Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Балдар адабияты / "Манас" эпосу, кичи эпос
© Осмонкулов Ж., 2011, 2016 ж.
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 6-июну, 2016-жылдын 28-декабры

Жапарали Адашканович ОСМОНКУЛОВ

Семетей

Балдар үчүн («Семетей» эпосунун кара сөз варианты)

Элибиздин улуу мурасы болгон «Семетей» эпосун Кыргыз Республикасынын Жаштар жана Балдар адабияты сыйлыктарынын лауреаты, жазуучу ЖАПАРАЛИ ОСМОНКУЛОВ кара сөз кылып жазып, өспүрүм балдар журтуна таберик катары сунуштап отурат. Окурман балдар журту баатыр Семетейдин эрдиги менен калыстыгы, көчмөн элдин турмушу, ата наркынын сакталышы, мекенди сүйүү, анны көздүн карегиндей коргоо, адилеттүүлүктүн орношу, элдүүлүк менен мамлекеттүүлүктүн достук байланышы жөнүндөгү баяндамалар менен тааныша алат. Келечек муунду окутуп тарбиялоодо, эл жерди сүйүүгө, улууну урматтоого, кичүүнү ызаттоого үйрөтүүдө жана эл достугу, биримдиги өңдүү улуу сапатка үндөөдө чыгарманын мааниси чоң.

Осмонкулов Жапарали. Семетей: Балдар үчүн («Семетей» эпосунун кара сөз варианты). Ж.Осмонкуловдун варианты боюнча. – Б.: Улуу тоолор, 2016. – 128 б. китебинен алынды.

ББК 82.3 (2Ки)
    УДК 821.51-93
    С-30
    ISBN 978-9967-470-21-7
    С 4803300500-16

 

КАНЫКЕЙДИН КӨБӨШ ХАНДАН ЧАБЫЛЫШЫ, СЕМЕТЕЙДИ АЛА КАЧКАНЫ

Байыркынын жомогу Манастан бери эшилген кумдай куюлуп канча күндөр, канча жылдар жылжыды. Канча санжыргалуу берендер, аты бар да, наркы жок нечен түрлүү эл өттү. Ошол күндөн ушул күн сай бузулуп тоо, тоо бузулуп коо болду. Деңиз соолуп чөл, чөл бузулуп көл болду. Жазып алган немедей, атпай журтка эп болуп, байыркынын жомогу бүгүнкү күнгө жетти. Качан болсо бу жомок уккандын көөнүн көтөрдү, айткандын өнөрүн өстүрдү. Кылымдар бою эл оозунда сары майдай cакталды. Эми байыркынын жомогу баатыр Манастын уландысы катары, анын уулу Семетейдин жомогунан баштайлы.

Семетей төрөлгөндөн кийин Манас акка моюн сунду. Ошондо Көбөш хан:

– Абыке, илгертен жеңесин кайни алган. Өлсө Манас өзү өлдү. Анын иниси катары сага Манастын жесири Каныкейди алып берем, – деди буюра сүйлөп.

– Мен карыган немени албайм, – деди Абыке кыйыктанып.

– Аласың, албай кайда барасың. Эми Манастын кырк чоросу мага чоро. Тил албагандын барар жери өлүм, – деп чоролордун ичинен Кыргыл чал менен Тазбайматты чакырды. – Айтып баргыла, Каныкей жөнү жок желикпесин. Тийбейм десе, долуну чаап алам. Төркүнүнө кууп салам. Тез жөнөгүлө, — деп көкүттү.

Хандын буйругу эки болбоду. Экөө Манастын ордосуна шашыла чапты.

– Каныкей айым, жетимдик арман менде, жесирдик арман сенде бар. Кабылан Манастан айрылып жесир калдың. Андыктан сөзүмдү ук, Абыке кайниңе тий! Болбосо хан Көбөштөн көргүлүктү көрөсүң, ажалың жетпей өлөсүң, – деди Кыргыл чал жете барып.

– “Хан Көбөштөн ажалың жетпей өлөсүң” деп таап келген эрин көр, мына бул эки акмактын, – деп Каныкейдин жаны катуу кашайды. – Айкөл Манастын өлгөнүнө кырк күн толгон жок. Башыман кара түшө элек. Экөөңдөн башка арачы табылбадыбы?! Ух, силерди элеби?! – деп болот канжарын оңду-солду шилтеди.

Тазбаймат менен Кыргыл чал кызыл ала кан болду. Жеткирбей куйрук үздү, ханга кабар айтканы.

– Каныкей бейбак, мени укпады. Хан сөзүн эки кылды. Мен дегениң аттангыла, артымдан калбагыла! – деп айкырды Көбөш хан кабар жеткенде. – Барбагандын башы кетет. Манастан калган казынаны чачам, мал мүлкүн барганыңа бөлүп берем. Каныкей менен жетимге кордукту катуу көргөзөм, – деп Көбөш хан жоого аттангандай аттанды. Каныкей жесир “Көбөш хан чаап алмак болуп келатат” дегенди угуп, карбаластап калды.

– Эне, мен сенден суранам. Уулуңдан калган жалгызды куткарып кал. Кең-Колдун ичинде бой жашырып тургула. Көөдөнү жок Көбөштүн кесири тийбесин. Чыйбыт, Кочкор эки арам, Адыбай, Көлбай төрт арам, Абыке, Көбөш алты арам Манас ордону чаап алмакчы болуп келатыптыр, – деди Чыйырдыга.

Сексенге таянган Чыйырды байбиче небересин бооруна кысты. Буркурап ыйлап, басып кетти.

– Мени менен касташкан сенсиңби, кесепетүү канчык?! Мага демек Манасты тирилтип кел. Ага карабайм. Салтты бузган уятсыз аялды чабам. Жетимин көк бөрү кылып тартам! – деп Көбөш хан айкырып келип, айбалта менен тартып жиберди.

– Көбөш, хан сендей болобу?! Аялга айбалта көтөргөнүң сага эрдикби?! – деп тилсиз жаткан Каныкейдин башын аларда эр Шууту куткарып калды.

Көбөш хан антип турганда алты арам карап турган жок. Жабылуу турган бешикти кимдики, ичинде бирөө барбы деп карабай көк бөрү тартып кетти. Кызылдан дан, катуудан казан, туяктан мал калтырбай, үстүнө тигер үй койбой таламай татты кылды. Бөлөкбай уста жасаган сегиз түр жоо жаракты Жакып, Абыке, Көбөш олжолоп алды. Манас ордо талкаланды. Казына чачылды. Ак ордо үйдү чечтирип, Желмаян аттуу төөнү чөктүрүп, баарын жүктөп кетти.

“Энемди эптеп жетелеп, бул жерден жүрүп кетпесем болбойт. Эри өлгөн катындын төркүнү жакын. Жетимим жетилгенче Букарда болоюн” деп эсине келген Каныкей кең Таласты таштап, төркүнүнө кетүүгө шайланып, жолго чыкты.

– Аппак калпак, көк чепкен, кайран элим аман бол! Кызыл көйнөк, кымча бел, кыз-балдарым аман бол! Калайынан күмүш көп, кайран жер, Талас аман бол! Оо, куу дүйнө, жанымда азыр болсочу капылеттен сөз тапкан, караңгыда көз тапкан абакем Бакай, ай Сарала ат минген аяшым Алмамбет, алышса адамдын алы жетпеген Акбалтанын Чубагы, тулку бою кара таш Сыргагы кана?! Же алардын арбагы көрүнсөчү! Элирип кетип баратам, көк кийген калың шорум ай! – деп ай талаада боздоп баратты.

Кең-Колдун ичинен энеси Чыйырдыга кез келди.

– Каныкей, көп шорлой бербе. Насип эмес экен, төрөң келбес жакка кетти. Бизди кудай колдойт. Эми белиңди бек буу, кайрат кыл! Ажалы келсе баарыбыз жер жамынабыз, келбесе бир жакшылыктын үстүнөн чыгарбыз. Семетейим, Айкөл Манасымдан калган белегим, жакадагы кундузум. Бирөө жарым көрүп калганча, атакең Темир ханды көздөй качалы, – деп Чыйырды эне Каныкейди ээрчитип жолго чыкты.

Боз күлүгүн чайпалтып, Манас ордого келаткан Бакай Үч Кошойдун колотунан сербеңдеген эки караанды байкады. Жетип келсе Чыйырды менен Каныкей.

– Бакай, амансыңбы? Көбөш хан баарын бүлдүрдү. Биз минтип ай талаада тентип калдык. Алты арамдын айынан арбын элек, аз болдук, Бакай, – деди көз жашы көлдөй көлкүгөн Чыйырды.

– Эх, арман дүйнө! Жаш чагымда неге мындай кордук көрбөдүм Манастан мурун өлбөй арманым күч! Карыган чагымда Көбөштөн дагы качан камчы жейм деп корком. Кайтарганым ошонун төөлөрү. Каныкей балам, мен Семетейди ушул жерден он эки жыл күтөм. Ошо жылда келбесе, ажалым жетип өлөрмүн. Келсе төө ичиндеги кара Желмаянды Семең үчүн сактайм! О дүйнө кеткен жалгызым Манастын тузун ушинтип актаармын, – деп ботодой боздоду.

– Хан абаке, Семетей Манастан калган туяк эмеспи, жетилер. Абыке, Көбөштөн өчүн алар. А көрөкчө, абаке, бизге жолго азык камдап бер, мине турган улоодон жардам бер, – деди Каныкейдин жарпы жазылып.

Бакай кубанды. Эки күлүк ат жетелеп келип алдына тартты. Токумун жумшак токуду. Отуз күнгө жете турган азыкты куржунга салып, ээрге артты.

– Эмесе, көрүшкөнчө аман болгула! – деп Бакай ай талаада өкүрүп өксүп калды.

– Кагылайын Таласым! өөдөдө бассам өбөгүм, мүдүрүлсө жөлөгүм! Баарыңардан айрылдым, кырк уруу кайран кыргызым! Айкөлүмдөн айрылып, Эчкилүү тоону жай кылдым. Үмүтүбүз үзүлбөйт. Тентиреп жүргөн жетимиң бир күнү кайтып келер, – деп Каныкей менен Чыйырды экөө узап кетти.

Букардын ханы Темирдин уулу Ысмайылдын толуп турган убагы. Элдин четин сак сактап, баатыр болгон кези. Букаранын оюнда эки атчан караанды көрүп, билеги жоон балбандарына олуттуу кайрылды:

– Ай, балбандар, кимдер баатыр болбогон. Жездем Манас кабылан ак марал айдап уй кылган, асылганды буй кылган. Каңгайдын ханы Коңурбай айлакерлик менен бейкапар келе жаткан Манасты ажыдаардын уусуна сугарылган айбалта менен как көк шилиге чааптыр. Ошондо жарасы ырбап кетип, хан жездекем өлдү, эжекем Каныкей туугандардын азабын көп көрдү деп уккам. Жездем өлгөндө тээ көрүнгөн көк көлчүк соолуп калган. Эми карагыла, кайра толуп калыптыр. Бактары гүлдөп, үстүндө көк булут айланат. Жанында эрбеңдеп эки караан жүргөнсүйбү? Же көк көлчүктүн көзүн эжекем Каныкей ачты бекен? Көгөргөн көк булут эжекемдин дарты болуп жүрбөсүн? Айбат кыла жер чалалык! Эгер эжекем Каныкей болсо Букарга хан көтөрүп алалык! – деп Ысмайыл жетимиш балбанын баштап чаап жөнөдү. Артынан чаң уюлгуп калды.

– Айланайын энеке, Бу кайдан чыккан душман?! Сүрү катуу, жаалы жаман, бу кайдан чыккан жоо?! Минтип келсе чыркыраган куу жанды курмандыкка чалат го?! Бала деп тентип жүрүп өлүп кетпейли. Энеке, батаңызды бериңиз! Куу башым армансыз өтсүн, салгылашып өлөйүн! – деп Каныкей оозун жыйганча бир тууганы Ысмайыл жете келди. Ач бөйрөккө колун таянып, айкырык салды.

– Алышкан жоосун тепсеген, көк жал жездем өлбөй кал! Таалайыңдан айрылып, тамтаңдап тентип Букарга, каралуу эжем келбей кал! Карыганда мусапыр кылып, акылман Бакай абаңды, бууданым, жездем өлбөй кал! Алып качып баласын, таштай коюп

Таласын, жаралуу бугу энедей, эжекем, Букарга тентип келбей кал! – деп өкүргөндө Каныкей кайгылуу кебин, туугандар чырын айтты.

– Ой, иним! Турмушка көзүм каныгып, эмеле топуктуу жашай баштаганда жөлөгүм Манас өттү. Эсирген Көбөш хан ордону бузду, бизди тентитти. Өчүмдү алты арамдан алалбай, Таласты таштай качтым. Мобу үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган баатыр жездеңден калган бала, эр туягы. Иним, Букар жериңди жерим дебейин. Боорумдагы жетимди балам дебейин, сага башы менен берейин. Кор кылбай өзүң багып ал. Бирөөнүн уулу дегизбе! Ооз ачып өпкөн берекем ушу, мындан башка менин кимим бар?! Көкөтайдын ашында Кошой хандын батасы жалгаган, батадан бүткөн Семетей менин аккан булагым, баатырдан калган чунагым.

Итаягын кечирип, чыбыгын кыркып берди. Каныкей ушинтип ырымын кылды. Иниси Ысмайыл саадак огун кармады, кылычтын мизин өөптү, антын жасады. Эжесинин баласын бала кылып алды. Букарга кабар айттырып, ырымы кылып чоң Күрөң атка мингизди. Той берди.

– Аман болсо, бу бала кыраан болот. Кылымга тете баатыр болот! – деп айтышты, тойго келген атактуу сынчылар.

 

СЕМЕТЕЙДИН БАЛАЧАГЫ

Букардын ханы Темир хан небереси Семетейди таманын жерге тийгизбей, маңдайын күнгө күйгүзбөй чоңойтту. Жери Талас, улуту кыргыз, атасы кыраан Манас экендигин айтпады. Кичинекей кезинен улак тарттырып өстүрдү. Беш жашынан каруусуна ок— саадак илди, күлүк ат минди. Алты жашында эр мүнөзү байкалды, буюрса, атасынан ашат деген жылуу сөз укту. Сегиз жашында шер өңдөнүп жулунду. Он бир жашка келгенде артынан жигит ээрчитти, оюндагысын ого бетер өөрчүттү. Он экиге келгенде ит агытып, куш салды. Мылтык атып, жаа тартты, жол күзөтүп, жоо тосту. Менменсиген бектердин сазайын берди. Бектер, эшен-кожолор жадаганда ханга арызданды.

– Улуу урматтуу таксыр, биздин мээримдүү Темир ханыбыз! Букардан Семетей деген тентек чыкты. Ал баарыбызды сабады, жер бастырбай камады. Биздин сөз өтпөй калды, жетимиңди тыйып ал! Тыйбасаң бул жерде турбайбыз, Букардан кетебиз, – деп коркутту селдечен эшен-кожолор.

– Арбак ургурлар, эмне дүрбөйсүңөр?! Билсеңер Семетей тулпардан калган туяк. Ал менин найзага таккан желегим, асылдан калган белегим. Силер кордоду, сабады дедиңер. Кана, бирөөнүн бир жери жулунуп кеткени, же өлгөнү, жерге көмүлгөнү. Экинчи мындай сөзүңөрдү укпайын! Баатыр Манас атасы, Каныкей энеси экенин билгизбегиле! – деп каары катуу Темир хан эшен-кожолорун тыйып койду.

Хан айтышы айтып алып, кайра өзүнүн тынчы кетти. Эл оозунда элек жок эмеспи. Сенин элиң, жериң башка деп койсо бөөдө уят болбоюн. Таятам бузуктугун жашырып жүргөн тура деп Семетей өзүмө чатак кылбасын, түбүмө жетпесин деп коркту. Ошон үчүн күйөө баласы Манас баатырга жакшылап аш берүүнү чечти. Сегиз хан элими чогултайын, ат чаптырайын, той кылайын деди. Семетей неберемдин көңүлүн өстүрүп, хан көтөрүп алайын. Балким журт атасы болгондо тентектиги калаар, эшен менен кожого кылган зордугу тыйылаар деп ойлоду.

Кызы Каныкей атасы сегиз хандын элин чакырып, той берет экен дегенди угуп, өзүнчө төлгө кылды. Аламан байгеге Тайтору бууданды чабайын деп ойлонду. Атты таптай баштады. Күрүчтөн күрөп жем берди, күндө чуркатып, күндүк терин алды. Арпадан аса жем берди, айда терин алды. Аксарбашыл кой айтып арбактарга жалынды. Санаасы көкүрөгүнө батбай, көзүнүн жашы төгүлдү, кабырга сөөгү сөгүлдү.

Тайтору атты учурунда Кошой карыя берген мал болчу. Нечен ирет байге алган, нечен ирет намыска жараган. Бирок карылыгы жетип, каржалып калган жери бар. Быйыл ага алтымыш асый толду. Ошон үчүн ырым кылган. «Байге алса байгесин бөлөйүн, ичимдеги бугуму уулум Семетейге айтайын. Эгер чыкпай калса, ары жок катын дедирбей, ажалдан мурун өлөйүн! Канымды ай талаага чачайын» деп Каныкей чечкиндүү турду.

