Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Зинакан Пасаңова, 2011. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 4-октябры

Зинакан ПАСАҢОВА

Гүл төшөлгөн жолдор

(Аңгеме)

Бул аңгеме азыркы учурда элибиздин турмушуна коркунуч туудурган көйгөйлөрдүн бири терроризм маселеси козголот. Автор терроризмге өмүр, жаштык жана сүйүү сыяктуу ыйык түшүнүктөрдү карама-каршы коет.

 

Жатаарда унутуп өчүрбөй калган уюлдук телефону таң заарлап күү чалды. «Nokia» нын экранынан тааныш номерди көргөндө Кымбаттын жүрөгү шуулдай түштү. Дагы кайсыл жерде эмне болуп кетти экен!.. Шаардык ички аскерлер бөлүгүнүн пресс-катчысынын чарчоодон, чала уйкудан кардыккан үнү дүрбөлөңдүү чыкты:«Түндө ички аскер бөлүгүнүн өзгөчө отрядынын командири, 21 жаштагы лейтенант Н.С. террористтердин тобун кармоодо оор жараат алып көз жумду…»

Кабарды алаары менен Кымбат офиске шашылды. Саратандуу аптаптын ныксыраган таңында эртелеп ойгонушкан парандалардын кужурашканын тыңшап, чыгып келаткан күндүн таза нурларына, түнкү серүүнү кайта элек абанын салкындыгына ырахаттануучу жайбаракат мүнөттөр бүгүн ага буюрбаптыр. Өзү иштеген маалымат агентствонун жанылыктар сайтына тезирээк коюп үлгүрүш керек. Атаандаш сайттар Интернетте көбөйгөн сайын иш да оордошуп баратат. Анан да пендең түшкүр, кырсык, өлүм, криминал, саясат жөнүндө эт-бетинен кетип окуйт экен.

Ишкана үйүнөн көп деле алыс эмес. Тез-тез басып жөө жөнөдү. Офиске жеткиче дүрбөлөңдүү оор сезимден арыла түшөөрмүн деп ойлогон. Террордук жардыруулар, буюртма киши өлтүрүүлөр, пикеттер, нааразычылык акциялары… Акыркы убакта мындай окуялар эл-журтка көнүмүш болуп баратат. Бирок, Кымбатка ар бир жолу жашоо өз нугунан бурулуп, басыгы мүдүрүлүп, заманасы таарый түшөт.

Ушундай ойдо шаардын башкы көчөсүндө агылган адамдарды аяй тиктеп коет. Эрте менен жай баскан жан көрүнбөйт. Бардыгы артынан жоо куугансып шашылыша кадамдашат, жүздөрү болсо алда-неге кабатыр, же уйкулуу.Чоң жолдо жеңил машинелер, маршруттук таксилер биринен бири өтө кубалашып зуулдашат. Террорчунун жардырган гранатасынан курман болгон лейтенант да кечээ эрте менен аларга окшоп кызматына ашыккандыр… А көрсө өзүнүн ажалына шашылган экен.

Жол боюндагы гүл сатылуучу павильондун жанына келгенинде буттары тушала түштү. Жаңыдан үзүлүп, желекчелерине түнөгөн таңкы шүүдүрүмү кургай элек жыпар жыттуу ак, сары, кызыл розалар, гвоздикалар, гладиолустар, пуштуу жана кырмызы түстөгү георгиналар… Ар дайым ушул жерден өтүп баратканында азга болсо да бул дүйнөнүн бардык көйгөйүн унутуп койчу эле. А бүгүн гүлдөрдү көргөндө гана лейтенанттын өлүмүнө мынчалык жаны ачып жатканынын себебин түшүндү...

***

…Быйыл кышында шаардагы ички аскерлер бөлүгүндө поэзия кечеси өткөрүлгөн. Ага акын катары чакырылган Кымбат адегенде аскер адамдары көркөм чыгармага кызыгыша бекен деген камтама ой менен келген. Бекер эле тынчсызданыптыр. Казармалык клуб офицерлер менен кыл муруттары жаныдан кылайып келаткан жапжаш жоокерлерге жык толгонун көргөндө көңүлү жайлана түшкөн. Алар клубдун как тактайдан жөлөнгүчү жок туташ жасалган орундуктарында бойлорун катарда турушкандан бетер түз кармашып мыкчыя олтурушкан. Аскердик сүрдүү кийимдерине карабастан жаш жоокерлер жүздөрүнөн балалыктын баелугу, эне сүтү кете электиги менен сүйкүмдүү эле. Ар бир ыр окулган сайын колдорун марш тебишкенден бетер бирдей ыргак менен катуу-катуу чаап жатышты. Кеченин аягында көбүнчө махабат, кыздардын арзуусу, арман, үй-бүлө жөнүндө суроо беришкен. Катаал кызматтарына карабай жүрөктөрү назик, сүйүүгө ышкылуу бул уландарга ошондо Кымбаттын энелик мээрими түшүп калган.

