Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Зинакан Пасаңова, 1997. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 7-декабры

Зинакан ПАСАҢОВА

Эрте келген күздө

Жыйнактан аңгеме

Бул жыйнакка аял темасында жазылган аңгемелер топтолгон. Аялдын энелик мээрим-кудурети, махабат сезими, сүйүүгө муктаждыгы аялдардын бейнелери аркылуу сүрөттөлөт.

Зинакан Пасаңова. Аял сыры. – Ош: 1997-ж. китебинен алынды.

 

Карт талдын буталбаган коюу шактары үй ордундай жерди түш ооп бараткан күндүн ачуу нурларынан көлөкөлөп турду. Улам арылап жылган көлөкөгө ыктай которулуп коюп Дилбар оодо болгон кирди жууп олтурат. Колдору эпилдеп тыньаган менен алда-нени каттуу ойлонгон түрү бар. эрмек болгону жанына көчүк басып, ар касыйсынын башын чарпып кобураган апсына да түзүктөп кепке келбеди. Беймазалднган эне ийигин токтотуп, кызынын арык ийиндерине, бүркөө жүзүнө санааркай карап калды. Кечинде иңир аралаш үйгө кирип келгенинде догдурлуктун окуусуна өтпөй калганына анчейин деле кабагым-кашым көрүнбөдү беле. күмөнсүрөп кайра-кайра сураса күлүмүш эте:

– Кулап калдым, кулап калдым дедим го акыркы экзаменден, – дегенден башканы айтпады. үйдү сагынгандан улам бир бөлмөгө кирип чыгып, көзү түшкөн бөлмөгө сонуркап карап, кечки оокатты да бир башкача эптилүүк менен өзү жасаган. Бирок жүзүмдүн шактары далдоолоп турган чарпаяга жай салып жатаары менен уктамыш болуп калганында бир кеп бар эле. Кызы менен жайма-жай сүйлөшкүсү келген эне төшөгүнө жамбаштаган бойдон аны көпкө карап турган. Толгон айдын сүттөй агыш шооласында ак саргыл жүзүндө билектей кашы карайып, бойтойгон толук эриндеринде ымыркайлык менен балакатка жеткендиктин ыманы кошулуп татына көрүнөт. Ойгоо экендигин туйгузуп, кылкаланган кирпиктерин дирт кагып коет. Жаны оорунгандай кабагын бекем бүркөп, оор дем алып жатты.

– А балам ай, балам… – деп күрсүнүп алган апасы наркы капталына оодарыла берип. – Алыңды билбей тырмалаңдайсың. Кана эми үч жылдан бери өткөнүң? Китеп десе эт-бетиңден түшө калып окуйсуң. Колдогонуң жок болгондон кийин ушу да. Атаң тирүү турганда бутун сүйрөп жүрүп болсо да артыңдан барат эле. Бешенең шор экен, кантесиң…

Дилбар үндөгөн жок. Жүрөгүндөгү күйүт кандайча сыздатып жемирип-жеп жатканын тыңшап сулк жатты. Түнү бою эне-бала тез-тез түйшөлүшүп, илең-салаң таң атырышкан.

Ушуларды кошо ойлоно олтуруп шуу үшкүрүнгөн Марал эне кабыргасы кайыша үн катты:

– Болдучу, балам келгенден бери эрбеңдеп жаның тынбайт. Өзүм деле жууп алат элем.

– Бүтөйүн деп калдым, – деди Дилбар баш көтөрбөгөн калыбында.

– Айланайын… деди Марал эне өзүнчө секин кобурап.

Эненин жалынычын Дилбар да укту. Эң жакын адамынын бир сөзгө батырган аесу, сүйүүсү алкымында буулган көз-жашты жырып кетти. Мөлтүр тамчылар кирпиктеринен сарыгып-сарыкпай тепшидеги сууга, колдоруна тамчылап жатты. Тилегине жетүүдөгү дармансыздыгына, ал канчалык кол жеткис болуп бараткан сайын ошончолук ак эткенден так этип, күчөгөн каалоосуна жаны ачышып ыйлады. Анын догдур болсом деген кыялын жаш эненин наристесине болгон сүйүүсүндөй ымыркай, таза эле. Ойлосо эле эт жүрөгү чымырап, элеп-желеп болуп кетет. Өзү көрүп-билип жүргөн кадыресе врачтардан да артык колунан чоң иш келчүдөй дембеленип жүрчү.

