Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Найманов С.М., 2011. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 29-январы

Суюнали Масиркулович НАЙМАНОВ

Жылдыздар – менин махабатым

Актан жылдыздуу асманды тиктегенди жакшы көрчү, анын өзүнчө бир себеби бар эле. Бала кезден аны капкара асмандагы жымыңдаган сансыз жылдыздар өзүнө тартып келген, бирок азыр аны түбү жок асман менен өтө назик сезимдер байлап турат. Анткени анын махабаты азыр чексиз асмандын кайсы бир бөлүгүндө, бул жерден миңдеген жарык жылдары бөлүп турган жерде болчу. 

Актан асмандын батыш тарабынан пайда болгон жаркырак чекитти алгач Койчуман жылдыз деп ойлогон. Бара-бара жылдыздын көлөмү чоңойо бергендиктен, азыр эми ал асмандагы жарык астрономиялык түзүлүш эмес, а кадимки эле адам колунан жаралган нерсе экени түшүнүктүү эле: же кандайдыр-бир самолёт, же болбосо Казахстандагы Байконур космодромунан учурулган россиялык космос кемеси болушу мүмкүн. Ал 2010-жылдын жайындагы интернетте жана көчө гезиттеринде бир аптага созулган ызы-чууларды эстеп кетти, анда Бишкектин үстүнөн белгисиз учуучу нерсе көрүнгөн болчу, ал нерсе кийинчерээк «Прогресс М-06М» үлгүсүндөгү космос кемесин асманга алып учкан Россиянын «Союз-У» ракетасы болуп чыкпадыбы. Актан Бишкектин бир жашоочусу тартып, Интернетке чыгарып койгон видеону өз көзү менен кайра-кайра көрүп чыккан. Ошол күндөрү гезиттер жана Интернет сайттары эки күн катары менен кайдан гана пайда боло калган авторитеттүү эксперттердин ой-божомолдорун басып чыгарып жатты. Ал эксперттердин бардыгы бир ооздон Бишкектин үстүндө байкалган астрономиялык кубулуш менен космос кемелеринин ортосунда кандайдыр бир байланыш болушун четке кагып жатышты. Бул маселеге байланыштуу бир-эки көзү ачыктар да өздөрүнүн ойлорун айтууга үлгүрүп калышты. Алардын бири бул кыргыз элинин 2010-жылдын ичинде жасаган бардык күнөөлөрү үчүн Кудайдын жазасы тууралуу эскертүү экенин какшанып айтып жана күнөөлөрдү жоюу үчүн жалпы адамдарды сыйынууга үндөп жатты. Экинчи көзү ачык, тескерисинче, бул кубулуш Кыргызстандын эли үчүн алтын доордун башталганынан кабар берээрин жарыялап жатты, бирок ал заманды татыктуу тосуп алуу үчүн адамдар эмне кылышы кереги тууралуу жарытылуу эч нерсе айтпады. Бул ызы-чууларга чекитти Роскосмостун пресс-секретары койду, ал өзүнүн сөзүндө Бишкектин жашоочулары россиялык космос кемесинин атмосферанын төмөнкү катмарлары аркылуу учуп баратканын көргөндүгүн түшүндүрүп кетти. Мына ушундан кийин гана, адамдар белгисиз учуучу нерсени Бишкектин үстүнөн эмес, шаардын батыш тарабынан, өтө алыс аралыктан көрүшкөндүгү белгилүү боло баштады, ал эми «авторитеттүү» эксперттердин жаагы жап боло түштү.

Актан улам чоңоюп бара жаткан жарык шарды тиктеп турду. Жарык шардын батыш жактан пайда болушунун өзү эле, анын Байконурдан учуп чыккан россиялык космос кемеси экенин даана билдирип турду.

Ал күйүп турган от биротоло өчкөнчө дагы бир аз күтүп туруп, андан кийин барып төшөккө жатууну чечти. Оттун кызарып күйүп турган чокторун козгоп жатып, ал терең ойлорго батып кетти: ал өзүнүн азыркы абалын жана мүмкүнчүлүктөрүн талдап, саресептен өткөрө баштады.

Ал өзү ким? Эмнеге жетише алды? Келечекте эмне күтүп жатат? Суроолор анын мээсинде биринин артынан бири пайда боло берди, ал акырындан шашпай аларга жооп издеп таап жатты.

Ал ким?

Ал – Байтиков Актан Аскарович, күчкө кирип турган жаш улан, Кыргыз Мамлекеттик техникалык Университинин астында түзүлгөн Тоо иштеринин жана тоо технологияларынын Институтунун төртүнчү курсунун студенти. Азыркы учурда Ысык-Көлдүн жээгиндеги Покровка айылынан өтө алыс эмес, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан Тянь-Шань бийик тоолуу илимий станциясында өндүрүштүк-талаа практикасын өтүп жатат. Мына азыр эки ай бою ал университеттен алган теориялык билимдерин практика менен бекемдеп жатат: аймакта кездешкен тоо тектеринин үлгүлөрүн жыйнайт, аларды классификациялап, бөлүштүрөт, тоо тектер табылган жерлерди картага белгилейт. Бош учурунда, мына азыркыдай Ысык-Көлгө келип, ден-соолугун чындайт: сууда сүзүп, күнгө күйөт, көл жээгине палатка тигип алып, түнөйт.

Албетте, ал өзүнүн астына жаңы тоо кендерин табууну максат кылып койгон эмес, себеби ага чейин эле көп нерсе жасалып бүткөн экен. Советтик мезгилде бул аймактагы тоо кендерин изилдөө боюнча абдан чоң, төө көтөрө алгыс жумуштар аткарылыптыр: бардык тоо кендери изилденип, картага түшүрүрүлүп, алардын жалпы өлчөмү, өнөр жайга пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү аныкталып бүтүптүр.

Анткени менен, адилеттик үчүн бир нерсени айта кетиш керек, Актандын көңүлүнүн түпкүрүндө ар дайым бир кыял уялап келчү. «Генерал болууну каалабаган жоокер – начар жоокер» деп айтылгандай эле, өзүнүн даңкын чыгарып, белгилүү кылган пайдалуу тоо кендеринин чоң запасын табууну каалабаган геологду элестетүү мүмкүн эмес да. Актан дагы мына ушундай кен байлык булагын таап алууну самачу.

Анын үмүтү кечээ эртең менен, Илимдер Академиясынын лабораториясынан келген катты окугандан соң, таш капты. Катта Тоо иштери жана тоо технологиялар Институнун студенти, азыркы учурда Тянь-Шань бийик тоолуу илимий станциясынын практиканты – Байтиков Актан тарабынан лабораторияга жөнөтүлгөн геологиялык материалдын экспертизасы тууралуу отчет жазылган эле. Эксперттердин чечими төмөнкүдөй экен – жөнөтүлгөн геологиялык материалдын келип чыгышын изилдөө анын Жерде пайда болгон эместигин көрсөттү, ал кометанын сыныгы болушу мүмкүн, бирок, Кыргызстанда мындай тектерди иштетүү технологиясы болбогондуктан, эч кандай кызыкчылыкты туудурбайт. Катта ошондой эле, жыйырманчы кылымдын алтымышынчы жылдары эле бул аймактардан советтик геологдор тарабынан метеориттерден пайда болгон тоо тектеринин үлгүлөрү табылганы жазылыптыр.

Мына, эми минтип, анын үмүтү таш каап олтурат. Ал эми эч качан белгилүү адам боло албайт, ага эч качан даңк келбейт. Бул жерде бүт нерселер изилденип бүткөн, маалыматтар картага түшүрүлүп, көп барактуу атластарга, жоон энциклопедияларга жазылган. Эми ал карталар, атластар, энциклопедиялар китепканалардын текчелеринде чаң басып жатышат. Качан аларга Актанга окшогон апенди сымал бирөөнүн колу тиймейинче чаң басып жата берет.

Эмне үчүн апенди сымал? Анткени, башкаларга окшоп азыркы турмушка ылайыктуу менеджердин, банкирдин, мамлекеттик кызматкердин кесибин тандабастан, тоо ташты кезип жүрүп өмүрүн өткөргөн геологдун кесибин тандап алган Актан апенди эмей ким? Аны мектепте эле «ботаник» деп келекелешчү, эми минтип алардын табасын кандырып геолог болмокчу.

Тигине, ал курактуулардын баары мартабасы улук ЖОЖларда окушат, крутой машинелерди айдап, өтө кымбат түнкү клубдарга барышат, перидей болгон бийкечтер менен колтукташып жүрүшөт. Ал эми Актан-апенди болсо, өзүнүн өмүрүн Ата-Мекенине арноону чечти, мына ушундай жол менен, ал, өзүнүн өлкөсүнө азыркы кыйын мезгилде жардам бере алам деп ойлогон. Анын өлкөсү бир кадамын капитализмге карай таштап, экинчи бутун болсо өнүккөн социализден, туурасын айтса, уруулук мамилелер өкүм сүргөн феодализмден сууруй албай кала берген абалда болчу.

Азыр эми эмне болду? Жок дегенде анын сүйлөшкөн кызы да жок. Ал өзүн кыргыз элинин көрүнүктүү кыздары деп эсептелген Таттыбүбү Турсунбаева менен Бүбүсара Бейшеналиеванын психологиялык сүрөттөрүнүн курамаларынан жаралган табышмактуу кыздын астралдык образына болгон платондук сүйүү менен алдап келет. Бул астралдык образ анын мээсине ушунчалык сиңип калгандыктан, ал өзүнүн тагдырын бул образга туура келбеген кандайдыр-бир башка кыз менен байланыштыруу жөнүндө ойлонгусу да келчү эмес.

Ал Кара-Баткак мөңгүсүнүн астынан метеорит ташын таап алып кандай кубанганын сөз менен айтып бере албайсын. Анын кыялы чабыттап, жаны бир жерге жай албай калган. Актан табылган тектин үлгүсү, бул аймакта кездешкен башка тектерден бир нерсеси менен айырмаланып турганын дароо сезди. Ал муну ташты колуна алганда даана түшүндү – ал таштан кандайдыр бир энергия агымы сезилип турду.

Салмагы 11 килограмм келген ал ташты рюкзагына салып жыйырма чакырым жерден тоо-ташты аралап жонуна көтөрүп келүү эмнеге гана турбады. Аны алга үмүт жетелеп келе жатты, жакшылыкка болгон үмүт ага күч берип жатты. Ал таап алган тоо тектин үлгүсү кымбат баалуу сейрек кездешкен металлдардын кошулмасы болушу мүмкүн деп, бул тек дүйнөлүк базарда абдан чоң суроо-талапка ээ болуп, анын өлкөсүнө чоң киреше алып келет деп үмүттөнүп жатты. А бул иш болсо акыр аягында Актанды белгилүү кылып, ага атак-даңк алып келет деп ойлогон. Арийне, мунун баары эми болбой турган нерсе.

А балким, тиги кыз да эч качан болбойттур, балким, ал эч качан мындай кызды жолуктурбайттыр. Мындай ойлордон анын көңүлү муздай түштү, бардык нерсени таштап, аны эч ким тааныбаган алыс бир жакка кетип калгысы келди.

Мээсинде бир ой кылт дей түштү: балким мунун баарын таштап, кайрадан Кара-Баткак мөңгүсүнө кетип калсабы? Мөңгүнүн суусунан пайда болгон кичинекей көлдүн жээгиндеги фанерадан жасалган кичинекей үйгө кайрадан барсабы? Жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө жаратылыш менен, Жер-Эне, Аалам менен бир жан болуп кайрадан биригүүгө, кайрадан сөз менен айтып бере алгыс сезимдерди баштан кечирүүгө болгон умтулуу, күчтүү каалоо пайда болду. Бул сезимдерди кайрадан жашап өткүсү келди – деңиз деңгээлинен дээрлик 4000 метр бийиктик, алдыда – үлкөн тоо мөңгүсү, ал мөңгүнүн астында мөлтүр суудан жаралган көл жана жымжырттык. Ал жымжырттык кээде гана мөңгүдөн ажырап, көлдүн суусуна кулап түшкөн муздун «шалп» эткен үнү менен гана бузулат

Актан Тянь-Шань тоо кыркалары тарапты тиктеп улутунуп алды. Күндүз жүздөгөн чакырымдардан көзгө көрүнүп турган ак мөңгүлүү тоо кыркалары азыр көзгө сайса көрүнгүс караңгы түндүн артына жашынып турду.

Жарк эткен жарык аны терең ойлордун кучагынан сууруп чыгып, өзүнө келтирди. Жаркыраган от шары, өзүнүн артынан узун жарык из калтыра, көлдү көздөй кулап келе жатты. Бир нече көз ирмемден соң оттуу шар көлдүн күзгүсү менен кагылышып, анын соккусунан пайда болгон чоң толкундарга жашына, суунун түпкүрүнө чөгүп кетти. Майда толкундардын бир нечеси гана көлдүн жээгине чейин жетип келип урунду.

Бул кичинекей метеорит болушу мүмкүн,– деп ойлоду Актан,– миңдеген жылдардан кийин, а балким миллиондогон жылдардан соң, аны да мага окшогон бир апенди таап алаттыр.

Эя приборлордун көрсөткүчтөрүн визирлеп, кеменин планетанын бети менен канча убакыттан кийин кагылышаарын эсептеп жатты. Бактыга жараша, кеме кулап түшө турган аймактын бети бул планетада көп таралган суюктук зат менен капталган экен. Зыян тартып, жабыркаган кемени башкаруу өтө кыйын болуп жатты, кемени кошумча авариялык башкаруу системасы менен гана жөнгө салуу мүмкүн эле. Кеменин башкаруу бөлүгүндө анын эки шеригинин жансыз денеси жатты, ушундай тагдыр анын башына туш келбей, жандап өткөнүн чоң укмуш, же жолу ачыктык деп айтса болот эле. Алардын кемеси азыркыга чейин илимге белгисиз болгон астрономиялык объектинин гравитациялык таасирине туш болду, кийинчерээк андан алыстаймын деп, астероиддердин тыгыз алкагынан өтүүгө туура келди. Азыр болсо Эя Ааламдын бул аймагын жөн гана астероиддер алкагы деп атап коюу туура эмес болоорун билет эле. Астероиддер космолеттордун учуусуна анчалык деле тоскоолдук кылбайт, ал эми алар өткөн нерсени тозоктун өзү, же болбосо өлүм тузагы деп атаса болот эле. Галактиканын бул бөлүгүндөгү абдан чоң мейкиндик радар менен көрүүгө мүмкүн болбогон миңдеген, миллиондогон кичинекей асман бөлүкчөлөрүнө толтура экен.

Мына ушундай бөлүкчөлөрдүн бири менен болгон кагылышуу кеменин негизги башкаруу системасынын иштен чыгышынын жана анын эки шеригинин өлүмүнүн себеби болду. Андан кийин болсо бозон реактору иштебей калды. Эя кеме эч кандай башкаруусуз канча убакыт мейкиндикти кезип жүргөнүн билбейт. Башкаруусуз кеме ошентип алгач бул жылдыздын, андан кийин ушул Көгүлтүр планетанын тартылуу күчүнө туш болду.

Космолет жеңил кагылышуудан кийин суюктукка кирип, төмөн чөгө баштады. Он чакты көз ирмемден кийин ал катуу жер кыртышына жетип токтоду. Эя түзүлгөн абалды анализдеп, өзүнүн иш-аракеттеринин алгоритмин түзө баштады.

Максат – өзүнүн Галактикасына кайтып баруу.

Жасалуучу иш-кадамдар:

1. Кеменин абалына баа берүү.
    2. Бозон реакторун оңдоо.
    3. Кеменин башкаруу системасын калыбына келтирүү.
    4. Коркунучсуз жол менен үйгө кайтып келүү.

Кеменин абалын текшерип көрүп, Эя башкаруу системасы эчтеме болбой, ишке жарактуу эле экендигин билди. Кептин баары бозон реакторунда экен, сырттан учуп келген бөлүкчө кеменин сырткы каптоосун талкалап өтүп, бозон реакторуна келип тийиптир. Анын натыйжасында реактордун корпусунда жарака пайда болуп, ичиндеги эки бөлүкчөсү да жабыркаптыр. Мунун баарын алмаштыруу гана керек, кеменин сырткы каптоосун калыбына келирип, анан учуп кетсе болот.

