Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика / Даректүү жана өмүр баянды чагылдырган адабият
© Мырзакматов М., 2011. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 18-апрели

Мелисбек Жоошбаевич МЫРЗАКМАТОВ

Мен издеген чындык

Ош коогасы тууралуу маектер, кайрылуулар, билдирүүлөр, документтер, фактылар

Китеп Кыргызстандын тарыхындагы эң калабалуу окуялардын бири – 2010-жылдын июнь айындагы Ош шаарын камтыган улуттар аралык араздашуунун таржымалын чагылдырууга арналган. Автор түштүктөгү кандуу окуянын тутаныш себептерин терең анализдеп, жаңы документтерди, фактыларды, билдирүүлөрдү жарыялоо менен өз көз карашын билдирет.

Мырзакматов Мелисбек. Мен издеген чындык. Ош коогасы тууралуу маектер, кайрылуулар, билдирүүлөр, документтер, фактылар. – Б.: «Турар», 2011. – 384 б. + 24 б. вкл. китебинен алынды

УДК 323/324
    ББК 66.3 (2 Ки)
    М 95
    ISBN 978-9967-15-063-8
    0803010200-11
    Нускасы 3000.

 

2010-жылы июнь айында Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык кандуу коогалаңда бейкүнөө шейит кеткендердин жаркын элесине арналат.

Автор

 

АЛГЫ СӨЗ ОРДУНА же жүрөктөгү чындыгым

Урматтуу окурман!

2010-жылдын май-июнь айларында Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн улуттар аралык жаңжал улуттук тарыхыбыздагы эң кайгылуу жана кандуу окуялардын бири болуп калды. Бул окуяда жүздөгөн мекендештерибиз бейкүнөө өлүмгө учурап, миңдеген жарандарыбыз жаракат алды жана үй-мүлкүнөн ажырады. Мамлекеттик масштабдан алып караганда, сай-сөөктү сыздаткан бул кандуу калаба жалпы өзбек жана кыргыз калкы үчүн чоң трагедияга айланды. Бирок Өзбекстан президенти Ислам Каримов айткандай: «Бул каргашага кыргыз эли да, ордолуу Ош жергесинде жашаган өзбек эли да себепкер эмес. Бул – четтен туруп, тымызын уюштурулган жана үчүнчү күчтөр тараптан башкарылган авантюралык акция». Кандуу калабанын башкы максаты – эзелтен Сулайман тоонун этегинде эриш-аркак чогуу жашаган, чайханасы менен базары бир биртууган эки элдин ыркын бузуп, Борбор Азияны экинчи Югославияга айлантуу болуп саналат.

Жараткандын жазмышын кара, 1990-жылы 4-июнда Ош окуясынын оту тутанганда мен Ош университетинин студенти элем. Анда болгону 21 жаштагы боз улан кезим. Бала кезден «өз үй, өлөң төшөгүмө» айланган ордолуу Ош шаарындагы улуттар аралык тополоң менин жандүйнөмдү өзгөчө оорутканы эсимде. Баарыбыз үчүн ыйык саналган Сулайман тоонун этегинде дүрбөгөн калың элдин карааны, жер алабыз деп дегдеген кыргыз жаштарынын активдүү топтору жана кандуу кооганы токтотуу үчүн Москвадан учуп келген тандалма орус аскерлердин отряды көз алдымдан кете элек. Ошондо да кандуу кагылышта канчалаган адамдардын тагдыры сынып, канчалаган энелердин көз жашы төгүлгөн эле. Ошол кезде бизде, Ошто билим алган студент улан-кыздарда, окуянын чыгыш себебине жогорку мамлекеттик бийлик органдары кандай баа берет болду экен деген кызыгуу күчтүү болчу. Себеби бири-бирибиз менен Ош окуясы тууралуу талашып-тартышып, анын кесепетин талкуулаганда биздин пикирибиз бир жерден чыкчу: кандуу окуянын от алышына республиканын түштүгүндө жашаган өзбек жамаатынын сепаратисттик маанайдагы лидерлеринин Кыргызстанда өзбек автономиялуу республикасын куруу демилгеси чоң түрткү болду деген ишенимде элек. Эсимде, 1990-жылы 2-мартта Жалал-Абад шаарында жашаган согуштун жана эмгектин өзбек улутундагы ардагерлеринин СССР Жогорку Советинин алдындагы Улуттар Советинин төрагасы Рафик Нышановго (улуту өзбек, Өзбекстан компартиясынын мурдагы биринчи секретары) жана Кыргызстан компартиясынын биринчи секретары Апсамат Масалиевге автономия куруу тууралуу кайрылуусу Оштогу студент жаштардын арасында кескин терс пикирди жараткан. Биз, жаштар, бул кайрылууну: «Кыргыз жерин бөлүп-жарууга багытталган сепаратизм» – деп баалаганбыз.

Анан СССР Жогорку Советинин алдындагы Улуттар Советинин 1990-жылдын 26-сентябрында кабылдаган «Кыргыз ССРинин Ош облусундагы окуялар жөнүндө» деген №1683-1 Токтому гезит беттерине жарыяланганда аны үтүр-чекитине чейин кунт коюп окуп чыккам. Ошол Токтомду азыр да маал-маалда карап коём. Анда минтип айтылган эле: «Ош облусундагы массалык башаламандык, зөөкүрдүк жана вандализм менен коштолгон, оор кесепеттерге алып келген кайгылуу окуялардын келип чыгышына улуттук кадр саясатындагы кетирилген чоң каталар, калк арасындагы түшүндүрүү, тарбия иштери жүргүзүлбөгөндүгү, ошондой эле экономикалык жана социалдык маселелердин узак убакыт бою чечилбей келиши, социалдык калыстык принциптеринен чегинүүлөр себеп болгон. Ош областынын жана Кыргыз ССРинин жетекчилери мурда болуп өткөн улут аралык тирешүүлөргө маани беришпей, жагдайга баа берүүдө кенебестикке, тоотпостукка жол коюшуп, улутчулдуктун күчөп баратканын далилдеген маалыматтарга кайдыгерлик менен карашып, улут аралык жаңжалды болтурбай коюу максатында чечкиндүү чара көрүшкөн эмес». Окуянын чыгыш себебин СССР жетекчилиги дал ушундан көргөн. Бирок СССР Жогорку Советинин токтомунда сепаратизм тууралуу бир ооз кеп да айтылбаганына мен сыяктуу Оштогу мекенчил жаштар абдан нааразы болгонбуз.

Ачыгын айтыш керек, 1990-жылкы Ош окуясына байланыштуу адилетсиз айыпталып, сот жообуна тартылгандардын көбү кыргыздар болгондугу айрыкча жаштар арасында кыжырланууну пайда кылганы жашыруун эмес. Эл арасында «Ош окуясына туура эмес баа берилди, чыныгы күнөөкөрлөр жазасыз калды жана өзбек жамаатынын бейформал лидерлеринин улуттук сепаратизмди күчөткөн чакырыктарына укуктук баа берилбеди» деген түшүнүк күчтүү эле. Чындап эле 1990-жылкы улуттар аралык араздашууга үстүртөн баа берилип калгандыктан туптуура жыйырма жылдан кийин, 2010-жылдын 10-июнунда, Ош коогасы кайрадан кайталанган деп парламенттик комиссия жыйынтык чыгарды. Мен буга толугу менен кошулам.

Тагдырдын жазмышы экен, 2010-жылы июндагы улуттар аралык араздашууда мен ордолуу Ош шаарынын мэри катары эл жүгүн мойнума аркалап турдум. Каршылашкан эки тарапка тең бирдей мамиле жасоо, кан төгүүгө үндөгөн «жармач патриотторго» улутуна карабай катаал чара көрүү жана дүүлүккөн элди тынчытуу үчүн баарына мыйзам чегинде калыс кеп айтуу зарыл эле. Калыстык болбосо эл мага ишеним артпасын илгиртпей аңдадым. Кан кечип жүргөндө да, бир-бирине ок аткан каршылашкан тараптарга арачы болуп, аларды мунасага чакырып чыркырап жүргөндө да калыстыктан тайбоого аракеттендим. Кудайга шүгүр, шаар башчысы катары мен бүгүн элимдин көзүнө тик багып карай алам. Адилетти туу тутканым үчүн кыргыздар да, өзбек жамааты да бүгүн мага сый-урмат менен мамиле жасашат. Ошол үчүн 2010-жылы августта Убактылуу Өкмөт мени кызматтан алууга далалат жасаганда, ордолуу Оштун көп улуттуу эли борбордук бийликтин аракетине кескин каршы туруп, мени жапырт колдоп беришти. Бул калабада карапайым кыргыз менен өзбекти курал катары өз кызыкчылыгы үчүн колдонгусу келген авантюристтерге каршы туруп, алардын чыныгы жүзүн ачып бергеним үчүн улутчул сепаратисттердин мени каралоо аракети суу кечпей калды. «Ак ийилет, бирок сынбайт» – деп элибиз бекер айтпаптыр. Ош коогасынын агы менен карасын айрый билген акылман элиме мен терең ыраазымын! Элим үчүн, журтум үчүн каруумду казык, башымды токмок кылып ак кызмат кылууга даярмын!

Ооба, түштүк коогасынын чыгыш себептерин Улуттук, Парламенттик жана Эл аралык комиссиялар иликтеп чыгышты. Алар кандуу окуянын өнүгүү тарыхын, башкы себептерин жана негизги күнөөкөрлөрдү аташты. Улуттук жана парламенттик комиссиялар кандуу калабага өзбек жамаатынын лидерлеринин сепаратизмди күчөткөн иш-аракеттери негизги себеп болгон деген тыянакка келишти. Мен да 2010-жылы апрель-май айларында Кадыржан Батыров менен Иномжан Абдурасулов өз улутташтарын жыйып, чоң-чоң митингдерди уюштуруп: «Биз бул күндү жыйырма жыл күткөнбүз» – деп кыйкырып чыкканда түштүктө сепаратизмдин коркунучтуу желеси кайрадан жайылып баратканына коңгуроо кагып Убактылуу Өкмөт башчысы Роза Отунбаевага билдиргем. Тилекке каршы, ал катыма эч кандай жооп болгон жок. Тескерисинче, жогорку бийлик тараптагылар шайлоодо өзбектердин добушун алуу үчүн өзбек жамаатынын лидерлери К.Батыров, И.Абдурасулов, Ж.Салахутдинов, К.Абдуллаева ж.б. менен саясый соодалашуу жүргүзүп, аларга көмүскө колдоо көрсөтүп туруп алышты. Убактылуу бийликтин кемчилигин айткандарга «бакиевчил» деген жарлык тагып, алар мамлекеттин коопсуздугуна чоң коркунуч келтирип жаткандай адилетсиз мамиле жасашты. Ошол үчүн кечээги «ыңкылапчы» жетекчилердин аброю жалпы түштүк жергесинде абдан төмөн түшүп кетти. Ордолуу Оштун көп улуттуу калкы Убактылуу Өкмөттүн сепаратизмге жол берген калпыс улуттук саясатын катуу сынга алды.

Ал эми Киммо Килльюнен жетектеген Эл аралык комиссия «окуяга кыргыздардын этноулутчулдугу себеп болгон» деген тыянак чыгарды. Мен кандуу окуянын чордонунда жүргөн тикелей күбө катары мындай бүтүмгө караманча каршымын. Кыргыз улутчулдугу өзбек жамаатынын лидерлеринин сепаратисттик чакырыктарына, алардын Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө шек келтирген коркунучтуу аракетине каршы жаралган реакция болду. Менин жеке баамдоомдо, 1990-жылкы жана 2010-жылдагы улуттар аралык араздашуунун башкы себеби борбордук бийликтин улут саясатын жеткиликтүү жүргүзө албаганында, улуттук идеологиянын өксүктүгүндө жана эң башкысы өзбек жамаатынын лидерлеринин сепаратисттик иш-аракеттерине каршы татыктуу жооп болбогонунда жатууда. Эки учурда тең өзбек жамаатынын лидерлери Кыргыз мамлекети оор кырдаалды баштан кечирип, саясый элитанын ыркы ыдырап турган кезде өзбек тилине мамлекеттик статус берүү жана өзбек улутундагы кадрларды жогорку бийлик тепкичине тартуу маселесин көтөрүп чыгышты. Анын артында автономия алуунун кулагы оркоюп көрүнүп турганы кашкайган чындык. Ошол үчүн Кадыржан Батыров: «Биз бул күндү жыйырма жыл күткөнбүз» дегенде ири алды 1990-жылы 2-мартта Кыргызстандагы өзбек жамаатынын СССР жетекчилигине автономия сураган кайрылуусу эске түшөт. 1990-жылы да, андан жыйырма жыл өткөн соң да улутчул сепаратисттер мамлекетибиздин башына кыйынчылык түшүп турганда абдан активдешип, өлкөдөгү улуттар аралык мамилеге доо кетиришти жана кандуу калабага от бүркүштү. Бул менин атуулдук көз карашым жана жүрөктүн тереңинде уялаган чындыгым. Мына ушул оттун учкунун тутанткан Кадыржан Батыров, Иномжан Абдурасулов сыяктуу сепаратисттер 2010-жылдын апрелинде Убактылуу Өкмөттүн таянычы болгону өкүнүчтү гана жаратат.

Мен ар дайым айтып, жүрөгүмдө бапестеп келген бир чындык бар: Ош шаары Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түркүгү! Бул түркүк Кыргыз Республикасынын түндүгүн көтөрүп, керегесин кынап турары кандуу калабада ачык көрүндү. Ош шаарынын мэри катары кайра-кайра кайталагым келет: кандуу жаңжалдын чыгышына ордолуу Ошту өз үй, өлөң төшөгүндөй көргөн кыргыз менен өзбек элинин эч бир тиешеси жок. Акылман калкыбыз колу канга боёлгон сепаратисттерге өзүнүн татыктуу баасын берди. Алардын күнөөсү тарых алдында кечирилгис. Келечекте түштүк коогасына адилет баа берилип, күнөөлүүлөр өз жазасын алат деп ишенем. Алардын жасаган кылмышын ордолуу Оштун эли эч качан кечирбейт! Бийлик башында тургандар кандуу окуядан туура жыйынтык чыгарып, этностук саясатты акыйкат жүргүзгөндө гана жергебизде тынчтыктын пайдубалы бекем орнойт. 1990-жылы Кыргыз мамлекетинин жетекчилери улутчул сепаратизмди жаап-жашырганы үчүн кандуу калаба жыйырма жылдан кийин кайра кайталанып отурат. Биз улуттар аралык араздашууну экинчи болтурбайлы десек, анда «оорунун диагнозун» туура аныктаганыбыз оң. Ал диагноз – Кыргыз мамлекетинин аймактык бүтүндүгүнө, улуттук коопсуздугуна жана улуттар аралык ынтымагына шек келтирген сепаратизм!

Сепаратизмдин ачуу чакырыктары дагы деле токтобой жатканы, эми ал Батыштагы өзбек бозгундарынын оозу менен айтыла баштаганы Ош шаарынын мэри катары мени терең кооптондурат. 2010-жылкы июндагы улуттар аралык кандуу кагылыштын авторлору, авантюрист сепаратисттер К.Батыров жана И.Абдурасулов баштаган топ кылган күнөөлөрү үчүн саясый жана укуктук жоопкерчиликтен качып, өлкөнү таштап чыгып кеткени менен алар Кыргызстанды бөлүп-жаруу идеясынан дагы деле баш тартыша элек. Кыргызстандагы өзбектерге автономия берүү талабы эми бозгундагы Өзбекстандык оппозициячыл саясатчылардын оозунан чыга баштаганы кызык. Айталы, Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун бийлигине оппозиция болгон жана Батышта бозгунда жүргөн «Бирлик» партиясы 2010-жылы 24-июнда Оштогу өзбектерге автономия берүү зарылдыгын көтөрүп чыкты. Ой тобо, Ошто биз кандуу калабанын жарасын айыктыралы деп жүгүрүп жүрсөк, бул партия сепаратизм желегин тескерисинче желбирете баштаганы кызык! Же ага акыркы жыйырма жылда сепаратисттердин айынан ордолуу Ош жеринде эки ирет болуп өткөн улуттар аралык жаңжал аз көрүнүп жатабы? Балким, бул уюм Кадыржан Батыровдун «Ватан» партиясындай бейкүнөө элдин колтугуна суу бүркүп, дагы бир жыландын башын кылтыйтып жаткан жокпу? Өзбек жамаатына автономия сурап, эгемендүү Кыргызстандын ички ишине кийлигишкенге ага ким укук берди? Кандуу калабада кабыргасы кайышкан Оштогу менин өзбек туугандарым менен кыргыз улутташтарым учурда бейпил турмушка бел байлап, ынтымак-ырашкерликтин чыныгы баасын билип калышты. Оштун бир өңүрүн айрып, автономия курабыз деген сепаратисттердин айынан элибиз кан жутуп, жер муштап калганын алар жакшы билет. Ошол үчүн шаардын өзбек жамааты Батышта жарык көрүп, кыргыздарды каралаган «Чөөлөрдүн сааты» китебин 2011-жылы майда жалпы журт алдында наалат айтып өрттөштү. Ага удаа өзбек туугандар улутчул сепаратисттерге каргыш айткан атайын кайрылуу кабыл алышты. Учурда шаар башчысы катары мен үчүн жаатташкан эки тарапты жараштырып, карттанган жараны айыктыруудан өткөн улуу вазыйпа жок. Андыктан автономияны эңсеген сырттагы сепаратисттерге айткым келет: Оштун бүтүндүгүн кайрадан бузууга аракет кылсаңар силерди карт тарых жазалайт, ыйык Сулайман тоонун кусуру урат жана улуу жаңгер Захриддин Мухаммед Бабур могол бабанын каргышы тиет! Узак тарыхый жолду басып өткөн акылман өзбек калкы сепаратисттерди экинчи ээрчибейт!

Сепаратизмди жеңүү үчүн «Улуттук биримдиктин концепциясы» бизге абадай зарыл болуп турат. Улуттук биримдикти чыңдоо кыргыз элинин улуттук аң-сезимине байланыштуу экенин унутпайлы! Улуттук аң-сезим ашкере улутчулдукту эмес, этностор аралык толеранттуулукту жана биримдикти чыңдоого багытталганда гана Кыргызстанда стабилдүүлүк болот. Ошол эле учурда биздин өлкөдө жашаган башка улуттар, анын ичинде өзбек туугандар да, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын биринчи планга коюп, ажайып Ала-Тоону: «Өз үйүм, өлөң төшөгүм» – деп түшүнгөндө жана түпкү улуттун, кыргыздардын тегерегине баш кошкондо гана улуттар аралык ынтымак орнойт!

