Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Сын, адабият таануу, Адабият таануу
© Украинское общество Кыргызской Республики «Берегиня», 2008
© Г.Н. Хлыпенко, 2008

Георгий Николаевич ХЛЫПЕНКО

Кыргыз адабияты жана Т.Г. Шевченко

«Шевченко Кыргызстанда» китебинен макала

Тарас Шевченко в Кыргызстане: Научные, публицистические и художественные материалы на русском, киргизском и украинском языках / Ред-сост. Г.Н. Хлыпенко. – Бишкек: Учкун, 2008 китебинен алынды

УДК 82/821.0
    ББК 83
    Т – 19
    ISBN 978–9967–428–93–5
    Т 4603010000–08

 

1. Обзордук макала

Кыргыз адабияты жазуусу жаңы түзүлгөн адабияттардын санына таандык. Анын туулган жылы болуп улуттук адабияттын негиз салуучуларынын чыгармалары басылган биринчи кыргыз газетасы «Эркин-Тоо» чыккан 1924-жыл эсептелет. Көп улуттуу советтик адабияттын курамында өнүгүп, кыргыз адабияты башка адабияттар, анын ичинде Украина адабияты менен дагы өз ара аракеттенишкен. Кыргыз жергесинде акын Тарази деп аташкан Т.Г. Шевченконун чыгармачылыгы кыргыз-украин адабий байланыштарынын тарыхый эпицентри болуп калган. Буга бир катар объективдүү себептер көмөкчү болгон: Россия империясы жана Советтер Союзунун курамындагы кыргыз жана украин элдеринин тарыхый тагдырларындагы жалпылык, ХIХ кылымдын экинчи жарымынан баштап Кыргыз ССРинин территориясында украиндик диаспоранын жайгашышы, кыргыз акыны Токтогул менен украиндик Кобзарь Шевченконун инсандык жана чыгармачыл өмүр баяндарынын типологиялык окшоштугу, ал экөөнүн эки элдин турмушундагы руханий өлчөмдөш чоңдуктар катары кабыл алыннышы.

Кыргызстанда Т. Шевченконун чыгармачылыгын көркөм өздөштүрүүнүн баштапкы этабы 1939-жылы анын туулган күнүнүн 125 – жылдыгын майрамдоо менен башталды. Ал К. Маликовдун, С. Сасыкбаевдин, А. Токтомушевдин котормолорунда «Кобзар» аттуу биринчи шевченко жыйнагынын кыргыз тилинде чыгышы, акын С. Сасыкбаевдин Киев шаарындагы Советтик жазуучулар союзунун башкармалыгынын шевченко пленумунун ишине катышышы менен белгиленди.

Украин жазуучуларынын ичинен Шевченко кыргыз тилине которулгандыгы боюнча биринчи орунду ээлейт. Биринчи китеп болгон Кобзардан» кийин «Ырлар жана поэмалар» (1954), «Поэмалар жана ырлар» (1964), кайрадан эки басылыш менен «Кобзарь» (Фрунзе, 1990 жана Киев, 2004, акыркысы «Вiнок Кобзаревi мовами народiв свiту» сериясында) чыккан. Котормочулардын арасында К. Маликов, С. Сасыкбаев, А. Токтомушев, Т. Үмөталиев, С. Жусуев, Ж. Садыков, Ж. Абдыкалыков, Э. Турсунов, С. Тургунбаев, С. Егиналиев, М. Ааматов ж. б. белгилүү акындар – бардыгы биригип 30га жакын котормочу болгон. Котормолордо Шевченко поэзиясынын негизги темалары, сюжеттери жана жанрлары чагылдырылган: лирикалык ырлар «Ойлорум менин, ойлорум...», «Күндөр өтөт, түн да өтөт...», «Осуят», «Пайгамбар», «Өсүп мен бөтөн чөлкөмдө...» ж. б.; «Камак бөлмөсүндө» циклы; «Үлүш», «Муза», «Даңк» триптихи; «Көк деңизге дайра куят...», «Бул турмушта жашоо кыйын...», «Жалгызмын мен, жалгызмын...» ж. б. думкалар; «Ой саймалар, ой саймалар...», «Уктайт атам мүрзөсүндө...», «Эсеби жок боломун...» ж. б. ырлар; «Гоголго», «Марк Вовчке», «Карындашыма» ж. б. багыштоолор; «Катерина», «Гайдамактар», «Марьяна-Черница», «Түш», «Кавказ», «Князь кызы», «Мастан», «Дил курманы» ж. б. поэмалар.

Шевченкону кыргыз тилине которуу биздин республикадагы украин адабиятын которуу ишин жандардырган. Шевченконун «Ырлар жана поэмалар» (1954) экинчи китеби менен бир убакта эле «Үч акындын ырлары» (Л. Украинка, П. Грабовский, И. Франко) жыйнагы жана П. Тычинанын «Эл достугу» китеби чыккандыгы көрсөтмөлүү. Андан кийин М. Рыльскийдин «Ырлар» (1966, 1978), О. Гончардын «Жылаажын» (1966), Л. Украинканын «Ырлар жана поэмалар» (1971), Б. Степанюктун «Таазим, Кыргызстаным» (1972) жана «Саламатсыңбы, Ала-Тоо!» (1983), М. Стельмахтын «Акыйкат жана арамзалык» (1986) пайда болгон. «Днепр толкундары» (1968) украин жазуучуларынын чыгармалар жыйнагынын жана «Украина мейкиндери» (1979) жаш акындар антологиясынын басылып чыгышы өлкөнүн адабий турмушундагы маанилүү окуялардан болгон. Котормочул иш аракеттердин башкалардан айырмалуу катализатору катары өткөн адабий декадалар болуп калган: Кыргызстандагы украин адабиятынын декадасы (1968) жана кыргыз адабиятынын Украинадагы декадасы (1971).

Кыргыз акындарынын Шевченконун чыгармачыл мурасын көркөм өздөштүрүүсү аларга өз чыгармачылыктарында Кобзардын образын жаңыдан түзүүгө түрткү берди. Биринчи шевченко темасына жазылган маанилүү чыгарма украиндик Кобзарь менен кыргыз акыны Токтогулдун тагдырларынын окшоштугу тууралуу ойду билдирген К. Маликовдун «Тарас Шевченко менен сүйлөшүү» (1939) ыры болгон. Кийин К. Маликов Шевченкого «Украина дептери» ырлар циклин арнаган. Кобзарь жөнүндө көркөм ачык сөзүн Ж. Бөкөнбаев «Тарастын бейитинде» поэмасында айткан. Ал фашизмди тануу жана душманды сөзсүз жеңебиз деген ишеничин чоң пафос менен берген. Украинаны бошотууга катышкан акын-фронтовик Т. Үмөталиев шыктандырган «Кобзарь жөнүндө ыр» жазган. С. Жусуевдин «Украина дептери» циклинде борбордук орунду Шевченкого арналган ырлар ээлейт. Шевченко жөнүндө ырлар А. Токомбаев, К. Акаев, А. Токтомушев, Т. Шамшиев, Т. Адышева ж. б. көптөгөн акындардын чыгармачылыгында кездешет. Мына ошентип, украин акыны Шевченко кыргыз поэзиясынын чыныгы баатыры болуп калды.

Шевченко темасы кыргыз адабиятында украин тематикасына кенен жол ачты. Ошонун негизинде украиндик турмуш, украин персонаждары, кыргыз жана украин элдеринин ортосундагы достугун сүрөттөгөн чыгармалар жаралды. Мындай чыгармалардын алгачкысы А. Токомбаевдин «Днестр терең деңизге куят» (1939) повести. Чыгармада 1930-жылдарда Батыш Украинадагы улуттук-боштондук кыймылы баяндалат. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде баскынчы-фашисттерге каршы күрөшүү темасында акын-фронтовиктер Т. Үмөталиев, С. Эралиевдин ырлары, А. Осмоновдун «Менин энем» поэмасы, Ж. Бөкөнбаевдин «Украина мейкининде» очерки, Т. Байжиевдин «Жигиттер» жана К. Эшмамбетовдун «Кара туман» пьесалары жарыкка чыкты. Согуштан кийинки мезгилде лирикалык, лиро-эпикалык чыгармалар менен катар К. Маликовдун «Украина дептери» (1964) ырлар түрмөгү жана «Достук жана махабат» (1949) поэмасы, С. Жусуевдин украиналык ырлар түрмөгү (1974) жана «Жолугуулар» (1975) поэмасы, эпикалык чыгармалардан Т. Сыдыкбековдун «Биздин замандын кишилери» (1948) романы, К. Баялиновдун «Көл боюнда» (1952), О. Орозбаевдин «Кыл көпүрө» (1974) повесттери жазылды.

Т. Шевченко менен чыгармачылык жактан байланышкан кыргыз жазуучулары анын чыгармачылыгын көркөм чыгармаларда гана эмес, адабий-публицистикалык мазмундагы сөздөрүндө да даңазалашкан. Алардын идеялык-көркөм ойлорунун жана бааларынын диапазону абдан кенендигин төмөнкү макалалардан байкоого болот: «Элдин генийи», «Днепрдей түгөнгүс» (Ч. Айтматов), «Даанышман акын» (О. Орозбаев), «Эркиндикти эңсеген үн» (Т. Үмөталиев), «Эл акыны эл менен жашайт» (Б. Карагулов), «Улуу Кобзар – бүткүл элдин сыймыгы» (Т. Байзаков), «Шевченконун өмүрү элде», «Силердин жана биздин Шевченко» (С. Жусуев), «Тарас жөнүндө ойлонуу» (К. Маликов) ж. б.

Кыргыз адабиятынын жана маданиятынын контекстинде улуу украин элинин акынынын чыгармачылык мурасына жазуучулук баалоо менен катар илимий-сын пикирлер да болуп турган. Бул процесске белгилүү сынчы жана адабияттаануучулар: Ж. Самаганов, Д Кулбатыров, К. Асаналиев, К. Укаев, А. Садыков, Т. Аскаров, А. Бөрүбаева менен бирге Кыргызстандын этникалык украиндери И. Запорожец, И. Шерстюк, Е. Озмителъ, Г. Хлыпенко да катышкан. Изилдөөлөрдүн негизги багыттары: Шевченконун чыгармаларынын сапаттуу которуунун денгээли, кыргыз поэзиясындагы Шевченконун образы, Шевченко менен Токтогулдун чыгармаларынын типологиялык изилдөөсү, Шевченко жана кыргыз адабияты, кыргыз-украин адабий байланыш тарыхындагы Шевченконун ролу. Ушундай багыттагы иш-аракеттер Кыргызстандагы аймактык шевченкотаануунун негиздерин түзгөн.