Бирок бул ойлогон оюн кантип ишке ашырса болот? Эя анын расасынын бардык өкүлдөрү сыяктуу эле каалаган тирүү жандыктын сырткы көрүнүшүн кабыл ала алганы менен, жансыз механизмдин кызматын аткаруу колунан келбейт болчу. Албетте, жансыз нерсенин оптикалык образын кабыл алып, тирүү жандыктын көрүү сезиминде голографиялык визуализацияны пайда кылуу колдон келет, бирок өтө кыска убакытка гана. А бул жерде сөз түгөнбөс энергиянын кайнап турган булагы – реактор жөнүндө болуп жатпайбы? Бул жерде бир гана жол бар, ал реакторду алмаштыруу гана.

Эя андан аркы иш-аракеттердин планын иштеп чыга баштады. Эмнеден башташ керек?

Бул планетада алмашууга жарактуу материал бар бекен? Мейли, ал да табылсын, андан соң эмне болот? Реактордун корпусун жана бузулган бөлүктөрүн жасап чыгуу үчүн бир топ өнүккөн технология керек. Ал үчүн өнүккөн интелектиси бар тирүү жандыктарды издеп таап, байланыш түзүш керек, эгер тилин тапса, алардын технологиясынан пайдаланса болот. Бул планетада мындай тирүү жандыктар бар бекен? АЛАР аны кандайча кабыл алышат экен? Эя АЛАРДЫН агрессивдүү мамилесинин курмандыгы болуп калбайт бекен?

Эя мейкиндикти сканерлей баштады, ал өнүккөн интеллектке ээ болгон тирүү жаныбарларды издеп жатты. Кеменин корпусунан сыртындагы суюк чөйрөдө ар түрдүү көлөмдөгү узун сүйрү денелүү тирүү жандыктар кыймылдап жүрүштү. Алардын мээсинде жападан жалгыз ой бар эле – азык-зат жана тукум улоо үчүн шерик табыш. Эяга алардан эч кандай пайда жок эле, алардын интеллектисинин деңгээли өтө төмөн болчу.

Эя кеменин корпусун таштап, суюк чөйрө менен катуу кыртыштуу чөйрөнүн чектешкен жерине карай жөнөдү. Катуу кыртыштуу чөйрөгө жеткенден соң ал сыртка чыгып, өзүнүн жолун суюк чөйрөнүн жээгин бойлой улантты. Суюк чөйрөнүн касиеттери аны абдан таң калтырып жатты: суюктуктун чоң массалары кооз кыймылга келип, бул кыймылдар үн диапазонундагы толкундардын кеңири спектри менен коштолуп жатты. Бул сыйкырдуу кыймылдар Эянын көңүлүнө төп келип жатты.

Бир маалда Эянын рецепторлору ага керектүү нур толкундарын кабыл ала баштады. Ал бул флюиддер кайсы тараптан келип жатканын аныктап, андан кийин ал тарапты көздөй жөнөдү.

Актан көлдүн жээгинде туруп, метеорит түшкөн жакты карап жатты, ал жактан бир аз мурдараак майда толкундар таралып келип жаткан. Азыр болсо көлдүн бети дээрлик тынчтанып калгандыктан, беш мүнөт мурун болгон окуянын эч кандай изи да калган жок эле.

О, Ысык-Көл, сен ар дайым сырдуусуң!– деген кайсы-бир акындын сөзүн эстей кетти Актан. Ага кимдир-бирөө караңгыда жашынып алып, анын ар-бир кыймылын жазгырбай байкап, анын ойлорун окуп-билип жаткандай болуп жатты.

Эя пенетрация ыкмасын колдонууну чечти, ал өзүн карап турган тирүү макулуктун мээсине сүңгүп кирди. Анын астында эки аяктап турган макулук – Эя өзүнүн жашоосундагы жолуктурган тирүү жандардын эң сулуусу эле. Макулук Эяны түз тиктеп турду, бирок ал аны көрө албайт жатты.

Эя анын ойлорун окуп жатты, ийгиликтуу байланыш түзүш үчүн тиги турган тирүү макулук үчүн жагымдуу образын кейпин кабыл алыш керек. Эя ички көрүү сезими менен алдында турган тирүү жанга окшош эки макулуктун образын көрүп турду. Бирок окшоштук сырткы түзүлүш менен гана чектелет болчу. Тирүү жандыктын мээсин андан ары окуу анын бул экөөнө болгон ашык мамилесин түшүндүрүп берди:

Бул планетада жашаган көптөгөн тирүү жандыктар, өзгөөчө эволюциянын жогорку баскычында тургандары, хромосомалардын санына жараша эки топко бөлүнөт. Тукум улоо үчүн ушул эки топтун бирден гана өкүлү катышат, алардын тукум улантуучусу бул эки топтун бирине кошулат, мындан башка вариант болбойт. Эянын астында турган макулук бул планетадагы эң өнүккөн түрдүн өкүлү эле. Бул түрдүн өкүлдөрү тукум улоо үчүн шерикти абдан дыкаттык менен тандашат экен. Бул макулук ынтызаар болгон тиги экөөсү болсо башка топтун өкүлдөрү болуп чыкты. Ал эки образдын ээлери азыр тирүүлөрдүн катарында жок болсо дагы, бул макулуктун көңүлүнө төп келген, анын кыялында самап жүргөн жандар болгон экен.

Эя борбордук процессорго өзүнүн ички молекулярдык түзүлүшүн жана визуалдык көрүнүшүн тиги эки жандын образдарынан куралган, астындагы макулук көрүүгө куштар болгон комбинацияга өзгөртүүгө буйрук берди.

Процессордун таймери убакытты эсептей баштады: бозондор, мезондор, мюондор электрондорго, нейтрондорго жана протондорго жыйнала баштады, алар атомдорго биригип, атомдордон молекулалар, молекулалардан сөөктөр, булчуңдар, ички тканьдар курала баштады…. он, тогуз, сегиз, жети, алты, беш, төрт, үч, эки, бир, нөл….

Эя көзүн ачты: Мен – адаммын, мен – аял кишимин,– анын мээсине келген биринчи ой болду.

Актан алгач бул галлюцинация болсо керек деп ойлоду. Андан кийин, анын мээсинде жылт этип көзгө көрүнчү арбактар, адамды азгырып кетүүчү албарстылар жөнүндө ой пайда болду, бирок эч кандай коркунуч сезими болбоду.

Анын астында жагымдуу жылмайып бир кыз турду. Бул Актандын таттуу кыялдарындагы кыз эле. Кыз жылмайып күлгөндө, анын жүзү бир туруп плакаттардан көрүп жүргөн Таттыбүбү Турсунбаеванын, бир туруп беш сомдук улуттук акчага түшүрүлгөн Бүбүсара Бейшеналиеванын сүрөтун элестетип жатты.

– Салам! – деди Эя жигитке.

– Салам! – деп жооп берди Актан, ал алардын ортосунда телепатиялык байланыш жүрүп жатканын түшүндү, карама-каршысында турган кыз оозун ачкан да жок, ал эми анын сөздөрү Актандын мээсине түздөн-түз кирип жатты.

– Сенин атың ким?

– Менин атым – Актан. А сен кимсиң?

– Менин атым – Эя.

– Эя, сен кайдан пайда боло калдың? Бир мүнөт мурун сен бул жерде жок эмес белең?

– Мен Чон Дөбөттөр деп аталган жылдыздар тобунан учуп келдим. Мен Сириус жылдызын жандап айланган Ара толо планетасында жашаймын. Биз, Ара толо планетасынын жашоочулары, өзүбүздү Күнчүбак Жоокерлери деп атайбыз. Сириус жылдызынын дагы бир жандоочусу бар – Йу толо планетасы, ал планеталыктар өздөрүн Жарыктын Жоокерлери деп эсептешет. Алгач жашоо Ара толо планетасында пайда болгон, ошондуктан биздин технологияларыбыз бир топ алдыда.

Биздин ата-бабаларыбыз, Күнчүбак Жоокерлери, кайсы-бир байыркы өткөн замандарда Ааламдын бул бөлүктөрунө келип кетишкен экен, балким, алар Жер планетасында болуп, адамдар менен байланышта болушкандыр. Бирок, кийинчерээк, силердин галактикаңарга саякат жасоого катуу тыюу салынган, ал эми маалыматтар жашыруун сыр болуп катылып коюлган. Акыркы мезгилдерде биздин жылдыздар системабызда артка кайткыс өзгөрүүлөр башталып, биз азыр Ааламдын ар кайсы бурчтарынан жашоого жарактуу жерлерди издеп жүрөбүз.

Андан кийин Эя ага төкпөй-чачпай бардык нерселерди айтып кетти: өзүнүн кантип бул планетага келип калгандыгы тууралуу, кандай максатты көздөөрүн, азыр эмне издеп, эмнеге муктаж экени жөнүндө. Эя жигитке, эмне үчүн ал ынтызаар болгон эки аял кишинин курама образын кабыл алууну чечкенин түшүндүрүп кетти.

Алар тез эле эски тааныштардай тил табыша кетишти. Жарым сааттын ичинде Эя адамдардын тилинде сүйлөөгө үйрөнүп алды, бул үчүн ага болгону тилин жана үн жылчыктарын башкаруу гана керек болчу, ал үчүн тилдердин ортосунда эч кандай тоскоолдук жок эле. Сөз арасында, Актан Эя үчүн азыркы абалда өтө керектүү адам экендиги белгилүү болду.

Актан кызга кантип тоодон метеориттин сыныкчасын тапкандыгын, андан кийин ал таштын эч кимге керексиз болуп чыккандагын айтып берди. Бир топ талкуудан кийин алар, реактордун корпусун эритип, кайрадан жасап чыкса болот деген чечимге келишти, калган жабыр тарткан бөлүкчөлөр менен да ушундай кылышмак болушту. Ошондой эле Актан Эяга адамдардын арасында көнүгүшкө жана башка бардык проблемаларын чечүүгө жардам бере алат деген жыйынтыкка келишти.

Актан Эянын көңүлү эмнегедир бир нерсеге бушайман болуп жатканын сезип турду.

– Сен эмнеге санааркап жатасын?– деп сурады ал.

Мен билгенден, сенин мамлекетиңде реактордун корпусун эритип кайра жасоо үчүн керектүү технологиялар жок экен, биз кайсы өлкөгө кайрылып, аны жасатып алсак болот?– деп сурады Эя.

Космос чөйрөсүндө алдыңкы технологиялар Россия, АКШ, Европалык космос агенттиги жана Кытайга тиешелүү. Эң жеңил жолу – бул Россия, бул өлкө менен биздин өлкөнүн ортосунда визасыз режим бар, билет сатып аласың да, учуп кете бересиң,– деп жооп берди Актан.

Эртең караштырып көрөлү,– деди кыз.

Сөзүнүн акырында Эя Актандан өзү жөнүндө жана көл түбүндөгү космолет тууралуу башка адамдарга айтпай эле коюусун суранды. Актан кызга бул нерсени ал өзү да купуя сыр кылып сактап коюуну каалаганын айтты, анын себеби атайын коопсуздук кызматтарынын көз жаздымында калып, жадатма басма сөз өкүлдөрүнөн алысыраак болуу ниети менен байланыштуу эле.

Актан Эяга адамдардын арасында байкалбастан, проблемасыз жүрүү үчүн кандайдыр-бир ысым, фамилия жана аталык ысымды ойлоп таап жана аларды тастыктаган паспортко ээ болуш керектигин түшүндүрдү.

Алар Эя үчүн жаңы ысымдарды ойлоп табууну чечишти.

– Кел сени Татына деп атап коёлу, деди Актан.

– А мен чындап эле татынамынбы? – деп сурады Эя-Татына.

Жигит укмаксан болуп жооп бербеди.

– Сенин аталык атың Жакшылыковна болсун – сен Жакшылыктын кызы болосун..

– Мага ал абдан жакты,– деди Татына.

– А сага мен Кумарова деген фамилияны сунуш кылат элем.

– Менин билип турам, анткени мен сенин кумарлуу махабатындын себепчисимин да, туурабы ыя?! – деп каткырып күлө кетти Татына.

Актан кызды тиктей калып, алардын көздөрү тиктеше түштү, алар көп нерсени түшүнүштү.

Эя эмне үчүн бул планетада адамдар өз тукумун улантыш үчүн бири-бирин тандай тургандыгын түшүндү.. Алар бул тандоону атайылап жасашпайт, туурасы, тандоону алардын клеткалары, гормондору, хромосомалары жүргүзөт. Муну адамдар суйүү деп атап коюшат, алар адам мээси менен эмес, жүрөгү менен сүйөт деп ишенишет.

Алар Эянын жаңы аты-жөнүн ойлоп таап, аныктап чыккыча биротоло таң атып кетти.

Кийинки үч күн толугу менен бозон реакторун кемеден бошотуп, алгач райондун борборуна, андан соң Бишкек шаарына жеткирүүгө кетти. Биринчи күнү Эя реакторду кемеден ажыратып, аны бөлүктөргө чачып, алмаштыруу керек болгон бөлүктөрдү аныктап, анан мунун баарын жээкке алып чыкты. Экинчи күнү алар реактордун корпусун жана алмаштыруу керек болгон бөлүктөрүн Жети-Өгүз районунун борборуна жеткириш менен алек болушту. Үчүнчү күн толугу менен жүктөрдү Илимдер Академиясынын машинеси менен Бишкек шаарына ташууга кетти.

Илимий кызматкерлер, Актандын тер басып кыйналган түрүн көрүп, унчукпай баш чайкап тим болушту. Алардын бирөөсү гана тамашалап мындай деди: – И, мырза, биздин өлкөбүздө жетишкен капитализдин гүлдөп-өнүгүшү үчүн дагы эле өзүндү садага чаап, кыйнап жүрөсүңбү?

Ал эми жүк ташуучу машиненин айдоочусу, Актан берген акчаны күрмөсүнүн төш чөнтөгүнө салып болуп, аны далыга таптай, мындай деп айтты:

– Эй жигит, биз баарыбыз сени апенди чалыш бир байкуш деп ойлогонбуз, а сен болсо кычыраган селки кызды чаап алыпсын.

Бишкекта алар Актандын бир таанышынын үйүндө токтошту.

Алардын астында төмөнкүдөй маселе турган эле – Роскосмоско расмий түрдө кайрылуу жолун табуу. Актан Татынага бул ишти кайсы-бир коммерциялык фирманын атынан жасоо туура болоорун түшүндүрүп кетти, бир нерсени айта кетиш керек – бул фирманын банкта чоң суммадагы эсеби болуш керек, болгондо да эркин алмашылуучу валютада – доллар же евро менен. Мындайга эч бир фирма макул болбошу түшүнүктүү, ошондуктан өздөрү фирма ачууга туура келет, бактыга жараша Кыргызстанда ишкананы юридикалык каттоодон өткөрүү өтө чоң проблема эмес.

– Мынча акчаны биз кайдан табабыз, сага паспортту кантип жасатабыз?– деп сурады Актан көңүлсүз,– реактордун корпусун жана ички деталдарды эритип, кайра жасатууга абдан көп акча керек болоттур? Суроо, тагыраак айтса, өзүнө берилген сыяктуу эле.

Бул мен үчүн проблема деле эмес, – деди Татына,– мага эки саат убакыт бер, мен силердин банк системаңардын иштөө принциптерин карап көрөйүн, андан кийин мен бир жолун табам. Алар интернет-кафеге келип, Актан юстиция башкармалыгынан фирманы каттоодон өткөрүү үчүн керектүү уставдык документтерди даярдап, кагазга басканча, Татына Кыргызстандын банктары тууралуу маалыматтарды топтоп-изилдөө менен алектенди.

Кечинде алар иштин жүрүшүн талкуулоо үчүн чогулушту.

– Мен баарын карап чыктым,– деди Татына,– ишкананы биз менин атыма каттайбыз, мен биздин жасай турган иштерибиз мыйзам чегинде болбосун билип турам, ошондуктан сен тобокелге барбай эле кой. Биз сени орточо маянага убактылуу ишке жалдап алдык деп келишим түзөбүз, ошондо сен өзүңдүн келишимдеги милдеттериңдин чегинде гана жооптуу болосуң. Кечирип кой, аралашкандай кийин сага дагы мыйзам астында жооп бергенге туура келет, мен болсо ал кезде бул жерден өтө алыс – Сириус жылдыздар системасында болом.

– Сенин бул нерселерден кутулуп кетүүгө мүмкүнчүлүгүң бар, ал үчүн мени менен бирге учуп кетишиң керек. Сен мени менен бирге учун кеткенди каалайсыңбы?– деп сөзүн улады Татына.

Актан жооп берүүнүн ордуна унчукпай тим болду, анын жүзүнөн алдыда болуучу аргасыз ажырашууга абдан капа экени көрүнүп турду.

