберсе болот, – деди Караева.

– Мен жаңы адаммын, бирок, бул берүү мага негизинен жакпайт, — деди башкы редактор. – Материалдын өзү бай жана маанилүү. Ар бир каармандын артында доордун, республикабыздын тарыхы жатат. Алардын ар бири жөнүндө тарыхый роман жазууга болот. Ал эми силердин кабарчыңар аксакалдарга супсак суроолорду берип, атайын даярдалган жоопторду айттырып, сыланып-сыйпанып, өзүн көбүүрөк көрсөтүүгө жанталашат. Анан дагы сары жалбырактар күбүлүп, сентималдык музыка угулат, күз жөнүндө акылдуу сымал кооз сөздөр. Булар адамды ишендирбейт, – айтканынын бардыгы жалган сыяктуу угулат, – деп жыйынтыктады башкы редактор.

– Бирок, күз сары жалбырактар, музыка, ак чач аксакалдардын сөздөрү-мунун бардыгы адамды кыялдантпай койбойт, берүүнүн максаты да ошол болчу, – деди Караева.

– Телевидение – эмгекчилерди массалык түрдө тарбиялоочу куралыбыз, ошондуктан ал бизге ар кимдин ички кыял салуусу үчүн берилген эмес! Баса, унутпасам өткөн жолу жасалган берүүсүндө да ушундай кемчиликтер бар болучу. Менин оюмча, бул киши көргөн билгенин бардыгын жасап бүтүп, бир жерде айланып калган…

Отургандардын бири да үн каткан жок.

– Балким, аны Москвага, атайын курска жиберсек кантет? – деп сунуш кылды редакторлордун бири.

– Анда эмне чыгат? Жашы кырктан ашты, окууга жаштарды жибериш керек, – деди башкы редактор. – Рахима Караевна, сиздин сунушуңуз кандай?

Бары Караеваны карап калышты.

– Мен эмне деп айтарымды да билбей турам. Өзү абдан тажрыйбалуу адам, редакцияны түзгөн күндөн тартып иштеп келе жатат, азыр болсо минтип… – Караева эмне айтаарын билбей сөзүн токтотту.

– Азыркы күндө эски ыкма менен иштей берүү, Дзержинский бульварында ыңырчак токулган өгүз минип жүрүү менен барабар, – деди башкы редактор.

– Болуптур, жолдош Эрматовго өзүм түшүндүрүп көрөйүн, – деди Караева бир аздан кийин.

***

Мурат алдынан чыккан кызматташтары менен саламдашып, студиянын коридорлору менен келе жатты. Көңүлү жайдары. Эч нерседен шеги жок.

Студияда адаттагыдай бака-шака, ызы-чуу. Кабинетине келсе, столунда бир тутам гүлдөр менен открытка; «Кырк жашка чыкканыңыз менен куттуктайбыз. Жакшылык каалагандар». Мурат жылмайып, бир гүлдү күрмөсүнүн жакасына тагып алып,берки кабинетке кирди.

– Саламатсыңбы, Гүлжан! Мени эсиңе алганыңа рахмат. Гүлдөрүң так өзүңдөй татынакай экен, – деди ал машинка басып отурган кызга.

– Жалгыз эле мага алкыш айтканыңыз кандай? – деди Гүлжан.

– Бул дүйнөдө менин кимге керегим бар дейсиң?

– Балким абдан керексиздир! – деди Гүлжан кескин түрдө. – Сизди канайым күтүп олтурат.

– Эмнеге, билбейсиңби? – деп сурады Мурат.

– Билбейм. Сагынып калган го, – деп жооп берди кыз.

Кыздын какшык сөзүнө териге түшкөн Мурат кандай жооп кайтараарын билбей, бир аз турду да, үндөбөй коридор менен жөнөдү.

Мурат «Башкы редактордун орун басары Караева Рахима Караевна» деген жазуусу бар эшикти ачты.

– Гүлдүн кыпкызылын тандап таккан экенсиң? – деди Караева Мурат кирери менен.

– Кыркка чыгып койбодукпу! – деди Мурат.

– А-а, куттуктайм. Отур, – деди Караева.

– Кулак сизде, жолдош начальник, – Мурат олтура кетти.

– Сен жасаган берүүнү өткөрбөй салышты, – деди Караева.

– Ким жайлады? Башкы редакторуңарбы?

Караева жооп берген жок.

– Келе элек жатып, чоектой баштадыбы? – Мураттын жини келе түштү.

– Бирок, анын айтканы туура болуп жатпайбы?

– Кандай? Кандайча? Аныкы туура!?

Караева унчукпай столунан сценарийди алып чыкты.

– Мына, сен аксакалдарга суроо менен кайрылдың. Алар сага жакшы жооп беришти. Андан арычы? Андан ары сенин «ички монологуң» кетет. Өзүң угуп күрчү: «Албетте. Эгерде мезгилди муундардын алмашышына жараша эсептесек, элүүгө аяк баскан биз алар үчүн жетиле элек балдар сыяктуубуз» – деп куру чечен, тапандыкка салып корутунду чыгарасың. Бул эмне дегениң?

– Мезгил, турмуш жөнүндө олуттуу ой жүгүртөйүн дегем, – деди Мурат.

– Чоң темага тийишпе, жөнөкөйлөрүн ал деп сага канча айтам?

– А эгерде мен кандайдыр бир чындыкты ачып, аны адамдарга тартуулайын десемчи?

– Антүүгө сен ким элең? Шолоховсуңбу? Чыңгыз Айтматовсуңбу? Курт Вальдхайм деген сен болуп жүрбө? – деди шылдың менен Караева.

– Мен адаммын! – Мурат ызалана түштү.

– Кечирип кой, – деди аша чапканын байкаган Караева. – Бирок, мындан ары сага өзүнчө очерк берилбесин деди башкы редактор.

– Ага сен эмне дедиң?

– Мен эмне? Болушууга аракет кылдым, бирок, эч нерсе чыкпады. Сен дегенде менин тилим кыска болуп калат эмеспи, – деди Караева.

Жанатан бери бакылдап жаткан Мураттын дароо эле ындыны өчүп, бечара кейиптенип калды.

– Эми мен эмне кылам? – деп жалдырады Мурат. – Шелпейип кайра театрга барамбы?

– Өзүң бир кирип көрчү, – деди Караева. – Бирок… Ким билет… Адамгерчилик дегенди көп билбеген киши көрүнөт…

Көрсөткүч тактанын маңдайында кызматкерлер бири-бирин түрткүлөшүп күлүшөт. «Эптеп-септеп» деген рубриканын алдында Мураттын «Коңур күздүн бир күнү» деген берүүсү.

Мурат студиянын көп сандаган кыска жана узун шаты коридорлорун басып өтүп, бөлүмдүн башкы редакторлорунун кабинетине кирди.

– Отуруңуз, Мурат Сейитович, – деди сылык үн менен редактор.

Мурат отурду.

– Сиз билимдүү адамсыз, коомдук илимдердин академиясын бүтүргөнсүз, колуңузда бийлик бар, албетте, сиз менен айтышып отуруу өтө кыйын, бирок, биз деле Москвадан институт бүтүрүп келгенбиз, ал эми тажрыйбабыз болсо сиздикинен бир аз көбүрөөк болуш керек… – деп баштады Мурат какшыгын.

– Мен аны билем, – деди башкы редактор. – Бирок, сиздин кечээги жасаганыңыз бүгүн жарабайт. Караева сизге баардыгын түшүнгөндүр…

– Телестудия темир-бетон жасоочу комбинат эмес… Биздин ишти чыгармачылык иш дейт, ошондуктан, дайыма эле бардыгы эле гениалдуу боло бербейт, – деп кыстарды Мурат.

– Бирок, сиздин иштериңиздин баардыгы гениалдуу болбой жатпайбы , – деди башкы редактор.

– Мисалы?

– Мисалы, өгүнкү шахтерлор жөнүндөгү берүүңүз! Анда бардыгы болду: таш көмүр, машиналар, пландар, чакырыктар, ураандар. Натыйжада, үйдө олтуруп оозум толо көмүрдүн чаңын сугунуп алгандай болдум. Анткени, ал берүүңүздө негизги каарман – адамдын өзү жок. Шахтер сменаны бүтүрүп, үйүнө дем алууга келип, телевизорун койсо, сиз аны кайрадан шахтага түшүрүп жатпайсыздарбы! Ансыз да көмүрдөн чарчап келген неме, ошол замат экранды өчүрөт да, кошунасыныкына арак ичкени же домина, карта ойногону жөнөйт. Сиз ушуну ойлодуңузбу, – деди башкы редактор.

– Демек сиз бардыгын билип, калгандар акмак экен да! – деди Мурат.

– Жок, мен андай деп ойлобойм. Бирок, өзүм башкарган тармагыма мен өзүм жооп берем, – деди кескиндүү түрдө башкы редактор.

– Кыйын экенсиз, – деди Мурат.

– Рахмат. Бирок, мындан ары мен сизге берүүнү тапшыра албайм, – деди башкы редактор.

– Болуптур. Ал эми башкалар берсечи? – деп Мурат жогору жакты карап койду.

– Ал менин ишим эмес, өзүлөрү билсин, -деди башкы редактор.

– Саламат болуңуз!

– Саламат барыңыз!

Мурат эшикти тарс жаап чыгып кетти.

***

Мурат коридорлорду кыдырып, «Председателдин орун басары» деген жазуусу бар эшикке кирди. Андан чыгып «Партком» деген жазуусу бар эшикке кирди… кийин «Жергиликтүү комитет» деген жазуусу бар эшикке кирди… Акырында Мурат «Председатель» деген жазуусу бар эшикке кирди…

***

Караева телефон менен сүйлөшүп жатты.

– Макул жакшы. Жакшы. Колунан келет деп ойлоймун, – ал трубканы илип, кирип келген Муратка башын көтөрдү.

