Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Улан Дүйшөналы-Марипат, 2002. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 21-апрели

Улан ДУЙШЕНАЛЫ

Пирамида топ жылдызы

Илимий-фантастикалык аңгеме

Илимий-фантастикалык сюжеттер аркылуу жер титирөөдөн куткаруучу кибернетикалык жана механикалык аппаратты жаратуу жөнүндө айтылат. Ал илимий-техникалык идеяларды окумуштуулар жана конструкторлор жүзөгө ашырышы керек. Сүйүү темасы абдан кызыктуу.

Жарыкка чыкты:

1. «Адабий гезит» деген адабий гезитинде 2002-жылдын №№ 24-25 сандарында кыргыз тилинде.
    2. «Адабий гезит» деген адабий гезитинин № 27-санында «Илимий фантастика жер титирөөдөн куткарат» деген макала кыргыз тилинде.
    3. 2005-жылдын июль айында кыргыз жана орус тилинде интернетте жайгаштырылган. Ошондой эле 2006-жылдын жай айларында «Кабар» маалымат агенттигинин сайтында орус тилинде жайгаштырылган.
    4. «Вечерний Бишкек» гезитинде 2005-жылдын 24-майында «Жалгыз ягуар» деген аталышта орус тилинде – төмөндөгү аңгемеде чагылдырылган жер титирөөдөн куткаруучу техниканы куруу идеясы жөнүндө.
    5. 2007-жылдын 31-августунда «Ойчулдун түбөлүк жаркыроосу» деген илимий-фантастикалык китепте «Кыргызпатенттин» колдоосу менен 150 (жүз элүү) экземпляр менен.

 

(Бул илимий-фантастикалык аңгеменин жер титирөөдөн куткаруу аппаратынын механикалык жана кибернетикалык варианттарынын илимий-техникалык идеялары окумуштууларга жана конструкторлорго сунушталат. Кыргызпатентте аңгеменин орусча варианты "Одинокий ягуар" деген эски версиясы менен катталган. Каттоо күбөлүгү № 344, 22 январь, 2002-ж.)

 

Терең түндө таттуу уктагам,
    Жер силкинип тура калгам.
    Куткаргыч билериги колума тагылган.
    Кызыл кнопкасын баса калгам.

Заматта куткаргыч шар ачылды,
    Суу буусундай бозомук баш-аягы.
    Ичинде мен коопсуздук таптым,
    Адам генийинин ойлоп тапканы.

Бул куткаргыч билерик эч болуп көрбөгөн ажайып туюмду жандырат.

Бул "периште-куткаруучу" адамдын туруксуз секирме ой жүгүртүүсүнүн толкунун туурап, ошого ылайык түркүн түстө жаркылдап, ализариндик краска менен көрктөнүп, түз эфир эбинде өзүнүн тагып жүрүүчүсүнүн акыл эволюциясынын түздөн түз сүрөтүн чагылдырат. Бирок бешинчи глобалдык – жогорку космостук аң-сезимди алып жүрүүчүнүн, маселен интегралдык йоганын өкүлү жана башка руханий-интеллектуалдык жарыккан адамдардын колунда гана билерик бир калыпта жана алат, себеби ушундай адамдар гана рух, жан-дүйнө жана дененин гармониясына жетише алат жана өзүнүн ойрон ойлорун бир тартипке, тең салмакка келтирип жада калса өзүнүн психикасын абсолюттук тынымга сала алат. Психика – аң-сезимдин баштапкы элементи экенин эске алсак. Ал эми жөнөкөй аң-сезимдин адамы өзүнүн бул кол шайманынын оптикалык эстетикалык феноменине суктанат же аны жөн гана сүңгүп карап, өзүнүн аң-сезиминин жана аңсыз-сезиминин* (сознаниеден, б.а. аң-сезимден айырмаланып подсознание деген сөздөн, шилтемени караңыз) гаммасынын колорити менен азыктана берет. Өзүнүн ойлорунун ыргагын, акыры келип ички дүйнөсүн жашырын кылуу үчүн кол билеригинин ээси жылтылдоо режимин өчүрүп койсо да болот.

Руханий жетишип жарыккан адамдар, башкача айтканда оюнун күчү менен гана каалаган нерсесин материализациялап жарата алган инсандар мындай куткаруучу аспапсыз тирилик кыла алышабы?

Билерик генетикалык маңызда өзүндө адеп, этика кодексин камтыйт да сол колго тагылып, музыкалуу зыңылдаган ойготкучу бар кол саатын танат, себеби булардын баары бул аспапка салынган жана бул тырнакчадай шайман электрондук радиобайланыш системасы, радиоприемник жана башка кең-кесир функциялар менен камсыз болгон. Укмуш сырдуу билерик акылмандыктын символун жарытат, гениалдуулуктун магиялык белгисин нурдандырат. Жана биздин табышмактуу жашырын, берметтүү жылдыз-күндүү дүйнөбүз көрктөнгөн сырлардын түстүү палитрасынын ачык боёкторун иштеп чыгарат да өзү аз өлчөмдүү, жеңил, өтө ыңгайлуу жана шар өндүргүчтүгү комфорттуу келип, эч качан колдон чечилбестиги сунушталат.

Куткаргыч шар болуп чыккан гиганттай тело бул кенедей техниканын ичинен агып чыкпайт. Бул кибернетикалык билерик өзүнүн маңызында табияттын мыйзамдарын башкарат. Тактап айтканда сансыз жайнаган планеталарды, жарык жылдыздарды, үлбүлдөгөн галактикаларды жана чексиз созулган космостук плазманы жарыктын ылдамдыгы менен теше өтүп эркин учуп жүргөн нейтрино агымдарын мейкиндин белгиленген координаттарына, башкача айтканда билериктин ээсинин айланасына Ааламдан тартып берип турат. Бирок муну менен эле бүтүп калбайт. Бул кымындай керемет нерсе сактагыч шарды нейтрино материясынан тынымсыз конструкциялап жатып жаратылыш процесстеринин көптөгөн кубулуштарын комплекстүү синтездейт. Бирок бул сыйкырдуу технологиянын феноменин түшүндүрүү окумуштуу-ойлоп табуучулардын иши.

