Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Адабий конкурстар
© Кадыров М., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма 2012-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) «Алтын Орундук» адабий клубу жана «Кыргызстандын жаңы адабияты» электрондук китепканасы тарабынан уюштурулган конкурска сунушталган.
Конкурстун шарттарына жараша уюштуруу комитетинин уруксаты менен жарыяланууда.
Соода-сатык максатында чыгарманы же анын үзүндүлөрүн нускалоо жана жарыялоого тыюу салынат.
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 16-августу

Медербек КАДЫРОВ

Жүрөк менен маек

Ырлар 2012-жылы уюштурулган Кыргызстан жаштарынын адабий чыгармачылыгы конкурсуна сунушталган. Мыкты чыгармалардын жыйнагына киргизилген.

Много языков – один мир. Адабий алманах. – Бишкек: Турар, 2012. – 196 б. китеби боюнча жарыяланды

УДК 82/821
ББК 84 (2) 7
М 73
ISBN 978-9967-15-146-8
М 4702000000-12

Нускасы 3000

 

АЙРЫЛУУ…

Үлпүлдөп асма чырак араң күйөт,
Үйдүн ичи көрүнбөй күүгүмдөнөт…
Үшүгөнсүп, кылдары чыйрыккандай,
Үнү чыкпайт комуздун да, күңгүрөнөт…

Ача миздүү, шилтенгенин алып түшчү
Ай балтам да эскирип, дат баскандай…
Азанап, туйлап турчу аргымагым
Ач калгансыйт… негедир чарчагандай…

Кындан чыкпай суурусам, кыйнады го,
Кылычымдын мизи мокоп, эскиргендей…
Кумайыгым ийне жутуп алган окшойт,
Карап коёт аялуу… жекиргендей…

Бутага таамай тийбей учкан жебе,
Бүгүн жаанын мээлегичи кыйшайгандай…
Балбал ташка өзүн уруп алган окшойт,
Бүркүтүмдүнтырмагы да чорт сынгандай…

Жандай көргөн жакын адам кетип калды,
Жоготкондой маанисин, жашоо супсак…
Жапкылачы үстүмдү, үшүп жатам…
Жылуулук жок, баратат денем муздап…

 

КАРООСУЗ КАЛГАН ТАМДАГЫ КҮТҮҮ…

Кароосуз калган тамдын
Тешилген чатырындай,
Дүйнөмдө бүтүн жер жок
Чоң энемин ун элеген калбырындай…
Аз эле өткүн жааса,
Чучукка өтүп кетет
Тып… тып… тамган тамчылардай.

Кароосуз калган тамдын
Эскирген каалгасындай,
Эшиги жан-дүйнөмдүн
Кыйчылдап, дат баскандай,
Кыжырга тийип кетет
Күчөнүп тартсам дагы
Же ачылбай… же жабылбай…

Кароосуз калган тамдын
Терезеде сыныгындай,
Жарака кеткен дүйнөм
Чачылган, тымтыракай.
Чыдайын десем дагы
Жаралар чыркыратат…
Жанымды жай алдырбай…

Кароосуз там жанында
Ээси жок ач күчүктөй,
Алыстан караан көрсөм
Куйругум шыйпаңдатам
Жаныма сен келчүдөй…
Көрүнчү, көрүн эми
Булуттун арасынан чыккан Күндөй!

 

ЖОКТОО…

Таңдар атат… Күн да батат…
Жер-эне да өз огунда жай айланат.
Он беш күн көрүнбөгөн
Орок сымал ийилип Ай жаңырат.
Жашыл жай сары күзгө ордун берип,
Мезгилдер да токтоп калбайт.
Бир күн тийсе, бирде кар жаайт.
Терезе жанындагы теректерде
Чымчыктар учуп-конуп күндө сайрайт.
Эненин кучагында ымыркайы
Эмчек сурап кээде ыйлайт,
Эмизип койгондон соң
Элжиреп ал да уктайт…

Баары өзгөрүп, баары алмашат…
Эч бир нерсе токтоп калбайт…

Бир гана мен… кара таштай
Бир ордумдан козголо албай,
Айдоонун четиндеги каракчыдай
Турамын кыймылдабай…

Бир гана мен…
Бир ордумда турам токтоп,
Тынымсыз өзгөрүлгөн
Ызы-чуу бул ааламда сени жоктоп…

 

БАКЫТЫ БАЛТАЛАНГАН БИР ЖАНГА…

Берекем, белиңди бекем буугун,
Башты көтөр, болду эми, боздобогун.
Бери карап, мени карап күлүп койчу.
Билесиңби, чексиз бакыт бир жылмайууң…

Көз ирмебе, тагдырга тик карагын,
Кечикпе, кайра артыңа кайрылбагын,
Кечире көр агаңды, жароокерим,
Керек кезде колумду сунаалбадым.

Түндө келип, түшкө кирип турайын,
Түнү, чүрөгүм, сүйүү гүлүн сунайын,
Таарынбачы таалайы жок агаңа,
Турмушуңа бакыт гана каалаймын.