– Иш жайында жоопкерчиликти өз мойнума алдым. «Элдик депутаттар, клиниканын башчысы Мамакеев, эл артисти Миңжылкиев жөнүндө берүү даярдайсың. Бири врач, бири артист – бай материал жана кызыктуу. Күчүң жетеби? – деп сурады Караева.

– Жок, жетпейт, – деди Мурат.

– Болуптур, эми, көп ачууланбай ишке кириш. Убактың ченелүү. Болбой баратса, мага кел, – деди Караева.

– Рахмат, Рахима Караевна, – деди какшык менен Мурат.

– Сен эмне туталанып жатасың? Күнөө менде бекен?

– Жок. Сен аппаксың. Бирок, ар бир очеркти айгай менен алып калбадыкпы, ошого жиним келет, – деди Мурат.

– Ага сен жинденбегин.

– Болуптур, кечирип кой, – Мурат анын колун өптү. – А тиги кыйынсынган редакторуңа менден салам айтып кой. Мени бир эптеген байкуш деп жүргөн окшойт, – Мурат чыгып кетти.

Ал коридорго чыгып көрсөткүч тактасына илинип турган «Эптеп-септеп» деген дубал газетасын элдин көзүнчө тытып урнага ыргытты да сөгүндү…


***

Болот Минжылкиевдин үйү.

– Здоров ли князь? Что призадумался, гость мой? – эшикти чоң ачып Болот операдан ырдап жиберди.

– И сеть крепка, и ястребы надежны, да главред наш покоя не дает мне, – деп князь Игордун обонунда Мурат жооп берди.

Экөө тең каткырышып, бири-биринин колдорун кысышты. Өзлөрүнүн вокалдык тамашасына өзүлөрү ыраазы болушту көрүнөт. Ички үйгө кирип, кийимин которуп келгенче, Мурат журнал столчосундагы Болоттун гримделген жана гримсиз портреттери басылган дүйнөнүн ар түрдүү тилдердеги газета-журналдарды барактады. Ар бир сүрөттөн Болоттун ордуна өзүн элестетти. Москвада, Нью-Йоркто, Токиодо Мурат өзү ырдап жаткансыды. Операларда, концерттерде ырдады. Муратка кол чабышып, гүлдестелерин төгүштү. Ал өзүнүн ак костюмун кийип, кара көз айнекчен ак машина минип жүргөнүн элестетти.

– Кана, эмне ичесиз, маэстро? Коюсунанбы же суюгунанбы? –деген Минжылкиевдин коңур үнү анын кыялдуу элестерин бузуп жиберди.

– Суюгунан, бир сааттан кийин башкы редактордун алдына барышым керек, – деди Мурат.

– Анда, соо болгун! – деди Болот ак суу куюп.

Мурат бокалды көтөрүп, ичип жиберди.

Болот суу ууртады да, оозун чайкап ваннага барып, раковинага түкүрүп таштады.

– Э, кокуй бул эмнең? –деп күлдү Мурат.

– Муну профилактум – шнапсум – дезенфектум дейт. Ми-а-а-а-а! Ми – бемалюм жайында, Му, Мэ-э-э! «Фа» дагы азырынча жайында, – деди ал эки октава төмөн ырдап.

– Болот, мен бул жолу сени коомдук ишмер жана элдин депутаты катары даңкыңды чыгарууга келдим. Кана, ойлогон ой-пикириңди тартынбай ортого сал, – Мурат блокноттун алып авторучкасын даярдады.

– Ай –ий, байкеси. Ушуну жөн эле койбойсуңбу? Кийинчерээк жазаарсың, ушундайлардан абдан жадап кеттим, – дедим Миңжылкиев.

– Болот, анда сен мени тирүүлөй өлтүрөсүң! Менин намазымды кетире көрбө! – деп жалынды Мурат.

– Каап! Анда болуптур. Кана, эмне айтышым керек?

– Эмнени кааласаң ошону! Керектүүсүн өзүм тандап алам.

– Анда сен мага ачык суроо бер, ошондо мен эптеп жооп берермин. Мен мектепти деле ошентип жүрүп бүтүргөм, – деди Болот.

– Эмесе, уккун, жолдош бель-канто! Сенин чоң атаң койчу эле, эми ошол жаман чокой койчунун небереси сен минтип атактуу артист болдуң, бүт дүйнөнү кыдырып жүрөсөң, бир кезде улуу Шаляпин ырдаган дүйнөнүн эң мыкты театрынын труппасында орус падышасы Борис Годуновдун ролун аткардың. Менимче, бул сен үчүн гана эмес, бүткүл кыргыз элине чоң сыймык жана жетишкендик. Анысы аз келгенсип сен – Болот Миңжылкиев жөн эле артист эмес, республиканын парламентинин мүчөсүсүң. Депутатсың. Кана, буга эмне дейт элең? – Мурат жазууга даярданды.

– Ой –ий! досум, минтсең кишини ыйлатасың го… – деди Болот, – Мен сендей чечен эмесмин, бирок... мен деле анча-мынча бир нерселерди айтаар элем.

– Төгө бер! Телевизордон сүйлөп жаткандай сайра!

– Мени ушул даражага жеткирген мына бул киши дейт элем! – Болот столдон Лениндин кичинекей алтындан бууланган портретин алды. – Муну мага Токиодо тартуулашкан.

– О, баракелде! Эң сонун! И, дагы эмне? – Мурат жандана түштү.

– Анан туруп үнүмдүн бардыгынча дарылдап ырдап бермекмин! –деди Болот.

– Рахмат, эң сонун, байкеси, азаматсың! Башка нерсенин кереги жок, – Мурат портретти алды. – Сен муну студияга ала кел, ошол жерден азыр мага айтканыңдын баарын мага кайталай бер! – деди Мурат.

– Койчу, муну мен сага гана айттым!

– Болот, досум, кагылайын муну мен үчүн кайталап койчу! – деп Мурат жалына баштады..

***

Телевидениенин редакциясынын кабинети. Терезеден сары жалбырактар көрүнөт. Шырп эткен жел жок. Дарактар жасалма сыяктуу жансыз сумсайышат, жалбырактарды боз чаң баскан. Мурат кабинетке кирсе Гүлжан машинка басып олтуруптур.

– Сизге эмне болду? – деп сурады кыз.

– Болотко бардым эле, бир топ сүйлөшүп, эсим ооп калды.

– Атактуу адамдар башкаларды аябайт окшойт, – деди Гүлжан.

– Айла канча, – Мурат күлүп колун жайды.

Кыз демделген чайнекти апкелип, пиялага чай куйду.

– Өх, Гүлжан, сен периштесиң! Рахмат садагасы!

– Сиздин периштеңиз ким экени белгилүү го, – деди кыз.

– Эмне дейсиң? – Мурат чайды ууртабай токтоп калды.

– Сизди жанатан бери эшикте досуңуз күтүп турат, – деди Гүлжан жооптун ордуна, кабагын чытып, машинканы тарсылдата баса баштады. Анын түрүнөн капаланганы жана эч бир суроого жооп бербеси байкалды…

***

Мурат студиядан чыкты. Сыртта жаңы джинсы костюм кийген сыланкороз Такен күтүп туруптур.

– И, чакырган экенсиң? – деди Такен.

– Атасынын көрү, иш начар, – деди Мурат.

– Начар? Сеникиби? – Такен каткырып күлдү. – Жашсың, чырайлуусуң, белгилүүсүң, аялдарга жагасың, дагы эмнге керек сага?

Мурат колун шилтеди.

– Андай болсо жүр! Азыр көңүлүңдү ачам! – Такен Муратты колунан тартып айнектери пардаланган ак «Волгага» алып келди.

Машинада татынакай кыз бар экен.

– Эркетайым, бул деген көгүлтүр экрандын жылдызы, менин досум Мурат, – деди Такен. – Агайыңа аппак колуңду сунуп, ысымыңды айтагой!

– Эльвира, – деди кыз колун сунуп.

– Кеттик, – деди Такен.

– Балким мен… – деп баштады Мурат.

– Бол, бол кеттик! – Такен Муратты күч менен машинага отургузду.

– Кана, кайда кеттик? – Такен Эльвирага кайрылды.

– Жүрөгүм менин тоолордо! – деди кыз.

– Лаппай, кеттик, – Такен магнитофонду ойнотту. Машина тоо тарапка учуп жөнөдү.

***

Ак «Волга» шаркыраган суунун жээгине келип токтоду. Төмөндө калган шаардын үстүн кара туман каптап турат.

– Ой, шаарыбыз кайда калды? – деп таң калды Эльвира.

– Шаардын кара түтүнү, – деди Такен.

– Сүйүүнү жутат бүкүлү, – деди Мурат.

Кыз кыткылыктап күлдү.

Такен машинадан чыкты…

Эркектер суу жээгине отуруп, Такен гитарада ойноду.

Эльвира жээкти бойлоп басты.

– Анан эмне дешти? – Такен гитарасын токтотту.

– Үтүрөңдөгөн неме экен. Турмуштун чындыгын көрсөткүлө, эски ыкмалардан качкыла деп чакчаңдайт, өзү кыйратып салгансып. Очерк бербейм деп коркутат мени… өзүңдү реклама кылба дейт… өзүңдү эч ким көрбөсө, телевидениеде иштеп эмне кыласың? – деп даттанды Мурат.

– Ушу сен театрдан бекер кеттиң. Спкетаклдериңди коюп жүрө берсең, бирге иштейт элек, эмдигиче эмгек сиңирген ишмер болот элең, – деди Такен.

– Артисттердики жыргал: дайыма элдин көз алдындасыңар. Режиссердуку татаал, жамансыңбы, жакшысыңбы сени эч ким билбейт. Үңкүйүп сахнанын артында жүрөсүң, – деди Мурат.

