Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Темирлан Бейшенов, 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 26-декабры

Темирлан БЕЙШЕНОВ

Досумдун сүйүүсү

Бул аңгеме жаштардын ортосундагы аруу, тунук сүйүүнү баяндайт.

 

Менин Якутск шаарына келип, баардык кыргыздардай эле курулушта иштеп жатканыма беш айдай убакыт болду. Мага окшоп Кыргызстандын булуң-бурчунан бөтөн жерге, бөтөн элге келген мекендештер менен чогуу иштеп, өзүм курактуу балдар менен достошуп, жумуштун шандуу күндөрү өтүп жатканда, ушул каргашалуу окуя болуп кетти.

Бир бригадада он сегиз курулушчу топтолгон, шыбакчы менен жардамчысы бар, тажик, кыргыз,өзбек улутундагылар бардыгыбыз курулуш ишканасында иштегенибизге эки айдын жүзү болду. Биз тогуз кабаттуу тамдын ичи-сыртын шыбап жатканбыз. Баарыбыз иштейбиз деп келген жанбыз, жумушту тез эле арбытып, мөөнөтүнөн мурун бүтүрмөкчү болуп турганбыз. Анын үстүнө көпчүлүгүбүз курулуштун короосундагы катар коюлган вагондо жашап, түнү ондорго чейин иштечибиз.

Кыргызстандын көл тарабынан келген өзүм курактуу Улан деген бала экөөбүз чогуу ылай жасап ташып иштедик. Улан шыбакты билгендиктен мага дагы үйрөттү. Иштейм деп келген жаным мен шыбакты тез эле жөндөп үйрөнүп кеттим. Чогуу жашап, чогуу тамактанып жүрүп Улан экөөбүз эгиз козудай ынак дос болуп калдык.Экөөбүз тең жаш болгондуктан, колго жеңил, бычакка сап демекчи, бизди жумуш башындагы эң оор жерине ылайга коюшту. Кийин иш кызып, адам көбөйүп, шыбаганды билбегендер келгенде, биз шыбакка өттүк. Шыбакты анча-мынча үйрөнүп калган мен өзүмдү устадай эле сезип, бой көтөрүп калдым. Буйрук бере салып, кээде ылайды алып келгиле деп кыйкырып да коём. Бир караганда шыбак жеңил көрүнгөнү менен чынында оор эле иш экен. Ыргыткан ылайыңды дубалга чаптай салуу, ыгы менен тез шыбоо, анан аны тегиздөө, түздүгүн текшерүүчү аспабы менен оңдоо, ошондон кийин суу чачып сүртүү, айтор, бүт денең керээли-кечке кыймыл менен болот. Шыбакка ыңгайлап дубалды даярдоонун өзү эле чоң өнөр, жумуш, убакыт. Айылдан келген толмоч бала элем, арыктап кеткенимди өзүм да билбей калдым. Шымымды кур менен эмес, жип, зым менен байлап алам. Математика сабагын өтчү Бекмат агайымдын сөздөрү алигиче эсимде:

– Эй, кийин там шыбап, нан таап, оокат кыласыңар, ошондо иштеген мээнетинерди алдатып алдырып жибербеш үчүн муну эсептеп, үйрөнүп алгыла, – деп ал киши геометрия сабагынан мага окшогон билбегендерди жемелеп айтчу.

Билбейм, эмнегедир математика сабагына кызыкчу эмесмин. Мына эми шыбаганды да, эсептегенди да үйрөндүм: турмуш агымына кошулганда адам баласы өзү эле үйрөнүүгө бел коёт экен.

Улан досум экөөбүз бири бирибизге сыр айтышып, келечек ой-максаттарыбыз жөнүндө сүйлөшүп жүрдүк. Ал көбүнчө сүйлөшкөн кызы тууралу айтып берчү эле. Досум ал кызды чындап сүйөөрүнө мен ишенчүмүн, анткени күндө кабарлашып, жок дегенде СМС аркылуу сүйүүсүн билдирип айтып турчу. Телефон менен сүйлөшүп жаткан досумду көрүп, мен дагы өзүмдүн жактырган классташ кызымды, ага айта албай калган сүйүүмдү эстей кеттим. Мен дайыма өзүмдүн тартынчаак, түнт мүнөзүмдү бир сыйра жек көрүп алып, анан ыр дептеримди ачып, айта албай калган сүйүүмдү ырга айландырып жазып коюп, ошондон кийин гана уйкуга кетчүмүн. Досум куудулданган, дардандаган шайыр жигит, дайыма сергек жүрөт, эртең менен эрте турат, туруп эле телефонун карайт дагы, анан музыка коёт. Анын жактырчу музыкасы – кыргыз классикасы, эстрада. Эртең мененкисин ал «Түшүмдө» деген ыр менен таң азанда ойгончу. Улан менен дос болуп, чогуу жашагандан бери мен дагы күндө ошол музыка менен ойгонуп, жуунуп, тамактанып, дагы бир жумуш күнүмдү баштачумун. Күндө уга берип бул ырларды мен жатка билчүмүн. Жан дүйнөңө жагып турган ыр болсо, аны түшүнүп кереги эмне: чогуу жашаган тажиктер да кыргыз ырларын суранып, Уланга улам койдуруп угаар эле. Анын сүйлөшкөн кызы музыкалык окуу жайда окугандыктан Уландын телефонунда кыргыздын көп ырлары бар эле.

