Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Төрөкан Мискен, 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 9-июну

Төрөкан Мискен

Назима

(Повесть)

Повесттин башкы кейипкери Назима шаарга жаңы келгенде укмуштуу окуялуу, татаал күндөрдү баштан кечирет. Чечкиндүүлүк, темирдей эрк, чынчылдык гана ага кыл үстүндө турган өмүрүн сактап калууга, кыйынчылыкка коркпой каршы туруп, жеңип чыгууга жардам берет...

Мискен Төрөкан. Назима. – Б.: 2011. – 144 б. китебинен алынды.

 

I

Барып-келип, жолго чыгууга баары даяр болду. Буюм-тайымга толо эки жол сомке ийин тирешип, залдагы жүк жыйылган сандыктарга жанаша турат. Капталында Nike деген белгиси бар сомкенин сырты көгүш келип, кыйгач түшкөн кызыл тилкелери бар. Бул сомкеге көбүнесе өзүнүн жайкы кийми салынган. Фирма белгиси бир туруп хоккей таякчасын элестетсе, бир туруп кыял толкундарында калкыган узун куйрук өрдөк өңдөнүп кетет. Анан калса, сол беткейи бар, бирок оң беткейи жок көк мелжиген элкин тоого да окшошуп кетеби, кандай? Бул урунулган, арка жана ийин тасмалары жок, түсү аяптоор оңгон эскирээк сомке эле, бирок тасмалардын темир төңөлүктөрү дале өз ордунда экен. Аны айыл арасынан сиңдиси Аида издеп таап келген. Назиманын туугандары сомкени сат дешсе, ээси чалкасынан кетти. Ал эски буюмду сатып, пайда тапканды ыксыз көрүп, анчейин кармата салмак болду. Бирок Назима жаат сомке бошоду дегиче ээсине кайтармак, эгер кокус жоготуп алышса, ордуна жаңысын сатып бермек болушту. Сомке ээсинин бул сунушка макул болуудан башка аргасы калбады.

Апасы райборбордон сатып алган экинчи сомкеде кынтык жок: кол жана ийин тасмалары өз ордунда, колго көтөрөм дейсиңби, же жанагы спортчуларга окшоп, бир ийинге илип алам дейсиңби, же артындагы кош тасмасын эки ийинге илип, мектеп сомкесиндей жонго көтөрүп алам дейсиңби, өз эркиң. Каптал чөнтөктөрү, ички кат-кат тосмолору толгон-токой, баары сыдырмалуу, бирөө тургай эки сыдырма салынгандары да бар. Белгиси Adidas, сырты көк ала, Nike'тан биртике чаканыраак. Адеп ал буюмдарын ушул сомкеге шыкады, бирок ага оокатынын теңи да батпай калды. Аны көргөн апасынын заманасы куурула түштү. Ал дүкөн кыдырып жүргөндө сомке көзүнө чоң эле көрүнгөнүн айтып, көп чыйпылыктады. Эми минтип бир баштыктын айынан эл караган бети жер карап калса, неси эп? Ошондо Аида айыл аралап кетип, Nike'ты жок жерден таап келген.

Калган кийим-кече, самын, суусамын, тиш жуугуч сыкма, тиш щетка сыңары майда-бараттар ушул сомкеден орун алды. Буларды ал адегенде сиңдиси Аидага таштап, шаардан кутусу бузула элек жаңыларын сатып алмак болгон, бирок анда шаардыктар аны тиш жууганды биле элек жапайы элеттик да, эми мында келип, адам боло баштаган тура деп ойлоп калышмак.

Алардан тышкары, апасы Гүлиза эжесине аманаттаган оокат-аш да ушул сомкеде. Кыз оболу ошол эжесиникинде убактылуу жашай турмак. Эки даана чучук, бир пакет курут, азыноолак сүрсүгөн кой эти, эки желим шишеде үч литр кымыз. Алардын ичинде институтка өтүү сынагына керек эки окуу китеби да бар. Ал эми бул сомкедеги эң мукум оокат – чоң таңгак акча эле, анын теңи өзүнүкү, калганы – классташы Бердибектин апасы шаардагы уулуна аманаттаган дасмия. Ошентип, бул сомке чакан болсо да, чоңунан кыйла салмактуу чыкты. Арийне, бул акчадан улам эмес экени айтпаса да белгилүү.

Кыз адегенде чоочун кишилердин акчасын алгысы келбеди, бирок жүрө-бара макул болду. Анын үстүнө, Бердибектин апасы акчаны ага табыштамак болгондо, кызды үйүнө чакырып, колунда барын дасторконго коюп, барпаңдап жатты. Эттин жогуна бушайман боло, кызга атайлап картөшкө булап берди. Ал бул акчаны адеп Макебайдын уулу Элеманга аманаттагысы келгенин айтты. Ал ушул тапта айылга келип, кайра аз күндө шаарга кайтмак ойдо жүрүптүр. Колуктусу, шаардык кыз, азыр аны менен кошо мында келген өңдүү. Жакында экөө үйлөнүп, шаарда той беришет имиш. Жигит колуктусун ата-энеси менен тааныштырганы алып келиптир. Бирок жөн жүрбөгөн неме айылдан бодо мал жүктөп, шаарга алпарып сатат имиш деген сөз да жетип жатты элге.

– Акчаны ага берерин го бересиң, бирок анын кайра колуңа тиери эки анжы. Аны Элекең ошол замат жумшайт, коротот. Ал азыр да көчөмө-көчө кыдырып, арзан мал издеп жүрөт дешти. Мында алганын шаарда эки эсе кымбатка сатат. Аны менен токтоп калса кана, анан дагы бирдеме сатып ала коёт, ошентип, колундагы акчасы айлампага түшкөн чамындыдай чимирилди да, кетти. Анан кантип акчаңы андан өндүрүп аласың?.. – деди улгайган аял. – Анын жанында сен, албетте, башка кеп. Ушул ишке бир жарап бер. Бердибек келмек эле, бирок зарыл иши чыгып калды өңдөнөт, келе албадым деп айттырып ийиптир. Эми кышка жакын келем дейт, бирок азыр акчага муктаж экен. Тапканымды түйүп берип жатам ошого.

Назима анын карый түшкөнүн байкады. Жоолугунан астынан ак аралаш суйдаң чачтары баёо баш багат, чекесин майда бырыш тордогон. Анын кебин угуп жатып, кыз өз апасын эстеди. Ал да соңку кезде мурдагыдан чөгө түшкөндөй. Бердибектин апасынан жаш, бирок бат карып баратабы, кандай. Эки ууртундагы бырыштары да мурдагыдан даана, таасын көрүнөт. Кантсин, атасынын өлүмүнөн улам ушинтип калды да, байкуш…

– Азыр жаштар шаар деп эле энтелешет, – деп кошумчалады Бердибектин апасы, – шаарга барса эле чекеси торсуктай болуп кете тургансып. Ырас, алар үчүн мында жумуш тургай, анын жыты да жок. Эл минтип итке минип отурса, кайдагы жумуш? Шаарды көздөгөндөр ал жакка байыйм деген үмүттө кетишет. Күндөрдүн биринде байлыкка тунуп, ак боз ат минип, кайра келем деп ойлошот. Кудай багын ачып, байып кеткендери да болот дечи. Бирок алардын да артка кайра келем деген ою демейде таш кабат. Акчаң барда шаарда жашоо деле жаман эмес да. Тапканыңды бир мекемеге же банкеге салып кой да, курсакты сылап жата бер. Аныңды кудай өзөгүнөн жалгап, өзүнөн өзү арбый берет. Мында болсо, акчаң менен деле тапканың ошол ит азап. Көргөн-билгениң мал, ага болсо, жыл он эки ай көз керек.

Назима ичинен таң калганы – бул жөнөкөй айыл аялынын акылга каныктыгы, оголе баамчылдыгы. Албетте, ал илгери мугалим болуп иштеген, сабаттуу жан. Назиманын мектепти бүткөнүнө аз эле болду, карысы бар, жашы бар дегендей, мугалим аттуу кудая шүкүр эле, бирок бул кишидей эстүү жан саналуу.

– Билем, сага менин уулум жагат, – деди ал анан. – Ал да сени жакшы көрөт. Бизге койсо, экөөң үйлөнүп алып, түтүн булатып кетсеңер кана. Жердин жети түбүнө кетпей эле, ушунда, ата-энеңердин көз алдында өсүп-өнсөңөр. Балдарыңар да чоң ата-чоң энесин караан тутуп эсеймек. Мунун эмнеси эрээн? Бул тээ алмустактан келаткан каада. Жок, силерге шаар эле керек. Ал жерде го, ар ким өзүн өзү билет. Кээ бири мээнет кылып байыгысы келсе, дагы бири – акча дегенде өңгөнү тебелеп-тепсөөдөн таюу тартпайт. Кээ бирөө бай күйөөнү эңсесе, алда кими бай колуктуну шынаарлайт. Барып-келип эле максаты – бат байып кетүү. Шаар жашоосу жаштарды шайтандай азгырат, туура жолдон аздырат.

– Жаштардын баары эле сиз айткандай эместир, – деди Назима, кемпирдин уулу жаны өзү жөнүндө айтканына биртике уяла түшүп.

– Баарыбы, баары эмеспи, айырмасы канча? Кетиштиби, – артка жол жок. Алда бирөө мында карып, өлөрүнө аз калганда гана кайтышат. Ошондо гана алар шаардан кетүүгө батынышат, негедир шаарда өлгүсү келбейт эч кимисинин. Тууган жердин тузу тартат деген ушул да. Кара жер ылгабайт, өлгөндүн баары ага бирдей. Элине кайткандын көбү тапкан акчасына кан сарай кура башташат. Алда бири мээнетинин үзүрүн көрүүгө үлгүрүшсө, калганына ал да жок. Бул каада дагы канча уланат, так айталбайм, бирок менин көзүм тирүүдө солк эте койбос. Жерибиздин берекеси учуп баратат. Анын сырттандары четте. Алардан бери дегенде өзү жашап, чекеси жылыбаган кан сарай гана калат. Өзүнө буйрубаган үй өңгөгө буйрумакпы, өзүнө жукпаган оокат башкага жукмакпы. Көрүп-билип эле жүрөбүз, жада калса, өз тукумуна да насип болбойт анысы. Аңгыраган айылды болсо, эми чоң бир карылар үйү деп койсо да болот.

Назима унчукпады. Чоң эненин айтканы чын, антсе да азыркы жашоонун оп тарткан арышына бөгөт бере алар башка кудурет күч табыла койбос. Бул да тээ алмустактан келаткан каада. Мына ал өзү да эртең жол жүргөнү турат. Өмүр учугу кай жерде түгөнөт, айталбайт. Бирок ал учук бул айылда эмес экенине анын ыйманы кепил. Турмуш ыгы ошондой. Демек, мындан ары ал өз айлы үчүн конок укугуна гана ээ. Кыргыздар кыз бүлөнү деле жеринен конок санашат. Турмушка чыккыча ал аманат конок, анан ата-энеси аны анык ээсине – күйөөсүнө табыштап бериши абзел. Андан соң кыз ата үйүнүн босогосун кайра ардактуу, сүйгүнчүктүү конок болуп аттайт. Назима, азыр өзүн кыз туруп, үйүнөн, айлынан биротоло кетип бараткандай сезет. Бул кордук эмей, эмине?.. Ойлоп-ойлоп, өзү да жашып кетет. Бул анын жеке турмушундагы чоң ашуу, ал ашуудан кийинки жашоосуна жол ачылат.

Бул жайда Бердибек айылга келбеди. Демек, келип ата-энесин көрүүгө чолосу болбой калса, анда аны тушап турган бир илинчек бар. Оболу ал Астанага жумушка кетти деген сөз жеткен айылга, бирок ал жактан көп өтпөй кайра келиптир. Азыр шаардагы бир курулушта имиш. Демек, анын деле азыр көптүн бириндей аягы сай таппай, бозуп жүргөн кези белем.

Бирок ал эмне үчүн акчага муктаж боло калды экен? Ата-энесине акча жибергендин ордуна, кайра акча сураганы не жорук? Өзү иштеп жүрсө, тапканы бир башына жетпейби? Кантсе да, бул башка жанга туюк нерсенин түйүнү Бердибектин өзүнө, кала берсе, бир кудайга маалым. Ыгы келсе, сурап билер.

Ал экөөсүнүн бири бирине чырайы оң экенин апасы бекер жеринен кулак кагыш кылып жаткан жери жок. Кыз Бердибекти тырмактайынан билет. Бери келе, ал өзү жигиттин сынына толдум го жоручу. Азыр минтип ойлобой калды. Аны бир жылдан бери көрө элек. Кышында ал айылга бир келип кеткен. Экөө бири бирин издешкен жок. Анан ал шаарга кетти, кыз айылда калды. Азыр ал экөө аалам мейкининде ээн калган ажырым эки жылдыздай бири биринен көз жеткис ыраакта эле.

Балким, ал азыр башка кыз менен жүрүп кеткендир. Тигине, Элемандын шаарга кеткенине бир жыл толо элек, айылга байдын кызын жетелеп келди. Эмне, ошончо эле Бердибек Элемандан кем жаралган жан беле? Жок, керек десе Элеман Бердибектин чаңына да илешпейт. Антсе да, азыркы Бердибек деле илгерки Бердибек эместир. Анын апасы айткандай, шаардагы жашоо азыр кимди болсо да тотуча токсон кубултар.

Кагаз акчаны чогултушканда, майда-чүйдөсү арбын аяптоор чоң таңгак болду. Жаңысы, эскиси аралаш, бирок эреже катары эски, бырышкан, тамтыгы чыккандары басымдуу. Булар өзүнүн алгачкы шуудурун, жыпар жытын, жылт-жултун жоготконуна көп болгон. Акча тунук целлофанга оролуп, ак акрил жип менен бекем таңылды. Кыз адеп аны кол сомкесине салмак болду. Бирок бери келе, керегин кол сомкеге алып, калганын кичи сомкеге катууну чечти. Антпесе, кол сомкеден керек болгон учурда күзгү, тарак сыңары майда буюм-тайым алмак болсоң да, таңгак колуңа илээшип, беймаза кылгыдай. Анан калса, чоң таңгак кичине сомкенин кеминде теңин ээлеп жүдөтмөк. Тиги сомкеде ал суук көздөн да далдада болот.

Мында, элет жеринде, майда акча көп жумшалат. Азыр да түзүк, мындан он-он эки жылдай илгери, азыркы акча жаңы чыкканда, чоң акча тургай, майда акча да көзгө сүртүүгө дары болгон. Акча дегенди көзү менен көрүп, колу менен кармагандар саналуу эле.

Баамдаса, колундагы жыйырма миң акча беш жүздүктөрдөн кырк кагаз менен чогулат экен. Миң сомдуктардан жыйырма даана керек болот окшойт. Жүз долларлыктар менен бул таңгакка беш эле кагаз берет дешти билгендер. Ырас, долларды ал өзү эмкиче түшүндө да көрө элек. Укканы да. Бар дасмиянын теңи өзүнүкү, калганы – Бердибектин апасыныкы.

Назиманын институтка өтмөк ою бар. Андан башка эмне кылмак? Иштейин десе, билген кесиби жок. Кесиби болгон күндө да, айылда кай жумуш? Элдин көргөн-бакканы мал, бирин-серин жеке менчик малы. Мектепти былтыр Бердибек, Элемандар менен бирге бүтүргөн. Окуусу жаман эмес эле. Былтыр эле окууга өтөйүн деген, бирок жокчулук кол-бутту тушап, ага жол бербеди. Атасы мурдагы жылы каза болуп, былтыр анын ашын беришкен. Нак акчасы барбы, малы барбы, апасы ошол аш деп жүрүп, бүт жылас кылды. Эми мал короо аңгырап ээн турат.

Элемандын карындашы чымын-куюн болуп чуркап келгенде, ал сапарга жүрчү саатты акыйып күтүүдө эле. Кудай буюрса, эртең, таң сүрө жолдо болот.

– Шаарга баратсаңыз, байкем сизди макул болсо өзүм менен ала кетейин деди. Алар жеңем экөөсү эле. Сизден акча албайм деди.

– Ал качан кеткени жатат?

– Бүрсүгүнү.

– Мен эртең жөнөйм. Демек, жолубуз эки анжы. Бирок баары бир байкеңе ыракмат деп кой.

Негедир Назиманын Элеман менен кеткиси келбеди. Колуктусу көлөкөдөй ээрчип жүрсө, ортого кыпчылып не бар? Мектепте экенде, Элеман анын артынан көп акмалаган. Азыр алардын арасы ажырым: Элеман шаарда, кыз мында. Элеман азыр шаарда эмне иш менен алек экенин өзүнөн башка эч ким билбейт. Бири окуйт десе, бири иштейт дейт. Сырттан окууга өткөн дегендер да бар. Көбүнчө алып-сатуу менен алек имиш. Илгери аларды кызыл кулак дешчү эле деп калат апасы. Дагы бир аты чайкоочу имиш. Апасынын сөзүн баамдаса, эл илгери чайкоочусу болобу, кызыл кулагы болобу, көп жактыра берчү эмес окшойт. Анан тагдырдын тамашасын көрүп ал: чоң мамлекет ыдырап, башка каран күн түшкөндө эсил кайран эл өмүрү кылбаган кесиби – соодага күнү түшүп калбадыбы. Ал жашоонун бир четин Назима өзү да көрүп калды. Ушул эле облустун борбору көчө четин бербей, алуучудан сатуучу көп болгон элден бака-шака түшүп жатып калбадыбы. Ошол соода жан сактатты элди. Соода деп тиги жердин жети түбүнө чейин тентип кетишпедиби. Эми болсо, ким ушуну кесип кылып байып кетсе, мөөрөй ошонуку.

Элемандын да иши илгерилеп, багы ачылган дешет. Чириген бай болбосо да, мында минип келген машинесин өзү тапкан акчага сатып алыптыр. Колуктусунун атасы капчыгы калың неме дешет. Үйлөнүү тою шаардагы айтылуу ресторандардын биринде өтөт, ал дүңгүрөгөн чоң маараке болот деп күтүлүүдө дешет. Анан эмнеге аны менен бирге кеткиси келип калды экен? Жөн эле эскини эстеп, чер жаза бир сүйлөшсөкпү деген ойдо айтты окшойт мунусун, болду-болбоду...

 

II

Кара көгүш микроавтобус Mercedes облус борборунан чыкканда таң небак сүрүп калган. Жүргүнчүлөр көбүнчө, Назима сыңары эле, шаарга окууга өткөнү баратышкан жаш өспүрүмдөр эле. Алар бүгүн таң супа салалекте уйкудан турушуп, аптап күчөй электе таңкы каттам менен шаарга эртерээк жетип алмак ойдо чыгышкан.

Күбүр-шыбыр аз, көбүнүн көзү уйкудан ачыла элек. Ар ким орду-ордунда өз билгени менен алек: бири терезеден сыртка көз салса, дагы бири алдыдагы жолду тиктейт, жана бирөө башын ылдый салып, ойго чөмүп отурат. Ичинде кайра үргүлөй баштагандары бар.

