Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Чынтемир Аскаров, 2011. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 25-февралы

Чынтемир АСКАРОВ

Кечиккен ырлар

(повесть)

Соңку, базар экономикасы аталган жыйырма жылдыктагы айыл турмушу, адамдар алакасы, аң-сезимдеги өзгөрүүлөр, майып жигиттин махабаты… чыгармада көркөм баяндалат.

 

Соорбектин фермер Беккарага жалданып иштегенине үч жылдай болуп кетти. Кожоюну сөзгө бекем турган, адамга жамандыгы жок асыл адам экен. Тамак ашың, кийген кийимиң бекер, жылына бир торпоктон берип турам деген сөзүнөн тайсалдабады. Соорбек да бул үйдүн босогосун аттагандан бери бир чекилик иш кылган жок. Кожоюнун айтканын айткандай аткарып, малын тактуйнактай багып, ушул үйдүн бир мүчөсүндөй мамыр-жумур болуп кетти. Бир гана өңүнүн бышаладай сарылыгына, үстүңкү эринин жырыгына ардана түшөт. Анын үстүнө кожоюну кээде Жыртыкбай деп тамашалаганда күйбөгөн жери күл болуп ардана түшөт. Өзүнө убал жок. Өткөндө Беккара доктурга алпарып ээгиңди көрсөтөйүн. Алар билиндирбей коёт деген. Соорбек, Беккаранын тилин албай коркконунанбы операциянын “ кереги жок” деп кол шилтеп койгон эле.

Баса, он үч жашарында келген Беккаранын колуна. Итирейген арык баланын иш сурап келгенинде Беккара:

– Сен кайсы жумушту бүтүрө алат элең? – деп аң-таң болуп карай бергенде:

– Эч болбосо малыңызды кайтарып бергенге жарайм, – деген. Буга ишенип ишенбей кыйылып жатып үйүнө киргизген эле Беккара. Мына эми бардык иштерди оюндогудай аткарып жатканын көрүп, эмне деп сөз айтаарын билбей калды. А Соорбек болсо жигитчилик жашка жакындаган сайын ээгинин жырыгынан басынып, кезиккен кыздар менен ооз ачып сүйлөшө албай, тартына баштады. Өзүнчө убайым чегип, акыры доктурга барып көрөйүнчү, жанымды сууруп албас деген чечимге келди. Бул оюн Беккарага айтты эле, ал дароо макул боло койду. Операция анчалык деле оор эмес экен. Жырыгы бекип кадыресе жымсалданып калды. Бирок муну менен бүтпөйт. Дагы бир ирет, же эки ирет келесиң, мындан да жакшы болот деген оперция жасаган доктур. Ошол күндү чыдамсыздык менен күтүп жүрүп, экинчи операцияны да жасатып, ал ойдогудай бүттү. Беккара да Жыртыкбай деген атты коюп Сокен, Сокен деген угумдуу атка өттү. Тамак ашы дайын, кийим кечеси бүтүн, бетиндеги кемчилдик жагы да жоголгондон бери көңүлү көтөрүлүп, жумуштан кийин кийимине кыл жугузбай, өзүн тыкан кармап, кечкисин жолдош балдары менен көпкө жүрчү болду. Тартынчак кыялдары калып, кыздар менен бат эле мамыр жумур сүйлөшкөнгө эптүү болуп кетти. Иши да оңунан чыгып, үч жылдан берки алган торпоктору үч буркуйган букага айланып калыптыр. Эки чоң буканы Беккара базарга салып, ар бирин кырк миң сомдон сатып сексен миң сомду Соорбектин колуна карматты.
– Азыр мунун кереги жок. Кийин алам, азырынча сиз пайдалана бериңиз. Оюм эле сизге иштеп жүрүп акчамды топтоп, андан кийин шаардан там сатып алсам го, жакшы болот эле деп коет.

– Тилегиң жакшы экен Сокен. Аның эң туура. Качанкы эле менин колум карап, малымды багып жүрмөк элең. Үч жылдан кийин он тогузга чыгып баралыңа келип каласың. Өзүңчө үй-жай күтүп, түтүн булатканга не жетсин. Канткен менен бир тууган инимдей болуп калбадыңбы, мүмкүн менин да жардамым тийип калар.

Ушул арада Беккара аялы менен катуу чатакташып, соттошуп жүрүп акыры ажырашып тынды. Дүйнөсүнүн көбү сот деп жүрүп суудай чачылган менен кабагым кашым деген жок. Арадан көп өтпөй эле орто мектепти жаңыдан эле бүткөн жаш кызга үйлөнө салды. Бели ипичке, мүчө бою сүрөткө тартып эле карап тургудай. Кара тору болгону менен жүзү муздай тунук. Кою чачтары мажүрүм талдай ай далысына төгүлөт. Чиркин Беккарага эмей эле мага жар болуп калсачы дейт ичинен. Бирок Беккараны сыйласа да ага жеңеден башка сөз айтуу оңтойсуздай туюлат. Анткен менен адамдын ички туюму сырткы жүзүнөн байкалып калат эмеспи. Соорбектин көзүн албай, суктана карап калганын жаш келин байкап калып жүрдү. Жаштыктын кумарын жаңы татып, Беккарадай ааламда эч ким жоктой сезимде жүргөндө анын көз карашы жагымдуу эмес, кайра кыжырын келтирди. Бир күнү бет маңдайлаша чай ичип отурганда Сайра өзүнөн алыстатуу ой менен:

– Соорбек, сенин чын атың чын эле Соорбекпи? – деди.

– Анан башкача атым бар бекен?..

– Жыртыкбай дечү экен го я?

Жаш сулууну жанындай жакшы көрүп жүргөндө бул суроо чагылгандан катуу тийди. Эмне дээрин билбей эки бети алоолонуп ысып чыкты. Тил-ооздон калган дудуктай дулдуюп жер карап отурду да, жаңы эле астына койгон чайды ичпестен сыртка чыгып кетти. Бул суроо ушунчалык катуу тиерин билбей Сайра нес болуп отуруп калды. Беккара келгенде мунун баарын төкпөй чачпай айтты эле:

– Чын эле сулуусуң жаным, – деп Беккара Сайраны кучагына алды, – көргөндөрдүн көзү чачырасын. Мындай сулууга жеткен кандай бактылуу жигит деп эл айтсын деп сени алып отурам да, – деди.

– Чын эле сулуумунбу? Сага ошондой көрүнөмбү? – Сайра жаш баладай жарынын кучагында эркелеген сайын Беккара мурда болуп көрбөгөндөй ысык илебине кабыла калып жатты.

– Ооба жаным, ааламды кессем да сендей жан эриткен жароокер, кудум периште сымал сулууну таппай жүрүп өтмөкмүн го. Ал эми Соорбек мен кетем. Мага руксат бериңиз дегени бекер эмес тура. Дулдуюп эле таарынат да таарынат. Көрсө мага эмес сага таарынган тура.

– Таарынат деп башыбызга чыгарып алабызбы. Кетсе башка бирөөнү ала салбайсыңбы.

– Башка эч бирөө Соорбектей кызмат кылып бере албайт. Ал келгени малым көбөйүп, колум узарды. Айтсам айтпасам да колунан ырыс төгүлгөн мээнеткеч бала экен. Колдон келсе колумдан чыгарбай койсом кана. Ага боло коебу. Эртең эле өзүмчө болоюн, өзүмчө тирилик кылайын деп чыгат. Ага чейин суранам сенден, анын көңүлүн калтырбай жылуу мамиледе жүр. Алдасаң болот жаш башты, алдайсың кантип как башты дегендей алдап солдоп тирилигибизди кылдырата берели.

Беккаранын бул акылы Сайранын сезимине уюуй түштү. Бирок бая күнү эле Соорбекти катуу таарынтып койбоду беле. Ал таарынычын кантип жазат? Кекчил болсо баарына карабай кетип калса, сарайдагы элүү бордоку букаларды ким карайт? Беккара айткандай бакканын баккандай семирткен ушундай бала дароо эле табыла коебу. Байкуш Беккарага эле убал болор. Бир жем чөбүнө чуркаса, бир сарайдагы букаларын карайм деп жан алы калбайт ко. Сайра ушуларды ойлоп, Соорбектин түшкү тамагына куурдак кууруп койду.

Соорбек тамакка кечигиңкирээк келди. Дагы эле кабагы ачылбай, дулдуйгандан дулдуят. Куурдакты кашык менен бир илип жеди да, чайды шоркуратып ичип, чыныны акырын Сайрага жылдырды.

– Сокен, эмне мага таарынып калдыңбы? – деп Сайра жалооруй карады.

Соорбек көптөн кийин гана:

– Эмнеге таарынмак элем, – деп тим болду.

– Кечирчи Сокен, мен күнөөлүүмүн. Экинчи кайталанбайт.

Жалооруй сүйлөп жатканын үнүнөн сезе коюп Соорбек башын көтөрүп аны карап калды. Чачтары маңдайына төгүлүп, таштай катып калган жүрөктү да эритчүдөй көздөрүн балбылдатып бир башкача нур менен карап турат. Мээни мыкчып турган кабагы, негедир бат эле ачыла түшүп, тамакка болгон табити араандай ачылып кетти. Сайра да чайды кою, кою кылып куюп, аны акырын акырын сөзгө тарта баштады эле кандайча Беккаранын колуна келип калганын айта баштады.

Жакшы эле жашап жатканбыз деп сөзүн баштады Соорбек. Жетишпеген турмуштун айынан атам наркотик менен айланышып кетти. Жыл өтпөй бай болуп чыга келдик. Муну коло коңшулар көрө албайт экен да. Апиймди кайдан алып, кайда сатып жүргөнүн бирөөлөр милицияга билдирип коюптур. Алар бир күнү эле түн ичинде келип, үйдүн ичин сапыра карап, эки жүз грамм апийим таап алышты. Ошо ошо болду, атамды он беш жылга соттоп, үй мүлкүбүз толугу менен алынып, апам экөөбүз сызга отуруп калдык. Апам кайгысына чыдабай арак ичкич болуп кетти. Мындайда кайсы жыргаган жашоо. Ач, жылаңач боло баштадым. Элдин балдарындай болбой жүдөп кеттим. Окуумду таштап койдум. Бир күнү базарга барсам бир чоң КАМАЗга бирөөлөр кой жүктөшүп жатыптыр. Жардам бере кеттим. Колума эки жүз сом карматып:

– Биз менен Бишкекке жүрбөйсүңбү, мал түшүрүшсөң дагы акча берем. Шаар эмеспи, ал жерден сага ылайыктуу жумуш табылып калар, – деген. Келгеним жакшы болуптур. Беккара акеме жолугуп калдым. Апамды сураштырып жүрөм. Арагын койбоптур. Өзүмчө үй жай күтсөм, арак эмес балакет ичсе да колума алып албасамбы.

– Оор тагдыр экен, – деп үшкүрүнүп алды Сайра, – мындай экен, биз менен бирге жашап жүрө бербейсиңби. Беккара акең ушул айылдан эле үйлөндүрүп, жайландырып коер. Канткен менен колунда да, эл ичинде да баркы бар киши го.

– Көкүрөктө жүрөгүм кагып, кудай таалам берген мүчөлөрүм түгөл болуп турганда бирөөлөрдүн көзүн карагым келбейт жеңе.

Сайра: “ушинтип бирөөнүн үйүндө корголоп жүргөнү менен эр көкүрөктүүлүгүн көр” деп ойлоп койду ичинен.

Сайранын жылуу жумшак мамилеси, жагымдуу кыял жоругу, жан дүйнөгө бүлүк салган сулуулугу Соорбекти тартат да турат. Анткен менен айла канча. Айтайын деген сөзүн айталбай, же жакшылап жакындай албай жүрдү. Агасындай болуп калган адамдын аялына ушунчалык ашык болуп калганына өзү да таң калып, бара бара ал ашыктык басайбай кайра күч ала баштаганын сезди. Анткен менен Соорбектин аткара турган иштери чачтан да көбөйүп кетти. Беккара элүү баш бордоку букаларын казак жигиттерге толугу менен сатып, ордуна сексен эки баш чарба букаларды багууга киргизип койду.

– Азырынча жаңгыз иштей тур. Түшүнөм сага сөзсүз жардамчы керек. Аны издейин. Сага окшогон ишенимдүү бирөө болбосо, ичи арам бирөөнү иштетип коюп малыбызды уурдатып алып жүрбөйлү.

– Эч кимдин кереги жок Беккара аке, жем чөбүн дайындап берсеңиз эле болду, өзүм деле жайгарууга кудретим жетет.

– Баары бир сага кыйын болот. Адам тапканча белиңди бекем бууа тур Сокен, – деп далыдан таптап койду Беккара.

Башка бирөөдүн келгенин каалаган жок Соорбек. Анткени сөзсүз өзүнө окшогон жаңгыз бой жигит келет. Ал да мага окшоп тиги келинге ашык болуп калсачы деп ойлосо кабагы салаңдап түнөрө түшөт. Бирок иштөөчү адам дароо табыла койгон жок. Соорбек таң эрте сарайга кирген бойдон түшкү тамакка бир келет. Сайра да саат мүнөтүнөн кечиктирбей тамагын даярдап коет. Беккара бар күнү үчөө мамыр жумур сүйлөшүп тамактанышса, Беккара чарба иштери менен кетип калганда Сайра чай берсе да, жөнөкөй шорпо берсе да укмуштай даамдуу. Келиндин сулуулугуна суктана карап, колунан чай же кесени алганда атайы эле манжаларын тийиштирип анан шашылбай жа-ай кое бере коет. Кокустан келиндин көзү карегине чагыла түшкөндө Соорбектин денеси дүр эте түшүп алапайын таппай калат. Анткен менен ошол көз караш Соорбек үчүн жыргал. Махабаттын бал каймагын татпаган менен ошого тете каниет алып, анан каруу күчү ташып чыккансып сарайда дүңкүлдөп иштей баштайт. Мунун баарын Сайра билген менен ага ички сырын айта коебу. Ушинтип жүргөнү жакшы дейт да тим болот.

Соорбек ойлонбогон иш. Түшкү тамакка келсе Сайра секичеде уктап жатат. Жайдын ыссык күндөрүнүн бири эле. Ошондонбу үстүнө эч нерсе жамынбай, бу дүйнө капарына кирбей мемирейт. Кыска көйнөгү саал түрүлүп калгандыктан эки саны борсоюп, анан калса аппактыгын айт. Соорбектин сугу артыла түштү. Чиркин, Беккара кандай бактылуу деп көз ирмей карай калды да, анан жүзүнө көңүл бурду. Шам чырактай балбылдап күйүп туруучу каректери жумулуу. Катар өскөн узун кирпиктери өйдө ылдыйы биригип чапталышып калыптыр. Кундуздай кара чачтарынын теңи жаздыкта сапырылса, жартысы жаак ылдый куюлуп, болор болбос соккон желдин илебине сеңселе түшөт. Ачык жакасынан эки эмчеги бөрсөйүп, бирөөнүн үрпү бала эмизгенге даяр тургансып бүртүйүп турат. Соорбек бала болуп башына жүн чыккандан бери жаш аялдын көкүрөгүн көргөнү ушу. Ошондонбу, же жан дүйнөсүнө бүлүк салган бир күч пайда болдубу, же келиндин жаратылыш берген сулуулугуна суктанып эч нерсе оюна келбей калдыбы жанына жата кетип денесин тийиштире кучактай калды. Келиндин оюна эч нерсе келбей уйку соонун ортосунда ыңгыранып, жанында жаткан Беккарабы дедиби Соорбектин мойнуна колун арта салды.

– Жаным, мен гана сүйөт экем десем, сен да мени сүйөт турбайсыңбы, – деген Соорбектин үнү Сайранын кулагына шак угулду. Сайра эми гана жанындагысы Беккара эмес, Соорбек экенин сезип, ордунан ыргып турду.

– Эмне болду, Сайра?..

– Эмне болду дейт! Муну Беккара көргөндө, же укканда экөөбүздү тең даргага асып коерун мээңе кирдиби я!..

Сайра мындан башка эч нерсе дебестен үйгө кирип кетти. Соорбек болсо көпкө чейин нес болгон кишидей ордунда какыйып турду да, анан гана түшкү тамагына кирди. Бирок экөө тең күндөгүдөй жайдары сүйлөшүп тамактанышып отурбай, биринен бири өтө дулдуюшуп, өздөрүнөн эмес колдорундагы кашыктардан гана үн чыгып жатты.

– Билсең, Беккара агаңдай киши. Мен сенден жашым улуу болгондуктан эжеңдей келинмин. Ошондуктан жанагыдай сүйөм дегениң кой Соорбек иним.

– Жүрөгүм сен деп тынчтык бербей жатса эмне кылайын. Муну сен чымын чаккандай да сезбей жүрбөйсүңбү. Сен сүйбөсөң да мен өмүр бою сени сүйүп, элесиң менен жашап өтөм. Билсең менин махабатым ушунчалык! – Соорбек колундагы кашыкты столго шаңгыр эткизип ыргытып жиберип сыртка чыгып кетти. Кызык бала турбайбы. Оюнда Беккарадан тартып бир жакка алып кеткиси бар. Ай, жаштык ай, эмнени гана ойлонтпойт.Турмуш оюнчук эмес экенин бул бала түшүнө элек турбайбы деп ойлоп койду Сайра.

Беккара соода сатык иштери менен жүрүп кечке маал үйүнө келди. Аны тамактандырып бүткөндөн кийин Соорбектин бүгүнкү жоругун айтсамбы же айтпасамбы деп отуруп, анан чечилип кетти.

– Сенин жанагы уйчуман балаң мени катуу сүйүп калган имиш, – деп каткырып күлдү Сайра, – сүйөм, сүйөм десе эмне айтаарымды билбей калыптырмын.

– Азамат экен.

– Эмне?!..

– Азамат экен деп жатам.

— Сен мени коргогондун ордуна эмне деп жатасың! Сен мени сүйбөйсүң! Ошондуктан Итибайыбы, Кушубайыбы кимиси асылса да баары бир болуп калган турбайбы! Андай болсо биерде жарым мүнөт да турбайм! Кетем! Кетем! – заматтын ортосунда Сайра жиндене кетип, шифонердеги кийимдерин чачып кирди.

Мындай чатак эмес, сен, мен деп катуу уруша элегин ойлонуп, бул чатак түккө турбай турганын түшүнгөн Беккара:

— Кетсең кет! Экинчи бул үйдүн босогосун аттаба! – деп бакырды. Дал ошол убакта Беккаранын соткасы шыңгырап, сүйлөшөөр менен машинага түшүп бир жакка кетип калды. Соорбек үйгө киргенде өңгүрөп өксүп ыйлап отурган Сайраны көрдү. Жүрөгү сыздай түшүп, төбөсүнө чагылган түшкөндөй титиреп кетти. Кошо өңгүрөп өксүп ыйлагысы келди. Бирок ал оңтойсуздай сезилип, жанына отура калып:

– Эмне, Беккара сени катуу уруп койдубу? – деди.

– Жок. Кет! – деп жатат.

– Кетесиңби, я?..

– Билбейм.

– Кет! – десе кетели. Ал сенден канча жаш улуу. Эрте картаят. Ишенип кой, сенин баркыңа ал эмес, мен жетем. Беккарадан кем эмес ичиндирип кийиндирем. Кетелиби?..