Ал буга чейин далай атагы чыккан саяпкерлердин тулпар таптаганын көргөн. Ал тургай Аккула атты таптап көнгөн Каныш, кыраан Манаска караан болгон Каныш эмеспи. Андыктан кең Букардын учу кыйыры жок талаасында Тайторуну оң-тетири чапты. Учкан куштай болуп шамал менен жарышты, асмандаган күлүк аттын оозу менен алышты. Оргуй-оргуй чуратып, ачуу терин алды. Тайтору акыры тапка келди. Кабыргасы камчы саптай бөлүндү, тоо бүркүтүндөй ой-тоодо, талаа-түздө желге жеткирбей сызды. Кийинки күндү ойлоп, улуу кишиден ийменгендей кылчактап энеси Чыйырды байбичени кучактады. Карыган Тайтору атты төлгө кылып чабайын деп айтып, тизесин бүгө жүгүндү, батасын сурады. Энем батасын бербесе атты чаппай эле коёюн деп ойлоду.

– Айланайын энеке, ырымы кылып Тайтору атты байгеге чабайын дейм. Сиз кандай дейсиз?! Байгеге чапчу аттардын баарын кыдырып көрдүм, сынап келдим. Тайтору аттын башка тулпарлардан кемдиги жоктой көрүндү. Бир намыска жарап берер. Жок дебей батаңызды бериңиз, – деп Каныкей токсондогу жөлөгү энесине жалбарды.

– Балам Манастын арбагы колдосун! – деп бышактап ыйлап алды байбиче. – Ажыбай, Бакай эки хан арка болуп колдой көр! Алмамбет, Чубак эгизим жесириңе көңүл бөл! Сыргак, Серек эгизим, кайгы жеген жеңеңди кансыратпай сүрөп ал! Оо, теңир, келинимдин ишин оңдо, жесириңди колдо! Үмүткөр болгон байкушту жер каратып койбо! Жараткан теңир, кулунум Каныкейдин тилегин берсин! Байгеге кошчу Тайтору аты маарага биринчи келсин. Аты байге алып, санаасы тынсын, көңүлү ачылсын, кайгысы басылсын! – деп батасын берди, токсондогу Чыйырды байбиче.

 

КАНЫКЕЙДИН ТАЙТОРУ АТТЫ БАЙГЕГЕ ЧАБЫШЫ

Эртеси Каныкей кара чачын түйдү, эркек кийимин кийди. Эр жарагын байланып, Акборчук атты минди. Чыйырды энесинин батасын алып, Букарды көздөй аттанды. Сөлөкөт сөөлөтү эр Манастай көрүнүп, кара чаар кабылан капталында чабылып, кайыптар коштоп-колдоп жөнөдү. Чолок чаар арстан жандай салып чамынып, ал да коштоп баратты. Менменсинген Букардын сегиз ханынын алдынан Тайторусун жетелеп өттү, көздөрүн күйгүзүп. Сегиз хандын ортосу как жарыла ачылды. Колдорун бооруна ала чуркурап салам айтышты. Кең көкүрөк жайык төш, келберсиген шер турпатына, атка тумар кылып тагып алчу эр көркүнө суктана карашты. Каныкей каса тулпары Тайторуну чабыла турган аттарга кошту. Көйкөлгөн көкүлүн көк жибек менен түйдү. Кулпунган сыйда куйругун куу шайы менен бууду. Эки кулач чоң чылбырдын, ноктонун бышыгын тандап тагып, атын байгеге кошту.

Каныкей атын байгеге кошту деген кабар эл арасына күздүн суук желиндей тез тарады. Айрыкча кабарды биринчи уккан кара чечекей иниси Ысмайыл хандын куйкасы курушту, итатайы тутулду. «Арсыз жесир алтымыш асый атын байгеге чабам дегени эмнеси? Же өзүн көрсөтүп, сегиз хандын ичинен эр издегени жүрөбү?! Жездем Манастын төшөгүн баскан оңобу, арбагын эрдин кордогон бу дүйнөдө болобу?!» деп барабанын тарс урганда балбан желдеттери жалаңкычтай жетип келди.

– Урматтуу таксыр, бизге кызмат барбы?! – дешти баары колдорун бооруна алып.

– Кулунум Семетей, эжең Каныкей ат чабам деп ээлигип жүрөт деген элден ушак кеп уктум. Каралуу чачын түйүп, эркекче кийим кийинип, ат чабам деген эси жок эжеңдин бу кандай жоругу! Семетей, тез барып, билип кел! Кокустан эжекеңдин Тайторусу астыга чыгып келсе “Манас!”, “Манас!” деп Манастап ураан чакыр, атты алдыга сүрө! Артта калып калса, ойлонбой канчыктын жанын ал! Сөөгүн жолго сүйрөп сал, карга, кузгунга жем кыл! Курсагын иттер жарсын! Башын мага алып кел. Бу өңдөнгөн бузукту мага жолотпой, жан кишиге билгизбей жайла! Баарың калбай аттан! – деп иниси Ысмайыл катуу жинденгенде алтымыш желдети Каныкейди соймокко жөнөп кетти.

Айткан сөз, аткан октой, ооздон чыгаар менен тарап кетти. Жаман сөз каралуу Каныкейге да жетти. Тайтору аты байгеден чыгып келсе, уулунун урматына бөлөнөөрүн туйду. Чыкпай калса, шордуу жаны ошо өз уулунун колунан үзүлөөрүн да билди. Суук кабардан касиеттүү Каныкейдин ичи от, жалын болуп күйдү. Анткени ага күйгөн, аны сүрөмөлөгөн кыргыз эли, же кырк чоросу болбоду, түшүнгөн пенде жок болду.

Семетей кайдан билсин, анын жери Талас, атасы Манас, ак калпактуу кыргыз анын эли, алты арамдын айынан Букарга алып келген Каныкей апасы, Чыйырды чоң энеси экенин. Минтип ат чабам деп курсагынан чыккан өз баласынан ажал тапмак болуп отурат, арманы аттын башындай энеси. Кой ыйлаган менен пайда жок, ажалдан качар айла жок деп ойлоду Каныкей.

Ошон үчүн аздектеп сактап жүргөн Манастан калган дүрбүнү жыттап-жыттап колго алды. Не болсо да башка түшкөнүн көрөйүн деп дүрбү салды. Чубаган аттар деңиз боюна келип калыптыр, жээгиндеги чаң көктү көздөй сапырылды. Алдыда атасынын Актулпар аты топтон суурулуп учуп-күйүп келаткан экен, жаныбар. Каныкей канчалык дүрбү салбасын Тайторунун жанга жылуу караанын көрө албай заманасы куурулду.

Шайтан үмүтү дүрбүнү кайра көзүнө имерди. Тайтору көзгө илинди. Байкуш жаш кезиндегидей аркардай арышын кере албай, таманы кызыбай келатканын көрдү. Үстүндөгү каргадай баланы солкулдатып, үч жүз аттын соңунда арышы жайбаракат. “Алда, чиркин, куу дүйнө! Жолумдун катканы ушубу! Арбак ургур Тайтору, эми кайдан жүгүрсүн? Как эткен карга, кук эткен кузгун жок какыраган талаада арам өлөмбү! Төлгө тартып Тайторуну неге чаптым! Айкөлүм Манастан неге мен мурун кетпедим. Өз баламдан өлгөнчө, Актинте канжарымды алайын, как жүрөгүмө кадайын! Жок, маара али алыс, үмүт үзбөйүн. Акыркы жолу алтын көз дүрбүнү карайын. Чубап өткөн аттарды көз алдыман өткөрүп, тууралап кайра санайын. Тайторудан үмүт үзүлсө, баламдын колун тийгизбей, өзүм өлүп калайын!” деп оор кайгыга баткан Каныкей кайра дүрбү салды. Арбагы күчтүү Манаска жалынып, буркурап— буркурап ыйлап алды.

Эми Ит-Торпунун жолундагы чубаган аттарга көз кыры түштү. Ай, кудайым ай, санап көрсө, төлгө тарткан Тайтору аты келатыптыр, алтымыш аттын соңунда! Каныкейдин бетине кан жүгүрдү. Өчпөгөн үмүттүн оту кайра жанды. Анткени чапкан аты арышты кенен таштап күүлөнүп алыптыр, мойнун жерге салыптыр, желгенине жел жетпей, жеткилең чуркап калыптыр. Эңкейишке келгенде эликтей буту сайылды, өр тарта бергенде жал-куйругу жайылды. Таманы кызып, жер сабап баратты. Араандай оозу ачылды, кара ооздуругу карсылдап, кан аралаш ак көбүк омуроого чачылды. Башын чулгуп ойсоңдоп, ойноп кетчү немедей жеңил чуркап келатты. Үстүндөгү бала ээр кашына бек жөлөнүп алган, бопбоз болуп чаңга бөлөнүп калган. Ошого карабай Тайторунун тизгинин колдон чыгарбай башкаларга кошулуп, эригишип келатты.

Каныкейдин ыйы тыйылбады. Ичи күйүп, от болду, өрттөнүп кетчүүдөй чок болду. Алтымыш асый атына жалынып-жалбарды. “Оо, төлгөгө чапкан Тайтору ат, сенден суранам, ээликкен катын дедиртип, өзөктөн чыккан балама, мени шерменде кыла көрбө! Оо, жараткан кудай, сенден суранам, пендеңи көп эле түйшүккө сала бербе!”

Каныкейдин санаасы санга бөлүндү, көзүнөн жашы төгүлдү. Жанын коёрго жер таппай, кайра дүрбү салды. Карт буудан эми он эки тулпар соңунда канаттуу куштай сызып келатканын көрдү. Жүрөгү бир башкача дүкүлдөп, кубанып алды. Кайра ишене албай, көзүн чоң ачып-жумду. Жок, кайра караса чынеле өзүнүн Тайторусу! Ыйлай берип көздөрү шишиген Каныкейге көңүлүндө көксөгөн карт буудандын көкүлдөрү көрүндү. Тулпарды жандай чапкан айкөл Манас менен анын чоролору коштоп жүргөнсүдү.

“Аяшымдын аты, ааламга жетер даты” деп Сарала тулпарын булкунтуп, жал-куйругун түйүптүр, кыргындан кыя кайтпаган, өлүмдөн кайра тартпаган Алмамбет баатыр. Кыйкырыгы жер жарып, ажыдаардай сүрү бар аяшы арышы кең бууданды аябай сүрөп алыптыр.

Бери жагын караса, узун бойлуу, кең далылуу, кармашкан адамдын алы жетпеген Акбалтанын Чубагы “Жеңемдин аты, угулду мага даты” деп, ал да артыкча сүрөп алыптыр. Асты жагын байкаса, капылеттен сөз тапкан, атка жеңил, тайга чак, кабылан Манас Сыргагы “Бу жеңемдин аты” деп Тайторуну сүйрөлөп, оңду-солду теминип, бакырып сүрөп калыптыр.

Анан кайра караса Тайторуну жандай чаап камчылап, кылкылдаган жоо келсе калың колун баштаган, таалайы артык айкөл Манас Аккула атын алкынтып “Байкушумдун аты, угулду мага даты” деп айгайлап сүрөп алыптыр. Ажыбай менен Бакай да сүрөмөлөп, артынан кууп калыптыр.

Кайран Каныкей он эки жылдан бери бир көрүүгө зар болгон айкөлү Манасты, анын кырк чоролорун көрө албай кусага батканы, саргайганы жалганбы! Арбактарды көргөндө Каныкей бир ордунда тура албады. Ансайын катуулай чаңырды, буркурап ыйлады. “Аташкан төрөм, көк жалым, кең дүйнөмдү тар кылба! Телмиртип мында таштабай, тентип жүргөн жесирди өзүң менен ала кет!” деп боздоп, боздоп алды. Көзүнөн аккан арман жаш ак жүзүнөн шорголоп, Акборчук аттын жалына тамчылап атты.

Оо көптө барып, Каныкей эсин жыйды, көз жашын тыйды. Кайра Акборчук тулпарынын оозун бурду. Колуна дүрбү алды. Кең Мойноктун жонунда Тайтору аты алты күлүктүн соңунда көрүңдү. Токтоно албады: “Бүгүн баарына чыдайын. Анык кайып буудан атты кайра сүрөйүн. Атакемдин Актулпар аты чарчабай дагы эле биринчи келе жатыптыр. Эмне, өз баламдын тоюнда жеткирбей байге алабы?! Арам өлгүр Тайтору, соңунда анын калабы?! Катынында калк бузган карабеттин аты деп Букар эли чогулуп, уят кылып салабы?! Ошондуктан Тайтору бууданга сүрөөндү кайра баштан салайын, арбагына кыргыздын бир жалбарып алайын!” деп өзүнө өзү кайрат айтты. Алмамбеттен калган Сырбараңдын ичин тазалады. Кур дүрмөт ок салды. Тайтору жаныбар эми атасынын үч тулпарынын артынан келе жатканын кубана карады.

Чоң туягын тыбыратып келаткан атынын кулагы менен көкүлүнөн эки эли өөдө ашырып, куру дүрмөт Сырбараң мылтыкты күп дегизе бир койду. Нечен мылтык, нечен жаанын үнүнө көнгөн Тайтору мылтык үнүн укканда башын төмөн салды, бир башкача арыш керди. Урушка кирип бараткандай кайраты абдан күчөдү, жанын катуу үрөдү. Жал-куйругу диркиреп, илебинен үн чыкты. Куюшканы шакылдап, атасы Темир хандын Чоңкашка атын такымдап, алдыга озду. Анан көздү ачып-жумганча, экинчи катарда бараткан Күрөңгө жете барды. Каныкей “Арбактар колдогула” деп бакырды, “Айкөлүм Манас!” деп чакырды. Темир хандын Актулпар күлүгү да оңой күлүктөрдөн эмес экен. Көбүгүн көккө чачып, топ баштап келатты. Эңкейишке келгенде Тайторунун башы алдыга чыкты. Өргө жабышканда Тайтору ошончо артта калды. Манастан калган каралуу катын, үмүтү кайра жанган көрөсөн катын куру дүрмөт ок менен анда-мында бир атып, Тайтору бууданын алдыга сүрөй берди. Сүрөгөн сайын аттын төрт таманы кызыды, табына келе тыбырады.

Сүрөп баратып да “Эркек кийимин кийген эселек катын экенсиң!” деп атасын тарткан эр бала көзүмдү оюп жүрбөсүн деп ойлонду, кайран Каныкей. Ошондуктан олоңдой кара чачын жазып жиберди. Төрөсү Манас жаңы өлгөндөй бетин тытты. Бетинен аккан кандуу жаш, моюн ылдый шорголоду, өксүй ыйлаган байкуштун койнуна куюлду. Ошо бойдон озондоп “Манастап” ураан чакырды, карт бууданы Тайторуну кайра сүрөп бакырды...

Эркекче кийинген, каралуу катын Каныкей эжесин соймок болуп жөнөгөн Семетей Тайторунун экинчи болуп келатканын көрүп, ажыдаар түрү өзгөрдү. Экинчи болуп келаткан атты жакшылыкка жоруду. Атасы кирбес оозуна Манас кирди, жери кирбес оозуна Талас, эли кирбеген тилине кыргыз кирди.

– Айланайын балбандар! Адам уккус иш кылалы, алдыда келаткан аттардын баарын кабактан кармап кыралы! Эжекемдин карыган атын “Манастап” ураан чакырып, алга сүрөп алалы! Оо, дүйнө кеткен жездекем көрүнөн туруп келгендей, кайра тирилгендей болсун! Көңүлү бузук адамдар биротоло түңүлгөндөй кылалы! Тайторудай күлүк атты Букарга сүрөп баралы! – деп Семетей кыраан барчын өңдөнүп, ач кыйкырык салды. Атын оң-сол теминди.

– Жигиттер тартынбагыла! Тайторуну сурап алчу бизден бөлөк эли жок. Байгеден чыгып келсе, өзүмө жарты тыйын албайм, байгенин баарын силерге бөлүп берем. Көк жал жездем өлгөндө энесин ээрчитип тентип келген эжемдин Тайторусу кайда жүрсө, ошол жерден аянбай сүрөйлү! Атакемдин Актулпары алдыга чыкса ойлонбой соёлу. Ал тургай, куйрук улаш келаткан төрт тулпарын кошо тегиз кырып коёлу. Аттарын кырып таштаган жаман жорук баштасам, айтпаска чырпык кыркалы! Айланайын балбандар, менин айтканыма көнсөңөр, кылычтын мизин жалайлы, касам ичели! – деди Семетей чечкиндүү.

Эр Семең ат тизгинин тартты. Туулга кийген балбандарга ант бергиле деп айтты. Семетей өзү айтып жаткан соң, балбандардын макул болбоско чарасы калбады. Баары тегиз макул болду, аттан түштү. Ак буудай нан чайнады, кылычтын мизин жалады. Ошентип алтымыш балбан жаш кыраан Семетей эрдин көөнүн жайлады.

– Айтпайбыз! – деп баары ант беришти. – Кокус айтылып кетсе, чыбыктай жаныбыз кыркылсын, жакшылык көрбөй өлөлү! Ооздон ушак сөз чыкса, нан уруп кетсин! – дешти.

Ушинтип, Семетей балбандардын антын алды. Тулпар оозун эми аттар чубап келаткан мойнокко бурду. “Чың-чың” этип үн коштоп чапкан балдардын чуусун угуп, кулак түргөн жаш баатыр, шашылыш мындай деди:

– Эй, балбандар, чыдай албай жаным чыгып баратат! Баарың жабыла чап! Чуу ичинен «чың-чың», «чың-чың», «чың» эткен добуш чыгат. Ал добуш айкөлүнөн айрылган, Букарга тентип келген эжекемдин үнү болбосун! Жок, жаңылбапмын, так өзү! Канаты сынып кайгырган, таалайынан айрылган эжекемдин үнү! – деп Семетей аттын оозун бурду.

Кыраан куштай көз салса, ат күлүгү Тайтору башкача чуркап жөнөптүр. Алты жүз кырк үч көк буудан ага жетпей, таптакыр артта калыптыр. Эти кызып, туягы жерге тийип-тийбей, карылыгы билинбей, учкан куштай зымырап, катуу чуркоо салыптыр.

