Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Адабий мурас
© Садыков Ж.С. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун үй-бүлөөсүнүн жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 28-августу

Жалил Садыкович САДЫКОВ

Кыргыз жери

Атактуу кыргыз акынынын тандалган ырлары.

 

АВТОБУСТА БАРАТЫП

Мен кез-кезде автобуста баратып,
Туруп калам сулуу кызга жанашып.
Эл шыкалат, жөлөнүшүп жөнөйбүз
Аргасыздан жылмайыша карашып.

Мен ойлоном: Далай жигит ага ашык,
Далай жигит жетпей жүрөт талашып,
А мен болсом кыналышып бир турам
Адам толгон автобуста баратып.

Жогор жакта туткаларга жармашып,
Кетет капыс колдор колду кармашып.
Андай чакта оттук чагып жүрөктөр,
Көздөрүңө көзүм калат арбашып.

Көз арбашса көңүл жипсиз байланып,
Көөдөнүмдө Чолпон жанып, Ай жанып...
Ошол бойдон токтобосо автобус,
Жердин үстүн чыккым келет айланып...

 

СҮРӨТҮҢӨ

Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт
Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.
Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,
Неге сен түштүң экен күлүмсүрөп?

Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк
Сезимге бир башкача ой түшүрөт.
Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе,
Калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.

Өппөдүм, мейли өппөйүн, өкүнүч көп,
Мени алдап, көргөн түшчө кеттиң жөнөп.
Байкатпай баштагыңдай жүргөндүрсүң,
Башканын жүрөгүнө башың жөлөп.

Эгерде бирөө болсо менден бөлөк
Же тытып сүрөтүңдү же өрттөмөк.
Мен тытпайм, күнөө сенде, сүрөттө эмес,
Сүретүң жүрө берсин күлүмсүрөп.

 

ЖҮРӨК ЭҢСЕЙТ

Мезгил тынбай жылган сайын күнүгө
Мен суктанам ар бир өткөн күнүмө.
Анткендиги, айланчыктайт жаштыгым
Ал кездеги сенин сунган гүлүңө.

Ошол гүлдү сенин көзүң тандаган,
Ошол гүлдү сенин колуң кармаган,
Ага коштуң жаштык, сүйүү жалынын,
Мен да сага жаштыгымды арнагам.

Гүл кучактап, гүл балтырга чалынып,
Турар элек көзгө көздөр чагылып,
Күндөр келсе, жылдар келсе жаңырып,
Жүрөк эңсейт ошол гүлдү сагынып.

Ошол гүлдөр соолуса да түгөнүп,
Жүрөгүмдөн кайра жаңы гүл өнүп,
Ал күндөргө башка күндү теңебей,
Кыялымда жашай берет түбөлүк.

 

ТУРМУШТУ АЛГА СУРӨДУК

Студент чакта үйлөндүк,
Үйлөндүк дагы үй бөлдүк.
Бой-бойдок жүрүп билбеппиз
Бой аяк жыйбай күймөлдүк.

Бир-бирден айтсам жомоктоп,
Жадаса үйдө табак жок.
Күдүңдөп табак апкелсем,
Күл шилеп чыкчу калак жок.

Чара жок камыр жууруга,
Чака жок алаар сууну да.
Чаманы билбей үйлөнүп,
Чатак бейм турмуш куруу да.

Камдалуу болсун бизде эмне,
Кашык жок тамак ичкенге.
А түгүл таппай шыпыргы,
Аргасыз болдук издээрге.

Кыдырып дүкөн далайдан,
Кашыкты тандап калайдан.
Чара да, чака бүт калай,
Таңгалды бизге далай жан.

Жок туруп үйдө үбөлүк,
Уйлөнө калып түбөлүк.
Туурасын айтсак, бир күндө
Турмушту алга сүрөдүк.