Дилбар көз-жашын байкатпаоо үчүн ого бетер эңилип, кирди күчтөнө жууй баштады. Апасынын кейип-кепчигенден башка колунан келээр жардам жок. Ансыз деле жесирликтин ташпиши желкесинен ныгыра баскан. Муну балтыркан маалынан түшүнгөндөн тартып кыз өз санаасын өзү көтөрүп чыга келген. Анткен сайын турмуштун ыргыткан таштарынан корунуп, жалгызсыраганда башка бирөөнүн жөлөгүн эңсегенине көп болгон. Акылдуу, күчтүү, айкөл жана сүйгөн адамдын жакындыгын самоочу. Көчөдөгү кымгуут элдин арасынан, же бей убак эле жерден көрүнө түшкөн жылуу жүздөн селт этип, ал адам менен сөзсүз жолуга тургандай табышмактуу таттуу сезимден жүрөгү туйлап кетүүчү.

Эне эле болсо перзентинин жылдызы түшүп, ичинен сыздаганын туйбай коебу. Жерге такаган ийигине өбөктөп, кызына ойлуу тиктеп турган апасы туталана сөзүн улады:

– Өзүң дагы көк бетсиң деги. Догдур болчумун деп туруп алдың. Кичине жеңилирээк мугалим-сугалимдикке, магазинчиликке деле тапшырсаң, алигиче өтүп кетмексиң. Эми окуу дегениңди кой, балам? Сенин көөнүңө карап ушуга чейин тим койдум. Кыз бала кантип санитарка болсун деп ар ким айың көрүп жатат. Ылайыгына карап бир жерге тын эми. Кардарлар эшик жыртышты. Келген жерлерди көп кайтара берсең да болбойт балам. Кармаган-тутканымды көзүм барында тапшырып, менин да көңүлүм тынчысын. Эненин карызы болот…

Марал эненин бул сөздөрүнө Дилбар ак дебей, көк дебей түнөрдү.Көксөгөн нерсесинен айрылып калуу коркунучу аны чыйралтып жиберди. Ичинен туттугуп: «Барам! Баары бир барып санитарка болуп иштей берем! Ооруканада иштесем болду. Эмдиги жылы дагы мединститутка тапшырам, өтмөйүнчө тапшыра берем…» – деп күбүрөнүп жатты. Эч качан мынчалык өзүн жалгыз сезген эмес. Жүрөгүнө өкүнүч, кусалык куушуп бир кирип келди. «Самарбек, Самарбек…» – деди муңайып көз алдына келе түшкөн жигиттин элесине – Мага азыр кандай кыйын экенин билесиңби? Жок, билбейсиң.

Анткени, сен көздөгөн тилегинен кол жуу, басынуу, жалгыздык эмне экенин башыңан өткөргөн эмессиң. Сага баары даяр, белен оокат, белен турмуш… Сенин таянар тооң, арка тирекгиң бар. Сен үчүн атаң ойлонот, атаң чуркайт. Мени ошонуң коркутат, алыстатат…»

Бул жан кыйнаган ойлордон ал кир жууп бүткүчө арыла албады. Санаага оордошкон кыз колу бошору менен жалгыз болгусу келип бакка кирип кетти. Эрте келген күздүн сары боегун сүртүнгөн бакта алчалардын бышкан маалы эле. Алар жылаңычтана баштаган шактарда мончоктой болуп мөлтүрөп турушту. Дилбар аралап басып жөнөдү. Чычырканак менен тосулган бактын аркы чети бийик жарга барып такалчу. Типтик жардын тээ түбүндөгү түпкүрдөн дарыянын шоокуму күңүрт угулат. Асмандын күн батыш тарабынан канат-куйруктары өрт чалгандай алоолоп, күн нуру тийбеген жерлери күн түспөлдөнүп, булуттар удургуп чыгып келатты. Алардын кайдадыр шашылгансыган түрлөрү эртеңки сапар тартаар жолун, шаарды, оорукананы, самарбекти эстетти. Кыздын чала жумулган кирпиктеринен көз-жаш кылгырып чыга келди. «Сагындым, сагындым…» – деди кимге экени белгисиз…

