Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика
© Бөкөнбаев К.Ж. , 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 27-июлу

Кулубек Джоомартович БОКОНБАЕВ

Тандалма макалалар

«И всё, что есть, давно уже было…» китебине кирген кыргызча макалалар.

Бөкөнбаев К.Ж. “И всё, что есть, давно уже было…”. – Бишкек: КРСУ, 2009. – 294 с. китебинен алынды.

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7–4
    Б 78
    ISBN 978-9967-05-593-3
    Б 4702300400-09

 

ЫЙЫК БЕШИК

Акын жүрөгү сезгич турбайбы. Ыраматылык энем дүйнөдөн кайтаарынан үч-төрт жыл мурда киндик каны тамган, эч унутпас балалык күндөрү өткөн Ысык-Көлдөгү Сары Күңгөй жерин эстээр эле. Бөтөнчө көк бетегелүү, карагайлуу, тунук булактуу Көл-Бел жайлоосун көп айтчу. «Бир көрүп кетсем, арманым жок эле, сагындым... Барып келбейлиби», – деп кез-кезде айтып калчу.

«Макул, мама, эмдиги жылы баралы», – деп мен да күүлөнүп калчумун. Аттиңай, тирүүлүктүн түйшүк-тиричилиги... Энемди ушунчалык сагынган, эңсеген уясына алпаралганым жок. Анын үстүнө, бир жолу Мурзабек деген таякем биздин үйге келип калганда, ар-кайсы сөздөрдүн арасында: «Баланча кандай, түкүнчө барбы?» – деп энем сурап калды инисинен. Баягы Көл-Бел жайлоосу мурдагыдай эле көркөмдүүбү?» – «Ой, ал эчак жоголгон, Тенти байке (сиңдилери, инилери энемди байке дечү. Анын себебин энем өз китебинде толук айтып кеткен). Баарын айдоо баскан, фермалар курулган. Трактор, машиналар кумурскадай быкылдайт».

«А-а-а, ошондойбу...» – үнү басыңкы кобурады энем. Көңүлү бузулду. Ошондон кийин өзү да Көл-Белге баралы дебей калды. Көп убакыт өтпөй, «Көркөм жерим» деген ыр жаралды.

«Бала кезде кеткенмин, келдим карып, // Мезгил сага өтүптүр изин салып. // Көк бетеге өрөөнүң аңыз болуп, // Соко жыртып кетиптир тишин салып.»*

(*Макаладагы ырлар акын Тенти Адышеваныкы)

Мен да бир топ балалык күндөрүмдү ошол жерде өткөрдүм, суусун ичтим. Менин да бир тамчы канымды ошол жердин топурагы сиңирди...

Өмүрлүк жары Жоомарттан 24 жашында айрылып, жан-дүйнөсү айыкпас жараланып, кенедей үч баласы колунда калган байкуш энем төркүнүн башпааналап, балдар жаш эттин шорпосун, кымыз-айран, сүт-каймак ичип келсин деп жаз келгенде эле бизди таятабызга алпарып койчу.

Таятабыз Жунушбай ал кезде тың, эл-журтка акылы, сөзмөрдүгү, адамкерчилиги менен баркы бар адам эле. Урук-туугандары менен өзүнчө Жунушбай айылы болуп ошол энем көксөгөн Көк-Белди турак кылып, булагынын жээгине боз үй тигип, күзгө чейин жашачу. Өрөөндүн түштүк жагында калың карагайлуу тоонун боору, түндүктө – жамыраган козудай майда адырлардан ары күзгүдөй мелтиреп жаткан Ысык-Көл. Токой этегин өз арманын күүгө салып черткен, баланын көз жашындай тунук булак бойлойт. Кызыл-тазыл гүлдөрдүн жайнаганы, көк шибердин калыңдыгы! Ыргытарга таш жок, чуркап баратып жыгылганда этибиз оорубаган олпок жер. Улам-улам бугунун «ба-а-а, баа-а-а» деген үнү токойду жаңыртат.

Күндөлүк оокат-тиричиликтин түйшүгү аткарылып, желедеги жылкы, короодогу кой көшүп, кечки чай ичилгенден кийин биз: «Ата (таятабызды, өз атабыз жок, энемди, таякелерибизди туурап ата дечүбүз), жомок айтып берчи», – деп тегеректеп алчубуз. Таятабыз эч зерикпей Манас, Семетей, андан башка толгон-токой жомоктор менен Балбай, Намазбек баатырлардын тарыхтарын баяндап берчү. Жылт-жылт этип, коломтодо очоктун оту кызарат, боз үйдүн түндүгүнөн асмандагы жылдыз жайнайт.

Энемдин жери, атамдын жомогу! Канча жер-суу кыдырдым, алардын көркөмдүгүнө суктандым. Канча тилдердин сөз, акыл байлыгына башымды ийдим, дилиме сиңирдим. Бирок эне жер, ата сөз жүрөктө. Жүрөктөгүнү эч нерсеге алмаштырбайсың, эч кимге бербейсиң...

«Ата мекен, // көңүлүмдө атам менин, // ак сакалы желбиреп желге учкан. // Ата мекен, // көзүмдө энем менин сулуу жүзүн // мезгилдеп бырыш баскан. //»

Адам бул дүйнөгө бир жолу келет турбайбы. Андай болсо эмне үчүн ушул табигат берген жайкы желдей өмүрүн таза өткөрбөйт? Эмне учүн өзүн булгап, өз жашаган үйүн – жер-сууну булгап кетиш керек?

«Мен кетсем, бул дүйнө менен эмне ишим бар? Мага десе өрттөнуп кетсин», – деп ойлойтко десең, киши өз баласын өтө жакшы көрөт экен. Бала үчүн, тукум үчун кам көрөт, тагдырдын таттуусун балдар менен бөлүп, ачуусун өзү ичет, керек болсо өз жанын аябай курман кылат. Бирок акыл-эси бар адам түшүнөт, түшүнбөй коё албайт – балдарын да бейиш турмуш, жалаң бактылуу күндөр күтпөйт. Алар да аталарынын, энелеринин татаал жолун басат.

Анда адам бул жалган дүйнөгө эмне үчүн ушунчалык тырышат? Баары бир өзү дагы, балдары дагы көз ирмемдей кыска өмүрлөрү бою кыйналып, таттуусунан ачуусун көбүрөөк татып кетет. Бирок адам тырышат да, тырышат. Бул нерсе табияттын табышмагы. Жалгыз гана адам эмес. Дегеле биздин жер-суудагы тирүү жаратылыштын баары: микробдор, өсүмдүктөр, ар турдүү жан жаныбарлар – баары тирүүлүктун аракетинде, ал эми тирүүлүктүн мыйзамы – тукум калтыруу. Бул мыйзам табияттын мыйзамы. Чын эле, эгер жер жер болуп жаралганы өткөн алты жүз-сегиз жүз миллион жылдардан баштап, бүгүнкү күндөргө чейин серп салып карасак жаратылыштын таң-калаарлык ишин көрөбүз. Жердин жүзүнө биринчи эле жаратылган тирүү клетканын, андан таралган бүт тирүү организмдердин (өсүмдүктөр, жаныбарлар, адамдар) эң негизги аракети өсүп-өнүш, тукум калтыруу.

Кантип, кайдан, эмне үчүн ушул биринчи эле жаны жок химиялык элементтен жаралган тируү клеткага тукум калтыруу, өсүп-өнүш сезим пайда болду? Деги бул учу-түбү жок Космос мейкининде жашоо, өмүр эмне учун пайда болду экен? Анын максаты эмне? Деги анын максаты барбы? Же бул материянын түбөлүк кургүштөгөн кыймылынын кайсы бир серпининде пайда болгон жөн эле бир кокустукпу? Бул ааламдын, философиянын, диндин эң негизги чоң табышмагы. Бул табышмакка эч ким жооп берелек.

Ошол өткөн алты жүз – сегиз жүз миллион жылдардын аралыгында жер жүзүндө кандай гана табигый өзгөрүш, төңкөрүш болгон жок.

Жер түбүнөн чыккан от өрттөп, жер титиреп, тоо урап, чаң булуттан күн чыкпай, жаз келбей кыш болуп, мөңгүлөр көчуп жер басып, көл менен чөл бетин каптап, тоо ордуна чөл болгон, чөл ордун токой баскан, токой жоголуп, кум аккан. Ушинтип, Жер-эне толгоо тартып, улам тирүу жан төрөп турду. Дайыма тирүү жаратылыштар, ал белгилүү го, жашоо үчүн чоң күрөштө – бир-бирине жем, бир-бирине кас.

Акырында жаратылыш бешигине адам бөлөндү. Жер эненин эрке баласы – адам – ыйык сүтүн ичип, өнүп-өсүп, жер жүзүнө тарады. Өнөрү, билими менен теңирдей күч алды. Жаратылышты багындырып, анын ээси, падышасы болду. Оюна эмне түшсө, колунан келет. Кааласа тоо тургузат, дарыяны буруп, чөлдү гүлдөтөт.

Кандай гана эмгекти, жашоону жеңилдеткен шумдуктуу машиналар, приборлор ойлоп чыгарылган жок. Жомоктордо айтылбаган шаарлар курулду. Адам космоско учту, айдын топурагына изин калтырды. Ушуну менен бирге жаратылыштын тымтыракайын кетирди; көк шиберлүү жерлерди такырга айлантты, чалкайган көлдөрдү кумга бастыртты, тоолорду бузуп, аңыз кылды. Уу зат түтүндөр менен көк асманды каптатты, ошол заттарды сиңирип, таза абаны берген калың токойду бычыратты. Анысы аз келгенсип, өсүмдүктөрдү, жан-жаныбарларды, өзүн, дегеле бүт жаратылышты күндүн куйкалаган нурунан сактаган жердин калканын – асмандагы озон катмарды тешип, бузганга чейин жетишти. Дагы, колубуздагы найзаны ядролук куралга алмаштырып, бири-бирин: «курман кылам, жердин жүзүнөн жоготом» деп, ааламга кол салып туруп калган кез келди. О, адам акылыңан айланам, о, адам, наадандыгыңан уялам!

Ооба, жан-жаныбарлар жаратылышынан бир бирине жем, бир бирине кас. Адам да ошондой болуп жаратылган, себеби ал да жаныбар. Бирок башка жан-жаныбарлардан айырмасы – Адамда Моралдык закон бар.

Мораль заңы бизге жаратылыш тарабынан тартууланган эмес, анткени адамзат жаратылышынан ак пейил же кара ниет болуп төрөлө койбойт. Бул заң адамзаттын, анын аң-сезиминин өнүгүү процессинде, тынымсыз жүргүзүлгөн таалим-тарбиянын жана өзүн-өзу тарбиялоонун, өз рухий асыл наркын үзгүлтүксүз өнүктүрүунүн жүрүшүндо калыптанган.

Чынында эле, инсанаттын өткөндүгү, же кечээ жакындагы эле соңку тарыхына көз чаптырып көрө турган болсок, анда нечен-нечен майда жана чоң согуштардын болгонун көрөбүз, биз ал сапырылыштардан адамдын өлүм алдындагы онтогон үндөрүн, кордолгон менен басынтылгандардын ызасын, кайгы-муңдарын, энелер менен балдардын ыйык үнүн туябыз.

Оо, укмушуң кургур! Кечээ жакында эле күчтүүлүктү, баатырлыкты, таш боордукту, башкача айтканда, «душманды» – өзүнө эле окшогон адамды басып-жанчып, өлтүрүп, жок кыла билгендикти баатырдыктын белгиси катары эсептеп келишпеди беле! Ооба, мындай баатырдык жер жүзүн мекендеген бардык улуттар менен элдердин фольклору менен жомокторунда, казалдары менен адабияттарында даңазаланып келбеди беле. Кара ниеттикти, таш боордукту ак пейилдүүлүктүн белгиси катары түшүнүү – эгерде ойлонуп көрө турган болсок, бул ошол ак пейилдикти кордогондук эмеспи. Бирок бактыга жараша, маданияттын жана рухий өнүгүүнүн жүрүшүндө дагы эле болсо ошол тарыхтын таш боор сабактарынын таалымалы жеткен адамзаттын пейили улам оңолууда. Мораль заңы адам турмушунан кара ниеттүүлүктү улам сүрүп чыгаруу менен өзү да улам арбып, күч алууда.

Жансыз жана учу-түбү жок Космосто Жерибиз – адамзаттын бешиги көгүлтүр учкун сымал учуп баратат. Ал учкун өчүп калабы же андан ары да жаркырап, жүрөктөрүндө биздин каныбыз жүгүргөн, баштарында биздин акыл-ойлорубуз оргуштаган балдарыбыздын балдарын койнуна кысып алып, түбөлүк жанып тура береби – бул биздин ар бирибизге байланыштуу болот.

Байыркы кыргыз элибиз найза өңөрүп, Ала-Тоосунун аскаларын калкан кылып, кан жайлоосунда, сырттарында малын багып, ээн-эркин таптаза абада конуп-көчүп көнгөн. «Жерибиз бай, элибиз март» – деп кыргыздар сыймыктануучу.

Бүгүн да: «...Аскалуу тоонун боорунда, жамбаштап жатсаң сонунда», – деп ырдап коюп, дүйнөнү каптап келаткан суук, коркунучтуу бороонду кулагыбыз менен уксак да, жүрөгүбүз менен сезбей, камырабай жатабыз.

Таятам, таяенем өздөрүнүн өмүр баянын кеп салганда, сөздөрүндө Тоңдун сырты, Каркыра, Текес деген жерлердин аттары көп учурачу эле. Мен ошол кезде Фрунзе шаары, Сары-Чүй өрөөнү, Ысык-Көлдөн башка жер көрбөгөн, чүрпө кезим. Алардан Сырт деген эмне, Текес, Каркыра кандай жерлер болот? – деп кызыгып сурап калчумун.

Айткандардын баары эсимде жок. Бир эле таятамдын: «Шиберине атчан кишилер киргенде, көрүнбөй калчу. Аккалпактары эле көлдүн толкунунда калкып жүргөн ак-куудай көрүнчү», – деген тамшанган сөзү күнү бүгүн көңүлүмдө түйүлүү.

Чоңойдум, кыргыз жергесин кыдырдым. Баягы аталарыбыз айткан, акындарыбыз ырдаган, сүрөтчүлөрүбүз тарткан кооз жерлер кайда? Эми трактор, машина жетпеген. бирин-серин гана өрөөндөр калды. Ошол жерлерде да ат менен, же болбосо, жөө жүрүп чарчап, күндүн ысыгынан көлөкө издеп, бадалдын түбүнө жата калайын десең бөтөлкөнүн сыныгы жайнайт.

Мал санын көбөйтөбүз деп (сапатын көтөрүштүн ордуна) жайытыбыздын 50–60 процентин бузуптурбуз. Ушул өткөн 40–50 жылдардын ортосунда жерибизде өскөн калың токойдун теңин жоготуптурбуз. Ал эми, токой жердин деми эмеспи. Уу заттарды сиңирип, таза аба берип, андан башка көлөкөсү менен жердин нымын сактайт. Токой жоголсо – суу кетет. Суу байыса – көл бөксөрөт.

Ысык-Көлдү башка тилге – жылуу, кышта муз баспаган көл деп которуп, түшүндурүп жүрөбүз. Өз ичибизде, өз сезимибизде ата-бабаларыбыздан белек болуп калган Ыйык көлүбүз деп түшүнөбүз. Ушул түшүнүгүбүз, сезимибиз туура экен. Ата-бабаларыбыз дагы байыркы эле кылымдарда ушундай сезимде, түшүнүктө экен. Ошол үчүн көлүбүздү байыркы кыргыз тилинде Ысык (Ыйык) көл деп атап коюшкан экен. Ушинтип элдин рухий дүйнөсү, жан дүйнөсү терең сезиминде жаратылыш менен адам түбүнөн биргелеш экенин билдирет.

