Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Зинакан Пасаңова, 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 27-апрели

Зинакан ПАСАҢОВА

Сен эмген эмчек

(аңгеме)

Бул аңгемеде эне сүтүнөн ажыроо бала үчүн эң биринчи улуу сыноо жана жоготуу, ал эми баласын эмчектен чыгарган эненин психологиялык толгонуулары көркөм сүрөттөлөт.

“Все хорошее в человеке — это от материнского молока и солнца”, — сказал писатель М.Горький. Человек всю жизнь проносит с собой теплоту и вкус материнского молока, через которое он познал и полюбил вкус к жизни. Расставание с материнским грудным молоком – это первое великое испытание и потеря для ребенка, с которым вместе переживает и мать.

 

Ноябрдын он бешинде бейшембиден жума күнгө оогон түнү сени эмчектен чыгардым, уулум. Ушул түнү атаңа бөлөк төшөк салып берип, өзүңдү койнума алып жаттым. Балалык турмушуңдагы эң таттуу жыргалың болгон эненин ак сүтүнөн ажырардын алдында кумарың канганча ээмп алсын дедим. Баламды акыркы жолу эмизип жатам деген ойдон өзүмдүн каңырыгым түтөп, ыйлагым келип турду. Бирок, эне баланын өмүрүндөгү бул жоготууга биз дагы баш ийишибиз керек.

Сенин эмчектен чыга турган маалың келди, уулум. Бир жарым жаштан өтүп, алдыма алып отуруп эмизгенге ылайык келбей торолуп калдың, Көргөндөргө да өөн учурайбы: «Эмдигиче эмизесиңби?!» — деп чочуп кетишет. Сенин гана эмчектен көңүлүң калбады. Чоңойгон сайын «Ма?» деп көкүрөгүмө көбүрөөк жабышчу болдуң «Ма» деп эмгиң келгенде айтчысуң.

Сенин эмчек эмишиң не деген сулуулук эле! Жамгыр жууган карагаттай кирсиз капкара көздөрүң мени сүйсүнө тиктеп, быйтыйган колдоруң менен көкүрөгүмдү сылагылап, узакка мээрлене соргонду жакшы көрчүсүң. Ушул маалда наристе жытыңа тоюп, балапандыкындай кичинекей жүрөгүңдүн түрсүл какканына, сүт эриңдериңдин назиктигине ичим элжиреп, энелик бактыма мас болуп турчумун. Кымындай денең жыпжылуу болуп боорума кысылып, кичинекей толмоч буттарыңды тыбыратып, алып түнкүсүн да ээмп чыгасың.

Оозуңа толо түшүп жаткан ак сүтүм аркылуу сага жашоо азыгын, балалык ырахат, жылуулук тартуулай турган энелик касиетим үчүн төбөм көккө жете түшөт. Эне балага бала энеге бере ала турган бул кудуреттүү сезимди баштан өткөргөн гана билер.

Уулум, сен төрөлгөндө да апаңды эң биринчи эмчек сүтүнөн тааныгансың. Экөөбүздү табыштырган ошол улуу мүнөттөр ачуусу, таттуусу аралаш жүрөгүмө терең батып калган.

Сени узакка толготтум балам. Отуз омурткамды сыздатып, жан терге салган ачуу толгоо күндүзү чак түштө башталып таң атаарга чейин созулду. Мени төрөтөм деп түнү бою шайы оогон акушерка аял: «Өзүң аман калсаң болду» деп көздөрү чачырай баштады. Операцияга түк ынабадым. Балам жарык дүйнөгө өз жолу менен келсин дедим. Сөөктөрүмдү улам быркыратып ажыратып, кайра мыкчып жууруп жаткандай жан чыдагыс оорудан кыйналганда жашоодон аша кечким келип турду. Бирок, илингеним сен болдуң. Денемде түйүлгөндөн баштап энелик сезимим бүчүр ачкан тогуз айдын ичинде өзүң жөнүндө тынымсыз кабарлап, белги берип, менин бүткүл ой-санаамды ээлеп, төрөлөр күнүңдү күттүрүп, ага даярдап келсең анан канткенде ара жолго калтырайын. Мен ушул чексиздей сезилген оор сааттарда өзүмдүн гана эмес, эки адамдын өмүрү, төрөлө турган баламдын жаны, соолугу үчүн күрөшүп жаттым.

