Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Раев С.А., 2011. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 22-декабры

Султан Акимович РАЕВ

Аял

(Аңгеме)

“Аял” ангемеси жалгыздык, сүйүү,адеп-ахлак маселесин чагылдырат. Бул аңгеменин негизинде режиссер Алмаз Сарлыкбеков “Сен да,мен да, баарыбыз” аттуу спектаклди койгон. Башкы ролду Асель Эшимбекова жана Темирлан Сманбеков аткарган. Ошондой эле “Экөө” аттуу телевизондук көркөм фильм тартылган. Башкы ролду Айжан Акылбекова аткарган.

 

— Ты-сс!.. Акырын…

— Ким?

— Коңшубуз…байкап калбасын… Т-сс! Акы-рын бас-сс… Бутуңун учу менен. Жөтөлбө! Ме, байпагыңды… керебеттен аста тур. Кычырайт… кычыратпа!... Тыс-сс!... Акырын бас. Бутуңун учу менен…

— Коңшунбу?..

— И-иэ. Жөтөлбө дейм?! Байкап калат. Турдуңбу?.. Бер колуңду. Артымдан акырын жүрө бер. Абайла, шифанер… Урунуп алба.

— Байпагымды…

— Кие элексиңби? Кий.

— Караңгыда эч балээ көрүнбөйт… Кийдим. Каяккаа басайын?

— Бер колуңду. Ии… мындай бас. Солго… Шифанерден этият бол. Урунуп алба. Ии… акы-рын.

— Батникеңчи?.. Ка-на?.. Каерге койдун эле?

— Быякта. Мындайраак бас-саң… Ии, мына бутума урунду. Ты-сс-сс!.. Таптынбы?

— Таптым. Бирөөсүнүн боосу жок го. Түшүп калганбы? Свети жандырсаң? Көрүнбөй атат…

— Жо! Жандырба! Тиги байкап калат.

— А таптым мына!...

— Эшигин ачып атат. Кирип кетсин…

— Тешиктен карайынбы?..

— Кара … Акырын эшиктин түбүндө мусор чака бар. Тээп алба.

— У-х! аз калды. Тээп ала жаздадым.

— Карачы?.. Эмне кылып турат?..

— Эшикти…

— Бир саат ачабы? Кибиреген десе! Жанатан бери эле ачалбай…

— Ключу түшпөй

— И-ий! Эстен чыкканын көр! Аялы ключту мага калтырып кетпеди беле?«Күйөөм келсе берип кой» деп. Эми кантем?! Өлдүк го!... Жанале званит эткенде ачпай. Сен да…сен болбосоң…

— Кайдан билдим анысын?

— Мен да ким деп койбопмун… Турабы?..

— Турат… Түкүрдү. Саатын карады. Дагы карады…

— Колунда бирдемеси бар бекен? Же жокпу?

— Азыр… азыр…Көрүнбөй калды. А мына көрүнө баштады… буту… плащы… өзү… Пай-пай! Кабагын! Сүрдүүсүн кантесиң! Тим эле соттой. Каерде иштейт бу? Чоңбу?.. Колунда кара дипломат бар… Быякты карабатат…

— Ты-сс! Жап оозуңду! Угуп калбасын.

— Ким болуп иштейт бу?.. «Шишкадай» кейпи бар. Гоголдун эле шаар башкаруучусу, тооба!

— Илимдин кандидаты… Академияда иштейт. Философ! Диссертациясынын аты «Үй-бүлө турмушунун этикасы»…

— Пай-пай-пай! Оңой киши эмес көрүнөт. Казы да, казангаптай мээ да бар бекен. Важный птичка! Маңдайы кудум эле Сократтыкы. Түкүрдү дагы!... Эмине бу –төөбү?.. Улам эле түкүргүдөй…

— Акырын угуп калат. Кулагы сак. Анан калса узун.

— Мектепте жакшы окуса керек. Мугалимдери чоё берип…

— Акы-рын угат. Карасаң, чын эле кулагы узун бекен?..