«Көргөн салкын Ысык-Көл, // Көңүлүм эргип шыктанам.// Көйкөлгөн сенин көркүңө // Көргөн сайын суктанам. // Адамга төгүп ырыскы // Артыкча сенин берекең, // Ак бешик болуп терметкен // Айланам, көлүм энекем. //»

Ушул Ыйык көлүбүздүн бүгүнкү акыбалы көпчүлүгүбүздүн тынчыбызды алып турат. Ошол Ысык-Көлдү алаканына салып, бапестеп, эркелетип сактап турган кырка тоолордун токою суюлду, жайлоолору бузулду. Көлдү эмизип турган тоо сүтү – чамгарактап аккан дарыялар кемиди, соолуду. Эгиндин түшүмү көп болсун деп айланасына себилген ар түрдүү уу заттар көлдүн тунук суусун булгап жатат. «Кой, уй, өрдөк фермаларды көлдүн жээгинен жоготкула дейсиңер. Ата-бабабыз деле кылымдар бою ушул көлдүн жээгинде малын багып өтпөдү беле. Эчтеке болгон жок го. Азыр деле эчтеке болбойт. Көл бизге да, балдарыбыздын балдарына да жетет», – дегендерин уктум. «Булгап ичсе, булак да жоголот», – деген элибиздин макалы бар эмеспи. Мына ушинтип камырабай журүп, Ысык-Көлдөн он эсе чоң Арал деңизин кандай абалга жеткирдик? Арал деңизди куткаралбай калдык. Арал деңиздин тарыхы – укмуштай чоң өлчөмдөгу экологиялык катастрофа деген чечимге окумуштуулардын көпчүлүгү келишти. Ал эми Аралдан алты эсе чон Балтиканын акыбалы эмне болуп жатат? Ошолордун көптөгөн кумдуу жээктери сууга түшүу үчүн жарабай калды, себеби, суусу адамга зыян келтиргенге чейин булганыптыр. Эми Балтика, Кара деңиз чоң, андан да ачык деңиздер, суулары океан суулары менен алмашып, аралашып турат. Ошондо да ушундай акыбалда. Биздин Ысык-Көлүбүз болсо чакан, тоонун арасындагы чуңкурда жаткан жабык көл. Көл айланасындагы булганыч заттар баары жер үстү, жер асты аркылуу аккан суулар менен жүрүп, акыры көлгө түшөт, көлдө чогулат.

Элибиздин бир ылакабы бүгүнкү кундөрдө туура эмес болуп калды: «Суу жети жолу томолонсо эле таза болуп калат». Туура эместигинин себеби – азыркы адам кеңири пайдаланган, мисалы, пестицид, гербицид жана башка уу заттар суу миң жолу томолонсо да тазаланбайт. Алар кылым бою сууда, жерде сакталат, зыянын келтирет.

Ысык-Көлгө, башка көлдөрүбузгө, суу-дарыяларыбызга, дегеле жерибизге, акыры, кишиге келтирген экологиялык зыяндардын арасынан эң эле негиздүү зыян келтирген ар кандай химиялык заттар десек, көп жаңылбайбыз. Себеби ушул ар кандай химиялык заттар – жерге себилгенде суу менен, өсүмдүктөр менен, аба менен, сүт-эт менен адамдын канына, сөөгүнө сиңет. Ошол себептен адам ар кандай ооруга жолугат. Муну быяка коёлу – адамдын эң негизги жан жерине зыян келтирет. Мындан бир нече жыл мурда Соң-Көл жайлоосунда чегирткелер өтө көбөйүп кеткен. Кийин, дары сээп чегирткелерди жоготушту. Бирок ошол уу дары суу менен агып, Соң-Көлгө чогулуп, 70 пайыз балыктарды өлтүрдү. Эми ошол Соң-Көлгө түшкөн дарылар эмне болду, азыр алар көлдун суусунда кандай концентрацияда? Адамга канчалык зыян келтирди? «Эми эмне кылалы? Таптакыр эле жаратылышка кол тийгизбейликпи? Эгин экпесек, мал санын көбөйтпөсөк, завод-фабрикаларды курбасак, жол салбасак, кантип жан багабыз? Жер жузүндө адамдын саны көбөйдү. Кыргыз элин алсак ушул элүү жылда эки эсе өстү», -дейт кай бирөөлөр. Анысы да туура...

Мындан он беш жыл мурда атам Жоомарт туулган Токтогул районундагы Мазар-Суу кыштагына баргам. Көксары деген акемдин жеке беде өскөн чоң короосу бар экен. «Ой, Көксары аке, огородуңуз ээн турбайбы. Алма, өрүк тигип койбойсузбу. Башка кишилер жалаң эле алмаларын сатып, байып жүрбөйбү», – дедим тамашалап. «Кыргызга бул жакпайт. Бак жердин баарын басып алат экен. Малыма чөп керек», – деп сөзүмдү жактырбай, «бурк» деп койду.

Беш-алты жыл өткөндөн кийин дагы бир жолу келсем, акемдин короосунда он чакты түп алма пайда болуп калыптыр. «О-о-о, Көксары аке, бак тигип коюптурсуз го. Малыңызга чөптү эми кайдан таап жүрөсуз?» – деп акырын чымчыладым. «Жакшы болот экен. Базардан сатып албай, балдар өз багыбыздан алма-өрүк жеп калды. Малга дагы чөп жетет экен» – деп Көксары акем мурдагы болгон сөзду унуткансып, жылмайып койду. Анан сөзун улантып: «Бакты чоңойтпойм. Бизге жетет. Бай болом деп базарда алма сатып отурамбы, жулкунган, баары бир, тойбойт», – деди.

Кез-кезде Жалал-Абад курортуна барып жүрөм. Суусун ичип, айыгып кетем. Быйыл да бардым. Мурда билбей жүргөн мен үчүн бир жаңылыкка ичимден ыраазы болдум, таңкалдым. Жалал-Абад курорту мисте токойлуу адырлардын боорунда. Көрсө, ошол мисте токойду эл тиккен экен. Эл ээн жаткан боз адырларды гүлдөгөн мөмө бакка айландырышыптыр... Мына, ушинтип адам чеги менен жулунбай мамиле кылса жер гүлдөйт экен да...

Албетте, адам жердин жүзүн, жаратылышты сөзсүз өзгөртөт. Өзгөртпөй коё албайт, себеби жан багыш керек, балдарды өстүрүш керек. Бирок ошол өзгөрүштү өтө кылдаттык менен, алдын-артын карап, баягы апенди өзү отурган бутакты балта менен кыйгандай болбой, жаратылышка зыян келтирбегендей иштеш керек.

«Чала молдо дин бузат», – дегендей, мындан он-он беш жыл мурда бир окумуштуу бизде сугатка суу жетпейт дегенди угуп, өкмөткө сунуш киргизиптир. Сунушунун мааниси мыңдай: Тянь-Шань тоосундагы мөңгүлөргө самолеттон көмүр чачуу керек. Ошондо мөңгүлөр күндүн ысыгын жакшы тартат да, бат эрийт. Ошону менен суу көбөйөт, – деген экен. Ал эми ошол мөңгүлөр – табият кылымдар бою жаратып, биздин жашообузга буйурган, таза суунун кени, аба-ырайынын регулятору, дегеле биздин жергебиздеги өзөндөрдүн башаты көз ачып жумганча жер жүзүнөн кайып болору анын акылына жетпептир.

Эгер мындай жоруктарды жалаң эле апендилер ойлоп чыгарса аларга чалма табылат эле го. Бирок жалпы адамзат өзүн өзү камчылап, бүгүнкү күндөн эртеңки күн тогураак болсо, байлыкка дагы байлык кошулса деп жаратылышты зордуктап, көз жумуп, алдыдагы экологиялык жарга жакындап, жетип калды. Дагы бир кадам, дагы бир шилтем калды...

Мен баратсам, // Күндүн көзү, // Гүлдүн көзү // Мага карайт жоодурап. // Кабак серпип. //Канат серпип / жашыл дарак күүлөр чертет шуулдап. // Таасирине // Тартып турса айлана, // Таманымдан жер түйшөлөт кобурап. // Барган сайын, // Баскан сайын // Кобур үнү,// Коюу үнү, // Айдан ачык угулат. // Улам бийик, // Улам күчөп // Таманга эмес, жүрөгүмө ургулап.

Кылымдан кылымга ата-бабаларыбыз найза өңөрүп, Ала-Тоосун, Керме-Тоосун турак кылып өтүшкөн. Байыркы элибиз кылымдар бою күрөшүп, көз жашын, канын, терин дарыядай агызып, өз жерин, өз тилин сактап келди. Ошол кылымдардын арасында өтө коркунучтуу убакыттар да болду. Байыркы кылымдарды быякка коюп, соңку кылымдарга серп салып карасак, кыргыз эли тынымсыз күрөшүп, салгылашып жүрүп, чарчап калган, саны азайып, өз жерин, өз тилин сактап калууга шаасы жетпей калган. Бактыбыз бар экен, Улуу Октябрь биздин да жерге келди. Жердин жүзүнө жоголуп бараткан калкыбыз кайрадан баш көтөрдү, өнүп-өстү. Өз тили менен, өз жери менен эл эл болот эмеспи. Чоң Жерибиздин алкагында кенедей бермет мисал – Эне жерибиз бар экен. Калың адамзаттын ичинде ак пейил, таланттуу байыркы кыргыз эли жашайт. Коломтодо отубуз, асмандагы жылдызыбыз өчпөсүн!

 

ПРОВОКАТОРДУН ЖҮЗҮ

Жагдайдын ак-карасын ылгабай, өзүн-өзү билип, чуулгандуу материалдарды чуурутуп жаза берүү «оорусу» «Известия», «Комсомольская правда», «Литературная газета» (Шипитько, Романюк, Кружилин) сыяктуу борбордук басма сөздөрдө мурунтан эле бар болучу. Ошентсе да «Известиянын» 26-июлдагы № 207 (23110) санына жарыяланган «Маалым жарылуу» аттуу А. Степовой менен бирге жазылган макаласында газетанын Кыргызстан боюнча өз кабарчысы Г. Шипитько өзүнүн чыныгы жүзүн журтту ириткен кумалак, провокатор экендигин ачык көрсөткөн. Аталган макалада Оштогу окуяларга бир беткей, калыс баа берип, бир тарапты гана айыптап, экинчи жакты жан алы калбай актоо менен, эл бузардын мээлеген бутасы бул: иштин чоо жайын билбеген адамдардын арасында бир беткей пикир туудуруп, абалды татаалдантуу жана чындык бүтүндөй өз чөнтөгүндө турган өңдүү оозунан көбүк бүркүп, ал аркылуу сот органдарына алдын ала «сес» көрсөтүү.

Жүзүкаралыгы жедеп ашынган өз кабарчы жадакалса өткөн жылы 10-20 жылдап батирлерде жашап келген уй-жайсыз атуулдарга бөлүнүп берилген жерлерди да куйтуланып «…дүйнөдө жок жорук болду – студенттерге шаарга жер аянттары бөлүнүп берилди. Эмне үчүн дебейсиңерби? Дачага!...» деп, каратып туруп эле, жанын жейт. Айта берсе анын апыртмалары улам өрт алгандай күчөп, меймандос элибизге түшкө кирбеген жалааларды жабат. Ушундан улам борбордук гезиттердин адилеттүүлүгүнөн биротоло түңүлүп, «Фрунзе Шамына» жарыяланган кинорежиссер Д.Садырбаевдин оюна кошулууга толук аргасыз болосуң. Ооба, «Известия» гезитине ушунча жыл окурман болуп туруп, мүйүз чыккан жок, адилеттен тайган жана бүтүндөй элдин намысына түкүрүп, оюна келгенди оттогон өз кабарчыларынын позициясын чындыктын түп нускасы катары туу туткан гезитке жазылуудан баш тартууну туура деп эсептеймин. Бул менин жекече пикирим. Ошондой эле өз шайлоочуларырына жүзүкаралык менен таш ыргыткан Г. Шипитькону СССР эл депутаттыгынан чакыртып алуу маселесин кечеңдетүүсүз түрдө жүзөгө ашыруу – бирден бир зарылдык деп эсептеймин. Менин бул пикиримди башка шайлоочулар да колдошот деп ишенемин.

К. Бөкөнбаев – геология институтунун директорунун орун басары.
    Макаланын калем акысын Ошко жардам берүү фондусуна которуп коюуңуздарды өтүнөм.
    «Фрунзе Шамы», 31 июль, 1991ж.

 

ЖАНГАН ЧЫРАК ЖАЛП ЭТИП ӨЧҮП КАЛБАСЫН

Бул дүйнөдө биз кимбиз, кандай элбиз, бараткан багытыбыз, көздөгөн максатыбыз кайсы – мына ушул жана кыргыз жалпы журтчулугунун тарых-таржымалына, келечек тагдырына түздөн-түз тиешеси бар маселелер менен көйгөйлөр ар бир аң-сезимдүү адамдын жүрөгүн өйүп, бул тууралуу ар кыл ойлор, пикирлер, сунуштар айтылып келет. Президентибиз Аскар Акаев Кыргыз автономиялуу областы түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында: «Эгерде элде өзү жөнүндө түшүнүк калыптанбаса, анда жазуучунун сөзү менен айтканда – бул пайдубалдын кыйраганы, дарбазанын жабылганы, демек, чырактардын өчкөнү...» деп айткан.

Ошол себептен өзүбүзгө өзүбүз баам салып, аңдап түшүнүп, калкыбыз кадимден, туу тутуп келген салттуу дөөлөттөрүбүзгө таянып, Батыш менен Чыгыштын башка өлкөлөрүнүн, биздин алыс-жакын коңшуларыбыздын таалим-тажрыйбасынан, дүйнөлүк цивилизациянын эң мыкты жетишкендиктеринен кубаттанып, жаркырап жана баштаган чырактарыбызга май тамызалы, жетишкендиктерибизди байытып жана өөрчүтүп, асылдандырып жүрүп олтуралы.

Аскар Акаевич айткандай, бүгүн Кыргызстанда коомдук аң сезимге өзөктүү эки нерсе мүнөздүү экен. Анын бири – күчтүү улуттук идея, тагыраак айтканда, күчтүү мамлекеттик улуттук идея. Экинчиси – ар түркүн этносторго таандык, бирок экономикалык, саясий, социалдык, маданий жана жашаган жери жагынан бирдиктүү эл катары бир тагдырга ажырагыс байланган адамдардын чогуу турмуш кечирүү келечегин аныктоого мүмкүндүк бере турган идея, бул иштин болочогун айтыш кыйнын. Анда биздин элдин коомдук прогрессинин ар кандай мүмкүнчүлүктөрү, ар кандай варианттары болуп жаткансыйт. Алардын бири – коомдук өзүн-өзү аңдаган аң-сезимидеги бул улуттук жана жалпы элдик эки мүдөөнүн, эки идеянын жакында-шуусу, балким, келечегине бири-бири менен биригишип, ширелишип кетүү мүмкүндүгү болуп саналат. Бул өзөктүү багыттар, өңүттөр боюнча оюбузду, сунуштарыбызды ортого салып, пикир алмашуучу, туура жол табуучу мезгил келип жетти. Ошол себептен кыргыз элинин белгилүү инсандары: геология-минеорологиялык илимдин доктору, Геология институтунун директорунун орун басары, журналисттер кошунунун мүчөсү Кулубек Жоомартович Бөкөнбаев, география илиминин доктору, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын биология институтунун директору, Нью-Йорк илимдер академиясынын мүчөсү Эмил Жапарович ШҮКҮРОВ, философия илиминин доктору, профессор Жамгырбек Бөкөшевич БӨКӨШЕВ улуттук идеоло¬гия деген эмне? Аны кандайча түшүнөбүз? Мамлекеттик идеологияда кандай маселелерди кабылдап, кандайларынан кол үзүү керек? Дегеле идеологиянын зарылдыгы эмнеге байланыштуу? деген жана бүгүнкү кундө элибиздин келечегине таасир этүүчү башка да олуттуу маселелер тууралуу атайын кабарчыбыз менен маектешүүсүндө өз ой-толгоолорун, сунуштарын ортого салышты.

