Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Котормолор
© Кыргызчага Т.Т. Чакиев которгон, 2012. Бардык укуктар корголгон
Котормо котормочунун кат түрүндө уруксаты менен жарыяланып жатат.
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 2-июну

Таштанбек Темирбекович ЧАКИЕВ

Алтын өзөн

(котормолор)

Котормо, котормо Май куюп турат моторго! – деп заманыбыздын көрүнүктүү акындарынын бири, айтылуу Рамис Рыскулов (Ыр Аке) айткандай котормосуз улуттук адабияттыбыздын дүйнөлүк классикалык деңгээлге чыгуусу тууралу айтуу өтө кыйын. Дал мына ушул котормо жанры акындын көзүн ачып, калемин курчута турчу, нары машакаттуу, нары ырахаттуу иш. Акындын өңчөй котормолордон турган бул ыр топтому поэзиянын алтын казынасынан өз ордун табышкан Саади, Руми, Р. Бернс, А.С. Пушкин, А. Ахматова, С. Есенин өңдүү белгилүү акындар менен келечегинен көптү үмүтөндүрүшкөн жаш акын кыздардын ырларынан куралды. Белгилей кетчү нерсе, ыр жыйнак толук көлөмүндө жакынкы араларда басылмадан чыгып, окурмандардын назарына сунуш кылынмакчы.

 

СААДИ

 

Таржебанд

1

Моймолжуган көздөрүң эзет жанды,
Мойнуңдагы оромол, анан дагы

Кылыктарың, секетим, кылыгың ов,
Мени өзүнө ишенсең арбап алды.

Билбейм кандай күнгө туш болорумду,
Күн кечирип, өзүң-деп тосом таңды.

Ашыктыктан өзүңө эс-масмын мен,
Айтчы, ардагым, ала элек эмнең калды?!

Жалгыз сен-деп жанымды сабап келем,
Унтуп коюп жигиттик намыс, арды.

Сага гүлдүн сулуусун теңебеймин,
Деги айтчы өзүңө теңдеш барбы?

Көралбастар кеп кылат мени минтип,
Көр дүйнөң ов, жараткан ичи тарды!

Сен аларга асылым эм болсоңчу,
Ак өргөмдө ажайып тозуп таңды.

Айжамалың ардагым, элжиретет
Тулку бойдо жүгүргөн кызыл канды.

Бирок, мынча мерессиң, асылкечим,
Жүрөгүмдө жараттын калды тагы.

Бир сөз айтчы, бай болгур, күлө багып,
Ошол жетет, жай алсын Саади дагы.

Өмүр чиркин өтүптүр куру бекер,
Ачылар —дейм моминтип анын багы.


Көңүл тынчып, иш кылам анан барып,
Унут калат көр дүйнө көрксүз жагы.

2

Кандай гана чарчадым, бүттүм чарчап,
Тирүүмүнбү же өлүк, ойлойм калчап?!

Сенин ышкы сүйүү отуң арбайт мени,
Көпөлөктөй мейли өлсөм, отуң жалмап.

Бирок дагы мерессиң, мейли дечи,
Бир сөз айтчы, бай болгур, келем самап.

Сенин гана ысымың кайталаймын,
Сенин гана элесиң келем жандап.

Сенден калып ажырап, айлам кетти,
Бирок жаным өзүмдү койдум алдап.

Жүрөгүмдө сырым бар, ачкычы жок,
Мейли, канча сураба алдап, каргап!

Таш боордугуң о, сенин өлтүрөт го,
Мени минтип бир күнү жарга такап!?

Акылдуулар качышат курч болоттон,
Босогоңдо жатамын тартып азап.

Неге мынча жөнү жок мөгдүрөймүн,
Андан көрө турганда Теңир жалгап,

Бейпил өмүр кечирип өткөнүм оң,
Иш үстүнө иш кылып, максат арбап!

3

Ай жамалың беш көкүл жабат сенин,
Ай тамагың секетим. Айткан кебиң!

Кылыгың ов, кылыгың, садагасы,
Кылчак карап өткөнүң алды эсим!