– А-у-у! – деп кыйкырды суу жактан Эльвира. Эркектер баштарын көтөрүштү.

– Мен атымды жоготуп жибердим – деди кыз.

– Эмнени?

– Атымды!

– Барып келчи, – деди Такен.

Мурат туруп Эльвираны көздөй басты.

Эльвира чөгөлөп, саргайган куу чөптүн арасын тырмалап жүрөт. Мурат да чөгөлөп, «атты» издей баштады.

Суудагы майда таштардын арасында алтын чынжырга илинген канаттуу ат жатыптыр. Мурат аны суудан алды да, алаканына салып зергердин ишмердигине кызыкты.

– Эльвира!

Кыз башын көтөрдү да жаш баладай жылмайды.

Муратка жүгүрүп келди.

Мурат кыздын мойнуна алтын чынжырын салды.

– Муну эмне үчүн тагынып жүрөсүң? – деди Мурат.

– Бул менин тумарым, балким бир күнү ушул ат мени алыска, кара түтүнү жок жакка алып кетеби деп кыялданам, – деди кыз.

– Ту— умарым! Ой-ой! Тумарым, – деп ырдап койду Мурат.

Суу шаркырап агып, гитаранын добушу менен Такендин жагымдуу үнү угулат. Жигит сүйүү жөнүндө, назиктик, туруктуулук жөнүндө ырдап жатты.

– Агай, сиз сүйүү дегенге ишенесизби? –деди Эльвира.

Мурат суз гана башын ийкеди.

– Эгерде бир жаш кыз сизди сүйөм, сиз үчүн курмандыкка даярмын десе, сиз… эмне дээр элеңиз? – деп сурады Эльвира.

– Ал жаш кызды мен шыйракка чапмакмын! – деп күлдү Мурат.

– Эмне үчүн, сизди сүйүп калгандыгы үчүнбү? – деди Эльвира.

– Жок, курмандыкка даярмын дегени үчүн, – деди Мурат.

– Анда сиз өзгөчө жаралган адам экенсиз, эркектердин бардыгы сиздей болсо, бул дүйнөдө бактысын жоготуп койгон кыздар болбос эле, – Эльвира жер карады.

– Ал эмне дегениң?

Эльвиранын көзүнөн жаш кылгырды, ыйлап жибербес үчүн ал тура калды да Такенди көздөй жөнөдү.

Мурат жалгыз калды.

Такендин гитарасы менен суунун шаркырагы үн алышты…

Асманда боз булуттар каалгып баратты.

***

Түн. Жаан шатырап жаап жатат. Ак «Волга» карарган асфальттагы жаандын суусун чачыратып баратты. Эльвира артта отуруп уктап калды. Анын төшүндө баягы канаттуу алтын ат жалт-жулт этет.

– Мени үйгө жеткиз, – деп шыбырады Мурат.

– Биздикине барбайсыңбы? – деди Такен.

Мурат башын чайкады. Машина солго бурулду.

***

Түн. Мураттын квартирасы. Мурат коңгуроонун топчусун басайын деп барып токтоп, кулагын эшикке тосту. Жым-жырт. Ал өзүнүн ачкычы менен акырын эшикти ачты, чебердеп плащын, бут кийимин чечти. Дагы тыңшады. Үй-бүлөсү уктап жаткан сыяктуу. Бутунун учу менен басып, аркасы менен чоң бөлмөгө кирип бурулду. Нурила баласы менен диванда унчукпастан карап отуруптур.

Бөлмөнүн ортосунда ачылган чемодан, эркекетин көйнөктөрү, галстуктар, блокноттор, кол жазмалар чачылып жатат.

– Бул эмнең? – деди Мурат күлүп.

– Болду. Чарчадым, – деди Нурила ачуулу. – Мынабу чириктериңди алгын да жогол!

– Кечирип кой, кеч келгенимди… Ишим бузулуп жатат, – деп баштады Мурат.

– Угузба! – деп чаңырды аялы. – Качан бүтөт мунуң? Бир туруп, теле берүүңдү жамандашат, бир туруп программага киргизбей коюшат, бир туруп очерк тартууга руксат бербей коюшат… Айтууң боюнча баары эле сага кас, душман. Көрө алышпайт. Сен баарын жек көрөсүң. Сен үчүн үй да, үй-бүлө да жок. Өзүңчө эле чиренип күйпөлөктөйсүң. Болду! Жададым!

– Бизге жаңы редактор келди. Мени кызматтан бошоткону жатышат, – деди Мурат.

– Бошотсо, сенин ким экениңди алар да билгендир, – деди ачуусу менен Нурила.

– А-а, ырахмат сага, өзөктөн чыккан өрт экенсиң да. Ырас айтпадыңбы! Эми кете берсем да болот, – Мурат буюмдарын чогултуп, чемоданга салып, телефон менен такси чакыра баштады.

– Мама, папам кайда барат? – деп сурады уулу.

– Башка аялга барат, – деди Нурила.

– Дөөдүрөбө, акмак! – деди Мурат.

– Билсин чындыкты! – деп алкынды аялы.

– А-а, чындыкты дейсиңби? Уулум, апаң мени жек көрөт, анткени апаң илимдердин кандитаты, профессор болоруна аз калды, айлыкты менден эки эссе көп алат. Мен болсом министр эмесмин, эл артисти эмесмин. Ошондуктан мен жаманмын! – деп дарылдады Мурат.

– Калп! Калп! Калп! Укпа сөзүн! – деп кыйкырды Нурила.

– Ал жакшы аялбы, папа? – деп сурады уулу.

Мурат тиштенди – ушундай да тапан бала болобу!

– Сураба, балам, эч нерсе сураба! Экөөбүз муну жадатып жибердик! Сен экөөбүз атак– даңкка жеткизбей, кендирин кестик, ак машинага мингизбей, жыргатпай койдук! Бардыгына экөөбүз күнөөлүбүз!

– Ооба, ооба, ооба! Күнөөлүүсүңөр! – деп бакырды Мурат.

Мурат жабылбаган чемоданын кучактап сырты көздөй жулунду.

– Папа, токто! – балас артынан чуркады.

– Такси келип калды, уулум!

– Жөнө! Жөнөй бер! Тигиниң былтыйып күтүп жаткандыр! –деди ачууланган Нурила.

Мурат чемоданын босогого коюп, ызасы менен катуу бир сөз айтайын деди эле, берки бөлмөдөн Нуриланын апасы чыгып калды. Мурат эч нерсе айта албай, аргасыздан чемоданды кайра алды.

– Чыкпай эле коюңуз, апа, ыйлабаңыз! Ал сиздин көз жашыңыздан айлансын, – деди Нурила.

Кемпир акырын жашын сүртүп, унчукпай кайра берки бөлмөгө кирип кетти.

Короодон машинанын сигналы угулду.

– Сен мени… эч качан түшүнбөйсүң, – деди Мурат.

– Түшүнгүм да келбейт! – Нурила ыйлап жиберди.

– Акмак, катын! – Мурат үйдөн чыкты.

– Па-па! – деп кыйкырды уулу.

Кыйкырык Мураттын жүрөгүнө октой тийди.

– Папа-а!

Мурат дал ортосуна эки ок тийген немедей шатынын тосмосун кармап туруп калды. Эми дагы бир ок атылса, Мурат кете албас эле. Бирок уулу акылдуу жан, ал атасын аяды көрүнөт, үчүнчү жолу чакырган жок.

Короодо таксист тынчсызданып сигнал берип жатты.

Мурат машинага түшүп өйдө жакты карады. Балкондо үчөө тең анын кетип баратканын карап турушуптур.

Такси проспект менен зыпылдап жөнөдү. Жамгыр төгө берди.

***

Микрорайондун бардык үйлөрүндөй эле бозоргон бетондон курулган үй. Бирок бул ошонун үйү.

– Ким? –деди аялдын үнү.

– Мен, – деди Мурат.

– Ай-ий, бетим, тынчылыкпы деги? Түрүң кантет шөлбүрөп? – деди Рахима эшикти ачып.

– Жамгыр, – деди Мурат.

Кирпик-кашында эч бир косметикалык боегу жок, жылуу халатчан чырайлуу Караева Мураттын көзүнө ого бетер ырайымдуу көрүндү.

Ал унчукпай чемоданын коюп, суу болгон күрмөсүн, бут кийимие чечип, паркетке нымдуу изин калтырып, бюөлмөгө кирди.

– Кел, отур мен чай коеюн, – Рахима кухняга чыгып кетти.

Телевизордон фигуралык муз тебүүнүн чемпионаттын көрсөтүп жатыптыр. Жан эриткен музыка какшап, мотурайган кыз жигит кол кармашып спорттук устаттыгын көрсөтүүдө.

Берки бөлмөдөн жети жашар чамасындагы татынакай кыз чыкты.

– Саламатсыңбы, Аселичка? – деди Мурат өтө мээримдүү.

– Саламатсызбы, Мурат байке, – кыз жылуу жылмайды. – Эми сиз биз менен жашайсызбы? – деди Мураттын чемоданын көрүп

Мурат кыздын чукул суроосуна жооп бере албай мукактанып калды.

– Билбейм, Аселичка, апаңдан сура, – деди Мурат акыры.

Рахима чай алып келди.

– И, эмнени кеңешип жатасыңар? – деп сурады ал.

– Жөн эле! – деди Мурат.

– Кызым, барогой, укта, кеч болуп кетти, – деди Рахима.

Кыз өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетти.

– И, эмне болду? – деп сурады Рахима.

– Эмне болмок эле… сага келдим, – деди Мурат. – Биротоло…

– Ал эмне дегениң?

– Үйдөн кетип сага келдим дегеним, – Мурат чечкиндүү сүйлөдү.

– Сен байкабай адашып кеткенсиң го. Микрорайондун үйлөрү бири-бирине жумурткадай окшош эмеспи, – деп күлдү аял.