Сайра эч нерсе деп жооп бербестен ордунан турду да көзүндөгү жашты бет аарчысы менен сүртүп, кайра кийим кечелерин чогултуп шифонерге ыраатка келтирип салып койду. Кабагы салаңдап, боору ачып турган Соорбекке бурулуп:

– Бар, жумушуңа бара кой. Ишти чала бүтүрсөң Беккара урушат. Соорбек бир азга Сайраны карап туруп, ал эч нерсе деп унчукпаган менен:

– Беккара эми экинчи сага тийсинчи, аябайм деп бурк этип, ишин көздөй басып кетти. Беккара кайра үйүнө келгенде келинчеги тамакты даярдап койгон менен таарынычы али жасылбаптыр. Анын таарынганын оюна да албай күлөт да күлөт.

– Эмне эле ырсаңдайсың, же менин бир жерим көрүнүп турабы, – деп Сайра бурк этти.

– Мени коргобойсуң деп чатак чыгарганыңа күлүп жатам да. Сени качанга чейин эле жансакчыдай болуп жаныңда жүрө бермек элем. Ошондой ошондойлор сенин турмушуңда боло берет. Бирок мен сага ишенем. Мен турганда эч убакта көзүмө чөп салбайсың. Ал эми тиги баланын оозунан чыккан сөздү оюма деле алган жокмун. Ал жөн эле жел сөз. Анан көрө кандай сюрприз апкелгенимди айтайынбы.

– Айтчы, – деп жаркылдап жайнай түштү Сайра.

– Жаныма отурчу. Анан айтам.

– Мына отурдум.

– Көзүңдү жум.

– Жумдум.

– Эми көзүңдү ач.

– О-о-и-и-й! Укмуш сөйкө турбайбы. Кымбаттко дейм.

– Өтө кымбат. Алтыным, мен сен деп жашап жатпаймынбы. Анан кымбаттыгына караймынбы. Ушул сулуулугуңду кетирбей жанымда жүрсөң кымбаттын кымбаты сен эмессиңби, – деп Беккара Сайранын ичке белинен өзүнө тартты эле, солкулдаган бели ийилип, тырсыйган көкүрөгү көйнөкчөн отурган Беккаранын жүрөк тушуна кептеле түштү. Заматтын ортосунда жан дүйнөсүнө өрт аралап, Сайраны диванга кандайча баса жыгылганын билбей калды.

– Жөнчү Беке, Соорбек кирип келсе уят ко...

Бир аздан кийин эле Соорбек кирип келди. Бир бука ооруп, ордунан тура албай жатканын айтты эле Беккара топтой секирип ордунан тура калды. Аны дароо сое салып райондун борборуна алып кеткен. Кудай жалгап бат эле сатып жибериптир. Сатканы менен курусун, сылтып баскан чолок бирөөдү кошо ала келгенин айт. Кудум эле Чыңгыз атабыздын “Жамийласындагы” Данияр. Шыргыйдай узун бойлуу, кең көкүрөктүү. Бутунда керзовый өтүк. Кыйраткансып аны кара крем менен окшото майлап коюптур. Үстүндө бажыкананын кызматчылары кийип жүргөн чаарелекей кийим. Мына сага, деп оозун ачып карап турду Соорбек. Ал минтип турса Беккара таза сүйүнүп алыптыр.

— Сага эрмек боло турган дос таптым Соорбек. Кудай буйруса сенин ишиң бир топ жеңилдеп калат. Бул бала тартайып арык көрүнгөн менен бокска катышып жүргөн спортсмен экен. Тагдыр да, ишсиз калып, мына бизге келип отурат.

Ошентип эртеси эле Данияр жумушка кирише баштады. Мындай ишти иштеп көрбөгөн неме тим эле жүдөп кетти. Баарынан эрте мененки саат алтыда тургузуу кыйын. Ар кимиси тур, тур деп отуруп тилдери тешилет. Кийин үстүнөн жуурканды сыйрып алып тургузчу болду. Анын адамга жакпаган жоруктары ушуну менен бүтпөдү. Күндүзү чокчолой чычкандай болуп ар кайсы жерде отура калып чылым тартканын айтпа. Бир пачкени бир паста жеп салат да, кайра экинчи пачканы магазинден апкелгенче башын мыкчып отура берет. Мунун баарын көрүп жүргөн Беккара кетирип жиберсемби деген ойдо жүрүп бир күнү базардан насывай сатып келе койду. Айла канча чылымды пачка пачкасы менен буркуратып отурбай насывайдан аз-аздан ээгине сала коюп отуруп акыры үйрөнүп кетти.

Чынында адам баласы көңүлдөнсө жасайм дегенин жасап,иштейм дегенин иштеп кетет го. Данияр да дал ошондой болду. Кудай жалгап бел чечпей ишке киришип, бара бара бул үй– бүлө менен мамыр жумур болуп кетти.

Мурунку конок кийинки конокту жактырбайт дегендей Даниярдын келишин чынын айтканда Соорбек да жактырган жок. Ал келгени Сайра менен чер жазыша сүйлөшө элек. Кайдан сүйлөшмөк, сарайда да, түшкү, кечки тамакта да тиги чолок жанынан кетпейт. Кайра Сайра аны дароо жактыра кала тургансып ыкшыйып карап калганычы. Тим эле көзүнөн от чагылтып карайт. Данияр бир убакта дал ушундай көз карашы менен Жамийланы багынтып алган болсо бул жамандын да ою ошондой болуп бузук болуп жүрбөсүн. Кокус Сайра мага салкын мамиле жасап, тиги менен жакындашып кетсе мен жарым мүнөт бул жерде турбайм деп ой санаага чөмүлөт да турат Соорбек.

Беккара менен Сайранын ортосундагы баягы күнкү чатагы эмне менен бүткөнүн такыр биле албай койду. Аны Сайрадан сурайын деп түк оңтоюн келтире алган жок. Бирок экөөнүн өз ара жылуу мамилесинен ошондо эле жарашып алганын айтпаса да сезип, аны суроонун эми эч кандай кажети жокко деп ойлоп койду ичинен.

Күн өткөн сайын Даниярга болгон кыжыры күчөй берди Соорбектин. Анын да себеби бар эле. Сайрага обу жок жагымпоздонуп бош боло калса эле:

– Жеңе жардам керекпи? Мына, мен даярмын, – деп артынан ээрчий берет.

– Керек эмей, абдан керек. Тиги килемдерди чаң басып кетиптир кагышып кой, же отун жарып берип койчу, кир жайышып койчу деген толгон токой иштерди таба салат. Анан экөө ишти бир бүтүрүшүп, кобураша сүйлөшө, жайма жай үйгө кирип кетишет. Муну Соорбек көз менен узатып, ичи өрттөнүп, Даниярга жини кайнап, “сениби!” дегенсип тишин кычырата чайнап жүрдү. Ошондонбу кандайдыр бир себеп менен чатак чыгарууну көздөп жүргөнү менен ага батына албай жүрдү. Анткени мушташкандан кийин аны жеңсем жакшы. Жеңилсем ыраса уят болбоймунбу. Баарынан да Сайранын көзүн карай албай калам го. Оозу шок келин алың ушу экен, мушташпай эле жөн жүрсөң болбойт беле деп айтаары бышык. Ошондо намыстан өлөйүн десем жер тар болуп жүрбөсүн деп ой жооруй кетет. Анткен менен күндө жатарда Даниярдын дене боюна көз салып коет. Боксер, спортсмен деп Беккара мактап койгону менен кол булчуңдарында ныпым эч нерсе жок. Сөөктөрү каркайып, шалбыраган эт жармашып тургандай. Бирок күч ошого карамак беле, мүмкүн тиги күрөктөй болгон муштумунда сыр катылып жатпасын...

Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде Беккара Даниярды таң эрте тургузуп базарга алып кетти. Түштөн кийин экөө тең келип калышты. Беккара Даниярды кычырата кийиндирип коюптур. Данияр Соорбекке мактанайын дедиби түз эле сарайга кирди. Букаларга чөп салып жаткан Соорбек жумушун токтото коюп таңдана карап калды:

– Тим эле кычырайсың го Даке.

– Ананчы. Айлыгыма өзүм каалагандын баарын алдым.

– Айына канча сомдон деп макулдаштың эле?

– Алты миң сомдондон деп.

– Ой-и-ий, көп ко.

— Эмнеси көп. Мен сегиз миңди сурагам. Айла канча жумушу жок жүргөнчө бул да жакшы болду. А сага канча төлөйт.

– Жылына бир торпок деген. Беш жыл болду иштегениме. Баягыда сексен миң сомуңду берейин дегенинде өзүңдө тура берсин деп койгом. Ошондон бери унчукпайт. Эч нерсе бербесе деле буларга ыраазымын. Өмүр бою ушу жерде иштей бер десе иштей берем. Анткени бул жерде менин жакшы көргөн кишим бар.

– Сайрабы?

– Ооба.

– Ал бирөөдүн катыны да.

– Бирөөдүн катынын жакшы көрсө болбойт бекен.

– Болот го. Бирок ни то да. Чатак көп болот. Бир жагы жеткен бузукулук. Э, дос катын жөнүндө сөз кылып эмне кыласың, андан көрө бир бөтөлкө арак апкелдим. Ошону ичип бир жыргап алалы.

– Мен өмүрү ичкен эмесмин. Эми ичмек белем. Апар аныңды ары, мен ичпейм!

– Ичпесең эми татып көр.

Данияр акидей асылып кирди. Соорбек ары айтты, бери айтты Данияр жанынан кетпей койду. Акыры ийикти Соорбек. Бир эки стаканды кыйналып жатып ичкен менен кызыгандан кийин:

– Эми Даке ташы калдыбы, куя бер, – деп чечекейи чеч болуп чыкты. Биринин артынан бирин закүскөсү жок ичип отуруп тилдери булдуруктатып, анан мурундарынан жытташа кетишти.

– Сен Сайрадан алыс жүр ээ, – деди бир убакта Соорбек.

– Ал сенин катының беле. Ал тиги Беккаранын аялы. Жакындаймынбы,жакындабаймынбы мен өзүм билем. Сен эмне эле бирөөдүн аялын кысканып жатасың, же аны менен ойношсуңбу?

– Э-э-й, эмне деп эле былжырап жатасың?! Мен сага эмне деп жатам. Сайрага тийишпе, жакындаба, – деп жатам го. Англисче эмес, кыргызча эле айтып жатам го. Муну түшүнбөгөн кандай итсиң.

– Мени ит дедиңби?!..

– Итсиң сен! Овчарка итсиң!..

Даниярдын муштуму кулак түпкө кандайча кадала түшкөнүн билбей калды Соорбек. Башы эңги деңги болуп, аштоого сүйөнүп турду да, эс ала түшкөндөн кийин гана Даниярды көздөй атырылды.

– Энеңурайын чолок, эми сени көрсөтпөсөмбү!

Данияр да бул мушташка даярданып турган. Ал жакындай бергенде күрөктөй колун жумшады эле, ал чала тийип, белден кармай калган Соорбек Даниярды талп эткизип жерге жыгууга үлгүрдү. Ана мына дегенче үстүнө отура калып, коңкойгон мурдуна эки үч жолу согуп калды. Кан бурк дей түштү. Дал ушул маалда балдар кечикти, түшкү тамакка чакырайлычы деп Беккара аялы экөө сарайдын эшигин ачып кирип келди. Беккара далдайган алибеттүү жигит болгондуктан Соорбекти үстүнөн көтөрө салып күч менен ары түртүп жиберди. Даниярдын мурдунан кан токтоор эмес.

– Эмне Сайра, концерт көрүп жаткансып делдээесиң? Үйгө чурка. Апкел чоң чайнекке суу толтуруп. Бет аарчыны унутпа, – деди Беккара Даниярдын кан болгон кийимдерин чечиндирип жатып. Соорбек болсо жанагы ичкен арагы кайда кеткенин билбей сопсоо боло түштү. Биерде турган менен кайра чатак чыгып кетпесин деген ойдо сарайдын эшигин ачып сыртка чыкты. Сайра чайнек менен бет аарчысын көтөрүп шашылып келатыптыр. Бет маңдайлаша тогошо түшкөнү менен Сайра эч нерсе деген жок. Мейли деп өзүнчө күбүрөндү. Мен ким экем, Данияр ким экенин Сайра билип калды. Эми эч убакта ал жак болбойт, мен жак болот. Аны эмес, мени жакшы көрөт. Анткени аялдар эр жүрөктүүнү баалайт эмеспи.

Түшкү тамакка келгенде эч кимиси ооздон сөз чыгарышпай тумтуюшуп отурушту. Дасторкон жайылганда гана Беккара:

– Сайра муздаткычты аччы, – деди тиги экөөн карап күлүп жиберип, – эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт деген чын экен да. Бирок бүгүндөн баштап эки кочкордун башын бир казанга кайнатабыз. Аны кантип дебейсиңерби. Аракты алсаң, Сайра.

Беккара бөтөлкөнүн оозун ачты да үч чоң ыстаканга шоркуратып куйду.

– Кана жигиттер, эр чекишпей бекишпейт дейт. Чекиштиңер, эми биротоло бекишели. Же экөөңөрдү тең баргыла, башка жактан иш таап алгыла деп кубалайынбы? Ушуга макулсуңарбы?.. Көрдүңөрбү бириңер да кың деген жоксуңар. Демек мындан ары чекишпей, бекишет экенбиз да. Андай болсо кана балдар, бир тамчысын калтырбай алып жиберели.

Үчөө тең тартып жиберип ичтери ысып, беттери кызарып отуруп калышты. Мындайда арактын да жакшы жагы бар эмеспи. Дене бой жибип, мээнин мыкчып турган жаман ойлор бошоңдой түшөт. Тигилер дал ошондой болушту. Жаңы эле кызыл чеке мушташты баштан өткөрүшкөн менен анын бирин да ойлоруна алышпай, бат эле табышып бир аздан кийин эле сарайдагы жумушту эриш аркак болуп биргелешип аткарып жатышты.

Соорбек максатына жетти окшойт. Данияр мурдагыдай Сайрага жагымпоздонбой алыстап калды. Сайра да Соорбекке жылуу мамиледе болуп жакындай түштү. Каректери тогошо түшкөндө экөө тең эмне кыларын билбей калышат. Кээде ошондой тиктешүүдө Соорбек күлүмсүрөй түшөт да, бир көзүн кысып коет. Бул бир эмес бир канча жолу кайталана бергендиктен бул чакырыктын сырын Сайра жакшы түшүнүп калды. Ал жаткан төркү бөлмө эч ким кирбей дайыма ээн. Эшиктин ачкычы болсо бир гана Сайранын колунда. Мына кызык, Соорбектин албуут сезими ошол жакка чакырат да турат.

Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде үйдөгүлөрдүн бирине да эч нерсе айтпай Беккара эки жума караанын көрсөтпөй, же дарегин билдирбей жоголуп кетти. Сайра кайгыга батып, асмандагы кара булуттай түнөрүп жүрдү. Тамак жасоого да колу барбай, оор үшкүрүнөт да, башын мыкчып диванга отура кетет. Мындайда жылуу сөз, жагымдуу мамиле чөгүп турган көңүлгө дарыдай керек окшобойбу. Муну жакшы түшүнгөн Соорбек кареги менен тең айланып чебелектеп Сайранын жанынан чыкпай калды.

– Ал мурунку аялына кетти. Мени чанды. Анын көңүлүн калтырган жок элем го – деп ички сырын Соорбекке айтып ыйлап калып жүрдү Сайра.

– Биринчи сүйүп алган аялы. Андай болушу да мүмкүн, – деп тигинин кызганыч оюна от чагып койду Соорбек.

Сайра андан бешбетер өңгүрөп өксүп ыйлап Соорбектин кучагына жыгылды. Аял затынын денеси денесине тийгени биринчи ирет. Ошондонбу денеси лапылдап ыссып, чекесинен тер чыбырчыктай түштү. Белинен бекем кучактап, болпойгон бетинен өөп алды. Денеси дүрүлдөп, калтаарыган үн менен:

– Ыйлабачы жаным, сен ыйлаган сайын сай сөөгүм сыздап баратат, – деди.

– Эгер Беккара тиги аялы менен кетсе, жүрөктү сыздаткан кандай болор экенин көрсөтөм. Сени менен кетип калып, ошо эки аялга калбыр кылган жүрөгүнө алоолонгон от коюп күйдүрбөсөмбү.

Башынан далай турмушту өткөрүп, ысык суукка бышкан кишидей:

– Ошентебиз Сайра. Эгер экөөбүз бир болуп калсак башымды кесип алса да башка бирөөгө жолобойт элем.

Сырттан Даниярдын тарп-тарп этип басып келатканы угулду. Соорбек столдун жанындагы отургучка отура калды. Сайра көз жашын чала-була сүртүп кайнап турган чайды чайнекке демдей салып, бар тамагын дасторконго кое салды. Үчөө бирге тамактанышып көптөн кийин тиги экөө мал сарайга киришти. Данияр бордоку букаларга жарым жартылай эле чөп салыптыр.

– Сени бат эле чыгабы десем көпкө кармалдың го, – деди Данияр.

– Э тиги аял отун жарып бер деп колумду кармап койбодубу. Эмесе бат эле чыгат элем го, – деп турган жерден жооп таба койду Соорбек.

Күн кечтеп баратты. Жаздын күнү жаш баладай деген менен күздүн күнү да кубулмалуу. Эрте менен эле жадырап турган күн, түшкө жакын бүркөлүп, анан кечке чейин тыным албай жаан жаап туруп алды. Кар жаачудай муздак шамаал жүрүп, көп өтпөй көлчүктөрдөгү суулардын бети тоңуучудай каймактана түштү. Тегеректи көөдөй караңгылык каптап, күндүр түндүр карааны калдайып көрүнгөн тиги Кара– Тоо да бир жакка көчүп кеткендей көзгө урунсачы. Бактан бакка конуп чыйпылдаган чымчыктардын да жаагы жап болуп, жылуу уясына байырлап калгансыйт.

– Айнектерди эми жаап коелу. Кар жаап суук болуп кетсе букалар чыйрыгып калбасын. Анда баккан мээнетибиз кайсы – Соорбек өзү баштап эшик терезелерди кумтулап чыкты. Үйгө келгенде Сайра тамак ашын эчак эле даярдап, балдардын кечиккенине териге түшүптүр. Анын үстүнө Беккарадан дайын жок. Дагы эле кабак-кашы ачылбай, бүгүнкү күндүн аба ырайындай түнөрөт. Кантип көңүлүн көтөрөм. Кантип самандай сапырылып мээден чыкпаган санааларынан арылта алам. Тамаша сөз менен, же бир оюн чыгара салып алаксытып көрсөмбү деген ойлору тынчын ала баштады. Бирок антип кереги эмне. Беккара тиги аялы менен жарашып алса Сайранын ою кандай экенин билбедиби. Анын үстүнө тигил аялынын боюнда барында ажырашкан деген ушак айым сөздөрдү мурда эле уккан. Ойдон ойго чарпылып, акыры бузукулук ниети көкүрөктү тээп, азыр эле бардыгына макул боло кала тургансып, улам көзүн кылгыртып Сайраны карап коет. Сайра анын оюн түшүнүп турган менен эч нерсени сезбеген, билбеген түр көрсөтүп, ордунан турду да, эртелеп төшөк сала кетти. Дасторконду да бат жыйнай салып, башка иши жоктой сабыры суз дивандын чекесине отуруп калды. Соорбек анын бул кыймыл аракетине эч түшүнө албай, ичтеги жалынга арбалып, бет маңдайлаша отурган Сайрага мен барам дегенсип көзүн кысып койду. Сайра ошол замат ордунан ыргып туруп кылактай басып өз бөлмөсүнө кирип кетти.