К. Бөкөнбаев: – Бул, албетте өтө татаал, келечектүү маселе. Аны жалпы жолунан талдап жана иликтей келгенде, көптөгөн карама-каршылыктуу, бири-бирине шайкеш келбеген ойлор жана пикирлер келип чыгышы мүмкүн. Мурда коммунисттик идеологияны бийик тутуп, кандай гана иш болбосун ал аркылуу баалап жана таразалап келгенибиз маалым. Эми бул идеологиябыз жоюлуп, коомубуз карбаластай түшкөн мезгилге туш болдук, башаламандыктар, өйдө-төмөн аракеттер башталды. Мурда жакшы эле дегендер да көбөйдү. Арийне, эскинин да жакшы жактары көп экенин карт тарых ырастоодо. Менин түшүнүгүмдө ар кандай мезгилде элди алга сүрөп, аң сезимге бекем жуурулушкан идея бир же эки акылмандын оюнан жаралбайт, ал биринчи кезекте жалпы элдин ой-тутумунан пайда болот. Турмуш, убакыт бир орунда турбагандай эле, адам да жаратылышынан жаңы нерсеге умтулуп келген. Ал тургай Куранда, Библияда, башка диндерде да адам баласы дайыма кыймылда болоору, теңчиликти, адилеттүүлүктү эңсеп келгендиги айтылат. Тарыхта биздин кан-жаныбызга сиңген идеяларыбызды толугу менен четке тээп салып, бурмалап, анан дароо эле жаңысын таба коюу эч мүмкүн эмес. Кандай иш болбосун ал бир нерсеге негизденүүгө тийиш.

АЗЫР БААРЫНАН МЫКТЫСЫ, келечектүүсү капиталисттик идеология, мына ошого умтулуш керек, деп чамынгандар да көп. Ооба, капиталисттик өлкөлөрдүн экономикасынын дүркүрөп өсүшүндө алардын идеологиясы маанилүү роль ойногондугун танууга болбойт. Бирок бүгүнкү күндө ошол капиталисттик олкөлөрдөн чыккан, чоң ойчулдардын өзүлөрү бул идеологияга каршы чыгып жатышат. Анткени, алардын идеологиясы адамгерчиликке, адеп-ахлакка жат. Анын түпкү максаты — эптеп байлыкка ээ болуу, чөнтөктү толтуруу, өзүмчүлүккө, индивидуализмге жол ачуу. Ал эми социализмдин идеологиясы – көпчүлүктүн бирге аракеттенишине, коллективизмге үндөйт. Турмуш агымы ырастап тургандай, бул идеология да азыркы кезге шайкеш келбей калды. Анткени, тээ байыркы кездерден бери эле элибиз уруу-уруу болуп бөлүнүп, туугандыкты өйдө тутуп келген. Бул жагын эске албасак болбойт.

Кийинки кездерде капиталисттик идеология көп өзгөрүүлөргө дуушар болууда, жаңы ойлор, жаңы талаптар менен толуктала баштады. Башкалар эмне болсо ошо болсун, өзүбүз эле жыргап байый берели деген саясат келечексиз, зыяндуу экенин түшүнө башташты. Анткени мындай багыттан азы байып, көбү жабыр тартат жана бара-бара байлыгы ашып-ташыгандар менен колунда жоктордун ортосунда ажырым артып, ар кандай пикир келишпестиктер чыгаары мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ушундай эле абал өлкөлөр ортосунда да пайда болот. Бул жагынан Рим клубунун тажрыйбасын эстесек жаман болбойт деп ойлойм. Мында эчак эле төмөнкүдөй тыянакка келишкен: күчтүү өлкөлөр өз байлыгын арттыра беришсе, чабалдардын күнү эмне болот? Мындан чоң чатак чыгып кетиши мүмкүн. Ошол себептен экономикасы өнүккөн өлкөлөр жакыр мамлекеттерге ар тараптан көмөк көрсөтүүгө тийиш.

Келечек – күчтүү социалдык саясатта деп ойлойм. Дүйнөдө «швед тибиндеги социализм» деген түшүнүк белгилүү. Мында ал «элдик капитализм» деп аталат. Анткени, анын башкы максаты – элдин ортоңку катмарын байытуу. «Мурда мыкты жашачу элек, андыктан аттын оозун артка тартпайлыбы» деп ооз көптүрүп, элди алагды кылууга аракеттенгендерге минтип айтаар элем: мурда идеологиябыз жаратылышынан бекем негизге ээ эмес болчу, ал улам бурмалана берип, бара-бара сөзсүз түрдө тоталитардык системага алып барчу идеологияга айланат да, үстөмдүк кылуучулук, баш ийүүчүлүк мүнөзгө өтөт. Экономика да ойдогудай өнүгө албайт. Буга мисалдар көп.

Бизге кандай идеология керек? Менин оюмча, социализм менен жапайы капитализмдин ортосунан туура жолду тандап алуу керек, башкача айтканда, биринчисинин эң жакшы жактарын (социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү ж. б.) алып жана аны андан ары өнүктүрүү абзел. Дагы айта кетчү нерсе: азыр капиталистик дүйнө да ар нерсени салмактап, таразалап, келечек тууралуу ойлонуп, социализмдин жакшы жактарын ала баштады. Маселен, Швеция, Жапония, Германия, башка да бир топ өнүккөн өлкөлөр социал-демократиялык жолго багыт алышты. Ал эми бизде бири тигини мактаса, башкасы башкасын мактап киришет. Бул жагын алсак Казакстандын Президенти Н.Назарбаевдин Евразия тууралуу идеясында терең ойлор катылып жатат. Байыртадан бери эле, башкача айтканда, хундардан, өгүздөрдөн бери эле орус, кыргыз, казак жана башка толуп жаткан элдер жашоо турмуштун бир казанында кайнап, эриш-аркак тирилик кылып келишпедиби. Мисалы, орус тилинин жок эле дегенде 40 пайызы түрк тилинен алынган. Ошол себептен биз көп жагынан окшошураак элбиз. Бөлүнүп-жарылуу жакшылыкка алып барбайт. Наполеон минтип айткан экен: орустардын нары жагын чукуласан эле, алдынан татар, кыскасы, азиялыктар чыгат деп. Андыктан, евразиялык конфедерация жөн эле асмандан түшө калган түшүнүк эмес, тарыхий маселе, закон ченемдүү көрүнүш. Аны биз бир күндө же элүү жылда өзгөртө албайбыз, бул бир топ убакытты, күчтү талап кылчу маселе. Өзүбүзчө түрк мамлекетин түздүк дейли, анын деле корко турган жагы жок, мейли, бириксе, биригип көрөлү. Бирок жаңы достон, эски дос артык, деген кепти да унутпайлы.

КООМ БИР ОРУНДА ТУРУП АЛБАЙТ, ал өсүп-өнүгөт. Менин оюмча, биз европалык цивилизацияга умтулушубуз абзел. Себеби, ал немистер, же француздар ойлоп чыккан цивилизация эмес, эгерде тарыхка үңүлсөк, ал чыгыш тараптан барган, тээтиги байыркы арабдар тараптан башталып, өнүгүп-өсүп олтуруп, турмушта өз ордун ээлеп калган. Түрк элдеринин дүйнөлүк цивилизацияга кошкон салымын карт тарыхыбыз тана албайт. Ал биздин кан-жаныбызга, жүрөк дилибизге жакын цивилизация. Бирок убакыт, дегеле жашоо-турмушубуз илгерилегендей эле, ал убакытка жараша өзгөрүп өнүктү, өстү, дүйнөдө жетишилген жаңылыктарды өзүнө сиңирди, жыртык-тешигин бүтөдү. Биз да жаңылыкка жакын болуп, прогрессивдүү адабият менен маданияттын жакшы жактарын кабылдоого умтулуп, элибиздин шык-жөндөмүн кыймылга келтирип, психологиялык кууш сезимдерден арылганда гана улуу эл болобуз, мүдөөбүзгө жетебиз деп ойлойм.

Кыргыз эли башынан даанышман, жоокер, ар нерсени тез кабылдаган эл. Бул жагын тарых айгинелеп турат. Эми көздөгөн максатыбыз ишке ашып, эгемендүүлүккө ээ болдук, дээрлик бардык белчемдүү чет өлкөлөр менен алака түзүп, теңтайлашып аракеттене баштадык. Бирок бой көтөрбөйлү, улуу болсоң, кичик бол деген накыл кепти унутпайлы. Кийинки кездерде жетишилген ийгиликтер кокусунан жаралып жаткан жери жок. Биздин келечегибиз кең. Биз көп өлкөлөрдөн мурда европалык цивилизациянын көп жетишкендиктерин кабылдадык.

Муну көрүп-билип туруп, анан эмне үчүн биз артка кетенчиктейбиз, жөнү жок жерден чамгарактайбыз? Дагы бир жолу белгилей кетейин: биз көп эл баса элек жолдорду эчак артка калтырдык, ошондуктан жетишилгендер менен тынып калбай, алга илгерилөө керек. Так мына ушундай сапаттары үчүн Жапония өсүп-өнүгүп, азыр дүйнөдөгү мыктылардын бири болду. Көз жаздымында калтырбоочу маселе: эки анжы ойдон алыс бололу, дүйнөдө өз ордубузду табалы, белди бекем бууп, глобалдуу маселелерге умтулалы. Кийинки жылдарда кыргыз элинин өзүнүн улуттук идеологиясы болуш керек деп көп айтыла баштады. Бул жөнөкөй маселе эмес, анын так арифметикасы да жок. Ошондуктан көп создуктурбай, дүйнөдо болуп жаткан чоң кыймылдарга кошулуу керек. Жаңы нерсеге умтулуп, жашоо-турмуш оңолсо, өзүнөн-өзү эле идеология пайда болушу мүмкүн. Анын үстүнө азыр «ай» деген ажобуз, «кой» деген кожобуз бар. Тилекке каршы, биз аларды кээде угуп, көбүнчө өз алдыбызча сайгактап кетип жатпайбызбы. Анан эле демократия, демократия деп жөнү жок ооз көптүрө берсек, анархияга кабылабыз, улууларды урматтабай, мыйзам дегенди унутабыз. Албетте, бардык жагынан төп келген сонун мыйзамдар жокко эсе. Озгөрүлмөлүү турмуш аны дайыма өркүндөтүп, өзгөртөт. Ага карабастан аны сактап жана колдоп туруу керек. Мисалга баягы эле Германия менен Жапонияны алалы. Алар демократиянын гана жардамы менен өнүктү деп кесе айткандар да бар. Буга мен макул эмесмин. Албетте, демократия экономиканын өнүгүшүнө шарт түзөт, бирок кандай демократия? Биздикиндей өткөөл мезгилде демократиянын батыштагы үлгүсү ылайыксыз. Мен мурдагы макалаларымда жазгандай, бизде де-мократиялык терең салттуу тарыхыбыз болгон эмес, дайыма хан, бектердин, кийинчерээк партиялык төбөлдөрүнүн таман астында жашап келдик, батыш демократиясына көнө элекпиз. Бул – узак жол жана биринчи кезекте, жоопкерчиликти, тартипти талап кылат.

Биздин саясатыбызда болуп жаткан чечкиндүү кадамдар мени өтө кубандырат. Бизге күчтүү мамлекеттик бийлик керек. Саясатты туура жүргүзсөк, базар экономикасына те-зирээк кирсек эле оңолобуз деген куру сөздөрдү токтотуш керек. Мамлекеттик жөнгө салып туруучу күч керек. Жогоруда айтып кеткендей, биздин улуттук мүчүлүштөрүбүздүн бири – уруучулугубуз, тууганчылдыгыбыз. Бирок, аны азыркыдай өткөөл мезгилде биздин күчтүү жагыбызга айландырууга болобу деп мен көп ойлонуп келем. Маселен, Түштүк Кореянын тууганчылык, үй-бүлөлүк жагы аябай өнүккөн жана көп жагынан бизге окшоштугу бар эл. Мында негизги басым үй-бүлөгө жасалат да жанагы көрүнүктүү лидерлерди үй-бүлөлөр өзүлөрү тарбиялап чыгарат. Ал да биринчи кезекте өз үй-бүлөсү, туугандары жөнүндө камкордук көрүп, келечегине негиз түзө баштайт. Бул боюнча «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү» документ биздин турмушубузда маанилүү роль ойнооруна шектенбейм. Мен анын түпкү маңызын мындайча түшүнөм: бүгүнкү күндө бардыгы өз алдынчалыкка ээ болду. Эми эл чогулуп алып бардык маселени өздөрү чече алышат. Бир жамаатка биригип, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарчу мезгил келди деп ойлойм.

Эки коңшулаш айылды эле алалы. Биринин малы жакшы болсо, экинчисинин жери жакшы дейли. Эмне үчүн мындай учурда биригип ищ кылууга, ынтымакташууга болбосун. Мындан эки тарап тең утушка ээ болмок. Мейли бизнесмен, фирмалар, алып сатарлар болсун, өз ишин, биз кааласак, каалабасак да, биринчи кезекте үй-бүлөсү, тууган-туушкандары менен жүргүзөт. Муну да кандайдыр бир убактылуу идеология деп атасак болот. Бирок бул да бара-бара өзгөрүп, башка баскычтарга өтүшү – мыйзам ченемдүү нерсе. Ошол себептен жергиликтүү бийликтин пирамидасы түзүлүп жатпайбы. Бирок иш жүзүндө жаңы механизмдер иштебейт. Дагы бир маселе менин тынчымды алат: борбордук бийлик кандай болот, ал жергиликтүү бийлик менен кандай алака түзөт. Ушул жагын да дыкаттык менен жана ылдыйтан өйдө сындан өткөрүш керек деп ойлойм.

Көп өлкөлөрдө аткаруучу бийлик күчтүү. Мисалы Жапония ушул кезге чейин беш жылдык план менен иштейт. Эгерде мында экономикалык ыкмалар таасир этпесе, анда алар административдик ыкмаларды колдонушат. Өткөөл мезгилде милдеттерди, укуктарды туура бөлүштүрүү абзел, мамлекеттик башкарууну да улам өзгөртө берүүнүн кажети жок. Менин оюм боюнча, биз үчүн азыр эң туура жол – социал-демократия, ал элдин мүдөөсүн, адилеттүүлүктү, социалдык саясатты органикалык түрдө айкалыштырып турат.