***

Самарбек жүрөгүн кысылткан оор сезим менен ойгонду. Оордунан козголо берди эле түнү бою жуурканына күбүлүп түшкөн сары-күрөң жалбырактар шабырап кетти. Ал суук түшкүчө короодо бир жуп акациянын түбүнө коюлган керебетте уктоочу. «Күз келди» деген кусалуу ой анын көңүлүнө тык урунду. Жыл сайын күз ага капысынан келгенсий берет. Элес албай жүрүп, бир күнү эле аңдоостон көзүнө чалына түшкөн бир белгисинен: күндүн табы кайтып калганынан, жерге төшөлгөн сары жалбырактарынан, ээндей түшкөн аллея, парктардан, эч ким олтурбай жетимсиреген скамейкалардан байкап, мынчалык күтүүсүз тез келгенине таң калып калуучу.

Эмнегедир күз ага муңайым ойлорду алып келүүчү. Бар болгону жыйырма бештин курагында жаш жигит болсо жашоодон тажап бүткөндөй сезилет. Самарбек төшөгүнөн турбай чалкасынан жатканча бүгүнкү күндөн кушбак кылаар нерсени издеди. Дал төбөсүнөн самсаалаган акациянын жашыл-көк тарткан жалбырактары, түнөргөн асман анын көңүлүндөгү кыжаалаттыкка ансайын кошул-ташыл болгонсуйт. Алардын дачасы бийик дөңдө тургандыктан дарактар, үйлөр быжыраган шаардын карааны тээ паста таңкы көгүлтүр туманга оронуп көрүнөт. Ээндикти, жалгыздыкты эңсеп турган Самарбек азыр ошол гүрүгүү шаарга түшүп, дары жыттанган ооруканага бараарын ойлогондо зааркана түштү. Өзүнүн дарыгердик ишинен тажаганына көп болгон. Мойнунан байлагандай илээлеп туруп, бактын ичиндеги арыктагы сууга карай басты. Муздак суунун шапатасы анын денесин ичиркентип, сергитип жиберди.

– Бул кандай кудай берген сага эрте туруп? Же түшүңө кыздар кириппи? Хе-хе!

Самарбекке атасынын азили жакпады. Арыктагы сууга колдорун шапшылап жуумуш боло үндөбөдү.

– Суук түшүп калган го, – деди атасы ийиндерин чыйрыккандай күйшөй берип. Уулу менен сүйлөшкүсү келип турду окшойт. Бакка көз салып койсоң боло? Карачы өрүктөр желимдей баштаптыр. Жанагы неме (короо-жайга каралашар бир адамды акча төлөп жалдап жүрчү) короону шыпырымыш болуп эле жылт коет экен. Мен көптөн бери көрбөй жүрөм аныңды. Апаң болсо дөөдүрөп казандан башканы билбейт. А силер үйдөн безип эле турасыңар. Жатар конок болуп келесиңер…

«Тилдеттирип, акыл үйрөтүп эле койсо», деп Самарбек ичтен каяша кылган менен сөз кайрыбады.

– Силердин башкы врачыңар кетип жатыптыр го Бишкекке – деди оокат үстүндө атасы ага астыртан карап.

– Ошондой окшойт.

– Мм…Кимди деп жатышат эми анын ордуна?

– Ит билсинби?

– Сен жарай алат белең?

– Мен азыр каяктан.

– Ийе? Жаман десе! Коюп койсо иштей албагыдай жаның жокпу?

– Ооба, сендей эле балдар ат үстүндө жүрүшпөйбү, – деп сөзгө кошулду баятан бери экөөнү алма-телме карап олтурган апасы. – Тигилер деги атаңдын сөзүн жерге ташташпайт. Кадырлаш адамдар эмеспи. Ошолордун бир ооз сөзү да.