А мүмкүн, ошондо анын жүрөгүнүн түпкүрүнө кол салып, капыстан аңтар-теңтер кылган суроону түндө курман болгон лейтенант бергендир… «Гүл жөнүндө көп ыр жазат экенсиз. А өзүңүздүн биринчи алган гүлүңүз эсиңиздеби?» Аскер бөлүгүндө өткөрүлгөн окурмандар менен жолугушууда ушинтип сурашат деп ойлогон эмес. Балаң түшкүр десе!.. Кабак астынан сүрдөнүп да, шоктонуп да тиктеген капкара чуңкур көздөрүнөн жылт-жулт от күйүп турган.

Бир гана ал эмес алдыда олтурушкан жаш жоокерлер менен офицерлер, алардын артынан орун алышкан салабаттуу командирлер да демдерин ичтерине алышып жооп күтүп калышты. Бардыгынан көздөрүнөн жаштыктын керемет бир баянын угууга аябай куштарлык көрүнөт. Кымбаттын тээ илгери бийкеч курагында кимден кантип гүл алганына кызыгышып, аеолуу жүрөк сырын билүүгө ынтызарланышкан кумаркөздөргө не дээрин билбей тунжурай түштү...

***

Буга чейин андан «Кайсыл гүлдү жакшы көрөсүз?» деп көп сурашчу. Жан дүйнөсүн жыргалга бөлөгөн эң жагымдуу суроолор… Аларга канча жолу болсо да тажабай дайыма жан дили менен жооп берүүгө даяр. Гүл жөнүндө айтуунун өзү да ушундай бир ырахатка бөлөйт. Бирок, бир адамдын жакшы көргөн бир гана гүлү болоруна түшүнчү эмес. Ал үчүн жашоону көрктөп, сулуулукка чаңкоону кандырчу гүлдөр көп эле.

Алардын ар биринин өзүнө куштарланта турган өз маалы бар. Жылдын төрт мезгилине жараша улам бирине делбиреген сезимин арнайт. Кыш чилдесинде аппак кардын көркүн ачып чоктой жанган кыпкызыл розаларга көзү тойбой сонуркаса, эрте жазда кар алдынан өнүп чыккан байчекейлер, андан кийин көктөм чакырган мандалактар менен каакымдын айсары түстөгү гүлдөрү делебесин козгойт, жазгы нөшөргө жуулуп жыты буруксуган сирень кумарды жазса, жайындасы талаада, жайлоодо өскөн тоо гүлдөрүнө, күзүндө болсо астралар менен хризентемаларга ашык. Эңсеген гүлдөрү жаңыдан ачылганда дестелеп сатып алып, иш үстөлүндө, жатак бөлмөсүндө вазаларга салып коюп, кареги канганча тиктеп, жытына тое искемейинче кумары жазылбайт.

Ал эми жигиттерден биринчи жолу арзып алган гүлү байчечекей эле. Ага тун сезим тартуулаган бул гүлдөр соолуп калгандан кийин да кургатып коюп, ушул күнгө чейин аздектеп сактап келатат. Үлбүрөгөн агыш назик желекчелери кургап калса да көркүн жоготпой, оо качанкы ууз жаштыктын жамгырлуу жазгы кечин эстетет. Ушул гүлдү алгандагы өрөпкүгөн керемет сезимди дайыма сагынып жоктотот. Өмүрүндөгү биринчи гүлдестени тартуулаган улан тун махабатынын ээси болгон. Экөө табышкан өмүрдүн он жетинчи жазында ал да мына бул жоокерлердин курагындагы кыл муруту кылайган жапжаш улан болчу...