 

БИРДИ КЫРКСАН, ЭКИНИ ОТУРГУЗ 

Экологиялык абал күн санап татаалдашууда. Алыска барбай эле коёлу: жайыттарыбыздын куну учуп, көзге сүртөр Көлүбүз жабыркоодо. Ар кандай уулуу заттардын таасири астында аба, суу, жер булганып жатат. Республикабыздагы жабырланган табиятыбызды жөнгө салуу боюнча алгылыктуу иштер жок эмес. Арийне, республикабыздагы, экологиялык абалды түп-тамырынан бери өзгөртүү кыйла татаал. Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын геология институтунун директорунун орун басары, Республикабыздын Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Коомдук Советтин төрагасы Кулубек Бөкөнбаев ушул проблемалардын тегерегинде ой бөлүшөт.

– Азыр мезгилдүү басма сөздө экология проблемасы өтө кеңири чагылдыра баштады. Ошондон улам калктын кеңири катмары бул ишке активдүү катышууда. Бирок көптөгөн маселелер сөз боюнча гана калып, иш жүзүндө чечилбей жатат. Республикабызда коомчулуктун көңүлүн өйүгөн экологиялык зоналар арбын. Баш калаабыз — өлкөбүздөгү булганыч шаарлардын бири. Айталы ТЭЦ-2, «Ленин атындагы станок жасоочу заводу» өндүрүш бирикмеси шаардын абасынын бузулушуна олуттуу зыян келтирип жатат. Мындан сырткары, Кемин өрөөнүнүн аба, суу, топурагына мында иштеп жана курулуп жаткан ишканалар терс таасирин тийгизүүдө. Суу башаттары булганып, топурак ууландырылып жатат. Мындай жагдай, албетте, элдин көңүлүн алагды кылбай койбойт. Чындыгында калк айым учурда бул коркунучтардан кабардар эмес. Ошол себептен алар көбүнчө так маалыматтардын жоктугунан каңырыш кептердин артынан ээрчип кетет. Коомдук Советтин милдети: курчап турган чөйрөнү таза сактоого, жаратылыш байлыктарын үнөмдүү пайдаланууга түздөн-түз тиешеси бар мамлекеттик органдардын, министрликтердин, мекемелердин ишмердигин коомдук көзөмөлгө алууну башкы иш багыты катары жетекке алат.

– Табиятты жабырлантып, экологиялык эрежелерди бузуп жаткан ошондой ишканалардын бир-экөөнү атай кетсеңиз?

– Ак-Суу районундагы крахмал заводу – мына ушундай ишканалардын бири. Заводдон ар кандай ооруларды таркатуучу бактериялардын пайда болуу коркунучу туулууда. Биздин коомдук советтин мүчөлөрү заводдун экологиялык абалын текшерип, технологиялык тазалоочу жабдууларды коюунун зарылдыгын эскертишкен. Бирок, тилекке каршы, алигиче жылыш жок. Быстровкада курулуп жаткан линолеум заводу ошонун эле бир түрү. Завод биз бардыгыбыз коргоого ала турган суунун жээгине курулууда. Заводду куруу үчүн тандалып алынган жер экологиялык талапка эч жооп бербейт. Окумуштуулардын сөзүнө кулак салган бир жан жок. Жаңыдан эле курулуп жаткан ишканалардын экологиялык тазалыгы ушундай болсо, калган ишканалардын жагдайы кандай болмок?

– Экологиялык тең салмактуулуктун болушуна ГЭСтердин курулушу да өз таасирин тийгизди окшойт. Айыл чарбасына пайдалуу көптөгөн жерлер суу астында калды. Ушундай кайдыгерлик дагы эле улантыла береби?

– Биз бул маселеге көп кайрылдык. Өлкөбүздө мындай «гиганттарды» куруу кандайдыр модага айланып кеткен. Мунун натыйжасында эл чарбасына керектүү көптөгөн жерлер суу астында калган. Ошол аймактын табияты кескин өзгөрүүгө дуушар болгон. Жергиликтүү калк жер ооштуруп кетүүгө аргасыз болууда. Ошол эле учурда республикабыздагы ГЭСтердин электр кубатынын 50 пайыздан көбүрөөгү сыртка, башкаларга кетет. Мындан бир нече жыл мурун майда суу кубаттуулуктарын (гидроэнергетика) пайдалануу иши жандана баштаган эле. Кубаттуулугу көп анча чоң эмес станциялар тоолуу райондун айыл-кыштактарын, жайлоолорун электр энергиясы менен оңой эле камсыз кылмак. Ошондой эле электр энергиясын алууда шамалдын кубаттуулугун пайдалануу да өксүп келатат. Кайсыл учурда болбосун, шамал тынымсыз жүрүп турчу капчыгайлар бул үчүн жакшы шарт түзүп бермек. Тилекке каршы, «гиганттарды» куруу улантылууда. Жакында биздин кеңештин мүчөлөрү Көкемерен ГЭСин курууну пландаштырып жаткан жерде болуп кайтышты. Илимий изилдөөнүн негизинде: бул жерге ГЭС курууга мүмкүн эмес деген жыйынтык чыгардык. Буюрса, жакынкы күндөрү Көкөмерен ГЭСин пландаштыруу иши биротоло токтотулат деген ойдомун.

– Кулубек Жоомартович, биздин баамыбызда айрым райондордо көп эле учурда отундун, курулуш материалдарынын жетишсиздигинен токойлорду кыюуга жол берилип келатат.

– Ооба, бул бизди өкүндүрбөй койбойт. Турмуш деңгээлибиздин начардыгы менен экономикалык сабатсыздыгыбыздын кесепетинен республикабыздагы токойлордун 50 пайызы кыйылып жок болду. Токой – тек гана өндүрүшкө керектелүүчү каражат эмес, ал – кычкылтектин булагы, нымдуулукту сактоочу табигый кампа. Жашырганда эмне, биз токойду баалабай келатабыз. Мисалы, чет элдиктер «бир дарак кыйсаң, экини отургуз» деген накыл кепти туу тутушат. Алар табиятка сый мамиле жасоого үйрөнүшкөн. Австрия токойго анча деле бай эмес, бирок токоюн кыйып экспортко жөнөтө алат. Башкаларга суктанып, эки колду куушуруп отура бергенде болбойт. Мунун баары экологиялык маданиятыбыздын жетишсиздигинен келип чыгууда. Экологиялык маданият деген кеңири түшүнүк эмеспи... Биздин көчмөн калкыбыз табияттын койнунда өсүп, тоонун балдары болушкан. Жаратылышты жанындай сүйүшкөн. Суу башаттарын ыйык, таза тутушкан. Кийинки муун табияттан алыстап кетти. Табиятты коргойлу деп ооз толтура күпүлдөгөнүбүз менен, жыйынтыктуу майнап чыгара албай жатабыз. Маданиятыбыздын тайкылыгы саясаттан да, экономикадан да байкалып жатат. Маданиятыбыз бийик болбосо, табиятты кайдан коргойбуз? Үмүтүбүз жаштарда калды. Табият баарыбызга бирдей тиешелүү. Экологиялык маданиятты көтөрүүдө элдин шыгы, ишмердүүлүгүн, аракетин колдоо зарыл. Мисалы, суу булганып жатат, токойлор кыйылып жатат деп тилибизди безеп сүйлөй бербей, табияттын тазалыгын коргоодо бир үй-бүлөдөй ынтымактуу болгонубуз оң. Себеби ар кимибиз үйүбүз булганып, кир болсо, жаныбыз жай алып тынч отура албайбыз. Жер деле – биздин үйүбүз. Качан суунун жээгин, токойду мамлекет, ишкана тазалап берет деп карап отурабыз... Кыскасы, ар бир адам табиятка аяр мамиле кылып, тиричилик булагы болгон абага, сууга, токойго акыл-эстүү мамиле жасоого үйрөнүшүбүз керек.

– Элдин экологиялык маданиятын көтөрүүдө, табияттын тазалыгын сактоодо жергиликтүү Советтердин укугу да, милдеттери да чектелүү эмес чыгар?

– Азыр жергиликтүү Советтер бардык байлыктардын ээси катары, ага баш-көз болушу керек. Жергиликтүү Советтердин макулдугу берилмейинче, эч ким жаратылыш байлыгына тийүүгө акысы жок. Тилекке каршы, бизде кайдыгерлик – күч. Мисалы, Ташкенттеги «Орто Азия самоцвет» бирикмеси жылына келип, баалуу таштарыбызды каалашынча казып, талкалап, ташып кетет. Канча дары-дармек чөптөрүбүздү жыйнап алышат. Бул эмне деген кордук? Байлыгыбызды ушинтип башка бирөөлөр тымызын ташып жатса, бейкапар отура беребизби? Эл байлыгын көз карегиндей коргоо биринчи кезекте – жергиликтүү Советтердин милдеттери. Биздин Советти түзүүдөгү бирден бир максат ошол коомчулуктун көңүлүн табиятты коргоодогу көйгөйлүү проблемага буруп, ага көпчүлүк адамдарды тартуу эле. Коомдук совет түзүлгөндөн бери республикабыздын бардык региондорунан ага мүчө болуп өкүлдөр катталган. Бирок моюнга алышыбыз керек, Советтин мүчөлөрү демдүү иштебей атат. Албетте, жарым жылда эле биз көздөгөн максатыбызга жете койбойбуз деңизчи, ошентсе да акырындык менен аракеттенүү жөндүү.

Маектешкен А. Дүишөбаев, КМУнун студенти.
    «Ленинчил Жаш», 13 ноябрь, 1990 ж.

 

ӨЗ ЖЕРИБИЗГЕ ДУШМАНДАЙ МАМИЛЕ ЖАСООДОБУЗ

– Кулубек Жоомартович, акыркы убактарда дүйнөдө тоолуу райондордун проблемаларына көбүрөөк көңүл бурула баштады. 2002-жылда Бишкекте тоолуу өлкөлөрдүн глобалдуу саммити өткөрүлдү. БУУ тоолуу өлкөлөр боюнча ар жылда экиден-үчтөн резолюция кабыл алууда. Буларга эмне себеп болууда?

– Азыр дүйнөдөгү жер аянтынын 25 пайыздайы тоолор. Жер шарындагы калктын жарымы тоо өлкөлөрүнүн суу ресурстарынан пайдаланышат. Тилекке каршы, катаал шарттар менен кошо жакырчылык тоолуу өлкөлөргө мүнөздүү. Башкача айтканда азыр жер шарындагы эң кедей 1 млрд. адамдын 80 пайызы тоолуу өлкөлөрдүн жарандары болуп саналышат. Ал ар кандай жаңжалдарга, кагылышууларга себеп болууда. Алсак, БУУнун маалыматтарына ылайык 1995-2000-жылдарда дүйнөдө 27 куралдуу кагылышуу катталса, алардын 23ү тоолуу өлкөлөрдө болгон. Көпчүлүк тоолуу өлкөлөр терроризмдин, экстремизмдин, сепаратизмдин жана баңгизаттардын, локалдуу кагылышуулардын очокторуна айланышкан. Кыргызстан – табигый шарттары өтө оор делген дүйнөдөгү Афганистан, Бутан, Эритрея, Непал, Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдүн катарларына кирет. Биздин өлкөнүн 94 пайызын тоолор, алардын ичинен 70 пайызын жашоого татаал жерлер түзөт. Ал эми айыл чарбасына жарактуу жерлердин 51 пайыздан ашыгы, же 968 миң гектар айдоо, 87,1 миң гектар чөп, 4544,8 миң гектар жайыттык аянттар эрозияга учурган.

Дүйнөлүк тажрыйбада ырасталгандай, түздүктөгүлөргө салыштырганда тоолуу региондордо жашап, иштөө климаттык жактан гана эмес, финансылык жактан алганда да кыйла татаал, оор болот. Алсак, түздүктөгүлөргө салыштырганда тоолуу зоналарда энергия эки-үч эсе көп керектелет, курулуш иштеринин өздүк наркы 50-80 пайызга көтөрүлөт. Мына ушулардын баары чыгымдарды кескин көбөйтөт. Мындай абал тоолуу зоналарда жашагандардын жаратылыш ресурстарына карата катаал мамилелерин шарттабай койбойт. Бул экосистеманын бузулуусуна, жер, суу, токой ресурстары деградацияга учурап, жакырчылыктын көбөйүүсүнө алып келет. Азыркы учурда Кыргызстанда гана эмес, башка тоолуу өлкөлөрдө деле калктын массалык миграциялары мүнөздүү көрүнүшкө айланбадыбы. Тоолордо экосистема бузулса, ал түздүктөрдөгү коңшу өлкөлөргө да терс таасирин тийгизбей койбойт. Ошондуктан дүйнөлүк коомчулук акыркы убактарда тоолуу өлкөлөрдүн проблемаларына өзгөчө көңүл бура баштады. Мында өзгөчө белгилей кетчү нерсе, акыркы убактарда бизде тоолордун экосистемасы гана бузулбастан, анда жашагандар социалдык деградацияларга учуроодо. Алдуу-күчтүү жаштардын баары башка өлкөлөргө, түздүктөргө массалык түрдө кетишүүдө. Азыр Кыргызстандын көпчүлүк алыскы тоолуу айылдарында кары-картаңдардын, жаш балдардын гана калгандыгы эч кимге жашыруун эмес. Көптөгөн үй-бүлөлөр бузулуп -жарылууда. Мындай көрүнүштөр экологиялык, экономикалык гана эмес, саясый да чоң проблемаларды жаратууда. Алсак, Баткенде бош калган жерлерди кошуна өлкөлөрдүн жарандары акырындап ээлеп алып жатышкандыгы маалымдоо каражаттарында айтылып, жазылып жатпайбы

– Азыр расмий маалыматтарга ылайык саясый, социалдык жаңжалдардын, кагылышуулардын 90 пайыздан ашыгы экологиялык себептерден улам чыгат экен. Азыр бизде да экологиялык маселелер жөнүндө көп айтылат, жазылат, бирок бул багытта кандай жылыштар болууда?

– Акыркы он жылдын ичинде жаратылыш байлыктарын коргоп, сактап, өнүктүрүү боюнча мамлекеттик көп документтер кабыл алынды. Алсак, 1997-жылы августа коопсуздук кеңешинде өлкөнүн Экологиялык коопсуздугунун концепциясы кабыл алынган. Андан кийинки 1998–2001 – жылдарда Жаратылышты коргоп, өнүктүрүүнүн концепциясы бекитилди. "Экологиялык экспертиза жөнүндө" мыйзам кабыл алынды. Дагы бир катар документтер жарыяланды. Бирок, ачыгын айтуу керек, алардын баары эле кагаз бетинде калууда. 1998-жылы 25-сентябрда Өкмөттүн "Ысыккөлдүн биосфералык аймагы жөнүндө" токтому чыккан. Ал токтом жарыялангандан кийин Ысыккөлдөгү экологиялык абал жакшырмак түгүл, мурдагыдан да начарлап кетти. Мурдагы учурларда пляждык зоналарга имараттарды курууга, инфраструктураларды жайгаштырууга уруксат берилчү эмес. Акыркы убактарда пансионаттар, коттедждер пляждык зоналарга гана курулууда. Аларды көзөмөлдөп, "бул жерлерге жайларды курууга болбойт, антсек ботонун көзүндөй көлүбүздү булгап алабыз" деген эч ким жок. Губернатору, акимдери, башка көзөмөлдөөчүлөрү деле көрмөксөн, билмексен. Мурдагы, былтыркы жылдарда Аксыдагы реликтилик жаңгак токойлору кыйратылды, 15–20 пайызы биротоло жок болду. Базаркоргондо ж.б. жерлерде жаңгактын уюлдарын, арча, карагай даярдоо, Ысыккөлдө, Токтогулда мыйзамсыз балыктарды кармоо иштери улантылууда. Анан кантип бул багытта жылыш бар деп айта алабыз?