Учурда Шевченконун чыгармачылыгын элге жайылтууда Кыргызстандагы «Берегиня» Украин коому (1993, Кеңештин терагасы В. Нарозя) маанилүү ролду ойнойт. Бул коомдун негизги максаты Кыргыз Республикасындагы этникалык украиндердин үрп-адаттарын, тарыхын, тилин жана маданиятын изилдөө жана өнүктүрүү иштерин жүргүзүү.

Котормолор

1. Шевченко Т. Кобзар: (Ырлар жана поэмалар) / Которгондор: К. Маликов, С. Сасыкбаев, А. Токтомушев. – Фрунзе – Казань: Кыргызмамбас, 1939.
    2. Шевченко Т. Ырлар жана поэмалар. – Фрунзе: Кыргызмамбас, 1954.
    3. Шевченко Т. Поэмалар жана ырлар. – Фрунзе: Кыргызмамбас, 1964.
    4. Шевченко Т. Кобзарь: Ырлар жана поэмалар: Орус тилинен которулду / Түзүүчү С. Тургунбаев. – Фрунзе: Адабият, 1990.
    5. Шевченко Т. Кобзарь: Ырлар жана поэмалар / Түзүүчү С. Тургунбаев. – Київ: Головна спеціалізована редакція літератури мовами національних меншин України, 2004. (Вінок Кобзареві мовами народів світу).

Адабият

1. Маликов К. Украина элинин улуу акыны // Ленинчил жаш. – 1939. – 29-январь; Украина элинин улуу акыны // Шевченко Т. Кобзар: (Ырлар жана поэмалар). – Фрунзе – Казань: Кыргызмамбас, 1939; Баатыр акын // Кызыл Кыргызстан. – 1939. – 9-март; Тарас жөнүндө ойлонуу // Ала-Тоо. – 1964. – № 3; Тарас жөнүндө ойлор // Советская Киргизия. – 1964. – 8 марта; Биз улуу Тарас Шевченкону көрүп турабыз...» // Лiтературна Україна. – 1964. – 30 травня.
    2. Эшмамбетов К. Т.Г. Шевченко // Ленинчил жаш. – 1939. – 9-март; Тарас Шевченко // Кызыл Кыргызстан. – 1951. – 10-март; Украина элинин улуу акыны // Ленинчил жаш. – 1951. – 11-март.
    3. Алдеев И. Кобзарь кыргыз адабиятында // Комсомолец Киргизии. – 1951. – 8 марта.
    4. Сасыкбаев С. Улуу акын Т.Г. Шевченко жөнүндө фильм // Кызыл Кыргызстан. – 1951. – 27-декабрь.
    5. Асаналиев К. Украина менен кыргыз элдеринин адабий байланышындагы кээ бир маселелер // Известия Киргизского филиала АН СССР. – Вып. XI. – Фрунзе, 1954; Украина классикалык жана совет адабияты кыргыз тилинде // Советтик Кыргызстан. – 1954. – № 1; Шевченко кыргыз тилинде // Збірник праць ІІІ наукової шевченківської конференції. – Київ, 1955.
    6. Самаганов Ж. Украин адабияты кыргыз тилинде // Ленинчил жаш. – 1954. – 23-май; Тарас Шевченко // Мугалимдер газетасы. – 1961. – 10-март; Украина элинин акыны // Ала-Тоо. – 1964. – № 3.
    7. Керимджанова Б. Путь поэта. – Фрунзе: Изд-во АН Кирг. ССР, 1960.
    8. Токомбаев А. «Байкуштардын» бактылуу урпактары // Лит. газета. – 1961. – 9 марта; Ал айтмак… // Советская Киргизия. – 1961. – 10 марта.
    9. Карагулов Б. Эл акыны эл менен жашайт // Жаш ленинчи. – 1961. – № 3.
    10. Сокол В. «Назар Стодоля» кыргыз сахнасында // Советская Киргизия. – 1963. – 14 сентября.
    11. Айтматов Ч. Днепрдей түгөнгүс // Правда. – 1964. – 9 марта; Бүт элдерге жакын жана бир тууган // Пионер. – 1964. – № 5; Таазим сага, Кобзардын жери // Робiтнича газета. – 1971. – 30 жовтня; Элдин генийи. – Робiтнича газета. – 1972. – 20 лютого; Патриоттук эмнеден башталат? // Советская Киргизия. – 1972. – 24 февраля; Акындын ички күнү // Известия. – 1982. – 6 февраля.
    12. Байзаков Т. Улуу Кобзар – бүткүл элдин сыймыгы // Ала-Тоо. – 1964. – № 3; Украина элинин Кобзары // Шевченко Т. Поэмалар жана ырлар. – Фрунзе: Кыргызстан, 1964.
    13. Байкожоев С. Поэзияга, күрөшкө арналган өмүр // Ленинчил жаш. – 1964. – 8-март.
    14. Жусуев С. Шевченконун өмүрү элде // Ала-Тоо. – 1964. – № 3; Силердин жана биздин Шевченко // Жовтень. – 1964. – № 3; Бардык жерде бир үй-бүлө сезими: (Жол таасирлери) // Кыргызстан маданияты. – 1982. – 20-май; Тарас Шевченконун мекенинде // Советская Киргизия. – 1982. – 12 декабря.
    15. Запорожец И. Т.Г. Шевченко кыргыз элине жакын жана кымбат // Лит. Киргизстан. – 1964. – № 1. 
    16. Садыков А. Революциячы-демократ // Коммунист. – 1964. – № 3; Кыргыз жана украин элдеринин достугунун чагылдырылышы // Советтик Кыргызстан. – 1968. – 6-октябрь; Кыргыз адабияты жана Т.Г. Шевченко // Шевченкiвський словник: У 2 т. Т 1. – Київ: Головна редакцiя УРЕ, 1976.
    17. Үмөталиев Т. Эркиндикти эңсеген үн // Советтик Кыргызстан. – 1964. – 8-март; Украинанын эл акыны // Ала-Тоо. – 1964. – № 3; Шевченконун жеринде // Советтик Кыргызстан. – 1968. – 1-октябрь; Жалындуу кыргыз саламы // Лiтературна Україна. – 1971. – 22 жовтня.
    18. Шамшиев Т. Тарас Шевченконун «Осуяты» // Советтик Кыргызстан. – 1968. – 1-октябрь.
    19. Кулбатыров Д. Рухий боордоштор // Советская Киргизия. – 1968. – 28 сентября; Боордош Украинанын адабияты // Кыргызстан маданияты. – 1968. – 9-октябрь; Шевченко жана кыргыз адабияты // Збірник праць XVI наукової шевченківської конференції. – Київ, 1969.
    20. Укаев К. Алтын жер Украина, Украина // Ала-Тоо. – 1968. – № 10; Алтын жер Украина, Украина // Днепр толкундары: Советтик Украина жазуучуларынын чыгармаларынын жыйнагы / Түз. Ж. Абдраимов. – Фрунзе: Кыргызстан, 1968; Акын Таразинин ырлары // Лiтературна. Україна. – 1971. – 9 жовтня.
    21. Озмитель Е. Литература горного края: Сборник статей. – Фрунзе: Кыргызстан, 1971; Наследие классики и киргизская литература. – Фрунзе: Кыргызстан, 1980.
    22. Тургунбаев С. Эки эл адабияттарынын достугу // Кыргызстан маданияты. – 1971. – 20-октябрь.
    23. Костенко Н.В. Творчість Героя Соціалістичної Праці Токомбаєва Аали. – Київ, 1976.
    24. Аскаров Т. Восхождение к зрелости: Литературно-критические статьи. – Фрунзе: Кыргызстан, 1976.
    25. Абакiров А., Аскаров Т. Братерство народів – братерство культур: Нарис про розвиток соціалістичної культури Киргизької РСР. – Київ: Дніпро, 1978. 
    26. Гордiйчук П. Шевченко Токтогулдун тилинде // Взаємозв’язки літератур братніх народів: Збірник статей. – Київ: Вища школа, 1978.
    27. Бөрүбаева А.Б. Т. Шевченко кыргыз тилинде // Ала-Тоо. – 1985. – № 2; Украинско-киргизские литературные связи в системе взаимоотношений литератур народов СССР: Автореф. дис. … канд. филол. наук. – М., 1985.
    28. Нарозя А.Г. Ч. Айтматов Т. Шевченко жөнүндө: (Кыргыз-украин адабий байланыштарынын тарыхынан // Двусторонние литературные связи в эпоху развитого социализма: Тематический сборник научных статей. – Фрунзе, 1985.
    29. Хлыпенко Г. Чувство семьи единой: Исследования, статьи, обзоры по киргизско-украинским литературным связям. Фрунзе: Кыргызстан, 1980; Акын Таразиге гүлтаажы: Шевченко кыргыз поэзиясында // Иссык-Кульская правда. – 1984. – 7 марта; Достуктун маршруттары менен: (Кыргыз-украин адабий байланыштарынын тарыхынан) // Двусторонние литературные связи в эпоху развитого социализма: Тематический сборник научных статей. – Фрунзе, 1985; «…Түшүнүктүү болуп жана башкаларды түшүнүү» // Лит. Киргизстан. – 1986. – № 2; Токтогул менен Шевченко: (Чыгармачылыкты типологиялык өздөштүрүү маселесине карата) // Сборник тезисов внутривузовской научно-практической конференции профессорско-преподавательского состава Бишкекского гуманитарного университета (г. Бишкек, 22 – 24 февраля 1995 г.). – Бишкек, 1995; Шевченко кыргыз поэзиясында: (Кыргыз-украин адабий байланыштарынын тарыхынан) // Материалы III научной конференции Киргизско-Российского (Славянского) университета: Гуманитарные науки. – Бишкек, 1996; Жоомарт Бөкөнбаев жана Украина: (Кыргыз-украин адабий байланыштарынын тарыхынан) // Материалы международной научно-технической конференции «Проблемы и перспективы интеграции образования». – Бишкек, 1998; Кыргызстан украин акыны Борислав Степанюктун көркөм дүйнөсүндө // Украинцы в Кыргызстане: Статьи. Исследования. Материалы / Ред.-сост. Г.Н. Хлыпенко. – Вып. 2. – Бишкек: Просвещение, 2006; Кобзарь жөнүндө сөз // Слово Кыргызстана. – 2008. – 12 марта; Кыргыз жазуучулары Шевченко энциклопедиясында // МСН. – 2008. – 14 марта.
    30. Орозбаев О. Даанышман акын // Шевченко Т. Кобзарь: Ырлар жана поэмалар / Түз. С. Тургунбаев. – Фрунзе: Адабият, 1990.
    31. Денисенко Е. Эпоха эки улуу тагдырларда жашаган // Слово Кыргызстана. – 1994. – 29 марта; Шевченко күндөрү // Вечерний Бишкек. – 2002. – 8 марта.
    32. Лачко Е. «Кобзарь» Манастын тилинде // Вечерний Бишкек. – 1998. – 11 марта.
    33. Грищук Е. Кобзарь акындар мекенинде // Московский комсомолец в Кыргызстане. – 2002. – 14 – 21 марта.
    34. Марченко А. Кобзардын туулган күнү // РИФ. – 2002. – 15 марта.
    35. Нарозя В. Диаспора шартында жашаганды үйрөнүп жатабыз: Кыргызстандагы «Берегиня» украин коомунун 10 жылдыгына карата // Украинцы в Кыргызстане: Статьи. Исследования. Материалы / Ред.-сост. Г.Н. Хлыпенко. – Вып. 1. – Бишкек: Просвещение, 2003; «Берегиня» Кыргызстандын радиотолкундарында // Украинцы в Кыргызстане: Статьи. Исследования. Материалы / Ред.-сост. Г.Н. Хлыпенко. – Вып. 2. – Бишкек: Просвещение, 2006.
    36. Владин Е. Акынды эстеп… // Вечерний Бишкек. – 2004. – 17 марта.  
    37. Токомбаева Т. Аалы Токомбаев: Документальная повесть. – Бишкек: ЖЗЛК, 2004.