Бир жолу шар мени кабанак иттен калкалап алды. Башка учурда айтылуу Чоң-Ашуунун басымдуу кар көчкүсүнүн каптап калуусунан аман алып калды. Ошондой эле авиалайнердин учуу бийиктигине карабай авиакатастрофадан жана автоматтын огунан да сактанса болот эгерде, душман куралдын курогун баскандан өзүңдүн билеригиңдеги кнопкаңды эртелеп басып жиберсең. Ошентип согуштун очогунда туруп алып ага байкоо жүргүзсөң болот. А андан да жакшысы – оор абалда калган жоокерлерге жардам берип турганың. Азыр болсо, бир да имарат туруштук бере албаган коркунучтуу жер титирөөдөн сактануу өзгөчө зарыл болуп турат.

Мен өзүмдүн керт башыма бул каардуу табият кырсыгын сезбей, ырайымсыз каптаган караанын өз убагында көрүп калбай уктап да калмак элем, түбөлүк... Ошондо мен кнопканы басууга үлгүрбөй өз үйүмдүн өтө оор басымынын астында көз ирмемде быт-чытым чыгып жатып калмакмын. Бактыга жараша бул анчалык эле андай эмес: билерик коркунучтун кандай гана түрү болбосун, ага каршы программаланат. Учурда мен Рихтер шкаласы боюнча жети баллга жеткен жер титирөөгө ылайык программа салгам, себеби бул чоңдук биздин асман тиреген үйүбүздүн туруштук чеги. Мен өзүм жүз бешинчи кабатта жашайм да анда асман мелжиген балкондон сөз менен айтылгыс ажайып кооз шаарга, анын экзотикалык кубулмалуулугуна, сонундугуна, күн нуруна чайылып көз жоосун алып жаркылдаган терезелерине, жана жарк-журк этип ыргак термелткен тунукелүү тамдарына, жана көптөгөн нерселерге ырахаттанып сүйкүмдөнчүмүн. Бирок азыр тилекке каршы алп шаардын керемет бермет палитрасы табияттын кайгылуу кырсыгынан бир беткей суз көрүнүшкө айланып жатат. Каардуу табият шаардын тирүү жана жандуу ыргактарын аёосуз тегиздеп салды.

Шаар мейкини кулак тундура күркүрөп, көөдөй капкара чаңга боёлуп айлананы алаамат каптап, тагдырларга аёосуз кымкуут түшүп бүт курчаган чөйрө таптакыр көрүнгүс караңгылыкка айланды. Эми бул, жер алдындагы турмуш-тиричилик дүйнөсүн үстүңкү дүйнөдөн жана жымыңдап кооздонгон көрктүү космостон жылчыксыз бүтөп-жаап турган түтүндүү калың оор көшөгө, нечендеген он сааттыкка дейре абада салаңдап, далыңды жерге басып, какатып-чакатып турат экен? Азыр болсо жер-жерлердеги жалбырт өрттөр жападан жалгыз үмүт шооламды уютуп менин көздөрүмдү боёп жатты. Бирок оттордун жарыктыгы жагымсыз чаңдын тыгыз катмарында жоголуп өчүңкү болуп жатыр.

Бактыма жараша мен үрөй учурган өрт пульстарын гана көрбөй, мына эми миллиондогон ушундай эле шарларды көрүп жатам, анткени мен куткарылып мобул аман калган кубанычтуу боордошторумдай өмүр белегине ээ болдум. Алардын жүзүндө, таш-талканы чыгып урап жаткан калың имараттардан ийгиликтүү учуп чыккандарынан чексиз шаттыкты жана ошондой эле каардуу табият кырсыгынан улам сар-санааны, кайгы муңду ажыратып көрүп турам.

Бул кырсыкты адамдардын кандайдыр бир жазыгы үчүн Жогорку Күч жерге түшүрүп берди беле же адамдар өздөрү Жердин жаратылыш ресурстарын рационалдуу эмес пайдаланып, жер кыртышынын балансын бузуп, мыйзам ченемдүү трагедияны керт башына жаратып алыштыбы?..

Деги Кудай барбы? Эгер бар болсо, сыягы анын биз менен иши деле жоктой.

Диндин негизин сокур жана догмалуу болгон Кудайга ишенүү түзөт. Сокур болгонуну себеби, адатынча Анын бар же жок экендигин билбей туруп ишенишет. Ишенүүдөн алдын Анын бул жарык дүйнөдө бар же жок экендигин билүү керек же анын чынында жок болгонуна байланыштуу түбөлүк издеп күтүп жүрө берүүгө туура келип жүрбөсүн? Ал эми билүү үчүн талыкпай окуу керек. Окуганда да табият сырларын системдүү түрдө таанып билүү керек жана албетте эң зарыл нерсе, окуп гана тим болбостон изилдөө, анализдөө менен алек болуп Библия, Куран жана башка көптөгөн диний адабияттар боюнча жыйынтык чыгаруу керек. Эми ошол Кудайды сезим аркылуу гана таанып билбестен, аны интеллектуалдык аракеттер менен да издөө керек.

Ал эми ишенүүнүн догмалуу болгонунун себеби, табияттын кай бир белгисиз жактарын окуп билүүнүн ордуна анын табышмак сырларын Кудай күчүнө, эркине такап коюшат. Ошентип ишеним адамдын жаратылышты, бүтүндөй Ааламды интеллектуалдык-таанып билүү потенциалын чектеп жатыр. ...Эгерде Кудай бар болсо да сыягы, Анын адамдар менен иши жоктой, айрыкча үрөй учурган жер титирөө мисалында – Кудай нейтралитетинин кош көңүл караңгылыгында...