— Кулагы көрүнбөйт го? Шляпасы…

— Шляпасын атайлап баса киет. Уялат го, байкуш кандидат. Биздикине келгенде да баш кийимин албайт такыр…

— Сага да келип турабы?..

— Кээде-кээде… Аялы дежур болгон күнү. Аялы барда түк кирбейт. Андан өлгүдой коркот. Кызганчаагын кантесиң… Аялы да ушундай. Менден күйөөсүн кызганып өлүп калат, тим эле. Бышылган сабадай болгон бунусун бышырып жейт бекем?.. Ф-юу! Сен турганда, ыраспы?

— А-га…

— Эми качан келесиң? Сагынам го… Келесиңби? Же дагы жоголосуңбу? Аа?..

— Келем. Келбегенде. Сагынтып коюп кантип жүрөйүн?

— Чын элеби

— Чын…

— Чын болсо өөп кой. Дагы… Алты жолу. И, бир, эк-ки, үү-ч, ии… Таарындым!... Үчүнчүсү жакшы өөп да?! И-ии ушундай! Төрт, беш, алты. Моло-дец!

— Эми сен. О-го! Бир, эки алты, он, отуз! О-пэй! Болду! Аялыма да бирдеме калсын. Жаным…

— Айт-чы?.. Кимсиң сен мага?..

— Менби?.. Мен сенин… Эмне десем? Бир сөз менен айтканда сүйгөнүңмүн.

— Сен-би?!

— И, мен… Ушу мен…

— Сен деген менин көңүлдөшүмсүң. Бир деп тур муну…

— Бир.

— Арманымсың. Эки де…

— Эң башкысы! Ой-но-шум-суң… Билдин-би?

— Ошо элеби?

— Ошо эле. Кыска и нуска! Сен турганда момуну эмине кылам? Ф-юу!... Мунун эки ооздон бир оозу: «Гегель минтип айткан, Фейербах антип айткан, Платон минткен…» Ушу болгону. Өзүңүз кандай дейсиз десем, меники эми субьективный, жеке пикир деп каадаланып калат… Дале турабы… Карасаң, байкуш кандидаты…

— Турат кандидатың… Дагы түкүрдү! Кандидаттыгы этика тууралуу. Түкүргөнүн көр! Бензин ичип алгансып. Багдаддын эле төөсү!... Ии…эми чөнтөгүнө колун салды. Бирдемке издеп атат. А бетаарчысын алды. И-ии! Чүчкүрдү… Бетарчысын толтура чүчкүрдү… Ак чүч! Та-аак… Эми эшиктин тешигинен ичкери карап атат…

— Кана, ке, мен карайынчы,, мындай тура тур. Хи-хи-хи… Байкуш-ум! Эңкейсе мойну желкесине жабышат. Жаман оюнда аялым бирөө менен жатат го деп аткан чыгаар. Дагы карада… Байкушум!... Кызганчагым!... Кандидатым!... Хи-хи-хи… О-па! Шляпасы башынан сыйгаланып түштү. Карасаң, кулагы көрүндү делдейип, карасаң!..

— Келчи, кана көрөйүн. О-пэй! Кийгенге үлгүрүптүр. Башында го… Экөөбүздүн сөздөн делдейген кулагы ысып чыкса керек.

— Ысы-сын. Ысымактан өрттөнүп кетсин мага десе. Менин үйүмө ким келет, ким кетет. Баарынын учётун алат. Мага внештатный кароол болуп алды…

Ырас эле саат канча болду?.. Кечиктиң го. Бу эми таң атканча чейин турат…

— Саатпы?.. Көрүнбөйт го? Азыр… Светти жандырайлы?