2. Макала-персоналийлер

Ааматов Маркабай (13.ХII 1953, Кыргыз Республикасынын азыркы Кара-Кулжа району, Лай-Талаа а.) – кыргыз акыны жана котормочу. Кыргыз Республикасынын маданиятына Эмгек сиңирген кызматкер (2004), Жазуучулар союзунун вице-президенти (1996 – 2004), Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун катчысы (2004 – 2007). «Селкинчек» (1982), «Таң тосуу» (1985), «Дидар» (1990), «Ариет» (1994), «Тандалмалар» (2006) ж. б. жыйнактардын автору. « Карайм сага, карай берем...», «Бере көрбө, сураарым сен эч кимге...», «Не болуптур, сөз да сөз деген...», «Куткарбастай, салгын салыктан», «Качандыр бир кайра жолуксак...», «Пайгамбар», «Ууру сыңар аскаларды аралап...», «Өсүп мен бөтөн чөлкөмдө...», «Токой жаны. Дөңсөө талаа...», «Токойдон Күн чыгат да...», «Уктайт атам мүрзөсүндө...» аттуу Шевченконун ырларын которгон. Алар «Кобзардын» акыркы басылышына кирген (Бишкек, 1990; Київ, 2004).

Которм.: Шевченко Т. Кобзарь: Ырлар жана поэмалар. – Фрунзе: Адабият, 1990; Київ, 2004 (авторлоштукта).

Абдыкалыков Жолдошбай (21.V 1935, Кыргыз Республикасынын азыркы Ысык-Көл району, Таштак а. – 31.Х 2001, Бишкек ш.) – кыргыз акыны жана котормочу, Кыргыз ССРинин маданиятына Эмгек сиңирген кызматкер. «Жылдызстан» (1961), «Түнкү серенада» (1969), «Көпүрө» (1976), «Көз ирмем» (1981), «Жолдор» (1985) ж. б. жыйнактардын автору. А. ырларын украин тилине Ю. Петренко, Д. Головко которушкан. А. украин акындарын П. Бибуну, В. Густини, А. Ракубрацкийди, Б. Стельмахты которгон. «Поэмалар жана ырлар» (1964) Шевченко жыйнагына кирген «Күн да батат тоолор тунарып...», «Четте күн жылуу тийбеди...», «Таң каламын. Кимдер жооп берет...», «Ой саймалар, ой саймалар...» аттуу Шевченконун ырларын которгон.

Которм.: Шевченко Т. Поэмалар жана ырлар. – Фрунзе: Кыргызмамбас, 1964 (авторлоштукта); Украинка Л. Ырлар жана поэмалар. – Фрунзе: Кыргызстан, 1971 (авторлоштукта).

Абдумомунов Токтоболот (15. VII 1922, Кыргыз Республикасынын азыркы Кемин району, Жаңы-Алыш а. – 26. ХII 1989, Фрунзе, азыркы Бишкек ш.) – кыргыз жазуучусу, коомдук жана мамлекеттик ишмер. Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу (1986), Кыргыз ССРинин искусствосуна Эмгеги сиңген ишмер (1972), Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1967); Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун башкармалыгынын биринчи катчысы жана СССРдин Жазуучулар союзунун башкармалыгынын катчысы (1959 – 1971), Кыргыз ССРинин театралдык коомдун президиумунун председатели (1974 – 1986); СССРдин Жогорку Советинин VI чакырылышынын жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин VI жана VII чакырылыштарынын депутаты.

А. – драматург жана прозаик. Ал «Тар капчыгай (1953), «Атабектин кызы» (1956), «Абийир кечирбейт» (1962), «Акыркы күлгөн армансыз» (1970), «Карагул ботом» (1980), «Чолпонбай» (1980) ж. б. пьесалардын автору. Советтер Союзунун кырк театрында коюлган «Абийир кечирбейт» пьесасын (1971) украин тилине Б. Степанюк которгон. А. Кыргыз драма театрында коюлган Шевченконун «Назар Стодоля» (1963) пьесасынын котормочусу.

Бир туугандык маданияттын өз ара байланышын өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн А. УССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак Грамотасы менен сыйланган (1971).

Чыгарм.: Укр. которм.: Оскарженню не підлягає. – Київ, 1971.

Адабият: Сокол В. « Назар Стодоля» кыргыз сахнасында // Советская Киргизия. – 1963. – 14 сентября.

Айтматов Чынгыз (12. ХII 1928, Кыргыз Республикасынын азыркы Кара-Буура району, Шекер а. – 10. VI 2008, Германия, Нюрнберг ш.) – көрүнүктүү кыргыз жазуучусу, коомдук жана мамлекеттик ишмер. Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу (1968), Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун председатели (1986 – 1995), Кыргыз ССРинин ИАнын академиги (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Республикасынын Баатыры (1997), Ленин сыйлыгынын (1963), СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын (1983), Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын (1976) жана ошондой эле көптөгөн эларалык сыйлыктардын лауреаты; Европалык илим, искусство жана адабият академиясынын (Париж, 1980) жана Бүткүл дүйнөлүк илим жана искусство академиясынын (Стокгольм, 1982) академиги; Жогорку Советтин VII – ХII чакырылыштарынын депутаты (1966-жылдан баштап), СССРдин Президентинин Кеңешчиси (1986 – 1990), СССРдин, андан кийин Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчиси, Европалык Союз менен ЮНЕСКОдогу Туруктуу өкүл (1990 – 2008).

А. прозаик жана публицист, орус жана кыргыз тилдеринде жазган. «Жамийла» (1958), «Биринчи мугалим» (1962), «Саманчынын жолу» (1963), «Жаныбарым Гулсары» (1966), «Ак кеме» (1970) ж. б. повесттердин; «Кылым карытар бир күн» (1980), «Кыямат» (1984), «Кассандра тамгасы» (1994), «Вечная невеста» (2006) романдарынын; «В соавторстве с землею и водою...» (1978), «Статьи, выступления, диалоги, интервью» (1988), «Реквием улетающей стаи» (2003) ж.б. публицистикалык жыйнактардын автору. А. чыгармачылыгы толугураак 7 томдук чыгармалар жыйнагында (1998) берилген. А. азыркы замандагы эң көп басылып чыккан классиктеринин бири. ЮНЕСКОнун маалыматтары боюнча, анын китептери дүйнөнүн 165 тилине которулган. А. чыгармаларын украин тилине которгон котормочулар: М. Шумило, А. Осипчук, И. Шербина, В. Иконников ж. б. А. чыгармачылыгын изилдеген украин изилдөөчүлөрү: Л. Новиченко, Е. Шаблиовский, Н. Кузякина, П. Сердюк, А. Погрибный, А. Хорунжий, О. Мацай ж. б. Украин тилиндеги А. толук басылышы – 2 томдук тандалган чыгармалар (1983). А. көпчүлүк чыгармалары драмалык жана опера театрларында, кино жана телекөрсөтүүлөрдө, анын ичинде Украинадагы сахналык, экрандык, музыкалык жанрда ишке ашкан.

А. Шевченконун чыгармачылыгынын чоң билгичи, баалоочусу жана жайылтуучусу, ал тууралуу бир нече макалалардын автору: Кобзардын туулганынын 150-жылдыгына арналган «Днепрдей түгөнгүс» (1964); «Робiтничої газетинин» суроо-конкурсунун (1971) лауреаты катары «Элдин генийи» (1972), «Акындын ички күнү» (1982) макаласында ж. б. булактарда чыккан.

Шевченко А. үчүн гениалдуу акын гана эмес – элдик гений, классик гана эмес – замандаш; улуттук гана эмес – интернационалдык сүрөткер. Украин Кобзарынын улуулугу жана өлбөстүгү кыргыз жазуучу тарабынан «Шевченко жана Днепр» образдык салыштыруу аркылуу берилет: «Ал, Днепрдей улуу. Ал, Днепрдей түбөлүктүү. Ал, Днепрдей түгөнгүс». Т. Шевченкодой улуу сүрөткөр жөнүндө ой жүгүртүү аркылуу А. өзүнүн чыгармачылык көз караштарын билдирүүгө умтулат, чыгармачылык жөнүндө сөз кылат.

Бир туугандык маданияттын өз ара байланышын өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн А. Украин ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган (1971).

Чыгарм.: Днепрдей түгөнгүс // Правда. – 1964. – 9 марта; Бүт элдерге жакын да, тууган да // Пионер. – 1964. – № 5; Таазим сага, Кобзардін жери // Робітнича газета. – 1971. – 30 жовтня; Элдин генийи // Робітнича газета. – 1972. – 20 лютого; Патриоттук эмнеден башталат? // Советская Киргизия. – 1972. – 24 февраля; Акындын ички күнү // Известия. – 1982. – 6 февраля.

Укр. которм.: Материнське поле. – Київ, 1967; Джаміля. – Київ, 1975; Рябий пес біжить краєм моря. Ранні журавлі. – Київ, 1979; Повісті гір і степів. – Київ, 1980; Твори: В 2 т. – Київ, 1983.

Адабият: Нарозя А.Г. Айтматов Шевченко жөнүндө: (Кыргыз-украин адабий байланыштардын тарыхынан // Двусторонние литературные связи в эпоху развитого социализма: Тематический сборник научных статей. – Фрунзе, 1985; Хлыпенко Г.Н. «...Түшүнүктүү болуу жана башкаларды түшүнүү» // Лит. Киргизстан. – 1986. – № 2.

