Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Шайдуллаева Т.Ж., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 8-октябры

Топчугуль Жолдошевна ШАЙДУЛЛАЕВА

Акылкасас

(Аңгемелер жыйнагы)

Колуңуздардагы жыйнак белгилүү жазуучу Шайдуллаева Топчугүлдүн бешинчи китеби. Турмуштун түркүн сүртүмдөрүнөн алынып жазылган бул аңгемелер көлөмү кыска, бирок айтаар оюнун нускалыгы жана көркөмдүгү менен айырмаланат.

 

Мазмуну

Кыз жана водовозчу
    Кара туман
    Долу
    Таанышуу
    Бешимдин көлөкөс
    Абысындар
    Акылкасас
    Гөркөө
    Күндөштөр
    Кур намыс
    Кнопка
    Айылдаштар
    Акыркы раис
    Бир айылда бир күндө
    Газанек
    Бири кем дүнүйө
    Күйөөм – күйөөрүмбү, аялым – айаарымбы, же…
    Сыр
    Балыкчы бала
    Жарык
    Мышык
    Ырыскы
    Арман
    Ыза
    Актөш
    «Кантор катын»
    Бир илим сары май
    Ийикчи
    Молдо
    Махабат
    Түгөйсүз эгиз
    Машинеде жашаган адам
    Түш
    Отунчу кыз
    Бала көтөргөн балалык
    Азапка салган айыз
    «Мас көчө»
    Дубал
    Жатаканадагы жалгыз наристе
    Декан
    Коркунуч
    Карылар
    Пальто
    «Кара жаздык»
    Эчкини ээрчип
    Өксүк
    Эне
    Доктур
    «Шамал» келин
    Алтын

-------------------------------------

 

Кыз жана водовозчу

Шар аккан кууш, бетон каналды бойлоп чачын сербеңдеткен секелек кыз жан алы калбай чуркап келатты. Максаты суу алам деп каналга кокус түшүрүп ийген чакасын кармап калуу. Өзү агыны катуу сууга түшүп кетсе эмне болоору жөнүндө башында ой жок, жан алакетте жылаңаяк таманын канал жээгиндеги тикендерге, учтуу таштарга тилдирип чуркап келатты. Бул кызды чоң жолдо суу ташыган машине айдап бараткан жигит көрүп калды. Ал машинесин чала-була токтотуп, ыргып түшүп, кыздын артынан чуркады. Оюнда бирөө сууга агып кеткенби деди, антпесе тиги кыз бөтөнчө күйүгүп чуркап алган, соо эмес. Шопур жигит учкан бойдон каналга жетип, кыздан озду. Каналда шарактап агып келаткан кадимки эски чоң калай чака экендигин көргөндө демин басты. Чаканы кармап калды. Бирок суунун агыны өтө катуу болгондуктан, чаканын араң турган түбү түшүп калган. Түбү түшкөн чаканы кызга узатканда демигип, калчылдап турган кыздын үмүттүү көздөрүнөн мөлтүлдөп жаш кетти.

– Оой, чунак кыз ушуга да ыйлайбы? Сынса бир эски чака сыныптыр. Кармайм деп өзүң кошо агып кетсең эмне болот эле, жөнө, үйүңө бар, суу боюнда турба. – Шопур кыздын тер баскан, уйпаланган чачынан сылай эркелете сүйлөдү.

– Апам урушат. – Араң турган кыз эми өңгүрөп кое берди. – Ал кир жууп жатат, суу жеткиришим керек эле.

Жигит саамга кызды баштан аяк карап калды. Бою кенедей, колу-буту ичке, али таптакыр бала бойдон. Жылаңаяк буттарынын манжалары ташка жарылып канап турат. Эки килейген чакадагы сууну сайдан өйдө ушу кыз кантип көтөрүп чыгып жүрөт. Болгондо да күн сайын, бир канча жолу. Шопур жигит эмне кылаарын билбей, күрүлдөп, бирок бир орунда токтоп турган машинесин карады. Азыр эле суу толтуруп жайлоого малчыларга бараткан. Кызга боору ооруп, аяп кетти.

– Эмне болду, ыйлаба, атың ким?

– Бүайша.

– Бүайша, жүрү машинеге, апаңа экөөлөп суу жеткирип берели. – Секелек кыз оболу эч нерсеге түшүнбөй саамга аңкая түштү. Жигит болсо анын колундагы түбү түшкөн чоң чаканы алды да каналдагы сууга кайра ыргытып жиберди.

– Мунун эми кереги жок. Сууну кичирээк чакага көтөрүп жүр, антпесең боюң өспөй калат.

Эсине келе түшкөн кыз баскан сайын сансыз тикен кирген таманынын сыздап ачышканын сезип, аксап-тескеп эптеп машинеге келди. Калчылдап, ызадан, мээримден өрөпкүп турган кызды жигит кабинага көтөрүп отургузду. Сайдан дөңгө өрдөгөн тик жолдон топтолтура суу жүктөгөн машине араң көтөрүлдү. Кыздын үйүнө жетти да суу ташыгыч жигит Бүайшанын апасы чындап эле тоо болуп үйүлгөн кирлерди жууп жатканын көрдү. Машинедеги суудан анын чака, челектерине, флягаларына, бош идиштеринин баарына куюп берди. Бул мезгилде Бүайшанын апасы көйнөгүндөгү төөнөгүчтүн учу менен кызынын таманына кирген сансыз тикендерди чукуп алып жатты, аны урушуп, тилдеп да жатты. Буту сыздап ооруса да, кыз суу алып келип берген жигиттин көзүнчө үн чыгарып ыйлагандан уялып, көзүнөн аккан жашты эч кимге көргөзбөй, үнсүз, колу менен алмак-салмак сүртө берди. Бул кыз он жашка келип үйгө ушунча көп суу алып келген эркекти биринчи жолу көргөн эле. Булардын үйүндө апасы экөөсүнөн башка эч ким сайга сууга барбайт. «Водовоз» айдаган жигитти жакшы көрүп калды, кийин да көпкө дейре ал жигит кыздын эсинен чыкпай жүрдү.

«Водовозчу» болсо күн сайын машинесине суу толтуруп жатып, канал бойлоп чуркаган жылаңаяк кызды сөзсүз эстеп алат.

12.11.2001

 

Кара туман

Тоо тараптан каптаган калың туман заматта айыл ичин караңгыга бөлөп койду. Күүгүмгө чейин али көп убакыт бар экенине карабай, чар тарап кадимки коюу түн кейпин кийип калды. Ушундан улам жөөлөп кирип келген бу кара туман тоо түбүндөгү айыл жашоочуларын бир топ эле чоочутту. Дүйнө-ааламды караңгылык каптагандай дем кыстыгып, жүрөк кысылып бүшүркөгөн эл кыштын күнкү кычыраган аязга карабай, үйүнөн сыртка чыгып, андан чоң көчөгө агылып жарык издеп… анан калса электр тогу да өчүп калыптыр. Бир үзүм бүлбүл жарык таппай кары-жаш, бала-чака чуру-чууга түшүштү. Келме келтирип, кудайга тообо айткандар, мал-жандыктын мөөрөгөнү, иттердин үргөнү көбөйдү. Капилет түшкөн караңгылык баарын сокурга айландырып койгондой болду.

Кыштактын капортосунда үйү бар, жалгыз бой, эки көзү азиз келин гана караңгыдан чочуган жок. Колу менен адатынча сыйпалап жатып темир керебетин тапты да, анда салынып кечке жыйылбай жаткан төшөккө кирип кетти. Ага баари бир эле. Бала-чакасы эмес, эшигинде үрүп чыгаар ити да жок. Адатынча дем кысылткан караңгылыктан жакшылык тилеп уктамай болду. Бирок уктай албады. Кара туман, эрте түшкөн түн жөнүндө элдин чуру-чуу түшүп жатканын көп деле этибар алган жок. Бир гана чочуганы ар күнү эл жаткандан кийин коюу түндү абийир тутуп, түн жамынып келип кетчү кошуна аксак жигит туманды түнгө алмаштырып адашып келип калбагай эле. Түн киргичекти али көп бар. Азиз келин оюн ары-бери жыйгычакты ичинен жабылбаган эшик кычырай ачылып, караңгыда көрүнбөгөн бирөөнүн бери карай басканы угулду. Жакындаган сайын өзүнө сиңген жыт, кулагына уюган дабышка окшобогон кадамдан чочуп өйдө боло берген келин алсыз үн катты:

– Эргеш, сенсиңби? Эрте келдиң го, абайла, мен төшөктөмүн.

Бул үн бери келе жаткан жанды тык токтотту. Бул кошуна жашаган Эргештин аялы Сайра эле. Ал оюнда эч нерсе жок, бу сокур кошунасынан ширеңке сурап келген. Саамга катып калган келин эсине келе, ары-берини аңдай сала жаны кашайды.

– Кайсы Эргеш!? Менин эримби!? Ал сага түн ичинде келип жүрөбү?

«Оо, шорум, мунун тапканы ушул көр экен да!» Сайра эмне үчүн келгенин да унутту, караңгы түндү да, үйдө тамак күтүп отурган балдарын да унутту. Көкүрөгүн тилип өткөн ачуу сезим, боюнан ылдый эңшерилткен боштук кулагын чуулдатып, жүрөгүн дүкүлдөтүп, оозу кургап чыкты. Аксап баскан араң жан эрин бирөөгө барат деп, болгондо да ушул көрк кебетеси жок сокурга барат деп түк оюна келбептир. Төшөктө бошошуп жаткан сокур келин эсин жыя ордунан тура калды. Анын да абалы оңой болбоду:

– Сайра, Сайраш, сен белең!?.. Башка кеп, сөз оозуна келбеген келин темир керебетинде катты да калды.

Сайра көр келиндин кайсы жерде жатканын да көргөн жок, ага бир ооз сөз да кайырбады. Аткан бойдон үйдөн чыгып кетти.

Беймаал көөдөй караңгылык алып келген туман Сайранын көзүн ачып койду, ачпай калсын, аны бактысыз кылып койду. Караңгыда кайсалап жанында турган үйүнүн дарбазасына жеткенче муздак тер чекесинен ылдый куюлду. Дарбазага жеткен соң, аны ачып киргенге шайы жетпей, башын жыгач каалгага жөлөгөн бойдон шолоктоп ыйлап кирди. Бу учурда аз-аздан жөө туман таркап, айлана жарый баштаган. Бир маалда чочуп кеткен келин эки жагын карана өйдө болду. Чын, күйөөсүн капа кылган учурлары көп эле болгон. Кээде тоотпой, теңсинбей, айтканына көнбөй дегендей, бирок анын жаздыгын аттап, бирөөгө кучагын ачкан эмес. Сымбаттуу, алты саны аман аялын бу чолок минтип кордойт деп ким ойлоптур. Ысык нан жапса, жакшыраак тамак бышырса балдарынан берип жиберген, байкуш, бечара деп аяган бу сокур келиндин жоругу жанына батты. Азыр барып жаткан жеринен муунтуп өлтүрүп салгысы келди. Көрсө, эри тамаркага суу коем деп, же мал-жанга чөп салам деп түн ичинде тез-тез жоголуп жүргөнүнө көп болгон, канча жыл экенин да билбейт. Эки көзү, сопсоо эки буту бар туруп чак түштө алданып жүргөнүнө арданды.

Сайра үйүнө киргенде кадимкидей туман кетип, айлана жапжарык боло түшкөн, батыш жактан батып бараткан күндүн бозомук нурлары көрүнө баштаган. Бирок алааматтай болгон бул күн бир үйбүлөнү чырга толтуруп, бир керилген сулуу келиндин көкүрөгүнө кетпес туман түшүрүп, бактысын колунан жулуп кетти.

24.01.04

 

Долу

Дайранын боюндагы кыштакта жайгашкан элдин турмушу ушу көбүрүп-ташып аккан сууга байланышкан. Ата бабалары да илгери ушул суу жээгин пааналап отурукташып, шалы эгип тиричилик өткөрүшкөн экен. Шалы суу боюнан башка жакка өспөй турган өсүмдүк эмеспи. Жай ортологон кезде дарыя ашып–ташып, суу боюндагы шалыларды айосуз жутуп, жалмап, ээ жаа бербей, аны эч кандай күч башкара албай калчу. Дарыяга жакын кыштактагы кээ бир адамдардын пейили, мүнөзү да ушул сууга окшоп кетээр эле.

Суу ашып-ташкан маалда алтымышка таяп калган Азимкан абышканын байбичеси да «толкуй» баштачу. Чалы, же балдары саал эле айтканына көнбөй койсо болду, «дайрага агып өлөм» деп алкынып калар эле. Андайда балдары да, абышкасы да, келиндери да кемпирдин көзүн карап, аны дайра жакка баспаса экен деп ою менен болуп калышчу.

Ушул жазда да абышкасына таарынып дайрага жөнөгөн. Кой-ай дегенге көнбөй, дал дайранын жээгине маасы, көлөчүн чечип «секирикке» даярданган учурунда абышкасы балдары менен келип калган. Кемпир жылда бул адатын бир жолу карматса, быйыл эки-үч ирет удаа кайталап жиберди. Балдары чоңоюп, өзү кексе адам болуп калса да, баягы эле чалына көрсөтө жүргөн үстөмдүгүн, долулугун койбоду, же келиндеринен уялбады. Эр болсоң, бир сөзүнө каршы болуп көр, үйдү айланып өтсө эле болду, дайрага жетет.

Ошондо да үйүнөн алкынып-жулкунуп чыккан. Насвай ийлеп жаткан чалы ал тарапты карап да койбоду. Балдары деле эч нерсе болбогондой өз иштери менен алек. Ызасы кайнаган кемпир дарбазадан атырылып чыгып, арт жагына бир кылчайган, бирок чуркап чыккан эч кимди көрбөдү, «куугундун» жогун көрүп, дендароо боло түшкөн кемпир дайранын дал жээгиндеги дөңсөө жердеги уулунун үйүнө кайрылды. Келини чачын жууп отурган.

– Ой, келин, мен жашоодон тойдум, кайын атаң мени ушуга жеткирди! Кир коогун убагында жууп берип жакшылап карагыла. Ко-ош! – деп андан ары жөнөдү. Келин аны бир карап алып чочуп кетти. Анан бирдемени эстегендей ишин уланта берди.

Дарыяга жакындаган сайын кемпир артына кылчак-кылчак карайт. Жалбарып кой дечү киши эмес, чак түштө балык уулаган анча-мынча балдар да көрүнбөйт. Ал дайрага жетип, суу боюндагы ташка көчүк басып жүзүн жууп, муздак суудан уурттады эле, ачуусу тарап кеткенсиди. Кайра үйгө кетсе болот эле, артынан келгендер көрүнбөйт. Албуут сууга карап туруп кемпирдин жүрөгү шуулдап, кейпи учту: чын эле агып өлөбү эми?Бир топ убакыт өтсө да бир жан жок. Маасысын чечип, бутун жууйт, куп гана ындыны өчө түштү, кайра маасысын кийе баштады. Аны алыстан карап, аңдып турган абышкасы чыдамы кетип, бир маалда:

– Ай, кемпир, бул ачууңдан кайт! – деп артынан келип кучактап калды. Кемпир дароо өңүн өзгөртө: – Куураган какбаш, бир мүнөт кечиккениңде экинчи маасымды да чечип, сууга боюмду таштайын деп турдум эле, – деп жиберди.

Баягыдай балдары жөлөп, келиндери дүрбөп, «апакелеп» алды-артына түшүп, үйүнө алып келбегендерине шагы сына түшкөн кемпир жол ката үйгө келе жатып балдарына таарынды. Карыган атасына аңдытып коюп, үйлөрүндө беймараал отурушканын элестетти. «Чоңоюшту, катын алышты, эми аларга эненин кереги эмне? Бечара абышкамдан башкага менин өлгөнүм баари бир тура… кемпир ушуларды ойлоп, ушунча жыл жашаган өмүрүндө биринчи жолу азыр абышкасына ыраазы болду. Байкуш ушул эле түтпөйт тура. «Отуз уулум болгончо…» деп ошон үчүн айтат да. Ал да балдарына окшоп артынан барбаганда эмне кылмак? Дайрага өзүн таштайт беле?» Абышкасын мындан ары капа кылбай жүрөйүн деген ой көңүлүнө кылт этти. Бирок жаз келип, дайра кайра ташып жатканда Азимкан абышка капыстан каза тапты. Чалы өлгөн соң долу кемпир кыйла ал-күчтөн тайыгансып калды. Көрсө, кемпирди оолуктуруп, алкынтып дайрага чуркаткан абышкасынын гана деми тура. Эми ал «дайрага агып өлөм» демек турсун, күүлдөгөн суу тарапты карагысы жок.

…Дайра болсо адатындай толуп-ташып албууттанат, жолуна илээшкен эмне болсо жула качып, эч нерсени тоотпой, эч нерсеге карабай.

08.12.96

 

Таанышуу

Шаардын чоң автобекетинин эл жыкжыйма отурган үстү ачык имаратынын кире беришиндеги асылып турган телефон жанында жашы алтымыштан өткөн аял менен жаш кыз бир топ күймөнүштү. Анан кемпир кол сумкесинен көпкө чейин издеп жатып бырышып-тырышкан бир кагазды алып чыгып кызга сунду. Кыз андагы телефон номерди алды:

– Алло, «Вечеркабы»? Таанышуу кызматына кулактандыруу берсек дедим эле. Кайда? Канча сом? Паспорт менен, ооба, тогуздан алтыга чейинби, макул. Кыз трубканы ордуна койор менен ар жакта баятан сүйлөшүүнү байкап, угуп турган эки жигит ага шыр басып келди.

– Ай, чоң кыз, сиз менен биз эле таанышабыз, «Вечеркага» барбай эле койгула. – Жигиттер чындап кызды ээрчип алды. Ошондо кыздын жанында турган кемпир жигиттерге акырая карады:

– Кулактандырууну мен берем, мунун күйөөсү бар, ары тургула. – Кызды бастырбай тороп алган жигиттерди кемпир чыканагы менен түртүп ийди.

– Бу энекебиз тамашакөй го, мындай кемпир менен ким таанышмак эле. Жолтоо болбоңуз, биз баари бир таанышабыз. – Эки жигит кемпирдин түрткүлөгөнүн тоотуп да койбоду.

– Ай чоң кыз, бу кемпир ким болот?

– Энем болот. – Баятан оозунан сөз чыкпаган уяң кыз кабак бүркө «бурк» этти.

– Калп айтасың. – Жигиттер ишенген жок. Ишенчүдөй да эмес эле. Кемпир сапсары, көзү көк, оозунан кулагына дейре боенгон, өтө жасана кийинген. Кыз болсо кийими жупуну, өңү буудай түс, бирок бою шыңга, жылдыздуу эле.

Кемпир бура бастырбай жол торогон жигиттерден чындап чочуду. Бул квартирант келинди эптеп көндүрүп алып келген эле телефон чалдырганга. Күйөөсү билсе эмне дейт. Мүнөзү жаман орой эле.

– Хей, хайвандар, азыр кетпесеңер милийса чакырам, – Алкынып-жулкунган кемпир татарча, кыргызчаны аралаштырып эки жигитти тилдеп кирди.

