Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Асылбекова З.Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 18-августу

Зульфира Болотбековна АСЫЛБЕКОВА

Сүйүүдөн акча кымбат

(Повесттен үзүндү)

Зульфира Асылбекованын «Чатыраш тагдырлар» китебинен алынган «Сүйүүдөн акча кымбат» аттуу үзүндүсү азыркы замандын капшабына илинген жаштардын турмушун баяндайт. Чыгармада ар кыл тагдырларды айкын ачып берүүгө далалат кылынган.

 

Жанатан берки сөздүн жыйынтыгы катары төрдө олтурган калбаат аял, маңдайындагы эки жигиттин энеси:

– Кызды көрүп, бир эки күн, сүйлөшүп тил табышсаңар алып келгиле, – деди.

– Эч кам санабаңыз, шаарга жетээр менен сизге телефон чалып, кандай кыз экенин, эмне кыларыбызды сизге айтып акылдашабыз, – деп Манат апасынын бетинен өөп жердеги сумкасын алды. Ал, балдардын улуусу. Бойго жетип, эжеси тапкан кыз тууралуу масилет козголуп олтурган.

Ортого экинчи уулу, орто бойлуу, чепилдеген тынчы жок Жигер эркелей аралаша кетти.

– Апа, мага кызды өзүңүз эле айылдан караштыра бериңиз. Сизге жаккан кыз мага да жагат.

– Макул каралдым, – деген энеси экинчисине көңүлү төгүлө карап, ичинен «сенден кам санабайм, алдагыдай ачык мүнөзүң менен сен өзүң эле таап аласың да» деп, токпейил ойлоп койду... – Кудай буйруп сага келин таап калсам агаң экөөңдү бир эле күнү үйлөнтүп коёбуз. Ай, чунак, башыңа кийсең боло, чилдеде мээң тоңуп калбайбы…

– Прическам бузулуп калса, келин балдарыңыз жактырбай койбойбу, – деп, уулу дагы сөз тапты. Анын апасына эркелеп узай албай турганын байкаган агасы:

– Жигер, бол эми тезирээк, жыйырма үчкө чыксаң да эркелигиң калбайт, – деп, үйдөн небак чыгып, алдыда бараткан Манат кабагын чытый инисин күтүп калды. Анан артынан кошо чыккан апасына кайрылды, – Апа, тору атты көк бөрүгө минем, эч кимге бербесеңиз.

– Ой, ботом, келиндүү болуп калсак кудалыкка эмне апарабыз анан? – Энеси күйпөлөктөп кетти.

– Табабыз, андан кам санабай эле коюңуз. – Манат ишенимдүү унчукту.

Ээрчишкен эне менен бала басыгын ылдамдатып, Жигердин кыткылыктаган күлкүсү басылбай, колтукташа Манатка жете келишти.

– Мен айткандарды ойлоно бериңиз, – деди Жигер апасы менен коштошуп жатып.

– Бара койгула, окшошкон улактарым. Кудайым силерге жол берип, башыңарга баш кошулсун. Бөөдө кайгы кырсыктан тышкары болгула. Алла – таалам балдарымды сага тапшырдым, Кыдыр колдоп аман барып, аман кайткыла, – деп эне бата кылып уулдарынын карааны көрүнбөй калганча артта карап турду.

Быйыл кыш эрте келген. Айлана апаппак жуурканын жамынып, суук эле. Асман бозомук болуп, лапылдап жааган кар эненин бетине тийип эрип, тызылдата баштаганда гана ал үйүн көздөй жөнөдү.

 

Манат менен Жигер шаардагы эжеси Аксаамайдын үйүнө келип жайгашкан соң, кечинде эжесин эрчий чыгып, көп кабаттуу чоочун үйгө келишти. Алар келген үйдө көздөп келген кыздан башка эч ким жок экен. Оңдой берди болуп, жигиттер андан көзүн албай каалашынча сынаганга мүмкүн болду. Ошентсе да алар сыр бербей диванга катарлаш олтуруп үй ичине көз чаптырымыш болуп жатышты. Кыз ийкем кыймылдап тез эле чай даярдап жиберди.

Манат сыр алдырбай купулуна дароо толгон бийкечке үйлөнөөрүн элестеп, ичинен кымыңдап олтурду. Жигерде демейдеги шаң, тамаша жок, негедир мелтейип нес болуп калды.

Манаттын көзүнөн кызды жактырганын баамдаган эжеси Аксаамай кызды кепке тартып кирди:

– Умсунай, кайсы окуу жайда элең?

– БГУнун экономфагын бүтүп жатам. Чайга караңыздар.

– Рахмат, чайыбыз бар. Жыты тим эле буркурап, жаңы, ысык нан экен, сен жасадыңбы?

– Ооба. Жууруганын жууруйм, бышырганын печкага бышыргам.

– Нандын кандай болушу жууруганына жараша болот. Ал эмес кыргыздар нанга карай аял кишини сынашат.

– И аны билбептирмин. – кыз жер карай үн катты. Мактоодон бети албырып кеткен эле. Демек ызаттуу.

– Булар менин инилерим, сага тааныштырайын деп айылдан чакырдым. Сырдакана, тектүү, жакшы жердин кызына үйлөнүшсө дейм. Таанышып алгыла. – Ал мурдатан эле «сени келин кылып алам!» – деп оюн-чындап айта берип Умсунайдын кулагын бышырып койгон. Кыз уялыңкы күлүмсүрөп, жигиттерге карай

– Атым Умсунай, – деп койду, жерден көзүн албай.

– Манат, – деп, тура калып кол сунган Манаттын үнү сүрдөгөндөн дирилдеп кетти. Манаттын кара жумушка бышкан чоң колунан, кыздын аппак, ийкемдүү колу көрүнбөй калды.

– Мен Жигер, деп, койду иниси, суз гана. Ал, кызды алгач көрөөр замат эле агасынан кызганып жаткан. Ошондон улам кабагы бүркөө, орой унчукту. Тагдырдын тамашасын кара! Мындай болот деп ким ойлоптур! Анын ичинен тап болуп жатканын эжеси менен агасы байкашкан жок. Ортомчулук милдетин улантып Аксаамай сөзүн улай берди.

– Манат Жигерден улуу. Жигер болсо апамдын эркеси, – деп тамашага чала сүйлөгөн Аксаамай Манатка көз чаптырып тааныштырган кыз инисине жагып калганына ыраазы болсо, Жигердин өңү кумсарып турганын байкап кооптонуп жатты. Аялзаты дилгир келет эмеспи, кыздын эки инисине тең жагып калганын байкап, «Манатты жалгыз эле тааныштырбай» деп өкүнүп калды. Үйдө жалгыз калганча аял алгандын жол – жобосун көрө берсин, аныкы деле жакындап калбадыбы деп ээрчитип алышпады беле. «Эми эмне болмокчу, катыгүн?» Умсунайдын ийкем чай сунуп, Манатты көзүнүн кыйыгы менен уурдана улам жылуу карап коюп жатканынан анын да инисине көңүлү бурулганын Аксаамай байкап, Жигердин кылыгынан улам жүрөгү түпөйүл тартып, ой-санаасы бүлүк түшүп калды.

Акыры чай ичилип бүтүп, бата тиленип, Умсунай суроолуу көз караш менен үчөөн карап калды. Анысы эми эмне кылмакчыбыз дегени эле. Үй ээси негедир кечигип, келбей жатты. Анын келээр убакты белгисиз болгон соң күтө берүү ыңгайсыз эле.

– Эми биз кайталык. Жеңеңе салам айтып кой, – деп Аксаамай тура жөнөдү. Андан мурда атып турган Манат Умсунай узатып чыгат го, ошондо сөз айтканга шарт болор деп ойлоп сыртка чыгып кетти. Жигер болсо бири– бирин бир көрүп эле жактырышып калгандарды ичинен жектеп, же амалы жок тултуя агасын ээрчиди.

Аксаамай инилеринин коштошпой чыгып кеткенин түшүнө албай, ыңгайсыз боло:

– Умсунайка, бүгүн бир жакка шашып бараттык эле, эртең жайынча жолугушалы. Жеңеңе айтып койсоң, – деп жайкай сүйлөп, – Менин инилеримди сүрдөтүп койдуң окшойт, тилдери буулуп, коштошо албай уялып чыгып кетишти, – деп, кызга сырдана шыңкылдай күлдү.

Сыртка чыгары менен өзүн күтүп турган инилерине бир тийди:

– Ой, силер эмне, айбансыңарбы? Кетээриңерде үй ээси менен коштошпойсуңарбы? Анан калса кыз киши болсо...

– Узатып сыртка чыгат го дегем, – оюндагысын ачык айтчу Манат кызарып кетти.

– Узатып чыгат деп токпейил болбой үйдөн чыгаарда коштошуш керек. Кыз киши бир көргөн эркегин эле ээрчип, узатып калмак беле? Ойлонбойсуңбу, кичине! Уялганымдан тамашалап араң кутулдум. – Аксаамай инилерин бир топко каарып алды да,

– Кыз жактыбы, айтпайсыңарбы? – деди, сынамакка.

Жооп болгон жок. Аңгыча Жигер капилеттен эле:

– Эже, мен досума кеттим, тигинде күтүп турат. Бүгүн ошол жакта болом, кечинде күтпөгүлө, – деп аялдамада сундуюп күтүп турган теңтушуна бет алды.