Акаев Кубанычбек (7. ХI 1919, Кыргыз Республикасынын азыркы Кемин району, Кызыл-Суу а. – 19. V 1982, Фрунзе ш., азыркы Бишкек) – кыргыз акыны жана котормочу, Кыргыз ССРинин маданиятына Эмгек сиңирген кызматкер. «Тоо ыры» (1945), «Достук» (1955), «Турмуш дастандары» (1967), «Звёзды» (1974), «Майрам» (1981) жыйнактардын автору. Украин акындарын: Д. Билоусту, М. Нагнибеданы, Д. Павлычкону, Л. Первомайскийди которгон. А. ырларын украин тилине П. Тычина, Д. Павлычко, И. Гончаренко которушкан. А. чыгармачылыгында Украинага анын ичинде Шевченкого арналган («Тараска») ырлар бар. «Поэмалар жана ырлар» (1964) Шевченко жыйнагына кирген Шевченконун «Лилея», «Русалка», «Токой, жар, буйгат...», ырларынын котормочусу.

Чыгарм.: Горная песня: Стихи и поэмы. – Фрунзе: Киргосиздат, 1957.

Адабият: Хлыпенко Г. Акын Таразиге гүлтаажы: Шевченко кыргыз поэзиясында // Иссык-Кульская правда. – 1984. – 7 марта.

Асаналиев Кеңешбек (10. VI 1928, Кыргыз Республикасынын Сокулук айылы, азыркы Шопоков ш. – 12. II 2007, Бишкек ш.) – кыргыз адабиятчысы жана сынчы, филология илимдеринин доктору, профессор. Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу (2004). Улуттук адабият тарыхы боюнча изилдөөлөрдүн автору: «Кыргыз совет прозасынын очерки» (1960, 1962), «Открытие человека современности» (1968), «Движение во времени» (1978), «Аил Шекер и космос (Ч. Айтматов: Художественная семантика образов)» (2004) ж. б.

Алгачкы этаптагы (1930 – 1950-жж.) эки улуттук адабияттын өз ара аракеттенүүсүнүн панорамасын пайда кылган кубулуштар менен фактылар системалаштырылган «Украина менен кыргыз элдеринин адабий байланышындагы кээ бир маселелер» (1954) очерки илимий кызыгууну жараткан. Алардын ичинен маанилүүлөрү: украин акындарын кыргыз тилине котормолор (И. Франко, Л. Украинка, П. Тычина, М. Бажан, М. Рыльский, П. Воронько, В. Сосюра ж. б.), кыргыз адабиятында украин тематикасынын чагылдырылышы (Ж. Бөкөнбаевдин «Украина мейкининде», А. Осмоновдун «Менин энем» поэмасы жана К. Маликовдун «Достук жана махабат», Т. Сыдыкбековдун «Биздин замандын кишилери», К. Баялиновдун «Көл боюнда» ж. б.) романдары, республиканын сахналарындагы украин драматургдарынын пьесалары боюнча постановкалар ( А. Корнейчуктун «Эскадранын кыйрашы», «Платон Кречет», «Украинанын талааларында», Я. Галандын «Алтын бүркүттүн алдында», В. Минконун «Фамилияларды атабай» ж. б.). Бул фактыларды байланыштырган звено болуп Шевченкодон калган чыгармачыл мурас эсептелет. Очеркте К. Маликов, С. Сасыкбаев жана А. Токтомушев которгон Шевченконун кыргыз тилиндеги ырлары, Ж. Бөкөнбаевдин «Тарастын бейитинде» поэмасы, кыргыз акыны Токтогул менен Шевченконун чыгармачылыгындагы типологиялык окшоштуктар анализделет.

Көркөм котормо маселелери ошондой эле «Украина классикалык жана советтик адабият кыргыз тилинде» (1954), «Шевченко кыргыз тилинде» (1955) макалаларында каралган. Акыркы макала III илимий шевченколук конференцияда жасалган докладдын негизинде жазылган (Киев, 1954).

Чыгарм.: Украина менен кыргыз элдеринин байланышындагы кээ бир маселелер // Известия Киргизского филиала АН СССР. – Вып. ХI. – Фрунзе, 1954; Украина классикалык жана советтик адабият кыргыз тилинде // Советтик Кыргызстан. – 1954.– № 1; Шевченко кыргыз тилинде // Збірник праць ІІІ наукової Шевченківської конференції. – Київ, 1955.

Аскаров Теңдик (18. ХII 1937, Кыргыз Республикасынын азыркы Токтогул району, Кызыл Өзгөрүш а.) – кыргыз адабиятчы жана сынчы, коомдук жана мамлекеттик ишмер. Философия илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти; Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун башкармалыгынын биринчи катчысы жана СССРдин Жазуучулар союзунун башкармалыгынын катчысы (1971 – 1986); Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин председатели (1980 – 1985), Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин VIII – ХI чакырылыштарынын (1971 – 1987) депутаты. «Высокое призвание критики» (1972), «Восхождение к зрелости» (1976), «Эстетическое постижение мира» (1982), «Эстетическая оценка словесного творчества» (2001) ж. б. сын, эстетика жана көркөм маданият боюнча илимий иштердин автору.

«Восхождение к зрелости» адабий-сын жыйнагындагы эмгектердин арасында украин-кыргыз адабиятынын декадасына арналган «Түбөлүк мүрөк булагы» макаласы жарыяланган. Ал декаданын иш чараларында Т. Шевченконун мекенине эки күнгө баруу каралган. Кобзарь туулуп өскөн унутулгус жерлерге баруу, Каневскийдин «Т.Г. Шевченконун бейити» Мамлекеттик музей-коругуна экскурсия, Кобзардын эстелигине гүл коюу, Тарас тоосундагы досчулук митинги кыргыз жазуучулары үчүн эстен кеткис окуялар болуп калды.

А. Абакиров менен авторлошто А. украин тилинде «Братерство народiв – братерство культур» (1978) китебин чыгарган. Анда 30-жылдардан баштап кыргыз-украиндик маданий жана адабий байланыштарынын тарыхы чагылдырылган. Негизги көңүл Кыргызстандагы украин адабиятынын (1968) жана Украинадагы кыргыз адабиятынын декадаларына (1971), көркөм өз ара котормолорго, кыргыз жазуучуларынын украин турмушуна жана украин жазуучуларынын кыргыз темасына арналган чыгармаларына бурулган. Ушул контекстте Шевченко темасы (Шевченконун кыргыз тилине котормолору, кыргыз сахнасындагы «Назар Стодолянын» коюлушу, кыргыз акындарынын Кобзарга арналган ырлары) каралат.

Бир туугандык маданияттын өз ара байланышын өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн А. Украин ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган (1971).

Чыгарм.: Восхождение к зрелости: Литературно-критические статьи. – Фрунзе: Кыргызстан, 1976; Братерство народів – братерство культур: Нарис про розквіт соціалістичної культури Киргизької РСР. – Київ: Дніпро, 1978 (А. Абакиров менен авторлоштукта).

Байзаков Түмөнбай (23. IХ 1923, Кыргыз Республикасынын азыркы Сузак району, Бокей а. – 10. IV 1992, Фрунзе ш., азыркы Бишкек) – кыргыз акыны жана котормочу. «Паризат» (1968), «Самай берем» (1973), «Оттуу курак» (1975), «Зелёная карусель» (1982), «Өмүр беренеси» (1986), «Күз жана сүйүү» (1990) ж. б. жыйнактардын автору. Б. котормосунда М. Рыльскийдин «Ырлар» (1966, 1978) жыйнагы эки жолу басылып чыккан. Андан тышкары Б. Л. Украинканын, И. Драчтын, Е. Летюктун, В. Лучуканын, А. Кичинскийдин, М. Федунцтун ырларын которгон. Б. ырларын украин тилине Г. Донец которгон.

Б. Шевченко тууралуу эки макаланын автору. Бири – Шевченконун «Поэмалар жана ырлар» (1964) жыйнагына «Украина элинин Кобзары» аттуу киришүү макаласы, башкасы – акындын туулган күнүнүн 150 жылдыгына карата жазылган «Улуу Кобзарь – бүткүл элдин сыймыгы». Эки макала тең Шевченконун өмүрү жана чыгармачылыгы, анын кыргыз элинин көркөм маданияты үчүн мааниси тууралуу жазылган очерктер.

Чыгарм.: Украина элинин Кобзары // Шевченко Т. Поэмалар жана ырлар. – Фрунзе: Кыргызстан, 1964; Улуу Кобзарь – бүткүл элдин сыймыгы // Ала –Тоо. – 1964, № 3.

Кырг. которм.: Рыльский М. Ырлар. – Фрунзе: Кыргызстан, 1966; Рыльский М. Ырлар. – 2— басылышы. – Фрунзе: Кыргызстан, 1978; Украинка Л. Ырлар жана поэмалар. – Фрунзе: Кыргызстан, 1971 (авторлоштукта).

Бөкөнбаев Жоомарт (16. V 1910, Кыргыз Республикасынын азыркы Токтогул району, Мазар-Сай а. – 1. VII 1944, Ысык-Көл району, Чоң-Сары-Ой а.) – кыргыз адабиятынын негиз салуучуларынын бири, акын жана драматург. «Алтын кыз» (1935), «Комуз» (1938), «Өмүр» (1940), «Ажал менен Ар-намыс» (1943), «Чабуул» (1944) ж. б. поэтикалык жыйнактарынын, «Алтын кыз» (1937), «Каргаша» (1939) музыкалык драмалардын текстберинин, «Айчүрөк» (1937, авторлоштукта) жана «Токтогул» (1939) операларынын либреттосунун автору.

Б. чыгармачылыгында украиндик тематика Улуу ата мекендик согуштун учурунда чагылдырылган. 1942-жылы Украинаны фашисттик аскерлер оккупацияга алышкан учурда Б. «Тарастын бейитинде» поэмасын жараткан. Чыгарманын композициялык негизи – Кобзарь менен Днепрдин диалогу. Днепр элдик каардын, ал эми Шевченко – элдик духтун бекемдигинин символу катары элестетилип көрсөтүлөт. 1943-жылы Б. бир тууган республикага эл-чарбалык жардам көрсөтүү, ошондой эле кыргызстандык аскерлер менен жолугушуу максатын көздөгөн Кыргыз ССРинин делегациясынын составында Украинага барган. Б. бул иш сапарынын чыгармачыл жыйынтыгы «Украина мейкининде» аттуу аскердик-жол очерки болду.

Чыгарм.: Тарастын бейитинде: Поэма // Кызыл Кыргызстан. – 1942. – 10-июнь; Украина мейкининде: Очерк // Советтик Кыргызстан. – 1944. – № 1.

Адабият: Керимджанова Б. Путь поэта. – Фрунзе: Изд-во АН Кирг. ССР, 1960; Хлыпенко Г. Жоомарт Бөкөнбаев жана Украина: (Кыргыз-украин адабий байланыштардын тарыхынан) // Материалы международной научно-технической конференции «Проблемы и перспективы интеграции образования» – Бишкек, 1998.