– Мен областтык саламаттыкты сактоо башкармасына эле өтүп кетемби дедим эле. Кичине тынчыраак дагы… деди Самарбек оюндагысын айтып.

– Аны кое тур, практика жүзүндө жакшыраак билип ал ишиңди, анан…

Самарбек сыр билгизбей кымпыйып ойлонумуш болуп турду. Не апкаарууга, не сүйүнүүгө окшогон сезим ойгонгонсуду жүрөгүндө. Атасынын аркасы менен жерде калбасына күмөн кылчу эмес. Мединститутка да анын түрткүлөөсү менен тапшырган. Бирок, мынчалык тез болорун да күтпөгөн. Көз алдына кызматташтары тартылды. Учук оорулууларды дарылоочу областтык ооруканада көп жылдап иштеген мыктылар көп эле. Самарбек бул орунга өзүн эч ким ыраа көрбөсүн да түшүнүп турду. «Э, өлүп кетсинчи, – деди ошол замат тоң моюнданып.

– Ичтеринен жаман көрүшсө көрүшө беришпейби. А көзүмчө эч ким эч нерсе дей албайт. Жогорку билимдүүмүн, иштейм десем иштеп деле коем…»

 

Оорукана шаардын четине жайгашкан. Иттер авалап, түтүн жыттанып, бири-бирине минишип турган чакан бир кабат тамдар, жол жээгинде оттоп жүрүшкөн майда айылды элестетип турчу. Ушул жупуну жымжырт аймакта оорукананы беш кабат суз имараты туш-тараптан дайын көрүнөт.

Ординатор бөлмөсүндө эч ким жок болуп чыкты. Илгичте анын өөнсүз тапталган ак желеги гана калыптыр. Аны кийгенче дубал боорундагы күзгүдөн өзүн сонуркап каранды. Өңүнүн ажарын ачкан кызыл көңнөгү, аппак желеги, толкундана таралган кара чачы – баары өзүнө жарашып турат. Ошол тапта эшик ачылып өзү кырдуу Кабыл кирип келди. Ыңгайсыздана түшкөн Самарбек:

– Ии, – деди күлө карап ага.

– Өзүңө жол болсун «Пятиминуткадан» кечигип?

– Ха! Менсиз деле өтөт? эмне деди шеф?

– Баягы эле сөздөр. Баса бүгүн сага таң саарлап бир кыз телефон чалды го, – Кабыл сырыңды билем дегенсип ага көздөрүн кыбыңдата карады.

– Ким болуп кетти?

– Өзүң билесиң да ким экенин.

– Кайсыл бирин билейин, – деп Самарбек кайдыгер кыязда эшиктен кирген боюнча үндөбөй сөз кезегин күтүп турган медсестра аялга баш ийкеди.:

– Эмне болду, Вера Петровна?

– Түндө сиздин палатаңызга катуу оорулуу жаткырылган. Ошол азыр чыдабай жатат.

– Ким экен? Жаш кызбы?

– Жаш жигит, бар болгону 80ге чыгыптыр, – деди Вера Петровна да тамашаны улантып.

– Ай, ушу чалдардан күйдүм да, – деди Самарбек фенондоскопту колуна алып жатып. Эртелеп иш табылганына куйкасы куруша эшикти көздөң ыкшоо бут шилтеди. Алдынан оро-пара чыккан кыздын коркконсуп бакырая түшкөн көздөрү менен тиктеше калды.

– Ие, Дилбар?! – деди өзү да билбестенн таң калып да, сүйүнүп да.

– Кайдан? Эмне кылып жүрөсүң?

– Ушерден эле. Сизге келдим… – дилбар апкаруусун жеңе албай демигип.

– Эрте менен телефон чалган сенби?

– Ии…

– Жайчылыкпы?

– …Мурдагы күнү Бишкектен келдим. Эртең ишке чыгам…

– Айтмакчы, эмне болду? – деди Самарбек анын окууга кеткенин эстеп.