Баса, биз Кудайдын жардамы менен аман калбай, куткаруу системасынын төмөнкү касиетине жараша аман калдык: шар абсолюттуу тешкич келип учурда оонап-урап кыйрап жаткан плиталардын, темирлердин жана башка курулуш, турмуш-тиричилик материалдардын көп тонналуу массасы шарды аралап түшүп жатты жана материянын кандай гана формасы болбосун, кагылышуудан шар түк эле кыңк этпейт. Анын феноменалдык касиети: кандай гана тело ичинде болбосун, маселен адам, керемет шардын жардамы менен түрдүү, материялык жана ошондой эле өтө тыгыз, алыс созулган от тоскоолун бөлүп-жарып өтүп кете берет да эч нерсеси күйүп караманча ысып да кетпейт. Дубалдын бир жагынан сиңип экинчи жагынан чыгып кете берет.

...Ириде ыйман проблемасы. Аны чечүү керек. Кантип? Дүкөндөрдүн акыл-эстүү сатуучулары финансылык уттурууга карабай он сегиз жашка толо элек өспүрүмдөргө тамеки сатышпайт. Ушул сыңары бул кибернетикалык сактагыч билерикти адепсиз адамдарга сатууга тыюу салып коюу керекпи? Бирок сатып алуучуларды ыйман-этикалык жактан айкындоо оңой-олтоң маселелерден эмес. Анан бул олуттуу маселеде кибернетикалык түзүлүштүн өзүнүн илимий жетишкендиги чечүүчү ролду ойноп кирет: анын ичине, мындайча айтканда, келтирилген кырдаалды акыл менен көзөмөлдөө системасы салынган. Ошентип аны эч бир алдай албайсың. Мисалы, сактагыч билериктин ээси банкты тоноо максатында арам ойлуулук менен шардын жардамынан пайдаланып, имараттын ичине тим эле агып кирүүгө ниеттенди дейли. Ал кызыл кнопканы басат, сактагыч шар ачылбайт. Колун булкуп-жулкуп жер титирөөнү жасалмалуу кубултат – сактагыч шар ачылбайт. Акыры айласы куруп ачууланган макулук буттары бошоңдоп калган столго чыгып, а анын шериги аны катуу ары-бери булкуп-жулкуп титиретет, ошондо столдун буттары сынып, ууру полго томолонуп түшүп колунун травмасына татыктуу болуп чалдыгат – сактагыч шар болсо баары бир тайманбай эч ачылбайт. Керек болсо калп эле жапайы жырткыч кол салып жаткандай абалда кнопканы бассаң да эч ачылмак эмес.

Бул технологиянын "гениалдуулугу" ага адеп-ахлак, уят-сыйыт, этика чегинде акыл калчап ой жүгүртүү формасындагы жасалма интеллект салынган да, ушундай өзүнчө жол менен куткарууга буйрукту, адамга болгон шексиз коркунучту тааныганда гана өткөрөт. Ошондо адамдын колуна шарды горизонталдык жана вертикалдык тегиздикте башкарууга мүмкүн болгон кичинекей кибернетикалык ручка берилет. Бирок ушул жерде да пилоттун мындан аркы ниетин белгиленген ыйман жана этика чегинде сактагыч шардын интеллектуалдык ойлонуу системасы көзөмөлдөп турат.

Бардык шарлар чагылгандай тездик менен жана баштады. Себеби анын куткарылган ээлери биринин артынан бири өзүнүн борттук чырактарын күйгүзүштү. Тыгыз чаңдын, түтүндүн жана капкара ыштын пардасын аралап жарык шоолалар тарап кетти. Психикалуу туруктуу адамдар жана Куткаруу кызматынын куткаруучулары өздөрүнүн шарларын башкарып учу-кыйырсыз көлөмдүү жана катуу тоскоолдуктарды теше өтүп адамдарды жана жаныбарларды издей башташты. Анан мен да урап түшкөн асман тиреген үйдүн астына чөгө баштадым. Вертикалдуу багытта уламдан улам ылдыйлай бердим. Ырас, азырынча эч кимди таппай жатам жана ылайым эле ошондой болуп баары жана жаныбарлар да аман калып өздөрүнүн алтын шарларында отурушса кана, атаганат.

Ой! Эмне бул?! Кантип эле?! Ылдый жакта, менин оңураак жагымда аялдын жардам сураган аялуу үнү чагылгандай учуп келип, жан дүйнөмө сайылып аёо сезимимди козгоп, аны куткарып калуу үчүн ошол тарапка сызып жөнөдүм. Учуп барып жарык бердим. Кимге жарык бердим дебейсиңерби? Тим эле фантастика, дүйнөнүн 7+1 керемети, эс аңтарган сулуулук, өз көздөрүмө ишенбейм. Ишенбесең кайра кетип кал деп тамашалагандай... Квартиранын калың темирбетон плитасы менен жабылып калган ваннада институттун окутуучусу, менин эң сүйүктүү эжейим, периштедей сулуу кыз Ялукрааш Бекжановна жатат. Болгондо да турмушта бар институттун гана окутуучусу болбой, менин, мындайча айтканда окуп-таанып билүү түш көрүүмдүн да окутуучусу. Анын жарык көз карашы кең пейилдиктин таажысын, ойлорунун аруудай тазалыгын жана гениалдуулуктун магиялык белгисин нурдандырып жатты. Кызык жери, биздин окутуучубуз түн жарым болгонуна карабай биздин институт тарабынан каралган формага кийинип алган, эми эле жумушка бараткансып: көк түстөгү костюм жана юбка. Буттарында болсо туфли эмей, тапочка, анткени ал өзүнүн үйүндө эмес беле.