Мага кубат берип, колдоп турган дагы бир нерсе болду. Төрөт залдын терезесинен көрүнбөсө да сырткы дүйнөдө мен сүйгөн өрүк гүлдөрү бажырайышып сүйүнчү күтүп жатышкансыды. Апаппак болуп текши гүлдөгөн өрүктөрдү кечээ мен «тез жардам» машинесинде төрөтканага келатканда көргөн элем. Ошто өрүктөр гүл ачып калыптыр. Бул мага өтө жагымдуу жанылык болду.

Акыркы күндөрү оордошуп, үйдөн чыгалбай жүрүп жаздын келгенин да байкабапмын. «Тез жардам» менен шаардын четки көчөлөрүн аралап баратканыбызда өрүк гүлдөрүнө көздөрүм тойбой сонуркап тиктеп, көңүлүм көтөрүлө түшкөн. Булутсуз көпкөк асмандан жаадырап тийген күндүн таза нурлары аларды өзгөчө аппак нурга боеп туруптур. Бул сулуулук мага жакшылыктын жышаанындай туюлду. Кыйналбай көз жарып алат экенмин деп жорудум. Кыз болсо атын «Жазгүл» коем деп ниет кылдым. Жанымда үн-сөзсүз санааркап келаткан атаң менен бул ички туюмумду бөлүшкүм келген жок. Мен үчүн өтө аеолуу терең сыр катары көңүлүмдүн түпкүрүнө катып койдум.

Төрөтканага жеткенибизде эшиктен кирерден мурун өрүк гүлдөрүнө дагы бир саамга бурулуп тиктеп алдым. Алар мага көзү өтүп кеткен апамды жоктоп жалгызсыраган сезимиме ортоктош болушуп, агынан жарылган аппак тилектери менен муңайып узатып жаткансыды. Эреркеп кеттимби, көздөрүм жашка толо түшүптүр. Каректериме орноп калган аппак гүлдөр төрөт маалында нечен жолу көз алдыма тартылып, үмүттүн ак жоолугун булгалап турду. Мен аларды кайрадан көрүүгө кумарландым. Кийин ойлосом бул жашоонун чакырыгы, сенин периштең болгон экен. Ошентип, мага өзүм өзгөчө жакшы көргөн маалда, өрүктөр гүл ачкан апрель айынын башында эне болуу бактысы буюруптур.

Көктөм жыттанган ууз жаздын ак шоолалуу таңында жарык дүйнөгө келдиң. Ошон үчүн атыңды «Актаң» койгонбуз. Сен да менден бетер күчүркөп, аябай кыйноо тартып төрөлдүң. Боюмдан бөлүнгөндө «Баа!» деген жан кечти бакырыгың «Ап-а!» деген чакырыктай туюлуп кетти. Дароо башымды көтөрүп: «Аман бекен!» деп сурапмын. Боз чүпүрөккө чүргөп туруп колума карматышканда али ысымың жок, өң-түспөлүң дааналана элек болсо да, кызыл эт ымыркай жүзүңдөн өзүмө ушунчалык жакын, кымбат белгилерди көрүп, бардык тарткан азабым жуулуп кетти. Колума өзүм жараткан жаңы ааламды кармап тургансып, жетине албай жаттым. Бир чети кармоого да эп келбеген морттугуңдан чочулап, ушул тырнактай алсыз жанды азуулуу турмуштан коргоп, эсен-аман жетилдирип, алар бекем деп, санаам санга бөлүнө түштү.