 

ЖАЛГЫЗ СЕНСИҢ

Мен сүйүнсөм, менден мурун сүйүнгөн,
Мен күйүнсөм, менден мурун күйүнгөн.
Аа кошумча;
                  балдарымдын, 
                                   үй-жайдын 
Бар түйшүгү мойнуна үйүлгөн
Алган жар ай, алган жар...

Ойлоп көрсөм мен да куду баламын.
Кийим жуулуу, дайым белен тамагым.
Аа карабай...
              (Адам жылкы кыялдуу)! 
Анда-санда ачуу сүйлөп аламын.

Деген өңдүү: «Менин кайсы жазыгым?»
Ошол чакта жылмаясың акырын.
Жер караймын уятыма чыдабай,
Жеңип кетип сенин ошол акылың.

Ооруп калсам...
                 (Палатада жатса адам)  
Жалгыз сенсиң тыным албай каттаган.
Көздөрүңдөн аккан жашты — мени аяп,
Көрөлекмин алигүнчө башкадан.

Кээде менин көөнүм калып көп иштен,
«Достор» чыгат жолду бөгөп көнүшкөн.
Андай чакта жан курбулар биле албайт,
Жалгыз сенсиң сырларымды бөлүшкөн.

Кош жалбырак чыккан өңдүү бүчүрдөн
Биздин тагдыр деги кызык түзүлгөн...
Атам,
       апам,
               алыс-жакын
                               туугандын  
Баарысынан мени жакшы түшүнгөн
Жалгыз сенсиң,
                     алган жар!

 

ЖАЛЖАЛ КӨЗ

Ошол түнкү кыштын суугу канчалык,
Сен кубалап, мен калп эле жалтанып.
Ага болбой ойноп жаттың алышып,
Тоголоктоп, моюнума кар салып.
Ошол кардан коюнума суу агып,
Аккан суудан кийген көйнөк чыланып.
«Ичикий», — деп айтуу кыйын андайда,
Дагы кардан салса экен дейм кубанып.
Кыт-кыт күлүп, ойноп жатсаң асылып,
Ай баратты булуттарга жашынып.
Сен да кийин булут жапкан айга окшоп,
Кете бердиң менден изиң жашырып.
Койгум келбейт кылдай күнөө мойнуңа,
Өкүнөмүн канбай калып ойнуңа.
Сен жок үчүн андагыдай муздак кар
Эч ким менин салаар эмес койнума.

 

ЖАЙЛООДО

Жайлоодо өткүн өтүп, дыбыр-дыбыр,
Жүрөгүм эмнегедир ымыр-чымыр...
Карачы, нота билип калганда не,
Угулат музыкалуу бир сонун ыр...
       Аттигин! Музыкалык сабатым жок, 
       Кушка окшойм — уча турган канатым жок!

Жайлоодо булак үнүн угам жыргап,
Не деген сүйкүм добуш, сүйкүм ыргак?
Кагазга нота билсем түшүрсөм не,
Бул ырды жүрбөйт беле ар ким ырдап!
       Аттигин! Музыкалык сабатым жок, 
       Кушка окшойм — уча турган канатым жок!

Таңшыган кыл кыякта назик кылдай
Боз чымчык сайрап жатат жаны тынбай...
Кагазга нота билсем түшурмөкмүн,
Ордумда тыңшап туруп кадам жылбай.
       Аттигин! Музыкалык сабатым жок, 
       Кушка окшойм — уча турган канатым жок!

 

АДАММЫН

Арасында жакшы менен жамандын,
Мен да жакшы, мен да кээде жаманмын.
Анткендиги?
          Анткениме жообум бул: 
Адаммын!

Адам үчүн кээде акылдуу аталып,
Адам үчүн кээде кетет каталык.
Андай чакта кубанчымдын чеги жок,
Андай чакта ыйлайм көзгө жаш алып.

Кезегинде же болбосо кечирээк
Мен кубандым, мен ыйладым нече ирет?..
Ошон үчүн элдер мага ишенет,
Ошон үчүн элдер мени кечирет.