Жол ойлуу-кырдуу, бир туруп эңкейиштесе, бир туруп өр талашып, өйдө тырмышат. Бул жерде бийиктик эки миң метр деңгээлде болуп, Долондун чокусунда үч миң метрди чапчыйт, анан Ысык-Көлгө жеткенде бир миң алты жүз метрге кайра ылдый түшөт, андан ары эңиштөө дагы уланып, жол аягында сегиз жүз метрге жетет. Кыз мунун баарын мектепте, география сабагында эсине сактап калган. География мугалими ошондо бийиктиктин жол бойлоп өзгөрүшүн тактайга чийгенде, ал көк чапчыган жалкы тоого окшошуп калганы да эсинде. Бул сабактан кыздын зээни курч эле, мугалими аны көп мактачу, окууга экономика жаатына өт деп кеңеш берчү. Кыз ичинен мугалим менен макул болсо да, көрүнөө унчукчу эмес. Анткени кийинки кезде экономист, юрист дегендер иттин кара капталынан болуп, көбөйүп кеткенинен анын кабары бар. Кесип тандоодо ал дале олку-солку, бирок ичтей «Аэросүрөт» адистигине ык койчу. Сурамжыласа, бул кесип боюнча даярдоочу окуу жайы өлкөдө жок болуп чыкты. Эми ал окууга инженер-геодезист кесиби боюнча тапшырмакка ниеттенип турган.

Анткени, мектепте жүргөндө геология боюнча алда бир китепче колуна илинип, ушул кесип жөнүндө азыноолак маалымат алган. Кесиптин маңызы – жердин ой-кырын, түрү-түсүн, анын кыртыш сырларын үйрөнүүдө экен. Сырын билсең, дилин билесиң дегендей, тоолордун сыры терең, ага бүт өмүрүңдү жумшасаң да аз.

Бул жөнүндө апасына ооз ачканда, тигинин чеке териси тырыша түштү.

– Аял кишиге ылайык кесип деген түркүн-түмөн, а сенин тандаганың – эркек кишинин кесиби. Кош, окуп бүтүп, дипломуңду алдың дейли. Андан ары эмне? Азыр кесиптүү адис тургай, деле аял-эркеги дебей эл мүлдө жумушсуз. Сен анда кантмексиң?

Апасы ага көбүнчө өз эжеси Гүлизаны өрнөк кылчу. Башка айыл кыздарындай эле, ал да жапжаш кезинде шаарга кеткен. Антсе да, башкалардай ар нерсеге чарпылбай, турмуштан өз ордун тапты. Үстүндө үйү, астында машинеси, жыл сайын үй-бүлөсү менен Ысык-Көлдө эс алат. Жумушу деле жупунудай сезилет, – алда бир мекемеде эсепчи имиш, – бирок жалыйнасы он миңди чапчыйт дейт, оңой бекен? Күйөөсүн айтпай эле кой, алда бир министрликте чоң кызматта, маянасы зайыбыныкынан да эки эсе арбын.

Назима анын сөзүн бузбай укканы менен, жооп кайтарчу эмес. Бир эсептен апасынын сөзүнүн да жүйөөсү бар, азыркы күндө өзүңө жаккан жумуш издебей эле, жан багуунун айласын кылган эп. Замандын арааны жаман. Айылда аты жумуш болсо эле болду, ылгабай баса калышат. Кичинекей кезинде арзыбаган жүз сом үчүн кишини өлтүрүп кетишкенин укканда, апасынын үрөйү учуп, жакасын кармаганына өзү далай күбө болгон. Азыр мындай учурлар азайгандай болду, бирок акча үчүн жан кыюу дале тыйыла элек. Мындай жоруктун мүлдө жоголушу да арсар окшойт, айыл карыялары азыркы кишилер келе-келе таш боор, ырайымсыз болуп кетишти деп жатышпайбы. Германия менен согуш кезинде, өзү ачка болсо да, жакыны менен бир сындырым нанын тең бөлүшчү эле деп калышат алар.

Ошол согуш кезинде болгон бир окуяны Назима атасы тирүү кезинде анын өз оозунан уккан жайы бар. Оорукта калган кишилер, көбүнчө карылар менен балдар, чөп чабыкта иштеп жүргөн кези экен. Буудай, арпа быша элек, бышса да жаңы түшүм чыпчыргасы коробой түгөл майданга кетет. Ооруктагылар да тирүү жан, аларга да нан керек. Бир чымчым нан кайдан тапсам деп акыйып, баарынын эки көзү төрт. Күнүгө тапкан-ташыганын талаага көтөрүнүп келишип, бир дасторкондон даам сызышат.

Ошол күндөрдүн биринде бир жаш аял түшкү чай учурунда жылкы теппей, жылан чакпай туруп, алдындагы нанга түкүрүп салыптыр. Кишилер адеп ага таң кала карашып, уяткармак, тыймак болушуптур. Тигил бир оокумга унчукпай калып, анан болор иш болду дегенби, айтор, шилекейи жеткен нандын баарына жаба түкүрө бериптир. Жанындагы эл аны жапырт тилдеп-сөгүп, эркектери наалатын, аялдары каргышын жаадырып, ордунан туруп кетишиптир. Дасторкон четинде үңкүйүп жалгыз калган аял, бир оокумга унчукпай отуруп, анан ботодой боздоп, бир эчкирип алды дечү эле атасы ыраматылык. Акыры аял бар нанды чогултуп алып, жумушун таштап, үйүнө кете бериптир.

Ошол күнү бул шерменде ишке күбө болгон дагы бир жаш аялдын үйүндө эмчектеги баласы көтөрөм болуп, чарчап калыптыр. Кайгыдан уу жуткан аял баламы өзөртүп өлтүрдү деп, кинени өзүн ачка калтырган берки аялга коюптур да, өч алмакка жулунуп, анын үйүн көздөй жөнөптүр. Обол андан кантип өч аларын өзү да билбеген өңдүү. Чачын жулуп, бетин тытмак, бирок ошентсе эле өлгөн баласын кайра тирилтип алмак беле? Айтор, күүгүм чалышта ал берки аялдын терезе тушуна келиптир. Кылчайып караса, тигил аял балдарына тамак берип отуруптур. Балдары чиедей жаш, баш-аягы беш жан. Ортодо бир бурда нан, балдардын көзү ошондо. Аларга четтен көз салып отурган чоң энеси жашып, көз жашын жоолугунун учу менен сүртүп коёт дейт. Тигил аял ошол бир сындырым нанды тең экиге бөлүп, кенже эки уулуна бериптир. Анда эң улуусунан башка берки экөөсү да кемшеңдеп кирген имиш. Муну көргөн берки аял көзүнө жаш алып, бурулуп артына басып кете бериптир.

Эртеси ошол нанга түкүргөн аялды эл өз тобуна кошпой, өгөйлөп калышыптыр. Ал обочодо, жеке өзү даам сызууга мажбур болгон дечү атасы. Баласы өлгөн аял көпчүлүк менен чогуу болсо да, ичкени ириң болуп, жаны жай таппаптыр. Анан туруп, дасторкондон өз энчисин алып, берки аялды көздөй жөнөптүр. Балким, аны жубатар сөзү, аны менен бөлүшөр муңу болгондур. Ошентип, ал экөөсү бара-жүрө кыйышпас дос болуп, бир нанды тең бөлүп жеп жүрүштү деген эле атасы ошондо.

Назима атасынан ошол аял азыр кайда деп сураганда, ал:

– Согуштан соң, ал Чүйгө көчүп кеткен. Эл оозунан жулуп алган ырыскы акыры ага жукпаптыр дешти: күйөөсү согуштан кайтпай, кырсыктап жүрүп, өлүм-житимден эки эле баласы тирүү калган окшойт. Айылдыктардын бирин-экиси аны ылдыйда жакында эле көргөн сыңары.

Бул кепти эстеген сайын Назима ошол окуя азыр жүз берсе, акыры эмне менен бүтмөк деген соболду өзүнө койчу. Кудай акы, оболу нанга түкүргөн аялды киши жегичтердей тытып жешмек, анан калгандары бири бирин жыра тартышып, будаланып жатып калышмак. Жапайылыкпы? Болсо болор, бирок бул ачуу чындык.

– Чоң кыз, сиз кайда барасыз? – деп сурады кимдир бирөө Назиманын арт жагынан.

Кыз кылчайып карады. Ага суроо узаткан сүйрү бет, шыргыйдай узун, кепка кийген муруттуу жигит экен. Кебете-кейпи жаңы канат каккан мектеп түлөгүнө окшобойт.

– Сиз кайда барсаңыз, мен да ошондо барам, – деди Назима, андан жүзүн бура берип.

– Эң туура чечим, – деди тиги, кыз кулагына башын такай эңкейип. – Мени менен болсоңуз, кор болбойсуз. Сизди мен чекеге черттирбейм.

Анын таанышуу ниетиндеги бул олдоксон жоругуна Назима ууртунан жылмайып койду.

Машине бир калыпта өр таянып баратты. Таң салкыны таза, серүүн тоо абасына аз-аздап сиңип жок болуп, аптап өз күчүнө кире баштады. Жүргүнчүлөрдө үн жок. Алардын алда бири азыр үргүлөмөк мындай турсун, таттуу уйкунун кучагында калган. Жаш айдоочу, тамекисин буркуратып, машинени мотор эмес, өз ой күчү өйдө сүрөп бараткандай, алды жакты кадала тиктейт.

Алыста, күн тийген тоо боорлорунда, булут көлөкөлөрү зор күлүк жөргөмүштөрдөй удургуй көчүшөт. Анда-санда ошол булут жорткон бийикте жырткыч куштар көк түбүнөн түшө калгансып, кайдан-жайдан пайда болушат, алар тоонун күнөс боорлорунан олжо издеп, аба жирей эки-үч айланышат да, кайра учуп капкайда жок болушат.

Терезеден желпиген тоо шамалы жүргүнчүлөрдү сергитет. Чоң жолдогу машине агымы улам толкун сымал сүрүлүп келет – бирде жаалап түрө каптаса, бирде үзүлүп жок болот. Дарчалардан отургандарга бет алды келген машинелердин айдоочулары көрүнөт. Алар чарчаңкы, уйкудан жүдөө.

Назима ойго алдырган абалда. Мына азыр ал шаарга, эжесиникине баратат. Бир карасаң, мында эч эрөөн жоктой. Чыны, бул жорук кызга майдай жагат дешке болбойт. Ал барбас жерге баратат. Убактылуу болсо бир жөн, бирок ашкеби жан кимге жаксын? Ал өз тууганына да жакпайт, анын үйүнө да батпайт. Мейли, баары ал ойлогондой болсун. Институтка өтүп, жатаканадан орун алды дейли. Бир жылдык келишим пулду да төксүн, бирок анда ал таптакыр акчасыз, куржалак калат. Ичип-жеш күнүгө, кийим жаңыртыш айда болбосо да, жарым жылда токтолбой келчү зарыл иш. Анын кышкы кийми да жок. Үйдө эскирээк пальтосу бар, бирок аны кийип чыкса, шаардыктарга шылдың болушу турган кеп. Эски пальтону азыр ким киет? Келишим пулдун теңин төксө, бир аз күн жашаса болот дечи, бирок жарым жыл убакыт көздү ачып-жумгуча бат өтөт. Ошондо алар андан акчанын калган теңин талап кылышар. Бирок аңгыча ал теңи да сууга сиңгендей жок болот, мына ошондо ал сазга белчесинен батат. Күн сайын керектелчү чөнтөк акча деген болот. Шаардагы баскан кадамың – корогон акча деп жүрүшпөйбү. Анча акчаны ага ким берет? Апасы акыркы мыдырын шыпырып берип, аны узатты. Гүлизадан сураганга бети чыдабайт. Антсе, ашкебинин нак кебин кийгени ошол да.

Капыстан мотор чакады, анан үнү өчүп, автобус токтоп калды. Айдоочу от алдырмак болду эле, мотор эпке келер эмес. От алып бараткандай болот да, тык өчөт. Бир туруп чирене ычкынат, анда машиненин моторго жакын жагы бүт калчылдайт. Ал өз ишине жолтоо болгон тулкусундагы алда бир нерседен арылгысы келип, далбас ургансыйт. Бул аракет бир нече жолу кайталанды. Жүргүнчүлөр муну адеп элес алышкан жок. Айдоочу сыртка чыгып, капотту ачты да, күйпөлөктөп бирдеме издей баштады. Ажат ачмакка чыгышкан бирин-эки жүргүнчүдөн башкалары ордуларынан жылышкан жок. Алар айдоочуну күтүп отурушту. Тиги да күйпөңүн токтотподу. Жолоочулар адеп бириндеп, анан топ-тобу менен тышка чыга башташты. Бири жаш, бири улуурак эки жолоочу айдоочуга жакындап келип, бирдемени сурамжылашты, анан кеңеш бере башташты, жүрө-жүрө ага кол учун бергендей да болушту. Ага болбой, автобус көпкө чейин турган жеринен илгери жылбады.

 

III

Саалдан соң, сыягы, айдоочу машиненин оңолорунан биротоло үмүт үздү окшойт. Тигил үчөөнүн өз ара кобуруна караганда балээнин баары алда бир ачылбас туташ тетикте экен, учактагы кара жашиктей аны ачуу ким көрүнгөндүн эле колунан келбейт имиш. Демек, абал оор, машине эми алга жылбайт.

– Аны артка, шаарга жеткирүүдөн башка жол жок, – деди айдоочу.

– Демек, «кара жашиктин» сырын ошондогулар гана билишет экен да, – деди улгайган жүргүнчү, мурутунан күлүмсүрөп.

– Жашиги болобу, башкасы болобу, мында мен аны оңдой албайм, – деди айдоочу, ага карабай туруп.

– Учагың өзүңдөй турбайбы, – деди тиги, сөзүн улантып. – Эшегине жараша тушагы деген ушул да. Учкуч демекчи, анык учкуч өзү өлсө да, жүргүнчүлөрүн аман алып калууга тырышат. Сенин, менимче, жүргүнчү менен деле ишиң жок.

– Эмне, ичиңерде өлгөн-житкен барбы? Мен аны көрбөй турам.

– Бетбагын көр мунун, э-эй, – деди муруттуу киши, аны менен акыйлашканын дале койбой. – Сенин оюңча, өлүм-житим жок болсо эле болду экен да. А минтип түмөн элди ач бел, куу жондо калтырганың сага кеп эмес экен да.

– Баарыбызды артка кайра жеткиресиң, – деди айдоочуга мизилдеген жаңы кийим кийген жүргүнчү. – Мында ысыкка бышкыча, ошондо болгонубуз оң.

– Чиркеп алчу машине табылсын, – деди айдоочу, – баарыңарды кайра артка жеткирип коём.

Ал жүргүнчүлөргө жол киренин мерчемдүү бөлүгүн таратып берди. Муну беркилер оголе суз кабыл алышты: бул айдоочунун көйгөйдү кайра аларга жүктөп, эми менин тынчымды албагыла дегени эле.

– Эми эмне, ар кимибиз өз бетибизче кетебизби? – деп сурады жаңы кийимчен жолоочу.

Айдоочу эрк өзүңөрдө дегендей, ийнин күүшөп койду.

– Силердей шалакы айдоочуларды жоопко тартуу керек. Бар чыгымды мойнуңа үйүп, төлөтүп алса, өзүң эле момурай түшмөксүң.

– Тапкан экенсиңер төлөөчү кишини, – деди сөзгө жаңы аралашкан толмоч жүргүнчү аял. – Ал акчанын теңин керектүү кишиге берип эле кутулуп кетмек бул.

– Кызыксыңар силер, – деди айдоочу. – Мен силерди машинеге зордоп салган жокмун. Анан калса, темир деген темир. Темир тургай киши деле ооруп калат кээде.

– Сен кур чечендик кылбай, өзүңдү биздин ордубузда бир элестетип көрчү.

– Муну менен акыйлашуудан түк пайда жок. Чиркин, жакын жерде бир бак болсо кана? Согуш мезгилинин мыйзамына ылайыктап, сот-тергөөсүз эле асып салсак болмок муну, – деди кычырап кийинген жүргүнчү.

Ал чын эле тегеректен бак издегендей, эки жагын элеңдеп карамыш болду.

– Бактын эч бир кереги жок, – деп кепке аралашты бая Назимага суроо узаткан кепкачан жигит. – Аны тээ тиги жардын кашатына алпаруу керек. Анан нукуп эле койсо болду: ал учкуч, андан ары өзү учуп кете берет.

Ал кулачын жайып, колдорун учуп бараткан куштун канаттары сымал өйдө-төмөн сермегиледи. Жүргүнчүлөр дуу күлүп калышты.

– Мен силерди ушунда алып келип, атайлап таштап кетип бараткандай сүйлөйсүңөр да, – деди айдоочу тигилердин сөзүнө териккенсип.

– Анан эмесечи? – деди мурутчан жолоочу.

– Бирок мындан мага кымындай кайыр барбы? – деп сурады андан айдоочу.

Анан өзүнө өзү жооп берди.

– Пайданы мындай кой, кайра опол тоодой зыян тартып жатам мен, керек болсо.

– Ошондой экен, кичине эртерээк ойлонсоң болмок, – деди толмоч аял. – Алыс сапар алдынан атты да табына келтирип, анан жолго чыгышат. Машине ат эмес да. Атты бир киши минсе, машинени он беш киши минет. Демек, машиненин күтүмү да арбын болушу керек.

– Чын эле, биз аны учкуч экен деп ойлосок, ал ат кошчулукка жарабайт турбайбы, – деди кепкачан жигит.

– Сөздү коюп, ишти ойлойлу, – деп тыйды аны муруттуу жүргүнчү. – Сөз менен иш бүтсө, биз эмкиче мында турмак эмеспиз. Сен, шопур, тааныш досторуңду токтотуп, болушунча бизди жолго салганга аракет кыл. Биз да колдон келгенин кылалы.

Ушул бүтүмгө токтошту, аларга андан башка арга да жок эле.

Жүрө-бара, Бишкек тарапка эки-үч бусик өттү. Алардын экөөсү айдоочунун тааныштары болуп чыкты. Ал белги берди эле, тигилер токтошту. Айдоочунун сөзүнөн абалды билишти. Жерге түшпөй, машинени кантип оңдоо жөнүндө ооз учунан бир аз кеңеш айткан болушту. Жолоочу салып кетүүдөн экөө тең баш тартышты.

– Орто-Токойдо инспекторлор турушат деп чалышты. Башка балээ тилеп не азап? Бусикте бош орун жок. Ашык жүргүнчү менен токтотушса, чекеңден сылашпайт алар.

Ошентип, ар ким өз алдынча кетмек болуп чечишкенден бери жарым сааттай убакыт өттү, бирок топ карааны суюла элек. Борборго кеткен унаанын баарына кол көтөрүшөт, бирок тигил эки бусиктен башкасы токтоп да койгон жок.

Назимага кепкачан жигит жакын келди.

– Эми эмне кылсак дейсиз?.. Баса, сиздин атыңызды бат эле унутуп калбадымбы. Курт жеген эстин калбыр болгону качан.

– Назима, – деп кыз жылмайды.

Анан:

– Эртерээк карып баратасыз го дейм анда, – деп тигини бир чымчып койду.

– Сонун ат экен. Менин атым... – деп кыздын туздуу какшыгын элес албай, ал өз ысмын айтты. – Эми, Назима, биз бири бирибизге жөлөк болушубуз керек. Кемедегинин жаны бир дешчү.

– Ооба, мен түшүндүм: кокус чөгүп кетсем, сиз мени куткарып аласыз.

