Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Пасанова З., 2011. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 27-июну

Зинакан ПАСАҢОВА

Сыркеч жамгыр

Оштук калемгер, Кыргызстан жазуучулар Союзунун мүчөсү Зинакан Пасаңова 80-жылдардап бери проза жана поэзия жанрларында жараткан чыгармалары менен окурмандарга таанымал. Ал – «Аял сыры» (1998), «Кут түшкөн түндөр» (2006) прозалык жыйнактарынын, «Жамгыр тоодон башталалт» (2001) поэтикалык китебинин, «5 жыл» (2007), «Урушчаак каздар» (2008) аттуу балдарга арналган чыгармалардын жана «Академик Текенов» (2008) даректүү баяндын автору. Ырлар топтому 2001-жылы Ош облустук мамлекеттик администрациясы тарабынан белгиленген Жолон Мамытов атындагы сыйлыкка арзыган. З.Пасаңованын бул ырлар жыйнагында жаңы жазылган чыгармалары топтолгон.

Пасаңова Зинакан. Сыркеч жамгыр: ырлар. – Ош: 2011. – 60 б. китебинен алынды.

УДК-821
ББК 84 КИ 7-5
П-85
ISBN 9967-13-109-8
П 4702300200-04

 

Июнь. Ош. 427

(Ыр-реквием)

 

«Көз мончоктой көркөм эле Ош калаам…»

Көңүлүм суз, суктана албайм көркүңө,
Мени быйыл тааныбассың, Ысык-Көл.
Ата-Журтту майыштырган белинен,
Кандуу күндөр жүрөгүмдөн өчө элек.

Жылдагыдай сызгырса да июль ай,
Толкун ойноп, көлдүн суусу жылыбайт.
Ичтен кайнап, баса албастан толкунун,  
Кайгымды тең бөлүшкөндөй туюлат.

Оштон келдим ок атылып, өрт күйгөн,
Кара түтүн каптап турган көп күндөр.
Каран күн ай, кыяматың ушулбу,
Көмүлбөстөн жолдо жатса өлүктөр…

Көз мончоктой көркөм эле Ош калаам,
Көп улуттуу, «сен», «мен» дебей жашаган.
Куттуу шаарга бүлүк салып, ырк бузган,
Кайдан чыкты кара ниет кас-душман!

«Кетпе!» — дебе эрке кыял толкундар,
Силерден да артык көрөр Ошум бар.
Кымбаттыгын кыйын күндө кеч билдим,
Күтөт шаарым. Кош, толкундар, кошкула!

***

 

Ош шейиттери

Жараткан ай, шумдугун бул не деген?!
Көр казылса бир күндө жүз-жүздөгөн.
Аял-эркек бир чуңкурга көмүлсө,
Өз койнуна жер да кантип алды экен!

Кайгы жутуп, ыза өрттөйт көөдөндү,
Өлүмдүн суук мыкчып турса чеңгели.
Эриш-аркак эгиз элдер касташып,
Эмне болуп баратабыз биз деги?!

Таш бараңдан өлдү балтыр наристе,
Бычак жеди боюнда бар энелер.
Шейит кетти коргоп элдин намысын
Кыз сүйө элек кырчын улан, кыраан эр.

Шаар тунжурап кийип турат азаны,
Жашаганга жетпестей күч — кайраты.
Шейиттери Оштун баары чогулуп,
«Токтоткула!» — деп наалышып жатабы?

Изин суутуп өрт чыгарган өзөктөн,  
Азап тарткан баягы эле калың эл.
Ким кааласа ушул күндү кан күсөп,
Кунун алсын ал дүйнөдө шейиттер!

Улут бөлгөн өздөн чыккан жоо дешет,
Ким корсунуп, кимге дагы не жетпейт?!
Койнун ачып, элдин баарын тең көргөн,
Өгөйлөбөйт, баарыбызга кең Мекен.

 

«Кабыргам кайыштырып Ошко кайттым…»

Сөйкөмдүн бири түшүп көлдө калды,
«Кетпе!» деп толкун кыйбай жула качты.
Кайыр, кош! Кала турган учур эмес…
Кабыргам кайыштырып Ошко кайттым.

Бул шаарда мага жашоо буюрган соң,
Башына мүшкүл түшүп турган кезде,
Жанымды ала качуу –өлүмдөн оор,
Жаралып калганындай боор этимден.