Кайран Каныкей тыпылдап куру дүрмөт ок атып, атын сүрөп калыптыр. Эжесин көрүп Семетейдин жаны ачышты, жүрөгү ооруду. “Манас-Манас” деп бакырды, «Манастап» ураан чакырды. Бала туйгун Семетей астындагы атына олбуй-солбуй камчы урду.

– Кагылайын эжекем, кууну кушка жегизбейм! Өлүп эле калбасам “куураган катын” дегизбейм! Ай, эжекем, жалгызым, бел байлаган белиң жок, кайраттуу кыргыз элиң жок, безилдеп ыйлап алыпсың! Кагылайын эжеке, мындан ары сизге өзүм көз салам. Алты арамдын айынан тентип келген сен үчүн, ак калпак кыргыз эл үчүн, душманга тизгин бербеген асылың, жездекем Манас шер үчүн атыңды талбай сүрөйүн! Айланайын эжеке, мага бөркүңдөй эле ишенип кой! – деп Семетей Тайтору атты сүрөп баратты.

Каралуу катын Каныкей кара чечекей уулу Семетейди көрүп обочолоно берди.

– Ай, кудайым, ай! Ат ээсин таптыбы?! Тилегим менин келдиби?! Андан бөлөк кимим бар? Тулпардан калган туягым, туу казанат чунагым! Найзага таккан желегим, асылдан калган белегим! Алыста калган элиңе, бир күнү тиер керегиң! – деп Тайторуну Семетейге калтырып, жан кишиге билинбей ордону көздөй жөнөдү.

Бала туйгун Семетей баатыр эчтемеге карабады. “Манастап” ураан чакырып Тайторуну сүрөй чапканда жол боюндагы кайың, тал да коштоп-колдогондой бир өзгөчө шуудурады, жардаган жан калбай туйлады. Ат сүрөгөн чунактын шер Манастын баласы экендиги жамы журтка тарады. Семетей көктөгү күркүрөгөн күн болуп күркүрөгөндө, кыр-кырга, ызы-чуу бакырык толду.

Кырда жаткан жылкычы бирине бири айкырды, “Манастап” ураан чакырды. Айгыры жүрбөй калганда “Жесирдин аты чыксын” деп далбактап калып бакырды.

Кыр-кырдагы койчулар таягын көккө ыргытты, “Манастап” ураан чакырды, “Шеримдин аты чыксын” деп жетпей калып бакырды.

“Манастап” ураан чакырып, чөлдө жаткан уйчулар өгүзүн минип чыгышты. Өгүзү баспай калганда, “Байкуштун аты чыксын” деп алар да калып калышты.

Түздүн баары бакырык, талаада жүргөн орокчу бирин бири чакырды. Орогун көккө ыргытты, адыраңдап жөө чуркап, капталынан бакырды. “Манастап” ураан чакырды. «Көз жашын көлдөтүп, качкан жесир аты экен. Куу-куу, ай Манас! Кудай-ай, Манас аты экен. Таластан качып, жөө келген байкуш эжем аты экен» деп одураңдап жөө чуркап, орокчу жетпей калганда “Эжемдин аты чыксын” деп калып калды топурап.

Ой-тоонун, кыр-кырдын баарынан бакырык чыгып, сүрөөсү күчөгөндөн күчөй берди. Карт буудан Тайтору ат туш-тараптан катуу сүрөөнгө алынды. Чуркаган сайын кызыды. Төрт аягын тыбыратып, желди ызалантып, маарага биринчи жетип келди.

Кыраан барчын Семетей Тайторунун байгесин алды, убада боюнча балбандарга, сүрөгөн элге тегиз бөлүп берди. Калайык калк чурулдап, Семетейдин берешендигин кеп уруп, кубанып турду.

 

СЕМЕТЕЙДИН САРЫ ТАЗГА ЖОЛУККАНЫ

Чыйырды менен Каныкей ымыркай Семетейди алып, Букарды көздөй качып кеткенде, Көбөш хан Семетейдин өлбөгөнүн билип Сары тазды кыйноого алды.

– Арсыз кул, Семетей кайда, бат тапкын?! Же кайда кетти, тез айткын?! – деп кылбаганды кылды Көбөш хан.

Караганга ороп сабады, даракка асып кыйнады. Бирок Сары таз баарына чыдады. Эчтеме айтпады, “Билбейм” деген сөзүнөн кайтпады. Жини кайнаган Көбөш “көрбөгөндү көрсөтсүн, кыйналып жатып өлсүн” деп атасы Жакыпка кул кылып берди. Сары таз ал жерде көпкө турбады. Ыңгайы келген биринчи эле күнү Семетейди издеп качып кетти. Жыйырмага жашы толгон жигит көмүр өчүргөндөрдүн башчысы болуп күн көрүп жүрдү. Жан кишиге билинбей “Оюлгур болсо, он экиде — баш, союлгур болсо, жыйырма экиде — жаш. Андыктан он эки жыл күтөйүн” деп Бакай карыя белгилеген он эки жылды Сары таз да күтүп калды.

Бала жолборс Семетей бир күнү токойго аң уулаганы чыкты. Аң уулап жүрүп, Көкшумкар кушу кыргоолду алалбай тарпаңдап, чөп алачыкка кире качты. Семетей кушун кадимки адамды урушуп жаткандай урушуп, артынан издеп жөнөдү. Чөп алачык үйдүн жанына эле конгондой болгон. Алачыкка жакындап калганда жонуна эбегейсиз көп отун артып алган Сары тазды көрдү. Бирок Сары таз Семетейди таанып турса да таанымаксан болуп койду. Берген саламына алик албады. Өзүн улактын бучкагына теңебеди, көңүл бурбады.

– Салам айтсам алик жок, Сары таз, сага не болду? Ат байлаар мамың, же башыңда бир тал чачың жок. Ха, ха, адамбы десем, сүрүң жок баатырсыңбы, Сары таз?! Ыя, Сары таз, көрүнгөндү жөөлөгөн, бүт токойду ээлеген орой доңуз! Киши көрбөй корс болуп, кара токой жерде өскөн арам, салам айткан кишини көрбөйсүңбү! Минтип жүрсөң бирөөдөн бат эле ажалыңы табасың! Менин шумкарым сенин жаман чөп алачыгыңа кирип кетти. Шумкарымы алып бер. Тилимди албасаң, сексен жаның болсо да, Сары таз, азыр сени жайлайм! – деп Семетей аты менен омуроолотуп кирди.

– Атаңдын көрү, жетим кул! Эми киши болгонсуп, жөнү жок койкоңдогонуңду койчу. Кыргыз элиңи, Талас жериңи таштап, Темир хандын шаарында тентип жүргөн сен кимсиң?! Теңирсип кууган хандардын тепкисине чыдабай, токойдо жүргөн мен киммин?! Өз атыңды мингендей, өз тонуңду кийгендей, неге мынча жээликтиң! Кызаңдаган жетим кул, кымбатың кыргыз элиңе, кең Талас жериңе качан кетесиң?! – деп Сары таз суу ууртап, көнөктөй болгон көпкөк чокко “күп” дегизе бүрктү.

Көмүрдөн майда чаң чыгып, айлана капкара боло түштү. Семетейдин ичи күйдү, көзүнө жин толду. Сары таздын айткан сөзүнө чыдап туралбай кара жаак булдурсунду колго алды. Эңкейип турган Сарыны май куйрукка тартып жиберди. Катуу соккудан Сары май куйругун кармалады, ойда сонун бакырды, көмүргө башы тыгылды. Күчү кеткен жаргак шымы тигишинен айрылды.

– Кудай алгыр, жетим кул, мени сабагыдай сенин менде өчүң жок! – деп Сары тиштене айтты. – Тентиген сендей элде жок, аркамды жара чапкыдай менде жети атаңдын өчү жок! Атаң Манас көк жалдын шилисин жара чапкан, кыйды баатыр Коңурбай мен эмес! Ошончо баатыр болсоң, кул жетим, атаңдын кунун ошо кара кытай Коңурбайдан кууп ал. Тамтаңдаган жетим, көрүнгөндү сабай бергидей, сага токой талаа жер эмес. Энеңдин эмчегин жара чаап таштаган Абыке, Көбөш мен эмес! Атаңдан калган дүнүйөнү камчыга салып бөлгөндө , энең Букарга качып келген.

Ошондо чыбыгын кыркып, ырымын кылып берген. Итаягын аттатып, бала кылып алгын деп, сендей көөдөк жетимди иниси Ысмайылга берген. Эсиң болсо куу жетим, элиң кайда, жер кайда?! Теңдигине жете албай, тентиреп көмүр өчүрүп, кылчактап жүргөн мен кайда! Сен баатыр Манастын уулу элең, тентип жүрүп Букарга келип конупсуң. Он экиге толгондо сен деле Темир хандын кулу болупсуң! Өз энең Каныкей шордууну тентиген катын дедирткен сендей арсыз бар бекен?! Эр болсо элин табар, элинен кабар алар деп, аркаңдан качып мен келдим. Көмүрчү болуп сенделип, көрүнгөндөн тил уккан, мендей шордуу бар бекен?! Энесин эже деген Темир хандын бакмасы, сендей байкуш бар бекен?! – деп жүрөгү сыздап айтты.

Көмүр өчүрүп, тиргилигин илең-салаң өткөрүп жүргөн Сары таздын сөзү Семетейдин жүрөгүн бир башкача булкту, оор тийди. Анткени, ал элиң бөлөк, жериң бөлөк, кыямат кеткен шер Манас сенин атаң, Каныкей сенин энең деген сөздөрдү биринчи укту, каңырыгы түтөдү. Көзүнүн жашы он талаа болду. Эмеле короңдоп аткан Семетей тизгинин тартты, ачуусун басты, көмүрчүгө жалынып жалбарды.

– Кагылайын Сары аба, билбегенди билдирдиң, туйбаганды туйдурдуң. Абаке, билбестиктен сага колум тийди. Муну кордук дебе, кечире алсаң кечирип кой, аба, жаман иниңди. Керек болсо чукуп ал, айнектей болгон көзүмдү. Колум тийди абаке, Актулпар сындуу малым сага тартуу, керек болсо алдыңа жатып берейин, чыркыратып жанымды ал! – деп Семетей теги, жайын кайта-кайта сурады.

Сураган сайын Сары таз кайра-кайра кайталап айтты, айткан сөзүнөн кайтпады.

– Кагылайын Сары аба, билбегенди билгиздиң, туйбаганды туйгуздуң. О дүйнө кеткен шер Манас, ата экени чын болсо, байкуш катын Каныкей, эне экени чын болсо, бу токойдун көмүрү көмүр эмес, түлөөдүр. Бу жакшылыгың өз башыңа күбөдүр. Эсен көрсөм жеримди, кыргыз деген элимди, абаке, өзүңө чоң шаң берем! Калың кыргыз калкына, атамдай көрүп өзүңдү, хан көтөрүп алам! – деп Семетей Сары таз менен кучакташып көрүштү, бур жытташып өбүштү.

 

КАНЫКЕЙДИН НАСААТЫ

Семетей Сары таздан уругуң кыргыз, атаң Манас, энең Каныкей, жериң Талас деген сөздү угуп, желдей учуп Букарга жетти. Темир хан менен Ысмайыл ата-тегимди менден жашырып жүргөн турбайбы деп таарынып жатып алды. Аң уулоодон келип таарынып жатып алды деген күнү эле Темир хан жетип барды. Келсе чынеле сунган бутун тартпастан, оодарылып койбостон дүңкүйүп жатыптыр. Темир хандын башына ардемелер келди, жети буканы садага чаап ийди. Оңбогон чунак бала ошондо да бир козголуп койбоду. Хан курун мойнуна салып, небересине жалынып жалбарды.

– Айланайын, боз ала туйгунум! Көрбөсөм канбайт кумарым, өөдө болчу, карыганда көргөн чунагым! Билсең баардыгы сен үчүн эмеспи. Карыган атаңды кыйнабачы! Атың байгеге жетпей, же кушуң илбээсин албай өкүттө калдыңбы? Же көөнүңү бирөө ооруттубу? Мен жыйган жети сарай дүнүйө баары сен үчүн. Төгөрөктүн төрт бурчун төрт айланта кыдырайын, сен үчүн ат күлүгүн, куш кыраанын табайын! Ок өтпөс тонду жабайын, – десе да былк этпеди, ала чапан кожолор дуба окуса да козголбоду.

Атасы Ысмайыл, апасы Күмүшай келип жалынды. Кичинесинен бирге өскөн жакшы көргөн эжеси Кишимжан канатын каккылап, ийилип турду.

– Кагылайын иним, Семетей, капкалуу шаардын чоң ханы да таарынат бекен?! Сен ушинтип таарынсаң биз кантебиз? Иним, туруп тамак жечи. Кыйрата тургансып алыстан мен эжекең өзүм келдим. Балакетиңди алайын, мени уят кылбачы. Турчу эми, – деп колтугунан кытыгылай сүйлөгөндө Семетейдин каары ошондо чындап келди.

– Бейбак, колуңду тарт! Бул жерде кытыгыласа күлгүдөй Сенин ала турган күйөөң жок! –деп оройлонгондо эжеси ызасына чыдабай ыйлап жиберди.

– Эшекти канчалык ардактап баксада, эч качан тулпар болбойт тура! Сөөгү башка бу кыргызды биз канчалык жакшы көрбөйлү, тууган болбойт окшойт. Түкшүмөлдөп тымызын, бирөөдөн сөз укса керек. Көздөгөнүң эле ошо болсо, бизди коркутпай кыргыз элиңи, Каныкей энеңди таап ал! – деп бакырды эжеси Кишимжан.

Букар шаардын ала көөдөн төрөсү Көлөй деген ханы келип, жалына баштады.

– Ай кулунум, кимге таарындың, мага айтчы! Деги, ушу чөлкөмдө сени таарынта турган балбан, же дөө барбы?! Өөдө турчу, береним. Алыстан келген жоо болсо, айкырышып келейин, кылга байлап жанымды, жеңип, же жеңилип, кырчылдашып көрөйүн. Он эки күндөн бери наар албай, таарынып жатып алды деп уктум. Андыктан мобуну ичип жиберсең, ичиң кызып туруп кетесиң. Менин буйругум боюнча атайын сен үчүн тарттырган шербет, – деп алтын чөйчөккө толтура шербет куюп сунду. Ошондо да Семетей жаткан ордунан козголбоду. Арданып кеткен Көлөй хандын түрү бузулду.

– Балам, улук боюмду кичик кылып келсем да болбодуң. Мен кыргыз элиңди кырып салган жокмун. Каныкей энеңди кууп жиберген Абыке, Көбөш эмесмин. Жөнү жок бизди коркута бербе! Ушу турган Букарда Манас атаңдын өчү жок. Сени бала кылып багып жүргөн Темир хандын башы жок. Эзелтен айтылып келген желке тон болбойт, жээн эл болбойт деген кыргыздын макалы тура экен, – деп кыялы чоркок Көлөй хан ачуусун Семетейден чыгарып алды.

– Көлөй хан, сен туура айттың! – деп Семетей жаткан жеринен ыргып турду, Көлөйдү сыга кучактады. – Эжем деп жүргөн Каныкей энеме жетейин, кийин кыргыз элиме кылчактабай кетейин!.. Өзгөгө султан болгуча, өз элимдин колунда ултан болуп өтөйүн! Жети атам жашап өткөн, жетилбей жетим кеткен жерим Таласка кетейин. Букардык каршы алса, кагылыша кетейин!..– деп Семетей Каныкей энесине бет алып жүрүп кетти.

Семетей тамак ичпей, эч ким менен сүйлөшпөй, он эки күндөн бери ооруп жатат деп уккан Каныкей байкуштун айласы куруду. Уккан күндөн көз жашын тыя албай буркурап ыйлай баштаган. Таң атпай уулун көздөй аттанган. “Семетейдин ооруганы чын болсо, анны ажалы тооруп турса, бу жалган дүйнөдө жашоонун кызыкчылыгы не?!” деп канжарын кынынан сууруп алууга, өзүн курмандыкка чалууга даяр келатты. Каныкей жолдо эстен танып, алсырап жатып калган кезде, уулу Семетей жете келип, кол сунду.

– Айланайын энекем, амансыңбы, барсыңбы?! Кырааным энем, толкуган көлдөн жетимди куткарып алар кемесиң! Куураган менин кубанычым, эжекем десем, энемсиң! Айланайын энекем, бардыгы сенсиң берекем! Алты арамдын айынан качып келген экенсиң. Он экиге келгенче, оролуп элди көрбөдүм. Азапты тарткан энеке, айтчы мага, элим кайда, жерим кайда?! – деп Семетей шолоктоп ыйлады.

Көп өтпөй капкалуу Букар шаарга кирип келишти. Каныкей энеси калк кадаасын кылып, кеп баштады.

– Кагылайын кулунум, ичимдеги кара муңумду, кайнап жаткан ачуу шорумду айтайын. Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас жердин сырын айтайын. Семетей, мени жакшылап тыңда. Букардан чыгып жол жүрсөң, алты күндө Гүлтокой деген жерге жетесиң. Ошол жерге барганда атыңды чалдырып, өзүң эс алып ал. Анан айтылуу Кокон шаары көрүнөт. Шаардыктар көбүнчө бозо салышат. Бирок шек кылган адамдын бозосуна уу кошуп беришет. Ошо уу кошулган бозодон ичирип, сени байлап албасын, Абыке, Көбөш арамга сүйүнчүлөп барбасын!