Оозуң— оймок жарашкан келбетиңе,
Оюмду ойрон кылды го минтип менин.

Дүйнөң түшкүр, махабат азабын айт!
Таңуулаган адамга кудай эркин.

Туш тарабым алоолоп күйүп жанат,
Жанар тоодой атылып кайнайт сезим.

“Сабыр түбү— сары алтын” — дейт эмеспи,
Сары ооруга чалдыгып жүргөн кезим.

Балким, өмүр кечирем жай турмушта,
Мен жөнүндө мейли, ким — эмне десин.

4

Бут алдыңа төшөшөт минтип сенин,
Бу көпчүлүк убада жана кебин.

Үр кызы да бузалмак эмес, бирок,
Жалгыз сага арналган жигит эркин.

Кантип эле бу чымын учсун таштап,
Оозго тийген бал дамдуу канттын четин.

Канча кылым өткөнүн билесиңби?
Ай чырайлуу жаралган жалгыз сенсиң!

Садагасы, ышкы отум артып барат,
Бир нерсе кыл, жабыркап калды эсим.

Жоро-жолдош айтканы эсимде жок,
Алванд тоодой азапка батты сезим.

Айтчы мага арзышкан адамыңды,
Кудай акы, түбөлүк досум! — дейин.

Менин минтип жалооруп жатканымдан,
Же болбосо, — бир байкуш, неме! — дээрсиң.

Кашабаңдай кайберен сезген жытын,
Каалап келсем каарыңа алган сенсиң.

Мына ошентип турмуштан алдым сабак,
Мейли, турмуш сазайым колго берсин.


Бирок мени мөгдүрөп калат-дебе,
Ортосунда жүргөндө асман, жердин.

Зор максат бар аркалап келе жаткан,
Ошол менин өзүңдөн алчуу кегим!

5

Билмексен боло көйкөлүп басып келесиң,
Бийкеч ов, бийкеч, азабым колго бересиң!

Кашыңды кагып, көз кырын салып койбогон,
Билалбай жүрөм деги сен кандай немесиң?!

Ашыктын бары үмүттү сага артышкан,
Көктөгү Күндөй булуттан издээр жебесин.

Сен болсо албай теңиңе бирин алардын,
Сары оруу кылып, санаага мени эзесиң?!

Арызым айтып барсам да болмок төрөгө,
О, курган сүйүү, мынча бир кымбат белемсиң.

Укканым артык жалжалым бирок сен үчүн,
Тагдырдын мага буюрган катуу жемесин.

Арзыган жандан айрылып минтип калгыча,
Балтага койгун башыңдын берсин эсесин.

Теңирден жалгыз сурарым берсин — махабат,
Калың эл мени мейли, эми эмне-дебесин!?

Аярла, аңда, кыйчалыш тагдыр, сак болгун,
Карекке уруп, кетпесин бейжай жебесин.

Анан да минтип арзыган жандан алыста,
Сүйүүнүн айдап бейтарап жакка кемесин.

Беймарал турмуш кечирип, көңүл шат болуп,
Өмүрдү достор өткөрүү, дурус! — дебесмин.

6

Жаным сыздап, сени көздөй агылат,
Жалгыз сага карек минтип чагылат.


Көп сулууну көрдүм эле, а бирок,
Сендей мерес пери кайдан табылат?!

Бир да акын чырайыңды бере элек,
Келишсе да, ырларды улам жаңылап.

Сенден сулуу гүл көрбөдүм, ардагым!
Жашоо — азап, сенден калган ажырап.

Ишеничти артсам сага, ал кургур,
Кетти минтип, ай-талаага чачырап.

Сен туйбайсың, билбей минтип жашайсың,
Турмуш жолдо баратканым алсырап.

Сага менин бары-жогум билинбейт,
Ошону ойлоп, жүрөк чиркин жабыгат.

Ишаарат кыл, мен келем да жүрөктө,
Үмүт оту кайра баштан жагылат.

Иш үстүндө өмүр өтөйм максаттуу,
Өмүр көчү мына ошентип жаңырат.