Егиналиев Санжи (9. ХII 1925, Кыргыз Республикасынын азыркы Сокулук району, Шалта а.) – кыргыз акыны, прозаик, адабиятчы. «Ак кайың» (1963), «Эненин үмүтү» (1976), «Эл согушту жек көрөт» (1985) ж. б. поэтикалык жыйнактардын, «Марийка» (1967), «Кызыл калем» (1983) ж. б. прозаикалык жыйнактардын, «Райкан Шүкүрбеков. Чыгармачылык жолу» (1971) монографиянын автору. Шевченконун «Көк деңизге көп суу куят...», «Санаа (Бул турмушта жашоо кыйын...», «Перебендя», «Иван Подкова», «Гоголго», «Кичинекей Марьянага», «Чынын айтсам, дагы бир...», «Үйдүн алды алчалуу бак...», «Анда мен он үч жашта элем...», «Өзүңдүн үйүң, үйүңдө...», «Ак кайыңдуу жыш токой...», «Атам жатыр көрүндө уктап...», «Сүргүндө жүрөм күн-түнү санайм...» ырларынын котормочусу. Бул ырлардын бардыгы «Поэмалар жана ырлар» (1964) шевченко жыйнагына кирген.

Которм.: Шевченко Т. Поэмалар жана ырлар. – Фрунзе: Кыргызмамбас, 1964 (авторлоштукта).

Жусуев Сооронбай ((15. V 1925, Кыргыз Республикасынын азыркы Кара-Кулжа району, Кызыл-Жар а.) – белгилүү кыргыз акыны жана котормочу. Кыргыз ССРинин эл акыны (1981), Кыргыз Республикасынын Баатыры (2007). «Өмүр жазы» (1955), «Көңүл күүлөрү» (1966), «Горные зори» (1972), «Золотая чинара» (1982), «Күмүш жылдыз» (1991) ж. б. жыйнактардын, «Курманжан-датка» (1994) ыр менен жазылган романдын, «Канат менен Зарина» (2003) поэмасынын автору. Ж. украин тилине Б. Степанюк, Е. Летюк, В. Науменко ж. б. акындар которгон. Кыргыз тилине Ж. Л. Украинканы, П. Грабовскийди, И. Франкону, П. Тычинаны, В. Сосюраны, Б. Степанюкту, Д. Павлычкону, Б. Олейникти ж. б. акындарды которгон.

Ж. Шевченконун «Катерина» поэмасын жана «Ой (Көк деңизге дайра куят...», «Ой (Бул дүйнөдө жетим үчүн...», «Кобзарь (Перебендя), «Осуят», «Не карардың, жашыл талаа...», «Кең өрөөндү керилген...», «Жаштыгым өттү күнү-түн...» ырларынын котормочусу. Алар «Кобзардын» акыркы басылышына (Бишкек, 1990; Київ, 2004) кирген.

Украин тематикасы Ж. чыгармачылыгында «Украин дептери» (1975) циклы менен берилген. Ага 8 ыр, анын ичинде «Тарас Шевченкого» деген арноо жана «Жолугуулар» (1976) поэмасы кирген.

Ж. Шевченко тууралуу бир нече макаланын автору. Акындын туулган күнүнүн 150 жылдыгына арналган «Шевченконун өмүрү элде» жана «Силердин жана биздин Шевченко» (1964) макалалары. «Тарас Шевченконун мекенинде» деген макала – Ж. Шевченконун «Эркин, жаңы үй-бүлөдө» (1982) майрамына барганы тууралуу аңгеме. Ал Ж. Украинага дагы башка барганы жөнүндөгү «Бардык жерде бир үй-бүлө сезими» жол очеркине кирген. Белгиленген макалалар Т. Шевченконун украин жана кыргыз элдеринин рухий маданияттарындагы ордун аныктаган панорама сүрөттөсү боло алат.

Бир туугандык маданияттын өз ара байланышын өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн Ж. Украин ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Чыгарм.: «Украина дептери // Кыргызстан маданияты. – 1975. – 2-январь; Шевченконун өмүрү элде // Ала-Тоо. – 1964. – № 3; Силердин жана биздин Шевченко // Жовтень. – 1964. – № 3; Бардык жерде бир үй-бүлө сезими: (Жол таасирлери) // Кыргызстан маданияты. – 1982. – 20-май; Кобзардын жеринде // Советская Киргизия. – 1982. – 12 декабря.

Которм.: Шевченко Т. Кобзарь: Ырлар жана поэмалар. – Фрунзе: Адабият, 1990; Київ, 2004 (авторлоштукта); Тычина П. Элдердин достугу: Ырлар жыйнагы. – Фрунзе: Кыргызмамбас, 1954; Үч акындын ырлары: [Л. Украинка, П. Грабовский, И. Франко]. – Фрунзе: Кыргызмамбас, 1954 (авторлоштукта); Украинка Л. Ырлар жана поэмалар. – Фрунзе: Кыргызстан, 1971 (авторлоштукта); Степанюк Б. Таазим, Кыргызстаным! – Фрунзе: Кыргызстан, 1972 (авторлоштукта); Степанюк Б. Саламатсыңбы, Ала-Тоо!: Ырлар. – Фрунзе: Кыргызстан, 1983 (авторлоштукта).

Укр. которм.: Жусуев С. Золота чинара: Поезії. – Київ: Радянський письменник, 1986.

Адабият: Хлыпенко Г. Акын Таразиге гүлтаажы: Шевченко кыргыз поэзиясында // Иссык-Кульская правда. – 1984. – 7 марта; Апышев М. Сооронбай Жусуев. – Бишкек: ЖЗЛК, 2005.

Кулбатыров Дүйшөн (17. IX 1927, Кыргыз Республикасынын азыркы Ысык-Ата району, Социал а. – 17. VIII 2004, Сокулук району, Ново-Павловка а.) – кыргыз жазуучусу жана котормочу. «Орус-кыргыз адабий байланышы» (1967), «Көркөм котормодогу чеберчилик маселелери» (1974) ж. б. эмгектердин автору. Ал украин адабияты жөнүндө бир нече макалаларды жазган: «Рухий боордоштор», «Боордош Украинанын адабияты» (экөө тең – 1968), ошо менен бирге XVI Шевченкого арналган конференциядагы (1967) докладдын негизинде жазылган «Шевченко жана кыргыз адабияты» макаласы. Аталган макалалардын негизги пафосу – кыргыз-украина адабий байланыштарынын өнүгүшүндөгү Шевченконун ролу.

Чыгарм.: Рухий боордоштор // Советская Киргизия. – 1968. – 28 сентября; Боордош Украинанын адабияты // Кыргызстан маданияты. – 1968. – 9-октябрь; Шевченко жана кыргыз адабияты // Збірник праць XVI наукової Шевченківської конференції. – Київ, 1969.

Маликов Кубанычбек (16. IX 1911, Кыргыз Республикасынын азыркы Аламүдүн району, Үч-Эмчек а. – 9. XII 1978, Фрунзе ш.) – кыргыз адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири, акын жана драматург. Эл акыны (1969) Кыргызстандын маданиятына Эмгек сиңирген ишмер (1947), Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1978).

М. «Кубанычбектин ырлары» (1938), «Канга кан» (1942), «Ала-Тоо – моя Отчизна» (1958), «Эртеңкини ойлонуу» (1964), «Алтын жип» (1973) ж. б. ыр жыйнактарынын; «Биздин жер» (1950), «Пьесалар» (1968) ж. б. драматургиялык жыйнактарынын; «Замандаштарым жана калемдештерим» (1964) мемуар, ошондой эле Украина темасына арналган «Достук жана махабат» поэмасынын автору. Украин акындары Б. Степанюк жана Б. Олейниктин чыгармаларын которгон. Украин окурмандарына Б. Степанюктун котормолору аркылуу таанылган.

М. Кыргызстанга Шевченкону таанытуучулардын алгачкыларынын бири. 1938-жылы украин акынынын туулганынын 125 жылдыгы белгиленгенде, ал кыргыз адабиятында биринчи болуп Кобзарь жөнүндө «Тарас Шевченко менен сүйлөшүү» ырын, С. Сасыкбаев жана А. Токтомушев менен авторлоштукта Шевченконун «Кобзарь» аттуу биринчи китебин кыргыз тилинде жарыкка чыгарган. 1964-жылы М. Шевченконун туулганынын 150 жылдыгына арналган СССРдин жана УССРдин жазуучулар союзунун бириктирилген Пленумунда сөз сүйлөгөн.

М. Шевченконун чыгармаларынын котормочусу: «Гайдамактар» (үзүндүлөр) жана «Кавказ» поэмалары, «Терек», «Эрксизден оор кайгы жок…», «Мен четте өстүм…», «Эсеби жок боломун…», «Көз жетпеген мейкин түз…», «Мынакей, биз да бүттүк даярданып…» ырлары. Алар Шевченконун кыргыз тилинде жарык көргөн «Кобзар» (1939), «Ырлар жана поэмалар» (1954), «Поэмалар жана ырлар» (1964) үч китебине кирген.

М. Шевченкого арналган ырлардын автору. Анын «Тарас Шевченко менен сүйлөшүү» украин Кобзарынын жана кыргыз акыны Токтогулдун чыгармачылыктарындагы типологиялык окшоштуктары жөнүндө ой көтөрдү. 1964 жылы Украинага, Шевченконун туулганына 150 жылдыка барып келгенден кийин «Украина дептери» аттуу негизин Шевченкого арналган чыгармалар түзгөн ыр түрмөгүң жараткан: «Тарас тоосунда», «Жети жүз жаштагы чынар», «Осуят», «Гүлдөгөн таш», «Жакын кишим», «Бет алдыңда бүгүн ким бар, карагын…». «Украина дептеринин» көркөм пафосу – эл эсинде, бүткүл адамзаттын рухий турмушунда Шевченконун өлбөстүгү.

Андан тышкары, М. Шевченкого арнап бир нече макала жазган. Аларда Кобзардын чыгармачылык феномени жөнүндө ой жүгүртүлгөн: «Украина элинин улуу акыны», «Баатыр акын» (экөө тең 1939), «Тарас жөнүндө ойлонуу», «Тарас туралуу ой» (экөө тең 1964).

Чыгарм.: Тарас Шевченко менен сүйлөшүү // Кызыл Кыргызстан. – 1939. – 9-март; Украина дептери // Маликов К. Эртеңкини ойлонуу: Ырлар, поэмалар. – Фрунзе: Кыргызстан, 1964; Украина элинин улуу акыны // Ленинчил жаш. – 1939. – 29-январь; Украина элинин улуу акыны // Шевченко Т. Кобзар: (Ырлар жана поэмалар). – Фрунзе – Казань: Кыргызмамбас, 1939; Баатыр акын // Кызыл Кыргызстан. – 1939. – 9-март; Тарас жөнүндө ойлонуу // Ала-Тоо. – 1964. – № 3; Тарас туралуу ой // Советская Киргизия. – 1964. – 8 марта.