Андан аман өтсөң Сырдайраны бойлойсуң, Чыйырчык, Салар деген эки өзөнгө барасың. Өзөн боюнда олуя өткөн мазар бар, ошого сөзсүз зыярат кыла өт. Андан ары барганда эшилме кумдуу талаа чыгат. Ошо талаанын оң жагы менен жүрүп олтурсаң Олуя— Ата жерине, андан Жорго деген белге жетесиң. Ошо белге чыксаң бөлтөк-бөлтөк белдер, адыр-адыр жерлер көзгө урунат. Сен издеген жылгындуу Кең-Кол жер ошол, издеген кыргыз элиң ошол жерде.

Ошол жер Үч Кошой бөксөсү деп аталат. Так ошол жерден хан Бакай абаң кол башындай сур күчүк таап алган. Ал кийин чоңоюп көк жалдын ырысына Кумайык деген ит болгон. Атаңдан калган Кумайык айбандан эстүү жаныбар. Атаң Манас акка моюн сунганда алты күн тамак ичпей аза күткөн. Кумайыкты көр Көбөш эмдигиче алдап кармап алгандыр, аңга алпарып салгандыр. Аюуга салса тиштебей, улуп жатып алгандыр. Ошондо ачуусу чукул Көбөш хан сүйрөтүп жүрүп ургандыр. Көбөштөн качкан Кумайык үмүт менен көрүнгөн жерди шимшилеп, сени күтүп жүргөндүр. Уулум, сен ошо Кумайыкты кор кылба! Ошо бетте оттогон, чолок кула бээни мууздап, Кумайыкка таштай кет. Казы, карта жеп бир жыргап алсын, байкуш.

Атаң өлгөндө анын Акшумкары алтын туурун талкалап, жибек боосун тытып, айды көздөй сызып кеткен. Ошо Акшумкар сенин келээриңди билип, жол күзөтүп жүргөндүр. Боор жүнүн чачып, жумуртка басып жаткандыр. Эмдигиче жумурткасын жаргандыр, балапаны темир канат болуп калгандыр. Кууну көлдөн учурбай, казды көлдөн учурбай тирүү баскан куш ошол, атаңдан калган мүлк ошол.

Андан ары барсаң Талас суусуна кез келесиң. Ал азыр ташып, аябай кирген болуу керек. Сен ал суудан коркпогун, түз киргин. Көкжал атаң Манастын арбагы тирүү шер эле. Сен сууга кирсең, кайтара турган кара чаар кабыландын арбагы бар болсо капталыңдан чамынат. Чолок көк жал арстаны жандай салып чамынат. Найза менен топ бузган, чоң чабуулда окко учкан аяш атаң Алмамбеттин арбагы азыр бар болсо Сарала атын теминип, ал да алдыңан көрүнөт. Анын бери жагында ач кыйкырык, куу сүрөөн, алышса арстандын тиши өтпөгөн Акбалтанын Чубагы, Ажыбай экөө жолугат. Анын ары жагын карасаң уйкусу сак, атка жеңил, тайга чак хан атаңдын Сыргагы чыгат.

Бет алдынан карасаң, ай менен күндүн жаркынынан, көктө сызган булуттун салкынынан жаралган, алтын менен күмүштүн ширөөсүнөн, асман менен жердин тирөөсүнөн жаралган, алты миң эрдин сүрү, ак жолборстун түрү бар, маңдайы жарык, ак жолтой, кайраты катуу сан колдой, Аккула сындуу ат минген, Аколпоктой тон кийген атаң Манас жолугат. Кулунум, колдоп берчү жер ошол. Ушундай белги болсо, каалаган жериңе бара кел, андай белги жок болсо, турган жерден кайтып кел!

Анткени, сенин атаң бел байлаган мээнетке белги болчу, кыргыз журтунун шери болчу. Эл четине барам, элимдин кегин алам деп Каканчынга кирген Манас, далай эрлерден айрылган... Ошо чоң казатта калың кытай журтунун туусу жыгылган. Ошондо кытай улуктары биригип, кыргызга көп тартуу берип, бири— бирине тийбеске ант кылышкан. Атаң айкөл Манас Бежинге хан болгон. Бирок кыйды баатыр Коңурбай тараптардын тынчтыгынан пайдаланып, атаң Манасты алдап, колуна өз ажалын карматып кете бериптир. Чет Бежин шаарында, Кара-Суу дайра боюнда Манас кабылан суу жээктей бастырганда, сакчы болгон Ажыбай алты бута артта калып калат. Шайтан алгыр, так ошо саатта кашайып, көзү илинип кетиптир. Ошондо калмактын ханы, эр калча Коңурбай бекинген жеринен чыгат. Ууру мышыкча атаңдын артынан акмалай барып, айбалтасын керилте шилтеп алат. Түнкү кобур-собурдан чочуп ойгонгон Ажыбай Карткүрөңүн чапкылап келип, Алгара тулпарын минген Коңурбай арамды таппай, өкүттө калат.

Атаңдын көрү дүнүйө! Ошондо мен катын болбой, эр болсом, жансакчысы атаңдын Ажыбай болбой, мен болсом, чийбейт белем сызыкты. Кебез белбоо, кең өтүк, калмактын ханы Коңурга көрсөтпөйт белем кызыкты. Сынабайт белем күлүктү, качыра сайып калчаны, салбайт белем бүлүктү!..

Атаң жараттан турбай калганда, акырет көздөй кетерде керээз айткан. “Ханы өлгөн айымдын төркүнү жакын. Талас сага жер эмес, көрө албай жүргөн алты арам силерге такыр эл эмес. Андыктан Темир хандын шаарына барып күнүңдү көр. Өлгөндө көргөн чунактын ырымын кыл! Мойнуна тумар тагып, чыбыгын кыркып, итаягын аттатып, иниң Ысмайылга бала кылып бер! Жашы он экиге келгенде, каруусу күчкө толгондо, акылы зирек болгондо элин, жерин эске салаарсың. Арбагым анда бар болсо, жолунан тосуп алаармын” деп хан атаң убада кылган. Атаңдын арбагын сыйлап, энекең мен так ошондой кылгам, берекем. Азыр ойлоп көрсөм, ошондо Манас атаңдан чын айрылган экем.

Жетимим, дагы угуп ал! Таластын бери бетиндеги Эчкиликтин кара тоосундагы Кең-Колдун кыйгач жайыгындагы Кара зоону ойдурдум. Киребериш жагына жалгыз киши баткыдай эшик калтырдым, а ичин беш жүз киши баткыдай кең жасаттым. Дүнүйө, мүлк аябай, алтындан түркүк койдурдум, үстүндөгү кара сууну ичи менен жүргүздүм. Алтымыш уруу жерине жакут, көөхар аралаш чырак кылып калтырдым. Жата турган жайына арча күлүн чачтырдым. Бакай, Кошой, Төштүк жакынга жашырбай чынын айттым. Себеби атаң жатчу жайды жасоого атактуу уста чакыргам. Жумуш караңгы түнү гана жүргөн. Бирөө билип калбасын деп айланасын чалдыргам, келип — кетер маалында усталардын көздөрүн баарын такай таңдыргам. Кайсы бирин айтайын, жалгызым, ушундай болгон санжыргам...

Анан жер жүзүн бүт чалдырып, күлбото деген чополуу ылай чыкчу жерди билдим. Нечен төөгө жүк кылып, ошо күлботодон алдырдым. Алты миң эркеч бир сойдум. Кылын кыймалап тыттырдым, майын эритип куюп, күлботону алтымыш кетменчиге аябай ийлеттим. Кыш куйдуруп, отко бышырдым. Тогуз кылым өткүчө бузулбасын деп атаңа күмбөз салдырдым. Боорун кооздоп, кыялда жүргөн Каканчын кагышын, калмактардын чабышын, баатырлардын урушун сүрөткө тарттырдым. Эч кимисин калтырбай, эч нерсесин унутпай баарын баткыздым.

Андан ары тартканда, Жар-Кыянын жалгыз чубама жолундагы түздөн көп төөнү көрөсүң. Ошо төөлөрдүн ичинде төө атасы Боз буура, төө энеси Куу инген сени күтүп жүргөндүр. Айбан да болсо сени көргөндө өркөчтөрү телкилдеп, чуудалары селкилдеп, тегеректеп зыркырайт, тегиз боздоп чуркурайт. Ошол төөлөрдү көргөндө көңүлүң жаман бөлүнөт. Төөлөрү минтип турса, адамы кандай болот деп көзүңдүн жашы төгүлөт.

Төө ичинде атаң Манастан калган Желмаян деген төөгө быйыл токсон беш асый болот. Биз Таластан качканда бөдөнөдөй бүгүлүп, көзүнүн жашын төгүп калган. Ошо Желмаян төө күчтүү кезинде атаң Манас кабылан ок-дарысын артып, жоолашкан жагына тартчу тура. Сен барганда Желмаян дароо жетип келет. Сени бир жыттап, хан атаңдын күмбөзүн карай качат. Андан өтүп атаңды көмгөн Кара зоого барат. Энесин жоготкон ботодой боздоп, Желмаян төө Кара зоону жазданып, ноктосун жерге бек кадап, жатып берет. Камчыласаң да турбайт, бир козголуп койбойт. Ошондо ойлонбой, о дүйнө кеткен атаңдын арбагына багыштап Желмаянды чалып жибер. Башындагы алтын ноктону канжыгаңа бөктөрө кел. “Энекем айткан сөз анык экен” деп мага ишенип каларсың.

Эң кызыгы Таласта. Аман барсаң, ал жерде Бакай деген аксакал карыяга жолугасың. Атаң Манас көк жалды сайып жүрүп бак кылган, ээрчитип жүрүп эр кылган, үзүлгөнүн улаган, чачылганын жыйнаган ошол Бакай карыя. Кайран абаң, хан Бакайдын эки көзү ириңдеп, көкүрөгү кирилдеп, тирүү болуп элде, же өлүү болуп жерде жок, “Көк жал Манас өлбө!” деп куруп жүргөн кезидир. «Тилегимди качан берет, жетимим качан келет» деп улуп жүргөн чагыдыр. Кулунум, Бакай абаңа эсен жолуксаң, хан атаң Манас ордуна медер болчу жан ошол... Аны тапсаң, андан эч жамандык көрбөйсүң, Абыке, Көбөш арамдын зордугуна көнбөйсүң.

Муну мындай таштайын, эми атаң Манастан калган сегиз жоо-жарак мүлкүнөн баштайын. Пил териси капталган, сары желим чапталган буюмга көз кырыңы сал. Атаңдын чымын тийсе “чыңк”, чертип койсо “диңк”, камчы чапса, койчагырдай “зыңк” эткен добулбасы бар эле. Жылкы тийип, куш салсаң ошонун кереги абдан тийет. Атаңдан калган ошо добулбас Жакып хандын колунда. Алчу болсоң мүлк ошол.

Сырты жылма өгөөлөнгөн, күмүш менен бөлөнгөн, кароолун калкайтып алтындан чыгарган асыл буюм көз жаздымда калбасын. Себеби аны кундагын кооздоп сырдатып, сары алтын зымга чырматып, аткан жоосун өлтүрбөй койбогон, кемтиги жок кылып чебер уста жасаган. Ал тарс эткенде түтүндөн мурун ок жеткен, алыс-жакынды ылгабаган, болоттон соккон Аккелте мылтык. Ойноп атса, очогор, чындап атса, замбирек, туруп атса, койчагыр, жакынды атса, жазайыл. Атаңдан калган Аккелте көр Көбөштүн колунда. Алчу болсоң мүлк ошол.

Саратанда кыйдырган, салкын жайда кургаткан. Кара болот, бөрү тил, тийген жерин ырбаткан. Жайы колдон тайып кетет деп кош бүлдүргө тактырган. Кышы колго жылуу деп баркыт менен каптаган, кыйындарга сындаткан, атаңдан калган Сырнайза менен эшик эндүү Айбалта Абыке кулдун колунда. Айланайын медерим, алчу болсоң мүлк ошол.

Алтымыш ирик тандап, аябай семиртип, кербендерге айдаткан. Ириктен түшкөн пулга ак була сатып алып, Аколпокко салдырган. Жарашыктуу бүрдүргөн, келеби менен урдурган. Ортосуна буланын коргошун өгөп тундурган. Шырыгына чыдабай уздун көбү жадаган. Бараңдын огун кайтарган, найза cайса өтпөгөн, жаанын огу тешпеген атаңдан калган Аколпок көр Көбөштүн колунда. Кагылайын кулунум, алчу болсоң мүлк ошол!

Шиберге койсо өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен, түнү кындан суурулса, өрттөй болуп кызарган, шилтегенде душманга аркан бою узарган, балдагы алтын Ачалбарс кылыч Көбөш көрдүн колунда. О, балам, алчу болсоң мүлк ошол!

Текенин териси бышык болот деп отуз теке аттыргам. Жыдытып жүнүн алдыргам, ашаткыга кандыргам, мыктылап сонун ийлеткем. Сапсары кылып боётком, жылан боор бүктүрүп, жымырайта бүктүргөм. Багелегин кайрып, басма кылып сайдырдым. Мылтык атса, ок өтпөс, отко салса, чок өтпөс кылып жасаткам. Тартып койсо, чоюлат, коё берсе, жыйылган Кандагай деп аталган атаңдан калган тери шым Абыке кулдун колунда. О, балам, алчу болсоң мүлк ошол.

Атаңдан калган Тайбуруул ат олжого келген. Аныгы Текелик деген жерде атаңа чылбырың куру кетпесин деп акылы артык кыз Сайкал Тайбуруулду тартууга берген. Желгенине жел жетпеген Буурул ат жалпы кыргыз журтуна да жаккан. Алтымыш асый болгончо азуусун сөйкөп карыбас, Абыке, Көбөш арытса, арамдар такыр жарыбас! Ал сенин ырысыңа бүткөн ат, анткени Буруулуңду мингенде, душмандын көөнү куурулат.

Кагылайын кулунум, барганда баарын өз көзүң менен көрөрсүң. Атаңдын күмбөзүнө барып, жашыңды да төгөөрсүң. Бирөөнүн жалган сөзүнө ишенип, өзүңдү өзүң кыйнаба. Оболу хан Бакай абаңа барып жолук. Ал эмне десе ук, айтканына көн! Эсен барып, аман кайт кулунум! Сени касиеттүү Манас атаңдын арбагына тапшырдым! – деп Каныкей Актулпарды мингизди, темир соот жоо-жарагын кийгизди.

Капкалуу Букар шаардын кары-жашы чуркурап, Каныкей менен Чыйырды энеси буркурап, Темир хан баштап баары жаш баладай жаш төгүп, узатып турду.

– Кагылайын туугандар, элибизде тулпарды минген турбайт, тууганга жетпей тынбайт деген сөз бар. Ошонун сыңарындай, эми мен аттанайын. Кош, апаке, берекем! Кош, Манасты тапкан энекем! Элимден айланып кетейин, тезинен адашкан мен байкуш, өз эли, журтума жетейин! – деп Семетей баары менен жүгүнө, кош айтышты. – Аман бол, Букар эли! – деп Актулпарга жол берди...

 

СЕМЕТЕЙДИН ТАЛАСКА БИРИНЧИ КЕЛИШИ

Семетей Каныкей айткан дайраларды кечип, ашууларды ашып, адырларды басып, кең Таласка кирип келди. Адырлуу белестен Кумайык ит кош кулагын чунайтып үрүп чыкты. Айтайын десе тили жок, бирок Семетейим келет деп билип жүргөн кези экен. Семетей Кумайыкты караса мойнунда энеси айткан алтын каргысы жүрөт. «Атадан калган мен карып, талаалап жүргөн сен карып» деп Семетей атасын көргөн немедей Кумайык итти кучактап алып жаш төктү. Энеси Каныш айткандай, жолуна кула бээни айтуяк чалды, Кумайыкты канына тойгузду, андан ары сапарын улантты.

Таластын ташыган суусуна киргенде кырк чилтен колдоду. Атасы Манас баштаган Алмамбет, Чубак, Сыргак, Ажыбайлар коштоп жүрдү. Ак күмбөзгө келгенде мууну бошоп, колун бөйрөгүнө таянып, катуу өксүп турду.

– Айланайын атаке, он экиге чыкканда араң келдим. Маралды айдап уй кылган, алышкан жоосун буй кылган арстаным, атам өлдүңбү?! Чоочун жерде тентиген ары жок уулуң мен келдим. Атанын жүзүн көрбөгөн, өзүңдөн таалим албаган, мендей байкуш бар бекен?! Өзүңдүн көзүң өткөндө, өксүгөн элдин ичинде кызматыңда турбадым. Кагылайын атаке, сени менен бирге жатууга көрүңдө орун бар бекен?! –деп өкүргөндө табият кошо ыйлагандай дүңгүрөдү.

Күмбөздүн ичи күңгүрөп доош чыгарды. Бу апасы Каныкей айткан белги. “Белги чыкса, атаңдан калган мүлктөрдү көрүнөө барып ал, белги жок болсо, кайта кел” деген энеси Каныкей. Энемдин ошо айтканы чын келди, Ата, апама ыраазымын деп Семетей жолун андан ары улантты. Жолдон төөлөр кезикти. Апасы айткандай, төөлөр Семетейди тегеректеп жыттап турушту. Төөлөрүн жоготкон Бакай серепчилеп караса, жерин душман чалгансыйт, кайра имерип караса, айкөл Манасы келип калгансыйт.

– Же, бу кыраакы Каныкей байкушум таптаган Семетей келип калганбы?! Же башкабы?! Кантсе да бир сынап көрөйүн, – деп айкырып, качырып кирип барды...

Семең солк этпеди. Күлүмсүрөй карыяга салам айтты.

– Балам, уругуң ким, кайсы айылдансың? Атың чарчап, өзүң арып, алыстан жол жүрүп келгендей туюласың? Балам, кайда барасың? Мага окшогон куураган чалга, жашырбай чыныңды айт. Анткени, жалгыз медерим тентип кетип, он эки жылдан бери дайын оту жок. Келер кези болду эле, бирок эмдигиче билинбейт. Кыргыз журту баатырыбыз качан келет деп күтүп жүрөт, – деп Бакай сакалынан ылдый жашын төгүп, боздоп ийди.