Кийинки күнү Кумарова Татына Жакшылыковна деген айым Информациялык ресурстар жана технологиялар боюнча Мамлекеттик агенттигине барды, агенттиктин имаратынын кире беришинде турган күзөтчү, ал айымдан кандайдыр бир документин да сураганга да үлгүргөн жок. Деген менен ал минтип сурай да албайт болчу, анткени анын мээси бир мүнөт мурдараак такыр өчүрүлүп, терең гипноздо болчу.

Татына паспортторду кошумча акчага кыска убакытта даярдап берүүчү бөлүмдү таап, документтерди кабыл алуучу терезечелердин бирине келди. Терезеченин ары жагында турган кызматкер аны тиктеп бир жылмайганга гана кудурети жетти, алардын көз-караштары чагылыша түшүп, Эя кызматкердин мээсине оңой эле тереңден кирип кетти.

Кийинки секундада оператор, Эя ага телепатиялык жол менен айтып жаткан маалыматтарды, компьютерге билерман адамдын түрү менен киргизип жатты. Акыры ал клавиатураны тыкылдатканын аяктап, кызды тиктеп жылмайды да, мындай деди:

– Сиздин паспортуңуз үч күндөн кийин даяр болот, ал эми чет жакка чыгуу үчүн керектуу паспортуңуз идентификациялык картаңыз колго тийгенден кийин бир жумада даяр болот.

– Ушунчалык тез убакыттабы?– деп таң кала сурады кыз.

– Сиздей татынакай кыз үчүн мен колумдан келгенин жасадым,– деп жооп берди жигит, анан өз ичинен минтип ойлоп койду: тим эле сулуу экен, сүйлөгөндөн да апкаарыйт экенсиң.

Үч күндөн кийин Татына ID-картаны колго алып, эртеси «Space Technology Ltd» аттуу фирмасыны каттоо үчүн юстиция башкармалыгына келди. Кеңсе кызматкерлеринин баары бул айымдын көз карашынан жана жылмаюусунан жаздагы кардай эрип баратышты, ал эми анын документтерин кабыл алып жаткан жаш жигит, туура эмес жерлерин дилгирлик менен оңдоп чыгып, каттоо иштерин кыска убакытта аягына чыгарууга даярдыгын билдирди. Мунун баарын ал бул кыз үчүн гана жасап жатканын айтып кетти.

Татына ага жооп иретинде жылмайып гана койду.

Актан менен Татына убакытты бекерге кетирбестен, регистрациялык документтер даяр болгуча Роскосмоско сунуштала турган документтерди даярдоого киришти. Актандын конструктордук фирмаларды жалдап, акча төлөгонгө туура келет деген санаркоосу бекер болуп чыкты.

Ал өз көзү менен пенетрация деген эмне экенин, ал кандайча жүрөөрүн көрдү. Татына компьютердин тушуна келип орун алды, ал эч нерсеге колу менен тийген да жок, керектуу программалар өз алдынча эле иш тей баштап, сызыктар өзүнөн-өзү эле сызылып жатты, бара-бара керектүү деталдын контурлары байкала баштады. Ошентип олтуруп эки сааттын ичинде документтердин баары жөнөтүүгө даяр болду. Татына документтердин бардыгын флешкага көчүрүп болуп, Актанга карай мындай деди:

– Жүр эми Роскосмоско кат жөнөтүп келели. Биз катты Интернет-кафеден жөнөтөбүз, сенин досуң ар балээден алысыраак болсун.

Интернет-кафеде жумуштарын аяктап болуп, Татына Актанга жылмайып койду да, андан кийин:

– Банктык эсептеги акчалар жөнүндө да ойлоп койгом. Мен банкка барып, пенетрация усулун колдонуп компьютердин операторунун мээсине кирем да, аны биздин фирманын наамына ири суммадагы эсеп ачууга мажбурлайм. Алар бул нерсени айдын акырында гана отчет жасап жатып байкашат, ага чейин биз ишибизди бүтүрүп алсак керек, – деп айтты.

Алар кафеден чыккан учурда көчөдө жамгыр челектеп куюп жатыптыр. Миңдеген килейген замбиректерден залп атып жаткансып кулак тундура күн күркүрөп жатты. Күн калдыраган сайын жамгыр күчөп жатты.

Актан менен Татына үйгө чуркап жеткенге үлгүрбөй калышты. Алар жолдун жартысына жеткенде жамгыр укмуштай күчөп жаай баштады. Алар жамгырдан жашынып чоң дарактын түбүнө тура калышты. Актан кыздын жамгырдан бүт жери суу болуп, үшүп-калтырап чыкканын көрүп, жардам берүүнүн башка жолун таппай, аны ысытуу үчүн кучактап алды. Татына да аны мойнунан орой кучактады.

Актан ал азыр кучактап турган кыз, үч же алты манжалуу, же болбосо такыр эле манжасы жок башка планетадан келген түрү суук макулук экенине ишенбей кетти. Ал кыздын суу болуп, жамгырдын тамчылары сырыгып агып жаткан чачтарын карап туруп ишенбей жатты, бөртөйгөн назик эриндерине, узун татынакай кирпиктерине, сезимтал ооздоруна тиктеп туруп ишене албады. Татына башын көтөрүп аны тиктеди, жигит кыздын сырдуу түбү жок терең көздөрүнө тиктеп анын башка дүйнөдөн келген бир макулук экенине ишенбеди, ал ишене албайт эле, анын ишенгиси да келген жок. Ал азыр бир нерсеге гана ишенип жатты – Татына ага Кудайым өзү жөнөткөн кыз экенине, кызга ал жардам бериши зарыл экенине жана андан соң алар түбөлүк бирге болоруна ишенип жатты.

– Карачы, асмандан суу укмуш сонун болуп түшүп жатат! – деди Татына,– биздин планетабызда мындайды көрбөйсүң.

– Биз муну жамгыр жаап жатат деп айтабыз,– деди Актан,– кышында абанын температурасы нөлдөн да төмөн түшүп кетет да, асмандан суу майда ак кебекчелер түрүндө түшө баштайт, биз анда кар жаап жатат дейбиз. Асмандан миллиондогон, миллиарддаган кар бөлүкчөлөрү түшүп, теребелди текши бойдон ак шейшеп сымал кар каптап калат.

– Менимче, кар укмуш сонун көрүнөт болуш керек?– деп сурады кыз улутуна,– кандай өкүнүчтүү, мен аны көрбөй калат экенмин.

– А сен мени менен кала бер, карды да көрөсүң,– деп шашыла айтып салды Актан.

Кыз анын көзүнө тике карай калды да, анан көзүн башка жакка ала качып барып, башын жигиттин көкүрөгүнө коё кетти. Ушинтип кучакташкан бойдон алар жамгыр токтоп калганча тура беришти. Капысынан булуттардын артынан Күн чыга келди, анын карама-каршысында ар түрдүү түскө боёнуп Күнчүбак жаркырап турду.

– Жарык тунук чөйрө аркылуу өткөндө дифракцияга дуушар болот, анан биздин көзүбүзгө ар түрдүү түскө бөлүнүп көрүнөт,– деп Татына байкап турган көрүнүштү илимий түшүнүк менен чечмелей кетти.

– Мындайда кооз угулбайт экен,– деп Актан өз оюн айтты, – кел аны адамдар айткандай «Күнчүбак» деп эле атайлы. Баса, сен Күнчүбак жоокеринин кызысың да, туурабы?

Николай Петрович кезексиз шашылыш чогулуш тууралуу кабарды укканда таң калды. Демейде, шефтин иштери, жарым жыл, болбоду дегенде бир ай алдын ала пландаштырылат, а анын бүгүнкү кылыгы адаттан тышкаркы көрүнүш эле.

Агенттиктин Директорунун кабинетине бардык бөлүмдөрдүн жетекчилери топтолушту. Директордун жардамчысы чогулгандарга папкелерди таратып болгондон кийин, Александр Федорович өзүнүн сөзүн баштады:

– Бизге демейдегиден башкача бир сунуш келип түштү. Бизден ири суммадагы акчага кандайдыр-бир тетикчелерди даярдап берүүнү суранып жатышат. Бул сунуштун кызыгы төмөндөгүдө: биринчиден, бул тетиктер эмнеге иштетилери мага караманча түшүнүксүз болуп жатат, экинчиден бул сунуш Кыргызстандан келип жатат, мен билгенден бул өлкө эч кандай космос технологияларына ээ эмес, ээ болгон да эмес. Клиентибиз тетикдерди даярдоо үчүн материалдарды өзү сунуштап жатат. Үчүнчүдөн, биз кызматыбыз үчүн сураган акчаны кардар фирма лам дебестен төлөп койду. Бул мени абдан таң калтырды. Мен бул иш боюнча силердин оюңарды билгим келип жатат. Алдыңардагы материалдар менен таанышып чыккыла.

Кабинетте олтурган адистер сунушталган документтерди барактап чыкканча биртике пауза кармап туруп, Александр Федорович суроо бере баштады:

– Кана, кимде кандай ой бар? Николай Петрович, мен сиздин оюңузду уккум келет.

Николай Петрович инновациялык технологиялар бөлүмүнүн жетекчиси болчу, ал алдыңкы технологияларды өздөштүрүп өндүрүшкө киргизүү жаатында иш алып баруучу. Азыркы анын ою чоң мааниге ээ болчу, анын айткан кебине жараша талкуу сөз кайсы багытка кетээри аныкталат эле.

– Чиймеге карап, мен төмөнкүдөй деп айтат элем,– деп Николай Петрович сөзүн баштады,– бул кандайдыр-бир агрегаттын корпусу, а калган эскиздер ал агрегаттын ички тетиктери, бирок бул жерде көп нерселер жетишсиз болуп жатат.

– Анан кандай болсун Николай Петрович? Сиз эмне, мунун баарын сизге чайнап, жутканга даярдап оозуңузга салып беришин күттүнүз беле,– деп какшыктай баштады Александр Федорович, андан соң кайра сөзүн улантты,– мен бул эмне экенин, муну бизге ким сунуш кылып жатканын, аркандын учу кайда алып бараарын билгим келет.

– Бул жерде америкалыктардын колу аралашканы таасын билинип турат,– деп алардын диалогуна аралаша кетти Владимиров – ал бир айга эс алууга кеткен башкы конструктордун кызматын убактылуу аткарып жаткан.

– Улуу урматтуу таксыр, а сиз эмне үчүн мындай деп ойлойсуз?– деп какшык сөздөрүн уланта кетти Александр Федорович.

– Бул илимдеги таптакыр жаңы нерсе экени көрүнүп турат, – деп акылдуусуна жооп берди Владимиров,– бир караганда эле түшүнүктүү.

– Андай болсо, эмне үчүн дөөпөрөс ач көз америкалыктар бул тетиктерди өздөрү эле жасап алышпайт да, – деп сөзүн улантты Федорович, – өздөрүнүн долларларын биздин колубузга кармата койгонго шашып жатышат.

– Мен бул сурооңузга жооп бере албайт экенмин,– деп акырын жооп узатымыш болду Владимиров.

– А мен так ушул суроого жооп уккум келип жатат, – деп какшыктап сөзүн улантты Александр Федорович,– анан башын Николая Петрович турган жакка буруп, сурай кетти:

– А сиз даяр болдуңузбу? Мен дагы эле сиздин оюңузду уккум келип жатат, Николай Петрович, менин сөздөрүмө жакшылап маани бериңиз, мен сиздин ой-божомолдоруңузду уккум келбейт, мага так тыянак чечимиңиз керек.

Николай Петрович ооздорун желге толтуруп, эриндерин бекем кымтып ойлонуп олтурду, а манжалары менен жыгач калемди тынбай айлантып жатты. Бир-эки мүнөт ушинтип олтургандан кийин, көкүрөгүндөгү абаны катуу үйлөп чыгарып ийип, жооп бере баштады:

– Менин оюмча бизден кандайдыр-бир реактордун, же энергиянын таптакыр жаңы булагынын корпусун даярдап берүүнү сурап жатышат, ал эми майда-барат тетиктер, реактордун ичиндеги процесстердин жүрүшүн башкаруучу тосмонун же шлюздун ишин аткарат. Реактор өтө майда элементардык бөлүкчөлөрдүн ажыроосунан пайда болгон энергиянын негизинде иштейт. Иштөө принциби атом реакторлоруна окшош деп айтса болот, бирок колдонулуучу бөлүкчөлөрдүн чоңдугу атомдон бир топ кичине.

– Ушул үчүн болсо да сизге чоң рахмат,– деди Александр Федорович олуттуу түр менен, – сиз акыры бул түзүлүштүн түбүнө жетип, эмне экенин билип келесиз деп ишенем. Азыр болсо мен бул «троян атын» биздин колтугубузга ким тыгып жатканын билгим келет.

– Кантип эле америкалыктар болсун, алардын технологиялары биздикинен кем эмес. Европалыктар менен биз жакшы эле кызматташтык кылабыз, алар биздин далыбызга жашынып алып, жашыруун иштерди жасашат деп ойлобойм,– деп шеф өзү менен өзү сүйлөшүп жатты, бирок анын монологун олтургандардын баары угуп жатты.

– Мырзалар, эмне кылыш керек деп ойлойсуңар? – деп ал кабинеттегилердин баарына кайрыла кетти.

Узун жана кызуу талкуу башталды. Ар түрдүү варианттардагы иш-аракеттер сунушталып жатты. Жарым саатан кийин төмөнкүдөй чечимге келишти, клиенттин заказы тез арада жасалып бүтөт. Даяр болгон заказды көрүп-баалап, эгер даярдалган нерсе анын көңүлүнө төп келбей калса маселени ордунда талкуулоо шылтоосу менен клиентти Роскосмоско келип кетүүгө чакырышат. Ошентип, клиент менен жакындан таанышууга жана ага тиешелүү суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк табылат.

– Леночка, сенден сураныч, Спейс Текнолоджидеги айымга кат жазып жибериңиз, катта заказды кабыл алуу үчүн Сиздин келишиңиз абдан зарыл деп көрсөт, муну биздин компаниянын иш алып баруу саясаты жана заказдын конфиденциалдуулугу менен түшүндүрүңүз, – деп жардамчысына тапшырма бере кетти директор, андан кийин калган адамдарга кайрылып:

– Азыр болсо баарыңар бошсуңар, эртең ушул маалда чогулабыз, – деп жарыялады.

Владимиров жыйналыштан терең ойго батып чыкты. Мына ал ак этип күткөн учур келди окшойт, мындай ыңгайлуу жагдай ар дайым эле боло бербес. Ал көптөн бери АКШга көчүп кетүүнү каалап келген, бирок барган жерде сиңишип, жашап кетерине көзү жетпей жаткан. Анын бул каалоосу бара-бара параноиддик идеяга айланып, кыялдарында ал качантан бери эле Флоридада, Канаверал тумшугунда жашап келет болчу, а иштеген жери болсо – НАСА. Анын таттуу кыялдарын кооз кымбат үйлөр, кымбат спорттук машиналар ээлеп алган. Бара-бара курчап турган реалдуулук: иштеген жумушу, шаар, кошуналары, коомдогу мамилелер анын кыжырын келтире баштады. Балалык кезинде ал космос тармагындагы чоң ийгиликтерди жасаган белгилүү конструктор болууну самачу, бирок чыныгы турмуш ал ойлогондой болуп чыкпады. Адилеттүүлүк үчүн айта кетчү нерсе – башкалар кыялдана турган нерселердин көбү анын колунда бар болчу: Москва шаарындагы өзүнчө квартирасы, машинасы, дачасы, түзүк маянасы бар жумушу. Бирок, мунун баары ал үчүн жетишсиз эле. Батышта ушул эле жумуш үчүн көбүрөөк акча төлөшөт, ал жердеги адистер эч нерсе жөнүндө башын оорутуп олтурбай, жыргап жашашат экен.

Эки жолу ал АКШга жогорку квалификациялуу адистерди тартуу программасы боюнча кетип калууга аракеттенип көрдү, бирок маектешүүдөн ары өтө албай койду. Ал бир нерсени түшүнбөй жатты, эмне үчүн ал – Россиянын космос тармагындагы алдыңкы конструкторлордун бири Батышка керексиз болуп чыкты. Америка Кошмо Штаттары жүздөп, миңдеп IT– адистерин, биологдорду, химиктерди, физиктерди кабыл алат, а эми ал болсо, тигилерден бир топ жогору турса да, керексиз экен. Анын себебин Владимиров, кийинчерээк, ага атайын вербовщик байланышка чыкканда, түшүндү.

Владимиров ошол учурда Мальдив аралдарында үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн.

