Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Капаров Н.К., 2011. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 7-февралы

Нуралы Капарович КАПАРОВ

Биз да бизнес жасаганбыз...

“Биз да “Ала-Тоодо” бизнес жасаганбыз” деп аталган көркөм-документалдуу аңгемеси рынок заманынын алгачкы жылдарында кыйын абалга тушуккан басма сөз кызматкерлеринин, тагыраак айтканда, эл арасына таанымал “Ала-Тоо” журналынын чыгармачыл жамаатынын алгачкы жолу “чарбалык эсепке” өтүүгө жасаган аракети жатык, шайыр тил менен баян этилген.

 

...Анан эле бир күнү базар экономикасы жетимиш жыл тынч жаткан элге чакырылбаган коноктой уулдап-дуулдап кирип келип, сарамжалдын сарымайдай сактаганын саттырып, чор тамандын чогултканын чачтырып, кымбат баадай кыйбас мүлктү кыйдырып, жулбас мүлктү жулдуруп, алынбасын алдырып, берилбесин бердирип, тополоң-тос түшүрүп, эгерим базарга буту баспаган курнамыс кыргызды колуна байпак карматып дүңүнөн базарга кууп чыгып, жоош-момурап оозун ачкан элди бир заматта шылуун соодагерге айлантып таштады. Козголбогон биз да – ошол кезде "Алатоо" журналында иштегендер да козголуп, алда кандай күн болот деп эртеңкинин камын жеп, эчен жыл жарык көрбөй быгып жаткан көөнө материалдарды көтөрүп чыгып, улама материалдарды улаштырып, курама материалдарды кураштырып, "Үркүн", "Санжыра", "Шабдан баатыр" сыяктуу бир катар китептерди баса отуруп тез арада даярдап, басмаканадан өз каражатыбызга чыгарып, соода-сатыкка жөнөтүп турдук. Кийим-кече, тамак-аштай ылдам өтпөсө да, Жолдошбек Зарлыкбеков сыяктуу бирин-экин китепке кызыккан кыргыздар сатып алып, редакциянын казынасына саамыктап болсо да аз-аздан акча каражаты түшүп турду. 

Күндөрдүн бир күнүндө баш редакторубуз Кеңеш Жусупов агабыз журналдын кызматкерлерин чогултуп жыйын өткөрдү. Казынабызга жети миң рубль түшкөн экен, ошол акча каражатын инфляция деген желмогузга жедирип жибербей канткенде аман сактап калабыз деген орчун маселени ортого таштады. Базар экономикасынын аки-чүкүсүн билгенибиз да, билбегенибиз да ар кандай сунуш айтымыш болуп, бири-бирибизден сөз талашып кужулдап отурдук. Үнөмчүл Жылкычы Жапиев үстөгү чоң банкка салалы десе, шекчил Касым Кушубеков азыркы заманда банктан өткөн алдамчы неме жок, андан көрө таланттуу сүрөтчүлөрдүн сүрөтүн сатып алып, кийин ошол сүрөттөр кымбаттаганда сүрөт сатып оокат кылалы десе, кундуз тебетейин мурдуна жетээр-жетпес баса кийип олтурган таланттуу акын Шайлообек Дүйшеев боору эзилгиче каткырып күлүп, буту кылтың үстөлдөн кулап түшүп каларында катарлаш олтурган Каныбек Эдилбаев жөлөп-таяп токтотуп калды. Эмне мынча каткырдың деп эңкейип кулагына шыбырасам: "Мойнубузга сүрөт илип, подземкада турганыбызды элестетип жатам" деп, жаңы эле ээрип-эпчип күлүп токтогон Шакемдин көзүнөн кайрадан ысык жаш бууркандап атып, катуу каткырып чалкасынан кетээрде бу жолу өзүм жөлөп калдым.