***

…Ошол жылы Кымбат борбор шаардагы университеттин биринчи курсунда окуучу. Жигит күтө элек чагы. Бирок, жаштык сезим аны өзүнө багындырып, уяң үлбүрөк сезим жүрөгүн ээлей баштаган. Өзүнө окшош тартынчаак курсташ бала жөнүндө көп ойлоп, тиктегиси эле келе берет. Көздөрү чагылыша түшсө, экөө тең каректерин ала качканча шашышат. «Сени караса эле кызарып кетет, сүйүп калган окшойт» дешчү курбу кыздары. Бул сөзгө ишенер-ишенбесин билбей жүргөн. Анткени, сүйүү деген улуу сезим таптакыр башкача болуп келчүдөй туюлчу.

Курсташ бала агасынын үйүндө жашагандыктан сабак учурунда гана көрүп калат. Башка кыздар менен ээн-эркин тамашалашып сүйлөшө берчү улан анын алдында мокоп, сөзгө келе албай жүрөт. Жаны жылдык бал-маскарадда биринчи жолу бийге чакырып, белинен имере кармаганда курсташынын жүрөгүнүн көөдөн жара тургандай түрсүл какканы угулуп турду.

8-март майрамы Кымбат бардык аялзатындай эле кимдир бирөөнүн өзүнө белек арнап куттукташын аябай эңседи. Бөлмөлөш кыздар кинотеатрга чогуу жөнөшкөндө алда-нени шылтоолоп барбай калып, кечке жалгыз олтурду. Эрте жаздын ызгаар жааны же басылбай, же катуулабай күнү бою бир калыпта шыбыргактап, көңүлдү буулуктурат. Бирок, тумандуу жаан жатаканадагы майрамдык шаңды токтото алган жок. Чоң ачылган терезелерден жаштар жакшы көрүшчү белгилүү шлягер ырлар күндөгүдөн бийик жаңырып турду. Гүл көтөрүшкөн жигиттер, же эки-экиден түгөйлөр моюндарынан шоргологон жамгырды тоготушпай шаракташып өтүшөт. Эшик алдында зарыгып селкилерин күткөн жигиттер андан көп. Балкондорго чыгышып, тамчыларга жүзүн тосо жалгызсыраган кыздар да жок эмес.

Оо, жаштык!.. Сенин махабат эңсеткен, көөдөнгө батпаган жаш жана курч талабыңа ким туруштук бере алат! Элбир-делбир сезимдерге мас болуп, аалам колунда тургандай делөөрүгөн, же арзуусун таппай кусаланган кыз-жигиттерди ким айып этээр…

Кымбат өзүнө аябай жакчу курсташ бала майрамы менен куттуктап келчүдөй сезилген үмүт менен жол карай берди. Кечээ сабактан таркаарда аны жандай басып, акырын: «Эртен каерде болосун?»— деп сураган. «Билбейм…»,-деген Кымбат кыз назы менен. Жатаканада жашаарымды билип туруп ушинтип сурайт деп ызалана да түшкөн.

Эми ошол уландан башка эч кимди күткүсү да, көргүсү да жок. Чакырса укпай калбайын деп терезе жакка бар дити менен кулак түрөт. Мүмкүн, эшиктин алдында тургандыр деген ой менен вахтер кемпирге улам барып: «Мага эч ким келген жокпу?» деп сурап жаты. «Жок! ..», — деген жообу жүрөгүн бычактай тилет. Акыры тажаттыбы, урушуп берди: «Кандай кызсың деги, келсе чакырам да!..». Ага да карабай жатаканада жашаган кыздардын баарын айбыктырган эркек үндүү одоно чалыш кемпирге жалынгыдай болот: « Айылдагы ата-энем мага бир баладан акча жиберишкен экен, келсе эле киргизип коюңузчу?» «Акча алып келген баланыбы…» Кыздын шылтоосун түшүнгөндөй шылдыңкөй тиктейт вахтер. Калпы билинип турса да эт-жүрөктү толгогон сагыныч менен туюк каалоого туруштук берүү өтө кыйын эле. Ташбакадай жай жылган мүнөттөр жаш өмүрдүн сүйүктүү адамысыз өтүп жатканына ич ачыштырат.