Ушул жерде жашап, тамак жасап жегенибизден улам биз бригадир экөөбүз ай сайын эки жолу азык-түлүк алганы дүң соода базасына барчубуз. Билбейм, балким, мен орусча жакшы сүйлөгөнгөбү, жаштыгымабы же шаарды тез өздөштүрүп кеткенимеби, айтор, бригадирибиз мени дайыма ээрчитип алчы.

Август айы бүтүп бараткан. Биз азык-түлүк алып, машине жалдап келсек, курулушта ызы-чуу, адам көп, бир тез жардам машинеси курулуштан чыгып кетти. Прорабдын вагонунун алдында милийса машинеси турду. Бригадир-байке мага азык-түлүктүн бүт түшүрүп, таксини жөнөтүп жибер, мен барып келейин, эмне болду экен деген бойдон шашып басып кетти. Мен азык-түлүктү түшүрүп жатсам, жаныма чогуу иштеген Саттор деген тажик келип жардамдашып калды. Мен андан орусчалап эмне болду десем, тигил мага карап, акырын гана Улан үстүнөн кулап түштү деди. Мен анын орсча сүйлөгөнүн жакшы түшүнө албай:

– Эмне? Ким? – деп жибердим.

– Досуң? – деп күбүрөдү тигил.

– Ал кайда? Улан кана? – дедим мен.

– Тез жардам алып кетти, – деди Саттор, анан жерде турган кутуларга отура койду. – Ал өлүп калды…

Менин колумдагы куту түшүп кетти. Мен милийса машинесинин жанында тургандарга чуркап бардым да, бирге иштегендерден:

– Улан кана? – деп сурадым.

Баары биздин дос болуп жүргөнүбүздү билчи, ошондуктан алар сегизинчи кабат болчу дегенден башка эч нерсени айтышкан жок. Бригадир Саид-аке менин жаныма келип:

– Врачтар келгиче эле каза болуп калыптыр, сегизинчи кабаттан кулаптыр, – деп ийнимден бекем кысып, мага кайрат айткандай болду.

Менин көзүмдөн жаш сызып агып кетти. Буулугуп курулуш имаратына кирдим да, өксүп-өксүп ыйлап алдым. Мен жакын досумдан айрылып, курулуш имаратынын үстүңкү чатырчасында көпкө отурдум, эч кимге угузбай ыйладым. Досумдун шайырлыгын, өжөрлүгүн, сүйүүсүн да жашырбай мага айтып бергенин ойлоп отурдум. Мен да андан сыр катпай, бөтөн эл, бөтөн жерде экөөбүз жаш болуп, турмуш жолуна кадам таштап, бири-бирибизге жөлөк болуп, анын мага шыбакты үйрөткөнүн, андаба карматып жатканын, эртең менен мени чиркей болуп ойготконун эстеп, анын музыкалары көз алдыма тартылып жатты.Экөөбүз антташып, бул жерде чогуу болуп, келечек туралуу кыялдана баштаганбыз. Сегизинчи кабаттагы экөөбүз чогуу иштеген жерге барсам, ал кармап иштечү андабасы терезенин текчесинде туруптур, мен аны колума алып, ажалдан өч алуу үчүн бирдеме издегенсип Улан иштеген жерди аралап жүрдүм. Бурчта дубалда кол телефону илинип туруптур. Бул Улан досумдун телефону болчу, аны алып көпкө кармап турдум, досум экөөбүз чогуу өткөргөн күндөрдү ойлоп, тагдырдын бул дүйнөгө шум ажалды жаратып койгонун мурун уксам да, мына эми өз көзүм менен көрүп, досумдан ажырап, ажалдын алдында алсыз өксүп турдум.