– А, мейлиң, – деди Аксаамай, Манат менен жеке сырдашканга ырас эле болду деген кыязда кубанып да кетти. – Ой, айтпайсыңбы деги, кыз жагып ойлуусуңбу, же жакпайт деп айта албай турасыңбы? – деди кичүү иниси узап кеткен соң Манатка.

– Жакты, эжеке. Сиз билесиз да, мага жакпаган кыз менен тааныштырмак белеңиз.

– И, ошентсең, эжеңдин эмгегин баалап. Эми бир эки эле жолу сүйлөш, көпкө созуштун кереги жок, көп сынай берсе жакпай баштайт, же кыз сенден айнып калат.

– Макул эже. Сулуулугу менен ыймандуулугу айкалышат экен. Сүрдөп, оозумдан сөзүм түшүп, туура эмес сүйлөп алчудай аябай тартындым. Кыймылдаганы элпек, орундуу, сыпаа, сымбаты келишкен, издеп жүргөн жарымды таптым окшойт, бирок ал мени жактырар бекен? – Манат ойлуу кабатырланды.

– Ким билсин эми, эмнеге шашып чыгып кеттиңер, кыздын тамырын тартпастан? Умсунай эмес, мага жаккан жоксуңар.

– Аябай сүрдөп кеттим. Узатат го деп ойлоп эле...

– Эртең жолугуп, сени сүйүп калдым, сенден сүрдөдүм деп эле ачыгын айт, ал деле сага кошкөңүл эместей. – Аксаамай өз акылын айтты.

Кыздын көңүлү барлыгын эжеси байкаганына Манат шерлене түштү. Өзү да ошентип ойлоп жаткан. Экөөнүн баамы дал келгени аны биротоло ишендирип салды.

– Макул эже, урушта туруш жок дейт, эртең барып, сөйкө салалы. Апама телефон чалып, «Умсунай – аттуу келиндүү болосуз» – деп сүйүнчүлөйүн, – деген Манат жамажайы жайыла күлүмсүрөдү.

 

Ошол учурда Жигер Умсунайдын жылмайган элесин көз алдына элестетип, ага жете албасын ойлоп ичи тызылдап, өзүнөн өзү буулугуп Кабаштын батирине келишти. Досу менен көпкө сүйлөшүп, бир саат мурда асмандан түшкөн перини көргөнүн, анын күлмүңдөгөн бото көздөрүн, айдай жүзү, карлыгач каштары, ак куудай койкойгон мойну төп келишкен, кайберендин ыйыгы аркардай кыз менен таанышканын айтып, Умсунайды мактоодон чарчабай кыйлага сүйлөдү.

– Жигер, сөзүңдү байкасам агаң ала турган кызды бир саат мактадың, аны өзүң сүйүп калгандан соосуңбу деги? – деп, Кабаш анын сөзүн бөлдү.

– Кептин төркүнү ошондо болуп жатпайбы, курган жүрөк сүйүүгө кабылып, жолумдан адашып калдым. Акыл айтчы, эми эмне, кандай айла кылам досум?

Теңтушу кайра анын өзүнө суроо узатты:

– Манат байкебиз кызды жактырдыбы?

– Билбейм. Анын сүйүнгөнү, кайгырганы бүт ичинде эмеспи, – деп Жигер сөзүнүн аягына чыкпай токтоду. Анын мындай сөздөн качканы билинип турду.

– Байкеңден сурап көр, эгер ал жактырбаса гана ал кыз сенин жарың болуп калышы мүнкүн. Агадан аттап кеткен жарабайт, – деди Кабаш.

Ошо менен сөз бүттү. Жигер теңтушунун сөзүн жактырбай, агасына жан тартып жаткандай сезилип, ага ичинен кекенип калды.

 

Беймаал келип, кол алышып таанышкандан башка сөзү жок бул кандай жигит деп Умсунайдын оюунан Манат чыкпады. «Бир көрүп сүйүшкөндөр ушундай болот тура. Көзүнө– көзүм чагыла түшкөндө жүрөгүм жарылчудай булкуп кетти. Күрөктөй алаканынын ичине колум түшкөндөгү анын ысык илебинен ток ургансып, түз эле жүрөгүмө жетпедиби. Оо, кудай, жигит дегенди ойлобой жүрүп, бир көргөн жигитти эле жактырып калганым не, эми аны менен бактылуу жашап кетсем экен. Эртең келебиз деп кетишпедиби. Көгүш көйнөгүмдү даярдап коёюн, ал мага куп жарашаарын жеңем айтып калат эмеспи. Оор басырыктуу, бир сырдуу жигиттей көрүнөт. Ишенимдүү да. Мен каалагандай боюу узун, мурду кырдач, көздөрү курч экен». Кыз түнү менен уктай албай таттуу кыялдарга батып жатып, кантип көзү илинип кеткенин байкабай калды.

 

Агасынын номурун чөнтөк телефонуна терип койгону менен даап чала албай, Жигер ага телефондон кат жазды. «Мен Умсунайды сүйүп калдым. Эртең сүйлөшүп, кийинки жумада алып кетейин, каршылык жокпу?». Аны жөнөтөрүн жөнөтүп коюп кайра агасы эртеңкиге чейин Умсунайга барып калсачы деген арамза ойго түшүп, телефон чалды.

Манат күтүлбөгөн жаңылыкты угуп, дал болуп калды. Уккан кулагына ишенбейт. Тобо, ушундай да болобу?! Жаакка бирөө чаап жибергендей, бир топко эсине келе албай турду.

– Алло, Манат байке, эмне унчукпайсыз? Жооп бербейсизби?.. – деген Жигердин үнү аны шаштырып, айласын кетирип жатты. Эмне деп жооп бермек? Инисинин ыйык сезимдерин кантип тебелейт? Анда агалыгы кайсы? Анда өзүнүн тагдыры кандай болот. Алгачкы, дүрт тутанган махабатын кантип кыймак?!

– Байке, мени угуп жатасызбы? Эмне жооп бербейсиз? Ало?.. Ало?.. – деп, жан койбой улам демиткен Жигерге:

– Бактылуу болгула, сага ийгилик... – деп, кантип айтып жибергенин Манат билбей калды. Сөз айтылып кетти. Эми кеч. «Үйдөн апам да саймедиреп айтып, эжем да мени тааныштыралы деп чыкпадык беле? Жигер баарын көрүп-билип турган. Анан каскак болгону кандай? Бир туугандар арасында да ушундай болобу? Эми эмне кылам? Кандай болот? Умсунайга эмине дейм?.. » деген жан кыйнаган түмөн суроолор менен көпкө шаар аралап басып жүрдү. Бир туруп «мага да аял табылаар, Жигер бактылуу болсунчу. Бир тууганым эмеспи. Мурда сүйлөшүп жүрсөм бир жөн эле. Бир кыз үчүн инимдин көңүлүн оорутпайын, – деп, апасынын келин менен күтөөрүн эстеп жүрөгү тыз этип кетти. – Апамды жол каратпай, чогуу окуган классташ кызымды эле алайын» деп, тезирээк айылга жөнөөнү чечти.

 

Эртеси Жигер менен Кабаш Умсунайга түшкө жетпей эле эрте келишти. Кыз канчалык Манат жөнүндө билгиси келсе да сурай албады. Жайдары тосуп Жигерге Манаттын иниси катары сый мамиле көрсөттү, анан калса Жигер өзүнөн кичүү эмеспи.

Жигер Умсунайдын жеңеси Сакен үйдө болгондугунан улам «эжемдер болуп сиздин үйдөн жолугушалы дегенбиз» деп калп айтып, Кабаш экөө күтүмүш болуп отура берди. Сакен болсо Умсунай чай бергенче, жаштар сүйлөшүп олтурушсун дегендей башка бөлмөгө кетти.

Умсунай шаарда чоңоюп, агасынын колунда өстү. Ага бул айылдык жигиттин сүйлөгөн сөздөрү, кылык-жоругу одоно көрүндү, бирок Жигер менен Манаттын айырмасы бар экенин байкап, «Манат шаарда көп жүрсө керек» деп ойлоду. Ал жөнүндө сурагысы келет, бирок кыз намысы деген кыйын болуп турду. Умсунай Манаттын да так ушул убакта өзүнүкүндөй жүрөгү сыздап, бирок бир туугандык сезими жеңип кетип жатканын кайдан билсин. Билсе, жеңесине уялбай эле «улуусу жакты дебейт беле чиркин!». Аны билбей Жигердин калп сөзүнө ишенип сырттан Манат менен Аксаамай кирип келчүдөй күтпөдүбү.

 

Аксаамай өз иштери менен жүрүп, кечкисин инилери кеч келип жатты. Алар менен сүйлөшө албай, экинчи күнү кечинде сумкага кийимин салыштырып, оозун жаап жаткан Манатты көрүп:

– Манатпай, Умсунайды качан алып кетели? Ал сени жактырганын мен деле байкадым. Барып, жооп алдыңбы?

Манат кыйылып туруп:

– Эжеке, чын айтсам Умсунай мага да жакан, – деди.Анан үнү буулуп, – Жигер аны сүйүп калыптыр. Иним алам деп жатса, анан мен жок демек белем. Болору болду. Мен ага жол ачтым. Эми апамды жол каратпай, классташ кызым Таңсулууну алайын деп издесем айылга кетиптир. Шаардан шаан – шөкөт кылбай эле айылдан алайын дедим. Эртең жолго чыгам.

