Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Балдар адабияты / Котормолор
© АКШ элчилиги, 2010. Китептин Кыргызстандагы басылмасын Америка Кошмо Штаттарынын Элчилиги каржылаган. Кыргызчага которгон Турусбек Мадылбай.
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 19-январы

Турусбек МАДЫЛБАЙ

Марк Твен. Том Сойердин жоруктары

Американын атактуу жазуучусу Марк Твен «Том Сойердин жоруктары» аттуу китебинде балдардын аруу сезими, окуя-саякаттарга ынтызарлыгы, жашоого кумары жана турмушка дилгирлиги тууралу баяндайт.

Марк Твен. Том Сойердин жоруктары. – Бишкек: «Albino LTD» басмасы, 2010. – 188 б. китебинен алынды

УДК 821.111(73)-93
    ББК 83.8
    Т 26
    Т 48004040100-10
    ISBN 978-9967-11-290-2
    Тиражы 1300 нуска

Которгон Т. Мадылбай
    Басманын редактору Ы. Кадыров

 

«Сүйүү, өлүм жана аруулук жөнүндөгү “Том Сойердин жоруктарына” кош келиңиздер!»

«Том Сойерди» кармап турган кымбаттуу балдар (жана бардык чоң кишилер)!

Жаңы дүйнөгө кош келгиле! «Том Сойердин» татынакай, окурманды суктандырган, жай күнүндөй жадыраган дүйнөсүнө кош келгиле. Кырк жылдан кийин Марк Твендин ушул шедеврин кайрадан окуп чыгып, азыркы «балдар» адабияты менен салыштыра келгенде, кайталангыс нерсе катары мени үч жагдай абдан таң калтырды.

Биринчиси – сүйүү. Том, балким, болгону он жаштадыр, бирок ал ашык болуу эмне экенин, бирөөгө кам көрүү кандай болорун, сүйгөнү Бэкки үчүн өзүн садага чабууну билет. Мунун баары кудум эле «чоңдордун сүйүүсүндөй» болуп жайбаракат, татынакай бир жагымдуу таризде жүрөт. Албетте, мында жумшак юмор да бар. Ал ашыгынын терезесинин түбүнө азап чегип өлмөк болуп жата кетсе, бирөө жугундуну үстүнө төгүп жибергенин окуганда бооруң эзилип күлөсүң! Ал эми алардын алгачкы өбүшкөнү башка бир эки ашыктын, «Ромео менен Жульеттанын» өбүшкөнүндөй сонун...».

Мында өлүм да бар, бүгүнкү күндө көптөгөн адамдар балдар менен (ал турсун кээде чоңдор менен да) бул теманы сүйлөшпөйт. Кичинекей кезинде өтүп кеткен досун кадыресе киши катары эстеп жүргөн Том андай эмес. Ал турсун Томдун наристе дүйнөсүндө да өлүм жашоонун бир көрүнүшү катары каралат, купуя кала бербестен кээде баяндалат жана талкууланат. Томдун өлүмдү идеалдаштыруусу викториан заманынын эпкини катары 21-кылымдын окурмандарын таң калтырышы ыктымал, бирок, менимче, балдар менен муну ачык сүйлөшкөн жакшы.

Акырында, таң калтыра турган дагы бир нерсе – бул Томдун чөйрөсүнүн жана Томдун өзүнүн тазалыгы. Таежеси демейдегиден катуурак айтып койгон сөзү үчүн өзүн дароо күнөөлүү сезип калат. Том да өзүнүн балалык кылыктары үчүн чындап өкүнөт. Бардык ашыктар сыяктуу эле Бэкки менен Том да бирин бири кызганышат – болгону оюн аянтчасында башка бирөө менен китеп окуудан! Бардык нерсе мээримдүүлүк менен бейкуттукка чөмүлүп турат.

Балким, «Том Сойер» азыркы кичинекей окурмандар үчүн эски тема болуп жүрбөсүн? Бала өстүргөн эне катары мен жок деп айтар элем. Балдардын азыркы мууну Марк Твен китебин арнаган муундай эле бала болгусу келет. Алар да олуттуу маселелер жашына ылайык жана юмор менен баяндалган «Том Сойер» сыяктуу новелланы эңсешет. Ошентип, кымбаттуу окурмандар, мен силерге «балдардын китебин» эмес, наристелер тууралуу баяндалган романтикалык новелланы сунуш кылам. Силер да кырк жыл мурунку мен сыяктуу ыракат аласыңар го деп ойлойм!

Татьяна Гфеллер, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси
    Бишкек

 

Мазмуну

Бет ачар
    Биринчи бап. БААРЫ МУШТАШУУДАН БАШТАЛДЫ
    Экинчи бап. ЖАЛДАМА АКИЛЕГИЧ
    Үчүнчү бап. ТАТЫНАКАЙ БЕЙТААНЫШ
    Төртүнчү бап. КӨЙРӨҢДҮК ЭМНЕГЕ АЛЫП КЕЛЕТ
    Бешинчи бап. КАНДЕК ЖАНА КЫПЧЫКЕЙ КОҢУЗ
    Алтынчы бап. КАРА ДУБА ЖАНА КЫЗ БАЛАНЫН АРБАЛУУСУ
    Жетинчи бап. КАЙРАДАН СҮЙҮҮ ЖАНА ЖҮРӨК ЗАРЫ
    Сегизинчи бап. ДЕҢИЗ КАРАКЧЫЛАРЫ ЖАНА ТАЛООНЧУЛАР ЖӨНҮНДӨ
    Тогузунчу бап. КӨРҮСТӨНДӨГҮ КИШИ ӨЛТҮРҮҮ
    Онунчу бап. КАЧУУ
    Он биринчи бап. ЭЛДИК СОТ
    Он экинчи бап. ДАРЫ ИЧҮҮДӨ
    Он үчүнчү бап. ҮЧ КАРАКЧЫ
    Он төртүнчү бап. СУУГА ЧӨККӨНДӨРДҮ ИЗДӨӨ
    Он бешинчи бап. ТОМДУН ҮЙҮНӨ БАРЫШЫ
    Он алтынчы бап. КАРАКЧЫЛАР ТУРУГУНДА
    Он жетинчи бап. КАРАКЧЫЛАРГА АЗА ЗЫЙНАТЫ
    Он сегизинчи бап. ТАҢ КАЛЫШТУУ ТҮШ
    Он тогузунчу бап. ТОМДУН ӨКҮНГӨНҮ
    Жыйырманчы бап. ТОМ КҮНӨӨЛҮҮМҮН ДЕДИ
    Жыйырма биринчи бап. СЫНАКТАР
    Жыйырма экинчи бап. ТОМ КЫЗЫЛЧА МЕНЕН ООРУП КАЛДЫ
    Жыйырма үчүнчү бап. ТОМ МАФФ ПОТТЕРДИ САКТАП КАЛДЫ
    Жыйырма төртүнчү бап. КАРА ЖОЛТОЙ КААРМАН
    Жыйырма бешинчи бап. КЕНЧ ИЗДӨӨ
    Жыйырма алтынчы бап. КАЙРАДАН ИНДИ ЖО
    Жыйырма жетинчи бап. АҢДУУ
    Жыйырма сегизинчи бап. АЧЫЛЫШ
    Жыйырма тогузунчу бап. ХЕК ЗӨӨКҮРЛӨРДҮН ИЗИНЕ ТҮШТҮ
    Отузунчу бап. ХЕКТИН АҢГЕМЕСИ
    Отуз биринчи бап. ҮҢКҮРДӨ АДАШЫП КАЛЫШТЫ
    Отуз экинчи бап. АЛАР КУТКАРЫЛДЫ
    Отуз үчүнчү бап. ТАБЫЛГАН КЕНЧ
    Отуз төртүнчү бап. ЖЕСИРДИКИНДЕГИ КЕЧЕ
    Отуз бешинчи бап. БАЙЛЫКТЫН ЭКИНЧИ ЖАГЫ
    Корутунду

 

Бет ачар

Бул китепте баяндалган көпчүлүк окуялар чындыкта болгон; айрымдары менин өз башымдан өткөн, калгандары мектепте мени менен окугандардын жоруктары. Хек Финн турмуштан алынган; Том Сойер дагы, бирок ал бир бала эмес, мен тааныган үч баланын мүнөзүнөн чогултулган, ошондуктан ал айкалыштыруунун эң татаал түзүлүшү болду.

Ошол кезде Батыштагы жапайы ырымдар, мындайча айтканда, отуз же кырк жыл мурун балдардын жана кара түстүүлөрдүн арасында көп тараган эле.

Менин китебим көбүнчө балдар-кыздарды кызыктырыш үчүн жазылганы менен, аны чоң кишилер дагы эске алабы деген үмүттөмүн. Анткени менин максатым чоңдорго алардын бир кезде кандай болгонун, эмнени сезип, ойлоп жана сүйлөшкөнүн, кээде алар кандай кызыктуу окуяларга учураганын эске салуу болчу.

Автор
    Хартфорд, 1876-ж.

 

Биринчи бап. БААРЫ МУШТАШУУДАН БАШТАЛДЫ

– Том!

Жооп жок.

– Том!

Дале жооп жок.

– Кызык, ал кайда жоголду? Йа, Том дейм!

Эч жооп жок.

Байкуш кемпир көз айнегин ылдый түшүрдү да, үйдүн ичин бир сыйра карап чыкты, анан көз айнегин өйдө көтөрүп алып, анын астынан дагы карады. Бул көз айнеги менен тигил бала сыяктуу кээде майда-чуйданы карачу же дегеле карачу эмес, көз айнеги анын сыйга тагынып, көңүлүн көтөргөн буюму эле, аны иш кылыш үчүн эмес, көркү үчүн гана пайдаланчу, ошондуктан аны менен караганда, мештин жапкычын карагандай эле эч нерсе көрүнчү эмес. Ал өзүн бир аз оңтойсуз сезип, анан өтө катуу эмес, бирок үйдөгү эмерекке угулчудай кобурады:

– Колума тиерсиң, сазайыңды гана бербесемби сенин!..

Ал унчукпай калды, анткени ушул маалда эңкейип, шыпыргысы менен төшөктүн алдын сайгылап жаткан учуру болчу. Ал жактан мышыкты гана көрдү. Эми анысын да токтотту, себеби бир аз дем алышы керек эле.

– Ой тобо, бул баладай шумдукту көргөн жок элем!

Ал ачылып турган эшикти карай басты да, босогодо туруп сырттагы чырмоок менен помидордун сабактары баскан багына бир сыйра көз чаптырды. Том көрүнбөйт. Ошондо ал үнү алыска угула тургандай катуу кыйкырды:

– Ой-у-у, То-о-ом!

Артынан угулар-угулбас шыбырт чыкты, ошондо ал шарт бурулуп, баланы күрмөсүнүн боосунан шап кармады.

– Мына сага! Баяле ашкананы эстебей. Аерде эмне кылып жүрдүң, ийа?

– Эчтеке.

– Эчтеке? Колдоруңду кара. Оозуңду кара. Бул эмне?

– Билбейм, таеже.

– Эмесе мен билем. Бу кыям! Кыямга тийбегин, колуңду чагам деп кырк жолу какшабадым беле! Чыбыгым кана, апкелчи.

Чыбык абада шуулдап келатты... Качууга мүмкүн эмес эле...

– Менби? Артыңыздагы эмне, таеже?

Кемпир бир нерседен сактангандай белдемчисин өйдө тартып, артына бурулду. Бала көз ачып-жумгуча дубалдан секирип түштү да, көздөн кайым болду.

Полли таежеси эмне болгонун түшүнбөй бир паска турду да, анан күлүп жиберди:

– Буга эч арга жок экен да! Ушу чунактын айласын таба албай койдум, ээ? Көрсөтпөгөн жоругу калдыбы мага? Акылым жетер мезгил деле болду го. Көрсө, алжыган акмактан ашкан акмак жок турбайбы бу дүйнөдө. «Карт бөрүдөн карылык качпайт», – деген накыл бекеринен айтылбаса керек. Болбосо күнүгө бир балекетти табат, анын эч бирин билип болбойт. Мени жүдөткөнүн өзү да билет: канткенде мени күлдүрүп же бир паста алдап коёрун да билет, делдейип эле калам, атүгүл ургум да келбей кетет. Кудай акы, өз милдетимди аткарбай жүрбөймбү! Таякты аяган баланын шоруна калат деп Ыйык Китепте айтылбады беле. Күнөөдөн башка мунун эч жакшылыгы жок. Шайтандыгы бар бул жубарымбектин, бирок ыраматылык эжемдин баласы да, байкушту кантип көрдөн алып жерге чабам? Оюна койсом – шерменде кылат, жазаласам – жанымды ачытат. Ооба, ооба, адамдын өмүрү аз, кайгысы көп деп Ыйык Китепте бекер айтылган эмес да, мен да ушуну туура көрөм. Бүгүн мектепке барбай койду, эртең сазайын бербесемби. Бирок балдардын баары ойноп жүрсө, бу баланы иш кылдырганым да туура эмес го. Аяйм деп баланы бузуп албайын, мелдетимди да аткарайын.

Том мектепке барбай, убактысын жакшы өткөрдү. Ал кечки тамакка че¬йин Жим деген кара түстүү бала менен эртеңкиге отун араалады, отко ичеги белендеп, үйгө кайтып келүүгө араң үлгүрдү. Жим иштин төрттөн үч бөлүгүн бүтүргөнчө, Том башынан өткөргөндөрүн бүт айтып чыкты. Томдун иниси (тактап айтканда, аталаш бир тууганы) Сид чамынды терип, отун ташып, аткара турган ишин бүтүрүп койгон, анткени ал элпек, шоктугу жок бала эле. Том тамагын ичип, ыңгайы келгенде чөйчөктөн бир чагым кант ала коюп отурду, Полли таежеси болсо, тамак ичип бүткүчө ага нары татаа¬л, нары жаңылтма суроолорду бере берди. Томго улам бир суроо узатып, анын тамырын тартып көрдү. Куулук-шумдугу жок бардык кишилердей эле, ал дагы өзүн купуя жана каймана сүйлөгөнгө жөндөмүм бар деп астейдил ойлочу, ошондуктан ал өзүнүн кашкайып сезилип турган куулуктарын укмуштай айлакердик катары көрчү. Бир маалда ал сурап калды:

– Том, мектеп жылуу бекен?

– Ооба, таеже.

– Аябай жылуубу?

– Ооба, таеже.

– Сууга түшкүң келген жокпу, Том?

Бир балээни сезип, Томдун жүрөгү шуу дей түштү. Полли таежесинин өңүнө тигилди эле, бирок эч бир сыры билинбейт. Ошондо ал:

– Жо-о, анча деле эмес, – деди.

Кемпир колун сунуп, Томдун көйнөгүн сыйпалап көрдү да, анан мындай деди:

– Ооба, тердебептирсиң деле.

Оюндагысын эч кимге сездирбей, Томдун көйнөгүнүн кургак экендигин билип алдым деп ичинен сүйүнүп калды. Бирок Том шамал каяктан согуп жатканын сезип турду. Ошондо ал алдын-ала утурлай сүйлөдү:

– Кээ бирибиз башыбызга кудуктагы суудан куюнуп алдык. Көрдүңүзбү, башым дале суу?

Полли таежеси дал ушул айкын нерсени өзү байкабай калганына абдан өкүндү. Ага дагы бир жаңы ой келе калды:

– Том, башыңа суу куюп жатып, мен көктөп берген жакаңды сөгүп жиберген жоксуңбу, йа? Күрмөңдү чеччи!

Том эч чочуган жок. Ал күрмөсүн чечип жиберди. Көйнөгүнүн жакасы тыкан көктөлүү бойдон экен.

– Кашайгырдыкы десе! Жогол нары! Сабактан качып сууга түшүп жүрөт десе. Болуптур, бу жолу кечирдим сени. Мен сени бейбаштын бири деп жүрдүм эле, түзүк бала көрүнөсүң... Азырынча.

Ал бир жагынан өзүнүн баамчылдыгынан тайганына капаланып, бир жагынан ушул саам Томдун тил алганына ыраазы боло түштү.

Бирок Сид үн катты:

– Менимче, анын жакасын сиз ак жип менен көктөгөндөй болдуңуз эле го, эми кара жип болуп калыптыр.

– Эмне дейт? Мен ак жип менен көктөгөм. Том!

Бирок Том андан аркысын күтүп отурган жок. Ал эшикке чыгып баратып кыйкырды:

– Сид, сени элеби, көрөсүң!

Далда жерге жеткенде Том күрмөсүнүн жакасына кадалган эки чоң ийнени көрдү, бирөөндө кара, бирөөндө ак жип бар экен. Ал кобуранды:

– Сид айтпаганда, ал эчтемени билбейт эле. Шайтан алгырдыкы! Бир туруп ак, бир туруп кара жип менен көктөп салат. Анын кандай жип менен көктөгөнүн билип болобу, башым катты, өлүп кетейин, Сид, эми жейсиң! Мен сага көргөзөм!

Том шаарчадагы үлгүлүү бала эмес болчу, бирок ал бир үлгүлүү баланы жакшы таанычу, таанымак түгүл аны аябай жек көрчү.

Бир саамдан кийин, балким, ага жетпей эле, ал бүт кайгысын унутуп калды. Кайгысы чоң кишиникинен кымындай да жеңил же оңой эмес болчу, бирок аны азыр башка кызык бир нерсе алаксытты: чоң киши дагы бир башка ишке алаксыганда өз кайгысын тез эле унутуп салат эмеспи. Аны кызыктырган нерсе – ышкыруунун дагы бир жаңы ыкмасы болчу, аны ал жакында эле бир негр баладан үйрөнүп алган, эми ошол өнөрүн үйрөнүү менен алек болду. Анысы чымчыктын сайраган үнүнө окшогон өзгөчө бир ышкырык эле, андай кубулжуган ышкырыкты чыгаруу үчүн обондун ортосуна келгенде, тилди таңдайына улам-улам тийгизип туруш керек, – бир кезде бала болуп көргөн окурман, мүмкүн, кантип мындай ышкырганын эстесе керек. Дамамат аракети Томду тез эле ийгиликке жеткирди, оозу обонго толо, көңүлү куунак көчөнү бойлоп келатты. Ал өзүн жаңы жылдыз тапкан илимпоздой сезди, – ушунчалык күчтүү, ушунчалык терең, ушунчалык чексиз кубаныч илимпоздун эмес, баланын көңүлүн шексиз көкөлөтүп турду.