Которм.: Шевченко Т. Кобзар: (Ырлар жана поэмалар). – Фрунзе – Казань: Кыргызмамбас, 1939 (авторлоштукта); Шевченко Т. Ырлар жана поэмалар. – Фрунзе: Кыргызмамбас, 1954 (авторлоштукта); Шевченко Т. Поэмалар жана ырлар. – Фрунзе: Кыргызстан, 1964 (авторлоштукта).

Адабият: Хлыпенко Г. Акын Таразиге гүлтаажы: Шевченко кыргыз поэзиясында // Иссык-Кульская правда. – 1984. – 7 марта.

Нарозя Владимир Владимирович (22. II 1961, Украина Тернополь облусу, Чорткив ш.) – Кыргыз Республикасынын маданий жана коомдук ишмери, Украинанын маданиятына Эмгек сиңирген ишмер (2006). Кыргыз Республикасындагы «Берегиня» (1993) украиналык коомунун уюштуруучусу жана төрагасы, «Барвинок» украина элдик ансамблинин көркөм жетекчиси (1990), «Берегиня» радиоберүүсүнүн редактору жана алып баруучусу (1998), «Берегиня» газетасынын башкы редактору (2006).

Н. «Берегиня» коомунун маданий-агартуу, билим берүү жана маалыматтык ишмердүүлүктөрүн уюштуруу менен, кыргыз-украин маданий жана адабий байланыштардын контекстинде Т. Шевченконун чыгармачылыгын даңазалоо жана үйрөнүүнү жайылтууга көп көнүл бөлгөн. Көп улуттун өкүлдөрү катышкан Шевченконун юбилейлерин, даталуу күндөрдү, поэзия кечелерди, адабий-музыкалык композицияларды, көркөм көргөзмөлөрдү өткөрүү салтка айланды. Эки элдик улуу акындар Тарас Шевченконун туулган күнүнүн 180 жылдыгына жана Токтогул Сатылгановдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына арналган «Кыргыз-Украин достугунун кечеси» коомчулук тарабынан чоң резонансты жаратты (1994). Шевченко темасы украин, орус, кыргыз тилдеринде «Берегиня» радиоберүүсүндө туруктуу берилип келе жатат. «Шевченконун жашоосундагы үч туулган күн», «Кобзарь жана Украина», «Шевченко казахстандын талааларында», «Шевченконун чыгармачылыгында аялдардын образдары», «Ыйыктык: Шевченко замандаштарыбыздын өмүрүндө» ж. б. берүүлөр көп үн кошууларды жаратты.

Кыргыз-Россия славян университетиндеги түзүлгөн украинистика (азыр Шериктеш өлкөлөрүнүн) кафедрасы «Берегиня» коомунун жакшы иштеп туруусуна өбөлгө болуп турат. Ошондой эле, Бишкек гуманитардык университетинде украин тилин жана маданиятын үйрөнүү борбору, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын имаратындагы «Берегиня» коомунун офисинде украинистика кабинети уюштурулган. Кыргыз-Россия славян университетинин гуманитардык факультетинде украин тили экинчи славян тили катары үйрөтүлөт; украин адабияты негизги бөлүгү болгон «Славян элдеринин адабиятынын тарыхы» курсу окулат; «Кыргызстандагы украиналык этнос: тарых, материалдык жана рухий маданият» аттуу илимий тема иштелүүдө.

Чыгарм.: Диаспора шартында жашаганды үйрөнүп жатабыз: Кыргызстандагы «Берегиня» украин коомунун 10 жылдыгына карата // Украинцы в Кыргызстане: Статьи. Исследования. Материалы / Ред.-сост. Г.Н. Хлыпенко. – Вып. 1. – Бишкек: Просвещение, 2003; «Берегиня» Кыргызстандын радиотолкундарында // Украинцы в Кыргызстане: Статьи. Исследования. Материалы / Ред.-сост. Г.Н. Хлыпенко. – Вып. 2. – Бишкек: Просвещение, 2006.

Адабият: Денисенко Е. Эпоха эки улуу тагдырларда жашаган // Слово Кыргызстана. – 1994. – 29 марта; Лачко Е. «Кобзарь» Манастын тилинде // Вечерний Бишкек. – 1998. – 11 марта; Денисенко Е. Шевченко күндөрү // Вечерний Бишкек. – 2002. – 8 марта; Грищук Е. Кобзарь акындар мекенинде // Московский комсомолец в Кыргызстане. – 2002. – 14 – 21 марта; Марченко А. Кобзардын туулган күнү // РИФ. – 2002. – 15 марта; Владин Е. Акынды эстеп… // Вечерний Бишкек. – 2004. – 17 марта; Шевченко күндөрү Кыргызстанда // МСН. – 2008. – 11 марта.

Озмитель Евгений Кузьмич (9. VIII 1926, Казахстан Республикасы, Алматы ш. – 7. I 1994, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.) – кыргызстандык сынчы, адабият таануучу, филология илимдеринин доктору, профессор. Теоретик жана адабият тарыхчысы, кыргыз адабиятынын улуттар аралык байланышын изилдөөчү; «Литература горного края» (1971), Киргизская литература и современный литературный процесс» (1975), «Наследие классики и киргизская литература» (1980), «Обновленная суть национальной поэзии» (1984), «Человек и литература в обновляющемся мире» (1997) ж. б. эмгектердин, изилдөөлөрдүн автору.

О. илимий изилдөөлөрүндө кыргыз-украин элдеринин адабий байланыштары темасы маанилүү орунду ээлейт. Бул темага эки макаласы арналган: «Достукка жооп – достук кана болот (Кыргыз-украин адабий байланыштар жөнүндө)» (1971) жана «Кыргыз-украин адабий байланыштар» (1980). Бул теманын контекстинде О. Шевченконун чыгармачылыгына, анын чыгармаларынын кыргыз тилиндеги котормолоруна, кыргыз поэзиясындагы Кобзардын образынын кайра жаралышына кайрылат.

Чыгарм.: Литература горного края: Сборник статей. – Фрунзе: Кыргызстан, 1971; Наследие классики и киргизская литература. – Фрунзе: Кыргызстан, 1980.

Садыков Абдыкадыр (25. X 1933, Кыргыз Республикасынын азыркы Ат-Баши району, Кара-Суу а.) – кыргыз сынчысы жана адабият таануучу. Филология илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, илимге Эмгек сиңирген ишмер (1994), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2003), Айтматовдун коомдук академиясынын академиги (1994). «Кыргыз совет адабиятындагы улуттук жана интернационалдык проблемасы» (1969), «Эл достугу – адабияттардын достугу» (1977), «Единые по духу и цели» (1982), «Башаттар жана жаңычылдык» (1993), «Кыргыз поэзиясы орус тилинде» (2005) эмгектердин автору.

С. Кыргыз-украин адабиятындагы байланыштарды үйрөнүү менен алектенген. Ал Шевченконун туулган күнүнүн 150 жылдыгына арналган «Кыргыз-украин элдеринин достугунун чагылдырылышы» (1968) жана «Революциячыл-демократ» (1964) аттуу макалалардын автору.

С. украин тилинде чыккан Шевченконун 2 томдуу сөздүгүнүн автордук тобуна кирген (1976 – 1977).

Чыгарм.: Революциячыл-демократ // Коммунист. – 1964. – № 3; Кыргыз-украин элдеринин достугунун чагылдырылышы // Советтик Кыргызстан. – 1968. – 6-октябрь; Кыргыз адабияты жана Т.Г. Шевченко // Шевченківський словник: У 2 т. Т.1. – Київ, Головна редакція УРЕ, 1976.

Садыков Жалил (23. Х 1932, Кыргыз Республикасынын азыркы Кемин району, Кичи-Кемин а.) – кыргыз акыны жана драматург. Искусствого эмгек сиңирген ишмер (1988), Кыргыз ССРинин Мамлекеттик премиясынын лауреаты (1968). «Жайкы таңда» (1961), «Сары өзөн» (1966), «Топ жылдыздар» (1973 – 74), «Аккан суу» (1984) ж. б. поэтикалык жыйнактардын, «Пьесалар» (1976), «Манастын уулу Семетей» (1982), «Айкөл Манас» (1995) ж. б. драматургиялык жыйнактардын автору. Кыргыз тилине Л. Украинка, Б. Степанюк, И. Билый, Н. Гнатюк, А. Ненцинскийлердин чыгармаларын которгон. Украин тилине С. чыгармаларын акын Ю. Петренко которгон.

С. Шевченконун «Жалданган аял» поэмасын жана «Талаада өскөн тал чөптөй…», «Жарларга катар жар жатат…», «Жашаймбы, Украинада…», «Энекең менен кал дешти…», «Ырбатып жүрөк жарасын…», «Үч айрык жол», «Жаңы үйлөнгөн жубайлар…», «Билбесем да эркиндик эмне экенин…», «Чалгычы», «Биз кайрылып жолугушаар күн барбы…», «Уйку келбейт, а түн, деңиз сыңары…», «Жашыл талаа, эмнеликтен…», «Өрөөндө жүргөн туманча…» ырларын которгон. Алар «Поэмалар жана ырлар» (1964), «Кобзарь» (Бишкек, 1990; Київ, 2004) Шевченко жыйнактарына кирген.

Которм.: Шевченко Т. Поэмалар жана ырлар. – Фрунзе: Кыргызмамбас, 1964 (авторлоштукта); Шевченко Т. Кобзарь: Ырлар жана поэмалар. – Фрунзе: Адабият, 1990; Київ, 2004 (авторлоштукта); Украинка Л. Ырлар жана поэмалар. – Фрунзе: Кыргызстан, 1971 (авторлоштукта).

Самаганов Жээнбай (1915, Кыргыз Республикасынын азыркы Ак-Суу району, Ичке-Жергез а. – 1. VI 1980, Фрунзе ш., азыркы Бишкек) – кыргыз сынчысы жана адабият таануучу. «Горький и киргизская литература» (1958), «Максим Горький: Өмүр жолу, чыгармачылыгы» (1975) монографиялардын, «Советтик Кыргызстан жазуучулары» кыргыз (1958, 1962, 1976) жана орус (1958, 1969) тилдериндеги био-библиографиялык маалыматтагычтардын автору.

С. Кыргызстанда Шевченконун чыгармачылыгын даңазалоо жана үйрөнүүгө чоң салым кошкон. «Украин адабияты кыргыз тилинде» (1954) макаласында Кобзардын чыгармаларынын котормолору анализденет. Акындын өлгөн күнүнүн 100 жылдыгына карата С. «Тарас Шевченко» жана «Украина элинин акыны» деген эки макала – кыскача очерктери жарыкка чыккан.

