Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Сарманбетов А.И., 2011. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 7-июлу

Айдарбек Имангазиевич САРМАНБЕТОВ

Катылган чындык

(аңгемеден үзүндү)

Бул аңгеме “Турар” басмасынан жарык көргөн А.Сарманбетовдун “Мекенсиз” китебинде жарыяланган аңгемелердин биринен үзүндү. Анда манасчы А.Тыныбековдун айтуусунун негизинде айтылуу алайлак даткайымдын кызы, анын армандуу башталып, бактылуу аяктаган махабаты, ал чындыктын ачык айтылбай катылып калган сыры тууралуу баяндалат. Аңгеме менен “Мекенсиз” китебинен толук тааныша аласыздар.

 

— Энекебай! Турдубекти ордон бошотуп эле коюңузчу?! Жарык жашоодо анын ак никелүү жары боло албай өмүр бою ачуу азапка батып, армандасам да мейли, мен үчүн ал тирүүлөй кыйноо тартпаса болду... Ордон чыгарыңызчы, аны? Андан соң айтканыңыз менен болоюн. Өзүңүз деле мен окшоп жаш болбодуңуз беле? Жүрөгүңүз каалабаган адамдан качып... мен да ошондой... Арзууга алдырган акылсыз кызыңызды бир ирет кечирип койсоңуз боло! Турдубек деле сиздин жээниңиз... башын азат кылыңызчы? Кудай алдында сиздин этегеңизге тооп кылып, күнүгө миң ирет алкап жүрүп өтөйүн!..— деп, эзели оюна кирбес жосунга барып тил кайрыганын, ичинен ботодой боздосо да, сыртынан сыр бербей энеси менен арбашканын эч ким билбейт. Эгерде ал энесинин бутуна жыландай оролуп, бөлөк кыздар сымал жалынып-жалбарып тил безегенде балким, ырайым болмок беле... Зуура антпеди. Анда тоодой калбаат да, нарктуу да датка атасы менен кайратына кааттыгы ширелишкен Алай ханышасынын намыскөй каны бар эмеспи! Ал, эч качан, эч пендеге башын ийдирбес ов! Ошондон уламбы, эгерим нечен өкүмзар хандардын алдында да каат-калбаатынан түк жазбаган датка үндөп койбостон сыртка жылып чыга берген. Балким кызынын үнсүз айбатына эрегишкендир... а балким арзуунун азап-тозогуна дагы бышсын дегендир. Ким билет, ырайым бербөөсү — керт баштын кызыгынан эл камы бийик кызым, ошону биле жүргүн, бир собол салбастан эссиз эркектананы ээрчип, менин кадырымды тепсегениңди аңдагын деген айбатыдыр. Неси болсо да кайрым болбоду. Ызасы башына тепкен Зуурадай армандуу болбогондур, ошондо! Кыз кишиге арка-бел болор атасы шейит кеткен, энеси болсо эрибес таштай. Муң-зарын кимге, кантип айтмак. Оготөтөн, жаны ансыз да ачынып, күйүткө чыланып турган Турдубекке. Арман ай! Не деген бекем жан энеси?! Эзели ийитүү мүмкүн эмес, го! Анын айбатын бүтүндөй кыргыз эмес, бу кыргыз-казак түгүл, тиги Кокон менен Орусу, Кытай менен Ооган, алыскы Аңылчанына чейин жакшы билишет. Жан этинен жаралган баласынын моюнуна сыйыртмак салынып, дарга тартылар алдында турганында да кадыресе эне сыңары мээрине акылын алдырып, ыйлап-зарлабастан кайра уулун кайраттантып: «Ажалга тике кара балам! Эли-журтуң үчүн татыктуу өлө билгин!» деп, атын шарт буруп бастырып кеткени көрүп тургандарды тургай, уккандын дене боюн титиретти го! Анан тепкедей кызынын колунан не келмек. Ошентсе да… Кудайдын бир кайрымы менен жакшылык болуп калар деген үмүтү гана үзүлбөйт... Кийин, Зуура дагы бир жолку орго жашырынып келгенинде датка энеси тымызын кайдадыр шашыла жөнөптүр. Анчалык не кысталыш болду экен? Эл башына дагы бир мүшкүл түшкөнү калган го? Деги кандай заман болуп кетээр экен?! Байкуш даткайымга да кыйын болду. Андай карыган кемпирлер эли-журтунун зылдай оор улам бир запкысын тартмак тургай, өз кара башынын айласын, асан чакырган өз атын таппай алжып калышты.