Түн да кирди, кыздар да кинодон кайтышты. Алар өздөрү көрүшкөн индия киносундагы сүйүү жөнүндө айтып түгөтө алышпай кызуулана сүйлөшөт, талаша да кетишет. Кымбат гана сөзгө кошулбады. Керээлден-кечке дарексиз адамды күтүүдөн алсырагыдай болуп чарчап бүтүптүп. Бирок, бул күн арзыган уландын куттуктоосусуз кадимки эле күндөрдүн бириндей болуп өтүп кетерине ынангысы келбей турду. Сааттын жебеси тогузду урганда биротоло түңүлдү. Демек, анын бар экендиги да, сезими да, кыздардын болжолу да… баары жалган! Сүйүү да жалган!..

Ушул учурда терезенин айнегине «тырс» эте майда таш тийди. Минтип жигиттер гана белги берип чакырат. Кымбат баарынан озунуп терезеге учуп жетти. Сезимдери алдабаптыр. Төмөндө ал жашаган бөлмөнүн тушунда моюн созуп тиктеп курсташы турат. Узун өстүргөн чачтары сууланып маңдайына жабышып, кийимдери ылайга булганган, бирок өңү ушунчалык бактылуу, көздөрү болсо от болуп күйүп-жанат Алакандары толо байчечекей гүлүн андан кийин баамдады. Ал: «Жерге түш» дегендей башын жаңсады.

Кымбат биринчи кабатка учуп эле түштү. Курсташ бала тамчылар жууган жапжаш назик гүлдөрдү анын алаканына аярлап салып: «Майрамың менен!» деди Эки кочушу толо түшкөн байчечекейлерге албырган жүзүн мээрлене сүртүп эрээркеди. Бул куттуктоо күткөнүнөн да ашып түштү. Ишке ашпас кыялдай болуп сезилген бактысы, мына, сүйүүсүн жашыра албаган көздөрү менен тиктеп маңдайында турат. Толкундоодон оозуна сөз кирбей чаржайыт сүйлөмүш болушса да үстүңкү кабаттан кыздар ич күйдүлүк менен чачкан сууга өзүн тосуп, Кымбатты калкалаганы да кандай жагымдуу. Ага окшоп белекке байчечекей берүү эч кимдин оюна да келбесе керек. Байчечекейлер менен кошо көптөн бери сагынып, кусаланып жүргөн тоонун, айылдын жытын тартуулады. Ойдо жок кубанычка башы айланып, анын кийимдери өтмө катары суу болгонун, кээ бир жерине баткак шыбалып калганын көрсө да элес албаптырмын.

Бул жөнүндө оо кийин ойлоду. Байчечекейди өзү тоого барып терип келген окшойт. Бишкектин четиндеги бөксө тоолорго жетип — кайтыш дагы күнчүлүк жол эмеспи, ошондуктан кеч түнгө калса керек. Бирок, бул божомолу тышка чыккан жок. Өзү үчүн атайын тоого барып гүл терип келгенине ушул кезге чейин ишенгиси келет. Тун махабаттын байчечекейлери… Алар Кымбатка ууз жаштыктын, алгачкы тунук сүйүүнүн символу болгону менен ыйык...

Андан кийин далай суулар агып, бүгүнкү өткөн күн кечээгини эскиртип келатат. Бирок, жыл сайын туулган күнүндө жана 8-мартта эң жакшы көргөн адамдарынын куттуктап гүл беришин аябай күткөнү өзгөргөн жок. Бул күндөрү кучагы гүлгө толуп, үйү толо жыты аңкып турушу керек. Рас, ал кычыраган кыш чилдеде туулгандыктан бул маалда өтө кымбаттап кетчү гүлдүн кадырын жакшы билет. Ошон үчүн да табигаттын бул ажайып сулуулугун эң кымбат белек катары көрөт. Эгерде сени сүйгөн адам чын дилинен куттуктагысы, же көңүлүңдү тапкысы келсе ал сага жага турган гүлдү да тандай билет. Ошол гүлдөр гана жүрөктө унутулбай жашап калат.