Баарын айтып кереги эмне алардын,
Кээде жакшы, кээ бир кезде жаманмын.
Анткендиги?
            Анткендигим, силердей 
            Адаммынбы? 
            Адаммын!

 

КЫРГЫЗ ЖЕРИ

Кыргыз жери,
Сүйөм сени,
Сүйөм сени жанымдай.
Түн жок сенин түнүңө окшош,
Таң жок сенин таңыңдай.

Ташты жарып,
Обон салып,
Туйлап аска булагың,
Жашыл арча, гүлдүн жыты
Кимдин жазбайт кумарын?

Элдин кенчи,
Байлык кенчи,
Керме тооңу, талааңы,
Бак-даракка саймаланган
Сүйөм кыштак, калааңы.
Жерде жаткан
Көп көк асман,
Дегим келет көлүмдү.
Көлүм дары жашартууга,
Жашартууга өмүрдү.
Кыргыз жери –
Малдын кени,
Дандын кени бир өзүң.
Сага арналат бүткүл менин
Өмүр, жашоо — күрөшүм!

 

ЖОЛДОГУ ОЙ

Чоң жолдо машиналар суудай агып,
Берилет кызыл жарык, жашыл жарык.
Ар адам жашылынан шыдыр кетип,
Буйдалат кызылына токтой калып.

Карасаң улам бири өчүп-жанып,
Ак жолуң бирде шыдыр, бирде жабык.
Негедир, көчөлөрдүн бул тартиби
Ойлонтту мени мындай ойго салып.

Бул жолдо жакшы чубап, жаман чубап,
Бул жолдо «сен кимсиң» деп болбойт сурап
Аларды светофор ылгай албай,
Ар убак алмашылып күйүп турат.

Дал ушул көчөлөрдүн борборунда,
Дал ушул элдин чубаар жолдорунда
Агылган эл кыймылын кантээр элем,
Кокустан светофор болгонумда?

Анда мен адамдарды караар элем,
Жакшыга жашыл болуп жанаар элем,
Өткөрбөй жаман ойлуу бузуктарды,
Түбөлүк кызыл бойдон калаар элем!

 

КЫРГЫЗДАР

Тарыхта кыргыз нечен чачылыптыр,
Тарыхта кыргыз нечен басыныптыр,
Сүрүлүп бирде бери, бирде нары,
Сүрдүгүп, тоого-ташка жашыныптыр.

Замана уу чеңгелин батырыптыр,
Мокотуп, өткүр мизин жапырыптыр.
Антсе да далайларга «туздай татып»,
Далайдын күлүн көккө сапырыптыр.

Жеңиптир... Жеңилиптир... Чабышыптыр,
Кармашып, канды суудай агызыптыр.
Жеңиши ырга айланып, «Манас» болуп,
Жеңилсе — күү боздотуп калышыптыр.

Жоо келсе журт талаптыр, мал талаптыр
Кыйласын найзалаптыр, балталаптыр...
Бекерден ошол күндөр ырга айланып,
Бекерден бирден миңге таркабаптыр.

Суурулуп нечен кылыч жалаңдаптыр,
Эр башы канжыгада салаңдаптыр...
Ошолор кыйла бүлүк салган менен
Кыргыздын ырын тартып алалбаптыр.

 

КЕЧИР МЕНИ

Эл майрамдайт майрам күндүн баарында,
Мен ыр жазам жанды салып жалынга.
Кечир мени, кечир мени, ардагым,
Бирге басып жүрбөгөнгө жаныңда.

Эл дем алат...
                Дем алыштын маалында
Сейил куруп баспаганга таарынба,
Мен өзүмө окшошо албай каламын
Ыр саптары чыкпай жаткан чагында.

Андай кезде, дайра болсом шар аккан,
Булакка окшойм соолуп бүтүп бараткан.
Быт-чыт болуп учуп кетет жакшы ойлор
Айырмасыз болуп тыткан барактан.