– Айланайын абаке, мен жетим жүрүп жетилген Семетеймин! Акшумкардай айланып, акыры эл деп, сиз деп калкыма кайрылып келдим. Сиздин көзүңүздөн аккан жашыңызга карап, чындап жаным кашайды. Алдыңа чырагың келди, тосуп ал! – деп Семетей Бакай менен кучакташып көрүштү, арманын айтып эришти.

– Кагылайын чырагым, Манастан калган туягым! Ургаачынын узу, Каныкей эсен барбы? Манасты тууган байбиче, чоң энең эсен барбы?! Темир хандын шаарына силер качтыңар, бул жакта теңдигимден айрылып, мен калдым. Арбак ургур, алты арам белимди кайрыды, элимден ажыратты. Арманым көп, Семетей кулунум. Эмнеге Манастан мурун өлбөдүм, же Алмамбет, Сыргак менен тең кетпедим. Чоң атаң менен эки агаң аман-эсен. Ортого мышык аралатпай, убактыны кетирбей үстүнө кирип баралы. Жүр кулунум, – деп Бакай Семетейди ээрчитип алды.

Чоң атасы Жакыптын айылына жеткенде:

– Кагылайын каралдым, Жакыпка алдын кабарга барайын. Айылда болсо сүйүнчүсүн алайын, сөзүнө чалгын чалайын. Анан сени ээрчитип барайын, – деп Бакай Жакып менен Бакдөөлөттүн өргөөсүнө кирип кетти.

– Сүйүнчү, Жакып, Сүйүнчү! Тентип кеткен чырагың, Семетей келди, сүйүнчү! Ханым менен ханышам сүйүнчүңөрдү бергиле! – деп Бакай кубанып, сүйүнчү айтып турду. Сүйүнчүгө кубанбай Жакып тескери карай толгонду. Оор үшкүрүп отуруп алды.

– Болсун, Бакай болсун! – демиш болду, бир аздан кийин ооз учунан. – Кудай тилегибизди берген тура! Бакай, баламды бачым алып кел! – деп хан Жакып Бакайды жөнөтүп жиберип, куйтулана аялы Бакдөөлөткө кайрылды. – Жойпуланган Бакай кеттиби? Кетсе, сөзүмдү ук. Тсс, акырын бирөө билип калбасын. Бакай бузуку Семетейдин башын айландырган болуу керек, Жакыптын тукуму жакшылык кылбайт деген шекилде. Туурга конбой жатып талпынган, чаппай жоону коркуткан, бу жашабагыр өлбөсө, балдарды уят кылат. Өзүң билесиң, жетилген жетим өжөр болот, өчөшкөнүн албай тынбайт. Абыке менен Көбөшкө эч жакшылык кылбайт. Андыктан коркоңдотпой тукумун үзөйүн. Өзүм ичкен идишке Бакайга шербет куюп бер, Семетейдин кымызына уу кошуп бер. Шербетти ичип Бакай дууласын, ууну ичип жетим уулансын! Байбиче бол бачым, Бакай келгенче кымыз даяр болсун! – деп Жакып шаштырды.

– О, кокуй абышка, өз балаңды өлтүрсөң башыбызга кандай күн түшөт! Кесепет чал, ууңду чылабайм, чыласаң өзүң чыла! Карыган кезде калжаңдап, балдарга дагы каргашаң тийгени турабы?! Өмүр бою артыңдан Манастын уулу Семетейди өлтүргөн деген жаман сөз калат! – деп Бакдөөлөт ынабай ордунан туруп кетти.

– Ээ, куу тумшук кемпир, сөзүмү укпасаң өзүңү койдой кылып мууздап салам! – деп хан Жакып кылычын кындан сууруду. – Ээ, арам, сени өлтүрбөй койбойм! Кара тумшук кан кускур Семетейди эч качан балам деп ойлобойм! – деп кылычын тамагына такаганда кемпири коркконунан чыныга ууну чылады.

– Ушинтип, чыны менен чырпыктай баланын жаны сынабы?! – деп Бакдөөлөт бакырып барып сулады...

Ал аңгыча Бакай Семетейди ээрчитип кирип келди. Жакып менен Бакдөөлөт кара күчкө Семетейди кучактады, бышактап көз көз жашын кылгыртты.

– Кагылайын, жалгызым Семетей, – деп кайгыргандай кеп баштады чоң атасы Жакып. – Энең Каныкей жайсыз киши эле. Арстаным Манас өлгөндө тилди албай чоң энең экөө кошулуп качып кеткен. Кайсы бирин айтайын, атаңдан калган туурга акыры келипсиң да, балам. Атаң Манас жашынан кымызды жакшы көрчү. О, байбиче, Бакдөөлөт! Урматы улук Бакай менен Семетей балама кымызыңдан куйсаңчы! Жол жүрүп аябай чарчаса керек, суусап келген коноторго адеби менен сунсаңчы! – деп хан Жакып байбичесин бир башкача шаштырды.

Бакдөөлөт шашыла төгүп-чачып кеселерге кымыз куйду. Бирин Бакайга, экинчи кесени Семетейге кош колдоп сунду. Кесени колуна алган Бакайдын башына ардемелер кирди, бирок ойлонбой тартып ийди. Семетей кесени колуна алганда “Чоң атаңа сунбай кесенин ичиндегини ичпегин” деген абасы Бакайдын кебин эстеди.

– Чоң ата, сиздин жолуңуз улук, адашып жүргөн уулуңуздун колунан өзүңүз алып жибербейсизби. Сизден мурун мен кантип ичейин. Ичип, алыстан келген уулуңузга батаңызды бериңиз. Тилегиме үйүңдөн жеткендей болуп калайын, – деп Семетей алтын кесени тура калып, чоң атасына кош колдоп сунду.

– Кулунум, биз азыр эле ичип олтурганбыз, – демиш болду чоң атасы, шойкону билинип калгандай алаңдап. – Балам, мени ич деп кыстабай эле койчу. Андан көрө өзүң алыстан жол басып, арып— чарчап келдиң. Аябай суусаган болушуң керек. Ичип жиберсең суусунуң канат, сергий түшөсүң. Ич, ичип жибер, Манасымдан калган жалгыз туягым, – деп Жакып ичпей койду.

– Чоң атамдан мурун мен кантип ичип калайын. Ал ичпесе мен да ичпейм! – деп Семетей босогодо турган итаякка кымызын толтура куюп койду.

Ысыкта суу көздөн учкан Жакып хандын Даңгыт, Мангыт деген иттери итаяктагы кымыздан шалап-шалап ичкенде эле тырайды, экөө эки жерге кулады. Эки көзү жалдыраган Жакып хан не кылар айласын таппай ордунда катты. Ичинен эми соо калбайм деп ойлоду. Бирок Семетей ага көңүл бурбады.

– Атам Манастан калган мүлктү алып чык! – деп Семетей Бакдөөлөткө ачуу кыйкырды.

– Сабыр кыл, кулунум! Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт. Жаңылып калган чоң атаң Жакыпка таарынбай кетелик, – деди акылы зирек Бакай, Абыке менен Көбөшкө бара жаткан кыя жолдо. – Жакыптын иттигин көрчү, ушу убакка дейре котур ташын койнуна катып жүрүптүр! Семетей, кудайым сактанганды сактайт, дагы абайлайлы. Абыке менен Көбөштүн айылына келип калдык. Алдын мен барайын, айылда кандай кеп-сөз болуп жатат билейин. А сен кулунум, менин артымдан акмалап акырын келе бергин! – деп Бакай ак сакалын жайкалтып, Бозчолок атын чайпалтып, көөлдөгөн Көбөш ханга алыстан салам айтып түштү.

– О, Көбөш, бегим эсен барсыңбы?! – дегенде эле сөзүн оозунан жулуп алды, беги.

– Саламга жутаган эч ким жок! Эмнеге келдиң, тез айт! – деп туураланды Көбөш хан Бакайды жактырбай. – Сенсиз деле иш чачтан көп!

– Каркылдаган хан Көбөш, – деди Бакай ачуусун басып. – Канатың келди тосуп ал, тентип кеткен иниңди кадырлап элге кошуп ал! Сүйүнчү, журтум, сүйүнчү! Өлгөн Манас тирилди, о дүйнө кеткен айкөлдүн өлбөгөнү билинди!.. – деп Бакай айтып сөзүн аяктай электе Көбөш хан кол бакан менен башын жара чапты.

Башынан кара кочкул кан кетти. Жана чаап биротоло тындым кылайын дегенде, кырк чоро чурулдап келип, арачылап калды.

Семетей келди дегенди уккан эл алдынан тосуп чыгалы деп бирин бири чакырып, чогула баштады. Кубангандан бары толкунданып турду.

– Абаке, Көбөштү арбак урду. Сизге колу тийди. Сабыр кыл, аба, күнөөсүн кечир. Жетилип жетимиң келсе, кантип карап турайын, – деп Абыке элдин ызы-чуусун угуп, жүрөгү түшүп калды. – Өзүм алдынан тосуп чыгайын, көтөрүп аттан алайын. Манастан калган эл-журтун, өз колуна берейин! Каныкей ит Көбөштү арам деп туура айтыптыр. Адам болбой, ошо арам бойдон калды го. Менин күнөөмдү кечир, абаке, –деп Абыке кара күчкө кайгырып турду.

– Арамдар кылчу мындай иштерге сабыр кылбасак болбойт. Абыке, камынып тур, арстандан калган туякты ээрчитип келейин. Эл бир сүйүнүп алсын, – деп Бакай жетип келсе, Эр Семетейдин кара жаны кашайып турган экен.

– Семетей кулунум, элиң келди, элиңе салам бер. Бу Абыке деген сенин агаң, – деп Бакай карыя жаман ишти жакшыга жайгарып койду.

– Семетей чырагым, чырпыктан өсүп жетилген чынарым, Аман келдиңби?! Эли, жерин сагынган жеңем аман жүрөбү? Жериме жетип алсам деп дегдеген Чыйырды энем аманбы?! Букарга силерди тентиткен көр Көбөштүн чатагы. Ал хан болуп алып, эч кимди укпай, өз билгенин жасады. Иттигине барып Каныкей менен касташты, ургаачы менен басташты. “Абыке, сага Канышты алып берем” деп аябай чырды баштады. Каныкей ынабай койгондо, айылды чаап таштады. Ошондо сенин жаныңды калкалап Каныкей төркүнүнө кире качкан. Эми ошо кеткен иним, минтип аман-эсен эр жетип тууруна конгону турасың. Мобу турган кыргыз эл сеники. Керилип жаткан кең Талас, Сары-Өзөн Чүй, жер сеники, Семетей! Атагы кеткен чоң ордо, үй сеники, Семетей! Жайылып жаткан сан кара мал сеники, Семетей! Айланайын жалгызым, мындан башка да атаңдан калган аманат. Жоого кийчү мүлкү, алты ай чапса арыбас Тайбуруул сындуу тулпары бар. Аманат жандын эрмеги атаңдан калган шумкар бар. Карыя Бакай өңдүү калкына кадыры сиңген карысы, казына толо дүнүйөң бар! –деп Абыке буркурап арманын айтып турду.

– Абыке, аныгын айтты! – деп атпай кыргыз журту чурулдады.

– Калайык, Абыке агамда күнөө жок экен. Сөзүнө ыраазы болдум. Карыса да жеңеңди алып берем, өзүмө ата кылам. Жеңеси тийбейм деген соң Көбөш кантип желикпей койсун, ургаачынын сөзүнө? Абыке, Көбөш эки агам өргө чыксам өбөгүм, ылдый түшсөм жөлөгүм болгула! Калдайган элим эсен барсыңбы?! – деп Семетей эли менен учурашты.

– Жалгызыбыз аман болсун, арбактар жардам болсун, атанын бакты толсун! – деп Бакай баштаган эл бата берди.

Абыке коштоп, баарысы чогуусу менен баатыр Манастан калган Аккелте мылтык менен Аколпок тонду, атагы чыккан Сырнайзаны Семетейге бер деп Көбөшкө келди.

– Мен агамдан калган мүлктү кантип берем. Семетей өзү келип алсын, андан көргөндү көрөм, – деп Көбөш тантыганда калк тунжурай түштү.

– Көбөштүн бу кандай кордугу, жетимге кылган бу кандай зордугу! Элибизде ээси келсе, бээсин бер дейт. Мындай шумдукту укпаптырбыз. Кара ниет Көбөш хан болмоктон дөө болсун, Семетейдин мүлкүнө кантип Көбөш ээ болсун?! Абыке, агаңдын бу кандай жоругу. Семетейдин мүлкүн алып бер. Ай, Бакдөөлөттүн балдары, ченем менен кутургула! – деп калың журт кыйкырып турду.

Анан эл Семетейге Тайбуруул атты туура тартты. Семетей Тайбуруулду булкунтуп минди. Ойку-кайкы жулкунтуп, Абыке менен Бакайга айланып келди.

– Айланайын абаке, атамдан калган Акшумкар кайда?! – деп Семетей суроо салды.

– Ай, кулунум, – деп сөзүн баштады Бакай. – Атаң Манастын көзү өткөндө, кордукка чыдабай туулуп өскөн тоосуна учуп кеткен. Сени келет деп күтүп жүргөн кезидир. Тыңшачы, балам үнү чыгабы?! Асманды жакшылап карачы, мага караганда сенин көзүң курч эмеспи. Келгениңди туйган го? Куу-куу, Акшумкар! Жетимиң сени сагынып келди, санаасын баса көр! – деп хан Бакай куу-куулаганда кызыл түлкү кыядан кача берди.

Тилекти кудай берди деп, Бакай ичинен кубанды. Аңгыча, асмандын бети күркүрөп, тоо жаңырып дүркүрөп, шукшурулуп келип кызыл түлкүнү Акшумкар илип кетти. Тигиндейрээк барып, дөңгөчтүн үстүнө конду. Келе гой, жетим дегенсип чеңгээли менен түлкүнүн тумшугун капшыра кармап, силкинип-силкинип алды. Семетей чыдай албай чуркап барды. Акшумкарды колуна кондурду, кубанычы койнуна батбай турду.

 

СЕМЕТЕЙДИН ТАЛАСКА КӨЧҮП КЕЛИШИ

Семетей арзып келген эли менен көрүштү. Атасынан калган жоо-жарагын алды, Тайбуруулду минди, Букарды көздөй аттанды. Апасы Каныкейге, энеси Чыйырдыга шашты. Букардан көчүп кетүүгө бел байлап, көчкө шайланды. Энеси Каныкей арнаган он эки канат ак өргөөсүн кызыл төөгө жүктөдү. Темир хан көз жашын көлдөтүп, кызы менен небересинен эчтеме аябай, көп энчи берип узатты. Сары тазга тон жакшысын кийгизди, ат жакшысын мингизди. Ошентип, бала жолборс Семетей Таласка көчүн баштады. Журтуна ашыккан көч күн жүрүп, кээде тынбай түн жүрүп, Узак жол жүрүп Таласка келип түштү.

– Айланайын кулунум, мээнетим кайтты. Кудай ишими оңдоду, түшүмү туш келтирди. Таласка аман жеткениме миң мертебе ыраазымын, – деп Каныкей көчүн түшүрдү.

– Жетимдин көчү келди, бизге кудай берди! – деп Бакай көч келгенин, мал удургуп оттогонун көрүп, сүйүнө айтты.

– Энеке, айтканым айып болбосо журт которуп тигейин, –деп Каныкей үй тигилер кезде энесине кайрылды. –Анткени, бул жер баатырым Манас өткөн журт, башыма балээ жеткен журт, төрт түлүк малдан, эли журттан айрылган журт.

– Айланайын энеке, жанымдагы ардагым абакем сөздү тыңдасын. Үйдү тигер тикпес анык жерин, ушу киши ылгасын! – деп жаш Семетей чырылдап ийди. – Атам Манастын журту деп ырымдап, алыстан көчүп келдим. Бу атам Манас конгон майлуу журт, Манаска жаккан жайлуу журт! Киндик каным аккан журт, атпай кыргыз элине хан болуп, атам Манас өткөн журт! Шер Манас, Манас болгон журт, бакты — дөөлөт конгон журт, баатырлар өсүп-өнгөн журт! Ушул жерден аттанып, жоо келсе, жообун берген журт! – деп Семетей безилдеп ийгенде Бакайга макул кеп болду, Каныкейге эп келди.

Чогулган кыз-келин, билек түргөн жигиттер үйдү тиге баштады.

Cеметейди көчүп келди деп уккан Абыке ичинен кубанды. Жакып менен Көбөшкө кабар кылайын, байбичеге Жакыпты баштап барайын. Ата салты эмеспи, Семетейге биз барбасак, барып тосуп албасак, ата бабалардын арбагы бизге ыраазы болбойт деп ойлонду. Кубанган бойдон иниси Көбөш ханга келди.

– Көбөш, Семетей көчүп келди. Иттигиңди карматпай, бир ачууңду мага бер. Оюңа жамандык албай, мени менен жүр. Чыйырды менен Каныкейге учурашып келели. Мен хан Жакыпты да айтып алайын, – деп Актелки атын жулкунтуп жөнөй берди.

– Сүйүнчү, ата, сүйүнчү! Манастан калган жалгызың Семетей көчүп келди. Эми сага кудай берди. Жетимдин жазыгы жок, ата-бала басташкан, кылымда жок. Семетей балаң болбосо, сенде атаке, чын жери тукум деле калган жок. Ыйманы жок киши элең, өз тукумуңду өзүң үзүп салба. Башында ойлонбостон Каныкейдин чарбагын, айкөлүң Манас арбагын ойрон кылгансың! Айланайын атаке, энекем Бакдөөлөттү, эли журтту, бала-чаканы ээрчители. Чыйырды байбиченин алдына баралы, байкуштардын муң-кайгысын тең бөлүшөлү. Билген кишиге бизден айып кеткен. Чынын айтайын, көөлдөгөн Көбөшүң Каныкейди башынан жек көргөн, Чыйырдыга кек болгон, – деп Абыке күпүлдөп жиберди.