7

Жаз күнүнкү майрамдардын убагы,
Жазгы талаа болуп кыздар ынагы.

Бирок кыздар чогулганда талаага,
Жалгыз менмин — кеп, сөз, эрмек кылары.

Ал анткени дейди өңдөнүп турмушта,
Сени көргөн болот күлдөй ыраңы.

Мен арзуудан койдум башым жоготуп,
Айтчы, ардагым деги кандай кылалы?!

Бүгүн дагы келип деңиз жээгине,
Жетимсиреп кайттым, үмүт чырагы

Бүлбүл жанат. Саади, бирок, шек бербе!
Көрө албастын кетсин минтип чыдамы.

Келжирептир: — “Күтпө бекер, келбейт!” — деп,
Кас адамдын башка эмне кылары?!

Андан көрө сабыр күткүн, билсең сен,
Эмгек менен көктөйт өмүр чынары.

Элде айтат: — “Ашыкпагын, көрүнгөн,
Тоонун болбойт бу турмушта ыраагы”.

 

***

Байланбагын эч качан тирүү адамга, башкага,
Эч кейибе бул аалам эңшерилип жатса да.

Жаша, ырда, сүй анан ташта сага айтарым,
Куру кыял, санааны алысыраак жактарга.

Билгин; кызыл мандалак тиги жыты аңкыган,
Жалгыз эмес жаралган мобу алпейим бакчада.

Неге мынча кокуйлап, мекиянга окшойсуң?!
Кетпейт белең кептердей көтөрүлүп асманга.

Аңга окшойсуң анан да торго түшүп, шорлогон,
Булбул болуп сайрагын, окшобогун каргага!

Эшектердин туягы жердин алды мазесин,
Жашоо өтөт ушинтип, өксүк менен арманда.

Андан көрө сулуунун ар бирине көңүл бөл,
Сүйбө бирок берилип, жүрөк оттой жанса да.

Жибек кийип көйкөлүп, көңүлүңдү бурбасын,
Ойноп-күлгүн, бирок да, жүрөк турсун аскага

Окшоп дайым кебелбей. Чүпүрөк да жыртылар,
Билгин досум маңызы бу жашоонун башкада.

Күйүт болор өмүрүң өз күнүңдү унутуп,
Жүгүн артсаң эгер сен чоочун жандын аркаңа.

Дал ошондой өкүттүү махабат да, күч менен
Жаралгандан байланган колу-буту арканга.

Ооба, ырас, мен дагы келем жүгүн көтөрүп,
Жараткандын өзгөчө бу түйшүгүн аркама.

Досту күткүн кол берсе, чын дилинен ийилип,
Дос эместер маш болот жаның сууруп алганга.

Бөлүшпөсө кайгыңды мүшкүл башка түшкөндө,
Андай адам турмушта чыны менен наадан да!

Эгер досуң ашыңды тозуп алса, таш менен
Бааңды бергин эртелеп, достук деген каадаңа.

Анан турса күйпөктөп, дайым мактап өзүңдү,
Анда эле жакаңды бекемирээк карма да,

Жаратканга тобо кыл, өмүр өтүп кетпесин,
Куру бекер чарпылып, өксүк менен арманда.

Кашабаңга койуңду кайтарткандай болбогун,
Ууру колу маш болот оокат кытып алганга!

Өтүп кетчүү жыргалга азгырбагын жаныңды,
Жабыр тартса бул өмүр, келбейт эч ким жардамга.

Жети өлчөп анан кес, ар бир ишти аярлап,
Адам көөнү-сугалак, ачкөздүккө алданба!

Наадандарга ишенип, иш кылганың-өлгөнүң,
Чындык күйөт чыркырап, жалган оту жанганда.

Көпөлөктөй калдактап, учкан чырак айланып,
Жаман ойлор ойрондойт жонго камчы салганда.

Көптү көрүп анан мен үйлөп ичтим айранды,
Капысынан оозум бу сүткө күйүп калганда.

Кыларың не айтчы дос, тумандатып оюңду,
Көр дүйнөнүн кумары толук бийлеп алганда.