Күлүккө окшойм сууту жетпей чабылган,
Жоргого окшойм жоргосунан жаңылган.
Комузга окшойм таккан кылы үзүлүп,
Капкагынын ортосунан жарылган.

Анан барып, от дүүлүгүп канымда,
Жүрөк жылып ошол оттун табында,
Көңүл эрип...
               Жылт-жулт эткен учкундар 
Калып калат ырларымдын сабында.

Төбөм көккө жете түшүп ал ырга,
Ченем жоктой таалайымда — багымда,
Баягымдан башка боло каламын
Байкап көрсөң дал ошондой чагымда.

Күлүктөймүн чыгып келген жарыштан,
Жоргого окшойм танбай келген алыстан.
Комузга окшойм калың топко чертерде
Кайра баштан кыл чыйратып тагышкан.

Ал комуздан залкар күүлөр сабалып,
Чөккөн көңүл аткан таңдай агарып,
Наристеге окшой түшөм заматта
Бул дүйнөгө жаңы келген жаралып.

Мейли майрам,
                  мейли болсун дем алыш,
Көп учурда үйдө калып калабыз.
Кечир, жаным,
                  Түйшүгүмө чыдай бил,
Оңой эмес сонун ырлар жаралыш.

 

ВРАЧ ЖАНА МЕН

Жүрөк ооруйт...
Врач тыңшап дабышын,
Апкелдирип аппараттын жаңысын,
Ток аркылуу чубалжыган кагазга
Жазып алды кан тамырдын кагышын.

Мен унчукпай кайра кием кийимим.
Врач болсо карап жүрөк чийинин,
Өлчөп чыгат төмөн түшкөн сызыгын,
Өлчөп чыгат өркөчтөрдүн бийигин.

Эртесинде, кайра тьңшап дабышын,
Жазып жатып аты татаал дарысын:
— Кайгырбагын, толкунданба, күлбө, — деп,
Айтып чыкты эреженин баарысын.

Билбейм анык, оюм туура, катабы,
Мен унутсам шаттык менен капаны,
Кантип жашайм кайнап жаткан турмушта
Таштан чеккен бир эстелик катары?

Акты кара деп айтканын бирөөнүн
Арабыздан нечен угуп журөмүн.
Ачуум келет. Салгылашам андайга,
Анан кантип оорубасын жүрөгүм?

Мен кез-кезде кошоматчы бирөөнүн
Жоругуна боор эзиле күлөмүн.
Күлбөскө не?
                Арманым жок андайда 
Тарс жарылып кетсе дагы жүрөгүм!

Андай чакта кантип күлбөйм атайын!
Андай чакта кантип бербейм сазайын?
Мен кармашам!..
                     Чындык үчүн тик турам!
Мейли бир күн, мейли бир жыл жашайын!

 

САЯКБАЙ

I

Эскерүү – ачылбаган алтын сандык,
Ал байыйт мезгилдерден улам арбып.
Аларды катып жатпай көрсөткөн оң,
Анткени эл буюму элге таандык.

Бир жылы сегиз акын буйрук алдык,
Алдык да биргелешип көлгө бардык.
Ыр окуп, элдер менен жолугушуп,
Көп күнгө көлдү айлана жүрүп калдык.

Билинбейт карыбызбы, балабызбы,
Саякбай ширеп салды арабызды.
Бир туруп, теңтуш кылса Байдылданы,
Бир туруп, теңтуш кылат Чалагызды.

Ошентип, теңтуш болуп жаш, карыга,
Кубанчу боор эзилип жатканыңа.
Сөз менен Капал жакта солдат болуп,
Сөз менен барып кайтчу Кашкарына.

Солдатта кимден эмне үйрөнгөнүн,
Кашкарда кандай болуп үйлөнгөнүн
Жашырбай... калемпирин, мурчун кошуп,
Каткырып айтаар эле сүйлөмдөрүн.