– Бул багытта абал канткенде оңолот деп ойлойсуз?

– Бизде жаратылыш ресурстарын пайдалануучулар менен айлана-чөйрөнү көзөмөлдөөчүлөр бир эле структурада турушат. Же оң колубузду сол колубузга көзөмөлдөтүп койгонбуз. Ал эми өнүккөн мамлекеттерде экологиялык инспекторлор Башкы прокуратурадай эле эч кимге түздөн-түз баш ийбеген өзүнчө түзүмдө турушат. Алар бирөө жарымдын, же чарбалык субъектинин айлана чөйрөгө зыян келтирип жаткандыгын көрүшсө, заматта тийиштүү айыптарды салып, иштерин тергөөгө же сотко өткөрүп коюшат. Алардын бул багыттагы мыйзамдары абдан катаал.

– Кулубек Жоомартович, эколог-окумуштуу катарында сизди дагы кандай маселелер өзгөчө тынчсыздандырууда?

– Биз динамикалуу демографиялык кырдаалды баштан кечирип жаткан региондо жашоодобуз. БУУнун атайын комиссиясыныч божомолдоруна ылайык, 2025-жылга карата Өзбекстандын калкы 40 миллиондон ашат, ал эми Тажикстандын калкы 15 миллионго жакындайт. Буйруса, Кыргызстандын калкы да 9 миллиондун тегерегинде болот. Же Борбордук Азия республикаларынын эли дээрлик эки эсеге жакын көбөйөт. Анча адамдын нормалдуу жашоосу үчүн, албетте, биринчи кезекте жер, суу жетиштүү болуусу зарыл. Эгерде азыркыдай деградациялык көрүнүштөр улантыла берчү болсо, 2025-жылда Кыргызстандагы ар адамга 0,1 гектардан гана айдоо жери туура келип калганы турат. Анда региондо жер, суу маселеси өзгөчө курчуйт. Анткени, ал мезгилге карата адистердин болжолдоруна ылайык, Кыргызстандагы мөңгү аянттары эки эсеге жакын кыскарат, демек, дарыя, өзөндөрдөгү суулар да азайып кетүүсү ыктымал.

Ачыгын айтуу керек, биз азыр айыл чарбасына жарактуу айдоо жерлерге душманыбыздай мамиле жасоодобуз. Мен дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө болдум, алар айыл, кыштактарын айыл чарбасына жараксыз жерлерге жайгаштырышат, айдоо аянттарды участкаларга, курулуштарга беришпейт, аларды көздөрүнүн каректериндей сакташат. Кавказдагы республикаларды көрсөңүз, айыл-кыштактар тоолордун, таштардын арасында, түздөрүнүн баары эгин, бак, жүзүм, пахта аянттары. Ал эми биз көз карандысыздыкка ээ болгондон бери Чүйдөгү, Көлдөгү эң мыкты делген айдоо аянттарын участкаларга, жаңы курулуштарга бөлүп берип, көпчүлүгүн жок кылдык. Эртең биз кайсыл жерлерге эгин-тегин өстүрөбүз, айдоолордун баарын бир кабат жер үйлөргө толтура берсек, кийинки муундар кайсыл аянттардын эсебинен күн көрүшөт?

– Жогоруда айтылган проблемларды жеңилдетүү боюнча сиздердин борборуңуздар конкреттүү кандай иштерди аткарууда?

– Биз азыр эл аралык донор уюмдар менен биргеликте бир нече долбоорлорду ишке ашыруудабыз. Алсак, Алайда таштак жерлерди пайдалануу, Бишкекте таштандылар төгүлгөн жерлерди реабилитациялоо, Чоңкеминде тоолуу айылдардын тургундарын колдоо, дары чөптөрдү жыйнап пайдалануу д.у.с.ж.б. долбоорлор жүзөгө ашырылып жатат. Булардын жалпы акчалай суммасы 10 миллиондой долларды түзөт. Дагы биргелешкен төрт-беш долбоор үйрөнүлүү стадияларында болууда. Азыр бизде мындан ары жогорудагыдай терс көрүнүштөрдү четтетүү үчүн эмне кылуу керек? – деген бир гана суроо турат. Кемчиликтер, проблемалар баладан чалга чейин белгилүү. Элдин баары эколог, бул өзүнчө модага айланды. Мыйзамдык, нормативдик база эбак түзүлгөн. Эми элибизди, жерибизди чындап сүйсөк, сөздөн ишке өтүүбүз керек. Менимче аны айлана-чөйрөнү коргоо агенттигин министрликке айландырып, аны башка ведомстволордон жогору турган статуска ээ кылууд ан баштоо зарыл. Анын структурасына экологиялык полиция же милиция кирүүсү керек.

 

ИНТЕЛЛЕКТ – МАНИЛҮҮ ТОВАР

Бүгүнкү экономикалык кризистен чыгуунун жолдорунун эң орчундууларынын бири катары жаратылыш ресурстарын пайдалануунун зарылдыгы өзгөчө баса белгиленип жа-тат. Айрыкча минералдык ресурстар эбегейсиз чоң мааниге ээ болушу калетсиз. Албетте, мындай пикирлердин пайда болушу жөн жеринен эмес. Чындыгында, кыргыз жергесинде минералдык ресурстардын потенциалы өте чоң. Тилекке каршы, республикада аларды экономиканы көтөрүүгө таяныч кылып алуу деңгээлине чейин жеткирүүчү старттык капитал жок. Анткени, мурдагы СССРдин тутумунда экенде кенди сырье түрүндө берүү менен гана чектелип, даяр продукция алуунун андан аркы процесси тууралуу баш оорутчу эмес элек.

Ошондон улам, өнөр жайлык, металлургиялык инфраструктура иштелип чыккан эмес. Ал эми азыркы эгемендүүлүккө жетишкен шартта биз дүйнөлүк рынокко чыгышыбыз керек. Ал үчүн кенди, экологияны жабыркатпай иштетүү маселесин эске алуу менен продукция алууга жетишибиз зарыл. Бирок, бул багытта жаңы технология, техника, каражат дээрлик жокко эсе.

Албетте, бул деген таптакыр колдон түшүп отуруп калдык деген кеп эмес. Өкмөт стратегиялык туура багытты көздөп жатат деп айтсак болот. Маселен, кудайга шүгүр, азыр алтынды чыгарууга мүмкүнчүлүк болуп калды. Эми жогорку проблемаларды чечип алуу үчүн биз, ириде, ошол алынган алтынды жүгүртүүге тийишпиз. Ал аркылуу жаңы технологияны жаратып, металлургиялык өнөр жайды негиздеп алсак жаңы кен байлыктарды өнүктүрүүгө кеңири жол ачылат эле.

Экономиканы өнүктүрүүнүн негизги булактарынын бири деп эсептелген кен байлыктарыбыз жашы, сапаты боюнча ар кыл болуп, чоң үмүткө эгедер кылганы менен, акыры алардын түгөнөрү калетсиз нерсе. Бирок, биз ушул баа жеткис байлыктардын экинчи, эң олуттуу түрү бар экенин эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Ал биздин көөнөрбөс, бөксөрбос, түгөнбөс элибиз. Ошол эл мамлекеттин интеллектуалдык потенциалын түзөт. Ал эми интеллектуалдык потенциал болмоюнча жердин асыл байлыктарын өздөштүрүү эч мүмкүн эмес. Ансыз биздин бар байлыгыбызды алдуу-күчтүү мамлекеттер алдап, талап кетиши мүмкүн. Ошондуктан, кубаттуу мамлекет болууну чындап кааласак, биз бул маселени биринчи планга алып чыгышыбыз керек. Маселең, Сауд Арабиясы ж.б. бул багытта өтө акылдуу иш кылышты. Алар нефтини жөн салды сатышпастан, андан түшкөн каражатты илимин, техникасын, айыл чарбасын өнүктүруүгө жумшашты. Бул эбейгеисиз чоң ийгилик алып келди. Ошол эле саясатты Кувейт, Ирак, Иран, Араб эмираты кайталады, өздөштүрдү. Эми азыр Жакынкы Чыгышта алардан өткөн бардар өлкө жок экени белгилүү. Өнүккөн маданият гана эбегейсиз экономикалык өнүгүүнү камсыз кылат.

Менин өзгөчө тынчымды алган маселе – элдин люпендешип бара жатышы болуп турат. Биз баарыбыз «чала молдо – дин бузарбыз». Ушундай ахывалда туруп акылдуусунганды, сынтакканды жакшы көрөбүз. Азыр чындыгында билим берүүге жакшы мамиле жасалып жатат. Билим берүү мыйзамын кабыл алуу фактысы эле көп маселенин чечилишин шарттап турат. Ошол эле мезгилде билим менен илимди айырмалоого болбойт. Алар ар дайым бирин бири толуктап келген. Билимдин бүгүнкү төмөнкү деңгээлин көтөрүп чыгуу чоң проблема, ага эбегейсиз күч-кубат керек. Ошондуктан, байыш үчүн байыш деген принципти өзүбүздөн оолак тутууга милдеттүүбүз. Анткени, ал акыры кыйроого алып келет.

Кийинки орчун маселе – илимди сактап калуу, аны рынок экономикасына ылай-ыкташтыруу. Ушул күнгө чейин илим мамлекеттин эсебинен жашап келе жатканы ырас. Демек, алдыда аны өнүктүрүүнүн жаңы формасын табуу милдети бар. Тилеке каршы азыр бул багытта чечкиндүү кадам жасоо мүмкүн эмес. Анткени, илим тууралуу, интеллектуалдык менчик тууралуу мыйзам жок. Интеллектуалдык эмгектин эсебинен илимди өнүктүрүү, жашоо деңгээлин көтөрүү үчүн шарт түзүлгөн эмес. Интеллект – эң маанилүү товар, ар кыл технологияларды, экономикалык программаларды сунуш кылуу интеллектуалдуу адамдардын, окумуштуулардын гана мүмкүнчүлүгүндөгү ищ. Алар соода-сатыктын предмети болуп саналат.

Алдын ала иликтөө жүргүзүү, анын жыйынтыктарын көре билүү – илимдин бирден бир артыкчылыгы болууга тийиш. Маселен, биз XXI кылымда кендин кандай түрлөрүн өнүктүрүүнү билбейбиз. Бул маселенин айланасында ойлонуу – биздин милдет болууга тиииш. Чындыгында, бизде мындай иликтөөлер жок эмес. Атүгүл сунуш кылууга болоор эле. Бирок, мыйзамга, капиталга болгон муктаждык кендирди кесип турат. Ошондуктан, илимге да билим берүү сыяктуу эле өзгөче камкордук, колдоо керек. Ансыз баалуу байлыгыбызды коргоп калуу мүмкүн эмес.

Кулубек Бөкөнбаев – геологиллык-минералдык илимдердин кандидаты.
    «Кут билим», 5-январь, 1993-жыл.

 

ЖАРАТЫЛЫШТЫ ЖАНДАЙ СҮЙГӨН ИНСАН
    Атанын уулу жөнундө учкай сөз

Кулубек аба жөнүндө сөз баштаганда эле ал кыргыздын эки асыл адамынын, улуттук поэзиябыздын жарык жанган кош жылдыздары – Жоомарт Бөкөнбаев менен Тенти Адышеванын урпагы экендигин айтып койгонубуз абзел. Албетте, көпчүлүккө Кулубек аба биринчи иретте көрүнүктүү окумуштуу, белгилүү коомдук жана саясий ишмер катары таанымал. Бул көп кырдуу шык-жөндөмгө эгедер адамдын ата-энесинин каны менен бүткөн, табият тартуулаган, көпчүлүккө анча белгилүү эмес дагы бир шык-жөндөмү бар. Улуу сүрөткердин урпагы жөнүндө сөз кылаарда, адегенде анын ушул сапаттарына учкай болсо да токтоло кеткибиз келди.

Сөз бул көркөм чыгармачылык, публицистика менен алака-катышы жөнүндө болуп жатат. Мисалы, анын калеминен «Жаңыл Мырза» балет либреттосу, «Бака менен жылан» мультфильминин сценарийи, повесть, көптөгөн аңгемелер жана эсселер жаралгандыгын баары эле биле бербейт. Ал коомчулукка жандуу пикир туудурган публицистикалык макалалары менен окурманды оюн ортого салып, атургай адабият таануу жаатында да интеллектуалдык деңгээли бийик экендигин бир-эки макаласы менен көрсөтө алды. Маселен, башкасын айтпаганда да, заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов анын адабий-философиялык макаласы менен таанышкандан кийин төмөндөкүдөй кат жазып жөңөткөн:

«...атактуу И.Канттын илимий аныктамаларына таянып, менин «Ала ит» повестимди философиялык багытта чагылдырып, чыгарманын кандайдыр универсалдык белгилерин тактап, аларга түшүнүк бергениң – бул бир өзгөчө иш болуптур. Мен үчүн күтүлбөгөн окуя – кыргыздын интеллектуалдык деңгээлин көрсөтүп турбайбы!

Рахмат, Кулубек! Маркум ата-энең, кайран кишилер тирүү болсо, көңүлдөрү көтөрүлө турган экен. Алар ошондой кишилер эмес беле! Макалаң дүйнөлүк деңгелде болуптур – чакан, бирок, ошончолук терең, асыл, бакыбат жазылган. Бул багытты таштабасаң экен, дагы улатсан экен.

Кош, көрушкөнчө.
    Ч. Айтматов
    Люксембург, 20.07.91 ж.

 

Кулубек абанын элибиздин тарыхы, этнографиясы, искусствосу, поэзиясы тууралуу да кругозору аябай терең, ой чабыты кенен.

Балалык чак

Кулубек абанын балалыгы кан күйгөн Улуу Ата Мекендик согуштун учуруна туш келди. Төрт жашында атасы Жоомарт Бөкөнбаевден айрылып калса дагы анын эл керегине жараган белгилүү инсан болуп калыптанышына табигый шык-жөндөмү, аракетчилдиги чоң өбөлгө болду. Ал кичинесинен эле тири карак, зээндүү, эмгекчил болуп өстү. Кыял-жоругу, баскан-турганы, адамгерчилик сапаттары, а тургай келбети да атасы Жоомартты элестетип турар эле. Апасы Тенти Адышева Жоомарт Бөкөнбаев жөнүндө минтип эскерген жери бар эмеспи: «Ал ак пейилдүүлүгү, боорукерлиги, жогорку адамгерчилиги, атына жараша ченемсиз марттыгы, бала кыял ак ниеттүүлүгү менен кандай адамды болбосун өзүнө тез эле тартып алуучу».

Өспүрүм кезде таятасынын колунда болуп, анын тарбиясын көрдү. Мектепте окуп жүргөндө эле спорт менен машыгып, кийин студенттик курагында аны дагы өркүндөтүп, 1962-жылы бокс боюнча Москва шаар чемпиону болгон.

Кулубек абанын татыктуу таалим-тарбия алып, адам болуп калыптанышында албетте, энеси Тенти Адышева менен кийинки атасы, академик Муса Адышевдин эмгеги чоң. Муса Мырзапаязовичтин ата катары эң бир артыкчылыгы – Кулубекке өз баласындай мамиле жасап, аталык камкордук көрүп, келечегине ишенип, татыктуу тарбия берүүгө аракет кылгандыгында болду.