Мурунку күнкү чоң отуруштан кийин өзүнө өзү келалбай, коңул бурчта көрүнүп– көрүнбөй олтурган жазуучу Мамасалы Апышев оо бир кезде Архимед ачылыш жасап "Эврика!" деп кыйкырып жибергендей, отурган ордунан капилет тура калып, аны-мунусун түшүндүрбөй, "Арак! Арак!" деп кыйкырып жиберсе болобу. Плащынын жакасын тик өйдө көтөрүп, колун укалап, эки жагына баам салып олтурган сыйлуу сынчыбыз Каныбек Эдилбаев Мамасалы Апышевдин түшүнүксүз туюк сөзүн эле эмес, түндөсү көргөн түшүн да түбүнө чейин жоруп көнүп калган экен: "Мамыш туура айтат, арак эле оң, арак эле оң" деп коштоп кетти. Жылкычы, Касым, Шайлообек да Какемди айттырбай түшүнгөн немелер экен, "Туура! Туура!" дешип чуулдап жиберишти. Көрсө ошол учурда инфляцияга кууп жеткирбей дараметтүү келаткан жалгыз өтүмдүү товар – арак экен. Жети миң сомго арак алып, редакциянын муктаждыгы чыкса четинен сатып пайдаланып, муктаждыгы чыкпаса – акчабызды арак түрүндө сактап коюуга макулдаштык. Эми бул ишти ким жүзөгө ашырат, жоопкерчилигин мойнуна ким алат деген маселеге келгенде жанагы топураган топ ичпеген мени көрсөтүп, өзүлөрү дырылдап үрккөн койдой чет-четке чыга беришти. "Арак ичпеген, тамеки тартпаган жалгыз Нуралыга ишенебиз" деп жалгыздай башташты. Чын-чынына келгенде менин арак ичпеген, тамеки тартпаган "ит" адатым эле себепчи болгон жок, ошол учурда жеке фирмалар жаандан кийинки козу карындай жамырап, Элчибек, Келдибек деген агаларым менен мен да бир коммерциялык фирма ачып, Алтын деген жеңем ал фирманы катыра иштетип жатканын "Алатоодо" иштеп жаткан калемдештеримдин ичинен көбү билбесе да, азы билер эле. Жаза тайып жети миң рублдан банкрот болсок, кайра төлөп бергенге ушунун гана мүмкүнчүлүгү бар деген "жылт" эткен жылма куулук менен мени бул ишке чегерип жатышканын ичимен түшүнсөм да, кесиптештеримди көп эле кыйнай бербей макул болууга аргасыз болдум. Кыскасы, баягы жети миң рублга ошол эле күнү он жашик "кымбат сорттогу" арак сатып келдик. Эми бул аракты каякка коюп, каякка катабыз деген маселе чыкты. Отурган кабинетиме коеюн десем, бир кабинетте үч киши иштейбиз, үчөөбүздө үч ачкыч... Коңшу кабинеттердеги ахывал да ошондой. Ары кетип, бери кетип, орунбасар редактор Каныбек Эдилбаевдин кабинетине коймой болдук. Биринчиден, ал жалгыз олтурат, экинчиден жооптуу кызматта иштеген Какебиз ээн баштыкка бара койбосун билебиз. Кеңсебиз Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасы ыраматылык Төрөбай Кулатовдон калган кеңсе болгондуктан, ал кабинеттин бир жак дубалы полунан шыбына чейин Маркс-Энгельс жана Лениндин орусча-кыргызча томдору кас-катар тирелип тизилген бети жабык туюк текче эле, ошого жайгаштырсак туура болот деп чечтик.

"Эми Нукуш, түндүктөн түшкөн ууру болсо да табалбагыдай кылып катабыз" деп, ыраматылык Какем баягы үч дөө-шаанын томдорун бери жылдырып, ар бир томдун артына үчтөн бөтөлкөнү аскердей кас-катар тизип, "атаңкөрү "кампанын" мыктысын таптык, ыя" деп каткырып койду. Берки бети Маркс-Энгельс, Лениндин томдору, аркы бети "Пшеничная водка" болуп жаркырап эле жатып калды...

Саат төрткө чамалап калганда Каныбек Эдилбаев баштаган "алатоочулар" жапырт кабинетиме кирип келишти.

– Ыя, Нукуш, башыңды өйдө көтөрүп, бери кара, – деди Каныбек адатынча эки ийнин бүлкүлдөтүп, кыткылыктап күлүп.