– Мен сизге чын көңүлдөн айтып жатсам, сиз келеке кыласыз, – деп жигит мурчуюп, тигиндей басып кетти.

Ысык сызгырып баратты. Автобустун кайкаңда турганынанбы, шамал тынбай желип, жүргүнчүлөрдүн жанын ошол аман алып калып жатты. Тоо чокуларында адашкан бирин-эки булут бар, бирок калган асман таптаза. Алыскы ак мөңгүлүү тоо чокулары мунарык бозго чөккөн.

Капыстан жүргүнчү топтун тушунан, көтөрүлгөн колдорго көңүл бурбай, мала көк тогузунчу «Жигули» зымырап өттү. Ал он беш метрдей нары барып, дөңгөлөктөрү жер оё чимирилип, жол четине чукул токтоду. Топтон бөлүнгөн үч-төрт киши күйпөлөктөп, аны көздөй чуркашты. Аларды ээрчип, дагы эки-үч киши желип жөнөдү эле, бирок бул аракеттен майнап болбосун түшүнүп, кайра артка кайтышты. Көп узабай, беркилер да кайра келди. Назиманын жанынан өтүп баратып, андагы бир аял:

– Шопур бала сени келсин деди. Таанышың болсо керек. Экөөбү-үчөөбү, ичинде орун деле бар окшойт, бирок бизди албай койду.

Ал оозун жыйып бүтөлекте, машине артты көздөй он метрдей жүрүп келип, токтоп калды. Назима буюмдарын жол четинде калтырып, таң кала машинени көздөй басты. Жакын келгенде машинеден жаш жигит чыкты. Ал Элеман эле.

– Салам, Назима! – деп добуш салды ал алыстан эле.

Назима токтоп, саламды алик алды. Элеман утурулап келатканда, анын чолок жең көгүш көйнөгүн жел торсойто үйлөп, желбиретип турду. Аны бир жыл бою көрө элек эле, кызга ал кыйла байымдуу боло түшкөндөй көрүндү. Чын эле, ал сымбаттуу да, сындуу да жигит болуптур.

– Эмне, кеттикпи? – деди ал кызга жылмая карап.

Назима да кошо жылмайып, баш ийкеди.

– Буюмдарың кайда?

Ал жанаша турган эки сомкесин жаңсады. Элеман сомкелерди эки колуна алып, машинени көздөй кадам койду. Назима сомкенин бирин өзү алмак болду эле, жигит:

– Кереги жок. Буларың жеңил экен. Бирок, – ал эки сомкени катар салмактап жаткандай түр кылды, – моберегиси оорураакпы, кандай? Ичинде алтын бар го дейм?

Ал Adidas-сомкени жаңсады.

– Анан эмесечи? – деп Назима да тамашага чала сүйлөдү. – Али-бабанын үңкүрүндөгү казынамдан азыноолак алып, ушуга салып койдум эле.

Элеман сомкелерди жүк салгычка салды.

Машинеге отурардан мурун Назима бусик жакка кылчайды эле, кепкачан жигит ири алды көзүнө түштү. Ал четирээкте, кызды сабыры суз карап туруптур. Кыз ага жайдары кол булгады.

Ал арткы отургучка көчүк басты. Алдыңкы орунда бейтааныш кыз отуруптур. Бул Элемандын колуктусу болсо керек деп Назима туура жоруду.

– Кеттикпи анда, кыздар? – деди Элеман, рулга отура берип.

Кыздар унчугушкан жок. Алардын макулдук белгиси ошол болсо керек.

– Акчаңды кайрып алдыңбы? – деп сурады Элеман Назимадан.

Назима баш ийкеди.

– Бул башка кеп, – деп ал өз акчасын доолап алгандай, ыраазы боло түштү.

Машине ордунан жылды. Элеман кыздарды бири бирине тааныштырды. Алар алдыңкы күзгү аркылуу өз ара баёо баш ийкешти. Анан конок кыз Назимага бир кылчайып, жайдары жылмайып койду, бирок кара көз айнегин чечпеди.

– Карындашың сени жолго эртең чыгат деди эле? – деди Назима.

– Ошентмекмин. Бирок шарт башкача болуп калды…

– Бусигиңерге эмне болду? – деп сурады жигит анан.

– Бузулуп калды.

– Аны го көрдүк, – деди Элеман, жылмая түшүп. – Ошо бойдон эч ким албадыбы?

– Жок.

– Сендей сулууну да алышпадыбы?

– Мендейди да.

– Мен алдым го.

– Сен азаматсың.

– Анан эмне мени менен кеткиң келбеди? Карындашым айткандыр сага?

– Айтты. Сени түйшүккө салгым келбеди.

– Кайдагы түйшүк? Мына, баары бир чогуу баратабыз.

– Буйрук ошол да, эмесе.

Назима сыртка көз салды. Машине кыя жол менен өйдөлөп баратты.

– Жакында Долондун чокусунда болобуз, – деди Элеман.

– Баса, – деди Назима, – жол киреге мен сага канча карызмын?

– Өзүң канча берсең ылайык деп ойлойсуң? – деп Элеман ага кайра суроо узатты.

– Классташ болгон соң, бусиктин жол киресинен көп албассың деп ойлойм.

– Бул, албетте, аз, – деди Элеман. – Бирок, мен барда сен да дооран сүрүп кал. Сага кылган жакшылыгым ошол болсун: Бишкекке чейин бекер кет.

– Чиркин, ааламда сендей айкөл бар бекен?!. – деп Назима аны чымчып койду. – Уккан кулагыма өзүм да ишенбей турам.

Элеман ыңгайсыздана түштү, бирок жооп кайтарбады. Назима күзгүдөн Алтынай анын какшыгына саал жылмайып койгонун байкады.

Назима арт жактан анын чачын, күзгүдөн – өңүн көрүп жатты. Көзүнө кыздын ичкерек жумуру мойну, желке чуңкурунан эки ажырым кеткен уяң түктөрү, чытырата чың түйүлгөн балык жон көөдөй кара чачы түшөт. Ошондо негедир ал да чачын ушинтип нык түйгүсү келди. Муну ал кимден үйрөнсө болот? Алтынайдан сураса, айтар болду бекен? Айылда ал кеминде он күндөй жүрдү, бирок чачы чебер уздун колунан жаңы чыккандай копкооз бойдон. Демек, ал чачын өзү түйөт. Эми бул чачка темене сымал чыбыкчаларды кыйгачынан сайып койсо, андан өтөр чач болобу? Япон кинолорунан ал ошондой чач сайган таякчаларды көргөн. Кейпи, алар пил сөөгүнөн жасалат окшойт. Андайларды табуу кыйындыр. Балким шаарда табылып калар. Чоң базарда бөдөнөнүн сүтүнөн башканын баары бар дешет го...

Алтынай ага сыртынан жакты. Өңү тоголок да эмес, сүйрү да эмес, жылмакай, текши буудай ирең. Эриндери да жука же калың эмес, боёксуз эле жаңы ачылган гүлдөй жайнайт. Кулагында тыңшагыч. Көздөрү көз айнектен көрүнбөйт, бирок алар да калган көркүнөн ашып түшпөсө, кем калбасы билинип турат. Жаша, Элеман, жигит эмес бекенсиң!?. Ай чырай сулууну илип кеткен сен кыраан эмей, ким кыраан!?.

Күзгүнүн астында бет чүкөсү оркойгон шайтанча жипте илинип турат. Ал агы калың чоң тосток көздүү, көзүнүн чекит-каректери түндөй кара. Кочкор тумшук, эрбейген эчки сакал. Бир туруп, түрү Дон-Кихотко да окшоп кетет. Өңү мом ирең, чоң оозу алжая ачылган. Андан аппак тиштери кашкая көрүнүп, мыскылдуу ырсаят. Машиненин жүрүш ыргагына шай ал өз ордунда тегерене чайпалат, отургандардын ар бирине өзүнүн ыркыйган арык тулкусу менен алмак-салмак элпек бурулуп, аларга тигиле карайт, негедир кабагын ачуулуу түйүп, аларды бирдемеден улам жазгырып жаткандай болот...

 

IV

Назиманы Элеман жагынуу үчүн, же кара күчкө эле сулуу деп мактаган жок. Кыз чын эле адамдын сугу киргендей келишкен чүрөктөй кыз болуптур. Ал тургай, жигит кыздын көркү эзиле бышып жетилчү күн дале алдыда экенин да ичинен сезди. Бул сулуулук аны ала-сала шал кылды. Ал ажардуу кызды көргөндө эле шилекейи чууруп, нес болуп калчу адаттан небак калган. Шаарда сулуу кыздан баш адашат, кээде өлкөнүн бүт сулуусу ошондобу деп да ойлоп кетесиң. Кыргыз кызынын өңү ушул заманда, элибиз көк-сакты кенен уруна баштаганда ачыла баштадыбы, кандай? Бирок алардын ар бирине эле ооз ачып карай берсең, жарым өмүрүң ошого кетер. Бирок Назима ажарынын насили бөлөк. Анын өң көркүнөн башка дагы бир сыйкыры бардай.

Ал ичинен эки кызды катар коюп жатты. Алтынай сымбаттуу, ачык-айрым кыз. Ошол эле учурда чолчоке, көпөлөк кыял. Назима да жаш кезиндегидей бала мүнөз, сырдана бойдон калгандай, бирок купуя бир кылыгы жумурдагы алда бир кылдарды козгоп коёт бейм. Ошондо кыз жок кезде деле ал «күү» өзүнөн өзү чертиле берет өңдөнөт.

Анын көзү эрксиз Алтынайдын шиш такалуу аппак туфлисине түштү. Аларды жаап турган багалектен өйдө кынала кеткен асман көк жынсы. Назиманын кийгени – тизеден өйдөрөөк көгүш юбка, бутунда – теннис туфли. Ошол жепжеңил туфлилерден уламбы, ал басканда канаты аба чийген калдыргачтай жеңил сызат, баспай эле абада каалгып жүргөндөй сезилет.

Капилеттен машине бир дөңгөлөгү менен жол чуңкуруна түшүп, катуу солк эте түштү. Ордунан ыргый түшкөн Назима, аз жерден жыгылып кете жаздады. Ошондо гана ал сол жагында турган алда бир буюмга көңүл бурду. Ал бул нерсенин машине секиргенде да былк этпегенин байкады. Буга Назима таң калды, анан анын отургучка бекем таңылып коюлганын билди. Нерсе челек сымал борумда болуп, чети чачыланган ачык жашыл түстүү жабуу менен жабылган эле.

– Бул дагы эмнеси? – деди ал айран-таң кала.

Элеман эмес, анын ордуна Алтынай жооп берди:

– Бул анын колуктусу.

– Кызык, мага анын колуктусу кадыресе кыз дегендей болушту эле. Сизди... сени көргөндө, мен ошол кыз деп ойлогом.

– Бул анын экинчи колуктусу, – деди Алтынай күлүп. – Биз эми бул экөөбүз күндөшпүз. Кырылышып, бирибиз өлүп, бирибиз каларбыз.

– Мага аны көрсө болобу?

– Болбойт, – деди Алтынай. – Колукту деген колукту. Оболу көрүмдүгүн бериш керек.

Назима жылмайды, бирок жооп айтпады. Тигил экөө унчукпай баратышкан соң, ал да үнсүз отурду. Алтынайдын сөзү тамаша экенин ал билди, антсе да кызыгуу жегидей жеп, ичин өрттөп баратат. Бул өрттөнгүр балээнин сырын бек каткан чүмбөттү илгиртпей сыйрып салгысы келди, бирок сабыр кылууну чечти.

Жол дале өйдөлөп бараткан.

– Окуугабы? – деди Элеман.

– Ошол сыңары.

– Кайсы окууга?

– Билбейм. Бара көрөрмүн. Алышса болду.

– Алышат. Акча болсо болду.

– Тоодо да мынча ысык болот деп ойлогон эмесмин, – деди Алтынай, тыңшагычтын бирин кулагынан чыгарып. – Суусундук алып койгонубуз жакшы болуптур.

Ал пакеттен кока-коланын чакан шишесин алып чыгып, капкагын ачты да, өйдө көтөрүп, оозунан иче баштады.

– Долондун чокусуна жетерибизге аз калды, – деди Элеман. – Бул жергедеги аалам чокусу ошол. Ал жерде сен ысылабассың, – деди Алтынайга.

Анан:

– Өзүң эле иче бербей, башкаларга да ал деп койсоң боло, – деп кошуп койду.

– Колуң өз ордунда. Ал да, иче бер.

– Колум өз ордунда экени ырас, анткени рулду бирөө кармап отурушу керек да. Өргө жүргөн оңой бекен? Анан калса, мен өзүмдү эмес Назиманы айтып жатам.

– Кызды тейлөө – жигиттин иши. Демек, мага айтканың өзүңө кут болсун, – деди Алтынай. – Бирок, сен мен үчүн деп үзүлүп түшкөнүңдү деле көп байкабадым.

Элеман жооп бербей туруп, кока-коланын дагы бир шишесин пакеттен алды. Бир колу рулда болсо да, аны экинчи колу менен ачуунун айласын кылды. Капкак ачылганда, каралжын суюктагы күрөң көбүкчөлөр бур деп, шише оозуна сыйлыгыша чертилди. Элеман шишени Назимага сунду.

– Стакан жок, – деди ал. – Алтынай сыңары оозунан жута бер.

– Кичине шише атайлап оозунан ичүү үчүн чыгарылат, – деди Алтынай. – Же силер стакансыз иче албайсыңарбы?

– Жок, биз стакансыз эле күн көрүп жүргөнбүз, – деди Элеман. – Ал бизге кечээ-бүгүн эле келген нерсе, биз ага дале көнелек бойдонбуз.

Алтынай какшык төркүнүн түшүндү, бирок унчукпады.

– Сенин тиги «колуктуң», – деди ал арткы катардагы сырдуу буюмду жаңсап, – суу ичпейби?

– Ал сен сыңары чыдамсыз эмес, сабырдуу. Суусаса да, чыдап отурат.

Алтынай эрдин чүйрүп, мурчуя түштү. Тыңшагычтын топчуларын кайра кулагына илди.

Элеман алдыдагы үйлөнүү тою жөнүндө ойлонууда эле. Үйлөнүү тою эмес, акча чачыла тою десе болгудай. Бери дегенде үч миң долларды чапчыйын деп турат. Антпейин десе, Алтынайдын ата-энеси тырышып, бет бактырышпайт. Өзүлөрү чыгымдын теңин көтөрүүгө гана макул. Өзгөчө атасы көк неме. Алтынай да бир чети атасын тартып калса керек... Арамзалыгын айтпай эле кой! Болжолдуу акчанын теңин Элеманга карматып коюп, калган баш оорунун баарын ага жүктөп салгысы бар. Бара-жүрө, толгон-токой күтүлбөгөн чыгым болору кадиксиз. Аны болочок кайнатасына айтса, тиги кол шилтеп гана тим болот. Бул чыгым да түгөл анын мойнунда. Өз ата-энеси болсо, болочок куда-кудагыйына кожосундай ишенет. Капчыгы калың болгон соң, экөөлөп аларды бул саздан алып чыгып кетет деп ойлойт окшойт. Элеман аларга тигилердин кебин айтса, күйөөгө чыгып жаткан чоочун бирөө эмес, өз кызы, андай болгон соң, кайда бармак эле деп токмейил мамиле кылышат.

Айылга ал колуктусун ата-энеси менен жүз көрүштүрүү үчүн гана эмес, ошол той карбаласында арзан мал алуу үчүн да келген. Эки букачарды соодалап алды, дагы бирине жетер акча калган. Так ошол учурда кайыптан табылгандай, кайдан-жайдан ушул «колукту» пайда боло калбадыбы. Колго түшкөн коёнду коё берген оңорбу дегендей, мындай олжону колдон чыгарып ийсе, ит болбодубу?.. Колдо барын шыпырып-шыпкап келип, ушул «колуктуну» ээленди. Эми жанармайга жетер гана акчасы калды. Аны да май арзаныраак Балыкчыдан куйдурмак ниетинде турат азыр.

Мына алар Долондун белине да чыгышты. Элеман машинени жолдон кичине четке берип токтотту да, моторду өчүрдү. Кыздарга мындан нары жөө-жалаңдап кетебиз деп эскертти. Кыз-жигит машинеден чыга бергенде, Назима атайлап буйдалымыш болуп, жабуунун четин көтөрдү. Айланайын кудай!.. Бул бир куш, сымбаттуу жырткыч куш эле. Анын узуну жарым метрдей келип, ийилген чыбыктан жасалган капаста отурат. Ал кызга камырабай тигиле карап, топчудай тегерек, чел баскандай чегир көздөрүн бат-бат ирмеди. Назима жабууну кайра серпе салды.

Тигил экөө обочороокто аны күтүп турушуптур.

– Бул жердин эмнеси кызык? – деп Алтынай Элемандан сурап жатыптыр.

– Биз эмне, үйгө баратканда бул жерден токтогон жок белек? – деп сурады Элеман андан. Анан эстей коюп:

– Ооба, мен унутуп калган турбаймынбы. Биз мындан өтүп баратканда караңгы кирип калган эле. Сен уктап бараттың беле ошондо, кандай?

Анан:

– Мында сен шаардагы шайтан дөңгөлөктүн кылда учунда тургандай болосуң. Болгону бул дөңгөлөк тигинден он эсе чоң. Анан дагы ал айланбайт, бир орунда жылбай турат.

Алар бийик кашатты көздөй басышты, ал жерден жакын жердеги ак мөңгүлүү чокулар алаканга салгандай таасын көрүнмөк. Элеман менен Алтынай алдыда баратышты. Назима аларды ээрчий басып, Алтынайдын тал чыбыктай буралган солкулдак денесине, Элемандын ийнинде жаткан адеми башына көз салат. Жигит кызды колтуктап бараткан. Барар жерге аз калганда, ал Алтынайды коё берип, алдыдагы көрүнүшкө суктанып жаткандай, саал артка кетенчиктеди. Капыстан Назиманын бир жагынан бирдеме чырт этти. Алтынай кулагындагы тыңшагычтан улам бул шыбыртты укпай калдыбы, кылчайган жок. Элеман алдыга өтүп, артына шарт бурулду. Бир тизесине чөгөлөп, кол телефонун Алтынайга түздөдү. Анан дагы бир чырт эттирди. Кыз жылмайып, андан:

– Сен мени сүрөткө тартып жатасыңбы? – деп сурады.

– Ооба. Аалам чокусундагы ушул учурду кийин эстей жүрөлү деп.

Анан ал телефонду Назимага узатып, Алтынай экөөсүн сүрөткө тартууну сурады. Акыр аягында ал эки кызды бирге сүрөткө тартты.

Алар машинеге түшкөндө, Элеман:

– Эми туура борборго чейин эңкейиштеп гана жүрүп отурабыз.

– Шиш така менен тоодо жүргөн азап экен, – деди Алтынай.

– Башка бирдеме илип албайсыңбы бутуңа? – деди Элеман.

– Башка эчтеке жок болсо, кантейин? Сенин эски кедаларыңды кийейинби?

– Антсе эмне болуптур? – деди Элеман, ага кылчайбай. – Ал деле бут кийим да.