Аксаамайдын таң калгандан тим эле оозу ачылып калды!

– Ой, ошондой да болмок беле! Ал бейбаштын бул эмне кылганы! Баарыбыз Умсунайды сага алып берели деп жатсак, кыз да көңүлдөнсө... ушундай да болмок беле?! Мен Жигерди токтотоюн…

– Эже, анын баарын Жигер угуп эле келбедиби. Мындай чечимге келген соң мен анын жолуна тура албайм. Ал Умсунайга барып сүйлөшүп жатыптыр. Жайына коюңуз. Мага жан тартканыңызга рахмат, бирок, тагдыр... – Манаттын үнү кардыгып кетти.

Эже менен ини эмне деп сөз улаарын билишпей өз ойлоруна тунуп үн катпай калышты. Ошону менен экөө тең унчугушкан жок. Сакен менен Аксаамай көп жылдан бери курбу болуп, катташып жүрүшөт. Ортодо Умсунайды тамашалап жүрүп эми келин кылып алаарда, эки инисин тең тагдыр минтип тамашалап турганын карачы!.

Жигер Умсунайга үйлөнсө жакшы жашап кетеби? Же... Манат байкуш кантет? Ошондо Сакен экөөнүн мамилеси солкундап, алысташып кетпес бекен? Эми кантмек, Манаттын тагдырына Таңсулуу жазылган тура. Шаардан бакыт издеп келип, жанындагы классташынан тапса... тагдырдын тамашасына таң бербей койбойсуң!

 

Эртеси Манатты айылга жөнөтүп жиберип, Аксаамай иниси Жигер менен сүйлөштү:

– Эй, уятсыз, агаңа деп сүйлөшүп жаткан кызга көзүңдү агытып, тиги момундан биринчи ээлеп алганың эмнең?

Тирикарак иниси чебелектеп кетти:

– Эже, мен сүйүп калдым деп айттым, ал эмнеге айтпайт?

Аксаамай Манатка жан тарта сүйлөдү:

– Анын мүнөзүн билесиң да. Ал эми айылга кетти. Умсунай да колумду Манат сураган экен деп жеңесине макул болуптур. Эми сен аякка барбай эле кой. Мен Умсунайга эки иниме тең жагып калыптырсың, бир туугандар нааразы болуп калышпасын деп, башка кыздарга үйлөнттүк деп айтайын. Кийин жашашыңар кыйын болуп калат.

– Жок, эже, менби, менин агамбы, Умсунайга айырмасы кайсы? Манат экөөбүз тең бир убакта эле таанышпадыкпы?

– Мен Умсунайга улуу деп Манатты айтып жүргөм.

– Манат сизге эмне деди.

– Бир тууганымдан кыз талашмак белем, айылга кеттим деди.

Таңсулуу жөнүндө айткан жок. Балким Жигер баш тартып калса, Манат кайра ойлоноор деген ой жүрөгүн жылытты.

Экөө тең бир туугандары болгон менен, Жигерге ишене албайт. Жеңил мүнөз, сөзүнө туруктуу эмес, өтө оома. Ойго келбеген окуяны укса Сакен менен Умсунайдын көңүлү чөгөөрүн, өзү алардан катуу сөз угуп калаарынан коркуп, өзүн коерго жер таппай кетти.

Жигер Кабаш менен борборду кыдырып, кызыгы кайткан соң Умсунайга жаккычакты бош жүрбөй иштейин деп күркөдөн бир топ гезит сатып келип, «жумушчу керек» – дегендерге телефон чалып кирди. «Ало» – дегенден башкасын түшүнбөйт. Сүйлөсө жооп бере албайт. Кыргыздардын эле орусча сүйлөшкөндөрүнө кыжыры келет. Бир оокумга чейин телефон менен сүйлөшө албай кыйналды. Айылда орус тилин үйрөнмөк кайда? Алтынчы класстан орус тилинен сабак берген эжеси – класс жетекчиси эле. Анан калса эжесинин кулагы саал катуураак болгондон пайдаланып, үйгө берилген тапшырма, ыр жаттоону ага угулаар угулбас кылып, башкы эки сөзүн он жолу, кээде жыйырма жолу деле кайталап кутулуп кетишчү эмес беле. Сабак башталгандан бүткөнчө тарбиялык иштерге, ар кандай майрамдык маарекелерге даярданып, орус тилин чанда гана окушкандыктан, тилди аз-маз түшүнгөн менен, зарыл болгондо так жооп бере албай, азапка батты. Акыры чыдамы түгөнгөндө гезиттерди туш-тушка ыргытып, Ош базардагы досу Кабашка барып, кол телефон сатышып, жүрдү. Ал жерде деле кыргызча сүйлөгөнү аз. Маршруткага түшкөндөн баштап, өзүнчө кыжалат. «Шаардыктар мен силерге тийишпейин, силер мага саат же башка нерсе сурап чүнчүтпөгүлө» деп басса – турса ойлонот. Дүкөнгө кирсе алар деле орусча сүйлөйт. Айылдын эрке өскөн өткүр жигити шаарда тез эле чүнчүй баштады. «Байкасам шаарда орус элинен кыргыздар көп экен. Бирок, тил билем деп мактангандыкпы, баары эле орусча сүйлөйт. Орус тилин үйрөнүп, эмки келгенде мен да оштоңдоюн» – деп ойлоду.

«Өткөн жылы Казакстанга барганда тилден эч кыйналган жок элем. Ээн эркин каалаган жакка барып, каалаганыңды алып дегендей. Ушундай жол менен кете берсе, кыргыздар жок болуп, шаардыктар орус болуп, айылдагы мага окшоп орусча билбегендер аларды түшүнбөй, айтор тилибиз, дилибиз, ыйманыбыз бүт жоголот да» деп өзүнчө күйүп – бышат, Жигер. Жанындагы досу деле, кыргыз кыздарга «девушка, а девушка» деп тийишип калат. Аны карап «ары жок» дейт ичинен. Анан биздин тилди башка улуттар кантип үйрөнсүн. Өз жерибизде жашап,тил, ыйман, салт деген ыйык нерсебиздин баарын жогото баштасак, кийин кантебиз? Кай улуттанбыз деп айтабыз? Бир орус турса он кыргыз орусча сүйлөшөт, орусу жок деле орусча сүйлөшөт, ары жоктор» деп, аны ынатпаган Кабаш менен уруша кетет. Шаарга да батпай калды көрүнөт. Эжесине барса да мурдагыдай шартылдап сүйлөй албай, өзүнчө бети кара болуп калды. Умсунайга да анда – санда барат. Ал барганда Умсунай сыртты телмире карап, Манатты күтүп жатканын сездирет. Кызганычтан бук болуп, өзүнчө кыжырданат. Айласы жок. Айылга барайын десе агасы айылда. Аны менен урушуп кетүүдөн качат.

Жигерди куткаруучу болуп бир күнү апасы телефон чалып калды, агасынын үйлөнгөнүн сүйүнчүлөп. Мурунку күнү барып Умсунайды таппай келген. Апасынын калган сөзүн укпай телефонун өчүрө салды. Жүрөгү туйлайт, «Умсунай кайда, аны агам алып кеткен жокпу?» – деп. Анан Аксаамай эжесине телефон чала баштады. «Абонент жооп бере албайт, бир аздан кийин чалыңыз» – деген жоопту укканда ого бетер бушайманга батты. Манатка чалса баягы эле «Абонент жооп...» – деп айткычакты телефонду бармагы менен баса салып Умсунайдын телефонун терип кирди.

– Алоо, бош эмесмин кечирээк чалсаң, – деди ал да.

Баарынын сөзү бир, демек экөө үйлөнүшкөн экен да. Мени агам алдаган экен да, карап тур, мен аларга көргөзөм деп түз эле автобекетке бет алды. Чөнтөгүндөгү тыйынын караса, жол киреге жетпейт. Айылга кетчү автобустан тааныш издеп таппады. Айласы куруп, айдоочуга жалынып-жалбарып паспортун берип, жол кирени үйдөн алып бермей болуп, араң көндүрдү.

Жол тайгалак, жай айдаган айдоочуга да ачуусу кайнайт. Үйгө кирип барып эле көшөгөдөгү Умсунайга «мени же агамды танда деп айтамын. Жок, жок колунан сүйрөп чыгып, шаарга алып келе беремин. Алгач агам менен сүйлөшкөнүм туурадыр, ага үй меники, чыгып кеткин десем...» терең ой-санаага баткан Жигер чөнтөгүндөгү телефонунун шыңгыраган үнүн да уккан жок. Ал, эжеси болчу. Кечиккенинен издеп жаткан. Автобустун терезесин телмире карап, кыз жигит көрүнсө эле Умсунай менен Манат тургансып, ичи аачышат. Акыры айылына жетип, акчасын бермекке айдоочунун телефон номерин жазып алып жатып, эжесинин беш-алты жолу чалганын көрдү. Жерге түшүп, оор үшкүрүнүп алды, да анын номурун терди.

– Сен кайда жүрөсүң? – деди эжеси адатынча шашкалактап, – Жездең сени издеп досуңдукуна кеткен, ошол жактасыңбы?

– Жок.