Анда эле туткунсуң көгөндөлүп бараткан,
Ой-мүдөөңдүн бардыгы чырмалышып арканда!

Өзүм менен пикирим жүрдү өзүмдүн келишпей,
Келдим туруп чечимге, шайтан алгыр, анан да,

Көөнүн бастым сулуунун: — Кайыр кош! — деп бир күнү,
О, махабат жутпадым сени чаңкоом канганча.

Ал соңунда мага айтты: — Бу кылганың жарабас!
Махабаттан болобу кымбат нерсе жалганда?!

Демек өзүң сүйүүгө арзыбаган бирөөсүң,
Артка кайтмак эмес дос, ажал келип алса да!

Билгенсиң да миңдеген тикенекти кармарың,
Роза гүлдү ажайып тандап алып жатканда.

Кантип аны үзмөксүң тикенегин кармабай,
Кантип четте калмаксың кеп— сөз болбой нааданга?!

Сүйүү үчүн кара жан садагага чабылсын,
Тагдыр сени ал үчүн так чекеге атса да.

Айдай жарык бермекпи тобу менен биригип,
Сансыз жылдыз жымыңдап, тиги түнкү асманда?!

Акча, байлык барысы колдун гана киридир,
Жашоо-бакыт экенин сезет зирек жан гана.

Анан дагы ушак сөз— ууга тете биле жүр,
Сүйүү гана толкутар өмүрүңдү наздана.

Айталбаймын ашыктын көтөргүн!-деп кыялын,
Отурбагын сен дагы кыялыңды жаздана.

Зирек адам эч качан божомолдоп жашабайт,
Жообу даяр сурасаң, мейли кечте, таңда да.

Сары майга жеталбай “сасык!” — деген мышык көп,
Баса калып жээр эле эгер жерге тамганда!

Март адамдын колунда болсо чачып жибермек,
Ошондуктан ал окшош кирип турган дайрага.

А сен Саади, керемет чоң байлыктын ээсисиң,
Ал керемет байлыктан кулпурууда айлана.

Казалыңдан а көрө окуп жибер сыйкырдуу,
Жан кирүүдө тигинтип жансыз турган Айга да!

 

----------------------------------------------------

 

РОБЕРТ БЕРНС

 

***

Жакты ага менин турган турпатым,
Жашаган үй жана ага-тууганым.
Артык окшойт бирок, жеке баамымда,
Ага менин акча, байлык, кызматым.

Мөмөсү үчүн алма бакты сүйөт ал,
Аары-кымбат, жүргөнү үчүн ташып бал.
Акча бүтүн ээлеп алган жүрөктө,
Бир кичине мага орун табылар?!

Бирок ага аял эмес сеп кымбат,
Тамак болсо, ал сүйүүнү жеп тынмак.
Куйту болсун мейли, көрө жатарбыз,
Отурарын ким ыйлап да, ким ырдап!

Бак бүрдөбөйт — болбосо эгер тамыры,
Тал гүлдөбөйт — сөңгөк болгон акыры.
Сүйүү өтөт илинчээги жок болсо,
Тийбей жүрүп эч бир жанга жарыгы.

 

Бактылуу жесил

Май айында үйлөнүп,
Азапка далай малындым.
Туткундук курусун, бул өңдүү
Келчүү эле кез-кез асынгым.

Кылып мен анын айтканын,
Турмуштан көрдүм тозокту.
Ал өлүп анан акыры
Түйшүктөн мени бошотту.

Жыйырма күн эмес жыйырма жыл
Жашады бирге, кантейин!
Ал эми азыр каякта
Жүргөнүн билбейм, билбейин.

О дүйнө бирок сырларын,
Билүүгө жүрөм оолугуп.
Өлгөн соң ага мен барып,
Калбасам болду жолугуп.

Жол жобосун бүт жасап,
Узаттым келбес сапарга.
Тозоктон чыкпай бир орун,
Кайтпаса болду катарга.

Бейиште окшойт, түгөнгүр?!
Эрте-кеч түшөт чагылган.
Чагылган салат эсиме,
Добушун ачуу чаңырган.