– Жок, аның өзүңө буюрсун, – деди Алтынай. – Алда бир дүйнөдө жок таберик сыяктантып, ошол чокойлоруңду мага улам таңуулайсың. Аларыңды киймек тургай, көрөйүн деген көзүм төбөмдө.

Үйдөй балээден унчукпай кутулайын дедиби, Элеман каяша айтпады. Назира бул эки курбунун эң эле жөн салды сөздөрү улам тирешүү менен бүтүп жатканын байкады, бирок себебин түшүнө албады. Ошентсе да ал:

– Тоюңар качан? – деп сурады.

– Августтун аягында, – деди Элеман.

– Тойго чакырасыңарбы?

– Сөз жок, – деди Элеман. – Кол телефонуң барбы?

Назима уялгандай, коруна баш чайкады.

– Мен сага өз номурумду берем. Шаарга барганда телефон сатып алып, мага чал. Мен сага тойдун болор убакыт-саатын, дарегин айтам. Же СМС жазып жиберем. Болгону, колум бошогондо мага эскертип койчу, макулбу?

Кыз ага баш ийкеди.

 

V

Алар дале тик боор менен кыялап эңиштөөдө. Анын кайрылыш-бурулушу арбын, ылдый караган кишинин башы айланат. Андайда кыздар деми үзүлө, дымып калышат, анан кайра тегизирээк жерге чыкканда, жеңилдене дем алышат.

Назима ыраматылык атасы өзү айтып берген, мындан кырк жылдардай илгерки, Назима төрөлө элек кездеги, атасынын Тогуз-Торого жүргөн сапарын эстеди. Ал кезде азыркыдай жол жок, бирде өрдөп, бирде эңкейиштеп, ач жон, куу бел менен күндөп жүрүшчү экен. Жолмо-жол сүрдүү аска-зоо, көк мелжиген ашуу, тик кулама эңиш. Жан-жагыңдан шыкай катмарлуу, зоокалуу, жалама тоо-таш үңүлөт. Мингени жүк машинеси, атасы калган жолоочулар менен жол бою кузовдо тикесинен тик туруп барыптыр. Өчөшкөнсүп, айдоочусу да акшыңдаган көзү жок баатыр чыгыптыр. Анын үстүнө ошондо ал ичип алган өңдөнөт. Алар жол бою сууга кетип, тал кармаган кишидей кузовдун кырына өлө-тала тырмышып, жан алакетте болуптур. Жолсузда тоо эчкидей так түйүлгөн машиненин үстүндөгү жүргүнчүлөр, албетте, аргасыздан үзүктөй желпилдеп, тууруктай далпылдап, так текедей такылдашка мажбур болгону айтпаса да белгилүү. Машине да жиниккен азоо аттай мөңкүп, аларды үстүнөн тебетейдей ыргытууга барын салыптыр.

Эң кызыгы, жол ортосунда шопур машинени белестин кырына токтотуп, өтөктөгү кырсыктап кулаган машинелерди беркилерге атайлап көрсөтүптүр. Темир-терсек тээ ылдыйда, ээк алдында жомоктогу дөө-шаалардын сөөктөрүндөй дүпүйөт, сынгандан калган айнеги күнгө чагылышып, жылт-жулт этет имиш. Кулаган машиненин бардыгери ондон кем эмес эле деп калчу атасы. Шопур аларды өзү жасаган эрдиктин күбөсүндөй мактан тута сүйлөдү дейт. Ал эргулдардын эрдиги өзү менен кошо сөпөт болгону менен иши жок. Жолдогу жоругум эле мен тиги күм-жам болгон көкжалдардан эч кем эмес экенимдин күбөсү эмеспи дегендей корсоёт дейт. Бул эмне, шайтандын азгырыгыбы, же эссиздиктин ылаңыбы? Же бул төл камикадзелердин кара жанына өз өмүрүн өзү кыйышыбы?

Баса, «камикадзе» деген сөздүн төркүнүн да ошондо алгач баамдаган.

Атасы бир жолу телевизордон алда бирдемени эрмекке боло карап отурган. Кейпи, ал америкалык «Пирл-Харбор» болсо керек эле. Анан эле ал:

– Ой ит ой, буларың биздин Тогуз-Тороолук көзү жок шопурлардын айныбай өзү окшойт! – деп калды.

Ал япондук жан кечти учкучтар жөнүндө айтып жаткан. Бул окуяны эстеген сайын Назима атасынын ошол сөзүнүн таамайлыгына ичинен дале тан берет.

Андан өткөн бир кызык: машине кайра ордунан жылган соң, тиги көзү жок шопур абайлап айдамак тургай, оголе кычап кириптир. Аңгектен качсаң дөңгөккө дегендей.

– Муну көрүп, – дечү атасы, – мен адамдын акыл-эстүү жан экенинен мүлдө түңүлгөнсүдүм. Же бул биздеги илгеркиден калган ит оорулардан арыла элек алда бир каны бузуктардын гана жоругубу? Мен кан күйгөн согуштун көзү тирүү күбөсүмүн. Ошентсе да, мындай чирик көөдөндүктү ага чейин көрө элек болчумун.

Ошол кара жолтой сапардан келген соң, атасы куйруктуу кой союп, алтын башынын аман калганын ырымдап, түлөө өткөрүптүр.

Муну уккан кишинин оюна бир кызык ой келет: адам баласынын эссиздигине чек барбы деги? Ошол көзү жок шопурдай өзүнүн да, өзгөнүн да өмүрүн кылча көрбөгөн кишилер дале бар болду бекен эл ичинде? Жүз сом үчүн баш алган каракчылар ал шопурдун түгөйлөрүдүр, балким? Ал шопурларга шарт түзгөн эски жолдор дале ошол калыбында турду бекен?..

Тоо жолунда шопурдун кас душманы – бурулуш. Түзөңдөгү жол башка кеп, ал айдоочунун көз алдында. Тоо ичинде жол кээде бөрү жон беткейди ашып өтөт. Мындай бурулуш тик ашуунун эле түгөйү, болгону бул «ашуу» туурасынан эмес, кыйгачынан, кээ бирде оголе тик кыялап кетет. Мындай бурулушта утуру келаткан машинелер укса үнүн угар, бирок теке маңдай келгиче бири бирин көрүшпөйт.

Бүгүнкү биздин каармандар да ушундай бурулуштардын биринде каршы келаткан машинени сүзөргө аз калды. Шоруна көрүнүп, аларга удаа бул кезде килейген зор жүк машинеси артта келаткан. Ал чоң учактай күркүрөп, алыс-жакын дабыштын баарын басып салды. Бурулушта алар утуру чыккан арткыдан саал кичирээк жүк машинесине бетме-бет келишти. Элеман жол четине ойт берүүгө араң үлгүрдү. Машине жол четиндеги бетон мамыны капталы менен бир сүздү, аны учкун чачырата жандай чийип, тормозу кычырап барып токтоду. Алды-арткы эки машине аларга көңүл бурбай, тоо көчкөндөй күрүлдөп, сигналын бипилдетип өтө чыкты.

Алтынай тормоздун кычырын укканда эле, эшиктин туткасына чап жармашып, көзүн жумган. Көзүн теребел тынчыганда гана ачты, бирок анын көзүн жумуп алганын кара көз айнектен улам эч ким деле көргөн жок. Астыңкы эрди кырча тиштелип, эки ийни катар калчылдап турду.

Назима да үрөйү уча коркуп кеткен эле. Машинаны токтотордо күтүүсүз жапыра келген эпкиндүү сокку аны ордунан көпөлөктөй жулуп алды, аз болсо ал куш капасты баса жыгылмак. Бирок кыз алдыңкы орунтуктун аркасын кармай калууга үлгүрдү. Башын ага согуп алуудан сактап, отурган ордунда катып калды. Анан ал да көзүн жумду, күтүүсүз келген алаамат-апатка ичтей кайыл болуп, дымып отурду.

Билдиргиси келбей турса да, Элемандын бети кан-сөлү качып, кубара түшкөн эле. Колдорунун калчылдагы машине токтогондо да басылбады. Аны тыймакка чыканактарын эки бооруна тиреп, өбөктөй түшкөн. Колдору рулга мүлдө карышып калгандай.

Машине кычырап барып токтогондо, үчөө тең башын ылдый салып отурушкан. Алар катуу коркуудан эстен тана түшкөндөй, нес болгон абалда эле. Барынан мурда Элеман өзүнө келди.

– Машинеден чыгып, боюңарды жазып алгыла, – деди ал кыздарга чарчаңкы унчугуп.

Ал өзү да тышка чыкты. Керек болбосо да, машинени бир айланып чыгып, бетон мамы чийген капталына кайра келип токтоду. Анан бир чегинип, бир жакындап, чийинди таразалап жаткандай, аны үңүлө карады. Чөк түшө калып, сөөмөйү менен сыйпап көрдү – темир дале ысык бойдон экен.

Арткы эшикти ачып, капастын жабуусун өйдө серпти да, кушка жылуу-жумшак сүйлөп, бирдеме дегенсиди.

Акыры, машинени кичине артка берип, аны жолго айдап чыкты.

– Тоо жолу Бишкектин айланма жолу эмес экенин эми түшүнгөн чыгарсыңар, – деди ал кыздарга, тигилер кайра өз орундарын алган соң.

– Дагы бир жолу ушинтсең, бизге башка түшүндүрүп убара болбойсуң, – деди ага Алтынай. – Өлүгүбүздү ата-энебизге жеткиргенде түшүнүк бергениң болбосо.

Азыр ал көзүндө көз айнексиз, кулагында тыңшагычсыз отурду.

Көп өтпөй ал күзгүгө карап, Назимага күлө бакты:

– Анда сени кайда алпарыш керек, Бишкеккеби, же айылдагы үйүңөбү?

Назима адеп түшүнбөй калды, бирок саалдан соң сөз төркүнүн баамдай калып:

– Сен тирүүмдү айтып жатасыңбы, же кеп өлүгүм жөнүндөбү? – деп кайра өзүнөн сурады.

Үчөө тең дуу күлүштү. Жаңкы ыйкы-тыйкыдан соңку бул күлкү аларды кичине сергите түштү.

– Тиги «колуктуңун» дымы чыкпайт да, – деди Алтынай, капаска ээк кагып.

– Капас бекем таңылган, – деди Элеман, – бирок ал байкуш да корксо керек. Көзүнөн билинип турат. Кантсе да тирүү жан эмеспи.

– Ушул Назима бизге «колуктунун» көрүмдүгүн качан берет, ыя? – деди Алтынай, Элеманга көз кысып.

– Ошол эле болсо, мен азыр... – деп Назима сомкесин ачымыш болду.

– Болуптур, ишендик, убара болбой эле кой, – деди ага Алтынай. – Биз сенин аны көрүп алганыңды билебиз.

Уурулук кылып жаткан жеринен кармалгандай, Назима уяла түшүп, жер карады.

– Менин эсимди эки кылып жаткан нерсе – чийилген так, – деди Элеман. – Шылып гана кетти го, чиркин!

– Сен аны ойлобой эле кой, – деди Алтынай. – Тойдон соң акча чогултуп, жаңы чет өлкөлүк марка сатып алабыз.

– Мен ага каршы эмесмин дечи. Антсе да, эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө дешет ко.

– Илгери үмүт менен бол, – деди ага Алтынай, – ошондо көп жашайсың. Эмесе, бүгүнкүдөй дагы бир-эки жолу коркутсаң, тирүү калсам да, чачым бүт агарат окшойт. Анда сен мени таштап кетесиң да, чынбы?

Бул суроого Элемандын жооп бергиси келбеди.

– Коё турчу, мен анын оюн биле коёюн, – деди Назима, жаңкы кымсынуудан арыла түшүп.

Ал сол кулагын Элеман жакка буруп, бирдемени кунт коё тыңшагандай түр кылды. Анан ал чын дилден айтып жаткансып:

– Ал: сен мени коркутпай эле кой. Жарабай калсаң кылым да кыйшайбайт, менде дагы бир колукту бар деп жатат, – деди.

Баары дагы кыраан-каткы күлүп калышты.

Бул кара жолтой бурулуштан алысыраак узаганда, Назиманын башына бир кызык ой келди: ошол бурулуш, тегерегиндеги тоо-таш азыркы география карталарында канчалык так берилди болду экен? Бул ой алгач ирет ага бүгүн Долондун чокусунда, кашатта турганда келген. Анда ал бул суроого жооп таба алган эмес. Азыр болсо, ал мындай деп ой жоруду: барууга жеңил, жол жеткен жерлер карталарда аздыр-көптүр тагыраак чагылса керек. Бирок киши буту бара элек жерлер, жолсуз, ак кар, көк муздуу чокулар баары эле туура берилди деш чындыкка дал келбес. Чиркин, мына ошол кемчиликтерди оңоп-түзөп, ордуна коёр жан өзү болсо кана!?.

Бир аздан соң Алтынай, кол сомкеден күзгүсүн, оозбоёгун алып, астыңкы тиштелген эрдин, ага кошо үстүн да боёп кирди.

– Шаарга жеткиче боёнбой эле коёюн дедим эле, – деди ал. – Эми айла жок. Мобереги көп аялдуу неме мени буга мажбур кылды.

Ал Элеманга ээк какты.

– Көп аялдуу бойдок дебейсиңби? – деди тиги.

– Ачышканын айтпа, – Алтынай оозун боёп бүттү да, күзгүдөн көз албай эриндерин жаланып койду. – Бирок, азыр ал чын эле өңүнө кире түштү окшойт.

Ал күзгүсү менен оозбоёгун сомкесине салып, кол телефонун алды да, аны чукулай баштады. Ага үңүлгөн бойдон көпкө күйпөлөктөдү.

– Бирдиктерим түгөнүп калыптыр, – деди ал. – Элеман, телефонуңду бере турчу. Мен бирөөгө шашылыш чалышым керек.

– Телефонуңду жакында эле жүктөбөдүң беле?

– Сүйлөшө берип түгөндү.

Элеман ага көз салды да, кайра алдына тигилип, унчукпады.

– Берсең, берем деп айтпайсыңбы? – деп Алтынай такып кирди.

– Ала бер, керек болсо.

Элемандын телефону көрүнөө жерде, күзгүнүн асты, прибор калканынын үстү, жиптеги шайтанчадан ылдыйраак артта, туурунда турган. Алтынай аны алып, бая өз телефонун чукулагандай эле, кыйлага алектенди. Анан ордуна койду.

– Алышкан жок, – деди ал.

Элеман ага дагы бир карап койду.

– Баса, мен Назиманы кайдан көргөнүмдү эстедим, – деди Алтынай. – Сенин альбомуңда бир сүрөт бар. Мен ошондо эле бул кайсы кыз деп ойлоп койдум эле.

– Кайсы кыз дегениң эмне? – деп, Назима кыстара койду.

Ал Алтынайдын жооп ордуна ийнин жылмая куушуруп, тим болгонун күзгүдөн көрдү. Көздөрү эмне айтып турганын билүүгө болбойт эле, – алар дале көз айнекке катылып турган.

– Анын эмнеси бар экен? – деди Элеман. – Биз классташпыз да.

– Силер анда кучакташып турасыңар, – деди Алтынай.

– Кимди ким кучактап туруптур? – деди Элеман, күлүмсүрөй. – Менин эсимде жок.

– Албетте, мындайда сенин эсиңе жара чыгып калат, – деди Алтынай, ага карабай. – Сулуу кыз жаныңда болсо да, сен ага таш кенедей жабышып турсаң. Бирок ар нерсенин өз чени бар...

– Ким ченинен ашып кетиптир, менби же Назимабы? – деп сурады Элеман, жылмайып.

– Эстүү киши сурабай эле билет, – деди Алтынай камырабай.

Элеман аңдай албаган түр кылды, башын чайкап, унчукпай калды. Назима Алтынайдын бул туюк сөздөрүнөн улам негедир кызара түштү.

 

VI

Назима жол шериктеринин тымызын талашынын төркүнүн баамдап турду. Алар чокуда экенде, Элеман аны элден мурун сүрөткө тарткан. Ал тигил эки түгөйгө удаа бараткан. Элеман артка кетенчиктеп, аны тартып алган соң, ага түздөлгөн телефонду бат ала коюп, Алтынайдын алдына өткөн. Телефондун чырт эткенин жакшы укпаса да, Алтынай муну байкап калса керек. Ар кандай шылтоо менен Элемандын телефонуна жабыша түшкөнү да ошондон улам го. Ал сүрөттөрдүн ирээтине, убагына карап, кайсы сүрөт адеп тартылганын бат эле билип алмак. Бирок, ал Элеман экөөсү түшкөн эски сүрөткө жабышкандай эле, бул сүрөткө да асылуусу, андан улам Элеман менен көшөрө тирешүүсү уят иш эмеспи? Алтынай өзү айткандай кызганычтын да ченеми болушу керек ко. Өмүр жолун ушинтип башташса, аягы эмне менен бүтөт? Алтынай түзүк эле кыз өңдөнөт, бирок кыялы чукулураакпы, кандай.

Телефон тартышынан кийин алар көпкө унчугушкан жок. Күтүүсүздөн бак артынан форма кийген, колунда туткалуу, колшамга окшош радары, инспектордук жезли бар киши чыга келди. Ал машинени токтот деп белги берди.

– Кара басты, – деди Элеман, кагаздарын тартмадан алып жатып. – Ушундай болорун билдим эле. Кырсык бир айландырса, чыр айландырат дегени чын.

Ал тышка чыкканда, инспектор машинени айланта карап жаткан. Ал Элеманга салам берип, өзүн тааныштырды.

– Ылдамдык чегинен чыгып кеттиңиз, жолдош, – деди ал.

– Болушу мүмкүн эмес, – деди Элеман.

– Аппарат көрсөтсө да, болушу мүмкүн эмес бекен?

– Аппарат сиздин колуңузда да. Көрсөтө бериши мүмкүн.

– Бул сиздин оюңузча, – деди инспектор, ага тик карабай. Анан ал:

– Кагаздарыңызды көрсөтүңүз, – деди.

Кагаздарга көз салып, барактаган болду, анан аларды зериккен кишидей, сабыры суз жапты.

– Аппаратка ишенбесеңиз, өз эркиңиз. Бирок, факты деген өжөр нерсе. Мисалга, – деди ал, – бул кагаздарда сизди бул жылы техкароодон өттү деп жазылып турат.

– Өткөнүм ырас.

– Анда тээтиги чийин эмненин белгиси?

– Ал бүгүн эле пайда болду.

– Демек, жол эрежесин бузганыңыз аз келгенсип, автокырсыктын күнөкөрү да экенсиз.

Ал муну Элеман бирөөнү өлтүрүп жатканда, колунан кармап алгандай дадил айтты.

– Күнөкөр башка киши.

– Ким ал?

– Билбейм, токтобой өтүп кетти.

– Мен сиздин кургак сөзүңүзгө ынанышым керекпи?

– Башка жол жок.

– Ылдамдык эрежесин буздуңуз деген менин сөзүмө ишенбесеңиз, мен сиздин сөзүңүзгө кантип ишенем?

Элеман унчукпады.

– Ишенише албасак, жолубуз эки анжы экен, – деди ал, Элемандын кагаздарын чөнтөгүнө салып жатып.

Ал кетүүгө камынгандай түр кылды.

– Ызы-чуусуз эле ажырашсак кантет, жолдош инспектор? – деди Элеман.

– Мени сени менен согушайын деп жатат деп ким айтты сага? Өз түйшүгүм башыман ашып жатат.