Ушул эле бөлмөдө Беккара чарба ишине кетип калганда Сайра эч кимден күдүктөнбөй жаңгыз жашап жүргөн. Бирок Соорбек бүгүнкүдөй жаштык арааны ачылып, аял затынын жылуу төшөгүн эңсеген эмес. Деги ал кандай төшөк? Жылуулугу канчалык? Чоктун, жалындын табынан күчтүүбү? Эмнеге аялсыз эркек, эркексиз аялдар жашай албайт? Деги кумары, адамга тартуулаган шириндиги канчалык! Мен аны ушул Сайрадан көрсөм кана. Ушундай албуут сезимдин кучагында көпкө чейин уктай албай төшөгүндө ооналактап жатты Соорбек.

Түн жарымынан ооп кетти. Соорбек көз ымдаганын, ошол эле замат Сайра төшөк салып бөлмөсүнө кирип кеткенин эстеди. Аялдар бир гана эркек эмес, башка бирөөлөрдүн эркелеткенин да эңсейт дегенди башынан эле угуп жүргөн. Демек Сайра мени күтүп жаткан жокпу деп жаткан ордунан көтөрүлдү. Даниярды карады эле, ал дүйнө алды үстү болуп кетсе да иши жок, бырылдап уктап жатат.

Элде мурда үстүнө жеңил кийимди ыргыта салып сыртка чыкты. Күн ачылып кетиптир. Жылдыздар жыбырап асман толо. Ай так төбөдөн ылдыйлап баратат. Антсе да аппапак болуп, нуру башкача төгүлүү. Жада калса табият да менин жолумду ачып турат. Э-э. кудай деди да, эшиктин туткасын кармап тартты эле, эшик кулптануу болуп чыкты. Акырын тыкылдатты. Жооп болбоду. Үмүтү үзүлүп, жылдызы өчө түштү. Эмне кыларын билбей калды. Кайра барып ордуна жатайын деген менен тутанып алган сезим күчү ага жол бере турган эмес. Айласы кете түштү. Акыры кемегенин жанындагы балтаны апкелип, караңгыга карабай кулпту бузайын деген ой менен эшикке жакындады. Балтаны эшиктин кырына тийгизер менен согончогунан баштап башына чейин калтырап титиреп чыкты. Балтанын башы сабына зорго эле илинип турса керек бир эки булкканда эле балта шыңгыр этип жерге кулады. Сайранын свети жарк деп күйө калды. Данияр да тиги бөлмөдөн чыга калып, талисти жарык кылганда солдоюп турган Соорбекти көрдү. Сайра да халаты менен чыга калып өңү өзгөрүлүп турган Соорбекти көрүп көзү алакандай болуп кетти.

– Эмне, Сокен, мал аманбы?!..

– Аман эле– үлдүрөп сүйлөдү Соорбек

– Жүрөктүн үшүн алдың го. Тынч жаткылачы байболгурлар, – деп Сайра бөлмөсүнө кирип, шылдырт дегизе эшигинин кулпун кулптап алды.

Эртеси Беккара түштөн кийин келип үйүнө кирбей туруп сарайга баш бакты. Уйчумандары чылага малынып, букалардын астын тазалап жатыптыр. Кожоюну түз эле Соорбекти көздөй басты. Аны көрөрү менен Сайра бирдеме деп койдубу деп кооптонуп жүрөгү дүрс – дүрс кага түштү. Жок, Беккара көңүлдүү, жүзүндө күлкү ойноп турат. Так маңдайына келип тура калды. Соорбек чекесинен чыбырчыктап аккан терлерин жеңи менен сүртүнүп, кызуу иштеп жаткан жумушун токтотуп карап калды.

– Сүйүнчү, Соорбек! – Соорбек эч нерсени түшүнбөй делдейип туруп калды.

– Сүйүнчү! – деп жатам. Эмне болуп калгансың Соорбек.

– Болсун,болсун. Ал кандай сүйүнчү?..

– Сүйүнчүсүн берсең айтам.

– Жүз сом берсем жетеби?

– Ой, байболгур десе, эч болбосо жүз доллар десең болбойбу.

– Жүз долларды кайдан табайын. Жүз сом эле.

– Мейли жүз сом эле берчи, – деп колун сунду Беккара.

Соорбек ар кайсы чөнтөктөрүнөн издеп жатып бырышкан жүз сомдугун алып чыкты.

– Мына-а.

– Мына болсо, сага мына...

– Тамдын ачкычы го.

– Ооба Сокен тамдын ачкычы. Муну сага жөн эле берген жокмун. Ушунча жылдан бери эмгектенип келе жаткан ишиңдин натыйжасы. Сен сураган жоксуң, мен айткан жокмун.

Ачкычты алып, кандай ыраазычылыгын билбей турду Сокен. Ошондо гана ушундай асыл адамдын аялына ашык болуп, керек болсо андан ажыратып алып кеткенге чейин ойлогонун азыр ойлоп чачы тик туруп кетти. Бирок мунун баары балалык кыял тура. Турмушка Сайра экөөбүздүн тең башыбыз бышпаса керек ко. Баары келип ошондон чыкты деп өзүн өзү тынчытып койду.

Жол азабы, көр азабы дегендей Беккара жолдон аябай чарчанып келсе керек. Үйдөгүлөр менен кенен кесир сүйлөшө албай, кеч кирери менен төшөгүнө кулады. Соорбектин там алганын угуп Сайра өзү там алгандай сүйүндү.

– Куттуктайм Сокен, үйүңө барып аябай жууат турбайбызбы. Же азыр баштап жиберелиби, – деп Сайра кечегидей болбой жаркылдап жайнап калыптыр. Деги адамды кемирип кесип жей турган санаа го. Сайранын азыркы өңүн көрүп, кечегиге салыштыра албай, ажары ачылып, жоогазын гүлдөй көз жоосун алып турганына Соорбек таң калып карабай кое алган жок.

Соорбектин там алганы Данияр үчүн да чоң жаңылык болду. Бул киши менен иштешсем эч убакта жаман болбой турбаймынбы деген ойго келип, Соорбектен эрте туруп шериктешин ойготуп койбой, өзү жаңгыз иш баштап кирди. Соорбек да кызуу уйкуга берилип жатып албай, бир аздан кийин эле келип калды. Бордокулардын жем чөбүн берип, сарай ичин мизилдете шыпырып, баарын жайгарып бүткөндө Беккара баш бакты. Алардын кылган ишине жүрөгү сүйүнүп, адамга канчалык жакшылык кылсаң, ошончолук кайтат турбайбы деген ойго келе түштү. Анан алар менен бир аз кобурашып турду да, Соорбекти колтуктай үй жакка басты.

– Баарын дайындадыңбы, – деди Беккара келинчегине.

– Ооба. Казан аякты өзүнчө, төшөнчүлөрдү өзүнчө бууп прицебиңе салып койдум. Тиги Даниярды чакыргыла. Тамак жеп алсын. Биз болсо жолго чыгалы. Баса Төө– Ашуу менен кетебизби?

– Анан каяк менен кетмек элек. Казакстандын жолу менен кетсек бажыкананын кызматкерлери тигини өткөзүүгө болбойт, муну өткөзүүгө болбойт деп отуруп чөнтөктөгү акчаңды кагып алат экен. Ай ушу бажыканаларды ай. Тим эле элдин шору болду. Деги түпкү аталарыбызга чейин казак менен кыргыздар бир тууган болуп, муногу сенин жериң, муногу менин жерим деп тосмо кое салды беле. Эч убакта эл бөлүнгөн эмес. Чет мамлекеттин чыгарган балээси. Карачы эми түз бара турган жерден коркуп, ашуудан ашууга чыгып отуруп зорго Бишкекке барып жүрөбүз.

– Эмне эле ага күйүп бышасың. Бир сен эмес, элдин баары ушуга арга жок баш ийип жатса, жангыз сенин колундан эмне келет эле, – деди Сайра титирендей түшкөн Беккаранын көңүлүн жубаткан болуп.

Түз жолдо «ЖИП» учкан куштай зымырап келатты. Кыш эмес, күздө болсун, же жаздабы «Өтмөк» ашуусунда кар жатпайт, же тайгалак болбойт деп болбойт. Беккара жылаандай ийрилген, тоонун боору менен өйдө жылган сайын, кар калыңдап, ал турсун тайгалак жерлерден машинанын дөңгөлөгү бултактап, рулга баш ийбей кетет. Мындайда Беккаранын нерви чыңала түшөт окшойт, өзүнчө эле тилденип, титиреңдеп калат. Мунун да жөнү бар да. Кээде айдоочулар жолдун кыйын шарттарында тозоктун кыл көпүроөсүндө бараткандай ажал же өмүр үчүн күрөшүп калышат эмеспи. Мына «Өтмөктүн» чокусунан ото бергенде, сайга түшүп кеткен «КАМАЗДЫ» көрүштү. Эки– үч киши ары бери басып жанында турушат. Беккара жанда жок боорукер адам. Алар эч кандай белги бербесе деле машинасын токтотуп, жолдун жээгине келип:

– Жардам керекпи-и, – деп кыйкырды.Алар кереги жок дегендей колдорун булгалашты.

Деги аман болгой эле, – деп Сайранын да жаны ачый түштү. Кайда иштесең да оңой оокат жок, мамайдын көрү турбайбы деп ойлоп койду Соорбек. «Өтмөктөн» өтүп, «Суусамыр» кенен жайлоосуна түшөр менен кар эмес кардын учкунун да көрө алышкан жок. Кээ бир жерде тизилген боз үйлөр. Алардан адамдар чыгып май, куртун, жада калса сүт, айран, кымызына чейин күзгү суукка карабай сатып отурушат. Деги адам баласы турмушта ушундайбыз да. Кайсы жерде жашоо ыңгайлуу болсо, ысык суугуна карабай, оор жеңил дебей кете беребиз. Мүмкүн бешенеге ушундай кылып жазып койгондур. Мен деле атам тааныбаган адамдын колуна барып иштеп калбадымбы деп Соорбек ойго чөмүлүп баратканда Беккара:

– Төө-Ашуу жөнүндөгү ырды уктуң беле? – деп калды.

– Жок.

– Анда ал мындай:

Төө-Ашуу менен Ала– Бел,

Айылдан салам ала кел…

Беккара созолонтуп ырдаганда тиги аска зоолор кошо жаңырып кеткенсиди. Дирилдеген коңур үнүн асты жактан соккон муздак жел жула качып, тиги кокту колот, сайдагы шаркырап агып жаткан суу, тооду ныгыра басып турган урчуктуу чоң таштар үңкүйө карап угуп жаткансыды. Ал акыркы кайрымасын шыбыш менен кайталап, аздап– аздап барып ырдаганын токтотту.

– Мына Сокен, Төө-Ашуу деген ушу, – деди Беккара.

– Талантыңды Төө-Ашууда гана чыгарат турбайсыңбы. Мынчалык уккулуктуу ырдаганыңды билбей жүрүптүрмүн го, – деп Сайра дал азыр жарынын кучагына кандайча кулаарын билбей турду.

Соорбекке деп алган там шаардын бир чекесинде экен. Жаңы конуштардан болсо керек. Көчө түшкөн менен жаңы салынып жаткан тамдар көп. Соорбектин тамы көчөнүн кылда аягында болуп чыкты. Андан ары союз убагында курулган эки чоң сарайлар турат. Алардын жанындагы тамдардын моорунан түтүн көтөрүлгөндүктөн аерде сөзсүз фермерлер бар экен деп болжолдоду.

– Мына ушу там. Азыр чакан болгон менен, жалкоолукка алдырбай башың менен ойлонуп иш кылсаң акырындык менен чоңойтуп аласың. Тигиндеги сарайга он чакты малды апкелип багууга болот. Колдон келсе аны да чоңотуп ал. Ал эми сени жылаңач тамга таштап коюп кете албайм. Муногу эки жүз миң сомду карызга деп таштап кетем. Тиги сарайынды карап отурбай мал сатып келип киргиз. Өзүңө да эрмек болуп, букаларды буркуйта семиртип, менден өткөн бай болуп кетерсин.

Беккара акчаны сунганда Соорбек артка кетенчиктей түштү.

– Беке, муну албайм. Бул ашыкча. Жок,жок. Болбойт...

– Болот.Эгер албай койсоң анда таарынам…

Соорбек унчукпай калды. Сайра үйдөн алып келген тамактарын дасторконго коюп, бир бөтөлкөнүн оозун ача салды.

– Мына эми өз түтүнүңду өзүң булаткан чыныгы жигит болдуң. Сенден суранам, турмуштун ооруна майышпай, барчылыкка көппөй жүр. Кана эмесе, стакандагыны үчөөбүз тең алып жиберели.

Соорбек ичпейм дегенсип тартына баштаганы менен Беккаранын сөзүн кантип эки кылат. Болушунча болормун деген ойдо Беккарадан кем калбай ичип отурду.Үчөөнө бир бөтөлкө аздык болуп, дагы бирөөнү ачышып, түн бир маалга чейин ырдап-чордошуп, бир бөлмөгө эки бөлөк төшөк салышып жата кетишти.

Эрте менен Соорбек негедир тигилерден мурда ойгонду. Беккаранын колу Сайранын мойнунда оролуп, келиндин кундуздай кулпурган чачы Беккаранын бетин жаап калыптыр. Мурду мурдуна, эриндери эриндерине жакындап, саал кыймылдаса эле биригип кала тургансыйт. Соорбек бир эки мүнөт кызыга карап турду да, анан сырткы эшикти ачты. Чы-ы-ы-к дей түшкөн эшиктин үнүнөнбү тиги экөө тең ойгонуп, дароо кетүүгө камына баштады.

Беккара машинасын жүргүзүп, кол алыша коштошкон менен Сайра анте албады. Көзүнөн жаш кылгырып турган Соорбекти көрдү. Жанына басып келди да, Беккаранын кызганаарын ойлонбой, мойнунан кучактап бетинен өптү.

– Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт дегендей али биз аман болсок дагы далай көрүшөбүз. Жаңгыз калдым деп убайым чеге көрбө, – деп көңүл жубаткан болду. Бирок машинага түшүп кабинанын эшигин жапканда, кабина эмес, махабатка мелт-калт толуп, бир гана Сайра деп жашап жүргөн жүрөгүн да кошо жаап кеткенсиди.

Беккаралар кеткенден кийин канчалык бир нерселер менен алаксыйын десе да алаксый албай желкеден бирөө басып тургансып көңүлү көтөрүлбөй койду. Ошондон улам эч нерсе кылбай эки күн жатты үйүндө. Үчүнчү күнү гана сарайдын ичине басып барды да, анын ичи уйдун бок-сагына толуп кеткенин көрдү. Бирок аны тазалайын десе колдоно турган эч нерсеси жок. Кийинип алып Ош базарына келди. Керектүү буюмдарын апкелатып бир жүдөгөн күчүктү көрө калды. Курсагы ачып бүтсө керек, тилдерин жалаңдатып бир нерсе берер бекен деп жалдырап карайт. Бир убакта дал ушул күчүктөй болуп ар кимдин колун карап калбады беле. Карачы ошондогу жашоосу бул күчүктүн башына келип калганын. Ошондонбу тизелей отурду да, куйругун шыйпаңдаткан күчүктү боору ачый карап турду. Анан, үстү башынын жийиркеничтүү экенине карабай жерден көтөрүп, бооруна кыса кучактап үйүн көздөй жөнөдү. Келери менен күчүктү борсойто тойгузуду. Тойгузмак турсун Герасимдин Мумусунан да аша жакшы көрүп, көпкө-ө көпкө-ө эркелетип отурду. Күчүк качан гана кыңкылдап барып босогого жатканда ордунан турду да, сырттагы иштерине киришти. Ишке такшалып, мудаа кылганга үйрөнүп калган Соорбек сарайды гана эмес,тегерегин бүт так-туйнактай ыраатка келтирип койду.

Үстүндө үй, колунда акча бар. Жаңгыз баш адамга эмне жетпейт. Телевизор көрүп, же кино театрларга барып сайрандаса деле эч ким эч нерсе дей албайт. Бирок Соорбек келечегин, Беккарадай бай болуп кетсем кана деп ойлой берет. Бул ою ишке ашаарын ишенип, алды менен жем чөбүн даярдап, анан он үч чарба букаларды сарайына байлап койду. Үч маал жем чөбүн берип, анан эрмектегени телевизор. Андан жадаганда күчүктү жууп тазалап, жаш баланы эркелеткендей көпкө чейин эркелетип, анан сыртка чыгарып эшикти жаап алат. Ал кургур кайра үйгө киргиз дегенсип эшикти тырмалап, каңкылдайт да, үмүтү үзүлгөндө гана уясына барып жатып калат. Айтса айтпаса да күчүктүн багы ачылды. Баягыдай жүнү тескери айланган арык эмес. Денесине эт бүтүп, жүндөрү жылтылдап, сүйгүнчүктүү көрүнүп калды. Бирок айбанат менен адамдын ортосунда асман жердей айрыма бар эмеспи. Күчүктү канчалык жакшы көргөнү менен ал жанды жеген жалгыздыкты баса ала турган эмес. Ошондо гана апасы эске түшүп, агасына телефон чалды. Ал “апам дарыланып жүрөт, кое тур, айыкканда өзүм апарам” деген жооп берип тим болду.

Кызык, турмушта күтүлбөгөн ар кыл окуялар боло берет тура. Соорбек Ошто мал арзан дегенди угуп калып, эки күн ал жакта жүрүп калды. Үйүнө келсе баягы багып алган күчүгү жок. Канткен менен көзгө ысык көрүнүп калган күчүгүн үч күн издеди. Эч жактан таппай бир күнү Ош базарында баягы кейпинде шимшилеп ар кимдин артынан ээрчип жүрөт. Иттин мындай тамак ичип, жаткан жеринен качып кеткенин биринчи көрүшү. Андан көңүлү кала, ичи иренжий түштү. Селсаяк болуп калган ит селсаяктыгын койбойт экен да, деп аны көпкө делдейээ карап турду. Ошол маалда бирөө ийнинен түрткөндөй болду. Артка бурулуп карады эле он беш, он алты чамасындагы, кийимдери начар, жүдөп какаган бир кыз жанында турат. Соорбектин дал ушул Ош базарынан тапкан жүдөө күчүк көз алдына элестеп кетти.

– Жардам кылыңызчы, – деди ал Соорбекти муңая карап.

– Мейли азыр жардам кылайын. Ал канча күнгө жетет?

– Бүгүн тамактанып алсам, эртеңкини көрө жатам да. Кыз жерди тепкилеген болуп,уялганынан өйдө карай албай койду. Чачтары жуулбай да, таралбай да калса керек. Тим эле бир бирине чырмалышат. Жаратканым ай, ушунчалык адамды кыйнайбы деп ичинде аяоо сезими күч алып, кандай жардам көрсөтөөрүн билбей турду.

– Жата турган жериң барбы?

– Каяктан.

– Мени менен жашайсыңбы? Карындашымдай көрүп, эч нерседен кем кылбай каралашам.

Кыз унчуккан жок.Соорбек колунан кармады да автобусту көздөй жетелеп жөнөдү.