 

Ыр 

Аял алсам деп жүрөм,
Мейли жакшы, жаманын.
Аял болсо болгону,
Чечет элек калганын.

Семиз, мейли же арык,
Эң башкысы күйөөсүз.
Мейли суру келишкен,
Биз түнкүсүн сүйөбүз.

Мейли эгер жаш болсо,
Катарында басармын.
Картаң болсо эртерээк,
Кара кийип жатармын.

А кааласа төрөсүн,
Балалуу үй базар да.
Төрөбөсө эң жакшы,
Эркинирээк басарга.

Сүйсүн мейли аракты,
Ичкен оозго жарашат.
А ичпесе, эң жакшы,
Көбүрөөгү мага ашат.

 

Тажаал аял туурасында ыр

Аялым берип азапты,
Өлчөөсүз жедим таякты.
Мойнуңа минет андыктан
Катуурак койгун талапты.

Табамын деген бакыт жок,
Күндөр жок окшош жомокко.
Тажаткыр катын башымды,
Жашымдан тыкты тозокко.

Ошентсе дагы, үмүт чоң-
Жетемин деген жеңишке.
Тозокту көрүп мында мен
Кетээрмин эми бейишке.

 

Картаң күйөө туурасында ыр

Ажалга койсоң алдырып,
Алжыган чалым сен менин.
Тоолугум жазмак капамды,
Койнума жатып эзгилеп.

Жумуртка койдум бышырып,
Алтоосу турат тигинде.
Өзүңө-бири, мага-экөө,
А үчөө — тоолук жигитке.

Казанда башы кочкордун,
Казанда башы кочкордун.
Эт, сорпосу — биздики,
Мүйүзүн мүлжүйт окшодуң.

 

***

Аскалуу чоку. Магдырап
Булуттар жатат уйкуда.
Жем издеп учуп бөдөнө,
Жээлиге учат кыр-кырга.

Кыр-кыры, төшү, чокусу
Жаныма кымбат. Себеби,
Арзышкан жаным суу алат,
Булактан дайым береги.

Шылдырап булак агылып,
Өзөндү көздөй ашыгат.
Өзөндү бойлой бир бассак,
Өзөктө сүйүү ашынат.

Арзышкан жандын мен үчүн
Көп кыздан сулуу чырайы.
Атасы берчү сеп эмес,
Ак сүйүү көрктөйт ырайды.

Кезиксең жүрүп сулууга,
Сезимиң күйүп чок болор.
Акылы болсо анан да,
Жүрөккө тийген ок болор.

Арзышкан жандын, а бирок,
Көздөрү кымбат мен үчүн,
Кучактап жатып өлөйүн,
Кучагың тосчу, күмүшүм!

 

Менин бактым

Азга чөгүп, көпкө кетпейм дардактап,
Жашоом — бейпил, жанга жыргал жаратат.
Шайтан алсын мага түшкөн мүшкүлдү,
Шарап ичсем, шаңга толгон таң атат.

Ыза көрсөм, кетем анан чыйралып,
Жашоо — күрөш, жеңген кетет сый алып.
Байлыгым жок, мүнөзүм бар карольдор,
Сындыра албас, уруп, согуп, сынга алып.

Бул жылы бүт эзип келди убайым,
Досторум бар, бирок берген кудайым.
Жеткен кезде зор максатка, не керек
Жолдун эстөө — аңгыл-дөңгүл, ылайын!?

Чобур аттай ээрчип келет тагдырым,
Дүйнөнүн айт кээде кенен, тардыгын!
Түйшүк бассын, мейли болсун кубаныч,
Кучак жайып, күтүп алам бардыгын!

 

Ыр 

Ушул түнү бош эмес,
Биздин чөйчөк, жүрөктөр.
Барыбыз мас, бардыгың
Эсен-аман жүрө көр!

Кудай алсын кимде-ким,
Элден коркуп, сактанса.
Чиркөө, түрмө — дегениң,
Кылат жанды маскара.

Акча, байлык дегенге
Ашыгышат акмактар!
Жарың сүйкүм болгон соң,
Жашоо алтынга барабар!