Кадырын билбептирмин жайчылыкта,
Тагдырын ойлоп азыр түтөп күйөм.
Болсом да өзүм назик, аялуу жан,
Намысым тоодой экен жүрөгүмдө.

Амандык жеңет дешет жамандыкты,
Жүрөктүн акыр бир күн кетер тагы.
Жоготтук үч жүз токсон үч адамды ,
Биз үчүн бул турмуштун оор сабагы.

 Намыска туулуп калган эрлери бар.,
Кыргызым кыйын күндөн далай чыккан.
«Атаңды өлтүргөнгө энеңди бер»,-
Айкөлдүк мурас тутуп алмустактан.

Сөйкөмдүн бири түшсө көлгө мейли,
Сөйкөдөй кош кулакта эки элбиз.
Жарашып ордо шаарга, ыйык тоого,
Ынтымак жашайлы эми биргелешип!

2.07. 2010-жыл, Ысык-Көл – Ош

 

Мен

Көргөнгө мен – жөнөкөй көптүн бири,
Тырмышып тартып келем турмуш жүгүн.
Умтултат учкул кыял кыраан куштай,
Көңүлүм кайт болсо да кээ бир күнү.

Аздырбы, же жетиштүү жолду бастым,
Асыл ой, аруу максат-тилекти арзып.
Айтаарга сөз бериптир мага Теңир,
Ак жолум болбосо да дайыма ачык.

Оюнуна канып-канбай жаштык чактын,
Өзүмө өтө эрте милдет тактым:
Өмүрдүн бир кемтигин толтурчудай, же
өзгөртүп жиберчүдөй бүт бардыгын

Тооруса торун жайып көрпенделик,
Туткуну болгонум жок тепселенип.
Адамдык ар -намысты бийик койгон,
Азаптын азабын да келет жеңип.

Сүйүүдөн жолум болбой -бар арманым,
Аялдык жылдызым, чын, «жарк» жанбады.
Антсе да ашыктыкты ыйык тутуп,
Ага арнап ыр жазуудан эч танбадым.

Энелик бакыт деген не керемет!
Жеткирдим эки уулумду эресеге.
Эми экөө –асманга учсам кош канатым,
Кош тирек – эгер башым көккө жетсе.

Алыска чыкканым жок Ата Журттан
Эңсебейм бейишин да бөтөн жактын.
Жетээрлик эгер сүйсөң өмүр бою,
Жер гүлүн мурас кылган аталарым.

Мен жолго түшкөм эчак кайра кайткыс,
Жүрөгүм толо максат, ойлор асыл.
Тагдырым оомал-төкмөл оор болсо да,
Миң шүгүр, эл алдында жүзүм жарык.

 

Сыркеч жамгыр

Жан билбеген жабык сырым ачуудай,
Жаап кирди жамгыр күчөп катуулап.
Жаанды сүйчү сенин айтып кабарың,
«Тырс-тырс» урат тереземди тамчылар.

Сен да тыңшап тургандыр деп шыбырын,
Жаным жыргап уктум жамгырдын ырын.
Көз ачырбай көнөктөгөн нөшөрдөй,
Менин да бар төгүп салаар көп сырым.

Уяң жаштык кимдин баштан өтпөгөн,
Ууз сезимдер ушул күнчө өчпөгөн.
Кыз каадасын улук коюп баарынан,
Күйдүм чокко күнөөсү жок өрттөнгөм.

Түнү бою шоокум салып тынбаган,
Жамгыр, жамгыр! Сүйүү ырын ырдаган…
Сүйүктүүмө жетпей калган мага окшоп,
Сенде дагы бар окшойбу бир арман.

Төкчү, жамгыр! Кумар канбай тыңшайын,
Мага өзүңдөй сыркеч болор ким дагын?
Сан жомогун бир өзүңө айткым бар,  
жалгыз өткөн жарыгы жок жылдардын…
Сүйбөй өткөн жылуусу аз жылдардын…

 

Кышкы ойлор

Кыш чилдеси. Жааган улуу кар.
Жагат мага ушул тазалык.
Маанай күтүп кардай апаппак,
Жашагым бар дайым тазарып.

Барпайышат аппак гүлгө окшоп,
Бубак баскан түркүн дарактар.
Кар алдында калды көп ойлор,
Көкөйүмө тийип бараткан.