Сен да «эне» деген эң жакын адамдын колунда келгениңди туйгандай, ууртуңду кыйшайта алда-нени издеп жаттың. Өзүңдү эмизгиче ашыктым. Барсанактап турган сүт эриндериңе эмчегимдин үрпү тийгенде дирт эте түшүп ачылып, жалмалап кирдиң. Бир-эки жолу кылт эте жутунуп, сүттүн даамын татканыңдан кийин бышылдап кадыресе эме баштадың. «Эм, эме кой балам! Мен сенин апаңмын! Эне сүтүмө, уузга тойгуча эм! Сени жүрөгү эзиле сүйө турган , бөпөлөй турган энең бардыгын азырынча ак сүтүнүн даамынан сезип туярсың!» деп алтымыш тамырым балкып ийип бердим.

Оо, жаңыдан көз жарган наристесин жылуу кучагына алып, эмчек эмүүдөн тартып жашоого телчиктире баштаган, Аялзат! Сенин чыдамкай колдоруң канча жыл балаңа тирөөч болуп көтөрүп, алдейлеп таптап, тосуп, жалаягын жууп, бара-бара отурганды, тамак жегенди, жөрмөлөгөндү, каз-каз турганды, басканды үйрөтөр экен. Сенин эси-дартың күнү-түнү балаңда болуп, дем алышынан бери тыңшап, кирпик ирмешинен байкап, суук шамалдан, жаман илдеттерден коргоп калгысы келет. Сенин сүйүүгө толо көздөрүң түнү да канча жолу уйкусун качырып, балаң түйшөлгөн сайын алдейлеп, карап чыгат. Сенин ой-сезимиң менен акылың, уул— кызыңдын акыл-эсин турмуш жолуна адаштырбай жетелеп чыккысы келет. Бул зор мээнетке Эне гана түтөт.

Балаңдын дүйнө тааныган ар бир сөзү, балалык ширин кылык-жоругу, бал жыты, алгачкы шилтеген кадамы ошол энелик эмгегиңдин кайтарымындай кубантып, эч нерсеге келгис жыргалга бөлөйт.

Бирок, перзентиң торолгон сайын сенден бөлүнө баштаган ар бир учурдун жан кейиткен жоготуусун да көтөрүүгө туура келет. Мына мен да анын бирин өз башымдан кечирип жатам. Баласын эмчектен чыгарарда эне ушунчалык илинип, ичи ачышарын кайдан билипмин. Сен эмбей калсаң эле өзүмдөн жатыркап, алыстап кетериңдей сезилип кыялбай турам. Бааарыдан да өзүң кантер экенсиң деп чочулап жатам. Төрөлгөндөн тартып жан шеригиңе, кумарыңа айланган эмчек эмүүдөн түңүлүшүн азап болоор бекен?

Эмчектен жума күнү жеңил чыгат дешкенинен ошол күнгө бел байладым. Түнү бою эч капарсыз ээмп чыктың. Таңга маал уйкусурап дагы көкүрөгүмө жабыштың. Эки эмчегимди бир сааттай алмак-салмак соруп тердеп-кургап көшүлүп жаттың. Анан кайрадан таңкы таттуу уйкуга кирдиң. Ошол бойдон эненин ак сүтүнөн айрылдың, уулум! Эрте менен сен ойгонгончо үрпүмүн айланасын кара көө менен сызып таштадым.

Көзүңдү ачарың менен күндөгү адатынча «Ма?» дедиң. Карала болгон эмчегимди көрсөтө: «Карачы, «ма» бөө болуп калыптыр”. Сен чочулап сестене түштүң. Эненин жылуу кучагында эркелеп эмчек эмүүдөн башталуучу ырахаттуу жашооң бир паста астын-үстүн түшүп кыйрагандай, алдастап кеттиң. Көргөн көзүңө ишенбей кайра-кайра көкүрөгүмдү ачтырып карайсың. Анан эмне кылаар айлаңды таппай туталана баштадың. Ич күйдүлүгүңдүн күчүбү, делөөрүп ойноп, үйдүн ичин үч көтөрүп, шоктонуп жаттың.