Жайкы кечтин узакка созулмагы бар. Караңгы кире элек болчу. Бир маал¬да Том ышкырыгын токтотту. Караса, алдында бирөө туруптур, карааны өзүнөн чоңураак бир бала. Сент-Питерсбург деген чакан шаарча эмеспи, ошол жарды шаарчага келген кандай курактагы, жыныстагы адам болсо да, эстен чыккыс таасир калтырчу. Тигинин деги эле татынакай болуп кийинип алганын кантесиң, – жөнөкөй күнү деле жасанып алыптыр! Тим эле укмуш. Калпагы келишет, көк кездемеден тигилген, боору тегиз топчуланган жаңы күрмөсүнүн татынакайын айтпа, шымы дагы ошондой. Бутунда бут кийими бар, болгону бүгүн жума күн эмеспи! Жада калса, жаркыраган ала-була кездемеден жагоо тагынып алыптыр. Томдун кыжырын келтиргени – тигинин өңү шаардыктарга окшойт. Бул сыланкорозду канчалык караган сайын, Том тигинин ошончолук мурдун көтөрүп турганын көрдү, өзү болсо, уламдан-улам андан пас көрүнө берди. Эч кимиси унчуккан жок. Бири кыймылдаса, экинчиси кыймылдайт, бирок бири-биринин капталынан тегеренип басат, алар көз ирмебей бири-бирин тиктеп, бири-биринен көздөрүн албай тура берди. Акырында Том үн катты:

– Эй, азыр токмоктоп салам сени!

– Көрөм сенин токмоктогонуңду!

– Токмоктойм эле.

– Колуңан келбейт.

– Келет.

– Келбейт!

– Келет.

– Келбейт!

Тирешип туруп калышты. Анан Том сүйлөдү:

– Атың ким?

– Сенин ишиң эмес.

– Ишим болсочу?

– Эмнеге болбойт?

– Көп сүйлөсөң болот.

– Мына, көп-көп сүйлөйм.

– А-а, сен өзүңдү кыйынмын дейсиңби, йа? Керек болсо, менин бир колума да жарабайсың, мен сени бир колдоп эле сабап коём.

– Эмнеге антпейсиң? Жөн эле сүйлөй бересиңби?

– Болуптур, дагы калжаңдасаң сабайм.

– Тигини, сага окшогондун далайын көргөм мен.

– Жасанып алганын дегеле! Өзүңдү кыйын сезет окшойсуң! Калпагын кара!

– Тебелеп сал, колуңдан келсе. Ким кыжырыма тийсе, анын сазайын берем.

– Бас оозуңду!

– Өзүң бас!

– Сен ооз көптүргөнүң менен, колуңдан эчтеке келбейт.

– Э-э, жоголчу нары!

– Дагы оозуңду ачсаң, башыңды таш менен жара коём!

– Ооба, жара коёсуң!

– Жара коём эле.

– Анда эмнеге антпейсиң? Сен сүйлөгөндү гана билесиң. Эмнеге урбайсың? Коркосуң да?

– Коркпойм.

– Коркосуң!

– Коркпойм.

– Коркосуң!

Кайра унчукпай калышты, бири-бирине көздөрүн тигип, бири-бирине кыр көрсөтүштү. Эми алардын ийиндери тирешти.

– Жогол биерден! – деди Том.

– Өзүң жогол!

– Мен кетпейм.

– Мен да кетпейм.

Экөө тең буттарын буттарына матап, күчтөрүнүн болушунча тирешип, бири-бирин жекире тиктеп турушту. Бирок бири да жеңген жок. Итиреңдеп тирешкенден кийин экөө тең кызарып-татарып артка акырын чегинди да, анан Том:

– Сен коркоксуң, күчүксүң, – деди. – Агама айтып эле койсом, ал сени чыпалагы менен гана жеңип салат, мен ага айтам, көрөсүң.

– Сенин агаң эмне болуп калыптыр? Менин сеникинен да чоң агам бар, ал сенин агаңды мына ушул дубалдан ашыра ыргытып жиберет! (Экөөнүн тең агасы ойдон чыгарылган болчу.)

– Мунуң калп!

– Сен калп десең эле, калп болуп калмак беле?

Том топурактын үстүн бутунун учу менен сызып, анан минтти: – Ушул чийинден аттасаң эле, мен сени турбас кылып сабайм. Эч кимди өткөрбөйм.

Жаңы келген бала чийинди дароо аттады да, мындай деди:

– Мына, эми айтканыңды кылып көр, колуңдан эмне келет экен көрөйүн!

– Сен мени шаштырба, көзүңдү ачып жүр, эй!

– И-и, жана көрсөтөм дебедиң беле! Эмнеге көрсөтпөйсүң?

– Атаңдын көрү, ай-йе! Эки тыйынга эле сени сабап таштайм.

Жаңы келген бала эки чоң жез тыйынды чөнтөгүнөн сууруп чыкты да, аны шылдыңдагансып сунду. Том аларды колунан ыргыта чапты. Заматта эки бала чаңга оонап жатып калды, мышыкчасынан бири-бирин тытмалашты, бир пастын ичинде чачташып, кийимдерин жулккулашып, бири-биринин мурдун былчылдатып, алар чаң менен даңкка бөлөнүп жатып калышты. Ошондо иштин жайы ачыкка чыкты, анан чаң тараганда, жаңы келген баланын үстүнө минип алып, аны муштагылап сабап жаткан Том көрүндү.

– Жетиштүүбү? – деди ал.

Берки бала болсо, бошонушка аракеттенди. Ал ызаланып ыйлап жи¬берди.

– Жетиштүүбү? Том муштаганын токтоткон жок.

Акырында тигил бала: «Жетиштүү!» деди, ошондо Том аны коё берип минтти:

– Бу сага сабак болот. Эмкиде көзүңдү ачып, ким менен акыйлашканыңды биле жүр.

Жаңы келген бала кийиминин чаңын күбүп, ыйламсырап, мурдун шор тартып, улам-улам артына кылчайып башын чайкап, «эмкиде сага көргөзбөсөмбү!» дегенсип сүрдүү кетип баратты. Анысына Том ырсалаңдап койду да, көңүлү жай жолуна түштү. Узап-узай электе жаңы келген бала таш ала коюп, ызалуу уруп калды эле, анысы барып эки далынын ортосуна тийди. Тигил болсо, куйругун түйүп, жейрендей безе качты. Том аны үйүнө чейин кууп барды, ошентип анын каерде жашаганын билип алды. Ал касташканын сыртка чакырып, дарбазанын түбүндө бир топко турду, бирок касы терезеден өңү-башын тыржаңдата эликтеп, сыртка чыкпай койду. Акырында касынын апасы чыгып, Томду бейбаш, зөөкүр, орой бала экенсиң деп урушуп, анын кетүүсүн талап кылды. Том кетти, бирок балаңардын сазайын берем деп кекетип кетти.

Ал ошол түнү үйүнө аябай кеч келди, акырын терезеден ашып киргенде, аңдып отурган таежесинин колуна түшүп калды. Үстүндөгү кийиминин кейпин көргөн таежеси ага ишемби күндү дем алыш кылбай, оор иш жүктөп туткунга айландырарын айтып, бул оюнан эч кайтпай турган болду.

 

Экинчи бап. ЖАЛДАМА АКИЛЕГИЧ

Ишемби күндүн таңы атты, жайкы дүйнө жаркылдаган таза нурга бөлөнүп, жашоо кумарына толду. Ар бир жүрөктө ыр таңшып, кайра жашарып, көмөкөйдөн обон куюлуп турду. Ар бир өңдөн кубаныч, ар бир кадамдан жаз көрүнүп жатты. Ак гүлдүү алтыгана гүлдөп, жыты аңкып турду.

Шаарчанын капталында суналган Кардифф тоосу көктөмгө оронуп, чексиздикти карай жайылган өзүнчө бир укмуш өлкөдөй мемиреп, балкып, азгырып жатты.

Акиташ салынган челегин жана узун саптуу актагыч чачысын көтөргөн Том көчө боюнда пайда болду. Кашааны бир сыйра карап алып, анын бүт кубанычы тарап, көңүлүн терең кайгы ээледи. Узуну отуз кадам, бийиктиги тогуз таман тактадан жасалган кашаа. Жашоо ага бекер убара, тиричилик жалаң түйшүк болуп көрүндү. Үшкүрүнүп алып, ал чачысын челекке малды да, кашаанын эң жогорку тактасын актады, ишин дагы кайталады, анан дагы. Акталган бираз жерин кашаанын акталбаган учу-кыйырсыз аралыгына салыштырып көрүп, көңүлү чөгүп, талдын түбүндөгү кутунун үстүнө отура кетти. Колуна калай челегин кармап, «Буффалонун селкилерин» ырдап, дарбазаны аттап-буттап Жим жетип келди. Шаарчадагы кудуктан суу ташуу Томду бир кезде жадатып жиберчү, бирок азыр ал бул ишти башкача көз менен карады. Көз алдына кудукту тегеректегендер тартылды. Ак жуумал, аргын, кара түстөгү балдар жана кыздар дайыма ал жерде өз кезегин күтүп турчу, эс алып, оюнчуктарын айырбаштап, талашып-тартышып, чурулдап урушуп ойношчу. Кудукка чейин жүз элүү кадам болсо да, Жим ал жерден суу толтурулган челегин көтөрүп бир сааттан эрте келчү эмес, анда дагы артынан дайыма бирөө издеп барышы керек болчу.

Том мындай деди:

– Йа, Жим, сен бир аз актай турсаң, мен сууга барып келет элем.

Жим башын чайкады.

– Болбойт, Том мырза. Картаң айым мага барып суу апкел деди, бирөө менен алаксып ойноп кетпе деди. Ал дагы айтты, Том мырза кокус акташып кой десе, сенин ишиң болбосун ага, актаганды өзүнө кой деди.

– Сен аны укпай эле кой, Жим. Ал дайыма ошенте берет. Берчи мага челекти, мен заматта эле келип калам. Ал билбей деле калат.

– Жо-ок, болбойт, Том мырза. Картаң айым башымды жулуп алат. Анын колунан келет.

– Албы? Ал эч качан бирөөнү урган эмес. Оймогу менен эле башыңа нукуп коёт, ошондон да коркосуңбу? Ал болгону тилдейт, ал эми тилдегенден бир жериң оорумак беле, кайра өзү эле ыйлап калат. Жим, мен сага укмуш бирдеме берейинби. Мына, мармардан жасалган тоголок ак коргол ташты берем!

Жимдин көңүлү оой баштады.

– Ак мармардан коргол таш, Жим! Мына, укмуш коргол таш.

– Ой-у-уй, чын эле бир укмуш турбайбы! Бирок, Том мырза, картаң айымдан мен иттей корком...

– Эгер кааласаң, мен сага жарылган бармагымды да көргөзөм.

Жим да ишенчээк бир пенде болчу – ал ушундай азгырыкка алданып калды. Челегин жерге коюп, ак коргол ташты алды да, Том таңылган бутун чечкиче, анын бармагын үңүлүп тиктеп турду. Бир маалда ал челегин ала коюп, ачышкан жонун сыйпалап көчөнү бойлоп учуп жөнөдү, Том күчүнүн болушунча актап кирди, колунда бут кийими, көзүндө күлмүңдөгөн жеңиш оту жанган Полли таеже болсо, салгылашуу майданынан басып кетти. Бирок Том кыйратып деле иштеген жок. Ушул күнгө болжогон оюнду эстегенде, кайгысы ого бетер күч алды. Жакында колу бош балдар үйлөрүнөн чыгып, көчөдө сейилдеп ойногону жөнөйт, анан алар анын иштеп жатканын көрүп шылдыңдайт – мына ушул ой эсине түшкөндө, ал өзүн отко күйгөндөй сезди. Ал болгон байлыгынын баарын чөнтөгүнөн алып чыгып чачты да, эмнеси бар экенин көрдү: болгону биртике оюнчук, мармар коргол таш менен майда-чуйда, аны бир нерсеге айырбаштаса болот, бирок эң кур дегенде жарым сааттык эркиндикти сатып алганга жарабайт. Ал чакталуу буюмдарын кайра чөнтөгүнө салды да, балдарды сатып алам деген оюнан баш тартты. Ошентип, башына каран күн түшүп, үмүтсүз болуп турганда ага бир илхам келди. Ал болгондо да бир укмуш, керемет илхам эле!

Ал чачысын алды да, беймарал ишин улантты. Ошол маалда Бен Рожерс анын көзүнө илинди – мына ушул баланын мазактарынан ал абдан коркчу. Бендин жайдары секирип басканы анын көңүлү ток, маанайы шайдоот экенинен кабар берчү. Бен алмасын кемирип, созолонто ырдап, кээде коңур үнү менен «диң-доң-доң», «диң-доң-доң» деп келатты. Бул анын кемени туураганы болчу. Жакындап келгенде, ал ылдамдыгын бир аз басаңдатып, «кемесин» көчөнүн ортосуна бурду, оң капталына кыйшайды да, салмактуу, салтанаттуу түр менен жээкти карай шашпай бурула баштады. Мунусу анын тогуз таман суунун астына чөккөн «Чоң Миссури» кемесин туураганы болчу. Кеме өзү, капитаны да өзү, кеменин коңгуроосу да өзү болчу, ошон үчүн ал кеменин тумшугунда туруп, өзү буйрук берип, анысын өзү аткарып жатты.

– Токто, мырза! Тиң-илиң-илиң! – токтой калган «кеме» жай жылып, кыябанды беттеди.

– Кемени артка тарт! – колун ылдый түшүрүп, эки жагына жыйды.

– Оңго бур! Тиң-илиң-илиң! Чү! Ч-ү-өү! Чү! – анын оң колу тегеректи сызып кирди: бул анын кырк таман дөңгөлөктү көргөзгөнү болчу.

– Солго бур! Тиң-илиң-илиң! Чү! Ч-ү-өү! Чү! – Эми сол колу чарыкты сыза баштады.

– Токто, оңго! Тиң-илиң-илиң! Токто, солго! Оң жакка алга! Токто! Өзүң тарапты жайыраак айда! Тиң-илиң-илиң! Чү! Ч-ү-өү! Башынан жипти таштагыла! Болгула эми! Оролгон арканыңарды сыртка ыргыткыла, болбойсуңарбы! Зым тартылган мамыны бу¬рагыла! Ушу бойдон орноткула, эми коё бергиле! Кыймылдаткыч өчтү, мырза! Тиң-илиң-илиң! Ишт-ишт-ишт! (Шамал өлчөгөн жебени туураганы).

Том актаганын уланта берди, кемеге эч көңүл бурган жок. Бен аны бир аз тиктеп турду да, анан мындай деди:

– Ай-ий, күнөөңдү актап атасыңбы!

Унчуккан жок. Аткарган ишине Том сүрөткердин көзү менен карады, кайра чачысы менен дагы бир секин шилтемиш болуп, анысын мурдагыдай эле карап туруп калды. Бен анын катарына турду. Алманы көрүп Томдун шилекейи акты, бирок ал иши менен алектенди. Бен ага кайрылды:

– Салам, дос! Иштетип койдубу, йа?

Том ага бурулуп, мындай деди:

– А-а, бу сенсиңби, Бен? Байкабай калыптырмын.

– Билесиңби, мен сууга түшкөнү баратам. Сен кошулбайт белең? Бирок албетте, сен иштешиң керек да, э? Албетте, иштешиң керек.

Том Бенди бир сыйра карап алды да, анан сурады:

– Сен эмнени иш деп атасың?

– Булчу, бул эмне, иш эмеспи?

Том актаганын улантып, акырын гана жооп берди:

– Мүмкүн, иштир, мүмкүн, иш эместир. Бир билгеним, бу Том Сойерди канааттандырат.

– Э, койчу, сен эми ушул иш сага жагат дегени турасыңбы?

Чачы кыймылдай берди.

– Жакканыбы? Эмнеге мага жакпай калышы керек? Күнүгө эле бизге кашааны актаганга мүмкүнчүлүк берип атыптырбы?

Бардык нерсе башкача түскө келгендей боло түштү. Бен алмасын аймаганын токтотту. Том тыкандык менен актап, кандай болгонун көрүш үчүн артына кетенчиктеп, ала жерлерине кайрадан аки тийгизип, анысына дагы көз жүгүртүп жатты. Бен анын ар бир кыймылын карап, улам-улам кызы¬гып, кайра-кайра суктана берди. Андан кийин ал сурана баштады:

– Токтосоң, Том, мен дагы бир аз актайынчы.

Том макул болуп, берейин деп ниеттенди эле, анан кайра оюн өзгөрттү:

– Жок, Бен, сен жакшылап актарыңа мен ишене албай турам. Билесиң го, Полли таежем бу кашаага өзгөчө күйпөлөктөйт. Өзүң көрүп турасың го, бу түз эле көчө тарапта. Короону караган тарабы болсо да мейли эле, мен да, ал да эчтеке демек эмеспиз. Бу кашаа үчүн Полли таежем тим эле күйүп кетет. Муну өтө кылдат акташ керек? Миң баладан бирөө, жок, эки миң баладан бирөө гана муну кандай акташ керектигин билет.

– Жок... Же ошондойбу? Болуптур, эми бир эле көрөйүнчү. Мен сенин ордуңда болсом, сага берет элем го, Том.

– Бен, мен берейин эле дейм, кудай урсун, инди чындыгы!* Бирок Полли таежемчи... Жимдин да актагысы келген, бирок ага уруксат бербей койду. Сиддин да актагысы келди, ага да болбой койду. Кандай жоопкерчилик экенин эми көрдүңбү? Сен кашааны актай баштасаң, анан бирдеме болуп кетсе...

(*Америка индилеринин анты)

– Э кокуй десе, Том, мен деле аракеттенем да. Берчи эми, мен да бир көрөйүн. Уксаң, мен сага алмамдын өзөгүн берейин.

– Мейли эмесе... Жок, Бен, болбойт. Мен коркуп турам...

– Алмамды бүт эле берейинчи!

Том чачыны сыртында кыйылуу, ичинде кубануу менен берди. «Чоң Миссуринин» акыркы кемечиси аптапта тердеп-тепчип иштеп жатканда, эс алып жаткан сүрөткер болсо, көлөкөдөгү чапчактын үстүнө отуруп алып, буттарын салаңдатып, алмасын кемирип коюп, курмандыкка аңкоолордон дагы кимисин азгырыш жолун ойлонуштурду. Балдардан өксүк болгон жок, алар улам көбөйө берди, алар шылдыңдаганы келип, кайра актаганы калып жатты. Бир аздан кийин Бен чарчады, Том кийинки кезекти Билли Фишерге жакшылап оңдолгон батперекке сатты, ал күйүккөндөн кийин Жонни Миллер айлантканга ыңгайлуу болушу үчүн жип байланган өлүк келемишке сатып алды. Ошентип, биринин артынан бири туруп, саат сайын кийинкиси келе берди. Түш маалы болгондо, эртең менен эле колунда эч нерсеси жок Том байлыкка көмүлүп эле жатып калды. Тигил айтылган байлыктан башка, ал он эки коргол таш, сынык ооз комуз, дүрбү кылып ойнолчу көк шишенин сыныктары, чыгырыктан жасалган замбирек, эчтекени ачалбаган ачкыч, бир сындырым бор, көөкөрдүн капкагы, калайдан жасалган жоокер, эки көнөк баш, алты от аттыргыч, бир көзү көр мышык, каалганын жез туткасы, ит өзү эмес, анын каргысы, бычактын сабы, алты апельсиндин кабыгы жана терезенин бузулган алкагы – мына ушулардын ээси болду.