— Жандырба! Байкап калат. Ширеңкең бар го. Ошону жандыр…

— Саатпы? Саат он мүнөт кем он эки…

— О-уу! Түн жарым. Кечикпединби? Аялыңа эмне дейсиң? Кайда жүрдүң десе? Кайсы калпты ышкыртасың дагы ?.. Автобустар дагы токтоду. «Асанбайга» кантип жетесиң? Анан калса бүгүн ишемби. Оңго жетпей токтойт…

— Кабатыр болбо андан. Баратпай досумдун туулган күнүн белгиледик дейм. Үйгө такси менен эптеп жетермин… Баарынан да мобу кандидатың кетпей коюп ит кылабы кишини. Дале тешиктен шыкаалап атат.

— Кызганчаак да... Эркектин жаманы кызгаанчак. Аялын бекинип алган деп атса керек. Айтмакчы, Баратпай досуңа аялың званит этип калса кантесиң? Шоруң шорподой төгүлбөйбү? Калпың чыкса өлдүң да! Экинчи быякка баспай каласың. Шылтоо таппай жүрбө?..

— А, эчтеке эмес! Баратпай досумдун телефону тургай, үйү жок. Квартирада турат. Аялым да тааныбайт аны… Быягынан кадырыңыз жан болсун!

— Билесиң, ээ?! Мээң иштейт. Мобу кандидаттыкындай эмес. Айтчы, сен да кызганчааксыңбы?..

— Жок.

— Жаныңды жебе!

— Өлүп кетейин!

— Макул дейлик… Азыр үйүңө бардың… И-ии деп тур.

— И-ии дедим…

— Барсаң эле аялың бирөө менен Адам Евадай эзилишип жатат. Анда канттиң? Аа?

— Кантмек элем? Тигинисин да, бунусун да тынчытам! «Кык». Экөөнү тең…

-Во-о! Көрдуңбү. Кызганасың, кызганасың, ээ? Дагы кызганбайт имиш. Билесиңби? … Кайсы бир өлкөдө аялына эркек киши келе турган болсо, күйөөсү сүйүнөт имиш. Аялымды менден башка киши да жакшы көрөт тура деп.

— Африкадабы?..

— Эстей албайтам, каерде, ле? Ошо жакта болсо керек. А биздин эркектер аман эле болсун! Деги силер кызык жансынар, ээ?

— Кандай мааниден алганда?..

— Кадимки эле. Бирөөнүн аялын сылап-сыйпалаганда, алдаганда өлгүдөй жакшы көрөсүңөр. Мындайда жентельминсинер… ал эми өзүңөрдүкү чети байкалса болду! Тынчытасынар, Отеллочосунан муунтасыңар, ажырашасыңар … А өзүңөр менен кудайдын иши жок! Бу эркектик сокур философияңар да. Кызык!...

— Муну сага ким айтты? Мобу философбу?..

— Ким айтат эле? Өзүм да.

— Жаша!

— Ты-сс-сс! Акырын дейм. Угуп калат… Карачы? Тигини… Турабы?

— Турат, Платонуң. Убал болду ага.

— Эчтеке эмес. Турмуш Гегель менен Фейербахтын сөзүнөн турбай тургандыгын сезсин. Бу жалганда «күтүү» деген да сөз бар экенин билсин, байкуш Платон. Адамдын өмүрү да түбөлүктүү күтүү экенин сезсин.

— Ушерде уктап калбаса экен, эми…

— Сенден бир нерсени сурайын…

— Сура…

— Адам айбандан жаралган дейбиз ээ?

— О! дүйнөнүн түзүлүшүн аңтарып чыкайбызбы?

— Жо-жок! Коё турсан! Туурабы ушу?

— Туптуура.

— Сөзүмдү бөлбөчү. Уксаң… Адамдын айбандан чыкканын кантип далилдейсин? Далилиң барбы?

— Бар. Пожалуста, Чарлз Дарвиндин эволюциясын оку.

— А китеп дейли. Турмуштукучу?

— Турмуштукпу? Та-аак… Айтайлы, биз менен бирөө иштечү. Маймылдан айрып алгыс. Куюп койгондой окшош. Дарактан даракка секирбегени болбосо…

— Жо-жок! Сен тамашага бурба! Бурба да?