Чыгарм.: Украин адабияты кыргыз тилинде // Ленинчил жаш. – 1954. – 23-май; Тарас Шевченко // Мугалимдер газетасы. – 1961. – 10-март; Украина элинин акыны // Ала-Тоо. – 1961. – № 3.

Сасыкбаев Саткын (25. IX 1907, Кыргыз Республикасынын азыркы Кемин району, Карагайлуу-Булак а. – 4. IV 1997, Бишкек ш.) – кыргыз прозаиги, публицист, котормочу, Кыргыз ССРинин маданиятына Эмгек сиңирген ишмер (1974). «Фабрика кызы» (1955) повестинин, «Түпкүрдөгү нур» (1958, 1967) романдын, «Күжүрмөндөр» (1961), «Бийиктен бийикке» (1977), «Жоготуунун эсеси» (1987) ж. б. аңгеме менен очерктер китептеринин автору.

Кыргызстанда Шевченконун көркөм чыгармачылыгын өздөштүрүү С. ысмы менен байланыштуу. 1939-жылы К. Маликов жана А. Токтомушев менен авторлоштукта Шевченконун биринчи котормо жыйнагын жарыкка чыгарган. Киев шаарында өткөн украин акынынын туулган күнүнүн 125 жылдыгына арналган советтик жазуучулар союзунун башкармалыгынын Шевченко пленумунун ишине катышкан. Кийин ал «Ырлар жана поэмалар» (1954), «Поэмалар жана ырлар» (1964) аттуу Шевченконун котормолор жыйнагынын автордук коллективине да кирген. Жалпысынан С. «Марьяна Черница» поэманы жана «Муза», «Ардак», «Түш (Мырзанын талаасында оргон эгин…)», «Көз тийбесин, ден соолугум жаман эмес…», «Он бир псалманы туроо», «Марк Вовчке» ырларын которгон. Андан тышкары, С. «Тарас Шевченко» кинофильмине рецензия жазган (1951).

Чыгарм.: Улуу акын Т.Г. Шевченко жөнүндө фильм // Кызыл Кыргызстан. – 1951. – 27-декабрь.

Которм.: Шевченко Т. Кобзар: (Ырлар жана поэмалар). – Фрунзе – Казань: Кыргызмамбас, 1939 (авторлоштукта); Шевченко Т. Ырлар жана поэмалар. – Фрунзе: Кыргызмамбас, 1954 (авторлоштукта); Шевченко Т. Поэмалар жана ырлар. – Фрунзе: Кыргызстан, 1964 (авторлоштукта).

Токомбаев Аалы (7. XI 1904, Кыргыз Республикасынын азыркы Кемин району, Кайыңды а. – 19. VI 1988, Фрунзе ш., азыркы Бишкек) – кыргыз элинин жазуучусу, улуттук адабиятты негиздөөчүлөрүнүн бири, коомдук жана мамлекеттик ишмер. Кыргызстан Эл акыны (1945), Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы (1934 – 1949, ар мезгилде), Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын академиги (1954), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974), Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1967), Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргызстан КП БК-нин мүчөсү.

Т. акын, прозаик, драматург. «Абалкы ырлар» (1934), «Алга» (1942), «Турмуш» (1955), «Мезгил үнү» (1965), «Жылдызым» (1976), «Надежда» (1983) ж. б. ыр жыйнактардын, «Өз көзүм менен» (1952), «Мелодии комуза» (1962), «Республикам» (1975) ж. б. поэмалардын, «Күүнүн сыры» (1940), «Жараланган жүрөк» (1941), «Мезгил учат» (1947), «Солдат элек» (1965) ж. б. повесттердин, «Таң алдында» (1962) ыр менен жазылган романдын, «Ант» (1943), «Тергөө жүрүп жатат» (1962) пьесалардын автору. Украин тилине Т. Б. Степанюк, Л. Первомайский, П. Воронько, Д. Павлычко, П. Ребро, Ю. Петренколор которгон.

Украина темасы Т. чыгармачылыгында 1930-жылдарда Батыш Украинадагы улуттук-боштондук кыймылы жөнүндө жазылган «Днестр терең деңизге куят» повестинде жана «Жаша, Украина!» (1947), «Улуу достук» (1954) ырларында чагылдырылган. Шевченконун чыгармачылыгын даңазалоо менен алектенип, Т. Шевченко жана заманбап, Шевченко жана кыргыз эли, Шевченко жана кыргыз адабияты деген үч теманы өркүндөтүп, орус тилинде эки макала жарыялаган: «Байкуштардын» бактылуу урпактары» жана « Ал айтмак…» (экөө тең 1961).

Чыгарм.: «Байкуштардын» бактылуу урпактары // Лит. газета. – 1961. – 9 марта; «Ал айтмак… // Советская Киргизия. – 1961. – 10 марта.

Укр. которм.: Токомбаєв А. Хвиля Іссик-Кулю: Вірші та поеми. – Київ: Радянський письменник, 1975.

Адабият: Костенко Н.В. Творчість Героя Соціалістичної Праці Токомбаєва Аали. – Київ, 1976; Хлыпенко Г. Аалы Токомбаев жана Украина // Хлыпенко Г. Чувство семьи единой: Исследования, статьи, обзоры по киргизско-украинским литературным связям. – Фрунзе: Кыргызстан, 1980; Хлыпенко Г. Акын Таразиге гүлтаажы: Шевченко кыргыз поэзиясында // Иссык-Кульская правда. – 1984. – 7 марта; Токомбаева Т. Аалы Токомбаев: Документальная повесть. – Бишкек: ЖЗЛК, 2004.

Токтомушев Абдрасул (15. VII 1912, Кыргыз Республикасынын азыркы Кемин району, Төрт-Көл а. – 4. VIII 1995, Бишкек ш.) – кыргыз акыны. Кыргызстан Эл акыны (1972), Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1974). «Күн» (1947), «Белый голубь» (1958), «Эркин саптар» (1966), «Ойноок жылдыздар» (1978), «Кутманым» (1989), «Он дастан» (1991) ж. б. ыр жыйнактардын; «Какшаалдан кат» (1937), «Жакып уулу» (1957), «Кычан» (1969), «Акыйкат соңунан» (1978) ж. б. поэмалардын; «Алтын тоо» (1968) ыр менен жазылган романдын автору.

Т. Шевченкону кыргыз тилине алгач которгондордун бири. Ал 1939 жылы К. Маликов, С. Сасыкбаев менен авторлоштукта «Кобзарды» которуп, жарыкка чыгарган. Анын котормолору Шевченконун «Ырлар жана поэмалар» (1954), «Поэмалар жана ырлар» (1964) жыйнактарына кирген. Жалпысынан Т. «Катерина» поэмасын, «Осуят», «Күндөр өтөт да, өтөт…», «Жалгызмын мен, жалгызмын…», Жолугабызбы кайрадан?..», «Ойлорум менин, ойлорум…», «Үлүш», ж. б. ырларын которгон.

Андан тышкары, Т. Шевченкого арнап «Акын Тараска» (1964) ырын жазган.

Чыгарм.: Акын Тараска // Советтик Кыргызстан. – 1964. – 8-март.

Которм.: Шевченко Т. Кобзар: (Ырлар жана поэмалар). – Фрунзе – Казань: Кыргызмамбас, 1939 (авторлоштукта); Шевченко Т. Ырлар жана поэмалар. – Фрунзе: Кыргызмамбас, 1954 (авторлоштукта); Шевченко Т. Поэмалар жана ырлар. – Фрунзе: Кыргызстан, 1964 (авторлоштукта).

Адабият: Хлыпенко Г. Акын Таразиге гүлтаажы: Шевченко кыргыз поэзиясында // Иссык-Кульская правда. – 1984. – 7 марта.

Тургунбаев Сүйөркул (12. VI 1940, Кыргыз Республикасынын азыркы Базар-Коргон району, Беш-Кадам а.) – кыргыз акыны. «Салам, жаш өмүр» (1967), «Жарыктын ыры» (1979), «Новый день» (1987), «Күндүн көзү» (2005) ж. б. ыр жыйнактарынын автору.

Т. Шевченконун «Түш», «Князь кызы», «Петрусь» поэмаларын жана «Санаа (Шамал-шамал албуут, бейбаш…)» ырын которгон. Андан сырткары, ал «Кобзардын» котормосунун түзүүчүсү (1990, 2004), кыргыз-украин адабиятынын байланыштары жөнүндө жазылган «Эки элдин адабиятынын достугу» (1971) макаланын автору.

Которм.: Шевченко Т. Кобзарь: Ырлар жана поэмалар / Түз. С. Тургунбаев. – Фрунзе: Адабият, 1990; Киев, 2004 (авторлоштукта).

Турсунов Эрнис (24. VIII 1935, Фрунзе ш., азыркы Бишкек) – кыргыз акыны, прозаиги, драматург, котормочу; Кыргыз Республикасынын Эл акыны (2005). «Гүл» (1956), «Булбул» (1965), «Бийиктик» (1973), «Чексиз сүйүү» (1983), «Автопортрет» (2004) ж. б. ырлар жыйнагынын; «Родное кочевье» (1987), «Ата журт» (1990), «Боронбай» (2004) ж. б. романдардын автору.

Т. Шевченконун «Көзү жок», «Дил курманы» поэмаларын, «Бере көрбө эч кимге…», «Көз тийгизип алганым жок…» ырларын которгон. Алар которулган «Кобзардын» акыркы басылмаларына (1990, 2004) кирген.

Которм.: Шевченко Т. Кобзарь: Ырлар жана поэмалар / Түз. С. Тургунбаев. – Фрунзе: Адабият, 1990; Киев, 2004 (авторлоштукта).

Укаев Кымбатбек (15. II 1932, Кыргыз Республикасынын азыркы Кемин району, Жаңы-Алыш а. – 14. II 1989, Фрунзе ш., азыркы Бишкек) – кыргыз сынчы, котормочу, публицист; Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер. «Турмуш жана ыр» (1968), «Сөз кудурети» (1972), «Орус сөзү» (1975), «Ыр нөшөрү» (1982) ж. б. адабий-сын китептеринин автору.

Шевченко темасы У. «Алтын жер Украина, Украина» (1968) жана «Тарази акындын ырлары» (1971) аттуу макалаларында чагылдырылган. Биринчи А. Осмоновдун сабынан алынып, аталган макалада кыргыз-украин адабий байланыштарынын жалпы картинасы көрсөтүлгөн. Анда Шевченконун чыгармачылыгы композициялык борбор болуп эсептелет. Экинчи макалада болсо, анын кыргыз адабиятындагы орду, мааниси баяндалат.

