Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Асылбекова З.Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 18-августу

Зульфира Болотбековна АСЫЛБЕКОВА

Үмүттүү аян

(Аңгеме)

Бул аңгемеде тагдырдын сыноосунан сынбаган, сыны кетпеген адамдардын турмушундагы кудайдын тартуулаган үмүтү тууралу баяндалат.

Асылбекова З. Чатыраш тагдырлар. – Б.: Гүлчынар, 2010. – 176 б. китебинен алынды.

УДК 821.51
    ББК 84 Ки7-4
    А 91
    ISBN 978-9967-25-883-9
    A 4702300100-10

 

 

– Алымбек ойгончу, турчу, мени уксаң, бир укмуш түш көрдүм.

Ал уйкудан ойгоно албай, көзүн ушалап, мага карай:

– Уктабайсыңбы, эртең деле айтсаң болбойт беле?

– Мага аян берип жатат. Бул жөн түш эмес,керемет, бирок…

– Уйкум да качып калды, кана айтчы, эмне түш экен?– көзүнүн кыйыгы менен карай отурду.

Небересине жомок айтаар чон энедей камындым:

– Экөөбүз ат араба менен бөксө тоолорду көздөй баратабыз. Жаз окшойт, айланабыз жашыл тукаба жамынгандай. Атайын издесең да бир булут көрө албагандай, асман көпкөк тартып, ачык. Күн нуру асманга тик каратпай көздү уялтат.

Сайраган чымчыктардын үнүнө кулак төшөй, жаратылыштын кооздугуна суктанып, ат басыгы менен чайпалган арабанын үстүндө биз дагы чайпалуудабыз. Сапарыбыз кай тарапка, эмнеге бет алганы белгисиз. Алдыбыздагы болор-болбос көрүнгөн караан уламдан– улам жакындай берилегенсийт. Келсек, беш жыл илгери каза болгон, айылдагы Кадырбек чоң ата экен.

– Бул жерде жалгыз эмне кылып жүрөсүз?.. – деп арабадан түшүп– түшпөй суроо узаттым.

– Ушундай жаратылышы кооз жерде жалгыз экениңди кантип сезмек элең. Самоор сатканы келгем.

– Канча самооруңуз бар? Эл жок жерде кимге сатасыз? Айланайын кызым, бир эле самоорум бар, ал да эскирээк.

Колундагы сары түстүү берекелүү самооруна көз чаптырдым. Бир топ жыл колдонулган, «сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт»– дегендей, сындуу экенинде талаш жок. Атаны аяп кеттим.

– Бизге сатыңыз, бала-бакырабыз менен кенен жеткидей экен, самоорду алып арабага салып коём, сен унчукпайсың.

Чоң ата алаканын жайып, бата берип, бизге карай:

– Биздин жолдор эки башка, силер жогору кеткиле, менин жумушум ылдый жакта деп, биринчи көрүнгөнүндөй болуп бүлбүлдөп барып жок болду. Мен ойгонуп кетип эле сени тургуздум.

Көзү өткөн кишинин буюм бергени жакшы, а эмне үчүн эски самоор берди?. Бул түштү кандай жоруса болот?. «Түштүн мойну кылдай болот, кайда бурса кете берет» деген сөз оюма түшүп, ага суроолуу карап, жакшы жоручу, деп айткыча:

– Алла – тааладан буйрук болуп, уулду болот экенбиз. Уулубуз темирдей бек, самоордой берекелүү, эли жерин сыйлаган, көп жашап, самоордун сыны кетпей тургандай эл кадырлаган азаматтардан болуп төрөлөт экен, ал кыбыланы карап бата кылып, кайра жаздыкка башын койду.

– Жүрөгүмдүн учу тоңуп калгансып,менде бир туңгуюк сезим пайда болду. Оюм – онго санаам – санга бөлүнүп турду.

– «А менин жүрөгүм толкунданып, бир жакшы кабар уккандай алып учат»,– деди бир оокумда Алымбек.

Уулубузга ысым тандай баштадык. Кыргыздын батырларын тизмелеп: Манас, Чынгыз, Эр Төштүк, Чубак… Кызыбыз Ибадаттын атына уйкаш ат койгубуз келди. «Түштө аян берип төрөлсө, азыркы заманга жараштырып Дастан» деп коёлу деп, көңүлүбүзгө жаккан ысым тапканыбызга кубана бир-бирибизге карап койдук. Ымыркай балабыздын келечегин кең түзүп, таттуу кыял менен элестетип, кандай оюнчук алып берүүнү да сүйлөшө бердик.

Алымбек:

– Балам төрөлсө эле велосипед алып берем, өзүм бала кезимде жанымдагы балдардын велосипедине абдан кызыкчу элем.

– Биринчи төрөлсүн, жакшы тарбия алышы керек, эс тартканда алып берээрсиң.

– Баланы эркин өстүрүш керек, биз айткандай боло бербейт. Акыл-эсине киргенде өзү тарбия алат, мээсин оорутканда эмне .

Алымбек уктадыбы, ойгообу ага көңүл бурган жокмун. Өз алдымча баламды, кызымды ээрчитип шаар аралап, циркке барып, оюн көрүп, кыялдануу менен уйкунун кучагына кеттим. Жакшы кыялдар, менен ыйык Талас жеринде жолдошумду жумушка узатып, тосуп алып мезгил менен жарыштым. Арадан зымырап күндөр... күн артынан айлар өтүп, Дастанчик жарык дүйнөгө келди.

-Уул төрөдүң, жөн эле азамат, үч кил алты жүз экен. Ошон үчүн кыйналып төрөдүң да. Тиги эжең шамдагайлыгынан тартып алды. Бизге чоңго жыгылдың окшойт, көрүндүк менен сүйүнчүнү экөөбүзгө бөлүп бересиң,-– го деп ымыркайды көтөрүп төшүмө жаткырып жаткан доктурлардын сөздөрүн уккан менен көзүм баламда.

Эне байкуш өзү канчалык кыйналып көз жарса да, ымыркайын көрөөр замат дүйнө керемет боло түшөт эмеспи. Төшүмдөгү баламды карап бактылуу эне болуп жаттым.

Баланы башка бөлмөгө алып кетишти. Эшик ачылса баламды татына кылып ороп келээрин чыдамсыздык менен күттүм. Балам менен балдар доктуру кошо келди.Мага сырдуу көз менен карай:

– Эркек уулду болушуңуз менен куттуктайм. Балаңыздын дени сак, эс– акылы ордунда, бирок...

– Эже, эмне, токтолбой айтыңызчы?

– Кыйналып төрөлгөндүкү го, аркасында көлөмү бармак басымдай, сыргага окшогон эт өсүп турат. Бала шишик төрөлбөдүбү, убакыттын өтүшү менен балким тарап кетет. Коркунучу деле жоктой көрүнөт. Капа болбоңуз.

Эшиктен кубанычы койнуна батпаган Алымбек кирди. Сүйүнчү, көрүндүк сурагандын барына чачылып, бактылуу ата болууда.

Бөлмөдө экөөбүз калганда мага да, алла-таалага да ыраазычылыгын билдирип:

– Эми өзүбүзчө кубана бербей, Дастанчиктин чоң ата, чоң эне, тайларына сүйүнчүлөйлү.

– Баарына айт. Унутуп калсаң, кийин таарынышат.

– Макул, макул бөлмөдөн чыгууга даярданган Алымбекти ээрчишкен беш-алты доктур токтотуп калды. Алардын арасында бала доктур, хирург, невропотолог бар экен.

Бөлмөдөгү бош орундукка отуруп, Дастандын ороосун чечип, невропотолог аркасындагы этти басып көрүп:

– Кал сыяктуу өскөн эт турбайбы, эч нерсе болбойт, коркунучу жок. Баланы убактысы менен тамагын берип, жуундуруп, кургактап бага бергиле. Келекчекте баатыр жигит болот,-– деп жылмайды.

– Ошондой эле болсунчу,-деп корко түштүм, Балабызды жолдошум экөөбүз оюнчуктарынан бери даярдап, атын да эрте коюп, абдан күткөн бала.

– Анда күткөнүңөр орундалыптыр, жакшы эс алгыла деп чыгып кетишти.

Алымбекти узатып, кубанычка оролуп турсам да, жүрөгүмдүн согушу башкача.

