Главная / Поэзия / Адабий мурас
© Бөкөнбаев К., 2010
© КРСУ, 2010
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 5-июлу
Менин ырым: Тандалмалар
Жоомарт Бөкөнбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналат
Бөкөнбаев Жоомарт. Менин ырым: Тандалмалар / Жооптуу редактор К. Бөкөнбаев. – Бишкек, 2010. – 192 б.: сүрөттөр.
Боконбаев Джоомарт. Моя песня: Избранное / Отв. ред. К. Боконбаев. – Бишкек, 2010. – 192 с.: ил.
Издание осуществлено при поддержке Межгосударственного фонда гуманитарного сотрудничества государств-участников СНГ
Мезгилдин жоомарттык белеги
Кыргыздар – байыркы эл. Көз каранды эместик, эркиндикти сүйүчү эл экенин биздин доорго чейинки экинчи кылымдагы кытайлыктардын хроникаларында эске алынат. Эки миң жылдан ашуун мезгилди камтыган тарыхы бар кыргыз калкы жер бетинде жашоо үчүн, элдүүлүккө жана өз алдынча мамлекетке ээ болуу үчүн укуктарын талашып, тынымсыз күрөшүп келишти. ЮНЕСКО тарабынан дүйнөлүк маданияттын мурасы деп аныкталган океандай уникалдуу «Манас» эпосунда элибиздин ушул күрөштөрү жана айбаты күч духу чагылдырылган. Кыргыздар ушул узак, татаал жолдо өздөрүнүн байыркы жазмасынан (руникалык) айрылып, күчтөн тайып, чарчашты. Ошол себептен элибиз биздин доордогу ХХ кылымга жеткенде жер жүзүнөн этнос катары жоголуп калууга бир эле кадам калган болучу…
Бирок, өткөөл учурларда, тайгак кечүүдө эл арасынан Мезгил өзү жаңы багыттарга бурууга духу күчтүү, адеп-ахлакка ылайык, таза патриоттор эр азамматарды (пассионарийлерди) төрөйт экен да. ХХ кылымдын 20–30-жылдарында саналуу эле залкарларыбыз тарабынан кыргыз элинин заманбап жазма адабиятынын, маданиятынын, искусствосунун жана илиминин кайра жаралуу пайдубалы түптөлдү. Ошол алгачкылардын арасында Жоомарт Бөкөнбаев өзгөчө орунду ээледи.
Улуу акын Жоомарт Бөкөнбаев 1910-жылы 16-майда Токтогул районундагы (мурунку Кетмен-Төбө) Мазар-Сай айылында төрөлүп, 1944-жылы анын «Манастын уулу Семетей» аттуу сценарийи боюнча алгачкы кыргыз көркөм тасмасын тартуу үчүн ылайыктуу жерлерди тандап жүргөн маалда жол кырсыгынан каза тапкан. Акын болгону 34 гана жашта эле. Машиненин кузовунда андан башка анын 9 кесиптеши бар болчу. Алардын ичинде Ленинграддан – ушул тасманын жаралышына кенешчи катары келген советтик кинематографисттердин чыгаан ишмерлери Г. Раппопорт, Я. Кулиш, К. Исаев дагы бар болгон. Алардын бардыгы жана айдоочу аял дагы бул кырсыктан жабыр тартпай аман калышты. Тагдырдын буйругу экен да…
Жоомарт акындын атынын мааниси дагы анын адамдык сапатына шайкеш келип, жоомарт – колу ачык, берешен, кең пейил дегенди билдирет эмеспи. Чындыгында эле табият дагы акынды ар тарабынан кемитпей, төрт тарабы келишип, көп кырдуу таланттын тышкы көрүнүшү менен жан дүйнөсүн жаркыратты. Ал адабияттын кайсы жанрында эмгектенбесин бардыгында көркөм сөз чеберинин жарык, таасын издери чагылышып, окурмандардын жан дүйнөсүнү азык берген. Романтикалуу сезимтал акын, көркөм сөз чебери, жаратылышы келишкен тоолуу аймактын ырчысы, драматургиянын, балдар поэзиясынын, тамсилдердин, журналистиканын негиздөөчүсү жана дүйнөлүк классикалык поэзиянын котормочусу.
1939-жылы Москва шаарында тарыхта биринчи жолу кыргыз искусствосунун декадасы болуп, анда башынан-аягына чейин Жоомарт Бөкөнбаевдин ырларынан жаралган ораториялар жаңырып турган. Декадада аткарылган ырлардын көпчүлүгү анын тексттерине жазылган обондуу ырлар болгон. Чоң Театрда коюлган үч пьесанын экөөсүнүн автору Жоомарт Бөкөнбаев эле.
Акын аз өмүрүнүн беш жылын ысымы районго жана Борбордук Азиядагы ири суу сактагычтардын бири Токтогул ГЭСине берилген кыргыздын улуу акыны, комузчусу Токтогул Сатылгановдун асыл эмгектерине арнаган. Жоомарт күн-түн тыным албай, жан-дүйнөсүн, ашып-ташкан энергиясын эч аябай тоолорду, талаа-түздөрдү аралап, саякаттап, оозеки айтылып келген Токтогулдун чыгармаларын топтоп, анын ысымынын кайрадан жаркырашына чымыркана аракеттенген. Токтогулдун кылымдарды карыта турган акындык поэзиясынын кайрадан жаркырап, ааламга таанылып, көккө карай оболоп чыгышы – Жоомарт Бөкөнбаевдин талыкпаган эмгегинин натыйжасы экендигин жакшы билебиз.
Жоомарт акындын чыгармачылыгы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ар тараптан өркүндөп-өстү. Анын патриоттук сезимдеги саптарына жазылган обондуу кайрыктар менен кыргызстандык жоокерлер фронтко кетишти, кан күйгөн майданда, окоптордо жаткан жигиттер ырларын окушуп, дем-күч алып турушту. Ошол жылдары акын советтик жоокерлерге арнап жана алардын эрдиктерин чагылдырган бир нече ырларды жазды. Акындын «Ажал менен ар намыс» аттуу чоң поэмасы Сталиндик сыйлыкка көрсөтүлгөн. Бирок, адабияттагы саясий интрига менен жашагандар анын булл ийгилигине бут тосуп, акын сыйлыкты албай калган.
«Акын болбой калышың мүмкүн, бирок атуул бойдон калууга милдеттүүсүң» деп классик акын айткандай бул сөз Жоомарт Бөкөнбаевге тиешелүү эле. Акын эмгекчил дыйкандарга, жумушчуларга, мугалимдерге жалындуу ырларын арнап, элибизди жаңы ийгиликтерге милдеттендирип, үгүттөп турган. Жоомарт элдеги улуу муун менен кичүү муундун жан дүйнөсүнүн ээси катары эсептелген, кыргыз интеллигенциясынын талаптагыдай калыптанышына чыгармалары аркылуу зор салым кошкон.
Жоомарт элинин сыймыгына, сүймөнчүлүгүнө татып, көзү тирүү кезинде эле легендага айланган. «Биздин кыргыздын Пушкини» дешип сыймыктуу аташкан. Жоомарт элибизде акын, атуул, адам катары бийиктиктин үлгүсү болуп келген жана боло берет.
Кеменгер элибиз акын уулун эч качан эсинен чыгарбайт. Көл кылаасындагы чоң райондун борбору Жоомарт Бөкөнбаевдин ысымы менен аталат. Борборубуз Бишкек шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бирине жана республикабыздагы жыйырмадан ашуун мектепке даңктуу акындын ысымы берилген. Бишкектеги Эркиндик сейил багында жана башка айыл кыштактарда анын айкелдери орнотулган.
Бул китеп КМШ мамлекеттеринин катышуусундагы Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондусунун аракети менен жарыкка чыкты. Бул фонд мурунтан белгилүү болуп келгендей бардык эл биримдигинин Евразия тилектештигинин маданий мурастарын чагылдырууда бир катар колдоого алаарлык актуалдуу иштерди жасап келе жатышат. Акындын тандалган жыйнагы ушул формата кыргыз жана орус тилдеринде алгачкылардан болуп басылып чыкты. Акындын тандамал чыгармаларын орус тилине белгилүү филолог, профессор М. А. Рудов келиштире которуп даярдады. Жоомарт акындын поэзиясы образдуулугу, өң-боегу, мааниси, тилинин жатыктыгы жагынан нукура мүнөзгө ээ болгондуктан, которуу учурунда татаалдыкты жараткандыгын айта кетүүбүз керек. Ошентсе дагы М. А. Рудовдун котормосу ушул убакка чейинки жасалган котормолорго караганда алда канча ийгиликтүү жаралды.
Жыйнак улуу Жеңиштин 65-жылдыгына жана Жоомарт Бөкөнбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналды.
Т. Ишемкулов, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор
Жоомарт Бөкөнбаев
ЫРЛАР
Менин ырым
Менин ырым – кимдер үчүн ырдалат,
Толкуп жүрөк кимдер үчүн ыргалат?
Күндүр-түндүр кубулжуган үн менен,
Булбул добуш кимди мактап күү чалат?
Мен ырдабайм кызыл алтын зер үчүн,
Мен ырдабайм напси бузуп мал үчүн.
Мен ырдаймын – кайрат болуп эмгекке,
Таза жүрөк – жанган жалын ал үчүн!
Калемге
Көңүлдүн ачып пардасын,
Күкүктөй күүң сайрасын!
Деңиздей ташып,
Кайратың ашып,
Жаранын тапсын айласын.
Балкасын соккон баатырдын,
Кайратын мактап ашыргын.
Адымдап басып, кызыл чок чачып,
Эскини кууп качыргын!
Толкундар арасында
Толкунум толкур убагым,
Толкундан ырлар сурадым,
Толгоосун тартып толкундун,
Толготуп мен да турамын.
Толкунум толку ар дайым,
Толкундуу доошуң угайын.
Толкундап сенин доошуңа,
Толголуу күүлөр табайын.