Кадырлуу окурман!

Сиздерге сунушталып жаткан колуңуздардагы бул китепке Ош шаардык мэриясы тарабынан кандуу калабаны алдын алуу боюнча көргөн иш-чаралары, коогалаң мезгилинде калкка көрсөткөн социалдык-экономикалык көмөктөр, тополоңдо шаардын бүлүнгөн чарбасын кайра калыбына келтирүүдөгү иш-аракеттер жана Ош шаардык мэриясынын Убактылуу Өкмөт менен болгон алака-катышы конкреттүү документтердин негизинде ачып көрсөтүлгөн. Бул китеп аркылуу мен Оштогу улуттар аралык араздашуунун күңгөйү менен тескейин, анын негизги акторлорун (катышуучуларын) жана кан төгүүгө алып келген татаал саясый оюндардын табышмагын жандырууга аракет жасадым. Бул мен издеген чындык болду!

Атактуу түрк акыны Назым Хикмет: «Эгерде мен күйүп жанбасам, эгерде сен күйүп жанбасаң, анда ким түнгө жарык чачат?» – деп жазгандай, аталган жыйнак Оштогу улуттар аралык чыр-чатак тууралуу жазылган алгачкы китептерден болду. Анда мен жүрөк түпкүрүндө уялаган чындыкты айтууга аракет жасадым. Кечээ, 19-кылымда Кокон хандарын кол каптай алмаштырып, улут деп ураан чакырган Алымбек датка атабыз: «Элге адилет амирлик кылам десең, чындык изде!» – деп бекеринен айтпаган чыгар. Чындыкты элге жеткирүү кээде кайраткерлик менен эр жүрөктүүлүктү талап кыларын өз башыман өткөн Ош окуясындаң ынандым.

Менин терең ишенимимде, 2010-жылы май-июнь айларында Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн улуттар аралык кандуу калаба тууралуу дагы далай чындык кептер айтылат, илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт, документалдуу китептер жазылат жана тасмалар тартылат. Азыр ээлеген мамлекеттик кызматына байланыштуу, же жеке коопсуздугунан улам жүрөгүндө уялаган чындыгын айта албаган инсандар келечекте Ош коогасы тууралуу ой-пикирин ачык айтып чыгышат деп үмүттөнөм. Каргашалуу окуяга от койгондордун жана аларга көмүскө дем бергендердин аты-жөнү ачык аталышы зарыл, сепаратизм тууралуу өзөктү куйкалаган карандай чындык айтылышы керек. Кээ бир саясый топтордун жана бийликтеги жетекчилердин Ош коогасы тууралуу акыйкатты будамайлап, жаап-жашыргысы келип жатканы айдан ачык көрүнүп калды. Бирок биз белгилүү авар акыны Расул Гамзатовдун акылман кебин эстен чыгарбайлы: «Өткөн тарыхты тапанча менен атсаң, келечек сени замбирек менен атат!»

Байыркы Айкөл Манас баянына байланыштуу: «Сөз атасы өлбөсүн!» – деп айтылгандай, ылайым адилеттиктин атасы өлбөсүн! Ар бирибиз жүрөгүбүздөгү чындыкты издөөдөн талбайлы! Ошол үчүн бул китеп: «Мен издеген чындык» – деп аталды.

Жараткан бизди чындыктан айырбасын!

Мелисбек МЫРЗАКМАТОВ,
    Ош шаарынын мэрии

 

КАНДУУ КАЛАБА ТУУРАЛУУ КАРАНДАЙ ЧЫНДЫК

(Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов менен маек)

 

БОРБОР АЗИЯНЫ СЕЛТ ЭТТИРГЕН КАРАН ТҮН

– Мелисбек мырза, кыргыз-өзбек улуттар аралык кандуу калабанын башталганы тууралуу кабарды биринчи кимден уктуңуз жана укканда кандай акыбалда болдуңуз?

– 10-июнда түнкү саат 23:30да кыргыз-өзбек улуттар аралык араздашуунун учкуну тутанганы жана зордук-зомбулук жүрүп жатканы тууралуу биринчи маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынан уктум. Полковник Болот Нышанов телефон чалып, «Алай» мейманканасынын жанында кишилер оголе көп топтолуп, ээ-жаа бербей аткандыгын айтты. «Өтө агрессивдүү маанайдагы караламан топ чогулду, жарактуу!» – деп эскертти Болот Нышанов. Каңырыгым түтөгөнүн айтпа: «Бузукулар акыры ушуну кылышмак, башташты!» – дедим да, шашылыш мэрияга жөнөдүм. Жолдо баратып орун басарларымды (бирөө Бишкекте жүргөн), биринчи кезекте улуту өзбек орун басарым Ш.Сабировду мэрияга чакырттым.

Чынын айтсам, мен уруштун башталышына психологиялык жактан даяр элем. Токсонунчу жылдар али эстен чыга элек, анын үстүнө чагымчылардын 7-апрелден 10-июнга чейинки аралыктагы тынымсыз бузуку аракеттери мени «бышырып» салган. Жол бербейин дедим эле, болуп кетти, эми биягы мамлекеттин бүтүндүгүн кандай гана болбосун коргоо жана сактоо вазыйпасын аркалоонун, карапайым кишилердин амандыгын камсыздоонун жоопкерчилигин туйдум.

Биринчи реакциямбы? Канча бөгөт койсом болбой, карасанатай күчтөрдүн үстөмдүк кылып кеткенине күйбөгөн жерим күл болду. Эгерде Убактылуу Өкмөт 8-апрелден тарта мени душмансыгандан көрө, Кыргызстандын бүтүндүгүнө коркунуч туудурган күчтөрдү айра тааныганда, Жалал-Абад менен Оштогу жаңжал болмок эмес. Тетирисинче, кыргызын да, өзбегин да мага каршы тукуруп: «Мырзакматов Бакиевдин кишиси, ал – наркобарон, аны жакында каматабыз, жоготобуз!» – деп опурулуп жатышып, соңунда теңирден тескери натыйжага жетишти.

Жардамга колун сунгандын ордуна, Убактылуу Өкмөттүн буга чейинки эскертүүлөрүмдү таңазар албай, коркунуч жакындап келаткандыгы тууралуу байма-бай маалыматтарды төгүнгө чыгарганы, тетирисинче, бузукуларды колдоп жаткандай түр көрсөткөнү: «Аттиң!» – деп эрдимди кесе тиштөөгө мажбурлады. Канткенде Кыргызстанды сактап калабыз? Канткенде улутту сактап калабыз? Канткенде ата-бабадан калган ордолуу Ошту сактап калабыз? Ушундай уйгу-туйгу ойлор басты. Ата-бабалардын сурагы келди эсиме. «Кылымдардан бери көздүн карегиндей сактаган ыйык шаарды сактай албадыңар» деген сурагы болоору келди. Жашырганда эмне, бийликтеги мурдунан алысты көрө албаган жана утурумдук кызыкчылыкты көздөгөн «убактылуу» жетекчилердин айынан ушул күн башыбызга түшкөнүнө кыжырым кайнады.

10-июндан 11-июнга караган түнү «Алай» мейманканасындагы тополоңго удаа Абдыкадыров, Навои, Мамыров көчөлөрүндөгү махаллалардын тургундары жана «Туран», «Амир-Темур», «Шейит-Дөбө» кичирайондорундагы жашоочулар ынтымактуу түрдө теректерди жыгып, баррикадаларды уюштурууга киришкени маалым болду. Түнкү саат он экилер чамасында шаардын Шейит-Дөбө кичирайонунда жаштар бийликке нааразылык билдирүү максатында чогулгандыгы мага мурдараак жеткен. Бирок көп өтпөй, бар болгону жарым саат убакыттын ичинде куралдуу (!) кагылышуу башталып отурат. Катары төрт жарым миң — беш миңден ашуун куралдуу жаштар топтолуп, ооздорунан ак көбүк атканча «Аллоху акбарлап!» кыйкырып, «кыргыздар Ошту таштап кетишсин!», «шаарды азыр бошотуп коюшсун!», «өзбектер калгыла!» деген талаптарды койгондугу белгилүү да болду. Ал жерге дароо өзүмдүн орун басарым Ш.Сабировду жана шаардык кеңештин өзбек улутундагы депутаттарын жөнөттүм эле, алар мага кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратканын телефон аркылуу билдиришти. Эки-үч унаа өрттөлүп, теги кыргыз машина ээлери токмок жешкен экен.

– Ушул жагдайды ачыктай кетсек. Чатакты өзбектер баштаганбы?

– Карапайым өзбектер баштаган жок, сепаратисттер жана алардын тилине азгырылган элементтер баштады. Тынч жаткан эки элдин ынтымагын бузууну көздөгөн бузукулардын улуту өзбек экени анык.

Так ошол мүнөттөрдө Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысын кууп жибергени тууралуу кабарды уктум. Мынакей Болот Нышановдун ошол мүнөттөрдү эскерген сөзү: «10-июнь күнү саат 22:45те мага күзөт бөлүмүнөн телефон чалышып, «Алай» мейманканасынын алдына келишимди сурашты. Ал жерде өзбек улутундагы миңден ашуун жаран чогулуп, тополоң чыгарып жатышат деген маалымат келди. Анан мен орун басарларымды алып, ошол жерге чыктым. Барсам бир-бир жарым миңдей өзбек жаштары топтолуп алыптыр. Аябай агрессивдүү болуп алышкан. Мен сүйлөшкөнү бардым. Бирок кыргыз экенимди билип калып, өзбек жигиттер кол салышты. Бирөө бычагын көтөрүп жүгүрдү. Анан менин орун басарларым (өзбек) сиз алыс эле туруңуз, биз өзүбүз сүйлөшөбүз деди. Ошондо эки-үч саат сүйлөшүү жүргүздүк. Бирок өзбек жигиттер кепке келбей, агрессивдүү боло беришти. Кыйкырып-өкүрүп, чабуул жасап жатышты. Колдорунда арматура, союлдар, бычактар бар эле. Биз барганга чейин эле «Алай» мейманканасынын тегерегиндеги имараттарды өрттөп жиберишкен. Биз студенттердин баарын чыгарып кеттик. Ошол күнү болгон окуяга кыргыз жигиттердин эч кандай тиешеси жок. Кечинде болгон окуяны угуп алып, анан чыгышты алар. «Алай» мейманканасынын айланасында эмне күйгөн болсо, баарын өзбек жигиттер өрттөгөн».

«Кыргыздарга кол салууну биринчи өзбектер баштагандыгын» шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, улуту өзбек Ш.Зулумов кийин улуттук комиссиянын мүчөсү Ж. Жолдошевага айтып берди.

Вице-мэр Ш.Сабиров, шаардык кеңештин өзбек улутундагы депутаттары да окуя болгон жерге жетип барышкан. Алардын айтуусунда беш миңге жуук өзбек чогулган. Элди тынч тарап кетүүгө чакырыктарынан майнап чыккан эмес. Тынчтанмак тургай, кайра милицияга кол салып: «Кыргыздар кеткиле!» – деп бакырган бойдон «Алай» мейманканасынын жанындагы жатаканалардын, көп кабаттуу үйлөрдүн, дүкөндөрдүн терезелерин таш бараңга алышкан.

Ага удаа Оштун өзбектери Навои, Мамыров, Абдыкадыров көчөлөрүнө, «Туран», «Амир Темур», «Шейит-Дөбө» кичирайондоруна шашылыш топтолуп, кыргыз аттууну ур-токмокко алган. Жака-белдеги имараттарга өрт коюшкан.

Болжолу саат 23:30да «Шейит-Дөбө», «Амир Темур», «Черемушки» райондорунда түнкү асманга ракета атылган.

– Чатактын башталаарына психологиялык жактан даяр болчумун дедиңиз. Дароо кандай иш— чараларга кириштиңиз?

– Мен дароо тийиштүү чаралардан баштадым. Элди тынчтыкка, коопсуздукту сактоого үндөп, 11-июнга оогон түнү жергиликтүү «Мезон ТВ» каналы аркылуу элге кайрылдым. Ал ортодо, алеки заматта филармонияга өрт коюлуп, кезек ОшМУнун филология факультетинин жатаканасына келгенин жеткиришти. Саат 23:30 – 24:00 чамасы, жыйындар залына чукул жыйналыш чакырдым. Кандай гана болбосун өзбек улутундагы жаалданган жаштардын жүрүшүн токтотуу, шаарда канавайранга жол бербөө башкы максат эле. Ири алды жатаканадагы 900 студенттин тагдыры ойлондурду, студент кыздарга массалык түрдө кол тийсе, эмне кесепетке кептелээрин элестетип, үрөйүм учту. Тез арада университеттин жетекчилигин чакырдым да, профессорлор М.Орозбековго, Т.Жоробековго жана Улуттук Коопсуздук кызматынын Ош облусу боюнча башчысынын орун басары К. Бокоевге сакчыларымдан кошуп, студент кыздардын өмүрүн сактап калууну, зордуктоого жол бербөөнү буюрдум. Бактыга жараша куткаруучу топ убагында жетип, жатаканадагы кыздардын бир тал чачын түшүртпөстөн, кайтаруунун астында түз эле мэриянын жыйындар залына алып келишти. Акыбалдары өтө оор эле. Айрымдары эстен танып жыгылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. «Айланайын карындаштарым! Айланайын кыздарым! Биз силерди кордоого, мамлекетибизди улутчул-сепаратисттерге тепселетүүгө жол бербейбиз, Ош шаарын сактап калабыз» – деп кайрылганым чын. Ошол мезгилде залда куралдуу күчтөрдүн түштүк аймагы боюнча башчысы, полковник Искендер Икрамов баш болгон аскер адамдары турушкан эле. Кыздарды эки автобуска салып, бир БТРдин коштоосунда аскер бөлүгүнүн аймагына эвакуациялашты.

Аңгычакты ОшМУнун «Привокзальный» жактагы жатаканасына чабуул коюлгандыгы тууралуу дагы бир суук кабар келди. Маалыматыбызда ал жерде 600дөй элеттик кыз жашачу. Чукулунан ал жатаканадагы кыздарды эвакуациялоону колго алдык. Унаанын жоктугуна байланыштуу аларды түштүк-чыгыш шаарчасына жөө-жалаңдатып алып чыгарууга мажбур болдук. Андан соң, болжолу бир саат убакыттын ичинде, куралдуу сепаратисттердин шаардык администрацияны басып алууга бет алганы, аларга кошумча күчтөр көмөккө келээри тууралуу маалымат алынды. Чындыгында алардын негизги максаты – шаардык администрацияны басып алуу экен.

Эскертилгендей эле сепаратисттердин таасирине кирген куралдуу жаштар маалкатышкан жок, мен коргонуу чарасын көргөнчө алар Ош областтык администрациясынын жана Ош шаардык мэриясынын имаратына 300 метрге чукул кирип келишти. 2010-жылдын 11-июну, саат түнкү бирге чукулдап калса керек эле. Чукул чаранын натыйжасында администрацияны эвакуациялаганга үлгүрүп калганбыз. Жаалданган топ чуркап келаткан бойдон мэрияга чабуул койгонго аракет жасашты. Бирок полковник Искендер Икрамов уюштурган иш-чаралардын натыйжасында администрацияга болгон чабуул таш капты.

Ал ортодо качкындардын алгачкы агымы келе баштады, анткени сепаратисттер шаардын түндүк тарабын кыргыздардан дээрлик бошотушкан болчу. Түнкү саат он экиге карата өлгөндөрдун саны 40ка жетти.

Түн бир оокумда Шейит-Төбөнүн үстүндө ракета атылганын айттым, саат экилер чамасында беймаал азан чакырылды. Бул «Уруш башталды!» деген сигнал эле. Буга удаа өзбектер жапырт көтөрүлүп: «Кыргыздарга каршы уруш башталды, өзбектер чыккыла!» деген чакырыктар күчөдү.

Чукул жыйын өткөрүп, шаардын өзгөчө маанилүү объектилерин коргоону уюштурууга кириштик. Алгачкы мүнөттөрдө бийлик өкүлдөрү – Т. Сариев, А.Бекназаров, Б.Шер жана башкалар менен байланышып, Курсан Асановду шашылыш Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кайтарып берүүсүн сурандым. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү И.Исаковду, А.Бекназаровду, Ө.Текебаевди түштүккө жиберүү тууралуу чечим кабылдангандыгын да уктум. Бирок алар негедир кечигип, сегиз жарым сааттан кийин учуп келишти! Убактылуу өкмөттүн оперативдүүлүгү ушубу!? Өлкө жетекчилигинин жооптуу адамдары түз эле куралдуу күчтөрдүн түштүк группасынын штабына, анан биздин администрацияга келишти. Кашаңдаганын карабайсыңбы, алардын биринчи чечими эки жарым сааттан кийин кабыл алынды, андан эки сааттан кийин Исмаил Исаков келди. Мен ал кишиге кырдаалдын мүнөт, саат сайын өнүгүүсү – хронологиясы боюнча түшүндүрмө берип, курман болгондордун тизмесин тапшырдым.

Дүрбөлөң түшкөн элдин агымын токтотуу кыйынга турду. Азык-түлүк тартыштыгы байкалып, ичүүчү суу ууландырылган деген ушак тарады. Биринчи кезекте элди нан, суу, май сыяктуу тамак-аш продуктулары, аскер техникаларын күйүүчү май менен камсыздоону үзгүлтүккө учуратпоого умтулдук. Жумушчу топторун, алардын башчыларын түзүп, ун кампаларын ревизиялоону колго алдык.

Кандуу калабанын алгачкы күнү шаардын аймагындагы май куюучу станциялар иштебей калгандыгына байланыштуу тез жардам, өрт өчүрүүчү жана кызматтык автоунааларга май куюуну мэрия өз колуна алды. Маселе оперативдүү түрдө чечилип, ага кеткен 500 миң сом акча каражаты кийин мэриянын эсебинен төлөнүп берилди.

Улуттар аралык араздашуунун алгачкы күндөрү шаар бийлиги 3500 чет өлкөлүк жана 1500 кыргызстандык жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу менен атайын автобустар аркылуу аларды коопсуз жайларга жана аэропортко жеткирүү ишин уюштурду.

– Алгачкы сааттардагы өлгөндөрдүн улуту ким эле?