Үйгө келгенден кийин, бир тамда экөө гана жашаарын билип, көзүн бакыраңдатып коркуп кетти кыз. Бул жерге эмитен аял кылууга апкелген го. Бирок биерден качканда кайда барам? Эртең эле тилемчи болуп ар кимге жалдырайм. Же күнүмдүк жашоо үчүн топ– топ болгон сойкулардын акылына кирип кетип алардын катарына кошулуп кетиши мүмкүн. Ал жашоо ар намысыңдан айрылтып, эл караган бетиңди өмүрүң өткөнчө жер каратат. Бул өлүмдөн да коркунучтуу эмеспи деп ойлоп койду кыз.

Кечинде кыз тамакты даярдап Соорбекти күтүп отурду. Ал сарайдагы жумуштары менен алектенип кеч келди. Үйгө кирери менен бети башын жууна турган жылуу суу дайындап, суу куюп бүткөндөн кийин колуна сүлгү карматты. Кыздын мындай камкордугу, мындай мамилеси көңүлүнө жага түштү. Экөө бат эле дасторконго отурушуп, бири биринен кысынбай даярдалган даамдуу тамактын бир кашыгын да арттырбай ичип алышты. Мындай караганда эч кандай чеки кыялы жок кыз экен. Кандайча көчөдө калды экен деп ой басып отурду Соорбекти.

— Атың ким? – деди бир убакта Соорбек.

– Атым– Жамийла.

– Атың жакшы экен. Анан кандайча көчөдө калдың?

– Аны айтыш оор, – деп Жамийла көзүнө келе калган жашты бет аарчысы менен басып өксүп-өксүп ыйлап алды, – мен мектептен келсем биздин үй жыгачтан салынгандыктан түбү менен өрттөлүп, ичиндеги ата-энем, ага эжелерим күлгө айланып таанылбай калыптыр. Мен эмне кыла алат элем. Мылтыктын тарсылдагынан, тигиндей кырсыктардан коркуп калган жаным бир шофер менен сүйлөшүп Бишкеке келип калдым. Эки күн жатарга жерим жок, ичерге тамагым жок сандалып жүрдүм. Милициялар кармап алып баарын сураштырып, мени балдар үйүнө тапшырып коюшту. Жакшы эле жашап жаткам. Шайтанды шайтан азгырат дегендей үч кыз болуп бир кызды аябай уруп, соткасын тартып алдык. Бирок бул иш бат эле билинип калды. Үчөөбүз тең өз билген жагыбызга качтык. Ар кайсы жерде качып жүрүп, акыры күнүм өтпөгөндөн кийин Ош базарына келип калдым эле. Сиз жолугуп калдыңыз.

– Биздин үйдө жүрө бер. Ким билмек эле. Билген күндө да жашы жете элек, оор тагдырга туш келген кыз экен деп сага сөзсүз жеңилдик берет.

Экөө ушуну гана сүйлөшүштү. Жата турган бир гана бөлмө болгондуктан экөөнө эки бурчка төшөк салынды. Жамийла төшөккө жаталбай көпкө чейин жуурканга бутун салып, анан бир аз кыйшайды. Уктамак кайда. Тигинин жуурканы кыймылдаган сайын жүрөгү титиреп кетет. Ою бузулуп ордунан тура калса эмне кылсам. Качканым менен кармай албай коебу. Жардамга деп кыйкырам, жан талашып чыңырам деп ойлоп койду да, жаздыкка башын жаздады. Анткен менен коркунуч ойлор дагы эле биринин артынан бири келе берип уктатмак турсун умачтай көзүн ачтырат. А Соорбек болсо Сайра менен болгон күндөрүн ойлой кетти. Ал көкүрөгүндө өзүнчө эле тарых болуп жазылып калыптыр. Аны кантип өчүрө алат. Мүмкүн бул кыз бойго жете түшсө, ага алаксып Сайраны биротоло эсинен чыгарып коер. Ал мүмкүн эмес... Анан, анан... Беккара кетип калып Сайранын жылуу төшөгүн эңсеп, кумары дайрадай ташкындап чыкканын, эшикти ача албай балтанын түшүп кеткенин, Сайранын көзүн бакыраңдатып чыга калганын көз алдынан өткөрүп жатты. Бирок ал күндөр өтүп, бирөөдүн аялы эмес, апасынан башка эч ким өппөгөн, сүттөн ак, бойго жетип жетелек жапжаш кыз жанында жатпайбы. Илгери чоң аталарыбыз ушул курактагы эле кыздарды аялдыкка ала берчү экен. Кандай айбан болгон деп ойлоп койду да, анан кызга болгон ышкысы түк жанбай, ал турсун менден коркуп жаткандыр деп аяп, бат эле коңурук тартып уктап кетти. Жамийла болсо таң атканча тирмийип жатып, таң атканда гана Соорбектин адамкерчилиги бийик экенине ишенип, катуу уктап кеткенин билбей калды.

Жамийла күн шашке болуп калганда турду. Соорбекти караса төшөгүндө жок. Өзү чай кайнатып ичсе керек. Стол үстүндө жыйналбаган чайнек пиялалар турат. Нанды ороп да койбоптур. Баарын ордуна коюп, Соорбек бир жакка кетип калган жокпу деген ойдо сарайга кирди. Соорбек малдарын жайгарып, сарайдын ичин мизилдете шыпырып жатыптыр. Катар катар тизилип байланып турган семиз букаларды көрүп, бул дүнүйөлөр кайдан, кандайча келгенин билбей жаш болгон менен бай турбайбы деп ойлоп койду.

Жамийланын келгени жакшы болду. Тамагы дайын, кири жуулуу. Соода сатык менен бир жакка кеткенде үйдө киши бар деп көңүлү тынч, үкү-түкү болбойт. Анын үстүнө Жамийла өз бир тууган карындашындай болуп калды. Мектепке окутайын дегенде менин эч кандай документим жок кантип окуйм, азырынча окубай эле турайынчы деп болбой койгон. Канча айткан менен көңүлү жарым, сүйүндүрүп коеюнчу деп базарга ээрчитип барып каалаган кийимдерин алып берди. Ошондо Жамийланын сүйүнгөнүн айтпа! ата– энелери барында да мындай кымбат баалуу кийимдерди кийип көргөн эмес. Үйгө келгенде күзгүнүн жанынан чыкпай улам каранып, Соорбекке кандай ыраазычылыгын билдирерин билбей жатты.

Убакыт машинанын дөңгөлөгүндөй чимирилип өтүп жатканын билбей, экөө бир тамдын түтүнүн булатып, кышты өткөзүп, жаздын келип калганын билбей калышты. Жашоо шарты жакшыра түшкөндүктөн Жамийла мурункудан өзгөрүлүп, каректери жайнап, кашына жүзү бап келип сыналып кетти. Бирок ага Соорбек анча көңүл бурбайт. Караганы эле Жази деген кыз. Ал ушул көчөнүн ортосунда жашайт. Суу ала турган чорго дал Соорбектин үйүнүн жанында жайгашкандыктан кыз күндө келип ушул жерден суу алат. Өңү, түзү, ал турсун мүчө – келбети Сайрага түзпөлдөшүп кетет. Болгону Сайра кара торунун сулуусу болсо, бул кыз аппактын аппагынын сулуусу. Бир көргөндө эле эстен тана түшкөн Соорбек. Эми ага жакындоонун кандай амалын таппай жүрдү. Сууга келгенде дароо чаканы алып тура калат. Канчалык кареги менен тең айланып караган менен кургуруң бир көңүл буруп карап койсочу. Ал антип турганда жөн эле тийише бербейинчи деп өзүн өзү кармап тим болот Соорбек. Ошентип жүргөн күндөрдө сегизинчи март майрамы келип калды. Базардан эң кооз гүл дестени алып, кыз сууга келер менен гүлүн алып жанына тура калды.

– Жази, атайы сага алдым. Албай коюп колумду уялтып койбо, – деп күлө сүйлөдү Соорбек.

– Жакшынакай гүл экен, – деп колго алгандан кийин көпкө карап турду да, – кантип албай коеюн. Бирок ата-энелерим кимден алдың десе эмне дейм? – деди.

– Бир классташым берди деп кой.

– Туура айтасың Соорбек байке. Ошентип айтам. Гүлүңүз үчүн рахмат. Кыз ушуну гана айтып, үйүн көздөй бет алды. Соорбек болсо кыздын гүл алганына эле каниет алып, түндөсү таттуу ой менен таттуу уктап кетти.

Жази менен таанышканы малын карап, тегерегине бир чөп жаткызбай жаны тынбай калды. Өзүмдүн аракетчилигим, иштермандыгым менен көзүнө көрүнбөсөмбү дей берет ичинен. Колго багылган букаларын мүлдө баарын сатты эле капчыгы бир дегенде кампая түштү. Акча болсо баарын жасоого болот тура. Курулушчулар бат эле табыла коюп, сарайды дагы он букага кеңейтип алды. Ал турсун тамына дагы эки бөлмө улап, зыңгырата жаап алганын Жази көргөндө бул дүйнөлөрдү кайдан таап жүрөт деп аң-таң болуп жүрдү. Анткен менен дүйнөлүү жигит экен. Турмушка чыккан кыздын багы бар го деп жүрөгү жылый түшөт. Соорбек да ичинен кымыңдап, сууга келгенде тартынбай эле сүйлөшө калчу болду.

— Үйүңдөгү кыз кимиң болот? – деп сурайт Жази.

– Карындашым болот.

— Экөөңөр эле жашайсыңарбы?

– Ооба. Эгер мен жөнүндө баарын билгиң келсе театрга барбайлыбы? Капысынан берилген суроого эмне деп жооп айтаарын билбей калды Жази. Ойлуу туруп калды да:

– Үйдөгүлөрдөн суранып көрөйүн, руксат берсе сага ызвандап коем. Макулбу?

Чыдамсыздык менен күтүп отурганда сотка шыңгыр дей түштү. Жүрөк жарыла сүйүнүп сотканы кулагына тосту. Чын эле Жази экен.

– Жази даяр тур. Мен азыр эле барып калам – шашыла кийинди да, аздан кийин эле Жазинин үйүнүн жанында турду. Жази укмуштай жасанып чыгыптыр. Атырды да аябай буркуратып себинип алган. Соорбектин мурдуна өрдөй түшүп, жагымдуу жытка денеси балкый түштү. Экөө колтукташа басып аялдамага келишти. Автобуста эл анчалык көп болбогону менен отургучтар бош эмес эле. Үстүңкү тутканы кармап, бет маңдай бири бирине жапжакын туруп калышты. Эгер мурдатан тааныш болгондо эч ийменбей жок дегенде белинен кучактап ырахаттана түшөт эле го. Соорбек аны түшүнүп баратты. Бирок анте албайт. Биринчи эле жолугушууда анын кыял жоругун билбей туруп асыла кетиш адамкерчилик эмес. Андан көрө мырзалыкты, сыпайы– сылыктыкты көрсөткүсү келип бейчеки сүйлөп, же бейчеки кыймыл аракет жасаган жок. Автобустан түшөрдө да:

– Абайла Жази, жер тегиз эмес экен, – деп колунан коомайлап кармап автобустан түшүрдү.

Экөө театрга эмес, киного кирүүнү чечишти. Америкалык кино экен. Башталышында эле атышмай башталып бара-бара эки жаштын сүйүүсү көрсөтүлө кетти. Деги сүйүүдө да алардыкы бизге салыштырганда асман жердей айрыма бар тура. Кыргыз кыздары сүйгөн жигитине уялуу менен мамиле кылып, сырын жакында билдире койбойт. А мында эмне деген абийирсиздик. Аты жөнүн жаңы эле тааныштырган жигит кызды ээрчитип үйүнө апарды да тим эле ооздорун чормоңдотушуп өбүшө кетти. Анан калса жигит, төшөккө жаталыбы десе, кыз өзүн эмес тиги жигиттин көйнөк, шымын чече кетсе болобу! Жази алаканы менен бетин баса калып:

– Соорбек кетеличи. Көргүм келбей жатат,-деди.

– Ооба кетели. Америкалык шүмшүктөр абийир уятты бийик сактап келаткан элибизди ушундай жол менен бузуп келатпайбы. Эмесе кыздарыбыз белинен бир аз гана түшкөн көйнөк кийип, киндигин көрсөтүп, көкүрөгүн бултуйтуп жүрбөйт эле го.

– Аның ырас. Биздин үйдөгүлөр да мындай жүргөндү жаман көрөт.

Экөө кинодон чыккандан кийин колтукташа аллея менен басып келатты. Кино Жазинин көңүлүн көтөрмөк турсун кайра чөгөрүп койдубу, кабагы ачылбай калды. Кайдан кире койдук эле деп Соорбек кызга сырын билдирбей, биринчи жолугушуусунун башталышында эле минтип жакшы болбой калганына ичи ачыша түштү. Анткен менен Соорбекке күндө мындай шарт келип турбайт. Демек бүгүнкү күн Жази үчүн да, өзү үчүн да эсте каларлык күн болуу керек. Бирок кантип? Анекдот же өзүм көргөн кызыктуу окуялар айтып алаксытсамбы? Кайдан алаксытам. Эс тартканы букаларды багып белчеден чылага батып келбедим беле. Ошону айтамынбы. Аны айтсам мындан бешбетер көңүлүн иренжитип алармын...

Күн батарга али көп бар болчу. Ошондуктан гүл бактагы отургучтардын бирине отура кетишти. Бет маңдай отургучта бир кыз бирөөдү күтүп отурдубу айтоор эки жагын каранып тынчсызданып жатты. Аңгыча эле негр жигит жанына отура калды.

– Кыргыз эле кыз экен. Жигитин карасаң, – деп Жази шыңк эте күлүп жиберди. Соорбектин Жазинин томсоруп отурган иреңи жайдарыла түшкөнүнө ичинен сүйүнүп койду. Ошондо гана бир жак капталы кызга тийишип, ал денесине жылуулук таратып жатканын сезди. Колун акырын жылдырып белинен кучактады эле ал унчуккан жок.Улам жакындаган сайын кыздын атыры мурдуна өрдөп каңылжаарын жарып баратат. Жүрөк дүкүлдөй согуп Жазиге болгон тартылуусу күчөгөндөн күчөп бараткансыйт. Эмне кылсам? Сүйөм Жази алтыным деп айтсамбы. Анан ал мага түшүнүп эч болбосо кебездей аппак бетинен бир өптүрүп коер беле. Соорбек ушуларды ойлоп отурган менен Жазинин эки көзү тигилерге тигилип турат. Капкара негр сүйлөгөн сайын тиштери эле жылтырап, калбайган эки эриндерине эки ит тойгудай.

– Мындайлардын жанына отурмак турсун, көргөндө итирекейим келип кетет, – деди бир маалда Жази.

– Каралыгы болбосо алар деле биздей киши.

– Киши болбой жерге кирсин. Жүрөк айланткан түрүнө карабай, биздин татынакай кыздарыбызды акчалары менен алдап жатпайбы.

– Каныбыз кыргыз деп чуркап турганда эч качан, эч нерсеге алданбаш керек. Турмуш жакшырса көрөсүң го, ата салтыбыз, ар намысыбыздын баары ордуна келет.

Негр кызга жакындай түшүп, түнкү көпөлктөрдүн бири деп ойлодубу бир нерсени кобурап түшүндүрө кетти. Кыз муну күтпөсө керек. Ачуулана бир нерсе деди эле кетип калуунун ордуна кайра жалжаңдап жакындай берди. Кыздын ачуусу эми ашып ташып чыккан окшойт, күч менен катуу түртүп жиберди. Негр отургучтан кандайча кулап булганч жерге түшкөнүн билбей калды. Дароо ордунан ыргып туруп үстү башын кагынды. Бирок таза тазалай албады. Көзүнөн чаарын чыгарып, кыздан өчүн алайын деп жүткүнгөндө тегеректе отургандын көбү кыргыз жигиттери экенин көрдү. Ошондонбу, же алардан айбыктыбы куйругун кыпчыган иттей бул жерден алыстаганча шашты.

– Ыраса болду, – деп иле-шилеси ката күлдү Жази.

Чынында эле турмуш кызык. Кээде бирөөлөрдү канчалык аракет кылганың менен күлдүрө албайсың го, карачы, ушинтип көз алдыңдагы турмуш өзү күлдүрүп коет турбайбы деп ойлоп койду Соорбек.

Жазинин маанайы жаркып чыкты. Эми гана Соорбекке көңүл буруп, аны колу оролуп турганы гана эмес, өзү да өзүнө умтулуп келатканын көрдү. Мындайды башынан өткөрбөгөн кыз негедир эки бети оттой ыссып, уялып кетти. Белинен тигинин колун бошото берип:

— Соорбек эмне, өзүм жөнүндө айтам дедиң эле го. Эмне унутуп койдуңбу?-деди.

– Аны кантип унутайын, анда ук...

Соорбек баштан өткөндөрүн баарын жашырбай айтып берди.

– Оор турмушту, ата-энесиз жаңгыздыкты башыңдан өткөргөн турбайсыңбы. А тиги кыз кайдан жүрүп карындашың болуп калды?

– Чынында карындашым эмес. Ош коогалыңында ата-энесинен ажырап көчөдө калыптыр. Базардан жолугуп калып үйгө ээрчитип келдим. Билсең бир тууган карындашымдан да жакшы көрөм. Каалаганын кийинип, каалаганындай жүргөнүн байкап жүргөндүрсүң. Ал качан жеңелүү кыласыз деп эле кайталай берет.

Сөздүн учугу кайда бурулуп баратканын түшүнө койду Жази.

– Менин эжем америкалык бирөөгө турмушка чыгып америкада жашап калды. Ойлоп калба жанагыдай капкара экен деп. Шыңга бойлуу, ак жуумал эле сымбаттуу жигит. Анан калса чириген бай экен. Ошол жакка улам чакырып эжем тынчтык бербей жүрөт. Бир жаштагы уулу бар, ошону баксын дейби айтоор тынымсыз эле СМС жөнөтүп жатат. Барбай эле коеюн десем, үйдөгүлөр боло турган эмес. Алар менен бир жүрсөң англис тилин суудай үйрөнүп аласың дешет. Бир жагы аны туура көрдүм. Англис тилин билип алсам өзүмө жакшы. Анткени чет тил жагындагы окууга киргени жүрбөймүнбү. Ата-энемдин айткандарына караганда жакында кетет окшойм. Муну угуп Соорбек үшкүрүнүп алды.

– Көпкө жүрөсүңбү?

– Ооба, бир, же эки жылдай. Кыскасы тилди үйрөнгүчө.

Соорбектин денеси үстүнө бирөө суу куюп жибергендей муздап чыгып, ага эмне айтаарын билбей, башы шылк дей түштү. Таттуу ойлору таруудай чачылып, Жазини карай албай, жаш баладай томсоруп отуруп калды. Америка, америка дейт. Америкалыктар кандай экенин кинодон көрүп жүрбөйбү. Бүгүн деле көрүп чыкпадыкпы. Кыргызстанда окуу жайлар азбы. Бирөөнө кирсе баары бир билимдүү болуп чыгат эле го. Американын кереги эмне?..

Жази анын эмнени деп ойлонуп, эмнеге томсоро түшкөнүн сезген жок. Көздөрү дагы эле тиги жаңгыз отурган кызда эле. Жигити аябай зарыктырды го. Кетип эле калбайбы. Ошончолук машаяктын баласы дейсиңби. Убагында келбедиби, кетип калып, кийин зарыктыра күттүрүп жазалаш керек. Бул оюн аягына чыга электе кыздын жигити келип калды. Кыз сүйүнүп кетти окшойт ордунан ыргып туруп кучагын жая мойнуна асыла калды. Жигит кыздын белинен бекем кучактай калып айлантып айлантып алды да, тегерегиндегилерди байкабаган сыяктанып бетинен чопулдатып өөп кирди. Жазиге бул көрүнүш катуу таасир эттиби, Соорбектин ийнине башын жөлөй салып экилене түштү.