Эки жигит бу кемпирдин жөнөкөй эмес экенин туюшту шекилди, чочушту. Бир аз артка чегине түшүштү. Ушул маалда кемпир кызды жетелеген бойдон көчө бойлоп аттап-буттап чуркап, чоң көчөдөн бурумга кирип кетишти.

Кемпир менен кызды тиктеп, оозу ачылган эки жигит көз көрүнөө колундагысын жулдуруп ийгендей, ичи эңшериле чоң көчөдө бир топко туруп калышты.

– Эрге тием деген неме экен, кармап калсак жакшы болот эле. Бүгүн эле Көлдү көздөй сызмакпыз… – Ушинтип сүйлөшкөн жигиттер маанайы суз баягы орундарына кайра келишти.

Келинди жетелеп чуркаган кемпир дарбазасына келип кирип кеткенче жүрөгү лакылдады. Келин болсо жөндөн жөн бул окуяга кабылганына кейип турса да, тигилерден аман кутулганына сүйүндү.

Кемпир алтымыш үчкө таяганда чалы менен былтыр ажырашып кетти. Заңгыраган тамын, короосун экиге бөлүшүп, чалы ар жагында, өзү бул жагында өмүр кечирип калышты. Чалга туугандары Башкыртстандан бат эле аял алып келип беришти. Кемпир болсо жалгыз. Дүйнө мүлктөрүн али экөө толук бөлүп бүтүшө элек. Ай сайын соттошушат. Сот болгон сайын чалы жаңы алган аялын кемпирине көзү күйдү кылып ээрчитип барат. Урушуп кетишсе тиги экөөлөшүп кемпирге «чабуул» коюшат. Түнкүсүн уктап жатканда «шырп» эткен дабыштан коркот, ит үрсө сыртка чыга албайт. Кыскасы, кемпир жалгыздыктан жүдөп кеткен эле. Ала турган чал болсо тийип алайын деп чечти. Анан чалдын туугандарычылап кемпирдин туугандары ага чал таап берүүнү ойлогон да жок. Ага эмне жетпейт дешти. Дүйнө, мүлкү тирелип жатса. Ары-бери баскан кемпир айласы кетип таанышуу берген гезиттерди карай баштаган эле. Такыр ылайыгын таба албай, анан өзү кулактандыруу бермек болгон. Телефондон кулагы үндү жакшы укпайт. Ошондон улам квартирантын сүйлөшүп бер деп ээрчитип алган эле. Келинди ку
дай бир сактады деди кемпир. «Кайран жаштыгым, сулуулугум, доорум баары өткөн экен. Карачы, жаш болсом жанагинтип көчөдөн эле бирөө илип кетмек экен. Мени азыр эр издейт деп ким ишенет?» Ушуларды ойлогон кемпирдин көңүлү чөгө түштү. Кечки тамакка табити тартпай, баткан күндүн кызылын тиктеген бойдон сүкүт салып үйүнүн кире беришинде көпкө отурду. Ушул маалда дубалдын ары жагында сөрүдө чай ичип отурган чал менен кемпирдин кобурашканы, аялдын шаңкылдап күлгөнү, ага удаа чалдын күлкүсү эки бүктөлүп, башын тизесине коюп ойго баткан кемпирге угулуп жатты.

17.08.05

 

Бешимдин көлөкөсү

Жайлоодон жакага жөө шашып келаткан тестиер бала айыл четине жеткенде жайкалып өскөн буудайды аралап, жайбаракат оттоп жүргөн башкарманын атын көрүп калды. Ат адатынча жасалгалуу токулган. Бала жан жагын жакшылап караса башкарма көрүнбөйт. Ай талаада кыбыр эткен жан жок. Буудайды каалашынча бурдап жеп, куйругун ары-бери шукшуңдатып коюп жалгыз ат гана турат. Бала атты карады да калды. Айылга жеткенче алдыда чоң суу бар, андан жылаңаяк кечип өтүш керек. Баланын аттан көзү өттү. Минип алып суудан өткөндөн кийин кое берсечи, бир чети бала айылдагы эң жасалгалуу жорго атка эч ким жокто бир минип алгысы келди, бул кызыгуу, азгыруу баланы биротоло байлады. Жоргодон көзүн албай турган бала бир маалда жакын турган атка чуркап барып, үзөнгүгө бутун эптеп илип мине койду да чоң эрдик кылгансыппы, же чочулаппы дароо жан жагына бир карап алды, карап алды да саамга катып калды. Көрсө, ат оттоп жүргөн жерден алыс эмес буудай ичинде башкарма, кадимки эле алардын башкармасы айылдагы дүкөнчү келиндин үстүндө жатыптыр… Башкарма так маңдайындагы ат үстүндөгү баланы дароо көрө койду. Анткени ат бала мингенде бышкырып жиберген эле.

Ордунан олдоксон октоло өйдө болгон башкарма демиккен тейде:

– Оо, атаңды… бешимдин көлөкөсүндөй болгон жарыбагыр, түш аттан! – деп кыйкырды.

– Бала аттан ыргып түшүп артын карабай айылды көздөй чуркады. Коркуп да, чочуп да кетти бала. Уурудан качкан немече чымын-куюн болуп чоң сууга жетти да, күйүккөнүн басканга саамга отура калды. Бетин сууга чайыды. Ошол маалда атын чаптырып артынан башкарма баланы кууп жетти. Баланын ого бетер жүрөгү түштү. Бирок башкарма баягыдай ачуулуу эмес эле. Ал аттан түшүп, баланын жанына жакын келди. Бала ордунан тура калды. Чын эле баланын бою өз теңтуштарына караганда сөлдөйүп кыйла узун. Башкарма баланы баштан аяк бир сыйра карады да, колдон алды:

– Катуу айтсам кечир баатыр, сен бала эмессиң, чоң жигит болуп калыпсың, азыркы көргөнүңдү эч кимге ооз ачпа, макулбу, сени эркек дейт, сыр сактай аласыңбы?

Башын жерге салган бала макул дегенчелик башын ийкеп койду.

– Анда сүйлөштүк, – Башкарма чөнтөгүнө колун салып, балага бирдеме бермекчи болуп баратып кайра тартып алды. Бир чети баладан чочуду тыйын сунуп капа кылып аламбы деп. Анын үстүнө күнөө кылгансып жер караган баланын кабагы да салыңкы эле.

Башкарма баланы чоң суудан атына учкаштырып өткөрүп койду да кайра артына, буудай талаа тарапка жүрүп кетти.

Бул окуядан кийин көп жылдар өттү. Узун бала чын эле сырга бек экен. Көргөн нерсесин жан адамга оозунан чыгарган жок. Башкарма менен кээде эл ичинде, жол-полдо карп-курп кездеше калганда ал балага өзгөчө ийиле салам берип учурашып, кези келгенде эр жигит болуп бой тарткан баланы далыга таптап, мактап жүрдү, анын сырга бек экенин да айтканы бар. Окуя бара-бара унутулгансып калды. Бирок баягы бала-азыркы эбак үйбүлө күтүп, очор-бачар болуп, кагылып-согулуп, токтолуп калган жигит бул чок болуп көзүндө калган бир ирмем көрүнүштү көп жылдар, көп ирет эстеп жүрдү. Балалык кыялдар башына келип, кыздар менен жанашкан күндөрү, кийин, кийин аялынан башка келинге көзү түшүп калганда…Башында мына ушуну жадына келтирген сайын, адегенде бала башкарманын бул жоругун, ошондогу буудай ичиндеги ооналактаган эки жылаңач денени таң калып, түшүнүп, түшүнбөй эстечү, анан кайсы бир жылдары жактырбай, ирээнжип эстеп жүрдү, жашы өткөн куракта болсо башкарманы да, келинди да дилинде аяп эстей турган болду. Ушундай, бул окуя ага көөдөн тереңинде түк эстен кеткис болуп орногон эле.

18.02.2006

 

Абысындар

Район борборунан айылга келин алып келгендер түн жарымда кетишти. Күйөө болгон киши жашы эбак алтымышты аркалаган, кемпиринен айрылып бир топ жыл бой калган эле. Эртели кеч бирин – экин малы, тамаркасы менен алектенген бу жоош-момун чал балдарына кемпир алам деп да айтпады. Бирок уулдары менен инилери абышканын акыркы учурда чүнчүй баштаганынан улам, ага жубай табууну чечишкен. Эми минтип ага кемпир эмес, кырктын кырына эми келген, бетинин кызылы кете элек келин туш болуп отурат.

Жаш келинди адеп көргөндө абышка чочуп кетти. Мындай жаш аял алам деп ойлобосо керек ал. Келин да чочуп кетти, абышканы мынчалык картаң деп ойлогон эмес эле. Тамак-аш берилип, сый көрсөтүлүп, нике кыйылганча жубай болчу эркек менен ургаачы бири бирине уурдана карашканы болбосо үн катпады. Баятан кызмат кылып жүрүшкөн инилеринин келинчектери ички үйгө буларга төшөк салышты да, үйлөрүнө жөнөштү.

…Жолдо баратып эки абысын өз ара шыбыраша калды. Бирин бири тааныбаган, биринчи жолу көрүшүп жаткан эркек менен ургаачы кантип жакындашып, кантип төшөккө жатышат болду экен? Эки келиндин ою бир жерден чыкты. Экөө тең жарыгы али өчө элек кайнагасынын терезесин бир карап алышты.

– Терезесинен карбайлыбы, – деди жашыраагы, айылда өзүнүн чапчаң кыймылы менен дайым той ашта мактоо сөз укканы. – Бизди көрүп коюшмак беле?

– Пардачы, терезени парда тосуп турбайбы? – Экинчиси баргысы келбей кетенчиктеди.

– Парда жупжука, ичиндегинин баары көрүнөт.

Район борборунда көп жыл дүкөнчү болуп иштеген, жакшы кийип-ичип жүргөн, ачык, шайыр келин менен айылдан алыс чыкпаган, койдой жоош кайнагасынын бүгүнкү биригүүсү кандайча болор экен деген кызыгуу бу кичүү абысынды азгырды да калды.

Ал көңүлсүнбөй, кетенчиктеген абысынын колдон алды да экөө кайнагасынын жатаар бөлмөсүнүн терезесинин түбүнө келишти. Чын эле парда парда аты эле болбосо ичиндегинин баары көрүнөт экен. Булар келип терезени акмалап жаткан учурда жубай болушкандар төшөк салынган үйгө кирип калышкан экен. Кайнагасына жубай болчу келин шаша буша чечинди да төшөк ичине кирип кетти. Андан соң абышка чечине баштады. Ал шашпай чечинди. Керээли кечке эшикте чарба менен жүргөн чал ар дайым кабаттап жылуу кийинчү. Адегенде анда-санда сыйга бир кийчү кара костюмун чечти, аны бапестеп ордуна илди, анан ичине жүн салып шырылган камзирин, анан токулган кофтасын, көйнөгүн… абышка жай кыймылдап, сансыз кийимдерин чечкен соң ич кийимчен төшөккө жакындап келатып эшикти бекитти, чала-була жабылган парданы мыктылап жапкысы келдиби, айтор терезе тарапка басты. Баятан оозунан шилекей акканча абышканы биринчи жолу көргөнсүп, эси ооп карап турган терезе артындагы эки абысын өздөрүн көздөй басып келаткан кайнагасын көргөндө чымын-куюн болуп качып жөнөштү. Абышка аларды көргөн жок, шашпай парданы оңдоп жакшылап жапты. Жарыкты өчүрдү. Мештеги от өчүп калбасын деп ага көмүрдөн мол салды да саамга буйдала түштү: «Кап, жана малга да чөптү сала келбей, унутуп калган турбайбы, эми кийинип тышка чыгайын десе, тиги төшөктө жаткан келин эмне дейт, кыштын күнү түн узун, малга чөп бербесе болбойт» чал сыртка чыгып келгенге кайра кийине баштады.

Муздак жууркан ичинде бүрүшүп, малга чөп салганы кеткен чалды күтүп жатып келин эмнелерди ойлоду экен? Ал көзүн жуумп алып алгачкы келин болуп барган түндү эстеди. Анда баары башка эле. Келген үйдөгү мамиле да, үй да, тосуп алган адамдар да баары көзүнө жакшы көрүнгөн, ошол үйдөгү буюм тайымдан өйдө баары ага ыйык сезилген эле. Баарынан да аны ээрчитип келген күйөө болчу жигитичи. Көзүнүн агы менен тең айланып, жанынан карыш жылбай, ошол түнү өзгөчө мээримдүү, өзгөчө жароокер эле… узатып келген досторучу. Шарактап, ырдап бийлешип…

Кийин тагдыры таш капты келиндин. Жолдошу жол кырсыгынан кокус каза болуп калды. Жаңы баскан уулун энесине калтырып коюп, район борборунда дүкөнчү болуп иштеген ал тиричиликтен кыйналган жок. Жалгыздыктан, дүкөнгө кирип-чыгып тийишкендерден тажады. Өзүнүн артынан чубап айтылган ушак-айыңдан тажады. Анан минтип айылга келип, чал да болсо бир эркектин этегин кармап тынч жашагысы келди эле…

08.11.2005

 

Акылкасас

Алтымышынчы жылдардын аяк ченинде, ала шалбырт жаз мезгилинде кыргыздардын тоолуу айылына Өзбекстандан бир үйбүлө көчүп келди. Булардын ким экени, теги, ата мекени тууралуу айылдыктар өздөрүнчө териштирген менен момун калк аларды кучагын жайып эле тосуп алды. Айыл четиндеги кароосуз жаткан тамды заматта оңдоп, кирип жашаганга көптөп жардам беришти. Булардын эми гана тай-тай баскан Жаанбай аттуу жалгыз уулу бар эле. Аялын тоолуктар бат эле Мунавар сулуу атап алышты. Анткени бу өзбек келиндин жүзү жанда жок ак, каш кирпиги төгүлгөн, чачы узун, бой келбети келишимдүү эле. Күйөөсүн болсо эл көз көрүнөө эле Махмуд сарт дешчү. Ал кап-кап кытай чыны, чайнектерин кайдан апкелет белгисиз, айылдыктарга пулдачу. Мунавар сулуу короосунун ичин гүлдөй кылып кармачу. Эмнени гана экчү эмес, жашылча жемиш, гүл жаз алды менен эле көздүн жоосун алып калчу. Өзү да гүл, үйү да гүл эле бу ургаачынын. Бирок ал короосунан сыртка кадам басып чыкчу эмес. Үлпүлдөк жоолугун башына салып, атлас көйнөгүн кулпурта кийип алып керээли кечке үйүндө жүрө берчү. Башка колхозчу келиндердей аны талаага ишке чыгарам деген бригадирлер бу аялга күчү жетпей койгон. Көрсө, бригадирдин камчысын тайдырган Махмуд сарттын кошоматка берген кытай чыны, чайнектери экен.

Жалгыз уулун бу үйбүлө жөн эле бапестеп өстүрдү. Эрте үйлөнттү. Элде жок той берди, кыргыз айылдаштарына жакшы эле той шаанисин жасап, сый көрсөттү. Билинбеген менен кабын көтөрүп жүрүп Махмуд сарт дүйнө мүлктү жакшы эле жыйган экен, заңгырата там салып, эшиги малга толду. Мунавар сулуунун сулуу келини удаа-удаа беш кыз төрөдү. Эркек небере көрсөм дегенде эки көзү төрт болгон Махмуд сарт келинине не деген гана ырым-жырымдарды жасабады. Жети кыздан кийин булар эркек неберелүү болушту. Айылдыктар бул үйбүлөнү дагы да урматтап калышты. Анткени биринен бири сулуу болуп бой тартып келаткан кыздарды келин кылып алсам деп көзү кызаргандар, булардын ынтымак, байгер турмушуна суктанып куда-сөөк, дос-жар болгусу келгендер арбыган эле.

Кемпир, чал да жалгыз уулунун минтип бир короо болуп көбөйгөнүнө кудайга миң мертебе ыраазы болуп, жаңыдан баскан небере уулуна той берээрде бул үйбүлөгө бүлүк түштү. Кокон шаарына базарга кеткен уулу кабагына кар жаап келди. Көрсө, кокус муну базардын чайканасынан аяш атасы көрүп калыптыр. «Сенин атаң Махмуд соодагер эмес, башка, Айбаш аттуу менин досум болчу, асыл адам, чоң кызматтарда иштеген. Энең ошол соодагерди ээрчип, сени да алып кетип калган. Атаң сени көп жылдар бою издеген. Дайын-дарегиңди билбей жүрөт, картайды. Сен болсо атаңа куюп койгондой окшош экенсиң, уулум, мен эртең эле барып атаңа сүйүнчүлөйүн. Барам десең сени да алып барам. Эркек бала өз ата тегин билбесе уят болот. Бир барып учурашып келүү сенин парзың». Ал Жаанбайга атасынын дарегин жакшылап түшүндүрүп айтты, оорулуу болуп калганын да билдирди. Анан аяш уулунун бала-чакасын сурап коштошту.

Жаанбай өтө эле кичине маалында келгендигинен улам бул айылды өз айылындай эле көрүп чоңойгон. Аны бөлүп-жарган да киши болбоду бу момун айылда. Атасы да өгөйлүгүн такыр билдирген эмес, муну жанындай көрөт, өзү да атасын жакшы көрөт. Анда эмесе, кайдагы башка ата? Базардан кайтып келатып Жаанбайдын жан дүйнөсү чайналды. Ушул сөздү ушул жерде эле калтырайын дейт. Же энесине барып акырын айтсабы? Үйүнө жетээр жеткенче ой басты. Эгер жанагы аяш атаңмын дегендин айтканы чын болсо энеси муну эмне үчүн өз атасынан айрылтты? Өгөй болсо Махмуд атасы муну эмне мынчалык жакшы көрөт? Бу өмүр бою кап көтөрүп, бели бүкчүйүп, картайып калган атасын Жаанбай азыр аяп кетти. Дүйнөдө андан башка ага атанын кереги не. Бирок баари бир жүрөгү түпөйүл.

Кабагы бүркөлгөн уулун энеси мындай абалда эч качан көргөн эмес, акыры бир күн чыдабай сурады.

– Бу, бирөө жарым сени капа кылган жокпу, балам, неге сабырың суз, ичиңде санааң болсо ачык айт, минтип жүрбө, ооруп каласың? – Жанда жок мээримдүү, назик Мунавар кемпир уулуна үңүлдү.

Жаанбай канча билдирбейин дегени менен энесинен эмнени жашырмак эле сураса сурайын деди.

– Өгүнү Кокон базарынан бир чалды көрүп калдым. Өзү мага басып келди. Аяш атаңмын дейт. Капкайдагы кептин баарын айтты. Сен Махмуд соодагердин баласы эмессиң, сенин атаң Айбаш дейт. Ал сени өмүр бою издеп таппай жүрөт. Энең сени алып кетип калган… – Жаанбай энесинин өңү башынын өзгөрүп кеткенин көрүп токтоп калды.

– Аты ким экен ал аяш атаңдын? – Үнү калчылдаган Мунавар сулуу купкуу болуп калган эле.