Кичинекей аралчада үч гана бунгало бар экен. Биринчи бунгалодо Владимировдордун үй-бүлөсү жайгашты, экинчисин кайсы-бир жаңы бай орус – бизнесмен менен анын ойношу ээледи. Учүнчүсүндө америкалык үй-бүлө жашап жатты. Кийинчерээк белгилүү болгондой, бул үй-бүлөнүн «мүчөлөрү» эс алуу менен ишти бирге алып жургон ЦРУнун кызматкерлери болуп чыкты. Владимиров америкалык үй-бүлөнүн атасы менен тез эле дос болуп калды, бирге балык армап, бирге сууда сүзүшчү, бирге аралды кыдырып изилдеп чыгышты. Владимиров англис тилинде суудай сүйлөгөндүктөн алардын маектешуусу үчүн эч кандай кыйынчылык жок эле. Мына ошентип, сөз артынан сөз уланып жатып, алар бири бири жөнүндө көп нерсе билип алышты. Тагыраагы, америкалык ал жөнүндө ага чейин эле көп нерсени билчү, эми болсо Владимиров тигинин ойлоп чыгарылган өмүр баянынан көп нерсе билип алды. Америкалык Сейшель аралдарында бир жылдан кийин кайрадан чогуу эс алууну сунуш кылды.

Мына ошондо америкалык өзүнүн ким экендигин ачыкка чыгарды. Ал Владимиров АКШ үчүн Россияда керектүүрөк экендигин айтып кетип, анын миссиясын жана милдеттерин майдалап түшүндүрдү. Эгер кызматташуу ийгиликтүү ишке ашкан учурда татыктуу акчалай сыйлыкты жана иммиграциялык виза маселесин чечүүдө жардам берүүнү убада кылды.

Владимиров алгач өзүнүн наркын көтөрөйүн деп чечтиби, же аны тез жана оңой эле сатып алуу мүмкүн эместигин көрсөткүсү келдиби, сылык түр менен бул сунушка макул эместигин билдирди.

Анын бул сөзүнө америкалык, ал – Владимиров өзүнүн өмүрүндөгү эң чоң катасын жасап коюушу мүмкүндүгүн айтты, сөз арасында ал капыс түр менен экөөнүн мурдагы маектешкен сөздөрүнүн диктофон жазылмаларын уктуруп жатты. Ал жазылмаларда Владимиров өзүнүн өлкөсүндөгү саясий система, башкаруучу элита, өзүнүн жумуш жана башка нерселер жөнүндө наалып айткан сөздөр бар эле.

– Паскеч иттер,– деп ичинен сөгүнүп жатты Владимиров,– эми аны сөздөрүнүн үн жазылмалары менен коркута беришет, булардан башка дагы эмнени күтүш керек эле.

– А кайран жигит, капканга гана түшүп бердиң,– деп ойлоп жатты ал,– эгер айтканына көнбөсөм, америкалыктар жакшылап монтаждап туруп, ФСБга салып бериши мүмкүн, андай болсо ишиң менен да, карьераң менен да коштошуп коё бер.

Андан бери коп жыл өтүп кетти, Владимиров өзүнүн кыяматтын кыл көпүрөсүндө тургандай кылт этме абалына көнүп да калды. Мезгил өтүп жатат, чет өлкөлүк банктагы анын валюталык эсебинде бир топ акча топтолуп калды. Негизгиси бир деме болсо Россиядан убагында куйрук түйүп чыгып кетиш керек, чет өлкөдө эми ал кор болбойт. Бирок, анын океандын ары жагындагы босстору көбүрөөк нерселерди талап кылып жатышты. Тагыраак айтканда, Владимиров аларды Россиянын космос тармагында пайда болуп жаткан бардык жаңы техгологиялар жөнүндө маалымат менен тынбай камсыз кылып турушу керек болчу. Болгондо да АКШда жок нерселерди каалашчу. А мындай нерселер көптөн бери болгон да эмес.

Мына азыр ыңгайлуу жагдай түзүлүп жатат. Владимиров убакытты текке кетирген жок, ал агент менен байланышка чыгып, аны менен шаардагы парктардын биринде жолугушуп, билген нерсесин төкпөй-чачпай бүт айтып берди. Агенттен ал ЦРУнун бул табышмактуу сунушка эч кандай тиешеси жок экендигин билди.

Актан менен Татына Роскосмостун даяр болгон буюртманы кабыл алуу үчүн келип кетүүсүн суранган катын алгандан кийин Москвага барууга камына башташты. Бардык керектүү документтер даярдалып, авиабилеттер сатып алынып, Москвадан мейманкана брондолуп бүткөндөн кийин алар уча турган күндү гана күтүп калышты.

Диктор Москвага учуучу SU 181 рейсине багажды тапшыруу жана билеттерди каттоо башталганын жарыялады. Актан Татынаны алдыга өткөрүп жиберип, өзү да документтерин даярдай баштады. Ал акыркы мүнөткө чейин чек арачылар текшерген учурда Татынанын паспортунун чыныгы эместиги билинип калат деп кооптонуп жатты. Бирок, таң калычтуусу, Татына паспорттук текшерүүдөн токтоосуз эле өтүп, чек арачынын айнек будкасынын артынан, Актанга жылмайып карап турду.

Владимиров ФСБда иштеген өзүнүн тааныш генералына телефон чалып, келип түшкөн заказ менен байланыштуу абалды түшүндүрүп кирди.

– Мен Сизди абдан жакшы түшүндүм, бирок бир нерсени мага айтыңызчы, Сиз мага кандай ролду бөлүштүрүп койдуңуз?– деп какшыктай сөз узатты генерал.

– Мен Сиз өзүңүз бул абалдын стандарттуу эместигин түшүнүп, демилгени өз колуңузга алат деп үмүттөнөм,– деп абайлап сөзүн улады Владимиров.

– Сиз тагыраак айтыңыз, – деп өзүнүн солдафон стилинде так кесе сүйлөдү генерал,– клиент Роскосмоско кайрылып жатса, бул таза коммерциялык иш болсо, сиз мага клиенттин ишинен бир мандем издейинби, же Роскосмостон издешим керекпи түшүндүрүп коюңуз.

– Сиз мени өтө кескин чараларга барууга мажбурлап жатасыз,– деп сүйлөп жаткан сөзүнүн жартысында токтоп калды Владимиров.

– Айтыңызчы, мен сизди эмнеге мажбурлап жатамын?

– Келиңиз жолугушалы, ошондо мен баарын түшүндүрүп берем.

Генерал алгач жолугуудан бош эмесмин деп баш тартып жатты, бирок Владимиров, акыр аягында баары бир көндүрө алды.

Владимиров жана анын тааныш генерал-ФСБешниги Москванын парктарынан биринде олтуруп, кызуу сүйлөшүп жатышты, ошентсе да генерал эски адаты боюнча эки жакты күмөнсүрөп карай берди. Бирок шектүү эч нерсе тапкан жок.

– Сиз, Владимиров мырза, менин телефондон сүйлөгөн сөздөрүмө капа болбоңуз, өзүнүз жакшы билесиз да, мен кандай гана болбосун этияттап иш кылганды жакшы көрөм. «Сактанганды Кудай өзү сактайт!» деген сөз бар эмеспи.

– Бул жерде чоң акчанын жыты сезилип турат,– деп сөзүн баштады Владимимров, – биздин милдетибиз – алгач бул финансы агымын башкарууну колго алыш зарыл, андан кийин акча булагын бизге керектүү жакка буруш керек.

– Менден эмне кызмат керек?– деп сурады генерал.

– Абал мындай: Роскосмоско Кыргызстандагы кандайдыр-бир фирмадан бизге белгисиз болгон жабдуунун корпусун жана тетиктерин жасап берүүгө буюртма келди. Суралган сумма көп болсо да, заказ үчүн акча дароо эле төлөндү. Андан мурунураак корпусту жана тетиктерди даярдоо үчүн керектүү материал жөнөтүлгөн болчу. Жөнөтүлгөн материалды жана чиймелерди карап көрүп, биздин адистер төмөнкүдөй божомолго келишти – бул автономдуу реактордун таптакыр жаңы тиби болушу мүмкүн. Директор заказ берген адамды көрүү үчүн буюртманы кабыл алууну шылтоолоп клиенттин өзүнүн келүүсүн суранды. Кыязы аны орустардан ким алдыга өтүп кеткендигин билүү кызыктырат ко? Же балким ал заказчикке мындан ары да кызматташууну сунуш кылаар. Буюртманын ээси бүгүн-эртең учуп келет. Сизден эмне керек – кандайдыр-бир себеп менен буюртманы кабыл алуу-өткөрүүнү создуктуруу зарыл, бул мага буюртма менен толугураак таанышып, көбүрөөк нерсе билүүгө мүмкүндүк түзөт. Реактордун иштөө принцибин толук билип алсак абдан жакшы болмок, бирок ал үчүн буюртма жасаган адамды биз менен сыр бөлүшүүгө көндүрүш керек. Мындай маалымат үчүн бизге океандын ары тарабында чоң акчаларды төлөй турган адамдар бар.

– Мен керектүү адамдарды ишке тартып, шпионаж тууралуу ишти козгой аламын, прокуратураны, басма сөз өкүлдөрүн аралаштырып ызы-чуу көтөрүп салса болот. Бул ызы-чуу акырындап басылганча, сиз жетиштүү убакытка ээ болосуз. Гезит-журналдар бул ишке өздөрү эле бокко жабышкан чымындай учуп келишет. Мен азыр Кыргызстандагы коллегаларым менен байланышып көрүп, бул табышмактуу «Х-айым» жөнүндө маалыматтарды сурап билейин.

– Мен ар дайым Сиздин иш-билги адам экенинизди билчүмүн,– деп кошоматтана сүйлөдү Владимиров, – биз али дагы менин Флоридагы вилламда, же балким Калифорниядагы же Техастагы сиздин үйүңүздө Вдова Кликонун* көптөгөн бөтөлкөлөрүн бирге ичебиз деп үмүттөнөм.

– Куда кааласа, Куда кааласа!– деп кыркырап күлүп калды генерал, – эмесе эртең көрүшкөнчө.

Актан менене Татына Аэрофлот компаниясынын лайнеринин бортунда учуп баратышты. Стюардессалар жүргүнчүлөргө тамак-аш менен суусундук таратып болгондон соң, адамдардын көпчүлүгү бул төрт сааттык учууну уктап өткөрүүнү чечишти, алар мындан жакшыраак убакыт өткөрүү жолун таба алышкан жок. Актан алардын катарына кирбегендиктен, самолеттун бортундагы журнал менен алектенге аракет кылып көрдү. Тунистин курорттук жайлары жөнүндөгү кызыктуу макаланы ал тез эле окуп бүттү, калган макалалар россиянын эстрада жылдыздарынын жашоосу тууралуу болуп, ага кызыксыз көрүндү. Анын үстүнө журналдын жарымынан көбүн, самолеттун бортунда сатылуучу duty-free продукцияларынын рекламасы ээлептир.

Журналды жаап, ал жанындагы орундукта мемиреп уктап жаткан кызды карап калды. Татына ага канчалык деңгээлде жагаарын сөз менен айтып болбос. Татынанын тиктеп коюшунан эле Актандын жүрөгү тездеп сого баштап, көкүрөгүнүн астында көңүл магдыраткан сезимдер ойгонуп, күчөй баштачу.

Азыр да кыздын узун кирпиктеринин билинер-билинбес титирегенин, бетине түшүп калган чачтарынын анын деминен термелип жатканын, кыздын уйкусурап татынакай эриндерин кыймылдатып жатканын көрүп туруп, анын жүрөгүндө таттуу сезим толкуп чыкты, ал сезим Актанды уктап жаткан кызды жыттап, кучактап-өп деп азгырып жатты.Бирок, Актан ага батынып бара албады.

Татына, балким, анын өзүнө болгон сезимдери жөнүндө билип эле тургандыр. Балким ошол себептуу ал Актанды өзү менен бирге Москвага баруудан баш тарттырууга жана жалпысынан эле бул кооптуу иштерге аралаштырбоого аябай аракет кылды. Паспорт колуна тийип, ал банктар жана фирманы кантип каттоо тууралуу түшүнүк алгандан кийин эле мындан ары Актандын бул иштерге катышуу зарылдыгы жок болуп калды. Ошондуктан Татына Актанга чоң ыраазычылык билдирип, Ысык-Көлгө кайтып кетүүсүн суранды.

Бирок, Актан буга макул болгон жок. Ага Татына менен минтип эрте эле коштошуу жөүндөгү ойдун өзү эле жага бербеди. Эя-Татына менен коштошуудан кийин күтүп турган жагымсыз окуялар да аны жолдон кайтара алган жок. Эмне болсо, ошол болсун, ал эми азырынча ал өзүнүн кыялындагы кызы– Татына менен мейли он күн, мейли бир күн, мейли бир көз ирмем болсо да бирге болот, бир мүнөт, бирок сүйүктүү кызы менен. Кудай минтип өзүнүн сүйүктүү аял заты менен бирге болуу мүмкүнчүлүгүн бардык эле пенделерине бере бербейт да. Көптөгөн кылымдар бою, адамзат ушул кыялдарын көздөй татаал жолду басып келет. Гладиатор өзүн аёосуз жазалар, атүгүл өлүм жазасы күтүп турганын билип туруп, кулчулуктан качып чыгып, кыялындагы аялзатын көздөй качып жөнөгөн. Орто кылымдарда сүйүшкөн эки жаш элден бөлүнүп көпкө жашай албасын жакшы билип турса да, уруу аксакалдарынын чечимдерин моюнга албай, биртике болсо да бирге өмүр сүрүү үчүн журт таштап, алыс качып кетишкен. Ал эмне, өзүнүн сүйүктүү кызынан баш тартышы керек бекен? Жок, эч качан! Эмне болсо ошол болсун. Ал бүгүнкү күн менен гана жашоону чечти. Эртенки күн жок нерсе, ал алыста гана мунарыктап бир көрүнүп бир көрүнбөгөн закым.

Татына орундуктун арткы сүйөнгүчүнө башын жөлөп уктап жатты. Туурасы, ал уктамыш түр көрсөтүп жатты, а чынында, Актандын мээсинде пайда болуп жаткан ойлорун окуп жатты.

Адамдар бир укмуштуу макулуктар экен. Аларды түшүнүү өтө кыйын, көбүнчө аларды акыл-эс эмес, сезимдер башкарып келет, бул аларга жагат, ошондуктан алар муну туура деп эсептешет. Мына мисалы Актан, өзүн күтүп турган кыйынчылыктарды билип туруп, өзүнүн сезимдери үчүн гана бардык нерселерге кайыл. Анткени ал Татынаны сүйөт.

Эяга да өзүн адамдардын бири деп, Татына деген кыз деп сезүү абдан жагып калды. Эя өзү каалаган тирүү макулуктун образына толук бойдон кирүүнү, анын жүрүш-турушун так өзүндөй кылып туураганды абдан жакшы өздөштүргөн. Космос саякатчыларын даярдаган мектепте окуткан устаттары анын бул жөндөмүнө жогору баа беришчү. Бирок, Эя Кудайым адамдарга абдан бир назик, таттуу сезимдерди баштан өткөрүү мүмкүнчүлүгүн тартуулаганын элестете да алган эмес. Арийне, азыр ал бул эмне экенин билет, анткени ал бул сезимдерди башынан өткөрө алды. Ошондой эле, Татына өзүнүн жүрөгүнүн түпкүрүндө Актанга байланыштуу сүйүү сезиминин пайда болгонун билет эле. Бул сезимдер Актан ага жардам берип жатканынан улам эмес, ал Татынанын чын жүрөктөн жооп сезими эле.

Кийинки күнү жолугушуу баягы эле жерде болуп өттү. Генерал өзүнүн докладын баштап кирди:

– Кыргызстандын СНБсынын маалыматтары боюнча, өткөн аптага чейин мындай аял киши табиятта болгон эмес. Эки жума мурун ГАИРТинин маалыматтар базасында табышмактуу жол менен бул айымдын досьеси пайда болот, үч күн өтүп-өтпөй ага паспорт берилет. Кийинки жуманын ичинде биздин «Х-айымыбыз» өтө күрдөөлдүү ишмердүүлүктү баштайт – фирманы каттоодон өткөрүп, банкта эсеп ачууга үлгүрөт. Тиги айым ошол иштин баарын бүтүргөнчө, Кыргызстандагы менин «кыйын чыкма» коллегаларым мурдунун астында эмне болуп жатканын билишпеген. Алар тиги айымды менин кайрылуумдан кийин гана билишип, кеч болсо колунан иш келээрин көрсөткүлөрү келдиби – «Х-айымды» камакка алышмак болушат. Бирок, мен ал аялды камаккка алууну күтө турушун алардан сурандым. Албетте, ал аялдын иштеринин баары мыйзамга туура келбейт. Менин оюмча, бул бир чоң аферанын башталышы гана. Биз кичинекей чабакты үркүтпөй туралы, чоңураак балыкты күтүп, торго түшүрүшүбүз керек.