Кайгы-муңду ыр менен,
Узатабыз заматта.
Кучактайбыз кыздарды,
Саргыр үймөк тарапта.

Мырза кууп жете албайт,
Бизди сиздин араба.
Керебет да сиз жаткан,
Башка, канча кыз алба.

Жашоо атат чимирик,
Караңгыда, жарыкта.
Кадыр-барктан дайын жок,
Жашайбыз биз тарыхта!

Каран калсын барысы.
Шарап ичип дуулайлы.
Берсе, койсо өз эрки,
Сөкмөк белек кудайды!

Өзөктө өрт күйө бер,
Жүрөктөргө дем берип.
Кыздар үчүн ичебиз,
Жүргөн бизди шердентип!

 

Кыздын ыры 

Ал мени сүйүп бетимден.
Тоолорду кетти таянып.
Ошол күн кетпей эсимден,
Тоолорго артам кусалык.

Аяй көр аны жол ката,
Ак жамгыр, мөндүр сабаган.
Жолдорду койчу тазалап
Күрткүдөн, бороон-чабаган?!

Анан да, түнү ызылдап,
Албагын тынчын, уктасын.
Ал тоңуп, менин түшпөсүн
Азапка бейжай бу башым.

Атымды айтып шыбырап,
Тоолордон билем жашырат.
Алдыга — сапар, артына
Арзуусу тунук чакырат.

 

Кыш өттү

Кыш өтүп, келди жаз мына,
Куштар да даңктап жаз күнүн
Сайроодо, жалгыз-жапамын,
Калтырып кетип сүйгөнүм.

Караган, бута, жалбыздар
Аары— деп ачат гүлдөрүн.
Калтырып кетти, кантейин,
Сүйүктүүм, менин сүйүктүүм!

 

Тоолук жигит

Оюу, боюу келишкен
Тоолук жигит кайдасың?
Доого калып бейкүнөө,
Качып-бозгон жайдасың.

Аны кантип өзүмө,
Айткылачы кайтарам?
Кучак артып, эрээркеп,
Кучагында жай табам.

Кошуналар карачы,
Жыргап уктап жатышат.
А мен ыйлап отурам,
Ойлор жиптей чатышат.

Таптым, таптым, мен анын
Кантип үйгө кайтарын.
Күбүү керек ал үчүн
Бир адамдын шайтанын!

 

***

Шараптан мага куюп бер,
Жээрдиги күмүш кесеге.
Сапар – бул, мүмкүн акыркы,
Сүйгөнүм түшөт эсиме.

Качырап кеме мамысы,
Шамаалды сынайт деңизде.
Ичемин, Мэри сен үчүн,
Алыстап барат Жэр-Эне.

Алдыда бороон айланып,
Делпектеп учат асаба.
Бапылдайт керней-сурнайлар,
Найзалар жылат катарда.

Аптыгып, коркпойм согуштан,
Ар башта турат — бир өлүм.
А бирок, сенден айрылам
Канткенде, Мэри сүйгөнүм?

 

----------------------------------------------------

 

АННА АХМАТОВА

 

***

Өзгөлөрдү унуткандай мени да,
«Унутам!» — деп бир кайрылып койбодуң.
Жээрде аттын ыйлай— сыктай жалбарып,
«Жыгылат!» — деп туягына ойлодуң.

Же болбосо, көзү ачыкка барат да,
«Сурайт» -дедиң дубаланган тамырдан.
Анан дагы жиберет деп күттүң го,
Жоолугумду кошуп башка салынган.

Шайтан алсын, сени билсең эгерде,
Качып менден эч болбогун убара.
Ант беремин биз жамынган түн менен
Бир кездерде баткан балкып кумарга.
Кайрылбасмын, оюңа да келбесин -
Мына мендик темирден бек убада!

 

Соңку кездешүү ыры

Оң колго кийип мээлейин,
Сол колдун анда алыпмын.
Билгенмин сен да түйшөлүп,
Күткөнсүң мени ашыгым.