– Айткан жок. – Жаанбай суз жооп берди.

Мунавар сулуу үлпүлдөк ак жоолугунун учуна көз жашын сүртүп жатты, үнсүз ыйлап жатты. Ыйы менен баласынан кечирим сурагандай… Жаанбайга баары түшүнүктүү болду. Энесине башка суроо катпады.

«Шуу» үшкүргөн бойдон сыртка чыгып кетти. Эне баланын ортосундагы бул окуяны үйдөгүлөрдүн эч кимиси билген жок. Бир гана Жаанбай Кокон базарына кеткен бойдон үч күнгө жоголду. Махмуд чалдын чыдамы кетти, уулу минтип узакка келбей койчу эмес. Мунавар кемпир Жаанбайынын кайда кеткенин билди. Ичи эңшерилди, уулунун бул жоругун түшүнбөдү. Чалына эмне айтаарын билбеди.

Жаанбай атасы жашаган үйдү бат эле тапты. Туугандарча жылуу учурашты. Уулунун келгенине кубанган атасы бир коюн союп, элди чакырып түлөө берди, үстүнө тон кийгизди. Тууган уругу чогулуп бу табышкан ата, баланы куттуктап жатышты. Чогулган адамдар баары Жаанбайга сүймөнчүк менен карашып, көздөрү тойбой жаткансыды. Айбаш аксакал үйүндөгү топураган 6 баласы бир тең, Жаанбайы бир тең экенин ачык эле айтып, баласын көргөнүнө жетине албай, буту бутуна тийбей чуркап жүрдү. Оорудум деп төшөктө жаткан киши баарын унуткандай, уулу буга дүйнөдө эч ким бергис күч тартуулагандай бу адам башкача боло түштү. Көкүрөгүндөгү чоң бөксө толуп, жогу табылып, бакыт чөйчөгү ашып-ташып турду.

Жаанбай түш көргөнсүп, көз алдындагы өтүп жаткан окуяларга ишенип, ишенбейт, бирок келгенине өкүнгөн жок. Уулдук парызды эч кимге билдирбей аткарып койоюн деген, анан калса аяш атасынын сөзүнүн чын төгүнүн да билгиси келген. Чынын айтса жүрөгү алып учуп, бир белгисиз күч аны бул жакка жетеледи. Эми болсо эмне кылаарын билбей калды. Баласынын дидарына тойбогон атасы аны бир эле түнөтүп кое бергиси жок.

Үч күндөн соң уулун узатып жатып ата карыз сөзүн айтып калды:

– Бөтөн элде жүрбөй өз элиңе кел, бала-чакаңды көчүрүп, баарың келгиле, менин үйүм сенин үйүң, колумда эмне жыйнаган дүйнө мүлкүм болсо ошонун жакшысы сеники болот, көбүнө сен ээ болосуң, сен ал жерде бир айылдын кампачысы болсоң, бул жерде сага мен андан жакшы кызмат таап берем уулум, кудайга шүгүр, эл ичинде кадыр-баркым бар. Неберелеримди да көрсөм болот эле– деди. Айбаш чал дагы эле баласынын дидарына тойбой, аны колунан чыгаргысы келбей турду.

Жаанбай баш ийкемиш болду, бирок ак да, көк да дебей аттанды.

Үйүнө кайтып келген Махмуд чалдын уулундагы өзгөрүүнү айылдаштары дароо эле байкады. Кимдир бирөөлөргө өз атасын тапканын айтып да койгон окшойт, айыл ичи «дүрр» эле дей түштү. Бу кабар Махмуд сарттын өзүнө да жетти. Ал уулуна сыр бербегени менен бүкүрөйгөн бели ого бетер эңкейип, бир топ карый, жүдөй түшкөндөй болду. Мунавар кемпир уулуна чындап таарынды. Бешиктегисинен баккан атасын аттап туруп, өз атасын табымыш болгон уулунун жоругун бир түшүнүп, бир түшүнбөйт, кантсе да бу кемпирди картайган чакта санаа басты.

Кандай болгон күндө да Мунавар кемпир менен Махмуд чалдын оюна нелер келип кетпесин, бирок ушунча эрезеге жеткирип, очор-бачар кылып койгон уулунун буларды таштап кетээри оюна дегеле келген эмес. Бирок Айбаш атасынын жакшы кызмат берем дегени, тууган уруктарыңбыз деп буга бөтөнчө мамиле жасаган эл, бул айылга караганда өзбек айылындагы бир топ байгер, кооз тиричилик Жаанбайды арбады да калды, барып иштеп келсеби? Ушундай эки анжы ойдо апта айланбай дагы Кокон тарапка жол алды, базар шылтоосу менен. Базардан ошол күнү эле кайтпай дагы кармалды. Эртеси күнү чоң жүк машиненин коштоосу менен келди да, заматта үйбүлөсүн жүктөп алып Өзбекстанга, атасына көчүп кетти.

– Бул эмне кылганың, жан балам?! -деп ыйлаган энесин жубатымыш болду:

– Барып иштеп келейин, атам кел деп жатат, жакшы кызмат беришти, силерге болсо келип кетип турам…– демиш болду. Махмуд чал болсо өз кайгысы өзүндө болуп, бүк түшкөн абалда үйүнөн балдарын узатканы да чыга албады. Жаанбайы менен беттешип сүйлөшкөн жок, ичи ооруду, эңшерилди. Коштошкону кирген уулу да атасынын жүзүн тик карабай сүйлөдү.

Ушул күндөн баштап Махмуд сартка чындап каран түн түштү. Бир кезде Мунавар сулууга ашык болуп, анын колунда кичинекей наристеси бар экенине карабай үйлөнүп, мунусу ата-энесине жакпай, эл журттун кеп-сөзүнөн кутулуп, эркинирээк жашоо үчүн өз айылын таштап бул жакка келгенин, сулуу жары башка төрөбөй калганы, бирок уулуна өз атадан артык мамиле кылып, бүт өмүрүн ага арнап, байлап койгону, эми минтип, бөрү баласы ит болбойт болуп анысы кетип баратканы мунун жүрөгүнө атылган ок болуп тийди. Эми бул эл аралап, айыл аралап кантип басат? Бул тоолук кыргыздар муну эмне дейт? Бетине түкүрөбү? Абийирин төгүп уят кылды бала, кайгыга салды бала. Махмуд чал баш көтөргөнгө чамасы жок, жер өбөктөп калды. Жаанбайы эле эмес, короо толгон неберелери, ыйманы ысык келиничи, буларды жоктобой кантип жашайт? Эртерээк эле ушул күндү көрө электе өлүп калса болмок, минтип тирүүлөй өлбөй. Махмуд баланы атасынан, Мунаварды күйөөсүнөн тартып алган эмес. Айбаш Мунавардай сулуу жарын кызгана берип, күн көрсөтпөй, сабап, акыры ал атасынын үйүнө наристесин көтөрүп качып келген бойдон кайра кетпей койгон. Ошол тапта Махмуд ага үйлөнүп, аны уулу менен кыргыз айылына алып келген эле.

Уулу кеткен соң Мунавар кемпирдин башындагы аппак үлпүлдөк жоолугу түшүп, заматта бетин бырыш басып, ал да эки бүктөлгөн бойдон отуруп калды.

Айылдыктар бул окуяны ар кандайча сүйлөп жатты. Кошуна колоң, дос-жарлары кирип келип, кайрат айтып, сабырдуулукка чакырып, Жаанбайдын баари бир кайтып келээрине үмүт байлатып, көңүл улап атышты.

Арадан жарым жыл өткөн жок. Айрым айылдаштары айткандай Жаанбай айылга кайра көчүп келди. Бирок беш жашка толуп, көзгө көрүнүп калган сүймөнчүк уулу жок келди. Уулу оорубай-этпей эки күн эти ысыган да, анан кокус чарчап калган эле. Бул оор кайгыдан соң Жаанбай эч нерсеге кылчактабай кыргыз айылына, өзү чоңойгон айылына жол алды. Атасын тапкан менен, зарлап күткөн чырактай уулунан айрылды. Жол бою: «Ата деп ата издегендей, атадан өксүдүм беле, неге келдим бул жакка, мейли келсем, учурашсам, а бирок неге көчүп келдим, неге алпечтеп баккан атам менен апамдын жүрөгүн ооруттум?» ушул бир гана ой анын санаасын санга, оюн онго бөлдү.

Үйүнө жетип Махмуд атасынан тизе бүгүп кечирим сурайын деди, жалынып жалбарайын деди. Бирок Махмуд сарт жарым жыл ичинде адегенде көзүнөн, анан кулагынан айрылып, акыркы маалда эшик-эликке да чыга албай, сүйлөбөй да калган эле. Ал Жаанбай уулунун кандай кайгыны артынып көчүп келгенин туйган да жок.

Көп өтпөй Махмуд карыяны тоо таянган айылдын эли түп көтөрө акыркы сапарга узатышты. Анын уулу Жаанбайдын бетине ачык түкүргөндөр болбогону менен мурдагыдай сый урматтан бул жигит калган эле. Бирок кайра эле кыйбай айылдыктар анын кампачы кызматын беришти. Жаанбайдын болсо кайгысы али алдыда экен, көп өтпөй кампадан чоң карыз болуп соттолуп, камалып кетти. Беш жыл түрмөдө отуруп кургак учук илдетине кабылып, үйүнө келген соң элүү жашка чыгып чыкпай каза болуп калды.

Жаанбайды жерге берип жатып айылдыктардын көбү бул акылкасас деген акыйкаттын улуулугуна тан беришти. Акылкасастын анты – сен бирөөнүн ичин оорутсаң, ага азар берсең, ал өз башыңа эки эсе болуп кайтып келет.

Жаанбайды акылкасас урду дешти, адегенде анын жалгыз тукумун алды, анан өзүн…

07.07.05

 

Гөркөө (Көр казгыч)

Айылдан күн сайын таң эртең районго аттанган автобустун ичи жыкжыйма жүргүнчү. Бири базарга, бири ишке, бири майрамга, дагы бири жөн эле шаарга түшүп келгенге жөнөп алышкан. Тоо таянган айылга каттаган автобустун шопурлары ар дайым наалыганы наалыган. Анткени автобуска чыккан жүргүнчүлөрдүн жол кире акысына пул бергени аз. Көбү бир ууч кургак өрүк, же биртике буудай, алма, сүт, айран ушуга окшогон тамак-ашын көтөрө чыгып, жол акынын ордуна шопурларга сунушат. Айрыкча жүргүнчүлөрдүн улгайгандары. Мындайда шопурлар эмне кылаарын билбей сөгүнүп, кагынып, баклашкаларга куюлган айран, сүттөрдү, политилен пакеттердеги өрүк, алмаларды алып өзү отурган жердеги бутунун алдына катар тизип коет. Бензиндин жыты урган бул тамак-аштар үйгө келгенче жегенге жарабай да калат. Ушундан улам бу райондон тоону көздөй жол алган айылга, пулу жок тоолуктарга каттагандан кайсы шопур болсо да качып турат.

Бүгүн азаттык майрамы күнү да автобус толо эл районду көздөй жол алды. Булардын арасында өзгөчө жасанган, жаңы кийимдери өзүнө куп жарашкан, жашы өтүп калган эркек кишинин көңүлү өтө куунак эле. Ал жанында отурган келин менен бакылдашып сүйлөшүп келатты.

– Бир жакшылап майрамдап келейин деп баратам, кызым, пул болсо жетет. – Ал костюмунун төш чөнтөгүн колу менен таптап койду. – Бирөө-жарым достордон жолугуп калса Кожентке чейин барам, өлүп да кетсин бу дүйнө, бир күн болсо да көргөндү айт.

Жанындагы келин атасындай болгон кишинин сөздөрүнө муюгандай, үнсүз башын ийкегилеп коюп келатты.

– Сен, кызым, чамамда, айылга анда-санда келесиң, көбүн билбейсиң, элде азыр өлүм көбөйдү, оору-сыркоо көбөйдү, кээси оорубай-этпей эле өлүп калышууда. Өткөндө Камчы чалды көмгөнү баргандардын арасынан бирөө ошол жай башында, топурак салып жаткан жерде жан берди. Пенде кудайдын колунда экен… – Бу кишинин сөзү бүтпөй кокус үзүлүп кетти. «Тарс» деген үн чыкты да, автобус катуу тормоз берип, сүрдүгүп барып токтоп калды. Ичиндеги адамдар чайпалып, көбү терезеге, кармагычтарга урунуп, бала-чака ыйлап, катын-калач ызылдап жиберди. Көрсө асфальт жолдо катуу келаткан мотоцикл жүргүнчүлөр бараткан автобуска урунуп алыптыр. Жолду кан жая берди. Автобустан биринчилерден болуп жанагы жасанган эркек киши атып түштү. Башынан жараат алган мотоциклчен жигит дем албай калыптыр. «Шоруң каткыр, Сейит тура, кечээ эле Орусиядан келди эле. Акча таап келди деп эне-атасы сүйүнүп жатты эле…» Жүргүнчүлөрдөн бирөө жарым аны тааный коюп ыйлап жиберди. Автобус андан ары жылбай, эл чуркурап, бала-чака бозоруп, азыр эле бир жанды мойсоп кеткен автобусту жаман көрүп, жөө жалаңдап кайра айылды көздөй жол алышты. Заматта баарынын майрамы бүтүп калды. Улуулар болсо эптеп сөөктү айылга жеткирүү максатында жол өткөн машинелерге кол көтөрө башташты.

Баарынан да баягы жасанган кишиге түйшүк түштү. Ал айылдын көр казчусу– гөркөөсү эле. Эми тезинен балдарды чогултушу керек. Аларга баш-көз болуп карап туруп жайды каздырышы керек. Бул ишти ал айылда бирөө жарым каза болгонун угар замат айттырбай-дедирбей баштай берет. Ушунусу жакшы. Жашы өткөндө ушул ишти таап, уюштуруп алганына өзү да курсант. Анан эмне кылат, тогуз баласынан карыган чакта тогуз тыйын ала албаса, кемпири экөөнө да дан, суу керек. Гөркөө кызматын уюштургандан бери турмушу оңолуп калды. Көрсө, элге керек нерсе экен. Мурда өлүк көмүлөөрдө айылдын карылуу жигиттерин чогултуп, анан аларга баш көзчү таап, же алар көр казганды жакшы билбей, айтор кыжаалатчылык болор эле.

Гөркөө үйүнө келди да, жасанган кийимдерин заматта чечип салып, кетмен, күрөктөрүнүн жайында экенин текшерип көрдү да колунда иштеген жигиттерди издеп жөнөдү. Жолдо баратып автобуста сүйлөгөн сөздөрүн эстеди, эмнеге антип сүйлөдүм экен деди, майрам күнү да өлүмдү неге эстеди экен. Өзү да өлүм дегенди унутуп, бир жазылып, эс алып келейин дебеди беле…

Түшкө калбай айылдын батыш тарабындагы чоң мазарда дагы бир мүрзө казылып жатты.

– Эркек кишинин жайын көп терең казбагыла, анын күнөөсү аз болот, ургаачы болсо терең казылат… Гөркөөнүн үнү кетмен-күрөктүн тарсылдагынын арасынан угулуп жатты.

08.09.2003

 

Күндөштөр

Биздин кыштакта жакында Сулайманкул деген киши жүзгө таяп көз жумду. Анын сөөгүн эки аялынын мүрзөсүнүн ортосуна коюшту. Бул үчөөнү кыштак эли «тиги дүйнөдө» да бирге болушсун дедиби, ким билет.

Эки аял ала тургандай Сулайманкул суучу бай да, катынпоз да эмес эле. Ал көп жыл Азбүбү бакшы менен чогуу жашап, бала көрбөдү. Күзгү көрүп не бир сырларды жоруган көзү ачык катынынын этегинен жалгабай, кудай перзенттен кур калтырыптыр. «Бакшылык өнөр бергенче, жараткан бала берсе болбойбу» – ичинен Сулайманкул ушинтип бушайманга батканы менен анысын эч кимге билдирбей жүрө берди.

Күндөрдүн биринде Азбүбү элүүгө таяп калган күйөөсүн акыры токол алууга көндүрдү. «Болбосо кетип калам, жашым өткөн чакта үкөмдүн үйүнө барып шорум кайнайт экен» деп ачуу ыйлап да жиберди. Эртеси өзү Коргон-Төбөгө барып, үч ата өткөн тууганбыз деп бала көтөргөн келинди үйгө ээрчитип келди. Көзү ачык Азбүбү кыштактагы кыз-келиндерден түзүгүрөөк кийинчү. Келиндин баш кийимин жасап, келиштире кийинтти да өзү үкөсүнүкүнө кетип калды. Эки күн өтпөй Азбүбүнүн артынан Сулайманкул эшегин минип жетип барды. Башына жаңы топу кийип алган. Аны да Азбүбү кийгизген. Ал аялын көрөр замат топусун колуна ала койду. Азбүбүнүн үкөсү жездесин капарына илбей, саламын алик албады.

– Эжем тура турсун, эгин-тегин жыйылганча, балдар менен кыйналып жатабыз, – деди да тескери басып кетти.

Азбүбү башындагы оромолун оңдомуш этип, күйөөсүнө көз кыйыгын салды. Ансыз да кабагына муз тоңгон Сулайманкул эшегине такай байлап жүрчү кетменин бошото баштады. Азбүбү азыр кетмендин же өзүнө, же инисине тиерин сезип, ага чуркап жетти да колунан кармай калды.

– Сабыр этиңиз, суучум, мен азыр, – Азбүбү кетменди колунан жула качып ары басты. Анан үкөсүнүн жүзүнө карабай, күйөөсүн ээрчип кетип калды. «Мейли, балалуу болгончо тура турайын, кийин балдарына алаксып, мага да ичи суур». Эшегин баш-көзгө койгулап, кабак бүрккөн эрине Азбүбү бир чети ыраазы болду учкашып келе жатып.

Сулайманкул суучунун жаш токол алганы кыштакка тарап, журт «дүү» дей түштү. Бригат суу башына аты менен чаап жетти, кеч боло электе Сулайманкулга закүндү түшүндүрмөккө.

Бригаттын сөзүн эшитип туруп, Сулайманкул чоң кара кетменин арык четине ныгыра басты да, бешенесиндеги мончоктогон терин жеңи менен шыпырды. Анан бригатка тике карап:

– Эжең менен сүйлөш, үкөм, мен ошо шордуунун айтканын жасадым, макул десе эртеңден калбай алып келген немесин кайра жеткирип коем.

Бу сөзгө бригаттын күлкүсү келди. Суучуга ишене бербеди.

– Ава, өөдө жактан бирөө билип калса ишиңиз жаман болот. Азыр илгерки чалдардын заманы эмес, жаш аял алган.

Бригат аттан түшүп жакын келди. А Сулайманкул кетменин шак желкеге артып, дуңкулдап жөнөп калды.

– Үйгө барып билген намазыңды оку, эмне кылсаң ошо кыл.

Ачууга алдырган бригат Азбүбүгө келди.

– Адегенде аттан түш, балам, – Азбүбү эмнеси болсо да бригатты сөзгө тартты. Анын үнү жумшак, бирок өктөм чыкты.