Окутуучуну өзүмдүн бортума өткөрүп алыш үчүн шарымдын бир чекеси менен ваннага кире баштадым.

– Саламатсызбы, менин окутуучум?

– Салам, менин окуучум! – Тамаша түрүндө бири бирибизге саламатчылык каалап алдык.

– А Сиз, Ялукрааш Бекжановна, жана эле түшүмө кирдиңиз, – деп өзүмдүн кызыктуу билим алуу түшүм жөнүндө сыймыктануу менен өзүмдүн окутуучума жар салдым.

– Кантип эле? – ал мага өзүнүн жылдыздуу көздөрү менен суроолуу жана таң кала карады.

– Чын айтып жатам, каалайсызбы, айтып берем?

– Айта бериңиз, мен кунт коюп угам, – деди да мага чын жүрөктөн көңүл бурду. А биз болсо шардын ичинде олтуруп жарым жагыбыз ваннада, ал эми экинчи жарым жагыбыз менен тыгыз кысылган урандылардын ичинде турганыбызды капарга албадык. Биз ушул тыгыз материалдык мейкинде кала берип менин билим алуу түш көрүү дүйнөмө сүңгүп кирдик. Баса, дагы бир маанилүү нерсе, бизге жай тар болбосун үчүн шарымдын көлөмүн бир аз чоңойтуп алдым. Же шардын ичи тар болуп турса жакшы беле?..

Демек биз, студенттер тобу жана Сиз, Ялукрааш Бекжановна, суулары шылдырап аккан ажайып кооз, жапжашыл, шаарыбыздын бермет паркында жүрөбүз. Эгер эл бул паркка эс алуу үчүн келген болсо, а биз болсо бул жерди окуу аудиториясына алмаштырып келдик, башкачай айтканда Сиздин кызыктуу лекцияңызды укканы келгенбиз. Сиз бизге, жүз метрден алыс кетпей Сиздин сөзүңүздү угушубузду шарт кылдыңыз.

– Кантип эле менин үнүм жүз метр радиуска чейин угулуп калган, мен эмне, ошончолук катуу кыйкырып лекция окудумбу?

– Жок, Сиз адаттагыдай эле мукам үнүңүз менен сүйлөп жаттыңыз жана бардык жерде бирдей угулуп жатты анан калса, Сиздин симфониялык жагымдуу үнүңүз менин делебемди козгоп жатты. Сиз Египет пирамидаларынын сырлары жөнүндө кеп кылып жаттыңыз, – ушул жерде капысынан окутуучум бирдеме айткысы келип оозун сомдоп калды эле, бирок унчукпай демин катып аягына чейин угуп калды, – тагыраак айтканда өзүндө космостук сырларды жашырган Хеопс фараонунун пирамидасын чынында Кимдер кургандыгы тууралуу айтып жаттыңыз.

Окутуучумдун чыдамы ааламга сиңип кетти:

– Кантип гана биз Сиз экөбүз бир эле убакта бир нерсе жөнүндө, пирамида топжылдызы, тагыраак айтканда Хеопс пирамидасы жөнүндө ойлодук экен? Ал Сиздин түшүңүзгө кирсе, ал эми мен бул убакта ушул темада илимий макала жазып жаткам? Бул деген мистика, бул деген дүйнөнүн 7+1 керемети!

"7+1" деп бирдей ойлоп бирдей сүйлөгөнүбүз бекеринен эместир, бул кызык жана таң каларлык. Биз өз ара сүйлөшүп алган да эмес элек? А балким чын эле биз абдан окшош ойлонуп жүргөн чыгарбыз?

– Оба, дүйнөнүн 7+1 керемети, эгер Сиз оюңуздан чыгарып жатпасаңыз, Ялукрааш Бекжановна, – бир эсе таң кала, бир эсе шектене сурадым.

– Кудайдын аты менен ант берем!

– Кудай жок! – кесе сүйлөдүм мен.

– Нан менен ант берем! – дейт анда ал.

– Биздин алдыбызда нан жок.

– Анда кухняга барып келиңиз, – назданып тамашалайт ал.

– Ооба Сизге, азыр эле чуркап барып духовкадан ысык жана даамдуу нан ала келе калам.

– Чын жүрөктөн сөз берем, мени бекеринен дале дресс-кодду сактап униформада отурат дейсизби. Институттан келерим менен эле чечинбей туруп дароо эле ыр жазганы, ой, өзүмдүн илимий макаламды жазууга кириштим. Эгер ишенбесеңиз жүрүңүз, кагаздарды издеп келели, алар залда калган. Нан го мейли, ал эми кагаздарды табуу керек, түшүнөсүзбү, табуу керек!

Биз цементтей катуу чөйрөнү аралап жөнөдүк. Тырышып издөөнүн жыйынтыгында кумдуу ылайдын ичинен үйдүн урандыларынын астынан кагаздарды таап сууруп чыгып мен анда "Пирамида топжылдызы" деген лирикалык атын көрүп, менин эң сүйүктүү окутуучум Ялукрааш Бекжановнанын романтикалуу сөздөрүнө ишендим. Кантип гана бизди телепатиянын сырдуу жиби байланыштырган деп ойлоп сөзүмдү уладым.

Ошентип, тилекке каршы бардык студенттер жуп-жуп болуп бөлүнүп алышып интимдүү сейилдөө менен алектенишип азыр сабак учуру болгонун таптакыр унутуп алышты. Бир гана мен Сизден анчейин алыс эмес туруп, чын дилимден абдан кызыгып, Сиздин сөздөрүңүздү кунт коюп угуп бүт өзүмдүн маңызымда жаңы илимий изилденген маалыматтардан азыктанып жаттым. Тилекке каршы Сиз эч кимдин укпаганын баамдап калып, анткени ар бир студент өзүнүн, мындайча айтканда арзышкан түгөйү менен жүрүп калганда, Сиз египет пирамидаларынын уникалдуу ачылышы тууралуу лекцияңызды токтотуп, окуу корпусуна өзүңүздүн кафедраңызга кетип калдыңыз.