Жүрөк
Муштумдай тарам –
Кызыл эт,
Түрс-түрс кагып жатпаган,
Ташып, сайрап,
Күү чалып,
Турмуш ырын жаттаган.
Өмүр
Санап, санап эсептесем өмүрдү,
Өткөн өмүр балдан ширин көрүндү.
Жел жетпеген желмаяндай мал минип,
Жетип кууп, жеңер белем өлүмдү!
Күүгүм кирип, күн батканын койсочу,
Саат жылып баратканын койсочу,
Оюн, күлкү салтанатка жарашкан,
Өмүр шагы бүрүн какпас болсочу.
Энемдин мүрзөсү
Эзелтен ээн жаткан эски мүрзө,
Эзилип топурагы кеткен күнгө,
«Айнегим, ардагым» деп эркелеткен –
Апаке, баш көтөрчү, балаң келди!..
Үстүндө чым аралаш боз топурак,
Үшкүрдүм, көздөрүмдөн жаш тамчылап,
Жашымда көпөлөктү кууган жерим,
Кайгымды бөлүшкөндөй карап турат.
Алдымда буудан ат болсо
Куштай учкан –
Желдей сызган,
Алдыма буудан ат минсем.
Жаныма кылыч байланып,
Шайманды тегиз камданып,
Кыл куйругун шарт түйсөм.
Бууданым башты чулгалап,
Мен күлсөм колду булгалап.
Турналар көктөн чуулдап
Алышса мени кубалап.
Качканга жетсем кармасам,
Кууганга караан салбасам.
Турдөн-түргө өзгөрүп,
Сүйгөнүмдү тандасам.
Алдымда буудан ат болсо,
Бар тилек – талап так болсо.
Булбулдай сайрап ырдасам
Акынга тоодой бак консо.
Карыянын сөзү
Эскирип өмүр баратат,
Эсимден кетпейт бала чак.
Картайып өмүр баратат,
Кайрылбай кеттиң бала чак.
Ачылган гүлдөй таңдагы,
Албырган бетим кубарды.
Чолпондой жанган эки көз,
Шоросу агып тунарды.
Асманда болсоң, жашчылык,
Алгырдай жетип имерем.
Аскада болсоң, жашчылык,
Боюмду таштап жиберем.
Деңизде болсоң, жашчылык,
Балыктай сүзүп табармын.
Белгилүү жерде сен турсаң,
Берендей учуп барамын.
Амалды издеп көрөйүн,
Айтсаңчы кайда турасың?
Кайрылып келчи, жаштыгым,
Картайган өмүр кубансын.
Шаңшыгын, бүркүт
Шаңшыгын, бүркүт, шаңшыгын!
Шарапат, сайран күнүмдө.
Ааламдын көркү көрүнөт,
Аскадан чыккан үнүңдө.
Шаңшыгын, бүркүт, шаңшыгын,
Шааниси сенсиң асмандын.
Кайкысаң, көктө эрисең,
Кайраты сенсиң жаш жандын.
Башынан булут кетпеген,
Чокудан кабар бер, бүркүт!
Карайын, көңүлүм кубансын,
Карааның көрсөт, кел бүркүт!
Жүрөгүм менин добулбас
Жүрөгүм сокчу добулбас,
Добулдар тегин согулбас.
Санжырга көркөм жеримден
Сайрадым, ырдап – сонундап...
Жемишти терип алууга
Жеткинчек өстү жалындап,
Турмушту жеңип жыргайлы,
Добулбас, турба сабырдап!
Менин каным
Каным – ташкын, азоо ээ-жаа бербеген,
Каным – үмүт, көккө колду сермеген.
Каным – кайрат, көздөгөнүн ала алат,
Каным – чынчыл, калп-карага көнбөгөн.
Каным – адил, ага-буга берилбейт,
Каным – шыктуу, эмгек кылат, эринбейт,
Каным – тапчыл, өз табымды сүйөмүн,
Каным – таза, маңгиликке чирибейт.
Каным – баатыр, эмгекчи үчүн төгүлөт,
Каным – жарык, теңдик жерге себилет.
Менин каным – заводдогу жумушчу,
Мен да кылам колум кысып жумушту.
Эмгек
Алтынды сансыз кылып тапкан эмгек,
Адамды адам кылып баккан эмгек.
Түрдөнтүп албан-албан жердин бетин,
Килемди, бачайыны жапкан эмгек.
Аткарып калети жок турмуш шертин,
Берметти безелентип таккан эмгек.
Жалпыны жадыратып берген эмгек,
Жер сырын бир казанга терген эмгек,
Жаңыртып куу турмушту башка түргө,
Эскини энтелетип керген эмгек.
Шакылдап түмөндөгөн кайрат менен
Душманын как жүрөккө челген эмгек.
Жемишти жер бетине сепкен эмгек,
Гүлдөтүп берекесин төккөн эмгек.
Балкылдап көк деңизде күлүмсүрөп,
Кучактап күндүн нуру өпкөн эмгек.
Козголбой ичин сылап жөн жаткандын,
Чубалтып ичегисин тепкен эмгек.
Мөрөйдү өз колуна алган эмгек,
Цементтеп кетер жолун салган эмгек,
Жагылып караңгыга жалындалып,
Балбылдап чырак болуп жанган эмгек.
Сайган бак, сепкен эгин жана башка,
Көкөлөп эмгек менен өсүп-өнмөк.
Жаштык кез
Жаштык кез – майтарылбас алмаз курал,
Жаштык кез – көз жетпеген бийик мунар.
Жадырап жер бетине гүл ачылса,
Жаркырап асмандагы күн кубанар.
Жаштык кез – чабыттаган кыраандайсың,
Жаштык кез – сайрап турган улардайсың.
Жайлоодон салкын соккон жел жапырган
Жайкалган жашыл шибер ыраңдайсың.
Камыкпай каарданып чексең сапар,
Калың эл жаштыгыңды мактап айтар.
Камы үчүн калайыктын тартынбасаң,
Кайратың кара жерди солкулдатар.
Жаштык кез – жадыраган тийген нурча,
Жаштык кез – жайдарысың күлгөн кызча.
Жаралдың жаңы заман бактысына,
Жалтанбай жаштыгыңды элге жумша.
Туулган жерди көргөндө
Ушул аска бешиги эле өмүрдүн,
Ушул дайра дабасы эле көңүлдүн.
Берки кайың, берки бутак, карагай
Эстен кетпес белгиси эле кегимдин.
Ойноп-күлбөй балалыкты кечирген,
Ойноп-күлбөй зар-кайгыда жетилген.
Балаң келди, аманбы жер, баш көтөр!
Балаң келди – кечээ күнкү жетимчең.
Амансыңбы, эркелетер сар аскам,
Муң айтышып, мен жетимге жарашкан.
Балаң келди, ырда катуу, үнгө сал,
Кулак салып жер дүнүйө карашсын.
Сен эмнеге томсоросуң, капчыгай?
Эске салып, бир терең сыр айтчудай.
Бир кезекте кучагыңда ыйладым,
Көздөн жашым тоголонду тамчыдай.
Эми мына ыйлабайын, күлөйүн,
Эркин турмуш, эркин өмүр сүрөйүн.
Эске салып муңайбачы, капчыгай,
Эстен чыккан шум замандын үрөйүн.
Бир кайың
Өткөн жазда мен көргөндө жаш элең,
Кырчын кезиң, менден боюң пас элең.
Быйыл көрсөм көкөлөпсүң өсүпсүң,
Бутагың көп, буран бойго жетипсиң.
Сен дагы өскүн, мен дагы өсүп гүлдөйүн,
Ойноп, күлүп өмүрүбүз бир өтсүн.
Жазгы тоо
Жашыл ыраң ыргалган,
Жарашыктуу сырдалган.
Желпинип башын теңселткен,
Жел досу гүлгө чырмалган.
Алдастап агып булагы
Сөлөкөтү чыңдалган.
Ал дагы тоонун ынагы,
Арчадан күкүк ырдалган.
Сермелип көркү келишкен,
Жел соксо – тосуп өбүшкөн.
Карагай, кайың шоодурап
Ээлеген алда жемиштен.
Оргуп булак – көбүргөн,
Баштарын нурга чөмүшкөн,
Жазгы тоо сулуу элирген
Асман менен челишкен!
Кышкы тоо
Тең тайлашкан асманга,
Бооруңда аска таштар да,
Кайгы менен муңайып,
Капталган муздак ак карга.
Булагы тоңуп муз болуп,
Туйлабайт эргип оштонуп,
Үнсүз-сөзсүз мостоюп,
Үргүлөйт тоом томсоруп.
Жайнаган гүлдү сагынып,
Ак кардан чапан жамынып,
Каарына алып кайран кыш,
Зыркырайт бороон чамынып.
Санжыргасы сайдагы,
Бетеге көлкүп жайдагы,
Кеткенин анын белгилейт
Кубарган кыштын аймагы.
Капчыгайлуу терең коо,
Каңылдап ырдайт аска-зоо.
Кармалып кыштын торуна,
Капалуу, көрксүз кышкы тоо.
Жайдын бир күнү
Муздак булак жылгадан
Агып турат шылдырап.
Кыя жолдон каткырган,
Кыз күлкүсү угулат.
Көлдөй толкуп көк шибер
Моокумуңду кандырат.
Асман тиреп сары аска
Карап турат жалдырап.
Улуу тоодон угулган
Ышкырыгы улардын,
Көз тойбогон сулуулук
Көрүп туруп кубандым.
Ушундай жерде төрөлгөн,
Ушундай жерде көгөргөн,
Кайгысы жок жайдары –
Кагылам кыргыз элимден!..
Жайдын кечи
Манаттай асман кызарып,
Магдырап барат айланам.
Чачырайт көбүк бетиме,
Чамынып аккан дайрадан.
Муңайым тартып угулат,
Булбулдун үнү сайраган.
Жалбыздын жыты буруксуп,
Жаныңа жыпар чачкандай.
Торгойлор тынбай таңшышат,
Токтогул күүсүн тарткандай.