– Соорбек сага эмне болгон, таарындыңбы?..

– Жок.

– Анда көңүлдүү отурсаң боло.

– Кантип көңүлдүү болом. Жаңы эле таанышканда америкага кетем деп жатпайсыңбы.

— Эмне экен. Экөөбүздүн келечегибиз алдыда эмеспи. Сен эми гана он тогузга чыксаң, мен он сегиздемин. Али өмүр кайда жатыры.

– Өмүр алдыда дечи. Бирок америкалыктардын жаман кылык жоруктарын көрүп туруп, тилин үйрөнөм деп жатасың. Эки жылдын ичинде эле мүнөзүң башкача болуп калат. Мүмкүн… Мүмкүн сен...

– Эмне мүмкүн?.. Кысканып жатасыңбы?.. Америкалыкка тийип кетет деп жатасыңбы?..

– Турмушта баары болуп жатпайбы. Сени канчалык кысканбайын десем да мени азыр ушул ой тынчымды алып жатат.

– Мени эмитен эле кыскана бербечи, тынчы жок чабалекейим менин.

– Тынчы жок дегениң эмне?

– Көрүп жүрбөймүнбү. Түк тынчыбайсың. Сенин ушул мүнөзүңдү аябай жактырам.

Соорбек эми гана кыздын жүрөгү ал үчүн чындап ачык экенин сезип, ичинен сүйүнүп, баятан бери тынчын кетирген ойлорунан арыла түштү да, башын кое, жөлөнүп турган Жазини карады. Экөө тиктеше түштү. Каректи куйкалаган көз караш. Андан жалтана түштү Соорбек. А Жазинин денеси оттой күйүп, эки бети албырып чыкты. Ошол жаштыктын деми жалындатып мурда болуп көрбөгөндөй сыйкырдуу күчкө арбала түшүштү. Экөө гана ээн талаа, эч ким баспаган жерде жүргөнсүп чырмалыша түшөрү жакын эле. Бирок колуна газет кармаган бейтааныш киши оюнда эч нерсе жок алардын жанына отура калды. Жази тиги кишиден ийменип уялып кетти. Айкалышып турган колун кое бере салып:

– Кетеличи, кеч болуп калды, – деди.

Чын эле күн кызара батып, нурлары өчө элек болгону менен күүгүм бир аздан кийин эле караңгылыкка эшик ачаары анык болчу. Ошондуктан эл шыкалган автобуска карабай түшүп алышты. Соорбек Жазинин алыс туруп калганын өкүнбөй, кайра биринчи жолугушууда эле ички сырды толук түшүнүшүп алганына каниеттенди. Жолдо автобус токтоп Жази түшүп баратканында:

– Жази унутпа, сүрөтүңдү берип жибер, – деди.

Үйгө келгенде Жамийла тамак даярдап жолун карап отуруптур.

– Кечиктиңиз го аке, эмне болду? – деди.

– Иш чыгып калды.

– Билем кайсы иш чыгып калганын. Тиги Жази менен кетиптирсиз го. Кыздардын баары сөз кылып жатышат.

– Сөз кылса кылсын. Сен аны кулак төшөп укпай эле басып кетпейсиңби! Сен андай ушактарды кызыгып уга турган мезгилиң эмес. Түшүндүңбү!-деп Соорбек ачуулана сүйлөдү. Жамийла бул сөзгө териккен да, каяша айткан да жок. Даярдап койгон тамагын алдына кое салды. Соорбек шаша– буша тамагын жеп сарайга бет алды. Куруп кеткен букалар бизге жем чөп кана дегенсишип, биринен сала бири мөөрөшүп сарайды башына көтөрүшүп жатыптыр. Алдылары да чылага толуп кеткен. Кечки суукка карабай жеңилдене кийинди да тыным албай иштеп, бат эле тердеп тепчип чыкты. Түн бир оокумга чейин иштеп, анан үйгө кирди. Жамийла алда качан эле жатып алса керек. Бул дүйнө капарына кирбей таттуу уйкуда. Мурдагыдан алда канча чоңоюп, жашоо кандай экенин жакшы түшүнө баштады. Куда кааласа турмушка өз колум менен узатпасамбы деп ойлоп койду ичинен. Бирок Жази менен кетип калыптырсыз го деп күйүп бышканына таң калды. Эмне мени кыскана баштаганбы деген ой башына келе түштү. Жок андай ойго келе албайт. Ал келгени бир тууган агасындай мамиле кылып жүрбөймүнбү. Жок, жок ал ал түк андай ойго келе албайт.

Соорбек Жамийла жөнүндө эмес, Жази менен өткөргөн бүгүнкү күнүн эстей баштады. Баары жакшы болду. Болгону америкага кетем дегени ойго келбеген иш ко. Мен, дагы эки жыл күтөт имишмин. Бул аралыкта эмнелер гана болбойт. Кызык, күтө аламбы? Ал да мен деп жашай алабы? Ой ойго уланып мээсин чагып жибергенсиди. Ошондон нерви да чыңала түшүп, кирпиктери чапталышып, каректери уйкусурап талыган менен төшөгүндө көпкө чейин ооналактап жатып зорго көзү илинтти.

Турмуш өзү беш картадай, бирде бар, бирде жок кылып ойноткону менен кудай таалам байлыкты да, бакытты да ыраа көргөн кишисине бере коет тура. Күн күнгө, ай айга өткөн сайын Соорбектин да иштери алга жылып, соода сатык менен жүргөн адамдардын арасында кадыр баркы көтөрүлө баштады. Колу “майлуу” аталып букаларды бат семиртип сата салат да, кайра ордун азайтпай көбөйтө берет. Миллиондогон акчаларды кармап көкүрөгүн көтөрүп калган менен махабаттан али жолу ачыла элек. Жази рамкага салган сүрөтүн берип жибергени гана болбосо аны менен баягыдан кийин ал америкага кетип калып жолугуша албай калган. Ошондон бери анын сүрөтүн өзү отурган столдун маңдайына жөлөп койгон да, бош убактысында көпкө-ө, көпкө-ө карап отуруп анан оор үшкүрүнүп алат. Муну көргөн Жамийла:

– Соорбек аке, анын кыялы чукул, сөзгө туруксуз дейт ко кыздар. Унутуп эле койбойсузбу, – дейт.

Анын айтканы да туура чыгар. Бирок көктөн түшүп көкүрөккө орноп калган жылдыздай канчалык унутайын десе да унута албай койду. Эки жыл деген эмне экен, каш кагымда эле өтүп кетет. Анан деле кеч эмес. Андай пери кызга жетүүнүн өзү кандай бакыт деп өзүн өзү тынчыта коюп жүрдү. Баягыда апасы түшүнө кириптир. Ал калың баскан булуттардын арасынан чыга калып “ балам, кайдасың? Сагынып жүрөм,”– дейт. “Мен да сагындым, апа. Аракты таштап, оорууңуздан айыктыңызбы?» – десе “ айыгаармын, атаң түрмөдөн чыкканча күйүтүм күчтүү болуп жатпайбы» – деп кайра булуттардын ичине кирип жок болуп кетет. Түш да кээде туура келип калат. Апам байкуш али арагын кое албай жүргөн тура. Агам дарыланып жатат, айыкканда алып барам дебеди беле. Демек адам кейпинен кетирген бул ооруудан апам али айыга элек турбайбы. Анткен менен бала үчүн апа дүйнөдөгү эң кымбатын кымбаты эмеспи. Соорбек муну ойлонбой койгон жок. Азыркы бордокуларын толугу менен сатып, анан апасынын үйүндө бир эки жумадай жүрүүнү чечкен эле. Бирок бир күнү Жамийла экөөбү түшкү тамакты ичип отурганда эшик тыкылдай калды. Коло коңшулар минтип тык-тык дегизбей эле кире калчу. Негедир жүрөгү солк этип сыртка атып чыкты.

– Апа-а-а! Сиз белеңиз... Эне бала кубанычын ичтерине батыра албай көз жашын төгүп жиберишти.

– Бул там өзүңкүбү? – деди жайланышып отургандан кийин агасы Доорбек.

– Ооба аке, өзүмдүкү.

– Турмушуңду жакшы эле оңдоп алсаң керек. Эмне каттабай койдуң?

– Кичине бутка туруп, келинчек аларда кабарлайын дегем.

– Ботом, анда бул кыз кимиң болот? – деп Айша апа аң таң болуп тиги кызды карап калды.

– Эч нерсем эмес апа. Баарын анан айтып берем.

– Эмнең болсо да жылдыздуу кыз экен.

Агасы Доорбектин көңүлү ал жөнүндө эмес, короо жайлары, жасап жаткан тиричилигинде эле. Ошондуктан үйдө көп отура бербей, экөө ээрчишип мал сарайга киришти. Соорбектин мындай чарбачыл адам болуп кетерине үч уктаса түшүнө кирген эмес. Инисине:

– Мынча байлыкты кантип курадың? – деп аң– таң болуп, буркуюп багылып турган букаларды карап турду.

– Чынын айтсам мына ушул турмушка жеткизген бир асыл адам болду. Колунда иштеп жүрдүм. Акырында бир чакан там алып берип, колума акча карматты. Адам болсоң оңолуп кетерсиң, адам болбосоң бергенимдин баарын жок кыларсың деген. Арадан үч жыл өткөн менен ал адам үйгө келе элек. Бирок анын сөзүн бек кармап, жок болбой кайра бай болуп кеттим. Мен ага миң мертебе ыраазымын.

– Ошондой кишилер да элибизден чыгат экен да, – деп Доорбек көргөн көзүнө жакшы ишене албай турду. Үйгө кирери менен:

– Апа, балаң бай турбайбы, – деп сүйүнчүлөдү.

– Болсун балам. Бешенесине кудайым ушундай кылып жазып койгондур да. Эмесе бирөөдүн эшигин сагалап эптеп жан сактап жүргөндүр, – деп койбодук беле.

Соорбек агасын Бишкекке көчүп кел, бир жашап бир тирилик кылайык дегенине такыр көнбөдү.

– Менин тиричилигим деле жаман эмес. Ата конушун таштабайм. Адам отурбагандан кийин там да таланып тонолуп жок болуп кетпейби. Анын үстүнө атам боштондукка чыкса, ал сөзсүз айылга келет. Ошондо бир арманы ичинде калбайбы, – деди.

Агасынын оюн туура көрүп, апасы жөнүндө эч нерсе деп сурай албады. Доорбек болсо инисинин жашоо шартын билери менен зарыл иштерим бар эле деп айлына кеткенче шашты.

Айша апа үй ичиндеги эмеректерди, жасалгаларды бүтүндөй карап чыкты. Баары ордунда болгондуктан баласынын сарамжалдуу, акылы тетик экенине жетине албай сүйүнүп турду. Жамийла да үй ичине кыл жаткызбай, идиш аяктарын орду орду менен жыйнаштыра билет экен. Ошондонбу дагы бир аз убакыт өтсүнчү ушул эле кызды келин кылып албасамбы деп ойлоп койду. Анан үйдө бар азык түлүктөрдү карап чыкты. Жетишпегендери көп экен. Ушу турган Ош базарына автобус менен барып каалаганды алууга болот да деген ойдо баласынан акча сурады. Ичкилиги тартып тургандыр. Баарын курутуп келбесе болду деп Соорбек да көп ишене албай базарга жөнөттү. Жок, апасы керектүүнүн баарын алып эки сумканы толтуруп үйгө кирди.

– Айланайын апа, арак деген балээден кутулдуң беле, – деп Соорбек апасынын мойнуна асылып бетинен өбө кетти, – таза жакшы болгон турбайбы.

– Ооба балам, азабынан башка жакшылыгы жок балээден кутулгам, алты ай эле болду. Бирок экинчи оозума алсам төбөбүздөгү турган көк урсун.

– Антип катуу кетпеңизчи апа. Кудай алдында ак жүрсөңүз баары кечирилип кетер.

Ошентип Соорбектин жашоо шарты жай-жайына келген менен, Жазинин эки жылдан бери келбей жатканы өкүндүрбөй койгон жок. Сүрөтүн карап көңүлү чөгө түшкөндө күчүн чылымга чыгарып тарта берчү болду. Бара-бара Даниярдай болуп үч пачке чылымды бир күндө эле түгөтүп коет. Айла жок акыры насывайга үйрөндү. Айша апа чылымдан да мунуң жаман. Жаш адамдын душманы. Тишиңди курутат. Оозуңду сасытат дегенин угуп да койгон жок.

Баккан малдары сарайда көбөйүп, жаңгыз өзү эч нерсеге жетишпей кыйналып жүрдү. Мен деле Беккарадай эки уйчуман албаймынбы деп жүргөндө Беккара аялы экөө келип калбаспы. Соорбек атасы келгендей сүйүндү. Үйгө киргизбей жатып,баккан малдарын көрсөтө кетти.

– Азаматсың Соорбек, мен ойлонгондой жигит болуптурсуң, – деп мактап койду Беккара, – бирок биз иштей турган мындан да кыйын, мындан да түйшүктүү, бир жагы жоопкерчиликтүү да жумуш бар. Иш кагаздарын бүтүндөй бүтүрүп койгом. Эми экөөбүз белди бекем бууп ошо ишке киришибиз керек.

– Ал кандай иш?

– Курулуш жагы. Этаждуу тамдарды салабыз. Бек Кара деген ишкана болот, кудай буйруса.

– Малдарыңызды эмне кыласыз?

– Азыр баягы сен көргөн бир сарай эмес төрт сарай болуп, мал батпай кеткен. Ошого жараша кирешелер көбөйүп, кайда жумшаарымды билбей калдым. Ойлоп-ойлоп отуруп акыры элге үстөксүз кредит менен турак жай салууну чечтим. Муну жогоруда иштеген бардык жетекчилер туура деп тапты. Кыскасы Соорбек мага кошул. Мындан ары бирге иштешели. Акылыма көнсөң эртең эле бизнесмен болуп чыга келесиң.

– Демек малдардын баарын сатат экенбиз да.

– Жок ишке жараша болот. Алды менен фундаментине каражат жумшасак анан дубалына жумшап, ушинтип ушинтип кете беребиз. Экөө бир бүтүмгө келишип үйгө киришти. Сайра Жазинин сүрөтүн кармап отуруптур.

– Бул келечектеги келинчегиңби?

– Жеңе, сага окшоштугу бар бекен?

– Бар экен. Бирок бул кыз, карап эле тургудай сулуу го. Же сүрөттө ушундайбы?

– Жок, өзү барда көрсөңүз го. Мактанып коеюн, мындан да сулуу.

– Анда аны көрөт турбайбызбы. Качан көрсөтөсүң?

– Жок ал бул жерде эмес, америкада.

– Америкада?!..

– Ооба.

– Эмнеге кетти эле? Окуганыбы?

– Жок, тил үйрөнөм деп. Жакында келет.

– Келгенде эле сага турмушка чыга коймок беле. Окуйм-чокуйм деп чыгат. Андан көрө карапайым эле үй тиричиликке мыкты кыздардан албайсыңбы.

– Сүйүп калсам эмне кылайын жеңе.

Сайра эми эч нерсе дей албай калды. Соорбек сүрөттү Сайранын колунан алды да, чөнтөгүнөн бет аарчысын алып жалтырата тазалап ордуна койду. Муну көрүп турган Сайра, капырай, бу Сокен аны катуу сүйүп калган экен го деп ой жоруду ичинен.

Эт казанда боркулдап кайнап, дасторкон жер жемишке толуп турган менен мындан башка да кандай сый көрсөтсөм экен деп Соорбектин жан алы калбай жатты. Сайра болсо өз үйүнө келгенсип камыр жууруп күлчатай жасай койду. Тамакты ичип жайланып отурганда гана Беккара баягы эки жүз миң сомумду бер. Үстөк кошулуп калгандыр – деди.

– Ооба, кошулду, – деп Соорбек чөнтөгүнөн ачкычын алып сейфти ача кетти. Таңгакталган үймөк акчаларды көрсөтүп:

– Мына, булар менин акчамдан эмес, сиздин акчаңыздан куралган акчалар. Демек баары сиздики. Ала бериңиз.

Беккара аябай каткырып күлдү.

– Ой жолуң болгурдун баласы десе, тамаша айтсам таза чын көрүп алганын. Ошо биртке акчага күнүм түшүп калса качан эле келип сенин жаныңды койбой алып кетет элем го. Эми муну бекем сакта, эртең эле керек болот.

Эртеси эрте турушту. Чай ичер менен Беккаралар кетүүгө камынышканда Соорбек утур-утур Сайрага көз кыйыгы менен карап коет. Чиркин зам-замдын гана суусуна бет жуугансып мурдагыдан да бетер сыналып кетиптир. Ошо сулуулугуна, эч кимде жок назиктигине көз оту күйүп турган менен агасындай болуп калган адамдын аялына али да махабаты да ошол өлчөмүнөн кемибей турганын жүрөгү менен сезип турду. Чынында үчүнчү адамдын ашыктыгына муктаж эмес эки жар бир өзөндүн агып түшкөн суундай, бир талдын эки бутагындай жети жыл бою бирге жашап келатпайбы. Балабыз жок деп армандап бири бирине күнөө да коюшкан жок. Кудай таалам мындайларга мээр төгөт тура. Соорбек Сайранын колтугунан алып машинага түшүрөрдө гана анын боюнда бар экенин, курсагы бөрсөйүп калганын байкай калды.

Жаштыктын күлгүн курагында жанында жаркылдаган жары болбой, бул жаңгыз жашоо ал үчүн кең дүйнө да тарып кеткенсиди. Анан калса өзүнчө эле бир нерсе жетишпегенсип ишке колу барбай, эки жагын карана кайсалактап калчу болду. Баарынан Жазини айтпайсыңбы. Америкага кеткени соткасы өчүк. СМС жөнөткөн менен бир да жооп ала албады. Ошондон улам кээде андан үмүтүн үзүп, таптакыр көңүлүнөн сызып койгусу келип жүрдү. Бирок негедир анткенге эрки жетпей, күтө турайынчы деп жүргөндө Жази үйүнө келип калды. Эми эртеби кечпи ага үйлөнсө турмушунда зор бурулуш болорун ойлоп ичинен кымыңдап сүйүндү.

Ошондон көп күн өтпөй эле шаарга чыгып сейилдеп келейик деген сунушун Жазиге айтты. Ал тартынчыктап же кур шылтоо айтпай дароо эле макул болду. Экөө алды менен кафеге киришип, андан кийин баягы гүл бакка келишти. Эки жыл мурда отурган отургучту карашты эле, ушуларды эле күтүп тургансып бош экен. Ага экөө тең күлүп жиберишти. Тиги бет маңдай коюлган отургучта кыз эмес, эми жаш жигит отурат. Чыдамы кетип эки жагын элеңдеп карайт. Анан чылымын буркурата тартып отургучтун жанында сааттын маятнигиндей ары бери баса баштайт. Күтүү... Күтүү... Кандай азап экенин көздөрү менен көрүп турушту. Мүмкүн ушул жигит ашып кетсе эки саат күтүп анан сүйгөн кызына жолугуп бакыт кушун кармагандай чексиз кубанычка батат чыгар. Ал эми Соорбек Жазини эки саат эмес, эки жыл бою күтпөдүбү. Жүрөктөгү сагынычы эки жылдык болуп турганын Жази анча байкабады. Ошол сагынычы менен Жазини көтөрө калып, баягы баягы кызын күттүргөн жигиттей айландырып айландырып анан жаш баладай алаканына салып кумары тараганча өпкүлөй бергиси келди. Бирок а дегенде эле көңүлүн таап, бал сөз менен кызды имерип ала турган жөндөм жоктугунанбы, ага жакындоонун, эзилише кучакташып отуруунун эбин таба албай койду.