Бригат эки күндөш жашаган үйгө ачуу менен шар кирип барды. Бала көтөргөн жаш келин муну көрүп, үйдү айлана басты.

Азбүбү сөрүгө жакандос төшөп, «өтө бер» дегендей бригатка ишарат жасады да өзү сөрүнүн этек жагына көчүк басты.

– Балам, балдарыңды багам деп, ошолордун күнүн көрсөм деп, аялың экөөң ушинтип тер төгүп иштеп жүрөсүңөр. Биз, аваң экөөбүз эмне максат менен жашап жүрөбүз, аны өзүбүз да билбейбиз, ойлоно берип баш катты. Өзүмдү өзүм алаксытып, ата-бабам кылбаган бакшылыкты кылып жүрөм, – мандаш урунуп отурган Азбүбү бригатка тик карап сүйлөдү. – Аваңды бала көрсө дегемин. Бу шордуу да раматылык күйөөсүнөн калган баласы менен баш паанек жер издеп, туугандарынын түрткүсүндө калыптыр – келин басып кеткен тарапты карап сүйлөдү. -Же эмчектеги бала менен иштей албаса, ата-эне, жакын туугандан кур болсо. Колундагы баланын айынан келип отурат. Согуш бүткөнүнө эми мына жети жылдын жүзү болду. Али элдин карды тое элек. Мындай жетим -жесирге кыйын маал, сен мага кайдагы закүндү айтып башты оорутуп отурасың, үкөм. Баласы эсен-аман чоңойсун, Сулайманкул суучуң да ушунун көлөкөсүндө бала көрсүн. Мен эмне жыргап кеткенимден ушул ишке бардымбы, айланайын. -Азбүбү жашып кетти. – Мен эми катын болмок белем аваңарга, доорум, шааним бүттү. Эми шорум да арылсын, эримдин башын байлабай, эртеби-кечпи кете турган адаммын… – Үнү каргылдана түшкөн Азбүбү маасысын кычырата басып, ордунан козголуп очок тарапка ыктады. Азбүбүнү аяп да, таң калып да карап калган жаш бригат ага ылайык көңүл жубатаар сөз табалбай, баягы киргендеги ачуусун мыжыга кармап колундагы камчысына чыгарды.

Арадан бир топ жыл өттү. Сулайманкул суучу эки эркек бала көрдү. Бирок Азбүбү өзү ойлогондой үйдөн кете албады. Балдардын төрөлүшү менен бу үч адам ого бетер ымалаша түшкөндөй болду. Азбүбүнүн жаш күндөшү балдарынын көп түйшүгүн ага көтөртүп койду. Ушунусу менен ал Азбүбүгө да, Сулайманкул суучуга да жакты. Алар узак жылдар кошуна колоңду суктантып ынтымак өмүр сүрүштү. Бирок Азбүбү кемпир көз жумган соң, эми гана элүүгө таяган анын күнүлөшү аны ээрчигендей болуп, ал да каза тапты. Сулайманкулга да, балдарына да ааламга сыйгыс арман түштү.

21.02.1987

 

Кур намыс

Ширинбү бүк түшүп кечке турбай жатты. Ич-боорун чаяндай чаккан ойлорунан арыла албай турду да кечки саанга жөнөдү. Уйдун эмчегин күч менен тарткан карылуу колдору алсырап, бат эле чарчап калды. Үйгө келе жатып акыры бу чечимге келди: «Кой, эртең Калыяга кирип алчу кагазын алып районго барайын, алдырсам алдырып келейин, балдарымды жер каратпай» Элүүдөн ашып калган курагында күтүүсүз бойго бүткөн баласы Ширинбүнү да, Эргешти да кыйла ыңгайсыз абалга салды. Эргеш эмне болсо да эркек экен, ага не шам: «Карыгында жинди болдуңбу алдырып, ушунча төрөгөн балдарыңдын бири, муну да төрөйсүң» деген ал аялын районго жибербей койду.

Чоңоюп калган балдары алдыртан апасына кабак бүркөп, ымыркайдын төрөлүшүн эч кимиси каалабады. Айрыкча балдарынын туну Кадырбек бул кепти уккандан бери апасы тарапка каттабай койгон. Ал жакында совхозго деректир болгон. Эл алдында анча-мынча кадыр күткөн баласы баарынан көп намыстанды. Үйлүү-жайлуу үч кызы булкулдап-жулкулдап таарынып кетишкен: «Кокууй, апасы тууптур дегени эмнеси» деп. Ширинбү кандай болсо да төрөбөй коюунун амалын астыртан издеди. Ушунча жашка келип мындай азапты баштан өткөргөн эмес эле. Эл оозунан эмне укса, ошонун баарын жасады. Бу саам ага өзүнүн ден соолугунан да ушул «балээден» кутулуу түйшүккө салды. Түк айласы кеткенде табыпка да барды. Табып: «Мылтыктын огун таап ичкин, ичиңди ысытып, заматта түшүрүп коет» деди. Ширинбү сурамжылап жүрүп окту да таап ичти. Ичи өрт алгандай күйүп чыкты, денеси сыздап, аябай кыйналды, бирок баласы боюнан түшпөдү.

Ай күнү жетип, баатыр эне Ширинбү он биринчи баласын, эркек баласын төрөгөн күнү уккан-билгендин баары текши сүй үндү «Бечара аман-эсен көз жарып алыптыр» дешип. Бу кабарды укса да балдарынын ичинен бир гана Кадырбеги келген жок. Бирок анын таарынычы көпкө созулбады. Ымыркай бир айга жетпей чарчап калды. Ширинбү боюмдан түшүрөм деп жүрүп ичтеги баланы кыйнап койгон белем. Баатыр эненин ден соолугу да кыйындай түштү. Кадырбек муну угар менен жетип келди. Ата-апасынын жүзүн карай албай, жансыз жаткан наристени тиктеп, ок жеп алганча бүткөн бою күйүп-жанды. Ымыркай Кадырбекке куюп койгондой окшош эле. Арман ай, бир жолу келип көрүп койсо не болмок ушу бөбөгүнүн бакыраң көзүн. Ал ушул учурда тирүү, бейкүнөө кенже инисин көз алдына элестете албай, чүпүрөктөй чүрүшө түшкөн апасынын жүзүн тиктей албай, аны майда калтырак басты, ушу өлүмгө өзү себепкер болгону мээсине келээр замат, үй жаңырта өксөп кое берди.

04.05.1986

 

Кнопка

Узун бойлуу киши али жолго жүрө элек баласын ар дайым колуна көтөрүп жүрөт. Баласы да атасынын мойнунан бекем кучактап, анын тер нымшыган бешенесин улам-улам өбө берет. Баласы өпкөн сайын атасынын кайраты, кубаты ашып, колунун чарчаганын, талыганын да унутуп кете берет. Наристе ошон үчүн элчилеп коляскага түшпөй калды. Коляскага салса эле ата менен баланын аралыгы өтө узап кеткендей, колясканы тарткан узун бойлуу киши уулуна улам эңкейе берип, биротоло эки бүктөлүп кала турган. Уулу да коляскада жөн отурбай улам артын карап, атасын чакыра берет. Анан ата бала бул экөөнүн жакындыгын бузган колясканы бекем катып салышты.

Булар шаарда бийик кабат үйдө турушат. Узун бойлуу киши баласы көз ачып бирдеме боолгологондон тартып ага кнопка басканды үйрөтө баштады. Анткени алар күн сайын эшиктен үйгө келе жатып адегенде лифттин кнопкасын, сегизинчи кабатка жеткен соң өздөрүнүн үйүнүн эшигинин кнопкасын басышат. Уулун колуна көтөрүп жүргөн кишинин жада калса радиосу, телевизору да кнопка менен иштейт. Мына ушул кнопкалардын баарын наристенин быйтыйган колу басат, атасы карап турат, экөө тең мындан чоң ырахат алышат. Бала эс тарткан сайын кнопкалардын сыйкырдуу күчүнө таң калып жүрдү. Бири аларды өөдө көтөрөт, түшүрөт, бирөөсү коңгуроо чалат, үчүнчүсү телевизор менен радиону сүйлөтөт, же үнүн басат.

Эмчектеги бала апасынын кнопка-топчулуу көйнөгүнүн көкүрөк тушундагы жалтырак кнопканы бармагы менен баса баштаганда апасы анын курсагы ачканын түшүнчү да эмизе баштачу. Бала да ушуга көнүп алган эле. Кнопка басканды аябай жакшы көргөн бала кийин мектеп жашына жеткенде андан көңүлү үч көчкөндөй калды…

Ушул күндөрү узун бойлуу атасы менен кнопкалуу көйнөк кийген апасы катуу урушуп кетти. Бала тынбай сүйлөп да, кыйкырып да, ыйлап да жаткан апасына кантип жардам берип соороторун билбей, акыры адаты боюнча анын көйнөгүнүн топчуларын кармалап, бозоруп калды. Булкулдаган ачуулуу апасы өзүнө жабышкан уулун түртүп салды. Жыгылып түшкөн бала ыйлап жиберди. Узун бойлуу киши тура калып аялын сабап кирди. Эми бала атасын кантип токтотууну билбей, эки мушташкан адамдын буту-колуна аралашып, өзү да кыйла токмок жеди. Бул окуядан кийин апасы ооруканада көп жатып, кабагы салыңкы атасы иче баштады.

Бала мектепке барды. Мектепте да, үйдө да ойлоп санааркаганы эле кнопка. Кнопка басылганда жүрөгү бир «зырп» деп алат: сабакта ар кайсыны ойлоп отурган баланы чырылдаган коңгуроо чочутат. Үйдө болсо атасынын беймаал түнүчүндө келип, эшиктин кнопкасын бар күчү менен басканы, төшөктө жаткан апасынын бир «шуу» үшкүрүп алып кылдырап барып калганы ачканы, жер тиктеп, сүзө тургансып турган атасын жекире караганын ойгоо жаткан бала туйчу. Кийин атасы түнүчүндө да келбей калды. Бала кнопкаларды ким ойлоп тапты экен деп өзүнчө кыжаалат болот. Ошол ойлоп тапкан киши эмне үчүн адамдарга да салчу кнопканы ойлоп таппайт, кишинин радионукуна, телевизордукуна окшогон. Анда апасы оорулуу, атасы аракеч болбойт эле, кетип да калбайт эле. Эми эле алар уруша баштаганда бала акырын байкатпай барып, алардын кнопкасын басып токтотуп салмак. Анан баары ойдогудай, жакшы болоор эле.

Бир күнү мектепте баланы чоң балдар коркутуп коюшту. «Эгер, – дешти алар, – душмандар бизди карап өз жеринен бир кнопканы басса эле биз секунтта тыптыйпыл болобуз». Көздөрү алая түшкөн бала акыры чыдабай аларга суроо берди: «Бизде да барбы ошондой кнопка?» «Ооба, сөзсүз да», – дешти балдар. Мындай тири укмуш кнопкалардын бардыгы баланы бир топ чочутуп, ойлонтуп койду. «Бүт адамдарды, жан жаныбарларды, үйлөрдү, чөптөрдү, гүлдөрдү, сууларды күлгө айланткан кнопканын кимге кереги бар, аларды неге ойлоп табышат? Муну жасаган киши бир адамды арак ичпес кылуунун, эки адамдын урушпасынын кнопкасын ойлоп таппайбы?» Бала уктабай түнү бою ойлонуп жатты. Эртеси мектепке барып кечээги чоң балдарга минтип айтты: «Билесиңерби, мен чоңойсом адамдардын өзүнө салынчу кнопканы ойлоп табам, ошондо жанагы силер айткан коркунучтуу кнопканын баары жок болот, андан эч ким коркпой калат, анын кереги да жок болот».

Чоң балдар кичине баланы карап, анын олуттуу тарткан кебетесин шылдыңдап бир каткырып алышты да класстарына кирип кетишти. Бала ыза болгон жок. Ал ушул оюн ойлоп жүрө берди. Жайында кыштакка барып бул тилегин таятасына айтты, ал киши шылдыңдаган жок, кайра «Тилегиңди кудай берсин!» деп кубаттап койду. Биздин да балага айтаарыбыз ушул.

22.02.1998

 

Айылдаштар

Саат

Кошунасынын үйүнө тойго келген Ашыржан кемпирдин көзүнө терезе түбүндө тынбай чыкылдап жүрүп жаткан тыкыйган коңгуроолуу саат урунду. Кемпир саатты эч кимге билдирбей алды да, бир жерине салып койду. Бул «бир жери» бир нерсе уурдап ката койгонго ишенимдүү эле, кемпирди эч убакта уят кылган эмес. Азыр да кемпир үй толгон көпчүлүк ичинде, дасторкон үстүндө бейкапар отурду. Той шааниси кызып калган учурда сааттын ачуу чырылдагы отургандардын баарын «селт» эттирди. Үй ээлери саат турган терезе тарапты жарыша карашты. Саат ордунда жок. Сааттын коңгуроосу Ашыржан кемпирдин дамбалынын аласы туштан чыгып жатты. Кемпир отурган жерден колун ыштанына сала албай, же жөн отура албай, же таңыркап карап калган үй толо көздөрдөн өзүн ката албай саамга айласы кетти. Анан күч менен ордунан обдула туруп, сыртка ылдам басты. Анын артынан эч ким кошо чыккан жок. Кемпирдин колу туткак экени бүт айылга дайын эле. Үй ээсинин кичинекей кызы гана: «Ашыржан ууру, бер биздин саатыбызды, таштап кет саатты» деп кемпирди бучкактап ээрчип алды.

Керосин

Миртемир аксакал таягын таянып, аксап-тескеп өйүздү көздөй баратты айылдын эң касиеттүү пирим-молдосуна. Кичинекей небереси кыйналып жатат, керосинди билбей ичип алыптыр. Молдону алып келип дем салдырсак айыгып кетет деген чал бар күчүн чолок бутуна чыгарды чуркап. Бу чалдын демейден тыш шашып баратканын көргөн мугалим кошунасы аны жолдон кармап сөзгө тартты:

– Тынччылыкпы, ава?!

– Кайдагы тынччылык, Гапарбек керосин ичип алыптыр, балаң түшкүр кыйналып жатат. Пиримге баратам. – Чал кошунасына кыска сүйлөдү. Убактымды алба деди окшойт.

Чалды узата караган мугалим керосин ичкен балага пирим– молдонун кандай тиешеси бар деген ойду ойлоп, күлкүсү келсе да, шашкан бойдон кошунасынын үйүнө келди. Чын эле 3 жаштагы бала өң алеттен кеткен, кусуп жатат. Ылдам басып почтого жетти да райондон «тез жардам» чакырды.

Тоо таянган бул айылдын молдосу элине өзгөчө кадыр-барктуу эле. Ал жөн эле молдо эмес, айылдын ак сөөгү, пири, эл аны кудайдын өкүлүндөй ишенген жайы бар эле. Ал тээ алтмышынчы жылдары бул айылга башка өлкөдөн көчүп келген. Келгендеги максаты ушул тоолуктарга кызмат кылуу болгон. Карапайым айылдыктар ичи ооруса да, тиши ооруса да андан шыпаа издеп бара беришчү. Пирим-молдо эч кимдин көңүлүн калтырчу эмес. Кийин кыраакы молдо уулдары бой жеткенде бирөөсүн тиш доктур, бирөөсүн ич доктур, үчүнчүсүн хирург доктур кесиптерине окутуп, биротоло айылдыктардын ажаатын ачып керегине жарады.

Козу

Таң эртең сууга барган Жолдош агайдын келини чоң каналда агып келаткан кара козуну кармап алды. Чакаларын таштап, козуну балача кучактап үйгө көтөрүп келди. Куйруктуу, баглан козу көпкө чейин аккан окшойт калчылдап, буттарын жерге такай албай бир топ кыйналды. Дагы бир аз ага түшсө өлүп калмак экен. Качан күн чакчайып, ысыта баштаганда козуга жан кирди. Жолдош агай козунун кулагындагы энин жакшылап карады да, айылдын чалдар, балдар топтолчу мектеп алдына жөнөдү. Келди да күнөстөп отургандарга кайрылды:

– Менин келиним бүгүн эртең менен чоң каналдан агып келаткан куйруктуу кара козуну кармап алыптыр, кулагындагы эни мындай экен… кимиңердики? – Агай оозун жыйганча ортодон Ормон аракеч шашып тура калды:

– Ал меники, кечээтен бери издеп айлабыз кетип аткан…

Ормон аракеч көп сүйлөп отурган жок, келди да козуну көтөрүп кетти. Жолдош мугалимдин байбичеси, балдары анын сырын жакшы билчү. Эч кимиси «Эмне үчүн айттың? Эмне үчүн Ормон козуну көтөрүп кетет? Анын козусу экенин бир кудай билет, өзүбүз эле жесек болбойт беле» деген сыяктуу суроолорду берген жок. Бир гана келини ичинен кейип алды: «Эртең мененки муздак сууга колу, бутун матырып атып кармап алды эле, аз жерден өзү да агып кетпей, анын үстүнө үйдөгүлөр баары эртең мененки сенин олжоң дешип төлгө да кылып жиберишти эле»

Жолдош агай ушундай жанда жок ак жүрөк киши эле.

Ысманабад

Карабулак айылына жете бербей созулуп жаткан бак көзгө урунат. Өз учурунда бу дүпүйгөн бак колхозго да, колхозчуларга да көп пайдасын тийгизген. Кийин ушул бактын баштоочусу, багуучусу Ысман багбандын көзү өткөн соң каралбай калды. Бирок аты калды эл оозунда «Ысманабад» деп. Ушул бир кезде шыбак баскан, эч нерсе өспөгөн жерге суу чыгартып, жыл сайын күргүштөтө көчөт тигип отуруп, бакка айланткан Ысман багбан картайып, ооруп төшөктө жатып калганда да ушул бактар жөнүндө: Сугарылдыбы?, Каралдыбы? Деп келген кеткенден улам сурап, кабатыр жеген дешет.

Ысман багбан көзүнүн тирүүсүндө эле өзү жата турган бейитин дайындап, жупуну эстелигин орнотуп койду. Эл көзүнө бу өөн жорук болсо да мунун жөнү бар эле. Перзенти жок, өлүп кетсем мени ким эстейт деди го. «Жамалымды тогуз уулга алмаштырбаймын» дечү экен. Төрөбөс аялың менен ажырашып, башкага үйлөнүп балалуу болбойсуңбу дегендерге ал бир гана ушул жоопту айтып кутулчу экен. Ысман багбандын жүрөгүн түбөлүк багынткан Жамал кемпир чалынан мурда кете бериптир. Чал өмүрүнүн акыркы күндөрүн кемпирисиз өткөргөн.

Ысман багбан пешене терин ченебей төккөн бак азыр четинен суюлуп, сейрек тартып калды. «Артымда бала калбаса да, бак калсын» деп бир учурда жан талашкан Ысман аксакалдын бейити да ушул бакка жакын, бакты карап тургансыйт.

