Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Адабий конкурстар
© Турусбекова Ж., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма 2012-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) «Алтын Орундук» адабий клубу жана «Кыргызстандын жаңы адабияты» электрондук китепканасы тарабынан уюштурулган конкурска сунушталган.
Конкурстун шарттарына жараша уюштуруу комитетинин уруксаты менен жарыяланууда.
Соода-сатык максатында чыгарманы же анын үзүндүлөрүн нускалоо жана жарыялоого тыюу салынат.
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 16-августу

Жыргал ТУРУСБЕКОВА

Эмне кыйын?

Ырлар 2012-жылы уюштурулган Кыргызстан жаштарынын адабий чыгармачылыгы конкурсуна сунушталган. Мыкты чыгармалардын жыйнагына киргизилген.

Много языков – один мир. Адабий алманах. – Бишкек: Турар, 2012. – 196 б. китеби боюнча жарыяланды

УДК 82/821
ББК 84 (2) 7
М 73
ISBN 978-9967-15-146-8
М 4702000000-12

Нускасы 3000

 

ЭМНЕ КЫЙЫН?

Карынын жаш курагын кайрыш кыйын,
Сүйүшкөн эки жашты айрыш кыйын,
Турмуштан канча запкы жесең дагы,
Жашоодон үмүт үзүп коюш кыйын.

Тынымсыз бакыт жолун издеп жүрүп,
Капыстан чоң кайгыга баткан жаман,
Бир жолку жаңылыштык өйдөлөтпөй,
Азапка асыл башты салган жаман.

Турмуштун жолу татаал тосмосу көп,
Жеңилбей көп ашуудан өтүш кыйын.
Эл ичи тарбиянын чоң мектеби —
Ар бир күн адам болуп өтүү кыйын.

Жашоонун кумарына каныш кыйын,
Тубөлүк өлбөс болуп калыш кыйын,
Ааламды алты айланып чыксаң дагы,
Тилиңди, мекениңди чаныш кыйын!

 

ӨНӨРЛҮҮ ЭЛ — КЫРГЫЗЫМ!

Өнөрлүү эл, баалай билсек — кыргызым,
Ар өнөрдүн даңкын көккө чыгарган,
Зээндүү элбиз бир көргөндө үйрөнгөн,
Тарбиянын таасири күч суугарган.

Өнөр алды кызыл тил деп баалашып,
Өнөрлүүлөр өлбөйт деген сөз чындык,
Элим сүйгөн акындардын талантын,
Тереңдетпей учкай гана сөз кылдык.

Алыкулду, Байдылданы ким билбейт,
Гүлдөтүшкөн поэзия дүйнөсүн,
Экөөсүү тең акындардын көч башы,
Жакшы ырларын кимдер окуп сүйбөсүн!

Мен жактырган акындарга суктанам,
Көп өнөрдөн ыр дүйнөсүн тандаган,
Таланттуулар көп чыкса экен элимден,
Эл өнөрүн элге кайра арнаган.

 

КЫРГЫЗДАР УУЛУ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАТ!

Балдардын тагдырына толгонобуз,
Балдардын кор болбосун ойлонобуз,
Бактысын бул турмуштан табышына
Акыл, куч, тарбияны колдонобуз.

Балдар деп өмур бою жай албайбыз,
Ар бирин келечекке даярдайбыз,
Балдардан байлык эмес, керек болсо,
Өмүрдү кыюудан да аянбайбыз,

Балдар деп жаш өмүрдү карытабыз,
Балдар деп кош канатты талытабыз,
Турмуштан ар бири ордун тапсын үчүн
Талыкпай тарбиялап келатабыз.

Балдарың эстүү чыкса, бактым дегин,
Максаттын туу чокусун аштым дегин,
Кадыр-барк, дөөлөт күтүп карыганда,
Жугумдуу кимге болсо айткан кебиң!

Артыңда балдар калса өмүр улап,
Өлсөң да, атың өчпөйт жылдыз сымак,
Балдарын атасына салыштырып,
Турмушта эл-тараза турат сынап.

Баласыз байлык жыйсаң кимге калат,
Таланат, ээсиз байлык, талкаланат,
Андыктан элдин ыйык, уулу салты -
Артыңда бала калса сыймыктанат!

Көп дебей он баланы бирдей көрүп,
Баарына тарбияны бирдей берип,
Бактылуу өмүр сүрүп өтсө дейбиз
Турмуштун тоскоолдугун коркпой женип!

Жашоодон адам болуп өткөндүгүң,
Артыңда бала калса аныкталат,
Дүнүйө опо болбойт эч бир жанга,
Кыргыздар уулу менен сыймыктанат!

 

© Турусбекова Ж., 2012

 

Адабий алманахты толугу менен көчүрүү

 


Количество просмотров: 1639