– Англисче сүйлөгөндү үйрөнүп калдыңбы? – деди бир маалда.

– Ооба, – деди Жази, – эми американын Бишкектеги институна оңой эле өтүп кетем.

– Менин оюм башка эле...

– Ушунча күттүң, эми бир аз күтсөң болбойбу.

Жази Соорбек эмне деп айтаар экен деп карап калды. “Жок, болбойт” десе эле Жази катуу таарына түшө тургансып унчукпай калды. Анткен менен Бишкекте, анан калса бир көчөдө жашап жатпайбы. Эгер мен деп жүрөгү соксо окууга өткөн күндө да менин айтканыман чыга койбос деп ойлоп койду ичинен. Тиги жигиттин кызы келип калды. Алар мурункулардай болуп обу жок кучакташып өбүшө кеткен жок. Адептүүлүктү сактап жөн эле сүйлөшүп отурушту. Жази аларга алаксыган менен Соорбек кантип алаксысын. Эртең, бүрсүгүндөрү үйлөнбөсө да, азырынча кучагында ойнотуп, сүйүүнүн жылуулук табына жан эритип отургусу келди. Ошондонбу:

– Жази билесиңби, сени аябай сагынып жүрдүм. А сенчи? – деди.

– Кээде эстеп гана жүрдүм. Эмгече үйлөнүп алгандыр деп ойлогом.

– Кандайча үйлөнө алам Жази, сен менин жүрөгүмдө жашап, бассам турсам ойлонтуп жүрсөң.

– Чын элеби?

– Чын айтып жатам Жази. Сен али түшүнбөй жатсаң керек. Менден оолактабай жакыныраак отурсаң, баарын түшүндүрөм. Жази Соорбекти карап калды. Мелт калт болуп сүйүүгө толгон көз карашына аяоо сезим менен карап жакындай отурду да Соорбектин ийнин жазданды. Соорбек анын албырып турган эриндерине жутунуп жакындай берди. Эриндер мына мына чаптала түшөрдө Жази Соорбектин оозунан бур этип чыккан жагымсыз жыттан көңүлү ирежий түшүп, өзүнөн өзү селт дей ордунан тура калды. Соорбек эч нерсеге түшүнө албай:

– Эмне болду сага? – деди.

– Эч нерсе болгон жок. Тиги маңдайыбызда отургандар карап эле калбадыбы, – деп тим болду.

Ошондон баштап Жазинин көңүлү ачылбай, үйүнө жеткизгенде да салкын коштошту. Мунун себеби эмнеде? Кайсы кыялымдан жаздым экен? – деп Соорбек түнү бою уктай албай чыкты.

Эртеси Беккара Даниярды ээрчитип келип калыптыр. Көптөн бери көрүшпөгөндүктөн экөө бирин бири сагынышып калышканбы тим эле бир тууганындай кучакташып учурашышты.

– Кайран гана чологум, мени издеп келип калган турбайсыңбы. Эми шаардык кызды тап да, айылды коюп шаарга келип жыргап жашай бер, – деп Соорбек тамашаласа, Данияр да сөз таппай койгон жок.

– Ооба, шаардык кыздардын бирин алып кетейин деп келбедимби. Мени кичинекей бала деп жүрүсүңбү? – деди эле үчөө тең каткыра күлүп калышты. Үйгө киргенде тамак даяр экен. Төрдө отурган Батма апа Жамийланын үй тиричилигине сарамжалдуу экенин айтып мактап койду эле Данияр кызды адам көрбөгөндөй таза кызыга карап калды.

– Шаарга биротоло көчүп келдим, – деди Беккара, – айылдагы тиричиликтин баарын Даниярга өткөзүп бердим. Ал бизге ошол жактан жардамдашып турат. Ал эми сен да букаларды карай турган кишилерди тап. Семиздерин сатып акча кылып курулушка жумшайлы. Сен менин биринчи орун басарым болосуң.

Беккара көздөгөн максатына бекем турган адам. Аны менен бирге иштегендер эч качан кор болбосун кол астында иштеп жүргөндө эле түшүнгөн. Мына жетимиш эки үй– бүлөгө эсептелген үйдүн пай дубалын жүздөй кишилердин жардамы менен бүтүрүп коюптур. Курулуш материалдары толук түшүрүлүп, алар кампаларга ырааттуу киргизилип койгондугун өз көзү менен көрүп, Беккаранын ишкерликке болгон жөндөмдүүлүгүнө таң калды. Мындай жөндөмдүүлүккө ээ боло элек Соорбек мен бул жерди башкарып кайсы жыргатмак элем деп ойлоп койду. Анткен менен Беккара Соорбек ар бир ишти так жана аягына жеткире аткара тургандыгына аны менен иштешкен күндөн тартып эле көзү жетип калган.

– Билем сенин алтынчы класс билимиң бар. Бирок адам өзү тырышып аракет кылса акедемиктердей кылып турмуш өзү үйрөтүп коет. Ошондуктан анча билимим жок деп отуруп албашың керек. Кудая шүгүр мен мен деген бригадир, прорабдар, мен мен деген кесипкөй адамдар иштеп жатат. Сен алар менен сен мен дебей жакшы мамиледе жүрсөң сага акыл кеңештерин айтып өргө жетелейт. Көрөсүң Соорбек, кудай буйруса башталган ишти аягына чыгарып, азыркы курулуп жаткан үйдү бүтүрүп элди үйлүү, жайлуу кылып алсак, кийин бир эмес андан көбүрөөк үй салууга умтулуп калабыз.

Баардыгын колдо бар каражат чечет тура. Батирге муктаж адамдар өздөрү келип, ишкананын атына арыз жазышып, келишим түзө баштады. Кээ бирөөлөрдүн колунда акчалары бар болгондуктан алдына алып берип жатса, кээ бирөөлөр беш жылга үстөксүз кредит менен батир алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Көп түкүрсө көл болот дегендей иш кызуу башталар менен элден эле көптөгөн акча чогулуп калды. Мындай болот деп түк ойлонбоптур Беккара. Канткен менен жакшы болду. Жумушчу орундар көбөйүп, иштин темпи күчөп чыкты. Эл арасында Беккара да, аны жандап жүргөн Соорбек да бизнесмен катары тааныла баштады.

Көптөн бери ишке катуу берилип кетип, Жазиге жолуга албады. Бирок ал кантип эстен чыга койсун. Үйгө эртерээк келип улам акмалап Жази жакты карай берди. Дайыма бир маал сууга келип, чоргодон суу алар эле. Көчөдөгү кыз келиндер келген менен ушу күнү аны көрө албай койду. Тынчы кетип Жамийладан:

– Жазини көрүп жүрөсүңбү? Сууга келе калчу эле го, – деди.

– Келбей калган аке. Баягыда жолдош кызы Айгүл экөө тиги чоргодон суу алып жатканда сиз жөнүндө сүйлөшкөнүн угуп калдым.

– Эмне деп сүйлөшүп жатыптыр?

– Айтууга да болбой турган сөз.

– Ошончолук жаман сөзбү?.. Айта берчи эми.

– Алды менен Айгүл аны эмне кыласың, бышаладай сары немени. Андан жакшы, сулуу десең сулуу, мүчө бою келишкен жигиттер көп жүрбөйбү, – деди.

– Башкалардан каери кем экен. Сары болсо сары да, – деп тигинин сөзүн кагып койгон. Анан эле Айгүл:

– Кичинекейинде нышандуу төрөлгөн бала экен, – деди.

– Нышан дегениң эмне?

– Эрини жырык болуп төрөлгөн балдарды айтат – Айгүлдүн бул сөзүн угаары менен Жазинин өңү өзгөрүлө түштү.

– Анысы байкалбайт ко.

– Тырыктары мурутунун астында экенин байкаган жоксуңбу?

– Деги көңүл бурбаптырмын го. Эмне мени бузайын дегениңби?

– Жок, жүрөсүңбү жүрбөйсүңбү өзүң билесиң да. Бирок мындайлардын оозу өлөрчө сасык болот. Ойлоп көрсөң сенин эриниң бирөө өбөйүн деп келатса, оозунан сассык жыт бурулдап турса, сен кандай абалда каласың?

Ушу сөздү угаары менен чакага суун толтура электе эле кетип калган. Ошондон бери Жази сууга келбей, сиңдиси Назик келип жүрөт, – деп Жамийла укканын бүтүндөй айтып койду.

Оңбогон гана бузуку Айгүл мени өлтүргөн турбайбы деп ага кыжыры кайнаган менен Жази эч качан бирөөнүн сөзүнө таасирленбейт деп ишенип, машинасын айдаган бойдон дарбазанын жанына токтотуп, коңгуроону басты. Сыртка Жази эмес, Назик чыкты.

– Жазиге келдиңизби Соорбек байке?

– Ооба.

– Ал үйдө. Мен азыр чакырып чыгам.

Соорбек Назиктин жайдары жүзүн көрүп сүйүнгөнү менен Жази сыртка чыкпай зарыктыра күттүрүп койду. Бир маалда Назик чыгып Соорбектин колуна кат карматты. Жөн эле жазып койбой жан кашайта турган ыр менен жазганын кара.

Сүйөм дебе, ашык болбо жаш жигит,
    Бирге жүрүп махабатка күйө албайм.
    Ашык болуп күттүң эле далайга,
    Билем аны, билген менен сүйө албайм.

Соорбек өмүрүндө кайгыга мынчалык малынган эмес. Эми эмне кылаарын билбей ордунда нес болуп туруп калды. Бир маалда гана катты быт чыт айрыды да, үйүнө келип, дайын турган тамагын да ичпей, жаралуу жүрөгүнүн дүрсүлдөгүн токтото албай сулк жатты. Көптөн кийин гана өзүнө келип Жазинин жүрөгүнө да сокку ура турган ыр жазбасамбы деп отуруп түн бир оокум өткөндө гана ырын жазып бүтүрдү.

Сүйбөйм десең сүйө көр деп жалынбайм,
    Сүйбөдү деп тагдырыма таарынбайм.
    Колдон түшүп көлгө түшкөн шакектей,
    Сен табылба, мен да сага табылбайм.

Жактырбасаң ээрчий басып жалынбайм,
    Кымбат баалуу белек берип жагынбайм.
    Өтөр күндөр, өтөр айлар, өтөр жыл,
    Мындан ары кусаланып сагынбайм.

Сагынбаймын, сени эңсеп күтпөймүн,
    Бул оюмдан такыр эми кетпеймин.
    Күлгүн жаштык жалындатып турганда,
    Мен турмуштан жаңгыз жашап өтпөймүн.

Эртеси аябай кеч турду. Таң атып атпай жумушуна кетип жүргөн уулуна эмне болгонун түшүнгөн жок Айша апа. Бирок Жамийла баарын сезди. Анын үстүнө нышаны бар кишинин оозу сасык болот дегени жүрөгүнө уюп калыптыр. Мурда Жазиден кысканып эмне кыларын билбей жүрсө эми көңүлү таптакыр сууй түшкөнүн сезди. Анын үстүнө Данияр баягыда келгенде мен сени жакшы көрүп калдым деген кат тыштап кеткен. Анан калса ошондо эле соткасынын номерин жазып алган. Ошондон бери Жамийланын соткасына Данияр тындырбай чала берет. Жамийла мурда бош отурганда өзүн алаксытуу үчүн сүйлөшүп жүрсө, Айнагүлдүн Жазиге Соорбектин оозу сассык дегенинен кийин Даниярдын ар бир айткан сөздөрү угумдуу болуп, жүрөктү жылыткандан жылыта берди.

Машинаны от алдырып жумушуна кетеринде Соорбек жазган катын унуткан жок. Баратып өз колуна тапшырбасамбы деп ойлоп койгон.Үйдөн чыга бергенде чоргонун жанында Назик туруптур.

– Назик бери кел, – деп машинанын кабинасынан баш багып чакырып алды.

– Эмне дейин дедиңиз эле Соорбек аке?

– Жази үйдөбү?

– Ооба, үйдө.

– Муногу катты берип коесуңбу?

– Сөзсүз берем. Ал америкага жакында кете турган болуп жатат.

– Кетсе ошондон ары биротоло куруп кетсин. Муну да айтып кой.

Назик ийнин куушурду да, эч нерсеге түшүнбөй ордунда каккан казыктай болуп туруп калды.

Беккара Соорбектин кеч келишин биринчи көрүшү. Анын үстүнө кабагына кара булут айлангандай түнөрөт.

– Сага эмне болгон Соорбек? Үйдө бир кырсык болуп кеткен жокпу?

– Кырсыктан кудай сактасын. Бир кызга жаным кейип жатат да. Мен байкуш ал америкага кетсе эки жыл бою сагынып саргайып күтпөймүнбү. Келгенден кийин эмне деп айтат дебейсиңби, оозуңда сасык жыт бар дейт имиш. Анан калса “ сүйө албайм, күйө албайм” деп келиштирип ыр жазганын айт. Мен да ыр менен жооп кылдым окшойт, экинчи бет карашпай тургандай кылып.

– Ага сен эч кейибе. Сени бизнесмен дейт. Али көрөр күнүң алдыда. Көрөсүң го далай кыздар ары тур дегениңе карабай бутуңа жармашат.

Ошол учурда Соорбек насывайын чөнтөгүнөн алып чеге кетти.

– Муну канчадан бери чегип келе жатасың?

– Эки жыл болуп калды.

– Кана насывай салган чакчаңды берчи.

Оюнда эч нерсе жок Соорбек суна койду. Беккара алары менен быркыратып ташка чаап калды.

– Айтып коеюн бул насывайга жолдош болсоң бир да кыз жаныңа жолобойт!

Соорбек “сассык,” “ сүйө албайм” деген сөздүн сырын эми түшүнүп башын тырмап туруп калды. Бирок жоо өткөндөн кийин кылычыңды ташка чап дегендей баары өтпөдүбү, баары кеч болуп калбадыбы. Сен ушундан боюңду ала качыптырсың го деп кайра Жазиге кантип актанып айта алат?..

— Э-э-эй, Соорбек эмне делдейип туруп калдың? Бери кел, – деген Беккаранын үнүн угуп эки жагын элтеңдей карады, – сага дагы он баланы апкелдим. Аларга иш дайында. Иш орундарынын баарын кыдырып чыгып, жетишпеген материалдары болсо мага дароо билдир. Мен болсом тогуз этаждуу жаңы үйдүн долбооруна кол койдуруу үчүн кетип баратам. Эх,оңбогон Беккара, күндөн күнгө ишти чачтан да көбөйтүп баратат деп күбүрөнүп алды Соорбек. Бешинчи этаждын жумуштары бүтүп калгандыктан жаңы келген жумушчуларды алтынчы этажга ээрчитип чыкты. Иштей турган иштерин айтып, керектүү аспап, курулуш материалдарын кайдан ала тургандыктарын чейин көрсөттү. Бүткөн жумуштардын сапаты кандай экенин карап, өзүнүн көз карашын кагазга жазып койду. Мунун баары эрте мененки кыска мөөнөттүк адистердин жыйында айтылат.

Өз ишине кызыгып калган Соорбек жаз, жай, күз,кыш айлары өтүп кайра жаз келгенин билбей калды. Биринчи үйдү бүтүрүшүп шаардын аттуу баштуулары келип, Беккарага алкоо сөздөрүн айтып лентасын кесишти. Ал эми батир алып жаңы бөлмөлөргө көчүп келгендердин кубанычын айтпа! Теле, радионун журналисттери келип бул үй кандайча бүтүп калды. Чыгашага батып калган жоксуңарбы, же канча киреше таптыңар. Каалаган кишилер алгачкы төлөмүн берип коюп эле батирге ээ болсо болобу деген суроолорду көбүнчө Соорбекке жаадырышчу болду.

– Баарын квартирага кирип жаткан адамдардан сурагыла. Алар бул жөнүндө менден да жакшы билишет, – дейт Соорбек, – ал эми киреше албетте мынча иштер бүткөндөн кийин сөзсүз болот. Жакында алар төлөгөн каражаттын эсебинен тогуз этаждуу үйдү кура баштайбыз.

– Жазылса болобу?

– Болот. Сиздей журналисттер биз салган үйдө жашашса, бизге да зор кубаныч болбойбу.

Ушинтип өз эмгегинин үзүрүн көрө баштаган Соорбек жумушунда жадырап жайнап жүрсө, үйгө кирери менен маанайы пас боло түшөт. Апасы муну сезе коюп, Жамийланы эле алып ал. Мындан ашкан ыймандуу, адамкерчиликтүү кыз таба албайсың деп бир канча жолу айткан. Жазиден көңүлү калгандан бери апасынын бул акылын туура көрүп жүргөн. Бир күнү эле кабинетиндеги телефон шыңгырап калды. Апасынын үнү:

– Соорбек, Жамийла шаарга эрте менен кеткен боюнча келген жок. Коркуп жатам. Шаарга чыкпаган кыз бир кырсыкка учурап жүрбөсүн, – дейт.

Чын эле Жамийла үйдөн алыс чыкканын көргөн эмес. Ал турсун коло коңшуларына бара турган болсо да айтып кетчү. Таң калыштуу деп ойлоп, өзү болжолдогон жерлердин баарын кыдырып чыкты. Ош базарына кирди. Ичинен таппай баягы күчүк тапкан жерине келди. Байкуш күчүк дал ушерде бир сындырым таппай үлдүрөп жатпады беле. Тигиндейрээк эле жерден Жамийлага жолугуп үйүнө алып кеткенин эстеди. Көпүрөнүн тосуп койгон темирине сүйөнө эки жакты карап отурду. Өзүнөн алысыраак бурулуштан элдин агымы менен ары көздөй бараткан экөөнүн карааны көрүнө калды. Негедир жүрөгү алып учуп ошол жакка чуркагысы келип кетти. Ордунан козголуп бир аз баскандан кийин аларды даана тааныды. Жамийла менен Данияр. Чиркин Чыңгыз атабыздын жазганы азыркы турмушта да жашап жатканына таң калды. Артынан барып, Жамийланы Даниярдын колунан жулуп кайра үйүнө апкелгиси келди. Бирок эрки да, адамдык абийри да жол бере турган эмес. Баккан күчүгү да, колунда тайраңдап өсүп келаткан Жамийласынын да келиши менен кетиши окшош болуп кетти. Айла жок ичтен түтөп турду да, өзүн өзү алаксытар эч нерсе таба албай, акыры кафеге кирип официанткага арак менен салатка заказ берди. Бир, дагы экинчи стаканды тартып жиберди. Ичтеги бугу менен арманы муну менен гана тарай турган эмес. Кантип тарайт. Алгач Сайрага, андан кийин Жазиге ашык болду. Эң акыркы үмүтү Жамийлада болсо ал да чанып кете берди. “Колумда баары бар болуп туруп кандай бактысыз адаммын. Дарга болсо азыр эле асынып калсам гана. Мындай кордуктан көтөрө албайм! Мындай махабаттан тапкан ызага уугуп жашай албайм! Өлөм!” деп ичинен ойлонду да, эки стакан аракты удаа-удаа тартып жиберди. Мас боло түшүп, көкүрөктөгү дарты басаңдаган менен өзүнөн өзү жинденип кетти. Тегерегиндеги отурган кишилерден тартынып койбой, ордунан кыйшалаңдап тура калды да:

– Э-э-эй, адамдар! Мен бүгүн өлөм! – деп кафенин ичин жаңыртып кыйкырды. Колундагы стаканды жерге бир чапты эле, бырын чырыны чыгып кетти.