– Мунун баары биздин колубузга өзү түшүп берген коёндой болуп жатат,– деди Владимиров жүзүндөгү кубанычты жашыра албай,– Кыргызстандагы коллегаларыңыздан сураныңыз, алар бул айымды кармоо үчүн расмий өтүнүч менен кайрылышсын, ошондо бизде аны суракка алууга мүмкүндүк болот.

– Урматтуу баш конструктордун орун басары, эсиңизге түйүп коюңуз, ал мүмкүнчүлүк бизде эмес, менде болот, – деп генерал анын сөзүн буза кетти,– Унутпаңыз сиз жөн гана бир катардагы адамсыз.

– Албетте, мен «биз» деп айткан себебим, биз бир максатты алдыга койгонбуз да.

– Мен Бишкекке мурун эле коңгуроо кылып койгонмун, ал эми керектүү өтүнүч эртең колго тиет. Кагаз колго тие берсин, мен анан чындап ишке киришем.

– Реактордун жалпы түзүлүшүнүн схемасын колго алганга аракет кылыңыз,– деп кошумчалады Владимиров, ал биз үчүн абдан маанилүү.

– Мен колумдан келген нерсенин баарын жасаймын. Мен билип турам, ал биз үчүн – Dolce Vita нын ачкычы,– деп жооп берди генерал.

Актан менен Татына Москвадагы Хилтон-Ленинградская мейманканасынан орун алышты. Алар токтошкон алты жүз отузунчу номер, бир топ кенен жана ыңгайлуу экен. Терезеден үч вокзалдын аянты алаканга салгандай көрүнүп турду, алар көпкө чейин аянттагы адамдардын күнүмдүк шайма-шай турмушуна көз салып турушту. Мегаполис өзүнүн мыйзамдары менен жашап жатты – жашоо-турмушун бул оозеки мыйзамдарга өз ыктыяры менен баш ийдирип алышкан жүздөгөн, миңдеген адамдар аянт аркылуу ары-бери шашылып өтүп жатышты. Кимдир-бирөө метрону көздөй шашып бара жатты, дагы бирөөсү шаардын сыртына баруучу электричканы издеп жүрдү. Аянтта шашпай жай-баракат басып жүргөндөр да бар эле, ал эми кээ бирлери казык каккандай ордунан жылбай турду.

Кечки тамакка Актан менен Татына ресторанга түшүштү. Тамактанып жатып Актан алардын үстөлүнөн өтө алыс эмес олтурган чымыр денелүү эки эркекти байкады. Ага тиги жигиттер эмнегедир жага беришпеди, ал эркектер тамак жеш менен алектенген түр көрсөткөн менен, азыр аларды тамак кызыктырган жок болчу. Актан ага далысын салып турган жигиттин эмне кылып жатканын көрө албады, анткени менен карама-каршы олтурган экинчиси РБК-daily гезитин окумуш болуп, гезит артынан байкатпай көз салып турду.

Эянын рецепторлору кооптуу толкундарды сезип жатты. Сигнал бир үстөл арыраак олтурган эки эркектен келип жатты. Эя пенетрацияны колдонуп, алардын мээсин окуй баштады. Алардын каршысында колуна гезит кармап олтурган адам, алардын ар бир кыймылына көз салып, көрүп-билген маалыматтарды кошунасына айтып берип жатты. Аларга артын салып олтурган адам, колуна гезит кармаганынан Актан менен Татына эмне менен алектенип жатышканын сурап, маалыматтарды мээсинде системалап жатты. Эя тиги кишилер анчалык коркунучтуу эместигин түшүндү, азыр алар бар болгону байкап гана олтурушту. Иштин баары эртең башталат.

Игорь Андреевич мейманкананын ресторанындагы үстөлдө олтуруп, алдындагы стейкти жеп аткандай түр жасап жатты.

– Ушунчалык да кымбат болобу,– деп ойлоп жатты ал,– бул акчага биз бардык досторубуз менен паркка барып шашлык бышырып жемекпиз. Балык толтурулган бочкедей болуп адамдын башы батпаган бул ресторанда олтуруп тамак жеген да рахатпы? А тиги, Руслан болсо, оозун жалаяктай кылып ыржайып алыптыр, кыязы, ага бул жер абдан жаккан окшойт. Дөөпөрөс десе, ал голливуддун кинолорун туураганын эч койбоду, мына азыр да детективдерге окшоп, колуна гезит кармап алыптыр. Акмак, мындайларды ким ФСБга ишке алат, билбейм.

Руслан жигит менен кыздын каршысында олтуруп, аларга гезиттин артынан байкоо жүргүзүп жатты.

– Булардын артынан байкоо жүргүзүүнүн кереги да бар беле,– деп ойлонуп жатты ал,– булардан пайдалуу бирдеме деле биле албайсың го. Тиги жигиттин айылдан шаарга биринчи жолу келгени көрүнүп эле турат, бычак менен вилканы түзүктөп да кармай албайт экен. А тиги селкисин кара, кечке Русланды тиктеп, көзүн сүзөт. Дагы сулуусун кантесиң. Мына азыр Руслан көзү менен ымдап кабар берсе, ресторанга ким менен келгенин эсинен чыгарып чуркап келе турган түрү бар. Русландын чакырайын деген эле ниети бар, бирок кызмат деген кызмат да.

Тамактан кийин Актан Татынанын өтүнүчү боюнча ага шоколад сатып келүү үчүн жакыныраак жайгашкан киоск издеп жөнөдү. Татына болсо номерге көтөрүлдү, ал бүгүнкү түн алар бирге боло турган жападан жалгыз түн экенин билип турду. Эртең алардын артынан чоң куугунтук башталат, бирок Татына бул кыйынчылыктардын баарынан кутулуп кетишээрин билет эле. Азырынча алардын астында толугу менен түн турду.

Актан эшикти ачып номерге кирди. Кыз керебетте аны күтүп жаткан эле. Жигиттин оозунан сөзү түшүп калды, жүзүнө кан тээп, эки бети кызарып чыкты.

Татына унчукпастан анын көздөрүнө карады, бирок Актандын мээсине телепатиялык жол менен анын үнсүз сөздөрү кирип жатты:

– Кел мага! Мага жакын келчи! Менин сүйүктүүм!

– Алтыным менин, – деди жигит,– мен сени сүйөмүн.

– Мен дагы сени сүйөмүн, – деген үнсүз жооп болду.

Алардын денелери бириге түштү, эми Татына адам болуу деген эмне экенин, аял болуу деген, жон эле аял эмес сүйүктүү аял болуу деген эмне экенин түшүндү. Ал адамдырдын алсыз жагы эмнеде экенин, жана адамдардын бул алсыздыгы аларды кантип күчтүү кылаарын билди. Ал адамдарды бул жашоодо эмне астыга жетелеп келээрин жана жаңы жашоо кантип башталаарын туюп сезди. Ал адамдар эмне үчүн өздөрүнүн сезимдерин бүт нерседен жогору коёрун түшүндү. Ал Өлүм Сүйүүнү жеңе алаарын, бирок Сүйүү ар дайым Өлүмдон күчтүү келээрин билди.

Эртеси күнү Актан мейманканада калып, Татына Роскосмостун директоруна жолугушуу үчүн агенттиктин кеңсесине жөнөдү. Актан канчалык аны менен бирге барууну каалабасын, Татына аны мейманканада күтүп олтур деп көндүрдү.  

Александр Федорович аны менен жолугушууга жөнөкөй бир кыз кирип келгенде абдан таң калды. Ал келе турган айымды Анджолина Джоли менен окшоштурган болчу, чачтары жылмакай таралган, кинодогудай чып жармашкан кийим кийген, көкүрөктөрү чоң жана тыкылдап так кадам коюп баскан бийкечти күткөн.

– Голливуд биздин мээбизди бурмалап, үтүктөп салган,– деп ойлоп жатты ал, кадимки кызматкердин костюмун кийген кызды карап туруп, – кадимки эле кыз экен, бирок, эмнегедир бир нерсеси башкача болуп турат.

Жолугушуга инновациялык технологиялар бөлүмүнүн жетекчиси – Николай Петрович да келген болчу. Ал бир чоң жана кичинерээк эки коробканы ачып, реактордун даяр корпусун жана тетиктерин кызга көрсөттү.

– Карап көрүп иштин сапатына баа бериңиз, эгер купулуңузга толбосо тартынбай айтыңыз, биз билели,– деди ал кызга санарип технологиясы менен иштөөчү штангенциркулду сунуп жатып.

Татына анын сунулган колун байкабай калды. Эянын мээ процессору реактордун жаңы жасалган корпусунун узун-туурасын жана башка аки-чүкүсүн өлчөө менен алек болчу. Ал көздөрүнөн адамдарга көрүнбөс нурларды чыгарып, ал нурлардын жардамы менен корпустун бетинде дефекти бар же жок экенин, анын ичин, бүктөлгөн жериндеги бурчтарын бир дагы миллиметрин калтырбай текшерип жатты. Арийне, корпус абдан жакшы жасалыптыр, ички тетиктерге да ошондой эле баа берсе болот эле.

Баарынан кызыгы, өзү алдын-ала күткөндөгүдөй, Эя бул адамдардан эч бир коркунучту сезбей жатты. Бул кишилердин мээсин сканерлөө, алардын жөнөкөй бир окумуштуу адамдар экенин көрсөттү, аларда азыр жөнөкөй илимий кызыгуу гана болуп, башка эч кандай жаман ой жок болчу. Эя азыр алардын ички дүйнөсүндө кандай суроолор туулуп жатканын туюп-билип турду –Алар үчүн белгисиз бул энергия булагы кантип иштейт? Реактордун калган бөлүктөрү кандай болду экен? Ал кандай принцип менен иштейт? Жердеги технологиялардын жардамы менен мындай реакторду жасап алса болобу? Заказ чынында каяктан келди? Бул кыз кимдин буйруктарын аткарып жүрөт?

Кичине тыным болуп калды. Александр Федорович менен Николай Петрович үн катпастан, реактордун корпусун колуна алып карап жаткан кызды тиктеп олтуруп калышты. Корпус үчүн колдонулган металл биринчиден өтө бышык, экинчиден өтө жеңил болгондуктан кыз аны оңой эле колуна көтөрө алды.

Эшиктин артынан тез баскан кадамдардын үнү угулуп, андан кийин эшик шарт ачылып, бөлмөгө Владимиров баштаган бир нече чымыр денелүү адамдар кирип келишти.

– Кечириңиз, сиздин мындай күтүүсүз визитиңиздин себебин билсем болобу?– деп сурады Александр Федорович нааразы түр менен.

Анын суроосуна жооп иретинде кара костюмчан киши төш чөнтөгүнөн кызыл мукабалуу күбөлүктү алып чыкты да, Александра Федоровичтин бетине такай кармай, ар бир сөзүн так дааналап айта баштады:

– Россия Федерациясынын Федералдык Коопсуздук кызматы. Генерал Максимов.

Андан кийин Татына жакка бурулуп, мындай деди:

– Кумарова Татына Жакшылыковна, Кыргыз Республикасынын атынан сизге мамлекеттик документтерди жасалма жол менен жасоо, финансылык алдамчылык жана жалган ишкерлик жүргүзүү боюнча айып тагылды. Мен Россия Федерациясынын атынан сизди чет өлкөлөрдүн пайдасына шпиондук кылат деп айыптаймын.

Кыска паузадан кийин ал сөзүн улады:

– Сиздин сүйлөөгө же сүйлөбөөгө укугуңуз бар, сиздин ар бир сүйлөгөн сөзүнүз сотто сизге каршы пайдаланылышы мүмкүн, сиз адвокатка укугуңуз бар, эгер сиздин адвокат жалдоого мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, Россия Федерациясы сизге адвокатты өзүнүн эсебинен таап берет. Дагы сиздин бир жолу телефон чалууга укугуңуз бар.

Эч ким үн катпай, жымжырт болуп калды.

Жымжырттыкты генерал Максимов кайрадан өзү бузду:

– Үн катпагандан кийин, мен демек сиз өзүңүздүн укуктарыңыздан пайдалангыңыз келбеди деп түшүнөмүн.

Анан өзүнүн кызматкерлерине кайрылып, мындай деп айтты:

– Урматтуу офицерлер, айым Кумарованын колдоруна кишен тагып койгула. Менин бул айымга бере турган көп суроолорум бар. Силерден сураныч, аны ФСБнын убактылуу кармоочу жайына жакшынакай кылып жеткирип койгула.

Эя коркунуч кимден келип жатканын, ал канчалык деңгээлде экенин туюп-билип, түзүлгөн абалдан адамдарга зыян келтирбей чыгып кетүү жолдорун ойлоп тапкыча, жакыныраак турган эки эркек анын колдоруна кишен салууга үлгүрүп калышты.

Эя бөлмөдө турган адамдардын мээсине агрессивдүү чабуулга өттү. Анын мээ процессору адамдардын синапстарына кирип, алардан нурданып жаткан толкундарды кармап, аларды өзгөртүп мээлерине кайра кайтарып жатты.

Кабинеттеги адамдар эсине баары бир учурда келишти. Генерал Максимов аны маңыроо түр менен тиктеп турган кызматкерлерин көрүп, алардын абалы аныкынан түзүк эмес экенин түшүндү. Кыз кабинетте жок болуп чыкты. Бир аз мурунураак кыздын колуна тагылган кишендер, кандайдыр укмуш менен генералдын колуна өтүп калыптыр. Эми болсо анын кызматкерлери анын колундагы кишендерге аңырая тиктеп турушкан болчу, алардын эч кими генералга жакын келип, анын колдорун бошотууга даай албай жатты. Максимов дубалдагы саатты карады, алар бул кабинетке киргенине жарым сааттан өтүптүр, ал болсо мынча убакыт бою эмне кылганын билбей жатты. Чынын айтыш керек, мындай абалда жалгыз гана ал эмес эле.

Генерал тез эле өзүнө келди, телефон аппаратына келип, керектүү номерди терди да, жооп алгандан кийин, буйрук бере баштады:

– Хилтон мейманканасына адамдарды жөнөт, көбүрөөк жөнөт. Бардык кызматтарга бул адамдар жөнүндө ориентировка жөнөт. Аэропортторду, вокзалдарды тосушсун. Мен бул бийкечке ким менен тамалашканды көрсөтүп коёюн.

Андан кийин кызматкерлерине бурулуп мындай деп кыйкырды:

– Кимдир-бирөөңөр менин колумду бошотууга жарайсыңарбы?

Бошогондон кийин ал директордун орундугуна олтуруп алып, кызматкерлерине көрсөтмө бере баштады:

– Володя, бул имараттагы бардык видеокамералардын жазмаларын көчүрүп чык. А сен болсо Серега, коңшу имараттардын видеокамераларын карап чыгып, ал кыз кайсы тарапка кеткенин аныкта. Мишка машинеңди алып кел, анан менин жардамчыма айтып кой, саат үчкө Коопсуздук Кеңешин чогултсун.

Анан ордунда кыймылдабай турушкан Александр Федорович, Николай Петрович жана Владимировду карап, менменсине мындай деди:

– Иш мен билген, бирок күтпөгөн коркунучтуу нукка бурулду. Силер айткан энергиянын жаңы булагы, кадимки эле бомба деп ойлоймун, болгондо өтө коркунучтуу күчкө ээ бомба. Азыр болсо тиги диверсантка ал бомбаны кайсы-бир жерде жыйнап жатат. Биздин убактыбыз өтө тар. Бардык күч органдарын чогултуп аларды издөөгө салып тез убакытта кармаш керек, антпесе биздин баарыбыздын күнүбүз бүтөт, силер мени түшүнүп жатасыңарбы?

Анын сөздөрүн спутник телефонунун шыңгырагы бузду. Генерал трубканы алып, жооп бере баштады:

– Сен аларды мейманканадан көрүшүптүр дейсиңби? Анан эмне аларды кармабайсыңар? Адамдардын баарын ишке сал, керек болсо жардам чакыр. Мен бир аздан соң барып калам.