Ошол келгенинде карманууга кайраты түгөнгөн армандуу Зуурасынын көз жашы ор ичинде ага жеталбай, көз кадап жалдыраган Турдубектин жүзүнө тынбай тыпылдып таамп турду го, чиркин! Тим эле, боз үйдүн жылчыгынан сарыккан жамгырдын тамчысындай! Оттуу! Кумарлуу! Ысыгы кайта элек наздыгынан мас кылганын айтпа! Зуурасы азаптуу арманынан күйүп, эчкирип ыйласа, ор түбүндөгү Турдубек ашыгын көз ирмемге көргөнүнө, анын көз жашы менен болсо да ага жалгаша алганына жарыла кубанып, анысын ачык айта албай буулугуп, же кол берип жете, куш болуп көккө чогуу учуп кете албай, жаралуу бүркүттөй шаңшыды го! Ай, армандуу дүнүйө айе! Эми экөө бул жалганда кол кармашып, кошула алышар бекен?!

…Ошондо балакеттин баары жайкы, айлуу түндөгү акчөлмөктөн башталган. Бир чети оюн-күлкүгө тойбогон жаштар күндүзгү түйшүктөн чарчаганын жазып алууга ашыгышса, биресе акчөлмөк — ичтеринен арзытышкан жаштардын ээн жерде, ата-эне менен ушакчылардын көзүнөн далдаа айыл четинде жакындашып, сыр чечишип, ынатышкандарына бирден-бир илгертен келаткан шылтоо эле. Зуура экөө да ошентип ынашкан…

Караңгы түндүн туңгуюгуна алыс ыргытылган ак чөлмөктү издөөгө шылтоо тапкан көпчүлүк жаштар эки-экиден бөлүнө жөнөшкөндө кандайча Зуура экөөнүн жупташып калганын өзү да билбейт. Аны небак эле, он үч жашында аттан жыгылып набыт тапкан атасынан айрылып, кайын-журтунун жөлөк-кайрымы болбогонунан энеси жалгыз баласын ээрчитип, алыскы эле таежелери болгон даткага келип, башпааналап туруп калышкандан берки ынактыгынан тартыппы, же эс тартып, таежесинин алгач козуларын, андан кийин тестиер тартып калганда коюн, эми кыл мурут болуп жылкысын кайтарып калганындабы, эсинде жок, ичинен дайыма али секелек Зууранын караанын издеп, көрбөсө кусаланып, ичинен ынатып жүрчү. Эки Алай гана эмес, бүтүндөй түштүк эли, алыс-жакын өлкөлөрдүн башчылары ызаттаган абыройлуу датка эненин бул, чырайлуу, жумурткадай аппак жүздүү кызына жалчы жээндин тең болуусу кайдан. Ошентсе да махабат күчү, куру үмүт кыйын эмеспи, кийин суйсалган сулууга айланган Зуураны дайыма уурдана тиктеп, көздөрү чагылыша түшкөндө качып кирээрге тешик таппай чоктой кызарып кетүүчү. Аны байкап калган кыз сырдуу шыңк күлүп, каш серпе бурула берет. Махабат сыйкыры деген ушул болсо керек – Зуура үчүн Турдубек жанынан кечүүгө даяр эле. Ага кол жетсе кана, аттиң?! Зууранын да өзүн арзытып калары түшүнө да кирген эмес!..

Экөө үнсүз, акчөлмөктү издеген болуп жанаша басып келатышты. Көпчүлүктөн кантип бөлүнүп, жалгыздап калышканын сезбей да калышкан. Үнсүз, ооз ачаарга сөз табылбайт. Ошентсе да Турдубек бактылуу, кыз сүрүнөн денеси нымшып, дүйнөсү дүрбөлөң...

— Турдуке, тигине, алгын, акчөлмөктү! Марага жөнө! Тигине, чийдин арасында сайылып турбайбы! — деп калды бир маалда Зуура капысынан чебелектеп. Акчөлмөктү ким алпарса мөрөй ошонуку, каалаган талабын баары сөзсүз аткарат эмеспи.

«Опей! Зуура эмнеге мага жан тартып жатат?! Акчөлмөктү өзү биринчи таппадыбы»,— деген ой Турдубектин акыл-оюн чагылгандай чарпып өттү.

— Зукеш, эмнеге сен алпарбайсың? Сен таппадыңбы, сага алып берейин… — деди, Турдубек капыс окуядан тили күрмөөгө келбей.