– Көпчүлүгү кыргыз. Мен өлгөндөрдүн ар биринин улутун, жынысын эсепке алып, жазып койгон элем. Тополоңду мындан да тагыраак айта турган болсок, кыргыз мамлекеттүүлүгүнө кара санаган сепаратисттердин капылет козголоңуна кыргыздар даяр эмес болчу. Ант ургурлар куралчан келишип, күтүүсүз чабуулга өтүп атпайбы! Ошол себептүү алгачкы сааттарда кыргыздар көбүрөөк жабыр тарткан.

– Чынында эле, фактылар кан төгүүнү чагымчылардын тилине азгырылган өзбектер баштагандыгын бышыктайт экен. Бирок кыргыздар момунсунуп отурушпаса керек?

– Кеп ошондо. Так 10-июнга чейин, каргашалуу 10-июндун күндүзү да шаардын ар кайсы жерлеринде кыргыз-өзбек болуп мушташуу, дароо улутуна жараша топтоло калуу окуялары күчөп, аларды жөнгө салабыз деп жатып шаар бийликтери да суй жыгылган элек. Каңшаар кеп чагылгандай тез тараган заман азыр. Мобилдик телефондун доорунда каңшаар дегениң убакытты күндүзү-түнкүсү деп ылгабайт тура. «Алай» мейманканасынын жанына бир нече миң өзбек топтолуп, өткөн-кеткенди уруп атса, филармониянын имараты, башка жайлар өрттөнүп атса, түн бакырда Ош университетинин жатаканаларынан жүздөгөн кыздарды жөө-жалаңдатып көчүрүп атсак, кимдин оозун тыясың.

Айтпадымбы, «Алай» мейманканасынын жанындагы окуядан кийин шаардын бир нече жеринде өзбектер тездик менен чогулганын уккан кыргыздар адегенде шаардын борбордук аянтына, «Манас-Ата», Кулатов, Фуркат, Түштүк-Чыгыш ра-йондоруна топтолуп, эмне болуп кеткенин оңдуу түшүнө албай, сактанууга даярданышты. Ал ортодо «Алай» мейманканасынын жанындагы өзбектердин саны 10 миңге чамалап баргандыгын ички иштер башкармалыгынан билдик.

 

СЕПАРАТИСТТЕР ИРИ АЛДЫ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕРДИ БУТАГА АЛЫШТЫ

– «Алай» мейманканасынын жанында тополоңду баштагандардын планы кандай болгон?

– Улут аралык жаңжалдын башталышында өзбек жамааты түштүк аймактагы мамлекеттик бийликтин символу болгон Ош шаардык мэриясынын жана Ош областтык администрациясынын имаратын басып алууну көздөп жатышканын коопсуздук күчтөрү мага кабарлашты. Сепаратисттик күчтөрдүн лидерлеринин планы боюнча, алар жергиликтүү бийлик, коопсуздук күчтөрү жана кыргыз улутундагылар жаңжалдан эс-учун жыя электе чагылгандай тездик менен мамлекеттик имараттарды басып алып, дүйнөлүк коомчулукка өз автономиясын жана өкмөт түзүмүн жарыялап жиберишмек. Кооганын алгачкы сааттарын анализдеп көргөндө, окуянын өнүгүү нугу дал ушул өңүттө баратканын байкоого болот эле.

Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн канавайран кылчу сепаратисттердин мындай планына бөгөт коюу максатында мен кооганын алгачкы сааттарында стратегиялык мааниси зор мамлекеттик имараттарды, областтык жана шаардык күч структуралары жайгашкан жайларды, фискалдык органдарынын кеңселерин, бала бакчаларды, мектептерди жана жатаканаларды коргоону күчөтүү боюнча өзгөчө тапшырма бердим.

Кандуу коогалаңда баарын алдын-алууга мүмкүн болбоду. Ага күч структураларынын чукул кырдаалга даярсыздыгы, жоокерлерди башкарууда жогорку тепкичтеги жетекчилердин тажрыйбасыздыгы жана борбордук бийлик өкүлдөрүнүн жергиликтүү жагдайды жакшы билбегендиги, натыйжада аскердик комендатуралардын координацияланбаган иш-аракеттери себеп болду. Ушундай алешемдиктердин айынан кандуу окуя чагылгандай тездик менен байыркы Ош шаарын каптап баратты. Натыйжада калаа аймагындагы көптөгөн мамлекеттик мекеме-ишканалар кол салууга учурап, өрттөнүп, таланып-тонолуп жатты.

Айрыкча 10-июнда түнкү саат 23:30да шаардын көркүнө көрк кошкон Рыспай Абдыкадыров атындагы Улуттук филармониянын 2-кабатынын өрттөлүп жатканын укканда кыргыз маданиятынын ордосу кулап, уугу урагандай жандүйнөм тарып кетти. Аттиң-ай, канчалаган асыл таланттарды бапестеп өстүргөн ыйык маданий үйүбүздүн күлү көккө сапырылып калабы? «Кыргыз музасынын атасы» Рыспай Абдыкадыровдун мукам үнү эчен жыл жаңырган маданий очогубуздун оту өчүп калабы? Кооганын алгачкы ошол оор учурунда жүрөк тилген кайгылуу ушундай уйгу-туйгу ойлорго чөмүлүп, бир нече мүнөт турдум. Селт этип, өзүмдү өзүм колго алдым. Чыйралдым. Кайгырганга убакыт жок. Ордолуу Ошумду, көп улуттуу калкымды сактоо керек. Дароо орун басарым Алымжан Байгазаковго жана шаардык милициянын жетекчиси Болот Нышановго кандай гана болбосун Улуттук филармонияны тезинен өрттөн сактап калуу боюнча тапшырма бердим. Тилекке каршы, колдоруна курал кармаган жаалданган өзбек жаштары филармонияга кетчү жолдорду тосуп, өрт өчүрчү машинелерди өткөзбөй коюшту. Ошондо Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери майор Нурбаев Таалай, ага лейтенант Эргеш уулу Жоодар жана лейтенант Сарыков Залкар аттуу жигиттер коогалуу тосмолорду кыйгап өтүп, филармониянын терезесин сындырып ичкери кирип барышты. Ошол мезгилде өрт өчүрүүчү машинелер филармонияга жете албагандыктан жалбырттаган жалынды өчүрүүгө суу жок, үч жигит жерге төшөлгөн килемдер менен ургулап жатып өрттү өз убагында өчүрүп калышты. Өрт менен алпурушуп жатып түтүнгө ууккан Эргеш уулу Жоодар эсинен танып жыгылганда, аны жолдоштору имараттан сүйрөп чыгышкан. Катардагы карапайым кыргыз милиционерлердин жасаган иши чоң эрдикке тете экенин өздөрү деле анчалык аңдабаса керек…

Удулу келгенде дагы бир окуяны айта кетпесем болбос. 2010-жылдын 11-июнунда саат 16:00дө Ош шаардык мэриясына караштуу муниципалдык автобазага өзбек сепаратисттери чабуул башташканын кабарлашты. Андан алты саат илгери мен автобазанын жетекчиси Ражапов Ильязга бардык автобустарды тезинен чыгарып кетүү тууралуу тепшырма берген элем. Анткени ал автобустар менен Бишкектен учуп келген аскерлерди аэропорттон ташуу керек болчу. Алты саат аралыгында болгону 15 гана айдоочуну чогултушуптур. Калгандары коркуп ишке чыкпай коюшкан тура. Алардын басымдуу бөлүгү өзбек улутундагылар эле. Топтолгон айдоочуларды БТР менен автобазага жеткирдик. Автобустарды от алдырып, жолго жаңыдан чыгар алдында куралданган өзбек улутундагы жаалданган жаштар автобазага чабуул жасай башташты. «Кошумча аскер күчтөрүн жөнөтөлү, БТР бергиле» – деп Ош облусунун коменданты Бакыт Алымбековго, Убактылуу Өкмөттүн түштүктөгү өкүлү Исмаил Исаковго кирдим. «БТР жок, бералбайбыз», – дешти. Автобазанын имараты күйүп, куралчан өзбектер ичкери кирип барганда Ильяз Зундуевич Ражапов мага телефон чалып калды. Yнү кооптуу, өрөпкүп араң сүйлөйт. Ары жактан атылган автоматтын добушу жаңырат. «Мелис Жоошбаевич, курчоодо калдык, эгерде кокустан ок жаңылып мерт болсом мен сизге эки дүйнөдө ыраазымын. Кош болуңуз, акыреттен жолугабыз», – деди телефондон И.Ражапов. Ага кайрат айтып, акырына чейин сабырдуу болууга үндөдүм. Аңгыча кошумча аскер топтору жетишип келип калды. Ок атышуу көпкө созулду, өзбек жаштары аскерлердин чабуулунун мизин майтарууга аракет кылып, автомат менен атып жатышты. БТРдин коштоосундагы аскер күчтөрү эки ирет чабуул коюп жатып, автобаза жетекчисин жана айдоочуларды араңдан куткарып чыгышты.

Өзбек сепаратисттеринин ушундай күжүм чабуулуна Ош шаардык МАИ, МАИнин курулуш боюнча башкармалыгы, транспорттук инспекция, муниципалдык автобаза, жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттук агенттик, муниципалдык суу чарба башкармалыгы, муниципалдык турак жай башкармалыгы, Ош электр тармактар ишканасы, электр энергиясын сатуу ишканасы, жолдор башкармалыгы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинаты, «Атайын автобаза» муниципалдык мекемеси, жарыктандыруу мекемеси, шаардык газ чарба башкармалыгы, жылуулук менен камсыздоо мамлекеттик ишканасы, борбордук базардын дирекциясы кабылышты. Алардын жана башка калкты тейлөөчү коммуналдык кызматтардын кеңселери, имараттары, өндүрүштүк базалары өрттөлүп кетти. Кийин эсептеп көрсөк, шаардык мамлекеттик ишканалар 1,61 млрд. сомдук чыгымга дуушар болуптур. Мындан көрүнүп тургандай, өзбек сепаратисттери ири алды мамлекеттик мекемелерди бутага алганы байкалат. Демек, алар биринчи кезекте кыргыз мамлекеттүүлүгүн кыйратууну көздөгөнү көрүнүп турат.

– Чукул кырдаал жарыяланып, мэрдин ыйгарым укуктары комендантка өткөрүлдү. Бирок Сиз жагдайдын оңолушуна кол кабыш этүүгө умтулдуңузбу же кол куушуруп отуруп калдыңызбы?

– 2010-жылдын 11-июнунда саат 02:00де Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү Ош, Өзгөн шаарларына, Кара-Суу жана Араван райондоруна коменданттык саат киргизди. Декретке ылайык, Ош шаарына өзгөчө кырдаал киргизилип, комендатура түзүлдү. Кыргыз Республикасынын «Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө» мыйзамына ылайык, өзгөчө кырдаал киргизилип, комендант дайындалган соң, Ош шаарынын мэринин ыйгарым укуктары комендантка өткөзүлүп берилди.

11-июнь күнү таңга жуук өлүм-житимдин опсуз көбөйгөндүгү билинди. Шаардын бир нече жеринде, кыргыздар азчылыкты түзгөн бөлүктөрүндө улутташтарыбыз куулуп, качкындардын саны арбыды. Өзбек махаллалары уюшкандык менен текши баррикадаларды орнотуп, күнү-түнү иштеп, күндүзү да, түнкүсүн да көзгө көрүнүүчү атайын боёк-сырлар менен өз чектерин «SOS», «Uzbek Zone» деген белги менен ажыратып чыгышканын билгенимде чатактын масштабы чоң болоорун түшүндүм. Жанагы боёк-сырлар Кыргызстанда жок боёк-сырлар, анын бир нече тоннасын сырттан алдын-ала алып келишкен. Көз ачып-жумганча 8056 чарчы метр жерди (!) жанагы белгилер менен ажыратып чыгышканы таң калтырат.

Саат жетиден беш мүнөт өткөндө мен Роза Исаковнага телефон чалдым, ал киши саат сегизде Улуттук телевидение аркылуу калың журтка кайрылуу жасоого камданып турган учуру экен. Ошондогу менин биринчи сунушум төмөндөгүдөй болду: Кыргызстанга кирчү журналисттердин баары акредитациядан өткөрүлсүн, каршы-терши тебелеп тайраңдагандарын койсун, темир жол, аба каттамдарына посттор уюштурулсун жана өзүм тарабынан көрүлчү чараларды санадым. Өзүңөр текшерип көрсөңөр болот, облустук ооруканада жаткан жарадарларга, моргдорго бир дагы чет өлкөлүк репортерлерду киргизбөөнү буюрдум, атайын постторду уюштурдум. Менин биринчи кадамым ошол – информациялык согушка даярдык көрдүм.

Роза Исаковнага дагы төмөнкүлөрдү сунуштадым: «Ноокат, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн, Алай, Чоң-Алайдагы ички иштер бөлүмдөрүндөгү курал-жарактарды топтотуп, Куралдуу күчтөрдүн түштүк группасынын көзөмөлүндө бекем сактоо зарыл. Абал жакшы эмес нукка бурулууда» – дедим. Ал кишиден алган жообум бул: «Биздин тийиштүү өкүлүбүз бар. Ал – Исмаил Исаков. Аны менен бул суроолорду чечиңиз». Тилекке каршы, мен Исмаил Исаков менен дароо байланыша алган жокмун, бирок президентке айтчу сунуштарымды айтып калдым. Мен Убактылуу өкмөт менен мыйзамдын алкагында гана байланыштым. Бирок алар мени өгөйсүнтүп четтетип, ишенбөөчүлүк, керек болсо жек көрүүчүлүк менен мамиле жасоону уланта беришти.

11-июнь күнү эртең менен Алай жана Ноокат тараптан миңдеген кыргыздар Оштогу тууган-уругуна көмөккө келатканы угулду. Бул илгерки көчмөндүк заманда каныбызга сиңген адат болсо керек, өлкөгө коркунуч туулганда өлүмдөн тайманбаган азамат жигиттер кара баштын кайгысын унутуп, дүпүрөгөн аттар менен жакага түшүшөт. Бул ирет да калкыбыздын канындагы өткүрлүк дүрт этип ойгонуп кетти. Байыркы Кокондун чаңын асманга чыгарып, элди эзип ийген хандарды алеки-заматта алмаштырчудан бетер Алай, Кара-Кулжа, Ноокат тараптан кызуу кандуу топтор Ошту көздөй агыла баштады. Шаар башчысы катары мен алардын жолун тороп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү орун басарларыма тапшырдым. Ноокат тараптын жолуна өзүм бармай болдум.

Саат 10:00 – 11:00дин ортосу, губернатор С.Жээнбеков Ош облустук ички иштер башкармалыгынын имаратына чукул чогулуу керектигин, борбордон бийлик өкүлдөрү келгенин кабарлады. Барсак Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү И.Исаков, А. Бекназаров, Ө. Текебаев баш болуп, көп киши келген экен. Жыйналышта четтеги кыргыз айылдардан Ошко кирүүгө умтулган адамдардын агымын кантип шаарга киргизбей токтотуп калышты талкууладык. Бул иштин жалпы жоопкерчилиги губернатор С. Жээнбековго жүктөлүп, Ошко жаалданган элди киргизбөө катуу табышталды.

Мен жыйналышта талкууга көз салып отургам. Бир кезде чөнтөк телефонума СМС кабар келди. Мазмуну мындай: «Алайдан Ошту карай агылган албуут топ Убактылуу өкмөт мүчөсү Ө.Текебаевди барымтага алууну көздөп жатат». СМС кабарды элди тынчытуу үчүн мен жолдогон ишенимдүү адам (өзү мэрияда иштейт) жөнөтүптүр.

Түшкө жуук жыйналыш аяктады. Убактылуу Өкмөттүн өкүлдөрү вертолет менен Алайдын жолуна жетип, жаалданган топту тосуп сүйлөшмөй болушту да, ордуларынан тура жөнөштү. Карасам, Өмүрбек Текебаев кошо баратат. Жанында бел туткан жигити – Дүйшөн Чотонову бар. Мен эшикке туураман туруп, Ө. Текебаевдин жолун тородум. «Сизден инилик сураныч, алайлыктар менен жолугушууга барбай эле коюңуз» деген ишаараны жасадым. «Эмнеге?» – дейт. «Так надо» – дедим. Ошентип аны алып калгам.

Кийин парламенттик угуулардын алдында Өмүрбек Текебаев: «Менин жолумду эмнеге торогонуңду эми сурайм, ачык айтып бересиң» – деп кадалса болобу. «Сурабай эле коюңуз» – дедим. «Эмнеге?» – дейт дагеле. «Өмүке, иниңиз болом, калганын сурабай эле коюңуз» – дейм. «Депутаттардын көзүнчө сурап алайын» – дейт. «Кой дегенге көнбөй атасыз. Мейли, сурасаңыз сураңыз. Кадыржан Батыровдун досу, өнөгү деп сизди алайлыктар ошол жерден баса калып, көк бөрү тартмак. Алар ошого даярданып жаткан. Мага бул маалыматты жаалданган топтун арасында жүргөн жакын адамым жеткирген. Тоодон түшкөндөр мертинтип койсо, бир өлүм ашыкча болмок. Ушуну айтам» – дедим. Ө. Текебаевдин жаагы жап болду.

Ал эми 11-июнда Алайдын жолундагы Фуркатка баргандардын акыбети эмне менен бүттү? И. Исаковду, А. Бекназаровду эл укпай таш бараңга алып, аз жерден вертолетту оодарып коё жаздашты.

Алар Алайдын жолун тосуп жүргөндө мен Ноокаттын жолуна баргам. Жалгыз бардым. Үч-төрт миңдей киши жаалданып келатыптыр. Арасында алагүү мастары бар. Максаттары – шаардын түштүк өңүрүн өзбектерден тазалоо, алардын там-ташын талкалоо. «Туугандарым! Ошко барбагыла, абал силерсиз деле оор! Кан төгүүнү токтотолу, бейажал киши өлбөсүн десеңер – барбагыла!» – дегем. Бир лидери бар экен, мага опурулуп, элди тукурду. Урабыз деп жүрүшөт. Башчысын катуу зекидим: «Эй, чаарбаш! Сен эле патриот болуп, мен текей терип жүрүпмүнбү!? Элди өлүмгө айдап атканыңды билесиңби? Колуңан ошончолук эле келет экен, алоолонуп аткан өрттү өчүргөнгө жардам бер!»

Иши кылса элди ынандырдым. Натыйжада Оштун түштүк райондорунда жайгашкан өзбек туугандардын там-ташы кыйроого учураган жок, көптөгөн адамдар бейкүнөө өлүмдөн аман калды. Азыр кээ бир өзбек кесиптештерим менен бул райондон чогуу өтүп калганда чын көңүлдөн ыраазычылык билдиришет. Кийин алар ыраазычылык кат да жолдошуптур. Мен да аларга жүрөк түпкүрүнөн чыккан рахматымды айттым! «Сыйга – сый, сыр аякка – бал» – дейт ата-бабалар.