– Сенин үйүңдү көзүм кашайып калса да табам, – Мурат чөгөлөп анын колдорун, ийиндерин, мойнун, чачын өпкүлөй баштады. – Мен сенсиз жашай албайм, Рахима.

Рахима башын чайкады.

– Сен азыр ишиң бузулуп, туталанып жатасың, эсиңе келгенде үйүңө кетип каласың. Сен боорукер, ак ниет адамсың, кызым экөөбүз сага көнүп, сүйүп да калабыз, анан сен кетип калганда биз… Тетигилерди карачы! – Рахима телевизорду карай башын ийкеди.

Экранда жигит кызды башынан өөдө көтөрүп муз тээп вальста айланып жүрөт. Сулуу кыз экрандан бактылуу жылмаят. Күйөрмандар чуру-чуу…

– Азыр жигит тетиги кызды музга таштап жиберсе, эмне болоорун элестетип көрчү, – деди Рахима.

– Кааласаң, башка республикага, Москвага, жердин түбүнө кетебиз. Өзүбүз үчүн жашап кумарданабыз! – Мурат жалынып-жалбарып аялдын колдорун өпкүлөдү.

– Анан мен квартирамдан жоро-жолдошторумдан, кызматыман ажырап калсам, ээ? – деди Рахима.

– Сенин куураган кызматың сүйүүдөн да, бактыдан да, жада калса өмүрдөн да кымбатпы?

– Кымбат эмес, бирок, сен деп бардыгынан ажырап, аягында соксоюп жалгыз калгым келбейт, – деди аял.

– Демек сен мага ишенбейт экенсиң да… – Мурат ордунан турду.

Рахима жооп бербей коньки тепкен фигуристтерди карап отура берди.

Мурат плащын, чемоданын алды.

– Кайда барасың? Жамгыр төгүп жатпайбы? –деди Рахима.

– Сени музга таштабачулар менен бийлей бер! – Мурат эшикти шарт жаап чыгып кетти.Төркү үйдөн Рахиманын кызы чыкты.

– Мама, Мурат байкем кайда кетти? – деди кыз ыйламсырап.

– Билбейм, кызым… Барагой, барып укта, – деди Рахима.

– Ал эми такыр келбейби? – деди кыз.

– Билбейм, кызым, – деди Рахима.

***

Бульвар. Жамгыр шатырата төгүп, бак-дарактын саргарган жалбырактарын күбүйт. Түн. Мурат бозоргон үйлөрдү аралап кете берди. Колунда чемодан. Ар бир үйдүн балкон-терезелеринен Муратты шылдыңдагансып күйармандардын кол чабуулары угулат. Ар бир үйдө фигуралык муз тебүүнү көрүп жатышса керек.

Мурат телефон-автоматтарга келип, трубканы алды.

– Алло, атаң үйдөбү?

– Командировкада, – деп жооп берди баланын үнү. Будканын айнектеринен адамдын көз жашындай болуп жамгыр шорголойт. Дагы бир номерге чалды, ал жооп бербеди.

Мурат «Жаштык» кафесине келди. Каалгасынды «орун жок» деген жазуу.

Мурат айнектелген терезени какты. Униформа кийген швейцар келип, орун таптакыр жок дегендей белги берди.

Микрорайондун үйлөрү. Чемодан көтөргөн Мурат бозоргон үйлөрдү аралап кете берди…

***

Мурат калпак, плащынан жаандын суусун шорголотуп дагы бир квартирага келди. Эшиктин алдында мебелдин куру ящиктери үйүлүп туруптур. Коңгуроону басты.

– Оо-о! Азамат! Келегой! – деп бакырды балтайган киши эшикти ачып. – Жаңы мебелди жууп жатабыз. Импорт!

Кийим илгичте жалаң норка жакалуу белгиялык пальтолор илинип туруптур.

Үй толо коноктор. Столдо шыйрактарын сырайткан күрпү-тооктор, устукан-устукан эттер, бөтөлкөлөр.

– Өлкөбүз өссүн!

– Душмандар өлсүн! – деп кызамтал коноктор хор менен ырдап, бурчта башкалардан обочо столдо кара костюмчан, галстугун муунта байланган адам дирижерлук кылып жатыптыр.

– Тынч! – деп кыйкырды үй ээси. – Бизге ким келгенин билесиңерби?!

Коноктор тынчтанып Муратты карашты.

– Силер муну телевизордон гана көрөсүңөр! Э? И! А мага бул киши кайни болот, – деп жарыялады үй ээси.

– Штраф! – деп өзүнчө столдо отурган киши буйрук берди.

Муратка бокалга мелт-калт арак сунушту.

Мурат аны тынбай тартып жиберди.

– Ура-а! – конокторго бул абдан жакты көрүнөт.

Дивандын алдынан килейген дөбөттүн башы көрүнүп, корс этип үрүп, кайра жоголду.

– Мына! Көрдүңбү кандай сонун адам! Жөнөкөй! – үй ээси Муратты балч эттире өптү.

– Эй, телевизор! – деп чакырды өзүнчө столдо отурган киши. – Бас бери!

Мурат столдон кагаз салфетканы алып, оозун аарчый, ага жакындап келди.

– Кана, мени күлдүрчү! – деп буйруду өзүнчө столдо отурган киши.

– Кечиресиз, аксакал, мен маскарапоз эмесмин! – деди Мурат.

– А-а, де! Анан кимсиң?

Мурат эмне деп жооп берерин билбеди.

– Анткорлонбой эле кой, бул дүйнөдө бардыгыбыз маскорапозбуз. Апкел? – киши колун сунду.

Мурат колундагы кагаз салфетканы берди.

Киши калемин алып, салфетканын бурчуна барбайтып «кызматтан бошотулсун!» – деген резолюция койду да, столго таштады. – Эми барагой! Кымбаттуум!

Коноктор дуу күлүп жиберишти.

– Аман жүрүңүз! – Мурат кагазды майдалап тытып, тигинин тарелкасына ыргытты. – Какап калбаңыз!

Коноктор унчукпай калышты. Ыңгайсыз пауза боло түштү.

– Кана эмесе, туугандар, бийлейли! – үй ээси Муратты колтуктап берки бөлмөгө алып кетти.

– Жүрү, мебелибизди көрсөтөйүн. Сен ал кишиге таарынба. Эки жылы начальниктин милдетин аткарып жүрчү эле, бекитпей коюптур, ошого абдан капаланып жатат.

Коноктор столдон чыгып, бири-бирине жамбаштарын, аркаларын тийгизип, далдайган мебелдердин арасына кысылышып бийлешти.

Үй ээси менен аялы Муратты кыдыртып бөлмөлөрүн көрсөтүштү.

– Мына керебеттери. Бул китеп койчу шкафы. Үйдө бир да китеп жок, бирок, акча бар – сатып алабыз. Бул жерге жазуу столу менен креслону коебуз. Сонун кабинет болот, – деп түшүндүрдү үй ээси.

– Кабинетиңе отуруп алып эмне жазасың? Тоголок аразбы, же адамзат кайсы маймылдан тараганын далилдейсиңби? – деп сурады Мурат.

– Эмне жазмак элем!? Жөн эле отурам! – деди үй ээси мостоюп.

– Жыгачты толтурупсуңар. Муну отун кылып жакса, быкшып далайга дейре түтөйт турбайбы! – деди Мурат.

– Э-э, садагасы, колдон келип турганда, алып коюш керек. Жыл сайын кымбаттап баратпайбы, -деди үй ээси.

Аялы суу чүпөрөк менен улам бир мебелди сүртүп бактылуу жылмайып, алардын артында жүрдү.

Коноктор танго бийлеп жатышты. Эки жыл начальниктин милдетин аткарып бекибей калган киши рюмкасын колуна кармап, трибунадан сүйлөгөнсүп бакылдады:

– Ооба! Адам дүйнөгө бир гана жолу келет. Анын жашоосу убактылуу. Ал эми начальниктин милдетин аткаруу деген эмне? Бул деген башка бирөө үчүн сөгүш алуу. Мен эки жыл начальниктин милдетин аткарсам, силер өмүр бою адамдын милдетин аткарып жүрөсүңөр! – деп кыжырланып, алаканы менен столду бир чапты эле, баягы дөбөт чочулагансып дивандын астынан башын чыгарып дагы корс этти.

– Тсс! Киши укпасын!

Дөбөт анын сөзүн түшүнгөнсүп башын ийди.

Бирок, анын сөзүн уккан киши жок. Бардыгы бака-шака түшүп, тердеп бийлеп жатышты.

– Сен эч качан, эч кимге таарынба, кереги жок, – деп жатты үй ээси Муратка. – Сен бар – бактыбыз бар. Кана, дагы бирден соголу.

Мурат бокалды бошотуп, жерге бир чапты да жинденип бийлеп кирди.

Коноктор аны тегеректеп, шак-шак кол чабышты.

– Мына, көрдүңбү кандай мыкты жигит! – деп кортойду үй ээси. – Менин аялымдын жакын инилери!

Бийлеп жатып Мурат журнал столчосуна чалынды.

Аял столчону башка тарапка жылдырды.

Мурат столчого дагы чалынды. Жини абдан келди окшойт столчону бөлмөнүн ортосуна койду да, күчүнүн бардыгынча секирди. Столчонун бырын-чыры чыкты.

– Мына көрдүңбү кандай адам! – деди үй ээси басаң үн менен, эмне дээрин билбей…

***

Түн. Жамгыр. Вокзал. Темир жолдун суу болгон рельсалары жалтырайт.