Эртеси атайын чакыртышканбы же өздөрү текшерүүгө келишкенби, айтор» Бишкектен комиссия келди» деп Дастанчикти көзөмөлгө алып, карап жатышты. Анда– санда үн чыгарып, буту-колу тырбалаңдап жаткан балам оорубай тургандай эле сезилет.

Комиссиянын жетекчиси окшойт, мени аёо сезим менен, кайра чыйралсын дедиби сүрдүү көз карашы менен:

– Баланын оорусу биз ойлогондой сыртында эле эмес, жүлүндү кошо камтый чырмай өскөн экен. Операция жолу менен гана тазаланат.

– Бишкекке алып баргыла. Бул этти убагында тазалабасак, анын тамыры өпкө, жүрөктү кысып, кан тамырлар менен кошо тамырлап баланын тулку боюн өстүрбөй салат да, мите курттардай акырындан жей берип, чиритет. Бала үчүн кам көргүлө, башка жол жок, деп чыгып кетти.

Алымбек экөөбүздүн кубанычыбыз кайгыга, көзүбүздүн тегереги жашка айланды. Бири-бирибизди аяп, кучакташып ыйлай бердик. Кечээ сүйүнчү айткан чоң эне, чоң аталарга бүгүн кайра бул кабарды айтканы, башын жерге салып, Алымбек кетти.

Жалгыз калып: «эмнеден жаздык, эмне күнөө кылдык, же түштөгү аян ушул беле? Кыргыздар айткандай төрөлө элек балага эч нерсе албайт, ат койбойт деген ырымды жаштык кылып кармабай койдукпу?»... түркүн суроо, жообу жок. Жатсам эле түшүм эске келет Эски болсо да сынынан кеткен эмес,» бала операцияны көтөрүп кетет» өзүмдү жооткотом.

Ата – эне, тууган-туушкандын көбү «кыштын күнү болсо, кыркы чыга эле балага бычак тийгизтирип, бели ката элек келинди да ары– бери сүйрөбөй коё тургула, жаз келгенде барасыңар» деп, биздин Бишкекке жөнөшүбүзгө каршы болушту. Кээ бири доктурдун айтканын аткарыш керек, айылдагы бир кыз да ушундай төрөлүп, убагында барбай коюшуп, жүлүндүн эти тамырлап, көзү көрбөй, буту баспай, акылы да кемип, майып болгонун айтышып, ооруп турган жүрөктү ого бетер дүрбөлөңгө салышты.

Ыйык Талас жеринин ыйыктыгына, Манас атабыздын арбагы колдо деп, айылдаштарыбыздан бата алып, күндүн суугуна, өзүмдүн белим катпаганына карабай, төрт жүз чакырым жол басып, Бишкекке кирип келдик.

Оорудан айыгабыз деп, бизге окшоп зарыгып келген далай кардарды койнуна кучактап турганын сездирбей, зымырайган Бишкек сыр бербей тосуп алды. Төрөлгөнүнө он үч күн болгон балабыз борбордун эң кичине оорукчан кардары болду го деген сезим пайда болду. Таластын суугуна караганда, Бишкек жылуу сезилет, бирок күнүгө таң заардан туруп, ар кандай анализ тапшыруулар менен Бишкектин да ным тарткан суугуна көкүрөк тостук.

«Баласынын жамандыгын көрбөгөн эне– бактылуу». Бул сөз акылмандык менен айтылганында калет жок. Анализдердин жыйынтыгы менен Дастанчик, операция столуна алынды. Көзгө коркунучтуу көрүнгөн столду карап, « ак жолтой» болушун тилейбиз. Кыргыздын атактуу инсандарынын арбактарына, Каныкей энеге, Умай энеге, Алла-таалага чиедей балабызга арстан, жолборстукундай күч берип, операцияны көтөрүп кетишин тилеп, балабыздын ден– соолугу үчүн күрөшүп жаткан ар бир доктурдун колунун жеңил болушун сурап, көзүбүздүн тегерегиндеги жашты билгизбей сүртүп, бир саат оорукананын далисинде ары-бери басып жүрөбүз. Бир саат бир айга айлангандай болду.

Ымыркайдын көзүн карайбыз. Кыңылдап үнү чыкса жүзүбүз кубанычка бөлөнөт. Акырындан өзүнө келе баштаган балабыз ак сүтүм менен кандай тамактанса, дарынын түрүн да кошумча тамагындай эле пайдалана баштады. Ар бир дарыны ичирген сайын «Улукман акемдин дарысы, балабыздын дартына дабаа болсо экен» деген жалынуулар күнүнө биз тараптан далай жолу кайталанат. Биз, чоң эне, чоң аталарыбыз да беш маал намаз окуган сайын кудай– таалага жалындык.

Дастанчик күндөн– күнгө чоңоюп, кылыгы чыгып, жүзүндө жылмаюу пайда болуп ичимди эзет. Кичи даарат, чоң дааратын гана кармай албайт.Ушуга до тобо кылабыз. Келечегин элестетип, көп нерсеге үмүт менен карадык.

Үмүт менен жашоо, адам баласынын башына түшкөн кайгыны жеңүүдө кандай күч, кубат болооруна өз башыма келгенде гана сездим. «Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет» дегендей ар бир адамдын жаман сөзү жүрөктө сакталып, көңүлүңдү чөгөрүп, жакшы сөзү үмүтүмө үмүт кошуп, ишенчимди арттырат. Ымыркайым экөөбүз бир ай үйүбүздө атабыз менен эжебиздин жанында болсок, бир ай оорунун чеңгелинен чыгуу аракети менен ооруканада күн өткөрүп жүрүп, бир жылга аяк басты. Дастанчик талпынып эмгектесе, оорунун изи сууптур деген кубаныч жүрөктү ээлеп, бизге жардам берген Алла-таалага, Умай энеге, Улукман акеге, Каныкей энеге, Манас ата, Кыдыр аталарга ыйык Талас жергесине ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Уулубуздун кылыгы күчөп, өтө тентек боло баштады. Биздин акыбалыбызды билейин деп эжем келиптир. Жаныман чыгарбай Дастанчикти алып отургам. Аркы бөлмөгө кирип чыкканча кайнап турган чайнекке колун салып жибериптир. Чыңырган Дастандын ачуу үнү жүрөгүмдү эзди. «Баламды карабай, жаңы талпынган жанын кейиттим», деп өзүмдү-өзүм тилдейм, урушам, аргам жок. Колунун териси шыпырылып түшүп, кызыл эти көрүнүп, зээнди кейитет. Жанынан чыкпай дарысын сүйкөп, ырдап берем, оюнчуктары менен кошо ойнойм, уктаса да жанында кайтарам. Дастан менен жолдошумдун алдында өзүмдү кечиргис күнөө жазагандай сезем. Балабыздын ымыркай болсо да айыгыш үчүн аш менен кошо дары ичип талпынганын, жолдошумдун кошо кейип, күн-түн тыным албай, үй менен оорукананын ортосунда жүргөн эмгегин тебелегендей сезем. Ачык айтып да, ичимен да, баскан– турган сайын экөөнөн кечирим сурайм. Баламдын колу менен бирге менин жүрөгүм кайнак сууга күйгөндөй болду. Сенин колуң күйгөнчө менин колум күйсө не, арман! Кантейин тентексиң. Өзүн күнөөлүү се
зип, эжекем да « кайдан келдим эле» деп кейиген боюнча үйүнө кетти...

Бир айга жакын убакытта жараттан толук айыгып, бир эки кадам таштап баса баштады. Мүчөлөрүнүн кыймылдашына тегиз көз чаптырып карайбыз. Толук кыймылга келип, баары Дастанчикке кызмат аткарган сыяктуу. Атасы экөөбүздүн суранычыбыз аткарылды окшойт. Убагынан кечиктирбей дарылатканыбызга кубанып калабыз.

Кадам шилтеп, басканга далалат кылган балабыздын тентектиги күчөдү. Бир орунга тынч турбайт. «Мейли, тентек болсо да буту колу кыймылда болсун», сүйлөшкөндө атасы ушуну айтат. Тили чыгып, такыр эриктирбейт. Берген суроолоруна жооп бергенге жетишпейсиң.

– Апа, жылаандар күлөбү, кулагы барбы, бакалардын апалары мама береби?

Доктурларга тез-тез көрүнүп турганга ылайыктап, бир кезде Бишкек шаарына кардар болуп келсек, эми шаар тургуну бололу деп, Таластын калкын бир үй-бүлөгө азайтып, жакындарыбыз менен ажырашар аяк жазап, көчүп кеттик.