«Сенин түйшүгүң бирөө эле – байкуш шопурлардын канын соруу», – деп ойлоду Элеман.

Ал инспектор алдыртан ага «сен» деп сүйлөй баштаганын байкады.

Тигил бурулуп, жолдон обочороок жерде, бак саясында отурган шеригин көздөй басты. Шериги үстөл четинде отурган. Элеман аларга жакын келди. Тигил экөө өз ара кобурашып, аны байкабагандай түр кылышты. Элемандын кагаздары үстөл үстүндө жатыптыр.

Үч мүнөттөй убакыттан соң, экинчи инспектор алардын жанында унчукпай турган Элеманга бурулду.

– Сиз эмнени күтүп жатасыз, жолдош?

– Кагаздарымды.

Тигил кагаздарды үстөлдөн алып, барактады, анан кайра ордуна койду.

– Ала бер, керек болсо.

Экинчи инспектор сенге биринчиден кыйла бат өттү.

Элеман кагаздарга колун суна берди эле, биринчи инспектор аларды жезлдин учу менен үстөлгө такай басты. Жезл туткасы кара, калганы кызыл экен, карууга илчү бүлдүргөсү да бар. Туткага жакын жерде бир нече баскыч-топчулары бар экен. Элеман бул баскычтарды түнкүсүн жезлди ичинен жарык кылуу үчүн иштетилет ко деп жоруду.

– А сен улуксат сурадыңбы? – деди ал. – Мен уккандай болгон жокмун.

Элеман чөнтөгүнөн жүз сом алып, үстөлгө койду. Тигилер акчага томсоро көз салды да, унчукпай кайра жүзүн буруп кетишти. Ал тигилер макул болду го деген ойдо кагаздарын алууга кайра обдулду эле, биринчи инспектор:

– Акчаңды ал да, колуңду тарт, – деп, акчаны жезлдин учу менен үстөлдүн четинен түртүп салды.

Элеман нес болуп калды. Акыры ал экинчи инспекторго:

– Сизди бир мүнөткө мүмкүнбү? – деп аны четке чакырды.

Тиги жактырбаган түр менен ага удаа илкий басты. Алар обочороок жерге барып токтошту.

– Канча керек? – деп сурады Элеман тигинден түз эле.

– Миң десем, окус жүрөгүң жарылып кетпейби? – деди тиги аны сынай карап.

Элеман чын эле селее түштү.

Анан ал:

– Анчалык акчам болсо, силерден айлансын деп бере салмакмын. Азыр капчык бош. Колуктумду ата-энеме көрсөткөнү апкелгем. Өзү тигине, машинеде отурат. Жанымда болгон акчаны бүт берсем, бензинге тыйын калбай калгыдай. Анда тиги колуктумдун алдында эл караган бетим жер карап калбайбы?

– Мага эмне кыл дейсиң? Үйлөнүп жаткан мен эмес да.

Ал бурулуп, шеригине кайтып келди. Элеман анын артынан сумсайыңкы ээрчиди.

– Болуптур, мен сизге капчыгымдын түбүн кагып берейин. Барына ыраазы болуңуз.

Элеман анын колуна эки жүз сомдук кагазды карматты. Инспектор акчага бир көз салды да, ээсине кайтарып берди.

– Анда кете бер. Кагаздарың бизде калат. Дагы бир жолуң түшкөндө, келип алып кетерсиң.

– Жок, болбойт. Менин жумушум Бишкекте. Жакында кайра келе албайм.

Элеман инспекторго жалдырай карады. Тиги ийнин күүшөп койду.

– Заттай төлөсө болобу?

– Эмне зат эле ал?

– Менде бир те...

Ушул тапта анын оюна бирдеме кылт эте түшүп, оозу жап болду. Эки инспектор тең анын оозун карап калышты. Ал:

– Мен колуктумдан акча сурап келе коёюн, уруксатпы? – деди.

Экинчи инспектор ага унчукпай баш ийкемиш болду.

Ал машинеге келип, тартмадан бурама ачкычты алды. Кыздарга:

– Мен аларды алаксыта турам, силер алды-арттагы номурларды бат чече койгула. Бириңер чечип жатканда, экинчиңер аны калкалап тургула. Бурамалар солидолго чыланган, оңой чечилет, – деди. Алтынай:

– Эмнеге? – деп сурады эле, ал:

– Иш чатак. Батыраак чечкиле, – деп ал чорт кести.

Өзү машинеден чыгып, шашпай теңселе басып инспекторлорду көздөй жөнөдү. Аларга жакын келип, чөнтөгүнөн акчаны алды да, төрт жүз сом санап, үстөлгө койду. Экинчи инспектор ал акчага көп тигилип карап турду, бирок алган жок.

– Аз, – деп унчукту ал.

– Жерде дагы жүз сом бар, – деди ал. – Аны менен жарым миң болот.

– Албайсыңбы анан аны?

Элеман аны алып, беркилердин үстүнө койду. Инспектор дагы ийнин куушуруп койду, бирок акчаны алып, чөнтөгүнө салды.

– Ал кагаздарыңды. Экинчи көзгө көрүнчү болбо... «Күйөө бала».

Элеман жеңилдене дем алып, кагаздарды шымынын арткы чөнтөгүнө салды. Кылчайып машине жакты караса, Назима буларга сыртын салып турган экен. Демек, Назима денеси менен иш соңуна чыга элек Алтынайды булардан калкалап турат.

Элеман буйдалып калганын көргөн биринчи инспектор таң кала түштү. Анан ал бирдемени эстей коюп:

– Сен жана заттай төлөйм деп, жыландын башын кылтыйттың эле. Эмне айтайын дедиң ошондо?

– Жок, эчтеке деле эмес...

– Кандайча эчтеке эмес?

Элеман жооп бербеди. Инспектор андан шекший түшүп, жанындагы шеригине бирдеме деп шыбырады. Анан экөө катары менен ордунан турушту.

– Кана, биз менен жүрчү.

Элемандын жүрөгү опколжуй түштү. Кыздар дале номурлар менен алышып жаткан. Шашып коюшсачы бир!..

Жогорудан жалгыз жеңил машине келаткан. Биринчи инспектор ага радар түздөп, токтой калды да, өтүп кеткиче күтүп калды.

Алар машинеге жакын келишкенде, кыздар орундарына отуруп калышкан эле. Ух-х!.. Биринчи инспектор Элеманга:

– Жүк салгычыңды ач, – деди.

– Эмне болду?

– Ач дегенде ачпайсыңбы? Ким билет сенин анда эмне катып баратканыңды?

– Азыр... Ачкыч тартмада эле.

Ал машинеге отуруп, моторду от алдырды да, илгери айдады.

– Кара, кетип баратат!..

– Номуру жок ко анын?

– Номуру бар эле. Чечип алыптыр да, иттин баласы!..

– Эстеп калдыңбы?

– Тамгалары эсте, сандарын унуттум.

– Артынан кеттикпи, анда?

– Убара болуп эмне? Номурду эстесем, тигилерге чалып коёрбуз.

Номурду ал эстей албады. Бирок эсте калгандын баарын, ошондо өзү айткандай, керектүү кишилерге төкпөй-чачпай жеткирди.

 

VII

– Кызылдай каракташтыбы? – деди Алтынай, мындай чыга бере.

– Сураба. Бирок, андан ашкан апааттан кудай бир сактады.

– Андан өткөн эмне экен?

– Капасты байкабай калышканы абийир болбодубу? Чийинди көрөр замат жабышты та калды. Терилерди алганы аз келгенсип, ителгини да алып коюшмак.

– Койчу.

– Койбой эле. Акча сурашканда, шайтан түртүп, акча ордуна суусардын терисин аласыңарбы деп шалпыганы аз калыптырмын.

– Анан?

– Анан… шекшип калышса, мында келип, тинтишмек да, бүт оокатты шыпырып кетишмек.

– Сен номурду ошондон улам чечтирдиңби?

– Албетте.

– Бирок аны алар кагаздардан деле билип алышса болмок да?

– Алардын ою номурда эмес, кантип менден көбүрөөк акча өндүрүүдө болду.

– Алар номурду баары бир эле эстеп калышы мүмкүн, – деди Алтынай.

– Көрө жатарбыз, – деди Элеман.

– Менде суусардын эки териси, анан дагы түлкүнүн бир териси бар, – деп түшүндүрдү Элеман Назимага. – Суусарларды мага белекке беришкен. Түлкүнү апам кудагыйына белекке берип жиберген. Эң башкысы, – ал капаска ээк какты, – тиги.

– Буларга тыюу салынганбы? – деп сурады Назима.

– Булардын баары Кызыл Китепте. Айып акысын бери кой, түрмөсүн айтпайсыңбы? Мен темир тордун артында картайсам, мага жупка кургатып жүрүп, Алтынайдын чачы агарар. Бир эле ителги үчүн миңдеген доллар айып акы төлөш керек.

Муну укканда Алтынайдын көзү чанагынан чыгып кете жаздады.

– Азыр болчу маал келди. Кызыл Көпүрөдө бизди экология посту күтүп жатат. Өтүп кетсек, кудайдын бергени ошол. Ага чейин сагызгандай сак болушубуз керек. Анан калса, жанакылар да биз жөнүндө тааныштарына чалып коюшу мүмкүн, – деди Элеман.

Ал күтүүсүздөн машинени токтотту. Артка кылчайып, капасты жаңсады да:

– Бул шордууну эми жүк салгычка салбасак болбойт. Чаң менен бензиндин жытына тумчугуп калбаса эле болду. Деле, мен аны жолдо өлүп калабы деп жүрөгүм чыгып келатат. Бир букачардын акчасына келген оокатты колдон чыгарып алсам, шорумдун катканы ошол да.

– Сен аны кайра сатмакка алдыңбы? – деп сурады Назима.

– Колуктуну да сатчу беле? – деди Элеман, тамашага чаптырып.

– Колуктуну сатышпайт, бирок жүк салгычка да тыгышпайт, – деди Алтынай.

Ал азыр да көз айнекчен отурган. Элеман анын сөзүнө көңүл бурбай, капасты алып, жүк салгычка салды.

– Тигилер менен акыйлаша берип, башың кичине тегерене түшкөндөй, – деди Алтынай.

– Ал эмне дегениң?

– Кушту жүк салгычка салууга болбойт.

– Көрүп турбайсыңбы, башка жол жок. Алдыда бизди эмне күтүп турганын айтып болбойт.

– Алар куш жөнүндө эчтеке билишкен жок. Жабуунун астында эмне барын желкесинен билгидей, алар эмне, доңуз беле? Сен кара жаныңа дүрбөп жүрөсүң. Коркконго кош көрүнөт дешет ко. Алар унаа инспекторлору. Машинелерди, кала берсе шопурларды текшеришет. Куш менен алардын иши жок. Өзүң сыр берип, шекшитпесең, баары жакшы болот.

– Кызыл Көпүрөчү?

– Кызыл Көпүрө башка кеп, бирок ага чейин дагы көп бар. Ага аз калганда, капасты жүк салгычка салсаң болот. Өтүп алган соң, кайра чыгарып коёсуң.

Элеман ойлоно түштү.

– Сөзүңдүн жаны бар, – деди Элеман. – Чын эле, менин башыма күн өтүп кетти окшойт.

Ал аргасыз жылмайды.

– Сен болсо, мени жеңил ойлуу, эрке деп жазгырасың, – деди Алтынай.

– Эселек кыздар деле бир жылда бир жолу эстүү сөз айтканга жарайт, – деди Элеман, жеңилгенин моюнга алгысы келбей.

– Көрдүңбү, дагы баштадың, – деп Алтынай эми чындап мурчуя түштү. – Сага акыл айткан мен да акмак.

Элеман жооп айтпай, жүк салгычтан капасты алып, кайра арткы катарга койду. Күйпөлөктөп көпкө бекитти.

– Номурларды ордуна илебизби? – деп сурады Назима.

– Азыр эмес, – деди Элеман, негедир ойлоно калып.

– Сызга отургузуп кетишти, иттер, – деп кейиди ал анан. – Бензинге да тыйын калбады.

Баары бир паска унчукпай калды.

Назима кол сомкесин тинткилеп, бир аз акча алып чыкты да, Элеманга сунду.

– Мунуң эмнең дагы? – деп таң калды тиги.

– Жол кире, – деди тиги.

– Керек эмес, кайра кат акчаңы. Сени бекер жеткирем деп убара бергем.

– Ала берсеңчи. Азыр сага мурун чүйрүр чак эмес, – деди Алтынай.

Элеман ойлоно түшүп:

– Азыр бул акча өзүңдө тура турсун. Айла түгөнгөндө жаратарбыз бир керекке. Анан, ал жадагалса бензинге да жетпейт. А биздин ичмей-жемейибиз бар дегендей...

Удаа ал Алтынайга кайрылды:

– Бирдеме ойлоп таппайсыңбы, Алтынай? Сен бир айла кылып куткарбасаң, иш чатак. Балыкчыга да жеталбай калам го деп турам. Жетсем да, андан аркы жол туюк. Сеники да ошол.

– Эчтеке ойлоп тапкым келбейт, – деди Алтынай, мурчуюсун жазбай.

– Эмнеге?

– Менин сенден көңүлүм калды.

– Кечирип кой мени, алтыным. Иттик менден кетти, башка антпейм.

– Анан?

– Анан, сен укмушсуң, сага жан жетпейт.

– Дагы?

– Дагы, сен дүйнөдөгү эң сулуу кызсың.

– Билем, силер, эркектер, бирдеме керек болсо бөйпөңдөй түшөсүңөр. Мындайда мурдуңар менен бир тийгенден башканы билбейсиңер.

– Болуптур, сеники туура. Бирок айтчы, бай болгур, мен акчаны кайдан алам?

– Мен ойлонуп жатам. Бирок мындан ары болбогон жоруктарды жасабай жүр. Эмесе мен такай эле сенин көйгөйүңдү чечиш менен убара боло бербейм да.

– Эмне жорукту айтып жатасың?

– Ошону өзүң билбей турасыңбы? Бир туруп сага мал керек болсо, бир туруп куш керек. Ал аз келгенсип, дагы, дагы деп эле турасың. Илбирс туш келип калса, шымсыз калсаң да, аны сатып алмак белең, кантет элең? Мен кээде сенин же алыпсатар экениңди, же кумарпоз экениңди билбей башым маң болот.

– Минтип тиги макоолорго кабылып калам деп ким ойлоптур дейсиң.

– Мындан нары алды-артыңды байкай жүргүн.

Дагы баары үндөбөй калышты.

Түзөңгө жакын бул жерлерде жол асфальты кызып, анын машиненин түтүнүнө аралаш оор жыты кабинага толкуп кирүүдө. Тоонун таза абасы эми кол жеткис алыста калды.

– Ойлоп таптым, – деди Алтынай акыры.

– Кана, садагасы, бачым айта койчу.

Алтынай саамга унчукпай калды, анан жайдары:

– Телефонуңду Назимага сат.

Элеман ойлоно калды.

– Жарабайт. Мендеги бүт маалымат ошондо.

– Сен ага телефонуңду СИМ-картасы жок сат.

– Анда менин маалыматым жоголуп кетпейби?

– Жок, албетте. Биз аны СИМ-картага жазып коёбуз.

– Антсе болобу?

– Албетте. Макул болсоң болду.

– Назима буга эмне дейт?

– Аны өзүнөн сура. Телефонуң үчүн асмандын башын сурабасаң, ал да макул болор.

Элеман дагы ойлонуп калды.

– Алтынай, мен дале сенин баркыңа жетпей жүргөн экем, – деди ал. – Мейли, бул жөнүндө анан. Телефон жаңы. Төрт миңге былтыр алганмын. Эки жарымга ал. СИМ-картасыз. СИМ-картаны жүз сомго шаарга барганда каалаган дүкөндөн сатып алсаң болот. Ушуга макулсуңбу?

Назима баш ийкеди.

– Анда, Алтынай өзүң айткандай мендеги маалыматты картага көчүрүп койчу.

Алтынай анын телефонун алып, үч-төрт жолу баскылады, анан аны өчүрүп, арткы капкагын ачты. Кымындай картаны боёлгон узун тырмагынын учу менен бошотту да, ордунан алып, капкакты кайра жаап койду.

– Бүттү. Картаны алдым.

– Телефонду Назимага бер.

– Ат айланып казыгын табат деген ушул, – деди Алтынай Назимага. – Сүрөттөрүң өзүңө кайра барды.

– Мен акчасын ананыраак берейин, макулбу? – деп сурады Назима.

Элеман өзүң билесиң дегендей, ийнин күүшөдү.

Алар дагы бир бурулуштан имерилгенде, алдыдан дагы радарлуу инспекторлор чыга калышты. Чукулдай бергенде, алардын бири жезлин көтөрүп, аларга токто деген белги берди.

– Бүгүн буларың ой-жондо тим эле иттин кара капталынан го, – деди Элеман.

– Кыязы, сен дагы ылдамдык эрежесин буздуң, – деди Алтынай.

– Ылдамдык өз ордунда, – деди Элеман. – Же номурубуз жоктон токтотуп жатышат, же тигилер чалып коюшту.

Ал машинени токтотмок ырайда акырын айдап келди да, инспекторлорго жакын калганда аны кайра зуулдата айдап өтө чыкты.

– Булар бизди куушпайбы? – деп сурады Алтынай.

– Ошондой ойдомун. Булар да тигилерге окшоп, башкаларына чалып коёт болуш керек. Баары эле даражалуу болуп, мансапка жеткиси келет, бирок эч бири жон жоорутуп, жан кыйнагысы келбейт.

– Номурду качан илебиз?

– Куугунтук болбосо, тигиндей өтүп барып токтойбуз го.

Ошентишти.

Элеман моторду от алдырып, жуп жөнөрдө Назима:

– Токтой турчу, Элеман. Аз жерден унутуп кала жаздапмын... Жүк салгычты ачып коёсуңбу? – деди.

Элеман ага нес боло карады.

– Анда менин акчам бар эле... Ушул жерден эле берип коёюн сага.

– Ошентпейсиңби анан, – деди Элеман кабинадан чыга берип. – Жаңкы инспекторлордун будуң-чаңынан кийин жүрөгүм да ойноп калды: бирдеме шырт этсе, ал кургур зырп этет.

Ал жүк салгычты ачып, биртике четтеп басты. Назима акчаны алып, Элемандын колуна санап берди.

Эми алар Балыкчыга жакын калышты. Көлдүн чети тээ алыстан көзгө илинди. Күнөс, таза абада көл булуңу чети көгүш, ортосу кара көгүш тартып, алкактагы асыл таштай кубулат.

– Мына эми сен байыдың, – деди Алтынай Элеманга. – Бул да болсо менин шарапатым менен.

– Кулдугум бар, – деди ага Элеман жымыйып.

– Баса, менин да сага кулдугум бар, – деди Назима.

– Эмнеден улам? – деп таң калды Алтынай.

– Жүгүмдү жеңилдетти да, – деди Назима тамашага чаптыра.

– Эсесине телефондуу болдуң, – деди Алтынай. – Багың чаап, арзан алдың. Бекер кейийсиң.

– Сатканга арзан, алганга кымбат дешет го, – деди Назима.