Тез аранын ичинде күйпөлөктөй түшкөн курулуш жетекчилери тараткан кагаздарды окуп биз кызыктуу нерселер, курулуш эрежелери менен кабардар болдук. Көрсө, жумушка чыгар маалында ишти баштагандан мурун сактануу коопсуздуктарын түшүндүрүп окуткан эч ким болгон эмес турбайбы. Уланга дагы ошолорду эч ким түшүндүрбөгөнү себеп болуптур. Ал билбегенинен кулап отурат. Жаңы жумушка орношкондо прораб кол койдуруп алган кагаз, көрсө, ушул мааниде экен. Бизге окшогон түшүнүгү тайкы, билими чала балдар «доом жок, өзүм күнөлүүмүн» деп кол коюп берген кагаз, көрсө, ошол экен. Орусча араң "да", " нет" дегенди сүйлөгөн жалданма жумушчуларга бул эч нерсе эместей эле сезилген.

Ошол күнү эч ким жумушка чыккан жок. Милийса сурап, жазчу кагаздарын жазып, кетип калды. Баарыбыз аза күттүк. Биздин ишке дагы, кечки тамакка дагы табитибиз жок эрте жаттык. Курулуш ишканасы Уландын сөөгүн жөнөтүү иштеринин баарын мойнуна алып, кыргыздардан бергени берип, бербегени кудайдан болуп, ынтымакчылык жетекчилери чуркап акча чогултуп, Уландын эжесине берип, сөөгүн жөнөтүштү. Мен эжесине берем деп жатып, телефону унутулуп калыптыр. Курулуштан үч күнгө жумуш убактылуу токтотулат дегенинен, мен жуунуп алайын деп жердеш байкемдин үйүнө баргам. Эмнегедир курулуштан алыс болгум келип, ал жерде калууну каалабадым. Жердеш байке базарда соода кылчу, биздин айылдан болгондуктан ал мени иним деп сыйлап турчу, анын үстүнө бир уруудан элек, андайды кыргыздарда тууган деп коёт эмеспи.

Жумасына бир-эки жолу келип, ваннасына жуунуп кетчүмүн. Кээде Улан экөөбүз келчүбүз. Мен Уландын кабарын угузуп, биз байкем экөөбүз бата кылдык. Жуунуп, мен көпкө отурбай кайра кетип калдым, байкемдин аялы анча жага берчү эмес, ичи тар неме эле, дасторконго нанды да ченеп туурап койчу, жүзүңдү эмес, оозунду карап турчу. Күтүлбөгөн бардык нерселерден айрылуу үчүн мен өзүмдү алаксытмакка шаарды аралап жөнөдүм.

Жолдо баратсам телефондон кат келди, ким болду экен деп телефонумду алсам, эч нерсе жок. Бул кайдан деп күрмөмдүн чөнтөктөрүн сыйпалап аңтарсам, Уландын кол телефону колума урунду. Өзүмө келип, менде эмес беле дегендей алып карасам, кат бар деген белги. Ойлонуп турдум да, катты ачтым.

«Мамалак, эмне дайнын жок, кечээ сени тушумдо кордум, мен сени жоготуп, таппай издеп журуптурмун. Менде баары жакшы, Бишкекте кун кайнап жатат, кочого басканга болбойт. Мен сени сагындым. Кечээ сенин суротунду уйго унутуп, кайра барып алып, сабакка кечигип калдым. Акчаны алдым, ырахмат, жардамына! ПОКА!» – деп жазылыптыр катта. Мен окуп алып, жолдун четине чыгып, көпкө турдум, көзүмөн жаш сызылып кеткенин байкабай калыптырмын. Ошону менен ой баскан бойдон курулушка келдим, эмне кыларымды билбей, курулушту айланып копко бастым, бир маалда телефондон кат келди деген үн чыкканда, мен башкача болуп кеттим. Мурун үйдөн кабар күтсөм, азыр алардан эчтеке деле күткөн эмесмин. Уландын кол телефонун карасам – кат. Ачтым. «Сен эмне катуу иштеп аткансын го, билесинби, баягы сен берген китепти эми окуп атам, кызыктуу экен. Сен мени сагындынбы? Же башка жан таап алдынбы?» – деп жазылуу экен. Мен жооп жазууну чечтим. «Салам, кандайсын? Менде баары жакшы, озун кандай? Бул жакта суук тушо баштады, мен да сени сагындым», – деп жаздым да, катты жөнөтө турган жерин баса албай көпкө турдум. Жазганымды кайра-кайра окуп, Уландын мурун жазган эски жазууларын карап, «жаным» деген эркелетүү сөздөрүн окуп, «салам» дегенди «жаным» деп алмаштырып, көзүмдү жумуп бастым. Кат жөнөп кетти. Мен эми жооп күтүп калдым.