Бирок, эки көзүң ажырабай менде болду. Мүнөт сайын «Апа?» деп бутума оролошосуң. Ойноп жатканың менен көздөрүң каканактап, эринериң ыйлап жибере жаздап зорго эле турат. Кез-кезде «Ма?» деп жалооруп мага жабышканыңда «Мама бөө экен», — деп алакчылайм. Ага ишенбегенсип: «Аччы?» дейсиң. Акыры көөгө да кайыл болуп көздөрүңдү жума магдырап эмчегиме тартылып баратканыңда араң токтотуп калдым. Ошондон кийин көйнөгүмдүн жакасын сен ачалгыс кылып бекем төөнөп койдум.

Түшкө жуук чыдабай кежирленип кирдиң. Кичинекейиңде сүт эмгек упчуңду таап берсем ачуулана оозуңдан алып ыргыттың. Оокат да жебедиң. Уйкуң кыстаса да эмчектин кумары чыдатпай ыйың барган сайын катуулай баштады. Керебеттин аркы учуна бир, берки учуна бир жөрмөлөп жүрүп өпкөлөп-өксүп ыйладың. Эне сүтүн, балалык ырахатыңды жоктоп, андан түбөлүк айрылганыңды билгенсип боздоп жаттың.

Сенден бетер өзүм эзилип жашып жүрөм. Колума көтөрүп алып, боорума кысып алдейлегенче «Кыйналбачы уулум! Ушуга чейин эмизген ак сүтүмө ыраазы бол! Эми түңүл, садагам!», — деп жалынып-жалбардым.

Ошол түнү ысытмаң чыгып, чабалактап жөөлүп баштадың. Сенин тарткан азабыңа чыдабай нечен жолу эмизе жаздап, бирок зорго тиштенип, карманып калдым. Таң атканча кирпик көзүм какпай өзүңө көпөлөк болуп чырк айланып чыгып кеткен ошол түн өмүрүмдөгү эң оор түндөрдүн бири болду. Таң супа салганда гана ысытмаң кайтып, көшүлүп катуу уктап кеттиң. Сенин ыйдан шишип кызарган көздөрүңдү. кеберсиген эриндериңди көз жашыңа жуулуп бир күндө эле бозоро түшкөн өңүңдү эзиле карап турдум.

Ойгонгонуңда башкача болуп өзгөрө түшүпсүң. Кечээги туталанган шоктугуң жок. Мусапыр болуп, бошошуп турдуң. Бирок, дагы эле эси-дартың эмчекте экен. Үлдүрөй үмүткөр тиктеп «Ма?» дедиң. Менин түңүлдүргөн сөзүмдөн кийин чыргоолонуп көпкө барып басылдың. Эми апаңдын таш боордугунан көңүлүң калып мени жек көрө баштасаң керек деп ойлогом. Тескерисинче колумдан түшпөй жабышып алдың. Мени колуңдан чыгарсаң эле эмчектен биротоло ажрырарыңдай бир карыш алыстабай туткактап жүрдүң. Атаң «кел» десе да ынабадың. Эне сүтүнөн айрылгандагы арманыңды эки эселенген мээрими менен жууп-чайыш үчүн өзүм да жанымды чаап, көзүңдүн кареги менен тең айландым. Бирок, эмчек жоктогон ич күйдүлүгүңдү эч бир мээримим алмаштыра алган жок. Оюнга да алаксыбадың. Ачылгыс кылып төөнөп койгон көйнөгүмдүн жакасын тытмалып, ага болбосо акырегиме башыңды ургулап айламды түгөттүң. Көздөрүң катуу азап тарткан адамдыкындай чүңүрөйүп кирип, көңүлүңө эч нерсе сыйбай жетимсиреген ушул акыбалың өтө аянычтуу эле.