“Манастын” кире электе дастанына,
“Манастан” кем айтчу эмес башканы да.
Баа чиркин! Жанын таштап сабаар эле
Каныкей Тайторуну чапканына.

Күчөтүп алп талантын Манас анын,
Билчүбүз бүт кыймылы жарашаарын.
Өзүнө көрк бергенсип тураар эле
Өзгөчө шак койгону алаканын.

Эсимде менин ошол барышымда,
Жүргөнбүз көлдүн күнгөй багытында,
Бир колхоз бизди келет дегенди угуп,
Жыйнаптыр баласын да, карысын да.

Келген эл касканактап аба жарып,
Баарысы чоң клубка батпай калып,
Акыры бир пикирге келдик дагы,
Отурдук көл жээгине чогу барып.

Ортодо шырдак салды дөңсөө жерге,
Акындар ыр окудук келген элге.
Ошондо адат болчу эмнегедир,
Сакеме аяктатып кезек берме.

Баштаса Сакем деле баштаар эле,
О, бирок, Сакем бийик аскар эле.
Балкытып бүткөн бойду коргошундай,
Баарысын жыйынтыктап таштаар эле.

Андыктан кезек берчү акырында,
Ал баштап Тайбуурулдун басыгында,
Аягы тизгин тартпай күчөп алчу
Карабай чакырымдан чакырымга.

Кубантып тегеректеп турган элди,
Акындар көп ырларын окуп берди.
Адаттай баары бүтүп калган чакта,
Акыры Саякбайга кезек келди.

Айтылды алп Манастын өлгөн чагы,
Айтылды атпай журту көмгөн чагы.
Айтылды алты арамдан качып-бозуп,
Каныкей кандай күндү көргөн чагы...

Айтылды кайран Бакай каргандыгы,
Хандыкты Көбөш тартып алгандыгы.
Калкалап кайненесин, Семетейин
Каныкей төркүнүнө баргандыгы...

Саякбай ашкан чебер, ашкан уста,
Маш эле боздоп туруп аткарышка.
Ыйлатып Каныкейди, төлгөсү деп,
Акыры кезек берди ат чабышка.

Тулпарлар айдатылды абдан ыраак,
Тулпарлар айлык жерге кетти чубап...
Каныкей Тайторусун төлгө кылып,
Чыкса деп, жашын төгүп ыйлап турат.

Угалбай Каныкейдин муңдуу датын,
Далайлар көтөралбайт жерден башын...
Мен көрдүм ошол чакта Саякбайдын
Көзүнөн салаа-салаа тамган жашын.

Укканда боздоп-боздоп чыккан үнүн
Аргасыз бошоп кетти мууну-жүнүм.
Ошондо асман бетин булут каптап,
Кара жер боло түштү кара күүгүм.

Чын эле, кара булут каптап күндү,
Заматта жамгыр жаады, кыян жүрдү...
Былк этпей олтургандар жашын төгүп,
Тыңшоодо Саякбайдан чыккан үндү.

Чыдабай Каныкейдин азабына,
Карылар жаш куюлтат сакалына,
Кемпирлер аккан жашын аарчый албай,
Балдарын корголотот чапанына...

Бул ыйга келин-кезек кошо жашып
Жигиттер төмөн карайт тунжурашып,
Ый менен аккан жамгыр кошулганга
Ысыккөл бараткансыйт ашып-ташып.

А Сакең эчтеме албай капарына,
Аттарды айдап таштап сапарына,
Кайрылат бер жактагы Каныкейге,
Кайрылат Семетейдин чатагына.

Аңгыча кеткен аттар кайра тартат,
Укканың жүрөк мыжып, жүрөк жанчат.
Эсепсиз нечен тулпар бери чубап,
Тайтору артта жүрөт “Кудай алкап...”