Кызыгат гүлгө көпөлөк,
Кыз менен жигит жаткандай.
Үргүлөп тоолор баратат,
Уйкуга батып алсырап,
Карагай башын көрүүдөн
Карарган күүгүм жашырат,
Токтой тур, курбум, токтой тур
Чолпон да чыгар чачырап.
Кечки жел
Булуттар көчүп асманда,
Ойт берип шашып качканда,
Кечки жел берет серүүндү,
Эмгекти кылып жатканда.
Кургатып терин эмгектин,
Кубантып аны желдетип.
Ыргалтып башын кайыңдын,
Көргөздүң көзгө келбетин.
Кулпуруп күйгөн кара жер,
Кубанса кургап мончок тер,
Теректин башын терметкен,
Тентек го эскен кечки жел.
Жазгы суу
Киргилденип чамынып,
Күңгүрөнүп толкундап,
Алдас уруп агылып,
Көбүгүн бүркүп, орчундап,
Тундурат кулак жадатып –
Боюнда турса эл тыңдап.
Жар башына эңилип,
Чатырап батпай тебилип,
Шарпылдап керсе кучагын,
Эңишке карай теминип.
Бүркүп салып жулкунса,
Балыктар тышка терилип.
Жака-бели ызы-чуу,
Айланып учат өрдөк-куу,
Көтөрүлүп асманга,
Көк түтүнү кара буу,
Жиндиленип ээликкен,
Баш ийбес жанга жазгы суу.
Аккан суу
(Эл ырчысы Жеңижокту туурап)
Кырк миң жыл жердин алдынан,
Жарып чыккан аккан суу,
Толгон айдай жаркырап,
Жарык чыккан аккан суу.
Булаң куйрук жез канат,
Балык чыккан аккан суу.
Адамзаттын сообун,
Алып чыккан аккан суу.
Курт-кумурска жандыкты,
Багып чыккан аккан суу.
Кара жердин алдынан,
Жарып чыккан аккан суу.
Көз жетпеген кара кыр,
Тоого чыккан аккан суу.
Кош тегирмен парага –
Ноого чыккан аккан суу.
Жети кабат жер менен
Зорго чыккан аккан суу.
Жер жүзүндө баарынын,
Бетин жууган аккан суу.
Ак ылайлуу өзөн таш,
Четин жууган аккан суу.
Адам менен айбандын,
Этин жууган аккан суу.
Көз жетпеген ала кар,
Сайда болгон аккан суу.
Чаңкаганда адамга,
Пайда болгон аккан суу.
Азган менен тозгонго,
Айла болгон аккан суу.
Кызыл-тазыл жайнатып,
Гүл жараткан аккан суу.
Жер жүзүндө сонорго,
Түр жараткан аккан суу.
Жашыл, ала түрдүү чөп,
Миң жараткан аккан суу.
Баасы кымбат, эти алтын,
Мал жараткан аккан суу.
Башатына көгөртүп,
Тал жараткан аккан суу.
Карылыкка күч-кубат,
Ал жараткан аккан суу.
Жадыратып жайкыга,
Чөп жараткан аккан суу.
Жан-жаныбар мүлдөсүн,
Көп жараткан аккан суу.
Жашыл майдан салкынга,
Көп жараткан аккан суу.
Кулаалы
(Тамсил)
Талааны, ойду кыдырып
Салпактап учуп эңиштеп,
«Кушмун» деп ойлоп бул дагы
Кулаалы чыкты жем издеп.
Чабыттап алыс кетпеди,
Чаалыкты, жемге жетпеди,
Салпылдап кайып келатып
Шумкарды көрдү көктөгү.
«Канткенде коркуп турайын
Канатым болсо менин да,
Амалын таап сермесем,
Ал Шумкар менин жемим да».
Аңдоосуз келип Кулаалы
Артынан тийип өттү эле,
Ажырап түштү канаты
Айланып Шумкар тепти эле.
(...га)
Таң атканча жалбарып,
«Сүйөмүн» деп карганып:
Куру сөзгө кубанып,
Жүрүптүрмүн алданып...
Көрсө жалган сөз тура,
Сүйгөндөрүң көп тура;
Алданбасмын кайрадан:
Алдагандар, кошкула!
Айлуу түндө көл бою
Айлуу түндө көл бою,
Ай нурунда ойнойлу.
Ай тамактуу – ардак кыз
Ал да келсе болбойбу.
Көп кечигип күттүрбөй,
Көп ойлонуп үшкүрбөй,
Көл да көшүп тим жатат
Көптөн сени күткөндөй.
Муздак шамал бетке урат,
Муң көңүлдү кош кылат
Асманданып ак чардак,
Алда кайдан ышкырат.
Айлуу түндө көл бою,
Ай нурунда ойнойлу,
Ай тамактуу – ардак кыз
Ал да келсе болбойбу.
Жеткен тилек
Чоң дайрасын турмуштун
Кечип өтөм дечү элем,
Тоодой тилек максатка
Жетип өтөм дечү элем.
Жазгы күндөй демиңе
Жалындайын дечү элем,
Карагаттай көзүңдөн
Кагылайын дечү элем.
Сонун турмуш балынан
Сорушалы, жалжалым,
Өмүрдүккө бар тилек
Болушалы жалжалым.
«Алдей, алдей алтын» деп,
Балабызды сүйөрбүз,
Таң-тамаша, салтанат
Таалайыбыз түгөнгүс.
Таң кызы
Ай жарык мемиреген түнгө окшойсуң,
Ачылган акация гүлгө окшойсуң.
Бетиңден таалай нуру балкып турса,
Безентип булбул салган үнгө окшойсуң.
Т...
Ачылып турган кызыл гүл
Жел соксо көркүн чыгарат.
Толукшуп турган сүйкүм кыз
Жар болсо көөнү кубанат.
Аземдеп тилин сайраткан,
Акыны менмин кыргыздын.
Алтындуу нуру балкыган
Чолпону сенсиң жылдыздын.
Акынга чолпон жакпайбы,
Ардагы болуп турмуштун.
Бутакта турган булбулдун
Гүл болсо тили чыкпайбы?..
Буралып турган жаркын кыз
Булбулдун үнүн укпайбы?..
Асмандап учкан чүрөксүң,
Алдымда жаркын тилексиң.
Ай жарык укмуш күнгө окшоп,
Айласын тапчы жүрөктүн.
Булбул менен гүл
Булбул:
Сен болбосоң менде тил жок,
Сайрай албай кетемин.
Гүл:
Сен болбосоң менде күн жок,
Саргаямын, өчөмүн.
Булбул:
Сайрап турган ушул күүм,
Жарашыктуу сен менен.
Гүл:
Жайнап турган ушул күнүм,
Таттуу чечен тил менен.
Булбул, гүл:
Жадыраган бул турмуштун
Эркеси биз, көркү биз.
Сен жайнагын, мен сайрайын,
Саймалансын өлкөбүз.
Булбул
Өткөн жазда сайрачу элең кайыңда,
Өлбөй тирүү келгениңе шаттанам.
Амансыңбы, көңүлүмдүн курбусу?
Учурашып жүрчү элек го бакчадан.
Эзилишип жаным сүйгөн жар менен,
Эсиңдедир, жылуу түндө отургам.
Сыр алышып назик үнүң күлкүгө
Кубулжуган сенин үнүң кошулган...
Ошол күүм кулагымдан кеткен жок,
Өмүр, достук, кубанычты ырдадың.
Мактап айттың балдан ширин тил менен,
Коюндашып кошулуунун жыргалын.
«Бактылуу бол, өмүр бою» дегениң,
Орундалган ошондогу тилегиң.
Ай чыгарда сыр чечишкен жар менен
Ойноп-күлүп рахатта жүрөмүн!
Сагынышкан тааныш курбум келипсиң,
Салам берип, куттуктаймын атайын!
Таңшып мени кубандыра сайрачы,
Таңкы желде тереземди ачайын!
Бешиктеги сага окшогон булбулум
Үн чыгарсын, сен да кошкун үнүңдү.
Түгөлүнөн бирин койбой үйрөнсүн,
Дүнүйөнү тамшандырган тилиңди!
Жаш бурактай түнкү желде сергиген,
Жаңы ачылган бакта гүлдөн тандагын.
Ай ааламга таттуу күүң угулсун,
Айдат булбул, аземдетип сайрагын!
Бүркүттүн канаты
Ак булут асманында ойноп турган,
Үн чыгып капчыгайда аккан суудан.
Жел жүрүп көңүлүңдү эркелеткен
Жер ушул баатыр кыргыз мекен кылган.
Жашыл чөп – жарашыгы салкын
жайдын,
Жайкалып, суу башына басып бардым.
Уюган ак мөңгүнүн этегинен,
Бүркүттүн бир канатын таап алдым.
Айланып учуп жүргөн эркин тоодо,
Эргиген эр берендин канаты го.
Асемдүү жаркыраган ачык түндө,
Акындын толкуй турган адаты го.
Ташыган дарыядай кыял чиркин,
Отуруп ойго кеттим түркүн-түркүн.
Канатты оң колума кармап алып,
Кадимки Лермонтовчо сөзгө кирдим.
Сен канат, кайсы аскада туулгансың,
Кайсы тоо, кайсы адырды кыдыргансың?
Не себеп, эмнеликтен өзүң жалгыз,
Ажырап үйүрүңдөн жулунгансың?
Ала-тоонун аскасынан ашалык
Ырас,
Курбум, акын болдуң жашыңдан,
Ырас,
Курбум, акындыгың ашынган.
Бирок,
Курбум, ал талантың уялчаак
Ала-Тоонун аскасына жашынган...
Көп ырдадык –
Көк шиберди мактадык,
Чалкыган көл,
Чар тарабын каттадык.
Мезгил өтүп,
Өнөр бойго жетсе да,
Калың кенчтин
Капкактарын ачпадык.