– Сүйүнчү, агаң үйлөнүптүр. Апам сенин сүйлөшкөн кызың болсо бүгүн алып келсин, тоюңарды бирге өткөрөбүз деп чалды.

Жанатан бери сага чалып, эч сүйлөшө албай койдум, телефонуң бузук окшойт. Ало, мени угуп жатасыңбы?

– Ооба, эже, баарын уктум. А байкем кимге үйлөндү?

– Өзүнүн классташы дейт.

– Өх, чын элеби?!. Оозуңа май! Анда мен Умсунайды алам.

– Үйгө тез келе кал, Сакенди Умсунай менен тамакка чакырып койдум.

– Ой эже!.. Макул! – деп чечекейи чеч боло кубанган Жигер акылынан айныгансып өз башын өзү муштагылай арык жээктей басып,анан аппак кардын үстүнө боюн таштай каткырып кирди. Айлана жымжырт, айыл четиндеги айталаада кар бурганактап, жалгыз караан өзү менен өзү. Жигер мас кишидей арык ичинде, бирде бөйрөктөрү бүлкүлдөй күлүп, бирде мурдун шыр-шыр тарта ыйлап жатты. Аны менен эч кимдин иши жок, бу жашоодо ал жалгыз калгандай. Ак кардан кочуштап чачып, сугунуп алды. Бетин жууду. Айылын сагынычтуу көз караш менен суктанып карап, аз убакыт ичинде айыл өзгөргөндөй жаңы сезилди. Ар бир үйдүн морлорунан көк түтүн булоолонуп, асманга созолонот. Үйлөрдүн баарын окшош шыйпыр менен жапкандай ак карлар койнуна катып алган. Жылаңач калган тал-теректерге да ак кийим кийгизгендей жарашыктуу. Үйүлгөн малдын чөптөрүн, чачылган короо жайды, көрүнбөсүн дегенсип көздү уялтып, жылтылдаган ак кебез менен жаап койгондой.

«Бах чиркин! Табийгаттын сулуулугун, тазалыгын карасаң. Шаар, шаар эле дешет. Акчанын кулу болуп, орусча сүйлөп, өздөрүн маданияттуу сезишип, жарым курсак болуп жүрүшөт. Мага айылым эле жакшы. Кенен, өз башыңа өзүң ээсиң, ээн эркин каалагандай басып-туруп. Буудайды тегирменге тарттырып, каалашыңча көмөч нандан бурдап жейсиң. Жүгөрү менен жасалып, каймактап, чертип турган бозодон бир кесе жутуп алып, карт кекирип, кузгун заарда таза абага мал жайгарсаң, кар күрөсөң өзүнчө зарядка. Түштө куш уйкудан сала коюп, кечиндеги беш бармактын жылытмасынан жылытып жеп, каймакка нанды мыкчып жеп алып тирилик кылмай. Кечкисин кайра беш бармак, шорпосуна сүзмө катыктап, артынан бозодон ичип алып уктайсың. Шаардыктар элүү грамм этке чөп, чар шылдырата хлор суусун кошуп тамак жасап, күн көрүнгөн нандарын жеп, ошону аш кыла албай кыйналышат экен капырай. Нандарынан күн көрүнөт. Нервтериң жайында, акчага көп деле муктаж болбойсуң. Муктаждык эмнеден келип чыгат? Бекерчиликтенби ким билет. Сүт, айран, каймак, май, мал, көң, сатсаң акча даяр. Жайкысын желе байлап, бээ саайсың. Жер иштетип, жер жемиш өстүрүп, кымыз, жарма, максым ичип, чарбактагы алма, жүзүм, жана башка жашылча жеп, калганын сатсаң акча болуп ден соолугубуз кудайга шүгүр эле келе жатабыз. Машине деп кызыгышат, ал эмне бир темир, эки чакырымга эки жүз сомуң кетет. Кашка атым акча сурабайт. Берекеси мол суусу, абасы, таза, оокаттын берекеси айылда, шаардыктарды оокат менен камсыз кылган айыл эмеспи. Айтор айылдан өтөөрү жок, болгону Умсунай көнсө эле болду. Эми кандай кылдым, үйгө барышым керекпи, же...

Жигер ара жолдо эмне кылаарын билбей ойлонуп турганда классташы Аденис ат менен өтүп баратып токтоп, кайра келди.

Досун таанып, аттан түшүп учурашып, досунун үйлөнөрүн угуп, акча берип, кайра шаарга жөнөтүп жиберди. Айдоочуга да карызын берип коймок болуп сүйлөшүштү. Ал берген акчаны сары уй тууса, музоосун сатып кутулмак болду. Айылдыктардын кең пейилдигинин бири ушу. Иши кылса күзгү түшүм, жазгы үрөөн деп карыз алып бере беришет. Пейилинен айланайын айылдыктар.

Жигер таксиге түшүп түз эле эжесиникине келди. Ал конокторду узатып коюп жыйналып жаткан экен.

– Кел! Ой эмне мынча кеч келдиң?

– Жумуштарым менен алыс кеткен элем.

– Сакендин күйөөсү айылына кетиптир. Эртең айылга барып келинди көрүп келели деп Сакенди көндүрдүм. Умсунай да кошо бармак болду. Сен бүгүн түндөп кете бер, кыз шекшип калбасын. Ага эки иним бирдей үйлөндү, эртең тойго чакырышты дедик. Кызды Сакен өзү олтургузуп берет. Агасына да айтылды.

– Түнкү автобустарга жетишпей калдым го.

– Ашканадан тамактанып, жолго чык. Такси жалдап болсо да кет, – деп эжеси жол кирелик акчаны карматты. Жигер кудуңдап, сүйүнүп кетти.

– Макул, кеттим. А Умсунайдын көңүлү кандай?

– Жакшы эле, сезип турса керек, беш жылдан бери жеңесинин колунда жүрүп, тажап деле бүтсө керек. Жеңелерин сыйлап койсок, алдына түшүп, баш аягыңарды жыйгандан кийин биротоло бараарсыңар.

– Алдыга күзгү түшүмдү күтөбүз да.

Жигер жаңы эле айылдан келгенин айта албай койду. Суусамырга барып келип, эми кайра айылына жөнөөрүн эстеп, катуу чарчаганын сезди. Бирок ал моюн бербейт. Ай чырайлуу Умсунайдын күйөөсү болгону турса кантип чарчадым деп жатып алсын! Анын быйыл үйлөнүү жөнүндө эч ою жок эле. Буйрук болсо кантмек.

Ошентип ал кайра сүйүктүү айылына келди. Таңга маал үйүнө кирип келип эч кимдин тынчын албай, эшик ачкан апасын өөп учурашып, калганын анан сүйлөшмөк болуп уйкуга кетти...

Улуу шашкеде гана баягы Аденис классташтарын чогултуп келип Жигерди ойготушту. Агасы, жаңы жеңеси менен шек бербей учурашып, достору менен чай ичип, шаарды жамандап, бакылдап олтурду. Таңсулуу узун бойлуу, арык чырай, чап жаак, оңой менен күлбөгөн, сөзгө сараң, кабагы ачылбаган адамдай көрүндү. «Агам туура өзүнө окшоштуруп келинчек алган го, өңү да мүнөзү да куп келишет экен» деп ойлоп койду. Короодо туугандар той жөрөлгөсүн кылып кой союп, топурап боорсок жасап конок камын көрүшүүдө. Күүгүм кире көчөгө машине келип токтоп, «эжебиз келди» болуп чурулдап баары машинеге жүгүрүштү.

Аксаамай менен Сакен алардын артынан Умсунай көрүндү. Шатыра – шатман учурашып бүткөн соң алар босогону аттар менен эле келин көрүүгө киришти. Көшөгө артынан жүгүнгөн келинди Умсунай Жигердики го, Манаттыкы кайда болду экен деп ойлоду. Келин көрүү бүтөрү менен Аксаамай Сакенди сыртка чакырып кетти. Жалгыз калган Умсунай не кыларын, кай жакка басаарын билбей туруп калганда сырттан кирип келген эки аял ой-боюна койбой эле башына жоолук салып киришти.

Мындайды эч күтпөгөн Умсунай апкаарып:

– «Жеңе, жеңе!»– деп кыйкырып, жоолуктан башын ала качып, сыртка жулунду. Жоолук салып жаткан аялдар ага асылып, жолун тороп:

– Кой, айланайын, кой, жаман балага колукту болуп жаткан жоксуң. Өзүң деле аны тааныйсың да. Кыздын бараар жери күйөө да, ботом. Отур, сени атайын чакыртканбыз. Биздин балабыз өзү алып келсе жакшы болмок бирок, ал сени кетирбей алып калам деп болбой жатат. Эртең кош той өткөрүп эле калалы.

Ошентип, Умсунайдын бетинен тамтык калтырбай эки жеңеси эки жагынан өпкүлөп айланып – кагылып жатып жоолук салып коюшту. «Өзүм деле жактырып, Манаттын жары болууну эңсебедим беле, бир көрүп эле жүрөгүмдөн сүйбөдүм беле» деген ой менен көшөгөдө ал жоошуп, ак жооолук салынып отуруп калды.