Убактылуу Өкмөттүн кишилери Фуркаттан бозала болуп, өң-алеттен кетип, Ошко кирип келишкенин уккан соң (ошондой болоорун билгем), саат 15:00 чамасында аларга бардым. «Абалды турукташтыруунун өзүм иштеп чыккан схемасын сунуш кылам» – дедим. «Ии» – деди Исмаил Исаков баш болуп. Адегенде картаны алдыга жайып койдум. Мерчемдүү жерлерге – Алай, Ноокат, Кара-Суу, Араван багыттарына күчөтүлгөн блокпостторду коюуну сунуштадым. «Анан мага бир эле БТР бергиле. Өзбектер жыш жашаган Он-Адыр, Шейит-Дөбө райондоруна барып, сүйлөшүп келейин. Эртең, 12-июнда, түшкү саат 12:00де араздашкандарды жарашуу боюнча сүйлөшүүлөр башталат, кепилдигин беремин» – дедим.

Унчукпай калышты. Тобо, он минут унчукпай мелтиреп отурушту. Жообун күтүп мен деле отура бердим. «БТР бересиңерби?» – дедим акырында. «Болуптур, берели» – дешти. Ошол жерден Убактылуу Өкмөттүн башчысы Роза Отунбаевага телефон чалып: «Эртең саат 12:00де кыргыз-өзбектин жарашуусу башталат» – дедим. «Ошентсе кана! Дай Бог!» – деди Роза Исаковна. Жарашуу башталаарына кепилдик берээримди прессага да айтып ийгем. Тилекке каршы, БТР беришкен жок. Түнкү саат 12:00ге чейин күттүм, беришкен жок. Эмне оюн болуп кеткенин билбей калдым.

Аңгычакты, Улуттук Коопсуздук кызматынын Ош облусттук бөлүмүнүн жетекчиси, полковник Аким Эшматов мени өзүмчө бөлүп: «Сөз бар» – деди. Экөөбүз имараттын бурчунда, элден бөлүнүп маңдай-тескей турабыз. «Мелисбек Жоошбаевич! Өлкөнүн жогорку жетекчилиги Сизге аймактагы аскердик жана граждандык бийликтин жоопкерчилигин тапшырууну каалайт, андыктан Сиздин макулдугуңузду сурайт» – деди. Мен саамга ойлонуп: «Макулмун, бирок бир шартым бар. Борбордук бийлик менин аракеттериме жана кадрдык маселелерге кийлигишпей турсун» – дедим. «Жарайт. Жогору жакка билдирейин» – деди А. Эшматов.

Борбордук бийлик кайра байланышка чыккан жок. Кыязы, Мелис Мырзакматовдун авторитетинин өсүшүнө өз колдору менен салым кошкондон чоочулашса керек.

Ал ортодо өлкө жетекчилиги Россия лидерлеринин тынчын койбой, жардам сурагандан тажаган жок. В. Путин менен Д.Медведевден жооп болбогондо, Кремль администрациясынын башчысы Сергей Нарышкинге эле беш ирет чалып, көшөрө көмөк сураган.

– 12-июнда кыргыз-өзбекти жараштыруунун ишеничи эмнеге негизделген эле?

– Биринчиден, «Силер чагымчылардын куралы болсоңор, эми курмандыгы болдуңар» – деп айтмакмын өзбектерге. Мактанбайын, бирок авторитетиме салмакмын. 3-май күнү амир-темурлуктардын алдында чыгып сүйлөп, какшап эскертпедим беле. Бузук чыкса, карапайым калк азабын тартаарын айтпадым беле. Ошону эстерине салат элем. Ушуну кыргыздарга да айтмакмын. 11-июнь күнү Ноокат багытынан агылып келаткан калкты токтоттум го. Алай тараптан келаткандарды деле токтотууга чамам жетмек. Ошол максатта шаардык кеңештин депутаты Аскар Шакировду кыргыз-өзбектин арасына ортомчу түшүүгө жөнөткөмүн. Бирок снайпердин огу кайран жигитке изги тилегин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бербеди. Ал азаматыбыз 11-июнь күнү элди тынчтандыруу, шаардын аймактарында топтолгон эки улуттун тобун бири-бирине жакындатпоо боюнча түшүндүрүү иштерди жүргүзүп жатып, баатырларча курман болду. Ордолуу Ошум дегенде оозундагы ашын жерге койчу, кайран кесиптешим.

– Кечиресиз, чагымчылардын 7-апрелден тарта тынбаган бузуку аракеттери дегенди чечмелеп берсеңиз?

– Июнь коогалаңынын себептерин мен 7-апрелдеги жана андан кийинки окуялардан көрөм. Ушул окуяларга кошул-ташыл сепаратисттик маанайдагы саясатчылар дароо жандана баштагандыгын өзгөчө белгилегим келет.

Керек болсо, «бул учурду 20 жылдан бери зарыга күткөнбүз» деген чакырыктар жаралып, эл арасын терең бушайманга салды. «Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө» – дейт элибизде. Жалпы мамлекетибиздин башына оор күн түшкөн кырдаалда К. Батыровдун басса-турса эле «бул күндү 20 жыл күткөнбүз» дегенин «чагымчылык», «сепаратисттик мүдөөнү тымызын үгүттөө» деп атагандан башкага ооз барбайт. Мамлекеттин бүтүндүгүнө, конституциялык түзүлүшкө каршы келген, Оштогу карапайым элдин бейпилдигин бузууга багытталган сепаратисттик маанай, саясий жүрүштөр күчөдү. Ошол учурдагы бийликтин – Убактылуу өкмөттүн Жалал-Абад жана Ошто сепаратисттик маанайдын уусу жайылып баратканы менен иштери болгон жок. «Бишкекти билсек болду» дегенчелик бейкапар отурушкандай, сыягы. Ал эми сепаратисттердин анабашылары миңдеген адамдар астында айбыгып этпей эле өз мүдөөлөрүн жарыялап: «Жаңы бийлик бизди колдойт, баары колго алынган, сүйлөшүлгөн» – деп элди козутуп жатышты. Ооба, алардын айткандарында калет жок эле. Маселен, Кадыржан Батыров апрель окуяларынын себептерин иликтөө комиссиясынын мүчөлүгүнө дайындалган. Кадыржан Батыровдун штаб жетекчиси Давран Сабиров Конституциялык реформа боюнча комиссиянын мүчөсү болчу. Кыскасы, борбордук бийликтин буларды колдоп атканынан калың элдин кабары бар. Сепаратисттердин жетекчилери эл алдына чыгып сүйлөгөндө күндөн-күнгө чамынып, агытылган балтектей тилдерин салаңдатып, ооздоруна ээ болбой калышкан. Сөздөрүнүн агрессиялык мүнөзү күчөп, ашынып баратышкан. Согушка үндөшкөнсүп, журт бүтүндүгүнө, эл ынтымагына доо кетирчү чакырыктар ачык байкала баштаган. Алардын үгүт иштеринин негизги жоболору мындай эле: мамлекеттик жетекчи кызматтарга өзбектерди дайындоо, өзбек тилине мамлекеттик статус ыйгаруу ж. б. Бирок алардын жашыруун жана түпкү максаты – өзбек автономиясын жарыялоо эле.

Сепаратисттердин көздөгөн саясатын жергиликтүү телевидение толук бойдон элге жайылтуунун үстүндө алектенди. 47 адамдын каны бейкүнөө төгүлгөн 13–16-май күндөрүндөгү Жалал-Абаддагы окуяны алалы. Ок атуучу куралдан жарадар болгондордун төртөө өлдү. Кырдаал оорлошуп баратканына бийлик кенебес мамиле кылгандай сезилди мага. Кол куушуруп отура алган эмесмин, Убактылуу Өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаевага чалып, кээ бир райондордун ички иштер бөлүмдөрүндөгү ок атуучу куралдарды жашыра туруунун зарылдыгын билдиргемин. Убактылуу өкмөттүн башчысы тарабынан тыңгылыктуу жооп болгон жок. «Бул маселени Исмаил Исаков чечет» деген жоопту алдым. Дароо эле баса белгилеп коёюн, Жалал-Абаддагы окуялардан соң түштүктөгү абал кескин өзгөрдү. Кадыржан Батыров баштаган топтун кыргыздын боз үйүн өрттөгөнү, ошол жердеги Кыргыз Республикасынын желегин сындырып, отко ыргытышканы кыргыз элинин ызасын келтирди. Боз үйдү өрттөтүү кыргыздын чамгарагын түшүрө чаап, кызыл уук кылганга тең эле. Күлүн сапырып, ар-намысын тебелегенге барабар эле.

Жалал-Абаддагы окуянын эпкини илгиртпей Ош шаарына тие баштады. Сепаратисттерге суук караган, өкмөт башчысына ичи толбогон жаштардын нааразылыгын айтпа. Бир тарап нааразы болсо, колтугуна суу бүркүп койгондон кийин экинчи тараптын жаштары да карап турган жок. Абдан агрессиялык мүнөздөгү чыгуулардын толкуну жаралды.

Кыргыз-өзбек чатагынын тутанышына массалык маалымат каражаттары да май тамызып турду. Өзбек тилдүү ОшТВ, МезонТВ телеканалдары кыргыз-өзбекти кайраштырган, провокациялык маанайдагы программаларды обого чыгарып турду. Ушул телеканалдардын такай кызматынан пайдаланган К. Батыров, Д. Сабиров, И. Абдурасулов жана башкалар түз эфир аркылуу расмий бийликке тил, кадр, автономия маселелерин козгоп, өзбек жамаатын чоң-чоң митингдерди уюштурууга үндөгөн. К. Батыровдун: «Эгерде Убактылуу Өкмөт өлкөдө тартипти камсыз кыла албаса, анда биз аны кыйратабыз. Кыргыздардын колунан келбесе, өзбектер карап турушу керекпи?» деген мазмундагы чагымчыл сөздөрү элдин кыжырын келтирген. Мен аталган телеканалдардын ээлерине бир нече ирет кайрылып, улуттар аралык мамилеге доо кетирген сөздөрдү кыскартууну сурангам. «Туугандар! Силер эмне, согушту, кан төгүүнү көксөп атасыңарбы?» – деп эскерткеним эстеринде болсо керек.

Кыргыз тилдүү басылмалар да эки элди кайраштырган материалдарды жарыялоодон четте калган жок. Улуттук телерадио компаниясы 2010-жылдын 18-апрелинде коомдук ишмер Д. Сарыгуловдун «өзбектер Кыргызстандын коноктору» деген пикирин обого чыгарса, «Асман» гезити М. Итибаевдин өзбектердин улуттук абийирине шек келтирген макаласын жарыялады. Улуттук араздашууга үндөгөн маалымат каражаттарына чара көрүү өтүнүчү менен 24-апрелде Убактылуу Өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаевага да кайрылгам.

– Окуя боло электен мурда, сепаратисттердин күч алышы тууралуу президентке тынымсыз кат жолдогом дебедиңерби, ошондо кандай жооп болгон?

– Эч кандай жооп болгон жок. Кийин Роза Исаковна өзүнүн маектеринин биринде: «10-июнда баары чагылгандай тез башталды» дебедиби. Жалган. «Революционерлерге» таянган сепаратисттердин экстремисттик чакырыктарына шыктанган өзбек жамаатынын өкүлдөрү кудайдын куттуу күнү кыргыз жаштарын да, өзбек жаштарын да провокацияга түртүп, анын айынан ар кандай мушташтар болгондугу ички иштер башкармалыгында да, мэрияда да катталуу. 7-апрелден 18-майга чейин эле Ошто өзбек менен кыргыздардын 106 жолу мушташуусу катталып, шаар коомчулугун кооптондурган. Шаар депутаттары, мэриянын алдындагы байкоочу кеңештин мүчөлөрү эки элди кайраштыруунун пропагандасы кычагандыгына кабатырланып, КТРдин, ЭлТРдин, ОшТВнын, МезонТВнын жетекчилерине бир эле маалда кайрылуу жолдошкон. Биз борборду такай эскертип турганыбызды айттым.

– Убактылуу Өкмөт эскертүүлөрүңөргө маани бербесе, шаардык администрация кандай чара көрүп атты?

– 8-апрель күнү эле Ош шаардык администрациясы коомдук коопсуздукту камсыздоонун, анын ичинде улут аралык жаңжалга жол бербөөнүн чараларын иштеп чыгып, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана террордук актыларды болтурбоо максатында бардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине күнү-түнү күзөт уюштурууну тапшыргам. Биздин иш-чараларда төмөнкү аракеттер да камтылган болчу:

– турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу негизги объектилерди, Ош шаарында жайгашкан чет мамлекеттердин консулдуктарын жана өкүлчүлүктөрүн коргоону уюштуруу;

– шаарга пиротехникалык жана жарылуучу заттардын, ок атуучу куралдардын, уулуу дары-дармектердин киргизилишин, алардын сакталышын катуу көзөмөлгө алуу;

– Ош шаарында убактылуу жашаган чет элдик жарандардын паспорттук-визалык режимин өзгөчө көзөмөлдөө;

– участкалык инспекторлордун аймактык кеңештер менен биргеликтеги иштерин күчөтүү;

– «Правопорядок» коомдук фондусу менен биргеликте элдик кошуундарды уюштуруу».

Ош шаарынын активинин жыйынында ар кандай провокациялардын алдын-алуу максатында мечиттерге баруунун, элди сабырдуулукка, улут аралык ынтымакка чакыруунун зарылдыгы белгиленип, бул мүдөөнү аткарууну А. Казиевге, Т. Айт-матовага, А. Маасалиевге, Рахматулло хажы Касымовго тапшыргамын.

Мен 1-майдан тартып эле ат тезегин кургатпай Ошту тынымсыз аралап, кыргыз-өзбек дебей бүтүндөй кварталдарды кыдырып, эл менен жолугушуп жүрдүм. Анткени турмуш-тиричилик мүнөзүндөгү майда-барат чыр-чатактарга саясий боёктор сүртүлө баштаганы терең кабатырлантты. 3-майда Амир-Тимур кичирайонуна барып, эл менен жолуктум. Ошол жерде элди чагымчыларга ишенбөөгө, сабыр күтүүгө үндөдүм.

Аталган жыйынга Ош шаардык кеңешинин депутаттары, мекеме-ишканалардын, укук коргоо органдарынын жетекчилери, өзбек жамаатынын лидерлери Даврон Сабиров, Жалалиддин Салахутдинов баш болуп, жалпысынан 10 000 адам катышкан.

Өзбек мекендештерим менен жолугушууда калаада улуттар аралык маселени курчутууну көздөгөн саясый күчтөр пайда болгондугун эскертип, элди аларды ээрчибөөгө чакырдым. Соңку убакта шаардагы тартип бузуу фактыларына улуттук (кыргыз, өзбек) түс берүүнү каалагандар чыгып жатканын маалымдадым. Кыргызстандын түштүгүндө автономиялуу облус түзүүгө жол берилбестигин, мамлекеттин бүтүндүгү жана эгемендигинин ыйыктыгын белгилеп, андыктан бардык улуттардын ынтымагы учурда абадай зарыл деп айткамын. Чогулуштун соңунда жыйындын катышуучуларын саясый экстремизм менен терроризмге каршы биргелешип күрөшүүгө үндөгөм.

Чогулуштун протоколу менен стенограммасы азыр дагы сакталуу, таанышып көрсөңүздөр болот. Ооба, өзбек улуттук-маданий борборунун жетекчиси Ж.Салахутдинов, коомдук ишмер Д.Сабиров, милициянын кызматкери И.Салиев көнүмүш адаттарына салып, өзбек улутундагыларды мамлекеттик кызматка кеңири тартуу маселесин козгошту. Ош шаарынын вице-мэри, улуту өзбек Шухрат Сабиров да жыйынга катышып жаткан, мэрияда жана башка мамлекеттик мекемелерде иштеген өзбектердин саны мурунку жылдарга салыштырганда алда канча көбөйгөндүгүн акыйкаттык үчүн айтып кетти.

Амир-Тимур кичирайонундагы жыйындын соңунда шаардагы улуттар аралык тынчтыкты сактоону, кварталдык комитеттин төрагалары, айыл аксакалдары, жаштар уюмдары менен биргеликте элдик кошуундарды (ДНД) түзүүнү, номери жок, терезеси караңгыланган (тонировкаланган) автоунааларды өзгөчө көзөмөлгө алууну, паспорттук режимди сактоону макулдашканбыз.

Аны менен эле токтолуп калбастан, эртесинде, 4-майда шаардын активи катышкан аппараттык кеңешме өткөргөнүм эсимде. Кеңешменин протоколу сакталуу турат. Биз шаардагы бала бакчаларда, мектептерде, жогорку окуу жайларында улуттар аралык ынтымакты жана шаардагы стабилдүүлүктү сактоого багытталган үгүт-насыят иштерин, маселен, ачык сааттарды уюштуруунун тартибин белгилегенбиз. «Ачык саат» десем эскиче угулушу ыктымал, бирок биз бардык каражаттарды колдонууга умтулганбыз. Муну шаардын белдүү активдери Л. Шериева, Г. Эркулова, А. Балтабаев жана башкалар жакшы билишет. Мектептерге, университеттерге кандай маани берсек, шаардык мечиттердин ролуна да ошондой эле маани бергенбиз. Ошондуктан имамдардан шаар элин ынтымакка, биримдикке чакырууну өтүнгөнбүз.

Май айындагы кооптуу мезгилде Ошто жогорку кызматта иштеген өзбек улутундагы кээ бир жетекчилер улутчулдукту күчөтүп, мамлекеттик саясатка каршы келген иш-аракеттери үчүн кызматтан четтетилишти. Маселен, Ош шаарынын мэрия-сынын 2010-жылдын 17-майындагы буйругунун негизинде ашынган улутчулдугу жана мыйзамсыз иштери учун Сабиров Давран Ош шаарынын мэринин отун-энергетика комплекси боюнча кеңешчиси кызматынан бошотулду. Учурда Д. Сабировго каршы улуттар аралык конфликтинин негизги күнөөкөрү катары укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголгон жана ага издөө салынган.

Мындай жолугушуулардын канчасын уюштурдум! Бирок байкаганым, эл абдан азгырылып алган экен. Сөзүмдүн төркүнүн, түпкү маңызын түшүнө алышпады. Кырдаал күн санап курчуп, эки ортодогу карама-каршылык күчөй берди. Ушунун баарын биз борборго жазуу жүзүндө да, оозеки жүзүндө да билдирип турганбыз.