24.01.06

 

Акыркы раис

Ал кишинин өз аты Акимжан эле. Бирок аны таанып билгендердин баары «раис аке» дешчү. Атынан атагандар аз эле. Ушул киши азыр райондун борборунан үйүнө келе жатып өзүн кыйнаган кымгуут ойлордон улам беймаза болду. Бул эмнеси, өзүн коерго жер таппай, ыза болдубу, же чын эле ичи күйүп жатабы? Бирде ачуусу келип муштуму түйүлө калса, бир туруп эреркеп ыйлагысы келет. Шопуруна карап улам «ылдамыраак айдачы» дейт, баари бир машинеси кең жолдо кыбырагандан кыбырады, айылына жетиши чоң азап болду.

Бүгүн эртең менен аны районго акимчиликке чакыртышкан. Колхозду таратып, майда жеке чарбаларды түзүү тууралуу айтышты. Кызыл жүздүү, көз айнекчен жаш аким бул ойду раиске аны менен кеңешкиси келип айтпады, түз эле өзүнүн акыркы чечими катары айтты. Буга раис таң калды. Бир ирет барып колхозду аралап көрө элек, эл менен сүйлөшө элек аким ал-жай сурашпай туруп эмне үчүн мындай бүтүм чыгарат. Акимжан бир аз буйдала түшкөнү болбосо таң калуусун жашыра албады.

– Кадыр Шопокович, колхозубуз, кудая шүгүр, өкмөткө карыз эмес, кирешелүү чарба, колхозчулардын турмуш абалы да башкалардан кыйла түзүк, эмне үчүн…

– Кеп анда эмес, аксакал, – Аким раистин сөзүн бөлдү, – Азыр бардык жерде менчиктештирүү жүрүп жатат, сиз да кабардарсыз. Билебиз, колхозуңуз чоң, элиңиз, жериңиз көп. Бирок баари бир биз аны таратышыбыз керек. Жогортон келген буйрук ушундай. Антпесек, сиздин эл эмне дейт. Арыздана башташат, керек болсо Президентке чейин да барышат.

Жаш аким сөзүн бүтүрдү да баятан таң калуусу тарай элек раиске суроолуу карады.

– Кадыр Шопокович, эл менен да кеңешип көрсөкпү, алар эмне дейт, мүмкүн майдалануунун биздин колхоз үчүн зарылчылыгы жоктур. – Акимжан дагы эле ишене бербеди, негедир анын колхозду таратаар ою жок. Ырас, былтыр карызга баткан бир нече колхоз, совхоздорду таратып жиберишкен. Бирок Акимжандын колхозу райондогу жападан жалгыз түзүгүрөөк колхоз эле.

– Эл, эл дейсиз, Акимжан Кабылович, мен айтпадымбы, эл деген баягы эмес, бүгүн бирди сүйлөп, эртең дагы башканы айтат. Кепти созбой адистер менен кеңешип, бул ишти эртеңден баштоо керек. – Аким сөзүн кескин бүтүрдү.

…Раис жол бою өз акылы өзүнө баш ийбей бушайман болду. Мындан алтымыш жыл мурда ушул колхозду уюштурам деп, бири ойдо, бири тоодо жүргөн элдин башын бириктирем деп жүрүп акыры киши колдуу болуп өмүрү кыйылган биринчи Раис Садык Саматовду эстеди. Былтыр гана бүт айыл түп көтөрө демилге коюп ал кишинин ысымын колхозго беришкен эле. Мына эми эртеңден баштап колхоз да жок, ал раистин ысымы да жок. Акимжан да жыйырма жыл иштеген иши, көнгөн жумушу, бүтүндөй бир өмүрү менен коштошкону жатат. Деги кызык, Акимжан өмүр бою эле раис болуп жүрөм деген го, кызмат, бийлик колдун кири экенин ойлободу бекен. Жок, кеп анда эмес эле. Акимжан эртедир, кечтир раистиктен түшөөрүн билчү. Бирок, ким ойлоптур аны акыркы раис, колхозду таратуучу, кашыктап топтогонду чөмүчтөп чачуучу болоору түшүнө да кирбептир. Муну ойлогондо жүрөгү «шуу» деп кетти. Капырай десе, колхоздун мүлкүн сырттан келген бирөө алмак беле, өзүнүн эли алат, алар бир жакка көтөрүп кетмек беле. Мындай ойлосоң сарсанаага түшчүдөй коркунуч деле жок. Бирок эми аларды Акимжан баягыдай бир нукка буруп, өз билгениндей башкара албайт, аларга сөзү өтпөйт. Раис саамга тунжурай түштү. Көз алдына элдин жакшы жер талашып, бири бирине атаандашып, баягы бир жеңден кол чыгарган колхозчулар топ-топ болуп алып, ачык каршылаштарга айланаарын элестетти.

Эми өзүнүн мындан аркы турмушу эмне болот? Эл аны эртеңден баштап «раис аке» дебей, Акимжан дешет. Өмүрүнүн көп бөлүгү өткөн кеңсеси, минип жүргөн машинеси менен кош айтышат. Атаңдын гөрү десе, дүнүйө да топтобоптур. Өмүр бою эле ушул машинеден түшпөй тургандай, машине да сатып албаптыр. Колхозу бай болгону менен Акимжан өзү кедей экен. Эптеп былтыр мындан беш жыл мурда баштаган тамын араң бүтүргөн, ушуга шүгүр, үйсүз да калмак экен. Раис азыр ойлоп көрсө, колхоздун мүлкү, байлыгы болуп, эл ток болсо, өзү да ток болуп жүрө бериптир. Аскердеги уулун ойлоду. Жүрөгү «тыз» деп алды. Сагынып калыптыр. Уулунун: «Башка раистердин балдары армияга барышпайт экен, эптеп окууга өтүшөт экен, сиз бизди такыр ойлобойсуз» деп нааразы болгон сөзүн эстеди. Акимжан ага көп этибар берген эмес эле. Дээринде балдары да колхоздун, элдин балдарындай сезилчү. Аларга өзгөчө көңүл бөлүп, бөпөлөбөптүр да. Раис колхозчуларынын баарын жакшы билчү. Кимисинде канча баласы бар, мүнөздөрү, жашоо шарттары менен кабардар эле. Колхозчуларынын ичинен бирөө жарымы ушул күнгө чейин колхозду майда чарбаларга таратуу жөнүндө кеп чыгарган эмес. Балким, эртең бөлүнбөйбүз деп түп көтөрө чыгышсачы. Бирок, Акимжандын жүрөгү түпөйүл, менчик деген менчик, өз алдынча эркин иштөө деген да оңой азгырык эмес. Мүмкүн, өзүнүн коюн-колтук алышкан колхозчуларынын ичинен эле ушул күндү зарыга күтүп, тымызын ичтен сызгандары бардыр. Райондун акими да бир чети туура сүйлөдү. Бирок, акимди да өзүнөн жогору турган бирөө эртең чакырып туруп, акимчиликти таркат, бийлигиңди бөлүп жибер десе, ал деле ошол замат «лаппай» дээрин кудай билет. Деги биз кызыкпыз, жогору жактан бирөө бириккиле десе, кыйналып жатып биригип, бөлүнгүлө десе дагы бөлүнө калып. Раис өз жумушуна жанын сайып иштечү. Ошондон улам раис болбой калса баары бүтчүдөй туюлду ага. Башка эч кандай жумуш колунан келбечүдөй эки колу шалдайды, муун-жүүнү бошоду. Колхоздун тарашы менен кошо өзүнүн да колу кол, буту бут болуп бөлүнүп калчудай денеси чачырап кетти.

…Арадан бир топ күндөр өттү. Колхозду таратышты. Жердин баарын үлүштөргө бөлүп беришти. Колхоз тараса, кошо жоголчудай болгон Акимжан бир аз демин басты. Айылды тең жарып аккан чакан дайра баягысындай эле шоокум салат. Күн да баягысындай тону айланып барып батат. Айылды көрккө бөлөп, жол боюнда зымыраган теректер баягысындай эле жүрөктү элеп-желеп кылып шуулдайт. Кечке маал уйлар мөөрөп, айлана сүт жыттанып, гүл жыттанып дегендей, баары ордунда. Бирок бир нерсе баягыдай эмес: көчөдө жол бербей чүкө аткан ойноок балдардан дайын жок, чай ичип чайканада чер жазып, масилет курушкан чалдар да азайды. Күдүңдөп эле кетмен, күрөк көтөрүп чак түш болсо да кыбыраган жандын баары талаада. Алар иштеринин көптүгүнөн кем сөз да болуп калышты. Мурда иш кызыган маалда раис үчүн мурда айрыкча балалуу аялдарды талаага ишке чыгаруу бир топ кыйын эле. Атын минип алып, бригадирин ээрчитип үймө үй кыдырган далай учурлары болгон. Эми минтип кары жашына, балалуусуна карабай жапырт жер тытып иштеп калышты. Суу чыкпаган жерге суу чыгарышып, түшүмдүүлүк да, буюрса, жылдагыдан жакшы. Бу элдин ичинде ушунча жыл катылып, сакталып жүргөн күч кубатка, демилгеге тан берди мурдагы раис. «Өзүм дегенде өгүздөй күчүм бар» деген накыл кептин маанисин өз көзү менен көрүп турду. Жеке менчиктен ажыратуу пендечиликтин табиятына каршы иш болгонун ичинен туюп, ынанганы менен, ушунча жыл коллективдүү чарбаны былк эттирбей башкарып келген мурдагы башкарма муну кыйлага чейин мойнуна алгысы келбеди…

24.09.1999

 

Бир айылда, бир күндө

Бир айылда бир күндө, эки башка үйдө, эки башка өмүр сүргөн эки адам көз жумду. Ким ойлоптур аларды бир күндө өлөт деп. Бири узак төшөк тарткан ооруудан, экинчиси кокус. Бирок ооруп өлгөн кишинин бала-чакасынын арманы кокус өлгөнгө караганда күч болду. Муну өлүк көмүлгөн биринчи эле күнү бүт айыл билди. Бу эки адам көп жагынан окшош эмес эле. Ошон үчүн өлүмү да, көмүлүшү да окшобой калды. Бул эки кишинин бири малды бакканды гана билген, бири союп сатканды гана билген, бири мал арыктабаса, оорубаса экен деп кар кечип, көң чыгарып, ысыкка күйүп, суукка тоңуп, жүргөнү жайлоо, кыштоо болду. Экинчиси союлган малдан көбүрөөк пайда түшсө деп коюп, жылуу жумшак үйүндө, базардагы дүкөнүндө күн кечирген. Экөөнүн тең алты баласы бар. Кокус өлгөндүн заңгыраган эки кабат тамы бар, ооруп өлгөндүн жер титирегенде ар жеринен жарака кеткен жүдөө үйү бар. Жайы-кышы мал артында жүргөн киши там салганга да шарты болбоду. Анын үстүнө бой тарткан балдары окуйбуз деди, окутту. Эми минтип балдары киши катарына кошулуп, өзү сыяктуу кой артында калбай кызматтарда иштеп, сый-урмат көрсөтөөрдө шашып кете берди. Таң эртеңден чыккан өкүрүк айылды каптап кетти. Жаракалуу жүдөө там ый менен өкүрүккө туруштук бере албай бузулганы араң турду. Ушул эле учурда айылдын берки башындагы кош кабат үй араң чыгып жаткан өкүрүктү жутуп алгансып тышка чыгарбай жатты. Сөөктү чыгараар маалга жакындаганда бул үй биротоло дымып калды.

Жүдөө тамдагы кыймыл менен ый күчөгөндөн күчөй берди. Сөөктү тегеренип турган бой тарткан кыздар ушунча келген элди көзүнө илбей, күйүп-бышканын жашыра албай боздоп жатышты. Жансыз сөөк ый менен тирилсе ушул кыздар эки күндө атасын тирилтип алмак. Босого жакка оой отурган байбиче кантсе да жашап калган неме ичиндеги күйүтүн сабырдуу чыккан кошогу менен коштоп отурду:

Сен Козу, мен Баян,
    Ичим күйүп үн салам. 
    Кайрылбайсың эми сен, 
    Сен кеткен жакка мен барам…

Сыртта таяк кармап өкүргөн уулдарынын үнүнөн кулак тунат.

Аталары эми гана балдары менен сыймыктанып көкүрөк көтөргөн маалда шум ажалдын келгени эмнеси!? Уулдарынын арманы да бардыгынан күч болду. Коргонго киши батпай, кирген-чыккан адамдар дарбазага сыйбай, коргондун экинчи тарабын да ачып салышты. Келгендин баары ыйлады, сөөккө гана эмес, уул, кыздарын көрүп ыйлашты. Эски дартын жашырып жүрүп, адамдарды убарага салып, кыйналткысы келбей жүрүп, бу киши өз түбүнө жетти, жада калса ооруга да көңүлү жумшактык кылды.

Эки кабат үйдөгү таң эртеңден чыгып жаткан анча-мынча өкүрүк улам азайып отуруп биротоло чыкпай калды. Балдары үчүн касап кокус көз жумса да, узак ооруп көз жумган койчудан арманы аз болгондой сезилди. Буга кыштак айран-таң. «Бечара балдарым кыйналбасын деп жанын үрөп иштейт эле, балдарынан көрөөрү ушулбу?» дешип Касап уулдарын онду бүтөөрү менен соода ишине салды. Беш жыл окуп, акча коротуп, анан ал айдан бул айга айлык күтүп отурбай, уруп-согуп пул тапканды үйрөнгүлө деди. Анын жакшы көргөн, күн сайын балдарына кайталап айткан насааты бул эле: «Пул-дос, пул-тууган, пул-абийир, пулуң болсо болду, кадырлуу сенсиң» Ар түрдүү тейлөө тармактарында иштеген уулдарын күн сайын 10-15 сом чайпулусуз үйгө келтирчү эмес эле. Оорукчан аялы кенже кызын күйөөгө берген соң, ушуну эле күтүп жүргөндөй бат эле каза тапты. Кайнатасы чийип койгон чийинге батпай, ымалаша албай улуу келини биротоло кетип калган. Эртеден кечке базарда эт саткан адам жандуу менен жансыздын, адам менен айвандын айырмасын өтө аз билип калгандай, жалаң шуудураган акчаны кан жыттанган, канга баткан кир колу менен саноодон өткөн ага ырахат жок эле.

Баятан таяк таянып өкүрүп турган уулунун эсине көз ачып көргөн жайдары мүнөз аялы түшүп, ага жасаган атасынын катаал мамилесин, жоруктарын эстеп негедир катуу иренжип алды. Андан кийин атасы муну бир эмес, үч жолу үйлөдү. Багы ачылбады. Күйөөдөгү кыздары эки-үч жылда араң бир келип кетишчү. Ошондо да кабактары салыңкы келип, салыңкы кетишчү. Сөөк башында кошок кошуп отурган касаптын бу кыздары төркүнүндө биринчи жолу бүгүн өздөрүн эркин сезип, буту-колун сунуп отурушту. Касап төртөөнү тең оокаттуу жерлерди тандап өзү берген. Бирөө жарымы атам бар эле деп арызданып келсе, ошол замат кайра жолуна салчу. Кыздарынын көңүлү, ден соолугу, турмушу менен түк иши жок эле. Атасына алар эптеп бирөөнүн эшигинде ага зыяны тийбей жүрсө болду эле. Сырты кооз, эки кабат үйдүн ичинде кандай сырдуу түйүн барын кыштак эли бир түшүнүп, бир түшүнбөйт. Бирок баари бир эл бул касапты сыйлачу, анткени кимисине акча же эт керек болуп калса ага чуркап келишчү.

Сөөктү сууга алып, кепиндөө ырасмысын бирөө-жарым өз ыктыяры менен колго албай, касаптын бала-чакасы дүрбөй түштү. Демейде киши өлсө аны кепиндөөнү талашып жасашчу эмес беле, бирдеме алам, кием деп. Бул эмнеси: атасынын сөөгүн балдары өзү жууйбу? Келген-кеткенге өкүрүк чыгарып, каада кылуу эмес, сөөктү сөөктөй кылып узатуу түйшүгү түштү касаптын балдарына. Акчасы салаасынан төгүлгөн касапты тирүүсүндө сыйламыш болгондор баары тескери карашты. Акыры балдары атасынын: «акча-тууган, акча-дос» деген акылын колдонмок болушту. «Ким ушул ишти аткарса, ушунча акча берилет» деп астыртан турган элге билдиришти. Ошондо да эч ким чыга койбоду. Элде киши өлүп жатканда жанында келме келтирип узаткан бирөө болбосо арам өлгөн дешет. Касап мына ушундай өлүмгө кириптер болгон эле. Ким билет, эл ошондон качып жатабы? Же көпчүлүктөн өзгөчө бөлүнүп бай жашаган касапты эл чындап эле ичинен жаман көрүп жүргөнбү? Намыс менен ыза бууган балдары өздөрү жол-жобосун билип-билбей, молдонун ишараты менен эптеп аталарын жууп, кепинге салышты. Касапка дүйнөнү түрө жыйнаган мүлкү да, эки кабат үйү да, темир сокмо коргону да абийир боло албады. Балдары атасынын ким экенин ичтеринен билишсе да, айылдаштарына кыйла жыл таарынып жүрүштү.

20.05.1986

 

Газанек

Албууут дайрага курулган асма көпүрөдөн катуу жааган жамгырга карабай жетелешкен эки караан жай басып келатты. Ак жүнай жоолугун чүмкөй салынган аял кичинекей кыздын колун өтө бекем кармап алганын да сезбеди. Көзүнөн аккан жаш жамгыр суусуна кошулуп, көбүп-ташкан дайра боюнда өткөн бала курагын, күн-түндөп трактор айдаган убагын, түн жамына жолугушууга келип жүргөн олбурлуу жигит Апсаматты эстеп, ою уйгу-туйгу.

Суунун шарына үндөшкөн көкүрөгүндөгү муңдуу кыйкырык анын кылтылдап араң турган көпүрөдө баратканын да унуттуруп койду. Башындагы саймалуу топусун түшүп калбасын деп бир колуна кармап алган кыз колунун ооруганына жаны кейисе да, аны бошоткондон коркту. Ага ушул учурда көбүктөнгөн киргилт дайра буларды көпүрө менен кошо агызып кетчүдөй ал тигил чымыр колду ого бетер катуу кармап, коркконунан суусап чыкты. Эрбейген-сербейген чачынан аккан жамгыр суусун жалагылап, мурдун шор тартып алат. Алар көпүрөдөн өтүп, суу боюндагы чайканага жеткенче көнөктөгөн жамгыр басылган жок. Жамгыр сээлдегенче Ырызбан чайкананын эски сөрүсүндө кыздын буттарын чапанына ороп отурду. Кыз уктап калды.

Экөө кечки автобус менен күүгүмдө көмүрчүлөрдүн шаарчасына жетишти. Кыз дагы эле ойгонгон жок. Шаарга да жамгыр көп жааптыр. Ырызбан кызды жаткырып, түйүлүү муштумуна мыкчый кармаган бир үзүм нанын колунан алып койду. Бетинин оту кызыл, кашы ичке бу кыз бир караганда Ырызбанга түспөлдөш.