Кемпирлер ага сары майдан ооз тийгизип, «майлуу – сүттүү боло гой», деп батасын берип, бири чачын өрүп,экинчиси ак пахта менен учуктап, башыңды биздин балага байладык деп кагылып-согулса, жаалаган келиндер чачыла чачып, «эшигиң толо ырыскы чачылган келин бол» деп бетинен өөп жатышты. Эшикте музыка менен кошо «той башталды, той башталды, алакандар чабылып, келин келди ак шөкүлө жамынып», – деп Жигердин достору ырдап, бийлеп жатышты.

Аксаамай Таңсулууну сыртка чакырып башка бөлмөгө алып кетти. Сакен бөлмөгө кирип Умсунай менен сүйлөшө баштады.

– Умсунай, эми отуруп калган соң, жакшы бүлөө бол. Агаң менен сүйлөштүм. Ал дагы эгер карындашым жактырса, отуруп кала берсин деди. Биз сага жакшылык, бакыт каалайбыз да, өзүң билесиң. Сен мага таарынган жоксуңбу?

– Жок жеңе, Манатты жактырганымды айтпадым беле...

Сакендин жүрөгү ушул сөздөн болк этип, кыңыр ишинин эми ачык айтпаска болбой калганын сезди, ошондо да өзү суудан кургак чыгууну ойлоп куйтуланды.

– Кыз, сен али биле элексиңби, сени Манатка эмес Жигерге деп жоолук салышпадыбы.

– Жеңе, мен Жигерди жактырган эмесмин. Анда отурбайм.-Умсунай өктөм унчукту.

– Андай болсо жоолукту салынбай туруп айтпайт белең. Жигер келип жүргөнүнөн, мен силерди табышкан экенсиңер деп ойлободумбу. Эми кеч болуп калбадыбы, кокуй, агаң менен мен канттим?.. – Сакен мурдатан ойлонуп койгон жанаргасын жасай баштады.

Ындыны өчүп, өңү кумсарып кеткен Умсунай:

– Жеңе, мен кете берейинчи, – деп заманасы куурула эчкирип ыйлап жиберди.

Сырттан келген эки келин, Сакенди ой-боюна койбой, сыртка жулкулдатып алып кетишти. Умсунай не кылаарын билбей, ыйлап отура берди. «Ушундай да болобу? Манат кайда? Ал мени жактыргандай болбоду беле? Көзүнөн чын арзытканын көрбөдүм беле? Же ал жалганчыбы?»

Таңсулуу бейтааныш келиндин коштоосу менен келип маңдайына отурду. Санаасы тынч, алтургай болуп жаткан окуяга ыраазы сымал, кушубак. Аны менен Умсунайдын сүйлөшкүсү да келген жок. Маңдайындагы өзүнө окшоп ак жоолук салынып, эки каттап салынган оймо – чийме куралган төшөктүн үстүндө отурган, кара-тору, чап жаак, келбети татына болсо да, жүзүнөн нур чачпаган, жылдызы жок, келечектеги абысынын жагымсыз карап, андан Манатты кызганды. «Кудай – таалам мындайларга бак берип коёт турбайбы, сен Жигерге жар болсоң болмок» деп кыйкыргысы келди. Бирок, ата-эненин тарбиясы ага жол бербеди.

Ак жоолук салынып Жигерге келген тагдырына нааразы. Ата салтын, жоолугун, курулай ар-намысты-баарын аттап кете берсе деле болмок. Ошентиши керек эле. Бирок ага эрки жетпеди. Мээсине сиңип калган түшүнүктөн чыга албады. Эрки жок эле. «Манат маңдайыма жар болуп жазылбаган соң, азыр олтурбай кеткен менен эми кандай адамга туш болом» деп турмушка баш ийе, «нике кайып деген ушул го..?» деген санаага батып, бирок чечкинсиз олтура берди.

Жигер азыр болуп жаткан окуя ага тийиштүү эмес, башка бирөөнүн башынан өтүп жаткан сымал өз башына келгенин жетик түшүнө албай, ага аңдап акылы жетпей, эмне кылаарын билбей да, эч жерге батпай малканада кыбырап жүрдү. Эми эмне болоттон башка ой келбеди ага. Манаттан болсо жер алдына түшүп кеткенсип дайын жок.

Бир маалда Аденис келип баары жакшы, Умсунайың көшөгөдө олтурат дегенде гана Жигер ишенер ишенбесин билбей тобокел тартып үйгө кирди. Чын экен.

 

Эртеси Сакенди кыргыз баласынын каада-салтынын баарын жасап, ыраазы кылып узатышты.

Ошентип, той өтүп, тойдун эртеси да болуп конокторду узатып бүтүп, үйдө өздөрү эле калышты. Турмуш уланды. Токтобос кербен – жашоо өтө берди. Ошенткен менен үчөө Манат, Жигер менен Умсунай ич күптүү тартып жүрүштү. Айрыкча Манат менен Умсунай канчалык сыр бербей, көздөрүн ала качышса да, жүрөктөгү катылуу сүйүүлөрү улам өрт-жалын тартып күчөгөнсүйт. Умсунай кичүү келин болуп чай куйган сайын Манаттын колуна– колу тийип кеткенден чочулап, коркуп, Жигер аркылуу же, Таңсулуу бири – бирине чай узатышат. Көздөрүнүн чагылышып кетүүсүнөн экөө тең качат.

Умсунай өзүнчө отурганда Манаттын кол кармашып таанышканы эсине түшүп, ошондогу жүрөк козгогон аруу сезим башка бирөөнүн жүрөгүн жылытып жүргөнүнө канчалык жаны ачышканы менен чындыкка айласыз баш ийет. Эгерде эрктүүлүк кылып Жигерге жар болбой, өзүнчө жүрсө жеңил болоор беле?

Дасторкондо отуруп терең ойго баткан Манат Умсунайды жалдырап карап калса, ал көздөрүн ала качып тайсалдайт. Экөө тең ичтен тынып, арманын үнсүз жутушат. Байкап калган сырдана Жигер жинденип, ачуусун кимден чыгараарын билбей буулугат. Баары бир үйдө жашап, Умсунай өз бөлмөсү менен ашканадан чыга албай «кайнагасынан» качып, Жигерден коркот. Эч нерседен шеги жок, уй мүнөз Таңсулуу гана баарына бейкапар.

Кызы Аксаамай менен сырдашып, баарын билип алган апасы эки баланын ортосунда чимирик болуп, «Манат балам мага жакын, боорукер, күйүмдүү, сөзүмдү эки кылбайт деп ага жан тартат. Аялы да айылдык кыз, үй оокатка тың, бүйрө. Күнөкөр болгон менен Жигер үйдүн кичүүсү, бирок аны бөлүн деп кантип айтам деп да санаага батат. Карыганда тилим өткөнүн алып калсам өзүмө жакшы болоор эле. Жигерим эрке, шаардык аялын карап эле олтургусу келет. Ынтымакта, сый жүрүшкөн кезинде кимиси бөлүнөм десе эртелеп бөлөйүн. Эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт дегендей эки келинимдин ынтымагы ыдырап, балдарым кагыша элегинде алдын алайын. Жигер эрке болгону менен Умсунай жакшы бүлө болот көрүнөт. Текши айтып көрөйүн, кимиси калса, анысы калсын. Эне байкуш баарына көнөт эмеспи» – деп Таластын Таш Арык айылындагы бир тууганы Жайдардын эки бөлмөлүү үйү бош турганы эсине түшүп, аны менен телефон аркылуу сүйлөштү. Макулдашып алган соң кечинде эки баласын кеңешке чакырып оюн айтты.

– Экөөң тең боор этимден жаралган балдарымсыңар. Кимиңер өзүңөрчө түтүн булатып бөлөк жашайм десеңер таарынбайм. Ачык жообуңарды угайын. Бир үйдө эки келин жумшап, колум узарды. Эми экөөнүн барктары кетише электе бөлөйүн, балдарым, – деп, баарын билип турса да «экөөңдү Умсунай үчүн урушуп кетпесеңер экен деп атам», – деп кантип айтмак. Айтпады.

Жигер адатынча жеңил баалык кылдыбы, же шылтоо таап кете албай жүргөнбү апасынын сөзүн аягына чыгарбай:

– Мен бөлүнөм апа, жеңем айылдык кыз эмеспи, үйдөгү малыңызга каралашканга да жакшы, – деп жиберди.

Манат болсо апасынын көңүлүн оорутпайын деп, бөлүнүү жөнүндө сөз баштоодон тартынып жүргөн эле. Умсунайды күнүгө көрүп, жетип-жетпей жүрүү ага тозок болуп кеткен. Өткүр адам өткүрлүгүн жасайт тура, Жигер озунуп кетти. Мейли. Кичүү эмеспи.

Эртеси Жигер менен Умсунайдын төшөнчүлөрүн түйүп берип, такси менен Таласка жөнөтүштү.

Баарынан да Умсунайдын сүйүнгөнүн айтпа. Арманы ичинде эмеспи. Таекеси Жайдар келинчеги Аккуу менен жаш жубайларды жакшы кабыл алып, кем карчын толуктап беришти. Ошентип алар Таластын Таш Арык айылынын тургуну болуп калышты. Күн ысыганы айылдын баш жагындагы Кең– Кол өрөөнүнөн ижарага жер алышып, картошка, төө буурчак айдап дыйканчылык кыла башташты.Таң атаардан баштап жер менен алпурушуп, буурчак, картошка тигишти.

