Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Адабий конкурстар
© Махабат Темирбек кызы, 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма 2012-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) «Алтын Орундук» адабий клубу жана «Кыргызстандын жаңы адабияты» электрондук китепканасы тарабынан уюштурулган конкурска сунушталган.
Конкурстун шарттарына жараша уюштуруу комитетинин уруксаты менен жарыяланууда.
Соода-сатык максатында чыгарманы же анын үзүндүлөрүн нускалоо жана жарыялоого тыюу салынат.
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 16-августу

Махабат Темирбек кызы

Кыргыз урааны

Ырлар 2012-жылы уюштурулган Кыргызстан жаштарынын адабий чыгармачылыгы конкурсуна сунушталган. Калыстар тобу тарабынан белгиленген.

Много языков – один мир. Адабий алманах. – Бишкек: Турар, 2012. – 196 б. китеби боюнча жарыяланды

УДК 82/821
ББК 84 (2) 7
М 73
ISBN 978-9967-15-146-8
М 4702000000-12

Нускасы 3000


ЫНТЫМАК

Кыргызстан! Кылымдарды карытып келген,
Өмүр бою достукка умтулуп келген.
Жашайлычы достукта, жарык дуйнөдө.
Ар улут менен шайыр болуп жер жүзүндө.

Адам болуп жер бетинде бир жашайлы
Келишимдүү жакшы жашоо куралы.
Кыргыз эли ар улуттан куралган
Тынчтык менен бирге болуп жүрөлү.

Адамдарга кылымдардан тартуу кылган,
Бакубат жашоо, жыргал заман берип турган
Элибизди эркин кылып достукка чакырмак
Бизди дайым коштоп турган «ЫНТЫМАК»!

 

КЫРГЫЗ УРААНЫ

Биримдик — биздин урааныбыз.
Манас бабаны унутпайлы:
Курама кылып журт жыйганын.
Биримдикке чакырганын.

 

ЖАШОО ЖАНА ЫНТЫМАК

Кырылып жашаган — жашоо эмес.
Ич тарып ач көз болгон — жашоо эмес.
Ич тарытпа, эй, адамзат!
Ар бирөөнүн өз ырыскысы бар.
Ынтымаксыздык алып келет кайгы капаны.
Ынтымак алып келет бактыны.
Кара түтүн согуш жашоо жакшыбы?
Жок! Билесиң аны, адам.
Гүл ачкан жерде гүлдөгөн жашоо жакшы.
Ыйдын үнү эмес, ырдын үнү жакшы.
Күйүнүчтөн сүйүнүч жакшы.
Тынчтык жашоодогу баланын күлкүсү жакшы.
Адамдар ойлонгула, ач көз болбогула!
Бирөөгө ич тарып, бирөөгө кол салбагыла.

 

© Махабат Темирбек кызы, 2012

 

 

Адабий алманахты толугу менен көчүрүү

 

 


Количество просмотров: 1670