Мобилдүү командалык пункт деп аталган автобустун салонунда Россиянын күч структураларынын жооптуу жетекчилери топтолуптур. Генерал Максимов бул жерге келгендердин баарын иштин чоо-жайы менен тааныштырды, ал азыркы ФСБ менен МВДнын биргелешкен операциясынын негизги максаты болгон айымга толук мүнөздөмө берип кетти. Генерал Роскосмостун имаратында болгон окуяларды кооздоп айтып берди эле, анын коллегалары жапырт күлүп калышты, бирок анын тамашага табити чаппай турганын көрүшүп заматта токтоп калышты.

Кимдир-бирөө алыс аралыктан атуучу электрошок куралын колдонууну сунуштады, МВДнын генералы өзү таптап даярдаган мыкты көзгө атарлардын кызматын сунуш кылды. ФСБнын кызматында турган экстрасенс адамдарды пайдалануу жагын карап чыгышты. Инфра үн замбирегин, психотроптук нурданткычты колдонсо болот дешти. Акыры аягында, ФСБнын колдонуусунда жакында эле пайда болгон аралыктан атуучу электрошок куралын пайдаланууну чечишти. Операциянын башкаруучусу кылып генерал Максимовду дайындашты, анткени анын кызматтык жактан алганда да, жеке мүнөздөгү да кызыкчылыгы бар деп ойлошту.

Хилтон мейманканасынын күнүмдүк турмушу бир мүнөттө бузулду. Мейманкананын далиси, ар кабаттагы кире бериш бөлүмдөрү кара костюмчан кишилерге толуп кетти. Негизги жана арткы эшиктердин ооздоруна эки взвод спецназды автобустарга салып келип, токтотуп коюшту. Өрт учурунда пайдалануучу бардык эшиктер жана кошумча жолдор жабылып, негизги эшик күчөтүлгөн текшерүүгө коюлду. Бул тосмолордон бир дагы адам, атүгүл чычкан дагы өтө албастай сезилип калды.

Эя аны куугунтукка алгандар мейманкага келип калганын сезип турду, алардын саны бара-бара көбөйө берди. Бирок байкуш адамдар алар мындай жакын аралыкта Эянын массалык гипноз чабуулунан качып кутула албасын билишпеди. Эя болсо мейманкананын имаратынын ичиндеги жана андан бир чакырым аралыктагы бардык тирүү жандыктардын мээсине кирип, миңдеген мээлер иштеп чыгарып жаткан маалыматтарды кармап, иштетип, алардын кимисинин душмандык ою бар, а кимиси коркунучсуз экенин талдап жатты.

Татына Актанды шаштырып жатты, анын себеби бар эле. Актан терезеден өз көзү менен мейманкананын астына бир нече жеңил машине келип токтогонун, алардан олуттуу түрү бар чымыр денелүү адамдардын түшкөнүн карап турду. Андан кийин ичи солдаттарга толгон автобусту айдап келишип, мейманкананы бүт курчап алышты. Ылдый фронт-дескке түшүп, расмий түрдө мейманкандан чыгып кетуу мүмкүн эмес эле. Эң керектүү нерселерди жана реактордун корпусу менен тетиктери салынган коробкаларды гана алып эч кимге байкалбай чыгып кетиш керек.

Татына Актанга Роскосмостун имаратында болгон окуяларды айтып бергенден кийин жигит алардын абалы өтө оор экенин билди. Кандай болгодо да ал шпиондук кылды деген айыпты күткөн эмес. Азыр болсо, терезеден топтолгон спецназды көрүп туруп, ал аларды колго түшүрүү үчүн бир топ күчтөр жумшалганын түшүндү. Мындай ойлордон анын денеси калтырап кетти, а балким бир аскер сөрөйдүн нервдери чыдабай атууга буйрук берип салар. Ал, албетте, кандайдыр бир деңгээлде өзүнүн жана жакшы көргөн кызынын өмүрү үчүн коркуп жатты, бирок анын чындап корккону – жок жерден тагдырдын айынан мейманканага кандайдыр-бир себеп менен келип калган күнөөсүз адамдар арасында курмандыктын болушу эле. Ал бул куугунтуктан кантип кутулуунун ар түрдүү варианттарын ойлоп жатты, аларды талдап чыгып, акыр аягында алардын бири да ийгиликтүү болоруна ишенбеди. Бирок, Татынанын өзүн ишенимдүү кармап жүргөнүн көрүп, тынчызданбай калды.

Татына Актандын каршысында туруп алып, анын эмне жөнүндө ойлоп жатканын мээсинен окуп жатты. Ал жигитке космос агенттигинин имаратынан кантип кутулуп чыккандыгын айткан эмес эле, айтканга убактысы да болбоду. Азыр Актандын түзүлгөн абалга тынчсызданып жатканын көрүп, анын мээсине кирип, тынчтанууга буйрук берди.

Жарым саат күткөндөн кийин, кара костюмчан кишилер генерал Максимовдун буйругун угуп, жандана түшүп ишке киришишти. Кызматкерлердин чоң тобу алыс аралыкка атуучу электрошокерлерин асынып алышып алтынчы кабатка көтөрүлүштү да 630-чу номер жайгашкан тарыхый зонага багыт алышты. Аскерлердин бир тобу мейманкананын кире беришин ээлеп, лифттен чыга бериш жолдорду көзөмөлгө алышты.

Алдыда бара жаткан, кара костюмчан киши, бул взводдун командири эле, буйрук бергенден соң, жоокерлердин бири мастер-ачкыч* менен эшикти ача салды. Аңырая ачылган эшиктен жоокерлер куралдарын даяр кармап биринин артынан бири номерге тез кире салышты. Алгач залды, анан жумушчу кабинетти, акырында уктоочу бөлмө менен жуунучу бөлмөлөрдү тинтип чыгышты. Бөлмөдө эч ким жок болчу. Командир парданы ачып терезелерди текшере баштады, калган жоокерлер анын жасаганын кайталап киришти. Терезелердин баары бек экен. Командир рациясын колго алып, операциянын башкаруучусуна доклад жасады.

Рациядан жооп ордуна генерал Максимовдун жаалдана кырылдаган үнү угулду:

– Мындай болушу мүмкүн эмес. Алар эмне кайып болуп кетишиптирби? Мейманканадан азырынча эч ким чыга элек. Алар мейманканын имаратынын ичинде. Издегиле!

Максимов нервдене баштады, тиги экөө кайсы жакка жоголуп кетишти экен. Бир убакта анын эсине бирдеме кылт дей түштү. Рациядан офицерин чакырып, аны мейманкананын коопсуздук кызматынын монитор бөлмөсүнө жөнөттү.

– Лёха,– деди ал рацияга кыйкыра,– байкоочу камералардын баарынын жазууларын артка өткөрүп көрүп чык, бизге керектуу зоналарды карап көр. Беш мүнөттөн кийин сенин докладыңды күтөм.

Алексей көпкө күттүргөн жок, үч мүнөттөн соң ал генералга доклад берип жатты. Изделип жаткан айым азиат түспөлдүү жигиттин коштоосунда жыйырма мүнөт мурун мейманканадан чыгып кеткен. Алар өздөрү менен бир чоң жана эки кичинерээк коробканы алып чыгып кетишти. Эч ким аларды токтотууга да аракет жасаган эмес.

– Шайтандыкы десе, ал бизди дагы «уктатып» кетти,– деп сөгүнө баштады генерал Максимов, өзүнүн сөзүн сөгүш жанрынын кооз классикалык үлгүлөрү менен коштоп.

Актан Татынанын акыркы көрсөткөн өнөрлөрүнө абдан таң калды. Алар номерден беймарал чыгышып, лифт менен төмөн түшүп, килейген вестибюль аркылуу сыртка чыгып кеткенге чейин, аларды камака алганы келген адамдар, аларды тиктеген бойдон узатып кала беришти. Көчөдө аларды күтүп турган бир взвод солдаттар, алар таксиге олтуруп, мейманканадан узап кеткенген чейин көңүл буруп да коюшкан жок.

Алар мейманканадан чыгып, куугунтуктан бир аз болсо да алыс болууну чечишти. Бир аз ойлонуп, алар кайра артка поезд менен кайтуу туура болоорун чечишти, бул үч күнгө узагыраак болгону менен, бирдеме болсо маневр жасоого мүмкүндүк берет. Аэропорттордун баары катуу текшерүүгө алынып, алардын кире бериштери снайперлердин бутасында турат болуш керек. Ким билет? Балким алардын мылтыктары Татынанын мээсиндеги трансиверден чыккан толкундар жете алган аралыкка караганда дагы алыска ата алар.

Артынан кууган адамдарды чаташтыруу үчүн, Бишкекке авиабилет сатып алып, аларды Павелецк вокзалынан алдын ала электрондук каттоодон өткөрүүнү чечишти. А өздөрү болсо поезд менен кайтышат, аларды билип калбаш үчүн поездге билет алышпайт, Татынанын касиеттерин колдонсо болот да.

Чогулган эксперттердин баары Хилтон мейманканасындагы жана Роскосмостун имаратында орнотулган байкоочу камералардын жазууларын көрүп чыгышты.

– Түшүнүктүү, бул айым адамдардын чоң массаларына гипноз аркылуу таасир эте алат экен. Мен өмүрүмдө мындай адамдарды көп эле жолуктургам,– деди адистердин бири генерал Максимовго кайрылып.

– А биз ага каршы эмне коё алабыз? Кандайдыр бир жолу болуш керек да?– деп суроо узатты генерал.

– Анын гипноздук таасири белгилуу бир аралыкка чейин гана таралат болуш керек, – деп өзүнүн божомолун айтты адистердин дагы бири,– эгер ал аралыкты аныктай алсак, биз үчүн коопсуз зонаны да билип алабыз.

Бир сааттан кийин, бардык болгон маалыматтарды анализдеп чыгып, эксперттер тиги айым адамдарга бир чакырымдан ашып-ашпаган аралыктан гипноздук таасир бере алат деп бүтүм чыгарышты. Мындан келди, мыкты снайпер бул аралыктан аны өлтүрбөй жарадар кылып колго түшүрө алат экен да.

– А балким, бизге аны өлтүргөнгө туура келер, мен дагы эле ал аялды диверсант деп эсептеп, анын колунда террордук актыны ишке ашыруу үчүн даярдалган бомба бар деген версияны карманамын,– деди генерал Максимов, адистердин бүтүмүн угуп болуп.

Ушул маалда ага спутник телефону аркылуу, изделип жаткан адамдар Аэрофлоттун кечки рейсине билет сатып алышып, Павелецк вокзалынан алдын ала электрондук каттоодон өтүп, жүктөрүн тапшырып коюшканын айтышты.

– Ой, ишенбейм! Чындап эле бул кыз самолетто тоскоолсуз учуп кете алам деп ишенеби?– деди генерал өзүнө-өзү суроо узата, бирок анын сөздөрүн жанында тургандардын баары угуп жатты.

– Ошентип, бизди сынап көрүшмөкчү, жооп беребизби!?– деди генерал, анын бул сөздөрүнөн, калган адамдардын оюн сурап жатканы, же алар үчүн өзү жооп берип жатканы түшүнүксүз болду.

Актан менен Татына Москва-Алматы багыты боюнча каттаган «Казахстан» 007Ц поездинде бир суткага жакын жүрүп коюшту. Бул поездге олтуруу жонундо ой аларга акыркы кезекте, Павелецк вокзалында авиабилеттерди каттап болгондон соң, келе калды. Анткени алар ага чейин кайра жолго Казань вокзалынан Кыргызстан темир жолдорунун поезди менен кайтмак болушкан, ал поезд бир сааттан кийин гана жолго аттанмак. Актан Павелецк вокзалынан эле аларга керектүү багытка поезд жөнөп жатканын көрүп, Татынага айтты. А андан ары машине менен Казакстан менен Кыргызстандын чек арасын кесип өтсө болот, же болбосо бир мамлекеттен экинчисине айланма жолдор аркылуу контрабандисттердин жардамы менен өтүп кетсе болот. Чек арага жакын айылдардан мындай адамдарды оңой эле табасың.Мындайлар Казакстан Бажы Союзуна мүчө болуп кирип, Кыргызстан анын сыртында калгандан кийин көбөйүп эле баратышат.

Татына демилгени өз колуна алып, поездде иштеген аял менен тез эле билетсиз керектүү жерге чейин алып барасың деп сүйлөшө калды. Алардын вагонун тейлеген аял кичине соодалашкандан соң, аларды вагонго чыгарып алды. Күн сайын эле минтип жол киренин баасынан эки-үч эсе ашыкча төлөгөнгө даяр дөөпөрөстөр жолуга бербейт да, болгондо да купеге, бул акчага самолет менен жөн эле учуп кетсең болот да.

– Балким булардын документтери туура эместир, же булар криминал менен байланышкан,– деп ойлонуп жатты проводница аял,– нашаа менен соода кылышат болуш керек. Буга окшогондор Кыргызстанда абдан көп, кечээ жакында эле Екатеринбургда үч нашаапурушту кантип кармаганын россия телевидениеси көрсөткөн. Эгер булар бажы кызматкерлерине колго түшүп калышса, анда мурдагы эле станциядан олтурушкан болушчу, ошондуктан билеттерин текшергенге да үлгүрбөдүм деп кутулам. А мындай иш шашылыш кезде көп эле болчу, поезддин начальниги деле көрмөксөн болуп коё турган. Эптеп, ар дайым жарым-жартылай бош жүргөн поездден бир деме кылып тыйын-тыпыр табыш керек да. Анын үстүнө тиги кыз чек арачылар менен прблемаларды өзүм чечем дебедиби? А эгер бирдеме болуп кете турган болсо, тигилерди чек арачылардын колуна өзү салып берет, ал өзүнүн тажрыйбасында ал мындайды бир нече жолу башынан өткөргөн.

Актан менен Татына кучакташкан боюнча тамбурда келе жатышты. Актан дагы бир жарым, көп болсо эки суткадан кийин алар түбөлүккө коштошоор мезгил келерин билип турду. Анын сүйүктүү кызы мурдагы түспөлүнө келип, өзү жашаган Күнчүбак Жоокерлеринин планетасына учуп кетет, ал болсо Жерде калып, таттуу эскерүүлөр менен гана жашай баштайт. Бирок, азыр Актандын бул тууралуу ойлогусу да келбеди. Ал кызды кучактап, чачтарынан сылай баштады. А кыз болсо, жооп ордуна терең улутунуп гана койду.

Поезд Россия менен Казахстандын чек арасына жакындап келе жатты. Тамбурда проводница аял пайда боло калып, эч-бир сезимсиз үн менен аларга:

– Чек арага жакындадык, чоң кыз текшерүүгө даярдыңыз,– деп жарыялап калды

Чек ара кызматынын офицери Петр Сергеевич Иванов, Москвадан Алматыга жол тарткан поезд биротоло токтомоюнча күтүп туруп, андан кийин паспортторду текшерүү үчүн вагонго чыкты. Артынан анын беш солдаты кошо көтөрүлдү, бардыгынын колунда азият түспөлүндөгү эки жаш адамдын сүрөтү түшүрүлгөн жана алардын өзгөчө белгилери жазылган маалымдама кагаз бар болчу. Сүрөттөгү кыз жөнүндө анын өтө коркунучтуу диверсант экени, азыр анын колунда ядролук куралдын жаңы түрү бардыгы жана бул кыздын бүт нерсеге жөндөмдүү экендиги жазылыптыр. Ошондой эле кыз психологиялык жактан таасир этүүнүн ыкмаларын мыкты билээри жана адамдарды массалык түрдө гипнозго түшүрө алаары маалымдалыптыр. Жаш жигит жөнүндө маалымат азыраак экен, ал кызды жандап гана жүргөнү жана анын эч кандай өзгөчө касиеттери байкалбаганы айтылган болчу.

Офицер Иванов текшерүү бүтөйүн деп калганда вагондун акыркы купесинен өзүнө тааныш адамдарды байкап калды. Ал бир азга күмөнсүрөп турду, бир саамдан кийин купеде олтурган жигит менен кыз сүрөттөгү адамдардын так өзү деген күмөнсүз ишенич пайда болду. Ошол учурда солдаттар калган жүргүнчүлөрдүн паспортторун текшерип бүтүп анын жанына басып келип калышты.

Купенин эшиги аңырайып ачык эле. Жакын жайгашкан орундуктагы жаш жигит эшиктин алдына топтолуп калган чек арачыларды таңыркап карап жатты. Анын карама каршысында чек арачы офицерди жылмая тиктеп кыз олтурду. Иванов анын солдаттары да булардын ким экендигин түшүнүшкөндүгүн билди. Ал инструкция талап кылгандай саламдашып, кыздан текшерүү үчүн документтерин алып чыгуусун сурады. Ушул учурда анын көзү кыздын көздөрү менен чагылыша түштү, андан ары эмне болгонун ал эстей албай койду.