Кийин да ал кишинин таасиринен улам Кулубек аба геологдук кесипти тандап алды. Бул жөнундө Кулубек Жоомартович дайыма сыймыктаануу менен эскерип келе жатат. Маркум энеси: «Кулубекти филологияга окутсам Жоомарт атасынын жолун жолдойт эле», – деп үмүттөнөөр эле. Бирок, ар бир адамдын маңдайына эмне жазылса ошол болот турбайбы. Анын сыңары Кулубек аба да орто мектепти аяктагандан кийин турмуш жолуна чыйыр салып, Муса атасынын жолун жолдоп, 1957–1963-жылдары Москванын эң бир кадыр-барктуу жогорку окуу жайларынын бири – Москва геологиялык-чалгындоо институтунан билим алды.

Ошентип, бир адамдын тагдырына кыргыздын үч улуу адамдын таасири тийди. Бир жагынан Муса Адышевдин таасири менен Кулубек Жоомартович геологдук кесипти тандап алып, аракетчилдиги, мээнеткечтиги менен бул багыттагы белгилүү окумуштууга чейин жетилсе, ал эми жан дүйнөсүнүн назиктиги, поэтикалуулугу, бийиктиги, тазалыгы көркөм чыгармачылыкка жакындыгы жагынан ак таңдай акындар Жоомарт Бөкөнбаев жана Тенти Адышеванын уулу болуп кала берди.

Окумуштуу Кулубек

1963 жылы Москвадан окуусун ийгиликтүү бүтүргөндөн кийин Кыргызстанга келип, эмгек жолун Чүй геология экспедициясында өндүрүштө иштөөдөн баштайт. Ошол убакта анын илимге болгон кызыгуусу, умтулуусу күч алып, илимий иштер өзүнө тартып туруп алды. 1965-жылы Кыргыз илимдер академиясынын геология институтунун аспирантурасына өтүп, аны ийгиликтүү аяктагандан кийин аны дароо институтка калтырышат. Ошентип илимий ишин андан ары улантат.

Ошол кезде атасы академик М.Адышев Кыргыз илимдер академиясында иштеп тургандыгына карабастан, атасы баласына жардам берип жатат деп эл айтпасын деп намыстанып, эч колдоосуз эле өзүнүн аракети менен аталган илимий мекемеде катардагы кызматкерден жетекчи кызматка чейинки жолду басып өткөн. Ал өзүнүнүн маданиятынын бийиктиги, билиминин тереңдиги, өткүрлүгү менен кесиптештеринин арасында чоң кадыр-баркка ээ болгон.

Өзүнүн илимий ишмердүүлүгүн рудогенез жана магматикалык геологиянын проблемаларын изилдөөдөн баштаган. Институтта машакаттуу, түмөн түйшүктүү илимий иштер менен алпурушуп жүрүп, 1970-жьшы геология-минералогия илими боюнча кандидаттык, 1993-жьшы докторлук диссертацияларын ийгиликтүү жактайт. Мунун өзү Кулубек абанын илимге умтулуусу, ага болгон кызыгуусу зор экеңдигин айгинелеп турат.

Кийинки жылдары петрология, геохимия, минералогия, геоэкология, экологиялык геохимия жаатындагы адис катары республикада жана КМШ өлкөлөрүндө эле эмес, ошондой эле чет өлкөгө да белгилүү окумуштуу катары таанылды.

Илимпоз-окумуштуунун калеминен жер байлыгын пайдалануу, экологиялык коопсуздукту сактоо багытында 120 дан ашык илимий эмгеги (анын ичинен алтоосу монография болуп саналат) жарык көргөн. Жаратылышты коргоо, мамлекеттик курулуш, мамлекеттин саясий түзүлүшү, жергиликтү өзүн-өзү башкаруу, экологиялык жана экономикалык проблемалар, азыркы коомдук саясий абалыбыз, келечегибиз тууралуу бир катар макалалары республикалык мезгилдүү басма сөздө жана Америка, Германия, Япония сыяктуу өлкөлөрдө которулуп басылган.

Экология деп күйүп келет

Кийинки жылдары жаратылышты коргоо – өкмөттүк, мамлекеттер аралык, дуйнөлүк масштабда чечүүчү маселе болуп калды. Ошондон улам Кыргызстанда жаратылыш байлыктарын коргоо, сактап калуу максатында жаратылышты коргоо комитети, жаратылышты коргоо министрлиги болуп кайра түзүлдү. Анын жетекчилигине биз сөз кылып жаткан К.Бөкөнбаев келет. Ошондо ал башка жетекчилерден айырмаланып айрыкча жаратылыш байлыктарын: топурак, суу, аба, жан-жаныбар, кен жана башкаларды кандай пайдалануу керектигине чоң көңүл буруп, аны кантип сактап калууга көп эмгек жумшаган. Кулубек аба табиятынан бүткөн курчтугу, тайманбастыгы жана чечкиндүүлүгү менен кайсы деңгээлде, кайсы кызматта болбосун чыркыраган чындык, калыстык үчүн куду эле атасы Жоомарттай болуп, өмүрүн өрткө салып күрөшүп келе жатат.

Акыркы эле мисалдардын бири – жаңыдан жаратылышты коргоо министри болуп келгенде элдин, мамлекеттин энчиси болгон балык чарбасы чоң капчыктуулар тарабынан таланып кеткенин көрүп, жаны кашайып, катуу кармашка түшүп, жогорку деңгээлде чечилип калган маселени акыры кайрадан каратып, бул элдик байлыкты элге кайрып берүүгө жетишет.

Барскоон трагедиясында да курулай ызы-чуу чыгарып, элдин үрөйүн учуруп Ысык-Көлүбүздүн кадырын кетирүүгө аракет кылгандарга каршы нукура илимпоз жана патриот катары эң алгачкылардан болуп төшүн тосуп берди. Турмуш, мезгил анын айткандарынын чындыгын далилдеп, барскоондук, көлдүк туугандар ага ыраазычылыгын билдирип келишүүдө.

Жакында анын калеминен Барскоон трагедиясы жөнүндө «Барскоон: Мифтер жана реалдуулук» деген китеби да жарык көрдү. Академик М.Миррахимов да ага жолдогон каттарынын биринде: «Сизди аракетчил, ишкер жана ар тараптуу адам катары, элдин кызыкчылыгын көздөгөн ишиңизде көп пайда келтирериңизге ишенем» деп бекер жазбаса керек.

Дегинкиси, ал так илимдер менен гуманитардык илимдердин ортосунда турган экология илимине, экологиялык проблемаларга 1987-жылдан баштап катуу киришкен. Ошондо илимпоз-окумуштуу катары биринчи болуп Фрунзе шаары уулуу заттар менен кантип булгангандыгын изилдеп, 20 дан ашык экологиялык картаны түзгөн. Анын илимий ишиндеги мындай аракети ошол кездеги Кыргыз илимдер академиясынын президенти, академик Н.П. Лаверовдун колдоосуна ээ болуп, анда жумушчу комиссия түзүлүп, ага жетекчилик кылган.

Кулубек аба учурунда мамлекеттик тил, жаратылыш жөнүндө мыйзамдардын күйөрманы, жактоочусу да болгон. Анын түздөн-түз кийлигишүүсү жана мыйзам иштеп чыгууга катышуусу, жетекчилиги жана автордугу менен элүүгө жакын мыйзам жана мыйзам актылары кабыл алынган. «Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоонун улуттук планы» жана «Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугунун концепциясы» программалык документтери Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешинин жыйынында Президент А. Акаевдин жогорку баасына татыктуу болгон. Бул мезгилдердин аралыгында эл аралык уюмдар менен дагы жемиштүү кызматташып, 1997-жылы Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык ассамблеясында, 1999-жылы Лондондо өткөн айлана-чөйрөнү коргоо министрлеринин бүткүл дүйнөлүк конференциясында доклад менен чыгып сүйлөгөн.

Мындан тышкары «Ысык-Көл биосфералык аймагы», «Батыш Тянь-Шандын биологиялык ар түрдүүлүгү», «Чоң-Кемин биосфералык аймагы» сыяктуу бир катар долбоорлордун иштеп чыгуучусу жана демилгечиси болуп саналат. Ал мамлекеттик программанын статусун алган «Кыргызстандагы экогеохимиялык коопсуздук» программасынын жетекчиси жана эгемендүү республикабыздагы эң биринчи «Жаратылышты коргоо жөнундө» жана «Илим жөнүндө» мыйзамдардын автору. Ошону менен катар өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда мамлекетибиздин жана элибиздин келечеги үчүн камкордук көрүп, тигил же бул проблемаларды чечүүдө өкмөттүк комиссиялардын курамында көптөгөн маселени тайманбай кабыргасынан коюп, чоң салым кошуп келет.

Кулубек Бөкөнбаев деги ким?

Ал көрүнктүү окумуштуу, коомдук-саясий ишмер, жан дүйнөсү бай чыгармачыл инсан. Геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын экология адистиги (азырынча жалгыз) боюнча мүчө-корреспонденти, Эл аралык информация Академиянын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишмер, камчыга сап болгудай кыргыздын чыгаан уулдарынын бири.

Кулубек аба өзүнүн өтөлгөлүү өмүр жолунда адамдык асыл сапаттары менен илимдер академиясынын катардагы аспирантынан жогорку тепкичтерге көтөрүлүп, Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо министири даражасына чейин өсүп жетип, көп жылдар бою жетекчи кызматтарда үзүрлүү эмгектенип, Жоомарттын уулу деген ысымды татыктуу алып жүрөт.

Кулубек Бөкөнбаевдин өмүр жолуна саресеп салсак, чыгармачыл жана окумуштуу адам катары элдин уулу болуп, эл жүгүн аркалап келаткандыгы айкын. Көп жылдар бою илимдин дыңын бузуп, табият берген таланты менен чыгармаларын элге тартуулап, эң башкы касиети адамгерчилигинен жана талыкпаган ишмердигинен жазбай, азыр да чоң чыгармачылык жигер менен үзүрлүү эмгектенип келет.

Кулубек абанын элине сиңирген эмгеги өз учурунда эл тарабынан да, мамлекет тарабынан да жогору бааланып, «Ардак белгиси» орденин, Кыргыз Республикасынын Ардак граматаларын жана көптөгөн өкмөттүк сыйлыктарды алууга арзыган.

Учурда көп жылдык топтогон тажрыйбасын жаштар менен бөлүшүп, борбор калаабыздагы эң ири, кадыр-барктуу окуу жайларында профессор катары студенттерге лекция окуп, Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясында башкы илимий кызматкер катары да илим-изилдөө иштерин жүргүзүп келет.

Ушул мезгилде Жоомарт уулу Кулубек күчкө толуп, баралына жетип, турмуштук мол тажрыйба топтоп, өткөөл мезгилде эл кызыкчылыгын көздөгөн азамат уулдарыбыздын бири катары чабыты кеңейип турган убагы.

60 асыйды аттаган кутман курагыңыз кут болсун, Кулубек аба! Сизге астейтилден чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөңүз менен бакубат турмушта өмүр сүрүүнүздү каалайбыз.

Г. Эгемкулова,
    “Эркин Тоо”, 21 января, 2000 г.

 

ЭКОЛОГИЯНЫН ЭЭСИ КЕЛДИ. ЭКИ АСЫЛДЫН УРПАГЫ 

Кулубек акени көргөн киши кадимки Жоомартка жолуккансыйт. Ал кыргыз Пушкини атыккан Бөкөнбаевдин отуздун кырында көргөн туягы. Атасынан 4 жашында калып, апасы – акын Тентинин таалим-тарбиясында жетилген Кулубек Бөкөнбаев элүү бешти эңшерип барат. Өзүн "киргиздерге" кошот. Атасы менен апасынын ырларын жат айтып, жан эргите талдаганын угуп олтуруп, аттиң, Кукемдей "киргиздер" көп болсочу дейсиң эрксизден.

ЖАНДҮЙНӨСҮ жаратылышка жакын жаралган. Жаратылыштын жалындуу эки жарчысынын уулу башкача өсүшү мүмкүнбү?

Канындагы калемгерлик касиетти да аздектеп келатат. Орус тилиндеги повести "Литературный Киргизстан" журналына жарыяланган. Апасынын Жаңыл мырза жөнүндөгү дастанынын негизинде жазган либреттосу жабык байгеде сыйлыкка арзыган жана СССРдин ыдырашынан улам түзүлгөн экономикалык кырдаалга байланыштуу балет коюлбай калган.

Анын философиялык нуктагы адабий макалалары да окурмандардын көңулүндө.

МҮНӨЗҮ атасыныкындай шар, шайыр, бетке чабар. Дайыма эле анын үзүрүн көрүп келаткан жери жок. Мүдөөсүнөн тайбаган, талыкпаган илимпоз.

Нарк-нускалуу кишилер менен үзүр-масирлешип отурганда, сөздү кызытуу үчүн төөнүн көзүндөй чөйчөктөн шарап ичип коймою бар. Оюн-зоокко аралашканда, кыргыз, орус тилинде бир түрмөк кайрып токтойт.

Күн сайын үзгүлтүксүз болбосо да, аптасына 4-5 күн, көбунчө эртең менен чуркайт. Үйүндо машыгат. Жаш чагында боксер болгон, бирок өңү-түсүндө анын залдары жок.

ИЛИМИЙ ЭМГЕКТЕРИ орус тилинде жазылган. СССРдин убагында эле айрым макалалары орусча журналдардан алынып Америкада, Германияда. Жапонияда которулуп басылган. Илимий сапар менен Австрияда, Түркияда болгон. Түркиядагы илимий жыйында жасаган баяндамасы жакында жарыяланмакчы. Докторлук диссертациясын геология-минералогия багытта жактаган.

Маскөөнүн геологиялык чалгындоо институтун бүтүп, тоо инженер-геолог кесибине ээ болгон. Алгач Кыргызстандын Геологиялык башкармасында, кийин Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунда эмгектенип, улук инженерликтен директордун илим боюнча орун басарына чейинки жолду басып өттү.

Анын бул кесипти тандашына апасынын кийинки жубайы, академик Муса Адышевдин таалими таасир берген жана анын өрнөгүн жолдоп келатат.

ҮЙ-БҮЛӨСҮ дайыма адабияттын, илимдин, ынтымактын кишилери. Жубайы Ишенкүл Болжурова – Гуманитардык университеттин демократиялык жол менен шайланган ректору. Тун уулу Мусаш 24 жашта. Бойдок. Университеттен география адистигин алган. Эсепчилик окууну эми кошумча бүтүп, фирмада эмгектенет. Кызы Жаңыл альтчылардын байгесинде жеңип чыгып, Америкада билим алууда. Экинчи кызы Айжан 12 жашта. 7 жашарында "Президент болом" деген.

"Китеп – ичер ашыбыздай", – дейт Кулубек аке.

АРМАНЫ да жок эмес. Комузду үйрөнбөй калганына окүнөт. Кичинесинде колуна тийген нерсенин баарын комуздай черткилей бергенинен апасы аны 5 жашында пианино классына берген экен.

Немисче, англисче сөздүк аркылуу окуй алат. Учурунда чет тилдерди жакшы үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн жаштыктан улам колдон чыгарып жибергенине бармагын тиштейт. Чет тилин азыркы кызматына айрыкча зарыл дел эсептейт. Эми атайын окууга кирип, үйрөнүүгө ою бар.