Билимге болгон ооздукталбаган кумарыман жана чын көңүлдөн айтаарым, Сиздин бай руханий-интеллектуалдык дүйнөңүзгө болгон сүйүүмө ылайык артыңыздан шашып жөнөдүм. Жолдо баратып, башынан аягына чейин аппак кийинген кандайдыр бир миссионерлерди көрдүм. Алар колдорунда "Ф" сыяктуу кандайдыр бир нерсе кармап жолдун бир башынан экинчи башына чейин үнсүз-дымсыз басып жүрүштү жана алардын үнсүздүгү эзотеризмдин жогорку деңгээлин, башкача айтканда эң терең акыйкаттын объективдүү жактан айтууга мүмкүн болбогон нерселерин чагылдырып жатты. Кызык, алар өздөрүнүн дудуктугунда кайсы акыйкат жөнүндө айта албай кыйналып жатышты болду экен, болгондо да сүттөй аппак кийимдери менен?

Мен окуу корпусуна келдим. Сиздин кафедраңызга баш багуудан айбыгып коридордун аягына чейин барып солго бурулдум. Терезенин алдында туруп шаарга сүйкүмдөнүп көз жүгүрттүм, асман мелжиген ак теректер көз кубантып жатты.

Шаарга шаркырап коюу ак жаан куюлуп жатты. А биз жана эле паркта болгондо асман булутусуз эле го сыягы. Мындай дайрадай шуулдаган жаандан улам шаардын бүтүндөй панорамасы зыңылдап көп кырдуу акак менен кубулуп куюлуп турду. Эх, ушул тапта Есенин мында болуп калса, ал жаратылыштын кооздугу жөнүндө кандай чебер жазаар эле, – бир заматка есениндик ак кайыңдарды эстей калып, өзүмдүн кабылдоомдо ак теректерди жана шуулдаган жамгырдын музыкасын тутумдаштырып сөзүмдү улантып жаттым, – сол жакта ак калпак кийген бейтааныш бир абышка турган, ал кандайдыр бир акылдуу сөз айтып көздөн кайым болду.

Анан мен тартынып жатып Сиздин кафедраңызга барып бир окутуучудан Сизди чакырып берүүсүн сурандым. Таң калыштуу, Сизден уялганымдан улам мен дароо лунатик боло калып көздөрүмдү жумуп алдым.

– А лунатиктер менимче көздөрүн ачып жүрүшөт?

– Балким, бирок мен негедир көздөрүмдү жумбай коё албадым, анткени менин алдымда психологиялык барьер турду, – деп уланттым:

– Сиз алдыма басып келдиңиз. Бирок Сизди көрбөй жатам. Бирок Сизди сезип турдум, алтынчы сезимим менен, элестетсеңиз? – элестеттим.

Саламатсызбы, деп Сизге кызуу салам жибердим. Сиз да мага ошондой эле жооп бердиңиз. Кечиресиз, мен неме, неме... ии... – деп өзүмдү жоготтум, бирок Сиз мени жагымдуу түрдө таң калтырып колдоп койдуңуз: толкунданба, баары жайында, "Русское радионун" дикторлору айткандай баары жакшы болот, биз экөөбүздү илим-билимге болгон өз ара сүйүүбүз бириктирип кошуп турат. Сен таланттуусуң жана экөөбүз бирибизге бирибиз жарык чачып ойнойбуз. Биз экөөбүз өзгөчө гениалдуулуктун чокусуна алып барчу тогуз миллиард жарык жылы алыста жайгашкан, борборунан Жолкөрсөтмө жылдызы көрүнгөн илимдин жарык храмында жашайбыз, – деп эми эле мени айбыгуудан алаксыттыңыз эле, анан алаксыган мен кошуп койдум – "Сүйүү жылдызы да" деп көздөрүмдү ачып жиберип мен башка сырды көрдүм. Алдымда өзүнө тартып жаркырап турган Жылдызды көрдүм...

Өзүмдүн кызыктуу билим алуу түшүм жөнүндө айтып берип окутуучумдан билип алганым, анын эшигинин кулпусу ачылбай калыптыр да, ал жер титирөө учурундагы өзүн алып жүрүү эрежесине ылайык ваннага кире качкан экен.

Жер титирөөдөн куткаруу иштеринин кыйындыгы, мына мындай колго тагылчу кибернетикалык билерик-куткаргычтардын жок кезинде, он жылдай илгери бар болчу.

Ал кезде ар кандай бийиктиктен катуу предметке түшсө да, массивдүү, темир бетон телолорго урунса да сынбаган, кынтыксыз бекем металлдык аралашмадан жасалган бир-эки-үч-төрт орундуу сыйка куткаргыч шарлар болор эле. Үйдө электр жарыгы өчкөндө жандыруу үчүн корпустун сыртына чырак жасалган. Мындай авариялык жарык берүү системасы караңгылыкты сезгич фоторезистордун жардамы менен автоматикалык түрдө иштечү жана жатаар алдында бөлмөдөгү жарыкты өчүргөндө анысы иштеп жибербесин үчүн, автоматика караңгы жана жер титирөө суммаларын өзүнө камтыйт. Имараттын урашы менен албетте чырактар сынат, себеби өзүнүн иш мөөнөтү бүтүп ал керек деле болбой калып, анын электр зымдарынын кокус тийишүүсүнө жол берилбейт.