— Там бердик. Өзүң айт. Сеникин угалы?..

— Адам айбандан жаралган. Бу туура дейли.

— Илим күбө буга!...

— Ошо айбандык адат кимде калган? Билесинби?..Эркектерде. себеби силер айбан чалышсынар. Аял десе болду. Акыр заман бир теңге! Сөзүңөр – бал, көзүңөр – от.

— Дурус… дурус… Кимдин коңшусу экендигиң билинип калды. Сыныктан башкасы жугат. Бу да болсо философ коңшундун таасири.

— А-бу байкуш антпей калсын. Антти дегиче өзүнүн кандидаттык диссертациясына каршы чыгат да. Үй-бүлө этикасы Помпейдин акыркы күнүндөй талкаланат. Башка теманы жактаса, бу да эбак чабуулга өтмөк беле? Ким билет? Карасаң дале турабы?..

— Турат… Чылым тартып кирди… Турушун! Эшикке жөлөнүп. О!.. Ойлонуп атат…

— Ойлонсун. Мунуку баары субьективный…

— Тык! Унчукпа! Биз тарапка келетат. Чү-үүш! Чүүш!

— Акырын… Эшиктен ары тур. Мусор чакадан абайла!... Тешиктен көрүнүп калат. Ты-сс!...

— Ка-ра-ба-тат…

— Ты-сс!... Шыбы-ра-баа… Кулагы са-аак…

— Кетти. Ү-үх… Тыңчы болгудай эле жөнү бар экен. Үйүнүн коңгуроосун басып атат.

— Келесоо!

— Көр үмүт да…

— Ким ачмак эле? Киши жок болсо. Жанеле званокту басканда ключун берип койбой. Ка-аап! Сен да! Ачпа! Ачпа деп! Эми канттик? Эшикти ачсам болду! Шек алат! «сиз феноменалдык аялсыз» деген сөзү бырын-чырын чыгат. Ат-тиң! Ушунун баарын кылган сен да!..Эми тура берет каккан казыктай какайып.

— Эм-не? Ич көйнөкчөн чыкмак белең?

— Бир айласын тапмакмын.

— Мына сага! Же үйдө эмес же Чүйдө эмес. Саат да та-аак… Он экиден он алты мүнөт өттү. Эмне кылабыз?…

— Таң!? Ушинтип тура беребиз. Чынын айтсам, сени кетиргим келбей атат. Сен жанымда турсан жалгыздык деген балээни унутам. Сен кетсең, кайрадан жалгыздык башталат. Түнү түндөй болгон ойлор келет мага. Үйдөгүнүн бары менен сүйлөшөм. Дубал менен да, стол менен да, күзгү менен да, өзүм менен да. Баарынын тили бар. Сүйлөйт … Билесиңби, бир жолу түшүмдө өлүп калыптырмын… Сөөгүмдү качан алып чыгышат деп күтүп эле жатам, күтүп эле жатам… Эч ким келбеди… Сөөгүмдү алып чыкканы бир да адам басып келбеди. Кайран менин буюмдарым, ушулар гана ыйлап атыптыр мени жоктоп…

— Түшүндө өлгөн адам көп жашайт.

— А, ит билсинби?!

— Ушундай жорушат аны…

— тиги кеттиби?..

— Моло таштай катып турат ордунда.

— Байкуш кандидат. Кетпейби эми? Өз үйүнөн башка жатар жери жок болсо керек… Эшикти ачып, ключту бергенге болбойт. Анда иштин бүткөнү ошо. Жаман ойлойт. Аны аялына айтчу болсо болду. Эртең эле шаарга ушак жайылат. Байкуш өзү да сөз табалбай араң эле турганда. Күйөөсүн мен тартып алчудан бетер кызганат. Жамандаганы-жамандаган … Көңүлүмдү суутайын деген ниетиңби?.. Бир жолу бир профессор менен тааныштырам деди. Таанышса таанышайын десем, анысы атамдан өткөн кары неме экен. Башы калтылдап, араң эле жаны бар. Мага үйлөнмөк турсун, а дүйнөгө даярданышы керек. Өлөрү калган профессор.. Үйлөнүштү ким койду ага?..