Том жоро-жолдоштору менен бош убактысын жыргап өткөрдү, анын ортосунда кашаа үч сыйра акталды. Акиташ түгөнүп калбаганда ал шаарчанын балдарынын бүт чөнтөктөрүн кагып алмак.

Том өзүнчө ойлоду: жашоо андай деле жаман эмес окшойт. Өзү байкабай туруп эле адамдарды кыймылдаткан бир улуу мыйзамды таап алды, тактап айтканда, чоң киши болобу же бала болобу, аларды бир нерсеге кызыктырыш үчүн ал эңсеген нерсесине жетиши кыйын болуш керек тура. Эгерде ал ушул китепти жараткан жазуучу сыяктуу улуу жана даанышман ойчул болгондо, ал сөзсүз Эмгек – кандай гана киши болбосун аткара турган милдет, Оюн болсо, кандай гана киши болбосун аткара турган милдет эмес деген тыянакка келмек. Бул ага дагы бир нерсени түшүнүүгө жардам бермек: эмнеге кол менен гүл жасоо же бир өңчөй иш аткаруу – эмгек, ал эми качма топ ойноо жана Монбландын чокусуна чыгуу жөнөкөй гана оюн-зоок болуп саналат. Англияда айрым байлар бар, алар күнү бою төрт ат чегилген унааны жайкы аптапта нары-бери чапкылайт, себеби алар акчасын төлөп ойнойт, ал эми алар ошол эле нерсени акча табуу үчүн кылганда, анда алардын оюну жумуш болуп, кызыгы тарап кетмек.

Бала дүйнөнүн шарттарына жараша аң-сезиминде болгон ушул маа¬нилүү өзгөрүүнү дагы бир паска ойлонуп турду да, аткарылган иш жөнүндө кабарлаганы башкы жетекчисине жөнөдү.

 

Үчүнчү бап. ТАТЫНАКАЙ БЕЙТААНЫШ

Том Полли таежесинин алдына келсе, ал таптаза кылып жыйналган, бир эле маалда жатаканасы дагы, мейманканасы дагы, ашканасы дагы, китепканасы дагы болгон бөлмөсүнүн ачык терезесинин алдында отуруптур.

Жайдын мелүүн жели, жайбаракат тынчтыгы, гүлдүн жыпар жыты, аарылардын мемиреткен шарпасы өз таасирин берди, Полли таеже токуп отуруп үргүлөп кетти, себеби мышыктан бөлөк эч ким жок эле, мышыгы болсо, анын этегинде уктап жаткан. Көз айнегин түшүрүп албайын деп ак аралаган чачына көтөрүп коюптур. Ал Томду, албетте, небак эле безип жоголгон десе керек, камарабай анын алдына өзү келгенин көрүп таңыркады. Том суранды:

– Мен эми барып ойной берсем болобу, таеже?

– Эмне, болдуңбу? Канчасын бүттүң?

– Баарын бүтүрдүм, таеже.

– Том, мага калп айтпа. Мен калп айтканды жаман көрөм.

– Калп айткан жокмун, таеже, баарын бүттүм.

Полли таеже мындайга көп ишене берчү эмес. Ал өзү барып көрмөк болду, Томдун айтканынын жүздөн жыйырмасы эле чын болсо, ыраазы болмок.

Кашаанын толук акталганын, ал эле эмес эки-үч сыйра акталып, андан тышкары жерге да бир тилке сызып койгонун көрүп Полли таеже таң калгандан оозу ачылып калды. Анан мындай деди:

– Мынакей, көрдүңбү! Дагы эмне дейм, иштегиң келсе, колуңан баары келет экен го, Том, – анан ал мактаганынын эсесин чыгарып алды. – Бирок иштөө деген оюңа өтө сейрек келет, муну дагы айтып коюшум керек. Мейли, анда бар ойной бер, бирок аптасына бир жолу болсо да, үйгө убагында кел, антпесең таяк жейсиң.

Анын ийгилигине аябай таңгалгандыктан, ал аны ашканага ээрчитип барып, эң сонун алманы тандап берди да, адал мээнет менен, күнөө тартпай, абийирдүү аракетинин натыйжасында жеткен сыймыгы өтө барктуу, жагымдуу экенин узак насааты менен мээсине куюп жатып, акырында ага алманы сунду. Ал Ыйык Китептен жаттап алган сөздөрү менен насаатын айтып бүткүчө, Том анын аркасындагы май боорсоктон бирди илип кетти.

Ал эшикке атырылып чыгып баратып, экинчи кабаттагы арткы бөлмөлөргө сырткы шаты менен Сиддин чыгып баратканын байкап калды. Кесектер кол алдында болчу, алар абаны чаңызгытып түшө баштады. Биринин артынан бири Сиддин үстүнө мөндүрдөй жаап, аң-таң калган Полли тае¬же эсин жыйгыча, беш-алты катуу кесек арналган кишисине барып тийди, Том болсо, кашаадан аша секирип түшүп жоголду. Каалга деле бар го, бирок Том дайыма ошол каалгага батпай калып жүрүп, аны эч пайдаланбай койгон. Анын жаны эми жай алды: ал Сиддин сазайын берди, тигини бирөө Полли таеженин көңүлүн кара жипке буруп, анын айласын кетир дептирби.

Том үйдүн чет жагы менен айланып өтүп, Полли таеженин уйканасынын жанынан баткактуу тар көчөгө кайрылды. Ал курчоодон качып чыгып, опурталдуу жерден аман-эсен өтүп кетти да, мурунтан макулдашылып согуш тартибиндеги жесек тизилген эки аскери бар шаар аянтына чуркады. Ал аскердин бирөөнү Том генерал, экинчисин анын эски досу Жо Харпер генерал башкарчу. Эки улуу аскер башчысы өздөрү жекеме-жеке салгылашкандан арданышчу, андай иш чабал балдарга ылайык да, ошондуктан экөө дөңсөөгө отуруп алып, буйруктарды жан-жоокерлери аркылуу жөнөтүп коюп, салгылашууга жетекчилик кылышчу.

Томдун аскери көпкө созулган оор таймашуудан кийин улуу жеңишке ээ болду. Курман болгондордун эсеби алынды, туткундар кайтарылды, эмки чыр-чатактын шарттары убадалашылды, ошондой эле келерки салгылашуунун күнү белгиленди, ошондон кийин эки аскер тең катарга тизилип, жолуна түштү, Том болсо, үйүнө өзү жалгыз кетти.

Жеф Тетчер жашаган үйдүн жанынан өтүп баратканда, ал бактын арасынан чоочун бир кызды көрүп калды. Татынакай көк көз кыздын сары чачы экиге бөлүнүп өрүлгөн, жайкы ак көйнөк жана саймалуу шым кийген. Жаңы эле даңазаланып келаткан баатыр эч ок чыгарбастан жеңилип берди. Лоуренс деген кыз анын жүрөгүнөн орун бошотуп, тез эле эсинен чыгып кетти. Ал аны чексиз сүйөм деп жүрчү, ашыгына тим эле сыйына турган болуп калган, бирок анысы жөн эле убактылуу кызыгуу тура. Ал айлап анын дилин өзүнө карата албай жүрдү, тигил болсо, бир апта мурун эле дилин ачкан, ал өзүн дүйнөдөгү эң бактылуу, эң сыйлуу адам сезгенине жети гана күн болгон, мына, эми заматтын ичинде ал кыз анын жүрөгүнөн кокусунан бир келип, кайра кетип калган коноктой жок болду.

Том жаңы периштени көз кыйыгы менен гана узатып коюп жүрдү, кийин кыз аны байкаганын сезди, анан ал кызды көрмөксөн болуп, периштеге жагынуунун ордуна, балдарга мүнөздүү арына келип, каадалана баштады. Бир топко чейин ал ар кыл өнөрүн көрсөтө берди. Бир күнү ал опурталдуу гимнастикалык өнөрүн көрсөтүп жатып, капысынан карай койсо, кыз үйүн карай кетип бара жатыптыр. Том кашааны көздөй басып келип, кабагын бүркөп, тактага жөлөнүп турду, анткени кыз бакта дагы бир аз болор бекен деп үмүттөндү. Кыз кире бериште бир аз турду да, анан каалганы көздөй басты. Кыз босогону аттай берерде Том оор үшкүрүп жиберди. Бирок өңү кайрадан жарк дей түштү, анткени кыз кирип кетерден мурун бото көз гүлүн кашаадан ашырып ыргытып жиберди.

Бала жүгүрүп барып, гүлгө бир-эки кадам калганда токтоду, анан серепчилеп карап, көчөдө эч ким көрүнбөйбү дегенсип кылчактады. Анан жерден бир бакалды ала коюп, башын артка чалкалатып, мурдунун үстүнө бакалды коюп алып, улам бир капталы менен жылып отуруп, гүлгө улам жакындай берди, акырында жылаңайлак буту гүлгө тийгенде, бармактарын ийилте гүлдү кыпчып алды да, ошол олжосу менен бурчтан бурулуп кетти. Ал жерде болгону бир пас гүлдү күрмөсүнүн ичине, жүрөгүнүн тушуна, мүмкүн, курсагынын тушунадыр, ал анатомияны анчалык жакшы билчү эмес, майда-чуйдага да көңүл бурчу эмес, катып алганы гана бурулду. Ал кайтып келип, эми күүгүм киргенче кашаанын жанында турду, мурдагыдай арына келип, ал жерде нары-бери темселеп жүрдү. Бирок кыз кайтып келген жок, Том болсо, мүмкүн, азыр ал терезеге жакын келип, менин ушул аракетимди көргөндүр деп өзүн сооротту. Акыры ал сар-санаага батып, терең ойго чөмүлгөн бойдон кайран башын ар кандай божомолго толтуруп үйүнө келди.

Кечки тамактануу маалында ал жиндене баштады, таежеси болсо: «Бул балага жин тийгенби?» – деп таңыркады. Сидди кесек менен койгулаганы үчүн аябай тил укту, бирок Том аны тоготуп да койгон жок. Таежесинин алдынан бир кант ала коём деп, колго жеди. Ал ызаланды:

– Таеже, сиз Сид кант уурдаганда, ага тийбейсиз го.

– Анткени менен Сид бир да сендей болуп кыжырланбайт. Сенден улам коруп турбасам, сен дегеле кант салгычтан башыңды албайсың да.

Бир маалда таежеси ашканага чыгып кетти эле, ошондо Сид жазасыз калганына мактанып, кант салгычка жулкунду, бул Томду аша чаап мазактаганы болчу, буга чыдап болбойт. Бирок чөйчөк Сиддин колунан жылмышып кетти да, жерге түшүп, быркырап калды. Том жыргай түштү. Ушунчалык жыргагандыгынан ал тилин тишине катып, унчукпай турду. Ириде ал Полли таежеси келип, муну ким талкалады деп өзү сурабаса, унчукпай тим болмок, сураса анан айтмак, сүймөнчүк уулунун сазайын бергенине курсант болмок, мындан өткөн жыргал барбы! Ушунчалык кубанганынан ал таежеси ашканадан келип, көз айнегинин үстүнөн тигиле тиктеп, сыныктарды карап калганда, өзүн зорго токтотуп турду. Ал ичинен: «Эми көрөбүз!» – деди. Бир маалда эле ал жерге көмөлөнүп кулап түштү! Килейген алакан дагы урмак болуп үстүнө көтөрүлүп келатканда, Том чаңырып жиберди:

– Токтоңуз, эмне сиз мени урасыз? Аны Сид сындырды.

Полли таежеси селдейип унчукпай туруп калды, Том болсо тигини аяйбы же жокпу деп күтүп турду. Бирок тигинин ооз ачкандагысы бул болду:

– И-ий, койчу, сен деле таякты жөн жеген жоксуң. Мен жокто сен деле бир балакетти кылгандырсың.

Анан ал өзүн уяткарып, балага бир жакшы сөз айтып эркелеткиси келди, бирок анда натуура ишимди мойнума алган болуп калам деп ойлоду, ал эми балага тарбия берүү ашыкча болбойт. Ошол себептен ал унчуккан жок, жүрөкзаар бойдон иштери менен алек болду. Том кабагын бүркөп бурчка отурду да, эски арыз-муңун баштады. Ал билет, таежеси оюнда анын алдында чөгөлөп турат, ошондуктан ал көңүлүндө өз оюна маашыр болду. Том дегеле эчтекени билбегенсип, сыр алдыргысы жок. Таежеси көзүнө жаш алып, бирде кейиштүү карап турганын ал сезди, бирок байкамаксан болуп койду. Ал минтип кыялданды: өлүм алдында жатсам, анан Полли таежем менден кечирим сурап жалбарып, үстүмө үйрүлүп түшсө, бирок мен кечирбей, дубал жакка бурулуп өлүп калсам. Анда таежем эмне кылар эле? Дагы кыялданды: мени суудан өлүк бойдон сууруп чыгышса, тармал чачым суу болуп, жабыркаган жүрөгүм сокпой калса: сулк жаткан өлүгүмдү таежем кучактап жыгылып, көзүнүн жашы көл болуп, баламды кайтарып бергин деп кудайга жалынар эле, анан мага такыр тийбейт эле! Том болсо, эч нерсени сезбей, купкуу, мупмуздак болуп жата берет, бүт азап-тозокту акырына чейин тарткан, бүжүрөгөн байкуш бала! Ушул сыяктуу кыялдардан жашый түшүп, тунарган көзүнүн жашын зорго тыйып, деми кысылды, көзүн ирмегенде жашы жаагынан ылдый агып, мурдунун учунан тамчылай берди. Ал өзүнүн кайгы-капасына ушунчалык берилип кеткен экен, бул дүйнөдө кандайдыр бир кубаныч же жүрөк толкуткан шаттык болот экен деп ойлоого кубаты жетпеди, өзүнүн кайгы-капасын ыйык нерседей кабыл алды. Ошондуктан, жылдай болуп созулган бир жума убактысын кыштакта өткөрүп, үйүнө кайтып келгенине сүйүнүп жадырап-жайнаган кичинекей бөлөсү Мэри элеңдеп жүгүргөн бойдон бөлмөгө кирип келгенде, Том ордунан туруп, кабагына кар жааган бойдон башка бир эшиктен чыгып кетти, берки эшиктен болсо Мэри менен кошо жаркыраган кубаныч, күндүн ак жарыгы кирди.

Ал өзүнүн көңүлүнө ылайык далдаа булуң-бурчтарды издеп, дайыма балдар ойноп жүрчү берки көчөлөрдөн четтеп жүрдү. Суунун үстүндө калкыган сал ага эң ыңгайлуу жай катары көрүндү, анын учуна барып, бозомтук киргилт сууну шашпай карап турду. Жаратылыш түзүп койгон бекем тартипти сактап жүрбөстөн, кыйналбай-этпей, дароо эле чөгүп кетсемби деп гана самады. Бир кезде баягы гүл эсине түшө калып, аны уйпаланып солуган бойдон чөнтөгүнөн алып чыкты, гүл анын кайгысын ого бетер күчөттү. Ушул абалын билсе, бейтааныш кыздын боору ачыйт беле, деп ойлоду ал. Балким, ыйлап да жиберет беле, мойнунан кучактап, көңүлүн жибитет беле. Мүмкүн, көңүлдү суутуп, бурулуп басып кетет беле. Бул санаа аны ушунчалык жашытып, ушунчалык муунун бошотту, биротоло тажап бүткөнгө чейин аны бир бул жагынан, бир тигил жагынан айландыра карай берди. Акырында ордунан үшкүрүп турду да, сүйрөлүп басып, караңгыга сиңип кетти.

Кечки саат тогуз жарымдарда ал эч ким баспаган ээн көчө менен тигил татынакай бейтааныш кыз турган үйдү карай келатты. Үйгө жетип, бир пас¬ка токтоп калды, анын сак кулагына эч бир дабыш угулган жок.

Үйдүн экинчи кабаттагы пардасына шамдын бүлбүлдөгөн жарыгы ти¬йип турган. Мүмкүн, бейтааныш кыз бекинип, ошол жерде отургандыр? Том дубалдан ашып түшүп, гүлзарды этияттык менен аралап өттү да, терезенин түбүнө келип токтоду. Анын жүрөгү дүкүлдөп, мойнун созуп, көпкө чейин терезени тиктеп турду: анан көк чөптүн үстүнө солдойуп кыймылдабай бир аз жатты. Бир аздан кийин колдорун бооруна алып, тигил уйпаланган гүлүн төшүнө койду. Же баш калкалаган жайы жок, же өлөрүндө анын муздап бараткан маңдайындагы терин аарчый турган жакыны жок, же акыркы саатта аны аяп, үстүнө боюн таштап ыйлагыдай күйгөн кишиси жок – коколой башы менен бул жарык дүйнөдөн өтүп кетет окшойт. Таң сүргөндө, бейтааныш кыз анын солдоюп жаткан өлүгүн көрөт. Эң кур дегенде анын өлүгүнө көз жашын бир тамчылатып, кырчын курагында бир канкордун колунан жабыр тарткан кичине баланын көзү ачык бойдон кетишине ал бир үшкүрүп коёр бекен?

Бир маалда терезе ачылып, үй кызматчы аял чаңкылдаган үнү менен түнкү бейпилдикти бузду, анан солдоюп жаткан бечара баланын үстүнө шаркыратып суу төгүп жиберди.

Том аз жерден гана тумчукпай калды, ал какап-чакап, ордунан секирип турду. Кобуранган сөгүнүү менен кошо терезени көздөй таш ыргыды, айнек быркырап, майдаланган сыныктары жайнап жатып калды, көрүнөр-көрүнбөс караан дубалдан ашып түшүп, түндүн караңгысына сиңип кетти.

Том жылаңачтанып алып, шөмтүрөп суу болгон кийимин үлдүрөп күйгөн шамдын алдында карап жатканда, Сид туруп келип, Томду келекелеп сүйлөй турган болду да, бирок азыр өтө опурталдуу учур экенин тигинин көзүнөн баамдап, кайра айныды окшойт, унчукпай калды.

Түнү табынам деп дагы бир балээге чалдыгып калбайын деген Том төшөгүнө кирип жатты, Сид болсо анын бул жосунун эсине тутуп койду.

 

Төртүнчү бап. КӨЙРӨҢДҮК ЭМНЕГЕ АЛЫП КЕЛЕТ

Күн бейкут жаткан дүйнөгө жаркырап чыгып келип, бейпил шаарчага батасын бергенсип нурун чачып турду. Полли таеже эртең мененки тамактан кийин үй-бүлөлүк табынууга бардыгын чогултту. Мунажаты Ыйык Жазмалардын насааттарынан алынып, катуу зоокадай бекем тургузулган пайдубалга өз оюнан кошкондорун чыланган суюк акиташ менен чаптай койгонсуп, өзү болсо, Синай тоосунун чокусунда тургансып, Муса пайгамбардын мыйзамдарынын кардуу бабынан жарыя баштады.