Ошондон көп узабай үйдө өзүң менен болуп ойноп отурдуң эле. Мен жаныңда иш кылып жаткам. Оюңа не келди, билбейм, жароокерленип назик кучактадың. Анан жүзүмө карадың. Менин да жакшы көрүп эзилип турганымды көрүп кайраттана түштүңбү, көйнөгүмдүн жакасын акырын ача баштадың. Ошол учурда сени өзүмдөн алыстатып түртүп коюуга кудуретим жетпеди. Эми кайра баштап «эмчек эмем» деп кыйнайт окшойт деп күтүп турам. Жок, өзүңдү токтоттуң. Көкүрөгүмө жүзүңдү сөйөп туруп, жыттап-жыттап алдың. Кайра жакамды акырын жаап койдуң. Жүзүңө тиктесем кыйла токтолуп чоңое түшкөн экенсиң.

Сенин бул жоругуң өз башымдан өткөн бир нерсени оюма салды. Мен да апамдын көкүрөгүн карыганча эле жыттаганды жакшы көрчүмүн. Эненин эч кимде жок башкача жыты, көкүрөк жылуулугу көңүлүмдө жыйылган бардык арман-кусамды тазалап кеткендей жеңилдене түшөөр элем. Ал эмнеге болгон сагыныч экенин апамдын көзү өтүп, түбөлүккө коштошуп жаткан күнү түшүнгөм.

Апам 70 жаштан өтүп, карылыкка жаңыдан алдыра баштаганда көз жумду. Өзүнүн ою да ушул эле. «Көп карытпай ала көр кудай! Балдарым артымдан арман кылып, көздөрүнөн жаш чыккыдай болсун!», — деп тилей берчү. Ошол тилегине жетти. Алы— күчү барында. сөз сөз болуп турган чагында актыкка баш ийди. Тирүүлүктүн акыркы мүнөтүн жашап жатканын билип калса да «өлбөсөм экен» деп жанталашпады. Эч нерсеге илинбеди, арман кылбады. Бул өмүрдө аздыр-көптүр көргөн күнүнө, ичкен суусуна, тарткан жыргалына чеккен азабына ыраазы болуп. балдарынын бардыгынан көңүлү тынып, жакын көргөн адамдарынан ыраазычылык сурап, жүрөгүн кең ачып, дилин агартып туруп өлүмгө меймандай болуп өз эрки менен моюн сунду.

Кызыл манат жабылган сөөгү жаткан бийик керебетти тегеректешип беш мырза уулу — менин агаларым жерди солкулдатып өкүрүп турушту. Кыздары. биз эжем экөөбүз, чучуктай сызгырылган күйүттүү үн менен кошок кошуп ыйлап жаттык. Маркум менен коштошкону жана бизге көңүл айтканы келген эл-журт бул жашоодо өзүнүн адамдык парзын өтөп бүтүп, эми түбөлүккө жаны жай алып, жаткан апама суктана тиктешкенин көрдүм. «Бактылуу кемпир экен» деп айтпаган жан калбады. Өлсө да өзү төрөп өстүргөн балдарынын доорунда канышадай сөөлөт күтүп, керилип жаткан апам мага адам жашоосунун гана эмес өлүмдүн да жакшы-жаманы, урмат-сыйы болору жөнүндө улуу сабак өтөп кетти.