Адам шарга отургандан кийин автоматикалуу жана оорутуусуз, сый-сыпаа менен куткарылуучунун денесинин рельефине ылайык аны кармагычтар кучактап алышат. Жүрөктүн деңгээлинде кармагычта жүрөк согуусунун приёмо-датчиги жайгашып, ал электроэнергиянын булагы болуп аккумуляртордук батареянын да, генератордун да ролун аткарат. Токтун чыңалуусу жана күчү жүрөк согуусунун параметринен кымындай да көз каранды болбойт жана дайыма бир чыңалуу, бир токтун күчү сакталып турат. Ошентип, эгер Куткаруу кызматынын радиолокациондук станциясынын экранында объект көрүнүп турса, демек атайын кырсык сигналын автоматтуу радионурдандыруу жүрүп жатканы – электр тогунун, ага өбөлгө болгон жүрөк согуусунун, акыры келип шардын ичинде тирүү адам бар экендигин ырастайт. Ошентип радиолокациондук экранда көрүнгөн бардык объекттерди күч аябай биринчи кезекте чыгара берсе болот.

Шардын баш аламан пырпырап түшүүсүндө адамдын денеси гироскоп системасынын жардамы менен өзгөрүүсүз вертикалдуу абалда кала берет. Жер титирөө коркунучу пайда болгондо же каалаганда эле креслонун мейкиндик абалын тууралап шардын ичинде түнөй берсе да болот. Шар катуу темир бетон плиталарга урунганда анын ичинде ыңгайлуу, жумшак жайлуу термелүү жаралып адамды, мындайча айтканда алдейлеп турат.

Бирдиктүү жыштыктагы радиоприемник аркылуу шарга үн жана бул үндүн мазмуну автоматикалык түрдө монитордун экранына тамга болуп чыгып бул тамгалар дүлөйлөр үчүн кызмат кылат. Кабардын тигил же бул түрү эске тутуу түзүлүшүнө жазылат да каалаган учурда маалыматты чыгарып алса болот. Ошондой эле Куткаруу кызматчыларынын диспетчерлери менен көп каналдуу радиобайланыш жүргүзүлөт. Куткаруучулардын жеңинде микрорадиолокациондук экран жасалган жана бул, кырсыкка чалдыккандарды куткарууну рационалдаштырууну шарттайт.

Жалпысынан алганда, сактагыч шарда азыктануу запастары менен тириликти камсыздандыруучу система, дем алыш үчүн толтурула турган кычкылтек баллону дем алуу органына тагылчу маскасы менен, шамалдаткыч жана көп нерселер бар. Бирок чоң кемчилиги – анын оор салмагы жана бийик кабаттуу үйгө алып кирүүдө кыйынчылык туудурат, анан бул маселени жеңилдетүү үчүн бөлүп-бөлүп алып чыгып кайра чогултса болот. Бул технология жепжеңил, кымындай кол билерик генерациялаган универсалдуу куткаргыч шардан айырмаланып абада мамыктай калкый албайт, жердин тартуу күчүнө баш иет да адамдын эрки менен башкарылбайт.

Ошон үчүн жогоруда сүрөттөлгөн, он жылдай илгери пайдаланылган механикалык шарга караганда, мобуреки абада калкып башкарыла турган шарды генерациялап турган кибернетикалык билерик абдан ыңгайлуу. Анын үстүнө ошол мезгилдеги ошол эски куткаруу техникасына байланыштуу төмөнкү бир окуя эске түшөт: бир жолу түнкү жер титирөөдөн улам эки ар башка үйлөрдөн бир эле жерге эки шар тоголонуп келип жанаша туруп калышат. Таң калгандай эшиктери менен бирин бири карап туруп калат. Анан жетип келген куткаруучулар бир эле убакта эки шардын эшиктерин ача калышпасы. Бир шардан "А" аял, ал эми экинчи шардан "Б" эркек "В" аял менен сойлоп чыгышат. "А" жана "Б" жубайлар...

Бирок эми аялдарынын көзүнө чөп салгандарга боор ооруп отурбайбыз. Канткен менен биз силер менен акыл-эстүү жана адептүү, ишенимдүү жубайлар эмеспизби.

А билериктин шары суу астында да билериктин шары болуп кала берет. Ал эч нерсеге салыштыргыс, азыр ал көп тонналуу тыгыз чөйрөнү "бөлүп-жарып" асманга вулкандай кайып чыгып оор түтүн-чаңы, көөсү, бытырандысы жок, кармалгыс сезимдерди трансформациялаган жыпар жыттуу гүлдөрдүн, жашыл чөптөрдүн бай палитрасына толгон, таза абасы өкүм сүргөн шаар четиндеги тунук талаага учуп кетет. Ошол эле жерде оттой күйгөн ай, жымыңдаган жылдыздар жанган, зыңылдаган бийиктик жана космос түбөлүктүүлүгү кыял арттырат.

А курчаган чөйрөдө кырдаалдын кыры жагымдуу, адам жоготуулары дегеле жок. Ал эми көчкү астында бирин-экин калган адамдарды куткаруучулар ачык мейкинге алып чыгып атайынкы медико-кибернетикалык лабораторияга салып жатышты. Ал лабораторияда жанчылган денелер бүтөлөт, набыт болгондор тирилет да алардын ден соолугу мурдакыга салыштырганда алда канча мыкты болуп чыгат.

– Ялукрааш Бекжановна, менин жубайым, бир жарым жаштагы наристем мынабул үрөй учурган коркунучту көрүшүн каалабайм. Андыктан аларды таптаза көрктүү жашыл теребелде тосуп алуу үчүн учуп барбайлыбы?

– Алар азыр кайда?

– Күн системасынын ар жагында. Эки күн мурда учуп кетишкен. Мен Сизди өзүмдүн келинчегим менен тааныштырам. Баса, ал да тарыхчы.

– Жакшы болот, учтук анда.