Шамал болуп саамайыңдан сылайын,
Шакек таккан колдоруңдан жыттайын,
Шагы сынган агаңды кечире көр,
Шайыр жаша, мүңкүрөбө ылайым…

Булбул болуп учуп келип багыңа,
Бийлейм, сайрайм ар бир күндүн таңында.
Бешенесиз агаңды кечир эми,
Боздоп-сыздап кала берген артыңда.

Ысууласаң жамгыр болуп төгөйүн,
Ыр арнайын, алкымыңдан өбөйүн.
Ырысы жок агаңды кечир эми,
Ырысыма жазылганын көрөөрмүн…

 

ЖҮРӨК МЕНЕН МАЕК

Агызбачы көз жашыңды, жүрөгүм,
Азап тартсаң, мен да кошо жүдөймүн,
Азгырылып махабаттай сезимге,
Айтса болбой, анан неге сүйөсүң?

Сагынбачы, саргайбачы, жүрөгүм,
Сапырбачы санааларын дүйнөмдүн,
Сокур сүйүү сезимине кул болуп,
Сөз тыңдабай, анан неге күтөсүң?

Бозорбочу өңдөн азып, жүрөгүм,
Бир жылмайчы, мен каткырып күлөйүн,
Бирге болуу буйрубаган сүйүүнү
Билбейм неге, неге күтүп жүрөсүң?

Ылаң тийип, оорудуңбу, жүрөгүм,
Ызаланып, мен да кошо түтөймүн,
Ырысыңа жазылбаган сүйүүнүн
Ысыгына, айтчы, неге күйөсүң?

Үшүдүңбү, титирейсиң, жүрөгүм,
Үстүңдөгү муздак карды күрөйүн,
Үмүттөнүп, үшүк урган сүйүүдөн
Үзбөй койдуң дале болсо күдөрүң…

 

ЖЫЛДЫЗДАРДЫН АРАСЫНА САПАР

Муңга батып, сен да бир күн сагынсаң,
Мени күтүп, бирок таппай чаалыксаң…
Мейкиндикке учуп кетти деп билгин,
Мээрим издеп, жылдыздардын артынан.

Чолпон жылдыз чакырыптыр… кетейин,
Чарчасам да, таң атаарда жетээрмин.
Чекелетпей, жанынан жай таап берсе,
Чертип комуз, ырдап жүрө беремин.

Асмандагы жаркыраган ар дайым
Алтын казык жылдызын мен табайын,
Аркан кылып, байлап алса казыкка,
Арт тарапка кайрылбаймын, кайтпаймын.

Үркүп жүргөн табышынан адамдын
Үркөр жылдыз арасына барайын,
Үйүрүнө кошуп алса топ жылдыз,
Үйүр алып ошол жерде каламын…

Же Жетиген жылдызына барамын,
Жымыңдашып, мен да кошо жанамын.
Жалгыздатып жээрибесе жекелеп,
Жандарында жашап байыр аламын…

Сапар алган саманчынын жолунда
Сансыз жылдыз арасына кошушса,
Санаасы жок, балким, жашап калаармын,
Сырдаш болуп, жылдыздарга кошуна…

Көрүп калсаң кара түндө асмандан
Кулап кетип бир жылдыздын өчкөнүн,
Кабарымды угузуптур деп билгин
Карыганын сапарымдын… бул дүйнөдөн көчкөнүм…

 

ЭНЕКЕМДИН МЭЭРИМИ…

Энеке, эстеп кеттим:
Жайлоодо козу-улак каралашып,
Жаныңда жүргөн кезим
Унутпай жүрөм дале… укпай кебиң
Чукулап ойногонум боз үйдүн тешиктерин…

Сен дагы эстейсиңби…
Күн күркүрөп, жамгыр төккөн бир күнү
Чырылдап… катуу коркком чагылгандан
Көз ирмемге жарыткан кара түндү…
Эсимден өчпөй калды…
Шамал болуп, кычырап боз үй уугу,
Тамчылап тешиктерден жамгыр суусу,
Табалап турган өңдүү сезилди эле
Асмандын күркүрөгөн ызы-чуусу.

Энеке, эстедиңби…
Жабышып, коё бербей этегиңди:
“Жүрөгүм үшүп жатат”, — дегенимди…
А мен болсо унутпадым
Жылмайып, колуң менен аяр сылап,
Жүрөгүмдү “жылытып” бергениңди…

Эсимде дале турат…
Жыртыгын байпагымдын
Үшкүрүп, чечип алып жамаганың…
Үзүлгөн топчусун көйнөгүмдүн
Үкөктөн башкасын таап кадаганың…
Үшүгөндө, суук тийип,
Үлүл сымал түйүлүп ооруганым…
Көз алдымда дале турат
Үнөмдөп бекиткен кант-набатың,
Үйрүлүп оозума кармаганың…