— Азыр мода да…

— Модасы менен жерге кирсин! А кече күнү эмне дебейсиңби? Рекламага кулактандыруу бер. Таанышууга дейт. Азыр мага окшогондордун көбү ушинтип жар издеп, бактылуу болуп жаткан имиш. Отуз сом берсең болду дейт. Кулактандыруунун сөзүн да жазып келиптир өзү. Окуп берейнби? Күлө берип бооруң эзилет. Гм… Мындай келсең… буерде эле… И-ии, таптым. Ук, угуп тур…

— Ширеңке тамызайынбы? Көрүнбөйт го. И, оку…

— Кулак сал. Уксаң. Ушундай мактаптыр дейсиң?! Он алтыдагы кыздай! Софи Лорен быякта калат. Ук, угуп тур…

— Ко-ош. Угалы… Кулак сизде…

— Менин жашым отуз үчтө, боюм бир алтымыш төрт, улутум кыргыз. Билимим жогорку. Үй-бүлө курууга бардык шартым бар. Материалдык жактан камсызмын. Өңүм ак, чачым кара, бетимде бармак басым калым бар. Бою-башыма тыканмын. Чырайлуумун… Хи-хи-хи…

— Туура. Чырайлуу эмей? Чырайлуусун… И, анан аркысы…

— Быягын угуп тур эми. Адабиятка, музыкага, киного өтө кызыгам. Тамакты даамду жасайм. Мүнөзүм токтоо. Өмүрлүк жар боло турган кишини издейм. Жашы элүүдөн ашпоо керек. Ал спирттик ичимдик ичпеген, тамеки тартпаган, жаман адаты жок, мээримдүү, менин кайгы-кубанычымды тең бөлүшкөн киши болсо. Хи-хи-хи…

— О-го! Түзүк, түзүк…

— …Х-хи-хи. Тим эле ак боз ат минген принц! Мындай эркекти кызыл китептен сыйпаласаң да таппайсың! Аларга жар болчу кишиси менмин? Чырайлуу… никеде болбогон… апасынан башка өппөгөн.. тапкан экен?! Кулактандыруу берчү кишини! Жаман ою эптеп күйөөгө берсе. Кандидат күйөөмү азгырып кетпесе деп чочулайт, байкуш. Эмесе, минтип башына таш түштүбү?!

— Айтчы, чыныңды? Күйөөсүнүн сенде көөнү барбы? Четин билдирди беле?

— Аялга көөнү түшпөгөн эркек барбы? Айрыкча, жалгыз бой аялга. Болсо болгондур. Анысын кайдан билейин? Кызыгы жок мага. Кээде келип калат, байкуш. Сылык десең сылык, назик десең назик. Созулганы тим эле чех сагызы. Ушундай эркекти жинимен жаман көрөм. Эркек деген эркектей болсо. Азыркы эркектер аял мүнөзсүңөр… Мунуку эки оозунан бир оозу баягы эле философиясы, илимий иши, академия, андагы академиктер. Сүйлөшө келсең ушунча сыпаа, этичный. Жанда жок адам! Бирок жыландын кепшегенинен өйдө билет.

— Кандидат да…

— Бирдеме минтет мага. Сиз – дейт, — акылы да, өзү да келишкен чырайлуу жансыз. Адамда интеллект менен дене карама-каршылыкта. А сизде бу экөө тең бири-бирине куп келишкен. Адамда мындай гармония чанда учурайт. Мындайды философтор аял-феномен дешет…

— Бал-ли, философ! Акылыңа береке!...