Алымбек өз кесиби менен кызматка орношту. Шаар деген шаар, Ибадат менен Дастанды бала бакчага берип, кесибиме ылайык жумуш таап иштей баштадым. Бир айга жетпей, бала бакчадан Дастанды «дааратын кармай албайт экен» деп, бакчага алуудан баш тартты.

Кайрадан Дастан экөөбүз бала бакчадан келчү Ибадатты, кызматынан кайтаар атабызды күтүп, суроо беришип, жомок айтышып үйгө отуруп калдык. Уулубуздун бою өсүп, чоңойгон сайын өз денесин көтөрө албай, чалынып жыгыла баштады. Жазылган дарыларын ичип, массаж алгандан кийин өзүн жеңил сезип калат. Ортодон бир айга чамалаганда, эле кайрадан чыныкчалы чырмап жыгылат. Анализдеп изилдөө жүргүзүүгө...дарыланууга экинчи үйүбүз болуп калган ооруканага кайра келип жаттык. Капаланам, ал уктаса ыйлайм. Дастан мага :

– Апа, мен айыгам, мектепке барам, студент болом. Спортсмен болуп көп өлкөнү кыдырып, жеңип келем, көрөсүз. Доктурларды жакшы көрөм, берген дарысын ичем, мага оорукана жардам берет ээ?деп калат.

– Ооба, Дастан, сен ооруга баш ийбеген азаматсың, аман-эсен айыксак, сенин келечегиң алдыда деп, өзүнө карата койгон милдеттерин угуп, балалык назик жүрөгүнө, алла-таалам касиетинде билдирип жатат го деген ой менен үзүлбөгөн үмүтүмө моюн сунам.

Дастанды көзөмөлгө алган доктурубуз Бабажанов Нурмухаммед Жамалович уулубузга мээримин төгүп, жакшы көрө:

– Азаматсың! Кыргыздын атын чыгарган жигиттерден болосуң,–деп балабыздын көңүлүн көкөлөтөт.

«Доктур айтты», деп кадыресе дем күч алып, келечекке тырышат. Н Ж Бабажанов Дастандын айыгышына көп аракет жасады. Бишкекке келген жаңы аппараттарга салып, көзөмөлүн күчөтөт. Баягы процесс кайталанат. Уулубуздун өзүн жакшы сезген мөөнөтү бир эле ай.

«Жакшы билет экен» деген көзү ачык, бакшынын баарын калтырган жокпуз. Кыргызстандын облустарынын баарын, Казакстандын жартысын кыдырдык окшойт.

Айлап массаж алып,самолеттун керосинин, өзүнүн заарасын, «жакшы экен» деп угуп келген нерсенин баарын беребиз. Дастан:

– Ушундан айыгып кетем, мен окууга барышым керек,– деп, келме келтирип ичип алат.

Касиеттүү Ысык – Көлгө сыйынып, жайкысын айлап жүрүп, жерден кайнап чыккан Ак Сууга, ваннага да түшүрдүк. Жигиттин канаты болгон Камбар-Ата тукумунун касиети тиер деп, Суусамырга барып, жайлоодо бир ай бээнин сүтүн бердик. Бассейиндерге түшүрүп, элдик дарыгерлердин айтуусу боюнча дары чөптүн тамырларын, жегенден кийин атын айтпайт дейт экен, ак дарынын (жыландын) шорпосун да бердик. Эң күчтүү деген молдонун эзилтмесин ичирдик, айла жок. Балабыздын дартына шыпаа болор бекен деп, даба издеп барган соң ошо баланын ооруп турганынан пайдаланып, акча табуу жолуна түшкөн пенделерди да жолуктурдук. Жардам сурап барган адам өзү деле кур койбойт да, бирок...

Дастан өзү канчалык кыйыналып турса да, ооруганын жашырат. Жыгылганын айтпай, бутун чыгарып алыптыр, тизеси канап, айрылган териси аякпады. Шымдарын көргөзбөй өзү которунуп алат. Бир күн кечке чыдап, таптакыр баса албай шишик басканда гана айтты. Бирине жүрөгүм ооруп чуркап барсам, бирин балам ордунан турганга аракеттенгенин көрүп, көрмөксөнгө салам. Баламдын эки тизеси, менин жүрөгүм жарадан айыкпайт. Эбептен себеп болуп, бир күнү аягып кетсе түш сыяктуу унутуп калаар элек да.

Эки жарым жашындагы бир окуясы эсиме түшүп калды. Циркке баралы деп үй-бүлөбүз менен даярданып жаттык. Дастанды кийинтип:

– Куюлган тамагыңды иче бер, биз кийинип келгенче тамактар муздап турсун, – деп шашып ашканадан чыгып кетсем:

– Апа, тамактарды муздатып койдум дейт.

– Азаматсың, биз азыр барабыз.

Бизден биринчи тамакка отурган Алымбек:

– Ой-ий, тузду да ушунча саласыңарбы?– деди мага карай.

– Туз өлчөмү менен салынган, тамашалап жатат го деген ой менен ууртай, өзүм түшүнбөй калдым.

– Ата, сиздин тамагыңыз бат муздасын деп, беш кашык туз, апам менен Ибадат апчемдики жай муздасын деп эки кашык туз салдым деп, жылмайып бизди карайт...

Дастандын оорусунун башаты эмнеде экенин эч ким туура айталбайт. Бул жагынан медицина да аксап турду. Өз алдымча

«баланы төрөтүп жатышканда тартып алышпады беле, андан эмеспи?» -деген суроо келет.

Манас атанын күмбөзүнө, мазар дегендин баарына сыйындык. Кудайдан «келечегин түзөп, мээнетибизди кайтара көр»-деп жалынабыз. «Өз дилинде кудайга жалынса жакшы болоор» деген үмүт менен атасы Дастанды мечитке алпарып, намаз окута баштады. Меккеге ажылыкка баргандар зам-зам суусун Дастанга арнап, атайлап ала келишкенин айтып беришти. Натыйжа чыкпаганда кайра эле баягы ооруканабызга келебиз.

Оору менен алпурушуп жүрүп Дастаныбыз алты жаштын даамын татууга кадам таштады. «Чабал өрдөк эртерээк учат»– дегендей, убакытты текке кетирбей, алаксыганына да жакшы го деп биринчи класстын программасын үйдөн үйрөтө баштадым. Дастандын зээндүүлүгү жүрөгүмдү жылытты. Бат эле шар окуганга, жазганга үйрөндү. Эс тарткан сайын, зээндүү, кыялкеч, жылдыздуу Дастаныбыз тарынчаак боло баштады.

Мезгил чиркин закымдайт экен. Жылдын жартысын үйдө өткөрсөк, оорудан кутулуунун айласы менен жарым жыл талаалап жүрүп кичүү уулубуз Залкардын кантип чоңойгонун да билбей калдык.

Жумуштан шашып келген Алымбек.

– Дастанды тез кийинт, Россиядан бир дунган доктур, Хабазов деген келиптир, тизмесине жазылып келдим, көргөзүп келейин.

Дастанды көргөн доктур «бут жагы оордоп баса албай жатса, мурдатан эмнеге жүлүндү томографияга салган эмессиңер, мага баланын өзүн эмес, томографиясынын жыйынтыгын алып келгиле» дейт. Эртеси томографиясын көргөндө эле:

-Үч омуртканын ичинде жүлүндүн жанында шишик же өскөн эт, же челкабыкта толгон суу бар. Баланы кайра операцияга алыш керек, башка жол жок. Челкабыкта суу болсо, сордуруп алууга болот. Эт же шишик болсо, операция жазаш да коркунучтуу, жүлүнгө абдан жакын жайланышыптыр. Алты жашар балага экинчи жолу жүлүнгө операция жасоо– аягы белгисиз. Балаңарды кайра ушу турганындай көрбөй калышыңар мүмкүн. Жүлүндөгү шишикке жеткиче далай нервдери кесилет, кокус кичине туура эмес кыймыл болсо жүлүндү илип кетүү коркунучу турат. Кийин укпай, сүйлөбөй, эки колу же эки буту таптакыр кыймылга келбей, даараттары кармабай, тынымсыз агып турушу, бир далайга төшөктөн турбай жатышы ыктымал. Же операциядан кийин мурунку азаптарын унутуп, жакшы болуп кетиши да мүмкүн. Операцияга берсеңер баланын жашашына отуз пайызга ишеним бар.Ал эми бербесеңер он пайызга гарантиясы бар. Ойлонуп көрүп, чечимге келгиле –деди.