Кыргыз-өзбек болуп чатакташуунун ондогон фактылары катталып аткан. Токсонунчу жылкы каргаша көрсөткөндөй жөнөкөй эле мушташтан чоң чатак ырбап кетиши мүмкүн эле. Маселен, 1-май күнү эртең мененки саат 11:30да Оштун Мажүрүм-Тал районундагы «Сузак» чайканасында өзбек жамаатынын 300 өкүлү бирдеменин ичинен чыкчудан бетер чогулуп алгандыгын айтайын. Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында гана аларды үй-жайларына тарата алдык. Кечки саат тогуздарда «Мырзалим» чайканасынын жанына кайрадан 500–800 өзбек чогулду. Эки өзбекти төрт кыргыз сабап кеткендигине даттанышты. Милиция күнөөлүүлөрдү издеп-табуу ишин уюштурду. Бирок бир жарым сааттан кийин, 22:30да өзбектер кайрадан шаардын бир нече жеринде – Амир-Темур, Шейит-Дөбө жана башка райондорго чогулушту.

Дал ошол чакта Мады кыштагы жакта 50 – 60тай кыргыздын чогулганын тактадык. Кырдаалды көзөмөлдөө максатында дароо шаардын чыга бериштерине милициянын, атайын кызматтардын 10 блокпосту, 8 көчмө посту жайгаштырылды.

16-май күнү саат он жарымдарда «Южный» кичирайонунда 100 чакты өзбек чогулду, көрсө, тополоң башталганы турат деген каңшаар таратылган экен. Аларга түшүндүрүү иштери менен алпурушуп жатсак түштөн кийинки саат төрт жарымдарда Раззаков көчөсүндө кыргыздар менен өзбектердин топ-топ болуп мушташууга камданганы кабарланды. Эки тараптан тең 70 – 80дин тегерегинде адам чогулган экен. Аларды араң тараттык. Дегенче болбой эле кечки саат жетилерде – кыргыз-өзбекти бир-бирине каршы тукурган кишилер жүргөнү кабарланды. Ага удаа өзбектин жоон топ жаштары (бир кабарда 30дай киши, экинчи кабарда 50 чакты киши) «Тынчтык» көчөсүндө: «Машинеде кыргыздар отурат!» – деп бакырып, байкоостон бир өзбектин унаасына чабуул коюшкан. Улут аралык мамиле көз көрүнөө эле бузулуп бараткандыктан шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Курсан Асанов өзбек улуттук-маданий борборунун жетекчиси Ж. Салахутдинов, мурдагы депутат И. Абдурасулов жана башкалар менен жолугуп, чогуу-чаран түшүндүрүү иштерин алып баруунун чараларын, өзбек лидерлеринин медиа аркылуу улут аралык мамилеге байланыштуу чыгып сүйлөөлөрүн чектөөнүн зарылдыгын макулдашкан. Курсан Асанов бул маселени «ОшТВнын» жана «МезонТВнын» жетекчилери менен да талкуулаган. Анткени жергиликтүү телеканалдар кан кызыткан митинг-чогулуштарды комментарийсиз, түз чагылдыруунун адатын таап алган эле.

Жагдай оңолдубу? Жок. 17-май күнү да, 18-май күнү да, 19-май күнү да, 20-май күнү да шаардын ар кайсы жерлеринде кыргыз менен өзбектердин топ-топ болуп мушташуусу, кырды бычак тирешүүсү улана берди.

2010-жылдын 19-майында Ош шаарынын мэри катары мен демилге көтөрүп, Кыргызстандагы өзбек улуттук-маданий борборунун жетекчиси Жалалуддин Салахутдинов менен көзмө-көз жолуктум. Калаадагы татаалдап бараткан улуттар аралык тирешүүнү алдын-алуунун чараларын талкууладык, өзбек жаштарына чогуу түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү деп макулдаштык. «Эгерде Ошто өрт чыгып кетсе Кадыржан Батыров менен Иномжон Абдурасулов сыяктуу авантюристтер качып кетет, сиз экөөбүз калабыз, эки элдин ортосундагы маселени экөөбүз чечебиз» – деп ага эскерттим. Мен аны сепаратист К.Батыровдун таасиринен чыгарууну көздөп айттым. Ошол учурда ал окуя өтө тереңдеп кеткенин түшүнгөндөй таасир калтырды. «Мелис Жоошбаевич, кыргыздар менен өзбектер ортосундагы оор абалды турукташтыруу боюнча сиздин демилгеңизди колдойбуз, эң башкысы тынчтыкты сактап калуу» – деди ал кооптонгонун жашырбай.

Эртеси күнү 20-майда кечинде курал ташып баратат деген оперативдик маалыматтардын негизинде экс-депутат И. Абдурасулов кармалды. Анын ишин териштиргичекти жарым сааттын аралыгында 500гө жуук тарапкери Ош облустук ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдына топтолуп, И.Абдурасуловдун токтоосуз бошотулушун талап кылышты. Дагы 200гө жакыны Привокзальная көчөсүнө топтолушту. Аларды көргөн кыргыздар (100 чамалуу киши) кыргый кабактанып, «Ак Шумкар» ресторанына чогулган. Мен И.Абдурасулов менен «Интурист» мейманканасында жолуктум. Катуу эскерттим. Ооба, кашайган жаным катуу айттым. Торпок сатып байыган жайы бар эле: «Эй, торпокчу! Сен көчөгө киши чыгарган даражага жетип калдыңбы? От менен ойнобогун! Жүр, сенин кишилериң менен сүйлөшөлү» – дедим. Адегенде мен анын токтоосуз камакка алынышын талап кылгам. Курсан Асанов дагы ушундай позицияда эле. Бирок Улуттук Коопсуздук кызматынын кишилери караманча каршы чыгып: «Коё бербесеңер болбойт, коопсуздукка биз жооп беребиз» – деп каадаланышты. Мен аларды да эскерткем: «Шаардын коопсуздугуна силер эмес, мен жооп берем» – деп. Же бир ыйгарым укугум болбосо, же бир Убактылуу Өкмөт дурустап сүйлөшпөсө, кайра сепаратисттердин мыйзамсыз иштерине көз жумуп атса, эмне кыласың?

– Өзбек жамаатынын ичинен чагымчылыктын арааны ачылганын туйган кыраакы күчтөр болдубу?

– Болду. Кыраакы күчтөр азыр да бар. Кыргыз эли ич ара тирешкен сыңары эле, өзбектер дагы ич ара тирешти. Ынтымакты каалаган, чагымчылардын аракети кандай кесепеттерге алып келээрин алдын-ала көргөн даанышман, Сиз айткандай кыраакы өкүлдөрү өзбек мекендештерибизди гана эмес, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө, өкмөттүн башчысы Р. Отунбаевага да бир нече мертебе кайрылышкан. «Эсиңер барда этегиңерди жапкыла» – деп эскертишкен. Алсак, өзбек жамаатынын жоон топ өкүлдөрү 23-майда суранып атып, Роза Отунбаеванын кабыл алуусунда болушкан. Угушумда, генерал Алишер Сабиров кырдаалдын кооптуу нукка бурулганын бетине айткан, шаар кеңешинин депутаты А. Иминов улуттар аралык тынчтыктын урматы, адамдардын өмүрүнүн коопсуздугу үчүн К. Батыровду камакка алууну талап кылган. Кыраакылык деп ушуну айт! Эл-журту үчүн күйүү деп мен мына ушуну түшүнөм.

Андай кыраакы кишилер менин жанымда да жүрүшкөн. Алардын бир даарын – өзбек мекендештерибизден чыккан белгилүү жазуучу Абдугани Абдугафуровду, коомдук ишмер Худайберди Азимовду 17-май күнү өзүмө кеңешчиликке дайындагам.

– Ош коогасы учурунда Сиздин Убактылуу Өкмөт менен алакаңыз кандай болуп жатты?

– Кеп менин алар менен болгон оң, терс мамилемде эмес. Кеп Убактылуу Өкмөт жетекчилеринин түштүк коогасына болгон кайдыгер мамилесинде болууда. Сепаратисттик маанайдагы өзбек жамаатынын лидерлери менен мышык-чычкан ойнойбуз деп, кандуу калабага от чачып жибергендер ошолор болуп жатпайбы. Чындыкка тике карап айтсак, түштүктө кан төгүлүп, эл мүңкүрөп, мамлекеттин тагдыры кыл учунда турганда Убактылуу Өкмөттүн жетекчилиги, күч структураларынын тийиштүү башчылары, коопсуздук тармагын тейлеген чоңдор Ошко келбей коюшпадыбы. Улуттар аралык жаңжалдын жалыны жалбырттап жатканда түштүктө алардын орун басарлары жүрдү. Коогага байланыштуу аскерий чечимдер алардын орун басарлары деңгээлинде чечилип жатты. Улуттук Куралдуу күчтөрдүн жетекчилиги өзүнүн компетентсиздигин, чечкинсиздигин, саясый тажрыйбасыздыгын көрсөттү.

Мага белгисиз кайсы бир саясый топ кандуу калаба үчүн мени «садага» чабууга абдан аракеттенди. Бардык күнөөнү мага оодарып, мени кандуу окуялардын негизги себепкери катары көрсөтүү үчүн активдүү аракеттер жүрдү. Окуяга катышы бар жаш кыргыз жигиттерин кармап, аларды топ-тобу менен камап, мага каршы көрсөтмө берүүгө басым жасап жатты. «Мэр курал-жарак тараткан, акча берген, кыргыз жигиттерин топтогон, өзбектерге каршы тукурган» деген суу кечпеген ушак сөздөрдү сурактагылардын оозу менен айттыргылары келишти. Кыргыздын жаш жигиттерин суракта уруп-сабап, аларга басым болгону тууралуу бизде жетиштүү далилдер, видеоматериалдар бар. Сурактан бошогон жигиттер өздөрү келип, мага болгонун болгондой айтып жатышпадыбы? Массалык маалымат каражаттары аркылуу мени кандуу коогалаңдын негизги уюштуруучусу катары көрсөтүүгө аракет жасашты. Бардык күнөөнү мага оодаруу боюнча аракеттер болгондугу тууралуу менде айныксыз далилдер бар. Мен ошондо бийликтеги кыргыз улутташтарымдын бул кылыгына абдан таң калдым. Илгери ыраматылык Салижан Жигитов айткан эле: «Кыргыздын кыргыздан башка душманы болбойт, даракты курт жейт, кыргызды кыргыз жейт» – деп. Аргасыздан ошол кеп эске түшөт. Бирок «досторумдун» андай аракети майнапсыз болуп, мага жабылган жалаалар далилденген жок. Кудайга шүгүр, акыйкатты туу туткан элим бар экен, журтум бар экен, ички душмандардын мени көөлөгөн иш-аракетин таш каптырды. Себеби менин мэр катары улуттар аралык жаңжалды алдын алуу боюнча жасаган иш-аракетимди, тынчтыкты орнотууга багытталган демилгемди адилет таразалаган элим акыйкат ким тарапта экенин өз көзү менен көрдү. Батыштын жана борбордун массалык маалымат каражаттары мени каралап жатканда касиеттүү калкым мени колдоп берди. Мен аларга түбөлүк ыраазымын! Бийликтегилер ушул нерседен чочушту деп ойлойм.

– Эгерде сиз кыргыз элинин биримдиги, өлкөнүн бүтүндүгү үчүн башыңызды баталгага коюп, кара жанды тобокелге салып, мурдагы бийликти кайра келтирбей, азыркы бийлик менен алакаңыз келишпей жатса, эмне үчүн артыңыздан «бакиевчил», «реваншист» деген кептер ээрчип жүрөт?

– Менимче, бүгүнкү кыргыз саясатында мекенчил, улутчул жаштардын калың катмары жаралууда. Ошондой таза адамдарды кээ бирөөлөр «акаевчил», «бакиевчил» деп бөлүп, алакандай кыргыздын ынтымагын ыдыратууну көздөгөн саясатчылар бар. Мындай саясат Убактылуу Өкмөттүн өзөгүн түзгөнү жашыруун эмес. Бирок «акаевчил», «бакиевчил» деп кыйкыргандар Убактылуу Өкмөттүн өзүндө отурбадыбы. Мисалы, 2005-жылы Курманбек Бакиевди мен бийликке апкелген эмесмин. Аны ошол Р.Отунбаева, А.Бекназаров, А.Атамбаевдер такка отургузган. Биз эмне, ак жүрөгүбүз менен Ата Мекенибизге кызмат кылганыбыз үчүн «бакиевчи» болуп калабызбы? Бул туура эмес көз караш деп ойлойм. Бир жыл эки ай аткаруу бийлигинде иштегени үчүн Мелис Мырзакматов «бакиевчи» болуп калабы? Андай аксиома менен карасак, анда азыркы убактылуу президент Роза Отунбаева накта «бакиевчи» болуп саналат, себеби Бакиевдин өкмөтүндө тышкы иштер министри болчу. Алмазбек Атамбаев анын колунда министр, премьер-министр болуп иштеди, эмгеги сиңсе керек, «Даңк» медалын алды. Учурда аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинде иштеген Акылбек Жапаров, Бакыт Төрөбаев, Ибрагим Жунусов, Элмира Ибраимова, Өмүрбек Бабанов жана башкалар К.Бакиев менен бир командада болушкан.

Эгерде, учурунда К. Бакиев менен иштешип калгандын баарын текши «бакиевчи» дей турган болсок, «бакиевчи» эмес киши барбы? Ошол эле Роза Отунбаева кийин парламент аркылуу министрликке өтпөй калганда гана оппозицияга өтпөдүбү. Эгерде, министрликке өтүп кеткенде, К. Бакиевге каршы чыкмак эмес экен да! А. Бекназаров оппозицияга өтөөрдөн мурун баш прокурор, Элмира Ибраимова «Ак жолдун» лидери эмес беле? Ж. Сааданбеков элчи болчу, Ф. Кулов «тандемдеши» болчу. Кыскасы, оболу «Акаевчи эмес», анан «Бакиевчи эмес» болуп чыга келгендердин тизмесин чоё берсең кагаз түт келбейт.

Мен К. Бакиев менен бар болгону бир жыл эки ай иштештим. Анан эле ондогон жылдар бою К. Бакиев менен иштешкендер «бакиевчи» болбой, мен «бакиевчи» бекемин? Менин тигилерден айырмам – кызмат үчүн бийликти сатып, экинчи тарапка өтө качпаганымда.

Бүгүнкү күнгө чейин кыргыз коомчулугунда ошол Бакиевдин убагында иштеген, азыр да ошол саясатты колдогон, «айткандары туура болчу, инсан катары ал жакшы адам эле» дегендердин катмары да бар. Мына бүгүн да түштүк элинин кыйласы Бакиевди колдойт. Бул – чындык. Ондогон жылдар бою иштешкендер, Бакиевчи болбой атпайбы. Алардын менден айырмасы, убагында бийликти сатып, экинчи тарапка өтө качкандыгында. Мына менин эң негизги айырмам. 7-апрель күндөрү тайсалдабай, соңку мүнөттөргө чейин өз милдетимди аткарууга бел байлаганым.

 

2010-ЖЫЛДЫН 7-АПРЕЛИ: КЫРГЫЗСТАНДЫН БИРИМДИГИ УСТАРАНЫН МИЗИНДЕ

– К. Бакиев менен 7-апрелден кийинки мамилеңиз кандай мүнөздө болду?

– Ош шаарынын мэри кызматындагы ишмердигимди өз алдымча отуруп, оош-кыйышын калчап калган мүнөттөрдө 7-апрель окуялары утур-утур эсиме келет. Саясий турмуштагы көп көрүнүш-кубулуштардын учугу, республиканы титиреткен кийинки окуялардын жандырмагы ушул күндүн уңгусуна барып такалып жатканын баамдайм. 7-апрель Кыргызстаныбыздын, кыргыз элинин турмушун кескин өзгөрткөн көрүнүштөргө башат болгон сыңары эле менин дагы башыма оор сыноолорду салган баскычтын башталышы болуптур.

Кудая тобо, тагдырдын тамашасын кара! 2010-жылдын 6-апрелинен 7-апрелине оогон түнү төрт жүз жыл тынч жаткан Тилеке баатырдын көрү козголгонун айтып келишти алайлык аксакалдар. Мен аксакалдарга: «Көрдү казып, элде мурда сөөктү сактап калгыла. Камылгасын жейли, оңдоп кайра коёлу» – дедим. Көңүлүмдүн баары өлкөнүн түндүк бөлүгүндөгү саясий процесстерге кадалып турган эле, аңгыча дал ошол күнү Бишкекте кан төгүлүү менен коштолгон окуялар – 7-апрель окуясы башталды. Эмне үчүн ушундай болуп кетти? Эмне үчүн кан төгүлдү? Болтурбай коюуга болот беле? Бул суроолор менин каңырыгымды түтөтүп, кабыргамды кайыштырат. Кээде түн уйкумдан ойготот. Ошончого – окко каршы жалтанбай чуркап, жанын берүүгө барган жигиттер кыргыздын кыйын жигиттери экен деп калам.

Азыр болжосом, кечки саат 20:00 – 20:30 чамасы болсо керек, Курманбек Бакиевдин Ошту көздөй жол тарткандыгын кабарлашты.

7-апрель, саат 21:00ден өткөн мезгил. Ал учурду эч качан эстен чыгарбайм. Бишкекте митингге чыккан ондогон азаматтар ок жеп, каза болгону кабыргамды кайыштырып, татаал сезимдердин туткунунда аэропортко келдим. Келсем аэропорт жабык, чырактары өчүк. Күн бүркөө, жамгыр жаап турат. Президенттин самолету аэропортко келип конду. Мен барып тосуп алдым. Губернатор Мамасадык Бакиров негедир тоскону келген жок. Президент шашкалактап калган, машинага чогуу отурдук. Адегенде эле: «Эл кандай?» – деп сурады. «Жакшы» – деп жооп бердим. «Силер баарын жакшы деп жүрүп, мына ушуга жеттик» – деди.