Дал ошол тулпардардын өзү сымак
Булуттар асман бетин бербей чубап,
А жамгыр Каныкейдин жашы өңдөнүп,
Тынымсыз агып жатты жерге кулап...

Утурлап улам бирин-бири сүрүп,
Келатат жаадай учкан нечен күлүк...
Ысыккөл Тайторунун жогун угуп,
Ызалуу бууракандайт үшкүрүнүп.

Көп өтпөй жааган жамгыр улам бастап,
Булуттан күн көрүндү аздап-аздап...
А көрсө, алтымыш ат соңун ээлеп,
Тайтору келатыптыр аяк таштап.

Карт күлүк кызыйт белем жүрө-жүрө,
Тулпардын артка калат улам бирөө.
Негедир ошол чакта Семетейдин
Оюна түшө калат атты сүрөө.

Семетей өзү туюп, өзү билип,
Оозуна Манас кирип, Талас кирип,
Сүрөсө... чыдай албай кубанычка,
Жадырайт жер да жибип, эл да жибип...

Ошентет, эр Семетей сүрөөнгө алат,
Аргасыз алтымыш ат артта калат.
А Сакем өзү сүрөп бараткансып,
Айкайлап айтып жатат жанын сабап.

Ысыккөл албууттанып ошол чакта,
Окшошуп толкундары чапкан атка
Арт жактан бирин-бири кубалашып,
Келатты улам бири бери жакка;

Толкундар мурдагыдан күчөп, демеп,
Алдыда Тайторудай бирөө келет...
Карасаң көбүк чыгып, буусу чыгып,
Күшүлдөп чапкан аттай добуш берет.

Сүрөтүп алп Манастын баласына,
Тайтору келип жетти марасына...
А толкун кылымдардын жомогу окшоп,
Кумдардын житип кетти арасына...

Келгендер: карысы да, баласы да
Ыраазы Сакем айткан Манасына!
Мен болсом Ысыккөлдү, Саякбайды
Ойлодум бир ыр кылып жаратууга...

II

Кыдырып жазуучулар жүргөн тобу,
Бир күнү Акөлөңгө келдик чогуу.
Саякбай: “Айдай түш” – дейт автобусту,
Токтотпой токтоор жерге ошол жолу.

“Айда деп айткан сөздү албай эрөөн,
Айдай түш шопур балам бир аз төмөн.
Бет алгын тээ-тетиги чатыр тамды,
Бактырган бүркүтүм бар... Барып көрөм”.

Шоферде сөз укпаска арга барбы,
Айдады, айткан жерге токтоп калды.
А Сакем автобустан түшөөр менен
Айылга чуу түшүрө айгай салды:

— Көзүңдөн секет кетип калайыным!
Көзүңө кара жанды чабайыным!
Сезди окшойт, ормоң карап албадыбы,
Айтсаңар, кантип чыдайм, агайыным!

Кырааным!
               Как жүрөгүм!
                                Кара жаным!
Көрсөңор мойнун буруп караганын.
Кечиргин, кечирип кой, күнөө менде,
Үч айда бир келгенге жарабадым...

Көргөндө анын мындай жалбараарын,
“Тобо!” – дейм, мен өзүмчө таңданамын.
Башкага эрөөн болмок. А Сакемдин
Жадаса кыйкырыгы жанга жагым.

Сакеңдин кыйкырык-чуу, калдалаңын
Биз коштоп, беттеп калдык алма багын.
Астыда айгай салып өзү барат,
А менин мобул болду аңдаганым:

Бүркүт да Саякбайдын өзү сымак,
Үн салып шаңшып алды: “кылляк, кылляк”.
Сыягы, жазбай таанып турса керек,
Аралык болгон менен бир топ ыраак.

Көз көрбөй томогочон турган менен
Ал үндү алда кайдан тааныйт белем?
Кайрадан шаңшып коюп, кош канатын
Талпынтып, күтүп турду кайран берен.