– Мына дал ушул стакандай таш талканым чыгып өлөм! Өлөм! Өлөм!..

– Ой, бул соо эмес ко. Отургандардын баары таң калыша карап калды.

– Милицияны чакырыш керек. Сындыргандын баарын төлөсүн. Мындайларга он беш сутка аздык кылат. Официантка кыз соткасын чөнтөгүнөн ала салды.

– Телефон чалбай эле коюңуз. Мына биз эле барчу жерине апарып тыштап коебуз, – деп эки жигит келе калды.

– Стаканды ким төлөйт.

– Биз төлөйбүз. Жүз сом жетеби?

Эки жигит шапа-шупа колтуктан алды да, машинасынын артына түртүп жиберди. Машина менен келип, тиги эки жигит Соорбекти эки жагынан көтөрүшүп үйгө киргизгенде өмүрү мындайын көрбөгөн Айша апа бир жагы таң калып, бир жагы ушу бойдон жаман жолго түшүп кетип шорду кайнатпаса болду деп ойлоп койду.

Эртеси түш обо ойгонду. Башы бир аз ооруп туганы менен эс алып калыптыр. Ким апкелгенин, кандайча келип калганын эстей албады. Машинаны уруп алган жокмунбу деп эшикке ыргып чыкты. Сопсоо экен. Кудайым бир боору ачыган тура деп койду ичинен.

Бети башын жууп, бөлмөсүнө киргенде столдун чекесинде жөлөнүп турган Жазинин сүрөтүн көрдү. Ушул убакка чейин ага көңүл бөлбөптүр. Бөлмөк турсун анын алиге чейин сакталып турганын байкабаган экен. Колуна кармап кызыга карап калды. Кургуруң тим эле жылмайып түшүптүр. Сүрөттү кайда жылдырган менен өзүн караганы караган. Ага жетпей калганына ичи туз куйгандай ачыша түштү. Биерде турса ушинте берем. Андан көрө жок кылайын деп сыртка алып чыкты. Алды менен рамкадагы айнекти бырын-чырынын чыгарса, сүрөткө “кош!”деп күбүрөнө сүйлөнүп, майда-майда кылып айрып мусоркага таштап койду.

Баласын уктап жатат го деген Айша апа баласынын бөлмөсүнө кечирээк кирди. Кирери менен:

– Эмне Жамийланы таппай койдуңбу? – деди.

– Ал Даниярга тийип кетти апа.

– Эмне дейт?!..

– Ошо.

– Алда оңбогон кыз ай,я, айтып эле кетпейби.

– Кантип айтат. Анын ички сырын түшүнбөй, сени эле келин кылып алам деп кулагына куя берсеңиз кантсин, эч нерсе айтпай жактырган бирөөсүнө качып кетти да.

– Сенден каери өйдө экен ал чолоктун. Көрөрбүз ошо менен жакшы жашап кеткенин.

– Коюузчу апа, болор иш болду. Эми сизге башка кызды караштырам.

– Ошентчи айланайын балам. Баш экөө болмоюнча мал экөө болбойт деген элибиз. Эртерээк эле көзүм барда көрүп, келин жумшап калайын.

Жумушка барайын деп саатын карады Соорбек. Саат үчтөн ашып калыптыр. Барган менен кайсы иш бүтмөк. Кечээ кафеде отурганда стакандарды жерге чаап сындырганы эсте калыптыр. Иттик кылыптырмын го, эч болбосо официанткадан кечирим сурап коеюн деген ойдо машинасын айдап келип ылайыктуу жерге токтотту да кафеге кирди. Кечегидей элдер көп эмес, аз экен. Тамакка заказ берейин дегенде кагазын кармап кечээги официантка кыз турганын көрдү.

– Кечириңиз карындаш. Кечээ чатак иш болуп кетиптир. Штрафын айта бериңиз, канча болсо да төлөп берем.

– Сиздин штрафыңызды эки жигит төлөп кеткен. Эмне, он беш суткага камалган жоксузбу? – деп кыз көзүн алакандай чыгарып карап калды.

– Жок. Мени тааныган жигиттер алып кетсе керек.

– Мен да тааныгансып турам. Бек Кара курулуш ишканасы жөнүндө телевидениядан сүйлөгөн сиз белеңиз?

– Ооба, мен чыгармын. Эки күндүн биринде эле радиодонбуз теледенбиз деп ишканага бара беришет. Мүмкүн ошондогу сүйлөгөн сөздөрүмдү бирин берип койгондур.

— Чын эле батирге муктаж адамдар ала береби?

– Анын шартын сага түшүндүрүшүм керек. Ошондо билесиң.

– Анда кое туруңуз, мен тамакты алып келе коеюн.

Кыз кымча белин кылтыңдатып, акмаралдай кериле басып баратканына куштар болуп карап калды. Оюнда Сайра же Жазидей сымбаттуу дүйнөдө жан жок деп жүрсө тиги официантка кыз да алардан кем эмес мүчөсү бар экенине баа берип, кыргызымда сулуулар көп турбайбы деп ичтен кымыңдап койду. Анткен менен кыздарга көп ишенбей калды. Жазини кандай катуу сүйгөн эле. Ага карабай бир күндө эле ага деп жалбырттап жалындап сүйгөн жүрөгүнө түндүк океандын муздак суугун каптатып жибербедиби. Бул кыз да ошол да деп койду өзүнчө.

– Мына сиздин заказыңыз. Туура апкелиптирминби? Кыз тим эле илбериңки сүйлөдү. Анын назик үнү дароо эле жүрөгүн жаралап койду.

– Мени менен бир аз отура аласызбы? — деди Соорбек.

– Отурайын. Бирок көпкө эмес. Клиенттерим келип калса айла жок туруп кетем.

Соорбек кызга эми жакшылап көңүл буруп карап калды. Кара каш, кара көз. Бети муздай сыпсыйдан. Чачынын маңдай жагын сызгыч менен сызгандай тегиздеп, эки бөлүгүн эки далысына сеңселтип таштап койгон. Тим эле өзүнө жарашып турат. Кореянын сериялын үзбөй көрүп жүрчү. Ошондогу сулуу актирисаларынын бирине куюп койгондой окшоштугуна таң калды.

– Эмне ойлуу отуруп калдыңыз? Батирди кандайча алуу жөнүндө айтып берем дебедиңиз беле?

– Баарын айтып берем. Бүгүн кечке бош болосуңбу? Ээн эркин сүйлөшөлү.

– Бошмун.

– Шаарды аралап сейилдесек кантет?

– Мейли. Мен саат алтыда жумуштан чыгам. Анда ушул жерден жолугушалы.

Соорбек иште да, убадага да дайыма так жүрөт. Болжошкон убакытта келип машинасын кафенин астына келип токтотту. Кыз күттүрбөй чыга калды. Соорбек машинаны айдап эле баратат. Шаардан да чыгып кетишти.

– Кайда бара жатабыз? – деп чочулады кыз.

Машина тоонун бооруна келип токтоду. Жаздын акыркы айларында жайкалган жашыл шибер чөптөр көрпөдөй кулпурат. Ылдыйда тоодон түшкөн суу шаркырап агып, таштан ташка урунган сайын аттын буурул жалындай сапырылат. Суу жээктей өскөн тал дарактар да ар кыл куштардын сайраганы менен өзүнчө эле музыка. Ал эми бетме бет жакта, аркайган бийик кара тоо. Ага жармашкан арстандын тишиндей көрүнгөн чоң-чоң таштар үңкүйүшүп кулап түшүүчүдөй салаңдайт. Баятан бери алаңдап коркуп келаткан кыз эми тегерегиндеги жаратылыштын керемет көрүнүшүнө суктана , маанайы жаркый түштү. Бир жагы ушундай жерге апкелген Соорбекке ыраазы болуп кетти.

Соорбек да куржалак келбептир. Дасторконду жая келгенде түр– түр жер жемиштер, түр-түр таттуу шокалад, печеньелер, жей турган эт азыктар, анан да торт, шампан да бар болуп чыкты. Экөө тамактан алышып бир азга унчукпай отурушту. Анан гана Соорбек:

— Атың кандай сулуу кыз? – деди.

— Атым Асел.

– Ой тообо, кайда жүрсөм да Чыңгыз атабыздын каармандарына жолуга берем. Данияр, Жамийла, эми Асел.

– Алар эмне досторуңбу?

– Ооба, досторум.

– Достор көп болсо жакшы да, – деп тим болду кыз.

Тамак жеп бүткөндөн кийин Асел үлбүрөгөн майда чөптөрдү колу менен уйпалап отуруп, анан чалкасынан жата кетти. Асманды карады. Бир үймөк кебездей болгон ак булуттар көзгө көрүнөр көрүнбөс болуп батыш жакка жылып баратат. Бир торгой асманга көтөрүлүп, көктө калкылдап турду да тилин безеп сайрап кирди.

– Соорбек карасаң, карасаң тиги чымчыкты.

– Ал торгой го.

– Сайраганын биринчи угуп жатам. Үнү укмуш ко.

– Комузчулар ушунун кайрыктарын күүгө салып алса ээ– Соорбек жылып барып Аселдин жанына жата кетти. Анан оодарыла чыканактап жатып Аселди сүйүү толгон каректери менен карап турду. Колун мойнуна оролто салып өзүнө тартты. Өбөйүн дегенде Асел ордунан тура калып жылга жакка качып жөнөдү. Бул эмнеси деп шалдырай түштү. Жази да өбөйүн дегенде ушинтип качып кетпеди беле. Бул да ошондой болду. Кудай мени махабаттан жолумду бууп койгонбу деп жаны ачый түштү.

– Эх– е-е Соорбек, мага жетип ал, – деп кыйкырды Асел төмөндөн.

– Барата-а– м. Тоолор жаңырып кетти. Соорбек жылгага түшүп бир топко чейин кубалап акыры көйнөгүнүн учун кармай калды.

– Жеттимби эми.

– Жеттиң.

– Кубалашмайдан жеңдимби?

– Жеңдиң.

– Демек көкүрөгүмө бир нерсе тагышың керек. Мен аны алтын медаль алгандай эки бетин тең өпкөндөй болоюн.

– Анда кое тур. Гүл терип көкүрөгүңө тагайын.

– Кереги жок. Сен өзүң гүл болуп турбайсыңбы. Мен сенин өзүңдү өмүр бою жүрөгүмө тагып жүргөндөй болоюн.

Соорбек эми этегинен кармап тура бербей, кучагына тартты. Махабаттын жалындаган отун анын көзүнөн көрүп турду. Эринин оңтойлотуп барып, кое бербей эрининен өөп жатты. Ал ушунчалык жан эриткен ширин, оттон ысык экенин биринчи сезди.

– Колуңду кое берчи. Ушунчалык ысып чыктым, – деди бир маалда Асел.

Өмүрүндө сүйүүгө жарыбай келаткан Соорбек Асел менен өткөргөн бул күнүн эч бир күнгө теңебей көңүлү көккө көкөлөй түштү. Аселди үйүнө жеткизгенден кийин үйүнө кубанычтуу кирди. Кечээ эле өң далетинен кетип бозоруп турган уулунун жүзү жадырап, күлкүсү ууртуна келип турганын көргөн Батма апа эмне болгонун билбей аң-таң болуп карап калды.

— Жүзүң жадырап турат ко балам. Бир жаңылык айтайын деп турсуңбу? – деди.

– Ооба апа, жакында келиндүү кылам.

— Болсун айланайын, болсун...

Беккара Соорбектин эмнеге жумушка келбей калганын сураган да жок. Кайра Данияр келин алыптыр. Тоюна барып келбейлиби дейт.

– Мен кайдан барам Беке, менин үйүмдөгү кызды сиздин Даниярыңыз алып кетиптир. Андан көрө мага эртерээк жыгылып келсин.

– Чын айтып жатасыңбы?

– Чын.

– Экөөбүз эми чыныгы кан куда болуп калган турбайбызбы. Калыңын эми менден ала бер. Төө апарайынбы, же бээ апарайынбы– Беккара каткыра күлүп, өзүнүн бир тууган иниси үйлөнгөндөй сүйүнгөнүн айтпа. Анын да себеби бар. Беккара шаарга келгени айылдагы уйчумандарга тамак ашын даярдап берчү дурус аялдар табылбай койду. Карачы, эми казан аяктын ээси табылып, Беккаранын чечекейи чеч болуп отурбайбы.

Аз сүйлөйлү, саз иштейли деген Беккаранын девизи бар. Ошондуктан экөө көпкө былжырашып турушпай иш кызуу жүрүп жаткан жетинчи этажга чыгышты. Айлык акы эмгекке жараша болгондуктан мындагылар кээде саатка карабай күн-түн дешпей иштей беришет. Ошондонбу жумушчулар белгиленген иштен да көп ишти аткарып жиберишиптир.

– Колуңарга дарт бербесин алтындарым, – деп ар биринин далысынан таптайт Беккара, – кышка чейин бул курулуштарды бүтүрүп элге тапшыралы.

– Тапшырабыз Беке, тапшырабыз. Андан көрө Соорбек орун басарыңызды эртерээк үйлөндүрүп, ушул имараттын бирине киргизе салбайбызбы– баары каткыра күлүп калышты.

– Шашпагыла туугандар, ал күн да келип калат. Андан көрө эмитен белек бечкегиңерди камдай бергиле,-дейт Бекара.

– Ой жакшы иш болгону турат ко, я. Ха-ха-ха– ха-ха!

Ошондон көп өтпөй Соорбек Аселге үйлөнүп алды. Элдей болуп кафеге же ресторанга дүңгүрөтө той берген жок. Жоро жолдошторун, агайын туугандарын, өзүнүн көчөсүндөгү элдерди чакырып үйүндө эле той берип, аксакалдардын батасын алды. Ошентип Соорбек Асел экөөбү бактылуу үй– бүлөлөрдөн болуп, бир жылдан кийин уулдуу болушту. Дагы бир жылдан кийин атасы түрмөдөн бошонуп үй-бүлөдө чоң жаңылык болуп өттү. Сарайды аңгыратып койбоюн деп он бука сатып алып сарайга байлап койду. Атасы мингенге ат алды. Айша апа да тынч отура алган жок. Тегерегибиз ээн экен деп тоок, үндүктөрүн жайната көбөйттү. Жолчубек атага малдар эрмек болсо, Айша апага тиги канаттуулары эрмек. Кудайым кут кондуруп ырыс чачат деген ушу деп эч кимдин эч нерсе оюна келбей ынтымактуу үй-бүлө түзүлдү да калды.

Турмуш жакшырган сайын Соорбек да сымбатына келе түштү. Бир аз курсак байлап, беттери жылмаланып, койгон сакал муруттары өзүнө куп жарашып калды. Мурда кызга жетпей зар болуп жүрсө, бизнесмен болгондон бери анын чөнтөгүндөгү самандай сапырылган акчага кызыгышабы, же батир алганга жардамы тийип калабы дейби жармашкан кыз, келиндер көбөйдү. Анын бирин да Аселге билдирбеди Соорбек. Бир күнү эле кабылдаманын кире беришине Беккаранын буйругу менен катчы болуп бир жыйрма жаш чамасындагы кыз отуруп калды. Алгачкы күндөрү оюна эч нерсе албай жүрсө бара бара көзү оттой жанчу болду. Кургуруң төшүн бултуйтуп, көйнөгүнүн этегин кыска кылып, анан калса чыпчыйтып алган. Бети башын боенуп, буркурата атырын себингенин айт. Саал жумуш болсо эле Соорбек Жолчубекович деп кире берет, кагаздарга кол койдуруп, же келген каттарды колуна тапшырып койгондон кийин аппак сандарын кайчылаштырып, жамбашын бултактата чайкап басып кетет. Аны көрүп эркектик лаписи араандай ачылат да эмне кылаарын билбей калат Соорбек. Акыры амалы кетти. Аңгыча февраль айы келип калды. Соорбекке шылтоо табылды.

– Мени бүгүнкү майрамым менен атайылап куттуктап койбойсуңбу, – деди.

– Атайылаппы, – деп күлдү Калича.

– Ооба, атайылап.

Калича ушу учурду күтүп жүргөндөй:

– Мейли. Апам да айылга кетип калды эле. Эт-пет жок эми. Жумуртка кууруп коеюн.

Калича дал ушул жаңы салынган тогуз кабаттуу үйдүн биринчи кабатынан квартира алган. Соорбектин офиси да ушу кабатта. Демек алыска барып убаралануунун кереги жок. Чыга калып эле жылуу үйгө кире каларын ойлоду.

Калича айтканын айтканындай кылыптыр. Пиязды окшото туурап, жумуртканы кууруп коюптур. Анын жыты киргенде эле мурунга бур дей түштү. Дасторкон да ойдогудай. Жер жемиштер, шире, салаттар. Ортодо койкоюп шампан жана арак.

– Аракты бекер алгансыңго, – деди Соорбек жумурткадан сугунуп жатып.

– Сен үчүн алдым, – деди Калича эки стаканга аракты толтура куюп, – Кана сенин бүгүнкү майрамың менен! Соорбек стаканды жарымдатып дасторконго койду.

– Э-э-эй мунуң болбойт! Аппак, аппак аласың. Калича өзү отурган отургучту ары жылдыра салып Соорбектин жанына келди.

– Кыз болуп туруп мен ичейин деп жаткандан кийин сиз кандай ичпейсиз. Ичесиз. Кана... Калича кылыктана эркелей Соорбектин тизесине отура калды. Мындай болот деп ойлонбогон Соорбек:

– Ай, ушу кыздар, адамды бат эле эритип жибересиңер, – деп кайра стаканын колуна кармады. Закүскөгө кол сунду эле Калича:

– Жок. Закүскөсүз, – деп стаканды оозуна апарды. Ал тартып жиберди. Ачырканып кеткенден кийин:

– Калича, эми закүскө жесе болобу?-деди.

– Закүскөнү мына мен берем, – деп Соорбектин эрининен соро кетти, – мен сени биринчи көргөндө эле сүйүп калгам, мындан ары мендик болосуң.

– Жок, Калича сендик боло албайм! Сүйгөн жарым, алмончоктой балам турбайбы. Анан кантип сендик боло алам?..

– Ойношуң болсом болбойбу. Сен биерде иштеп турганда экинчи аялың катары жүрө берем. Соорбек эми эмне деп айтаарын билбей калды. Тизесинде айкалышып турган аппак санын көргөндө көзү кызарып кетти. Денеси дүрүлдөп, эт жүрөгү эзилип баратты. Жаздыкка баш койгондо Калича:

– Эч кимди көрө элек элем. Мен сага тартууладым, – деди.

Соорбек эртеси күнү үйүнө барды. Күндө иш бүтөр менен келип жүргөн Соорбектен күдүктөнбөй койгон жок. Ошондуктан Асел:

– Сага эмне болду? – деди.