Андан кийин Том чымырканып Ыйык Китептин насааттарын жаттаганга кирди. Сид аларды бир топ күн мурун эле жаттап алган. Том бүт күчүн чогултуп беш насаатты жаттамак болду, ал үчүн Тоодогу накылдарды тандады, себеби алардан кыска башка бир да ыр жок эле. Жарым сааттан ки¬йин Томдун сабак менен деле иши жок болчу, анткени анын дарты таптакыр башкада эле, колдору болсо, бөлөк бирдемелерди кармалап чыйпылыктап жаткан. Мэри анын сабагын текшермек болуп колундагы китебин алды эле, Том ар нерсени тантырай берди:

– Бактылуулар... и-и...

– Жардылар...

– Ооба, жардылар... бактылуу болушат жардылар... и-и-и...

– Дили менен...

– Дили менен... Дили менен жардылар бактылуу болот, себеби алар... себеби алар...

– Себеби алардын...

– Себеби алардын... Дили менен жардылардын, себеби алардын жаны жаннатта болот. Зарлагандар жыргайт, себеби алар... себеби алар...

– Бол...

– Себеби алар... а...

– Бол...

– Себеби алар бол... Нары эмне экенин билбейм!

– Болот! Болот...

Жыргайт, себеби зарлагандар, себеби алар... себеби зарлагандар... Андан наркысы кандай эле? Мен билбейм, чын эле! Эмнеге айтып койбойсуң, Мэри? Сен эмнени айтайын дедиң эле?

– Э-э, Том, башың маң да. Мен сени шылдыңдаган жокмун, аны каалабайм дагы. Сен барып, кайрадан баарын жатташың керек. Капаланба, Том, бул сенин колуңдан келет, сен жаттайсың. Жаттап келсең, мен сага бир жакшы нерсе берем. Эми акылдуу бала бол!

– Мейли! Ал кандай белек, Мэри, айтсаң!

– Убагында көрөсүң. Жакшы дегенден кийин жакшы.

– Сен чынын айттың, Мэри. Мейли, дагы бир аракет кылайын.

Ал «дагы бир аракет кылды». Кызыгып, белекти алсам деп тырышкандыктан, ал эң мыкты ийгиликке жетти. Мэри ага жапжаңы Барлоу макисин берди, анын баасы он эки жарым цент болчу. Бүт денесин ар бир тал чачынан тырмагына чейин кубаныч каптады. Ырас, аны менен эч нерсени кесип болбойт эле, бирок бул чыныгы Барлоу макиси болчу, ага чексиз кызыгуусунун себеби да ушул эле: батыштагы штаттардын балдары мындай куралды колго жасаса деле болот, жасалганы түп нускасынан эч айырмаланбайт дегенин кулагы чалган, балким, чын эле ошондой чыгар. Том ыгын таап, макиси менен жабанды кесип көрдү, ал тартманы деле кесип көрмөк, бирок дал ошол учурда аны жекшемби мектебине барууга даярдан деп чакырып калды.

Мэри ага суу куюлган калай чылапчын менен бир тоголок самын берди. Ал сыртка чыкты да, кичинекей отургучтун үстүнө чылапчынды койду. Анан ал самынды сууга малды да, аны кайра ордуна койду. Ал жеңин түрдү, сууну секин жерге төктү да, ашканага кирип, каал¬ганын артында илинип турган сүлгү менен бетин аарчыды. Бирок Мэри сүлгүнү жулуп алды да, тилдеп кирди:

– Эми уялбайсыңбы, Том! Жаман бала болбочу. Суудан эч жериң оорубайт го.

Том өзүн оңтойсуз сезип калды. Чылапчынды кайрадан толтурду, бул жолу ал чылапчындын үстүнө эңкейип, бир аз оюн чогултуп турду да, анан терең дем алып жууна баштады. Андан кийин ашканага кирип, ал эки көзүн жумуп, сүлгүнү сыйпалап издеп жатканда, жасаган ишинин чыныгы далили катары беттеринен самындын көбүгү чууруп турду. Сүлгүнү четке алып койгондон кийин деле, анын бети анчалык таза болгон жок: жаагы менен ээги кеп кийгенсип агарып, мойнунун алды менен арты чала сугарылган жердин аласындай болуп турду. Мына ошондо бул ишке Мэри өзү киришти, ошондон кийин гана Том ак жуумал туугандарынан эч айырмаланбай калды. Ал суу чачын тарак менен жакшылап тарады, ошондо гана кыска тармал чачы жылмакай, тегиз болуп чыкты. (Чачын жылмакай кылыш үчүн Том далай аракеттенди, аябай тырышып, тармалын жазам деп, убара да тартты. Чачынын тармалы өзүнө кыздарга окшошуп тургандай сыяк¬танчу, ошондон улам кыжырлана берчү.) Анан Мэри Томго эки жылдан бери жекшемби күндөрү гана кийе турган «башка кийимин» алып чыгып берди. Ушундан улам биз анын кийим-кечеси жөнүндө кеп кылсак болот. Кыз Том кийинип бүтөрү менен аны бир аз тартипке келтире баштады: ал Томдун таза күрмөсүн ээгине чейин топчулады, көйнөгүнүн чоң жакасын сыртка кайрып түзөдү да, тазалап, ала-була чий калпагын кийгизди. Ал өз өңүн көрүп өзү оңтойсуз болуп турду: жаңы кийим менен тазалык аны аябай кысынтчу, себеби жаңы кийим менен тазалыкты өтө жаман көрчү. Ал Мэри бут кийимин унутуп калат го деген үмүттө эле, бирок ал үмүтү да ишке ашпай калды. Тигил бут кийимин тыкандап кийгизип, аны жалтырата майлап берди. Том чыдабай кетип, өзү каалабаган ишти ага таңуулай бергенин айтып ыйлактады. Бирок Мэри аны сооротуп айтты.

– Болдучу, Том, сен жакшы баласың го.

Ал балбалактап отуруп бут кийимин кийди. Мэри тез кийине коюп, үчөө жекшемби мектебине жөнөштү. Мектепти Том жаман көрсө, Сид менен Мэри жакшы көрчү.

Сабак тогуздан он жарымга чейин созулчу, андан кийин дин парздары аткарылчу. Үчөөнүн экөөсү дин парздарына өз ыктыяры менен калчу, үчүнчүсү деле калчу, бирок өтө олуттуу себеп менен калчу. Чиркөөдө аркасы бийик, жаздыгы жок орундуктарда үч жүздөй киши отурчу. Имарат чакан, баёо жасалгаланган, чокусунда карагай талдан куту сыңары жасалган устун орнотулган чиркөө болчу. Эшиктин түбүндө Том бир аз токтоп, салтанаттуу кийинген шериги менен баарлашып калды:

– Токточу, Билли, сенин сары чиптең бар беле?

– Ооба.

– Анын ордуна эмне сурайсың?

– Эмне бересиң?

– Мыя кактан бир кесим, анан балык уулоочу кайырмак берем.

– Кана көргөзчү.

Том көргөздү. Шериги макул болду да, алар буюмдарын айырбаштап алды. Анан Том эки коргол ташын үч кызыл чиптеге, дагы ар кыл майда-чүйдөсүн эки көк чиптеге алмаштырды. Ал чейрек сааттай убактын ичинде улам келген балдардан ар кандай түстөгү чиптелерин сатып алып жатты. Андан кийин оңдонуп-түздөнүп, чуулдаган балдар-кыздарга кошулуп, чиркөөгө кирип барды да, болбогон жерден өзүнө жакын отурган бала менен уруша кетти. Кекирейген, кары окутуучу арачалап койду эле, ал нары басары менен Том астындагы баланы чачынан тартып койду. Тигил бери караганда, Том китеп окумуш болуп калды. Дагы бир баланы ийне менен бир сайып, анын «какый!» дегенин укмаксан болду эле, ал ашата тилдеди. Томдун сыныпташтарынын бардыгы тентек, тынчы жок, чыр балдар болчу. Сабакта жооп берип жатканда, эч кимиси ырды жатка айтып бере алышчу эмес, аларга шыбырап айтып туруш керек эле. Ошентсе да, эптеп аягына чейин айтып, алар Ыйык Жазманын сөздөрү бар кичинекей көк чиптени сыйлыкка алышчу, ар бир көк чипте эки сап ырды жатка айтуунун акысы эле.
Он көк чипте бир кызыл чиптеге барабар, ошондой эле нарк¬та алмаштырса болот, он кызыл чипте бир сары чиптеге теңелет, он сары чиптеге мектеп мүдүрү окуучуга мукабасы арзан Библияны берет (ошол бейпил заманда Библия кырк цент турчу). Эки миң ырды, мейли, Доренин* сүрөттөрү менен деле болсун, Библия китебине жетиш үчүн жаттап алганга окурмандардын канчасынын тырышчаактыгы жана жөндөмү жетет? Бирок Мэри эки жыл тырышып жүрүп, эки Библия алган, ал эми теги немис бир бала төртпү, бешпи Библияга жеткен. Ал бир мертебе үч миң ырды биринин артынан бирин тынымсыз жатка айтып берген, бирок ошондон кийин анын мээси бир нерсе болгонбу, бала айбан чалыш болуп калды, бул жагдай мектеп үчүн чоң жоготуу болчу, себеби кандай салтанат болбосун көрөрмандарга мүдүр ошол окуучуну чыгарып, Том айткандай, дайыма «өзүн көргөздүрчү». Чоңураак окуучулар гана эптеп эбин таап, өз чиптелерин алып калышчу, сыйлыкка Библия алмакка жөн эле жаттай бергенден аябай жадашчу, андыктан мындай сыйлык сейрек берилген учур унутулгус окуя болчу. Сыйлыкка жеткен ак жолтой окуучу болсо ошол күнү ушунчалык барктуу, ушунчалык көрүнүктүү болчу, аны көргөн башка окуучулар кээде эки аптадай алдастап жүрүшчү. Балким, Том андай сыйлыкка анчалык деле таңсык эместир, бирок анын даңкын жана шаң-шөкөттү чын дили менен эңсегенинде эч шек жок эле.

(*Доре – ХIХ кылымдагы Франциянын сүрөтчүсү)

Ошол күнкү дарста мектеп мүдүрү кафедрага чыгып, кудайга даңаза китебин колуна алып, анын барактарынын арасына сөөмөйүн салып, элден көңүл бурууну талап кылды. Жекшемби мектебинин мүдүрү демейдегидей кыска сөз сүйлөгөндө, сахнадагы жалгыз ырдаган ырчыга нота баракчасы кандай керек болсо, даңаза китеби да ага ошондой керек болчу. Эмне себептен ушундай экени белгисиз: даңаза китебине да, нота баракчасына да бул шордуулар эч качан көз чаптырбайт. Мүдүр отуз беш жаштардагы өңү серт, жээрде теке сакалдуу, кыска сары чачтуу киши эле, анын тике жакасынын үстүңкү кыры кулактарын тиреп, учтуу бурчтары эки ууртуна кадалып турчу. Кашаадай тиреген жакасынан улам бет маңдайын гана кароого мүмкүн эле, каптал жагын карагысы келсе, бүт денесин бурганга туура келчү, эни кагаз акчадай, бапик учтуу жагоосуна мударис ээгин таяп алчу, заманбап бут кийиминин тумшугу, кудум жапкакка окшоп өйдө кайкалап турчу: мындай бут кийимге окшоштуруш үчүн ал кездеги жаштар бут кийиминин тумшугун кайкалатып, дубалдын түбүндө нечен саат бою турушчу, бул талыбас эмгек, кажыбас кайратты талап кылат. Уолтерс мырзанын келбети сүрдүү, пейили ак, өзү акыйкатчыл адам эле. Ал көзүнө бир аз адал көрүнгөндүн баарын эле өтө кадырлачу, динди күндөгү жарандык иштерден өйдө койчу, жекшемби мектебинде жүргөндө болсо, күн сайын сүйлөгөн үнүнөн башка үн менен сүйлөгөнүн өзү да байкабай калчу. Кебин ал мындай баштады:

– Эми балдар, силерден бир суранарым, мүмкүн болушунча тынч, түз отургула, бир пас менин кебимди көңүлүңөрдү кунт коюп уккула. Кеп мында. Адептүү балдар өзүн мына ушундай алып жүрүшү керек. Тигине бир кыз терезени тиктеп отурат, балким, ал мени бөлөк жерде жүрөт десе керек, балким, мен талдын башына чыгып алып, чымчыктар менен кеп куруп жаткандырмын. (Күлкү менен коштолду.) Нечен татынакай, нечен таза балдар бул жерге туура жүрүп, адептүүлүктү үйрөнөйүн деп келгенин көргөнүмдүн өзү эле кандай сонун нерсе экенин айткым келет.

Мына ушундай жана ушул сыяктуу сөздөр. Мындай сөздөрдү акырына чейин мисал келтирүүнүн бул жерде кажети жок го дейм. Ал сөздөр эч өзгөрүлбөс калыпта түзүлгөн, дал ошол себептен алар бизге ушунчалык тааныш.

Тигинин кебинин акыркы үчтөн бир бөлүгү жаман балдардын арасындагы чыр-чатак, дагы башка оюн-тамаша, ошондой эле ар кандай күбүр-шыбыр менен коштолуп, ал бейбаш жосундар акырындан жайылып отуруп, дегеле кенебей, аскадай камырабай отурган Сид менен Мэриге дагы жетти. Бирок арт жагында Уолтер мырзанын соңку сөзү ызы-чууну токтотуп, анын кеби жымжырттыкка бөлөнүп барып бүттү.

Шыбыр өзгөчө күтүлбөгөн, сейрек болуучу окуядан, меймандардын келишинен улам башталды: укукчу Тетчер бөкчөңдөп калган бир чал, орто жаштагы, чачы коргошундай сурдалган ыкчам кыймылдуу бир киши жана тигил кишинин зайыбы болсо керек, сүрдүү бир аял менен кирип келди. Аял кызын ээрчитип алыптыр. Том тынч отура албай, кабатыр болуп, сарсанаага батты, ал Эйми Лоуренстин көзүн тике карай албай жалтактап, анын жоодураган мөлтүр көз карашына тайсалдай түштү. Анткени менен кичинекей чоочун кызды көргөндө, анын көңүлү көтөрүлүп, жүрөгү балкыды. Анан ал жан талашып балдарды түрткүлөп, алардын чачтарын тарт¬кылады, өңү-башын тыржалаңдатты, кыскасы, кыздын көңүлүн өзүнө буруп мактаныш үчүн билген өнөрүн бүт көрсөттү. Бир гана иренжиткени – ал перизатты издеп бакка барганда үстүнө жугунду төгүп жибергени болчу, бирок көңүлүн жибиткен бакыт толкуну аны да жууп кетти.

Меймандарды төргө отургузгандан кийин Уолтерс мырза сүйлөп бүтүп, аларды мектеп окуучуларына тааныштырды. Орто жаштагы киши өтө жогорку даражадагы адам болуп чыкты, көрсө, ал аймактын соту экен, мындай адамды балдар биринчи көрүшү эле, ошондуктан алар бир чети тигинин кандай заттан жаралганын билгенге, кантип кыйкырарын укканга ынтызар болсо, бир чети чочулап да турушту. Ал Константинополдон экен, он эки чакырым алыстыктан келиптир, демек, ал саякат кылып, дүйнөнү кыдырып көрүптүр. Дал ушул көздөрү менен үстү тунуке менен жабылган аймактык соттун имаратын көргөн тура. Ушундай суктанууну туудурган анын асердүү аброюн жымжырттык, анан аны кадала тиктеген көздөр айгинелеп турду. Ал бул жердин жактоочусунун бир тууганы атактуу сот Тетчер болчу. Улуу киши менен тааныштыгы бар экенин көрсөтүп, Жеф Тетчер дароо алдыга умтулду да, мектептегилердин ичин күйгүздү.

– Карачы, Жим! Ал тиякка баратат. Көрдүңбү, ага колун сунганы жатат, ана кол алышты! Ой, тобо! Сенин да Жефтей болгуң келеби?

Ушундай шыбырды анын кулагы чалып калса, анда ал анын кулагына жагымдуу обондой гана угулмак.

Уолтерс мырза өзүнүн билерман, иштермандыгын көрсөткөн болуп, туш тарапка буйрук берип, ар кимди үйрөтүп, көзүнө илингендерди ка¬гып-силкип жүрдү. Китепканачы болсо майда-чуйда башкаруучуларга жବгы¬нып, ызы-чуу салып, топ-топ китептерди ташып, эки жакка жүгүрдү. Буга чейин кичине балдарды сөөмөйүн көрсөтүп опузалап, жакшы көргөндөрүн сүймөнчүк менен далыга чапкылаган жаш мугалим айымдар болсо окуучуларына эми жылмайымыш этип ийилип жатышты. Жаш мугалим мырзалар болсо анча-мынча тилдемиш болуп, биртике бийлигин көрсөтүмүш этип, тартипке көңүл бурган түр көрсөтө башташты. Мугалимдердин бардыгы, эркеги болобу, аялы болобу, кафедранын жанындагы китеп салгыч жабандан бирдеме алгысы келгенсип, иши барлары да, жоктору да ал жерге үч-төрт жолудан барып келишти. Кыздар дагы өздөрүн ар кандай көрсөттү, балдар болсо тырышчаактыгын ушунчалык көрсөткүсү келип, тегерегинин баарын чайналган кагаз менен ызы-чуунун күрү-гүүсүнө толтурушту. Анан ушунун бардыгына үстүртөн көз жүгүртүп өзүнүн укукчул жылмаюусу менен даңкынын нуруна бөлөнүп, улуу адам отурду, анткени ал да өзүн көргөзүп жаткан.

Чыныгы бакытка бөлөнүү үчүн Уолтерс мырзага бир гана нерсе жетпей турду: азыр ал сыйлыкка Библияны тапшырып, өз билимин көрсөтсө, кандай сонун болмок. Айрым окуучулардын сары чиптелери бар болчу, бирок биринде да жетиштүү көлөмдө эмес эле, муну ал өзү эң мыкты окуучулардан сурап билген. Эгер тигил немис бала кайра акылына кирсе, ал бүт дүйнөсүн берүүгө даяр эле.