– Кулап калдым…

– Да-а. – Самарбек андан башка эмне айиаарын билбей эки жагын каранып алды. Көздөрү каканактап, толуп-ташып чыкан Дилбарга чындап боору ооруп, толгонуп турду.

– Сен бир аз олтура турчу. Обход жасап келейин, анан сүйлөшөлү…

Сиренасын уңулдаткан бойдон аткан октой зуулдаган «Тез жардам» машинеси шаардан узай берди. Эки жагына жыш тыт дарактары эгилген түптүз жол башталганда гана Самарбек жайлай айдап, Дилбарга күлө бакты:

– Коркподуңбу?

– Жо-ок, – деди кыз кооптонгон үнү менен – кайда баратабыз.

– Сени ала качып кетибатам. Мейлиби?

– Сурап ала качпайт.

– Ну-у! – деди Самарбек таң калымыш эте. – Аны сиз кайдан билет болдуңуз экен?

– Билебиз да.

– Муну, муну… – Самарбек али баласынтып жүргөн Дилбардын көп сыркаткан сөзүнө чындап күлүп, ага жалт карап алды. Саамай чачтары желбиреп учуп, түркүн бир сезимден өңү бар башкача албырып алган кыздын ажары жүрөгүн козгодубу, бир колун рулдан бошотуп кучамактамакчы болду эле, Дилбар боюн секин ары кыла берди.

– О-го! Сиз ушундай экенсиз да! – деди Самарбек ийрелеңдей түшкөн машинаны түздөп жолго салып жатып.

Кыйладан кийин чоң жолдон бурулуп, агымы билинбей мелмилдеп агып жаткан чоң арык сууну сүзө качырып токтотуп, чарчагандай бешенесин рулга жөлөгөн бойдон Дилбарга астыртан карады:

– Тааныдыңбы? Кайсы жердебиз?

– Жок, – деди Дилбар эми гана айланасын бүшүркөй тиктеп. Бедеси орулуп, саргайыңкы тарткан аңыз батып бараткан күндүн нурларына көшүлө ныксырап жатыптыр. Талаанын аркы четинен бак-шактуу айыл караандайт. Дилбар азга карап турду да:

– Ой! – деп эски таанышын көргөндөй сүйүнүп кетти. – Биз былтыр колхозго жардамга келгенде күзүндө беде оргон жерби?

– Дал өзү да.

Экөө тең бирин-бири жакшы көрүшө тиктешип күлүп коюшту. Ушул жерде биринчи жолу өбүшүшкөн эле. Ошону эстешти окшойт. Самарбек аны акырын өзүнө тарта кучактады. Дилбар арзыган адамынын жылуулугун жыргалга бөлөнө туюп, ушул жакындыкты түбөлүккө сактап калгысы келгендей ага бекем ыкталып алды.

Батып бараткан күндүн кызгылт нурларын шимирип, күүгүмдүн көлөкөсүн жашынмак ойноткон таттуу, жылуу кеч кирип келатты. Бозомук жука булуттардын сейрек түрмөктөрүнөн улам чексиз кеңжиги көрүнгөн асман мунарык чалган мейкиндик, тыт жыгачтарынын дилдиреген эрке бариктери, алтынга чайкалгансып жылтылдап, жээгинен самсаалаган узун чөптөрдү сыдыра агыза жууп, үнсүз мелмилдеген суу, саргымтыл, жашыл, кызыл түстүү күз – баары ыр болуп куюлуушуп аңкып турду. Дилбар бир укмуштуу жаны жай алып, ысып-күйгөн жаагын жаагына басып, тыптынч отурган кербез сымбаттуу жигиттен жанынын жарымын тапкандай санаалуу көңүлү айыгып, дүнүйө капар балкыйт. Бир оокумда башын көтөрүп Самарбектин көздөрүнө тигиле тиктеди:

– Самарбек, – деди биринчи жолу атынан атай. – Апаңызга кандай кыздар жагат?

– Түшүнбөдүм.

– Мм… Эмне десем… – деди Дилбар чайналып. – Келининин кандай болушун каалаар эле?