Чакан короону суунун көлчүктөрү бүтүндөй ээлептир. Үстү жабылбай калгандыктан, жибиген тандыр урай баштаган. Ырызбан тандырын оңдоп, жүзүмтактын түбүндөгү көлчүккө кол жууп жатып, кыш бою түшпөй чыккан жүзүмдүн куураган жалбырактарын бүгүнкү кара жаан кагып салганын көрдү. Ай жарыгында жылаңач бутакта салаңдап турган бир шиңгил кургай түшкөн жүзүмдү көрүп сүйүнүп кетти Бакан менен уруп түшүрүп, үйгө алып кирди. Оозуна салса үшүк алып чүрүшкөнү эле болбосо даамы кадимкидей таттуу. «Бу да болсо кудайдын берген насиби». Ал газанек жүзүмдү абайлап кармап идишке салды. Кыз ойгонуп алып үйгө кетем деп чыр салса, эмне кылам деп сарсанаа болгон Ырызбандын көңүлү бир аз жайлангансыды. «Бала эмеспи, жүзүмдү берсем, алаксыыр».

Күйөөсү түрмөгө түшүп, бир үйдө жалгыз калган Ырызбанга эжеси кыздарынын бирин берди, багып ал деп. Перзентсиз болушса да Ырызбан менен Апсамат туугандардын сөзүн укпай, таарынычын сезбей көп жыл бирге турушту. Аларды эч кандай күч ажырата албайт дечү кошуналары. Эми минтип бирөөсү көз көргүс, кулак укус, жылан жаткыс жакка кетип, бирөөсү ээн коргондо жалгыз калды.

…Кудалаган жерге барбай, карыган энесинин сөзүн эки кылып Ырызбан трактор айдап жүргөн түндөрүнүн биринде Апсамат менен кетип калды. Кийин алар перзентсиз болуп калганда өзүнүн эле туугандары Ырызбанга энесинин каргышы тийди дешти. Каргыштан да жаманы кийин башталды.

Кеч күздө ооруп жатам деп Зулпукар авасы Апсаматты кыштакка чакыртты.

– Үкам, жашың өтүп баратат, бир мурдубогуң болбосо тукумуң уланбай калды дей бер. Карыган чакта бир туягың, жөлөнөөрүң жок кандай күнгө каласың. Өмүр бою эле ушул күч кайратың менен жүрөм дейсиңби, анан калса пенденин парзы бу жарыкка тукум калтыруу. – Кырылдаган тамагын улам түзөп Зулпукар авасы шашып сүйлөдү.

– Катыныңдын жообун бер!– Чал сөзүн өкүм бүтүрдү.

– Кантип? – Чочуп кеткен Апсамат авасынын сөзүн түшүнсө да, кайра ага ушул суроону узатты.

Чал таң калганынан көзү чанагынан чыга үкөсүн карады:

– Ээ, айван, ушунча жыл катын менен жашап, катындын жообун бергенди билбейсиңби, шариат ургур! – Чал жаткан жеринен обдулуп туруп, ары-бери күч менен баса баштады, кез-кезде түкүрүнүп алат. Үкөсү шаарчага кетип калгандан берки ага болгон таарынычын бүт көрсөткүсү келген көрүнөт.

– Өкмөт ишинде иштесең эле мусулманчылыктын баарын унутуп калат бекен, өкмөттүн ишин аткаруу башка, а тирүүчүлүктүн, адалчылыктын жосуну башка. Дини бөлөктөргө кошулуп жүрүп катының экөөң тең ада болоюн депсиңер, кудай жалгабаса!– Чал нес баскан үкөсүн бир карап алып, кагынып-силкинип чыгып кетти. Ата ордуна ата болуп чоңойткон агасы эч убакта Апсаматка мынчалык ачуулунган эмес эле. Агасынын жанына неге мынча күч келди? Жаздыктай болгон келбеттүү кара жеңеси да үнсүз. Мустар болгон кайнисине жаны кейип, ал да кудайга нараазылык билдире күбүрөп алды.

Жол ката үйүнө келе жатып ичи өрттөнүп, башы ооруп чыкты Апсаматтын. Өткөн жылы жаңы жыл алдында болгон окуяны эстеп көңүлү айнып, үшкүрүп алды. Ошондо аяз атанын белеги деп шуудурак кагазга оролгон түркүн түс конфеттерди балдарына алып жаткан бирге иштеген шериктеринин алдында бир бозоргон дейсиз. Жакын санаалаштары тигил таратып жаткан аялга «Буга да берип коесузбу жакшы тилек менен» деп кайрылышса, тизме көтөрүп тирмийген неме кагып-силкип жиберген: «Бу балдарга келген насип, конфет жегиси келсе, оболу балалуу болбойбу!»

Санаа менен ыза аралашып, кеч күздүн суугунда ысып чыкты. Үйүнө дейре бир дем менен келип, дарбазасына жеткенде артына бурулду. Жүрөгү өрөпкүп, оозу кургаган ал үйүнө кирбей, шаарчадагы чырагы дале өчпөй турган чайканага бет алды. Самоор түбүндө чок үйлөп отурган чайчы чал аны тик багып карабады, сууктан жүдөп оту менен убараланып жатты. «Кире бер» дегенсип ич жакты көрсөттү. Ич жак күрү-күү. Киргиси келбей пешайвандагы сөрүгө көчүк басты. Лапылдап жаап кирген карды, очок боюнда күйпөлөктөп жүргөн чалды карап Апсаматты дагы нес басты. Чал перзентсиз, кемпири өлгөн соң үйдө жалгыз отура албай минтип самоор менен алпурушуп жүрөт. Апсамат тагдыр пешенесине нараазы боло ойго басынды. Бала кезде ата-энеден өксүдү. Эми минтип баладан өксүп… Аялын эстеди, маңдайы жарык Ырызбанга убагында далайлар ашык болду эле. Анын минтип кем жаралып калганын. Ушул азыр не кылаарын билбей, жаны жай таппай, чачырап турду…

– Эй, бери кир, – ич жактан бирөө көз ымдады. Анан отургандардын баары аны карап калды.

– Ырас келген соң кириш керек.

Он чакты эркектер палоо жасатып жешкен го, дасторкон үстүндө чачылган табак, мүлжүнгөн сөөктөр, бир, эки баш аарчылган пияз жатат. Алар ортого карта чаап, акча сайып ойноп жатышкан.

– Кана эмесе, көмүрчүнү көрөлү, бай эмеспи, – алар Апсаматты заматта оюнга тартышты.

Апсамат өмүрүндө биринчи жолу мындай оюнду ойноду. Чөнтөгүндөгүнүн баарын уттурду. «Эч нерсе эмес дешти шериктери, эмкисинде сен утасың».

Кумар оюнунун кыл жиптери бууп чайканага түнкүсүн барганга Апсамат кынык таап алды. Кээ күндөрү чөнтөгү толуп келсе, кээ күндө бозоруп бош келет. Акчасы жок күндөрү үйүндөгү буюмдарын да көтөрө баштады.

Күйөөсүнүн чындап балээге кабылганын Ырызбан туйду. Мунун баары баласыздыктан. Кепти ачык айтып ажырашууга бел байлады.

Ушул түндөрдүн биринде көзгө көрүнөө буюмдарынын баарын уттуруп, айласы кетип алактап калган Апсаматтын бет маңдайына семиз өнөктөшү бутун талтайта тура калып мындай деди:

– Бу сапар катындарды койбойлубу?– Бери карап тургандарга көз кыса жымың деп алды. Унчукпай бозоро түшкөн Апсаматты ого бетер демитти:

– Ээ, дос, сенин эмнең кемийт? Туубас аялыңдын кайсы жерин аяп жатасың? Же корко тургандай балдарың болбосо. Мен го балдарымдын барына да кайыл болуп атсам, – ал Ырызбанды көз алдына элестете дагы жымыйып алды.

Баятан чарчап, башы чыңалган Апсаматты арак ичип, кумар ойноо жыргалы да тажатып, перзентсиз экенине маңдайында талтайып турган ушул киши эле себепкердей тура калып аны бар күчү менен ур токмокко алды. Милиция келгенче тургандардын бири да Апсаматты семиз шеригинен ажырата алышпады.

* * *

Уктап жаткан кыздын жанына кыйшая жаткан Ырызбан баланын таноосунан чыккан ысык демге башы айланып, али өзүнө белгисиз болгон укмуштай ыракатка батып турду. Наристелүү болгонун, газанек жүзүм таап алганын Апсаматка билдирүүгө дегдеп, жүрөгү элеп-желеп болду.

24.01.1987

 

Бири кем дүйнө

Бир айылда жашаган, бирок орун очогу эки башка эки келин арылгыс арманга малынды. Кырктын кырына жаңы келген, ак жуумал, узун бойлуусу бакырайган көздөрүн жашка толтуруп, ый аралаш көңүл айтып келгендерге сүйлөп жатты:

– Өлбөй эле тирүү жүрсөчү, байкушум. Мен анын бардык кылык-жоругуна чыдайт элем. Элчилеп келин-кызга барып, көзүмө үймөктөп чөп салса деле мейли эле, катын алса да мейли эле, тирүү эле жүрбөйбү. Жашай турган чагында жайрап калды, жок дегенде балдарынын биринин жакшылык күнүн көрсөчү, төрүндө чайын ичсечи…Өлөөрүн билди бекен, же бир көңүлүмдү калтырсачы…

Экинчи келин эми гана элүү таяп, бирок сын келбети жарашкан, үйүн үй, жайын жай кылган, өзүн мыктылардын биримин деп эсептеген аялдардан эле. Ал да көңүлүн сурап келгендерге буркурап ыйлап жатты:

– Ушундан көрө өлүп эле калсачы, мени элге, журтка шерменде кылбай. Эл караган бетим жер карады, кызындай болгон немени да алабы. Анысынын заматта тууп салганын кантесиң, бети жок. Балдарды тирүү жетим кылды, үйдө эмне жетпеди эле бул аңгиге, жээрин жеп, ичээрин ичип жүрүп кутурган акмак, барып бетин тытып келбесем атым өчсүн, өлтүртүп салам, жашатпайм жарык дүйнөдө… Мен эми кантем карып карыга окшобой, же жаш болбосом. Ушинтип кара башым какшап калабы!. . .

Эки эркектин айынан бу эки зайып көп жылдар ыйлашты. Бирөө ыйлаган сайын өлгөн эринин кадырын көтөрдү. Жанда жок асылга айланты. Балдары атасы өлсө да анын атын сыймык менен эскерип жүрүштү. Тууган-уругу бул үйгө колдон келген жардамын аябай берип, колдоп келди. Убагында өз ишине берилип иштеп, үйбүлөсүн жанындай көрүп, кокус көзү өткөн эркектин сүрөтү ардакталып үйүнүн төрүндө илинип турду. Жубайы, бала-чакасы бул сүрөткө кудайындай сыйынып, коногун да ушул сүрөт алдында тосуп, эки сөзүнүн биринде аны эскерип, кийген кийимин көзүнө сүртүп, жыттап жүрүштү.

Өлгөн эркек денеси гана жок, өзү болсо бул үйдөгүлөргө аралашып, алардын жүрөгүндө, көңүлүндө түбөлүк калды.

Экинчи үйдө болсо энесинин ар бир ыйы балдарындагы атасына болгон көңүл калуучулукту ансайын күчөтүп отурду. Соодагер аялынын тапканын чачып, ичкенде ичип, иштегенде иштеп жүрүп, бир күн сүйүүгө кабылып калып, бала-чакасын таштап, кетип калган эркектин азан чакырып коюлган өз ысмы кеткен күнүнүн эртеси эле өчүп калды. Үйүндө чоңоюп калган балдары ага «Мажнун» деген атты коюшту. Ал жөнүндөгү ар бир эскерүү ыза менен, жек көрүү менен коштолуп жатты. «Мажнун» атанын үйдөгү кийимдери байпагынан өйдө короого чыгарылып күйгүзүлдү. Ага тиешелүү буюм-тайымдын баары акыр-чикир салынчу жашикке ыргытылды. Сүрөттөрү тытылды. Бирге түшкөн сүрөттөрдөн анын сөлөкөтүн кесип салышты. Кыскасы, жыйырма жылдан ашуун бул үйдө эр, ата болуп келген эркекти биротоло жокко чыгаруу чабуулу катуу башталды. Күйгөн көйнөктөр менен кошо, балдардын көкүрөгү да күйдү, тытылган сүрөттөр менен кошо алардын атага болгон мээр-акыбетинин да быт-чыты чыкты бейм. Балдар атасы жөнүндө кокус сөз болгондо жер тиктеген бойдон үн катышпайт. Алар ыйын, жоктоосун энесиндей болуп ыйлап чыгара алышпады, каргай алышпады, сөгө алышпады, ичинен сызышты. Кеткен эркектин тууган-уругу бул үйгө даап басып келе албай, балдар атасыз гана эмес, туугансыз да калышты.

20.01.2000

 

Күйөөм – күйөөрүмбү, аялым – айаарымбы, же…

Тилек

Таң атпай айылдын үстүңкү көчөсүндө топурактан курулган тамын шыбап жаткан жигитке бир досу келди да учурашпай туруп, бөтөлкөсүн койнунан сууруп чыкты. «Ай, уста, бир баш жазбайлыбы» деген ал жооп күтпөй эле тамаркада өсүп турган помидор менен пияздан үзүп, закүскө даярдап кирди. Жумушу чачынан көп уста эмне дээрин билбеди. Арак деле артынан кууп иччү эмес. Анын үстүнө кечке бул шыбак дегенин бүтүп салбаса, эртең жыгач иштери башталат. Баткактан да тажады. Арагын ыстаканга бөлө куйган досу аны күтүп туруп калды. Бу саарлап, шашып келген досунун көңүлүн уламыш болуп уста колун чала-була жууп, анын жанына келди. Бирок ичпеди. Ыстаканын тартып ийген соң кызыл, дордойгон мурундуу теңтушу ага кызыктай көз караш менен бир саамга тигиле калды. Эмне ичпейсиң деп атат го деген уста актана баштады. «Ээ дос, бу ылайды кечке шыбап салбасам эртеңге дейре катып калат, анын үстүнө батыраак бүтүш керек болуп жатат. Күзгө аяшың келем деген, уулубузга сүннөт той беребиз…» Уста дагы бир топ таттуу, таттуу пландарын, ойлорун маңдайында аракты шимире жутуп, ырахаттанып турган досуна айтып жатты. Бирок аракка тойгон теңтушунун кулагына эч нерсе кирген жок. Анын турпатында бир гана уста теңтушун аяган сезим турду. Бу байкуш эки жылдан бери жалгыз турат. Аялы акча табам деп Орусияга кеткен. Ошондон бери бу же үйүн оңдойт, же малына чуркайт, же жаман трактору менен жер айдайт, кыскасы тынымы жок, уулу да кичинекей. Эми мына кечээ Орусиядан кошунасынын аялы келген. Ал келгенден бери жаагын жанып кимди көрсө айтып жатат: бу устанын келинчеги Орусиянын базарында иштеген бирөөгө эбак тийип алганын, эми бул айылга кадам коюп келбесин. Анысы өтө бай экенин, контейнерлери бар экенин, деги койчу тиги келин азыр бул айылды, күйөөсүн, уулун унутканы качан, боюнда бар, жакында көз жарат» дейт. «Аяшың көп акча алып келсе, малды көбөйтөлү деп жатам. Мобу чөп-чарды карабайсыңбы, ким жейт», ал жай бою тырмалаңдап оруп жыйнаган короосундагы чөп чөмөлөсүн жаңсады. Устанын таттуу ойлорунун чеги жок эле. Мас досу ага катынынын кабарын угуза албай айласы кетип турду.

Жубай

Көп жыл бирге жашаган күйөөсүн үйүнөн башка аял менен кармап алган келин ызасына чыдабай тамынын артын айланып өттү да суусу көз илешпей катуу аккан каналга боюн таштап өлүп алды.

Айылдагылар келиндин жоругун эси жоктук дешти. Чоңоюп калган балдарынын күнүн көрбөйбү, бир жаман эркектин айынан да жан кыябы дешти. Молдолор жаназа окулбайт деп чечишти. Эс тартып калган балдары чыркырап, жанда жок мээримдүү, алмашкыс апасын жоктоп, айылды түп көтөрүштү. Эбактан бери ышкыдан көзү тумандап, ыракат менен жыргалдан жер бетинде баспай эле учуп калган эркек аялын мындай акыркы кадамга барат деп ойлобосо керек. Жан айласын таппай турду, ал айылдагы эң бир жексур, жек көрүндүгө айланды. Айылдаштары анын бетине түкүрүп жатты, мындан көрө өлүп тын дешти. Ал же өлө албай, же, акыл эсин жыйнай албай калды. Көз алдында мындан көп жылдар мурда мединститутта окуган, сарынын акжуумалы, шыңга бой кыз турду. Аны кандай жакшы көргөн эле, бир күн, бир саат кызды көрө алмайын туралчу эмес жигит. Кыз да жакшы көрчү, анан, ушул жигит деп, ушуну сүйдүм деп окуу– покуусун таштап борбордон айылга аны ээрчип баса берген. Көп жыл ысык– суукту бирге тартып өмүр кечиришти. Ошентип, кыз көздөгөн максатына жетип врач боло албай калган. Мунусу үчүн ата-энеси бир топ жыл ага таарынып жүрүштү. Бирок күйөөсүн жанындай жакшы көргөн келин баарына кайыл болгон. Кетмен чаап, талаада тамеки айдап иштесе да ал бактылуу эле. Ак халат кийип үстү агарбаганы менен, жүрөгү, дили ак жашады. Эми минтип эринин эки жүздүүлүгүн көтөрө албай, ак өлүп отурат…

«Статистика»

Улуттук госпиталдын короосунда кары-картаңдар жаткан бөлүмдүн жанындагы отургучта күн чубактап тизилип отурган аксакалдар кызуу маек куруп жатышты. Алардын кебин кызыткан бирине бири берген жалгыз суроо: «Сен канча аял алдың? Сенчи?» деген болду. Алар акча эсептегенсип аялдарын биринен бири көп айтууга аракет кылып, бармактары менен санап жатышты. Арасында баятан кызуу кепке көп аралашпай отурган жалгыз чал гана «Мен бир эле аял менен жашадым» деди. Ага баары ишенбей, шылдыңдоо менен кайра суроо узатышты: «Кантип? Анык көзү ачык калган сен турбайсыңбы? Эмне кемпириң ушундай эле керемет беле? Же өзүң чатак белең». Чалды дуулдап келекелегенге өтүштү. Чал чын эле сөзгө сынды. Күңк-мыңк демиш болду, аны эч кимиси уккан жок. Аялдарын саноо андан ары уланып жатты. Арасынан мойну койкойгон, сакалы эрбейген арык, кара чал: «жети» деген санды айтты. Эрдик көрсөткөнсүп, кекирейе. Ага баары таңдануу менен карашты, айрымдары суктанып да карап жатты шекилди. Бирок эч кимиси келекелеген суроону беришкен жок. Аны чыныгы эркек катары кабыл алышты.