– Абыке, акмак, минтип жүрсөң сен оңбойсуң! Же акмактыгыңды койбойсуң! Элден чыккан жетимди тууган кылып, бизди тура жолго салам дейт, тумшугу жок, коркок ит. Семетей эми мага тууган болбойт, душмандыгын арттырат. Эл аралай баштаганда эси жок акмак, эл меники деп чыгат?! Элдин ниети, түрү бузук. Эл жетимди ээрчип кетсе, сен Абыке, корооңдо жалгыз каласың короңдоп. Энеси бетпак үйрөткөндөй, жер меники, калың журт жан меники деп чыгат. Жайылып жаткан төрт түлүк мал меники деп чыгат. Эй, Абыке, акмак, ушуну билбейсиң, же оозуңу тыйып жүрбөйсүң?! Эй, Көбөш балам, кайдасың! Жетимдин тапкын айласын! – деп кашайган Жакып хан жаны чыга айкырды.

– Көбөш, кара тумшук жетимди камындырбай бас, келген жагына куу! Колуңда хандык турганда эмнесинен коркосуң? Элдин баарын ээрчитип, жетимге бүлүк салып кел! Тил албаган кишиңди тирүү койбой, жарып кел. Жетим желмогузду жоготуп, бир убакта ала албай калган өчүңдү алып кел! Элирген эки канчыкты мен айдап жолго салам, анан Бакайдын башын алам! Жалпы журтум, буйругумду уккула, аттанып жолго чыккыла! Барбайм дегендин башы алынат! – деп чаңырып, хан Жакып айбатын көргөздү.

Каарын төгүп, хан Жакып ордого чогулган элин алдына салып айдап алды. Артынан Көбөш “Кой, кой!” деген кишини жайына койбой коркутуп, ал да айдап жөнөдү. Заматта асаба желек кылкылдап, найзанын учу жылтылдап, аз эмес, көп кол менен Жакып хан менен Көбөш хан Семетейди чаап алмакка жер дүңгүрөтүп жөнөп калды.

– Айланайын атаке, неге тилимди албайсың, кыянаттан качпайсың! Ушинтип жүрүп арам өлбө! Семетей уулуңдун алдына кубанып барбастан, кайра душманча уруш салып барганың кудайга жагабы! Ата, сенин кылбаганың жок, андан көрө, тилимди ал! Чыйырды энемдин алдына кечирим сурап бар, – деп Абыкенин күйбөгөн жери күл болду.

Жакып хан Абыке уулу жалынса да болбоду. Көбөш хан урушка баштаган жарлыгын койбоду. Эки хан кепке, сөзгө келбеди.

– Семетей, жерди, сууну боктобой бул жерден тезинен кет! – деп чыр баштады.

Жарлык айтып, көр Көбөш Семетейдин айылына чабуул койду. Ошентип, аңтаңдаган алты арамдын, кайтадан арам жоруктары ушинтип башталды...

Зордук менен айдалып келген эл кимисине тартаарын билбеди. Көпчүлүк элдин колунан каруу-жарагы түшүп, өз-өзүнчө уруштан четтей берди. Семетейди жеңе албашын туюп, туш-тушка кетенчиктей баштады. Кыскасы, Семетейге жан тартты. Элдин аракетин көрүп “Элде кенедей күнөө жок” деп ойлоду эр Семең. Шашпады, өзү келген хандардын арам чырынан качпады. Чоң энеси Чыйырды жаны чыга жаздады.

– Арбак ургур, алты арам, дагы урушун баштады! – деди эт— бетинен кетип чыңырып. – Кантейин, Семетей жалгызыма кудай жардам, атасы арстан Манастын арбагы жардам! – деп алдырап, не кылаар айласын таппай жалдырап туруп берди.

– Cеметей, аттан! Тартынба, сени арбактар колдойт, сени элиң колдойт! – деп Бакай коштоп жиберди.

– Жакып чоң атам өзү чыр баштады. Минтип тууган болбойт, тигинтип жүргөндөр, иттей үргөндөр мени тынчытпай койбойт! Иттерге каршы чыксам атасы менен сайышыптыр деп кыйла жерге сөз кетет. Эли-журтка уят болом. Уят десем алты арамдын кордугу сөөккө өтүп турат. Айылымы талап-тоногону келген душмандын несинен аянам. Кара жолтой Көбөш хандын желин өзүм чыгарайын! –деп жоо бөрүсү Семетей кылычын кыя байланды. Тайбуруулду туура тарттырып, бар жарагын шайланды.

– Каныкей энем менен Бакай абам көп эле какшады. Эми силер көргөн кордук менен зордукту өз башыман өткөрүп жатам. Не болсо да кудайга койдум, – деп Семетей Тайбуруул атка минди, жоону качырып кирди.

Хан Көбөштү камынта койбой аттан ыргыта сайды. Эл Абыкени качыра койбой кармап алды. Экөөнү кошоктоп түбү терең орго салды. Толкуган элди токтотту.

– Айланайын Семетей, элде не жазык? Жакып менен Көбөш хан баарыбызды зордоп айдап келди. Элге каарданба, атаң Манас кечиримдүү жан эле. Кечирсең балам өзүң бил, кечирбесең жаныбызды ал. Бирок элде күнөө жок! – деп карылар курларын мойнуна илип, чуркурап турушту.

– Карылардын сөзү туура, хан жарлык кылганда эл качан карап турчу эле. Калкым сенде жазык жок. Жайланып өз оокатыңарды кыла бергиле. Чоролор, силер эки-үч күндө келип тургула! Баатыр Манас салтындай башкарып, кеңеш кура бергиле! Армандуу жетим мен гана эмес, атамдан калган кырк чоро да, эр Манастан айрылган Эл да көп азапты баштан кечирди. Ичтеги андай-мындай таарынычты унуталы. Элде бирдик болбосо ала болуп өлөбүз. Мыкты болсо хан Жакып пайдасын тиер баласын “Жоготом!” деп жектейби?! Өз ара ушинтип чырдашып турсак, араң турган Коңурбай кыргызды олжо кылып кетпейби! Андан көрө чоролор, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаралы. Бириндебей бек бололу, касташкан жоону жеңели! Кагылайын калайык, Сары абам өзү хан болсун! Сары абам хан болбосо канткенде ишим оңолсун! Каяша кылган адамдын кара оозуна кан толсун! – деген Семетейдин сөзүн эл туура кабыл алды.

Семетей айланасын караса, эл арасында Бакай менен Жакып жок. Эл чуру-чуу түшүп издеп калды. Акыры тапты. Кара тоонун боорунда, жанында жан адамы, колдорунда эч кандай куралы жок эки хан аябай кырылышып жатыптыр. Хан Жакыпты Бакай карыя аттан талпайтып сүйрөп түшүптүр, чалкасынан жаткырып, төшүнө минип алыптыр.

Семетейди көргөндө баатыр Бакай эрдемсип, хан Жакыптын колдорун байлап жиберди. Жилкилдете айдап, Абыке, Көбөш жаткан орго алпарып таштады.

– Кагылайын ага-ини, – деп Бакай сөзүн баштады, ошондон кийин. – Жакып менен Көбөштүн колу, жолу байланды. Абыкенин иши ак-карасы билинбей, кастыгы жок кармалды. Айланайын журтум, Манастан арманыңар барбы! Албетте, жок! Анын жалгызы журтубузга жаңы конду. Эсиңер болсо, эрдикти андан талашпагыла, Жакып хан менен Көбөшкө эми жанашпагыла! Башчысы Кыргыл чал болгон Манастан калган кырк чоро, силерге айтаарым, адашпаган адам жок. Андыктан Манастан калган жетимге чоро болуп алгыла! Келе турган жоолор көп, кеңешип жолун чалгыла. Семетейдин доорунда серпишкенге бой бербеген, сепил болуп алгыла! Семетейдин көчүп келгенине баарыбыз кубанып жатабыз. Көр Көбөштүн колунан, эр Сарынын колуна жаңы хандык өттү. Баарыңды ошо хандыкка чакырам. Үч күндөн кийин той болот, келбей койгон кесепетке кабылат. Ынтымактан качкандар, ыгы жок өзү кор болот?! – деп Бакай элди таратты.

Карап турган калың эл, Бакайдын сөзүн жаратты.

 

ЧОРОЛОРДУН ЧЫККЫНЧЫЛЫГЫ

Өлгөндөн калган кырк чоро Манастын көзү өткөндөн кийин хан Көбөшкө чоро болуп алышкан. Анын айтканы менен болуп, бөтөнчө көргөн көзү, бөлөк-бөлөк сөзү бар Кыргыл чал менен Баймат Каныкейге чоң ыдык көрсөткөн. Ошондонбу, кыйды Кыргыл өзүнөн өзү Семетейден чочулап, чоролорду ачык эле азгыра баштады.

– Чоң атасы Жакыпты, ага эки агасын кошуп, орго салды. Алар кутулбас куяга калды. Тууганына кайрылбаган Семетей бизди аяп коёбу? Эми бизге да күн жок, – деп коркутту.

Чоролор жандан түңүлүп, болгон чатакты бири-биринен көрдү, бири-бирин сөктү. Көбөш хандын буйругу менен Каныкейди чапканын, көчүп келген Семетейге да анын буйругу менен чабуул койгонун чоролор барып турган ыймансыздык деп ойлошту.

– Уят — өлүмдөн катуу, Семетей менен элдешүүгө бара албайбыз. Баары бир мында калсак өлөбүз, өлбөсөк да чунактан көргүлүктү көрөбүз. Жакшысы, калмакты көздөй качалы. Семетей алдыбыздан чыкса аянбай кармашалы. Жолубузду ачалы, калмакка башты каталы, – деди ичи арам, тышы түлкү Кыргыл чал, ыргылжың боло.

Ошондо Баймат баатыр чоролордун намысына тийди.

– Эй, чоролор! Силерде бет барбы, кантип Семетейге барабыз! Кыргыл чал кылган иш үчүн балээге эми калдык. Бирөө менен кеңешпедик, чоролор менден чыкпайт деп койсо, баарыбыз Көбөшкө кирип кеттик. Бакай менен Семетей силер ойной турган жоо эмес. Калгандын кара башы соо калбайт. Силерди билбейм, мен калмакка кошулганы кеттим. Кудайм ошолордон ырайым берсин. Башка арга жок, – деп Баймат жөнөп калганда, баары кетмек болду.

Ата салты боюнча нан чайнашып, ок тиштешти, ант беришти. Кой-ай деген эч ким болбоду. Бала-чакасын, мал-мүлкүн таштап, түн жамына Таластан качып чыгышты.

Эки күндөн кийин Семетейге кырк чоронун баары качып кетти деген кабар угулду. “Бу кара жолтой чоролорго кандай жаман иш кылдым. Ай дебесем, кой дебесем, келгениме араң беш күн болсо, калмакка качып кеткени эмнеси?” деп таң калды, бала жолборс Семетей.

– Бакай аба, кой, мен кырк чорого барайын, токтотуп алып калайын. Ынтымакка чакырып, баарын чоро кылып алайын, – деп Семетей Бакайга кеңеш салды.

Бакай ичинен да, тышынан да макул көрдү, Семетейдин чечимин. Ошондо Семетей Аколпокту кийди, жоо-жарагын шайланып, кылычын кынга илди. Аккелтесин асынды, Сырнайзасын таянып, Тайбуруул атка минди. Бакайдан бата алып, жоболоңдуу ишке кабыргасы кайышып жөнөп кетти.

Семетей аттанып кеткенде энеси Каныкей чоролор минтип жаткан соң, арамдарды тез арада тындым кылып коёлу, дагы кесири тийип жүрбөсүн деп жан аянбас желдеттерге:

– Жакып менен Көбөштү жайлап таштагыла! – деп буйрук берди.

Буйрукту уккан желдеттер карап турабы, Каныкейдин буйругун эки кылбады. Кепке-сөзгө келбестен Жакып ханды, артынан Көбөш ханды тындым жайлады.

– Эми Абыкени мага алып келгиле, – деди Каныкей, башкача сөз баштагысы келип. – Атаң болсо өлдү, ажалга эрксиз көндү. Көбөш да өлдү, көргүлүктү көрдү. Абыке, эми сен кайгырба, кыянат болсо, пенде ар качан жазасын албай койбойт. Ниетиңдин агынан сени Аман койдум, Абыке. Эми алсаң мына Каныкей, мен даяр. Жалгызыңды ээрчитип, ата болоор кезиң келди, – деди Каныкей жылмая.

– Каныкей, сөзүмдү ук, сени албайм. Азапка жалгыз калбайм, керт башыма азаттык сурабайм. Атам менен агама айтпаган сөзүм калган жок. Ошентсем да, Каныкей, атам өлүп, мен калып, агам өлүп сандалып, эл ичинде кантип жүрөм жанбагып?! – деди Абыке чын пейлинен.

– Бу уятсыз аялдын айткан кебин көр, – деп ары жактан этек-жеңин кагына Чыйырды чыңыра обдулду. – Кыйгачтанган канчыктын тапкан эрин көр. Өткөн жорукту унутуп калдыбы? Эсирген Көбөш эмчегин жара чапканда, Абыке арачылап койбойбу! Же Жакып менен Көбөш катуу кысканда, неге арачы болбойт? Ичтен чыккан душманды, эр издеген карабет кандай билбей калды? Кара жолтой хан Жакып, мен касташкан кара жоо. Хан Жакыптын күчүгү — Абыке, Көбөш – баары жоо! Карабет Каныкей сөздү койгун, желдеттер турбагыла! Абыке кулду сойгула, куураган чалдын тукумун бир жолу үзүп койгула! – деп Чыйырды Каныкейге ээ кылбай, Абыкени жайлатып таштады. Акылайды алдырып, акылынан тандырып, Көбөшүңдөн калба деп аны да о дүйнөгө узатты.

Куугунга кеткен Семетей Ала-бел ашуусун ашты. Аттан түшө калып из чалды, Суусамыр жайлоосуна көз салды. Ачуусу келгенден оозундагы отуз эки тиши тең кычырап, Тармал саздын жанында чоролорду кууп жетти.

– Чоролор, менде кандай күнөө бар! Токтогула, акылга келгиле! Менден айып иш өтсө, мени кечиргиле! Минткениңер жакшы жорук эмес. Бизди аңдып жүргөн жоолор көп. Ушинте берсеңер далай жерге кеп кетет, эл ичинен ырк кетет! Кан жыттанган Коңурбай, көп кытай-калмагын ээрчитип жергебизди тепсетет! Аккан канды кечирип, кыргыз атын өчүрөт. Айланайын чоролор, силерге алдымдагы Тайбуруул атым тартуу! Манастан жетим калган менин башым тартуу! Илгертен келаткан салт эле, алдыңа тартуу тартылса, көнүлдүн кири кетчү эле. Араздашкан калайык, айкалышып өтчү эле, – деп Семетей күлүгүнүн тизгинин тартты, оюн таразалап, туурасын айтты.

– Агалар, артыңардан кууп келген мени айып көрбөгүлө! Жөнеле ушинтип кыргыз журтун таштап кетер себеп жок. Жат элдин жайын биле албай жакырланып кетесиңер. Алымсынбай калмакка армандуу болуп өтөсүңөр! Ошондо Манаска душман Коңурбай “Манастын уулу кыскандан, күйүп – отко бышкандан, өзүнөн чыккан душмандан чоролор качкан” деген шылдың кеп таратат. Жыйылып жоро ичишип, жыргай турган, ырдай турган кезде, айланайын чоролор, ыгы жок жерден эсирбегиле! Кыргызга кырсык кылам деп атып, өзүңөр кудаанын каргышына калбагыла! – деп Семетей кара жанын муңайтты, жашын төгүп, катуу айтты.

– Манастын уулу Семетей, эми бизди ук! – дешти чоролор бир ооздон күпүлдөп.– Биз эми кайрылып кантип барабыз? Уялбай артыбыздан эмнеге келдиң! Биз шерттешкенбиз, сенин жарлыгыңды укпайбыз! – дешти жеп ийчүүдөй каарданып.

– Семетей, биз эми кайтпайбыз! Өзүң уккандай, биз чырпык кесип, ок тиштешкен, антташкан чоролорбуз! – деди кыйдыланган Кыргыл чал өкүм кыйкырып.

– Биз азыр аянбайбыз, кашык каныбыз калганча атышабыз! Кызыл кыргынга бир жолу батышып туруп кетебиз! Ажал жетсе өлөбүз, же сени өлтүрөбүз. Түбөлүккө сенден ажырап кетебиз! Анда урушка! –деп Кыргыл чал чоролорго буйрук берди.

Буйрукту уккан чоролор мылтыктан ок жаадырды, жаа тартты. Ушинтип чоролор чырды баштады. Ар кимиси, ар кайсы жерден ажылдап, айтканынан кайтпады. Жаман тилин тартпай, кыяматчы кырк чоро аянбай урушка кирди. Семетей ызасына чыдабай өлүп кете жаздады.

– Айлансам да болбоду, бул арамдар мени жайлайм деп ойлойбу! Тартуу тартсам болбоду, мени талкалайм деп ойлойбу! – деп ичине ызасы толгон Семетей, жалынып жалбарса да болбоду. – Аттиң арман! Ушундайда билинет тура, бир атадан аздыгым. Энеме эрегишип эки агам кылды зордукту, чогоолдугун карматып, чоң атам кылды кордукту! Көчүп келгениме беш күн болбой, чогулуп качып калмакка, кырк чоро кылды кордукту! Атам Манас кайран эр тушунда, кырк чоро көргөн жыргалды. Эми кылчайып мага карабай, кырк чоро кылды тардыкты. Мен да аманат жандан тойдум. Армандуу дүйнө кантейин, иттерди арбакка койдум! – деп бала жолборс Семетей Аккелтесин октоду.