Мурат аллеянын ортосунда турат, кызуу. Айланада жан жок. Бош вагондордун караандары гана дүпүйөт. Караңгыдан жакындап келе жаткан поезддин лакылдаган дүбүртү угулду.Мурат башын көтөрдү. Бетинен көз жашы жамгыр аралаш шорголойт. Ал ичинен ыйлап жаткан сыяктуу. Мурат өз боюн таштачудай поездди көздөй умтулду. Бирок, бир секунд калганда коркуп кетти окшойт, жакасын карманып, өзүн-өзү токтотуп туруп калды. Вагондор какылдап-шакылдап өтө баштады.

Мураттын көз алдына элес келди:

…Ипподром. Аттар кыраан-сүрөөн менен жөнөп бара жатышат. Алдыда келе жаткан боз кашка күлүк чабендеси менен кошо кулап, чаң топуракка аралашып тура албай ооналактайт. Мураттын уулу аны көрүп буркурап ыйлайт. Мурат баласын соорото албай алек. Боз кашка араңдан зорго туруп, тер менен топуракка булганып, эшейип жарыштан чыга берди…

Бала аттын тирүү калганын көрүп ыйын токтотту, жылмайды…

Мураттын алдынан калдырап акыркы вагон өтүп кетти.

Мурат аман калганына кубангансып, жеңилдене үшкүрүп, перронго чыкты. Жаан шатыратып төгө берди.

Мурат жолдун боюнда туруп такси токтотту, дөңгөлөктөрүн кычырата бурдуруп, айылы көздөй жөнөдү.

***

Түн. Жамгыр. Уйку баскан айыл. Бир гана терезе жарык. Бул атасынын үйү. Мурат эшикти какты.

– Ким?

– Ата, менмин, – деди Мурат.

Атасы Мураты көпкө тиктеп турду. Анын үстү-башы суу, баткак, өзү мас сыяктуу.

Үй ичи жылуу жана жайлуу. Дубалда Мураттын, Нуриланын, уулунун, атасы менен апасынын портреттери илинип турат.

Атасынын кырктар чамасындагы погонсуз солдат гимнастеркасын кийген сүрөтү.

Мурат аны көрүп мындан жыйырма жыл дээрлик өткөн окуяны эстеди.

Жыйырмага чыга элек. Мурат короонун ортосунда турат. Чачы шаардыктарча коюлган, колунда чакан чемодан. Эшиктин алдында кенен көйнөкчөн, бутуна көлөшүн коңултак салган атасы. Короону тууган-туушкан айылдыктар тегеректеп турушат. Сокмо дубалдын үстүнө айылдын балдары таранчыдай тизилишкен. Андан ары, дөңсөөдө кызыл-тазыл жоолукчан келиндер чакаларын жерге коюп, короодо болуп жатканды тыңшап мостоюшат.

Жоош-момун апасы баласынын жанына жолой албай бери жакта турат.

– Мынабу акмак, бардыгыбызды алдаптыр! Биз ынтымакка келип, муну чатыр үй салгандын окуусун бүтүрүп, ага-тууганына үйрөтөт деп шаарга жиберсек,кылганын карабайсыңарбы! – деп күпүлдөйт атасы. – Маскарапостун окуусуна кирип, артист болуп, кызматтан чарчап келген кишилердин көңүлүн ачат имиш. Ой, акмак! Сен деген жердин уулусуң! Бул жер сенин ата-бабаңды баккан, сен муну кантип таштайсың! Биздин көзүбүз өтүп кеткенде жерге ким кожоюн болот?! Баарыңар туш-тушка чилдей тарап кетсеңер, ким сугарып, ким эгип, айдайт? Малды ким багат?

Апасы Муратты көздөй умтулду.

– Бас бери делдектебей! – деп күркүрөдү атасы. – Киргизбе үйгө, жүрсүн шаарда калбасынын очеретинде түртүшүп. Мен муну маскарапоз болсун деп жараткан эмесмин!

– Ата-бабабыз өмүр бою мал багып, жер айдап, сөөгүнө кийиз менен чылгый теринин жыты сиңген! Аларың бок мурун балдарынан башка эмне мурас калтырды?! Биздин уруудан жок дегенде бирөөбүз жер үстүнө көтөрүлбөйбүзбү? Мен маскарапоз болбойм, ата. Мен режиссер болуп артисттерди ойнотом. Адамдар сиздин атыңызды радиодон угат, кинодон көрөт, газета– китептен окушат! Сиздин даңктуу атыңыз небереңизде, андан да ары сакталып кала берет. Ошону мынабу мен – сиздин уулуңуз жасайт! – деп бакырды Мурат.

– Кой, Эрмат! Баланын да билгени бардыр! Чымыны болсо, биздин урууну эл журтка таанытып, Чыңгыз Айтматов сыяктуу айылыбыздын даңкын чыгарар, сабыр кыл, иним! –деди Ашым карыя.

– Сабыр кылыңыз, аба! Кечириңиз! – деп сүрөп жиберди беркилер да.

Атасы унчукпай калды.

Эл да «эмне болор экен» дегенсип тунжурайт.

Артта гана дубалда отурган далдайган шапкечен бала мурдун улам шор тартып, жеңи менен сүртөт. Атасы эшиктин тепкичине чыкты, бери бурулду. Бир нерсе айтайын деди көрүнөт. Бирок ал эч нерсе айтпады. Ал өзүнүн ысмын радиодон угуп, газеталардан окуп жатканын элестетти окшойт. Уулу жерден көтөрүлүп, эл журтунун атагын чыгарарына ишенди көрүнөт. Колун шарт шилтеп үйгө кирип кетти.

Апасы сагынган уулуна учуп жетип, мойнуна асылды… өпкүлөдү…

– Ата, мен сизди… алдадым… Атыңызды чыгара албадым, атак-даңкка жетпедим… – деди Мурат.

Атасы шашпай дасторконго эт, алма, нан, чай койду.

– Мен сени атак үчүн жаратып бакан эмесмин. Мен сени бакты-таалайым үчүн, жер үстүндө жашап, тукумуңду улантсын деп жараткам, –деди атасы шашпай чай ууртап.

***

Таң эртең… Мурат талааны аралап басты. Жолдон четте трактор күрүлдөйт. Соколордун курч тиштери жаңы чыккан күндүн нуруна күзгүдөй жалтылдайт. Айдоонун үстүндө жабалактап капкара чөкө таандар какылдашат. Тракторчу машинасын токтотуп, моторун өчүрбөй далдаңдап Муратты көздөй чуркады.

– Ой! Ассалом алейкум! – деп кыйкырды ал, колдорун арбайтып.

– А-а! Бейшенбай! Сенсиңби? Кандай? – деди Мурат.

– И-и, менмин! Анан ким болмок эле!? Ой, укмуш, кече сени телевизордон көрдүк эле. Бүгүн минтип маңдайымда турасың! Эмесе мындай, досум, мен сени биринчи көрдүм, биринчи конокко чакырам, – деди Бейшенбай. – Кел! Кечинде. Алымкан сүйүнүп калсын. Макулбу?

– Макул, – деди Мурат.

– Болуптур, анда! Тракторум күтүп калды. Таарынат, – Бейшенбай тракторду көздөй жүгүрдү…

***

Атасы короодо теректин көчөттөрүн эски дүмүрлөрдүн арасына тигип, тиричилик кылып жүрөт. Мурат күрмөсүн чечип атасына жардам берүүдө.

– Ассалом алейкум, аксакал, ботом, баягы жаман уулуң келип калган го! – Жээрде айгыр минген өскүлөң мурутчан адам арбайган колун сунду.

– А-а! Ашыр байке! Саламатсызбы? – деди Мурат.

– Өгүнү Иманкуловдукуна отурсак, кичи кызым жүгүрүп келди. Мурат байкем телевизордон сүйлөп жатат деп. Биз оокатты таштап, сени тиктеп отурдук. Молодец, катырдың! Сен биздин сыймыгыбызсың, кагылайын, сени бүт Кыргызстан, бүт Өзбекстан, бүт Казакстан билет! Бүгүн болсо байкеңдин майрамы. Сүт боюнча биринчи болдук. Мына көрүп кой, жаман байкеңди! – Ал бозомук басылган райондук газетаны сунду.

Биринчи бетинде Ашырдын сүрөтү бар экен.

– Кечинде үйгө келип, чай ичип кет. Башкарма менен парторг келет, – деди Ашыр.

***

Бейшенбайдын короосу. Анын аялы Алымкан чоң казанда боорсок бышырып жатат. Бейшенбай кой союп, баласы отун жарып, бир кызы короого суу чачып, экинчиси бакта гүл кыркып жүрөт. Айтор, үй-бүлө кадырлуу мейманды күтүп бака-шака.

Жакшы көйнөгүн кийип, чырылдата боорсок бышырып жаткан Алымкан анда-санда үйгө чуркап кирип күзгүгө каранып, чачы-башын оңдонот.

***

Ашырдын багы. Мурат төрдө. Дасторкон толтура.

– Бул иниң башкармабыз Сакен Ишенов, аркы иниң парторгубуз Жумаш Ибраев. Ушу эки жаш аксакал колхозду алдыга чыгарышты. Жазында шаардан келип, мени киного тартышты. Сен жибергениңди дароо билдим. Кудай уруп, сени уят кылбайын деп жан талашып иштедим, -деп бакылдады Ашыр.

– Ашыр байкемди киного жыл сайын тартыш керек турбайбы! – деп күлдү парторг.

– Эми тартпаса койсун, эми кызыл тууну оңой менен бере койбойм! – деди Ашыр.

– Сакен экөөбүз үч жылдан бери мындабыз, байке, – деди Ибраев. – Иш татаал. Кол жетишпейт. Жаштар мектепти бүтөрү менен таалай –дөөлөт издеп шаарга жөнөшөт. Техника бар, чарба чоң, ал эми адамдар – депицит. Мына, сиз мисалы үчүн канча сом айлык аласыз?

– Ар кандай. Маянам жүз элүү, гонорар менен эки жүзгө жетип калат, – деди Мурат күлүп.