27.07.2005

 

Сыр

Шаардын мектептеринин биринде үй тапшырмасын текшерип жаткан математик мугалим Сыргактын дептеринен «даяр үй тапшырмасын» көчүргөн баракты көрүп калды. Көрсө, бала компьютерден математика боюнча үй тапшырмаларынын даяр чыгарылышы тууралуу атайын программаны таап алып колдонуп жүргөн. Баланын жүрөгү түшүп, чындап коркту, эжейи азыр кулагынан чоюп туруп мектеп директоруна алып барат да, тилдетет. Чочуп кеткен бала ордунан тура калды. Мугалим болсо баракты тиктеген бойдон бир топко катып калды. Анан жүзүн окуучусуна буруп, шыбырап сүйлөдү:

– Бул нерсени кайдан алып жүрөсүң?

– Интернеттен, – бала күнөөлүү жер карады.

– Сыргак, мындан мага да таап берчи, мен да сенин өтүнүчүңдү аткарам, жыл бою жалаң «беш» алдым дей бер, акча да берем. – Математик мугалим бу даяр оокатты көптөн бери издеп жүргөн. Жакшы болбодубу, күн сайын эсеп чыгара берип эси ооду эле. Эми кайсы класска кирбесин, бардык эсептердин чыгарылышы, туура жообу менен дапдаяр. Ал окуучусуна дагы үңүлө карады, бул ирет анын жүзү мээрим чачып турду балага. Сыргактын жүрөгү эми чындап ордуна келди.

– Макул, – бала шар жооп берди.

Эртеси окуучусу эжейине сураган нерсесин алып келе жатып ойлонду: ансыз да аз айлык алган эжейинен кантип акча алмак эле, андан көрө классындагы досуна баа сурасачы, чейреги чыкпай, эжейи ага «эки» коем деп коркутуп жатат. Тапкан акылына бала сүйүнүп кетти.

Көп өтпөй эсептердин бүт чыгарылышы даяр колуна тийген математика мугалими мектептеги эң кыйын эсеп чыгарган мугалим атала баштады. Мурда кийин аны көп тоотпогон башка кесиптештери эми анын оозун карап калышты. Бирок мектепте өзүн баатыр сезген, кыйын эсеп чыгаргыч аталган мугалим Сыргак окуган класска киргенде сырын бирөө айтып койчудай болуп, бакылдаган добушу басаңдап, баягысындай бакырып окуучуларын тилдей албай, «эки» коем деп коркута албай калды.

17.02.2007

 

Балыкчы бала

Сох дайрасынын шоокуму айрыкча түн ортосунда күчөйт. Жайкы ысыкта салкын деп там үстүнө төшөк салып жаткан дайра боюндагы кыштактын эли уктап жатса да суунун шаркырагы кулагынан кетпей, көргөн түштөрү да суу жөнүндө. Алар дарыянын шоокумунан суунун киргенин, же тартылганын дароо байкашат. Суу кирген маалда жээк бойлоп эккен шалысын жалмап кетпесе экен деп түн бою кетмен, күрөктөрүн көтөрүп, дарыяда жүрүшөт. Суу деген суу да, ага болбой эле шалыкерлердин тизген чым, таштарын тоотуп да койбой, жээкке жакын шалыларды шыпырып кетет. Туйлап, кайнап аккан киргилт суу шалыны гана эмес, анча-мынча таштарды да ордунан козгоп, жай мезгилинде бир күүлөнүп алат.

Дайра жээгинде удаалаш үч, төрт айыл бар. Алардын бүтүндөй тиричилиги ушул күркүрөгөн дайра менен ширелишип калган. Жаман түш көрүшсө да таң заарынан туруп алып оболу ушул сууга келип айтышат, агып кетсин дешет. Балдары сыркоолоп калса: «Агыны катуу сууга бар» дешип дайра тарапты көрсөтүп киринелешет. Жыл бою шоокум салган бул дарыя булардын жан шериги, керек болсо тиричилик өткөрөр бирден бир таянычы. Суу болбосо кап-кап күрүчтү кайдан алышат? Балыгын жеп, шамалынан дем алган суу боюндагылар керээли кечке жээкте жүрө беришет.

Ушул айылдардын биринде балык кармаганды жанындай жакшы көргөн бала чоңоюп жатты. Ал таң эртеңден кечке дейре кайырмагын сууга салып отура берчү. Күнгө күйүп, кеч күүгүмгө чейин отурган бала кармаган бирин-серин балыгын үйүнө жеткенче жолдон сураган ар кимге берип, өзү колу-буту үшүп, баткак болуп, курсагы ачып келчү. Апасы аны жуунтуп, анан этек-жеңине ороп балыкчы баласын эптеп жылытчу. Апасынын этегинде тамак ичкенге алы калбай магдырап уктап калат. Эртеси кайра кайырмагын көтөрүп дайрага жөнөйт.

Күндөрдүн биринде дайраны тиктеп, чоң кишиче салабаттуу болуп, кайырмагын салып отурган бала кокустан «дирт» этип чочуп кетти. Аз жерден сууга кулап кете жаздады. Кайрымагына илинген балык адамча сүйлөп жатты:

– Эй, жакшынын тукуму, кудай сага назарын түшүрүп, өлбөс өнөр берсе, сен менин тукумумду курут кылмай болдуң… – дегенде баланын кулагы чуулдап, тириукмуш көрүнүштөн эстен танып калды.

Делбетап болуп жээкте жатып калган баланы каш карайып калганда таап үйгө көтөрүп келишти. Бала эмне болгонун айтып бере албай, тил-оозсуз бир канча күн жатып, анан өйдө болду. Эми баланы атасы менен апасы дайра тарапка бастырбай койду.

Жылдар өтүп бой жеткен бала чоң шаардан окуду, өнөрлүү, белгилүү инсан болду. Бирок колуна такыр кайырмак албады. Дайра тарапка басып барбады. Баягы сүйлөгөн балыктын үнү эчен мезгил өтсө да баланын кулагынан кетпей, аны ээрчип, чочутканда чочутуп, сүйүнткөндө сүйүнтүп жүрдү, балким колдоп жүргөндүр.

Дайра болсо балыкчы баласын жай келген сайын күтөт, сагынат, жоктойт. Баланын аппак жейде кийип, жылаңаяк, жылаңбаш кайырмагын желкесине артып, дөңдөн чуркап келатканы, анан ал келип отурган жээктеги жалпак таш, балыкчы баладан балык сурап жеген жолдогу кемпир, чал, балыгынын баарын сураганга берип коюп, үйгө апасына куру кол, көк муштум болуп үшүп, ачка келгени, очок боюнда кечки тамакты бышырганча уулун койнуна катып жылыткан дүйнөдөгү эң мээримдүү жан апасы – ушунун баары көз ирмемдей болуп өтүп кеткен эле.

Дайра боюндагы шалыкерлер да, алар эккен шалылар да жыл сайын сейрек тартып, суу тартылып, күркүрөгөн киргилт суу айылдыктар тиричилигинен улам алыстап барат. Улуу муун картайып, кичине муун бутун муздак сууга салып күрүч эккиси келбей калды. Эккенин жыйнап алганча суу менен алышкан азапты ким кааласын. Андан көрө тиги базардан бирдеме алып, бу базарга барып сатса керек пулун таап алат экен. Кечке кайырмак жайып телмиргендер да жоголду. Балыкчылар жок болсо балык да көрүнбөй калды дайрада. Дайранын шоокуму да мурункудан басайып, суу боюндагыларды илгеркидей өзүнө имербей калды. Күрүч эгилбей калган бу кыштактарда эл да улам суюула баштаган эле…

07.07.2003

 

Жарык

Калдайган чоң жүк машине түн жамына кең жолдон жарык чачып кыштакка кирип келди. Кыштак жапырт уйкуда. Жапар үйүнө жете бербей машинесин токтотту. Аны үйүнүн пешайванынан жарым түндө жалгыз жаркырап нур чачып турган чырак токтотууга аргасыз кылды. Демек, аялы уктабай анын келишин күтүп отурат. Жанында катар отурган кызыл жүз толмоч аялды, өзүн, машинесин мына ушул жарыктан калкалай албай саамга буйдала түштү. Анан жанындагысына жалт карап көз кысты да, үйү тарапка басты. Жетээр менен пешайвандагы чыракты бар күчү менен «чак» дедире өчүрдү. Эшиктин так түбүндө уктап калган итин тумшукка тээп, каалгасын ачты. Аялы балдарын уктатып коюп, эски көйнөктөрүн сөгүп, андан төшөк көктөп отурган. Алыс жолго жүк тартып кеткен күйөөсүнөн алигиче дарек жок, ичи уйгу-туйгу.

Жапар итин ачуу каңшылатып, бирөөдөн качкан немече эки жагын элеңдей карап, бутун чечпей үйгө кирди.

– Артымдан кууп келатышат, – челектеги суудан чөмүчкө сузуп жатып, ал аялына карабай туруп үзүк-үзүк сүйлөдү, – тиги мейман үйдү ачып төшөк сал да, мен жаткандан кийин эшикти сыртынан кулпула, жарыкты бүт өчүрүп, силер демиңерди чыгарбай жаткыла, менин биякка келгенимди эч ким билбесин. Эртеңге чейин аман калсам, баарын айтып берем.

Жапар кимгедир бирөөгө сөгүнгөн болуп, короонун так ортосуна салынган мейман үйгө басты. Калтырак баскан аялы ыргып ордунан тура калды да, шашып-бушуп төшөк салып, мейман үйдү сыртынан кулпулады. Өзү болсо кайра келип, балдарынын жанына төшөккө чүмкөнө жата кетти. «ГАИге токтобой койдубу, уурулук кылдыбы, же балакет басып бирөө жарымды караңгы түндө коюп алдыбы?» Таң атканча кирпик какпай Айымбү түйшөлдү. Кантсе да суук сөздү балдарынын атасына ыраа көрбөдү. Анын Аман калышын түн бою тилеп чыкты.

Жарык өчүп аялы жаткан соң, Жапар мейман үйдүн терезесин акырын ачып сыртка чыкты. Кабинада отурган аялды түшүрдү да колтуктаган бойдон үйүнө алып жөнөдү. Аялы балдары менен жаткан бөлмөнү кыйгап өтүп, ачык терезеден ичкери кирип кетишти…

Таң супа салаарда Жапар адегенде аялды терезеден чыгарып жиберип, ал дарбазадан чыкканча узата карап турду. Тура калып үрүп жөнөгөн итине кечээги закүскөсүнөн калган колбасанын бир бөлүгүн ыргыта салды. Терезени жаап, эшикке келди да, аны бар күчү менен такылдата баштады. Айымбү чуркап келип, караңгыда карбаластап эшикти ачты. Жапар бир чака муздак сууга чайканып алып, аялы төшөк жыйнаганча аны карап турду. Аялы анын коркунучтуу түндөн аман калганына сүйүнүп, төшөктү арыдан-бери жыйнай салды. «Күйөөсүн кууган ким? Эмне үчүн?» Түн бою ушул ойдон арыла албаса да, күйөөсүн көргөндө баарын унута салды, териштирип отурбады. Очокко чайдөштү коюп, отту алоолонтуп жагып жиберди. Чарчап келип, наар татпай жаткан Жапарына чай бергенге шашты.

Аңгыча Жапар дарбазага жөнөдү:

– Мен машинени гаражга жеткирип келейин.

– Чай ичпейсизби? – Отко бети кызарган Айымбүнүн колунан атөшкөрөгү түшүп кетти. – Таң ата элек го?..

Дарбазага жете түшкөн Жапар кулак салбай чыгып кетти. Ал машинесине келгенде толмоч аял чыдамы жетпей араң отурган. Жапар машинесин от алдырар менен чаңкылдап кое берди:

– Аялыңа отчет берип, чөгөлөп отурдуңбу? Күттүргөнүн мунун, сага ишенген мен акмак ээрчип келген, сенден жүз эсе мыкты стол кучактап отургандардын да үйүнө ээрчип барган эмес элем, шөлпөйгөн арам… – Жарып келаткан таңдын нурлары аялдын жуулбаган жүзүн, бырышкан кийимдерин даана көрсөтүп жатты. Жарык менен кошо Жапардын да көзү ачылгандай, ал жанындагы аялга таң кала жүз бурду. «Тообо, – деди ичинен, – кечээги сулуу, кылыктуу келинден дайын жок, заматта өзгөрө калганын». Келин оозуна эмне келсе сүйлөй берди жебиреп, Жапардын кечирим сурап, үйрүлүп түшпөй дуңкуйганына ого бетер жини келип. Бир маалда Жапардын каны кайнап чыкты…бет талаштыра коюп жибергиси келди. Ал ушунча жыл бирге жашап Айымбүдөн мынчалык кагуу жеген эмес эле. Үйүнө жеткен аял түшөр замат Жапар кабинасынын эшигин тарс жаба зуулдаган бойдон жөнөп кетти. Райборбордон чыгып, кыштакка карай кеткен жолго бурулганда катуу келаткан машине сүрдүгүп барып токтоп калды.

Очок боюнда жүзү албырган Айымбүнүн кабатырлана караган көздөрү, жөжөдөй окшош, бири биринен жаш беш баласы көз алдына тартылып, ичимдик ичип, ойкуштаган уйкусуз түнүн эстеп, заматта көңүлү айнып, ирээнжип чыкты. Башы сыздап ооруп, таңдайы катты. Үйүнө барып өмүр шеригинин колунан ысык чай ичип уктагысы келди. Бирок калдайган чоң машине кудум анын өзүн басып тургандай денеси оорлошуп рулга өбөктөп калды. Баш көтөргөнгө чамасы жок, өзүн өзү жек көрүп турду…

14.06.1990

 

Мышык

Жалгыз бой аял чоңоюп калган уулу менен чоң шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашачу. Уулу мышыкты аябай жакшы көрчү. Күндөрдүн биринде ал үйгө бир бала мышыкты көтөрүп келди. Ургаачы экен. Эми алар үчөө болушту. Бирок, үчөө тең жалгыз, үч жерде укташат. Көкүрөгүнө басып, өөп-жыттап чоңойткон баласы бой тарткан сайын энесинен алыстап баратат. Энеси да баласы бой тарткан сайын жалгыздыгын көбүрөөк сезип, кандайдыр бир белгисиз нерсе аны чүнчүтүп, кыйнай баштады. Же күйөөсү жок жалгыз өткөн күлгүн курагынын ич күйдүсүбү, же өзүнүн түнт мүнөзүнүн азабыбы, же уулунун акыркы маалда көп имерилбей калгандыгыбы, ким билсин. Уулу да кечке маал энеси менен ары-берини кобурашкандын ордуна эшикке чыгып кетет, күүгүмдө кеткен бойдон жатаарда келет. Досторума бардым дейт. Энесинин байкашынча кыздарга барып жүрөт. Таня жаңылбаптыр. Бир жыл өткөн соң уулу үйгө түнөбөй калды. Анан үйлөндү да, биротоло келинчегин ээрчип кетип калды.

Таня эми мышыгы экөө калды. Күндүз иш менен алаксыган аял түнү азап тартмай болду. Күчүнүн баарын жаздыгын мыжыга кармап ошого чыгарат, оор салмагы менен ары-бери оодарылып, керебетине кекенет. Тажаганда муздак дубалды кучактайт, ага жабышып көпкө турат, бирок аны мыжыга да, жылыта да албайт, муздак дубал гана анын көкшөөсүн суутат. Үнүн чыгарып катуу-катуу онтогусу келип кетет, бирок антпейт. Кошуналар угат деп корунат. Зымпыйып, сыртынан сыр алдырбай намыс тутат.

Мышык Таняны эшиктен келсе тосуп чыгат, короого экөө сейилдеп келишет. Мышыкка адамчасынан кобурап сүйлөй берет.

Күндөрдүн биринде мышыгы тамак жебей калды. Каш карайгандан таң атканча кыйкырып, жок ботодой ыйлап боздойт. Анын үнү бирөөнү чакыргандай аянычтуу. Таня аны ооруп калды го деп ойлоду. Үчүнчү күнгө өткөндө бу жүрөк сыздаткан ачуу кыйкырыктан тажаган кошуналары Таняга келишти:

– Мышыгыңа эркек мышык керек, кааласаң мен мышыгымды берип турам, бирок эки эле күнгө, – деди үстүңкү кабаттагы бай, сулуу кошунасы.

Көп түшүнбөгөндөй аңкая түшкөн Таняны кошуналары жаалап жиберишти:

– Сен эмне түшүнбөйсүңбү, муну айбан дейт, чыдаганды, уялганды билбейт, бул сен беле жапжалгыз бойдон карыган, – астыңкы кабаттагы кошунасы шакылдап атып, Танянын жарасын оюп салгандай болду.

– Үч күндөн бери уйку бербес болдуңар. – Сулуу кошунасы бир паста мышыгын көтөрүп бакылдап кирип келди. – Таня, бирок муну капа кылбагыла. – Таня ага баш ийкемиш болду. Ушинткен ал эки мышыкты балконго чыгарып ийди. Өзү болсо алар тарапты караганга даабады. Ушуну эле күтүп тургансып Танянын мышыгынын үнү тып басылды. Айбан болсо да каалаганына, эңсегенине жетти. Биринчи жолу ал айбан болуп жаралып калбаганына өкүндү. Азыр эле мышык болгусу келип кетти, үнүн сыздата ыйлагысы, кыйкыргысы келди. Уят менен ар намыс анын ызасын, эңсөөсүн муунтуп турду.

Сулуу кошунасы сулуу мышыгын эки күндөн кийин келип көтөрүп кетти. Кетээринде Таняга эскертти:

– Кошуна, көрөрсүң, сенин мышыгың татынакай бала мышыктарды тууп берет.

Канча убакыт өткөнү белгисиз. Бир күнү Таня жумуштан келсе балкону толтура бала мышыктар. Кошуна айткандай баары жакшынакай. Мышыгы биринен сала бирин жалагылап, эси кетип жатат. Ал сүйүнгөнүнөн түз эле кошунасына чуркады. Муну уккан кошунасы бат эле колуна бирдемке көтөрүп жетип келди. Ал жадырап жайнаган кейпин бузбай күлө сүйлөдү:

– Бул бизден силерге алып келген «алимент», мышыктар үчүн жасалган атайын жакшы тоюмдуу тамак, Сенин мышыгыңа бул азыр зарыл. Мен эми тигил бала мышыктар чоңойгончо такай келип турам. «Алименттен» кам санаба, ха-ха. – Күлө сүйлөгөн кошуна аял колундагы шуудурак кагазды Таняга узатты да чыгып кетти.

Кагаздагы нерсе чын эле жакшы окшойт, мышыгы жан алы калбай аймап, заматта жеп салды. Ойлоп көрсө мындай кымбат, чүйгүн тамакты мурда Таня бир да жолу мышыгына сатып бербептир. Негедир көңүлү чөгө түштү. Неси болсо да бу мышыгы бактылуу экен. Алимент да алмай болду ишенимдүү, бай кошунасынан. Таняга убагында алимент да буюрган эмес, никелүү эри болсо да. Күйөөсү уулу төрөлгөн соң жарым жылдан кийин бир жакка кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Алимент жибермек турсун, дарегин алигиче билдирбейт.