Жүлүндөгү илдеттин айыгышына тиешеси жок молдонун деми, самолеттун керосини, заарасын жөн эле балабызды кыйнап, убакытты өткөрүп жүргөн турбайлыбы. Кайрадан туугандардын нааразычылыгы башталып, операцияга бербегиле деген гана жооп. Дастандын кыйналып, уктай албай, заарасы токтобой турганын көрүп, кантип карап турасың. Бир чечимге келүүдөн коркосуң. Чын эле баламдын көзүн көрбөй калсамчы...

Санаа менен жүрүп, төрөлгөнүнө бир ай боло элек кийинки уулум Жоодарды да тойгузганга алым келбей, сүт качып калды.Эч нерсеге көңүл жок. Алымбек экөөбүз бирибизден-бирибиз акыл суроодон тартынып, жаратыбызды козгогубуз келбейт. Алымбекти жумушка, Ибадатты мектепке жөнөтүп, уктап жаткан Дастан, Залкар, Жоодарды жаап койгону киргем. Мемиреп уктаган балдарымды ичимен эркелетем. Бөлмөнүн бурчундагы күзгүдөн өзүмдү чочуй карадым:

«Каранбаганыңа канча күн болгон? Отузга толгонуңа бир жума болбой, чачыңа ак түшүп, кайгынын чеңгелинен чыга албай,азаптын тамырын алыс койбериптирсиң да. Ансыз да кудай-таалам ченеп берген өмүргө чекит коюп жатасың, Дастандын оорусу жетпей турабы? Алдыңдагы кан-жаныңан жаралган балада эмне күнөө, жакшы тойгузбай жатып, ал ооруп калса не кыласың? Мындан жаманын бербесин.Жараткандан Дастандын келечегин сурап, ыйдын арты ый болот, тобокел кылып жашоо менен күрөш. Элден кем эмес оокат-жайың турат, төрт баланын энеси болдуң. Жаркылдаган жолдошуң сени менен кошо кейип, иштеп да, силерди эч нерседен кем кылбай багып жатат. Башкалардай болуп сага көмөк көрсөтмөк тургай, эси жок болуп, «кайгырып турам»– деп арактын артынан кетсе кантмексиң. Сени кейибесин деп жүрөгүнүн ооруганын да жашырып турат. Сабырдын түбү сары алтын. Сабырдуу, чыдамкай, намыстуу аял бол, дос-душманга тебеленбе. Жакшылык менен жамандык ээрдин эки үзөңгүсүдөй болот. Келечек сурап, келечек тиле»– деп күзгүнү карап өзүмө-өзүм кайрат айтып, анымды бир акылман айтып жаткандай сезилди.Селт эте, кайраттана түштүм.

Кыйналган Дастандын үнү угулуп ыйлай баштады. Кургактап, таза абага алып чыктым. Алымбек жумуштан келгенде сүйлөшүп, операцияга берүүнү чечтик.

Ооруканага барып тиешелүү кагаздарына, «операцияга макулбуз» деп кол койдук. Өзү коркуп турса да, биздин көңүлүбүздү көтөрүп, уурутунан жылмаю тартуулап баратты. Оозун кыбыратып келме келтиргени байкалат. Алымбек экөөбүз көзгө толгон жашты, көкүрөккө жык муңду сыртка чыгарбаска аракет кылып, бири-бирибизди кароодон айбыгып турдук.

Бул операция төрт саатка созулду. Доктур Буранбек Жамгырчиев чыгып:

– Уулуңар, азамат дегенде гана жаныбызга жан кирди окшойт. Үзүлүп, кесилген үмүт оту жандана баштады. Доктурдун артынан жөнөдүк. Бөлмөсүнө киргенде:

– Убагында жетишиптирбиз. Жүлүндүн ичи– сыртына чач өсүп чырмап, ириңдей баштаптыр. Дастан Теңир жалгаган баладан экен. Жүлүндү чачтан тазалап койдук. Кайра чач өспөй токтоп калаарына ишеним жок, анда кайра тазалаш керек...

Дастан он гүлүнүн бири ачылбай оорунун азабын кыйын эле тартты. Операциядан кийин манжаларын да кыймылдатканга дарманы келбей, эти кырк градуска чейин ысып, кан басымы да калыптанбай өйдө-ылдый болуп, коркутат. Ордунан жылдырганга болбойт. Омурткаларды гипстегенге болбойт экен. Кыймылсыз жатса акырындан ордуна келет деп кыймылдатканга да болбойт. Кыйналганы кыйналган. Зээни кейип, чыдай албаганда:

«Мени эмне төрөдү элеңиз, өзүңүзгө да мага да азап тилеп,– деп» уруша кетет. Унчукпай кутулам. Ооруганы бир азга басылса,кайра:

– Мен айыгам, атам экөөңөрдү багам,-– деп калат. Кошо сүйүнүп калабыз.

Эки ай керебеттен турбай жатты. Колу-буту кыймылга келип, өзүн-өзү башкарууга жарап, акырындык менен эшикке кирип чыгууга, отуруп сабак окуганга көңүлдөнүп калды.

Окуу жылы жаңы башталган. Дастанды биринчи класска окуттук. Көңүлү жайдары, тапшырмасын аткарууга шашат. Сабакка жеткирип, сабагы бүткүчө күтүп, алып кетем. Бир айдан кийин басканда буту ооруп кыйналып жатканын сезип, мугалимди үйгө чакырып окута баштадык.

Кубанычыбыз көпкө деле созулбады. Ал кайра оор тартып, ордунан жылбай калды. Аппаратка салдык. Дастан чыкканча, кудайга жалынабыз бирок:

– Баягыдай чач дагы өсүп, жүлүндү чырмап, жүлүн омурткага жабышып калыптыр, – дегенин доктурдан угуп, кайра операцияга берүүгө макулдугубузду бердик.

Үчүнчү жолу балабыз операция столунда алты саат жатты. Баягы кыйналуулар кайталанып, акыры Дастан майыптар коляскасына отуруп калды. Балабыздын оорусун билгенден баштап «коляскага отуруп калуудан сакта» дечү элем. Башка салса айлаң канча. Коляска келгенче, жалдырап:

«Мага суу берип койгулачы, телевизорду коюп бергилечи, эшикке чыккым келип жатат, уктайт элем,-– деп башкага көз каранды болуп турганча, коляска да жакшы экен» деп, тобо кылабыз.

Бир жактан кайтып келатсаң, тосуп чуркаган Жоодар менен Залкарга кошулуп, коляскасынын дөңгөлөгүн шаша тегереткен Дастан да жөнөйт, аны көрүп зээним кейит, эки көзүмдөн жаш атып, бутум тушалып басалбай, нес боломун. Башка салганды көрөт экенсиң да, эмне кыла алам. Жүрөгүмдү тикенек сайгылагандай зырпылдайт. Оруга наалат айтып, жете келген балдарга билгизбей ар бирин өздөрүнө жаккан сөздөр менен эркелетип коёмун. Дилимде мындай азапты адам баласына эмес, жырткыч карышкырга да ыраа көрбөйт элем...

– Арадан дагы бир жылча убакыт зымырап, Дастан адатынча илең– салаң. Кайра доктуруна алып жөнөдүк. Эми доктур да операция кылгандан баш тартып:

– Жүлүндөн сырткары, сегизинчи омуртка да карарып кетиптир. Омуртканы сыныктар ооруканасынан өзүнчө төш жагынан операция жазап алып ташташ керек. Андан соң кайра жүлүн тазаланат. Баланын убалына калгым келбейт. Башка жолун издеп көргүлө,– деди.

«Баламдын ичер суусу түгөнгөн тура» деген ой менен кайра санаага алдыра баштадым. Тагдырдын тамашасы качан оңолоор экен. Айла жок кимге айтасың, кимге таарынасың Дастанды таза абага чыгарып, корообузда бакча иштери менен жүргөм. Дастандын кыйкырганынан улам, чоочуп чуркап бардым.

– Апа, башыма чымчык чычып кетти, тазалап бериңизчи.

– Тийбе, балам, тийбе. Кудай берген жөрөлгө. Баары жакшы болот экен, жакшы болот, – деп ыйлап да күлүп да, баламды өпкүлөй бердим.Дастан мени «акылынан айнып атат» деп корктубу?