Дал ошол маалда, үмүт үзүлүп турганда, Том Сойер тогуз сары, тогуз кызыл, он көк чиптеси менен алдыга чыгып, Библияны талап кылды. Чайыттай ачык асманда капыстан күн күркүрөгөндөй эле болду. Уолтерс мырза бул жак Библияны болочоктогу он жылда да талап кылат деп эч күткөн эмес. Анткени менен айла жок – кол коюлган чектер жанында турат, таптатынакай бойдон. Том сот жана башка аттуу-баштуу кишилер турган жерге чыгарылды, анан бул чоң жаңылык төрдөн туруп жарыяланды. Бул акыркы он жылдагы өтө чоң таасир калтырган эң таңгалыштуу окуя болчу. Ал жаңы каарманды заматта соттун деңгээлине жеткирди да, эми мектептегилер бир эмес, эки кереметти дароо көрүп турушту. Балдардын бардыгы ичинен чыйпылыктады, бекеринен кашааны актаган ишине сатып чогултуп алган Томдун байлыгына чиптелерин бере коюп, болбогон жерден жеңүүчү болуп чыга келгендин күлпөңүнө өздөрү жардам бергенин түшүнгөндөрдүн ичи өзгөчө ачышты. Мындай амалкөйдүн алдаганына ишенип, жыланга жем болуп бергендиги үчүн өздөрүн абдан жек көрүштү.

Сыйлыкты Томго жамгырдай жааган сөздөр менен тартуулашты. Мүдүр өз сөздөрүн айласыздан кысталып сүйлөдү, бирок анын үнүндө чындап шыктануунун жышааны жок болчу. Бечара мүдүр бул жерде бир сыр бар экенин сезип турду: он эки ырды жаттай албаган бул шумпай Библиянын эки миң ырын көкүрөгүнө кантип түйүп алсын? Том бирде сыймыктанып, бирде сүйүнүп, Эйми Лоуренс аны өңүнөн билсе экен деп далалат кылды, бирок тигил аны карап да койгон жок. Кыз ойго батты, анан кичине чурмуя түштү, андан соң бирдемеден шексинди, кайра бир туруп шекшип, бир туруп оңоло түшөт, аңдый баштады, күтүлбөгөн жерден келген күдүк ой анын сарсанаасын көбөйтүп, жүрөгүн туталантты: ал ызасы менен ачуусунан ыйлай турган болуп калды. Ал бүт дүйнөнү жек көрүп кетти. Өзгөчө Томду – кыздын өзүнө ушундай сезилди.

Томду сотко тааныштырышты, бирок анын тили буулуп, жүрөгү дүкүлдөп, деми кыстыгып кетти – бул бир жагынан ал кишинин ушунчалык улуулугунан, бир жагынан ал тигил кыздын атасы болгондуктан. Эгерде караңгы болгондо, Том соттун бутуна бүк түшүп, сыйынып жибермек. Сот колун анын башына коюп: – Мыкты бала экенсиң, атың ким? – деп сурады. Бала дел болуп, мукактанып барып, анан зорго ооз ачты:

– Том.

– Жок, Том эмес, кандай десем...

– Томас.

– Дал ушундай. Мен дагы ойлодум эле, атың бир аз узунураак болушу керек деп. Эң жакшы. Эми аты-жөнүңдү толук айтып берет болушуң керек, туурабы?

– Мырзага аты-жөнүңдү толук айтып бер, Томас, – деди Уолтерс, – Анан «таксыр» деп кайрылганды да унутпа, адеп дегенди унутпашың керек.

– Томас Сойер... таксыр.

– Туптуура! Бул жакшы бала экен. Мыкты бала. Кичинекей болгону менен эр экен. Эки миң ыр деген эң эле көп да, өтө көп. Сен буга көп күч коротконуңа эч өкүнбө, билим деген эң баалуу нерсе, ал адамды улуу да, жакшы да кылат, сен дагы бир кезде улуу, мыкты киши болосуң, Томас. Ошондо сен артыңа карайсың да, ушуга бала кезимдеги жекшемби мектебинде окуган күндөрүм себепкер, мени билимге үйрөткөн ардактуу мугалимдериме, мага баш-көз болуп, түбөлүккө менчигим болуп сактала турган мына бу татынакай, кооз Библияны тартуу кылган мыкты мүдүрүмө милдеттүүмүн, ушунун баары туура тарбиянын натыйжасы дейсиң. Сенин айта турган сөзүң ушул, Томас. Анан ошол эки миң ырды сен башка эч кандай акчага теңебейсиң, эч теңебейсиң да. Эми сен мага жана бул айымга жаттагандарыңан айтып бергенге каршы эместирсиң? Каршы эмессиң да, себеби биз жакшы окуган балдар менен сыймыктанабыз. Эми пайгамбарыбыздын он эки жандоочусунун аты сага белгилүү экенинен күмөн санабай койсок деле болсо керек? Балким, сен бизге алгачкы экөөнүн атын айтып коёрсуң?

Башында Том топчусун кармалап, койдон жоош турган. Эми кызара түшүп, жерге тигилди. Уолтерс мырзанын жүрөгү түшүп калды. Ал өзүнчө ойлоду: бул бала жөнөкөй суроого жарытып жооп бере албайт эле, сот эмнеге эле сурап калды экен? Канткенде да ал бир нерсе деши керек да, ошондуктан ал үн катты:

– Таксырга жооп бер, Томас, коркпо.

Том дале унчукпай турду.

– Билем, азыр ал жооп берет, – деди айым. – Алгачкы эки жандоочтун аты...

– Дөөтү менен Гөлүйө*!

(*Ыйык китептердеги кейипкерлер /Давид жана Голиаф/)

Эми бул сахнаны ырайымдуулук пардасы менен жаап туралы.

 

Бешинчи бап. КАНДЕК ЖАНА КЫПЧЫКЕЙ КОҢУЗ

Саат он жарымдарда кичинекей чиркөөнүн жаракалуу коңгуроосу чалынып, эртең мененки табынууга эл чогула баштады. Жекшемби мектебинин шакирттери чиркөөнүн туш тарабынан жайнап келип, ата-энелери менен чогуу орун алды, анткени алар көз жаздымда калбашы керек эле. Полли таеже да келип, Том, Сид менен Мэри анын жанына отурду. Томду ачык терезеден, азгырган жайкы кереметтен мүмкүн болушунча алыс отурсун деп, эки катардын ортосуна жакыныраак отургузушту. Чиркөөнүн ичи элге жык толду: учурунда тың жүрүп, эми жакырланып калган кары почтмейстер, мэр аялы менен (бул кичине шаарда эч нерсеге жараксыз нерселер менен кошо мэр дагы бар болчу), калыс укукчу, жесир Дуглас, ал ак жуумал, сулуу чырай, жашы кырктарда, ачык мүнөз, жоомарт жана байлыгы менен бардыгына таанымал, шаардагы жалгыз ак сарайдын ээси, эң меймандос жана Сент-Питерсбургду даңазалаган мыкты майрамдарды уюштуруучу айым, бели бакандай ийилген, бирок урматтуу майор Уорд зайыбы менен, кайдандыр бир алыс жаткан келип, туруп калган атактуу укукчу Риверсон, кийинкиси шаарчанын сулуусу, жанында аны коштогон, чүштө менен тесмеге оронгон, нечендерди жүрөкзаар кылган бийкечтер бар, артынан бетмай сүртүнгөн, бийкечтерге ашык болгон шаардын жаш кызматчылары кирди, алар акыркы селки өтүп кеткиче асаларынын туткасын соруп, далисте тегерек тизилип турушту, эң соңунда үлгүлүү бала эсептелген Вилли Мафферсон кирди, ал апасына тим эле быркырап кете турган шише сыяктуу кылдат мамиле кылчу. Ал дайыма апасын чиркөөгө жеткирчү, ошондуктан аны энелердин баары жакшы көрчү. Балдардын баары аны жек көрүшчү, анткени ал ушунчалык жакшы бала да. Анткени менен аны дайыма башкаларга үлгү катары көрсөтүшчү. Жекшемби сайын, кокусунан болгонсуп, анын аппак жүз аарчысы арткы чөнтөгүнөн чыгып турчу, Томдун жүз аарчысы жок эле, ал жүз аарчысы бар балдарды бүт мактанчаак көйрөң дечү.

Табынуучулар толугу менен чогулду, эми ыкшоолор менен кенебестерди эскертип, коңгуроо дагы бир чалынды, анан чиркөөнү салтанаттуу жымжырттык каптап, аны бийик далистеги ырчылардын кыткылыктаганы менен шыбыры гана бузуп жатты. Ырчылар табынуу бүткөнчө кыткылыктаганы менен шыбырашканын токтотушкан жок. Ал кезде жалгыз бир гана чиркөөнүн ырчылары адеп-ахлагы жактан аты чыккан, бирок мен ал чиркөөнүн каерде экенин унутуп калдым. Ага көп жыл болуп калды, ошондуктан ал жөнүндө чала-була менин эсимде бар, бирок ал кайсы бир чет өлкөдө болсо керек деп ойлойм.

Чиркөө кызматкери даңаза ырын бул аймактагыларга жаккан өзгөчө бир кыраатта берилип окуду. Анын үнү алгач коңур чыгып, анан бара-бара бийиктеп, андан кийин эң бийик жерине жеткенде, муздак сууга секирип түшкөн кишидей болуп, акыркы сөздөрүн катуу окуду:

Жүрөр белем бейиш гүлүн оронуп кол жетпеген кең көктө,
    Башкалары кан кечип, эркиндик деп күрөшсө?..

Ал дасыккан сөзмөр киши катары белгилүү болчу. Чиркөөдөгү «жы¬йындарга» аны дайыма ыр окутуш үчүн чакырышчу, ал окуп бүткөндө, аялдардын баары колдорун өйдө көтөрүп, кайра шайы кеткенсип тизелерине түшүрүп, көздөрүн алайтып, баштарын чайкап шыбыранат: «Сөз менен айтып болбойт, укмуш, бул биздин жалган дүйнө үчүн өтө эле укмуш».

Даңаза ырдалып бүткөндөн кийин Спрэг мырза жарыя тактасы тарапка бурулуп, жыйналыш, чогулуш, дагы ушул сыяктуу «жаңылыктарды» окуй баштады – бул кызык салт гезит деген нерсе чыгып калганына карабастан, бүт Америкада, чоң шаарларда да ушул күнгө чейин колдонулуп келатат. Көп учурда адатка айланган салттар канчалык актаганга арзыбаса, ошончолук андан кутулуш да кыйын болот.

Эми чиркөө кызматкери сыйынууга өттү. Анын мунажаты өтө узун, мыкты окулду, ал мунажатында эч кимди унуткан жок: чиркөөнү дагы, чиркөөгө келген балдарды дагы, шаарчадагы башка чиркөөлөрдү дагы, шаарчанын өзүн дагы, өлкөнү дагы, өзүнүн штатын дагы, штаттагы бардык төбөлдөрдү дагы, Кошмо Штаттарды дагы, Кошмо Штаттардагы бардык чиркөөлөрдү дагы, Конгрессти дагы, Президентти дагы, өкмөт кызматкерлерин дагы, бороондо сүзүп жүргөн байкуш деңизчилерди дагы, Европанын падышалары менен Чыгыш зулумдарынын тепкисинен эзилген миллиондогон элдерди дагы, жагымдуу жана жакшы кабарды кабыл алган, бирок кулагы болсо да укпаган, көзү болсо да көрбөгөн калктарды дагы, деңиздин ыраакы аралдарындагы бутпарастарды дагы атап сыйынды. Анан эл диний кызматкердин сөздөрү максатына жетсин, кунарлуу болуп жерге түшүп, сепкен үрөн убагында өнүп, мол түшүм берсин деп чокунуп жыйынтыктады. Омийин!

Аялдардын белдемчилери шуудурап, чиркөөгө келгендер ордунан туруп, кайра отурушту. Бул китепте баяндалган балабыз болсо, мунажатка кубанмак түгүл, зорго чыдады, айласыз эле отурду. Мунажат бүткөнчө шашып, ал ордунда өйдөлөй берди, дубанын маанисин түшүнбөй эле, эмнеге сыйынып жатканын санап турду, мунажатты уккандай деле болгон жок, бирок анын мааниси ага мурунтан белгилүү эле, ал эле эмес, алардын кайсынысы кайсындан кийин айтылары да маалым болчу. Дин кызматкери өз оюнан чыгарып сүйлөгөндө, Том ошол замат анын маанисин иле калып ачууланды, ал минтип кошумчалаганды жалган, көз боёмочулук дечү. Мунажаттын жарымысына келгенде, орундуктун үстүнө, дал Томдун бет маңдайына, бир чымын конду да, анын тынчын алды. Чымын бир туруп буттарын бири-бирине сүрүп калат, бир туруп башын кашып кирет, антсе башы денесинен бөлүнүп кете жаздайт, моюну болсо, ичке жиптей сороёт, кээде буттары менен канаттарын сылап калат, аларды чапанынын этегиндей эле тарткылайт, дегеле өзүн коопсуз сезип, шашпай тазалана берди. Томдун колдору кычышып, аны кармагысы келди, бирок кармаганга батынбады: мунажат маалында алагды болгон киши түз эле тозокко түшөрүнө ал чындап ишенчү. Ошентсе да, дин кызматкеринин акыркы сөздөрү айтылып жаткан кезде ал колун сунуп, алдыга жылды да, ''омийин'' деген маалда чымынды бир шилтеп колго түшүрдү. Тигинин кылыгын көрүп калган Полли таеже чымынды коё бердирди.

Дин кызматкери жазылганды бүт окуду да, болбогон бир тажаткыр нер¬селерди күңкүлдөгөн үн менен баяндай баштады, кептин мааниси тозок менен түбөлүк азаптар жөнүндө болсо да, отургандардын көпчүлүгү үргүлөп кетти, бейишке чыга тургандардын санын дин кызматкери бир уучка жеткирди, ошондон кийин эч кимдин бейишке чыкканга убайым тартышынын кажети жок болуп калды. Том накыл сөздөрдүн канча бет экенин эсептеди: чиркөөдөн кийин ал канча бет окулганын дайыма билчү, бирок аларда эмне айтылганын эч түшүнчү эмес. Бул жолу ал көп болбосо да, накыл сөзгө анча-мынча көңүл бурду. Дин кызматкери бул дүйнөдө бейиш кантип орной турганын, ааламдын эли жайнап, арстан менен козу чогуу жатып, экөөнү тең наристе бала жетелеп жүрөрүн өзгөчө бир көркөмдүк менен, абдан элестүү сүрөттөп берди. Бирок көңүлдү эргиткен, таалим берген, адепке үйрөткөн бул кереметтүү баян Том үчүн негизги маанисин жоготуп койду: ал эми бүт элдин көз алдында ошондой башкы каарман өзү болуп калса, ошол баланын ордунда өзү болсо, ал эми жанында арстан, анда дагы колго үйрөтүлгөн арстан болсо деп тиледи.

Эми Том кайрадан кыйнала баштады, себеби күтүлбөгөн жерден кайдагы бир обу жок нерселерди ойлой берди. Бир маалда ал бир байлыгын эстей коюп, чөнтөгүн сыйпалап, анысын алып чыкты. Ал тумшугу бир укмуш кара коңуз эле, Том аны ''кыпчыкей'' деп атачу. Коңуз чакмак салчу кутуда эле. Анын биринчи эле кылган жоругу – Томдун сөөмөйүнө асылды. Том колун силкип жибергенде, тигил орундуктардын арасына ыргып кетип, чалкасынан жатып калды, Том болсо, манжасын оозуна сала койду. Коңуз тыбыраган бойдон буттарын тыбырчылатып, көмкөрүлө албай жатты. Том аны тиктеп, алайын деп аябай аракеттенди, бирок тиги андан алыс эле. Отургандардын айрымдары накыл кептен кызык эч нерсе таппай, коңузду эрмектеп, көз кыйыгы менен карап жатышты. Бир кезде ал жерге жай аптабынан акактаган бир тармал жүндүү кандек шимшилеп кирип келди. Камалып жатып буулуккан окшойт, ит эркиндикти абдан эңсеп калыптыр. Коңузду көрө коюп ал жандана түштү да, куйругун шыйпаңдатты. Өз олжосун айланып келип, анан жакындабай шимшилеп, дагы бир жолу айланды, андан кийин бир аз үйүр алды окшойт, жакындап келип, дагы жыттады, акыры тиштерин арсайтып, коңузду тиштемек болуп келатып, жаза тайып калды, дагы бир топ ирет тиштегенге аракеттенди, ошентип, бул ишине аябай кызыкты, коңузду астынкы эки буту менен кармай турган болуп, көмкөрөсүнөн жатты, оюнун улантты, соңунда коңуз менен ойногусу келбей калды көрүнөт, көңүлү сууп, аны карабай калды. Иттин көзү илинип кетип, башы шылк этип, тумшугу менен коңузга сайылып калды эле, тигил анын тумшугуна жабышты. Ит кыңшылап башын силкип жиберди. Коңуз эки кадам жерге учуп барып, кайрадан чалкасынан жатып калды. Муну көргөндөр оозун кымтып күлүп жиберишти, бирлери жүз аарчысы менен оозун басышты, аялдар желпигичтерине далдаланып алды. Томго бул аябай жакты. Сыртынан ит макоодой көрүндү, аны өзү да сезсе керек, коңузга аябай жини келип, биротоло эрегишип алды. Ит коңузга жакын келип, акырын ага дагы чабуул койду: курчап тооруп, аны улам ар жактан качырып кирип, коңуздун дал түбүн буту менен чапкылады, дагы басып барып, тиштерин кычыратты, кулагын салаңдатып, башы менен силкинди. Бирок бир пастан кийин ал коңуз менен ойногонун токтотуп, чымынды кууп жөнөдү, андан дагы тажады көрүнөт, тумшугун ылдый түшүргөн бойдон кумурскаларды кууду. Бир пастан кийин андан да жадады, ал оозун ачып эстеди да, демин ичине тартып, коңуз жөнүндө биротоло унутуп коюп, анын үстүнө отуруп алды. Бир маалда денеси ачышкандай катуу каңкылдаган үн чыкты да, кандек ордунан секирип туруп, орундуктарды аралап зымырап жөнөдү, кыңшылап чиркөөнүн үстүнкү бөлмөсүнүн алдынан өттү, жолдун туш тарабына алмак-салмак чыгып, сыртта нары-бери чуркады, кыңшылап кайра жолго түштү, денеси ооруганынан жаны жай алалбай, жүндөрү саксайып, белгисиз бир куйруктуу жылдызга окшоп, өз огу менен безе жүгүрүп баратты. Акырында эти ачышып кайсалаган байкуш кандек ээсинин тизесине секирди эле, ээси аны көтөрүп барып, терезеден сыртка ыргытып жибергенде, ит чыйпылыктап каңкылдаганын бара-бара басаңдатып, алыстаган сайын үнү угулбай калды.

Ошол кезде күлкүсүн токтото албаган табынуучулар кызарып чыгышты, дин кызматкери болсо, өз сөзүн токтотуп турду. Мунажат кайра тез эле башталды, бирок тигил мукактанып, улам токтой калып жатты, себеби чиркөөдөгүлөрдүн баарынын көңүлүн эми накыл сөздүн маанисине буруу кыйын эле. Жада калса, байкуш дин кызматкери обу жок тамашалуу бир нерсени айтып жибергенсип, табынуучулар орундуктардын бийик жөлөнгүчүнө далдаланып алып, анын кайгылуу сөздөрүн кытмыр күлкү менен угушту. Бул сыноо соңуна чыгып, дин кызматкери жамаатка батасын бергенде, бардыгы ушунчалык жеңилдей түштү.