— Жок! Жок, сен алып жеткин, жөнө,— деген Зуура сунулган ак чөлмөктү кайра шашыла карматты. Турдубек сунганын албай, камчы сабындай, кабыгы аарчылган ак таякты кайра түрткөнүнөн улам Зуура шаштысы кете,— мына, мен кармадым, эми сен жөнө…

Андан нары эмне болгонун эч билбейт, башы айланкөчөк тарткан Турдубек эсине келсе Зууранын айга чагылышкан апакай бетин өзүнө тартып бетинен, алкымынан аймалап жатыптыр. Жүрөгү кабынан ыргып кетчүдөй туйлайт!

— Ой, жээн, акырын, этим көгөрүп калса энем өлтүрөт… — деген Зуура аны назик алакандары менен сыйда гана көкүрөгүнөн оолактатып, жаакка шапалак чаап, басып кетпей кыналып туруптур. «Демек, демек… ал дагы мени!..» — деп, ойлору чакчелекей түшкөн Турдубектин андан наркысын ойлоого дити барып, даай албай эс-мас дапдырап калды.

 

ОЙТАМЧЫЛАР

(эсселерден үзүндү)

 

Генийлер...

Деги, жалпы эле калемгерлер калкы кызык калк, айрыкча кыргыздарда. Калеми чийе салганынын баары эле шедевр, өзүн гений санашат. Бири калбай. Өздөрү окуп, угуп, көрүп билишет – гений деген дүйнөдө, өз заманында миңден, миллиондон бир чыгаарын, чыкпаса жогун деле жакшы билишет. Бирок, жок, кыкка жабалактап, кайра-кайра конгон чымындардай дыңылдашып эле баары тең гений болгусу келе беришет... Кызык!

 

Жалбырактар...

Күзүндө күбүлүп түшүп жаткан жалбырактарды көргөнүмдө көзү өтүп кеткен алп адамдар, айжаркын замандаштарым эске түшөт. Аттиң, жалбырактар кайрадан бутагына эгерим илине албаган сыңары эми ал, адеми адамдар эч качан жарык жашоого кайрылып келишпейт! Жалындуу жан дүйнөлөрү да түбөлүккө жок болду...

Жаңы муундун келиши, жашоонун жакшыруусу үчүн эскилердин орун бошотуп туруусу мыйзамченем окшобойбу. Азыркы тирүүлөр да эртели-кеч, күндөрдүн бир күнү акыры кайрылгыс сапарга кетишет... Кандай катаал мыйзам! Бу, буюктурган мыйзамченемди даана туюп туруп жалбырттап жашаган адамзаты да эр экен!

А жаштар неге эрте жайрашат?!..

 

Өкүт

Автобуска түшкөнүмдө эле:

– Олтуруп алыңыз, аксакал,– деп, жигиттер күтпөгөн жерден эле орун бошоткончо шашып калышат, албетте, абийири барлары. Кубанып, каниет алып калам, кыргыз ыйманы куруй элек экен деп.

– Келиңиз, агай,– деп, мөлтүрөгөн кыз-келиндер тура калышканда: «Эк, аттиң ай, карып калдымбы?!» – деп, ачуу өкүнүп калам. Өң карыган менен жүрөктүн жаш кездегиден да күчтүү жалындап турганын алар кайдан билишмек. «Али жаш бойдонмун!» – деп кыйкырып жибергим келет. Өмүрдүн өткөнү билинбейт тура. Жүрөк карыбайт экен... – деп калды бир күнү ырчы, комузчу, домбурачы, жазуучу, акын, сүрөтчү... анан шоо¬пур Казакбай (Абдышев) авам. Айтканы чын...

 

Жиндибаш

Балдарымдын кичүүсү да, таттуусу да кызым. Аты Мээрим. Бир жолу аны эркелетип, адатымча:

— Жиндибаш кыз, бир чыны чай куюп берчи.— деп калдым, иштебатып.

— Азыр, “жиндибаш” ата.-десе болобу ал!

Менин жактырбай, олурая караганымды байкай коюп кызым:

— Эмнеге таң каласыз, жиндибаш кыздын атасы ким болот? — деп, мени “мат” кылса болобу!

Эмне демек элем, бырс күлдүм да туура сөзгө үнсүз жыгылдым. “Акыл – жаштан, асыл – баштан” деген ушул. Жазуучу атасын тарткан да...

 

© Сарманбетов А.И., 2011. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2518