Мен эмнегедир өзүмдү күнөлүү сезип, ичимдеги күдүк ой жаныма тынчтык бербей койду.

Досумдун кызы экөөбүз эки айга жакын кат алыштык, анан жооп келбей калды. Кат алды деген да, жетти деген да жооп келбеди, мен аябай күттүм. Кеч болсо да кабар угуп, эми билиптир. Баары бир эртедир-кечтир билмек, билиптир, акыры ушул болорун билгем, бирок эмнегедир кат күтө бердим.

Мен тигил кыздын досума болгон сүйүүсүнүн тунуктугун, тазалыгын билдим. Мен да досумдун атынан акыркы жолу: «Сени түбөлүккө сүйөм!» – деп жазгам.Туура кылдым дегем, досум үчүн, мүмкүн, мен өзүм дагы байланып калгандырмын бул сезимдерге. Анын ар бир келген каты мага дем-күч берип, кандайдыр бир толкун жан-дүйнөмдү толкутуп, ташкындап кетчу эле. Ар бир келген анын каты мен үчүн маанилүү болчу. Кыздын чечкиндүүлүгү, акылдуулугу, сөз тапкычтыгы, бир аз кызганычы, өзү жазган ырлары, бөтөн жерде тентек болуп кетпегин деген тарбия макалдары мага эки ай бою тынымсыз келип турду. Ал акыркы каттарында: «Сенин унунду сагындым, тел. чалчы, мумкун болсо», – деп суранып жүрдү, мен болсо шылтоо таап чалбадым. Мен баарынан да аны жоготуп аламбы деп коркчумун, билип калабы деп сестенчимин. Анын эң акыркы катында минтип жазылыптыр: «Менин ырларымды студияда жаздырдым, албетте, сен тандап жактырган эки ырды, эмнеге бул ырларымды жактырдын билбейм, алар мага анча деле жакшыдай корунбойт. Университеттин залында ырдаган бир топ эле женил экен, анткени уч адам эле кабыл алышты. Кичине болмого кирип алып, каалашынча бир ырдадым. Сен тоолорду жакшы коросун го, ошол сен жактырган тоо арасында ырдап жургондой ырдадым. Менимче, баары ыраазы болуп калды. Кудай буйруса, мен тилек-максаттарыма жеттим. Мамалак, сенин жардамын чон, сен да тилеген максатына жетишинди мен каалар элем. Эртерээк дипломумду алсам, мен сага барам. Сенин бул жакка келчудой оюн, жазууларын жок го. Мен сени билбей жоготуп алуудан корком. Мамалак, сени жакшы кором».

Каттар кийин үзүлдү, бир да кат келбеди. Эртеби-кечпи акыры билинмек. Мен өзүмдү күнөлүү сезип, бир орунга коё албай жүрдүм. Колумда дайыма эки телефон жүрөт: бири жалгыз энем менен кабарлашуу үчүн, бири жарык нур, шоолам, досумдун сүйүүсү менен кат алышуу үчүн?

Тумоолоп ооруп да калдым, башка жерде каралашкан адамың болбосо, жаман экен: көптө барып айыктым. Ушунчалык байланып калган экенмин, катты аябай күттүм. Бирок кат келбеди.

Өзүм кат жазууга, телефон чалууга көп жолу чыгынып, анан эрким жетпей койду. Колумда эки телефон бар. Түшүмдө ар дайым кат жазам, бир кыз менен жетелешип ойноп жүрөм, бирок сүйлөшпөйм.

Бир күнү кудайдын улуу майрамында мечитке баргам. Бардык мусулмандардай эле курман айт майрамында мен да мечитке барчумун. Майрамдык намаз маалында куран дубалары менен кошо «Түшүмдө» деген кыргыз ыры дагы мечит ичин жаңыртып турду. Намаз бүтүп, баарыбыз дуба кылып жаткан элек. Мен ичимен кудайдан кат келишин сурап, ой-максаттарымды тилеп, күнөөлөрүмдү кечирип кой деп жузумо бата тартып жибердим. Ошол маалда мага тааныш кыргызча ыр кулагыма угулуп калды. Ыр телефонуман чыгып жатканын көптө барып билдим да, ала коюп карасам, баягы тааныш номер. Акырын:

– Алло! – десем, кыздын назик үнү:

– Сиз кимсиз? – деди.

Мечиттегилердин баары карап калды, мен болсо кубанып, адамдарды аралаган бойдон эшикти карай сүйлөшүп кетип бара жаттым.

 

© Темирлан Бейшенов, 2010

 


Количество просмотров: 4430