– Ии, Каке, сүйлө, – дедим тигилердин жоонтоп болуп тим келбегенин түшүнүп.

– Буюрса, аракты аман-эсен жайгаштырып алдык. Эми, Нукуш, өзүң ичпегенден кийин билбесең керек, арактын анты жаман. Жанагы кудага бараткандар да жашиктеги жыйырма бөтөлкөнү толугу менен алып барбай, бирөөсүнүн башын сындырып, он тогуз кылып кемитип алып барганы – жакшылыкка ыроологону... Чоң бизнестин алдында турабыз...

– Түшүндүм, Каке, түшүндүм. Улуулата баштайлы, Маркстын биринчи томунун артынан бир бөтөлкөнү алып ичкиле, – деп оозумду жыйып алгыча "уюшкан топ" ураалап жөнөп кетишти. Мен берки бөлмөдө. Арак аркы бөлмөдө. Алардын ыймандуусун карабайсыңбы, даяр аракты өзүлөрү билип эле алып иче бербей, менин уруксатым менен алып ичип жатышканына каниет кылып, эмнегедир ичимен ыраазы болгонсуп калдым.

Бет маңдайымдагы Жылкычы менен Касымдын кабинетинде күжү-күжү түшүп, стакандар кагышып, каткырыктар жаңырып, күүлдөп жатышты... Оо, бир топ убакыт өткөндөн кийин ортодогусу түгөндү окшойт, бир аз дымый түшүшүп, анан күтүүсүз шып этип кабинетиме Шайлообек кирип келди. Кыпчылган таноолору кеңейип, төбөсүнөн көк буу көтөрүлүп боргулданып тердеп алыптыр. "Эми, Нуке, бул жерде экөөбүздөн жакын адам жок. Чогуу окудук, чогуу жүрдүк, дос болдук дегендей" деп боор тартып, эки көзү кымыңдап сөз баштады.

– Нуке, ичкиликтин жайын өзүң билесиң. Жанагың чала жан кылып койду... Айлык аларыбызга аз күн калды... Кийин толуктап коем...

– Түшүндүм, Шаке, Маркстын биринчи томунун артындагы экинчи бөтөлкөнү алгыла, – дедим жалдыратпай.

Шакем буту-бутуна тийбей шуулдап чыгып кетти.

Баягылар коңшу бөлмөнү башына кийип, гүүлдөп турушту. Өзгөчө "узакка эс алып", жаңыдан "ашка" аралаша баштаган Мамасалы Апышовдун күлкүсү таш жарат...

Дагы бирөөсү шарт кирип келерин туюп турдум. Жылкычы келди. А-бу дегиче эле: "Маркстын биринчи томунун артындагы үчүнчү бөтөлкөнү алгыла" дегенимде, кекеч неме кекечтенип жинине тийбейин дедиби, үнү жок эрдин бүлкүлдөтүп, бир ооз сөз айтканга үлгүрбөй сыртка бет алды.

А-бу дейбиз. Башкасын билбейм, совет өкмөтү чыгармачыл адамдарга гумандуу өлкө болгон. Жазуучулар союзу сыяктуу чыгармачыл союздарда, "Ала-Тоо" сыяктуу адабий журналдарда, Илимдер академиясы сыяктуу илимий мекемелерде иштегендерге эртең менен эрте келип, кечинде кеч кетип иштегиле деп такыбай, текшербей, кыспай чыгармачылык эркиндик менен кең-кесири ээн-эркин иштегенге шарт түзүп берген. "Алатоодо" айлык нормаңды бир жумада бүтүрүп коюп, калган учурда жай-чарба болуп каалгып, өзүңдүн чыгармачылык ишиң менен алектенип жүрө берсең болот. Кызматка эң эрте дегенде саат он бирде келебиз. Кечинде кээси саат төрткө, эң кыйын дегени саат бешке жетпей көздөн кайым болот.