Ар нерсени азыраактан кошо берсе, чиркөөдөгү сыйынуу өзү жаман эмес экен деген ойдо Том Сойер үйүнө көңүлү көтөрүңкү кайтты. Аны бир аз капаландырганы бул болду: ит анын коңузу менен ойногонуна каршылыгы жок эле, бирок коңузду тиштеп алып кеткенге анын акысы жок эмес беле.

 

Алтынчы бап. КАРА ДУБА ЖАНА КЫЗ БАЛАНЫН АРБАЛУУСУ

Дүйшөмбүдө эртең менен ойгонор замат Том кайгыга батты. Дайыма дүйшөмбү күнү эртең менен ушундай болчу, себеби ушул күндөн тарта мектеп түйшүктөрүнүн дагы бир аптасы башталат. Бул күнү ал аптанын ичинде эч качан жекшемби күн келбесе экен деп тилечү, эгер ошондой болсо, анда туткун менен кишен деген ага мынчалык жаман көрүнбөйт эле.

Том ойлонуп жатты. Бир маалда ага мындай бир ой келди: эгер ооруп калсам, анда мектепке барбай койсом болот да. Ошентип, ага окуудан кутулуунун бир жолу көзүнө көрүнө калды. Ал өзүнүн дене-боюн текшерип, бир да дарт таппады, анан ал кайрадан илдет издеп кирди. Бул жолу анын ичи сайгылап ооругандай сезилди, ал чын эле ооруп калгандай. Бирок ошентсе да, ич оорунун белгилери бара-бара азайып отуруп, акырында биротоло жоголуп кетти. Ал дагы ойлонуштурду эле, тез эле башка бир нерсени тапты. Анын үстүнкү бир тиши бошоп калгандай. Бул оюна сүйүнүп, ал онтогонун баштамак болгондо, кайра таежеме тишим ооруйт десем, ал аны оңой эле жулдуруп салып, сазайымды берет деген ойдон чочуду. Тишин кийинкиге калтырып, ал дагы бөлөк бир нерсени караштырмак болду. Көпкө чейин эч нерсе оюна келбей койду. Анан ал бармаксыз калышы ыктымал деген оору жөнүндө дарыгердин айтканын эстеп, эки-үч апта төшөккө жатууну чечти. Ошол замат шейшептин ичинен «ооруган» бармагын чыгарып карап кирди. Бирок оору¬нун кандайдыр бир белгилерин таба албай койду. Ушинтип бир көрмөк болуп, жан талашып онтой баштады. Бирок Сид эч нерсе менен иши жок уктап жатты. Том дагы катуурак онтоду эле, бармагы чындап о¬оруп кеткенсиди. Сид дагы эле капарсыз уктап жатты. Том алы жетишинче онтой берип, акырында демигип да калды. Ал бир пас эс алды да, анан бүт күчүн чогултуп, удаама-удаа катуу онтоп жиберди.

Сид коңуругун тарта берди.

Томдун ачуусу келди. Ал: «Сид, Сид!» – деп тигини силкилдетти. Бул ага таа-сир этти, ошондо Том онтогонун улантты. Сид эстеди, чиренди, чүчкүрдү, чыканагына таянып турду да, Томду карады. Том тынбай онтой берди. Сид кыйкырып жиберди:

– Том! Йа, Том!

Жооп жок.

– Сүйлөчү, Том! Эмне болду сага, Том?

Сид аны силкилдетип, өңүн кабатырлана карады.

– Болду, Сид. Мага тийбе, – деп онтоду Том.

– Эмне болду сага, Том? Таежеңди чакырайынчы.

– Тим эле кой. Балким, басылып калат. Эч кимдин кереги жок.

– Кантип чакырбай коём? Коё тур, Том, карачы онтогонуңду. Баятан бери онтоп атсаң керек, ээ?

– Бир нече саат болду. О кокуй! Оонабачы, Сид, мени тумчуктуруп өлтүрөсүң.

– Эмнеге мени жанатан бери ойготкон жоксуң? Том, болдучу. Онтосоң, бүткөн боюм дүркүрөп атат. Эмне болду сага, Том?

– Сени мен кечирдим, Сид. (Онтоо.) Мага кылгандарыңын баарын. Мен өлгөндөн кийин...

– Кокуй ай, Том, сен өлгөнүң жок. Кой, андай дебе. Балким, дагы...

– Баарыңарды кечирдим, Сид. (Онтоо.) Сид, баарына ушундай деп айт. Анан, Сид, айнек алкагымды, сокур мышыкты тиги жаңы келген бытыкый кызга берип кой, дагы ага...

Бирок Сид кийим-кечесин көтөрүнүп, чыгып кетти. Том кыялына ушунчалык берилип кетиптир, эми чындап эле кыйналды, ошондуктан, анын онтогону чын эле оорукчан кишиникине окшоп калды.

Сид тепкич менен ылдый чуркап кыйкырды:

– Полли апа, тез келиңиз! Том өлгөн атат.

– Өлгөн атат?

– Ооба, апа, ал өлгөн атат! Эмне турасыз, жүгүрбөйсүзбү тезирээк!

– Дөөрүбөчү! Кайдагыны айтпай!

Ошентти да, тепкич менен атырылып жогору чыкты, аны ээрчип Сид менен Мэри чуркады. Полли таеженин өңү бузулуп, эриндери титиреп кетти. Томдун жанына чуркап келип, зорго мындай деди:

– Том, айланайын! Том! Том! Сага эмне болду?

– Таеже, мен...

– Сага эмне болду, садагаң болоюн?

– Таеже, менин бутум чирий баштаптыр.

Полли таеже отургучка көчүк басып, ириде каткырып, андан кийин кайра ыйлап жиберди, анан кайра ыйы дагы, күлкүсү дагы аралашып кетти. Анысы ага кайрат берди:

– Йа, Том, мага кайдагы бир болбогон өнөрүңү көрсөтө бересиң ээ! – деди ал.

Том онтобой калды, бармагынын ооруганы да биротоло басыла түштү. Ал өзүнүн шерменде болгонун түшүндү да, минтти:

– Полли таеже, мен катуу ооруганынан муну гангрена экен дегем, бирок анын артынан тишим биротоло оорубай калды.

– Дагы эмне дейт, кокуй! Тишиңе эмне болду эле?

– Үстүнкү бир тишим бошоп калыптыр, ооруса эле жаным кыйналат.

– Болуптур, болуптур, онтобочу эми. Кел, оозуңду ач. Чын эле, бир тишиң бошоп калыптыр, бирок сен тиш оорудан эле өлүп калбайсың да. Мэри, мага жибек жип менен ашканадан бир баш чычала алып келчи.

Том жалдырап жиберди:

– Кокуй, таеже, коюңуз, суурубаңыз. Тишим такыр оорубай калды. Мындан нары мен силерге дегеле тишим ооруду деп айтпайм. Суурбаңыз, таеже, суранам. Мектептен калгым келбейт.

– И-и, ошентсең. Мектепке барасыңбы? Ушу өнөрүңдүн баарын сен мектепке барбай, балыкка барыш үчүн эле чыгаргансың го дейм, йа? Том, садагаң болоюн, Том, мен сени жакшы көрөм, сен болсо ушу дөөпөрөс жоруктарың менен менин жүрөгүмдү оорутуп, азапка салып атпайсыңбы!

Бул учурда анын тиш оорусун баса турган аспап даяр болуп калган. Кары айым жиптен илгич жасап, бир учун ооруган тишине, бир учун керебетке байлап салды. Анан бир кезде кызарып чок болгон чычаланы баланын бетине тийгизип-тийгизбей жакындатты. Тиши салаңдап, жипке асылган бойдон керебеттин четинде калды.

Бирок ар бир окуянын жакшы жагы дагы болот эмеспи. Том нанүштөдөн кийин мектепке баратканда, жолуккан балдардын ага суктанганын айтпа, себеби анын үстүнкү тиштеринде бир тешик пайда болуп, эми анысы башкача бир укмуштай кылып түкүргөнгө жарап калыптыр. Анын артынан кызыккан балдар топурап ээрчип алды, буга чейин балдар кошоматтанып, дайыма сыйлап жүргөн бир манжасы кесилген бала даңкынан ажырап, унутта калды. Мунусуна тигил аябай чычалады, ызыраңдады, Том Сойердин түкүрүгүндө таңгалыштуу эч нерсе деле жок дегенге өттү, бирок бир бала: «Койчу сени, сен кычып кеткен жүзүмсүң!» – деди, ошондо баркы кеткен баатыр шылкыйып жолуна түштү.

Көп өтпөй Том шаарчанын кичинекей селсаягы, Сент-Питерс¬бургдун аракечинин уулу Хеклберри Финнге жолукту. Шаарчадагы энелердин бардыгы Хеклберри Финнди тим эле жек көрүп, андан чочулап турушчу, аны жалкоо, тентек жана бейбаш деп, өз балдарын аны көргөндө кубанып, аны менен чогуу болгусу келгендиги үчүн тилдеп, ага окшоп жүрүүгө катуу тыюу салышкан. Башка жакшы үй-бүлөнүн балдарындай эле ага дагы таанышууга катуу тыюу салынган селсаяк Хеклберринин абалына Том суктанчу. Дал ошондуктан, шарты келгенде Хек менен ойноп калчу. Хек묬берри дайыма чоң кишилерден арткан кир, албырап тамтыгы чыккан жыртык кийимдерди кийип жүрчү. Калпагы кырлары тытылып, бир жагына кыйшайып калган далдайган бир нерсе болчу, эгер кийген күрмөсү болсо, анда анын этеги согончогуна чейин салаңдап, арт жагындагы топчулары белинен өтө түшүп, шымы болсо ычкырынан байланып, көчүк жагы кудум каптай болуп шалбырап турчу, жыртык багалектери тизесинен өйдө түрүп албаса, ылай болуп жүргөнү жүргөн эле.

Хеклберри каалагандай келип, каалагандай кетчү. Күн ачык учурда бирөөнүн эшигинин алдында, жаан жааганда бир бош чапчактын ичинде түнөчү. Ал мектепке да, чиркөөгө да барчу эмес, эч кимди тоготчу эмес, каалаганда балык кармаганы же сууга кирингени барып, дайранын боюн¬да каалашынча отурчу, аны андай тур, мындай тур деп эч ким тескечү эмес, түн жарымына чейин ойноп жүрө берчү, жазгысын көчөгө эң алгач жылаңайлак чыкчу да, күзгүсүн бардыгынан кийин бутуна бир нерсе кийчү, кийимин тазалап, жуунуштун ага кажети жок эле, ал мушташта дагы кыйын болчу. Бир сөз менен айтканда, турмушта болгон жыргалдын баары ушул балада эле. Сент-Питерсбургдагы тың үй-бүлөлөрдө күндө жеме жеп, буулуккан балдардын бардыгы ушундай деп ойлочу. Том эми ушул зайыппуруш селсаякты кепке чакырды:

– Салам, Хеклберри!

– Сага дагы салам, өзүңө жаккандай болсун саламың.

– Алдагы колуңдагы эмнең?

– Өлүк мышык.

– Мага дагы көргөзчү, Хек. Жаман какчыйыптыр го! Муну каерден алдың?

– Бир баладан сатып алдым.

– Ордуна эмне бердиң?

– Көк чипте менен кушканадан алган табарсыкты бердим.

– Көк чиптени каяктан алдың?

– Бен Рожерстен карскан айланта турган таякка алмаштырып алгам.

– Йа, Хек, бу өлүк мышыгың эмнеге керек, йа?

– Эмнеге дейсиңби? Сөөлдү кетирет.

– Койчу, андай эмес! Мен андан дагы жакшы дарыны билем.

– Кайдан, билбейсиң! Ал эмне деген дары?

– Сасык суу.

– Сасык суу? Сасык сууң эчтекеге жарабайт.

– Кантип жарабайт? Сен аны менен жууп көрдүң беле?

– Жок, жууган эмесмин. Тиги Боб Таннер жууптур.

– Аны сага ким айтты?

– Ким дейсиңби? Ал Жеф Тетчерге айтыптыр, Жеф Жонни Бейкерге, Жонни Жим Холлиске, Жим Бен Рожерске, Бен бир негрге айтыптыр, ал негр келип мага айткан. Мына ушундай!

– Анан эмне болуптур? Бардыгы калп айтат. Негрден бөлөгүнүн баары. Мен аны тааныбайм, бирок жалган сүйлөбөгөн негрди да эч көрө элекмин. Мунуң болбогон кеп! Андан көрө, сен Боб Таннердин кандайча айыкканын айтып берчи.

– Кандай дарыланмак эле. Чириген дүмүрдөгү жамгырдын суусу толгон чуңкуруна эле колун малып коюптур.

– Күндүз элеби?

– Анан качан болмок эле.

– Дүмүрдү карап туруппу?

– Ооба. Менимче, ошондой болушу керек.

– Бирдеме айтыптырбы?

– Жок, эчтеке дебесе керек. Билбейм аны.

– А-а, кокуй десе! Сөөлдү кайсы макулук ушинтип кетирет? Андан эчтеке чыкпайт. Токойдогу чирик дүмүрү бар, аябай чытырман токойлуу жерге барып, анан түн ортосуна чейин тескери бурулуп туруш керек, кийин колун сууга малып, анан мындай деш керек:

Арпа дан, арпа дан, инди тамак-ашынан,
    Сасык суу, сасык суу, сөөлүмдү кошо жутуп жуу.

Анан көздү жуумуп, тез-тез басып, он бир кадамга алыстагандан ки¬йин, бир ордуңда үч жолу айланыш керек, ошондон кийин гана унчукпай үйгө барыш керек, кокус бирөө менен сүйлөшүп койсоң эле, анда айыкпай каласың.

– Жакшы, мунуң чындап жакшы ыкма көрүнөт. Бирок Боб Таннер мындай кылган эмес.

– Жок, мырза, ал анткен эмес. Ал шаар боюнча эң көп сөөлү бар бала. Эгер ал сасык сууну кандайча колдонушту билсе, анда анын бир да сөөлү калмак эмес. Мен деле жайнаган сөөлүмдү ошентип кетиргем, Хек, мен бакалар менен көп ойнойт эмесминби, ошон үчүн мага сөөл көп чыгат. Сөөлдү мен лоя менен дагы кетирем.

– Туура, лоя да жакшы. Мен дагы ошенткем.

– Койчу? Сен лоя менен канттиң эле?

– Лояны аласың, кабыгын аарчыйсың, анан сөөлдү канатып кесесиң, чыккан канды лоянын бир жагына тамчылатып, ай толгон түн ортосунда жолдун кесилишкен жерине чакан бир чуңкур казасың да, аны көмүп коёсуң, экинчи жагын өрттөп салыш керек. Эми түшүндүңбү, тиги кан болгон бетичи, ал ар дайым тескери бетин өзүнө тартат, кан болсо сөөлдү тартат, ошентип сөөл бат эле жок болот.

– Ооба, туура, Хек, бирок көмүп атканда: «Чөккүн, лоя, сөөл кет, кайрылбагын балекет!» десең жакшы болот. Билесиңби, Жо Харпер да ушинтет, анын дегеле барбаган жери калган жок! Тиги Кунвиллге чейин барган. Эми өлүк мышык менен сөөлдү кандайча жок кылат?

– Кандайчабы? Оп-оңой: иттей күнөөлүү кишини көмгөндө түн жарымында мышыкты мүрзөгө алып барасың, дал ошол түнү аерге шайтан келет, балким, эки-үч шайтан келет. Алар сага, албетте, көрүнбөйт, болгону дуулдаган шамалдын үнү угулат, балким, шайтандардын сүйлөшкөнү да угулат. Дал ошол маалда алар күнөөкөрдү алып кетет, так ошондо мышыкты аркасынан ыргытып туруп: «Шайтан өлүктү ээрчи, мышык шайтанды ээрчи, сөөл мышыкты ээрчи, менден тезирээк кетчи!» – дешиң керек. Ошенткенде сөөлдүн баары жоголот.

– Мунуң да туура. Өзүң ушинтип көрдүң беле, Хек?

– Жок, бирок мага Хопкинс-эне айткан.

– Анда туура экенине ишенем. Анткени аны бардыгы мастан кемпир дейт го.

– И-и. Анын мастан экенин каяктан билем дебейсиңби. Ал бир жолу атамды дубалаган. Атам өзү айтып берген. Бир жолу атам келатса, кемпир аны арбап, дуба окуп атыптыр, атам ошондо таш ала коюп, кемпирди көздөй ыргытыптыр, эгер тиги буйтап кетпегенде, түптүз барып тиймек экен. Ошол түнү атам сарайдын үстүнө мас бойдон чыгам деп, аяктан кулап түшүп, колун сындырып алыптыр.

– Ой, тобо! Атаң анын дубалап атканын кантип билиптир?

– Йа, кокуй, атам аны оңой эле билет. Ал айтат, мастан кемпирлер сени тике караса эле, анда алар сени дубалаганы дейт. Өзгөчө алар бирдекени шыбырап атса, анда иштин бүткөнү. Алар кобурады эле, анда «Биздин ата-бабабыз» дегенди окуп, тескери бата бергени ошол.

– Йа, Хек, сен мышыкты мүрзөгө кайсы убакта алып барасың?

– Бүгүн түнү. Менимче, бүгүнкү түнү шайтандар как баш чал Уильямска келиши керек.

– Аны ишембиде эле коюшпады беле. Ошол ишембинин түнүндө аны алып кетишкен жок дейсиңби?

– Сен эмне деп атасың? Дуба түн ортосуна чейин тарабай турмак беле? Түн жарымынан оогондон кийин жекшемби күн болот. Жекшембиде шайтандар ар жерде эле темселеп жүрмөк беле?

– Аның да туура. Эмнегедир аны ойлобоптурмун. Мени да кошуп албайсыңбы?

– Коркпосоң, кошуп алам.

– Менби? Эмнеден коркмок элем? Мени сен мыёолоп чакырасыңбы?

– Ооба, сен да мени мыёолоп чакырышың керек. Баягыда сени мыёолоп чакырып атсам, Хейс чал мени таш менен уруп: «О, шайтандын мышыгы!» – десе болобу. Мен анын терезесин кыш менен ургам, бирок сен бу жөнүндө эч кимге айтпа.

– Мейли, айтпайм. Анда сени мыёолоп чакырганга болбойт эле, аркаман таежем аңдып жүргөн. Бүгүн болсо мыёолойм. Мунуң эмне?

– Эчтеке деле эмес, кене эле.

– Аны каяктан алдың?

– Тияктан... токойдон.

– Муну канчага сатасың?

– Билбейм. Сата турган оюм жок.

– Оюң жок болсо, анда анын кереги деле жок. Анын үстүнө кенең дагы кичинекей экен.

– Ооба, бирөөнүн кенесин шылдыңдаш оңой. Мен болсо кенеме ыраазы элемин. Мага ушу деле болот.