ЖАРАТЫЛЫШ КОМИТЕТИНЕ ЖАТ КИШИ ЭМЕС ЭЛЕ. Кулубек Жоомарт уулу Бөкөнбаев кесиби таптакыр башкадай сыяктанганы менен Жаратылышты коргоо комитетине бөлөк-бөтөн киши эмес. Мурдагы төрага Искендер Садыкович Мураталиндин өтүнүчү менен Коомдук кенешти жетектеп келип, ал иштен докторлугун жактаар алдында гана бошонгон. А.Акаев Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти кезинде анын өтүнүчү боюнча Бишкектин, Кеминдин экологиялык абалын окумуштуулардын, адистердин тобу менен изилдеп, 20 дан ашуун атайын карта түзүшкөн, жалындуу, мазмундуу макалаларында экологиялык абал боюнча орчундуу маселелерди көтөрүп, алардын негизинде СССР Министрлер Советине атайын маселе коюлган. Бирок СССРдин ыдырашына байланыштуу талап орундалбай калган.

КИЧИНЕ ИШКАНАЛАРДЫН ЧОҢ ЗЫЯНЫ

Эми Жаратылыш комитетинин эки тизгин, бир чылбыры өзүнө ишенилгени менен ошол ойлорун жүзөгө ашыруу өтө кыйын, азырынча мамлекетибиз ирдене элек. Антсе да, шымалана киришеери ишенимдүү. Чоң комбинаттар экологиялык талаптарды кандай аткарып жатканын көзөмөлдөө оңой экенин, анткени, алардын айрымдарынын долбоору түзүлүп жатканда өзү эксперттик топко катышып, ал жагына аябай көңүл бурганын айтты. Майда ишканалар кирешени арбыныраак табуу үчүн продукцияны арзан чыгарууга далбастап, экологиялык талаптарды таптакыр сактабай, чоң зыян келтирип жатышканын белгиледи. Жаратылышты коргоо комитетинин жаңы төрагасынын көңүлү табиятты талкалап жаткан ошол опосуздукка катуу бурулары байкалды.

 

УЛУУ АКЫНДЫН УЮТКУЛУУ УУЛУ

“Тепкедей болгон Кулубек,
    Тентинин тууган туну бек.
    Таятасы койгон ат ушул,
    Тецирим сүйгөн уулу деп.”

                                             Жоомарт

Кудайга тобо, айтылуу Барскоон дайрасында келип чыккан цианид кырсыгынан бери, ал кечээ эле болгон сыяктуу сезилгени менен, байкатпастан туптуура беш жыл жылт этип өтүп кетиптир. 1998-жылдын май айындагы ошол капсалаңдуу окуя биздин өзүбүздө гана тургай, дүйнөнүн булун-бурчуна чейн дүрбөлөң түшүргөнү күнү бүгүнкүдөй эсибизде эмеспи. Аны дагы бир сыйра ойго салып жатканымдын себеби – мен өзүм барскондун кулуну болгондуктан эмес, тарыхта калган ошол жаңжал биз төмөн жакта сөз козгойлу деп турган адамдын аты менен да тыгыз байланыштуу экендигинде. Ким дегенде, ал – улуттук адабиятыбыз менен журналистикабыздын пайдубалын түптөгөндөрдүн бири, залкар акын-драматург Жоомарт Бөкөнбаев менен учурунда өлкөбүздүн жаштар кыймылынын ишмери болгон белгилүү акын Тенти Жунушбаева-Адышеваиын тун уулу – Кулубек.

Бул жсрдс, анын "цианиддик ызы-чууга" кандай тиешеси бар эле?-деген табигий собол туулат. Биз ага: түздөн түз -дсп шыдыр жооп берер элек. Анткени, дал ошол чакта Кулубек Жоомарт уулу республикабыздын Жаратылышты коргоо министири болуп иштеп турган болчу.

Барскоон элине, бүтүндөй Көл кылаасы менен өлкөбүздүн коомчулугуна кымкуут салган цианиддик каргаша башталганда, ал чет өлкөдө кызматтык командировкада жүргөн. Андан кайтып келери меиен, өз үйүнө баш багып-бакпай, колуидагы жүгүн ыргыта салып, бир эки чыны чай ууртап алып, ал шашып-бушуп, ошол жоболондуу окуя болгон жерге чаап жөнөйт.

Албетте, рсспубликанын экологиялык жалпы абалына, курчап турган айлана-чөйрөнү коргоого жоопкер жана милдеткер болгои адам үчүн мындан бөлөк жол жок эле...

Министирдин Барскоонго токтоосуз барышынын башкы максаты болуп өткөн окуянын чыныгы масштабын, анын келтирген зыянын, эртеңки күнгө тийгизе турган кесепетин ар тарптан аңдап көрүп, илимий көз карашта талдоо жүргүзүү менен так жана анык тыянак чыгаруу эле. Биринчи кезекте аарынын уясындай будуң-чаңга түшкөн жергилүктүү калктын арасында түшүндүрүү иштерин кеңири жана далилдүү жүргүзүп, аларды тынчтандыруу зарыл болчу.

Бийк деңгелдеги окумуштуу, турмуштук жана практикалык мол тажрибага ээ болгон кесипкөй-адис катары, Кулубек бир нече күндүн аралыгында маселенин чыныгы чоо-жайын жеринен дыкаттык менен изилдеп, казандай кайнаган окуянын чордонунда такай жүрүп, бир беткей, талашсыз жыйынтыкка келди. Ал аталган айылда түзүлгөн кырдаалга ой калчап, сабырдуулук менен, сергек мамиле жасоого салыштырганда убактылуу ички бушайман сезимге алдыруу көбүрөөк үстөмдүк кылып, ал эми, келип чыккан коркунучтун көлөмү, эн-чени, жумшартып айтканда да, өтө эле көбүртүп-жабыртылып жибериптир деген бүтүм эле.

Муну жазбай далилдеп, барскоондук бапаларды жана аларга ирегелеш жашашкан кошуна Тамга, Тосор, Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак ж.б. айылдардын жарандарын, бүтүндөй ысык-көлдүктөр менен эртеңки эс алууга келүүчү курортчулар, туристтерди кооптонуу сезиминен арылтып, тынчтандыруу максатында ал, бир көз карашка, акылга сыйбай тургандай кадам жасады.

Дааналап айтканда, министр көпчүлктүн көз алдында цианид ташыгыч машине кырсыкка учураган дайранын суусун ичип, андан кийн анын өзү агып куйган, али жылый элек, муздак көлдүн булуңундагы сууга түшөт.

Арийне, ошол тапта ар кандай жоромолдор, кут качырчу имиш-имиш, үрөйдү учурчу ушак-шыкактарга кекиртегине чейин "тойгон" республиканын коомчулугу (баса, калайыкты кабарлоо маалыматтарынын айрымдары аны айрыкча көбүртүп-жабыртып жибсрген эле) муну бирдей түшүнүктө кабыл албагандыгы чындык.

Айрымдар Кулубек Бөкөнбаев республиканын жетекчилиги алдында далбастап жагынып жатат дешсе, экинчилери бул мандемдүү "баатырлыкты" жасоого жогор жактан күчкө салып мажбурлашкан деп чыгышты, үчүнчүлөрү болсо, бул – министрдин нервинин "бошоңдоп" кетишинин кесепети деген божомолду да "балп" эттире салышты. Ал эми көпчүлүк учурларда саясий жалжалдардан арыла албай жүргөн, ошол маалдагы бир эл депутаты: «кызык го, бул эмнеси, ошол суудан ичкен айгыр "о дүйпө кетсе", Бөкөнбаев аман-соо басып жүргөнү кандай?-дегенге чейин барганы эсибизде. Эми муну анекдот катары кабыл алуудан башка арга жок.

Министр болсо, жаратылышынан шайыр, куудул мүнөз, бөлөктөр эмес, өзүн да жумшак таризде мыскылдаганга көнүп калган адам катары, журналисттер менен Барскоон окуясы боюнча маектешкен учурда, тамаша иретинде – "ууланган" сууну ичип, "ууланган" көлгө түшкөндөн кийин менин физиологиялык көрсөткүчтөрүм бир кыйла жогорулап кетти деп айтканы басма сөзгө да жарыяланып кетпедиби...

Сөз чынынан жаңылбайт эмеспи, ошол кыйчалыш-кыйын учурда менин жердештерим башкалар сыяктуу эле маселенин чыныгы чоо-жайын .түшүнбөй, ар кандай көз караштарга, басма сөздөгү биринен сала бири жарык көрүп жаткан чар-жайыт божомолдоолорго ишенишинин бул окуядан саясий "киреше" алып калууга умтулушкан айрым күчтөрдүн көкүтүүсүнүн натыйжасында, министрге нааразылык туудурушуп, аны ээлеген кызматынан кетсин деген талап коюга чейин барышкан.

Анткен менен, убакыт зымырап өтүп, бардыгы өз-өз ордуна коюлуп, күмөндөр маселелер күн тартибинен алынып, материалдык жана моралдытк жактан жабыр тарткан зыян үчүн ар бир үй-бүлөө мүчө башына акчалай акы төлөнүп, айылдын чечилбей жаткан айрым көйгөйлөрү жүзөгө ашырылып, практикалык жардамдар көрсөтүлүп, оңдогон адамдар ооруканаларга, эс алуу жайларына жаткырылып, медициналык кылдат текшерүүдөн өткөрүлгөндөн кийин менин кымбаттуу агайын-туугандарым, Кулубеке болгон өздөрүнүн ич күптүлөрүн акырындык менен унутушкан.

Айтмакчы, Президент А.Акаевдин Барскоонго эки сапар келип кетишине, жана жогоруда көрсөтүлгөн ар кандай жардамдардын тездик менен уюуштурулушунда министрдин кошкон салымы, тикеден-тике тийешеси бар. Ошондуктан мамлекет башчыбыздын өзүнүн сүйлөгөн кайсы бир сөзүндө К.Бөкөнбаевдин "цианид жаңжалы" учурунда тынымсыз жүргүзгөн иш аракеттерине, анын ууланды деген сууну ичип, көлгө түшкөнүн өтө жогору баалап, аны мүнөздүү түрдө Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин Ата мекендик согушта немистин дзотун көкүрөгү менен тосуп көрсөткөн эрдигине салыштырганы бекеринен эмес чыгаар...

Ушул жагдайларга менин кенениреек токтолуп кетишимдин себеби сөз жүрүп жаткан каарманыбыздын өздүк мүнөзүнүн эң бир айкын белгиси болуп саналган – анын чечкиндүүлүгү баса көрсөтүүгө жасаган аракетимде жатат.

Буга кошумча, ал күмөн санап, эки анжы болгон көптөгөн оппоненттерине, ошол кезде өтө эле аша чаап кетишкен калем "устаттарына" (аларды – карта ойнундагы "банк кармоочулар" деп көркөмдөп атаган) өзүнү бир дем менен, жогорку публицистикалык деңгелде жазылып, жарыкка чыккан "Барскоон: мифтер жана чындык" деген китебинде ар тараптуу терең илимий талдоо жүргүзүү жолу менен далилдүү түшүндүрмө бере алды.

Жакшы атадан, жакшы энеден жаралган Кулубек кийин көрүнүктүү окумушту – геолог, легендардуу «Алай ханышшасы» – Курманжан-датканын түздөн түз тукуму, республиканын Илимдер академиясынын президенти болуп иштеген Муса Мырзапаязович Адышевдин колуиан татыктуу тарбия алды. Албетте, үй-бүлөөлүк мындай мамилелер менен салттардын өз ара жагымдуу айкалышы болочок илимпоздун мүнөзүнүн, турмуштук көз караштарынын жана жекече жөндөмдүүлүктөрүнүн калыптанышына чечүүчү таасирин тийгизди.

Ал мектеп отургучунан тарта эле, ар нерсеге кызыгуу менен сабактарды оңой-олтоң үйрөнгөн, айлана-чөйрөгө, болуп жаткан көрүнүштөргө сын көз карашта мамиле жасаган, көп учурларда тарбиячы-мугалимдер менен талаш-тартышка түшкөндөн кайра тартпаган пионер-комсомолдук активист, балдар жана өспүрүмдөрдүн тынчы жок, кээде бейбаш компанияларынын баштоочусу, жөндөмдүү спортчу болуп өскөн...

...Көздү ачып-жумгуча эле мектеп жылдары артта калып, бир чети өз дити, экинчиден Кулубек академик-атасынын таасири менен 1957 Москвага атактуу геологиялык-чалгындоо иниститутунуна окууга өтөт. Чынын айтуу орундуу, тырышчаак жана сыймыккор тоолук жигнт бул жердеги өзүнүн абдан жакшы окуусун коомдук жана спорттук иштер менен айкалыштырып, институттун студенттери, жалпы эмгек жамаатында бийик абройго ээ болгон. Маселен, ал иреети менен эки мертебе бокс боюнча Москванын студенттер арасындагы чемпиондук наамын жеңип алгандыгы белгилүү.

Борбордогу бул жогорку окуу жайын 1963-жылы ийгиликтүү аяктаары менен жаш адис мекенине кайтып келип, Чүй геологиялык экспедициясынын Кайыңды издөө-сүрөткө тартуу топторунун башкы техник-геологу катары өзүнүн алгачкы эмгек чыйырын чиет.

Ушул учурдан тарта, анын кызмат баскычтары боюнча илгери адымдаган кадамдары башталып, ал катардагы геологдон көрүнүктүү илимпоз, эң жооптуу министрликтин башчылыгына чейин жолду үзүрлүү басып өттү. Деген менен, анын көп жылдык эмгек ишмердигинин басымдуу үлүшү – республикабыздын эл чарбасынын маанплүү тармагы болуп эсептелген – геологня илими менен ажырагыс байланышта жүрдү.

1965-жылы Кыргыз Илимдер академиясынын геология иниститунун аспирантурасына өтөт да, аны камчы салдырбай аяктаган соң ошол эле жсрге калтырылып, кадамдан кадам улап отуруп, жөнөкөй инженерден институттун илимий иштери боюнча директорунун орун басарына чейин өсөт.

Келечектен чоң үмүт байлаткан жаш окумуштуунун петрология, металлогения, минералогия, геохимия, геоэкология, экологиялык геохимия жана татаал системалардын өз алдынча уюштурулушунун теориясы чөйрөсүндө тыиымсыз жүргүзгөн илимий изилдөөлөр менен практикалык тажрыйбаларынын акыбети кайтып, ага талашсыз ийгиликтерди тартуулады.

Натыйжада, ал 1970-жылы геологиялык-минералогиялык илимдин кандидаттык, 13 жыл өткөндөн кийин дүйнөлүк атакка ээ болгон Орусиянын Илимдер академиясынын Иркутск шаарындагы Жер кыртыш институтунда докторлук диссертациясын эң мыкты жактап чыгат. Бул институтта 2 академик, 4 мүчө корреспондент, 41 илимдин профессор— докторлору (алардын жарымы окумуштуулар кеңешинин мүчөсү) эмгектенгендигин эске алсак эле калганынын баары өзүнөн өзү түшүнүктүү болмок. Ал жердеги талапкерлерге коюлган өтө бийик талаптын өтөлгөсүнө чыгып, К.Бөкөнбаевдин жактаган эмгеги бир добуштан бекитилет. Анын йлимий изилдөөлөрүнүн айрым жыйынактары республикабызда гана эмес, КМШ жана алыскы чет өлкөлөрдү кошо эсептегенде да, биринчи жолу алынып, алар геологиялык теорияда жаңы ачылыш жасап, жаңы түшүнүктөрдү алып келген.

Асыресе, анын кендердин түзүлүш теориясы дал ушундай жаңы ачылыш катары кабыл алынган. Окумуштуу аны Бернуллинин белгилүү аэрогидродинамикалык мыйзамыиа таянган, кен аралашмалары бар флюиддик системалардын калыптанышынын инжекциялык тетигинин гипотезасын негиздөө, аны тажрыйба жүргүзүү жолу менен аныктап чыккан. Ал чет өлкөлүк бир катар көз каранды эмес илимий лабораторияларда текшерилип, ырасталгандагы маалым.