Эртеси жумушка адатымча шашпай саат он бирде келдим. Демейде ээн турган коридорубузда кирип-чыгып котологон эл көп. Мени көргөндө атасын көргөндөй дуу жарылып сүйүнүп тосуп алышты. Бир гана Какем саал кабагын бүркөп:

– Ээ, Нукуш, сен фашисттен да жаман турбайсыңбы. Карачы кебетебизди. Эртең мененки саат сегизден бери күтүп атабыз... Оорутканды билгенден кийин, айыктырганды да ойлой жүрүш керек да...

– Ээ, Каке, ак чөп башта! Мен ал жагын ойлогон эмес турбаймынбы. Маркстын экинчи томунун артындагы биринчи бөтөлкө менен баш жазгыла, – деп айтып оозумду жыйып алгыча Какем:

– Аа, мунуң дурус, дурус... Кемчиликти курулай сөз менен эмес кызылдай иш менен моминтип моюнга алганың жакшы, – деп топурап тургандарды коңшу бөлмөгө ээрчитип кирип кетти.

Арадан бир саат өтүп-өтпөй Мамасалы Апышов кирип келди:

– Ээ, сволуч, бул жерде эмне жалгыз жашынып олтурасың?– деп адатынча демдүү жөөлөй баштады.

– Жашынбай эле олтурам, – дедим камырабай.

– Жашынган-машыңганыңды билбейм, келе, катардан калтырбай мага да бирди бер!

Кызый түшкөн неме баары бир жанды койбойт деген ой мээме шак дей түшүп, дароо эле макул болуп, Маркстын экинчи томунун артындагы экинчи бөтөлкөгө уруксаат бердим. Беш мүнөт өтүп-өтпөй Мамасалы көк бөтөлкөнүн мойнун койкойтуп колуна кармап, коңшу бөлмөдөгү калемдештерди топуратып ээрчитип, кайрадан кабинетиме кирип келди.

– Ээ, Нуке, эки күндөн бери өзүбүз эле күжү-күжү той түшүп жатабыз. Ушул бөтөлкөнүн башын бүгүн өзүңдүн кабинетиңен "сындырып", өзүңө бир каалоо айтып коелу деп келдик...

– Келгиле, келгиле... – деп кучак жайып, калп да болсо күлүмүш этип тосуп алдым.

– Эми бизде стакан да жок эле, – деп ордуман оор козголуп тура береримде:

– Жо-ок, Нуке, отур, отура бер. Мен өзүм... – деп Мамасалы буту-бутуна тийбей тызылдап, коңшу бөлмөнүн "дасторконун" биздин бөлмөгө ташый баштады.

Мамасалы окумал жигит, мыкты прозаик. Ичкиликти бир жолу оозуна албай койсо – жылдап жүрө берет. Бир жаман жери – ичкилик ичпей жүргөн күндөрү жумшасаң кичүү экенине карабай кашайып карыш баспаган жанда жок кежир. Качан "ашка" аралаша баштаганда гана моминтип буту-бутуна тийбей тызылдап чуркаган элпек жанга айланат. Бирок аракка гана. Башка маселеге соо кезиндегидей эле кежир, кыйды.

Бир колуна арагын, бир колуна закүскөсүн көтөрүп, тызылдап чуркап дасторкон даярдап жүргөн Мамасалы жакка кайран Какем көз ымдап:

– Ээ, Нукуш, байкадыңбы Мамышты. Алты айдан бери ичкилик ичпей буулугуп калган экен, карачы, тим эле бала кочкордун белдигин алгандай кетти, – деп кыткылыктап күлдү.

Кабинетимдин ичин үч көтөрө дуулдашып, балпылдатып бата беришип, айтор, эрибей турган көңүлүмдү эритишип, "түйүлүп калган тарамышымды" түбүнөн жибитишип, ал күнү Маркстын экинчи томунун үчүнчү жана үчүнчү томунун артындагы кас-катар тизилип турган үч бөтөлкөсүн толугу менен "шыпкап" кетишти.