Алтынай Элеманга бурулду:

– Эми бизди Көлгө жеткир, Элеман. Алыс эмес, жолдо турат. Сууга түшүп, бир сергип алалы. Бензин коротуп, атайын алыстан келүүнүн да кажаты жок.

Анан кошуп койду.

– Ысыкты сураба. Эстүү кишилер бу күндө жол жүрүп, МАИден качып, аларга тонолуп убара болушпайт. Азыр алардын көргөн-билгени көл жээгинде муздак сыра ичмей, сууга түшмөй, эс алып, куунамай.

– Сенин суу киймиң барбы?

– Жок, бирок сен сатып бересиң да.

– Назимадачы?

Алтынай билип турса да, Назимадан сурамыш болду. Кыз ага күлө багып, баш чайкап койду.

– Анда эки суу кийим сатып аласың.

– Макул дейин, бирок анда сен экөөбүз Балыкчыда калабыз. Акчабыз жок. Назиманыкы башка кеп. Ал өз бетинче шаарга кете берет.

– Сен эмне эле битирленип жатасың, Элеман? Мейли, суу кийим сатып бербей эле кой. Өзүбүз ижарага алабыз аны. Ошондойбу, Назима? Сенин сокур тыйының коробойт. Макул дечи. Менин өлө сууга түшкүм келип турат. Колго түшкөн коёнду, коё берген оңобу дешет го.

– Болуптур, мен сени калтырып кетейин. Армансыз сууга түшүп, анан барарсың Бишкекке.

Алтынай жүз үйрүп, чыртыя түштү. Тыңшагычын кулагына кайра салып алды.

– Сеники дайыма ушу, – деп күңк этти ал, сабыры суз.

Элеман ага кыйгач карап, унчукпады. Ал бирдеме айтканы менен, кыз кулагындагы тыңшагычтан улам аны уга алмак эмес.

Көп өтпөй машине май куйдурууга турду.

 

VIII

Май куйдуруп бүткөн соң, алар ашканага барышты. Алтынай кафеден эле тамактаналы деген, Элеман ага макул болбоду. Анда көбүрөөк күтүүгө туура келет, тамагы да кымбат.

Бул жерде болсо, эл жыкжыйма. Көбү четтен келген эс алуучулар. Аларды жергиликтүү элден өңү, кийми, кебинен оңой эле ажыратса болот. Тамак берүүчү жерде киши быкбырдай кайнайт. Мындан тамак ала коюу оңой-олтоң иш эмес. Алтынайдын нааразы болгонуна, анын бул бок-жини толо жерге эмнеге кызыга калдың деп кекетип-мокотконуна карабай, Элеман аларды көп күттүргөн жок. Арткы, купуя жолдор менен ал тамак-ашты бат эле алдырды.

Унчукпай отуруп тамактанышты. Бая айтканын кулагына илбегенинен улам, Алтынай Элеманга дале тултуюп отурган. Жигит болсо, кушту посттон кантип алып өтөм деп түйшөлүп, ою он, санаасы сан. Экологиядагы кан ичкичтердин колуна илинчү болсоң, соодаң бүттү дей бер. Акты жазышып, кол кишен тагышып, прокуратуранын кишилерине колмо-кол өткөрүп беришет. Тигилер дароо камакка алышат. Абакка түштүм дегиче, артка жол туюк. Ителги менен кармалуу оюнчук эмес. Арап шейхтери он миңдеген долларын аябай, артынан акмалаган куш акыры анын керт башын жеп тынар! Түрмөдө го ага киши эмес, Кудайдын да жардамы жок. И-и, баса, үйлөнүү тоюн ошондо темир тордун артында өткөрөрсүң. Увв-в... Кудай өзүң сактай көр!..

Муну ойлогондо, тамак жеп отурган Элемандын ичкени ириң, жегени желим болду. Эки кыздын аны менен иши жок, тердеп-кургап алдындагы ырыскыны аймоодо. Тилеги таш капкан Алтынайдын гана кабагында болор-болбос көлөкө бар. Элеман ичинен сенин кайгыңды Кудай мага берсе кана деп ойлоп койду. Чала өзүнө!.. Ушул кагынган кушка кайсы каргыш аткан күнү жолукту экен? Кайгы жокто, башына балээ үйүлдү да калды. Бул чети гана. Акырын Кудай оңдосун!..

Тамактан соң, алар кайра жолго түштү.

– Курсакты го тойгуздуң, – деди Алтынай. – Аныңа ыракмат. Бирок менин суранычыма кулак какпадың. Чын көңүлдөн, жалынып-жалбарып, өйдө башымды ылдый кылып сурандым. Тизелеп суран десең ага да бармакмын. Э-э, койчу сени...

– Болуптур, капа болбо, Алтынай. Биз көлгө дагы келебиз. Болгондо да Чолпон-Атага. Ал жер сонун да.

– Эми качан?

– Үйлөнүү тоюбузду өткөрөр замат. Ал кез жайдын жылуу-жумшак маалы болот. Балширин айыбызды ошол жерден өткөрөбүз. Кишилерди жокко эсе дей бер. Орунду чекеден чертип тандайбыз. Көлгө да түшөбүз, тоого да чыгабыз.

– Алдабайсыңбы?

– Өлүп кетейин, жок.

– Байка, алдачу болсоң, териңди тескери сыйрыйм. Ошондо мага таарынба.

Кыз ага муштумун кезеп койду.

Ал кичине жоошуй түштү, тыңшагычын кайра кулагына салды.

Жол терең капчыгайга кирип бараткан. Эки жактан бийик, жайдак тоолор тик тура башташты. Кээде алар өз ара теке маңдай чукул келишип, бирине бири учкашып тургандай элес калтырат. Кээде чак түштө капчыгай күңүрт тунжурап, сүрдүү жуукага айланат. Капчыгай түбүндө ийрелеңдеген суу шар агат. Ал кээде тал-бадалдын караанына жашына калса, кээде майда таштуу ачык жерден бир чыгат. Ошондо күнөстөгү жумуру майда таштар тегерекке нур чачкандай жарк агарат.

Күн Элемандын көзүнө ачуу тийип жатты. Ал күн калканды ылдый түшүрдү, бирок бул да көп аралжы болбоду. Жылымчы тер көйнөгүн колтук астында, далортодо нымшытты. Ачык каруусу, колдору чыпылдап тердейт. Алакандары май сүйкөп алгансып, рулда тайгаланат.

– Көлгө түшүп алсаң, минтип кыйналмак эмессиң, – деди Алтынай.

Ал өзү да чып-чып тердеп алган эле.

– Сууга түшкүң келсе, дайра жакын. Бир аз жакын барсак, токтотуп берем.

– Суу кир экен.

– Ысыкты сезип жаткандырсың?

– Анда эмне экен?

– Бул ысыкта биздин гана мээбиз кайнабай, мөңгүлөр да эрийт. Эриген карлар ушул сууга кошулат. Суу ошондон улам кирирээк. Бирок жээгинде таза суулуу булактар бар. Киринип бүтсөң, душтун ордуна мен үстүңө булак суусунан куюп берем.

– Андагы суу тизеден да келбейт ко.

– Жаңылышасың. Керек болсо, ал сени да алып кетет.

– Менде суу кийим жок.

– Баары түгөл болбосо, сага эсеп эмес да.

– Бирок суу кийим жок сууга түшсө болбос.

– Болот. Бул коланы оозунан ичкендей эле кеп. Киринер жерди тандап алып, жынсыңды чечесиң да, сууга баш урасың.

– Ошол элеби?

– Ошол эле.

– Анан кантип курганам?

– Атайлап кургануунун кереги жок. Басып жүрүп курганасың.

– О, бул кызык эмес...

– Эсесине сергий түшөсүң. Жаңы төрөлгөндөй болосуң.

– Бул сууга түк түшкүм келбей жатат.

– Эмне себептен?

– Айтпадымбы, суу кир деп.

– Шаарга барганда душка түшүп аласың.

– Бирок мага бул кир суу башыма ширеше сиңип, өмүрү кетпес болуп чапталчудай сезилип турат.

Элеман күлүмсүрөдү, бирок эчтеке деген жок. Аңгыча жол сууга чукулдап келди. Он-он беш кадам бассаң жеткидейсиң.

– Сен анда булак бар дедиңби? – деп сурады Назима.

– Ооба.

– Кичи пейилдикке, ичүүгө булак суусунан апкелип бересиңби?

– Сөзсүз. Тоодогу булак сууларын сен бат эле сагынып калганыңды билип турам.

Ал көйнөгүн чечип, отургучка ыргытты. Бош желим шишеден бирди-экини алып, жорто чуркап, сууга кетти.

Артына ал жуунуп-таранып, сергилең тартып келди. Аны киши эмес эле, суу шапатасынын, же булак салкынынын өзү дерсиң. Чачтары карара түшкөнсүйт, куйка терисине жабышып турат. Тула боюнан сергектик илеби келет.

– Булак суусуна жуунуп алдым! Муздактыгын айтпа! Энеден жаңы туулгандай эле болдум. Ичкиле!.. Баса, кушка да суу берип коюш керек. Анын да таңдайы катып калды го дейм.

Ал капастан жабууну сыйрып алды. Капас челек сымал түрдө болуп, эни бир жарым сантиметрдей жонулган тал чыбыктардан куралган. Жошо менен кызарта сырдалыптыр. Бийиктиги, тегерек сымал асты-үстүнүн узун-туурасы жарым метрдей. Жоон ортодогу тегерек жыгач алкак тик чыбыктарга ичке кайыш менен бекем таңылган. Асты сүрүлгөн тактайлардан кыналган. Ага кургак дүмүрдөн сомдолгон куш тууру бекитилген. Үстү ачылма капкак сыңары жасалган, кайыштан өрүлүп, бекитилген кармагычы бар. Тик чыбыктар астынан тактай кобулдарына ашталып, үстүнөн капкак жаткан тегерек жыгач алкакка бекитилген. Бул тик чыбыктар бири биринен сегиз-тогуз сантиметрдей аралыкта.

– Кандай досум, аман-соосуңбу деги? – деди Элеман кушка жаркын маанайда.

Куш отургандарды кыдырата карады, анан теребелге байымдуу, айланта көз чаптырды. Акыры терезеге бурулуп, тыштагы бир чекитке ойлуу кадалып калды.

Элеман пакеттен теңинен өйдөрөөктө тегиз кесилген жарым желим шишени алды. Анын кесилген кырына эки жактан тушма-туш эки кайыш бекитилип, учтары туташ байланыптыр. Бул куштун суу аштоосу эле.

Ал шишеге теңинен суу куюп, капастын ичине койду. Кайыштардын учтарын чечип, алар менен шишени тик чыбыктарга беките таңды.

– Кана, суу иче койчу, жаным, – деди ал кушка.

Куш сууга көз салды, анан Элеманды карады, анан дагы сууга үңүлүп, анан гана башын эңкейтип, тумшугун сууга малды.

Куш улам шишеден суу алып, башын өйдө серпип ичип жатканда, Элеман ошол эле пакеттен эт салынган тунук пакетчени алып чыкты. Сыртынан ал жанчылган жумшак эттей көрүндү. Элеман пакетченин оозун ачып, бети-башын жыйра, жыттамыш болду, анан куштун алдына ыргытты. Суусуну канган куш эми этти да оозанышы мүмкүн эле. Чын эле ал бүкүлү этти эки буту менен тактайга жанча басты, анан тумшугу менен этти келки-келки жулуп, шашпай сугуна баштады. Жутулган аш кекиртегинен жемсөөгө толкун-толкун болуп өтүп жаткансыды.

– Ачырканып калгансың го, – деди Элеман кушка.

– Супер! – деп заңкылдады Алтынай. – Бул эргулуң этти чайнабай жутат ко?

– Чайнагыдай анын тиши жок да, – деди Элеман.

Элеман менен Назима жылмайышты, Алтынай коруна унчукпай калды.

– Сулуу куш, – деди Назима.

– Ал сулуу гана эмес, кыраан да. Ал тургай аша кыраан. Алтынай айткандай, супер. Мага мындайлар бүркүттү тээп өлтүрөт дешти.

– Кантип эле ошентсин? – деп Назима ишене бербей.

– Азыр, балким, ала албас. Али жаштык кылат. Бутунда азыр бир эле сары шакеги бар. Бул ал бир түлөдү деген сөз. Ар жылы сары шакектер бирге көбөйүп отурат. Буттары сары шакекке толуп, сары өтүк болгондо гана ал бүркүттү ала алат.

– Сен анын кыраан куш экенин кайдан билдиң? – деп сурады Алтынай. – Ээси айттыбы?

– Коё турчу. Сен, Назима, менин ордума өтө турсаң, – деди ал. – Мен ага томого тагып, капастан алайын.

Ошол эле «AYGEN collection» деген ак жазуусу бар көк пакеттен ал куштун томогосун алды. Капастын капкагын элпек ачып, томогону куштун башына дароо такты. Анан эки колун капаска катар салды да, кушту эки капталынан алып, тышка чыгарды. Сол колу менен кушту эки буттан кармап, төшүнө жөлөдү да, оң колу менен анын куйругун өйдө көтөрдү.

– Мобереги ак жүн үстүндөгү туурадан кеткен кара сызыктарды көрдүңөрбү?

Кыздар бири бирине карашты, анан биргеликте баш ийкешти.

– Бул сызыкчалар былтыр жок болчу. Ордунда эмне бар эле деп ойлойсуңар?

Ал кыздарга сырдуу карады. Тигилер түшүнө алышпай, ийин куушурушту.

– Ал жерде тик сызыкчалар болгон, – деди ал.

– Кантип эле ошентсин? – деп таң калды Назима.

Элеман токмейил баш ийкеди.

– Анда мен ал жерде эмки жылы эмне болорун да билем, – деди Алтынай, анан шаттана жар салды: – Анда эми дагы тик сызыктар болот!..

Анан ал жаш баладай жайдары кол чапты.

– Таппадың, – деди Элеман, ага олуттуу карап. – Туура сызыктар эми анда түбөлүккө калат. Болгону, алар улам коюулана берет. Жаңылары кошулат.

Алтынай:

– Ушул тик... туура... тик сызыктар эмнени билдирет деги? Алардан не пайда? – деп сурады.

– Алардын пайдасы ушул, – деди Элеман бек унчугуп, – мындай белгилери жок куш эч качан кыраан боло албайт.

– Баса, – деди ал, – мен силерге буттагы сары шакекчелер жөнүндө айтпадым беле? Мына алар.

Ал куштун буттарын жаап турган балак жүндөрүн өйдө көтөрүп, көпкөк кыска буттарын ачты. Аларда чын эле бирден сары шакекчелер бар эле.

– Сен муну тимеле чыныгы илимпоздой билет экенсиң, – деди Назима.

– Мен сага эмне дедим эле? – деп күңкүлдөдү Алтынай. – Бул куш дегенде ал ичкен ашын жерге коёт. Керек болсо түшүндө да көрөт.

Элеман буга үндөгөн жок, кушту капаска салып, анын башынан томогону алды.

– Аны жүк салгычка салыш керек, – деди ал. – Көпүрөгө чейин аз калды. Эми андан аман-соо өтүп кетели деп Кудайдан тилегиле. Ал биз үчүн жөн эле Кызыл Көпүрө эмес, Кыяматтын кыл көпүрөсү.

Ал капастын капкагын жапты. Ушул тапта куш эки-үч жолу шаңшып-шаңшып алды.

– Мунусу дагы эмнеси? – деди күтүүсүздөн чоочуй түшкөн Алтынай.

Ал куштун шаңшыганын биринчи жолу угушу эле.

Куштун үнүнөн жадагалса чоочун киши да анын түнт камоого каршы каяшасын, анан калса, жолду катар тооруган мүшкүлдөн түпөйүл кооптонуусун байкамак. Капастын жабуусун жаап, Элеман аны жүк салгычка жеткирди. Кайра келип, алдын тиктеп, дагы бир мүнөттөй унчукпай отурду. Анан сапсалгалуу көп ачкычтын бирин чыгарып алып, Алтынайга сунду:

– Бул жүк салгычтын ачкычы. Аны сага табыштайм.

Кыз ага сынай көз чаптырды, бирок ачкычты унчукпай алды. Аны кол телефонунун капчыгына салып койду.

Алар сапарын андан ары арбытышты.

 

IX

Куш жөнүндө кабарды Элеман күтүлбөгөн жерден укту. Адеп ал бул кепке көп деле маани бербеди. Куш ээси кошуна айылдардын биринде жашайт экен. Ал алгыр куштар менен такай иштебегени менен, аларды таптоо жөнүндө жакшы эле кабардар экенин, удулу келгенде куш сала да коёрун укту. Анын алда бир аталары атактуу мүнүшкөр болгон экен.

Ошондон бир-эки күн өткөн соң, Элеман капыстан ал кушчуга бармак болуп чечти. Алтынай да барууга камынды эле, Элеман каршы болду.

– Мен сенин байлама токолуң эмесмин. Төрт дубалга камалып отура берүүдөн тажадым, – деп күңкүлдөдү Алтынай.

– Ал жакка мен сейилге эмес, жумуш менен баратам. Бир-эки күн чыдасаң, жолго чыгабыз. Гүлбара менен бол. Арча токойго баргыла. Таза аба менен дем ал.

– Балким, мен ал жерде бээ да саармын? Жок, мен бул жерге ал максат менен келген эмесмин. Бутка киер да эчтекем жок.

– Саабасаң, карап турасың. Гүлбарага айтсаң бутуңа илер бирдеме таап берер. Жок дегенде, бир жерде менин эски кедаларым жатса керек. Алар сага чак келер.

– Сен эми мага өзүңдүн ошол сасык кедаларыңды кий дегени турасыңбы?

– Жыт-жыбыры болсо, жууп ал. Кетпей кайда барат анда.

– Ошону билбей турбадым беле, ырас айтпадыңбы?

– Жуугуң келбесе, Гүлбарага айтайын. Жууп берет. Азыр күн ысык. Көздү ачып–жумгуча кургап калат.

Алтынай тултуйгандан-тултуюп тура берди.

– Сага жакшылык кылсаң да жакпайсың, – деди Элеман.

– Сасык кедаларың өзүңө кут болсун. Эми мага башка сүйлөбө.

Бурулуп басып кетти. Элеман адегенде анын артынан бармак болду, бирок саал туруп, кол шилтеди да, үйдөн чыгып кетти.

Кушчу Топой деген киши экен, үйүндө жок болуп чыкты. Чөп чабык маалы, ал тоодо чөп чаап жүрсө керек дешти. Элеман көп кечикпей ошол жакка жол тартты. Жол бойлоп тоодон чөп ташыган машиналардын кемерлене оюлган чуңкур издери жатат. Абышка алыста, обочороок жерде экен. Машинени ылдыйдан токтотуп, өзү жөө-жалаңдап өйдөлөдү.

Жылганын жазыраак этегинин чөбү чабылып бүткөн. Өйдөрөгү тик, бак-дарактуу келип, чөп чапкыч бара албай, көп жери чабыла элек экен. Топой ошондо чөп чаап жүрүптүр. Элеман жакындап келип, абышкага иш илгери айтты. Тиги белин жазып, чалгысынын туткасына жөлөндү да, анын саламын алик алды. Ал жигитти бүшүркөп көпкө тиктеди, тааный албай, башын чайкады. Элеман кайсы айылдан келгенин, кимдин уулу экенин айтты. Бул саам да чал эстей албады. Анан чоң атасынын атын, анын ата кесибин айтты эле, тигиге жетти окшойт, чыкыйын алаканы менен бир чаап:

– Баса дейм да. Бул менин курт жегир эсимден улам. Жемек тургай, кылдай бирдеме калбаптыр. Чоң атаңа куюп койгондой окшош болуп турбайсыңбы. Маңдайың, көздөрүң ошонуку. Жүр анда, тигиндей басалы.