Энеке… билесиңби… боз үйдүн кийизиндей
Тешишти… жасап алган кооз дүйнөмдү,
Жыртыктардан кирген шамал
Сапырат жалындан калган “күлдү”,
Апкаарып кургур жүрөк баттан кагат…
Укчудай “коркунучтуу” тааныш үндү…
Эңсетти, эне… колдоруңдуң жылуулугун
Тынчы жок жүрөгүмдүн титиреп “үшүгөнү”…

Энеке… айталбай койдум сага,
Байпак эмес, жыртылганын жан-дүйнөмдүн,
Алданып, ырысы жок адамдарга
Топчу эмес, үмүт жиби үзүлгөнүн…
Кечээги “жакын” болгон көр пенделер
Бүгүн минтип жүздөрүн үйрүгөнүн…

Мунун баарын билгениңде,
Үкөктөн издеп таап “ийне-жибиң”,
“Дүйнөңдү жамаймын” деп жөнөөр белең…
Учугу “үмүт жиптин” табылбастыр
Дегениме, алтын энем, көнөөр белең?

 

ЫЙЛАБА ЭНЕ

Энеке, кайгырбачы, бир күн келээр,
Азап-муң баары бизди таштап кетээр,
Ак жолунан адашпай бара берсем,
Мага кудай бир күнү жардам берээр…

Энеке, бөлтүрүгүң көкжал болоор,
Төмөндө эмес, бийиктерде чуркап жортоор,
Улуганын укканда көк жалыңдын,
Кирээрге ийин таппай чөөлөр коркоор…

Энеке, барчыныңа канат бүтөөр,
Көк асманды мекендеп, учуп жүрөөр,
Барчыныңды көргөндө таз жорулар
Тарпын таштап, алыстап, алар үркөөр…

Кулунуң күлүк болуп тапталаар,
Чуркаса туягынан от чачыраар,
Түн ортосу түндүктү жыга тарткан
Ууруларга узатпай жетип бараар…

Энеке, комузум да күүгө келээр,
Черткенде жан-дүйнөңдү эргитээр,
Толкуну таралып бул ааламга,
Тоңуп калган жүрөктөрдү эритээр…

Энеке, акырында чындык калаар,
Жакалап, намыссызды жарга такаар,
Жашынып кете албас башка жол жок,
Жалыны чындыктардын өрттөп жагаар.

Каракчы мойнуна кур салып тураар,
Жалганчы эстен танып жерге кулаар,
Жашоонун бүгүнү бар, эртеңи да,
Энеке, бир күн келээр эсеп сураар…

Бүтөлөөр жаракасы жүрөгүмдүн,
Жамалаар жыртыктары жан-дүйнөмдүн,
Энеке, айлананы шаңга бөлөөр
Угулуп жаңырыгы күлгөнүмдүн…

Күн батып, таңдар атып, өтөөр айлар,
Бүгүнкүкүн артта калып, жыл айланаар,
“Элимдин керегине жарайм!” деген,
Энеке, убадалар аткарылаар…

Энеке, бир күн келээр, баары бүтөөр,
Асманда жымыңдаган жылдыз өчөөр,
Бул дүйнөгө эч ким түркүк болгон эмес,
Бир күн келээр… о дүйнөгө баары көчөөр…

Сааты бүтүп жалган дүйнө сапарымдын
Бир күн келээр… боз топурак жамынаармын,
Энеке, балким, өлбөс, жашай берээр
Эл аралап эпкини ырларымдын…

 

ЖАЗДАГЫ ЖАҢЫЛАНУУ

Арыш керип чуркай албай,
Тушалган аргымактай
Калганда кадам баспай,
Канат кагып уча албай,
Уясынан түшүп калган балапандай
Жатканда жалдырап, жардам сурай…
Кайырмакка илинген ак сазандай
Аба жетпей… тыбырчылап… айла таппай…
Топтолуп, туруп калган балчык суудай
Тамырлардан кан айланбай….
Уюган коргошундай…
Токтоордо жүрөк какпай…

Бар күчүм топтоп, чымырканып,
Бутума туруп, сүйрөлүп басып,
Ызы-чуу түшкөн чөйрөдөн качып,
Жаратылыш, тоо койнуна бара жатып,
Асманда жаңырган айды көрдүм…
Табиятка жашоо берген жазды көрдүм…

Жаздын жыты, жаңырган ай
Жагымдуу сезим берет бир укмуштай,
Бүчүрүн байлаган жаш дарактай,
Жанчылган жан-дүйнөм да жандангандай,
Жазгы жаандан кийинки таза абадай,
Көөдөндө да эч бир так калбагандай,
Кызык сезим, бир башкача толкунданам
Жаңы эле бул дүйнөгө жаралгандай.

Ай менен кошо жаңырамын,
Жаз менен бирге жаңыландым,
Жаңырган айлуу жаз кечинде
Жаратканга жалынамын.
Мындан кийин эскирбейин, жаңылбайын,
Жыдыбайын, жыгылбайын, жанчылбайын…

 

© Кадыров М., 2012

 

Адабий алманахты толугу менен көчүрүү

 


Количество просмотров: 1887