 

Түшкү тамактан кийин сейилдеп, Кең Кол жайлоосунун кооздугуна суктана карашып, чарчагандарын сезбей бир топ алыстап кетишти.

– Манас атабыз жактырып, жер тандап жүрүп бекеринен бул жерди жердебесе керек. Карачы Умсунай! Асман тиреген, жайы-кышы чокусунан ак кар, көк музу кетпеген, улуу кырка тоолору, көз жоосун алып турганын. Мөңгүлөрдөн эрип, тоо боорунан сыгылып чыккан булактары бирине– бири кошулуп, бир жакка шашкансып шаркырап, күрүлдөп, аккан мөлтүр тунук суулары арыгынан аша агып жатканын карачы! Күндүн ысыгында тиш какшаткан муздагын карасаң!-деп алаканындагы сууну шимире жутту. Жыш токойлор, тал теректер, көк майсаң жашыл бетегеси, атыр жытын аңкыткан арчалары түркүн түстүү гүлдөрүн карачы!

– Тээтиги жыш буралып өскөн кызыл гүлдөрдү сага арнап, Жигер үзүп берсин деп өстүрүшсө керек-үзүп келейинби?

– Жок тийбе! Жаратылыштын кооздугун бузба. Бул жагымдуу үндөр кимдики?

– Арча кайыңдарда олтурган чымчык, кекилик, кыргоол, ителги, бөдөнөлөрдүн же булбулдун мукамдуу үндөрү го.

– Ушундай кооз жерди көргөн эмесмин. Таш-Арык айылынын элдери да эмгекчил, сылык сыпаа, меймандос экен, мага аябай жакты. Эртең жумуш бүткөндөн кийин Манастын күмбөзүн көрүп келеличи деп үмүттүү күйөөсүн карады.

– Мен да чарбакка чыккан сайын кароол чокуну карап баргым келип жүрөм. Сени айылга көнбөй кыйналат го деп коркту элем.

– Шаардан айылды жакшы көрөм. Манастын миң жылдыгында бул айылга байкемдер менен келгем. Чакан эл болгон менен тойдо жыйырма миңдей адамды батырып, бир жума баккан. Ушул айылга турмушка чыксам деп кыялдангам, ишенесиңби?

– Ишенейин деп бетинен өөп койду. Кайра картошка тигип жаткан жерлерине келе жатып, кол телефонун таппай калды. Басып өткөн жолдорунун баарын издешти, табалбай чарчаган соң Жигер олтура калып:

– Ээ кудай! Колдо эч малым жок, ушул кол телефонумду курмандык чалайын. Бизди бөөдө кайгыдан, кырсыктан, суук сөздөн, жаман көздөн сакта. Умсунай сулуум көп бала төрөп берсин, балдарыбыз ыйманы, келечеги менен төрөлүп, тең карып, сексенге чыгып, чогу мүрт өлөлү. Курмандыкка жүз эсе көп акча , дүнүйө бере көр. Ооруу сырколор ушу менен кетсин, бизди беттеген шайтандар ушу телефонго чалынып бизге жетпесин. Оомийн! – деди. Умсунай да бата кылды. Урукту түгөтө баарын көөмп, үйлөрүнө бара жатып Умсунай жоголгон кол телефонду көрүп калды.

– Жигер чөптү карасаң?

– Ой телефонум го, эми эмне кылдым?-деп колун созуп барып кайра тартып алды. Умсунай көзүнөн жашы чыкканча күлө:

– Кайра башкача сүйлөш эми, – деди.

– Бул жерде күлкү жок, билесиңби мен бул телефон үчүн бир торпок саткам. Азыр жаңы турмуш куруп жатсак, куралбай эле минтип жол белге күндө бир буюмду таштап кете берсек, экөөбүз качан байыйбыз. Же мени эмне кылаар экен деп сынадыбы?

– Бол эрте чеч, күүгүм кирип келатат деп Умсунай алдыга басып кетти.

– Оо жараткан! Кечир, бул мага өтө керек, айткан сөздөрүмдү кайра алам, кырсыктан сактай көр-деди да жерде жаткан телефонун ала коюп, кимдир бирөөдөн корккондой эки жагын каранып алаңдады.

Дыйканчылык менен алп урушуп күндөр өтө берди. Жайдар менен Аккуунун үй тиричилигине да жардамдашып жүрүшүп, күндүн батканын, таңдын атканын туйбай калышат. Манастын күмбөзүнө барышып, зыярат кылып, Манас ата, кырк чоролордун арбактарына деп куран окушту. Музейди, мейманкананы, бүүкананы көрүп, түлөөканадан түлөө жеп чыгышты. Кароол чокуга чыгышып, бийиктиктен баатырлардын айкелине карап Манат:

– Умсунай ушундай кооз касиеттүү жерде уулдуу болсок атын Манас, кыздуу болсок Каныкей койолу же Талас болсунбу?

– Тун балаңдын атын апаңа коюп бер десең туура болот ко дейм. Дагы ойлонуп көрсөң, кандай ат койсоңор да мен каршы эмесмин. Деп тоодон ылдый түштү. Андан ары кызыл аскалуу тооду көздөй жөнөштү. Ал тоодун ичиндеги үңкүргө киришип, ичин көрүп чыгышты.

– Үңкүрдүн ичи аябай эле чоң экен. Оштогу Сулайман тоодой музей же башка бир нерсе кылса болбойбу? – деп Умсунай күйөөүн карады.

– Адам колунан келбеген эмне бар дейсиң. Акчалуу адамдар ойлонуп жатса керек, угушумча бул жерден алтын издешкен окшойт.

– Чын элеби, алтыны да бар бекен. Мазарлуу ыйык жер болуп, баатыр атабыз өзү колдосо керек ээ. Керемет айылды курорт эс алуучу жай кылып, чет өлкөдөн келген туристтерге көргөзсө баркы чыкмак экен. Тоо десе тоосу үңкүрү ичинде, суу десе дарыясы ашып ташкан, тарыхый музейи, жалпы кыргыз элинин тарыхы, токой десе чытырман токойу, жайлоо десе жайыты мол айтор бейиштин төрү деп ушул жерди айт деп Умсунай суктанып келе жатты.

– Мен сенин сөзүңө кошула албайм. Кооз жерлер өзүбүзгө буйруп, бейкут жаткан элим, тынчтыкта болсо дейм. Четтиктерге жеримди тепсетким келбейт. Кадырына жете алат дейсиңби? – деп Жигер үшкүрүнүп койду.

 

Үйдөн колу бошоп кыйшая калса, же бош отуруп калса эле Умсунайдын эсине Манат түшөт. Өзүнө таң калат «кокус гүл берип, же бетимен өөп койсо анда эмне болмокмун. Кол кармашып таанышканыбызды эле унута албай жатам. Же ал сөз берип, убадасын унутса бир жөн. Балким ал мени жактырбаган чыгар. Ооба, эгер чындап ашык болсо ал башкага үйлөнмөк эмес. Жок, жок, ал мени сүйөт. Жетпеген сүйүү түбөлүктүү болот окшойт» деген сымал жоопсуз суроолорго тушугуп, өзүн өзү жубатат.

Жигер да Умсунайга Манат жөнүндө сөз козгогондон тартынат. Себеби Сакен булар үйлөнгөн күнү Жигерге бир топ сөздөрдү айтып, өзү да, алтургай Умсунай да кызга Манат үйлөнөт экен деп ойлогонбуз, ортодо сен озунуп кеткен экенсиң, эми болору болду, сага көнгөн Умсунайды сыйлап, көтөрүп алгын дегенден кийин өзүнүн көп адамга жоопкерлигин сезген эле. Ага өзүнөн башка эч ким күнөөлүү эмес. Ошентсе да Умсунайды агасынан кызгана берет. Алардын ар бир көз караштарын аңдып, ичи тарып, шекшингенин койбойт. Эгер кызганычын ачык айтса, «анда агаңа деп тааныштырган кызды эмне алдың?» деген акталгыс айыпты угуп каламынбы деп Умсунайдан жазганат. Анда эле экөө ажырашты дей бер. Жабылуу аяктын жабык бойдон калганы дурус.

Умсунайдын кош бойлуу экенин уккандан тартып аны Жигер үзүлүп түшүп карачу болду. Өзүн актай алгыс күнөөкөрдөй сезет. Базардан жакшы деген азыктын баарын алып келип, кечкисин сейилге чыгарып, көпөлөктөй чарк айланып көзү менен тең тегеренип чын сүйгөндүгүн далилдегиси келет. Канчалык жанталашканына карабай Умсунай ага тоң. Ниетин бербей койгонун сезет. Жүрөктү алдап болбойт эмеспи. Ошентсе да акыры жеңип кетермин деп үмүт багып, өзүн алдап, жубатат. Бир туруп өзүнө өзү нааразы да болуп коёт, Умсунай да ичинен «Жигерден артык кандай күйөө тапмак элем. Манат мага ашык деп өзүмдү алдаган чыгармын. Же... негедир аялы экөөнүн сейилдегенин деле көрбөйм. Айылдагы теңтуштары менен чогулуп калганы эле болбосо, башка эч жакка чыгышпайт. Мени эркелете карагандай аялына жылуу көз карашын деле көрбөйм. Экөө арзышкандай ысык тамашалашып, жаштарча ойногондорун деле көрбөдүм. Кой, аны көп эстебей жүрөйүнчү. Бирок кантип? Манатты кантип унутамын?! Же Жигерди таштап кетип калсамбы? Анда эл эмне дейт? Эринен чыгыптыр деген түбөлүк жаманаттыга калгандан башка эмне табамын? Кайсыл бир ырда айтылгандай «таппай жүрөм, сиз берген жылуулукту башка адамдан» деген сымал Жигер колумду канча кармаган менен, Манаттын көз карашындай эле жылуулугу жок» деген убайлуу санаадан чыга албайт.