А Сакең мүдүрүлө шаша басып,
Жалына, көрүшчүдөй кучак жазып,
Барды да томогосун сууруп алды
Бүркүттүн балбылдаган көзүн ачып.

Биз көрдүк бүркүт дароо тааныганын.
Сүрөттөп айтыш кыйын ошол чагын!
Сакеме башын жөлөп...
                                Сакем болсо,
Кучактап,
            Сүйөп турду бир жак жаагын.

Ошондо, бүркүт кайра карап алып,
Талпына кош канатын кага калып,
Бүрүшүп, кучагына ыктаганда
Сакемден жаш куюлду салааланып...

Баргандар менин сөзум жалган дебес,
Бул жолу жалгыз гана Сакем эмес,
Сагынган бүркүт түрүн көрүп туруп,
Ыйламак болсо дагы кандай мерес.

Салаалап жаш куюлуп ыйлап жатып,
Бүркүтүн көздөн өбөт чопулдатып...
Аргасыз карап туруп, сөөгүм жашып,
Ойлодум мына мындай ойго батып:

“Турмушта бул да чыгаан, ал да чыгаан.
Экөө тең бап келишкен эки кыраан.
Саякбай жоо сайдырса...
                                  Бүркүт алса...
Көргөндө экөнө тең канмак кыбааң!”

Ээси жок тоо-тоолорго чыккан алып,
Учалбайт кайран кыраан канат кагып...
Сакең да үч ай бою мында келбейт,
Билгенге мурдагыдан калды карып...

Салаалайт аккан жаштар көзүндөгү,
А балким, өткөн жашка өкүнгөнү...
“Айтпачы, билип турам” – деп айткансыйт
Бүркүтү кыналышкан төшүндөгү.

— Картайтты жыл артынан жылдар чубап,
Кайдасың кайран жаштык, кайран курак?
Кечээ эле тээ-тетиги тоо боорунда
Жүрчү элем бүркүт салып көңүл куунак.

Ар жагы терең кокту, терең жылга,
Анакей, ак кар жаткан бийик кырда,
Айкайлап бүркүт салып турчу элем го,
Бүркүттөн уча жаздап өзүм мурда.

Карылык бутту тушап байлап алды,
Каякта, ошол күндөр кайда калды?
Жазмышты өзгөртүүгө болбойт тура,
Өкүндүң, өкүнбөдүң айла барбы?..”

Деди да, өзүнө өзу кайрат берип:
— Бу кургур буркүт эле жанга шерик...
Карыдым...
              Карысам да,
                              Сынамакка
Бир сапар тоого чыгам кайра келип.

Чыдай тур, азга чыда, кайран берен,
Ошондо жазып калсак алда неден,
Экинчи андан кийин тоого чыкпайм,
Сени да көккө агытып кое берем...”

III

Сап кармап, Сакем айткан ошол кепти,
Ар кимден сурап жүрдүм эрте-кечти.
Бирөөлөр: “кийин келип, тоого барып,
Бүркүтүн көккө агытып ийген” – дешти.

Билсе да Сакем тоого баргандыгын,
Жан билбейт жүрөктөгү арман-муңун...
Мен гана ичтен жоруп койгон элем
Мертинен бир аз тайып калгандыгын.

Жүрсө да ооруп-сыркап андан мурун
Билдирбейт ал оорусун...
                                   Каргандыгын...
Көргөндөр: дары ичкенден танса дагы,
Көрбөптүр алп Манастан тангандыгын.

IV

Быйыл да Көл жээгинде көпкө жүрүп,
Сакемдин эске түштү сөздөрү бүт.
Эриксиз көз чаптырам айланама,
Эмнелер калды экен деп өзгөрүлүп.

Тоо турат булуттарды бөктөрүнүп,
Күн турат мурдагыдай көктө күлүп.
Бир гана кең Ысыккөл Сакем жоктон
Калыптыр калыбынан бөксөрүлүп.

 

© Садыков Ж.С.

 


Количество просмотров: 6781