Бул айтылгандар Кулубек Бөкөнбаевдин өмүр жолу, иш аракеттери бир гана кесиптин мамысына байланган экен деген түшүнүккө эч жатпайт. Тескеринче, ал өзүнүн негизги кызматтык милдеттеринен сырткары, эмгек жамааты менен бүтүндөй Академиянын ички-тышкы коомдук-саясий иштерине чыныгы дилгирлик менен, үзбөй катышып келген.

Өзүнүн илимий жана чыгармачылык изденүү жолунда К.Бөкөнбаев 130дан ашык ар кыл багыттагы эмгектерди, анын ичпнде – 6 монографияны жарыялап чыгарды. Ал өзүн журналистер цехинин кесипкер мүчөсү катары да айкын көрсөтө алды. Алсак, соңку бир нече жылдарда эле коомдук турмушубуздун бардык тараптарын демократташтыруу, жаңы рыноктук мамилелерге ырааттуулук менен өтүү, укуктук мамлекетти калыптандыруу, экономикалык жана экологиялык саясатты айкалыштыра жүргүзүү, азыркы таптагы улуттук интеллигенциянын коомдо ээлеген орду жана милдеттери, мамлекеттик жана расмий орус тилдеринин өнүгүү жана колдонуу, мыйзам чыгаруу ишмердиги сыяктуу ж.б. маанилүү жана чиелүү маселелерди камтыган оңдогон курч, публицистикалык жьшанаада жазылган макалалары республикалык газеттерге байма-бай басылып чыкты.

Анын "Эркин-Тоо", "Слово Кыргызстана", "Кыргыз Туусу", "Вечерний Бишкек" басылмаларында жарыяланган макалалары, сухбаттары, аңгеме-дүкөндөрү, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу каналдары боюнча чыгып сүйлөгөн сөздөрү, маектешүүлөрү, эреже катары, коомчулуктун кызыгуусун, талаш-тартыштарды туудурганын биз жакшы билебиз. Буга тангалуунун эч кажети жок, не дегенде, алар: өлкөбүз өз башынан кечирип жаткан өткөөл мезгилдин талуу маселелерине, эгемендүү жаш республикабыздын бүгүнкү күнүнө. эртеңкисине жана анын көз чаптырууга боло турган болочогуна арналган.

Мисалы, ал мамлекетибиздин Баш Мыйзамынын жаңы редакциясын бүткүл элдик талкуулоого, референдумга даярдык көрүүгө арналып, учурунда Өкмөт үйүндө уюштурулган телевизиондук "тегерек столго" активдүү катышуу менен, өзүнүн жүйөлүү жана омоктуу ойлорун ортого салганына биз, көрүүчүлөр, күбө болдук.

1995-жылы Президент А. А. Акаевдин жардыгына ылайык, К. Бөкөнбаев республиканын Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттин комитетинин төрөгасы, ал эми бул мекеме кийинки жылы Айлана-чөйрөнү коргоо министирлигине айландырылганда, ал анын тунгуч жетекчиси болуп дайындалып, ушул жооптуу мамлекеттик кызматтарга көтөрүлөт.

Аталган орундарда ат салышып турган маалында ал зор жоопкерчилик жана экология, жаратылышты коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун таасирдүүлүгүн көтөрүү маселелерине катуу киришип, "Кыргызстандын экогеохимиялык коопсуздугу" аттуу программаны түзүп чыгуунун демилгечиси жана жетекчиси болгон. Ага кийин мамлекеттик программа деген укук берилип, ал боюнча геохимиктер, дарыгерлер, биохимиктер, гидрологдор бир бири менен тыгыз байланышта комплекстүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатышат.

К. Бөкөнбаев – эгемен республикабызда алгачкылардан болуп кабыл алынгаи "Жаратылышты коргоо", "Илим жөнүндө" деген мыйзамдардын түзүүчүрөрүнүн бири. Кийинчереек анын жекече автордук катышуусу менен 50гө чамалаш мыйзамдар, мыйзамдык актылар, анын ичинде өтө маанилүү – "Балык чарбасы жөнүндө" мыйзамы аракетке киргизилип, анын негизинде өлкөнүн балык байлыктары жеке менчиктен мамлекеттин колуна өткөзүлүп берилген.

Булардан тышкары, ал бир нече эл аралык долбоорлордун демилгечиси да, иштеп чыгуучусу да жана менеджери да болгон. Атап кетсек, алар: "Айлана чөйрөнү коргоо жана гигиенасынын экономикалык тетиктери", "Ысык-Көлдүн биосфералык территориясы", "Батыш Тянь-Шандын биоартүрдүүлүгү", "Чүй өрөөнүнүн экологиялык мониторинги жана башкаруу маселелери", "Айлана-чөйрөнү башкаруунун мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу" ж. б.

Мамлекет башчыбыз тарабынаи түзүлгөн "Кыргыз Республикасынын адамдын туруктуу өнүгүшүнүн стратегиясы" деген ПРООНдун долбоорун иштеп чыгуу жана кабылалуу боюнча Комиссиянын төрөгасынын орун басарынын милдетин аткарууда ал өзүнүн теориялык да, практикалык да терең билимин, уюштуруучулук дараметин, көтөрүлгөн проблеманын түп маңызын жана аны ырааттуулук менен турмушка ашыруунун жолдорун жазбай биле тургандыгын далилдей алды.

Кулубек Жоомарт уулу 1997-жылы Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугунун Концепциясын" илимий жетекчиси жана иш жүзүндөгү негизги автору да болуп эсептелет.

Күмөн жок, илимпоздун өмүр жана эмгек таржымалында бөтөнчө орунду – анын коомдук-саясий ишмердиги ээлеп келген. Өз өлкөсү, өз элинин бүгүнкү тагдырына, эртеңки келечегине эч качан кайдыгер карабаган, жетишилген ийгиликтерге кубанып кетирилген кемчиликтерге жүрөкзаада болгон К. Бөкөнбаевдин жүргүзгөн көп кырдуу иш-аракеттери бир гана түпкү максатка – Мекенибиздин убактылуу экономикалык кыйынчылыктардан тезирээк арылап, өнүккөн мамлекеттердин сабына кошулушуна, караламан калкыбыздын татыктуу, бакыбат турмушта жашашына багытталган.

Ал Өкмөттүн тулу-турпатын, министрликтер, ведомостволор жана башка мамлекеттик органдардын укуктары менен милдеттерин кайра баштан түзүп чыгуу боюнча Өкмөттүк комиссиянын ишине активдүү катышып, бир эле мезгилде, илимий мекемелердин ишмердүүлүгүнө жетекчилик жүргүзүү таасирдүүлүгүн көтөрүү, эмгекти бүгүнкү күндүн талаптарына шайкеш уюштуруу, айлана-чөйрөнүн эмгектин базасын түзүү сыяктуу көптөгөн маселелердин чечилишине өзүнүн жигердүү салымын кошкон.

Министрлик орунду ээлеп турган жылдары ал дүйнөнүн экологиялык жана жаратылышты жабыркатпоо маселелерин талкулоого арналган ар кандай эл аралык конференциялар менен симпозиумдарда биздин өлкөбүздү татыктуу жана жогорку кесипкөйлүк деңгээлде көрсөтө алды. Дааналап айтсак, ал – Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык ассамблеясынын, тигил же бул өлкөлөрдө өткөрүлгөн көптөгөн башка илимий иш-чаралардын катышучусу болуп, алардын уюштуруучулары менен чакырылгандарынын жалпы бирдей кызыгуусун туудурган доклад, баяндама жана билдирүүлөр менен чыгып сүйлөгөн.

Өз элинин кызычылыгын мүдөөсүнө бекем түйгөн инсан катары ал республиканын Социал-демократиялык партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана анын саясий кеңешинин мүчөсү.

Кулубек Бөкөнбаевдин үзгүлтүксүз жүргүзүп келе жаткан көп кырдуу үзүрлүү жана натыйжалуу ишмердиги, илим майданында жетишилген бийик ийгиликтери көз жаздымда калбастан, алар мамлекет, өкмөт жана коомчулук тарабынан жогорку баага ээ болгонун айта кетүүбүз абзел. Өзүңүздөр эле байкап көргүлөчү: жогоруда белгиленип кеткендерден сырткары, Кулубек Жоомартович 1968-жылы "Ардак Белгиси" ордени, 1993-жылы Республиканын Ардак Грамата-
сына татыктуу болгон. Окумуштуу-профессорго 1995-жылы "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам ыйгарылып, ал 1996-жылы Эл аралык Информатташтыруу академиясынын анык мүчөсү, 1997-жылы Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер акедемиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган.

Өзүнүн министрлик миссиясын аяктагандан кийин ал ишмердигин тынчытып же токтотуп койбостон, коомдун башка чөйрөлөрүндө жемиштүү улантып келүүдө. Академиянын Башкы илимий кызматкери болуу менен, Кыргыз мамлекеттик улуттук жана Бишкек гуманитардык университеттеринин профессору катары эмгектенип, экология жана жаратылышты коргоо, аларга аяр мамиле жасоо маселелери боюнча мыкты ораторлук, кызыл тил чеберчилик менен дарс окуп келди.

Профессордун жандуу жана таасирлүү практикалык сабактары сыйбай калган студенттик аудиторияларды чогултуп, кесиптеш окутуучулардын да зор кызыгуусун туудуруп келгенине биз өзүбүз да нечен жолу күбө болгонубуз бар.

"Таланттуу адам – бардыгына таланттуу болот" – деген учкул сөз жазыгы жок айтылган белем. Анын сыңарындай, тагдыр Кулубек Жоомарт уулуна көп нерселерге ышкыбоздукту, түркүн жөндөмдүүлүктөрдү марттык менен тартуулаган экен. Айрыкча анын өз мезгилинде адабият, көркөм өнөр чөйрөсүндө жетишилген ийгиликтери көңүлгө түйөөрлүк болгон. Мунун айкын далили катары кыргыз элинин кенже эпосу "Жаңыл-Мырзанын" изи боюнча мыкты либерттону түзүп чыгууда жеңишке ээ болушун (музыкасын атактуу композитор Калый Молдобасанов жазган) көрсөтүп кетсек, жетиштүү болмок.

Ал байыркы орус адабиятынын көөнөрбөс эстелиги "Игорь кошуну жөнүндө сөздүгүн түркизмдер" деген кызыктуу изилдөөнүн, заманыбыздыи залкар жазуучусу Ч. Айтматовдун чыгармаларын талдоого, Курманжан-датканын өмүрүнүн көмүскөдө калып келаткан барактарын ачууга арналган макалалардын, бир канча очерк, аңгеме жана эсселердин автору. Ал жазган сценарий боюнча "Кыргызфильм" киностудиясында бөбөктөр үчүн "Жылан жана бака" деген анимациялык (мультфильм) тасма тартылган. Кезегинде аталган чыгармалар окурмандар менен көрөрмандардын бийик баасына эгедер болуп, басма сөз беттеринде алар туурасында жылуу пикирлер айтылган эле. Эгер К. Бөкөнбаев өзүнүн бүгүнкү кесибин тандап албай, адабият, маданият же көркөм өнөр багыттарына баш оту менен кирип кеткенде, ким билет, бүгүн биз эң мыкты жазуучу, драматург же кинематография ишмеринин замандашы болот белек деген кыялга да өзүңдү алдырып ийесиң...

К. Бөкөнбаевдин мүнөзүнүн, турмуштук образынын өзгөчөлүктөрүнүн бири катары – анын атуулдук бийик сезимин, батылдыгын, өзүнүн үй-бүлөөсүнө, өмүрлүк жарына, уул-кыздарына, неберелерине, тууган-туушкандарына берилгендигин, сүйүү сезимин, достору менен жороо-жолдошторуна жасаган камкордугу менен сыйлоосуна айрыкча токтолуп кетээр элек. Ал өзүнүн жубайы, өмүрүнүн ишенимдүү жандоочусу, атагы алыска кеткен белгилүү ишмер, илимпоз жана уюштуруучу, назик жубай, эне жана таяне, чечкиндүү жетекчи, өлкөбүздүн Билим берүү жана маданият министири, профессор Ишенгүл Садыковна Болжурова экөө өз балдарына мыкты тарбия берип, аларды чыныгы адам кылып, өстүрүп чоңойтушту.

Алардын тун уулу – Мусаш Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экология-география факультетин аяктап, азыр өз алдынча иштеп жатат. Кыздарынын бири – Жаңыл Москванын атактуу Мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун бакалавриатын "кызыл" диплом мснен бүтүрүп, азыр Бишкектеги ОБСЕ академиясында эмгектенүүдө. Ал бир жыл бою Американын жогорку колледжинде АКСЕЛС программасы боюнча окуп, мыкты көрсөткүчтөрү үчүн ошол учурдагы АКШнын презеденти Билл Клинтондун Мактоо Грамотасына татыктуу болгон. Экинчи кызы – Айжан азыр Кыргыз-Орусиялык (славян) университетинде өңчөй "беш" деген бааларда билим алууда. Баса ал экөө тең баш калаабыздагы белгилүү № 13 орто мектепти алтын медаль менен бүтүрүп чыгышкан.

К.Бөкөнбаевдин уялаш карындашы – Сырга медициналык илимдердин доктору, профессор, белгилүү дарыгер жана болочок медиктердин насаатчы-тарбиячысы. Тилекке каршы, бир тууган иниси Зайнидин быйылкы жылдын башында жол-транспорт кырсыгына учурап курман болушу – кайгылуу окуя, өтө оор жоготуу болду. Анын экинчи иниси – Жаныш азыр Америкада өз кесиби боюнча Чикаго университетинде профессор болуп иштеп жатат. Ушинтип, ар кандай жагдайларга, күтүүсүз окуяларга карабастан, турмуш алга кадам таштоодо, аны менен бирге элибиздин залкар инсаны – Жоомарт Бөкөнбаевдин уругу үзүлбөй, андан ары уланууда.

Кулубектин жасаган дагы бир олуттуу иши – анын өз атасынын сөөгүн мемориалдык "Ала-Арча" көрүстөнүнө кайрадан көмдүрүп, ага жана энесине эстелик койдурушу, Жоомарттын Эркиндик проспектисиндеги айкелин реставрациялаганы деп эсептейбиз.

Мындан тышкары, ал мамлекеттин чөнтөгүнөн бир да тыйын албастан, атасынын – 90, энесинин – 80 жылдык юбилейлерин өз үй-бүлөөсүнүн каражатынын эсебинен уюштуруп өткөздү.

Бийик деңгээлдеги интеллектуал, иш десе, ичкен ашын жерге таштап салган, тынчы жок инсан, жетишилген ийгиликтерге манчыркап калмай турсун, аларга канааттанбай, ар дайым андан ары жылып, жаңы бийиктиктерди алууга умтулган Кулубек Бөкөнбаев бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрөгасы академик Абдыганы Эркебаевдин кеңешчиси болуп шыктануу менен эмгектенип жатат. Спикердин оң колу катары анын, кайсы гана маселе болбосун, ага – ар тараптан таразаланып, терең ойлонулган данектүү, таасирдүү жана натыйжалуу кеңештерди берип жаткандыгына кенедей да шек жок.

 

Китептин бүт Word форматында көчүрүү

 

© Бөкөнбаев К.Ж. , 2009. Бардык укуктар корголгон

 


Количество просмотров: 9195