Сүйгөн күйөөсүн жылдап күтүп картайып да баратат.

Тоюп, эс ала түшкөн мышыгы жайнаган балдарын эмизип, биринен сала бирин жыттагылап жатты. Муну тиктеп туруп Таня уулун эстеди. Сагынып калыптыр. Көптөн бери келбей калды. Эмне үчүн бирди гана төрөдү. Төрт-беш баласы болгондо минтип жалгыз калбайт эле!? Тилсиз, төрт буттуу жандыктын абалы анын кечирген өмүрүнөн төөчө өйдө экенин дагы бир ирет туйган, мойнуна алган Таня чындап эле мышык болууну самап кетти.

16.02.1999

 

Ырыскы

Кыштактын чок ортосундагы эски клубга эл айттырбай, дедирбей чогула калышты. « Тамекини чарбадан алып салат» деген имиш баары үчүн ташпиш болду. Чогулган эл чарбанын жетекчилерин жекире карап, алар менен мушташууга да даяр турушту.

– Жолдоштор, бүгүнкү жыйындын максатын сиздер жакшы билесиздер, – деп сөзүн салабаттуу баштады колхоздун башкы агроному, – ушунча жыл өкмөткө тамеки өстүрүп берип эң жакшы эмгек сиңирдиңиздер. Бирок, тамеки адамдын, айрыкча наристелердин ден соолугу үчүн зыяндуу экендиги дарыгерлер тарабынан далилденди, экинчиден, чынында биздин чарбадагы калк арасында өлүм-житимдин, балдардын чарчап калышы, ооруу-сыркоонун көбөйүшү жетекчилерди ойго салды. Ошол себептүү чарбабыздан бул өсүмдүктү алып салуу керек деген чечим чыгарылды…

…Агроном сөз аягына да чыга албады. Арткы катардагы орундукта отурган арык аял тура калды:

– Өкмөт кылам дегенин кылат, балам, айланайын, пешенебиздеги болгон жалгыз ырыскы-тамекини алып салсаңар, балдардын убалы кимге, ошондо анык өлүм-житим көбөйөт, аларды кантип багабыз, кайсы жерден тамекидей акчалуу иш табабыз кыштакта. Сенин го ай сайын тийип турган айлыгың бар. Таза аба жутабыз, ден соолукту чыңдайбыз деп оозубузду шамалга тосуп отура берели, ачкалык да ден соолукка зыян. Балага зыян имиш, балалуу катындар ушул тамеки келгенден кийин гана үйгө отуруп калбадыбы, болбосо ойдо, тоодо орокто, кыркымда, сакмалда, баласын чыркыратып, кар, тозоң, ысык саратанда жүрүшкөн, же жалганбы?!

Отурган эл баары дүрбөй түштү: «Туура айтты, деги планды ашыгы менен аткарсак…» Эл чоңдорду карабай эле бири бири менен ар демени талашып, эски клубду баштарына көтөрүштү. Райондон келген жаш инструктор бул кордукка чыдабады, анткени ал каламы менен үстөлдү такылдата берип колу талыды. Эл өзү бир маалда тып басылды. Ортодон жаш улан тура калып түз эле өңү боппоз болгон инструкторду карап тике сүйлөдү:

– Эмесе, кеп мындай, же тамекини быйыл чарбадан айдоону алып салбайсыңар, же биз бүт колхоз боюнча калайык өкмөт чечимине каршы көтөрүлүшкө чыгабыз, эмне биздин башкалардан кайсы жерибиз кем, элдин баары эле өз оюн ишке ашырыш үчүн күрөшүп жатпайбы!

– Бу балам туура айтат, – анын сөзүн балдакчан абышка коштоп кетти, – бу биздин кыштакта зоот-моот болбосо барып иштей койгонго, колхоздун ишине аралашымыш болуп, же андан жарытып ай сайын пул тийбесе, чын эле бул букаранын күнү не болот?

Баятан өңүмбү, же түшүмбү деп нес баскан колхоздун раиси, бригаттары, агроному эми гана эстерине келе баштады: чогулуш аттууда эл минтип сүйлөбөйт эле, буларга чындап эле эмне болду? Көтөрүлүшкө чыгабыз дегени эмнеси? Алар бирин бири тиктеп алып, анан баятан баш көтөрбөй кагазына бирдемелерди жазып жаткан райкомдун инструкторун карашты. Ал боппоз болгон жүзүн буларга көрсөтпөй үңүлүп жазган кейипте «бурк» этти:

– Силердин баарыңардын ишиңер райкомдун бюросунда каралат, силер элди өзүңөр уюштуруп алып билмексен болуп отурасыңар, – ушул сөздү кесе айтты да ал клубдан чыгып кетти.

Отурган чоңдор бири да кадап койгонсуп ордунан туруп аны узатканга шайы келбеди.

Эл дагы өз ара чуру-чууга түштү. Аларга жаш инструктордун чыгып кеткени да таасир бербеди. Кайра ал кетээри менен баятан бери бир бирден туруп сүйлөп жаткандар эми отурган ордунда биринин сөзүнө бири кулак салбай баш аламан бакырганга өтүштү. Чарбанын чоңдору кулактары бүтүп, ар кимиси отургандардын чуру-чуусун эмес, кара баштарынын кайгысын ойлоп, тунжурап калышты. Бир маалда булар менен катар отурган улгая түшкөн бригат тура калып ызы-чууну басты.

– Оо, калайык, болду эми тынчтангыла, өкмөттүн буйругун буза коюш оңой эмес, ачуубузду кичине ичке ката туралы, силердин оюңарды билдирип, жогор тарапка кайрылалы, алардан майнап чыкпаса, анан билгениңерди кылгыла, азырынча үй-үйүңөрдө тынч отуруп тургула!

– Канча күнгө чейин күтөбүз, амал өтүп баратат, кеч болуп калбасын, – Баягы сүйлөгөн жаш улан такып калды.

– Болгону бир апта, – улгая түшкөн бригат отурган чоңдорду карабай туруп айтып койду.

Эл ишенип, ишенбей, бирок бул сакалдуу бригатты сыйлагандыктарынан гана үйлөрүнө тарашты.

Бригат жолдо келе жатып, тамеки биринчи жолу булардын чарбасына келген жылды эстеп алды. Ошондо бу сасыган немени ким иштетет деп элдин баары тескери караган. Бригадир зордоп туруп тамекини колхозчуларга таратып берген. Беш-алты ай тер төккөн колхозчулар күзүндө кочуштап пул кармап калган. Кийинки жылы тамеки бер дегендер контордун эшигин тыткан. Бригадир болсо тамекини жалаң жаш балалуу аялдарга берген. Мунусу менен кайсы бир учурдагы өзүнүн кетирген күнөөсүнөн аз да болсо арылгандай болгон. Ушу азыр да үйүнө келе жатып көкүрөгүнөн кетпес болуп орногон качанкы бир окуя көз алдына дагы тартылды:

…Милиция менен сельсоветти ээрчиткен ал итин абалаткан, өзү да кыйкырып сүйлөгөн аялдын дарбазасында турушту. Аял колуна эмчектеги наристени ороп-чулгап көтөрүп алган. Ит да жаагын жаппайт, биринин сөзүн бирине угузбай.

– Ай, бригат ава, дейт аял, – сиз мына бу милийсаны ээрчиткенден көрө райондон догдур ээрчите жүрбөйсүзбү минтип үймө үй кыдырганда, кыштакта догдур болбогондон кийин, бул баламдын эти от менен жалын болуп, эсим кетип, айлам куруду…

Кимди ээрчитем, ал өзүмдүн ишим, ал эми сага окшогондорго милиция гана керек. Сенин балаң күйүп жатса, талаада чөп да күйүп жатат. Орогуңду ал да, тез жөнө, өрүк түбүндө отурган эки бакча аял балаңды карайт, болбосо бу милиция жөн келген жок, азыр алып барып сени камап коет.

Келин ыйлап-сыктап баласын бек ороп алып орокко жөнөгөн. Өрүктүн көлөкөсүндө жаткан наристе эки бакча катынды кыйнап бир да үн чыгарып ыйлабады, энеси жаткырган бойдон былк этпей жата берди. Бир маалда эмнеси болсо да бир карап коеюн деп үңүлгөн бакча аял кыйкырып чалкасынан кетти. Наристе эбак муздап калган эле. Тура калып бригатты издеп жөнөдү. Баланын энеси келсе эмне деп жооп берет? Кечке дейре кыдырса да бакча катын бригатты таппай койду. Ал иш башында эмес, үймө-үй кыдырып, өтө чарчагандыктан, сельсовет менен милийсаны ээрчитип чайкана тарапка кетип калган эле. Кечинде жумуштан келип баласын баса жыгылган келиндин үнү ай талааны жаңыртты. Орогун колуна көтөрүп алган келин кимдир бирөөнү жара салчудай болуп атырылып жөнөдү. Артынан кууп жетип колу-бутунан кармашты, бирок келин колундагы орогун бербей, мыкчып, жан-алакетке түшкөн…

Азыркы болгон чогулуштан келе жатып дагы түпөйүл ой аны тынчсызданта берди. «Өкмөттүн буйругун бузуу оңой бекен, бу эл деген неге мынча жан талашат? Бу пейилдери менен чоңдордун баарын ордунан ыргыта тебишет го, райкомдон келген неме жөн калтырат дейсиңби? Мүмкүн өзүнүн да маалы келгендей, бригат болбой калат окшойт эми, бу жаш балдардан өйдө тартынбай сүйлөп калгандарын…

Тоону таяна жайгашкан бу кыштакта күн эрте жашынат да, кеч чыгат. Мунун өзү тамекичилер үчүн жакшы. Анткени күн чакчайып турганда тамекинин ичинде жүрүү кыйын, ысыкта ого бетер сасып баштары айланат. Тамеки кыштактагы наристелер үчүн чын эле ырыскы болду. Эмчектеги сүт тамеки даамданса да бала аны өз убагында эмет. Тамеки ичинде болсо да энеси дайым баласы менен бирге. Кичине кыйналган менен тамекинин акчасы балалуу кишини кыйла эле оңоп койду. Аз-аздан машине алмай башталды. Машинеге да өздөрү түшпөйт, талаадан тамеки ташышат, ушинтип ташыган оңой. Эл түн бою шурудай болуп жипке тизилген тамекинин жапжашыл жалбырагын тиктеп укташат. Түшкө да тамеки кирет, уйку да тамеки жыттанат. Күнү бою короонун туш тарабына тизилип, жыйылган тамекини карап тиричилик өтөт. Бүт айыл тамеки жыттанат, ичкен тамак, кийген кийим, жада калса арыктагы суу да. Бул көрүнүш эч кимге эрөөн эмес. Анткени тамеки бул айылдын ырыскысы, бүт жакшы тилектер, тойлор, тамашалар баары тамекинин түшүмү менен байланышат. Эми минтип кимдир бирөөлөр булардын тынч турмушуна бүлүк салып, ооздорунан ырыскысын жулганы турат, эл башына каран түн түшкөнү калды. Эл ачуулуу. Тамекинин ачуу жытына ышталып бүткөн элдин көкүрөгүндөгү ташпиш андан да ачуу эле.

12.12.1993

 

Арман

Ай күнүнө жетип калган бешинчи кабаттагы үч бөлмөлүү үйдө туруучу квартирант келин күн сайын кечке маал эшикке чыгат да короодогу ойноп жаткан балдарга кошулуп кетет. Курсагынын томпоюп, эки кат абалына карабай учма теннис, топ оюндарын ойнойт.

Бири бирине туташтыра салынган беш кабаттуу төрт үйдүн ортосундагы аянтты бак-дарак тегерете курчап, ортосунда балдар ойноочу жер бар. Таң аткандан каш карайганга чейин бул жер балдардын чымчыктардыкындай болгон чуру-чуусуна толуп турат. Бала деген бала да, алар дегеле үнүн акырын чыгарып сүйлөгөндү билишпейт. Биринен сала бири озунуп катуу сүйлөйм деп отуруп ызы-чууга түшүшөт. Качан гана иңир кирип, көз байлана баштаганда курчап турган үйлөрдүн балкондорунан, ашканасынын терезесинен баш баккан ата-энелер ойноо балдарын чакыра баштайт. Балдары болбой эле ойной беришет. Ушул беш кабат үйгө жалаң оюнкарак балдар топтолуп алган бейм, үйдөгүлөрүн бир нече мертебе кыйкыртып атып, араң тарашат. Бул маалда боюнда бар келиндин күйөөсү да ашкананын терезесинен башын чыгарып, аялына белги берип чакыра баштайт. Оюн кызыгына баткан келин балдар менен коштошот да, күйөөсүнө кол булгай кирип кетет. Ал үчүнчү кабатка чейин бир дем менен чыгат да, андан ары кышылдап, тепкичтен кыйналып чыгат.

Азыр да сырттан энтиге басып кирип келди да, ашканадагы отургучка көчүк басты. Күйөөсү ага кесилген алма сунуп, түбү кырмычык болуп бышкан картөшкөнү дасторконго койду. Кыйгыл алманы тамшанып, эзилте чайнаган келиндин көздөрү күйөөсүнө төгүлүп, ичиндеги ага деген мээрим, эреркөөсү ашып-ташып турду. Бала мүнөз, мурду коңкойгон, кара тору, бир көргөнгө мүнөзү аңкоо чалыш туюлган бу адам ага канчалык жакын, ажырагыс экенин башка жан адам сезбестир.

Тагдыры келинге ушул жолу оң карады. Келин балдар үйүндө чоңойгон эле, ата-эне, туугандардан кур. Жашынан жакын адамдардын мээриминен, камкордугунан өксүк өскөнгөбү, айтор мүнөзү түнт, өзү жалтак болуп калган. Муну сезген күйөөсү келинчегин аяп, зээни кейип, өзүндөгү болгон бардык жакшы сезимин аялына арнады. Ошондон уламбы, турмушка чыкканы келиндин мүнөзү да өзгөрүп кетти. Эрке тартып, ачылып сүйлөп, күлкүсү көбөйдү. Кезегинде доорун сүрбөй, бозоруп өткөн бала курагынын өчүн алгысы келет белем, кээде баладан айрып алгыс болуп кетет. Кесиби – технолог, шаардагы сүт зоотунда иштейт. Кичинекейинен шаар турмушуна көнгөн ал, окууну бүткөн соң айылга кетүүгө анчейин көңүлдөнө бербеди. Келининин оюн айылдагы кары кайнатасы колдоду. «Мейли, деген абышка, – уулдарымдын бири шаардан түнөк тапса жаманбы, анча-мынча шаарга каттаганга да жакшы». Күйөөсү болсо шопур. Шаардын эки четин туташтырган узун маршруттагы автобусту айдайт. Азырынча өздөрүнүн үйү жок, жыл сайын жок эле дегенде эки-үч мертебе ижара жаңыртып көчүп жүрүшөт. Кудай жалгап, быйыл ушул кенен квартирага туш болушту. Кенендиги кенен, бирок жубайлар бир күн да бутун узун сунуп, өздөрүн эркин сезе алышпайт. Бул үйдүн ээлери эрди-катын эки башка жакта жашашса да, улам-улам үйгө келип– кетип турушат. Али бөлүп ала элек квартираны биринен бири кызганышат. Кире бериштеги эшикке ачкыч салынып, шырыктай баштаганда жубайлар тамак жеп атышкан болсо оозуна салганы ары кетпей, сүйлөшүп отурушса сөздөрү үзүлүп, «Кимиси келди экен?» деп эсинин баары ачылып жаткан эшикке кадалып калат. Аялы келсе бут кийимин чечпей төргө өтөт да, чала-була салам айтып коюп, үйдүн ичин бир сыйра карап чыгат. Ушунун өзү жубайларды желкеден басып, жер каратып, кең үйдө дүйнөсүн тарытып, кысып жиберет. Өткөндө бу кожейке келип коркутуп кеткен буларды: «Аялыңдын боюнда барын билбептирмин, билгенде албайт элем, балалуу квартиранттар таза жашашпайт. Чыкпаймын десеңер бала төрөлгөндөн кийин ижара акысынын үстүнө дагы кошосуңар». Квартиранттар буга да макул болушкан. Андан көп өтпөй кайра келип келиндин эки бутун бир чарыкка каптаган: «Алдагы жапон юбкаңды мага ижара аксынын ордуна бер» деп. Келин жакшы көргөн кийимин бергиси келбеди. Ошондон бери экөө сүйлөшпөйт.

Үйдүн кожоюну келсе анын жарасы кичине жеңилирээк. Ал келээри менен ашканага кирет. Курсагым ач, чай барбы дейт. Квартирант жубайлар экөө жанталашып ага тамагынын таттуусун, чайынын жыттуусун бергенге шашышат. Чай үстүндө ал узун кеп баштайт. Аялын баш кылып, анын ата-энесин, туугандарынын баарын күрөккө тургус кылып жамандап чыгат.

Квартирант жубайлар булардын жоругуна айран-таң. Ушундай кенен, бардык шарты бар үйү, чолпондой эки уулу бар туруп, ушунча дүйнө-мүлкү түгөл туруп бу эки адам неге өз үйүндө бирге жашашпайт? Аялы апасында, күйөөсү улуу эжесинде турушат. Балдарын бир бирден жетелеп алышып, экөө эки жакка басып кетишкен. Эми минтип үйлөрүн экиге бөлө албай эстери ооп жүрүшөт. Же экөөнүн бирөөсү келип бу үйдө жашай албайт, бири биринен кызганышат. Ошондон улам ижарага берип коюшкан. Кокус бу эки жубай ушул үйдөн жолугуп калышса дароо жаңжалдары башталат. Эри сөгүп, аялы каргап, кээде мушташып да кетишет. Алгач квартиранттар буларды ортого түшүп ажыратып, сооротуп жүрүштү. Азыр болсо уруша башташканда эле качып чыгып кетишет.

«Эгер үйүбүз болсо, кенен кесири жашасак, дегеле бизде арман-асирет, кайга-капа болбойт эле» дешет квартирант жубайлар. Үйү бар жубайларды болсо заңгыраган кватира да, эки уулу да бириктире албай, жеткен жеринде тытышканы тытышкан.

Квартирант келиндин курсагы өтө эле чоң. Күйөөсү аны жок эле дегенде эгиз төрөйт деп ойлойт. Эгиз төрөсө жакшы болот эле, окшош күрмө кийгизип, түртмө арабага салып алып, көчө бойлоп алып жүрсө. Анан чоңойгондо эгиз уулдары учкуч болсо… ал дайым ушул ойду ойлогондо көздөрү жайнап, толкунданып кетет. Мүмкүн эгиз балдарга кезексиз үй да берип калышаар. Аялы болсо бою кичирейип, өзү чалкалап эле баратат.

…Бул күндөрү уйкуда жаткан болочок атанын түшүнө космонавт костюм кийген сансыз көп бөбөктөр кирди. Алар кудум космонавтардай учууга камынып, упузун болуп кезекте турушкан. Так ошол түнү келиндин толгоосу кармап, ата болчу кишинин түшү аягына чыкпай калды.

22.07.1987

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Шайдуллаева Т.Ж., 2009

 


Количество просмотров: 5042