Жер дүйнөгө
Атактары жайылган,
Ай, жылдыздай
Байрон, Пушкин, Лермонтовдон
Эмнең кем? –
Бирок,
Курбум, чыгалбадың айылдан.
Кана, курбум,
Калам – тулпар
Биз минип,
Жар салалы,
Европага шам кармап!
Курбум
Акырын чыгып алтын күн
Ала-Тоо башын нур кылды.
Ак мөңгү эрип тамчылап,
Алдастап төмөн жылжыды.
Алыстап койчу үн салып,
Аземдүү сөздү ыр кылды.
Кадырлап элим тыңшады,
Качанкы өткөн булбулду.
Капчыгай кырда бир жүргөн
Кыргыздын Пушкин курбусу.
Ардагы болдуң туңгуздуң,
Акыны болдуң кыргыздын.
Жайдары көркөм заманды,
Жардамдаш, сен да куруштуң!
Кыялың бүгүн чын болду,
Кыргыз, туңгуз эл болду.
Аскалуу тоону, талааны,
Толкундуу деңиз, аралды,
Тумандуу, кардуу түн жакты,
Гүлдөгөн түштүк күн жакты,
Аралап Пушкин жүрөсүң,
Казак, татар бар жакты.
Сайрады сенин комузуң,
Чыныгы кыргыз болупсуң,
Бир обондо, бир тилде
Биз менен Пушкин жолуктуң,
Кучактайын, өбөйүн,
Жан курбум, кыргыз түгөйүм!
Абайга
Сар арканы турак кылып,
Шамал менен көчүпсүң,
Кун жетпеген чечен булбул,
Кумда сайрап өтүпсүң.
Жер кепе
Таң атса алыс мен кетем,
Талыкпай далай жер кезем.
Койнуңдан кетип баратам,
Кош аман бол, жер кепем.
Ээ караңгы жер кепем,
Эрмек болдуң, дос болдуң.
Үйүмдөй көрүп жүрчү элем
Үңкүрүм эми кош болгун.
Текес
Теңирден тескери аккан тентек Текес,
Башынан чыккан жери кең Тянь-Шань.
Түпөктүү найза өңөрүп жайыгында,
Турактап жүргөн экен өткөн атам.
Асмандап ак кайыңың менменсинген,
Ак туйгун түнөк кылып куш ээлеген.
Эр Манас өзүң үчүн курман болгон,
Эзелтен Текес сенсиң тууган энем.
Көк тиреп турган Кан-Теңир,
Көркүсүң кенен дүйнөнүн.
Кадимден кыргыз жайлаган
Касиет конгон бул жерим.
Тентек суу жаттап ыр кылат,
Текесте кыргыз жүргөнүн...
Кош, Ала-Тоо, уулуң кетти майданга
Дүйнөнүн жүзүн өрт алып
Кара жалын каптады,
Кыяндай жүрөт шаркырап,
Кызыл кандын акканы,
Ушундай апаат күндөрдө
Уяттан-уят эмеспи
Уулуңдун үйдө жатканы.
«Айланам коркок болбо» деп,
Айтканын эстейм эненин.
Ай чапчып суудай толкуган –
Артымда калкым турганда
Айыгышкан жоону жеңемин,
Барыктап багып өстүргөн
Балаңдын сына өнөрүн.
Жеримдин бетин булгатпай
Желмогуз канын төгөмүн...
Кулжалар оттоп семирген
Кулпунган гүлү төрүмдүн,
Колоттон сууң шаркырап,
Комузу болгон көңүлдүн.
Асмандап эркин ылаачын
Ардагы болгон көркүңдүн.
Көркүңдү жерим сактоого
Куралды колдон таштабай,
Курманы болом элимдин.
Атылып тоодон секирген,
Булагың эстеп жүрөрмүн,
Таң менен шаңшып ышкырган
Уларын эстеп жүрөрмүн,
Аскадан аркар көтөргөн
Кырааның эстеп жүрөрмүн.
Чымчыктар сайрап отурган
Чынарың эстеп жүрөрмүн.
Суусунга балдай татыган
Сууларың кетпес көңүлдөн,
Көйнөгүм чечип, көпөлөк
Кууганым кетпес көңүлдөн,
Туткалуу кыргыз ак калпак
Тууганым кетпес көңүлдөн.
Эселек кезден торолтуп
Эсиңде жүрдүм, мен дедиң.
Энекем сенсиң Ала-Тоо
Эмчегиң соруп эмгемин,
Жашымдан көөнүм шат болуп
Жалтанбай жүрүп көнгөмүн,
Өлүмдөн жаман эмеспи,
Өч албай кайра келгеним.
Байлоосу жакшы келишсе
Байгеде ар ат чыга алат.
Элине бүлүк түшкөндө
Эр жигит шондо сыналат.
Кедери элдин кетпейби,
Кек албай калса кубалап.
Кагылам журтум ишенгин
Кара туткан балаңар –
Кармашкан жоосун жыгалат...
Аман кал, калкым аман кал,
Айлыңда чардап жүргөмүн,
Аралап, терип чоңойгом
Адырдын жашыл гүлдөрүн.
Сел алса кетпес эсимден
Селкилер менен каткырып,
Селкинчек тепкен күндөрүм.
Байлыгы суудай ташыган
Бактыга баткан жеримсиң,
Секетиң болуп жаш жаным
Сен үчүн каным төгүлсүн,
Балбылдап сары жылдыздай
Майданда уулуң көрүнсүн,
Курманы болсом мейличи
Курдаштар сүрчү өмүрдүн...
Жартыны бөлүп бир жешкен,
«Жан, каныбыз бир» дешкен,
Жарым менен коштошом,
Бактылаш курбу, замандаш,
Баарың менен коштошом,
Дүйнөдөн каргап жоготкун
Душмандын жолун тоспосом.
Тепкедей чактан өстүргөн,
Тентектик кылсам кечирген,
Агалар аман калгыла,
Кыянат ишке баспаган,
Кылчайып жоодон качпаган,
Абалар аман калгыла.
Эрлерге сүтүн эмизген,
Энелер аман калгыла,
Эмгектен жүзү албырган
Жеңелер аман калгыла.
Эркеси болгон адамдын
Ээлери жыргал замандын
Мөмөлөр аман калгыла...
Сактоого кетип баратам
Садагам, элим жыргалым,
Салкындап суун ичкемин,
Сарымсак терген жылганын,
Турумтай куштай талпынып,
Турмуштун көркүн ырдадым.
Угарсың элим шаңданып,
Уулуңдун жоону кырганын.
Айдаткан күлүк каламды
Алмаштым найза курчуна,
Кетемин кандуу сапарга
Керегим тийип журтума,
Абалдан келген нарк ушул
Азамат шундай кылчу да.
Кыйындык келсе чыдоого
Кызматың үчүн жаралган.
Элинин болуу курманы –
Эр жигит парзы абалтан,
«Кайрылып жоодон качат», – деп,
Камсанай көрбө балаңдан.
Көгөрүп жаткан Ысык-Көл,
Көркүсүң жердин билгенге,
Жел менен ойноп турчу элең
Жээгиңди бойлоп жүргөндө,
Толкунундай болоюн,
Толгонуп жоого тийгенде.
Эрибей мөңгү жаркырап,
Эзелден жаткан жерде өстүм,
Санаасыз көңүл кубанып,
Сайрандап салкын жерде өстүм,
Кордукту салып душманга
Колумдан намыс бербесмин.
Биздин дос
Ата Мекендик Согуштун Баатыры, Кыргызстан Коммунисттик (большевиктер) партиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү, ордендүү 8-гвардиялык дивизиянын командири, үч Кызыл Туу ордени менен сыйланган генерал-майор Иван Васильевич Панфиловдун өчпөс эстелигине арнаймын
«Убайын көрөм мунун» – деп,
Улуу эл сени төрөгөн.
Баатырлар жаткан бешикке
Барктап баккан, бөлөгөн.
Бороондой учуп талаада,
Чапаев менен бир жүргөн
Чаалыкпас, кайтпас эр элең.
Кыяндай душман каптаса,
Кылчайып артка качпадың.
Кылычың колдо жаркылдап,
Кыйылып түштү чапканың.
Өчүккөн жоону кыйратып,
Өлкөңдүн антын актадың...
Атынан айтып алкышын,
Ала-Тоо иет баштарын.
Досу элең кыргыз элинин
Балдарын жоого таптаган,
Артыңда берен көп калды
Айбыгып жоодон качпаган.
Урматтап, сүйүп атыңды,
Унутпайт кыргыз сендейди.
Каарман өлсө майданда
Кайратка калкы келбейби...
Кунуңду кууйт фашисттен
Күндөн күн элиң чыңдалып,
Береке толор жериңе
Бейитиң гүлгө чырмалып,
Акындын салган күүсүнө
Атагың калар ырдалып.
Таалимиң алган уландар,
Талкалайт келген душманын,
Ай-жылдыз көрүп таң калат
Айланып шумкар учканын,
Жабырды көрбөй өмүрдө
Жадырап өсөт кыздарың...
Сыйлыгын көрүп журтуңдун,
Сырттаны болдуң намыстын,
Кара күч көркоо фашисттин
Кандарын суудай агыздың,
Элиңдин кылып кызматын
Ээледиң бетин тарыхтын.
Белоруссия багында
Кадимкидей гүлдөбөй,
Карып болгон кайран бак.
Баштагыдай гүл терип,
Баскан жан жок сайрандап.
Күн чыкканча тил безеп,
Күкүк таңшыйт ар кайдан.
Жаш кырчындар майышып
Жалбырагы саргайган.
Айдап салкын жел сокпой,
Айлана муң... тумчугат,
Анда-санда кайгылуу,
Алсыраган үн чыгат.
Чычаладай карайып,
Чырпыктары кыйраган.
Өлгөн жарын кучактап,
Отурат бир кыз ыйлаган.
Жыйырмадан жаңы ашкан,
Жигит эле эр жеткен,
Калкын сактап тайманбай,
Каза тапкан желдеттен...