Турмушуң кур, кээде чилдедей,
Сөөктү тепчип ызгаар-бурганак.
Сылабады эч бир чекемден,
Сыноосунан өттүм бир далай.

Көңүлдө от, жеңет кыш суугун,
Кут төгүлгөн кезим. Көөнүм ток.
Медер тутаар жарым бар туруп,
Мүңкүрөөгө эч бир жөнүм жок.

Айың кеппи?! Эрөөн албаймын,
Өзүмдүн да суук сөзүм жок.
Ардактаарга турса балдарым,
Арман кылбайм. Ага жөнүм жок.

Жагат мага жааса улуу кар,
Жаш баладай малтап кечким бар.
Жан дүйнөмдү дайым жаңылап,
Жөпжөнөкөй жашап өткүм бар.

 

Чынгыз Айтматовго

10.06.2008ж.

Жараткандын бул буйругу шумдуктуу,
Кара жерге кантип кыйды Чынгызды!?
Миң жылдарда туула турган бир жолу,
Мыкты уулунан айрыды го кыргызды.

Көрүшпөдүм, бирок көрдүм жакыным.
Жүрөгүмө жетип турчу акылы.
Олуядай ою тере-ең сөзү айтчу,
Асылы эле адамдардын, асылы!

Акыл-ою чалкып жаткан көл эле,
Даанышмандык андан бетер төп эле.
«Атыңды бил! Тегиңди бил!» — деп өттү,
Маңкурттукту ыраа көрбөй элине.

Бүт өмүрүн аруулукка арнады,
Жан дүйнөнү тазартуудан талбады.
«Адам уулу Адам болгун!»— деп турат,
Айтматовдун ар бир китеп каарманы.

Тирүүлүктү кор тутабыз көп пенде,
Өлбөстүктү берген аздын энчине.
Өлбөйт, Чынгыз! Классикке айланып,
Бүт дүйнөлүк адабият кенчинде.

 

Тилек

Башы көккө жете түшөт энеңдин,
«Багам,-десең,— Сизди колго көтөрүп».
Бар бол, уулум! Кудай берсин тилегиң,
Ошол күнгө аман-эсен жетелик.

Эр жигитке эне багуу кеп бекен,
Бир тиргилик өтөөр тоюп, ач калып.
Энем десең элге коргон болуп бер,
Ошол мени колго салып бакканың.

Калайык калк жүдөп турган кезинде,
Хан сарайда жашаганың эп дебейм.
Пейил күтүп, бей-бечараны жерисең,
Мен төрөгөн азамат уул Сен! дебейм.

«Майда эл» деген кирбе душман кебине,
Намысы курч, көк жал улуу бар журтуң.
«Кыргыз» деген атты бизге жеткирген,
Тилин сактап, жерин сактап үч миң жыл.

Ак калпакты алчыланта кий, уулум!
Мекен үчүн кош билекти түр, уулум,
Баба салты, бай мурасы коштогон,
Үч миң жылдык тарыхың бар, бил уулум!

 

Арыба, жүрөк!

Жүрөгүм кийинки кез ойго салат,
Бузулуп ыргагынан албуут кагат.
Акактай таза жашап өтөмүн деп,
Арытып алдым бекен, атаганат!

Ишенчээк мүнөз күтүп жаш баладай,
Бардыгын өздөй көрүүм эч калбады ай!
Айыпсыз шагым сынып, маанай чөксө
Жүрөгүм тилинди го далба –далба.

Бошоңмун кайгысына башкалардын,
Күйүтүн жоготуунун мен да тарттым:
Жүрөгүм көтөрө албай тең бөлүнүп,  
Сөгүлүп миң жеринен кабыргамдын.

Эркиндик эңсеп туйлайт сезимдерим,
Эс-акыл кылалбастан кээде ээлик,
Эргисем… турмуш тороп жолдон чыгат,
Жүрөгүм эрксиз кайра кишенделип.

Жеңилби бир өмүрдүн жүгүн артыш,
Жешилээр акыры бир күн жүрөк байкуш.
Жайынча жашай албас мендей жанга,
Жүрөгүм, түтө билген сага алкыш!

Арыса арыгандыр солгун тартып,
А бирок, баары билет карыбасын.
Согуудан калганыңча бырыш түшпөй,
Сүйүүдөн танбай өткөн сага таазим!

 

© Пасаңова З., 2011. Бардык укуктар корголгон

 


Количество просмотров: 3220