Бул суроо көптөн бери жанын жай алдырбай жүргөн. Негедир, Самарбектин ата-энеси карыган чал-кемпирдей сезилчү. Алардын элпек, ымандуу келини болсом деп кыялданчу. Кийин анын атасы шаардык, чоң кызматтагы адам экенин укканда шаабайы сууган. Мансабына чиренген бардыгер үй-бүлө айылдык жетим кызды кодулашмагы турган иш. Дилбар да мындай кемсинтүүгө ынабас. Бир гана аны биротоло бет буруп кетүүсүнөн кармап турган нерсе Самарбектин өзүнүн мамилесинен, жүрүш-турушунан бул айырмачылыктын байкалбаганы эле. Кийимдин тазасын, кымбат баалуусун шырыктай боюну жараштырып кийгени болбосо өзүн өтө эле жупуну, кадыресе кармачу. А түгүл ушуга чейин ата-энесинин ким экендиги жөнүндө ооз ачып кеп кылган эмес.

Самарбек кыздын суроосуна узакка ойлонду. Чоң энесин эстеди. «Келинчегиңди көрө бекем, ата? – дечү. – Тиги шаардык эчкилериңди кой! Этеги узун эле, ыман-ыскаты бар айылдык кыздардан ал».

– Куп болот, эне! Өзүңө тандатам. Ал дегениңди алам.

Кемпирдин көңүлүн алып, атасы айтмакчы «алдап нанын жегенге» Самарбек уста эле. Чоң энеси тирүү турганда, мүмкүн, чындап эле Дилбарга үйлөнмөк. Ичи ачыша түштү негедир.

– Мага жаккан кыз аларга да жагат, – деди өзүнөн жооп күтүп турган Дилбарга ойлуу тиктеп. – Билесиңби, сен мага качан жагып калгансың?

– Качан?

– Колхозго чөп чабыкка жардамга келген күндүн эртеси эсиңдеби? Эркектер чалгы чаап, силер артыбыздан чөмөлө жасап жүргөнсүңөр. Бир маалда артыма бурулсам, сен бешилигиңе ээгиңди жөлөгөн бойдон мага кызыга карап турупсуң…

– Сиз баарынан кыйын чабат экенсиз, чалгыны, ошону карагам.

– Жашырбаңыз, жашырбаңыз бийкеч, – деди Самарбек күлүп. – Сүйүп калганыңыз жалган беле? Мен сени сынамакка «Ке, чабасыңбы?» деп чалгыны сундум. «ой-ойлоп» качасың го деп ойлогом. Сен болсо бир паска күймөлө түштүң да, чалгыны ары-бери имере кармап сынап көргөнсүдүң. Анан ойда-а бир чаап жөнөдүң дейсиң, аял-эркек баарыбыздын ооздорубуз ачылып эле сени тиктеп калыппыз. Сага бир жарашат экен чалгы чабыш. Мен ошондо «Бул кыз меники болот» деп шыбырагам ичимден… Жүр! – Самарбек капысынан буулуга түштү. – Айылга барып келебиз! Чоң энем экөөбүздүн жашаган үйүбүздү көрсөтөйүнбү?

– Сенин чоң энең барбы? – деп сүйүнүп кетти Дилбар.

– Каякта ал?

– Тиги дүйнөдө, – деди Самарбек өңү бүркөлө, сөөмөйү менен төбөнү сайып.

– Ка-ап, – кыз умсуна түштү.

Ушундай жигитти чоңойткон кемпирди көрбөй калганына ичи ачышып жатты. «Эми билдим… – деди Самарбекти ансайын жакшы көрүп, жүрөгү элжирей тиктеп, – чоңдун баласына түк да окшошпогонуңдун себебин да эми түшүндүм. Сен кырынын колунда өскөн турбайсыңбы. Ошон үчүн жылдызың ысык көрүнчү экен…» Самарбек да чоң энесин эскергенден унчукпай калды. Анан каргылданган үнү менен:

– Чоң энеме сен сөзсүз жагаар элең… Келиним айылдык ыймандуу кыздардан болсо дечү… Дилбар?!

– Ии.