Биз шаардан он километрдей алыс учуп барып жашыл килем жамынган кең жайлуу теребелге кондук. Куткаргыч шарды өчүрүп жерге түштүк. Жайнаган ромашкалардын, жоогазындардын, розалардын, ландыштардын жана жапайы гүлдөрдүн жыты аңкып, түркүн түстөр көз күйгүзүп сезимдерибизди козгоп жатты. Бирок мен өзүмдүн жубайымды чакырууга ниеттенип жатканыман эжекеме букет кылып берүүдөн баш тарттым. Анткен менен көңүлүмдө бул гүлдөрдөн да артык нерселерди жиберип жаттым. Мен көз нурларымды жылдыз асманына учуруп, кол билеригиме Морзе алиппеси боюнча коду бар радионурдандырууну генерациялоо буйругун бердим. Ал эми биздин шартталган кодубузду келинчегим, албетте билет.

Ал эми асманда биздин үй-бүлөлүк космоучагыбыз жаркырап көзгө көрүнгөнчө, мен эжекем экөбүз жапжарык жылдыздардан пирамида топ жылдызын токуп, дал чокусуна айды кондуруп койдук. Пирамиданы токуганча тез арада келинчегим учуп келди. Бизге күтүүсүз болгону, ал горизонт тараптан пайда болду. Келип туруп так алдыбызга конду, атайын кылгандай, кур дегенде бир аз кармалса болоор эле...

Мынакей, мага кынтыксыз терең берилген, алтындай жаркыраган копкооз скафандрда кулпунуп келатыр. Адаттагыдай өзүнүн сүйкүмдүү күлкүсү менен жаркылдап туру. Серпилген басышынан анын романтикалык чачтары жеңил желпинет. Биз эже экөөбүз сүйүшкөн жарларды чагылдырып жаткандай кең пейилдиги менен кызганычка көзүн жумуп, биз менен сүйкүмдөнөт да, өзүнө тартаар нур чачкан сулуу көздөрү менен сулуудан өткөн сулуу.

– О-о, кымбаттуум, салам Шааркуля, – анын ысык эриндеринен сүйүп биздин сүйүүбүздүн кубанычында өзүмдү бир ирмемге туя калам. Ал болсо араң дегенде бекем кучагымдан бошонуп жатат. Бул чакта биз жалгыз экенбиз деп ойлоп калбадымды.

– Тааныш, Шааркуля, бул менин эң сүйүктүү, – деп эми эле айттым эле, менин Шааркулечкам таң калып түшүнбөй калуунун көз карашын жиберди, – анын баарынан мурда руханий-интеллектуалдык асылдыгы үчүн сүйүктүү мугалимим, – дедим эле. Кайрадан өзүнүн ак көңүл жылмаюусу менен жана түштү. Анан айбыгып коркуп кошумчаладым – жагымдуулугу да үчүн.

– Ялукрааш Бекжановна, – менин мугалимим өзүнүн назик колун сылык-сыпаа менин келинчегиме сунду.

– Шааркуля Бекжановна, – деп жооп берет менин колуктум, – алардын атасынын аты бирдей экенине түк эле таңгалбай. Мугалимим тараптан да ошондой эле реакция болду. Кантип гана "7 + 1" мисалындай булар да бирдей ой жүгүртүшөт, а?

– Баёолонбой толугу менен атыңарды атагыла.

Анда Ялукрааш Бекжановна тартынган түрдө кошумчалайт, тарых сабагынын мугалими, тарых илимдеринин доктору, профессор. Менин келинчегим да өзүн аналогиялуу тааныштырат, чын түрдө, албетте: ошондой эле тарых сабагынын мугалими, тарых илимдеринин доктору, профессор.

– Ошентип силерди да тааныштырдым, кымбаттуу менин профессорлорум. А баса, Шааркуля, биздин Айлиночка кайда, космоучакта уктап атабы?

– Жок, ал космосто калган.

– Кантип?! – чоочулайм мен.

– Кам санабай эле кой, ал жер орбитасынын перигейинде.

– Кандайча? – нааразыланып колдорумду көөдөнүмдө кайчылаштырып алдым.

– Башкача айтканда, гетеросферада.

– Бийиктиги! Бийиктиги кандай?!

– Кырк беш миң километр.

– Бул перигей да эмес, апогей да эмес, ал түгүл орбита да эмес. Орбита деген жакын эле болот. А биздин кызыбыз болсо абдан алыс, планеталар аралык космос мейкининде, мейли, – жоошуй түштүм, – космостук челноктобу дагы?

– Каардуу ачык космос мейкининде беле анан, робот менен ойноп жатыр. Жөн гана жерге учкусу келбей ыйлай баштады эле, анысыз учуп келүүгө аргасыз болдум. Сен аны сагынган чыгарсың?

– Жан баламды кантип сагынбайын. Сурайсың да?!

– Жакшысыз жаман жок. Анткен менен биздин наристебиз жер титирөөнүн мына бул үрөйүн учурган үнүн укпады да көйгөйүн көрбөдү.

– Кайдагы көйгөйлөр. Он сегиз эле сааттын ичинде бүт калкты кибернетикалык үйлөргө жайгаштырып ошондой жаңы үйлөр менен мынабул бош талааларды толтурушат, – чоң өрөөндү көргөздүм мен, – а буга чейин биз жашаган үйлөр моралдык түрдө эскирип калбадыбы. Эртедир-кечтир учурдагы бардык үйлөрдү, имараттарды, дегеле бүтүндөй заманбап индустрияны бузуп булардын баарын жаңы кибернитикалык дүйнөкуруу менен алмаштырып чыгышмак. Жөн гана болуп өткөн жер титирөө бул долбоорду тездетти. Эми, Шааркуля, жаңы дүйнө курганча өзүң менен Ялукрааш Бекжановнаны космоско ала кет. Баса, сен азыр кайсы жерде учуп жүрөсүң?

– Жерден үч парсек алыста, Чоң Дөбөт топжылдызынын альфасы болгон Сириус жылдызын карай.

– Азыр сен Сириуска учуп баратасыңбы?