Чыгарм.: «Алтын жер Украина, Украина» // Ала-Тоо. – 1968. – № 10; «Алтын жер Украина, Украина» // Днепр толкундары: Советтик Украина жазуучуларынын чыгармаларынын жыйнагы / Түз. Ж. Абдраимов. – Фрунзе: Кыргызстан, 1968; Акын Таразинин ырлары // Літературна Україна. – 1971. – 19 жовтня.

Үмөталиев Темиркул (1. V 1908, Кыргыз Республикасынын азыркы Жаңы-Жол району, Тоо-Жар а. – 10. VI 1991, Бишкек ш.) – кыргыз акыны, улуттук адабияттын негиздөөчүлөрүнүн бири. Кыргызстандын Эл акыны (1968), Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1982). «Темиркулдун ырлары» (1936), «Жеңиш» (1946), «Ак алтын жөнүндө ыр» (1956), «Весенние струны» (1961), «Кыргыз кайрыктары» (1977), «Преображение» (1985) ж. б. ырлар жыйнактарынын; «Туратбек» (1938), «Баатыр» (1943), «Кубат» (1953), «Кызыл-Жар» (1967) ж. б. поэмалардын автору. Украин акындары М. Бажан жана П. Вороньконун чыгармаларын которгон. Ү. чыгармаларын украин тилине Б. Степанюк жана В. Швец которушкан.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда акын-фронтовик Украина аймагында согушкан. Дал ушул мезгилде Ү. чыгармачылык биографиясына Украина менен Шевченко кирген. Ү. украина темасындагы чыгармаларын поэтикалык (1941 – 1974) жана адабий-публицистикалык (1964 – 1971) эки циклга бириктирсек болот. Биринчи циклда Шевченконун ысмы алты ырында аталат жана аны «Кобзар жөнүндө ыр» (1971) жыйынтыктайт. Ал эми экинчи циклга Украинага барган сапарынын негизинде жазылган макалалар кирген. Алардын ичинен бешөө Шевченкого арналган. Бул макалалардын эң негизгилери «Эркиндикти эңсеген үн» жана «Украина эл акыны» (экөө тең 1964). Анын чыгармаларынын чордонунда үч образ берилет: Украина, Днепр, Шевченко. Ү. кабылдоосунда Шевченко «Украинанын экинчи ысмы» катары, украин элинин улуттук өзүн-өзү аңдоосунун үлгүсү, кыргыз акыны Токтогулдун рухий бир тууганы катары берилет. Кыргыз поэзиясындагы салтка ылайык Ү. Шевченкону бийик тоолорго, терең сууларга салыштырат. Шевченконун кыргыз тилиндеги юбилейлик жыйнагына (1964) Ү. «Түш (Ар кимдин өз бактысы бар…)» поэмасын которгон.

Боордош элдердин маданиятынын өз ара байланышын чыңдоого кошкон салымы үчүн Ү. УССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Ардак Грамотасы (1971) менен сыйланган.

Чыгарм.: Эркиндикти эңсеген үн // Советтик Кыргызстан. – 1964. – 8-март; Украинанын эл акыны // Ала-Тоо. – 1964. – № 3; Шевченконун жеринде // Советтик Кыргызстан. – 1968. – 1-октябрь; Жалындуу кыргыз саламы // Літературна Україна. – 1971. – 22 жовтня; Кобзар жөнүндө ыр // Эмгек майданы. – 1971. – 25-ноябрь.

Которм.: Шевченко Т. Поэмалар жана ырлар. – Фрунзе: Кыргызмамбас, 1964 (авторлоштукта).

Укр. которм.: Уметалієв Т. Поєзії. – Київ: Дніпро, 1986.

Адабият: Хлыпенко Г. Украина Темиркул Үмөталиевдин чыгармачылыгында // Хлыпенко Г. Чувство семьи единой: Исследования, статьи, обзоры по киргизско-украинским литературным связям. – Фрунзе: Кыргызстан, 1980; Хлыпенко Г. Акын Таразиге гүлтаажы: Шевченко кыргыз поэзиясында // Иссык-Кульская правда. – 1984. – 7 марта.

Хлыпенко Георгий Николаевич (16. IX 1938, Кыргыз Республикасынын азыркы Москва району, Садовое а.) – кыргызстандык сынчы, адабият таануучу, Кыргыз-Россия славян университетинин профессору.

Х. илимий ишмердүүлүгүндөгү башкы багыттардын бири кыргыз-украин адабий байланыштарын үйрөнүү болуп саналат. Ал «Бир үй-бүлө сезими» (1980) монографиянын, бир топ орус, кыргыз, украин тилиндеги эмгектердин автору; «Украин этносу Кыргызстанда: тарых, материальдык жана рухий маданият» (2002 – 2005) илимий теманын жетекчиси, «Украиндер Кыргызстанда. Макалалар. Изилдөөлөр. Материалдар» (2003, 2006) эки жыйнактын редактор-түзүүчүсү.

Шевченко темасын иштеп чыгууга Х. «Шевченко кыргыз поэзиясында», «Акын Таразиге гүлтаажы», «Токтогул менен Шевченко көчөлөрүнүн кесилишинде» ж. б. макалаларды арнады. Ушул эле тема «Аалы Токомбаев жана Украина», «Жоомарт Бөкөнбаев жана Украина», «Украина Темиркул Үмөталиевдин чыгармачылыгында», «Чынгыз Айтматов украин сынында жана адабияттанууда» ж. б. макалаларда чагылдырылган. Шевченко темасын үйрөнүүдөгү негизги аспектилер: кыргыз жазуучулары Шевченко жөнүндө, Шевченконун образы кыргыз поэзиясында, Токтогул жана Шевченко.

Илимий жетишкендиктери үчүн Х. штаб-квартирасы Киев шаарында жайланышкан «Золотая Фортуна» Эл аралык академиялык рейтингтин «Ар-намыс. Даңк. Эмгек» Георгий медалы менен сыйланган (2003).

6 томдук Шевченко энциклопедиясында бүт кыргыз жазуучулар, сынчылар, адабият таануучулар жөнүндө макала-персоналийлер, ошондой эле «Кыргыз адабияты жана Т.Г. Шевченко» аттуу обзордук макала Х. калемине таандык.

Чыгарм.: Чувство семьи единой: Исследования, статьи, обзоры по киргизско-украинским литературным связям. – Фрунзе: Кыргызстан, 1980; Акын Таразиге гүлтаажы: Шевченко кыргыз поэзиясында // Иссык-Кульская правда. – 1984. – 7 марта; Достуктун маршруттары менен: (Кыргыз-украин адабий байланыштарынын тарыхынан) // Двусторонние литературные связи в эпоху развитого социализма: Тематический сборник научных статей. – Фрунзе, 1985; «…Түшүнүктүү болуп жана башкаларды түшүнүү» // Лит. Киргизстан. – 1986. – № 2; Токтогул менен Шевченко: (Чыгармачылыкты типологиялык өздөштүрүү маселесине карата) // Сборник тезисов внутривузовской научно-практической конференции профессорско-преподавательского состава Бишкекского гуманитарного университета (г. Бишкек, 22 – 24 февраля 1995 г.). – Бишкек, 1995; Шевченко кыргыз поэзиясында: (Кыргыз-украин адабий байланыштарынын тарыхынан) // Материалы III научной конференции Киргизско-Российского (Славянского) университета: Гуманитарные науки. – Бишкек, 1996; Жоомарт Бөкөнбаев жана Украина: (Кыргыз-украин адабий байланыштарынын тарыхынан) // Материалы международной научно-технической конференции «Проблемы и перспективы интеграции образования». – Бишкек, 1998; Кыргызстан украин акыны Борислав Степанюктун көркөм дүйнөсүндө // Украинцы в Кыргызстане: Статьи. Исследования. Материалы / Ред.-сост. Г.Н. Хлыпенко. – Вып. 2. – Бишкек: Просвещение, 2006; Кобзарь жөнүндө сөз // Слово Кыргызстана. – 2008. – 12 марта; Кыргыз жазуучулары Шевченко энциклопедиясында // МСН. – 2008. – 14 марта.

Шамшиев Төлөн (14. X 1910, Кыргыз Республикасынын азыркы Өзгөн району, Куршаб а. – 4. II 2001, Бишкек ш.) – кыргыз акыны. «Отуз-Адыр» (1934), «Фронттук ырлар» (1942), «Возрожденная земля» (1958), «Ак булуттар» (1973), «Турмуш таасирлери» (1983), «Өмүр белестери» (2004) ыр жыйнактарынын автору.

Ш. Франко жана Шевченкону которгон. «Осуят» деген Шевченконун ырын Ш. 1935 жылы которгон, ал эң биринчи Шевченконун кыргызчага которулган ыры болуп эсептелет. Бул чыгарманын анализи «Тарас Шевченконун «Осуяты» деген макалада берилген (1968). «Осуят» жана «Карындашыма» ырлары Кобзардын котормо китептеринин экинчи (1954) менен үчүнчүсүнө (1964) кирди.

Чыгарм.: Тарас Шевченконун «Осуяты» // Советтик Кыргызстан. – 1968. – 1-октябрь.

Которм.: Шевченко Т. Ырлар жана поэмалар. – Фрунзе: Кыргызмамбас, 1954 (авторлоштукта); Шевченко Т. Поэмалар жана ырлар. – Фрунзе: Кыргызстан, 1964 (авторлоштукта); Үч акындын ырлары: [Л. Украинка, П. Грабовский, И.Франко]. – Фрунзе: Кыргызмамбас, 1954 (авторлоштукта).

Эшмамбетов Касымбек (2. X 1910, Кыргыз Республикасынын азыркы Аламүдүн району, Орто-Сай а. – 8. I 1984, Фрунзе ш., азыркы Бишкек) – кыргыз драматургу, котормочу. «Сарынжи» (1937), «Таластын мергенчиси» (1940), «Эгиз бала» (1959) ж. б. пьесалардын автору. «Кара туман» (1950) пьесасындагы окуялар Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Украинада өтөт.

Э. Кыргызстанда Шевченконун чыгармачылыгын жайылтуучулардын бири. «Кобзардын» биринчи котормосунун жарыкка чыгаар астында Э. «Т.Г. Шевченко» (1939) аттуу макаласы менен чыкты. Андан соң «Тарас Шевченко», «Украина элинин улуу акыны» (экөө тең 1951) макалалары жарык көргөн. Аларда Кобзардын жеке жана чыгармачылык турмушу, кыргыз акыны Токтогулдун чыгармачылыгы менен жалпылыктар баяндалган.

Чыгарм.: Т.Г. Шевченко // Ленинчил жаш. – 1939. – 9-март; Тарас Шевченко // Кызыл Кыргызстан. – 1951. – 10-март; Украина элинин улуу акыны // Ленинчил жаш. – 1951. – 11-март.

Которгон Г.У. Соронкулов

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 


Количество просмотров: 8878