Кышкы суукка чыдамдуу кочкул кызыл түстөгү розаларды өзгөчө жакшы көрүп калышына да махабат себепкер болгон. Бул гүлдөр ага жубайлык турмуштун сүйүүгө мас алгачкы күндөрүнөн эстелик катары сезилет. Арзыган адамына баш кошкондон аз күн өтпөй туулган күнү келип калды. Терезенин айнектерин муз тордоп, арыктардагы суулар тоңгон аяздуу күн эле. Таң заарда ойгонуп кеткен Кымбат күйөөсүнүн акырын төшөктөн акырын туруп баратканын көрүп таң кала түштү. Ал эрте менен уктаганды жакшы көргөндүктөн, жаш балага окшотуп араң ойготчу. Ошондуктан, билгизбей байкап жата берди. Күйөөсүнүн шашкалактаган түрү бар. Колуктусу тарапты улам карап коет. Дипломатын ачып үч даана роза гүлүн алып чыкты. Кечинде сала келип катып койгон экен. Сабактары жоон жана узун, кочкул кызыл желекчелери жаңыдан ачылып келаткан гүлдөрдү үйлөнүү тоюнда курсташтары тартуулашкан сүйрү хруссталь вазага салды. Гүлдөрдү кармаганга көп деле эби жок болсо да суу куюп, улам назик оңдогулап, көпкө алпурушту. Бул ишти жасоо өзүнө да аябай жагымдуу болгону сезилет. Кымбат гүлдөрдү көргөндө сүйүнөөрүнө жана ыраазы болооруна алдын ала ырахаттанып жаткандай. Белектен да сүйгөн адамынын сезими жана камкордугу жүрөк элжиретерлик эле. Ошодон бери кочкул кызыл розаларды Кымбат дүйнөдөгү эң сулуу жана махабаттын аруу гүлдөрү катары ардактайт.

Кымбаттын өмүрүндөгү эсте калган гүлдөр жөнүндө баяны аскер кызматчыларынын баарын муютту. Залдын ичи тымтырс болуп турганы эми гана сезилди. Жаш жоокерлердин көздөрү нурданып, жүздөрү албырып чыгыптыр. Анан баары команда болгондон бетер ордуларынан турушуп узакка жана катуу шатырата кол чаап жатышты.

***

Иши кырсыкты, өлүмдү кабарлоодон башталган, же аяктаган күнү Кымбат оор сезимге жеңдирип коет. Журналисттик кесибинин ушундай мүшкүл жагына эч көнө албайт окшойт. Жаңылыкты жазып сайтка койгондон кийин бөлмөнүн күн чыгышты караган терезесинен төгүлгөн күндүн таптаза нурларын, түнкү салкындыкты сиңирип алышкан дарактардын жашыл жалбырактарын тиктеп кыймылсыз көпкө олтурду. Жүрөктүн оор жүгүнөн арылып турбаса жашоону улантууга күч-дарамети жетпестей сезилет. Өзүнө бир аз келгендей болгондо телефон шыңгырады. Бир сааттан кийин ички аскер бөлүгүндө аза күтүү болот экен. «Барам» деди телефон чалган пресс-катчыга ойлонбой туруп.

Дагы гүл сатуучу павильондун жанынан өттү. Сатуучу аялды таң калтырып гүлдөрдүн ар бир түрүнөн бир даанадан тергизип алды. Кагазга оротпой көкүрөгүнө бекем кысып көтөрүп баратат. Жүрөк жылуулугу өткөн бул десте гүлгө куштар жигиттин муздаган денесин акыркы жолу жыпар жытка бөлөсүн.

Анын сөөгү салынган табыт аскер бөлүктүн короосуна коюлуптур. Баш-аягы кызыл манат менен жабылуу жатат. Жүзүн көрбөгөнү да түзүктүр. Анан көпкө чейин өңү көз алдынан кетпей элестей бермек. Чогулгандар түнөрүшүп үндөбөй турушат. Баш жагында катарда тизилишкен аскер адамдары анын отряды болуш керек. Көкүрөктөрүнө автоматтарды бекем кыса кармашып, кабактары кектүү. Коштошуу сөзү бүткөндөн кийин курман болгон лейтенанттын урматына автоматтардан бир нече жолу салют атылды. Анан табытка гүлчамбарлар коюла баштады. Кымбат да көпчүлүктүн шары менен жакындап барып, көкүрөк жагына коердо кулагына үнү жаңыра түшкөнсүдү: «Биринчи жолу алган гүлүңүз эсиңиздеби?».

Кайра ордуна барып турганда табыт гүлдөргө көмүлүп калган экен. Бирок, боо-боо түшкөн гүлдөр да өлүмдүн сүрүн жеңе алган жок. Жашоонун табигый мыйзамынын бузулушуна ынануу кандай оор. Өз маалынан мурда өчкөн өмүр кимди болсо да кайгыртат. Балаң түшкүр!.. Өлүмгө билип туруп баш байлаптыр. Эрдик менен суу жүрөктүк бет келишкен көз ирмемде ал өзүнүн чыныгы жоокердигин көрсөтүптүр. Мындай өлүмдү «шейит» дешет. Тирүүлүк менен өтө жаш кош айтышса да гүл менен урмат-сый төшөлгөн жолдо узап кетти тирүүлүктөн. Мүмкүн, ал узак жашаганда өмүр бою да ушунчалык көп гүл алмак эместир.