– Кайдан, ал жылдызга чейин тогуз жарык жылы бар эмеспи. Сен өзүң окутпадың беле мени астрономиядан?

– Чоң Дөбөт биздин Жерге миллион жылдардан бери келе жатып анын альфасы бизге жакындап калган го, – деп тамашаладым мен.

– Сиз тиштелбеген соң, ал али алыс, – тамашама кошумчалайт Ялукрааш Бекжановна.

Биз чогуу күлүп жибердик.

– Жакшы болот, чын эле чогуу учкула, тарых менен иштегиле. Ялукрааш Бекжановнанын эмгектери жер титирөөнүн айынан үзүлбөсүн. Анын азыркы изилдегени, Египеттеги Хеопс пирамидасын Кимдер кургандыгы.

– Ырас болбодубу. Мен жалпы галактикалык логикалык тилде жакынкы жана алыскы космостун бурчтарына ыктымалдуу бар аң-сезим боюнча космостук туугандарыбызга өзүмдүн суроолорумду жибердим. Эгерде контакт түзүлсө, алардан сурап көрөбүз. Балким алар билет чыгар?

– Ырас эле болбодубу, – кубанат Ялукрааш Бекжановна, – менин илимий аргументтеримди инопланетяндардын оозунан чыккан маалыматтар менен салыштырып көрөбүз.

– А баса, жат планеталык аң-сезимдүү жандар көп эмеспи. Андыктан тигил же бул инопланетяндарга кайрылууңар даректүүлүк жагынан жаңылыштуу болсочу? – болжолдодум мен.

– Биз табабыз аалам булактарын, – ишенимдүү айтты менин жубайым.

– Анык сөз, – аны коллегасы колдоду.

– А баса, эмне үчүн сен биз менен учпайсың? Же дагы бир илимдин докторун тапкың келеби? – деп тамашалайт Шааркуля. Ошол тамаша үчүн мугалимим таарынган жок.

– Ой жок, айланайын кыздар. Мага экөөңөрдүн бириңер муктаждыктын бардык формасына момундай жетет. Мен жер титирөөнүн артын тазалоого катышам, – атуулдук милдетимди сезүү менен жар кылдым мен, – а силер, айланайын кыздар, эс алгыла, тагыраак айтканда илим менен иштеп, Айлиночка ыйлай элегинде тезиреек учкула. Болбосо кокусунан космостук челнок учуунун автоматикалык режиминен чыгып кетип жерге кулап түшпөсүн?

– Макул, биз жөнөдүк.

– Шааркуля.

– Ии? – назданып кайрылат ал.

– Экипаждын үчүнчү мүчөсүсүз учкула...

– Эмне, наристени космоучактан ыргытып жибер дегени турасыңбы?!

– Ой, кечир, экипаждын төртүнчү мүчөсүсүз.

– Кызганчааксың да, ушундай сен! Чао, кымбаттуум!

– Ыракмат сага, менин окуучум!

– Эчтеке эмес, менин окутуучум

– Учууңар жайлуу болсун, менин кымбаттууларым!

Тез арада айымдардын илимий-изилдөөчү экипажынан турган космоучак, биздин жүрөгүбүздү космостук гармония багындырган, кубулжуган жана жаркыраган жылдыздар жымыңдаган мириад жарыкчалардын арасына сиңип кетти. Дал ошол жерде сулуу жана ажардуу айымдардын жүзүндө адамзаттын жарык акылдары жарк эте жанат.

Бирок космоучактын учканынан бир нече секундадан кийин анын бортунда бир гана аял болуп калды – ал биздин наристебиз менен Шааркуля Бекжановна. Башка эч ким. Ялукрааш Бекжановна болсо – мен институтка окууга барганда, Шааркуля Бекжановна аны тарых сабагынан окутуучу катары жиберген нейтриндик жасалма гана кыз болуп келген. Медалдын эки жагы бар. Адам да эки – оң жана терс жактардан турат. Нейтриндик кызга Шааркуля Бекжановна өзүнүн бардык терс жактарын кийирип, ошону менен бирге өзүнүн атын вертикалдык октун тегерегинде горизонталдык тегиздикте 1800 буруп койду. Атасынын атын өзгөртпөй туруп биринчи кичинекей "я" тамгасын чоң "Я" тамгасына, ал эми чоң "Ш" тамгасын кичине "ш" тамгасына трансформациялады. Ошентип убактылуу, нормалдуу "Ялукрааш" деген ысым жаралды. Анан бул ысымдын сыймыктуу алып жүрүүчүсүн мага жиберди. Акылгөйлүк иш.

Ялукрааш Бекжановна болсо, жубайымдын терс жактарын өзүнө камтып алдыма келди: булар болсо, ачыгын айтканда, мага көрүнбөгөн жана эч качан көрүнбөй турган бардык нерселер. Себеби андай терс нерселери түк эле жок. Анык сүйүү ушул го сыягы – сезим аң-сезимге үстөмдүк кылганда сүйгөнүнө карата талдоону жоюп, адам маңызында ушундай кынтыксыз жарык жана таза сезимге орун калтырганда. Бирок, мен өзүмдүн жубайыма жана окутуучума болгон сүйүүлөрүмдүн ортосунда эки анжы болуп аттым.

Мен Шааркуля Бекжановнаны толугу менен, анын бүт маңызын, Ялукрааш Бекжановна бул: ошол эле Шааркуля Бекжановна экенин, бирок башка жагынан болгонун билбей сүйүп жүргөнүмдү ал бир өзү гана билген эле.

...Бир минутадан соң Шааркуля Бекжановна сыноодон өткөн мени ак сүйүүм менен куттуктоо үчүн мага учуп келди. А мен ага пирамида топжылдызын белек кылып бердим.

 

© Улан Дүйшөналы-Марипат, 2002

 


Количество просмотров: 2108