– Кене бардык жерде толуп атат. Каалаганда, андайдын миңин чогултуп алам.

– Анда эмнеге чогултуп алган жоксуң? Бириң да аны таппайсың, муну сен жакшы билесиң. Мындай кене эрте чыгат. Мен муну быйыл биринчилерден көрдүм.

– Йа, Хек, мунуң үчүн мен сага тишимди берейин.

– Канакей, көрөйүнчү?

Том тиш оролгон кагазды алып чыгып, секин жайып көрсөттү. Хеклберри аны кызыгып карап калды. Абдан кызыкты окшойт, бир аздан кийин ал сурап жиберди:

– Мунуң эмне, чын эле тишпи?

Том эринин көтөрүп, тиштин бош ордун көргөздү.

– Мейли анда, – деди Хеклберри, – Алмашалы!

Том кенени мурда коңузду салып жүргөн кутусуна салды да, балдар эки тарапка бөлүнүп, ар бири өзүнүн байлыгына курсант болуп кетип баратты.

Бөлөк үйлөрдөн обочолонуп, калың тактайдан салынган мектептин имаратына жакындаганда, Том ал жакка абдан шашып келаткан адамдай кадамын тездетти. Калпагын мыкка илип, сүрдүү көз карашы менен, өз ордуна түз өтүп кетти. Такка окшогон колтуктуу орундукта бийик жерде олтурган мугалим сыныптын балкытып ныксыраткан күүлдөгөнүнө үргүлөп кеткен болчу. Том киргенде, ал ойгонуп кетти.

– Томас Сойер!

Анын аты толук аталганда, бир балекет болорун Том билчү.

– Менмин, агай.

– Бери келиңиз. Демейдегидей сиз дале кечигип келдиңизби? Эмнеге кечиктиңиз?

Том жазаланбаш үчүн калп айтмак болду эле, бирок аркасында эки өрүм узун, сары чачтуу бир периштени көргөндө, махабаттын өзүнө тарткан күчү менен аны тааныды. Сынып боюнча жалгыз бир бош орун ошол кыздын жанында экен. Ал ошол замат жооп берди:

– МЕН ХЕКЛБЕРРИ ФИНН МЕНЕН СҮЙЛӨШҮП КАРМАЛЫП КАЛДЫМ!

Мугалим эмне дешти билбей, алсыз селдейип туруп калды. Сабактагы күрү-гүү басылды. Окуучулар бул эр жүрөк бала эс-акылын жоготконбу деп ойлоду. Мугалим кайталады:

– Сиз... Сиз эмне кылдым дедиңиз?

– Хеклберри Финн менен сүйлөшүп кармалып калдым.

Сөздөрүндө эч кандай жаңылыштык жок.

– Томас Сойер, мунуңуз өтө опурталдуу жарыя, мен мындайды мурда эч уккан эмесмин. Мындай кылмыш үчүн сызгыч жумшактык кылат. Күрмөңүздү чечиңиз.

Мугалимдин колу чыбыктар бир кыйла азайып, өзү дагы чарчаганча чапкылай берди. Анан дагы бир буйрук айтылды:

– Эми, мырза, кыздардын жанына барып отуруңуз! Бул сизге эскертүү болсун.

Сыныптагы дуулдаган күлкү баланы бир аз оңтойсуздандырды, чынында, бул оңтойсуздук деле эмес болчу, бул бейтааныш перизаттын алдында ызаттап тартынуу менен өзгөчө ийгиликтен үмүттөндүргөн сүйүнүч аралаш сестенүү болчу. Ал кызыл карагайдан жасалган орундуктун эң четине барып отурду, кыз болсо, башын өйдө серпип жиберип, андан качып жылып алды. Күрү-гүү, ымдашуу менен шыбыр бөлмөнү аралап жөнөдү, бирок Том колдорун узунунан келген жапыз орундуктун үстүнө коюп, китеп окумуш болуп, тынч отуруп калды.

Бара-бара ага алаксыганды токтотушту, ошондон кийин мектепте адатка айланган ызы-чуу кайрадан тымтырстыкка өттү. Эми Том кызды уурданып карай баштады. Кыз анысын байкады көрүнөт, оозун чүйрүйтүп койду да, анан ага аркасын салып, бир азга тескери бурулуп алды. Кыз кайра Томго оң карап бурулганда, анын алдында бир шабдаалы туруптур. Ал аны кайра артка түртүп салды. Том акырын аны кайра жылдырды. Кыз аны дагы артка түртүп салды, бирок бул саам анча жини келген жок. Том чыдамкайлык менен аны кайра ордуна койду, бирок кыз ага тийбеди. Том жазуу тактасына минтип чиймеледи: ''Алып коюңузчу, менде дагы бар». Кыз жазылган сөздөргө көз жүгүрттү, бирок эч белги берген жок. Эми бала сол колу менен далдалап алып, тактага бир нерсени тартып жатты. Алгач кыз байкамаксанга салып отурган, эми анын адамдык сонуркоосунун айрым бир белгилери көрүнүп калды. Бала көрмөксөн болуп, сүрөтүн уланта берди. Кыз байкатпай сүрөткө астынан көз чаптырды, бирок бала анысын байкаганын билдирген жок. Акырында кыз чыдай албай, бир аз тартынып, анан шыбырап жиберди:

– Мага деле көрсөтчү.

Том чатыры эки бөртмө будур менен аяктаган, морунан түтүнү уюлгуп чыккан чакан тамдын кичинекей сүрөтүнүн четин ачып көргөздү. Ошондо кыздын чыгармага кызыгуусу абдан артып, эми анын эси-дарты эле ошондо болуп калды. Аны бүткөндөн кийин, кыз бир пас карап турду да, анан шыбырады:

– Укмуш экен! Эми кишини тартчы!

Сүрөтчү үйдүн короосундагы турнадай тартайган кишинин сүрөтүн тартты. Киши үйдү аттап деле кете тургандай, бирок кыз өтө сынчыл эмес экен, ошондуктан, ушул тартайган нерсеге деле курсант болуп шыбырады:

– Иттей сулуу киши экен! Эми менин келатканымды тарт.

Том жаңырган айга окшош кум сааттын сүрөтүн тартып, ага ичке колу-бутун жасап, тартайган манжаларына килейген чоң желпигичти карматып салды.

– И-и, кандай укмуш! Менин да сүрөт тарткым келет.

– Ал оңой эле, – деп шыбырады Том. – Мен үйрөтүп коём.

– Чынбы? Качан?

– Түштө. Сен түшкү тамакта үйгө барасыңбы?

– Кааласаң, калайын.

– Болуптур, абдан жакшы болот. Атың ким?

– Бекки Тетчер. Сеникичи? А-а, билем. Томас Сойер.

– Мени сабаганда ошентип коюшат. Жөнөкөйдө мени Том дешет. Мени Том деп эле атагын, макулбу?

– Макул.

Том кызга көргөзбөй бекитип алып, тактанын бетине бир нерселерди сыза берди. Бирок бул ирет кыз эч тартынган жок. Ал көрсөтчү деп суранды. Том ага жооп берди:

– Эчтеке деле эмес.

– Жок, көрсөт.

– Эчтеке деле эмес. Аны көргүң деле келбейт болуш керек.

– Жок, көрөм, чындап эле көрөм. Көрсөтүп койчу эми.

– Сен айтып коёсуң да.

– Жок, айтпайм. Жок, мен эч... эч айтпайм.

– Эч... эч кимге айтпайсыңбы? Эч качан, өмүр бою?

– Жок, мен эч кимге эч качан айтпайм. Эми көрсөтчү.

– Чынында эле муну көргүң келбей калат!

– Минтсең, анда мен өзүм эле көрүп алам.

Кыз кибиреген колу менен Томдун колун кармады, бир пас талашымыш болду, бирок Том атайлап эле каршылык көрсөткөн өңдөнүп, бирок «Мен сени сүйөм!» деген сөздөр ачылганча колун улам секинден жылдыра берди.

– И-ий, сен жаман экенсиң!

Кыз Томду колго акырын чаап коюп, өзү болсо кызарып кетти. Анткени менен ичинен абдан ыразы болгону билинип турду.

Дал ушул маалда бала бирөөнүн колу анын кулагын шашпай мыжыга кармап, өйдө көтөрүп, анан ылдый жай тартып баратканын сезди. Ошол бойдон аны сыныптын ичинде жетелеп, ар тараптан ыкшыңдаган күлкүнүн коштоосунда мурунку ордуна жеткизди. Андан кийин мугалим анын бет маңдайында көпкө чейин турду да, анан эч сөз айтпастан өзүнүн ордун карай басып кетти. Томдун кулагы ысыганы менен, жүрөгү кубанып турду.

Сыныпта толук тымтырс болгондон кийин, Том сабак окуганга чын дили менен аракет кыла баштады, анткени эми анын жүрөгү толкундап калган болчу. Үн чыгарып окуганга келгенде, ал уят болду, анан географиядан жооп бергенде, көлдөрдү тоолорго, тоолорду дайраларга, дайраларды кургак жерлерге алмаштырып, жердин бетин кайрадан будуң-чаңга айландырып жиберди, анан жазуу сабагында майда балдар деле билген жөн сөздөрдөн ката кетирди, ушинтип ал бүт чаташтыргандыктан бир нече ай бою тагынып жүрчү туура жазуудан алган калай төш белгиси бөлөк бир окуучуга өтүп кетти.

 

Жетинчи бап. КАЙРАДАН СҮЙҮҮ ЖАНА ЖҮРӨК ЗАРЫ

Том канчалык сабакка көңүл бурган сайын, анын ойлору ошончолук качып туруп алды. Акырында ал демин бир аз кармап, улутунуп, эстегенден кийин окуганын токтотту. Ага түшкү танапис дегеле жакпагандай сезилип кетти. Аба үп болуп турган. Үлп эткен жел жок. Бул күндөр эң ыкшоо күндөрдөн болду. Жыйырма беш окуучунун жанталашып жаттап жатканы кудум эле аарылардын ызылдаганындай уйкусун келтирип, шыбыры үргүлөтүп шайын оодар¬ды. Терезенин сыртында жайылып мунарыктаган мейкинде алыстан кызгылтым көгүш тартып, аптаптын закымынан бир учу тармалданып көгөргөн Кардифф тоосу зоңкоюп турат. Бир ууч куш канатын сермеп, асманда калкып учуп жүрөт, бир нече уй болбосо, көчөдө эч ким жок, бирок алар деле үргүлөп жатат. Томдун көңүлү ээн-эркиндикти эңсейт, же болбосо көңүлүн көтөрө турган кызык мезгилди көксөйт. Колу чөнтөгүн аралады да, бир маалда делебеси дуба окулгандан кийин козголгондой жүзү жарк этип жадырай түштү. Чакмак салчу кутуну секин чыгарып, кенени колуна алып, аны узун, жалпак орундукка коё берди. Кене дагы Томго окшоп ойногусу келди көрүнөт, сүйүнгөнүнөн кыдыңдап жөнөдү, бирок эрте сүйүнүп алыптыр: ал аябай ыраазы болуп күдүңдөп баратканда, Том анын жолун тороп төөнөгүчүн тосо койду да, артка кетүүгө мажбурлады.

Томдун эски досторунун бири, ал дагы бая Том кыйналгандай эле кыйналып жанаша отурган эле, эми ал дагы бул оюнга кызыгып, баш-оту менен кирип кетти. Бул Томдун эски досу Жо Харпер эле. Балдар бир апта бою чыныгы дос болуп жүрүп, жекшемби күнү эле ойноп согушуп кетишчү. Жо күрмөсүнүн жакасынан төөнөгүчүн алып чыгып, кенени чогуу кыйнап кирди. Бара-бара оюн аябай кызыды. Экөө тең бири-бирине тоскоолдук кылып, кене менен ойногонуна моокумдары канбай, Том орундукка Жо Харпердин жазуу тактасын койду да, аны тең бөлүп башынан аягына чейи¬н сызып чыкты.

– Мына, – деди ал. – Эми кене сен жакка өткөндө, аны сен төөнөгүч менен кууйсуң, мен болсо тийбейм. Ал мен тарапка өтүп келгенде, мен аны кууйм, ошондо сен тийбегин.

– Мейли, коё бер. Баштадык.

Кене тез эле Том тараптан качып, экваторду кесип өттү. Жо аны кичине кыйнап салды көрүнөт, кене андан качып кайра чек арадан бери жакка өттү. Анан ал тынбай улам башка бир орунга көчө берди. Бири кызыгып кенени кубаласа, экинчиси аны кызыга карап отурду, экөө тең баштарын тактанын үстүнө салаңдатып, экөөнүн тең көңүлү бүт оюнда болду. Аягында оомат Жо Харперге оогонсуду. Кене бир туруп тиякка, бир туруп биякка качты, ал дагы балдар сыяктуу эле алдастап калды көрүнөт, ошолордой эле жандалбастай баштады. Эми жеңиш Том жакка өтө турган шекилдүү, анын кенени түрткүлөгүсү келип, колу кычышып турду, бирок Жо Харпер кенени аерден төөнөгүчү менен башка тарапка байкатпай кайрып жиберди эле, кене ал жакты көздөй жөнөдү. Акырында Том чыдабай кетти: ал колун сунуп, кенени төөнөгүч менен түрткүлөп кирди. Жо кызыраңдады:

– Том, тийбе кенеге.

– Мен жөн эле, кичине кыймылдатып коёюн дегем.

– Жок, мырза, бул акыйкатсыздык болот, аны жайына кой.

– Мен бир аз эле...

– Кенени жайына кой дебедимби?

– Койбойм!

– Коёсуң, кене мен тарапта!

– Коё турчу, Жо Харпер! Деги кене кимдики, йа?

– Кимдики менен ишим жок, мага баары бир! Мен тараптабы, анда тийбе!

– Тийем эле. Кене меники болгондон кийин, эмне кылсам, өзүм билем, болду.

Катуу муштум келип Томдун жонуна тийди, так ошондой эле муш¬тум барып Жонун да ийнине тийди. Бир нече убакытка чейин экөөнүн күрмөлөрүнөн ар тарапка чаң бүркүлдү, ал эми окуучулар болсо, аларды келекелей карап турушту. Экөө оюнга ушунчалык берилгендиктен, мугалим бутунун учу менен басып, бөлмөнү бир сыйра аралап, экөөнүн бет алдына келип токтоп, балдардын бүт жымжырт боло түшкөнүн алар байкабай калышты. Алардын чырына айрым бир өзгөртүү киргизерден мурда, мугалим бир топко чейин карап турду.

Түштө сабак бүткөндө, Том Бекки Тетчерге чуркап келип шыбырады:

– Үйгө бараткансып калпагыңды кий да, бурчтан кайрылганда, башка кыздардан эптеп бөлүнүп кал. Кайчылаш көчөнү айланып, анан кайра кел. Мен дагы бөлөк жол менен барып, сага окшоп тиги балдардан жашырынып келем.

Алар сүйлөшкөндөй эле кылды. Бир пастан кийин экөө жанагы кайчылаш көчөнүн учунан жолугушту да, кайра мектепке киришти. Мектепте алардан бөлөк эч ким жок экен. Экөө бир орундукка отуруп, бет маңдайына жазуу тактасын койду. Том кызга калемди берди да, аны колунан кармап, сүрөттү кантип тартканды үйрөтө баштады, ошентип алар дагы бир чакан татынакай үйдүн сүрөтүн тартышты. Анан сүрөт өнөрүнө кызыккандары тараганда, экөө жөн гана сүйлөшүп отурушту. Томдун көңүлү көтөрүңкү. Бир маалда Беккиден сурады:

– Сен келемишти жакшы көрөсүңбү?

– Жок, мен аларды жек көрөм.

– Аның туура, тирүүсүндө мен дагы жаман көрөм. Мен куйругунан жипке байлап алып, башыңдын үстүнөн тегеретип ойногон өлүк келемишти айтып атам.

– Жок, мен дегеле келемиштерди анчалык жактыра бербейм. Мен баарынан сагыз чайнаганды жакшы көрөм

– Мен дагы. Азыр биртике сагызыбыз болсо го.

– Сагызбы? Менде бар. Сага берейин, бирок анан кайра өзүмө бер.

Томдун көңүлү көтөрүлүп, макул болду, алар буттарын бултактатып, сагызды алмак-салмак чайнап отурушту.

– Сен циркке бардың беле? – деп сурады Том.

– Ооба. Атам эгер жакшы окусаң, анда дагы алып барам деген.

– Мен болсо үч-төрт жолу, көп жолу болдум го. Чиркөө цирктин алдында кеп эмес. Циркте күнүгө бирдемелер көрсөтүлүп турат. Мен чоңойгондо маскарапоз болом.

– Чынбы? Аябай сонун да! Алар укмуштай кооз, бүт кызыл-ала кийинишет!

– И-и, ошондой. Алар акчаны да укмуш табат, күнүнө бир доллардан алат дейт, мен муну Бен Рожерстен уктум. Йа, Бекки, келечек жашоо жөнүндө бирөө менен убадалаштың беле?

– Ал эмне?

– Билбейсиңби? Мен турмушка чыгуу убадасын айтам.

– Жок, эч убадалашкан эмесмин.

– Убадалашкың келеби?

– Мүмкүн. Ачык айтсам, билбейм. Ал кандай болот?

– Кандайбы? Ал эчтекеге окшобойт. Бөлөк бирөөгө эч качан турмушка чыкпайм деп бир балага убада бересиң, анан өбүшөсүң, болгону ушу. Бул кимдин болсо да колунан келет.

– Өбүшөсүң дедиңби? Эмнеге өбүшөт?

– Кандай түшүндүрсөм? Билесиңби, бу тиги... Жөн эле кишилердин баары ушундай кылат го.

– Ошол элеби?

– Албетте, алар бири-бирин сүйүшү керек. Баягыда тактага жазганым эсиңдеби?

– Эсимде.

– Эмне дейсиң эми?

– Эчтеке дебейм.

– Балким, мен сага айтсамчы?

– Мейли, бирок кийинчерээк. Бир шарты болгондо.

– Жок, менин азыр айткым келип турат.

– Жок, азыр эмес, эртең.

– Жок, азыр айтам. Эмне болмок эле, Бекки? Мен шыбырап, акырын айтам.

Кыз эмне дээрин билбей, унчукпай калганын Том макулдук катары кабыл алды да, колун имерип, аны белинен кучактап, оозун кыздын кулагына жакындатып, эң назик үнү менен бир нерсени шыбырады. Анан ал кошумчалады:

– Эми сен дагы мага шыбырап кой.

Кыз бир пас тайсалдап турду да, анан мындай деди:

– Сен караба, тескери бурулуп тур, ошондо мен шыбырайм. Бирок эч кимге айтпа да, макулбу? Эчтеке дебе, мейлиби?

– Жок, эч качан эч кимге эчтеке дебейм. Бол эми, Бекки!