Генерал Максимов өзүнүн кабинетинде олтурду. Ал бөлмөнүн узун-туурасын өлчөп жаткансып, бул дубалдан аркы дубалга кадамдап басып жатты. Андан кийин үстөлгө олтура кетти, манжалары менен калемди айлантып кирип, андан соң карандаш менен үстөлдү тыкылдатып ургулай баштады.

Эки күн өтүп кетти, ал эми тиги экөө сууга чөгүп кеткенсип дайынсыз. Ал өзү Домодедово аэропортуна акшыңдап жетип келип, болуп жаткан окуяга алыстан дүрбү салып байкап турду. Анын мобилдик башкаруучу пункту жайгашкан микроавтобуска аэропорттун видеокамераларынан толкундар берилип турду. Бирок, ал кыз менен жигит келишкен жок, ошондо генерал аны жаш баладай алдап кетишкенин түшүндү.

Ал темир жол вокзалдарында орнотулган видекамералардын жазуусун кайрадан карап чыгууга буйрук берди. Павелецк вокзалындагы камералардын биринен, тигилер Аэроэкспресстин стендинен билеттерин каттоодон өткөргөнүн көрүштү. Андан кийин ушул эле жерде алар багажын каттоодон өткөрүп, бирок тапшырбаганы билинди. Андан аркы видеожазуулар алар коробкаларын жүк ташуучуларга тапшырып, өздөрү туалеттер жайгашкан жертөлөгө түшкөнүн көрсөттү. Отуз мүнөттөн кийин башка кийимчен кыз Алматыга жөнөп жаткан поездге келип олтурат, беш мүнөттөн соң башка кийимчен жигит ага келип кошулат. Андан бир аз өтпөй жүк ташуучулар алардын вагонуна коробкаларды алып келип, проводница аялга тапшырышат.

Генерал Максимов алардын Москва-Алматы поездинде экенин билди. Ал оперативдик штабка телефон чалып, Павелецк вокзалындагы видеокамералардын жазууларын ким карап чыккандыгын сурады. Анын кечээ ага туура эмес маалымат берген адамга жини келип жатты, анын айынан генерал тигилерди вокзалда издөөнүн ордуна аэропортко жөнөп кеткен болчу.

– Көк мээлер, жөнөкөй бир ишти жөндөп аткара алышпайт, анан эле бардыгы чоңураак звания сурап, чоң начальник болсом деп эңсешет – деп сөгүнүп алды ал. Генералдын сөздөрү кечээ видеокамералардын жазмаларын карап чыгууга катышкан бардык адамдарга багылган эле.

Ушул учурда ага изделип жаткан адамдарга окшош кыз менен жигит Москва-Алматы поездинен чек арага жакын жерде табылгандыгы жөнүндө кабар жеткиришти. Бирок андан ары генералды жагымсыз кабар күтүп турган эле. Жигит менен кыз чек арадан өтүп кетишиптир. Аларды текшерүүгө алган чек ара офицери эмне болгонун түзүктөп түшүндүрө албаптыр. Анын солдаттары да жигит менен кыз олтурган вагонду текшерүүгө катышышкан, бирок алар деле жөндүү эчтеме айта алышпады.

Генерал Максимов Россиянын күч структураларынын жетекчилерин шашылыш чакырып кезектеги кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге президенттин аппарат жетекчисин да чакырышты, президенттин өкүлү алгач убактысы тартыштыгынан келбей турган болуп жаткан, генерал Максимов иштин эл аралык деңгээлге көтөрүлгөнүн түшүндүргөндөн кийин макулдугун берди.

Владимиров, генерал Максимовдон өзү баштаган иштин татаалданып баратканын укканда, чындап коркуп кетти. Ага керектүү маалыматтарды билген киши менен ага керектүү «жүк» башка мамлекеттин аймагында кетип баратат, ал эми Максимовдун дымаагы эми гана күч алып баратат. Ал муну түшүнбөй койду, мейли мурун генерал пайдасы үчүн чуркап жатсын дейли, а азыр болсо ага бул иштин кандай кызыгы бар? Мына азыр ал бүт күч структураларын топтоп жатат, атүгүл президент менен ОДКБнын өкүлдөрүн да чакырып алыптыр. Ал, балким, тигилерди куугунтуктоону Казакстандын аймагында да уланткысы келээр, бирок бул деген башка мамлекеттин иштерине кийлигишүү деген эмеспи? Болду-болбоду ал өзүнүн иш-аракеттери үчүн расмий уруксаат алгысы келип жатат. Эмне болбоду дебейли, азыр Владимиров балыктан жоош болуп, чээнге кириши керек, алтын куш колдон суурулуп учуп кетти, бул жерде тута турган башка эч нерсе калган жок. Эми ал генерал Максимовдон чоочулай баштады, байкабастан тиги Владимировдун реактор тууралуу маалыматтарды ЦРУга сатуу тууралуу сөз кылганын бирөөлөргө айтып салбаса болду. Иши кылып генерал алардын сөздөрүн жазып жүргөн болбосо болду. Иштердин баары татаалдашып кетти. Азыр ал Россиянын контрчалгындоо уюмуна колго түшсө, ЦРУ аны бул абалдан куткаруу үчүн кандайдыр-бир аракет да жасайт деп ишенбеди. Шайтан алгырдыкы десе, эч кимге ишенип да болбойт!

ФСБнын имаратына алгач ОДКБнын генералдык секретарынын, бир аздан кийин Россиянын президентинин аппарат жетекчисинин кортеждери келип токтоду. Келген жетекчилер аларды коштоп келген адамдары менен директордун кабинети жайгашкан кабатка көтөрүлө башташты. Президенттин өкүлү кирип, өзүнүн ордуна олтургандан кийин ФСБнын директору кеңешмени баштады. Ал абалды кыскача түшүндүрүп кетип, андан кийин сөздү генерал Максимовго берди.

– Иш мен ойлогондой начар жакка оой баштады,– деп сөзүн баштады Максимов,– мен төмөнкүдөй деп боолгоп жатам, биз артынан түшкөн айым батыш өлкөлөрүнүн биринин чалгын кызматы тарабынан даярдалып, атайын окуудан өткөн. Алгач мен ал аялдын максаты Россия Федерациясынын космос агенттигинин имаратында теракт уюштуруу деп ойлогом. Имаратка кириш үчүн ал бул агенттикке россия илимпоздоруна али белгисиз болгон өтө кубаттуу энергия булагынын корпусун жана башка тетиктерин даярдоого заказ берген. Жетишпеген бөлүктөрдү ал өзү менен алып кирүүнү пландаган, биз азыр муну ишке ашыруу үчүн ал айымдын көп кырлуу өнөрлөрү бар экенин билебиз. Бирок, бактыга жараша, ишке ФСБ аралашып, ал өзүнүн оюн ишке ашырганга үлгүрбөдү, же башкача планы болгон. Эки күн бою мен алар Москванын аймагында террористтик акт уюштурушат деп күтүп жаттым, Кудай сактап, азырынча баарыбыз тирүүбүз аларды колго түшүрүү жана жок кылуу боюнча операция дагы эле уланып жатат.

Максимов стакандагы суудан ууртап алып сөзүн улады.

– Жарым саат мурун мага биз издеп жаткан адамдар, Россия менен Казакстандын чек арасын кесип өтүп кетишти деген кабар келди. Мен чек арачыларды күнөөлөп олтурбайм, анткени өзүмдүн тажрыйбамдан ал аялдын адамдарга психологиялык жактан таасир этүүчү феноменалдык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билемин. Менин азыр алардын Байконур космодромун көздөй баратканына толук көзүм жетет. Менин билишим боюнча алар космодромду узак убакытка иштен чыгаруу максаты менен Байконурда жардыруу жасашмакчы. Операция жөнүндө маалыматты Президентке жеткирип, анан Казакстандын жетечилигине чыгып, ал өлкөнүн аймагында диверсиялык топту жок кылуу операциясын улантуу үчүн уруксаат алыш керек. Казакстандын атайын кызматын ишке тартып, операцияга эл аралык даража бериш керек.

Бир сааттан кийин Казакстандын президентинин макулдугу алынып, генерал аскер самолету менен истребителдер эскадрильясынын коштоосунда Байконур космодромун көздөй шашылыш учуп кетти. Жарым сааттан кийин ФСБнын атайын взводун бооруна салып ылдам учуучу жүргүнчү самолету абага көтөрүлдү.

Татына алардын артынан түшкөндөр минтип жөн гана кол куушуруп кала беришине ишенген жок. Ал бул оюн Актанга айтканда, жигит эми алардын артынан Казакстандын атайын кызматтары кубалай баштаарын божомол кылды, андан кийин кезекти Кыргызстандын СНБсы алат деди .

– Азыр биз Казакстандын адам аз жашаган аймактары аркылуу баратабыз, бирок, бир жерде биздин артыбыздан вертолет кууп келе жатат, – деп айтты ал.

Ал жалпысынан туура ой жүгүртүп жаткан, бирок бир нерседен адашып жатты. Вертолеттор аларды кубалап учпай эле, Арал деңизинин тушунан поездди утурлап тосуп алыш үчүн Байконурда учуугу даяр турушту. Бул жерден Татына дагы бир жолу зиректигин көрсөттү. Ал Актанга жолдогу шаарлардын биринен түшүп калып, калган жолду машине менен улантууну сунуш кылды. Актан макул болуп, келерки станцияда поездден түшүп, такси жалдамак болушту. Алдыда Актөбө шаары эле.

Абай өзүнүн микроавтобусунда олтуруп алып, радиодон музыка угуп жаткан. Бир кыз менен жигит анын машинесине келип, терезесин тыкылдатты. Ал үч күндөн бери Алматы тарапка кетүүчү жүргүнчүлөрдү же жүктү күтүп жаткан, кыз менен жигит Абайга Алматы жакка барышы керегин айтканда ал кубанып кетти. Ал кардарларын чочутуп алуудан коркуп соодалашып деле олтурбады, анын үстүнө тигилер эгер Кыргызстандын чек арасына чейин батыраак жеткирсең, үстүнө кошуп төлөйбүз деп коюшпадыбы.

Москва-Алматы поезди Туратамга жакындап калганда асманда вертолеттор пайда болушту. Жүргүнчүлөрдүн көбү коркуп кетишти, вагондон вагонго тир укмуш ушактар тарала баштады. кимдир бирөө баш локомотивди жана алдыңкы эки вагонду ислам экстремисттери басып алышып, бир нече адамды атып салышыптыр деп айтса, экинчиси поезден аябай көп баңги заттары табылып, эми болсо наркокурьерлер куралдуу каршылык көрсөтүп жатышыптыр дейт. Дагы бирөө бул жерде поезддин кызматкерлери да аралашкан деп божомолдоп жатты. А поезддин начальниги болсо ал кезде поездди эмне үчүн токтотушканын билбей башы катып жатты.

Вертолеттор составды курчоого алып, поезддин айланасына коно башташты, алардын экөөсү локомотивден алды жагына конду. Вертолеттордон жоокерлер секирип түшүп, бир сапка тизилип, поездди көздөй жөнөштү. Беш мүнөттөн кийин алдыңкы саптагылар вагондорго жетип, тепкичтер аркылуу жогору көтөрүлүп ичкери кирип кетишти. Экинчи саптагы жоокерлер сыртта калышты.

Жарым сааттан кийин поездди текшерүү аяктады. Он вагондун бирөөсүндө да алар издеген адамдар жок болуп чыкты. Генерал Максимов коллегалары менен бирге ар бир вагонду текшерип жатканын карап турушту. Бул үчүн ар бир группа өзү менен видеокамера алып жүрдү, видеокамеранын сигналдары атайын аппараттын жардамы менен генералдын вертолетундагы мобилдик штабга берилип турду. Максимовдун жини кайнап жатты, анын жини өзүнө эмес, алар издеп жатышкан адамдарга келип жатты. Ал операцияны токтотуп, вертолетторго Байконурга учууга буйрук берди. Космодромго кайтып келгенден кийин, ал шаарда күнү-түнү бою коменданттык саат жарыялап, полигонго кире бериш жолдордо текшерүүнү күчөттү. Анан күтө баштады. Бирок, ал убактысын текке кетирди, үч күн өттү, а эчтеме деле болгон жок.

Актан менен Татына Казакстандын түндүк-батышынан башталып түштүк-чыгышка, Алматы шаарына көздөй кеткен жолдордун бири менен микроавтобуста бара жатышты. Микроавтобустун шоопуру – Абай аттуу жигит, абдан шайыр, кепке уста адам экен, жол бою аларды эриктирген жок, же анекдот айтып берет, же Актан менен, кээде Татына менен тамалаша калат. Кызыксыз окуяларды деле тим эле келиштире айтат дейсиң, угуп эле отура бергиң келет. Анекдоттор менен икаялары түгөнсө, ырдап кирет, а ал жакшы ырдайт экен. Актанды бул нерсе ар дайым кызыктырып келген, ал бир нерсени – же казактардын ырларынын баары жакшы экенин, же казактардын баары жакшы ырчы экенин түшүнө алчу эмес.

Алар Аркалык шаарынан өтүп, андан кийин Балхаш көлүнөн да узап кетишти, жолдо аларды эки жолу гана токтотушту. Аркалык шаарынан чыга бериште аларды токтоткон гаишник машинени бир карап чыгып шоопурдан анын жүргүнчүлөрү ким экендигин сурады. Абай милиционерге алар досторум деп койду. Гаишник бейкапар түр менен Абайга айдоочулук күбөлүгүн кайтарып берип, аларга ак жол каалады. Мунун себеби бар эле, Абай күбөлүгүнүн арасына бир аз акча салып койгон болчу. Моюнтудан өтө бергенде дагы бир гаишник тосту, бирок ал микроавтобуска басып келгенден да эринди. Абай машинеден түшүп, документтери менен атаган акчасын тигинин колуна карматып, кайра тез эле кайрылып келди да, алар жолун улантышты.

Миңарал шаарын артта калтырып, алар саат өткөн сайын Чүй өрөөнүнө жакындап келе жатышты, ал жерден Кыргызстандын чек арасына чейин бир аз эле калат. Чү шаарынан жол экиге айрылат, бири чыгышка карай кетип Казакстандын мурдагы борбору– Алматыга багыт алат, экинчиси түштүктү карай багытын улап кыргыз чек арасына барып такалат. Актан менен Татынага Алматыга барыштын кажети болбогондуктан, алар чек араны ушул эле жерден, Чүй өрөөнүнөн кесип өтмөк болушту. Абай аларды чек арадан ары-бери каттаган тааныш шоопурлар менен тааныштырып коймок болду, болгону кайсы жерден өтүштү чечиш керек эле: Бишкектин жанынанбы же Токмоктун айланасынанбы? Актан менен Татына экинчисин тандап алышты, анткени, бул чек ара бекетинен Ысык-Көлгө бир нече сааттык гана жол калат.

Генерал Максимов өзүнүн душмандарынын ой-логикасын түшүнбөй койду. Душмандар деп ал өзү бир жумадан бери артынан кубалап, жете албай жүргөн кыз менен жигитти эсептейт болчу. Коменданттык саат менен күчөтүлгөн текшерүү Байконурдун жашоочуларынын нааразылыгын туудурду, шаардын тургундары демейде деле жабык режимде жашап көнүшкөнү менен, мындай күнү-түнү күчөтүлгөн текшерүүгө чыдаш аларга деле кыйын болду. Адамдардын арасында нааразычылыгын ачык айтпаганы менен ушакчылар аркылуу жетип турду.

Максимов коменданттык саатты алып салууга буйрук берип, шаарда дагы бир аз күтүп турууну чечти, ал душмандар өздөрүнүн ойлогон оюнан минтип жеңил эле баш тарта коюшуна ишенбеди. Акырында, ал күткөн кабар да келди. Костанай областынан бир гаишник Алматы жакка кетип бара жаткан микроавтобустан издөөдөгү кыз менен жигитти көргөнүн айтышты, андан бери бир сутка өтүптүр. Аларды жолуктурган учурда гаишниктин колунда тигилер жөнүндө ориентировка болбоптур. Ал күнү милиционер больничныйда болгон экен, тиги кыз менен жигиттин сүрөтүн ал бүгүн жумушка чыкканда көрүп, эстептир.

– Эшектер,– деп генерал сөгүнүп алды,– өздөрү ооруп жатымыш болот да, анан жолго чыгып акча жыйнашат.

– Ал жерге башка адам койсо болбойт беле?– деп ойлоп жатты ал, анан «Х-айым» дагы эмнени даярдап жатат экен деп баш катыра баштады.