— Кээде оозунан ушундай да сөздөр тамат. Ал эми мындай карасаң көрдүң го? Сен айткандай төө. Көп түкүрүнөт. Бир сапар сынамакка «сүйүү деген эмне» деп сурап калсам, байкуш кара жаандай төгүлдү го. Быягынан чон адис! Аялынан эле корккону болбосо…

— Сүйүү деген эмне имиш?

— Айтымында, сүйүү чексиз түшүнүк экен. Адамдын сүйүүсү бир адамга гана багышталбайт имиш, ал деген бардык эле адамга багышталчу сезим дейт. Мисалы, Бетховен он эки жаштагы кызды сүйүп калып, ага «Ай сонатасы» деген музыка жазган. Ван-Гог алаканына ысык чок салып койсо да, сүйгөнүн көргүсү келген, чыдаган дейт. Сүйүүнүн күчү ушундай! Швецияда феминист аялдардын уюму бар дейт. Булл уюмдагы аялдардын бары эркектерден, күйөөсүнөн тажаган аялдар имиш. Алар каалаган эркекти үйүнө киргизип, бирге жашап, көңүлү сууганда айдап жиберет дейт. Аялдар муну ургаачылык эркиндик катары көрүшөт экен.

— Мына цивилизация! Анан?..

— Дагы эмне дейт?.. Кайсы бир өлкөдө эки аял алууга уруксат бериптир. Көрдүңбү, эркектин баасын барктай билген мамлекеттер өз граждндарына кандай шарт түзгөн? А, биздечи? Бирин кетирип, экинчисин алдыңбы, болду. Мүнөздөмөңө «моралдык жактан туруксуз» деп какшайта жазат. Күйөөсү жок аялдар канча бизде? Себеби эркек дефицит! Туурабы? Тура!.. кээде бир ургаачылар пенсияга да кыз бойдон чыгып кетет имиш, байкуштар. Бу эмнеден чыкты?.. Эркектерге шарт түзбөгөндөн, аялдардын тагдырына кайдыгер карагандан дейт! Бу сөздү айтса оозунна үшкүрүгү жанартоо атат, байкуш кандидаттың. Ушу азыр деле дүйнөнүн кайсы бир жериндеги бир шахтын эки жүздөй никелүү аялы бар экен…

— Мунусу жакшы! Канна эми, бизде болсо!

— Кызык!... мен анын сөзүн угуп эле атам, угуп эле атам. Көп сүйлөдү божурап. Оозунан чыккан сөздүн шекери бар. Бир маалда сөзү ширин чыгып, байкуш кандидаттын колу менен сыйпалап калса болобу? Анан эмне кылдың дебейсиңби?..

— Эмне кылдың? Бетине бир чаптың да…

— Жок.

— Эмне кылар экен байкуш деп тим койдуң…

— Жок… Ук. Карасам байкуш кандидаттын көздөрү оттой жанып, эркектердин классикалык чабулууна өттү. Чачымдан, белимден сыйпалай баштады. Куулугун көр!ширин сөздү уудай таштап коюп, жаман ою жаманды боолгосо керек. Мен ага эмне дедим дебейсиңби? Сиздин кандидаттык диссертацияңыздын темасы эмне эле?.. Эсимден чыгып атат десем…

— Ал эмне деди?..

— Эмне демек эле? «Үй-бүлө турмушунун этикасы», — деди.

— Сенчи?

— Менби? Жакшы тема. Жакшы тема экен дедим. Байкуш кандидат кеп төркүнүн түшүндүбү? Белимден ары кеткен колун жылан карагандай шып эле артка тартты. Хи-хи-хи.

— Эстүү экен канткен менен… Түү! Канча турабыз ушинтип.

— Тешиктен карачы, дабыш угулбай калды. Канткендир…

— Кетпей калсын, турат. Кетпейби эми бир көргө?!

— Тим кой. Күтөлү бир аз…

— Күткөндүн дагы чеги бар.

— Айтмакчы, бүгүн числонун нечеси?

— Он үчү... Эмне сурап калдың?