Улам арылаган сайын Маркстын "окула элек томдору" тездик менен "окулуп", адегенде "алатоочулар" бир күндө бир том "окуса", кийин бир жарым, эки томго чейин "окуганга" өтүшүп, эртең мененки сегизден кечки он-он бирге чейин бака-шака түшүшүп, айтор, катуу уюмдашкан, бекем биримдешкен коллективге айландык. Эң жаман жери – ээн-эркин баспай, кайтарууда калдым. Мындай эле жумуштап басайын десем, кайда баратасың деп үрпөңдөп чуркап алдыман тосуп чыгышып, "Сен кабинетиңде эле ишиңди кыла бер, ал жерге биз эле барып келе коелу" деп, менин ордума өздөрү уруп-барып бүтүрүп келмей адат табышты. Эртеден кечке кеңсенин ичинде эч жакка жылбай камоодо калдым.

"Алатоодогу" чоң томдуктардын кабары акырындап алыстагыларга да жайыла баштаптыр. Бир күнү түш оой жыйындан келсем өзүбүз ардактап-сыйлаган Ашым Жакыпбеков агабыз баш болгон, Кудайберген Жуманазаров агабыз төш болгон "Кыргызстан маданиятынын" чоң делегациясы" терең сый көрүп отурган экен, эки редакция биригип бир дасторконго баш кошкондо редакция редакция эмес эле ресторанга айланып кеткенсиди. "Күч бирдикте" дегендей, бу күнү Маркстын үч томдугун чыпчыргасын коротпой "окушуп", жетинчи томдун жарымына келип жыгылышты...

Андан кийинки күнү Жазуучулар союзунун "тандалмалары" келип оюлбаган томдордун бир тобун оюп кетишти.

"Алатоо" журналынын редакциясынын кеңсеси сырттагы арагы жок айрым кеңселердин көзүнө ошол күндөрдөгүдөй эч качан жагымдуу, сүйкүмдүү көрүнбөгөн чыгар. Ичинде иштеген өзүбүзгө да өзгөчө жагымдуу, сүйкүмдүү көрүнүп турду. Атүгүл айрымдарынын оюна койсоң жатып иштегиси да келген учурлары болгонсуду. Кирип-чыгып кагаз карап, стакан кагыштырып, закуска ашап, келген конокту тосуп, кеткен конокту узатып, барбалактап пейил чечип, редакциянын улуу-кичүү жигиттери телегейи тегиз бир чо-о-оң үйбүлөгө айлангандай ахыбалга жеттик.

Буту-бутуна тийбей тызылдаган Мамышым кезектеги "заказга" келиптир. Маркс-Энгельстин томдуктарын толугу менен бүтүрүп, В.И.Лениндин орусча-кыргызча "томдугуна" кызуу кирип калган кезибиз эле. Лениндин жыйырма тогузунчу томунун артындагыны ал десем, учкан бойдон кеткен, бир пастан кийин алаңдап жетип келиптир, жыйырма тогузунчу томдун арты бош экен деп. Анда отузунчу томдун артынан ал десем, бир пастан кийин дагы жетип келиптир, отузунчу томдун да арты бош экен деп.Экөөлөп барып текшерсек, кырк бешинчи томго чейинки томдуктардын артында кылайган бир бөтөлкө калбаптыр. Анда ошол кырк бешинчи томдун артындагыны ал десем, үрпөңдөп коркуп алыптыр, "Эй мунуң түгөнүп калса, кийинки көргөн күнүбүз кантет?" деп. "Буюрганын көрөбүз, ал, ала бер" десем, Мамыш ыраазы болгондой келечектен үмүт үзбөгөн түр менен бир ырсайып, жылмайып алды да, куйруктуу жылдыздай куйругун үзүп, "жылт" койду.

