Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Балдар адабияты / Адабий мурас
© Тоголок Молдо
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 7-октябры

Тоголок Молдо

Жер жана анын балдары

Улуу акын Тоголок Молдонун (1860-1942) чыгармачылыгы окурмандарга жакшы белгилүү. Анын “Жаңы Ала-Тоо” (№6, 2010ж.) журналына жарыяланган көпчүлүк биле бербеген чыгармасын сунуш кылабыз.

 

ЖЕР ЖАНА АНЫН БАЛДАРЫ

Бир-бир баштан баяндап,
Билдирип өтөм кабарлап.
Эң биринчи жол алып,
Жамгыр сөздү баштады.
Өзүнүн боюн көтөрүп,
Айтар сөздөн шашпады.

Жамгыр:

– Дүйнөнү бүтүн жашарткан,
Менден башка кайсың бар?
Жашартканың бар болсо,
Жашырбастан айтыңар!
Желип өткөн жеримен,
Жер тамыры жазылат.
Басып өткөн жеримен,
Байчечекей ачылат.
Жер жүзүнө бир бүтүп,
Менин нурум чачылат.
Асмандан төгүп тунук суу,
Жерге берем тиричилик,
Жер жүзүнөн жай алган,
Элге берем тиричилик.
Жаратылган ар түрлүү,
Жанга берем тиричилик.
Баарына көк чөп жедирип,
Малга берем тиричилик.
Дыйкандар айдап көгөрткөн,
Данга берем тиричилик.
Аркар, кулжа, ак кийик,
Аңга берем тиричилик.
Кургак чөлдө суусаган
Куланга берем тиричилик.
Басып турар буту жок,
Жыланга берем тиричилик.
Курт-кумурска жана да,
Көпкө берем тиричилик
Жер жүзүндө ар түрдүү
Чөпкө берем тиричилик.
Өзүңө куйган өзөн жок,
Көлгө берем тиричилик.
Эл барктабай куураган,
Чөлгө берем тиричилик.
Ушул чөлдү сактаган
Элге берем тиричилик.
Кумду майдай балкыткан,
Ташка берем тиричилик.
Ар бир жандын өзүнө,
Башка берем тиричилик.
Жаабай койсом бир жылга
Жандын баары кысылат,
Эки жылга жетпестен,
Элдин баары бузулат.
Саздар кургап, таш болот,
Жандын төлү аз болот.
Кабыгы менен бүт куурайт,
Карагай, кайың, терек, тал.
Өнбөй калса, жерде чөп,
Өлүп бүтөт барча мал.
Эгин, чөп жерге өнбөсө,
Кысылып бүтөт канча жан.
Суу мактанат: «Агам» – деп,
«Жандын баарын багам» – деп.
«Бардык жанды бүтүндөй,
Багууга келет чамам» – деп.
Андай эмес, суу эне,
Колуңдан келбейт жепжеке.
Сага менден жардам бар,
Менден жардам болбосо,
Ага албайсың мындай шар.
Кудугуң кургап ным калбайт,
Булагың кургап суу калбайт.
Кара суу акпай жер соруп,
Балчык болуп жуурулат.
Жан-жаныбар кысылып,
Заманасы куурулат.
Жер жүзүндө суулардын
Себеби менден булардын.
Менден жардам болбосо,
Өзөнүң кургап сай болот,
Мактанбагын, суу аке,
Баарыңдын жолуң байланат.
Калкайып калың кар жатат
Кара тоонун башында.
Боройлоп согуп буркурап,
Булут туман кашында
Бул дагы менин жолдошум,
Ар качан менин кашымда.
Жамгыр айтып токтолду,
Суунун сөзү козголду.
Дарыя-көлдөр чайпалып,
Жамгырга карап октолду.

Суу:

– Жамгыр өзүн сел ойлойт,
Кудук өзүн көл ойлойт.
«Толтурам» – деп, деңизди,
Кесирдүү сөзүн түк койбойт.
Дүйнөгө бүт чырмалып,
Деңиз жатат сел болуп.
Жер жүзүндө нечен суу
Кошулуп жатат сел болуп.
Атагың – жамгыр, өзүң – суу,
Аңгемең сенин мына бу.
Мактанбагын өзүңчө,
Деңизден чыккан сен бир буу.
Анык жери күркүрөп,
Асманда булут дуулаган,
Дарыя, деңиз көлдөрдөн
Сурап булут, суу алган.
Асманды курчап бүркөлүп,
Суу алган булут куралган.
Мактанбагын, жамгырым,
Деңиздин сен да суусусуң,
Алып келген булуттун
Суусу турсун буусусуң.
Жайыраак жааса жымылдап,
Адам сүйүп кымылдап,
Катуу жааса бургактап,
Борошолоп шыбыргак,
Күн күркүрөп тарсылдап,
От чагылып жаркылдап.
Арыктар толуп жымылдап,
Ансайын төгүп шыбыргак.
Мөндүрдүн баары сел болуп,
Талаанын баары көл болуп,
Адырдын баары жер болуп,
Агын суулар шар болуп,
Күндүн көзү тутулуп,
Мөңгүнүн башы бузулуп,
Булут минтип алышкан,
Мунун баары күч менен
Тарсылдап асман атышкан.
Жаандын баары күч менен,
Мунарык туман кубарган,
Жердин жүзү тунарган.
Мунун баары мурунтан,
Булуттун күчү куралган.
Булут көчүп бузулуп,
Бирине бири урунуп,
Ачык туруп асман, жер,
Айланып булут курулуп,
Күн күркүрөп тарсылдап,
Чагылган учуп жаркылдап,
Булут көчүп бүлүнүп,
Кызыл мунар көрүнүп.
Сыдырым сыргак жел болгон,
Жердин баары сел болгон,
Себеби булут тумандан,
Жел соккон кызыл мунардан...
Суудан бул сөз чыкканда,
Бул сөздү жамгыр укканда,
Сөз айтпастан токтолду,
Экинчи сөзү жок болду.
Эми шамалдын келди кезеги,
Үчүнчү болуп эсеби
Шамал сууга кеп айтат.

Шамал:

– Шаркырабай, үнүңдү,
Баса тургун – деп айтат.
Мен кызмат кылдым өзүңө,
Кулагын салчы сөзүмө,
Сага кылган жардамым,
Көрүнбөдү көзүңө.
Албай кетип барасыз,
Ансайын күчөп эсиңе.
Эсирбегин мактанып,
Эми тийдиң безиме.
Көккө чыкса бууланган,
Жерге түшсө дууланган,
Булут менин колумда.
Түшкөн жери бууланган,
Сыбызгы, сыргак соккон жел,
Мунар менин колумда.
Күндүн жүзүн бүркөгөн,
Туман менин колумда.
Асманда жүргөн жаркырап,
Айдын нуру колумда.
Көктө жүргөн жаркырап,
Күндүн нуру колумда.
Кезегимди кетирбейм,
Тополоң салып заркырап:
«Шамал келип калды» – деп,
Качат баары чуркурап.
Булут, туман, мунарык,
Болду түшүп колума.
Ар кимисин ар сайдан,
Айдап салам жолуна.
Эч бир нерсе чыдабайт,
Кайратымдын зоруна.
Саратан жайды кыш кылам,
Калсын деп атак соңума.
Мен каарымды төккөндө,
Булактын баарын муз кылам.
Эсиңден чыккыс иш кылам,
Суукту салып ушундай,
Суу аке, сени мыш кылам.
Мактанасың, сүйлөйсүң,
Баркымды неге билбейсиң?
Чеберсинип мактанып,
Жөнүң менен жүрбөйсүң.
Саратан жайды кыш кылган,
Шамалдын сөзүн ким дейсиң?
Береке шамал, булутта,
Же муну көзгө илбейсиң.
Сенин шаркыраган добушуң
Шамалдын салган айласы.
Суу аке, түк да билбейсиң,
Шамалдын ушу пайдасы.
Кыш чилдеде күтүнөм,
Кызматымды бүтүрөм.
Бөксөгө чыгам бөлүнүп,
Эл көзүнө көрүнүп.
Сага жардам кылгандан
Жатпайм түк да эринип.
Ала-Тоо башын кураймын,
Аянып карап турбаймын.
Сага жардам кылгандан
Тартынып башым турбаймын.
Тоонун башын тунартып,
Оңой жардам кылбаймын.
Калдайган мөңгү муз кылып,
Кардын баарын жыйнаймын,
Карды жыйнап тоо кылып,
Кайратымды сындаймын.
Токсон чилде чыкканча,
Тоо башынан жылбаймын.
Кайратың сенин ушубу?
Суу аке, кылба кусурду!
Мелтиреген көк жалтаң,
Бетиңден көрдүм нуруңду,
Кантээр айла таба албай,
Кара жаның кысылды.
Көйрөңдүк кылып мактанба,
Көргөн күнүң ушубу?
Токсон чилде кеткенче,
Чың этип үнүң угулбайт.
Суук чилдеде сенделип,
Сендей пенде чыга албайт.
Токсон чилде кыш өтүп,
Жадырап жайнап жаз жетип,
Мелтиреген бетиңди,
Басып жаткан муз кетип.
Жөө туман тарап бөлүнүп,
Жердин жүзү көрүнүп,
Торгой сайрап тил ачып,
Күкүк сайрап үн ачып,
Булактын көзү сызылып,
Бөксөдөн мөңгү бузулуп,
Калп айтпагын озунуп,
Кардын баары кошулуп,
Киресиң анан тилиңе,
Тийбей жүр менин жиниме!
Адамдар сүрдөп бара албайт,
Күрүлдөгөн үнүңө.
Күчүң болсо, суу ана,
Күзүндө неге кирбейсиң?
Мактанасың, сүйлөйсүң,
Баркыңды өзүң билбейсиң.
Токсондун күчүн токтотуп,
Кышында неге кирбейсиң?
Түк жумуш келбейт колуңдан,
Мактанып неге сүйлөйсүң?
Торгой сайрап тил ачты,
Булбул сайрап үн ачты.
Жазда баары жашарып,
Байчечекей гүл ачты.
Саратан жайлоо өткөнчө,
Салкын күз сызып жеткенче,
Ала-Тоонун башынан
Калкайган карлар кеткенче,
Асмандан түшүп буу келет,
Алда канча суу келет.
Калкылдап агып кар келет,
Кардын суусу шар келет,
Бөксөдөн мөңгү бузулат,
Бул да келип кошулат.
Күрүлдөп үнүң басылбайт,
Күкүк болуп күүлөнүп,
Айбаттана түшөсүң,
Ала-Тоодон кар эрип.
Бул шамалдын кылган жардамы,
Алда канча сүр берип.
Шамалдын баркын билбейсиң,
Мактанасың, сүйлөйсүң.
Баркыңды өзүң ойлонуп,
Аян кылып жүрбөйсүң.
Менин башкача кылган өнөрүм,
Байкаймын иштин келээрин.
Таң атарда сыбызгы,
Күн батарда муздак жел,
Баарысы менин колумда
Чалкайган тиги салкын төр.
Жан-жаныбар жалпынын,
Черин жазат сыбызгы.
Эрте турган адамдын
Көөнүн ачат сыбызгы.
Кечки соккон сыргак жел,
Бул да жазат чериңди.
Аба адамга пайдалуу,
Сактайт жакшы демиңди.
Эрте-кеч жүрсөң салкындап,
Көтөрөт сенин көөнүңдү.
Өзүм болсо токтобой,
Көп кечикпей жетемин,
Сасык-бузук жыт болсо,
Айдаган бойдон кетемин.
Көп кечикпей барганым,
Көпкө кылган жардамым.
Жаман жытты жолотпой,
Алыс айдап салганым.

Суу:

– «Мактанбайм» – деп
мактандың,
Өзүңдү айтып актандың.
Сен жобурап сөзгө киргенде,
Жолуңду тоспой сактандым.
Аккан суу менин атагым,
Эч кимге жок чатагым.
Эч ким менен чырым жок,
Аккан бойдон жатамын.
Муздактан музду эритип
Сайдан чыгат, аккан суу,
Адам айран калгандай
Жайдан чыгат, аккан суу,
Өзүндө кубат болбосо,
Кайдан чыгат, аккан суу?
Күнү-түнү тынбастан
Агып турат, аккан суу.
Жандын баарын суусатпай
Багып турат, аккан суу.
Ичкен жанга дем берип
Жагып турат, аккан суу.
Жан бүткөндүн баарына
Азык болгон, аккан суу.
Жүзү, колун жууганда,
Таза кылат, аккан суу.
Түгөнбөстөн токтоосуз
Келип турат, аккан суу.
Түк токтобой ырыскы
Берип турат, аккан суу.
Эгин эккен жерлерге
Келип турат, аккан суу.
Буруп алсаң оюңа
Көнүп турат, аккан суу.
Сугарган эгин суналып
Өндүрүп турат, аккан суу.
Суусаганда жагымдуу
Балдан таттуу, аккан суу.
Баркын билген адамга
Абдан таттуу, аккан суу.