Таңсулуу да кош бойлуу экен, бир жарым ай Умсунайдан мурда көз жарат. «Алардан сулуу бала төрөлөт, бирок экөө канчалык жылдыздуу болушкан менен Таңсулуудай мерез болор, ортосунда махабат оту жок» деген ой Умсунайдын кызганычы менен аяктайт.

Апасынын үйүнө Жигерлер көп деле каттабайт. Умсунайды да жалгыз жибербейт. Агасынан кызганат. Кокус... Анда эле Жигер армандап калды дей бер!

Манат кыздуу болуп жентек берет экен дегенди угуп Жигерлер да Суусамырга келишти. Кызы апасына окшош болгону менен Манаттай жылдыздуу экен. Умсунай ойлогону туура чыкканына жылмайып кызды көтөрүп турду. Манат кирип келип кызын көтөрүп турган Умсунайга аны сыртта чакырып жатканын айтып кызын колуна алды. Умсунайдын колу Манаттын колуна уруна түштү. Экөө ток ургандай чочуп бири-бирине жалт карашып саамга үнсүз тиктеше туруп калышты. Манат жалдырап, эсин бачым жыя койгон Умсунай башын жерге сала сыртка шашыла чыгып кетти.

Манаттын жүрөгү ачышып Умсунайдын артынан көпкө армандуу карап турду. Жаңы эле жабылган эшик кайра ачылып, ашыгы кирип келчүдөй күттү. Андай болбоду.

 

Кечинде Таңсулуу менен Умсунай идиш жыйнаштырып жатып сүйлөшө кетишти. Алгач эч нерседен бейкапар Таңсулуу сөз баштап калды.

– Сен эки айдан кийин бошоносуң. УЗИден эмне деди, кызбы же эркекби?

– Ким билет. Сураган жокмун. Кудай бергенин алабыз да. Биринчи баланы тандамай жок. – Умсунай көңүлкош үн катты.

– Эркек болсо дардаңдаган күйөөң такыр эле болбой калат го?

– Мүнкүн. А байке сүйүндүбү?

– Ал сүйүнгөнүн деле билгизбейт. Сыры ичинде. Бирок ыраазычылык билдирип, бул сөйкө менен шакекти төрөт үйдөн чыгаарда салды.

– Аябай жакшы экен, кут болсун. Кызыңарга Байчечекей деп атын ким койду? – Таңсулуунун баелугунан аны аяп кетти. Анда не айып?

– Мен. Апам менен байкең каршы болгон жок, – Абысыны кубанычтуу жылмайды. Эне эмеспи.

Аңгыча кызын көтөргөн Манат кирип келди:

– Такыр соорото албай койдум.

– Сендей көкбет да, – деген Таңсулуунун тамашасына баары жылмайышты. Ээрчише чыккан бүлөгө кызыгуу менен карап, « биз балалуу болсок, Жигер кандай ата болор экен?» деген ой Умсунайдын ой-санаасын түпөйүл аралап өтүп, аарчыган тарелкаларын ордуна коюп, бөлмөсүнө кетти.

 

Ай күнүнө жакындап калганда Умсунай Таластын доктуруна көрүнүп келүүгө чыкты. Автобустун ичинде элдин көптүгүнөн орун жок, же орун бошотуп берген бирөө жок. Бир кезде анын жүрөгү кысылып барып, башы айланып, уктап кетти. Түшүндө ак көгүчкөнгө айланып, зымырап асман жирей самолет менен жарышып учуп барат. Көпкөк асман, шагы ийиле өскөн алма, мөмө жемиштер. Жерди караса мандалактар айдап койгондой тегиз өскөн. Айланага суктана канатын жайып, кайкып учуп баратса, кайдан келгени белгисиз бүркүт пайда болду. Тумшугу менен тийип өттү, ак көгүчкөн жерге кулап түштү. Уйкусунан ойгонуп, Умсунай айлананы карап түшүнө албады. Автобуста эмес жерде жатат. Казганактап тегеректеген эл көп, бети башы суу. Өзүнө келе түшүп, кийимин оңдонуп, өөдө турду.

Бири «Байкуш келиндин баласы козголуп калбагай эле, ой, жашыраагыңар орун берип койбойт белеңер десе, экинчиси «багы бар экен, жанында эл болбосо оңбой калмак» деп жебиреп жатышты.

– Тез жардам чакырып койду, мына бул баланын чөнтөгүндө телейпону бар экен, эс алып олтуруп тур бир азга айланайын-деген кары кемпирге ыраазы боло карап:

– Жакшы элемин, доктурдун кереги деле жок, бир аз башым айланып кеткен тура, рахмат баарыңарга, – деп «Мен кайдамын, эмне болуп кетти?» деп түшүнө албай жатты.

Жолдон өтүп сол тараптагы сейил багына илең-салаң кирип, орундукка олтурду. Мындай болорун ким билиптир.«Жаным учуп чыгып, тигил дүйнөнү көрүп келдим окшойт. Өлүмдөн коркчу элем, көз ирмемде денеңен бошоп, учуп кетет окшойсуң. Же каным өтө эле азайып кеткенби, мындай көзүм караңгылап, эстен танган эмес элем» деген ойго чөмүлүп, жалгыз чыкканына өкүнүп алды. Эмнегедир доктуруна да барбай үйүнө кетүүнү чечти. Плащынын боорун ачып, таза абадан кенен жутту. Бөтөлкөдөгү суудан ууртап, баш айланганы басылгандай болду. Суу ууртап жатканда бирөө шыбырагандай болду. Тегерегин караса эч ким жок. Кулагыма үндөр угула баштады го, эртең Жигер менен келип, доктурга көрүнөйүн деп ойлогучакты дагы да кандайдыр үн чыгып калды:

– Эже, эже, олтурган ордуңуздан кыймылдабай менин сөзүмдү угуңуз дегенде Умсунай бакырып жибере жаздап, ага алсыздыгынан эле селейип, катып калды.

– Чочубаңыз, – деди жанагы үн, – Менин атым Туйгун жаныңыздагы жылуулук өткөн кудуктун, люктун ичинде жатам. Мендей карыпка жардам бериңиз эжеке, өмүр менен өлүм алдындамын. Алдыңыздагы жолдун боюнда кара машина турабы?

– Ооба.

– Сол тарапта маршрутка турабы?

– Ооба.

– Алар мени өлтүргөнү турган адамдар. Мен балдарыма каткан акчаларымды бекитип олтурам. Соопчулук кылып, баштыкты байкатпай менден алып кетсеңиз эжеке. Эгер бул жерден аман чыксам сизди өзүм табам, жана милийсага бул уюшкан бандиттерди кармап берем.

Умсунай кино көрүп жаткандай ойдо жок окуяга айран таң болуп, бирок ал өз башынан өтүп жатканына ишенип-ишене албай олтурду. Тиги машиналардагы бандиттери анын коогалуу баштыкты алып жатканымды көрүп калышса эмне болот?Анда эле соо коюшпайт го. Анан кантет? Байкуш мусапырды жалдыратып баса береби, өз башын аралжылап. Антсе адамгерчилиги кайсы? Тобокел.

– Менден эмне жардам керек? – деп Умсунай боору ооруп, кандай кыйынчылык болсо да жардамдашууга даяр эле.

– Бир аз отура турсаңыз, алар мени издеп жатышат. Алар алаксый түшкөндө жерден бир нерсе алымыш болуп баштыкты алыңыз да сумкаңызга салып, өз калыбыңыздан жазбай, улам суу ууртап коюп жөнөй бериңиз. Качан алар узаганда катуу жөтөлүмүш болсоңуз мен даярданам.

– А сен кантип чыгасың? Мен жоолук менен плашымды таштайын, эптеп аялча кийинип чыгып кет. Мени Таш Арыктагы Жайдардын жээни Жигер, анын аялы Умсунай деп сурасаң табасың.

– Эже сизге миң мертебе рахмат, аман болсом сөзсүз сизди ыраазы кыламын, – деп жалооруду бейтааныш жигит.

Умсунай туруп баратып кол сумкасын колунан түшүрүп жиберип, аны жерден алымыш болуп эңкейип, люкка кийимин таштап, Туйгун сунган баштыкты кол сумкасы менен кошо ыкчам көтөрүп алды. Коркунучтан жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй түрсүлдөп чыкты. Ошентсе да тигилер шекшип калбасын деп тез басуудан коркуп өзүн араң токтотуп баратты. Колундагы суудан улам ууртамыш этип, акыры аялдамага да жетти. Автобуска кандай түшкөнүн билбейт...

Жигерге башы айланып автобустан түшүп калганын, эртеси экөөбүз баралы деп айтарын ойлонуп баратты. Куугун жокпу дегенсип терезеден улам артын кылчак каранат. Жанындагылардын аны менен иши болбоду.