– Чын эле азыр сени ала качып кетейинби?!

– Кайда!?

– Үйүмө да. Экөөбүз баш кошобуз. Макулсуңбу? Мени жакшы көрөсүң да ээ? Эмнеге унчукпайсың?!

– Окуумчу?! – деди кыз тамагы буулгандай секин шыбырап.

– Окуй бересиң. – жигит маани бербей сүйлөдү. Пединститутка заочныйга киргизип коебуз.

Дилбар чочуп кетти:

– Жок! Мен догдур болгум келет. Мединститутка тапшырам!

– Койчу, ошол догдурлукту?! Анын эмнесин жакшы көрүп калдың? Мен тажап жүрсө… Аял киши үчүн мугалимдик эле жакшы. Тынч, таза да. Күнүнө бир-эки саат окутуп коюп, үйдө болосуң. Кааласаң, эртең эле башка иш таап берем. Санитарлык да ишпи? Мен сени кор кылбаймын.

Бул сөздү укканда кыздын коюу, кара каштары капалуу жыйрылып, бото көздөрү көлөкөлөнө түштү. Жүрөгүн ысытып, алдыга сүрөгөн максатын бир гана Самарбек түшүнчүдөй аны демөөр кылып жүрчү эле…

Эми жигиттин сөздөрү аны жолунан зордоп уруп, бөтөн жерге алып кетип бараткандай жүрөгүнүн үшүн алды. Ушуга сабыркап үндөбөй отуруп калды Дилбар.

– Кеттик, – деген Самарбектин үнү ага жат адамдыкындай угулду. «Кайда?» деп тактап сураган жок. Ушул учурда ага баары бир сыяктуу кайдыгерлик жүрөгүн муздатып турган. Жигит менен биринчи жолу өбүшкөнүнө күбө болгон беде аңызын гана кыя албагандай имерилип бир тиктеп алды. Машина жолго чыга берээринде аңыз аралап атты катуу чапкылап келаткан киши көзүнө илине түштү. Калпагын булгалап, бир колу менен чылбырды катуу силкип, ээрден обдулуп тура калып катуу шашкан түрү бар. Дилбар эки жагын каранып, өздөрүнөн башка эч кимди көрбөгөндөн кийин:

– Токтоңузчу?! Бизди чакырып жатат окшойт, – деди Самарбектин жеңинен тартып. Атчан «Тез жардамга» аркан бою калганда оонап түштү. Бутуна керзовой өтүк кийип, купайкесин шайы кур менен байлап алган чокчо сакалчан ноочо киши тээ алыстан эле энтигип сүйлөп келатты:

– Айланайын, кызым, айланайын… Догдур окшойсуңар! Балам… балам катуу коркутуп жатат! Бир эле боккор уулум бар эле… Баятан бери чакырган догдурубуз жок, эки көзүм төрт болду. Силерди көрүп… зорго жетпедимби… Айланайын, барып көрүп бер!.. Шыпаа болуп…

Дилбар эмне дээрин билбей эси чыгып, Самарбекти карады. Ал сөз төркүнүн түшүнгөндөн кийин кебелген да жок. Тамекисин жайбаракат күйгүзүп жатып, кыртышы сүйбөй сүйлөдү:

– Ой, аксакал, бизди жаман коркутпадыңызбы! Эмне балакет болуп кеткен экен деп … Машине таап, ооруканага алып барыңыздар. Же болбосо чакырган догдуруңарды күткүлө. Биз башка иш менен жүрөбүз.

– Өзүңөр деле догдур окшойсуңар? Баламды көрүп, ооруканага ала кетсеңиздер, айланайын!?–Чоочун кишинин көздөрүнөн кайгы менен жалыныч чачырап, тике каратпай турду. Самарбек ансайын туталана кетти:

– Аксакал, биз бала догдур эмеспиз. Дары-дармегибиз да жок. Капа болбоңуз. Машине таап, ооруканага алып баргыла.

Кара сакалчандын тер басып күйүккөн жүзү ыйламсырай түштү:

– Ошол машине табылбай жатпайбы! Баары эле бензин жок дешип… Айланайындар, силер машинеңерге сала кеткиле?! Эптеп шаарга таштап койсоңор?!