От:

– От болуп чыктым жаралып,
Оттук таштан таралып.
Табым ысык күйдүрөт,
Жандын баарын сүйдүрөт.
Айтып бергин сырыңды.
Бизден өйдө жериң жок,
Жашырып калаар кебиң жок.
Текебер көп өзүңдө,
Күрүлдөйсүң чениң жок.
От туруп анда сүйлөдү:
Шамал сууну сүйбөдү,
– Текебер – деп өзүмдү,
Айтып өттүң бир катар,
Тескери айтып сөз менен,
Чарпып өттүң бир катар.
Шамал мага кызматчы,
Өчкөн болсом күйдүрөт,
Жарыгыма кубанып,
Баркымды журтка билдирет.
Караңгыны балкытып,
Шамдай кылам нур менен.
Ишене бер сөзүмө,
Ишим болбойт чыр менен.
Тоңгондорду эритем,
Үшүгөндү жылытам,
Чийки болсо бышырам,
Бышык болсо күйгүзөм.
«От адамга эрмек» – деп,
Барлык элди сүйгүзөм.
Канча жандын баарына
Кадырымды билгизем.
Жандын баарын кубантып,
Кабагын ачык күлгүзөм.
Бары-жоктун баарына.
Пайдамды артык тийгизем
Асмандагы жаркырак,
Айдын нуру өзүмдө.
Айтсам чыкпайт эбимден,
Ай дагы менин сөзүмдө.
Көпчүлүктү жыргаткан,
Күндүн нуру өзүмдө.
Күйдүр десем күйдүрөт,
Күн дагы менин сөзүмдө.
Мактанбаймын баары чын,
Адилдик бар өзүмдө.
Ашык сөздү айтпаймын,
Айыбым жок өзүмдө.
Баары журттун шамымын,
Жаркыраган таңымын.
Жердин жүзүн нурланткан,
Жарыгымын баарынын.
Баары журтка белгилүү,
Маалим болгон тарыхым.
Баштан-аяк дайындап,
Айтып өттүм аныгын.
Жамгыр, шамал, от да, суу,
Сөздөрүн айтып токтолду.
Булардын сөзүн укканда,
Жер кыймылдап козголду.

Жер:

– Балдар, сөзүм угуңар,
Кулак салып туруңар.
Ырас жери мактанбай,
Бир ынтымак кылыңар.
Жол талашып урушпай,
Ынтымак болсун тобуңар.
Ынтымактуу болсоңор,
Ошондо болот жолуңар.
Мен болсом балдар карыңар,
Сөзгө кулак салыңар.
Калбассыңар катардан,
Сөзүмдөн нуска алыңар.
Жаратылып жер болуп,
Атаңар болуп аталган,
Сабырымдын барынан,
Калганым жок катардан.
Текебери көбүнөн,
Шайтан болду азезил,
Мактангандын жаманын,
Балдарым муну байкай бил.
Бүтүн дүйнө шамал, суу, –
Баарысы менден таралды.
Жалганчы залим болбостон,
Адил сүйлө адалды.
Залим болсоң жалганчы,
Көрөсүң акыр залалды.
Өзүңдөн өзүң мактанбай,
Өлчөп жүргүн чамаңды!
Көтөрүлгөн көп акмак,
Көмүккө түшүп камалды.
Көөп кетмек наадандык,
Көтөрүлбөй жүрүңөр,
Атаңар айткан бул сөздү,
Акылдуу балдар, билиңер.
Сабырымдын барынан,
Санга кирдим жер болуп,
Үйүп, жыйып толтурдум,
Үстүм толгон эл болуп,
Дайра, чалкар көл болуп,
Мухит деңиз сел болуп,
Аркайган Ала-Тоо болуп,
Асманга жакын зоо болуп,
Жана менин өзүмө
Балдарым жүрөт жоо болуп.
Менин атым кара жер,
Жүк көтөргөн балбан шер.
Жүк көтөргөн атаңдан,
Балдарым пайда ала бер.
Анык жери түз жүрүп,
Өзүңдү жөнгө сала бер.
Түз жүрбөгөн ийриси,
Казган ордо кала бер.
Байкаңар, балдар, сөзүмдү,
Чыкпасын бул сөз эсиңден,
Бары-жоктун баарысы
Пайда тапкан өзүмдөн.
Бул жолдун өзү аман жол,
Жалпы балдар, аман бол.
Ушул жолду көрсөткөн,
Атаңардай болсоңор,
Таап салган бул жолду,
Жашасын балдар, атаңар!
Жайдары заман бактыңар,
Балдарым, эми жашаңар!

 

© Тоголок Молдо

 


Количество просмотров: 32243