Гүлгө оронгон кез жаш-карыга карабайт тура. Өзү 50 жыл жашаганда гана жолуна гүл төшөлгөн күндү ойлоду.

***

Кымбат бул күндү көп жылдар бою эңсеп келген эле. Аздыр-көптүр эл тамшанар ырларды жазып, турмуштун өйдө-ылдый экчеген сыноолорунда моюбастан кайра курчуп, өмүрүн улаар балдарды төрөп-өстүрүп, тагдырдын буюрган кыйла жолун арыбай баскандан кийин гана өзүн кучак толо гүл алууга татыктуу деп эсептеген. Адам катары жашап өткөн күндөрүнө элдин баасын алаар чекке жеттим деди. Дос-туугандарынын, калемдештеринин да ою ушундай окшойт. Алар Кымбаттын чыгармачылык кечесине чакырууну жан-дилдери менен кабыл алышкандай сезилди.

Дайыма туулган күнүндө сюприз күтүүдөн танбаган Кымбатты кубандыргысы келгендей бул күнү табигаттын маанайы таң калаарлык болду. Эрте менен турса күндүн көзү тазаланып, чыгыш тарап алоо нурданган сулуу таң атыптыр. Алыстагы аппак карлуу тоолордун чокусунан көз уялта балбылдап чыгып келаткан наристедей тунук күнгө кубана карап, ансайын көңүлү ачыла түштү. Ушундай аруу таңды көптөн бери көрө элек эле.

Эрте менен асман чайыттай ачык болгондуктан көчөгө кол чатырчасын албай чыккан. Күйөөсү менен балдары кече өтүүчү театрга камылга көрүүгө кетишти. Үй-бүлөсү бүгүн аны бардык түйшүктөн бошотушкан. Ошондуктан, эң биринчи чачтарачканага жөнөдү. Анын чачын дайыма жасап жүрүүчү тааныш аял Кымбат үчүн бүгүн өзгөчө күн экенин билгенде аябай убарага түштү. Андан кийин «Сулуулук салонунда» макияж, маникюр жасатканча эки сааттан ашуун кармалыптыр.

Жакшы маанай менен эшик ачкан аял көргөн көзүнө ишенген жок. «Калпактай, калпактай» (бул уулунун салыштыруусу) болгон кар жаап баштаптыр. Калдыркан көпөлөк канат чоң-чоң кар үзүмдөрүнүн асмандан жабалактап түшүп келатканы ажайып керемет эле. Бороон-чапкынсыз жылуу абада түз түшүп жаткан кар кыпындарынын чааралекей калың көшөгөсүнөн он-он беш кадам ыраактагы имараттар, жолдон өткөн машинелер күңүрттөнүп көрүнөт.

Кымбат кол чатырчасы жок сыртка чыгалбай, салондун кире беришинде туруп калды. Телефондон чакырган экспресс -такси келгиче терезенин айнегинен капыс жааган кардан көз алган жок. Башталгандан жарым–бир сааттын ичинде эле шаарды лап басып калыптыр. Жол боюнда олтурушуп соода кылгандар ызы-чуу түшүшүп чатырчаларынын карын күбүп жатышат.

Такси кары күрөлө элек жолдо араң эле жылып жөнөдү. Айнек тазалагыч тынымсыз иштесе да жабалактап конгон кардын кыпындарын аарчыганга үлгүрө албай, айлана көрүнбөйт. Айдоочу орто жаш эркек жолго үңүлө тиктеп, бар дитин кырсыкка чалдыкпай айдоого коюп үнсүз. Машиненин күүгүмдөнгөн салонунда жаш кезиндей ойноок жана эт-жүрөктү чымыраткан кыялкеч сезимге кабылган Кымбат өмүрдүн улуу бурулушунун босогосунда тургандай өрөпкүп толкунданып жатты.