Түз эле резиденцияга келдик, губернатор тосуп туруптур. Ошол жерде өлкөнүн экиге бөлүнүшүнө жол бербей, кырдаалдан чыгууну акылдаштык. Президент оңгулуктуу эч нерсе айта алган жок. Ал ортодо мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын биринчи орун басары Нурлан Темирбаев, президенттик аппараттын башчысы Каныбек Жороев келишти. Президент К.Бакиев: «Эртең эл чогулса, кан төгүүгө алып барбагыла. Алардын айтканындай болгула» деген соңку сөзүн айтты. Так ошол учурда революциячылардын атынан бизге парламентарийлер келгендигин кабарлашты. Саат 22:00 – 22:30 чамасы болчу. Губернатор Мамасадык Бакиров менен чогуу аларга бардык. 16–17 киши экен, арасынан эсимде калганы Асылбек Жээнбеков, ыңкылапчы губернатор Сооронбай Жээнбековдун иниси. Кызуу талаш-тартыш болуп, кызмат орундарын өткөрүү маселеси талкууланды. Ар бири өз оюн айтты. Губернатордон ордун бошотууну талап этишти. Мэрдин кызматтык милдетин аркалоону улантуусун оң табышты. Анда мен: «Эгер керек болсо губернатор да, мен да ордубузду бошотолу, бирок элдин талабын угалы» – дедим. Эртеси саат 09:00га элди топтомой болдук. Ушундан кийин кайра резиденцияга барып, президентке иштин чоо-жайын түшүндүрдүк. Президент Жалал-Абадга, туугандарыныкына бармай болду. Муну баарыбыз эп көрүп, аны кичи мекенине узаттык. Ага удаа президенттик аппараттын башчысы Каныбек Жороевдин катышуусунда чакан кеңешме өттү. Мындан ары кан төгүүгө жол бербөөнүн манилүүлүгү бек айтылды.

Эртеси күнү, 2010-жылдын 8-апрелинде, эртең менен аянтка эл жык чогулду. Миңге жуук киши келип: «Бакиев кетсин! Бакиев – канкор! Бакиевдин «куйруктары» кетсин»! Бакиров кошо кетсин!» – деп, ураан таштап, толкуп туруптур. Мен губернатор М.Бакировдун бөлмөсүнө барып: «Эл алдына чыгалы, күнөөбүз болсо, жазасын тарталы» – дедим. Бирок губернатор эмнегедир кечеңдетип жатты. Менин да сабырым түгөндү, элдин да чыдамы кетти. Аянтка басып баратканда эле байкаганым, эл муштумун кезеп, бизди канкорлордун катарына кошуп койгону. Биз трибунага чыкканда микрофонду сунушту. Губернатор Бакиров: «Сен сүйлө» – деп мага узатканынан маалкатып турганым жок. «Урматтуу эл-журтум! Биз эмне Кудайдын курутун уурдаптырбызбы? Чагымчылыкка алдырбайлы, эч ким эч кандай кан төкпөйт. «Кет!» – десеңер кетейли, «Кал!» – десеңер, калып иштеп берейли. Биз бөтөн элден келген жокпуз. Ушул убакка чейин адал иштеп, ак кызмат көрсөттүм» – деп айтып келип, элге суроо таштадым: «Мен иштен кетейинби же калайынбы? «Калсын» дегениңер колуңарды көтөргүлө». Котологон эл жапырт колун көтөрүп, жактап берди. Үч мертебе суроо таштадым, эл үч мертебе кол көтөрүп жактады. Мен эзели көрбөгөн элеттик жигиттер, кыязы, ыңкылапчылар болсо керек, топту жарып түз келишти да, мени колдон-буттан алып, жогору көтөрүп кыйкыра башташты: «Мелис элдик жигит! Мелис элдик мэр! Мелис чыныгы мэр!» Жерге түшүп, аяк-башымды түзөп жатсам, аянттагы караламан калк да: «Мелис! Мелис! Мелис!» – деп кыйкырып жатыптыр. Микрофонду кайра колуна берип, кезекти Мамасадык Бакировго узаттым. Ал да ушул суроо менен кайрылды эле, эл аны колдогон жок. Калың элдин батасын алып, кайра иш ордума кайтканым ушундайча болгон.

– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өлкө түштүгүндөгү коогалаңды изилдеген парламенттик комиссиянын жыйынтыгын талкуулап жатканда депутат Каныбек Осмоналиев Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаевага эмне үчүн учурунда Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун улуттар аралык жаңжалды алдын-алуу боюнча жазган катына жооп берген эмессиз? – деп суроо узатты. Эмне үчүн Сиз каккан коңгуроого Бишкектеги расмий бийлик көңүл бөлбөй койду? Тескерисинче, Сизге «бакиевчил», «наркобарон», «улутчул» деген жарлык тагылып отурат. Мунун себеби кайда жатат?

– Туура, парламенттин сессиясында кээ бир депутаттар, анын ичинде Каныбек Осмоналиев да бар, эмне үчүн Оштун мэринин 2010-жылдын 14-майында оор кырдаалды алдын-алуу боюнча Сизге жолдогон атайын катына чара көргөн эмессиз деп Р.Отунбаевага кайрылышты. Анда өлкө башчысы мындай мааниде айтып жатпайбы: «Эмне болгон кат деп биз кийин издештирдик, таппай жатып араң таптык, чындап эле Убактылуу Өкмөттүн башчысы катары мага жолдонуптур. Эки бет кат экен, ошо кезде курчуп бараткан улуттар аралык мамилеге чара көрүү чакырыгы айтылыптыр. Арадай кепти чарадай кылып, алакандай катыма жооп болбоду, – деп ал Эл аралык комиссияга да айткан тура. Ошо кезде М.Мырзакматовдун өзү бирде оңду карап, бирде солду карап, күч кайда экенин билгенден кийин гана кыймылдап иштей баштады».

Мен Р. Отунбаеванын бул пикирине макул эмесмин, ага карата аргументтерим бар. Биринчиден, кат алакандай болобу, же жалаяктай болобу, эң башкысы ага оролгон ой маанилүү. Катта апрель-май айларында Ошто курчуп бараткан улуттар аралык мамилени жөнгө салуу, Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнө таянып алып ашкере активдүүлүк көрсөткөн өзбек жамаатынын лидерлерине чара көрүү сунушу айтылган. Экинчиден, көрсө менин ал катымды Бишкекте эч ким деле кунт коюп окубаптыр. Бул Убактылуу Өкмөттүн аппаратынын алешемдигинен кабар берет. Ал кезде алар бийлик бөлүштүрүү менен гана алектенип, мага «бакиевчил» деп ишенбей, мен каккан коңгуроону кулак сыртынан кетирип, кантип менден кутулуунун айласын издеп жатышкан. Yчүнчүдөн, убактылуу бийлик Ошто курчуп бараткан улуттар аралык тирешүү тууралуу менин маалыматыма ишенбей, өзбек жамаатынын лидерлерин байма-бай кабыл алып, ошолордун айтканына ынанып туруп алды. Анын аягы минтип кайгылуу аяктады.

Эгерде мен алар айткандай «бакиевчил» болсом, анда кулаган бийликтин устунун кайра тургузууга далалат кылбайт белем. Бирок мындай калпыс кадам өлкөнү түндүк-түштүккө бөлүп, мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирмек. Ал жараканы бүтөө оңойго турбасын алдын-ала сездим. Ошол үчүн өлкө биримдигин сактоо максатында башымды тобокелге салып, келген да, кеткен да бийликтин колуна суу куйбай, элимдин кызыкчылыгын баарынан бийик койдум.

Эстеп көрсөңөр, 2010-жылдын 7-апрелинде К.Бакиев Ошко учуп келип, андан ары Жалал-Абадга жол тартты. Ачыгын айтыш керек, ал жактан ал ар кандай билдирүүлөрдү таратып, өлкө бүтүндүгүнө доо кетирчү иш-аракеттерди жасай баштады. Анын бир мисалы, ал апрель айынын 10–15де Ошко келип, өзүнүн бийлигин бүт түштүк аймагына орнотоюн деп активдүү аракетке өтө баштаганы. Ошондо Оштун ыңкылапчыл жаңы губернатору С.Жээнбеков баш болгон бир топ адамдар кантип Бакиевди Ошко келтирбей, убактылуу бийликтин амирин кантип коргоп калуунун амалын издеп жатты. Бакиевдин адамдары менин да колдоомду алуу үчүн аракет жасашканы чындык. Эмне кылуу керек? Бийлигин тарттырып жиберип, 87 адамдын өлүмү үчүн күнөөлөнүп жаткан, Бишкектен кичи мекенине колдоо издеп келген Бакиевди колдоо керекпи, же түштүктө элдин ишеними менен сый-урматына арзый албаган алсыз Убактылуу Өкмөттү колдоо керекпи? Ортодо кан төгүлүп, өлкөдө карама-каршылык күчөп кетүү коркунучу даана көрүнүп калды. Бул карама-каршылык мамлекетти экиге бөлүп коёрун мен илгиртпей түшүнүп турдум. Ушундай оор кырдаалда мен ордолуу Ош шаарымдын, аны байырлаган көп улуттуу калкымдын тынчтыгын жана мамлекеттин бүтүндүгүн тандап алдым. Андан башка менде жол жок эле. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгү кырды бычак болуп экиге бөлүнүп, ортодо кан төгүлүп кетсе мен өзүмдү өмүр бою кечире албайт элем. Анда баарыбызды Айкөл Манас атабыздын, Барсбек менен Ажыке бийдин, Адигине-Тагайдын, Тилеке баатыр менен Алымбек датканын арбагы урмак.

14-апрелде мага жаңы бийлик өкүлдөрү чыгып К.Бакиев менен сүйлөшүүнү, Ошко келтирбей коюунун жолун издөөмдү сунуш кылышты. Мен макул болдум, өлкө бүтүндүгү үчүн бул оор вазыйпаны өз мойнума алдым. Телефон чалып, Курманбек Бакиев менен сүйлөштүм. Ага кырдаалды туура түшүндүрүүгө аракет кылдым. Мен ага: «Курманбек Салиевич, эртең Ошко келем деп жатыпсыз, бирок бүгүн кырдаал опурталдуу болуп турат. Сиз 50 миң адамды митингге чыгарып, бийликти кайрып берем дегендерге ишенбеңиз. Ал мезгил өтүп кетти. Ортодо кан төгүлүп, өлкө экиге бөлүнүп калышы толук мүмкүн. Мен Ош шаарынын мэри катары шаардагы башаламандыкка жана карапайым калктын кан төгүлүшүнө жол бере албайм», — деп айттым. Курманбек Салиевич унчукпай укту. Кайра менден: «Эгерде «паланча» кишини (анын атын айтпай эле коёюн) Ошко губернатор кылып дайындасак эл аны колдойбу» – деп сурады. Ал киши даяр турганын кошумчалады. Мен ага: «Эртең митингге 50 миң киши топтоп берем деген ал эргулга ишенбеңиз, эл аны колдобойт, эгерде Ошко келсеңиз бөөдө кан төгүлөт», – деп айттым. Курманбек Бакиев менен сүйлөшүп бүткөн соң түз эле мэрияга келип, Оштогу жергиликтүү жана эл аралык басма сөз өкүлдөрүн чогултуп, пресс-конференция бердим. Журналисттерге ыймандай сырымды айттым. Аларга: «Мен Бакиев менен байланыштым. Абал оор. Кан төгүлүп кетиши толук мүмкүн. Бирок мен шаар башчысы катары ордолуу Ошту сактап калам (!). Кайрадан кан төгүүгө жол бербеймин» – деп сөз бердим. Эгерде пресс-конференция берип, ар бир кадамымды айкындап турбасам Убактылуу Өкмөттөгү кээ бир «досторум» «учкан самандан Самарканды сел алгандай» менин үстүмөн ушак-айыңды көбүртө беришмек. Атаганат, алардын утурумдук дөөлөт үчүн өлкө бүтүндүгүн садага чабууга даяр экенин кийин июндагы кандуу каргашада өз көзүм менен көрүп, аргасыздан баш чайкабадымбы. Бирок ага чейин алдыда эки ай убакыт бар эле…

Ошентип, Курманбек Бакиев менин айтканыма ынабай койду. Ал эл мени колдойт деп туруп алды. 15-апрелде ал тарапкерлерин чогултуп, митинг өткөзүү үчүн Ошко келди. Бирок жергиликтүү күчтөр ага каршы чыгып, аны кууп жиберишти. Ал кайра Жалал-Абадга кайтып, андан соң коңшу мамлекеттердин башчыларынын ортомчулугу менен Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болду.

Мен бул жерде мекенчил жана улутчул позицияны ээледим. Эгерде мен кичине эле Бакиевди колдоп койгондо таразанын ташы ал тарапка ооп кетмек, ал Ошко отуруп алып, бүт түштүккө өз бийлигин орнотот эле. Бирок мен өлкөнүн түндүк-түштүк болуп бөлүнүшүнө, аймактык карама-каршылыктын күчөшүнө жана улутташтарымдын бейкүнөө канынын төгүлүшүнө жол бергеним жок. Ошол үчүн кээ бир күчтөр мени төңкөрүшчүлөрдүн тегирмен ташынын айланышына көмөк көрсөттү дегендей нааразы болуп жүрүшпөйбү. Бирок менин ал кездеги кадамым өлкө бүтүндүгүн сактоого багытталганынан азыр да эч бир шегим жок. Бир адамдын тагдырынан мамлекеттин тагдыры бийик экенин жонтерим менен билип турдум. Дагы кайталап коёюн, мен ошондо бир аз бейтарап болуп койгонумда К.Бакиев Ошто калып калмак, бийлигин кайра калыбына келтирмек. Анда тарыхтын жүрүшү башка нук менен өнүкмөк…

Ал эми «наркобарон», «бандит» деген кээ бир жарлыктардын тагылышына Убактылуу Өкмөттөгү менин кээ бир «досторумдун» салымы зор. Эми бул менин саясий оппоненттеримдин ойлоп тапканы. Мен беш баланын атасымын, таап жеген наным ак, ичкен суум таза. Өмүрүмдө чоңдорго пара берип, же кол алдымда иштегендерден пара алган жан эмесмин. Өзүмдү ишкерликтин алчы-таасын жеген, улутумдун жаңы муунунун өкүлүмүн деп эсептейм. Ошондуктан мындай жарлыктарды бирөөнүн ийгилигин көрө албаган, кыргыздын кыраан жигиттерин чөгөлөткүсү келген, өлкөнү экиге бөлүп, чыр-чатактын чырагына май тамызууну көздөгөн, апрель-июнь окуяларында менин элим үчүн аткарган ак кызматымды каралоого аракеттенген, тарыхтын өнүгүү нугун башка тарапка бургусу келген карасанатай күчтөр чыгарууда. Орустар айткандай, «ит үрө берет, кербен жүрө берет». Менин мекенчил жана улутчул позициямдан эч кандай күч тайдыра албайт. Улуу акын Байдылда жазгандай: «Кыргыз деп келип дүйнөгө, кыргыз деп өтөм дүйнөдөн!» Ошол себептен: «Алдыма алтын чачсаңар дагы түштүктү бөлүүгө жол бербейм» – деп ант бергемин өзүмө. Анткени антип да көрүшкөн.

 

ЧАГЫМЧЫЛАРДЫН ТҮШТҮК КЫРГЫЗСТАН ДЕМОКРАТИЯЛЫК РЕСПУБЛИКАСЫН ТҮЗҮҮ АРАКЕТИ

– Кандайча? Мындай кара ниет идеяны кимдер, качан сунушташты эле?

– 2010-жылы апрель-май айларында Кыргызстанды түндүк менен түштүккө бөлүү аракети абдан күч алды. Бир мисал келтирейин, ошо жылы 10-апрелде Россия Федерациясынан бир телеграмма келди. Анын мазмуну төмөндөгүдөй: «Сиздер Ош Республикасын түзүшүңүздөр керек. Ташматов Хамидге кайрылсаңыздар жардам берет». Бул телеграмманын көчүрмөсү бизде сакталуу, ал китепке тиркелген. Мен мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо максатында шаардын милиция жана коопсуздук кызматтарынын башчыларын чакырып, бул телеграмманы дыкат изилдеп, кескин чара көрүүсүн буюрдум. Оштогу саясый күчтөрдү чогултуп, өлкөнү бөлүп-жарган азгырыкка алдырбоону сурандым. Кийин май айларында Түштүк Кыргызстан Демократиялык Республикасын түзүү идеясын көмүскө күчтөр шаарда көтөрө баштады деген кеп тарады. Бул максатты ишке ашыруу үчүн белгисиз бирөөлөр төрт жүз миллион доллар акчаны сунушташты. Көмүскө күчтөр: «Түштүк Кыргызстан Демократиялык Республикасы түзүлдү деп жарыя кыл да, өзүң четке чыга бер, калганы биздин иш» – дешти. Алар Кыргызстанды Түштүк менен Түндүккө бөлүүнү менин колум менен турмушка ашыргысы келишти. Анткени жикчилдер өлкөнүн түштүгүндө Убактылуу Өкмөт менен теңата тирешкен менден башка саясый күчтөрдү көрө албай жатышты. Бирок мен акчага азгырылганым жок, жылтыр тыйындын айынан мамлекетимдин бүтүндүгүнө шек келтирүү оюма да келбеди. Менде бир гана максат, бир гана багыт бар эле: ал элибиз эзелтен эңсеп жеткен эгемендигибизди, Айкөл Манас атабыз мурас кылган кыргыз мамлекеттүүлүгүн көздүн карегиндей сактоо болчу!

Биз ошол оор кырдаалда тескери күчтөрдүн авантюрасына алынбай, кыргыз калкын экиге бөлүүнү каалаган жикчилдерге татыктуу жооп бердик, аларга баш көтөргүс сокку урдук! Ойлогон ою, тилеген максаты ишке ашпай калган соң ал жикчилдер мени: «Бакиевди сатып кетти» – деп ушак чыгарышса, Убактылуу Өкмөт тараптагы «досторум», тескерисинче, «бакиевчил» деген жарлык тагып жатышты. Бирок мен суу кечпеген бул кептерге терикпейм. Анткени эл алдында жүзүм жарык, абалтан Ошту бийлеп келишкен Ажы бий менен Алымбек датка атабыз, Абдылда бек менен Курманжан датка энебиз чыйыр салган улуу салтты татыктуу уланттым десем мактангандык болбос!

Ошол асыл инсандар башкарып турганда бөлүнбөгөн ордолуу Ош шаары алардын жетинчи урпагы саналып, алардын тарыхый эрдигине эрдемсип жүргөн менин мезгилимде бөлүнүп кетсе, Ошту реванш алууну эңсеген саясый жикчилдердин ордосуна айлантып ийсем мени касиеттүү кыргыз калкым эч качан кечирмек эмес. Бул тарыхый оор сыноодон мен татыктуу чыктым деп ойлойм. Тар жол, тайгак кечүүдө мени колдоп, ошол коогалуу күндөрү мамлекет бүтүндүгүн сактоого багытталган иш-аракетимди алга сүрөп бергени үчүн акылман элиме терең ыраазымын!