– Бизде, – деди Ибраев, – ар бир колхозчу орто эсеп менен үч жүз сом алат, буга короо чарбасын, өзүмдүк мал жана таза абаны кошуп туруп, шаардагы миңдеген машиналардын түтүнү менен ызы-чууну алып коюңуз. Анан дагы жүрөк менен баш оорулар да шаарга караганда он эссе аз, – деп кошумчалады парторг.

– Иши кылып кайда эмгектенсек да сиз сыяктуу элибиздин сыймыгы болуш үчүн көтөрүп коелу, – Ибраев бокалын бошотуп дасторконго койду.

– Мына, – деп кыйкырды Ашыр. –Жаңылбасам, арак ичпегиле деп урушкан сиз белеңиз?

– Иттей ачуу экен! – деп күлдү Ибраев.

Алар тамашага жаңы эле күлө баштаганда, сырттан дабыш угулду.

– Экөөбүз бир партада отуруп окуганбыз! Мен Муратка биринчи жолугуп, биринчи чакыргам. Балдарым күтүп отурат. Алымкан күтүп отурат! Көрсө силер менин коногумду алып кеткен турбайсыңарбы! Кое бер! – деп бакырды Бейшенбай.

– Кой, кагылайын чоңдор бар. Уят! – деп жалбарды Ашырдын аялы.

– Чоңдорбу? Аларың менсиз ким? Билесиңби? Жумуртканын көңдөй кабыгы!.. Ассалоому алейкум! – Бейшенбай дардайып меймандардын алдына келип калды.

– Келегой, Бейшенбай! – деди үйдүн ээси кең пейилдүүлүк менен.

– Төргө өтүңүз, – деди Ибраев өтө сылык.

– Ырахмат, өзүңөр отургула! Биз ушундай эле турабыз. Биз кара май, топурак жыттанабыз… Биз керели кечке кара жер менен алекпиз, – деп күркүрөдү тракторчу.

– Аны кийинчерээк айтпайсызбы? – деди Ашыр токтоо. – Мында улуу-кичүү деген бар…

– Кийинчерээкпи? А кийин Муратты кайдан табам? Же телевизор менен сүйлөшөмбү? Ооба! Бейшенбай жаман киши! Бейшенбай ичет! Ооба! А жер айдаган ким? Бейшенбай! Алдыңардагы нанды тапкан ким? Баягы эле жаман Бейшенбай… Чоңдор көп, мен жалгыз. Баарыңар импорт костюм кийип, галстук байланып, күлтүрнүй болуп кетипсиңер. Андай эле күлтүр экенсиңер, бирөөнүн коногун тартып кеткениңер кандай? Эмне мени басынтасыңар? Мен мунуңарга чыдабайм! – деп жулунду Бейшенбай.

– Ай, чоң жинди! Сенин чакырганыңды мен кайдан билдим? – деди Ашыр.

– Эмне айткан жокпу тиги? – деди Бейшенбай.

Ыңгайсыздык боло түштү.

– Сен мени кечирип кой, досум, – деп баштады Мурат.

– Түшүндүм! – Бейшенбай анын сөзүн бөлдү. – Кулдугум бар, аксакалдар, – ал калпагын алып таазим кылды. – Сен, Мурат, бери чык! Сөз бар!

– Жарайт, таксыр, – Мурат күлүп, ордунан турду.

Алар короого чыгышты.

– Чоңдор менен отурганым жакшы дечи. Бирок, балдарым Мурат байкебиз келет деп бүт айылга мактаныптыр.

– Кечирип кой, Бейшеке, эсимен чыгып кеиптир…

– Эисиңен чыгып? Эртең менен айтпадым беле?

– Айткансың, бирок, мен көп маани бербесем керек, – деди Мурат.

– Ал эмне дегениң? – Бейшенбайдын жини кайра келди.

– Сага жолугушканыма кубанып, айткандарың кулагымдын сырты менен кетсе керек! – деди Мурат.

– Жойпуланба! – деп Бейшенбай колун шилтеди. – Сен мени дөөдүрөк дегенсиң го! Кечиресиң. Бейшенбай телевизордон какылдап сүйлөбөйт. Ал эртеден керели кечке унчукпай иштейт. Куру сөз сүйлөбөйт!

– Болуптур, болуптур, Бейшеке! Айып менде! Бир аздан кийин сага барам, ошондо бардыгын сүйлөшөбүз, – деди Мурат.

– Урдум сөзүңдү! – Бейшенбай колун шилтеди. – Чыккынчы! Адамдык касиеттиң жок болсо, мынабу галстугуң бир тыйын! Менин сөзүмдү баалабасаң, урдум сенин телевизоруңду!

– Болду, Бейшенбай, токтот! – Мураттын да ачуусу келе түштү.

– Адам болсоң, карыган атаңды жалгыз таштайт белең?! Жатып калса оозуна ким суу тамызат? – деп жекирди Бейшенбай.

– Бейшенбай жаагыңды баспасаң таяк жейсиң! – деди Мурат.

– Сенденби? Менби? Кана, баштап көрчү! Кана! – Бейшенбай чокмордой муштумун көтөрдү. – Жылмаңдаган бетиңди далайга дейре телевизордон көрсөтпөс кылып коеюн!

Мурат анын колун четке кагып жиберип, ичке жана бетке сокту.

Чууга чуркап чыккан Ашыр аларды арачалай баштады.

Бейшенбайдын мурдунан кан кетти.

– Ой, ой силерге эмне, жин тийдиби? – деп кыйкырды Ашыр. – Таза кантужин го бул экөө!

– Өлтүрөм! –деди Мурат.

– Өлтүрөсүңбү? Чындыкты айтканым үчүнбү?! Өлтүр! Ме, ур! Кошаматчы акмак! Шаардан кулгандыкты үйрөнгөн экенсиң! Рахмат сага! – Бейшенбай ыйламсырап төөнүн таманындай алаканы менен бетин аарчыды.

Ашырдын аялы чуркап келип аны үйгө жетеледи.

– Сабыр кыл! Бейшеке! Үйдө ардактуу коноктор бар турбайбы. Эсиң бар эмеспи! Досуң уруптур, чыдап кой. Кечир. Ал атактуу адам! Каны суюк, – деп жоошута баштады аял. – Сен деген жөнөкөй адамсың…

– Ал эмне үчүн мени урат! Жыйырма жыл чогуу өскөнбүз! – Бейшенбай бырыңдап үйүнө кетти.

***

Хирургиянын клиникасы. «Телевидение» деген белгиси бар машина короого кенлип токтоду. Мурат менен кино камераны көтөргөн оператор чыкты. Алар костюмдарынын үстүнөн ак халат кийип, узун коридор менен басышты. Керебеттерде колу-башы таңылган адамдар жатышат. Кээ бир палаталардан кыйкырык, онтогон үндөр угулат.

Мурат менен оператор люктан карап турушту. Ылдый жакта операция жүрүп жатты. Доктурлар кимдир– бирөөнүн чалкалап жаткан денесине эңкейишкен.

Профессор Мамбет Мамакеев оозун жапкан ак дакини чечти да сыртты көздөй басты. Мурат менен оператор ылдый жөнөштү.

Кара тору, жапалдаш бойлуу, ак топучан Мамкеев коридордо туруптур. Медсестра анын кан чачыраган бетин аарчып жатыптыр. Далыларынын ортосу чыпылдаган тер. Профессор оор дем алат, Муратты көрүп баш ийкеди.

Оператор кино камерасын иштетти.

– Саламатсызбы, профессор, сизден интервью алалы дедик эле! – Мурат микорфон менен Мамакеевдин жанына келди.

Мамакеев «койгула» дегендей колдорун көтөрүп, башын чайкады. Капалуу.

– Туугандарына кабар айтайынбы? – деп сурады медсестра.

– Кийинчээрек, – деп профессор операция бөлмөсүнө кайра кирип кетти.

Мурат медсестраны суроолуу карады.

– Пациент каза болду, – деди медсестра.

– Каза болду? – деп таң калды оператор.

– Профессор кудай эмес да, – деди медсестра.

Мурат менен оператор шалдайып басышты. Туш-туштан онтоо угулуп. Бети башын таңуулаган, балдакчан адамдар жолугуп жатышты. Денелери кан болгон эки жигит менен бир кызды замбилге салып өтүштү. Алар катуу онтошуп, жигиттердин бири шолоктоп ыйлайт. Палаталардан оруулар баш багып аларды карашат.

– Машинасы авария болуптур, -деди кимдир бирөө.

Мурат менен оператор ооруканадан чыгышты.

Короодо күндүн нуру жаркырайт. Бактарда сандаган таранчылар чурулдашат, көлөкөдө турган скамейкаларда боз халатчан оорулар домино ойноп жатышат. Маңдайкы айнегинде кызыл крести бар «Мосвичтин» шоферу жапжаш медсестра менен тамашалашып турат. Машинанын приемнигинен Шостаковичтин элегиясы кубулжуйт. Секелек кыз сары кирпич менен боз асфальтка үйлөрдүн жана куйруктары сербейген иттердин сүрөттүн тартып алек. Жер жүзүндө тынчтык, жакын тарапта эч кандай кайгы-капа, өлүм-житим, оору-кыянат жок сыяктуу. Бирок, эшик алдында айылдан келген адамдар турушат. Медсесетра ооруканадан чыкты:

– Операция бүттүбү? – деп сурады кара тебетейчен абышка.

– Бүтө элек, – деп койду медсестра.

Короого «Волга» кирип келди. Машинадан гүл кучактап улгайган аял чыкты.

– Садагасы, профессор Мамакеев кызымды өлүмдөн алып калды, – деди гүл кучактаган аял, – рахматымды айтайын дедим эле. Мынабу гүлдү столуна коюп койчу, берекем.