Аттын ээр-токуму, чалдын башка оокаттары жаткан кызыл долононун көлөкөсүнө көчүк басышты. Жаңы орулганы бар, кургагы бар, чөптүн, кишинин, аттын тери жыттанган аба толкундары мурунга келет. Топой башынан калпагын алып, чекесинин, чыкыйларынын, мойнунун терин бетарчы менен тыкан сүрттү. Желим шишеден чыныга чалап куюп, Элеманга сунду. Элеман аны ичкиси келбесе да, түгөтө ичти. Антпесе, чал ага таарынып калмак. Жарым-жартылай ичсе да болбойт – карылардын каадасында акты жерге төгүү жаман ырым.

– Карасам, машинең тигиндей келип токтоду. Ким болду экен деп, эсим эки десең. Менин жатып ичерлеримди азыр мында кылычтын мизи, найзанын учу менен да алып келе албайсың. Анан калса, машинеңин түсү да башка экен.

Чөбү чабылган беткейлерге, тигинден-мындан баш баккан маяларга көз салып, ал бир аз унчукпай калды.

– Кудай буюрса, быйыл чөп жакшы. Мал эркин кыштайт, кудай буюрса. Аны убагында чаап-жыйып алуу гана керек. Жаштар четинен жалкоо. Бир жолу чалгы шилтесе, он жолу онтойт. Аларга машине менен оруп алса эле бүттү. Калган чөптү көрсөң, жүрөгүң канайт.

Ардеменин башын айтып, көп отурушту. Ошондо гана чал Элемандын келүү себебин сурады.

– Ата, мен сизде алгыр куш бар деп уктум.

– Бар дейли, анан эмне? – деп чал кулагын түрө калды.

Элеман тобокел кылды.

– Мага сатпайсызбы ошону?

Тиги жоопту бат бере койбоду. Чөнтөгүнөн чакчасын алып, бир чымчым насыбайды алакан четинен тилинин астына серпти. Сербейген сакалын сылады.

– Аны эмне кылмак элең?

– Керек.

– Өзүң шаарда турам дейсиң. Анда кушту кантип багасың?

– Бир досум сатып кел деген.

– Демек, досуң сураптыр да?

Чал бир оокумга унчукпай калды. Анан:

– Бекер келипсиң, убара болуп, – деди.

– Сиз менин кушка канча береримди сурабадыңыз да?

Чал аны жаман көзү менен карап койду.

– Билгим да келбейт. Алгыр куш козу же улак эмес, көрүнгөнгө кармата бергидей. Аны куштун табын билген мүнүшкөргө же кушчуга гана табыштаса болот. Куштун ыгын билсе, ошолор билет. Тилин билбегендер аны оюнчук көрүп, акыр бир күн түбүнө жетип тынат. Куш уясында жылына бир балапан, ашып барса экөө болот. Тооктун жөжөсүндөй көрүп, ага шалаакы кароого болбойт. Сага карматкыча мен аны учуруп ийгеним жакшы.

Анан:

– Ал шаарыңда эмне кылмак эле? Келемиш уулайбы? Анткидей ал мышык болбосо, – деп кошуп койду.

Биртике үндөбөй турду, анан минтти:

– Таарынба, уулум. Мага санаалаш бойдон калам десең, экинчи куш жөнүндө мага ооз ачпа, макулбу?

– Ырас, сиздики жөн, – деди Элеман, биртике ойлонуп туруп. – Сиз аны барктап, үзүлүп түшөрүңүз көрүнүп турат. Же анын эл билбеген башка бир касиети барбы?

– Аны өзгөчө деп айтуу да бир, ал жөнүндө ооз ачпоо да бир. Бул куштун теңдеши жок. Жашым жетимиш бешке келди. Ушул куракка келип, мындай кушту көрө элекмин. Ал али жаш, бирок табы келишсе, ал жүрө-жүрө бир айылды бакчу кыраандардан болот. Менин чоң атам илгери ушундай куштар болгон деп көп айтчу.

Элеман өз абалына кайыл болумуш түр көрсөтүп, куш жөнүндө башка ооз ачпады. Санаасы тынчый түшкөндө, чал чечилип, сөзмөр боло түштү. Алгыр куштардын, кыраандардын айрып алар касиеттери, куш таптоонун сырлары жөнүндө кеп кылды. Өзү жаш кезинде бул тегеректе өрдөк, каз, тоодак, аңыр сыңары илбээсин быкбырдай кайнап, ителги, шумкар аларды тепкилеп кырганын айтып саймедиреди.

– Тепкилемек тургай, боо түшүрчү жөн эле, – деди ал, улгайган кишилерге төп эмес куштарлык менен. – Мына азыр мен чаап жаткан чөптөй кылып. Мен анда тырмактай бала элем. Муну бир жолу эмес, сан ирет өз көзүм менен көргөм.

Буларды кеп кылганда чалдын көздөрүнүн небак өчкөн ышкы оту жылт этип кайра жангандай болуп жатты.

Анан ал өзүнүн айтылуу мүнүшкөр, кушчу чоң атасы жөнүндө сөз козгоду. Андан кушту уядан кантип алууну, таптоону, илбээсинге салууну, дагы башка көп нерселерди үйрөнгөнүн айтып, божурады. Көптөн бери купулуна толчу угарман таба албай бук болгон абышка, Элеманды көктөн издеп, жерден тапкандай ошондо бир кумардан чыга көшүлүп-чечилди бейм.

Ал сөзүнүн соңуна чыкканда, бешим маал болуп калган эле. Ушунча убакыт бою алар жөн эле сүйлөшүп отурбай, өзөк жалгап, шам-шум этип да алышты. Элеманга эрксизден чалдын жупуну ырыскысын бөлүшүүгө туура келди.

– Кобурап отуруп сени жолуңдан калтырдым окшойт.

– Жок, кайра мен сизди жумуштан алагды кылдым окшойт.

– Чабылчу дагы биртике жер калган. Ошол токумдай жер үчүн эртең кайра келип, убара болбой, бүгүн эле бүтүрүп кеткеним абзел болуп турат. Эмесе, азыр сени менен кетип калсам болмок. Кечинде бир багланды союп алып, экөөбүз таң аткыча кобурашсак, ага не жетмек, чиркин?!.

Алар өз ара токмейил коштошту. Топойдун бугун Элеман бекер жеринен чыгарган жок. Чалдын кушту сатуудан баш тартышы аны түк мокотподу. Эмне болгон күндө да кушту алууну максат кылып койгон соң, аны бул ойдон эчтеке жандыра алмак эмес. Көрө элек жатып эле ал кушка ашык болуп калды. Иш башаты эми гана бүлк этти, анын көзү ачылып, оргуштаганча дагы көп бар эле.

Кайтып баратып, ал Топойдун үйүнө баш бакты. Кемпири үйүндө экен. Жигиттин издегени да ошол эле. Ага анын чалына чай кайнам эле мурда жолукканын айтты. Аны уккан кемпир:

– Жердин жети түбүнө издеп баргыдай, ал какмар дагы эмне жорук жасай койду эле? – деди. Анан:

– Же карыганда бир жөн жүрсөчү, башыңды жегир, – деп кошуп койду.

– Сиз беймаза болгудай ал бүлүнткөн эчтеке жок, апа. Кейип-кепчибеңиз.

– Ким билет, сен тоого издеп бардым десең, жүрөгүм шуу дей түшпөдүбү, ботом.

Кемпирди тынчыткан соң, ал чалды эмне үчүн издеп келгенин айтты.

– Сен кушту сатып алмак белең?

– Ооба.

– Канчага?

– Чоң акчага.

– Чал макул болгон жок да?

– Аныңыз чын.

Кемпир саалга унчукпай калды.

– Ал ушуну кылмак.

– Апа, сизден өтүнүч: чалыңыз кушун мага сатсын, эптеп көндүрүңүз.

Кемпир ага сынай карады. Элеман да аны сүрдөбөй тиктеди. Алар бири бирин түшүнүштү, көз караштары менен купуя келишим түзгөндөй болушту.

– Канча бересиң? – деди аял.

– Башы беш миң болсун. Бул бир жашар букачардын наркы. Сиз үчүн бааны өзүнчө бычабыз.

Кемпир ойлонуп калды.

– Аны көндүрүш оңой-олтоң иш эмес. Жак дегенин бербеген тээжик. Аракет кылып көрөйүн.

Анын жообун уккан Элеман ичинен жым дей түштү. Бул бүдөмүк болсо да, ийгиликтин жышааны эле.

– Ал адеп көнбөй койсо деле, моюбаңыз. Эсиңизде болсун, тамчы таш тешет. Мен сизге чоң үмүт артам.

– Сен бычкан баага түз эле макул боло коёт деп айта албайм.

– Ал баа үзүл-кесил эмес да. Жүрө-бара көрөрбүз.

Аял ага шумкарды көргөздү. Бул кооз, кербез кушту көргөндө жигиттин ага сырттан болгон сүйүүсү оголе бекиди.

Кетип баратып, ал кемпирге:

– Мен сизден кабар алып турам, – деди.

Ал өзү айткандай аялдан кабар алып турбай эле, айылга кудайдын куттуу күнү келип жатты. Чал көзүнө чалдыкпайт. Тааныштары жашаган четки үйлөрдүн бирине токтойт, балдарды чуркатып, оболу чалдын үйдө бар-жогун билет. Жок болсо гана кемпирге жолукканы келет.

Акыры үч-төрт күндөн соң үмүт оту жылт эткенсиди. Бул күндөрү куш баасы да аз-аздан өсө берди. Дагы эки күндөн соң чал моюн сунду. Нарк жети миңди чапчып барып токтоду. Андан сырткары бир жарым миң кемпирдин «сөз акысы» менен «көз акысына» кетти. Чалдын андан кабары болгон жок.

Ал кушту алып кеткени келгенде, абышка ага:

– Бизде эмне үчүн кандар турактабай жатканын мен эми түшүндүм. Ал байкуштар мен сыңары зайыптуу немелер да.

– Анан эмесе, – деди Элеман жылмая. – Моюн кайда бурулса, баш да ошондо.

– Демек, аны шаарга алып кетет экенсиң да?

Элеман баш ийкеди.

– Эмнеге салып алпарасың?

Элеман муну ушу күнгө чейин ойлоно эле экен, ийнин күүшөп тим болду.

– Киши ушинтип да куш сатып алабы? – деди чал, иренжий түшүп.

Анан бир аз ойлонуп туруп:

– Мейли, капасы менен ала бер, – деди.

– Капаска берер акчам жок, – деди Элеман.

– Бекер эле ал, – деди Топой. – Мал-куштун карандай башы гана сатыларын билерсиң. Бул саам каадага деле көз жумуп коёлу.

Элеман чалга ыракматын жаадырды.

Кушту алып кетип бараткан кезде, чал ага:

– Мен эми кансыз кармашта Кеңеш Союзунун Америкадан не себептен жеңилип калганын да түшүндүм, – деди.

– Эмне себептен экен?

– Мен Кеңеш Союзу болдум да, сен Америка болуп, мени жарга түрө камабадыңбы?

Элеман анын сөзүнө күлө баш чайкады.

Мына ошентип, алгыр куш үчүн болгон бул купуя кармашуу саясат жаатындагы ушундай күтүүсүз чолуу менен бүттү.

Ушул жерден биз бул окуяга чекит коюп, бүтүрсөк деле болмок. Бирок акыркы күндөрү Элеманга Топой мурдагы бүтүмүнөн жанып, кушун доолап, кайра ага келгени жатыптыр деген сөз жетти. Анын болжогон маалынан бир күн эрте жолго чыгышы мына ушул кооптонуудан улам эле.

 

X

Акыры алар Кызыл Көпүрөгө да келип жетишти. Бул олуттуу, тогуз жолдун тоомундагы, кыймылы кызуу трассада жайгашкан, стратегиялык мааниси бар дегидей борбордук пост. Элемандын Орто-Токойдогу жосундары мында деле суу кечпей калат. Ал жер ээн, тобокел кылса боло берет. Мында башка кеп, номурсуз сени алыска узатпайт.

Элеман ичинен бул жерде аларды сөзсүз токтотот деп ойлоп келаткан. Ошондой эле болду. Милиция формасындагы автоинспектор аларга токто деп белги берди. Адатынча кагаздарды текшере баштады. Кабинада отургандарды сүзө карап, машинеге айланта көз жүгүрттү.

– Чийин кайдан?

– Эски чийин.

Инспектор чөгөлөй отура калып, чийинге үңүлдү.

– Эски эмес.

Элеман унчукпады.

– Кайдан келатасыңар?

– Нарындан.

Ушул кезде инспекторго жашыл-сур форма кийген башка бир киши келди. Ал автоинспекторду четке ээрчитип кетти. Обочодо экөө бир аз сүйлөшүп туруп калышты. Автоинспектор анын сөздөрүн угуп жатып, Элемандарга, машинеге улам шектүү карап коёт. Анан ал беркиге бирдеме деп, Элемандын кагаздарын узатты, өзү болсо офисин көздөй басып кетти. Беркиси ошол ордунда туруп, кагаздарды барактап көрдү, анан аны күрмөсүнүн төш чөнтөгүнө салып, буларды көздөй басты.

– Саламатсыздарбы, – деди ал Элеманга, – мен экология көзөмөл постунун инспекторумун, – аты-жөнүн айтты. – Машиненин ээси сиз болсоңуз керек?

– Ооба.

– Машиненин жүк салгычын ачыңызчы.

– Эмне үчүн?

– Мен сизге жүк салгычты ачыңыз дедим. Сизге кыргызча түшүнүксүз болсо, орусча кайталап берсем болот.

– Мен жүк салгычтын ачкычын жоготуп алдым.

Инспектор Элеман ага башка тилде сүйлөп жаткансып, көзүн алайта карады.

– Мен азыр автоген алып келип, жүк салгычты кыйма-чийме кескилетсем, ачкыч табылар беле?

– Жок, табылмак эмес.

– Эмесе, биз андан да жөнөкөй кылабыз. Азыр мен лому бар балдарды мында алып келем. Алар жүк салгычыңарды көз ирмемде түп-тамырынан бери омкоруп беришет. Бекер эле.

– Сиз чоочун буюмду талкалоого акыңыз жок. Мыйзам чегинде жооп бересиз анда.

Инспектор ойлоно калгандай түр кылды. Элемандын жообу анын демин бир аз баса түштү, бирок шектенүүсү уламдан-улам күчөй берди. Эми алыскы жол постторунан ага кабарлаган машине ушул экенинен ал түк шек санабады. Тигилер бул машинеде тыюу салынган бирдеме бар экенин ага баса эскертишкен. Шопуру тартууну бизге заттай берем деп өзү айтты дешти. Эми бул инспектордун жүк салгычта толо алтын бар экенин кадиксиз билгендей ак эткенден так этип турганы да ошондон.

– Силерди сөз менен жеңүү кыйын, билем. Укугуңарды мыкты билесиңер, милдетиңерди болсо билгиңер келбейт. Бул кылыгыңар керт башыңарга зыян алып келерин эскертип коёюн. Силер азыр кызматтагы кишинин өз милдетин өтөөгө жолтоо болуп жатасыңар. Бул үчүн мыйзам алдында толугу менен жооп бересиңер.

Ошентти да кетип калды.

– Сен эмне үчүн ачкыч жоголду деп айттың? – деди Алтынай.

– Анда ачкыч сенде десем, туура болмок экен да, чынбы?

Элеман бир саамга үндөбөй калды. Ал кырдаалды таразалап, андан кантип жол табуунун айласын ойлоду, бирок бир да жылчык жоктой. Машинелер көпүрө аркылуу эки тарапка агылат, бирок алар сыңары туюкка камалган башка жан жок.

– Назима, тышка чыга туралычы, – деди Алтынай. – Эшик ачык болсо да, мында үп болуп турат.

Кыздар машинеден чыгышты. Элеман да чыгып, пост жакты көздөй басты. Ал инспектор менен өзүнчө сүйлөшүп, бизди коё бер демек болду. Албетте, бекерге эмес.

Бул кезде кыздардын жанынан өтүп бараткан бир машине капыстан токтоду. Андан бузулган бусиктеги кепкачан жигит чыкты. Ал тигиндейден оң колун көтөрө саламдашты, жалжая күлүп, аларды көздөй басты.

– Мына жолубуз дагы тогошту, – деди ал, оозу күлкүдөн жыйылбай. – Эки тоо жолукпайт, эки киши жолугат дешкени чын.

Анын кейпин көргөн Назима негедир күлкүсү келди, бирок үн каткан жок.

– Эмнеге турабыз? – деп сурады тиги.

– Ушундай болуп калды...

– Макул десеңиз, кеттик биздин машине менен. Анда бир орун бар. Күйөө баламдын машинеси. Балыкчыдан кокус жолугуп калдым. Эс алып келатыптыр. Жок дебейт.

– Демек, мен дале болсо сизден кол үзбөшүм керек экен да?

Жигит аны күтө карап, жооп айтпады. Назима ойлоно түшүп:

– Пейлиңизге ыракмат. Мен классташ досум менен келаттым эле, – ал Элеман кеткен жакка ээк какты. – Коштошпой кетсем, мен жөнүндө жаман ойдо калар.

– Эрк сиздики, – деди тиги, шылкыя түшүп.

– Шаарда жолугабыз, – деди анан ал, кызга каадасынча жалжая күлүп.

Назима ага баш ийкеп койду, бирок тиги узай түшкөндө:

– И-и, сөзсүз күт. Мага азыр канат бүтөт да, артыңан учуп жетем... – деди тигини ээрчий карап.

– Мунуң дагы ким эле? – деди Алтынай, анын сөзүнө жылмая күлүп.

– Э-э, койчу ошону... Бир кокус көз тааныш, – деди Назима кол шилтеп. – Жок дегенде башындагы бөркүн алып койбойбу? Куйка териси казанда кечке кайнаган койдун башындай жыдып да бүттү окшойт.

– Балким, ал сага кокус тааныш экени чындыр. Бирок көңүлү сага кокусунан түшпөгөнү көрүнүп эле турат.

Назима кызара түштү, бирок унчукпады.

Ушул тапта Элеман экология инспекторун ээрчитип, кайра артка келди. Элемандын суз түрүнөн тилеги таш капканы билинип турду.

– Мен сизге силердин куулук-шумдугуңардан эчтеке чыкпасын түз эле айтайын. Бул силердин айыбыңарды арбытпаса, жеңилдетпейт. Ошентип, – деди инспектор, – жол бирөө гана: жүк салгычты ачыш керек. Ачкыч жаныңарда экенин да билем.

– Анда, балким, сиз анын кайда экенин да билерсиз, – деди Алтынай.

– Жок, билбейм, – деди инспектор.

– Мен болсо, сиз аны да билет экен, Вольф Мессинг сыңары кишинин купуя оюн окуй алат экен деп ойлоп жүрбөймүнбү.

– Тамашанын учуру али келе элек. Жүк салгычты ачпай кечеңдеткен сайын, абалыңар оордошо берет.