Бир маалда ал шатыратып сөгүнө баштады, ал өз ичинде Роскосмостун директору– Александр Федоровичти жана инновациялык технологиялар бөлүмүнүн начальниги – Николай Петровичти сөгүп жатты, бул авантюранын авторлору ошолор экенине генералдын азыр гана башы жетти. Ал экөөнүн ЦРУ менен байланышы бар деп эсептесең, анда бардыгы түшүнүктүү болот да калат. Иштин чоо-жайы мындай: Роскосмосто ядролук реактордун жаны түрү ойлоп табылат. Агенттиктин директору менен инновациялык технологиялар бөлүмдүн жетекчиси аны өндүрүшкө киргизүүнүн ордуна, бул нерсени НАСАга сатмак болушат. Ачык соодолашкандан айбыгышып, кыргызстандын гражданиндери кошуп, ушул авантюраны ойлоп чыгышат. Демек, азыр учурда биздин «кыргызстандык досторубуз» бул реакторду Бишкекке алып бара жатышат. Бишкекте алар реакторду өздөрүнүн кожоюндарына – америкалыктардын колуна өткөрүп беришет. Америкалыктар болсо, ал жаңы технологияны Манас аэропортундагы Транзиттик борбор аркылуу АКШга алып кетишет., Бул болбогон авиабазага америкалыктар бекеринен миллиондогон долларларды төлөшпөйт да, жаман иттин аты Бөрүбасар дегендей, дагы Транзиттик борбор деп атап коюшканына эмне бересиң?

Андан кийин генерал спутник телефонун алып, аны менен бир курста окуган Кыргызстандык коллегасына телефон чала баштады. Генерал анын курсташы да өзү сыяктуу советтик чалгын мектебинен чыккан эски тарбиядагы адам экенин билчү. Тиги дагы генерал Максимов сыяктуу эле америкалыктарды жек көрбөсө да, ишене берчү эмес. Максимовдун оозунан оперативдик абалды угуп билгенден кийин, ал колуман келген жардамымды аябаймын деп убада кылды.

Беш мүнөттөн кийин генерал Максимовдун истребители жана ФСБнын спецназы түшкөн транспорт самолету Байконурдун аэродромунан көтөрүлүп Россиянын авиабазасы жайгашкан Кант шаарын көздөй учуп жөнөштү.

– Ошентип, абалды кайра колго ала алдык,– деп Максимов истребителдин бортунда ойлоп бара жатты, Бишкектеги АКШнын элчилигине барчу жолдор көзөмөлгө алынды, ал эми Манас аэропортуна барчу жол Кыргызстандын СНБсы тарабынан катуу текшерилип жатат, кыргыз-казак чек арасында да текшерүү күчөтүлдү, эми америкалык шпиондор бара жаткан микроавтобусту табыш гана керек.

Жарым сааттан кийин изделип жаткан микравтобусту Кыргызстандын Токмок шаарына жакын жердеги кыргыз-казак чек ара бекетинен табышты. Автобустун шоопуру, жаш казак жигити, тиги кыз менен жигитти Актөбө шаарынан алып, Кыргызстандын чек арасына чейин жеткиргендигин айтып бериптир. Анан тигилер демейдегиден көбүрөөк акча төлөгөнүн кошумчалаптыр. Жакшылап суракка алгандан кийин шоопур жигит тигилер чек араны мыйзамсыз жерден кесип өтмөкчү болушканын айтып, өзүнүн жүргүнчүлөрүн тапшырган контрабандисттин өңү-түсүн КНБэшниктерге сүрөттөп бериптир. Чек арачылар менен бажы кызматкерлери анын сүрөттөп бергени боюнча тез эле жергиликтүү контрабандисттердин бирин таанып чыгышты, анткени алар кимдер контрабанда менен тиричилик кылышаарын беш колдой эле билишчү. Азыр изилдөө иштери ошол контрабандист аркылуу алып барылып жатат.

– Контрабандист дебестен, табакташ десе туура болмок, – деди Максимов,– чек арачылар менен бажычылар ким чек арадан мыйзамсыз жүк ташып жатканын жакшы билип туруп көрмөксөн болушат, а тигилер болсо бул үчүн акча бөлүшүп турушат.

Актан менен Татына алардын жолундагы эң акыркы тоскоол болгон кыргыз-казак чек арасынан оңой эле өтүп алышты. Анан убакытты текке кетирбей, таксиге олтурушуп Ысык-Көлдү көздөй жөнөштү. Покровка айылына чейинки жол акысын төлөп, коробкаларын машиненин артына салып, шаша-буша жолго чыгышты.

Бир сааттан кийин генерал Максимов Канттагы авиабазадан истребителден чыгып эле, анын мурдагы курсташы, азыркы учурда Кыргызстандын СНБсынын генералы даярдап койгон вертолетко отурду. Аны менен бирге вертолеттун бортуна снайпер мылтыктарын жана алыска атуучу электрошокерлерин асынып ФСБнын спецназынын жоокерлери көтөрүлдү. Акыркы оперативдик маалыматка ылайык диверсиялык топ азыр Боом капчыгайында Балыкчы шаарын көздөй таксиде бараткан эле.

Актан менен Татына түшкөн Фольксваген-Пассат Балыкчы шаарына он километрдей калган кезде аларды Максимовдун вертолету кууп жетти. Вертолет учушун акырындатып, белгилүү аралыкта туруп алып белги бере баштады. Актан берилген сигналды машинени токтоткула деп түшүндү. Ал таксинин айдоочусуна айтып үлгүрө электе эле, вертолеттон машинаны карай ок ата башташты. Биринчи ок машиненин капотуна келип тийди, экинчи ок айдоочунун жанындагы күзгүнүн быт-чытын чагара койду.

Үчүнчү атылган ок алдыңкы айнекти тешип өтүп, машиненин полуна кадалды. Таксинин айдоочусу кыйкырып жиберип, сол колу менен оң чыканагын кармайм деп жатып, машиненин рулун колунан чыгарып жиберди. Машине оңду-солду карай чайкала баштады, он-он беш метр жүрүп барып, жолдун четине тык токтоп калды. Вертолет конууга даярданып төмөндөй баштады.

Айдоочу колун кармап онтоп жатты, ал абдан коркуп калыптыр. Актан ага машинеден түшүп, ордуңда кыймылдабай тур деп кыйкырып, өзү болсо тиги машинеден чыккандан кийин эле, арткы орундуктан айдоочунун ордуна секирип өттү. Ал машинени от алдырып, акселератордун педалын бар күчү менен басты. Машине ордунан өтө чоң ылдамдыкта учуп жөнөдү. Конууга камынып калган вертолет бир деме кылууга да үлгүрбөй калды, ал абага кайрадан көтөрүлөнчө машине бир топ алыстап кетти.

Фольксваген-Пассат Балыкчы шаарына кире бериштеги текшерүү бекетинин тосмосун чоң ылдамдыкта талкалап өтүп, өзүнүн жолун шаардын көчөлөрүндө улантты. Абада аны генерал Максимов түшкөн МИ-8 вертолету кубалап келе жатты.

Генералдын таптакыр башы катып калды, ал азыр тигил табышмактуу кыз-жигит кайда бара жатканын билбей жатты. Тигилер ал ойлогондой, америкалык авиабазага барышпады. Чындап эле америкалыктардын бул ишке тиешеси жокпу? Анда бул жигит менен кыз кай жакты көздөй баратышат? Чындап эле алар Кытайдын чек арасына бара жатышабы, чек арага чейин өтө алыс, а бул калдыраган машине менен ал жакка жетпейсиң да? Азыр генералдын оюнда бир гана нерсе бар эле – эптеп тигилерге жетүү, эптеп өч алуу. Анын аң-сезимин жеңилүү ызасы ууктуруп, ичтен куйкалап, акылсыз иштерге түртүп жатты.

Эя бул машине менен көлгө чейин жетип алып, андан ары космолетко суу аркылуу сүзүп жетмек болду. Балыкчы булуңуна чейин бир километрге жетпеген жол калды. Булуңда Балыкчы шаарынын порту жайгашкан, Актан шаардын тааныш көчөлөрү аркылуу машинени көлдү көздөй айдап баратты. Бул шаарда анын таэжеси жашагандыктан, бөлөлөрүнө меймандап келип жүрүп шаарды жакшы билип алган. Мына азыр порттун крандары көрүнө баштады, бир саамдан кийин көлдүн өзү да көрүндү.

Вертолет машинени кууп жеткен кезде, кыз менен жигит көлдүн четинде кучакташып турган экен.

– Акмактар, – деди Максимов өз ичинен,– көлдүн жээгинде анын көзүнчө өбүшүү үчүн ушунча жерден качып келиш керек беле. Же алар менин үстүмөн күлүп жатышабы? Ал кол жаңсап снайперлерге атпагыла деп белги берди, анан учкучка вертолетту жээктен үч жүз-төрт жүз метр алысыраак кондур деп буюрду. Вертолет ылдыйлай баштап, жоокерлер алыска атуучу электрошокерлеринен чехолдорун чече башташты.

Татына эриндерин Актандын эриндеринен ажыратып, каргылданган үнү менен коштошо баштады, анын каректеринде мөлтүлдөп көз жаштар турду.

– Рахмат сага сүйүктүүм, бардык нерсе үчүн ыраазымын, мен сени ар дайым эстеп жүрөмүн!

– Сага дагы рахмат! Менин жашоомдо жолукканың үчүн рахмат! Биз эми коштошубуз керек.

– Кош бол! Мен сени ар дайым эстеп жүрөмүн.

– Кош бол! Мен сени эч качан эстен чыгарбаймын.

Кыздын көз жаштарын андан ары тиктеп тура албай Актан бурулуп басып кетти, себеби өзүнүн каректерине да көз жаштар толуп калган эле.

Спецназдын жоокерлери, көлдүн жээгине жүз метрдей жакындаган кезде, Максимов кыздын көлгө бой таштап, ал эми жигиттин жээкте кала бергенин көрдү. Андан соң жигит жоокерлерге бурулуп, багындым дегенсип эки колун башынан жогору көтөрүп туруп калды.

– Бул дагы эмнеси?– деп Максимов таң калды,– же бул жерде да бир иш барбы?

Ал жоокерлерине кыйкырууга үлгүрбөй калды, алардын экөөсү бир учурда өздөрүнүн электрошокерлеринен атып калышты. Шумдуктай чыңалуу чагылгандай жарк дей түшүп, жарыктын ылдамдыгы менен учуп барып жигиттин денесине эки тараптан бирдей сайылды. Көз ирмемден соң анын денеси жерге солок деп кулап түштү.

Эртеси күнү гезиттерде Ысык-Көлдүн үстүнөн НЛО учуп өткөндүгү тууралуу макалалар жайнап чыкты. Кээ бирлери ал нерсе көлгө конду десе, дагы бирөөсү ал нерсе көлдөн шумкуп чыгып, асманга чоң ылдамдыкта учуп кеткенин өз көзү менен көргөнүн айтып жатты.

– Байтиков Актан Аскарович, 1991-жылы 23-январда төрөлгөн, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областындагы Жети-Өгүз районунун Покровка айылында, Ленин көчөсү, 23-үйдө жашоочу Кыргыз Республикасынын гражданини, Муканов Асылбек Маралбаевичтин төрагалыгы астындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2012-жылдын 12-январындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 181-статьясы– Жалган ишкерчилик жасаган, 203-статьясы кредиттик же эсептик арталарды же башка төлөм документтерин жасалма жол менен жасап тараткан, 172-статьясы– автомобиль же башка автомототранспорт каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алган деп коюлган айыптарда күнөөсүз деп табылсын, Кыргыз Республикасынын 176-статьясында каралган бирөөнүн мүлкүн байкоосуздан талкалаган же жабыр келтирген деген кылмыш боюнча күнөөлүү деп табылып, минималдык айлык акынын элүү өлчөмүндөгү айыпка жыгылсын, же жүз элүү сааттан эки жүз кырк саатка чейинки убакытка коомдук иштерди аткаруу жазасы белгиленсин. Сот айыпталуучунун иши каралып жаткан учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук кызматынын убактылуу кармалуучу жайында олтурган мөөнөтүн эске алып, аны толук актап, сот залынан бошотууга чечим чыгарат.

Төрага соттун өкүмүн окуп чыгып тараптарга чечим боюнча апелляция жасоонун мөөнөтүн жана тартибин түшүндүрүп болуп, сот процессин жабык деп жарыялады. Актан боштондукка чыкты.

А буга чейин ал башынан Кыргызстандын Улуттук Коопсуздук кызматынын имаратында эсепсиз сурактарды башынан өткөрдү. Тергөөчү алгач анын айткандарына ишенбей жатты, бирок кийинчерээк бул жигиттен бирдемени сурап түбүнө жетээрине көзү жетпей калды. Москвадан ФСБнын мөөрү басылган документтер келгенден кийин, ал кагаздарды окуп чыгып, минтип гана суроо берди:

– А мунун баары чынбы?

Актан баш ийкеп жооп берди. Эртеси күнү тергөөчү Актан олтурган камерага ноутбук алып келип берип, болгонун болгондой кылып жаз деди. Актан он күн бою тынбай басып чыкты, ал кыска убакытка гана уктап, тамактанууга тыным алып жатты. Он күндөн кийин китеп даяр болду.

Кийинчерээк, Актан боштондукка чыккандан кийин Чоң Дөбөттөр жылдыздар тобу жана Сириус жылдызы жөнүндө маалымат издей баштады. Биринчи кезекте ал Интернетке Сириус жылдызы жөнүндө суроо узатты. Браузер тиешелүү темадагы жүздөгөн макалаларды таап чыкты, алардын көпчүлүгү бирин-бири кайталап жатты, бир макала гана анын көңүлүн өзүнө бурду. Бул макалада батыш Африкадагы догон аттуу уруунун адамдары жана алардын дүйнөгө болгон көз-караштары жөнүндө жазылыптыр. Догондор өздөрүн Сириус жылдызынан келгенбиз эсептеп, алардын ою боюнча бул жылдыздын айланасында Ара толо жана Йу толо аттуу эки планета айланып жүрөт экен..

– Таң калычтуу, Эянын айтканы менен дал келет экен,– деп ойлоду Актан, анан бат эле муну эсинен чыгарып койду.

Ал браузердин издөө үчүн жасалган сапчасына Күнчүбак Жоокер жонундо суроо жазды. Компьютер ага түндүк америкалык индеецтердин байыркы уламышы тууралуу маалыматты узатты. Уламышта кайсы-бир учурда адамдар Жер-Энеге абдан начар мамиле кыла башташат, анан Жер-Эне ооруп калат деп айтылыптыр. Дарыялар соолуп, жаныбарлар кырылып, токойлор куурай баштайт, мына ошондо Күнчүбак Жоокерлер келип Жерди сактап калышат.

Кийинки макалада Гринпис деп аталган эл аралык жаратылыш коргоочу уюм өзүнүн кемесин Күнчүбак Жоокер деп атаганы жазылыптыр. Бул кеме көптөгөн корпорациялардын, атүгүл кээ бир өлкөлөрдүн жаратылышка зыян келтирүүчү иш-аракеттерине бойкот жарыялып, аларга каршы уюштурулган иш-чараларга катышкандыгы жөнүндө маалымат бар экен. Бирок бул кеме 1985-жылы 10-июлунда Жаңы Зеландиянын Матаури булуңунда Франциянын атайын кызматы тарабынан жардырып жиберилген. «Күнчүбак Жоокер» Муруроа атоллунда сыноо жүргүзүш үчүн ядролук курал алып бараткан Франциянын аскер кемесинин астын тосуп чыккан. Бир нече мүнөттүн ичинде кеме деңиз түбүнө чөгүп кеткен. Кеме менен бирге португалиялык фотосүрөтчү – Фернандо Перейра курман болгон.

Бир саамга көңүлү чөгө түшүп, андан соң Актан Яндексттин терезечесине «Жарыктын Жоокери» деп жаэды.

Компьютер бразиялык жазуучу Пауло Коэльонун китеби жөнүндө маалыматты берди.

– Кызык, бул китепти таап окуп чыгыш керек экен,– деп ойлоду жигит.

Актан жылдыздуу асманды карап, Чоң Дөбөттөр жылдыздар тобун издеп жатты. .

– Мектепте астрономияны түзүктөп да окуган эмес экем, – деп ойлоду Актан өз ичинен, – мына эми минтип жылдыздуу асмандын картасын түшүнө албай кыйналып жатамын.

 

Москва, 2011-жылдын 10-октябры

 

© Найманов С.М., 2011

 


Количество просмотров: 5388