– Апа эс алыңызчы, апа,апа,-деп жеңимен тартты.

– Коркпо, балам. Буйруса жакшы болот,– көз жашымды сүртүп, үйгө кирип кайрадан алла-таалаага, Манас ата, Умай энеге жалына баштадым. Коляскада олтурса да орду бар да. Ден -соолуктан башкасынын баарын тапса болот экен.

Эртеси, өзүмдүн ден-соолугума байланыштуу ооруканага баргам. Кийинки убакта бирөө болбосо, бирөө баламдын дарты жөнүндө билээр деп, аш-тойго барган жерибизде айтып калчубуз. Адатымча кезек күтүп олтуруп, кулак түрө сөз кылдым.

Кезектеги бир эже:

– Жолдошумдун теңтуш казак досу бар. Аялы жүлүндөн операция жасатып, бул жактан эч жыйынтык чыкпай койгондо Кытайдан дарылатып келип оңолуп кетти –деди.

– Эже кандай жол менен барыптыр, дарегин билип бериңизчи, – деп безелендим.

– Телефонун берейин. Өзүң жакшылап сүйлөш.

Телефонун жазып алдым. «Дастандын башына чычкан чымчык ушу го, кудай-тааламдын боору бизге ачыган экен го» деп кубанганыман үйүмө жеткиче шаштым. Телефондун жанын тындырбай чалдым. Жооп жок, өчүрүп салыптыр. Толук дайынын билгенче жолдошума да айтпоону чечтим. Экинчи күнү кечинде гана «алло» деген үндү укканда, кубанганымдан ыйлап жибере жаздадым. Мен кыскача Дастандын таржымалын айткандан кийин, «Кордайга келгиле, толук түшүндүрмө берейин» деди. Кубанычым койнума батпай Алымбектин келишин чыдамсыздык менен күттүм. Эртеси Алымбек экөөбүз Кордайга бет алдык.

Дареги менен барып, Шейшен аке менен жакшы баарлашып отурдук. Жолдошу жол кырсыгынан мойну менен омурткасы үзүлүп, эки сапар Казакстандан операция жасатып жыйынтык болбогондо, Кытайга барып, операция жасатып жакшы болгонун айтып, акча чогултушубузду талап кылды. Балаңар айыгып кайтат, кейибегиле дегенде, сүйүнгөнүбүздөн ыйладык. Себеби, акыркы жылдары андай жакшы үмүттөгү сөздү эч ким айтпай калган эле.

Шейшен аке аябай токтоо, башынан көптү өткөргөн, ак көңүл адам экен. Бизди угуп, акыл насаатын айтып, биринчиден нервдериңерди сактагыла , экинчиден акча тапкыла, кытайга барып айыгып келүүбүзгө тилек кылып, бата берди. Шейшен акенин айтуусу менен Кытайга, Германияга томографиясынын жыйынтыгын жибердик.

Бир жумадан кийин эки жактан тең чакыруу келди. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, операцияга кете турган каражатын көрүп, өзүбүздүн чогулткан каражат жетпесин түшүнгөндө кейий түштүк.

Пейили кенен кыргыздар «көп түкүрсө көл болот»,– демекчи тууган-урук, дос-тамыр, чогуу иштешкендер, кошуна-колоң, жүрөгү таза адамдардын жардамы менен керектүү каражатты топтодук. Дастан аман эсен өз эл жерине кайтып келсин, элдин батасы тийсин деп түлөө өткөрдүк. Баа жеткис белек аксакалдардын батасы болду.

– Оомийин десең мына бата,
    Төрүңдө жорголосун Кыдыр ата.
    Кайда болсоң жолуң шыдыр болсун,
    Жолдошуң Кыдыр болсун.
    Кудайым колдосун,
    Өмүр жашың узун болсун.
    Көңүлүңө зак кетпесин,
    Оору сыркоо баштан кетсин.
    Дөөлөтүң колуңан кетпесин,
    Арчанын жашын берсин,
    Жолборстун жүрөгүн берсин.
    Акылмандын оюн берсин,
    Өмүрүңө береке берсин.
    Башыңан багың тайбасын,
    Булбулдай үнүң сайрасын.
    Кызматкериң Кыдыр болсун,
    Умай энең колдосун.
    Оомийин, Оомийин.

Дастан эмнегедир буркурап ыйлап жиберди. Азыркы убакта алтындан кымбат болгон убактысын бөлүп, балабызга бата берип, колунан келген жардамын көргөзүп келген адамдардын баарына ыраазы болуп жолго камындык.

Шейшен акеге жолуксак, «силерди дайындап койдум, самолеттон түшкөндө тосуп алат», деп биз барчу жердин дарегин, кишинин аты– жөнүн жазып, ийгилик каалоо менен узатты. Алыс жол, бөтөн элде балабыз айыгып келет деген үмүт менен гана жол тарттык. «Андай болбой калсачы?... Оо кудай, андай күндү көргөзбө! Бөтөн эл, бөтөн жер, кимге барабыз, кимге арманыбызды айтабыз. Жок, жок андай ойдон алыс болоюнчу». Оюмду бузган Дастан:

– Апа, Кытайга эмнеге барабыз?

– Атаң иш сапарга барат экен, экөөбүзгө Кытайды көргөзүп келем дейт.

– Машине менен барабызбы?

– Жок, Даку самолет менен.

– Мен самолетко түшкөн эмесмин.

– Эми түшөсүң.

– Кытай кооз шаарбы?

– Барганда көрөсүң.

Кумурсканын кузганын, жөргөмүштүн жөтөлгөнүн байкаган уулубуз дагы операция жазалаарын билип турса да, жер көрүп, самолетко түшүү үчүн билмексен болуп бара берди.

Самолеттон орун алгандан баштап, оозумду кыбыратып, жаратканга жалынганым жалынган. Алымбек да сыр бербегени менен сезип эле турат. Ойго батканданбы, же Таласка машине менен каттаганда алыс сапар тартып көнгөнбүзбү , айтор бат эле жеттик.

Самолеттон түшкөндө Жеңиш деген кытайлык кыргыз тосуп алды. Жаркылдаган Раушан деген жары бар экен. Кыргыз байкуштун пейили кайсы өлкөдө, канча жылдан бери жашаса да тарыбай, кең боюнча калаарына, Жеңиш байкенин бизге жасаган мамилесинен толук далил алдым. Кылымдан-кылымга жоголбой келген «кыргыз» деген улут эле болбосок, биз ага ким элек.

Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокуттурбай, бооруна кысып, доктурларга кошо чуркап, ооруканага жаткырып, кырк күн биз үчүн жан дили менен күйүп жүрдү. Алардын көргөзгөн сый– урматын, эмгегин айтпасак кудай алдында күнөө болоор. Жеңиш байкедей элин, жерин сүйгөн, гипократтын антын бекем кармаган, адамдык сапатты ыйык тутуп, кыргыз үчүн, кыргызстандын келечегин ойлогон баатырлардан көбүрөөк болсо, биз сыяктуу карапайым эл эч кыйналмак эмес эле.

Оорукананын тазалыгы, ар бир бөлмөнүн ичи азыркы заманга ылайыкталып, телевизор, телефон менен жабдыкталган. Жамбашыңа темирдин катуусу өткөн керебеттердей эмес, жупжумшак, төшөктөрүнүн тазалыгынан көзүң ачылат. Кызматкерлерди чакырууга атайын бызылдаткычтар коюлган.Он миңден ашуун кызматкери бар, биз жаткан оорукананын, медицина кызматкерлеринин өз иштерине тыкан, сылык мамиле жасаганын көрүп ыраазы болосуң. Ал жерде медицина кызматкерлерине тартип катуу. Шалаакылык кылса, же одоно тартип бузулса катуу жаза алышат экен.