Жар түбүнө алпарып,
Жарын жерге жашырды.
Жашын сүртүп бетинен,
Жанга курал асынды.
Чачын тарап камданды
Таң сүрүлүп атарда.
Кек алууга жөнөдү
Күн батышка – сапарга.
«Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт»
(Тамсил)
Сай жакалай сагызган
Салпактады эңиштеп,
Кекең-кекең жорголоп,
Келе жатты жем издеп.
Көк жылгага жолукту,
Көк шибери көйкөлгөн.
Жергеси толгон калың бак,
Жемиши бышып эңкейген.
Ээлеп ушул жемишти
Консом, деди сагызган,
Эрким менен той-тойлоп,
Тойсом деди сагызган.
Шум сагызган шектенип,
Кайра качты артына,
Тыялбастан напсисин,
Түштү суктук наркына.
Эки көзү кызарып,
Алкы шумдун бузулду.
Бакта бышкан жемишке
Башын салып тутулду.
Жемиш эмес мойнуна
Кылтак түштү, муунду,
Сактыгынан өлбөстөн,
Суктугунан кырылды.
Түлкү менен Бөдөнө
I
Шибер чөп маалым кылат жай мезгилин,
Жел эсип экилентет суу эпкинин,
Күн батып... күүгүм кирип жылдыз
чыгып,
Жамынды көөдөй кара түн кепинин.
Күн бою бир бөдөнө бытпыл уруп,
Ал дагы түн түшкөндө калды тынып,
Жорголоп – корккон жүрөк тайдай
туйлап,
Жол бою бетегеге кирди жылып.
Пааналап жел эркеси жашыл чөптү,
Кетпестей түнгө сактап чексиз кекти.
Ой бийлеп, кыял белден баскан кезде,
Үргүлөп таттуу уйкуга кирип кетти...
II
Ачкарын түлкү жаткан ичтен тынып,
Узун күн үңкүрчөдө ташка бугуп.
Козголду ал ордунан кирип кыймыл,
Түн катып сапар чекти «жемге» чыгып.
Ар күнү өтүп жүргөн ушул жолдон,
Кээ кезде пыр-пыратат түрлүү кушту,
Кур шимшип, кур алакан болгон кезде,
Кош таноо биле койду жылуу жытты.
Кубанды кымың этип түлкү «күлүп»
Шум түлкү жем тапканда кандай күлүк.
Уйкуда камсыз жаткан бөдөнөнү
Шып этип арсак тиши кетти илип.
III
Жаман иш көрүп жаткан ал түшүндө,
Туткунда эки буту бек кишенде.
«Пыр» этип чочуп кетип, көзүн ачса,
Кармалган шум түлкүнүн уу тишине.
Жалбарды жан соогалап түркүн-түркүн.
– «Жан кыйба, дүнүйө берем,
түлкүм-түлкүм»
Канчалык амал менен жалынса да,
Көнбөдү ал айтканга «кыйды» түлкүң.
Жалдырап бөдөнөнүн эки көзү,
Тытылып ийне тишке кандап төшү.
Жалбарган туткун жандын арыз-муңу,
Жана да сайрап турган ширин сөзү.
IV
Түлкү айтты: «Амал менен тойгуз мени,
Болбосо кебеп кылып жеймин сени».
Бөдөнө жымың этип жалпаңдады,
– «Менде бар агып жаткан тамак кени».
– «Мен учам белги берип бытпыл уруп,
Сен чурка ачпас кылып көздү жумуп.
Бир убакыт мен айтамын «ач көздү» деп,
Калабыз кен тамакты туштап чыгып».
Макулдап бөдөнөнүн айткан сөзүн,
Ырсайтып бычак тишин жумду көзүн.
Бөдөнө ичтен айтып учуп кетти:
«Алдадым, кара ташты түлкү жесин».
V
Бөдөнө учуп келет белги берип,
Шум түлкү чуркап келет эрип-эрип.
Алыстан агарып таң сүргөн кезде
Туш болду бүркүтчүгө булар келип.
Бүркүттүн томогосун сыйрып алды,
Бүркүт да одураңдап карап калды.
«Ач көздү, эми түлкү» дээр менен,
Куушуруп бүркүт келип тырмак салды.
Чыңырып түлкү жатты жерди тырмап,
Жан арга, тыбырчылап куйрук булгап.
Каткырып кээде күлүп, кээде пыр-пыр,
Бөдөнө учуп кетти сайрап, ырдап.
Кутулду бир ажалдан туткун карып,
Амалдап куу зулумду көйгө салып.
Бүркүтчү олжолонуп кайра кайтты,
Терисин шум түлкүнүн сыйрып алып.
Түрдөнүп эски жүнү калган түлөп,
Кээде шат, кээде сайрап, кээде күлөт,
Жок кылып шум түлкүнү амал менен,
Бөдөнө жомок кылып ырдап жүрөт.
Мышык менен май
Ачка мышык мыёолоп үйгө кирди,
Аңдып келип илинген майды көрдү.
Ууртунан шилекейи чууруп кетти:
«Эми мына, тойгуча жеймин» деди.
Жетүү үчүн асылып, көп тырмышты,
Жеталбады. Чарчады. Үйдөн чыкты.
– Сасып кеткен май экен, ким жесин, –
деп,
Шашкалактап калп эле сүйлөп чыкты.
Чептен эрдин күчү бек
Байыркы бир заманда эл бар экен
Өзүнчө эркин, ээн жашап турган.
Багында булбул сайрап, гүл жадырап,
Башкача сонун жерди мекен кылган.
Ар жылы күчтүү жоолор каптап кирип,
Талоонго салат экен мүлкүн, малын.
Ойрондоп эчен кымбат ордолорду,
Олжолоп алып кетип сулууларын.
Кордугу душмандардын жанга батып,
Бир күнү кеңешүүгө эл чогулду.
Бардык күч, бардык мүлкүн сарып
кылып,
Жоо өткүс бекем чепти курмак болду.
Айлантып кең өлкөсүн дубал куруп,
Киришти эмгегине күн өткөрбөй.
Көтөрүп бай дубалын келген кезде,
Кайрадан кулап түшөт жар көчкөндөй...
Калың журт кайгыланды, кансырады...
Катардап көтөрө албай бай дубалды.
«Себебин бул укмуштун ким табат», – деп
Ырчылар жар чакырды, күүгө салды.
Бири айтты: «Асыл таштан койгун», – деди,
Бири айтты: «Ак боз бээ сойгун», – деди.
Асыл таш алтын менен койсо дагы
Токтобой дубал көчүп кулай берди...
Тартышты капаланып калк убара,
Ойлонуп табалбады көп улама.
«Мен чечем бул түйүндү», – деп сүйлөдү
Жылаң бут, ак сакалдуу бир карыя.
Карыя токсон жашка келген экен,
Кыдырып бүт дүйнөнү көргөн экен.
Акылы алмаз менен болоттон курч,
Алыскы бир ажайып жерден экен.
Качанкы чечилбеген сырды угууга,
Калайык жабылышып кулак түрдү.
Сакалын оң кол менен сылап алып
Салмактуу коргошундай сөзгө кирди:
– Калп болбойт карыяңдын айткан кеби
Калайык, акылыма көнсөң, – деди, –
– Түк көчпөйт бул дубалың кылым бою,
Тирүүлөй бир кишини көмсөң, – деди.
Башка сөз айтканы жок, басып кетти,
Карыя кайырдашып колун булгап.
Кандай деп эки жолу сурабастан
Баштарын жерге салды эл тунжурап...
– Кайсы эр бул кызматка чыгар экен,
Бул дубал эр канына кумар экен, –
Деп, ырдап бир топ ырчы элди айланып
Күн бою жар чакырды эчен-эчен...
Бирөө да «мен чыгам» деп сөз катпастан,
Мостоюп карап турду дудуктанып.
Обдулуп он үч жашар бир жетимче
Сүйлөдү жаман тонун чечип салып:
– Уктум да шашкан бойдон келдим, – деди,
Мен даяр тезден гана көмгүн, – деди,
Арманым дүйнөдө эч калбайт го
Жарасам керегине элдин, – деди.
Жаш бала бай дубалга барып турду,
Көпчүлүк күрөк менен чачты кумду.
Аңгыча алсыраган, жалбарыңкы
Боздогон муң-кайгылуу үн угулду...
Бир караан шашып, чуркап келет экен,
Бул караан жаш баланын энеси экен.
Атадан жетим калган жалгыз уулун
Алпештеп, айнегим деп эркелеткен.
– ...Кулунум кучактайын мында келчи,
Кууратпа карыганда апакеңди.
Көмбөгүн, жалгызымды көмбөгүн, – деп,
Көзүнөн жаш куюлуп ыйлап келди...
– ...Ыйлабай көз жашыңды тыйгын эне,
Ырайым жетимиңе кылгын эне.
Жаныңдан артык көргөн тууган элдин
Жалгызың жарап кетти керегине...
– Уулуңдун убайын көрөм деп, тиленип,
Ушундай ишке арнап бакпадыңбы.
«Эркетай элиң үчүн курман бол», – деп,
«Эч качан унутпаймын айтканыңды».
Энеси элге карап сөз баштады
Маанисин байкап туруп айткан кептин,
– Ата журт кызматына жанды берип,
Айланам, ак сүтүмдү актап кеттиң!..
Жалбарды жалгызына, беттен өптү,
Аарчыды жашка толгон эки көздү.
Колуна күрөк алып кайрат менен,
Көмүүгө баласына кумду септи.
– Энеке бул кылганың адамчылык,
Жүрөгүң акак, бермет таштан тунук.
Өтөбөй калайыктын бир кызматын,
Жүрбөймүн жер бетинде адамсынып...
Коштошуп өбүшүштү эне, бала,
Кайраты бул экөөнүн ташкан дайра.
Кум толуп алкымына келген кезде,
Шып этип жетип келди да карыя.
– Көмбөгүн бул баланы ачкын, – деди,
Чеп курбай үй-үйүңө кайткын, – деди,
Көтөрбө чеп, коргондун кереги жок,
Кордукка мындай балдар бербейт элди.