Аянбай он жолу Семең ок атты, от чагышкан чородон онун бирдей сулатты. Анттан кайтпас чоролорду Кыргыл чалы кату демитти.

– Чоролор, урушка аянбай киргиле! Семетейдин башын кыя чапкыла!

– Ай, чоролор, эми койгула! Минтип отурсак баарыбыз өлөбүз, – деп кыйкырды Алмамбеттин Күлчоросу. – О, чоролор, акылыңар болсо Манастан жакшы эч ким жок. Жакынга жайлап кеп айтпай, жайым мындай деп жакшылап түшүндүрбөй, көрбөгөндү көрдүңөр, ай талаада өлдүңөр! Катарыңар суюлганын өз көзүм менен көрдүм! Эрегишкен силерди, эр Семетей жеңди го! Кыргыздан качып келдик деп, канча жыл касташып келген калмакка, намысы жок чоролор, канткенде келет баргыңар! – деп Күлчоро зар какшады. Сайрап турса да, антташкан чоролор сөзгө келбеди.

Кырк чоро жалгыз келген Семетейди, бучкагына теңебеди. Тегеректеп жаа тартты, тытып ийчүүдөй найза сунду, кылыч чапты, айбалта урду. Тайбуруулдун соорусун канжалатып ийди. Ага карабай, бала жолборс Семетей көп каргага бир шумкар жалгыз тийгендей, оң жагынан келгенин ойрон кылды, сол жагынан келгенин соолто чапты. Текебердүү чоролор да тегиз кырылып кеткенче, тегеренип качпады. Антка бекем баатырлар, жаны чыгып жатса да, жан соогалап айтпады.

– Эригишкен чоролор, эби жоктонуп ажалга өздөрү көнүп берди. Эрмек кылып алайын, эпке келбес чородон, эки бала калды. Урматы улук чоролор кырылып, мени уятка калтырды. Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман дегендей, каршылашпай элдешсе болот эле. Ошондо бербейт белем жанымды, жалгыздыкка карабай, ошолордун бирине! –деп күйүтүнө чыдабай Семетей арманын аябай эле айтты.

Кочкордун калкын жыйып, көрүн терең каздырды. Кырк чоронун күмбөзүн кыркалата койдурду. Айкөл Манас баатырга кызматы өткөн кырк чоронун эрдигин жомокчуга ырдатты. Усталарды чакыртып, ар бирине ардактап, ак күмбөз салдыртты. “Кырк чорону кырды деп кылымга сөз угулду. Элдештирген пенде жок, айрылып калдым чоромдон, армандуу дүйнө ушу экен! Атамдан калган жородон эки бала эрмегим. Мингизсем атка минеби, сапардын жайын билеби?! Алыстан келген жоо болсо, абасына эш болуп, айкалыша жүрөбү?!” деп Семетей чоң кайгыга батты.

Көп өтпөй боор тарткан Чубактын уулу Канчорону, Алмамбеттин уулу Күлчорону ээрчитип, хан ордосу турган Таласка кайтты.

 

ЧЫНКОЖОНУН СЕМЕТЕЙДЕН АТ СУРАТКАНЫ

Ошо заманда Шыгай хандын доору жүрүп, анын Чынкожо деген баатыр уулунун даңкы нойгут элинде даңазасы чоң экен. Сураган буюмун алган, чабам деген элин чапкан Чынкожо Семетейдин көчүп келгенине чындап кубанды. Анткени, ал Семетейди жашсынтып жөндөн жөнеле касын тигип калды. Семетейге кантип тийишерин билбей, ок жыландай толгонду. Акыры шылтоого шыноо табылды. Бир күнү Эртиш, Токо деген чоролорун чакыртты. Маңдайына отургузуп алып, айтпагандын баарын айтты.

– Эси жок жетим, этке, майга мас болуп, эмдигиче уйкусунан тура элекпи! Манасты өлтүргөн калмактын кунун куубады, же Акун ханга барбады. Минтип жүрсө, болуп койгон колуктусу Айчүрөктү бирөөгө тарттырып ийет. Айчүрөк сулуудан айрылса, арманы ичине толот. Тайбуруулдан айрылса, жанында эч ким жок калат. Ошондо тамашаны салабыз, Талас, Чүйдү чабабыз, перинин кызы Чүрөктү алабыз. Буга кандай дейсиңер, чоролор? – деп Чынкожо бүтпөгөн ишке кубана алакан чапты.

– Чынкожо баатыр, баары сен айткандай болот! Бу чөлкөмдө азыр сага тең келээр баатыр жок! – деп Эртиш менен Токо күүлөп койду, эси жок төрөсүн.

– Анда, экөөң тең бүгүн эле элчиликке аттангыла! Жан жолдошум Токо, тартынбаган Эртиш, эр Семетейге жеткиле. Бизди Чынкожо агаң жиберди, Тайбуруул атты берсин деп сурап жатат дегиле. Берсе алып келгиле. Өзү билип, өз колу менен бербесе, зордук кылып алам! Таласын чаап, элин талайм. Мага демек, өлгөн атасы Манасын тирилтип келсин! Ногой менен нойгут уруусунун арасын ачам. Шыгай хандын баласы Чынкожо деген баатыр суратып жатканын ойлоп койсун. Тайбуруулду бербесе өзүнөн көрсүн, элин, журтун олжо кылам! Ушинтип тартынбай, бек айткыла! – деп үйрөтүп Чынкожо эки чоросун Семетейге жөнөттү.

Не кылмак, төрөсү жөнөтүп жаткан соң, Эртиш менен Токонун барбай коюшка чарасы жок. Барбай койсо, чоролордун ажалы жетет, башы кетет. Ошон үчүн өкүм өскөн эки чоро буйрукту алар замат, дароо аттанып кетти.

Арадан нечен күн өттү. Экөө Таласка түш оогондо келди. Адырдан көп жылкыны көрүп, тизгин тартты. Жазы менен Өзгөндөн самап келген жерине жеткенде, тизгин тартпай, көп жылкыны аралай кара алачыкка чаап келди. Жылкы башы Аман Эртиш менен Токону тааныбай шектүү карады. “Булар каяктан келип калды? Дос десе саламы, душман десе жарагы жок. Шыбыраша сүйлөшкөнү негедир, күмөн туудурат?” деп ойлоду.

– Семетей арстаның кайда? – деп аңгыча эки баатыр акырын шыбытын чыгарды.

– Канчоро, Күлчоро, жоо келди! – деп Аман шашкандан ачуулана бакырды.

– Кана душман, кана жоо! Атышып жатып алам, жазасын колуна берем! – деп Күлчоро менен Канчоро Аманды көздөй шашылды. Уйкудан көздөрү умачтай ачылды.

– Талас, Талас болгону, Таласка кыргыз конгону, өрүшкө жылкы толгону, силерге окшогон чоочун адамдар бул жерге келген эмес. Мен айкөл Манастын убагынан бери жылкы башында келаткан Аман деген болом. Силердей кишилерди көрбөптүрмүн. Каракчыга окшогон кайдан келген жансыңар?! – деп Аман экөөнү камалап турганда Күлчоро менен Канчоро жетип келди.

– Аман аке, акырын, бу биздин кишилер тура! – деди Чубактын уулу Канчоро менен Алмамбеттин Күлчоро. Эртиш менен Токону көрөр замат таанышты. Аттан алышты, алдына жумшактап төшөк салышты. Дасторкон жайып, кымыз куюшту.

– Эртиш, Токо агалар, эсен-аман жүрөсүңөрбү? Дениңер сакбы? Эл, жерди сагынып келдиңерби? Аксыдан качкан көп нойгут туугандар аман жатабы? Шыгай хандын уулу Чынкожо батыр аманбы? Силер бул жактан көчкөндө, эчтемени билбеген алты жашар, ат чапчу балдар элек. Семетей абам, сары изиме чөп салды, кербеними тоноп алды деп Шыгай ханды коркутуп, көп жылкысын тартып алды. Анан кайра сөзгө келгенче түн жамынып качып кетти. Бул жактан көчкөн Шыгай хан Кара-Кулжа, Өзгөндөн конуш алды, бир жылдан кийин Шыгай хан өлдү деп уктук. Бул жакка Караганда Шыгайдын Чынкожо баатыры Караты менен Кашкарга каттап турат, эрдигинен ал элден алман алат деп уктук. Эртиш, Токо ага, ушул сөз чынбы, Шыгай хандын уулу Чынкожо ошончолук тыңбы? – деп элжиреп Күлчоро сөзгө конок берди.

– Күлчоро туура айттың. Кара жандан кечип, туугандан күдөр үзүп, күндөп-түндөп качканда ат чапчу бала элеңер. Шыгайдын уулу Чынкожо Караты менен Кашкарга барганы, кашкарлыктар ага алман төлөгөнү да чын. Нойгут уруусунун эли Жазы, Кара-Кулжадан жай алганы да чын. Силерден жамандык көрсөк да, адал иш менен келдик. Илгертен ат аяган жер карайт, куш аяган көк карайт деген сөз бар. Кас тууганы дос болсо, кандай пенде мал аяйт дегендей, бизди Чынкожо агаң жиберди. Көрүп келгиле деп силерди. Сүйлөшүп сөзгө абдан канып келгиле, Тайбуруулду баатырдан сурап келгиле деп жиберди. Ногой, нойгут арасын кынап, Семетейдин марттыгын сынагыла. Колкосуна аларын билип, сагынышкан тууган арасында жүрүп келгиле деп жиберди. Манастын уулу Семетей туугандыкка келбесе, Тайбуруул атын эрки менен бербесе, ордосунан чыгарбай кордук менен алабыз! Таластын ташын талкан кылабыз, мага демек, чакырып келсин, качан эле сөөгү сөпөт болгон Манасын! Эли журтун кул кылабыз! Семетей билип койсун, Чынкожонун кандай баатыр экенин. Канчоро менен Күлчоро, кандай десеңер, ошондой дегиле, абаңарды Тайбуруулун берүүгө көндүргүлө! Антпесеңер Чынкожонун жер жайнаган аскерин кең Таластан көрөсүңөр! Чоролор байкагыла, Шыгайдын көркоо баласын! –деп эр Токо оюн билгизди, өкүмдүгүн экөөнө тең тийгизди.

Чоңдугун салган Эртиш менен Токонун жоругу Канчоро менен Күлчорону таң калтырды. Экөөнүн тең муруттары сереңдеп, жаак түктөрү түкчүйүп, ичтерине ачуусун жутуп, араң карманып турушту.

– Эх, күйдүргү Токо, Токо! – деп кебин баштады Күлчоро. – Тайбуруулду суратканы, баатыры менен тууганы өлсүн дегени! Шыгайдын уулу Чынкожонун бу эмне дегени?! Эмне, бизге айталбай жүргөн кеби, же бизден ала албай жүргөн кеги барбы?! Кара жолтой баатырлар, айткылачы, силер айткан сөздүн кай жери туура?! Силердин арам максат менен келгениңерди билбепбиз. Ээрчишип келген эки кул, силердин душман экениңер эми даана билинди. Баатырсынган экөөңдүн үнүңдү басайын! – деп Күлчоро сөзүнүн аягына чыкканча Токону кудай урду.

Кончундагы болот канжарын сууруп чыгып, Канчорого тап берди.

– Эй, Токо, андай эмес, мындай! – деп Күлчоро менен Канчоро Токону ур токмокко алды. – Куйкаңды тилип мурч салам, куйругуңду тилип туз салам! Далыңды жарып чок, таманыңды тилип ок салам! Ишенбесең Чынкожо бегиң көрсүн! –деп Токонун бетинен канн агызды, куйкум жыттантып бетине тамга салды.

– Мындан кийин түз келип, түз кетип жүргүлө! Андай болбойт экен, экөөңөрдүн тең төшүңө жору менен кузгун кондурам. Чынкожо төрөңөргө айта баргыла, тилин тыйып, акыл эсине келип жүрсүн! – деп Күлчоро менен Канчоро элчиликке келген туугандары Эртиш менен Токону аябай ийлеп, жолго салды.

 

ЧЫНКОЖО, ТОЛТОЙДУН ЗОРДУГУ, АЙЧҮРӨКТҮН УЧУШУ

Хан Чынкожо Семетейди коркутуп, Тайбуруул тулпарын алалбай ичи өрттөнүп, куйкасы курушту. Кордук көрүп барган эки чоросун карап, ансайын кыжыры кайнады. Өзү канчалык баатырсынбасын Семетейге жалгыз барып, кол салуудан коркту. Толтой баатырдын атасы Багыш калмактарга чыккынчылык кылгандыгы үчүн башы алынган болчу. Ошону шылтоолоп Чынкожо Багыштын уулу Толтойду Семетейге көкүттү. Айчүрөктү сага алып берем деп алдады. Семетей анда Айчүрөктү биле элек кези.

– Семетей менен касташкан болбойт, Айчүрөктү албайм. Андан көрө, эр Семең менен туугандашканыбыз жакшы, – деп Толтой чын ниетин билгизди.

– Сен Багыштан туулбай кал, намысы жок кул! Семетей менден ашкан эр эмес, сен барбасаң өзүм барам. Сени достуктун антына коём. Айчүрөк сулууну сен албасаң, өзүм алам! – деп Чынкожо намысына тийгенде Толтой аргасыз макул болду.

Ошентип эки баатыр Акун хандын элине барышты. Айчүрөктү бизге берсин деп элчи жиберишти. Көптү көргөн Акун хан элчиге жоопту катуу берди.

– Чынкожо, Толтой элинен эр өлтүрбөсөм, кайсы күнөөм үчүн чырактай кызымы берем. Айчүрөк Семетейдин аташып койгон колуктусу. Алса Семетей алат, силерге кызымды бербейм! – деп Акун хан анык кебин айтты.

Бу кабарды уккан Чынкожо менен Толтой чындап көгөрдү, аскер курады. Акун хандын калкына чабуул жасады. Көп адам набыт болду, көбү өз шаарында камалып калды. Ошондо Акундун кызы Айчүрөк олжо катын болгончо Семетейди издегеним артык деп ак куу кебин жамынып, шаардан учуп чыкты.

Учуп баратып чет Бежиндин оюнда хан Коңурбайды көрдү. Мурутун ак басып, бир топ жашка барып калыптыр. Дагы эле Алгара атына койкоё минип, өтүгүн чойкоё кийип, жылкы четинде жүргөн кези экен. Карыбаса, калкыма душман болбосо, тийип алчу эр экен деп сынап өттү Айчүрөк. Канатын чапкылап, куйругун каккылап, ак куу жолун андан ары улантты. Ак булуттун астынан учуп баратып, Кең-Колдун маңдай жагынан көзүнө ак сарай көрүндү. Издеп келген Семеңди таптым окшойт. Жердеген жери Талас деп уккан элем деп ойлоду Айчүрөк. Ала Тоо башын бир айланып, боз секиге конду. Ак куу кебин чечип, адам кейпине келди. Ал аңгыча ордо өргөөдөн Чачыкей ак кулжадай даңкайып, элечеги кайкайып, алтын сөйкөсү жаркылдап, чач мончогун шаркылдатып чыкты. Эр Семетейдин ушу зайыбы Чачыкей эжем менен акылдашып алайын деп Айчүрөк он бештеги кыз болуп кубулуп, жанына басып барды.

– Сары алтындай эжекем, соо-саламат жүрөсүзбү?! – деп сыпайы учурашты Айчүрөк. – Менин сизге айта турган сөзүм бар. Аны айтпасам болбостур. Чынкожо менен Толтой аскер курап барып, шаарды басып алды. Жазында эгин эктирбей, күзүндө аштык алдырбай кыйнап бүттү. Мен Семетейдин аташкан жары Айчүрөкмүн. Мени Семетей баатыр Толтойдон талашып барып алабы же албайбы? Ушуну гана билгим келет. Алтын эжекем, менин айлам куруду, бир эбин тапчы. Тапсаң өмүр бою кызматыңда болоюн, – деп Айчүрөк жалынып-жалбарып ийди.

– Шакылдаган сен кимсиң? Суудан чыккан суксуңбу, жерден чыккан жиксиңби, же жез тумшук деген сенсиңби?! Атасынын төрүндө эр издеген шумпай кызды биринчи көрүшүм. Көзүмө көрүнбөй жогол! Семетейдин сүйгөн жары менмин. Чачыкей сага тең эмес, сенин айтканыңа көнчүдөй, арачы киши мен эмес, – деп Чачыкей үйүнө кирип кетти.

Айчүрөк уятынан жерге кире жаздады. Көзүнүн жашын көл кылып отуруп калды. Мынча келгенден кийин биротоло ишти бүтүрө кетейин деп түнү бою күттү. Таң саргарып атканда эшикке чыккан Чачыкейдин алдын кайра тосту.

– Айланайын эжеке, менин айткан кебимди Семетейге жеткирчи. Боору таш Толтой деген жоо Акундун Айчүрөгүн алам, андан ары Семетейге барам. Эчтемесин калтырбай талап-тоноп алам деп жатат. Асыл төрөң Семетей ушуга арга табабы, же аташканын алдырган намысы жок бойдон калабы?! – деп Айчүрөктүн күйбөгөн жери күл болду.

– Какылдаган кара бет кыз! Азыр кармап алып таманыңды тилбесем, эшек кылып минбесем эле Чачыкей болбой калайын! – деп билектен алды, ары-бери силкти.