Жарашыгы келишкен элүү бештен ашык бөлүмү, эки жарым миң орундуу биз жаткан, Суардагы оорукана, дүйнө жүзү боюнча мыкты деп саналгандардын катарында экен. Жыл ичинде бир миллион эки жүз элүү миңден ашык адамды дарылап чыгарат. Жүрөгүн алмаштырып (пересадка) беш жылдан бери жашаган, айыкпайт деп жашоодон үмүтүн үзүп келген рак оорусунан азап чеккендер айыгып, төрөлгөнү баспаган жашы кыркка чыккан адамды бастырышканын көргөндө бул оорукананы бейиштин төрүндөй эле көрүп калат экенсиң.Ар бир оорулууга өзүнчө доктур көңүл бөлүп, укалап, ток жиберип, бутуна бут кап кийгизип, жел үйлөө менен кысып, кайра бошотуп, бутунун чыңалышына жардам берип жатышты. Керебетке таңып токтун жардамы менен бир саат убакытка тургузуп коюшат. Оорулууларга ылайыкталып жасалган велосипед, жөө жүрүү, колду жана бутту иштетүүчү апараттары, тартылуучу, дене бойду түздөөчү турниктер, деги койчу айтып түгөтө албайсың. Апараттарынын көптүгүнөн, күндүн кантип кеч киргенин да билбей каласың. Ар бирине жарым сааттан машыгуудан улам түшкү тамакты да ошол жерден, бутка ысык парафин коюлуп турган учурда, тамактанууга туура келип калат. Кечкисин дары дармекти алып, чарчаган бойдон керебетке бутту сунуп, түшүнбөсөк да телевизор тиктейбиз. Ишенич ого бетер артылып, кудайдан суранганым суранган.

Ушундай кереметин уккан оорулар дүйнө жүзүнөн келишет экен. Көбү, биз сыяктуу алты-жети, он-он беш жолу дарыланып, жыйынтык чыкпаганда келишкен адамдары.

Тил билген кандай жакшы. Кытайча билбесек да, жаныбыздагылар уйгурча сүйлөшөт. Ал жерде көбүнчө кытайлыктар үчүн чет өлкөдөн келген, оорулуулар жаттык. Таанышып бир туугандай, бири– бирибизге жардам беришип достошконго да үлгүрдүк, антпеске айлабыз барбы? Тил билбесек, бөтөн жерде, бөтөн элде, турмуштун деңизинде бир кемеде чогуу сүзүп, аркы өйүзүнө чыгууга, максатка жетүүгө бара жатсак.

Дастанды чачынын учунан, бутунун тырмагына чейин аппаратка салып карады, баасы да ойлонтпой койбойт. Тиешелүү анализдери аяктаган соң операцияга киришти.Төртүнчү жолу да операция алты саатка созулду. Кайрадан кудайга жалынуу менен күтүү, сааттын тез өтүшүн тилеп, күтүү...

Дастан үчүн бул операция жеңил болгондой сезилди. Же буга чейин улам кайталана берип көнүп калганданбы, же доктурларынын күчтүүлүгү таасир бердиби, айтор наркоздон да көп кыйналбай ойгонду. Операция болгон– болбогонун өзү да түшүнө албай, наркостон ойгонгон соң «операция болдумбу, эч жерим оорубайт го?» деп, таң калды. Кандай кирсе ошондой күлүп жайнап, өңүнө кызыл жүгүрүп жаркылдап ойгонду. Жанында компьютер кан басымын, жүрөгүнүн согушун,канын жана температурасын көргөзүп турду. Бизде операциядан кийин жүлүнгө суу жиберип, беш алты жолу функция жасалат, аларда андай жок, нур менен күйгүзүп тазалап коюшат экен. Он күнгө жетпей олтургузуп да коюшту, жыйырма күндө кайра коляскага олтургузуп, эшикке чыгып таза абага сейилдеп чыгууга уруксат беришти. Мурдагы операцияларда эки айга чейин олтурууга болбойт эле. Доктурлар тынбай текшерип турушат. Мээрман кыздар түнүндө дежур болгондору уктабай, ар бир саат сайын колунда кичинекей фонариктерин көтөрө шоолаланта, бутунун учу менен кирип ар бир оорулууну текшерип турушат экен. Күнүгө келип оорулуунун тырмагын, кулагын, чачын, жана башка бүт денесин текшерип, бат-бат шейшептерин которуп турат. Мээрман кыздардын градусник бергени, кан басымды ченегени, акыбалыңды сураганы, шейшепти которуп бергени, кыскасы бөлмөгө баш бакканы акча турат..

Баягы өзүбүздө терип алып таштаган чачтарды, бул сапар түбүнөн өспөгүдөй кылып күйгүзгөндөрүн айтышты. Жан эргиткен жакшы сөзгө кантип кубанбай коёсуң. Дүнүйөм толуп Дастан басып кеткендей сезим көңүлүмдү эргитип, кудайга ыраазычылыгымды билдирем.

Дастанды күнүгө укалоо, гимнастика, бастырууга аракет кылуу менен кеч кирет. Алар да өздөрүнө ыраазы боло, кытайдын газеталарына, телевидениелерине чыгарышты. Бүгүн кай жактан журналисттер келет, кандай маалымат айтсак деп көңүлүбүз, көтөрүлүп калды. Дастанды да сүрөткө тартып алган журналист жигит, жазында Кыргызстанга келээрин айтып, ийгилик каалап, Дастанга жолугууга келгенде чуркап тосуп алуусун каалап коштошту. Бул да болсо биз үчүн бир дем, бир сырдуу күч. Дастан үчүн канча көп адам басып кетүү жөнүндө тилек айтса, кудай– таалам көбүрөөк укчудай сезиле берет. Тилек айткан адамдардын өздөрүнө да ийгилик каалайм.

Дастанды коляскага салып алып, Суардын көчөлөрүн кыдырабыз. Көчөдө элдин көбүнөн баш айланат. Эмне деген өнүгүү. Дастан менен айыгуунун аракетинде жүрүү менен кеч кирип жатып, азыраак болсо да жыйынтык чыгардык көрүнөт. Буттарынын баштары кыймылга келип калды. Ишеничтүү кишиге таштаганыбыз менен үйдөгү балдардан да санаабыз тынчыбай, Дастанчик өзүн жакшы сезе баштаганда, үйгө жөнөөнү чечтим. Атасы менен Дастанды көп оорулуулар дарыланып айыгып жаткан, заңгыраган жыйырма сегиз оорукана менен катар турган жыйырма эки кабаттуу «үмүт үйүнө» тапшырып, үйүмө жөнөдүм. «Туулуп– өскөн жердин, топурагы алтын» деп, бекер айтылбаса керек .

Кагылайын мекеним, өз үй, өлөң төшөгүм, кандай гана күч, кандай гана сагынуу. Башка жер канчалык кооз, таза, кулпунган болсо да,өз жериң андан да жакшы экен. Ушундай ажайып жерди атадан балага сактап келген ата– бабабызга кантип ыраазычылык билдирбей коёбуз.

Биздин жаратылышыбыз кандай гана кооз, Асман тиреген Ала– Тоосу, анын боорунан жарып чыккан кайнак жана туптунук суулары, ак десең агы, муздак десең муздагы. Жыпар жытына мас кылган арча карагайы.Өзүнө жыл бою тартып турган Ысык– Көлү, Чатыр– Көл, Соң-Көл. Жашыл тукаба жамынган жайлоолоручу, деги койчу сөз менен айтып түгөтө албайсың. Дүйнө жүзүн үч кыдырсаң да биздин бейиш жердей жер табылбаса керек деп ойлойм. Ажайып төрүм, самолеттон түшкөндө эле башкача сезим, кенен дем алуума жардам бергенсип тосуп алды.

Аэропорттон үйүмө чейинки жол узарып кеткен сымал арбыбай, балдарыма шашканымды билип, тоскоол кылгандай сезиле калат.

Кучагыма сыга балдарымды кучактап, сагынычтан көз жаш да агыздым окшойт. Эне деген жаралыптыр да, эми үйүмө келип Дастанды ойлой баштадым. Күндө телефон менен сүйлөшүп, уюлдук телефон чыгаргандарды да алкай кетем.

Менин келгениме жыйырма күн болуп калганда атасы менен Дастан «келебиз» деп сүйүнчүлөштү. Балдарымдын сүйүнгөнүн айтпа. Ибадат чоң эжелерине кошулуп самолеттун келбетин түшүргөн торт жасаттырып, «Дастан ооруба, келишиң менен» деп жаздырып, беш жүз шарик алып келип, үйлөп, короонун, үйдүн ичин кооздоп киришти. Дасторконду кенен жайып, ортосуна тортту коюп, балдар менден аша чебелектешет.

Жаз жайга тогошуп, ысык илеби сезилип калган мезгилдин таңкы күн нуруна бөлөнүп, Дастанды атасы менен тосуп алууга шашылуудамын. Кыялымда Дастан самолеттон кол булгалап өзү түшүп келчүдөй. Аттиң, андай болсо кана.