Келсе Жигер уктап жатыптыр. Ал да оңдой берди болду, такыбай. Өңү кубарып, үйгө кирип эле баштыкты жүккө бекитти. Саал эс ала түштү. Артынан удаа эле кирген Аккуу тайжеңеси менен чай ичип, көпкө баарлашып олтурушту. Ал өзүн өзү алаксытканы болчу. Оюнан болсо жанагы, жер алдына жашырынган жигит кетпейт. Тайжеңеси эртерээк кетсе эле баштыкты ачып көргүсү келет. Ичинде эмне болду экен? Деги баңгизат, кылмышка калчу неме болбосо экен. Ал тууралуу Жигерге айтаар айтпасын да билбей кыйналды. Эмнегедир ичи да ооруп чыкты. Толгоосу келип калдыбы? Эртерээк го. Анда... Акыры чыдамы түгөнүп Жигерди ойготту эле, ал:

– Ох, ырас ойготтуң жаман түш көрүп, кыйналып жаттым эле. Асмандан алпкаракуш капыс пайда болуп, мени ээн талаа, эрмен чөлгө таштап кетти. Жалгыз жол таппай кыйналып, жаналекетке түшө аркы-терки чуркадым. Акыры чарчап, айлам кетип олтурганда асмандан кара курттар жабалактап жаап, денеме жабышып алып чагып жатышканда сен ойготтуң. Дагы эле өзүмө келе албай турам, – деп, башын мыкчыды.

Күндүз кыйналып калгангабы, айтор Умсунайдын толгоосу тездей баштаганда ал, Жигерге баштык жөнүндө айтууну ойлоду. Аккуу эле, жанынан чыкпайт. Айына жете электе коркуп Жигер машине айдатып келип, аялын төрөтканага алып жөнөдү. Жанында дагы эле Аккуу тайжеңеси. Ал, Умсунайдын күйөөсүнө жашыруун айта турган сөзү бар экенин кайдан билсин, жаңы төрөт неме коркпосун деп, толгоосу кармаган кезде Умсунайдын колун кармап, укалап, жылуу сөздөрү менен алаксытып, кызына мээрим төккөндөй нээтин аянган жок.

Айдай жүзү албырып, толгоосу күчөп, Умсунайдын жаны катуу кыйналды. Жигер айдатып келген машине менен төрөт үйүнө тез эле жетишти. Күндүз кыйналып, Туйгун үчүн убайым жеп, жөө көп баскангабы толгоосу бышып калган экен, төрөтканага киргенге жарым саат жетпей жети айлык кылып уул төрөдү. Баласынын аман– эсен төрөлгөнүн уккан Жигер кубанычы койнуна батпай олда аябай бапыраңдады. Керектүү деген дары-дармегин дарыканадан толук алып берип үйүнө кетти. Умсунайга «Сага рахмат! Керек деген дарыларыңды алып бердим. Таң эрте даамдуу шорпону өзүм жеткирип келем. Алтыным, баламды жакшы кара, эми мага таң атпайт го, бетиңен өөп, Ж.» деген катын медайымдан берип жиберди.

Жолдон айылдык тааныш теңтушуна жолугуп, андан үйүнө кирип келаткан жеринен Аккуу тамакка чакырып, сүйүнчүсүн берип бир далайга чейин отурушту.

Ошентип, Жигер асманга жылдыз толгон кезде гана үйүнө келди. Жалгыз жата албай коңултуктап, жашоодо эч кимге керексиздей көңүлү чөктү. Умсунайсыз турмушу супсак, энесинен башка жан тартаар адамы жоктугун ачык сезди. Саналуу күндөн кийин ымыркайы келип, үчөө бапырап жашаарын эстегенден каниет кылып, кубат албаганда эмне кылары белгисиз эле.

Умсунайга керектүү буюм-тайымдарды жазып алган тизмеси менен четинен даярдай баштады. Төрөлүүчү балага деп алдын-ала даярдашкан жаңы ороо-чулгоолорду экөөлөп сандыкка салышпады беле. Сандыкты ачып, ичинен баласына деген ороолорду, Умсунайдын көйнөгүн алып чыгып, жыттап-жыттап алды. Кандай жагымдуу, жүрөккө даба жыт, касиет! Эгерде Умсунайга үйлөнбөй калса не болмок? Жүрөгү шуу этти. Ансыз жашоосун элестете албай, айрылуудан коркот. Ал, байкесине аял болуп калса кантмек?! Андай болсо баарынан кечип Россияга иштегени кетем деген чийки, эзели эзели ишке ашпас оюн эстеп өзүнчө күлүп койду. Баланын буюмдарын түгөлдөп бүтүп, сандыктын үстүндөгү төшөктөрдү жыйнай баштаганда кара пакетке салынган катуу нерсе жерге түшүп кетти. Бу неси? Кайдан, ким алып келди?! Умсунайдан башка ким болмок эле. Эч нерсеге түшүнө албай, кызыгуусу ашынып баштыкты шашыла ачса – чылкый жашыл долларлар. «Мына сага тамаша, мынча акча үйгө кайдан келип калды?. Умсунай эле алып келди да, аны кайдан алды?! Ким, эмнеге берди? Менден ал неге жашырды?! Соо эмес ко?». Акчаларды санаса ашык кеми жок беш пачке, демек элүү миң доллар экен! Мынчалык байлыкты, болгондо да топ долларларды биринчи жолу көрүшү. Эми аларды эмне кылуу керек?! Жигер дыкат таңылган акчаларды эмне кыларын билбей, жүрөгү түрсүл кагып шалдырап олтуруп калды. Акыл-эси туңгуюкка кабылып, жооп таппай, коркуп да чыкты. Пенде карбаластап, оюнда баштыкты темир мештин ичине салды, кайра алып, полдун бир жыгачын сыйрып алып ошол жакка салсамбы деди, ал жерден кайра алып, төшөктүн ичине тигип да салды. Ким бирөөлөр кирип келип таап алып, жулуп кетчүдөй. Мындай чоң байлык үчүн аны өлтүрүп да коюлары мүнкүн.

Акча адамдын напсисин бузбай койбойт эмеспи, Жигер колуна тийген акчаны Умсунайдан кызганып, ал келсе бул, чоң олжодон айрылып калчудай кыжалаттанды. Өмүрүндөгү эң бактылуу күндөр башталып, кыял менен таң кандай атканын сезбей калды. Кыял менен Суусамырга айылына барып, чоң үй салып, машина айдап, уулуна той берип, калган акчага мал сатып алып, байыйт. «Эки жылдык торпоктон жүздү алып койсом, жайлоого чыгарып жиберсем, күздө же жазда жаш кунажын болуп, жүз баш уй баласы эки жүзгө көбөйсө кандай сонун. Же беш бээ, бир ат алып, беш жүз кой баксам, ал деле кийинки жылы жок дегенде сегиз жүз болсо деле өлтүрбөйт, Умсунай көп бала төрөп үйдө олтурса деген сыяктуу ой түрмөгү чубала берди. Алдыга койгон максаттарың, акчаң көбөйгөнүнө жараша өзгөрө берет тура. Баягыда таякемдин досу келип, «менин үч миң сомум барда курсак ток, кайгы жок камырабай тынч жашачымын. Ал акчам отуз миңге көбөйгөндө, карызга батып, бушайман болдум. Үч жүз миңге көтөрүлгөндө эч жакка жеткизе албай үстүнө кредит алдым» десе таң калды элем. Көрсө акчалуу адамдарга көп ойлонууга туура келет тура» деп өзүн бай адамдарга кошуп бактылуу болду.

Бир топко чейин аркы-терки басып жүрдү. Ой топтоду. Амал таппады. Дагы бара көрөрмүн деген ой менен дүкөндөн нан алып, жолду кыскартмакчы болуп үйүнүн артынан келатса дарбазасынын алдында чоочун машине токтоп турган экен, алар менен Аккуу сүйлөшүп жатыптыр. Жанындагы эки кишиге «ал чыгып кеткен, аялы төрөтканада ошого кеткен го», деди. Жигер алардын кебинен Умсунай экөө жөнүндө айтып жатканын түшүнө койду. Үйдүн артында туруп, машине менен акчанын байланышы бар экенин сезди да, үйгө шашылыш кирди. Кийимдеринен чоң сумкасына будалай салып, акчаны ага ороду да сыртка элеңдей чыкты. Алдынан чыккан Аккуу:

– Келинге баратасыңбы? Кап, сенин келээриңи билбей, издеп келгендерге аялына кеткен дебедимби.

– Эч нерсе эмес, аларды азыр өзүм таап аламын, – деп шек билгизбей короодон шашыла чыгып кетти.

«Бул келгендер ким? Умсунайдын кайдагы тааныштары? Мынчалык көп акча бергидей, алар кимдер? Мен тааныбаган бул кандай жигиттери, мага эмне бул акча жөнүндө айткан эмес? Үйдөн чыккан эмес эле, кечээ эле алып келди болуш керек, ошого чуркап кайгырып жүрүп эрте төрөп койду көрүнөт. Же булар менен мурда-кийин сайрандап жүргөнбү? Ошондой болсо керек. Анда ошо достору менен жыргап жүрө берсин», деп Жигер чөнтөктөгү паспортун текшерип алып таксиге отурду...

 

© Асылбекова З.Б., 2010

 


Количество просмотров: 2651