– Киришсе ким да болсо чеп тургузат,
Чеп-ылай, каптап кирсе душман бузат.
Балдарың баары ушундай өсүп турса,
Багынтып бул жүрөкттү ким коркутат?!.
– Черди жаз. Тепкин шапар, кургун сайран
«Чеп жок» – деп, кайгы тартып кам санаба.
Кандай жоо басып кирип баш ийдирмек,
Турганда мындай эне, мындай бала!..»
Эзилгем
Көлдөп жашым, бай алдында эзилгем,
Бир эчкиге жыл маалына кесилгем.
Байбиченин көк көсөөсү элестеп,
Жатсам-турсам такыр кетпейт эсимден.
Кой артында кокуй тартып ыйлагам,
Эртели-кеч жаш жанымды кыйнагам.
Күн батканда бай үйүнө мен келсем,
Бай баласы камчыга алып «сыйлаган».
Кайтаргамын түндө байдын эшигин,
Терметкенмин бай уулунун бешигин,
Сагалагам, артса экен деп, кудайлап,
Боору ачыбас чылгый карын кешигин.
Түндө жатсам төө комуна оронгом,
Көк көгөнгө бүткөн боюм боёлгон.
Бутта чарык, катып жондо куур тон,
Азап менен жабыр тартып торолгом.
Сенделиңки, курсак ачка тойбогон,
Бай балдары чымчып, чоюп ойногон.
Ошондо да кың дебестен жалдырап,
Баш көтөрүп тике карап койбогом.
Мен жаш жетим оор күндөрдү кечиргем,
Кайгы тартып жүрөк күчүн кетиргем.
Жадыраган кызыл нурга эртелеп,
Өктөбүрдө бутта тушоом чечилген.
Жер алган кедейлерге
Сен кимдерден кем элең,
Чоң курсак байга жем элең,
Узун күн кылып кызматты,
Кешигин байдын жээр элең.
Киренди кирип бир байга,
Бир эчки алып алты айга,
Күнү-түнү тыным жок,
Жүрдүңөр кыйла убайда.
Чоң курсак байлар чердеңдеп,
«Беш эчки саан бергем», – деп,
Камчысын үйрүп келүүчү,
«Көңүмдү чаап бергин», – деп.
Бай менен молдо биримдик,
(Көзүңдү таңып зордогон)
Арка кылып «кудайын»
Жолуңду антип торгогон.
Жайында жайлоо көрбөдүң,
Көөмөйүң катып чөлдөдүң,
Какталып күнгө иш кылып
Залимге кеткен эмгегиң.
Жонуңду күнгө кактадың.
Байлардын тамын сактадың,
Эмгегиңден ажырап,
Бир күн тынып жатпадың.
Мынакей келди төңкөрүш
Кедейге арнап жер бөлүш!
Бул ишке минтип жол ачкан
Улуу Октябрь көңтөрүш.
Келди кедей заманың,
(Колуна тийип амалың).
Бай-манап калса жашынып,
Айдатып барып камагын.
Коштошордо
Алыс сапар тарта турган паровоз
«Токтой турчу» деген сөзгө карабас,
Муунум бошоп, бүткөн боюм калтырап,
Өптүм сени аккан жашым аралаш...
Ылдам поезд, бир заматта жоголгуң,
Жарым кетти жаш денемди жаралап.
«Өнөр билип, бир кезекте келерсиң,
Өлбөй тирүү жүрөр болсоң – саламат!»
Кырманда
Саратан сайрайт, күн кайнайт,
Керимсел толкуп, жел айдайт,
Сарманат талаа өңдөнүп,
Эмгекти сүйүп тил байлайт.
Ак бешилик, ак асман
Түмөндөгөн сан караан,
Кызылын ылгап бир жакта
Жемиштер толуп сандаган.
Шыгырап алтын ылганып,
Шымаланып абам чыңдашып,
Эмгектин казып маңызын,
Тырмоочу шыңгыр ырдалып.
Көз бүркөп закым тунарып,
Ойноктоп көктө буралып,
Ошондо абам күч байлайт,
Колуна балбан кубанып.
Сермелип тынбай бешилик,
Зыңгырап жатат чертилип,
Абакем талбай эмгектен
Маңдайдан тери көшүлүп.
Күн жалын көктө турганда,
Ысык жел бетке урганда,
Күлгөнү талаа жаңыртып,
Күжүрмөн абам кырманда.
Билим
Эпке көнбөй калтаңдап,
Карандашты бек кармап,
Тайтаң-буйтаң буйталап,
Жазып жатат беш бармак.
Үйрөң-сүйрөң чиймелем,
Өз-өзүнө сүйлөнөт,
Окуу десе, ынталып
Абам билим үйрөнөт.
Карс-карс күлүп каткырып,
Ачып көңүл шат кылып,
Окуу-билим жыргалын
Көкүрөккө жат кылып!
Сезимдер жандуу тирилди,
Жүрөктүн даты күбүлдү,
Эмгектин досу абамдар,
Алгыла, алтын билимди!
Өткөндү кайра эскербе
Көп күйдүрүп жүрөктү
Сүйгөн кезим өткөн чак.
Көкүрөктү каптаган,
Күйгөн жалын өчкөн чак.
Бир кезде мен да жалбарып,
Садага кылдым жанымды,
Ал кезде сен да терс карап,
Сындырдың далай шагымды.
Уктабай түндө толгонуп,
Үшкүрүп сени эстегем.
Уу жуткуруп жаш жанга,
Уялбай басып кетчү элең.
Жакшы сөздү, жакшы ырды –
Сага арнадым, ырдадым,
Жалынган жашты бир карап –
Жалооруп ырайым кылбадың.
Көргөндө сени көңүлүм,
Майдай эрип жибиген.
Ошончо сүйүп жүрсөм да,
Укпадым жооп дилиңден.
Ошентип өткөн жаш өмүр,
Өчкөн чөптөй саргарып,
Карганда неге айтасың,
Качанкы сөзгө жалбарып.
Жаш кезде неге ушундай,
Жалбарып көңүл айтпадың
Башканы сүйүп, башка ырдап,
Башканын ырын жаттадың.
Өчкөн от кайра тамар жок,
Өткөн жан кайра жанар жок.
Кайрылып келбейт көңүлүм,
Каргышты бузар чамам жок.
Алтын сөз далай корогон,
Келбетиңди сүрөттөп.
Акыркы күндө жалынба,
Ал кезде болбой тилектеш.
Жүрөгүм жанып өчкөн кез,
Көңүлүм калып кеткен кез,
Өткөн өмүр – өчкөн жан,
Өткөндү кайра эскербес...
Гүл турмуш
Гүл турмушта жадырап,
Күлө турган кез ушул.
Күн нурунда сайрандап,
Жүрө турган кез ушул.
Эл достугу аскадай,
Бузулбаган кез ушул.
Эркин учуп туйгундай,
Кыз ырдаган кез ушул.
Тоонун жакшы гүлүндөй,
Өмүр өскөн кез ушул.
Толкуп жаткан деңиздей,
Көңүл өскөн кез ушул.
Майдан ыры
Жайнап өскөн гүл мына,
Жашыл сайма түр мына,
Жаркыраган алтын туу
Жайдар сонун күн мына.
Булбул сайрап талдагы,
Чолпон балкып таңдагы.
Өлкөм бүгүн шаңданат:
Жыргал, күлкү майрамы.
Кызыл-тазыл кийинген
Кыз-келиндер бир сонун,
Кырка-кырка тизилген
Жаш берендер бир сонун.
Асман менен айланган
Канаттуулар бир сонун,
Жаркын турмуш сакчысы
Жарактуулар бир сонун.
Эркелеген таалайга,
Элим бүгүн каткырат,
Эркин өсүп тапталган,
Шумкар бүгүн талпынат.
Эрик кызы
Таң сүрүп, жарык атканда,
Эрик жел ойноп чапканда,
Уяда жаткан үргүлөп,
Балапан канат какканда,
Каптап турган сур булут
Кеткенде калбай асманда,
Көкөлөп учтуң шаң менен,
Нур жутуп эргип асманга.
Чарк айланып, чарк уруп,
Барабанды тарс уруп,
Кызылга бойду безедиң,
Белиңе кайрат тартынып,
Билимди жуттуң булактай
Сезимиң, оюң артылып.
Канатың өстү жибектей,
«Ак саргыл жүнүн» калтырып.
Шаңшытып чалып комузду,
Сайраттың булбул добушту.
Саймалап турат жаңылык
Шибердүү, жаңы конушту.
Жибек саамай, акак тиш,
Салындың кызыл жоолукту,
Жаңынын салтын колдонуп,
Жоготтуң эски жорукту.
Туш-туш жактан добулбас
Чыгарды сонун көркүңдү.
Мөмөдөй болуп мөлтүрөп,
Жаштардын шаңы өөрчүдү.
Куттуктап, мактап тоюңду,
Жүрөктүн күүсү чертилди.
ПОЭМАЛАР
Өнүмдө көргөн түш
Саймадай гүлгө жарашкан
Сайраган булбул үнү эле,
Акындын көөнүн толкуткан
Ай жарык, жылуу түн эле...
Элимдин болгон дарканы
Эрлерди өткөн эстедим,
Учуна чыкпай кыялдын
Үргүлөп уктап кеткемин...
Жылдыздай калкым жыбырап,
Жыйналып жыйын куруптур,
Шарпылдап долу Ысык-Көл,
Шамалсыз толкуп туруптур...
Көп үйлөр катар тигилген,
Көк ала майдан шиберге,
Шыңкылдап кыздар отурат,
Жибектен соккон килемде.
Атандар жатат чөгүлүү,
Алтындар жатат төгүлүү,
Асаба туулар кылкылдап,
Адамдын толкуйт көңүлү...
Аңкыган жыты жыпардай
Айлана көркөм караса,
Кубантып жанды нур чачат,
Күн менен чолпон жанаша...