Баланы коляскасына сүйрөп келаткан жолдошум кол булгалап, ага кошулуп балам деле колун сербелеңдеткенин көзүм чалды. Кайрадан сагынуунун көз жашы, кучакташуу.

Үйгө киргизбей башынан суу айлантып, «баладагы балакеттин баары кетсин, мээнетиңер жансын, айланып кагылып кетейин, силердин астыңарда биз кетели» деп чоң апаларыбыз ырым кылып, Дастанга ак жол каалоо менен үйгө киргизишти. Дастандын келишин чакан тойго айлантып ийдик.

Мурдагыга караганда жылыш менен келген балабыз аракетин күчөтүп, гимнастикаларын, укалоосун убагы менен жасай баштады... Дастан менен атасы келгенден бери, үйүбүздүн бош турган бир бурчу толуп, бапырап эле калдык. Үй– бүлөдө кичинеби, чоңбу ар бир адамдын оорду бар эмеспи, толук отуруп тамак ичүү, чогуу эс алуу, кемтик калбай толук жашоо өзү эле канча бакыт. Бул бакыттан канча адам кур калып, канчасы бул бакыттан кечип отурат. Кандай өкүнүчтүү...

***

Үй жыйнап жатып, Дастандын аяз атага жазган катын таап алып, окуй баштадым.

Саламатсызбы аяз ата! Менин атым Дастан. Быйыл онго толом. Сиздердин Айданек газетаңыздардын ар бир санын калтырбай окуйм. Кыш мезгилин аябай жакшы көрөм. Өзгөчө жаңы жылды, аяз атаны, ак карды чыдамсыздык менен күтөм. Терезеден чана тээп ойногон балдарды карап, аларга суктанам. Бутум басып, коляскадан кутулсам,алардын катарына кошулаарыма ишенем.

Аяз ата! менде баары бар, бир гана бутумда күч жана досторум жок Жомоктогудай эликтериңиз менен келип, бутума сыйкырдуу таягыңызды тийгизип койсоңуз чуркап кетсем: эх кандай сонун болмок! Ал кыялым болбосо да, сиздер, Айданек аркылуу дос күткүм келет. Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктап, катыма жооп күтөм аяз ата жана достор!

Сак саламатта болгула!

Катты окуп, дарегине жеткиздим. Бирок жооп келген деле жок. Дастанга окшоп канча деген наристелер, аяз атадан саргая жооп күттү экен.

Канчалык аракет кылсак да доктурлар айткандай алты айга жетпей Дастан кайра буттарынын тарамыштары түйүлүп, өзүнө– өзү алы келбей, шалдырай баштады. Ток менен аягына чейин күйгүзүп жок кылбаса болбойт деген чын экен. Кайра балабызды ден-соолугу үчүн, бутуна туруш үчүн, Кытай жергесинин даамын татууга жөнөмөй болдук.

Алымбекти жумушунан бошотподу. «Коляскасы менен тааныбаган жерде оорулуу баланы кантип таксиден– таксиге салам»– деп кыйналам. Алымбекти аяйм. Мурунку барганда ал жанымда жүрүп эч нерсеге маани берген эмес окшойм. Өзүм коркунучта турсам да, айткан жокмун. Кейибесин дедим.

Кыш аяктап,мандалактын башы көрүнүп, күн бир топ жылып калган кезде экөөбүз, кудайдан оң жол сурап Кытыйды көздөй учуп жөнөдүк. Эки саатта,куштар менен кошо мейкин талашып бир багытта, булут жирей учтук. Кытай жергесинде жазга оордун бошоткусу келбеген сымал кыш күчүндө экен.

Самолеттон түшүп, таксилер токтогон жерине барганда айдоочусу кичипейилдик менен Дастанды отургузуп, коляскасын салып, а түгүл эшик ачып мени отургузуп, чоң жолдун бир багытына түшүп, оорукананы көздөй жөнөдү.

Ичине канча адамдын оорусун катып турса да, сыртынан заңгырап билгизбеген оорукананын жанына токтодук. Кайра эле чебелектеп Жеңиш байке тосуп, өзүнө түйшүк таап, бизге кам көрүүдө.

Ооруканага жайгаштырып, ал күнү эс алып жаттык. Эртеси таң заардан томографияга түшүп, кайрадан анализдөө иштери башталды. Таза чыгышын тилеп кудайга жалынам.

Бөлмөдөгүлөрүбүздүн тилин түшүнбөй сүйлөөк Дастаным:

– Апа, булар мени урушуп жаткан жокпу, мынча эмне катуу сүйлөшөт?

– Эмнеге урушмак эле, өздөрү ушундай сүйлөшөт болуш керек.

– Же менин атымды сурап жатышабы?

– Билбейм.

– «Тимдуң», дейт го ал эмне?

– Билбейм, балам.

– Мен деле «тимдуң» деп койдум, анысы жаман сөз болбосо экен.

Операция кылган доктур, томографиясын карап «таза экен» деген сөзүнө күмөн болуп калдым. Бир тууганым, же башка адам болсо ишенип калмак болушум керек, эне жүрөгү деген эне жүрөгү да.

Кайрадан Жеңиш байкени издеп жүрүп, Кабаш деген казак доктурду таап алдым. «Операция болгон жерде бир өзгөрүү бар, башка доктурларга көргөзүп, кайра аппаратка салдырып көргүлөчү» деп, кеңеш берди.Ушуну укмакка издеген окшойм, ызаланып, Дастан үчүн жаным кейип, Жеңиш байкени тынбай издедим. Менин өзгөрүлгөн кебетемди көрө чочуп:

– Эмне болду?

– Кабаш, операция болгон жерде өзгөрүү бар, дагы чач өсүп калса керек деп жатат.

– Баары таза дешпеди беле?

Томографиянын кагазын алып доктурлардын баарына көргөзүп өздөрүнчө көпкө сүйлөшүштү, алардын сөзүн түшүнбөй ичим бышып жатты. Жарым саат сүйлөшкөн сөздөрүн мага бир эле сөз менен кайра аппаратка салуу керек дешти. Аппаратка түшүүгө кезек көп. Кайрадан күтүү...

Мектептин программасынан артта калбайлы деп китептерибизди ала барганбыз. Сабактарыбызды да окуп жаттык.

Биз алтынчы кабатта жатабыз. Оорулуулардын эң кенжеси болгондуктанбы, же өзүнүн жылдыздуу кабагынанбы, балалык күнүн баладай өткөрбөй жаштайынан оорунун азабын тартып жүргөн балабызга жандары кейигенденби, дүйнөнүн төрт тарабынан келгендердин баары эркелетип, ар кандай таттууларды берип Дастан менен улуу– кичүүсү дебей дос болууда.

«Уйкум качты, тырмагым түшүп калды, тамактануум начар, өзүмдү жакшы сезбей »,-деп жата бергендерди көрөсүң. Бир оорулууну экиден адам карап жатат. Жанымдагылардан «ушундай кымбат ооруканага кантип жылдап дарыланышат»,-– деп сурайм. Буларда жергиликтүү калк үчүн дарыланууга кеткен чыгымдын токсон пайызын өкмөт төлөп, он пайзын гана дарыланган киши өзү төлөйт. Оорусу кыйын болгон адамдарга бирден медициналык кызматкер бөлүп берип, анын чыгымын да өкмөт көтөрөт экен. Дастанга операция кылдыртабыз деп каражат издеп чуркап жүргөн күндөрүм эске түшүп, биз качан ушу деңгээлге жетип, биз качан өнүгөбүз деген туңгуюк суроого жооп таба албайм.

Визаны узартууга, же дагы керектүү жумуштар менен сыртка чыкканда Дастан достору менен калат. Велосипед менен машыгуу, башка машыгууларына да жардам беришип, мен келгиче күн тартиби боюнча жасала турган көнүгүүнүн баарын жасашат. Дастан кытайларга орус тилин үйрөтүп, кытайлар Дастанга өз тилдерин үйрөтүп бири-бирин түшүнө башташты. Чөнтөк телефондору аркылуу англис тамгалары менен кат жазышып, күлүп калышат. Балабыздын зээндүүлүгүнө, бат эле тил табышып аралашып, алардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгонуна аябай сыймыктанып да турдум. «Тимдуң» деген сөздүн да котормосун түшүндүк ал кытайча «түшүнбөйм» деген сөз экен.