– Бол, – деп буйрук берди Мурат.

Оператор гүл көтөргөн бактылуу аялды киного тарта баштады.

***

Мурат кабинетинде чай ичип отурат. Ойлуу. Сыягы ооруканадагы окуялар ага терең таасир калтырса керек.

Гуля унчупай аны жалооругандай карайт.

Телефон шыңгырады. Гуля трубканы көтөрдү.

– Ооба, -кыз трубканы алаканы менен басты. – Сизди ханыша чакырып жатат.

Мурат «мен жокмун» дегендей колун шилтеди.

– Мурат агай чыгып кетти, -деп калп айтты Гуля. – Макул, Рахима Караевна, айтып коем, – трубканы илди. – Таарынышып калгансыз го, – деди кыз.

Мурат ийнин куушурду.

– Аны менен жашасам, бактылуу болом деп ойлойсуз го? –деди Гуля.

– Мен бакыт жөнүндө небак ойлонбой калгам, – деди Мурат.

– Ал сиздин баркыңызга жетет дейсизби? Ага өзүнүн сулуулугунан жана редакторлук кызматынан башканын кереги жок. Сиз ага көз каранды болуп, цирктеги ат сыяктуу айлана чуркап жүрөсүз, -деди кыз.

– Э, Гүкүн, иш сен ойлогондой жөнөкөй эмес го, – деп үшкүрдү Мурат.

– Бирок, сиз ойлогондой татаал да эместир! –Гуля кесе сүйлөп, негедир жашын тыя албай сыртка чыгып кетти.

Мурат эмне кыларын билбей калды.

Телефон шыңгырады. Мурат трубканы алды:

– Гуля жок, чыгып кетти, – деди Мурат ачуулуу.

Гуля кайра кирди. Ал чачын жылмакай тарап, кирпик-каштарынындагы боеторду жууп салыптыр, ошондуктан ал көзгө жапжаш, жетиле элек өспүрүм кыздай көрүнөт. Гулянын эриндери калтырап, сөздү эмнеден баштарын билбей, бир чети уялып, бир чети ызаланып сүйлөдү:

– Кечириңиз, Мурат агай… Мени жаман көрүп калдыңыз го… Бирок бир нерсени билип коюңуз: башыңызга күн түшсө, жердин түбүнөн болсо да сизге жетип келип, жөлөк болчу бир жан бар… – Гуля токтоно албай шолоктоп ыйлап жиберди.

Мурат шашып калды. Ал мындайды көткөн эмес эле.

– Рахмат, Гүкүн. Сен… абдан жакшы кызсың, – деди Мурат.

Телефон шыңгырады. Гуля трубканы алды, унчукпай Муратка сунду.

– Ким? – деп сурады Мурат.

Кыз ийиндерин куушурду. Мурат трубканы алды.

– Эмне дейт? .. Качан?. – Мурат трубканы коюп, шашып-бушуп сыртка чыкты.


***

Мурат студиядан чуркап чыгып, машинанын астында кала жаздап, көчөнүн аркы өйүзүнө өттү да, троллейбуска түштү.

***

Оорукчан балдардын «Бакыт» деген профилакториясы. Мурат үстүнкү этажга жүгүрүп чыкты. Уулу шатынын темир тосмосунан карап турат, үстүндө оорукананын жол-жол пижамасы.

Мурат уулунан көзүн албай ага жүгүрүп жетти.

– Эмне болуп кетти? – деди Мурат.

– Доктур эже менин көкүрөгүмдү тыңшады, анан мамам ыйлады, анан мени ушул жерге алып келди, – деди уулу.

– Мамаң келип турабы? – деди Мурат.

– Ооба күнүгө келет… Эки жолу. Папа, мен сага белек жасадым, карачы, -уулу чөнтөгүнөн калың кагаз сууруп чыгып, аркасына жашырды. –Эмне жасадым, тапчы?

– Билбейм.

– Жеңилдиңби?

– Жеңилдим!

– Мынакей! – уулу төрт бурч кагазды сунду, ага кызыл жылдыз, анан «папам 40 жашта» деген көгүлтүр тамгалар чапталыптыр.

– Ой-ой! Азаматсың! Өзүң жасадыңбы?

– Өзүм. Тарбиячы эже да жардам берди. Жакшы бекен?

– Сонун! Менин кыркка чыкканымды ким айтты сага?

– Мамам.

– Улан, тамакка! – тарбиячынын үнү угулду.

– Менин папам келди, – деп мактанды уулу.

– Мен сага, билесиңби, эмне апкелдим!? – Мурат портфелинен оюнчук тапанча алып чыкты.

Улуу темир тосмонун арасынан Муратты карап турат, атам кетпесе экен деп жалдырайт. Ал балтайган чоң баш күчүккө окшош. Тамдын боорундагы радиодон ат чабыштын дүбүртүн элестеткен музыка угулат.

Тосмонун ары жагында жалдырап жашын кылгыртып турган уулун көрүп Мураттын зээни кейиди. Уулун боз кашка атка өңөрүп ипподромдун туюк айлампасынан чыгып, дубалдардан аша секирип көгөргөн тоолорду көздөй качкысы келди. Кыялында уулу экөө кургак өзөндөрдүн боз таштарынан секиртип, шаркыраган сууларды кечип, көгүлтүр тоолорду аралап, кар баскан чокуларды көздөй, жап-жашыл Көк– Ойрокту өрдөп чаап бара жатышты. Кулагынан шамал гана зуулдайт. Айлана көпкөк, мээримдүү, аба тап-таза, суулар көк -кашка, булуттар аппак.

– Папа, кош! –деди уулу.

– А-а, кош каралдым, – Мурат эсине келе түштү. – Ойлорум алда кайда кетиптир.

– Папа, сен дагы келесиңби?

– Келем, кагылып кетейин!

– Папа, күнүгө келип тур, макулбу?

– Макул! Жаным.

– Мамам менен чогуу кел, макулбу, папа!

Мурат баласына баш көтөрө албай, бат-бат ылдый түшүп кетти.

***

«Жаштык» кафеси. Мурат менен Нурила чакан столдо отурушат. Нурила өзүнө абдан жарашкан көйнөгүн кийип, чачы-башын атайланып таранып, жасанып келиптир.

– Сен балага барбагын, – деди Нурила.

– Сен мени ушуну сүйүнчүлөйүн деп чакырдыңбы? – деп ызаланды Мурат.

Нурила сумкасынан алтын запонкаларды алып, столдун үстүнө койду.

– Бул атамдыкы болчу, апам сени туулган күнүң менен куттуктайт. Мен сага эч кандай белек бере албайм, – дед Нурила.

– Рахмат. Мен муну жоготпой сактайм, – Мурат запонкаларды алды.

Официанка коньяк, минералдык суу алып келип рюмкаларга куюп кетти.

– Жолугушуп, сүйүшүп, эгиз козудай ээрчишип жүрүп, үй-бүлө, бала жөнүндө самап жүрүп кошулуп, анан бир кезде мунун баары түйшүккө айланат экен да, – Нурила угуза ой жүгүрттү. – Эмне үчүн мындай? Баарыныкы ушундай болобу? Же биздин эле турмушубуз ушундай болуп калдыбы?

Мурат жооп бербей коньягын ууртады. Залда ар түстүү нурлар алмашып ойноп, жай музыка секин кыңылдайт. Берки залда бирөөлөрдүн үйлөнүү тою башталып, сулуу колукту фатасын кийип, бактылуу жылмайып күйөөсүнө кыналат.

– Андай болсо, адам эмне үчүн жашайт? Эмне үчүн бакты жөнүндө ойлонуп, кыялданат? – деди Нурила. – Мен сенин ордуңда болуп, туш келди жакка тентип кетсемби? Өткөндү эстеткен үйдү көргүм келбейт, – ал сумаксынан жүз аарчы алып, кылгырган жашын сүрттү.

…Дүркүрөгөн кол чабуулар. Сахнада Мурат «Кармен» спектаклинин кийим-кечесин кийген артисттер менен элге жүгүнүп, залдан гүлдөр келип жатат.

Нурила жапжаш, татынакай, көк көйнөкчөн үчүнчү катарда отурат. Ал жан –дили менен кол чабат.

– Сиз театрды жакшы көрөсүзбү? – деп сурайт Мураттын үнү.

– Абдан! Театрды жактырбаган адам көзүмө бир шордуудай көрүнөт, – деп Нурила кыт-кыт күлөт.

…Чоң терезелүү үй. Алыста тоолор элес-булас көгөрөт. Мурат босогодо турат, кызуу.

« – Театрың менен жерге кир! Жүрөгүмдүн канын соруп бүттү! – Нуриланын чачтары саксайган, колундагы баласы бакырып ыйлайт. Өзү да мастенге окшош… – Он жылдан бери ушул театрда жүрөсүң, үңкүйүп же атагың жок, же акчаң жок. Башкалар чет өлкөгө барат наам, орден-медаль алышат … Сенин эч нерсең жок!

– А өзүң эмнеге жеттиң? Отурасың ичи өткөн чычкактарды дарылап! Ошобу кыйратканың?

– Ооба! Ооба! Дарылайм! Айыктырам! Андан башканын мага кереги да жок!

– Мага көп керек! Мен жерди дүңгүрөткөн атак-даңкка жетким келет!

– Анан эмне дүңгүрөтпөйсүң? – дейт Нурила.

– Жол бербей жатпайбы, ошону да билбейсиңби! – дейт Мурат.

– Баарына өзүң күнөөлүсүң, – дейт бир аз басаңдаган Нурила.

Ал мурдун шор тартып, баласын эмизип отурат.

– Ню-ню-ню, – Мурат баланы эркелетейин дейт.

– Бар ары, сасыбай! Арагың менен баланы уулантасың? – дейт Нурила.

Мурат орундукту ыргыта тээп, кийимчен керебетке кулайт.