Тепкичтин билчүүм үчөөнү,
Ал анда көптөй туюлду.
Өлөлү бирге, келгин! — деп,
Шыбыры күздүн угулду.

Анан да айтты: “Куу турмуш,
Балача мени алдады”.
Мен айттым: “Секет кетейин,
Көрбөдүм мен да пайданы!”

Акыркы ирет кездешүү,
Ыр менен ушул коштолду.
Үзүлүп мезгил, кетилип,
Убайга салар окшоду.

 

Камчылап күйөөм урганда...

Кош өрүм камчы колго алып,
Эр сөрөй сабап таштады.
Өзүңдү күттүм түн боюу,
Чыракдан — шерик. Караңгы

Суюлуп, анан таң атып,
Айылда тирдик башталат.
Өттү түн дагы өзүңсүз,
Көзүмдөн ысык жаш тамат.

Өзүң деп келип дүйнөгө,
Өзүң деп өтүп баратам.
Арзышкан жаның барбы же,
Айлап да, жылдап сагынткан?

Мен сени кантип жашырам,
Көөдөндү эзген муң-кайгым?
Келип кет күткөн сагыныч,
Тартпайын чексиз убайым.

 

Буурул түндө

Эшикти жаппай, чыракты
Күйгүзбөй калган экенмин.
Билбепмин, ойго келбептир,
Турмушуң күтүү экенин.

Мен сени күтүп отуруп,
Жылдызды көктө санаймын.
Жүрөгүм туйлап, секирип,
Үн чыккан жакты караймын.

Бардыгы бүттү, барысы
Билемин куру убара.
Мен сени алдым жоготуп,
Суу кечпей калды убада.

 

Кой көздүү кароль

О чексиз кайгы, азаптуу бар бол!
Көз жумду кечээ кой көздүү кароль.

Үп дагы, ысык күз кечи эле,
Жолдошум айтты жосунсуз нерсе:

“Өлүптүр кече аң уулап жүрүп,
Аң өзү аны алгандай күтүп.

Ханыша байкуш, жаш эле шордуу,
Жүрөт дейт ыйлап, акмалап жолду.”

Деди да алып мүштөгүн кетти,
Жумушка түнкү, бүтүрбөй кепти.

Ойготом жаткан кызымды уктап,
Кой көзүн карайм мен үчүн кымбат.

Шуудурап сыртта дарактар айтат:
“Каролсуз минтип калдыңбы, бейбак...”

 

***

Шаан-шөкөттү, шарапты
Мындагылар сүйөбүз.
Нени ойлоп, эмнени
Билбейм анан күтөбүз.

Колуңдагы мүштөктүн,
Чыгат кызык түтүнү.
Билем мунун бардыгы,
Турмуш күндүн бүтүмү.

Сыртта бороон-чапкынбы?
Көргүм келип ашыгам.
Көздөрүңдө барбы дейм,
Купуя сыр жашырган.

Санаа басып, саргайтат,
Өлүм артып кусалык.
Тозок күтөт бизди эртең,
Демек, тобо кылалык.

 

Конок

Өзгөрүү эч кандай болгон жок,
Баягы терезе, бурганак.
Баш бакты бир адам үйүмө,
Ар түркүн ойлорду кубалап.

Телмирип: “Сен менен тозокто,
Болсом” дейт суроомо жооп кылып.
Мен күлдүм: “Койсоңчу, бай болгур,
Кетпесин оюндан чыр чыгып.”

Бир убак гүлдөрдү кармалап,
Түркүн түс, аңкыган, жарашык.
Айтчы дейт: “Өбөсүң кандайча,
Өбүү үчүн калбагын жаралып?”

Анан да көздөрүн албастан,
Колумда шакекке тигилет.
Оюнда не барын биле албай,
Ойлорум кетүүдө бириндеп.

Билемин ал минтип ойлонот:
“Калп эле, жөнү жок бааланат.
Көп болду жүрөгүн, түгөнгүр,
Алганы мен үчүн жаралап!

 

© Кыргызчага Т.Т. Чакиев которгон, 2012

 


Количество просмотров: 1615