— А жөн-жай эле…

— Жөн да сурайбы киши. Бир билгениң— бардыр.

— Эмне? Билгиң келип атабы? Ушунчалык эле?!

— Билип койгон жакшы да.

— Бир нерсе айтсам… Жүрөгүң түшүп калбасын?!

— Эмнеден?!

— Эмнеден эле? Менин боюмда бар…

— Койчу тамашаңды! Чыныңбы?

— Чын эмей? Калп дейсиңби?

— Ишенбейм. Кантип эле?..

— Ушинтип… Эки ай болду..

— Билинбейт го такыр…

— Азырынча… Дагы бир айдан кийин кадимкидей билинет. Кечөө күнү зарна болдум. Кустум…

— Бу чыныңбы? Же тамашаңбы?..

— Ишенбесең өзүң бил! Кудай урбадыбы?..

Япондуктар бир дары чыгарыптыр. Бир таблетка ичсең болду, боюңа бүтөт экен. Бирди ичсең кыз, экинчисин ичсең уул. А караганда экөөбүз…

— Дөөрүбө! Мунун бары чынбы?

— Чын эмей.

— Карганчы?

— И-ии… Ошо эле жетишпей аткан. Төрөйүнбү? Төрөй берейинби?

— Менден сурайсыңбы?!

— Кантсе да атасы эмессиңби?

— Койчу болбогон кепти дөөрүбөй. Кантип эле!?

— Ушинтип эле. Оңой тура. Төрөйүнбү?

— Тө-рө-сөң төрө…

— Үнүң эмне калтырайт? Коркуп кеттиңби?

— Жо-оок...

— Жаныңды жебе! Коркуп атасың. Коркпой эле кой. Иштеген жериңе арыз жазып, моралдык жактан туруксуз дедирбейм. Коркпо…

— коркконум жок…

— Көзүң айтып турат. Сен деле көп эркектин бирисиң да. Силер бир эле тилди билесиңер.

— Кайсы тилди?

— Бал тилди. Аял-аял болгону алдаганга жаралган жан. Ушу эркектердин бал тилине кирип аял бузулат, азгырылат. Илгери Чыгышта бузулган аялдарды Регистан мунарасынан ыргытчу дейт. Эми болсо андай жок. Бизди эч ким эч жактан ыргыта албайт. Сөзүбүз сөз, айтканыбыз айткан. Анан калса эмансипация… Аялдагы ыйыктык кетип баратат. Аялдын бузулганы – заамандан бузулганы.. Эмне унчукпай калдың?

— Эмне дедиң?..

— Сөзүң түгөндүбү?.. ишенсең, мени жалгыздык ойчул кылып салды. Ойлой берем, ойлой берем… Жалгыздыктын азабын тарткан мен эле десем, жо-жок, мен эле эмес экенмин. Биз, баарыбыз, жалгызбыз… Мен да, сен да, кызганчаак аялы бар философ да, баарыбыз. Баарыбыз. Жаде калса жер да, күн да жалгыз, өлүм да жалгыз… а деген ар бирибиздин башыбызга жалгыздап келет. Ажал жалгыздап алат бизди… Кээде мага дүйнө да жетимдей сезилет. Биз адамдар ошо жалгыздыкка ушунчалык кош көңүлбүз… сен мени минтип тиктебе?! Дээриңде эмне бар, аны билүү мага кыйын. Мен жөнүндө кандай ойдосуң? Ушуну билгим келет…

А, балкиим ичиңден кытмыр гана күлүп жатсаң керек. Эгер түшүнсөң, шейшепке сени менен жыргагандан жатканым жок, жаман оюмда сары изиме сая түшкөн жалгыздыктан ушинтсем кутуламбы дегем… Аялдын кыска акылы шейшептен ары кеталбайт тура… сен неге унчукпайсың?

— Бир акындын бир сап ыры келди эсиме: «Карангыда караңгы ойлор келет.»

— Ү-үх!... Бу дүйнө неге кызык!..