Шааниге салып асманды
Шаңшыган бүркүт көрүнгөн,
Жаркырап, балкып ай чыгып,
Жарыгы жерге төгүлгөн...
Сызылат тоодон жылтылдап,
Сымаптай суусу булактын,
Комузду коштоп кубулжуйт
Коңур күүсү кыяктын...
Тамаша... сайран... салтанат
Таң калып карап турамын.
«Кандай той, кандай жыйын?» – деп,
Кара чач кыздан сурадым.
Жоодурап турган сулуудан
Жоопту мындай угамын:
– Обочо турган карыя
Ошондон барып сурагын.
Ак боз ат минген бир киши
Агарган сакал карга окшойт,
Далысы шумкар мүрүдөй
Далайды көргөн жанга окшойт.
Маңдайы сары жылдыздай
Балбылдайт эки көздөрү,
Он миң-сан элди каратат
Оозунан чыккан сөздөрү...
Кабылан сындуу карашы
Кайратка бүткөн эр экен,
Агасы болгон журтунун
Акылга дыйкан эме экен...
Баш ийип, колун куушуруп
Барганда басып жанына,
Башкача назик үн менен
Баштады сөзүн карыя:
«– Келет деп сени күткөмүн
Керемет жыйын сонунга,
Сүйлөй бер кандай кебиң бар?
Сүрдөнүп, уулум, корунба!..
Сагынып тосуп аламын,
Саламын сендей баламдын,
Таалайың тилеп картайган
Тааный жүр, Бакай абаңмын.
– Карачы калкым чогулду
Кайратка ташып эреркеп,
Кадырлап баккан балдарын
Казатка бүгүн жөнөтмөк...
– Кара курч болот зулпукор
Кармагын, сага жасаттым.
Айтылуу кыргыз кулуну
Ардагым сага жасаттым...
– Ай чапчып турган аргымак
Минет деп сага камдадым,
Айтылуу кыргыз кулуну
Киет деп сага камдадым.
– Өрүшкө толгон калың эл
Өстүргөн сени топ ошол,
Өчөшкөн кара душманды
Өрттөөчү кызыл чок ошол!..
– Береги турган шаңданып
Бежинди чапкан кол ошол,
Бейлинен танган душмандын
Бетине бүткөн шор ошол!..
Айбанбоз минип алдыма
Айбыкпай колду баштадым,
Кылымдан балам көрбөгөн
Кыргыздын жоодон качканын.
– Жалындай тийгин душманга
Жашынып үйдө жатпагын,
Батамды, уулум, берейин
Бабаңдын даңкын актагын!
– Куралын таштап колунан
Кулдукка кыргыз көнбөгөн,
Кыяндай каптап келсе да,
Кыргызды душман жеңбеген!..
– Эрлерди көрсөм деп ойлоп
Эзелтен көксөп самадың,
Көрсөтүп баарын чыгайын
Көзүңдү жумбай карагын!
– Тээтиги
Маралдай сулуу ат минип
Башкарып турган көп элди,
Башкача бүткөн көркүнө
Башкалар кайдан теңелди!
– Айчылык жерден кыйкырса
Ажыдар качкан үнүнөн,
Алдынан чыдап чыгалбай
Ак жолборс корккон сүрүнөн...
– Туулуп, өсүп жоо сайып
Тундурган элин жыргалга,
Асманда ай, күн тутулат
Ачуусу келип турганда...
– Аккула атын ойнотуп
Айбалта, найза өңөргөн,
Паанайын ачып кыргыздын
Бактысы үчүн төрөлгөн
Абакең Манас шер ошол!
– Тээтиги
Саамайын артка өрдүрүп
Сарала минип көрүнгөн,
Каарданып кыйкырса
Кара таш тептең бөлүнгөн...
– Таласка келип жердеген,
Кыргызды келип элдеген,
Кылычынан кан тамып
Кыргында намыс бербеген.
– Канжарын жалаң байланып
Касташкан жоосун жалмаган.
Кармаша келген душманды
Кара койдой айдаган!..
Алтын айдар чок белбоо
Алмамбет деген эр ошо!..
– Анагы
Көк ала тулпар аты бар
Көк соот темир жамынган,
Кайраттанып үн салса
Какшалдын тоосу жаңырган.
– Караанын жоонун көргөндө
Кабыландай чамынган,
Качырып найза салганда
Кара кан суудай агылган,
– Чаалыгып күчү бошобой
Чалгындын жолун талашкан,
Кекенип жоого киргенде
Кем сайбаган Манастан.
Арстаным Чубак эр ошол!
– Кечээ
Көкөтөй кандын ашында
Көп болгон кызык укпаган,
Калмактын алпы Жолойго
Кармашып балбан чыкпаган.
– Калкымдан намыс кетет деп,
Кайгырган Манас кансырап,
Ачуусу келип кумсарып,
Алдында атын камчылап.
– Калдайып турган кыргызга
Кайрылып Манас сүйлөгөн,
Баркымды күлдөй учурбай
Балбанга түшөр ким? – деген.
Картайып жашы калса да,
Калк үчүн түшкөн балбанга,
Кайышып Жолой жыгылган
Капшырып абаң чалганда.
– Катаган деген эл менен,
Кара тоо башын жердеген,
Кыйлага даңкы угулуп,
Кыргыздан намыс бербеген.
Кырааным Кошой ал ошол!
– Тээтиги
Кенжекедей жары бар,
Желмаяндай малы бар,
Алдындагы чал куйрук
Асмандап учат жаныбар.
Тогуз уул кенжеси,
Тоо бүркүттөй келбети,
Көйкапта жатып тартканын
Көрбөгөн адам пендеси.
Жети жыл жердин астында
Желмогуз менен алышкан,
Жыландар арбап жатса да,
Жыгылган эмес намыстан.
Эр Төштүк деген дөө ошол!
– Тээтиги
Сүмбөсүндөй жарактын,
Сүйгүнчүгү Манастын,
Кундагындай жарактын.
Кубанычы Манастын.
– Кара калпак кийгени,
Кара тулпар мингени,
Кырк чоронун мыктысы
Кыран куштай тийгени.
Ардагым Сыргак ал ошол!
Кеңеши болгон Манастын,
Келбети болгон Таластын,
Акылы болгон Манастын,
Ардагы болгон Таластын.
Ак жоолуктун ичинен
Акылмандуу жан эле,
Келер ишти болжогон
Керемети бар эле...
– Атасынын төрүндө
Ак марал менен уктаган,
Узун чачтуу пендеден
Укмуштуу мындай чыкпаган.
– Абакең Манас өлгөндө,
Алыстан уста алдырган,
Айтылып элде калсын деп,
Ак күмбөз өзү салдырган.
– Уулу кыраан төрөлүп
Ууга бышкан жатыны,
Уламадай сөз тапкан
Ургачынын асылы.
Каныкей апаң тетиги!..
– Жазбай тартып атаны
Жалаң кылыч байлаган,
Кунун кууп Манастын
Коңурбай дөөнү жайлаган.
Ак шумкардай куш салган,
Айчүрөктөй кыз алган,
Семетей агаң келатат
Артында үлгү иш калган.
– Тээтиги
Керилген тоону ашкандар,
Кештелүү калпак жаш балдар,
Канчоро менен Күлчоро
Калкыман чыккан арстандар...
– Ак куунун үнү угулат
Асманды балам карачы,
Алтындай күнгө чагылган
Айчүрөк жеңең канаты.
– Анагы
Ак бараң мылтык асынып
Ак зоодон тике секирген,
Куугунду көрүп зар ыйлап
Куу эчки каргап өкүнгөн...
– Бел чечип үйдө жатпаган,
Мээлесе жаздым атпаган,
Кайберен менен кармашып
Казасы жеткен аскадан.
Кожожаш мерген ал болот!
– Адырлуу тоону арытып
Асынган келте жаш бараң,
Атасы өлгөн зоокадан
Аркы-терки аттаган.
Молдожаш деген шол болот.
– Туйгундай эркин желде өскөн,
Туулуп нойгут элде өскөн,
Алгыр куш салып жаа тартып,
Арытып далай жер кескен.
– Эркекче кийим кийинип,
Эркинче дуулап жыргаган,
Дарканы болуп журтунун
Тагдырга моюн сунбаган.
– Берендер менен беттешип,
Бел болгон элге көп жылы.
Качырган жоосун куткарбас,
Какшаал тоонун тунжуру.
Жай күнү төккөн мөндүрдөй,
Жаадырган огун жебенин,
Кагылам, салтын үйрөнгүн
Кабылан Жаңыл эжеңин!
Азапка башы чалынган
Аяйм деп кырчын Абылды,
Көк туйгун куштай эргиген!
Көрдүңбү эжең Жаңылды!
– Тээтиги
Кулундай сындуу аты бар
Кундуздай чачы кубулган,
Арстаны кыргыз кызынын
Атадан артык туулган...
– Кечээ
Кеңколдун бою түзөңгө
Кериле айыл конгондо,
Дубандын баары чогулуп
Дуулаган чоң той болгондо,
«Байгеден байтал чыкпайт», – деп
Басынтып Манас сүйлөгөн,
Көбүрүп суудай толкуду
Көрбөгөн мындай дүйнөдөн...
Кылчайып найза сундуруп
Кызыкты эжең баштамак,
Арага Чубак түшпөсө
Арстанды сайып таштамак.
Айтылуу Сайкал ал ошол!
– Уулдары түгүл кыргыздан
Ургаачы кыраан төрөлгөн,
Садагам, балам, үлгү алгын
Зардалым Сайкал эжеңден!
– Кадимден бери казатка
Качырып кирген элиң бар,
Уу болуп жоого чачылган
Ушундай укмуш тегиң бар,
Учуна чыгып душманды
Уйпалай турган эбиң бар!
– Алдыңан чыккан жыланга
Ажалдын чогун кызганба,
Кара чаар жолборстой
Кайрылып тийгин душманга,
Айбыгып тизе бүкпөгүн
Артыңдан сүрөр биз бар да!..