– Апа, үйгө барганча өзүм басып самолеттон түшсөм, тосуп келгендер кандай сүйүнүшөт эле, ээ?-деп, күнүгө кечинде кудайга жалынып бүтүп, мага үмүттүү карайт.

– Ал күн да келет убактысы келбей жатпайбы. Убагы келгенде эч нерсе ордунда тура бербейт, бир аз чыда. Сен азамат, баатыр жигит болуп көбүн чыдап жеңбедиңби, калганын да жеңесиң, сөзсүз чуркап, балдар менен ойнойсуң, деп жооткотом.

Аппараттын жыйынтыгын күтүү менен дагы эки жуманы өткөрдүк.

– Операция кылган жерде чыны менен өзгөрүү бар экен. Азыр колдон эч нерсе келбейт. Машыгууну токтотпой, ат мингизгенге шартыңар болсо ат мингизип тургула, ат адам баласынын бут жагынын калыптанышына абдан зор таасирин тийгизет. Алты айдан кийин кайра келгиле, дагы текшерип көрөлү, бирок алга жылуулар арбын болушу керек, аракеттенгиле. Жакшы аракет кылып, көнүгүүлөрдү үзбөй жасасаңар, үч айда басып, бутуна турушу керек.

«Бутуна турушу керек» деген сөз жүрөгүмдү жылытып, жок дегенде үмүт бергенине ыраазы болдум.

Тааныган досторубуз менен коштошуп, кайрадан заңгырап, көп кишинин узатып, канчасынын үмүт менен келишин күткөн оорукана менен коштошуп, Кытайга жаздын жыты буркурай баштаган кезде Кыргызстанга учтук. Үмүт менен учуп келатам, бирок балабыздын «самолеттон өзүм басып түшүп, кол булгайт элем» деген тилеги качан аткарылат? Же балам менен кошо өзүмдү да алдап жатамбы? Жок, жок, мен эч качан ишенимсиз калбайм. Дастанга да күндүн жарык тийген күнү келет. Мен ишенем, тиленем, күтөм, ыйлайм, сыздайм, чыдайм. Бул менин милдетим, балама болгон таянчым, тирегим. Мен ишенимсиз калсам, анын да ишеними өчөт, ал да келечектен үмүт үзөт.

Мурдагы келишинде бир туугандарына кошулуп мен майрам менен тосуп алсам, бул келишинде Дастанды атасы ошондой майрам менен тосуп алды. Үй– бүлөлүк сагыныч таратуу, бакытка батуу. Эх, жашоонун негизи, түпкүрү ушундабы?

Окуу жылы аяктап, чейректер чыгарыла баштагандыгына байланыштуу, класс жетекчи эжекебиз Ксения Викторовна үйгө келип Дастанды текшерүү иш жаздырып, убакытка өлчөп текст окутуп, эсеп чыгартып кетти. Эртеси кайра келип Дастандын аракетине ыраазычылык билдирип, экинчи классты эң жакшы баалар менен бүткөн окуучулардын катарында экенин билдирди. Бул жакшы сөз да Дастанга күч кубат экенин билем, ырахмат сизге билим берген, эжеке.

Атайын бутка күч бере турган велосипед, колго күч бере турган аспаптарды, доктурлар берген кеңеш, керектүүлөрүнүн баарын сатып келдик..

Таластагы туугандарга учурашканы барып, Төлөпберген деген кыйын тамырчы жөнүндө угуп, Дастанды көргөздүк. Дастандын тамырын кармап, «балада эч оору жок, силер тарапка карата окутулган дубаны жеп алган. Канча операция жазатсаңар да, дубаны жоймоюн, чач өсө берет. Окутулган дуба «асыйда– касыйда» деп аталат. Аны бардык молдо окуй бербейт. Билимдүү молдолорго кайрылып окутуп көргүлө, дубадан кутулса, балаңар өзү эле басып кетет» деди.

«Ушу чынбы? Дартына дабаа боло турган болсо дубасын да окутуп, жандыралы» деп, мечиттен мечит койбой «асыйда– касыйда» дубасын окуй турган молдону издедик. Кудураттулла деген таксырды таап, акыбалыбызды түшүндүрдүк. Жаш наристеден ким аянсын, балада дуба бар болсо окуп берейин деп, беш сааттан беш жолу окуду. Дастан атасы менен барып, дуба окулганда чогуу отурушту. Дуба чыны менен эле күчтүү окшойт, таксыр өзү да шайы кетип, дуба окулуп бүткүчө уктап кетет. Дастан анчалык кыйналбаганы менен, Алымбек таксыр менен кошо уктап, кошо ойгонот. Дубадан кутуларбыз деген тилек менен, таксырга болгон каттообуз аяктагандан кийин, он күнгө эр азамат канаты, Камбар ата тукуму болгон бээнин сүтү менен дарыланууга, машыга турган аспаптарыбыздын баарын алып, жайлоого бардык.

Көйкөлгөн көк шибер. Таң заардан бассаң шүүдүрүмгө бутуң суу болуп, жай мезгили кереметин чачкан өңдүү. Тоонун бир бетинде агала– карала кой жайылса, бир бети толо Камбар– Ата тукуму жылкылар, сарала-карала болуп көзгө жагымдуу көрүнөт. Атайын эгип өстүргөндөй көздүн жоосун алган гүлдөр, шамал менен кошо ыргалган арча-кайың. Суу жээктеген чычырканак. «Жашоонун керемети, кулакты тундура зуулдаган машинелерден алыс, күндүн аптаган ысыгына кыйналбаган ушу жердеби?»– деп ойлой калам.

Суунун да дарылык касиети күчтүү эмеспи, бассейнге алып бара баштадык.Ал жактан Дастан өзүн аябай бактылуу сезип өзү басып жүргөндөй болду. Сууда машыктыруучу Евгений да, талыкпаган эмгек жасап ,бутуна күч киргизип берди. Тилекке каршы эки ай сууда машыгып бели ооруп, сууну токтотуп, ат мингизүүгө өттүк. Бат эле ат мингенди үйрөнүп, «өзүм минип калсам» дегендей кызыгуу менен аттанат. Кытайдан үйрөнгөн көнүгүүлөрү жеңил болуп, бутуна күч киргизүү үчүн Россиядан эң чоң реабилитолог В.Качесовдун Иштеп чыккан машыктыруу боюнча китебин алдыртып, жаңы көнүгүүлөр менен машыгуунун түрүн жасайт.

Биздин бүлөбүздө дагы толуктоо болуп Айша аттуу кыздуу болдук. Айшабыз пайда болгондон бери Дастандын жашоосунда көп жакшы жылыштар бар. Биздин мотурайган, супсулуу, ак жолтой кызыбыздын тили да «ата, Датан»,--деп чыгып там-туң басып жүрөт. Жоодар балдар бакчасына барып, көңүлү куунак. Ибадат кадыресе чоңоюп, колума кол болуп, мектептен тышкары кыргыз радиосунда жаш өспүрүмдөрдүн алып баруучусу болуп эмгектенет.

Залкар мектеп босогосун аттап, жакшы баалары менен сүйүндүрүүдө. Бул да кудай тааладан мага арналган бакыт болсо керек. Кайрадан үй– бүлөгө берилген күнүмдүк бакытка чогуу чөмүлөбүз. Канчалык бактылуу болбойлу, кичине-чоң дебей тилегибиз Дастанды бастырып алуу, жана Алымбектин жүрөгүнө жасалуучу операциясынын жеңил өтүшү.

– Кейибегилечи! Алтындарым! – ден соолугуңарды чыңдап алсак, калганын Теңирим кырсыктан сактап турса, тобо кылабыз.

«Келечекте Дастаныбыз бутуна туруп, ак көйнөк кара шым кийип, жонуна китеп баштык көтөрүп,теңтуш досторунун катарына кошулат»,– деп үмүт менен тилек кылабыз. Ишенебиз! Үмүттөнөбүз! Күтөбүз! Тагдырдын сыноосунан сынбаган, сыны кетпеген биздин берекелүү, жылдыздуу Дастан -– Абдурахимибиз!

Баса, куран китептеги хадис боюнча Дастандын атын азан айттырып, Абдурахимге өзгөрттүк.

Ак жол сага Абдурахим!!!

12.01.2009-жыл

 

© Асылбекова З.Б., 2010

 


Количество просмотров: 3784