Том артына бурулду. Кыздын жумшак деми тигинин чачтарын козгой бергенде, кыз ийилип, минтип шыбырады:

– Мен сени сүйөм!

Андан кийин ал ордунан тура калып, отургуч менен орундуктарды айланып чуркады, Том болсо, анын артынан жүгүрдү. Анан ал ак этеги менен бетин жаап, бурчка барып кептелди. Том аны мойнунан кучактап жалынды:

– Мына, Бекки, эми болду, эми өбүшүүбүз эле калды. Коркпой эле кой, андай деле кыйын эмес! Кел эми, Бекки!

Ал кыздын колунан кармап, өзүнө тартты. Кыз бара-бара моюн сунду, колун төмөн түшүрүп, башын эңкейтти да, чуркай берип ысыган бетин Томго тосуп берди. Том кыздын жука эрининен өптү:

– Мына, Бекки, эми болду. Билесиңби, эми ушундан баштап сен менден бөлөк эч кимди сүйбөшүң керек, менден бөлөк эч кимге турмушка да чык¬пайсың. Эми бу түбөлүккө, өмүр бою калат. Мейлиби?

– Мейли, Том, эми мен сенден башка эч кимди сүйбөйм, башка бирөөгө күйөөгө да тийбейм, бирок сен да менден бөлөк эч кимге үйлөнбө.

– Ооба. Сөзсүз. Бул турган иш да. Эч ким көрбөгөн учурда мектепке чогуу барабыз, үйгө да чогуу келебиз, оюндардын бардыгында сен мени тандайсың, мен сени тандайм, ошондой болушу керек, кыз-жигиттер так ушундай кылат.

– Аябай укмуш турбайбы. Мен аны билбептирмин. Ушундай экенин эч укпаптырмын.

– Апей, бул ушундай сонун! Эми тиги Лоуренс экөөбүз...

– Кыздын көздөрү бакырая түшкөнүн көрүп, Том оозунан жаңылып алганын түшүндү, уялганынан унчукпай калды.

– И-и, Том, көрсө, мен биринчи эмес экенмин да, мурун да сенин сүйлөшкөн кызың бар турбайбы, ээ? – деп кыз ыйлап жиберди.

– Бекки, ыйлабачы. Азыр мен аны сүйбөйм, – деди Том.

– Сүйөсүң, Том, аны өзүң деле билесиң.

Том кызды кучактады эле, тигил аны түртүп жиберди да, өзү дубал тарапка бурулуп, токтобостон ыйлай берди. Том аны сооротмокко кайрабарды эле, бирок тигил көнбөй койду. Ошондо ал намысына келип, Беккиден тескери бурулду да, эшикке чыгып кетти. Том улам-улам каалганы карап, Бекки эсине келер бекен деген үмүттө бир топко чейин кете албай, кабатыр болуп турду. Бирок кыз жолобой койду. Томдун жүрөгү ачышып, кыз эми эч качан кечирбейби деп чочуду. Биринчи кадамын шилтей албай, аябай кыжалат болду, бирок акыры тобокелге салып сыныптын ичине кирип барды. Бекки мурункудай эле дубалды тиктеп, бурчта шолоктоп ыйлап туруптур. Том уят болгонун сезди. Ал кыздын жанына келип, эмне кыларын билбей турду да, анан көп тартынбай, сүйлөй баштады:

– Бекки, мен... мен сенден бөлөк бир да кызды сүйбөйм. Боздоп ыйлагандан бөлөк эч жооп чыкпады. Том жалынып жиберди: – Бекки! Бекки, жок дегенде бир сүйлөп койчу.

Болбой эле кыңылдап ыйлай берди. Том эң кымбат баалуу байлыгын, тулганын томпок жез бурамасын алып чыгып, кыздын ийнинен тартып, ага көрсөтмөккө сунду.

– Ме, Бекки, аласыңбы? – деди ал.

Кыз Томдун колун силкип жиберди эле, бурама жерге ыргып кетти. Ошондо Том тарсылдата басып, мектептен чыкты да, артына кайрылбай турган болуп, жолуна түштү. Бир маалда Бекки шекшип калды. Ал каалганын жанына чуркап барды. Томдун карааны көрүнбөйт. Ал эшикке чыгып үйдү айланып чуркады, Том ал жакта да жок. Анан ал баланы чакырды:

– Том! Кайт бери, Том!

Бекки кулак салды, бирок эч ким ага жооп берген жок. Эми ал түгөйсүз калды, дабыш да жок, сөз да жок, жападан жалгыз турат. Отуруп алып, өзүн-өзү тилдеп, кайрадан бышактаганга кирди. Дал ушул учурда мектепке балдар келе баштады. Кыз кайгысын нары таштап, капаланган жүрөгүнүн зарын унутуп, бул өтө эле узакка созулган, көңүлсүз, татаал күндү унутмак болду. Ошентсе да айланасында жалаң жат балдар жүрдү, анын кайгысын бөлүшөр бир да киши болгон жок.

 

Сегизинчи бап. ДЕҢИЗ КАРАКЧЫЛАРЫ ЖАНА ТАЛООНЧУЛАР ЖӨНҮНДӨ

Ириде Том улам бир көчөдөн бир көчөгө буйтактап, окуучулар күнүгө өтчү жолдон улам четтеп, анан буттарын араң көтөрүп, сүйрөлүп басып келатты. Жылжып чыккан бир булактан эки-үч жолу кечип өттү, себеби суу кечсе, изден адаштырат деген сөз балдардын арасында кеңири тараган. Жарым сааттан кийин ал Кардифф тоосунун этегиндеги жесир Дугластын тамын тегеренип өттү, ал жактан ылдыйдагы мектеп зорго көрүнчү. Чытырман токойго кирип кетип, жолу жок жерди аралап жүрдү да, калың бутактуу эмил талдын түбүндөгү шибер чөптүн үстүнө отурду. Үлп эткен жел жок. Аптаптын мээ кайнаткан ысыгынан куштар да жым болгондой. Шырп эткен үн чыкпай, жаратылыш мемиреп турду. Кээде эле алыстан тоңкулдактын түкүлдөткөн дабышы чыгат, бирок башка жан жок, баарын кучагына мемиретип алган бейкуттук ал дабыштан козголуп да койбойт. Дили кайгыга толуп, көңүлү ушул айлана-тегерекке үндөш болуп турду. Бала чыканагын тизесине коюп, жаагын таянып алып көпкө чейин ойго батып отурду. Жашоо ага болгону түгөнбөс азап катары сезилди, ал жада калса, өткөндө тигил дүйнөгө сапар тарткан Жим Хожес жаткан бейкут мүрзөгө суктанды. Эчтеке менен ишим жок жатып алып, түгөнбөс кыялга бата берсем, кандай жыргал болор эле деп ойлоду ал, анан талдардын башы шуулдап, көрүстөндөгү чөп менен гүлдү сылап ойнотсо, эч нерсеге кайгырбай, эч нерсеге кабатыр болбой, дайыма эле ушундай боло берсе. Эң кур дегенде жекшемби мектебиндеги баалары түзүк болсочу! Ошондо ал чындап өлбөйт беле, биротоло жаны жай албайт беле. Тиги кызды карабайсыңбы. Кызга эмне жамандык кылды? Эч нерсе деле кылган жок го... Ага жалаң жакшылыкты каалады, ал эми кыз болсо ага итке, анан калса эң жаман итке кылгандай мамиле жасады. Кыз мунусуна бир күнү катуу өкүнөт, бирок ошондо, балким, кеч болуп калар. Ах, чиркин, эгер ал убактылуу эле өлүп калса го!

Канткен менен жаш жүрөк жумшак да, көпкө чейин таштай катып тура алган жок. Бир маалда тез эле бул дүйнөдөгү тиричилик тууралуу ойлоно кетти. Белгисиз бир жерге качып кетсе, кандай болот? Деңиздин наркы тарабындагы дайынсыз алыскы өлкөлөргө кетип, эч качан кайтып келбей койсочу! Ошондо Беккинин эмне дегенин көрөт эле! Маскарапоз болом дегенин да эстей койду, бирок анысы бул ирет көңүлүнө туура келбей турду.¬ Аңкоо тамаша, дөдөйдүн өнөрү – булардын бардыгы балкып бараткан көңүлүн шылдыңдагандай көрүндү. Жок, андан көрө ал согушка катышып, кан күйгөн салгылашууда жарадар болуп, даңк менен кайтат. Жок, андан көрө ал индилерге барып, бизондорго аңчылык кылат, Ыраакы Батыштын адам буту баспаган талааларына, же бөлөк бир жактарда тоодо согушту башынан кечирип, ошондой күндөрдүн биринде бүркүттүн канатын тагынып, улуу көсөм болуп, кызыл-тазыл боёнгон бойдон кайтып келет да, мемиреген бейпил жайдын бир күнүндө жекшемби мектебине таң азандан кадимки согуштагыдай чаңырык салып, ызы-чуу менен киргенде, шериктеринин ичи күйүп, көздөрү чанагынан чыгып кетет. Жок, дагы башкасы бар, дагы мыкты бир нерсе табылат. Ал деңиз каракчысы болот. Дал ошондой! Мына, эми келечеги ага ачык-айкын, эң даңктуу көрүндү. Анын даңкы дүйнө жүзүнө тарап, ал бүт элдин жүрөгүнүн үшүн алат! Толкуган деңиз менен мухиттерде ал өзүнүн узун, кууш «Бороондун жаны» аталган кара кемесинде суу жиреп, үрөй учурган кара туу кеменин тумшугунда желбирейт. Ошентип, даңкы алыска тарап турган күндөрдүн биринде ал капысынан туулуп өскөн шаарчасына келип калат. Анын денеси күнгө күйгөн, колу, бети шамалда жүрүп тотуккан, кырмызы чепкен, макмал шым, бутуна кончу кайрылган чоң өтүк кийип, мойнунда кыпкызыл орогучу менен, кемерине тапанча жана канжалаган, дат баскан кылыч тагынып, башына үлпүлдөк үкүсү бар калпак кийип, кайчылаштырган эки жиликте кишинин баш сөөгү тартылуу желбиреген тууну колуна кармап алып, чиркөөгө кирип барганда: «Бул атактуу деңиз каракчысы Том Сойер! Испан Мухитинин Кара Өч алуучусу!» – деген күбүр-шыбыр кулагына жаңырып, ага сүйүнгөнүнөн селдейип туруп калат.

Болду, маселе чечилди, келечекте анын ким болору аныкталды. Ал үйүнөн кетет да, башка турмуш курат. Эртең таң азандан ошентет. Анда азыртан даярданышы керек, болгон мүлкүн чогултушу керек. Ал жакыныраак жерде жаткан чирик дөңгөчкө басып келип, анын түбүн макиси менен чукуп кирди. Бир маалда маки менен жыгачты катуу урду эле, ал дабыштан тигинин ичи көңдөй экени билинди. Том чуңкурга колун сала коюп:

– Мында жоктор бар болсун! Мында барлар ордунда калсын! – деп ырымдай баштады.

Анан колу менен топуракты кочуштап чыгара баштаганда, кызыл карагайдын чамындысы көрүндү. Аны да сүрүп чыгаргандан кийин, тыкан бапестелип, түбүнө, капталдарына чамынды жыйылган чакан жашыруун жай көрүндү. Ал жерде бир коргол таш бар экен. Том таңыркап калды! Чочулап, желкесин кашынды:

– Жо-ок, мындай болбойт!

Жини келип, кыжырланып ал коргол ташты алыс ыргытып жиберди да, ойлонуп туруп калды. Иштин жайы мындай эле: ал дээрлик бардык балдар сыяктуу эле ырымга аябай ишенчү, эми мунусу минтип шерменде кылып жатпайбы. Коргол ташты жерге көмүп жатканда, оюңдагы тилегиңди айтышың керек, анан мурда жоготкон коргол таштарыңдын барысы каяктан болсо да эки аптанын ичинде бекиткен ташың менен чогуу табылып калат дешчү. Анын баары болбогон калп тура. Том ишенгендин баары күмөн болуп чыкпадыбы, бөлөктөргө оңунан чыгыптыр дегенди көп уккан, бирок минтип болбой калыптыр дегенди эч уккан эмес. Минтип издей баштаганда бир нерсе бекиткен жерин таппай калары анын оюна да келген жок. Көпкө чейин бул тууралуу башын катырды, анан акырында мастан кемпир аралашып, бүт бузган экен да деди ичинде. Ал муну текшермек болду, туш тараптан издеп отуруп, кумдун арасынан кичинекей бир чуңкурду таап алды. Ал жерге жата калып, эриндерин ошол чуңкурга такап, шыбырай баштады:

– Жерди кезген кумурска, жерди кезген кумурска, эңсегенди айт мага! Жерди кезген кумурска, жерди кезген кумурска, эңсегенди айт мага!

Кум кыбырай түштү да кибиреген кара кумурска бир көрүнүп, кайра коңулуна кирип кетти.

– Айтыштан коркуп атат. Көрдүңбү, аны мастан кемпир дубалаган. Ушундай болорун билгем.

Анын мастан кемпирге алы жетпесин, аны менен күрөшүүдөн эч майнап чыкпасын билип эле турду, андыктан Том колун шилтеди да, жанагы ыргытып жиберген коргол ташты тапса, жакшы болорун ойлоду. Анан ал чымырканып издей баштады. Бирок коргол ташты таппады. Ошондо ал жанагы жашырын жерге кайра келип, мурда коргол ташын ыргытып жиберген жерде турду да, чөнтөгүнөн экинчи коргол ташын алып чыгып, ошол тарапты көздөй ыргытты:

– Тууган тууганды изде! – деди.

Ал коргол таштын түшкөн жерин байкап калды да, чуркаган бойдон издей баштады. Коргол таш же аябай жакын, же аябай алыс түшкөн болушу керек. Том дагы эки жолу ыргытты. Акыркысы оң чыкты: коргол таштар бири-биринен эки кадам аралыкта жаткан экен.

Ошол учурда жапжашыл токойдун четинен оюнчук жез сурнайдын угулар-угулбас үнү чыкты. Том күрмөсү менен шымын чече койду да, ычкырын тартып, жыгылып жаткан жыгачтын артындагы куураган чырпыктарды шилей баштады, ал жактан жебе менен жаа, жыгач кылыч менен жез сурнай алып чыкты да, заматтын ичинде бул буюмдарын кучактаган бойдон көйнөгүн жагжайтып алып, жылаңайлак жүгүрүп жөнөдү. Бир маалда ал бой керген кара жыгачтын астына келди да, жооп катары белги берди, анан бутунун учуна тура калып, өйдө көтөрүлдү да, талдардын аркасындагы дабыштарга кулак салды. Бул анын кыялында шериктерине этият болгула деген ишараты болчу:

– Токтогула, жигиттер! Бу тосмодон мен сурнай тартмайынча, бириң да көрүнбөгүлө!

Токойдун арасынан кудум Томдой жеңил кийинген, ошондой эле куралданган Жо Харпер чыгып келди. Том аны бир сыйра карап алды:

– Токто! Шервуд токоюна менин уруксатымсыз ким кире алат?

– Гисборндук Гай эч кимден уруксат сурабайт. Сен өзүң кимсиң, ушинтип...

– Ушинтип сүйлөгөнгөбү? – деди Том тигинин сөзүн коштоп. Алар китептегидей сүйлөшчү.

– Ушинтип сүйлөгөн кимсиң сен?

– Менби? Мен Робин Гудмун, сендей касташкан жан менин ким экеними эми тааныйт.

– Сен чын эле ошол атактуу каракчысыңбы? Мейли анда, мен сени менен салгылашууга даярмын. Ушу токой жолдорунда жүрүүгө кимдин акысы бар экенин азыр чечебиз. Кол сал!

Болгон куралын жерге коюп, бир гана жыгач кылычтарын алып, экөө биринин бутун бириникине тийгизип турду да, анан эрөөлдүн бүт эрежелерине жараша кылычтарын «эки ирет өйдө, эки ирет төмөн жаңсап», чындап эле жекеме-жеке чыгышты. Ошол маалда Том мындай деди:

– Иштин жайын билсең, эми батыраак башта!

Эрөөлдү алар ушундай күү менен баштады, тез эле күйүгүп, кара терге түшүп чыгышты. Акырында Том кыйкырды:

– Жыгыл! Жыгылбайсыңбы! Эмнеге жыгылбайсың?

– Жыгылбайм! Өзүң жыгылбайсыңбы? Жараатты сен көбүрөөк алдың го.

– Кеп жараатта эмес. Китепте жазылбагандан кийин мен жыгылбайм. Китепте минтип айтылган: «Ошондо ал артына керилип туруп Гисборндук байкуш Гайды чаап өлтүргөн». Сен нары карап турушуң керек, ошондо мен сени аркаңан чабам.

Китеп деген китеп, аны менен талашканга болбойт. Ошол себептен Жо Харпер жонун тосуп берди да, бир чапкандан кийин жыгылып түштү.

– Болуптур, – деди Жо туруп келип. – Эми мен сени өлтүрөйүн. Антпесе адилетсиз болуп калат.

– Эчтеке болбойт. Китепте андай айтылган эмес.

– Э, койчу, айбан болбо, мунуң айбанчылык эмей эмне?

– Мейли, Жо, сен кечил Тэк же тегирменчинин уулу болуп, мени союл менен ур же мен Ноттингем шерифи болоюн, сен болсо Робин Гуд болуп, мени өлтүр.

Алар бул тыянакка макул болуп, айтылган эрдиктин баарын ишке ашырды. Анан Том кайрадан Робин Гуд болуп, андан кийин чыккынчы кечил аял анын кансырап жатканын көрүп, жаратын таңбай койду. Эң соңунда Жо жолбашчысы жок каракчылардын тобун элестетип, бакырып ыйлап, аны нары сүйрөп барды да, алдан тайып бараткан колдоруна жаа менен жебесин карматты. Ошондо Том минтти:

– Бул ок каякка барып түшсө, кайран Робин Гудду ошол жерге алып барып, көгөргөн талдын түбүнө көмгүлө.

Анан жааны тартып, жебесин коё берди да, өзү чалкасынан түштү. Чалкан чакпаганда, ал тура качкандын ордуна өлүктөй суналып, көпкө жата бермек. Балдар кийинип, куралдарын бекитип, дүйнөдө эми каракчылар жоголду деп кайгырып, жок кылганыбыз үчүн азыркы цивилизация эми бизге кантип сый-урмат көрсөтөт болду экен деп кыялданып үйлөрүнө жөнөдү. Алар өмүр бою Кошмо Штаттарда президент болгондон көрө, бир жыл болсо да, Шервуд токоюнда каракчы болгонубуз оң турбайбы деп сыймыктанып келатышты…

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

Файлды PDF форматында толук тексти менен, китепти сүрөттөрү менен ачуу

 

© АКШ элчилиги, 2010. Китептин Кыргызстандагы басылмасын Америка Кошмо Штаттарынын Элчилиги каржылаган. Кыргызчага которгон Турусбек Мадылбай

 


Количество просмотров: 10273