– Абакең Манас баатырдын
Арбагы барат сен менен,
Зардалым кыргыз калкынын
Салмагы барат сен менен!
– Кылчайып качпас кырк чоро
Кылычы барат сен менен,
Кызыкты салып душманга
Кырышы барат сен менен!
– Жылоодон алып жетелеп,
Жыгылсаң өйдө жөлөйүн,
Машыккан жайым бар эле
Майданга баштап жөнөйүн!..
Кан агып суудай оргуган,
Казатка бара жатасың,
Алакан жайдым, кулунум,
Арстандар берсин батасын!..
Карыя муну айтканда,
Калың журт гүлдөй кулпунат,
«Басынтып жоону жеңгин», – деп,
«Бактылуу болуп келгин», – деп
Батасын берди чуркурап...
Ак мөңгү эрип эзелки
Суумдан иче кечкин дейт,
Ачылган гүлдөр жүгүнүп,
Аралап терип өткүн дейт,
Кучагын жайып Ысык-Көл,
Салкындап түшө кеткин дейт.
Асмандап турган чокулар
Ар дайым чыга кеткин дейт,
Тоодогу булбул тил безеп,
Токтогун, уга кеткин дейт.
Токтогул сунуп комузун,
Толкутуп күүнү черткин дейт.
Алдыман чыгып бөбөктөр,
Агатай аман баргын дейт
Энелер айтып алкышын,
Эңишке сени салдым дейт,
Кулдукка бизди калтырбай
Куткарбай жоону сайгын дейт.
Башымды өйдө көтөрүп,
Бакайды таппайм издесем,
Алдымда буудан токулуу,
Алыска сапар жол кетем,
Өңүмдө көргөн иш экен
Үргүлөп жатып түш десем.
Кыздын канаты
Алыскы тоонун боорунда абышка кемпир болушат. Алардын эркелетип баккан Сырга деген жалгыз кызы болот. Сырга учкучтар мектебин бүткөрүп чыгат. Сырганын ата-энеси жайлоодо колхоздун малын баккан атактуу кишилерден болот.
Сырганын энеси катуу ооруга учурайт. Чек арадагы биздин аскерлердин командованиеси тезинен жардам сурап, борборго кабар кылат. Борбор самолёт жибермек болот. Бирок, учкучтардын эч кимисине алыскы тоонун арасы тааныш эмес, конуучу аянтчаны таап кону кыйын. Картаны караганда Сырга өзү төрөлүп өскөн жайлоо экенин билет. Ал жердин түзү, кыры Сыргага тааныш. Учууга Сырга суранат. Поэманын бул бөлүгүндө Сырганын жерине учуп барып, оору энесин ажалдан куткарып алгандыгы айтылган.
Асманда сызып баратып,
Алдына Cырга карады,
Жаштыкты өскөн тааныш жер,
Жазбастан баарын санады.
Көчкөндө жүктөр кулаган,
Кыяны Cырга тааныды.
Көгүчкөн салган көк жарга
Уяны Сырга тааныды.
Жыландай жаткан ийрилип,
Жолдорду Сырга тааныды.
Күүгүмгө чейин гүл терген,
Жондорду Сырга тааныды.
Жашынмак ойноп бекинген,
Таштарын Сырга тааныды.
Алдастап булак аскадан
Акканын Сырга тааныды.
Жашында ойноп жүргөн жер
Шаттыкка салды Сырганы.
Чабытта куштай айланып,
Шаңданып Сырга ырдады:
– «Жомокто ишти чын кылган,
Керемет менин заманым,
Ак кептер учуп жетпеген,
Асманда кетип барамын.
Кыбырап жүргөн жаныбар,
Кызыгып мага карагын.
Көк зоодон эргип чуркаган,
Кийиктер, мага карагын.
Көз жетпей көктө чиренген
Бийиктер, мага карагын,
Күнчүлүк жерге талбаган,
Күлүктөр, мага карагын.
Асылса душман бузалбас,
Аскадай таалай тургузган.
Алдынан чыкса калың жоо
Арстандай чапчып ыргыткан,
Алдейлеп мени өстүргөн,
Айланамын кыргыздан».
Салкындап соккон шамалга
Жайкалган жайдын тулаңы.
Жадырап гүлдөр ачылып,
Жайлоонун толгон убагы.
Булутсуз асман көгөрүп,
Толкунсуз көлдөй көрүнгөн.
Колхоздун айлы мемиреп,
Күн нуру көктөн төгүлгөн.
Күркүрөп жаткан дайранын
Кулагың тунат шарына.
Чар тарап толуп жайнаган,
Жайлып жаткан малына.
Айыл четинде өргөөнүн
Ичинде элдер топтолгон.
Кыңкыстап алсыз үн чыгат
Кыйналып жаны онтогон.
Оорунун башын жөлөгөн,
Карыя баткан кайгыга,
«Кантемин, эмне болом? – деп,
Кабарды салган айлына.
Кемпирдин кетип шайманы
Үзүлүп кете жаздады.
Алагар көзүн алайтып
Арманын айта баштады:
– «Карыганда төрөгөн
Сыргамды көрбөй өлөмбү?
Карыган өмүр жашарган
Жыргалды көрбөй өлөмбү?
Кагылайын эрмегим,
Эстесең боло энеңди?»
Айтканда кемпир бул сөзүн
Асмандан дабыш угушту,
Жашы дебей, карт дебей
Жабыла чуркап чыгышты.
Чагылат күнгө самолет,
Таңыркап карап турушту.
Күркүрөп чыккан үнүнө
Жайылып жаткан мал үрктү,
Кишинешип айгыр, бээ
Айлана чуркап тай үрктү.
Желедеги кулундар
Тыбырчылап туйлады.
Сайгак кууган эмедей
Чуркап барат уйлары.
Чырылдап торгой асманга
Көтөрүлүп ал учту,
Уя басып уктаган
Канаттуунун бары учту.
Уламдан улам жакындап,
Үнү кулак тундурду.
Илгерки тааныш жерине
Имерип келип кондурду.
Туш-туш жактан айылдан
Бары чуркап келатты.
Келин, кызы, кемпири
Чалы чуркап келатты.
Энтигишип жаш балдар
Дагы чуркап келатты.
Айласы жок оорудан
Кемпир калды туралбай,
Карыя да барбады
Кемпиринен чыгалбай.
Калган жандын бардыгы
Түп көтөрө келишти.
Тосуп чыккан алдынан
Эки киши көрүштү.
Көздөрүндө айнеги,
Башында бар тумагы,
Көп жыл көрүп жүрсө да
Таанышпады Сырганы.
Тууган элин көргөндө
Сүйүнүчү батпады.
«Мен Сырга» деп бек күлүп,
Тумакты алып таштады.
Кучакташып, өпкүлөп,
Курчап алды Сырганы
Курбу, курдаш, жеңелер
Кубангандан ыйлады.
«Ким ооруду мында?» – деп,
Сырга акырын сурады.
– Ооруп жаткан энекең
Кейибегин, чырагым.
Оору киши кайсы деп,
Кайдан билип сурадың?
Иреңи кетти кумсарып
Укканда тууган энени,
Аркасын кылчак карабай,
Айылга басып жөнөдү.
– Биздин үй кайсы, көрсөтчү,
Энемди барып өбөйүн.
Алдейлеп баккан апакем
Аманында көрөйүн.
Эшикти ачты бир келин,
Эңкейип кирди Сырга жан.
Ак сакалы жайкалып
Атасын көрдү ыйлаган.
– Айланайын атаке,
Алдыңда турган Сыргамын,
Сагынып келген кызыңды
Ый менен капа кылбагын.
– Чынбы, кулак укканы
Ата деген үнүңдү?
Кучактап алып Сырганы
Шолоктоп ыйлап сүйүндү.
Апасынын башынан
Муңайып Сырга жөлөдү.
Ким берилип сүйбөсүн
Көтөрүп баккан энени!..
– Актайын ак сүт карызыңды
Көзүңдү ачып сүйлөгүн.
Тилеги катсын өлүмдүн,
Жыргалын көргүн дүйнөнүн.
– Талыкшып жатпай, энеке,
Таанысаң боло балаңы!
«Энемдин жайы кантет?» – деп,
Доктурга Сырга карады.
Жүрөгүн тыңшап оорунун
Жылмайып доктур сүйлөдү:
Учалы азыр кечикпей
Муңайба, Сырга, жүр, – деди.
– Өлүмдөн алыс бул киши,
Куттуктап кармайм колуңду.
Өз колу менен энекең
Өткөрөт сенин тоюңду.
Бетинен нур чачырап
Толкундай Сырга кубанды.
Колуна алып энесин
Көтөрүп үйдөн чыгарды.
Жадырап күлүп баарысы
Жабыла калбай барышты,
Этият менен кемпирди
Самолётко салышты.
Күркүрөп мотор айланды
Тетигин Сырга басканда,
Ак шумкар эргип учкандай
Айланып чыкты асманга.
Көк зоонун башын кыдырып,
Көкөлөп Сырга жөнөдү.
Катуулап урган шамалга
Көздөрүн ачты энеси.
Асмандан көзүн айырбай
Карыя турду кубанып,
Калтырак басып сүйлөдү
Добушун катуу чыгарып:
– Айланайын калайык,
Абайлап дагы карачы.
Асмандап сызып бараткан
Ардагым Сырга канаты.
Талпынып куштай садага,
Таалайлуу кылдың атаңды.
Өкүнүч болбос дүйнөдө,
Өмүрүм кайра жашарды.
Канаттуу кылган адамды,
Учурган көккө баламды.
Кагылам ошол кишиден
Жасаган ушул заманды!
PDF форматында китепти көөчүрүү / Открыть текст в формате PDF (кырг. – русск. яз.)
СҮРӨТТӨР
© Бөкөнбаев Ж.
© Бөкөнбаев К., 2010
© КРСУ, 2010
Количество просмотров: 115091 |