– Биз башка жакка иш менен баратабыз,–Самарбек чыдамы түгөнгөндөй корс этип, машинеге илээшип жүргүзө баштады. Кара сакалчан сөз таппай калгандай муунуп, кара көк тартып туруп калды. Жашылданган көздөрү эми Дилбардан гана ырайым күткөндөй жалдырап тиктейт. Кыз ооз ачууга дарманы келбей бошошуп турган.

– Дилбар, кеттик – деди Самарбек кабинеден баш багып. Ошондо алардын ушинтип кете берээрине чындап көзү жеттиби, кара сакалчан жарадар аюудай бакырып барып, Самарбекти бар чапчып жерге сүйрөп түштү. Ачууга алдырган бойдон башы көзүнө карабай муштагылап, туш келди тепкилеп да жүрөт, сөгүнүп да жүрөт.

– Оо, атаңды!… Догдурдан айлангыр!.. Сага окшогон догдурду… Ушу сени соо кетирбей калайын!

Адегенде күтүүсүз соккудан алдырай түшкөн Самарбек эсин жыйып, кара сакалчандын колдорун бир силкүү менен өзүнөн бошотту. Дагы эле тажаалданып, омуроолоп келаткан кишини кыжынып туруп бир сокту эле, ал жалп этип учуп түштү. Башындагы калпагы ыргып, өзү арык кырданып кыймылсыз жатып калды.

– А-ай! – деп бетин басып чыңырып жиберди Дилбар.

– Олтур! – деп зааркана кыйкырды Самарбек ага. Анан кызды колунан силкип кабинеге отургузду да, машинесин от алдырды. Дилбар дагы «чыр!» эте кабиненин эшигин ача албай тырмышканча машине шарт жүрүп берди.

– Самарбек! – деп кыйкыргандай болду кыз, бирок доошу зорго шыбырап чыкты. Коркконунан үнү бүтүп калган экен. Самарбек үндөгөн жок. Жаак эттери түйүлүп, жолго кектене тиктеген боюнча жин ургандай айдап баратты. Дилбар «…өлдү, өлүп калды…» деп боздоп ыйлап кирди. Чоң жолго чыккандан кийин Самарбек бир аз жайлап ачуулана сүйлөдү:

– Өлбөйт ал, өлгөн жок! Каяктан көрдүң эле бир муштумдан өлгөндү? Өзү күнөөлүү… Кызык, биз бала догдур болбосок, же дарыбыз жок болсо… Балээсине калалыбы?

– Токтот! Токтот дейм! – деди капысынан Дилбар анын колдоруна жармашып.

Машине жолдон буйтап, аңгекке кирип бара жаздап ачуу үн чыгара токтоду. Экөө тең бет маңдайындагы айнекти сүзүп алышып көздөрүнөн от чагыла түштү. Кыз эсине келери менен кабинанын эшигин шарт ачып, буйгамга келбей ыргып түштү да, артын көздөй чуркады. Жакынын көздөп бедеси жаңыдан орулган аңызга салды. Сары куурай болгон чөңөрлөр буттарын сайгылап, не бутунун сыздаганын, не жүрөгүнүн ачышканын ажаратып биле албай күйүгүп баратты. Бир-эки жолу чалынып жыгылып, жер таянган алакандарын, тизесин айрытып алганын да элес албады. Барганда колунан келер эмне, аны да ойлободу. Көз алдында сулап жыгылган адам, анын кайгысы, жан сооголаган өтүнүчү… Жүрөгү бүт ааламды жоготуп алгандай бошоп, жалгыздыкка жабыркап баратты.

Самарбек да машиненин артына чейин ээрчий басып келип, Дилбардын карааны күүгүмгө жутулуп кеткиче карап турду да, анан жиндене чыйт түкүрүнүп, булкунта жүрүп кетти.

1986-жыл, Ош шаары

 

Word форматында китепти көөчүрүү

 

© Зинакан Пасаңова, 1997

 


Количество просмотров: 1912