– Жинди, – дейт Нурила...

– Кечирип коюңуз! – аялдын үнү Мураттын элестерин бузуп жиберди.

Алдында улгайган аял туруптур.

– Кызым менен күйөө балам сизди таанып, аялыңыз менен биздин столго чакырат, – деди аял.

Чоң залда тойлоп жаткандардын бардыгы бери карап турушуптур.

– Бирок… биз, – деп мукактанды Мурат.

– Абдан өтүнөм, жаштарга акыл-насаат тост сүйлөп коюңуз, – деп жалынды аял.

Мурат барбайын деди эле, тойлогондор ордунан турушуп, «биске» чакыргансып, кол чаба башташты.

Мурат менен Нурила той столуна барууга аргасыз болушту.

– Ура-а! – деп кыйкырды жаштар.

– Кымбаттуу достор! – деп Мурат өзүнүн үнүнөн өзү чочуп кетти. Көрсө микорфон залдагы динамиктердин бардыгына коштурушуптур.

– Кымбаттуу достор! Аялым экөөбүздү чакырганыңыздарга чоң рахмат. Мындан он жыл мурда биз да ушул силердин ордуңарда отурганбыз! – деди Мурат.

– О-о! Куттуктайбыз! – Коноктор кол чабышты.

– Рахмат! Үйлөнүү той күнү эң сонун жана кубанычтуу күн болуп түбөлүккө эсте калат. Андан кийинки өмүр анык сүйүүңүн, берилгендиктин, адамгерчилигиңдин, абийриңдин сыноосу болот. Адамдын турмушу жалаң гана майрамдардан түзүлбөйт. Алдыда татаал ашуулар, капчыгайлар, терең кечүүлөр жатат. Ошол тоскоолдорду басып өтүп, жүрөгүңөрдү толкундаткан назик, мээримдүү, ыйык сүйүүнү сактап калыш үчүн кайрат, акылмандык керек. Турмушуңар дайыма сүйүүнүн нуруна бөлөнүп турсун, – Мурат бокалды түбүнө дейре тартып жиберди…

Беркилер анын артынан «кетишти». Музыка ойноду. Бары бийлей башташты. Мурат менен Нурийла да аргасыздан бийге киришти.

– Сүйлөгөнгө устасың, – деди Нурила.

– Кесибим ошол да! – деди Мурат.

…Чоң терезелүү бөлмө. Нурила тырмактай уулун кучактап терең уйкуда. Мурат фамилиясы режиссер катары жазылган афишаларды, спектаклдерден тартылган сүрөттөрдү майдалап тытып жатат.

Бир кезде үлпүлдөгөн ич көйнөкчөн Нурила келди. Ал чүрөктөй назик, жеңил, татынакай, күйөөсүн суроолу карайт.

– Театр менен коштошуп жатам, уулубуз атасы ушунча жылы эч максатка жетпей, бекер жашаганын билбесин, – дейт Мурат.

– Сен… Кайраттуу адамсың, – Нурила көзүнө жаш алып, башын ийнине коет.

– Рахмат, жаным! Бирок ыйлаганың кандай! Сен каалагандай болбодубу, мөөрөй сеники! – дейт Мурат аялын чачынан сылап.

– Сени аяп ыйлагым келип кетти, – деп жылмаят Нурила.

Уулу кичинекей керебетинде уктап жатат. Мурат аны Нуриланын ийнине артылап карайт, аялынын желкесиндеги жумшак тармал чачтарын өбөт.

Көгөргөн тоолордун ары жагынан күн көтөрүлөт…

Нуриланын жылуу ийиндери Мураттын алакандарында диртилдейт…

– Бүттү, -деди Нурила.

– Эмне бүттү, – деп Мурат көз алдындагы элестеринен чочуп ойгонду.

– Бий бүттү, – деди Нурила.

– А-а, кечирип кой. Көз алдымда өткөн турмушубуз келе калыптыр, – деди Мурат.

Музыка алда качан бүтүп, ресторандын залынын ортосунда экөө гана калышканын Мурат эми байкады…

***

Дзержинский бульвары. Түн. Муздак жамгыр себелейт. Көчөдөгү фонарлар күңүрт саргарат.

Асфальт жолдун киргилт суусун чачыратып жеңил машиналар шакылдайт.

– Тигиниң менен тааныштырбайсыңбы, – деди Нурила.

– Эмне үчүн? – деди Мурат.

– Сени жакшы баксын деп тапшырат элем, – деди Нурила. – Сени жалгыздатпасын…

Соройгон мачталарын ары-бери чайпалтып троллейбус өттү.

Аял саатын карады:

– Бүгүн Уланды үйгө алып келгем, менсиз уктабай таенесин убара кылат, – деди Нурила.

Автобус ке лип токтоду. Мураттын ийнине теректеп сары жалбырак түштү. Нурила жалбыракты алып койду.

– Мени өпчү, – деди Нурила.

Мурат эмне кыларын билбей шашып калды. Ал мындайды күткөн эмес.

– Болуптур, кош! – Нурила шарт бурулуп, автобустун ачылып турган эшигине кирип кетти. Абдан таарынып кетти окшойт.

Нуриланын артынан автобуска бир нече адам кирди. Машине жүрүп кетти. Анын ак жоолугунун учу гана көрүнөт. Кууп жете тургансып, Мурат артынан басты. Бирөө аны түртүп кетти, дагы бири кол чатырын тийгизип өттү. Мурат эми гана элдин агымына каршы бара жатканын байкады. Тротуардын берки тарабына өттү. Жамгыр күчөп, көзгө чапкылай баштады. Аллеяны бойлогон теректердин жылаңач сөңгөтөрү шамалга термелет…

Мурат такси токтотуп, шаардан чыгып, чоң жол менен айылын көздөй жөнөдү…

***

Айыл. Атасынын үйү. Мурат атасы менен телевизор көрүп отурат. Экранда ак халатчан профессор Мамакеев операция жасоочу бөлмөдө, оорулар врачтар. Оорусунан сакайган адамдар хирургга гүл берип жылмайышат. Хирургиянын иши жалаң эле ийгилик менен өтүп, түк бир өлүм-житим жоктой сезилет: бактылуу жылмаюулар, гүлдөр, кол алышуулар…

Мурат микрофонун кармап Мамакеевге, оорусунан айыкандарга кайрылып, жанталашып какылдап жүрөт.

Экранда чабандын боз үйү, короо-короо койлор. Чабандарга келген автолавка. Орден-медалдарын шагыраткан чабан. Козулардын момойгон баштары, жайлоолордун кооз көрүнүштөрү, тойпоңдоп ойноп жүргөн балдар…

– Эми, кымбаттуу телевизор көрүүчүлөр, эстафетаны СССРдин эл артисти Болот Миңжылкиевге берели, – Мурат жагынгансып жылмаят.

Мурат экрандан өзүнүн жүрүш-турушун көрүп уялды, атасын карады. Бирок, карыя үндөбөйт, кандай ойдо экени да сезилбейт.

Болоттун баржайган бети бүт экранды ээледи.

Экранда Париждин, Лондондун, Нью-Йорктун, Вашингктондун, Токионун көрүнүштөрү биринен соң бири өтө баштады.

Миңжылкиев Мефистофелдин ариясын аткарды.

«Азезил анда той бийлейт!

Анда той бийлейт! Эй!

Анда той бийлейт деп!» – деп хор күркүрөдү.

Дүркүрөгөн кол чабуулар.

Бир кезде Мурат Болот Миңжылкиевдин ордуна өзүн көрдү. Эки Мурат бири-бирин тиктешип калышты.

– Сен кимсиң? – деди экрандагы Мурат.

– Билбейм, – деди берки Мурат.

– Сен кимге керексиң? – деди экрандагы Мурат.

– Билбейм…

– Жашың кыркка келди. Кана, эмне иш бүтүрдүң?

– Билбейм.

– Качан өлөрүңдү билесиңби? – деди экрандагы Мурат.

– Билбейм, – деди берки.

Экрандагы Мураттын бети жалындап күйө баштады.

– Токто! – деп кыйкырды берки Мурат.

Бирок, жооптун ордуна экрандагы Мурат күйүк оозу менен, кыткылыктап күлүп, саатын көрсөттү. Саат улам катуулап чакылдады.

Мурат көзүн ачты. Чекесинен муздак тер шорголоп, экранда секундомер чыкылдап, дикторлор «Мезгил» программасын берип жатыптыр.

Атасы телевизор көрүп отурат.

Абышка уулунун экрандагы кызматына сыймыктангансып күлүмсүрөйт.

***

Таң эртең. Атасы менен уулу өргө басып бара жатышты.

– Ата, мен кечээ өзүмдүн арбагым менен сүйлөштүм, – деди уулу.

– Астапырла! – деди атасы.

– Ал мени айыптап, анан өрттөнүп кетти. Мындайды жамандыкка жоруйбу? – деди Мурат.

– Арбагың түшүңө кирип айыптаса, ал сенин абийриң, – деди атасы…

***

Асман тиреген кырка теректер. Ортосунда көрүстөн. Топурагын шамал учурун жаан жууган кыйшайган эски күмбөз. Чекесине аркардын каркайган мүйүзү кадалган.Мурат атасы экөө күмбөздүн алдына чөгөлөп отурушту.

Атасы куран окуй баштады.

Мурат атасы аскерден келип ушул күмбөзгө аркардын мүйүзүн кадап жатканын эстеди. Айылдаштары күмбөз курууга жардам беришип, тосмосун жасашып, шыбап жатышат…

– Бул үйдү кимге курдуң? – деп сурайт кичинекей Мурат.

– Атама, чоң атаң эсиңдеби? Азыр ал ушул «үйдүн» астында жатат, – дейт атасы.

 

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Байжиев М., 2005

 


Количество просмотров: 7586