— …кызыгы-кызык…

— О-уу! Саатты карачы?.. Бир.. Аялың эмне дейт эми? Кечиктиң го ? түн жарымда барсаң?..

— Бирге аз калды… Эми кантик? Тешиктенкарайынчы… Турабы же жокпу?.. Турат. Бирөө менен сүйлөшүп. Карасаң, ким ал? Ке, карачы?..

— Кана, мындай турчу. Азыр… азыр… А, оң жактагы, он биринчи квартирадагы коңшубуз. Бирдемке деп атат. Тигинин үйүнө кирмек болду. Ана кирип баратат. Экөөнүн мамилеси түзүк. Бол бачым, чыгып кет. Бол…

— Ач эшикти. Же мен ачайынбы?..

— Жо-жок. Ачкычымдын сырын билбейсиң. Өзүм ачам. Үн чыгарбай…

— Ач.. Ач анда

— Тешигин таап алайын, ширеңке жандыр. И, жандыр… Жакыныраак жандыр. Таптым…

— Акырын ач. Билип калышпасын…

— Үйрөтпө. Ачтым… Чык, чыгып кет. Бачым бол…

— Токтой турчу кишини шаштырбай. Качан келейин? Айт, качан?..

— Качан келмек элең? Каалаганда келесиң да! Мен байкуш күтө берем, күтө берем…

— Айт, качан? Эки-үч күндөн кийинби? Бир жумаданбы? Так айт. Качан?..

— Келбей эле кой. Убара болбо.

— Эмне болду? Жаным! Кел бетиңден…

— Өппө! Бышылдабачы!

— Сага эмне болду, а?..

— Эчтеке. Келбе. Келбей эле кой. Сен үй-жайлуу адамсың.. а мен жалгыз бой аялмын…

— Койчу анны, айт эми?! Качан келейин? Тигилер чыгып калбасын.

— Чын эле… Мындан кийин келбей эле кой, кереги жок. Суранам. … мындай жашоонун кимге кереги бар? Сагабы, же магабы?! Сен келсең, бир аз болсо да жалгыздыкты унутам дегем. Жок… андай эмес экен. Сен азыр кетесиң, мен калам. Жалгыздыкты мурдагыдан да күчтүүрөк сезе баштайм. Кыйналам…. Антүүнүн эмне кереги бар? Түбөлүктүүнү убактылуу менен алмаштыра албайсың. Өзүбүздү алдап эмне кылабыз? Турмушту алдап кереги эмне? Суранам.. мындан кийин келбей эле кой. Түшүн баарын… Түшүн. Аял экен… аялдыкка алдырып, «келбе, келбе» дегеним менен кайта эле сени сагынам. Ургаачынын алсыздыгы ушундабы? Жалгыздыкты ошо алсыздыгыбыз менен жеңгибиз келет. Кайран Шекспир: «Аялдын күчү анын алсыздыгында»,  — деп бекер жерден айтпаптыр. Бүттү бар!.... Бүттү. Бу дүйнөдө күтүүдөн өйдө азап жок. Бу жалганда күтө берет экенбиз, күтө берет экенбиз… А күткөнүбүз эмне биздин!...

— Сага эмне болду?..

— Эчтеке. Ушу түшүнсөн…

— Көзүңдөгү жашпы?..

— Алчы колуңду!... дайыма эле бир нерсени күткөндөймүн. Бирок эмнени күтөм! Ага акылым жетпейт…

— Койчу эми?!

— Ал колуңду?!

— Түшүнбөй атам сага…

— Аял болуп көрбөсөң кайдан түшүнмөк элең? Түшүнчү?!

— Эмнени?!

— Аялдын турмушун. Күтүүдөн тажаган аялдын турмушун. Тажадым, тажадым! Сенден да, өзүмдөн да, күтүүдөн да! Ушунчалык тажадым!.. Кет!.. Кет!.. Кет!..

 

© Раев С.А., 2011

 


Количество просмотров: 2223