— Эмне болмок эле. Төрага Ысык-Көлгө иш боюнча жиберип койду. Бу курулуш дегениң дал ушу күзүндө күчөйт экен. Ким билет мындан ары командировкада айлап жүрүп калышым да мүмкүн. Ал ушинтип актанганы менен муну Беккарадан сурашым керек деп ойлоп койду Асел.

Чын эле “командировка” көбөйгөндөн көбөйүп кетти. Куруган Калича башкаларда жок кылык жоругу менен эзиле эркелетип, иллазатка батырып, Соорбекти жипсиз байлап алгансыды. Жолукса эле кетпечи, эч болбосо бир эки күн болчу дей берет. Соорбектин да ага болгон кызыкчылыгы тарабай, эч кандай сыйкыр күч жок тартылганы тартылган. Беккара муну көптөн бери билип жүргөнү менен унчуккан эмес. Экөөнүн ортосундагы мамиле өөрчүп бараткандан кийин гана:

– Соорбек турмушуң бузулуп жүрбөсүн. Токтотсоңчу деген. Ага эрки жетпеди. Бир күнү Каличанын курсагы бөрсөйүп калганын көрдү.

– Муну жоготсоңчу. Экөөбүздүн тең абийирибиз кетирип жүрбөсүн, – деди Соорбек.

– Эр жигит эки аял албайт бекен. Баламды так сенин атыңа жаздыртам.

Ага эмне коркосуң. Бизди багууга толук кудретиң жетет го.

– Жеткени жетет дечи. Асел кетип калса эмне кылам?

– Анда абдан жакшы. Мен турум го. Же менден ушунчалык көңүлүң калып калдыбы.

– Көңүлүм калган жок. Сен башкача жагымдуу жаралган аялсың.

– Анда унчукпа. Баланын атын Бакыт деп коебуз.

Таза балээ эми башталган турбайбы деп ичинен ойлоп, кабагын чытып койду Соорбек. Дал ошондой болуп чыкты. Калича ошондон үч төрт ай өтпөй төрөп алды. Ошол күнү эле Соорбекке ызвандаса өзү эмес, аялынын үнү угулду.

– Аселсиңби? – деди Калича.

– Мени кайдан билесиң?

– Соорбек аркалуу абдан жакшы билем. Мен анын жашыруун экинчи аялы болом. Баласы төрөлдү. Айтып коюңуз. Келип кетсин.

Ушул учурда Соорбек кирип келди. Асел ызасына чыдабай жинденип кетти. Колундагы сотка менен бетке уруп калды.

– Уятсыз! Абийирсиз!

– Эмне болду?!..

– Эмне болду дейт дагы. Бар тиги катыныңа. Эркек төрөптүр.

– Я-я-а, – Соорбек башын мыкчый отуруп калды.

Асел жууркан төшөктөрдү чачып, идиш аяктарды сындырып жатканда Жолчубек ата, Айша апалар кирип келишти.

– Асел айланайын, сага эмне болду? – Жолчубек ата Аселдин колунан кармай калды. Асел буркурап ыйлап жиберди.

– Мен кетем ата, бир мүнөт турбайм! Менин жолумду буубаңыз ата. Болду! Баары бүттү! Жашабайм Соорбек менен!..

– Ботом кайда барат сууктун күнүндө. Алда кокуй ай– я. Өзү да экинчисин төрөп түшөйүн деп отурганда эмне деген кырсык, эмне деген жорук, – деп Айша апанын күйбөгөн жери күл.

– Сиз да жолумду тоспоңуз! Кетем апа! Анын бул басынтканына чыдай албайм! Эшикте тоңуп өлсөм да кетем! Силерге мен ыраазымын. Күнөөм болсо кечиргиле. Эми ак батаңарды берип жөнөткүлө.

Ата– эне, баласы болуп бозоруп отуруп калышты. Асел көр жерин чемоданына салып чыга берерде Беккара менен Сайра келип калды. Көздөрү чарасынан чыгып алайып кетти. Чатак эмнеден чыгып жатканын Беккара дароо түшүндү. Аселдин колундагы чемоданды сууруп алды.

– Асел... Турмушту бузуу бир паста. Ал эми анын бекемдигин сактоо оңой олтоң иш эмес. Адам эмес чабалекейдин үйү бузулбасын дейт акылмандар. Жакшынакай эле турмушта жашап жатасыңар. Бир жаңылыштык кетирди. Түшүнсө сөөгүнө эмес чучугуна жетип отургандыр. Сен эми айкөлдүк кыл. Соорбекти кечир. Ал эми тигил аял сөзсүз сотко берет. Эмнеге соттон коркот элек. Көп болсо алимент кестирип алар. Анда да күнөө бар. Келечегин ойлонбой туруп жеңил ойлуулук кылып желпилдей бербесин. Соорбек экөөңөр ак никеге турган мыйзамдуу үй-бүлөлөрдөнсүңөр. Кой Асел, менин бир тилимди алып кой. Анын үстүнө ак сакалдуу бу кишини, балпайган кайын энеңди кайгыга салып кантип кете аласың.

Асел сөзгө ынанган менен ызасын көзүнөн чыгарып буркурап ыйлап алды.

– Тиги курулушуңа барып иштебейм, – деди Соорбек бурк этип.

– Соо болбой калгансың го. Анан кайда барасың?

– Талантымды башка жактан көрсөтөйүн деп жатам.

– Сенде кайсы талант. Эмне ырчы же акын болоюн деген оюң барбы?

– Ооба акын болом. Көптөгөн акындардын китептерин алып таасирленип жүрөм.

Беккара боору эзилгенче күлдү:

– Алтынчы эле класс билимиң болсо, кайсы башың, кайсы акылың менен акын боло аласың.

– Менин алтынчы класс билимим болгон менен адабиятты талдай да, жеткире түшүнө да алам. Ошол билим мага жетишет.

– Акын болуп да көр. Бирок алардын жыргаганын көрө элекмин. Ачка каласың, ишсиз каласың. Бар дүйнөңдү курутасың. Акчасыз жашоону көз алдыңа элестетип көрчү. Андан көрө дүнүйө табыш керек дос. Дал азыркы жашап жаткандай.

– Сен чулгооңо чейин акчага толтуруп дүйнө таба бер. Мен жан дүйнөмдү байыткан дүйнөгө бүгүндөн баштап өтөм.

– Жолчубек ата, мунуңуз айнып калган го. Тү-ү-ү, адам эмес экенсиң!..

– Эмне кыласың, ар кимдин башы өзүндө да. Жүр Беккара кетели эми, – деп Сайра Беккаранын жеңинен тарткылап сыртка алып чыкты. Алар кеткени менен Соорбек ичи ачышып же мындан ары акча дүйнөсүнөн кур жалак калам деп түк ойлонгон жок. Бир гана бир туугандан артык көрүп, ушул даражага жеткирген Беккараны катуу таарынып алдымбы деп өкүндү. Бирок эрте кечпи, талантыма баа берип түшүнөр деген ой менен көңүлүн тынчытты Соорбек.

Көптөн бери ойлоп жүргөн ички дүйнөсүн руханий байытыш үчүн белсене киришип, текчелердеги китептерди бирин калтырбай окуп чыкты. Жашоо күрөш экенин, жашоодун маңызы жашоодон жеңилип калуу эмес, жеңе билүүдө экенин, мезгилден утулбай утуу керек экенин, махабат мөлтүр, таза жана кир жугуза турган нерсе эмес экенин дал ушул китептерден окуп билди. Акындардын куюлушкан саптарын мүрөк суудай сезимине сиңирди. Ошолордой ыр жазсам деп столунан алыстабай калды. Асел баарын унутуп, карыша отурган жарын аяп, жанына келет да жазгандарын кызыга карай берет. Соорбек да андан жашырбайт. Кагазды колго кармай үнүн коңгуроодой чыгарып, укчу алтыным деп окуй кетет.

Замана жаңылантып улам жылын,
    Жер шары токтоп калбай, өтөр кылым.
    Антсе да мени козгоп, бир ойготоор,
    Дал ушул жазып кеткен менин ырым.

– Мына ушундай Асел. Беккара бүгүнкү жеп ичкенине, тайраңдап жүргөнүнө мас болуп жүрөт. Эртең эле аны эскере турган эч нерсе калбайт. Көрөсүң го “кагазда калса дагы жазган ырым”, дегендей элге жеткидей, сезимди козгогон ырлар жазсам, ал жазган ырларым атымды өчүрбөгөн түбөлүктүү болуп калат.

– Дагы бир ырыңды окуп койчу Соорбек, мунуң дурустай эле көрүнөт. Кийинкисинин бир сабын угуп көрөйүн.

– Уксаң анда мындай. “Кыргыз элим” деп аталат.

– Оо, темасы жакшы экен.

Кыргыз элим, Ата-Журтум, турагым,
    Мүрөк суудай дарым, тунук булагым.
    Чыныдагы чайпалбаган кымыздай,
    Тынч өмүрдүн жашоо жолун улагын.

– Кандай экен?

— Уйкаштай эле сезилет. Бул ырларыңды чоң акындарга апарып көрсөтпөйсүңбү?

– Бир эки ыр менен гана бүтүп калбайт да. Эч болбосо бир чакан китепке жеткизейин. Анан апарып көрөм. Аларга жакпай калса эле бүттү. Акындыкты коюп, жай жашоого өтөм.

– Баштабаш керек, баштагандан кийин таштабай өжөр болуш керек Соорбек.

– Өжөр болом Асел. Ээ кудай илхом бере көр деп жүрөйүнчү...

Бир ай бою кезек-кезеги менен малдарга чыгып карап койгону болбосо столунан алыстаган жок Соорбек. Анын үстүнө малды карай турган киши таап койгон. Ал адам жакын коңшуларынын бири. Жолчубек ата да карылыкка моюн сунбагандыктан, ошол Конушбай деген уйчуманга эрмек. Ал эми Калича болсо ошол бир жолу телефон чалганы боюнча экинчи кабарлашкан жок. Беккара сөзсүз ооруканадан чыгарып келди. Керектүү кем карчылары менен камсыз кылды деп ойлоп койду. Аселдин да таарынычы жасылып кетиптир. Эч болбосо Каличанын ал-ахвалын сурап каныңдан жаралган балаңды көрүп койбойсуңбу деп көптөн бери айтып жүрөт. Чын эле бала башкадан эмес, өзүнөн жаралып отургандан кийин кантип унута алат.

Эч болбосо баланын өңү түсү кандай экенин көргүсү келип кетти. Асел таарынып калабы деп чоочулады. Бирок машинасын айдап кеткени жатканын көргөнү менен эч нерсе деген жок.

Калича баланы бешикке салып коюптур. Тим эле буттарын тыбырчылатып жатат. Колуна көтөрө калды.

— Кудай у-ур, мурду барбайып таза мага окшош ко.

– Анан кимге окшош болмок эле. Туура эле сен.

– Бир кайрылып келбей койду деп таарынган жоксуңбу?

– Таарынып эмне кылайын. Баарын Сайра менен Беккара айтып келишти. Акын болом, иштебейм, дүйнө эмес, жан дүйнөмдү байытам дептирсиң го. Ошол оюңдан майнап чыгабы? Сенде кайдагы талант, кайдагы акындык. Талантыңдын барына да түк ишенбейм. Жөн эле сандырак кыял.

– Сандыракпы, сандырак эмеспи мезгил көрсөтөт. Анткени ар иштин токсон тогуз пайызы эмгек, бир пайызы талант болсо деле жетишет дешет го акылмандар. Баса баланын атын ким деп койдуң?

– Бакыт деп. Митиркеси Бакыт Соорбеков болду.

– Жакшы болуптур. Банктагы акчамды бүтүндөй балага которуп коем. Сага эле кыйын болду ээ.

– Тагдырым ушундай болуп калса эмне кылайын. Сен мени сагынсаң келип турарсың. Балаңды көрүп турарсың.

– Мындан ары сага эмес, балама келип турам...

— Эмне дейсиң?!..

– Мындан ары балама эле келип турам дебедимби.

Калича Соорбектин кучагына кулап, анан көкүрөгүнө ургулай кетти.

– Айтчы Соорбек менин сүйүүм эмне болот? Мени ушу бойдон таштап унутуп коесуңбу? – Соорбектин жакасынан силкилдетип буркурап ыйлап кирди, – мен сени сүйөм. Сүйө берем. Кантип мени унутасың! Эмне унчукпайсың. Чыныңды айт мага. Айт...

Соорбек эмне кыларын билбей шалдырап турду.

– Айттымго. Кыйнабачы мени. Мен эки оттун ортосунда калбай бир отту гана алоолонтуп жашашым керек. Муну түшүн Калича...

Соорбек Каличанын колдорун акырын бошотту да, эшикке кандайча атып чыкканын билбей калды.

Соорбек жолмо жол Каличанын элесин көз алдынан чыгара албай жүрөгү сыздап келатты. Үйгө келери менен Аселдин даярдап койгон чайына карабай, жазуу бөлмөсүнө кирди. Колуна калем алмак турсун эч нерсеге көңүлү чаппай, көмкөрөсүнөн түшө диванга кулады. Ошо бойдон эрте менен бир ойгонду. Эшик ачылып Асел кирип келди.

– Билип турам. Мынчалык кайгырганың жарабайт, – деди Асел башка аялдардай ичи тарлык кылып бажылдабай, кайра күлө.

– Мен ага эмес, сенин талантың жок дегенсип күйдүргөнүнө капа болуп жатам, – деди Соорбек Каличаны ыйлатып таштап келгендиги жөнүндө ооз ачпай.

Ыр дүйнө – жаңы жерден кылтыйып чыккан байчечекейдин бүчүрүндөй ичтен өнүп чыгып, сезимге жетип, түркүн кыялга баттырып, анан гана үлбүрөгөн гүлгө айланат тура. Кубанычыңды да, кайгыңды да тең бөлүшкөн, бассаң турсаң кошо жүргөн, бирде көңүлүңдү көккө серпсе, бирде анын алдында алсыздыгыңды сездирип койгон жан жолдошуң боло калат турбайбы. Албуут аккан дайрага ыргытып жиберген күндө да, аны издеп кайра табууга жан үрөйт турбайсыңбы. Ушунчалык азгырмалык күчүн Соорбек үңүлө жаза баштагандан кийин гана билди. Кожожаш Сурэчкини кубалай бергениндей ыр түрмөгүн кубалап калды. Анан бул ыр саптар жүрөгүнөн өнүп чыкты.

Ырды сүйөм, ыр деп жүрүп өтөмүн,
    Сага арнаймын өмүрүмдүн көктөмүн.
    Кожожаштай кууй берем артыңдан,
    Мейли мени аска, зооңо кептегин!


...Түн бир убакыт болуп калды. Тегерегиндеги коңшуларынын жарыгы алда качан өчүп калган. Ой көлүнө термелип, анын рахатына малына, татуулугун татып отурду Соорбек. Деги жазуу столуна бир карыш жылгысы келбей кадалып, кагаздан кагазга өтүп жазып жатты. Кирпиктери чапталышып,уйку ныксыратып баратканда гана жатууга кам уруп сыртка чыкты. Көк асманда жылдыздар жайнап алсыз нурун төгүп жыбырайт. Адам ата жаралганынан мурда эле ушул көк асманды ээлеп, төгүлбөй чачылбай, нечендеген кылымдарды карытып жашап келаткандыр. А адам баласы андай эмес. Бири сууга чөгүп кеткендей аты жыты билинбей кетсе, бири кайра жаралып урукту үзбөй жашоону улантып келет. Алардын ичинен эл деп жашаган, чыгармалары мүрөктүн суусундай суусунду кандырган чыгармачыл адамдардын гана эки өмүрү жылдыздай жаркырап жашай берет тура.

Э-эх! – деп өкүнүп алды Соорбек, эч болбосо ошо жылдыздай бир гана ырым жашаса кана...

 

***

– Жолдош калемдештер, – деп сөзүн баштады Жазуучулар Союзунун төрагасы Мурат Мураталиев, – биз бүгүн жаш акын Соорбек Жолчубековдун “ Кечиккен ырлар” деген чакан ырлар жыйнагын талкуулап, жаш акынды Жазуучулар Союзуна мүчө кылып өткөзөйүк деп отурабыз. Төрага өзүн оюн толук айткандан кийин:

– Менде сөз бар, – деди тармал чачтуу бирөө, – мен өмүр баянын окудум. Бу кишинин алтынчы класс эле билими бар экен. Анын үстүнө отузга чыкканда гана ыр жаза баштаптыр. Бу өтө кеч. Анын үстүнө мындан ары жазып эмнени жарытмак эле. Ал эми акындардын көбү кичинекейинен жаза баштап, адабий чөйрөгө кан жаны менен аралашып, адабий түшүнүгүн кеңейткенде гана акындардын катарына кошулган. Мисалы орустардын Пушкинин, же кыргыздын Жоомартын алалы. Алар жаштайынан баштап жазышкан. Ошондуктан бу киши кечирип койсун, акындыкты коюп, уй, торпоктордун артында жүрө бергени оң.

Буга көрүнүктүү сынчы Керим Асанбеков чыдабай кеткен окшойт:

– Жалаң тармал чачтууларга чачы сайын ыр бүтүп, ошолор гана акын боло алат деген турусуңбу? – деди эле, залда отургандардын баары дуу күлүп калышты.

– Сен бул китепти окуп чыккан эмессиң, тармал чач досум Сапсагай. Окуган болсоң минтип айтпайт элең. Ичүүгө куштарланткан, мөлтүр тунук жылганын булагындай таза поэзияны жаратыптыр Соорбек Жолчубекович. Сезип турам “Кечиккен ырларды” окуган калемдештерим сөзсүз мага кошулат. Ал эми поэзиянын эрте кечи жок. Акындын талантына, дареметине баа беришибиз керек. Туура айтып жатамбы калемдештер?..

– Туура... Туура... Зал кол чабууларга жаңырып чыкты.

Төрага ордунан туруп:

– “Кечиккен ырлардан” эки гана куплетин окуп берейин. Ошонун өзү баарыбызга жеткиликтүү болот.

Акын дос жазыптырсың бир чоң китеп,
    Мен аны сындап көрдүм өзүмчө элеп.
    Жок эмес жакшылары бирин– серин,
    Көптөрүн окуй албай уйкуң келет.

Мен дагы ыр жазуудан калганым жок,
    Калемди чоң жарышка салганым жок.
    Топоной сапырылган беш жүз ырдан,
    Беш ырым элге жетсе арманым жок.

Ушундай учкул ырлары бар жаш калемдешибизди мүчөлүккө алалы достор.

– Алалы... Алалы...

...Жазуучулар Союзунун значогун тагынып үйгө кирип келген Соорбекти көрүп Асел аң-таң карап туруп анан кучагына жыгылды.

– Акыры максатыңа жетип келатыпсың, куттуктайм!

– Ооба, бул акыл эмгегимдин алгачкы чабалекейи. Мага калемдештерим ак кар, көк музу бар аскар тоолорго чыксам да чаалыгып чарчанбаган күч кубат, ой чабытыма дем берип койду. Эми мындан да күчтөнүп жазам. Көрөсүң го Асел.

Ооба, ой менен акылдын тогошуусунан өнүп чыккан асыл саптарды издеп таап, сезимди арбап алган сыйкырлуу поэзияны жаратуу түйшүгү али алдыда эле...

 

© Чынтемир Аскаров, 2011

 


Количество просмотров: 4200