Каалоосу күч Айчүрөк сымаптай чайпалды. Коргошундай көлкүлдөп, тунук суудай мөлтүлдөп, колдон суурулду.

– Эрке катын Чачыкей, жакшы айтсам болбодуң. Баатырдын уулу Семетей талаага чыкса меники! Үйдө калса сеники! Эртең Акшумкарын салганы барганда ак була болуп бурулам. Андан айла келбесе ак балык болуп көрүнөм. Дагы айла болбосо, ак куу болуп кубулам. Куу деп кушун салганда, кушун кармап алам. Эр төрөнү ээрчитип элиме барам. Ушул ишти кылбасам туубай туна чөгөйүн, Айчүрөк болбой өлөйүн! – деп кайда кеткени билинбей көздөн кайым жоголду.

Эртеси Айчүрөк айткандай Семетей баатыр Акшумкарын колуна кондуруп ууга жөнөдү. Абасын жоо-жарагы дайым жанында Канчоро менен Күлчоро жандады. Капылеттен айнектей көзүн жылтылдатып, чачпагын шарактатып, Чачыкей жары ооздуругун карс-карс чайнаган Тайбуруул атты тизгинден алды.

– Ай, төрөм, токтой турчу, – деп кылыктанды теңирсинген Чачыкей адатынча. – Бүгүн күнгө шейшемби эмеспи, төрөм. Акшумкарды колго кондуруп, ууга чыкчу күн эмес. Эрдигиң бар, эсиң жок, эчтеме менен ишиң жок немедей баратасың. Эки баладан башка жаныңда башка кишиң жок. Жок дегенде үч күн күтө тур. Ошондон кийин деле аттансаң жетишесиң, – деди сырдуу жылмайып.

– Хан, бектер кармабаган тизгинди, кара бет сен кармадың! Тизгинди коё бер, долу катын! Үч күндү менден сураба! – деп бастырып кете берди Семетей.

Жакшы жоругунан, жаман амалы көп Чачыкей Күлчорону чакырып, шаңкылдай күлдү.

– Айланайын Күлчоро, жолуңардан үч түркүн сыр көрүнөт. Ак була жатса албагын, ак балык көрсөң барбагын, ак кууга кушту салбагын. Жеңеңдин айткан ушу сөзүн унутуп калбагын! Ушул ишти аткарсаң атасы барктуудан, энеси нарктуудан сулуу кызды тандап, өзүңө тартууга берем.

– Түшүндүм жеңе, мага ишене бер. Баары сиз айткандай болот. Семетей абамдын Акшумкарына ак буланы алгызбайм, ак балыка баргызбайм, ак кууга салгызбайм, – деп жүрө берди. – Бирок жеңе, өзүң убадага бек бол! – деп шаңкылдап күлдү кайниси.

Ошо кезде ак куу болгон Айчүрөк асмандан акмалап, Семетейди сынап жүрүп олтурду. Эр Семетей эл айткандай эле бар экен. Көзүнөн нур жанып турат. Толкуну көлдүн шарындай, ысыгы күйгөн жалындай, суугу сырттын суугундай, эрдигине карасаң атасы Манастай кебетеленди. Эр Семетей баатырга тиер күнүм бар бекен, Чынкожо менен Толтойдун камоосунан куткарар күнү бар бекен деп зарлады, Айчүрөк ичинен.

– Күйдүргү чунак, бул жерден түнү кербен өтүптүр. Ак буласы чубалып жатат. Аттан түшүп ала кой, куржунуңа салып кой. Кийин бир керекке жарар, – деди Семетей.

– Абаке, талаада жаткан ак буланы уялбай кантип алам. Жоктон тапкан немедей куржунга кантип салам. Керек болсо Анжиянга барайын, канча десең ошончо ак була сатып алайын. Мунуңузду албайм, алсам кудай урбайбы, – деп Алмамбеттин Күлчоро, жоого кирсе миң чоро, жообун мыктап берип койду.

– Мейли, чунак бала, албасаң алба, – деп Семетей жолун андан ары улады.

Көлдөн шумкарына өрдөк, каз алдырды. Көлчүктөн жылтылдаган ак балыкты көрүп, кубанып кетти. Суудан чыкса жылтылдаган, сууга кирсе кылкылдаган, ак балыктын жоругу Семетейдин жүрөгүн туйлатып жиберди.

– Ыя, күйдүргү, Күлчоро, карачы! Момундай күмүштөй жылтылдаган балыкты көрдүң беле? Күмүш десем алтындай, алтын десем күмүштөй жаркылдайт. Ушуну кармап алып, үйдөгү атамдан калган көлчүккө салып койсок куп жарашат эле. Суусу тайыз окшойт, түшүп кармай койчу! – деп Семетей атынын башын бурду, буйрук бере унчукту.

– Абаке, кармаса кармайын, – деп Күлчоро кара күчкө сууга кирди.

Ары басты, бери басты. Таза сууну каалашынча ылайлады. Сууну булгап, Айчүрөктү куп гана ыйлатты.

– Аба, балык көрүнбөй калды, эми кантип кармайм? – деп абасын жайгарып койду.

– Анда болуптур, чунак бала, суудан чык, – деп абакеси атына камчы урду.

Кечки салкында, тамашага аябай батты. Шумкарына көп каз, өрдөк алдырды. Маңдайы жарыла сүйүнгөн Семетей жээкте турган. Аңгыча топ камыштан кукулдап татынакай аппак куу чыга калбасбы. Ак кууну көрүп, Семетей аттын тизгинин тартты.

– Күлчоро, шумкарды агыт! – деп карбаластай кыйкырды.

– Айланайын абаке, канаты жер сабалаганга караганда карып калган куудай. Уя басып жаткан окшойт. Шумкарды коё берсем, балдары жетим калабы деп корком! Жетимдикти аябай эле көрдүк го, абаке! Балдары энесиз калып, убалы бизге тийип жүрбөсүн. Куу да куштун асылы, тукуму үзүлбөсүн. Асыл асылды кууратса, кесири бизге тийет! Абаке, убалына калбай, кушту салбай эле коёлучу! – деп Күлчоро күйдүргү дагы күйгүзө кутулду.

– Күлүмсүрөп сүйлөгөн, күйдүргү чунак сен оңбойсуң! Чоң атам Жакып ханды жалмадым, Абыкени аймадым, Көбөштү көргө киргиздим. Кана, кесир болгону, кана мени соргону? Кырк чорого кошуп, өзү келип тийишкен душманды жайладым. Кана, тийген кесири? Каяша кылган хан Шыгайды көчүрдүм, күйгөн отун өчүрдүм. Калмактын канча ханын жайладым, баатырларын аксаттым. Кана, тийген кесири! Ошондо, сен бу ишиң чеки дебестен, куп жактыргансың. Эми айткан кебин көр. Сага кушумду салдырбайм. Алып кел, өзүм салам, – деп кушту колунан тартып алып, кууга агытты.

– Эх, катуу уят болдум, ээ! –деп Күлчоро уялып жерге кирбеди, же өлүп көрдү көрбөдү.

Акшумкарга Күлчоро жетип барганча кууну кудай урду. Канаттарын сабалаган куу өөдө тура калып, куштун боосунан кармап, бооруна кысып алды. Канатын каккылап, эргий-эргий чуркаган Телкүрөң атты чапкылаган Күлчорого жеткирбей асманга көтөрүлүп кетти. Кайда учуп кеткенин аңдабай Күлчоронун күйбөгөн жери күл болду, түтүнү жок чок болду. Айласы куруду. Ажалымдын жеткени ушубу деп эки көзү жылтырады, эт жүрөгү калтырады. Алактаган Күлчоро ак куунун жайын айта албады.

– Айланайын абаке, адам уккус иш болду. Ак куу болуп көрүнгөн сыйкыр күч шумкарыңды алып кетти. Кууга жетпей ара жолдо мен калдым, – деди акыры кыйналып жатып.

– Күйдүргү чунак, Күлчоро, ушу бүгүн үч кылдың, аягында күч кылдың! Ак була көрдүм албадың, балыкты көрдүм баспадың. Анан ак кууга кушту салба деген шектүү сөздөн баштадың. Билсең, Акшумкар атамдан калган белек. Анын колдон кеткени ажалымдын жеткени. Армандуу болуп өтпөйүн, аны издебесем болбойт. Акшумкарды таппасам, туулбай туна чөгөйүн, тумчугуп жүрүп өлөйүн! Алдымдагы Тайбуруул карыганча издейин. Экөөң азыр Чачыкейге жеткиле. Ак куунун жайын сурагыла. Эртең менен жеңеңдин кылыгы башкача болчу. Өз ыктыяры менен айтпаса, кыстап айттыргыла! Күлчоро тез аттан, эртеңден калбай келип кал, – деп катуу тапшырды.

Ошентип, эки чоросун жөнөтүп ийди. Өзү көрпөчөсүн жазданып, кабагын карыш салды, дөңкөйүп жатып алды.

Эки чоро жарышып, үзөнгүсү кагышып, жеңеси Чачыкейге бат эле жете келди. Жини кайнаган Күлчоро аттан түшпөй кыйкырды.

– Жеңе, ак була көрсөң алба, ак кууга кушту салба, балыка кызыгып калба деп, мени айда жазгырдың. Эми чын сырыңды айтып бер. Ак була болуп жаткан ким? Алтын балык болуп сыр каткан, ак куу болуп учкан ким? Кадырман жеңем чыныңды айт!

– Ай, бала, үйдө олтурган аялдын кушу менен эмне иши бар, – деп Чачыкей чочугандай туураланды. – Акшумкар куш качаарында “Кош болгун жеңе, мен кеттим!” деп мага айтып кетти дейсиңби! Кушумду катын тапсын деп төрөмдүн айткан кебин көр. Талаадан кушту качырган сен болсоң, мен үйдө отурган катын болсом, куштун кайда кеткенин билейин! Мени көп шакаба чекпе! Сага ак буланы, алтын балыкты, ак кууну качан айттым! Айтсаң өзүң айткандырсың. Жекирип келип турганың, жеңеңе кордук кылганың. Кайдагыны айтып башымы оорутпа! Ойрон боло элегиңде, көзүмө көрүнбөй жогол, арам кул! – деп Чачыкей жеңеси Күлчорого азуусун көрсөттү.

Күлчоро уккан кулагына ишене албады. Кечээ күнү жакшы сөз айтып жаткан жеңесин жутуп ийчүүдөй карады. Көңүлү кара түн болду. Ызасына чыдабай камчысын толгой кармады, Тишин кычыратты. Себеби жөнөрдө “кыйшалактаса көргүлүктү көргөз” деген абасынан уруксатты алган. Сөз жебей, чайпала баскан жеңесин аянбай камчы менен тартып-тартып алды. Чачыкейдин кырмызы кызыл көйнөгү дал-дал айрылды. Кылгырып жашы төгүлдү. Күлчоро карап турбады. Аттан түшө калып, көмүрдөй кара чачынан толгой кармады.

– Жакшылыкты билбеген кара бет жеңе, ушу азыр чачыңды түбүнөн кесип салайынбы? Жайдак атка мингизип, кементайды кийгизип, жалпы журтка билгизип, атаңдын колуна жөнөтөйүнбү! Ушу сенден келген кордукту как төбөдөн көрөйүн! – деп кыйкырганда Чачыкейдин айласы алты болду. Чынын айтпаска чарасы калбады.

– Өрттөнүп кеткир Күлчоро, качып кеткен шумкарды Акун хандын долу кызы Айчүрөк алды! Себеби Айчүрөктү алам деп Толтой Чынкожого кошулуп, Акун хандын шаарын камап алыптыр, – деп ыйлактап, Чачыкей акыры чынын айтты.

Көңүлдөгүдөй туура жоопту уккан Күлчоронун ачуусу тарады. Аттан түшпөй, дароо жөнөп кетти. Атын кара терге бастырып, кандай жөнөп кетсе, ошондой тез келди.

– Абаке, сүйүнчү! Шумкарды Айчүрөк сулуу алыптыр. Абама ашык болуп калса, анын каарынан коркобу! Калемдей кара кашы, кундуздай кара чачы, берметтей таза тиши бар керемет жан экен. Перизаттай мөлтүрөп ак куу болуп учат дейт, айланасы Чүрөктүн адам өткүс күзөт дейт. Айчүрөктү алсаң, арманың жок, абаке?! – деп Күлчоро абасы сүйүнөрлүк кабар айтты.

Кабарды уккан Семетей шашкалактап абакеси Бакайга жетти. Барар жолун сурады.

– Алды-артыңды байкагын, балам, – деди абакеси олуттуу карап. – Курдашым Манас барында көрбөгөндү көргөм. Абыкенин тушунда ар жорукка көнгөм. Бу тегеректе менин көрбөгөн, барбаган жерим калбады. Аттиң дүйнө, жаш болгондо сени менен кошо барбайт белем. Минтип карылык моюнга минип турат. Кулунум, түштүктү карай жүр. Ашыкпай жүрсөң алтымыш күндө жетесиң. Тез жүрсөң, элүү күндө барасың. Калкылдап ак куу болуп учкан Чүрөктү ошол жерден табасың! – деп Бакай Семетейди шыктандырып койду.

Араң турган Семетей чатырын бүктөтүп, атына жүктөттү. Жоо-жарагын бүт алды. Бир айга күлазык, соёруна жылкы алды. Он төрт күлүк ат коштоп, эки чоросу менен аттанды. Күндөн күн өткөрдү. Бөксө-бөксө дөң менен, бөрү жүрбөс жер менен жүрүп олтурду. Бакайдын катын карады, мылтыктын огун санады. Оюна сонун кыял тарады.

– Күлчоро, күндө салган ок менен күн эсебин, түндө салган ок менен түн эсебин алдым. Абакемдин эсеби бүттү окшойт. Эси болсо Айчүрөк бизди күтүп калды көрүнөт. Ушул жерге алты күн ат өргүтүп алалы! Акун хандын шаарына, ошодон кийин баралы! Айчүрөктөн кабар алып, Чынкожо менен Толтойго аябай уруш салалы. Атабыз Манас болгон соң, эмнесинен коркобуз. Ууру кишилерче барбайлы. Тынч жаткан шаарга кол салсак эрден сыймык кетет, атага наалат болот. Каракчыдай иш кылып, өзүбүздүн абийирибиз кетет. Ушинтип айтып, эр Семетей кошту түшүрүүнү буюрду.

Төбөсү бийик чатырдын төрт тарабын тарттырып, казыктарын жерге кактырды. Кер байталын сойдурду. Казаны очокко асылды, өргүп жатып алды.

Ошо Семетейлер келген күндүн жылдыздуу түнү атасынын ак сарайында жаткан Айчүрөк түш көрдү, түшүндө сонун иш көрдү.

– Эжекелер, сиңдилерим, – деп Айчүрөк кылактай басып, түшүн айта баштады.– Таң алдында түш көрдүм, таң каларлык иш көрдүм. Менин ат байлоочу мамыма бир күлүк ат байланды. Жалынан от чачырап, туягы жер чапчыса көл чайпалгандай көрүндү. Бул эмне болучу? Бул түшүмдү жоручу! Кайраты күч кабылан шаардын оозун тосуп алыптыр. Айбаты зор ак жолборс шаардын ичин жойлоп жүрдү. Каңк этип иттер үрбөдү. Каңкылдашкан далай ит коңулуна сойлоду. Бул эмне болучу? Түшүмү бат жоручу! Ажыдаары сойлогондо агын суулар бөгөлдү, жанаша турган эки тоо бири— бирине жөлөндү. Жаткан жери быркырап, сойлогон жери коо болду. Айбатына чыдабай каршылашкан калың жоо, кара жандан түңүлдү. Бу эмне болучу? Бул түшүмү жоручу! Түшүн ушинтип айтты. Эбедейи эзилип, эт жүрөгү лакылдаган Айчүрөктүн көздөрү жайнап, күлүмсүрөп турду.

– Айчүрөк эжеке, түшүңүздү мен жоруп берейин, – деп Калыйман деген сиңдиси кам уруп калды. – Буюрса, оңдоптур кудай ишиңди, келтириптир алдыңа ашык болгон кишиңди. Мамыңызга Тайбуруул ат байланыптыр. Баатыр Манастын кулуну, Семетей жездекем босогоңузда турат. Кабыланы Канчоро, ак жолборсу Күлчоро эмеспи. Ажыдаар – асыл төрөңдүн өзү. Жойлогон жери коо болсо, каршылашкан душманы кара жандан түңүлсө, камап жаткан Чынкожо менен Толтойду кыйратканы. Айланайын эжеке, көктөн издегениң жерден табылды. Эми, камыңды көрө бер. Жездекемди тосуп баралы, аянбастан ар түркүн азык-түлүк алалы, – деди түш жоруган сиңдиси, өзүнчө күйүнө.

Эки бети анардай кызарган Айчүрөк түшү туш келгенине сүйүндү. Сиңдисин кучактап бетинен сүйдү. Кулагына алтын сөйкө салды, алтын билерикти колуна такты. Ошондон кийин отуз келин, отуз кыз бар дасмиясын алып, Үргөнч дайранын боюна, Семетейдин келе турган жолуна шыңкылдап жөнөп калды.

 

КҮЛЧОРОНУН ҮРГӨНЧ ДАЙРАСЫНАН ӨТҮШҮ

Семетей дөбөгө чыгып, койнунан атасынан калган дүрбүнү алды. Аркы өйүзгө дүрбү салды. Шаардын темир дарбазасы ачылып, андан бир топ адам бөлүнүп чыкты. Адамдардын үстүндөгү кийгени кызыл-тазыл көрүндү. Семетей мыйыгынан жылмая, ичинен кудуңдап, таттуу кыялга чөмүлдү…

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

PDF форматында китепти көөчүрүү

 

© Осмонкулов Ж., 2011, 2016 ж.

 


Количество просмотров: 18968