– Убактылуу Өкмөт сизди өгөйсүнтүп атканда абалдын турукташуусуна кандай салым кошо алдыңыз?

– Ошол маалда кырдаалдын мүнөт санап курчуй баштаган кези эле. Бишкекте 87 адам каза таап, 1000ден ашууну жарадар болсо, ондогон имараттар өрттөлүп, талоонго учураса, эпкини Ошко тийбей коймок эмес. Дароо ошол күнү – 8-апрелде шаардагы абалды турукташтыруунун, улуттар аралык ынтымакты сактоонун чаралары көрсөтүлгөн буйрукка кол койгом. Шаардык кызматтын бардык башчылары, анын ичинде тартип коргоо органдары дыкат иштөөгө милдеттендирилген. Бирок айта кетейин, Таластагы окуялардан кийин тартип коргоо органдарынын негизги бөлүктөрү Чүй облусуна жайгаштырылган болчу. Ош шаарында милициянын, улуттук коопсуздук кызматынын бир ууч эле кызматкерлери калган. Чүйгө көчүрүлгөн күчтөр үч-төрт күндөн кийин гана кайтып келе башташты. Ал ортодо шаардагы бардык спорт клубдарынын катышуучуларын ошол күнү кечке жуук топтоп, «шаардын бир дүкөнү талкаланса, силер жооптуусуңар» дедим. Айтайын дегеним, алардан элдик кошуундарды курап, шаар ичин түрө кыдырып, тынчтыкты сактап турууга аракеттендик. Үч-төрт күн өткөндөн кийин гана милиция кызматкерлери менен байланышып, моралдык жана материалдык жаткан жардам бердим.

7-апрелден кийин жердин баарында бийлик өкүлдөрүн туташ алмаштыруу жайылып кетпедиби. Жетекчилерди омуроолоп барышып эле, ой-боюна койбой: «Сен – бакиевчисиң» – деп жакалап, кадрларды алмаштыруунун арааны өкүм сүрдү. Кудай бетин салбасын, улут биримдиги маселеси ансыз да устаранын мизинде турган элибизде түштүк-түндүк болуп бөлүнүү көрүнөө курчуду. Байкасам, кырдаал андан да татаалдаша турган өңдөндү. Сөзүм куру болбосун, бир-эки мисал тарта кетейин. 10-апрелде Оштогу кыргыз-өзбек университетинин ректору, өзбек жамаатынын абдан бир интеллигент өкүлү Анвар Исманжановду коркутуп-үркүтүшүп, эч кандай буйругу жок эле, жол-жобосун сактабастан кызмат ордунан мыйзамсыз бошотушту. Эртесинде жетип барсам, кара-кулжалык Чаткал аттуу жигитти ректордун креслосуна отургузуп коюшуптур койкойтуп. «Туугандарым! Ош жергесиндеги, Бишкектеги кырдаалды байкабай турасыңарбы? От менен ойногон адатыңарды койбойсуңарбы! Же силерге кресло эле керекпи? Алды-артыңарды баамдасаңар боло!» – деп катуу айттым. Ошондо Анвар Исманжановду кайра ордуна койдургам. Революциянын атына жамынып алышкандар Ош мамлекеттик университети, «Ошэлектро» сындуу маанилүү мекеме-ишканалардагы жетекчи кызматтарды басып алууга аракет жасашты. Бирок мен ага жол берген жокмун.

 

ОРДОЛУУ ОШТУН БАШЫНА КЕЛҮҮ

– Сиз К. Бакиевдин учурунда Кыргызстандын түштүк борборуна мэр болуп келдиңиз. Оштун маанисин көтөрүүдө кандай пландарыңыз бар эле?

– Жашырганда эмне, ачыгын айтуу керек, Улуу Жибек жолунун тоомунда жайгашкан, 3000 жылдык тарыхы бар, ондогон улуттун өкүлдөрү жашаган Ош шаары диний экстремизм дейбизби же радикалдык ислам дейбизби, айтор, дин менен байланышкан терс тенденциялардын чордону, наркотикалык жолдордун түйүнү, дагы ушу сыяктуу негативдүү көрүнүштөр чырмалышкан аймак. Эгемендүүлүк доорунан бери Ош шаарына анча көңүл бурулган эмес. Ошту провинция катары кабылдашып, «түштүк борбору» деген номиналдуу аты болгону менен илимий-маданий борборго айландыруунун аракети өтө солгун жүрдү.

Туура, бул жерде «Ак жол» партиясы түптөлгөн, Кыргызстанды ак жолго түшүрөлү деген жакшы ниет менен түзүлгөн партия болчу. Анын жаман жолго баштаарын ким билиптир!? Биз да ошол партияга кошулдук, алыбыздын жетишинче салым коштук, өлкөнүн өнүгүү багытын оң нукка бурууга аракет жасадык. «Ак жол» партиясынын атынан депутаттыкка шайланып, бир жылдан ашуун иштедим. Жогорку Кеңеште жүргөнүмдө Ошко барып иштөө тууралуу президент тарабынан сунуш түштү. Мени чакырышып, Ошто коопсуздукту сактоонун маанилүүлүгүн, тартипти камсыздоонун зарылдыгын түшүндүрүштү. Шаарда мыйзамдуулуктун сакталышы бар болгону 30 гана пайызды түзгөн шартта жашап калган экен. Мына, чыныгы акыбал. Шаардын тагдырына кайдыгер карабай, эли-жеримдин гүлдөп өнүгүшүнө салым кошуу максатында келип иштөөгө макулдугум бердим.

Ош шаарына мэр болууга макулдук беришимдин дагы бир өңүтү бар эле. Билсеңиздер керек, чоң атабыз Алымбек датка Анжиян вилайетин бийлеп турганда Ошто бир өнүгүү жаратып, шаардын көркүнө көрк кошкон медресе курдуруп, сугат каналдарын салдырган, мектептерди куруу туурасындагы мүдөөсү да болгонун кулагым чалган. Арадан ушунча жыл өткөн соң Ошту кайра куруу вазыйпасы менин үлүшүмө туура келгендиги мени бир эсе суктандырса, бир эсе сыймыктандырды.

Өзүңүздөр билесиздер, талапкер Ош шаарынын мэрлигине дайындоо жолу менен эмес, шайлоо жолу менен өтөт. Киндик каным тамып, өскөн шаарымдын эли мени жылуу кабыл алды. 2009-жылы 28-январда Ош шаардык кеңешинин көп улуттуу 30 депутаты тарыхта биринчи жолу улутуна, саясий абалына карабай мэрди шайлап, менин талапкерлигимди бир добуштан колдоп беришти. Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын президенти К.Бакиевдин мени Ош шаарына мэр кылып дайындоо тууралуу №83-жарлыгы чыкты.

Мэрлик кызматты аткарууга киришкен биринчи эле күндөрүмдө шаардагы жагдайдын өтө татаалдыгын түшүндүм, ал турсун тоскоолдуктарга туш келдим десем да болот. Мыйзамды сактоонун өтө төмөн деңгээли, мыйзам тууралуу элдин түшүнүгүнүн чар-жайыттуулугу, ар түрдүү диний агымдардын таасириндеги жаштар, жума күндөрү мектептин ордуна жапырт мечитке барууну өнөр көргөн окуучулар – Ош шаарындагы кадыресе турмуштун бир эле үзүмү. Мен мокогон жокмун, чар-жайыт ойго да алдырган жокмун. Мамлекетибиздин кендирин кесип аткан ушундай оор көрүнүштөргө күбө болгон соң кыргыз мамлекетинин келечеги, ири алды аймактык бүтүндүгү үчүн жан-дилимден кызмат өтөөгө бел байлап койгом. Бир-эки ай иштеген соң кырдаалдын өтө оордугун айтып, мамлекеттүүлүккө доо кетирчү көрүнүштөрдү атап, анын ичинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптаныш процесси, катышы Ош шаарын кыйгап өтүп жатканын, Ош шаары кайсы бир даражада унутта калганын жүйө келтирип, абалды оңдоо боюнча сунуштарымды президентке тапшырдым. Натыйжада Ош шаарын өнүктүрүүнүн, жаңыланган шаар программасын сунуш кылдым. Аны президент кабыл алды. Ал турсун ушул программаны ийне-жибине чейин иштеп, негиздеп чыгуу боюнча атайын жумушчу тобу түзүлдү. Биз Кыргызстандык көрүнүктүү эксперттердин, алдыңкы окумуштуулардын катышуусу менен бир жарым ай бел чечпей, билек түрүнө иштегенбиз.

2010-жылы 20-мартта «Жаңыланган Ош» программасы шаардык депутаттар, президенттин катышуусу астында талкууланып жактырылган. Программа тууралуу кыскача түшүнүк бере кетейин. Жылдан-жылга көркү качып, өңү оңуп, дүпүйгөн чоң кыштакка айланып бараткан шаарыбыз бир калыпта өнүкпөй, инфраструктурасы артта калып, калк жыштыгы жыл санап жогорулап, элди турак жай менен камсыздоо оор эле. «Социалдык жарылуунун ирегеси» деп аталып жүргөн жагдайга кептелип калганбыз. Курч абалды түп-тамыры менен чечүүнүн рычагдары камтылган программанын өзөккү жоболору төмөндөгүдөй эле: мамлекеттин катышуусун жогорулатуу, бир канча министрликтердин, анын ичинде коргоо министрлигинин, миграция иштери боюнча мекемелердин Ош шаарына көчүп келүүсүнө шарт түзүү, бийликтин бир бутагын, маселен, парламентти түштүккө жайгаштыруу, моноэтностук кварталдык аймактардагы мамлекеттин катышуусун көтөрүү, элди жер менен камсыздоо, улуттук генофонд тууралуу кам көрүү ж.б. Ушул иш-чараларды аткарууга жарым жылдык убакыт ичинде 50 миллион долларга жакын акча каражатын сарптоо каралган болчу! Илгери үмүт менен жашап атканбыз, программаны турмушка ашыруунун алгачкы этаптары башталган болчу. Биринчи эле презентацияда журтчулук жалпы колдоп: «Белди бекем буу, биз сага жардам беребиз» – деп бата беришкени мени шыктандырган эле. Ушундай кыйын кырдаалда, Апрель окуясынын капшабы тийген шартта да коомчулуктун жардамына таянып, бир да талап-тоноочулукка, өзүм билемдикке, мыйзамсыздыкка жол бербестен, Ош шаарындагы туруктуулукту революцияга чейинки учурдагыдай сактап кала алдым. Бирок биздин илгери ой-тилекти улутчулдардын жүрүштөрү, улутчул чакырыктары бузуп жатты.

 

КООГА АЛДЫНДАГЫ КАДРДЫК БАШАЛАМАНДЫКТАР

– 7-апрелден кийин Убактылуу Өкмөт жер-жерлерге өз кишилерин дайындоо менен алектенди. Кызмат талашуу кычады. Оштогу жагдайга токтолсоңуз?

– Ошол эле К.Батыровдун, И.Абдурасуловдун мезгил-мезгили менен Ош шаарынын тургундарынын тынчын кетирип, жолугушууларда ээн ооздонуп элди козуткан, дүрбөткөн ар кандай чакырыктарга жол бериши мени кооптондурду. Экинчи жагынан, алардын кырдаалды курчуткан иш-аракеттерине Убактылуу Өкмөт тарабынан бөгөт коюлбай, чара көрүлбөй жаткандыгы абдан ардантты. Ошого карабастан биз борбордук бийликти тынымсыз эскертип, жагдайды маалымдап жаттык. Жан алакетке түшкөн жаным коомчулукка бир катар кайрылууларды жолдодум. «Окуялар мындай нукта уланса, жаза тайып кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетсе, эч кандай курал, эч кандай танк бизди сактап кала албайт» – деп эскерткенимди замандаштарым танбаса керек. Ал ортодо кадрларды туш келди алмаштыруу тажрыйбасына, билимине карабай маанилүү кызматтарга дайындоо улантылып жаткан. Мына ушул коогалаңдуу окуялардан мурда, 7-июнь күнү мага билдирилбестен, эскертилбестен туруп Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын алмаштырылганы, шаардагы оперативдик жагдайды жакшы билген Курсан Асановдун ордуна тажрыйбасы азыраак Болот Нышановдун Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү И. Исаковдун талабы менен дайындалганы мени өкүндүрдү. Абал ушунчалык курчуп турганда, анан да менин макулдугумсуз алмаштырылганы андан бетер өкүндүрдү. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү жобосуна ылайык мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, анын ичинде ички иштер башкармалыгынын начальниги мэрдин макулдугу менен дайындалып, мэрдин макулдугу менен бошотулушу керек эле (Жобонун N1 жана N8 беренелерин караңыз). Эмне дейбиз, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, мамлекеттүүлүктүн эрежелери көз көрүнөө тебеленип, тепселип жатты.

Жогоруда айткандай, Ош шаарында турмуш-тиричилик деңгээлиндеги майда-барат чыр-чатактар боло берет. Бирок акыркы мезгилдерде ушундай ар бир окуянын саясат менен байланыштырылышы, саясий боёктун сүртүлө берилиши баарынан чоочутканын да айттым. Себеби мындай окуялар чагымчылар тынбай аракеттенип жаткандыгынан кабар берип жатты. Ушундай окуялардын биринде, 7-июндан 8-июнга оогон түнү Ош шаарынын «Фуркат» чайканасынын жанында эки кыргыз баланы бир өзбек бычактап кетиптир. Ички иштер министрлигинин жетекчисинин, ички иштер бөлүмүнүн жетекчилеринин тажрыйбасыздыгы да, жаңы дайындалган жетекчи Болот Нышанов Бишкек шаарына жыйынга кетип жатпайбы! Кийинки күндөрү, айрыкча 10-июнь күнү да кырдаал оор бойдон калгандыктан мен Болот Нышановдун тез арада Ош шаарына келүүсүн талап кылдым. Дал ошол күнү кечинде, компьютердик оюн залында өзбек бала менен кыргыз баланын кайым айтыша кетип, чатакташканы тууралуу кабар мага жетти. Ошол түнү ички иштер башкармалыгынын башчысы Болот Нышанов да Бишкектен учуп келди. Бирок кайсы мүнөттө, кайсы көз ирмемде болбосун чатак чыгып кетчүдөй туюлуп, кырдаал терең бушайманга салды. Жаңылбаптырмын.

– Кооганын алгачкы күндөрүндө өзүңүздүн эки орун басарыңызды – Тимур Камчыбековду жана Бакыт Аманбаевди алмаштырдыңыз. Мындай кадамга барууга эмне себеп болду эле?

– 2010-жылы 11-июнда түнкү саат экиде Ош шаарынын мэринин, облус губернаторунун ыйгарым укуктарын комендантка өткөрүп берүү тууралуу Убактылуу өкмөт башчысынын декрети чыкты, анын номери белгилүү. Кийин мен эки орун басарымды иштен бошоттум. Эми орун басарларымдын икаясын айта кетпесем болбостур.

Мага «Бакиевчи» деп жалаа жапкан Убактылуу Өкмөт жер-жерлерде кадрларды туш келди алмаштырып, «Апрель революциясынын мектебинде такшалган» ишенимдүү кишилерин маанилүү орундарга отургузууга ынтаалык менен киришкен эле. Менин эки орун басарым революциялык толкунда көтөрүлгөн кадрлар болчу. Апрель окуяларынан кийин Убактылуу өкмөттүн башчысы Р. Отунбаеванын декрети менен мэрдин биринчи орун басарлыгына Тимур Камчыбеков дайындалган. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаковдун талабы менен Бакыт Аманбаев да мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басарлык кызматына келген.

Бул «баатырлар» эмне шык-жөндөмү, билим көрөңгөсү менен Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн көзүнө илингендигине алигиче таңмын. Кыйчалышта кыйналып атсак Бакыт Аманбаев 9-июндан тарта жумушка чыкпай койду. Шаардык мэриянын ишинин социалдык тармагына жооптуу кишинин дарексиз кетип калгандыгын, эң оор мезгилдерде жумушка чыкпай, кара башынын амандыгын ойлогондугун эмне деп аташ керек? «Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап» деген макал бар. Анын сыңарындай Б. Аманбаев: «Ошко баргам, бирок кире албай койдум» – дептир кийин соңунда. Өзүнүн суу жүрөктүгүн жаап-жашыруу максатында айткан сөзү. 9–11-июнь күндөрү мен ага телефон кагып, жумушка тез чыгуусун талап кылдым. Мен Ош үчүн туруп берүүгө дилгир кызматкерлеримдин келиши үчүн керек болсо бир БТРди дайындап, адамдарымды жиберүүгө даяр элем.

Тимур Камчыбековду мамлекеттик маанилүү кызматка таптаган Убактылуу Өкмөттүн жоругу жолдо калсын. Т. Камчыбеков көп жылдардан бери психикалык жактан оорулуу адам катары Ош облустук психикалык ден соолук борборунда каттоо-до турат. Амбулатордук картасынын номери: 2633. Ал жигит мурда да мамлекеттик маанилүү кызматтарга илинүүгө умтулган бейм, Улуттук Коопсуздук кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгы 2007-жылы эле кызматтык зарылдыкка байланыштуу анын психикалык каттоодо турган-турбагандыгын текшерткен экен. Т. Камчыбеков өзү да көзүнө көрүнчү көрүнө берээрине даттанып, врачтын такай көзөмөлүнө муктаж. Анын 2007-жылы врач-психиатрга тамганы жаңы үйрөнгөн окуучунукундай тайралаңдаган кол менен жазган арызын үтүр-чекитине чейин бузбай келтирейин: «Менин арыз берүүмдүн себеби төмөнкүчө: мени акыркы 2 жылдан бери көзүмө ар нерсе көрүнүп, жиним тез келип, башым көп ооручу болду. Сизден сураныч ООИПЗге жаткырып дарылаңыз».

Убактылуу Өкмөттүн мына ушундай кадрларга таянып, Ошто кадыр-барк күткүсү келгендиги күйгүзөт. Депутат кезинде Роза Отунбаева Тимур Камчыбековдун Оштогу лагманканасына келип, сый көрүп жүргөнүн билчү элем, бирок аны мага каршы тукурат деп күткөн эмесмин. Колдоочулары сыртыман тон бычып атышса, балээни баш иеби тигилер. «Ошол жерде отура берсеңер, жакында Мелисти кетиребиз, акыры ордун ээлейсиңер» – деп коюшкан экен, тигил экөө буйруктарымды ыргылжың аткарып, мага кыйла моюн толгошту. Айлам кеткенде аларды чакырып алып, минтип айтышка туура келди: «Кыргыздын макалы бар: «Бирөөгө ор казба, ор казсаң терең каз, өзүң түшүп калба».(!) Акыры алар өздөрү казган орго өздөрү түшүштү…

Тимур Камчыбековго олуттуу тапшырма берүүнүн өзү опурталдуу болчу. Коркоктук кылып ишке чыкпай койгон же дени-карды соо эместигин тастыктаган документи бар адамдарга кайрыла албасымды, ишене албасымды түшүнүп, ордуларына дароо башка адамдарды дайындоого аргасыз болгонум ошондон.