Ошол азалуу күндө менин көзүмдү ачкан дагы бир акыйкатты тааныдым. Апамды сууга алып жатышканда тартылган көшөгөнүн баш жагында карап отурган элем. Акыркы жолу болсо да көрүп калайын деп мукурагандыгы аргам ошол болду. Апамдын денесин ачышканда эң биринчи эле эки эмчеги көзүмө урунду. Бала эмизген жаш аялдын сүткө толгон эмчегиндей балкайып ууздай агарып турган экен. Ортосундагы үрпү типтик болуп карарат. Жүрөгүм сыздап кетти. Биз ээмп чонойгон эмчек. Апамдын көкүрөгүн жыттаганды эмне үчүн жакшы көрөрүмдү ошондо гана түшүндүм. Мен жакшы көргөн жыты кичинекейимде эмчегин ээмп жатканымда мурдума жытыгып, көкүрөгүмө сиңип калган экен. Эненин ак сүтү өмүр бою кумарлантып, эңсете берет окшойт. Ага-эжелерим менен өзүмдүн эмчек эмген ымыркай кездеримди, апамдын бала дегенде эч нерсе тең келгис ыйык сүйүүсүн элестеттим. Бизди эмизип чоңойткон эки эмчектен көздөрүмдү тартып алалбай тиктеп, ичимден күйүп коштошуп жаттым. Көз жашым болсо тынымсыз куюлуп турду.

Апамды жууган аялдар жаштайларынан кадыр-көңүлдөрү өтүшүп калган ынак теңтушу менен жакын көргөн абысыны эле. Экөөнө өзү: «Мен өлгөндө силер майрам сууга алгыла» деп керээз кылган экен. Жаны бирге болуп, калган адамга акыркы жолу кызмат кылып, жаткандыктарына ичтери эзилишкендей, жаш баланы кириндиришкенсип, өтө сүймөнчүк менен сылагылап-сыйпалашып жууп жатышты.

Адегенде ак аралаган күмүш түспөл чачын тал-талдап жаза башташты. Мен дайыма айрандап жууп берчү чачтарын салаалап тарашып көкүрөгүнө төгүлтө жазып коюшту. Анан ак сурптан жасалган көйнөк ,оромол кийгизишип, биротоло чүмбөттөп жаап киришкенде ачуу чаңырып ыйлап жибердим. Эми ушул бойдон апамды эч качан көрбөй турганыма моюн сунуунун өзү акыр заманга тете болду. Апамды өз өмүрүн өткөргөн, бизди төрөп-өстүргөн куттуу үйүбүздөн көтөрүп чыгышып, эч качан кайрылып келгис жайга алып жөнөшкөндө эл гана эмес жер да дүңгүрөп кайгырып коштошуп жаткансыды. Бул ажырашуу Кудайдын мен тааныган эң ачуу акыйкаты эле...

 

***

Сен үч жашка чыккан жазыңда кайрадан боюма бүткөнүн билдим, уулум. Бул жөнүндө биринчи сага сүйүнчүлөдүм. Короодо балдар менен ойноп жүргөн жериңе барып, өзүңдү бөлүп чакырдым да: «Уулум, эми сен бөбөктүү болосуң!» — дедим жүзүңө кубана карап, Анан колуңдан жетелеп алып өрүктөрдүн гүлү жаап калган бир аяк жолго чыктым.

Сага айта турган сөздөрүм бар эле. Кудай буюрса, дагы инилериң жана карындаштарың төрөлөрүн, а мен болсо силерди чоңойтуп-стүрүү үчүн узак жашап, анан көрөр күнүм түгөнгөндө кызыл манат жабылган бийик тактада элдин баарын суктантып канышадай сөөлөт күтүп керилип жатарымды, султандай болуп жетилишкен эр азамат уулдарым «Эсил кайран апам ай!» — дешип жерди солкулдата өкүрүшүп, кыздарым болсо даңазамды чыгара кошок кошушуп, акыркы жолго унутулгус кылып узатышарын айткым келген. Бул тилегиме ак жол билдиргенсип, мен сүйгөн өрүк гүлдөрү жолубузга жабалактап жаат жатты.

2005-жыл. Ош шаары

 

© Зинакан Пасаңова, 2012

 


Количество просмотров: 3370