– Инспектор, сиз Элемандын сөзүнө эмне макул болбой жатасыз? – деп сурады Назима. – Ал шарт, билишимче, эки тарап үчүн да ылайык болсо керек.

– Мен азыр, жана сизге айткандай, кызмат милдетимди аткаруу үстүндөмүн. Бул учурда мен жалаң гана республиканын мыйзамдарына баш ийем. Ал мыйзамдар мага жеке кулкунумдун кулу болууга жол бербейт. Ошол эле мыйзамдар мени силердей шектүү жандардын акмалоосунан да коргойт.

– Биз шектүү болсок, сиз, демек, жаркын жан экенсиз да, – деди Алтынай ага кытмыр жылмайып.

– Сиз сөзгө асылбаңыз, чоң кыз, – деди ага инспектор. – Мен болгону фактыны константация кылып жатам.

– «Константация» эмес, «констатация», – деди Алтынай. – Сизге эми дагы бир бекер нуска: «инциндент» эмес, «инцидент». Мындайлар сизде көп болот да. Мына, балким, биз азыр да кезектеги «инциндентке» күбө болуп жаткандырбыз?

– Кудай сактай көр, – деди инспектор, жакасын кармамыш болуп. – Мен эмне, мектептеминби? – ал тегерегине анткорлоно көз салды. – Жок, андай эместей.

Анан ал Алтынайга:

– Билимиңиз ашып-ташып баратса, мектепке барыңыз. Азыр мугалимдин баары мектепти таштай качып, балдарды окутчу эч ким калбады. Сиздин ордуңуз ошондо окшойт. Байкуш балдар мектептен азыр чала сабат чыгып жатышат.

– Маселен, сизге окшошуп, – деди Алтынай.

– Чоң кыз, сиз өтө эле тыңсына бербеңиз, – деп чычалай түштү тиги. – Байкаңыз, жоругуңуз керт башыңызга таш болуп тийбесин...

– Демек, сизге башкалардын сын пикири жакпайт, – деди Алтынай. – Бирок мен болгонун айтып жатам. Же, сизче, андай эмеспи?

Тиги башка жакты тиктеп, ага жооп берген жок.

– И-и, баса, анан, – деп улады сөзүн Алтынай, – сиз чабал экстрасенс экенсиз, ачкычтын кайда экенин айта албадыңыз. Менин да ошондой бир аз чымындарым бар эле. Мисалга, мен, сиздей эмес, ачкычтын кайда экенин так билем.

Ал экологго сынай көз салды. Тиги аны жек көрө карады, бирок үндөбөдү. Ал бул бетбак кыздын бет тырмарлыгы дагы кай чокуга чыгарын сабырдуулук менен күтүүдө эле. Алтынай ачкычты кол телефондун капчыгынан алды да, анын көз алдында оңдуу-солдуу сермегиледи.

– Мына жүк салгычтын ачкычы, – деди ал. – Күчкө салып алам деп ойлобоңуз – өкүнүп каласыз. Ачкычты сизге бергиче, мен колуңузда өлүп берем.

Инспектор апкаарый түштү. Анан теригип, кызга чакчая карады. Бурула басып, кетип калды.

– Сен ага ачкычты эмнеге көрсөттүң? – деди Назима. – Азыр кишилерин ээрчитип келип, ачкычты күчкө салып алып койсо кантесиң? Каяша кылсаң, абакка жабат.

– Ошентип эле көрсүн, – деди Алтынай. – Чын сөзүм, иш абакка жеткиче мен ал тостоктун эки көзүн тең олуп алармын.

– Бекер антесиң, – деди Элеман да. – От менен ойнобо. Менин кагаздарым анын чөнтөгүндө экенин унутпа.

– Унута элекмин, – деди Алтынай. – Бирок мен мындай ичине ит өлгөндөрдү жинимдей көрөм. Кыйынсынып коёт дагы.

Анан:

– Жуукур, – деди ал, мурдун жийиркене чүйрүп.

– Сен чын эле көзү жоктук кылдың, – деди Элеман. – Ал сени тамашалап жатат деп ойлоду, кейпи. Ошол гана биздин жаныбызды аман сактап калды.

Ушул тапта алардан четирээк жерге ачык кызыл Mazda келип токтоду. Андан кара көз айнекчен, жылаңач этке ири тордуу кара көгүш футболка кийген алибеттүү жигит чыкты.

– Алтынай, салам, – деди ал. – Сени мында кайсы шамал айдап келди?

Ал кызды ийинден имере тартып, бетинен чоп өптү. Алтынай жылмайып, Элеманга жоодурай калды эле, тиги жүзүн үйрүп кетти.

– Тентек шамал болсо керек, – деди кыз. – Өзүң кайдан?

– Көлдөн, – деди тиги. – Эс алууда болдум.

– Өзүң элеби?

– Үчөөбүз, анан Айка. Сен аны билесиң да, – ал кызга куулана көз кысты.

– Бул болсо биздин коом, – деди Алтынай. – Бул Назима. Назима, бул Бектур.

– Бектур, – деди тиги, Назимага кол сунуп.

– Элеманды сен билесиң, – деди Алтынай.

Жигиттер кол кысышты.

– Бектур, мындайраак баспайлыбы, – деди Алтынай.

Алар тигиндей барып, көпкө сүйлөштү. Көбүнчө Алтынай кобурап жатты. Бектур аны унчукпай угуп, анда-санда гана бир-эки ооз сөз кыстырып коёт. Артка кайтып келгенде, Бектур өз машинесин көздөй кетти.

Алтынай Элеман менен Назимага келди.

– Машинеге отуруп, менин белгимди күткүлө. Анан токтобой жүрүп кет, Элеман, – деди ал кыска гана.

Демек, ал Бектур экөөсү бирдеме ойлошту. Тимеле кызык бирдеме болгону турат!.. Киноң мындай калат ко, кейпи. Берки экөө таң кала машинеге отурушту. Алтынай пост тарапка кетти.

Ал артына эколог менен кошо келди. Экөө машинеге оро-пара келишкенде, кыздын сүйлөнүп жатканы угулду:

– Мен сизге бул жүк салгычтын ачкычы дебедим беле? Анан дагы мен, – деди ал, мындай сөз оозунан чыкпаса да, – жүк салгычта эч нерсе жок дегем.

Ушул кобур менен ал инспекторду ээрчий жүк салгычка чукул келди да, ачкычты уясына салды.

Ушул чакта таң каларлык бир иш болду. Кызыл Mazda аларга тушма-туш келип, тык токтогондо, андан Бектурга кошо эңгезердей эки жигит чыга келди. Ал экөө инспекторду ай-буйга келтирбей эки колтуктан алды да, өз машинесин көздөй сүйрөй жөнөлдү. Аны ичкери түртүп киргизип, эшикти шарт жабышты. Алтынай да машинеге отуруп:

– Кеттик!.. – деп буюрду.

Бектур отурган машине да алга жүткүнүп, тосмо жакты көздөй зымырай жөнөдү. Тосмодогу инспектор ал машинада отурган экологду көрдү, бирок тигил эчтеке дебеди. Кайра, ал өзү инспекторго өткөрүп ий деген белги берди. Тиги, албетте, айтканын кылды.

Окуя көздү ачып-жумгуча бат закымдады, посстогулардын бири да анын төркүнүн баамдап билүүгө үлгүрүшкөн жок.

Бир мүнөттөн соң эки машине шосседе куйрук улаш зыпылдап баратышты.

 

XI

Алар посттон он беш километрдей аралыкта жол четине токтошту.

Элеман машинеден түшүп, беркилерге бармак болгондо, Алтынай аны токтотуп койду.

– Күтө тур, алар өздөрүнчө сүйлөшүп алышсын.

Элеман анын сөзүнө көндү.

Тиги машинеде бул кезде мындай маек жүрүп жаткан.

– Атың ким? – деп сурады Бектур инспектордон. Тиги ысмын айтты.

– Кош... – деди Бектур аны атынан айтып, – эми кантебиз?

Берки унчукпады.

– Демек, эмне кылууну билбейт экенсиң да?

Дале тымтырстык.

– Тышка чыкпайлыбы? – деди Бектур. – Машиненин ичи үп болуп кетти.

– Сен чыкпай тур, – деди Бектур экологго, ал да сыртка чыгууга камынганда, – сага али эртерээк.

Тиги ордунда коомайлана түйшөлүп, отуруп калды.

Калгандары чыгышып, жакын жердеги бактын көлөкөсүнө турушту.

– Ысыкты карачы, – деди Бектур бети-башын сүртүнүп жатып. – Мындайда көлгө түшсөң сонун да. Дагы бир күнгө калып калсак болмок экен.

Ушул тапта аларга Элеман келип кошулду.

– Мына балакеттин баарын баштаган жан, – деди Бектур. – Биздин күйөө бала.

Элеман бир аз кызара түштү.

– Сен досторуңа чалып, жарым сааттан кийин келем деп кой, – деди Бектур инспекторго. – Издеп жүрүшпөсүн.

– Мага көпкө кармалууга болбойт, – деди берки. – Чоңдор текшерип калышса, чекеден сылап коюшпайт.

– Айла канча? – деди Бектур. – Кызматта элем деп кой.

Тиги кол телефонун алып чалууга камынды.

– Байка, ашык сөз оозуңан чыкпасын, – деди Бектур.

Тиги телефон менен Бектурдун сөзүн жеткирди.

– Эки тарап да ыраазы болгудай кылып, бул ишти бас-бас кыла аласыңбы? – деп сурады андан Бектур.

Инспектор унчукпады.

– Демек, колдон келет, бирок жасагың келбейт. Анда биз күч колдонуу операциясына өтөбүз. Сага Бишкекке сейилдеп барып келүү жагабы?

Тигиде дале үн жок.

– Унчукпасаң, макул дегениң ошол. Кеттик, анда. Бишкекке барабыз, сен биздин күйөө бала өз жумушун тындыргыча, жарым сааттай анда болосуң. Анан биз сени коё беребиз.

– Мага алыс кетүүгө болбойт, – деди тиги.

– Чын эле, сага болбойт. Сен кызматтасың. Эмесе, биз башкача кылабыз. Рацияңды бери узатчы.

Тиги анын оюн жакшы түшүнбөй, рацияны капчыгынан алды. Анан аны жакын басып келген Бектурга узатты.

– Мага армияда мындай техника менен иштөөгө туура келген, – деди ал, рациянын алды-артына көз салып. – Чоңуңдун аты ким? Тиги, Бишкектегиники?

Берки бир фамилияны айтты.

– Азыр биз аны кепке тартып, сизге конокко баратабыз дейм.

– Антүүгө болбойт, – деди тиги.

Ал чөнтөгүнөн Элемандын кагаздарын алып чыкты, карабай туруп, Бектурга сунду.

– Бул жаман жышаан эмес, – деди Бектур ага. – Жыгылып-туруп болсо да туура багытта баратасың. Эми чечиле элек дагы бир суроо калды: азыр биз сени бошотуп ийсек, бизден кантип өч алат элең?

Инспектор унчукпады.

– Айткың келбейт, ээ? Анда машинеден чык.

Тиги анын сөзүн илгиртпей аткарды.

– Кеттик, анда балдар, – деди Бектур, машинеге отура берип.

– Рацияны таштап кетпейсиңерби? – деди тиги.

– Негедир «суранам» деген сөздү укпай жатам.

– Суранам.

– Ал бизде калат, – деди Бектур. – Эртең бизге чал. Бишкекке келип, менин колумдан аласың. Баса, биз али номур алмашелекпиз да. Бул сага менин визиткам. Сенчи, бересиңби визиткаңды?

Тиги чөнтөгүнөн кагаздарын алып, алардын арасынан визиткасын тапты да, Бектурга сунду. Ал аны өйдө көтөрүп, окуп жатты.

– Бул башка кеп, – деди Бектур анан. – Демек, эртең чаласың. Эртерээк чалсаң да болот. Мен сенин кайда келериңди айтам. Келип, рацияңды алып кетесиң.

– Ал мага жумушта керек, – деди тиги. – Мен силерге зыян кылбайм.

– Биз аны кайдан билебиз? – деди Бектур. – Сырты бүтүн, ичи түтүн деген силерсиңер да. Бери карап күлсөңөр, ары карап шыбайсыңар.

– Кудай акы, – деди тиги.

– Балдар, бул жигиттин сөзүнө ишенсе болобу? – деди Бектур.

Калгандар унчукпады.

– Менин керт башым сага ишенбейм, – деди Бектур. – Бирок көпчүлүк суранып жатат. Алардын эрки мен үчүн мыйзам. Бирок сен бизге кара санасаң, соодаң бүттү дей бер. Сени жердин жети түбүнөн таап, төбөңдү кандайм. Буга бөркүңдөй ишене бер.

Тиги баш ийкеди. Бектур ага рацияны кайтарып берди.

Машина ордунан жылды.

– Ал керектүү жерге азыр эле чалып койсо кантебиз? – деди рулдагы жигит.

– Анте албайт, – деди ага Бектур. – Көздөрү эле айтып турбайбы? Коркок, коён жүрөк.

Анан:

– Визиткасы колдо турбайбы, ал менден алыс узабайт. Тозокту али көрө элек болсо, ошондо билет, – деди.

Элеман өзүнүн күтүүсүз куткаруучуларына удаа ордунан жылганда гана эркин дем алып, жеңилдей түштү. Албетте, аларга же арттан куугунтук чыгып, же алдыдан тосуп алышы мүмкүн эле. Муну ал Алтынайга айтканда, тиги камырабай:

– Бектур ага жол бербейт, – деди.

Демек, ал Бектурга кудайындай ишенет. Элеман алардын артынан калбай, азыр кабылчу ар кандай кокустукка каршы дабаны ушул алибеттүү жигиттерден издеп баратты. Анда-санда артына кылчайып, жүрөр алдынан кабинага чыгарган капаска көз салып коёт. Ал ушул кушка байланып калганына дагы бир жолу катуу өкүндү.

Кош, эрке куш, эмне үчүн сен экөөбүзгө тагдыр мынчалык таш боор? Же күнөө менден кеттиби? Бирок мен сага кара санаган жокмун да. Ооба, мен акмакмын. Эмесе сени көнүмүш ордуңан козгоп, мындай жердин түбүнө алып келмек эмесмин. Эмне кара басып алып келдим десең мында? Каргыш тийген акча үчүнбү? Сени сата албай калсамчы? Анда Топойго кайра алып барамбы? Аларын сөгүнүп-сагынса да кайра алар, бирок акчаны кайтарабы? Акча деген балээңин кумга сиңген суудай заматта житмейи бар да. Ага чейин кара басып, өлүп калсаңчы?

Кайда баксаң, жоопсуз суроо. Ал Топой чалды эстеди. Анын бир жолу ак аюу чөлдө жашай албагандай, бул куш да шаарда жашай албайт дегени бар эле.

Баары бир аны шайтан азгырды. Чоң акчанын кумарына туруштук бере албады. Арзан болбосо да, акмалап жүрүп, кушту колго түшүрдү. Эми наалыган менен пайда жок. Мобереги тосмодон өтүп алышканы жакшы болду. Балдардын келип калганын карасаң. Ириде бул иш же Кудайдын, же периштенин ыктыяры менен болду бейм...

Ал илгери бир жерден ушул куштарды, ителгилерди, чек арадан өткөрүп, арап шейхтерине чоң акчага сатышат деп уккан. Бирок ал акчаны тигилер куш колго тийгенде гана беришет. Ага чейин шордуу куш нечен-нечен тоскоолдон, албан-албан колдордон өтүшү керек. Жолдо ошол эле ортомчулар, чек ара, бажы, экология кызматкерлери... Анын жолуна туш келген ар бир жан байкуш куштун ырыскысынан бирдеме өөнөп калгысы келет. Элеманга куш үчүн канча беришери да белгисиз. Ал кишилер өзү кандай жандар болду экен?

Кээ бирлери шейхтер бул куштарды илбээсинге салышат дешти. Кызык, алардын каксоо чөлдөрүндө дагы кандай ителги алчу илбээсин болмок? Эмне үчүн өзүлөрүнүн алгыр куштары жок? Илбээсин болсо, алгыр кушу да болушу керек да. Табийгат боштукту сүйбөйт. Маселен, казак талааларын алсак, анын алуучулары да, алынуучулары да орду-ордунда. Андыктан мында бир мандем бар.

Ал сыртка кетчү ителгилер жөнүндө жакын бир таанышынан дагы бир кепти уккан. Бул аңгеме кызыктуу, кооз аңгеме эле. Ал аңгемеге таянса, ителгилер чет жерде илбээсинге салынбайт. Тагыраак айтканда, куш агытылат, бирок таптакыр башка нерсеге. Ал жерде, Кызыл Деңизде, же ошого жакын бир жерде, албетте, сөзсүз деңизде, бермети арбын жерлер бар экен. Чумкугучтар үчүн ал жерлер оголе тереңдик кылат. Ошол жерлерде бул куштар бермет алуу үчүн колдонулат экен.

Мунун жөнү мындай. Алар берметке агытылардан мурун, албетте, тапталынат. Таптоо учурунда аларды ачык кабык ичинен берметти көз ирмемде илип кетүүгө үйрөтүшөт экен. Мындай машыгуулар кабыктуу жасалма берметтерде аткарылат. Куш инжини элпек илип кете ала турган абалга жеткенде, аны бермет кабыгы калкып чыкчу жерге жакын алып барышат. Бермет өсчү кабык деңиз түбүндө жатып, инжи жетилер маалда калкып, суу бетине чыгат экен. Анан ал көз ирмемге ачылып, кайра шарт жабылат экен, ошол бойдон суу түбүнө житип кетет сыңары. Куш мына ушул тапта берметти илип кетиши зарыл. Албетте, анан ал инжини ээсине жеткирип берет...

Бул кептин чын-төгүнүн эч ким билбейт. Ал кооз, акылга сыйымдуу, бирок чын эле ошондой болду бекен? Өз көзүң менен көрбөгөн соң, тигиндей же мындай деп кесе айтууга да оозуң барбайт.

Күн кечкирип баратты. Күн көзү чак түштөгүдөй чакчая тийбесе да, абадагы дем мурдагыдан да кычап киргенсиди. Сапар соңуна чыгууда. Жол четиндеги ирээтсиз бак-дарак артты көздөй тизиле чубурат. Ичинде кара жыгачы, тереги басымдуу. Анда-санда кайың да жолугуп калат. Артта калган аянычтуу доордун кейиштүү эстелигиндей, тигинден-мындан дүмүрлөр соксоюп көрүнөт. Бул дүмүрлөр он-он беш жыл илгери отун-суу тартыш маалда кыйылган дарактарга таандык. Анда өлкөдөгү оор абалдан улам кыштан эптеп чыгуу максатында ушул дарактарга аргасыз балта чабылган.

Машинедегилер үнсүз. Аларга бүгүнкү талаш-тартыш, түшүнбөстүк, бут тосуулар эми артта калып, тарых энчисине өткөндөй сезилди. Бирок бул пикирде чоң жаңылуу бар эле. Көп узабай бул сапардын кээри алардын болочок жашоосуна бүлгүн салып, ойсурата сокку урмак. Азыр алар мындан бейкапар эле, анын үстүнө сапардын соңуна да али чекит коюла элек болчу...

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Төрөкан Мискен, 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 4438