 

КАНДУУ КАЛАБАДАГЫ УШАК. БЕТПАРДАСЫ СЫЙРЫЛГАН ГЕНЕРАЛДАР. КЫЛЫМГА ТЕТЕ МҮНӨТТӨР

– Ош коогасында өзбек сепаратисттери Өзбекстандан жардам күткөн деген божомолдор айтылды эле. Кээ бир маалымат каражаттары, серепчилер кычуулары канбай калгансып, эмне себептен Өзбекстан жардамга келген жок деген суроону азыр да козгошууда. Ошондой болушу мүмкүн беле?

– 2010-жылдын 12-июнунан 13-июнга караган түнү Убактылуу Өкмөттүн түштүк аймактагы өкүлү, генерал Исмаил Исаков түнкү 24:00дө шаар жана облус жетекчилигин, ички иштер жана коопсуздук башкармалыктарынын башчыларын чукул жыйналышка чакырып калды. Барсак, Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгынын (ГРУ) жетекчилери, Куралдуу күчтөрдүн түштүк группасынын башчылары, шаардын жана облустун коменданты, айтор, бир топ генералдар топтолуптур. Генерал И.Исаков кыскача сөз сүйлөдү. Чалгындоо кызматынын маалыматына караганда, күндүзү Өзбекстандын Анжиян шаарына 20 атайын рейс менен самолетто тандалма жоокерлерди түшүрүптүр. Алардын максаты – Ош шаарына чабуул коюп, областтык жана шаардык жетекчилердин көзүн тазалоо, ички иштер жана коопсуздук башкармалыктарын талкалоо, негизги коммуникациялык түйүндөрдү иштен чыгаруу, шаардын инфраструктурасын тыптыйпылын чыгаруу жана аймактагы аскер күчтөрүн сүрүп салуу. Өзбекстан тараптан кол салчу тандалма жоокерлердин саны 5000 адамдын тегерегинде болушу мүмкүн экендигин кыргыз чалгындоо кызматынын жетекчилери билдиришти. Алдын-ала маалымат боюнча, операция беш саатка созулат жана анын башталышынын белгиси катары таңкы саат төрттө азан айтылат.

Жыйналышта бир гана маселе талкууланды: мамлекеттик чек араны бекемдөө, аскер техникаларын согушка даярдоо, шаардын кварталдарында элдик коргонуу кошуундарын уюштуруу. Генерал И.Исаков жыйналышта: «Ош шаарында мэр Мелис Мырзакматов калат, сени менен шаардын коменданты Курсан Асанов болот. Сенин милдетиң Өзбекстан тараптан кол салчу тандалма жоокерлерге каршы туруп, шаарда жарандык коргонууну уюштуруу жана аялдар менен балдарды эвакуациялоо», – деди. Ортодо саамга жымжырттык өкүм сүрдү. Бир аздан соң генерал И.Исаков: «Бизге кол салышы күтүлүп жаткан тандалма аскерлер кезегинде Тажикстандын Ленинабад шаарын, Өзбекстандын Анжиян шаарын бошотушкан. Аёо дегенди эгерим билбеген башкесерлер. Андыктан катуу даярданып, аларга татыктуу жооп беришибиз зарыл» – деп кошумчалады. Мен: «Шаар тургундарын дүрбөлөңгө түшүрүп албайлы, анда душман менен күрөшүү абдан кыйындайт», – дедим. «Сен тополоңго алдырбай жарандык коргонуу уюштурасың» – деди мага жооп иретинде И.Исаков. Макул болдум. Аскер адамы эмеспи, К.Асанов да макулмун дегендей баш ийкеди.

Бирок жүрөктө кандайдыр бир түпөйүл сезим жандүйнөмө тынчтык бербей турду. Себеби шаарда коменданттык саат өкүм сүрүп жаткан. Мыйзам боюнча менин ыйгарым укуктарым комендантка берилген. Бирок шаардагы жарандык коргонууну мага тапшырды. Шаарда жалгыз өзүм калдым, аябай ачуум келди. Коркунучсуз бейгам күндөрү Ошто күтүрөп жүрчү Бишкектен келген чоңдор, аскер армиясынын башчылары жана областтын коменданты кайда кетти?

Кандай гана болбосун шаарды коргоо боюнча берилген буйрукту аткарышым керек эле. Чукул түрдө мэриянын кызматкерлерин, шаардык депутаттарды топтоп, Ошто жарандык коргонууну уюштуруу боюнча тапшырма бердим. Орун басарларымдын бирине абал оорлошсо аял жана жаш балдарды эвакуациялоону буйрудум. Экинчи орун басарыма шаардын көчөлөрүнө баррикадаларды уюштуруп, ыктыярдуу куралдуу топторду түзүүнү тапшырдым. Айтор, жарандык коргонуу боюнча зарыл болгон чараларды көрдүк. Калаанын кире бериш дарбазаларына блокпостторду койдуруп, шаардан эркек кишилердин чыкпашын буйрудум. Бирок шаар калкы дүрбөлөңгө түшүп, колунан келгени үй-бүлөсүн алып Ошту тезирээк таштап кетүүгө ашыгып жатышты. Азыр айтсам боло берет, дүйнө топтогон киши коркок болот экен. Көбүнчө бардар турмуштагы байлар качып, оокаты орто же турмушу жакырыраак карапайым кишилер шаарды коргоочулардын алдыңкы сабында болушту. Аларга өмүр бою ыраазымын. Ата Мекен үчүн опурталдуу ошол оор сааттарда мен карапайым калкка таянып, алардан кайрат-күч алып жаттым…

Шаарды жарандык коргоо боюнча тийиштүү тапшырманы берген соң стратегиялык объектилерге коюлган блокпостторду түрө кыдырып чыктым. Күзөттө турган аскерлерди текшерип, дем берүү максатында алар менен эки ооз кеп алыштым. Андан соң жанымда күзөттө жүрчү беш-алты жигитти ээрчитип, шаардык мэрияга келдим. Шаардык кеңсенин ар бир кабатына жигиттерди күзөткө коюп болгон соң эшиктин алдындагы тепкичке көчүк бастым. Саатты карасам таңкы саат 03:20 экен. Сырткы күчтөрдүн болжолдонгон чабуулуна дагы жарым сааттай убакыт калыптыр. Чылым тутантып, мэрияга кирчү таш тепкичте ойлуу отурдум. Мезгил токтоп калгандай туюлат. Шаарда тунжураган жымжырттык өкүм сүрүүдө. Жада калса иттин үргөнү, короздун кыйкырганы угулбайт. Көчөдө жылт эткен машиненин жарыгы эмес, өйдө-төмөн өткөн адамдын карааны көрүнбөйт. Мамлекеттин бүтүндүгү үчүн тагдырды тобокелге салчу учур келгенин, керек болсо кара башты баталгага коюу зарылдыгын түшүндүм.

Күнгө 13-июнь эле. Тапанчамды кабынан чыгарып карасам 13 огу бар экен. Бир окту чыгарып, чөнтөгүмө салып койдум. Эгерде душмандар менен атышып жатып тапанчамдагы огум ада болсо акыркысын өзүмө колдоноюн деген ой менен. Ошо кезде мага жарандык коргонуу боюнча көрүлгөн чараларды маалымдоо максатында комендант Курсан Асанов телефон чалып калды. Андан аскерлердин күжүрмөн духун сурадым. «Шаардагы бардык стратегиялык объектилерге коргонуу коюлду. Аскерлердин духу бийик. «Ким мени менен калып, шаарды коргогусу келет? Калгысы келгендер бир кадам алга» десем, аскерлердин баары алдыга чыгышты. Кашык каныбыз калганча ордолуу Ошубузду, ыйык Ата Мекенибизди коргойбуз» – деди ал. Сөзүнүн акырында мени менен коштошконсуп мындай деди: «Меке, балдарым жаш эле, эгерде согушуп жатып о дүйнө кетсем, ошолорго көз сала жүр, досум». Экөөбүз акыретте бир болууга макулдаштык.

Ошол учурда ушундай маанидеги «акыркы сөзүн» айтып калуу үчүн Ички иштер министрлигине караштуу «Шер» тандалма жоокерлер отрядынын командири, подполковник Бакыт Айыпов чалып калды. Ал мага жакын тууган болуп кетет. «Мелис аке, Сиздин өмүрүңүзгө коркунуч туулуп жатканын уктук. Ошон үчүн суранып жатып, отрядым менен шаарды коргоого чыктым. Биринчи чабуулду биз каршы тособуз. Мамлекетибиз чоң коркунучта. Бирок биз аны душманга тепсетпейбиз. Эгерде шейит кетсем туугандардын баарына айтып коюңуз, мен аларга эки дүйнөдө ыраазымын. Сөөгүмдү өз колуңуз менен аруулап жерге бериңиз. Мен Сиз менен сыймыктанам, Мелис аке» – деди ал.

Кыйын кырдаалда чогуу иштеген досуң менен жакын тууганыңдын коштошор керезин угуу абдан оор экен. Башыма ордолуу Оштун эртеңки келечеги кандай болот деген суроо келип жатты. Эгерде Ошту алдырып ийсек, анда Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө доо кетип, улуттун туусу жыгылары анык. «Баланча Ошту башкарып турганда сырткы душмандар шаарды тебелеп, кыргыздын кызын күң, уулун кул кылган» – деп, тарыхта жаманатты сөз каларын ойлогондо жигиттик намысым ойгонуп кетти. Жүрөк дүкүлдөйт. Кандай гана болбосун кыргыздын намысын алдырбоонун айла-амалын ойлоп жаттым. Айкөл Манас атабыздын арбагына сыйындым. Капыстан көз алдыма Ошту эчен жыл бийлеген чоң аталарым Тилеке баатыр менен Алымбек датканын сүрдүү караган элеси тартылды. Алар мага: «Кайраттуу бол, уулум, алакандай элиңди кандуу калабадан аман-эсен алып кал. Касиеттүү Ошту биз душманга эч качан тепсеткен эмеспиз, сен да тепсетпе (!)» дегендей ишарат бергенсиди. Селт этим. Саатты карасам таңкы 03:40 экен.

Кайрадан ойго чөмүлөм. Сепаратисттердин жана алардын Бишкектеги «демөөрчүлөрүнүн» айынан эки бир тууган эл кандуу калабага кабылганы аз келгенсип, эми эки коңшу мамлекет араздашканы калдыбы? Кантип эле Өзбекстан Республикасынын президенти, дүйнөлүк деңгээлдеги тажрыйбалуу саясатчы Ислам Каримов куралдуу кагылышууга жол берсин? Мындай нук менен кетсек Борбор Азия мамлекеттеринин келечеги эмне болот? Биз улуттар аралык жаңжалдын отун өчүрө албай жатканда аны жөнгө салуунун башка айла-амалы бар беле? Абалтан ирегелеш жашаган Кыргызстан менен Өзбекстанды сактай көр деп, Жаратканга жалбардым…

Жанымда бир гана куралчан сакчы жүрөт. Калгандарын жарандык коргонууну уюштуруу үчүн шаарга о мурда эле жөнөткөнүмдү эстедим. Иш бөлмөмө кирип, орун басарларымдын коргонуу даярдыгын бир сыйра телефон аркалуу текшерип чыктым. Сааттын чыкылдаган жебесин карайм. Убакыт токтоп калган сыяктуу сезилет. Ар бир мүнөт кылымга тете болуп чыкылдап жатты. Көз алдыма 78 жашында дүйнө салган ыраматылык атам Жоошбай тартылат. Ал мага: «Өз камыңды эмес, эл камын ойло, элден өткөн улуу сынчы жок, уулум, ар дайым эл менен бол, эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң» – деп көп айтчу эле. Атамдын керээзин аткарууга аракет кылып келем. Кечеги Апрель окуяларында да, бүгүнкү Ош коогаларында да элим менен бирге болдум. Атамдын атына эч качан акаарат кеп келтирбейм деп сөз бердим, сааттын жебесин карап жатып. Негедир акыретти эстейм. Анткени мен да Курсан Асанов менен Бакыт Айыпов сымал эле Мекеним үчүн өлүмгө даяр болчумун. Кайрадан саатты карайм, сааттын жебеси токтоп калгандай туюлат...

Оштогу абалды ошол саамдарда бир дагы жогорку даражалуу жетекчи сурап койбоду. Мага жарандык коргонуу уюштур деп тапшырма бергендер ал иштин даярдыгы кандай жүрүп жатканынан кабар да алышкан жок. Кумга сиңгендей өздөрүнүн дабышы билинбейт. Өкмөттүк телефондор унчукпайт. Убактылуу Өкмөттүн бир мүчөсүнө шаардагы абал тууралуу маалымат берейин деп телефон чалсам жооп болгон жок. Кыязы, терең уйкуда жатса керек…

Күткөн мезгил келип, таңкы саат 04:00 болду. Шаардагы мечиттерден азан айтыла баштады. Ордолуу Оштун биз күткөн тагдыр чечер мүнөтү келди. Атышуу качан башталат деп айланага кулак түрөм. Жанымдагы жансакчым автоматын колго алып, атышуу үчүн ыңгайлуу жай даярдап жүрөт. Дароо Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын башчысынын орун басары Рыспек Мырзаматовго телефон чалып, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды сурадым. «Чек ара тынч, кол салган эч ким жок» – деди Р.Мырзаматов. Беш мүнөттөн соң ага кайра телефон чалдым. Дагы тынч. Ошентип таңкы саат 5ке чейин телефон менен байланышып турдум. Чек араны бузган душмандын карааны көрүнбөйт. Саат 5те айланага жарык толук түштү. Айкөл Манас атабыздын руху колдодубу, же Тилеке баатыр менен Алымбек датканын улуу деми болдубу, айтор, ал күнү Ошко эч ким бастырып келген жок. Кийин билсем, бул Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун акылдуу саясатынын жемиши экен. Ордолуу Ош элинин атынан ага чоң ыраазычылык билдиргим келет. Дагы бир жолу айтайын, көсөм чечими менен Борбор Азияны чоң апааттан сактап калды!

Сырттан душман келбесе да оор учурда жумуш ордумду таштап кетпей, аскерлер менен аралашып жүрүп өз шаарымды сактап калдым деп эсептейм. Кыйын кырдаалда элимдин алдыңкы сабында болуп, душман менен кашык каным калганча кармашууга даяр элем. Таң супа салганда: «Элиме «каруумду казык, башымды токмок» кылып кызмат кылам» – деп дагы бир ирет Жараткандын алдында сөз бердим. Ошол оор мүнөттөрдө Мекен чегин коргоо үчүн башын саюуга, жанын кыюуга даярдыгын билдирген кыргыздын эр жүрөк азаматтарына таазим этем. Бирок кийин Ош коогасынан пайда издеген жасалма «баатырлар» чыкты. Ой-тобо, алардын ошо түнү жасаган «эрдигин» укканда аргасыздан жакамды карманам.

 

КАНДУУ КООГАГА БАКИЕВДИН КАТЫШЫ БАРБЫ?

– Коогалаң маалында Убактылуу Өкмөт «үчүнчү күчтөр», «бакиевчилер» аралашкандыгын көп оозанды. Бакиевдин ролу канчалык, кайсы «үчүнчү күчтөр» жөнүндө сөз жүрүп жатат?

– «Бакиевчилер» деген кеп суу кечпейт. Болбогон бир шылтоо. Баята айтканымдай, Убактылуу Өкмөт түштүк аймактарын дурус көзөмөлдөй албай, улуттук биримдиктин үгүтүн жүргүзө албай, регионалдык тирешүү курчуган кезең болчу. Түштүктөгү карапайым калктын түшүнүгүндө Курманбек Бакиев жөн жерден жабыр тартып калган. Элдин карапайым түшүнүгүн кантип оодаруу керек эле? Убактылуу Өкмөттүн көктөн издегени жерден табылып, калкты алдоонун мүмкүнчүлүгүн илгиртпей колдонду. «Бакиев уюштурду», «бакиевчилердин жүрүшү» деген түшүнүктөрдү ишке киргизүүгө жан үрөдү. Бирок мурдунан алысты көрө албаган шоркелдейлер элди кайрадан кайраштырып, ошол кылыгы менен өздөрү түштүк элинен ого бетер алыстап атканын аңдаган жок. Демек, алардын жаман оюнда Кыргызстан калкынын жарымы «бакиевчилер» турбайбы? Көрсө, Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн көксөгөндөр Кыргызстанга душман турбайбы?

Албетте, мурдагы эки президенттин маалында улуттук саясаттын оош-кыйыштары болгон, бирок алар тең салмактуулукту сактай алышкан. Ал эми Убактылуу Өкмөт таразанын мелт-калт эткен көзүндөгү тең салмактуулукту жоготту, сепаратисттер менен коюн-колтук алышып, ымала күттү. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин учурунда мындай болгон эмес. Айрандай төгүлгөн абийирин жабуу максатында күнөөнү К. Бакиевге оодара салуу жакшы эмес, кандуу окуялардын тамыры Аскар Акаевдин дооруна такалат деп ырастоо да чындыкка коошпойт.

Эл аралык комиссия дагы Бакиевдин тиешеси жоктугун ырастады. Эгерде эл аралык комиссия бирдемени туура баамдаган болсо, анда ушуну туура баамдаган.

– Конфликт учурунда жалданган адамдардын кармалгандыгы айтылды эле?

– Жалданма адамдар кармалды дегендер тирүү. Ош шаарында, арабызда эле жүрүшөт. Жалданмалардын колго түшүрүлгөндүгүн жөнөкөй адамдар эмес, аскер адамдары, Кубатбек Байболов, Азимбек Бекназаров баш болуп борбордук телеканалдардан айтышкан. Жалданмалардын ок атуучу куралдары тууралуу да маалыматтар таратылган. Бирок бул маалыматтардын аягы жабылып калды. Бул табышмактуу маалыматтар эмнеге аягына чейин изилденбей калды, аны коопсуздук күчтөрүнөн жана Убактылуу Өкмөттөн сураш керек.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

PDF форматында китепти көөчүрүү

 

СҮРӨТТӨР КИТЕПТЕН


Количество просмотров: 15318