Ал театрга жеткиче кар кандай башталса, ошондой тып токтоп, эми майдалап жамгыр жаап кирди. Кыш чилдеде жааган жамгыр… Таксиден түшкөндө эригенге үлгүрбөгөн кар жамгырга тасырая ныкталып, тапталып калган жол бир-эки карышка бийиктей түшкөн экен. Аба-ырайдын мындай күтүүсүз бузулушунан чакырылгандардын көбү келалбай калса керек деп бушайман чеге ойлонду. Бирок, убакыт жеткенде кар, жамгыр жыттанышып, гүл көтөрүшкөн дос-туугандары, калемдештери убай-чубай келип жатышты. Алар: «Бүгүн асмандан кут түштү»,-деп айтышты. Баары жаратылыштын бул укмуш кереметине ээлигип алышыптыр. Кече башталганда сыртта жамгыр токтоп, кайра лапылдап кар жаап киргенин эч кимиси көрбөй калды..

Бийик секичеде гүлгө оронуп олтурган Кымбат бет алдында жайнаган элдин баары бир өзү деп келгенине толкунданып жатты. Чыгып сүйлөп жатышкандардын анын чыгармачылыгы жөнүндө айткан сөздөрү да кулагына кирбеди. Жылуу сезим менен куттуктап гүл беришкен дос-туугандарынын, калемдештеринин жаадырап-жайнашкан, күлкү чайыган жүздөрү, анан башын эңги-деңги кылган гүл жыты гана калды эсинде.

Кече аяктап, эл таркагандан кийин гүлдөрдү эки машинеге жүктөп кетишти. Алар олтурган кызыл «Тико» чоң жолдо чалчыктап эриген улуу карды туш-тарапка чачыратып араң жылып жөнөгөндө деңизди жиреп сүзүп бараткандай сезилди. Көчө шамдары күйбөсө да шаарды чүмкөп калган аппак кар айлананы ууздай жарык кылып турат. Транспорттун аягы эртелеп тыйылыптыр. Көчөгө жайнап чыгышкан бала-чакалар, кыз-жигиттер кылымда бир жолу жаай турган улуу карды тамаша кылып шоктонушуп ызы-чуу.

Үйгө кеч келишсе да чарчоо, уйку дегендин изи жок көңүлү көкөлөп учат. Күйөөсү, балдары укташкандан кийин гүлдөрдүн бардыгын кагаз оромдордон бошотуп, вазаларга батпай калгандарын чакаларга салып, ар бир бөлмөгө коюп чыкты. Жупуну үйү ажайып керемет гүл бакка айланып, кут түнөгөндөй мемирейт. Өзүнчө бөлүп салынган кышкы розалардын, гвоздикалардын дестелери алоо түстөрү менен көз арбайт. Өзүнө арналган бул гүлдөр өмүрүнүн жазын кайра кайтаргандай сезилди.

***

Жашоосунун эң бактылуу мүнөттөрүн көрктөгөн гүлдөр жөнүндө ажайып сонун чыгарма жазсам деп ошол түнү ниет кылган. Бирок, антип-минтип чыгынбай келген аңгемени жазууга бул дүйнөдөн гүлгө оронуп узаган жаш лейтенанттын өлүмү себепкер болору оюна да келди беле.

Турмушуң курду карачы, мезгилсиз өлүм ага гүлдөр жөнүндө эстетти. Гүлгө байланыштуу бардык нерселер ага жашоонун улуулугуна, көркөмүнө, сүйүүгө гана тиешелүүдөй сезилчү. Жаратылышынан өтө назик, ажайып кооз жана атыр жыттуу гүлдөрдүн өзү коргоого муктаж, морт жана алсыздыгы менен аеону ойготот. Бирок, ал бизге жубатуу тартуулай турган кудурет-күчкө да ээ экендиги кандай таң калаарлык.

Жүрөктү тызылдаткан ачуу жоготууну бул дүйнөнүн керемети болгон гүлдүн сулуулугу, мээр-шыбаасы жууп-чая ала бекен? Тирүүлүк менен өтө эрте кош айтышкан жаш жигитке канчалык жаны ачыса да кырчындай жаш өмүрдүн бул жарык дүйнөдөн кайтаар жолуна гүлдөр төшөлүп, жыпар жытка аңкып турганына каниет кылды.

Ошол түнү жаза баштаган аңгемени да «Гүл төшөлгөн жолдор» деп атады.

 

© Зинакан Пасаңова, 2011

 


Количество просмотров: 3628