Мурунку жумада Кыргыз ВААПта, соңку жумада "Ден соолукта", "Кыргызстан", "Мектеп" басмасында, ИИМдин басма сөзүндө иштеген кыраандар келип кеткен. Алар да колдон келишинче жакшылап майкандап беришти. Күргүчтөгөн коноктун аягы тыйылбайт... Жаңы "заказ" түшкөнүнөн В.И.Лениндин орусча элүүнчү томунун артынан алгыла десем, ал жер эбак жылан сыйпагандай бошоп, кыргызча кыркынчы томдугуна чейин ныпым эч нерсе калбай, так адрестен ажырап, кайсалактап ар кайсы томдун артын алтын жоготкон немедей сүзгүлөп издеп калчу болдук. Арак бизнестин аягы куржалак бүтөрүн мен да тымызын түшүнүп, "темирдей" тартипти бошоңдотуп, кайдыгер карай баштасам керек, тынымсыз конок тосуп-узатып Какем да кыраакылыгын жоготуп койсо керек, кызуусуна кирип кеткен Мамыштар да тең кожоюн болуп, бирин-экин өз конокторуна тууралап жиберсе керек, бир топ томдордун арты бат эле "көңдөй" калганын байкабай калыптырбыз.Тиги томдун артын ачсак да бош, бул томдун артын ачсак да бош...

Чындап эле эсебибизден жаңылып калдык. Болгон томдун баарынын артын аңтарып олтуруп, Маркстын отуз жетинчи, Лениндин кырк тогузунчу томунун аркасында "унутуп" кеткен акыркы алты бөтөлкө аракты таап чыгышты. Бапыраган турмуштун бүтүп баратканын байкаган бир тобунун көңүлү чөгүп, ындыны өчө түштү. Сезимтал, намыскөй Какем гана какайып түз басып, сыр алдырбайт. Бир ай уулдап-дуулдап, бөтөлкө түгөнгөндө лам деп койбой тарап кеткенибиз уят иш болот дедиби, айтор, акылкөй Какем коллективдин "активдүү" мүчөлөрүн толугу менен өзүнүн кабинетине чогултуп, акыркы алты бөтөлкө "көк моюнду" ортого койдуруп: "Эми достор, жаманбы, жакшыбы, бир ай бизнес жасадык. Көптөгөн конок күтүп, конок узаттык. Биз алардан акча албасак да, акчадан кымбат көңүлүн, ыраазычылыгын алдык" – деп мен тарапты сууроолуу карап койгондо, менден мурун эле тигилер "Туура! Туура!" деп жаалап, чурулдап колдоп кетишти.

– Туура, Каке, туура, – дедим чак түштө короодон уюн уурдаткан бечарадай башымды жерге салып.

Ошентип, ал күнү акыркы алты бөтөлкөнүн "көзүн тазаладык" да, бассак-турсак байланбай, бири-бирибизге эркиндик бердик.

Алар мени саргарып күтпөй, мен таң эртеден кеч карайгыча кабинетимде камалып отурбай, ээн туруп, ээн басып калдым. Коноктордун да келим-кетими тыйылып, кабинеттер кадимкидей боюнан бошогон келиндей тунжурай түштү. Эртең мененки он бирде бир көрүнүп, түштөн кийинки төрткө жетпей көздөн кайым болмой, кадимки "Алатоонун" көндүм турмушу аз-аздап калыбына түшө баштады. Касым Кушубеков бүтпөгөн романын улап, Шайлообек Дүйшеев ыр, дастан, поэмаларын жазып, Жылкычы Жапиев жаңы повестин сомдоп, Мамасалы Апышов боорун дарылатып, кезектеги "алты айлык эс алууга" даярданып, Каныбек Эдилбаев сыйда мурут сынын жазып, Эсентур Кылычев "ашказаны салаңдап ооруганын карабай" басмакана тарапка жөнөп... Мен болсо түшкө чейин журналдын иши менен түйшүктөнүп, түштөн кийин Алтын жеңем менен фирманы иштетип, эки бөлүндү болуп чапкылап калдым... Антпесем редакциянын жети миң рублинин ордун кантип толуктайм?

...Калдайган карааныңан айланайын "Алатоом" кайдасың деп коем ичимен. Какемди эстейм, Шакемди эстейм, Мамышты эстейм кез-кезде... "Алатоо" бизге ар түрдүү окуяны сыртка чыгарбай ичине бекем каткан залкар, айкөл Алатоо эле, майкөл Алатоо эле... Атыңан айланайын "Ала-Тоом"!!!

 

© Капаров Н.К., 2011

 


Количество просмотров: 1968