Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Балдар адабияты / "Манас" эпосу, кичи эпос
© Осмонкулов Ж., 2011, 2016 ж.
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 6-июну, 2016-жылдын 28-декабры

Жапарали Адашканович ОСМОНКУЛОВ

Манас

Балдар үчүн («Манас» эпосунун Жапарали Осмонкулов жазган кара сөз варианты)

Дүйнөлүк адабий казынанын катарынан орун алган улутубуздун “Манас” эпосун Кыргыз Республикасынын Жаштар жана Балдар адабияты сыйлыктарынын лауреаты, жазуучу ЖАПАРАЛИ ОСМОНКУЛОВ кара сөз кылып жазып, окурман балдар журтуна таберик катары сунуштап отурат. Окурман балдар журту баатыр Манастын эрдиги менен айкөлдүгү, көчмөн элдин турмушу, ата наркынын сакталышы, ата журтту сүйүү, аны көздүн карегиндей коргоо, адилеттүүлүк менен калыстыктын орношу, элдүүлүк менен мамлекеттүүлүктүн байланышы жөнүндөгү баяндамалар менен тааныша алат. Келечек муунду окутуп тарбиялоодо, адептүүлүккө, эл, жерди сүйүүгө, улууну урматтоого, кичүүнү ызаттоого үйрөтүүдө жана эл достугу, биримдиги өңдүү улуу сапатка үндөөдө чыгарманын мааниси чоң.

Осмонкулов Жапарали. Манас: Балдар үчүн («Манас» эпосунун Жапарали Осмонкулов жазган кара сөз варианты). – Бишкек: Улуу тоолор. – 2016. – 192 бет китебинен алынды.

ББК 82.3 (2Ки)
    УДК 821.51-93
    М-23
    ISBN 978-9967-470-20-0
    М 4803300500-16

 

КЫРГЫЗДАР АЛТАЙДА

Байыркы өткөн заманда Ала Тоо койнунда кыргыз деген эл жашайт. Мингени күлүк ат,кийгени ак калпак, көтөргөнү көк асаба кызыл туу болуптур. Карахан деген ханы болот. Ал, о дүйнө салганда уулу Огуз хан көтөрүлөт. Ал да адилет бийлик жүргүзүп, о дүйнө кетет. Хандык Аланчага, андан Байырга, Байырдан Бабырга, Бабырдан Түбөйгө, Түбөйдөн Көгөйгө, Көгөйдөн Ногойго өтөт. Ногойдон Орозду, Үсөн, Бай, Жакып аттуу уулдар төрөлөт. Ошо Ногой хандын заманында кытай ханы Эсенхан калмактарга кошулуп жүз миң аскер менен кыргызга кыргын салды, элин чилдей таратты. Аман калганы туш-тушка качты. Эл биримдиги ыдырады, кыргыздын башына оор кыйынчылык түштү. Кытай менен калмактан тарткан азап жомокко айланды. Досунан касы көп болгон каар замандын катаалдыгы күчөгөндөн күчөдү. Ногойдун уулу Жакып душмандын кысмагына алынды. Колу-буту байланып, кырк үйлүү кыргыз менен Алтайга куулду. Жол азабы, көр азабы дегендей, арып-ачып жан кайышып турганда кырк үйлүү кыргыздын башын бириктирген Акбалта баатыр болду.

– Айланайын бир боорлорум, кайрат кылгыла! Минтип жүрсөк жоголуп кетебиз. Андыктан бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы. Ынтымакташып аштык айдайлы. Күтүрөтүп мал күтөлү. Маңдайыбыздан тер акканча иштейли. Байлыкты эмгектен, теңдикти күрөштөн издейли! Башыңарды көтөргүлө, эл намысын туу туталы. Колдун беш манжасындай бир муштумда бололу!– деди кысталыш заманда эл ырысы Акбалта.

Эл баатырдын сөзүнө ынанды. Душман менен коюн колтук жашап келсе да жол таап, алака түздү. Мал күтүп, айбаты күчөдү. Элдин саны өстү, кадыры көтөрүлдү Ногой хандын уулу Жакып Чыйырды деген аялга үйлөндү. Эсепсиз мал күттү, бирок балалуу болбоду. Кудай ага бала бербеди. Анын күйүтү зор болду. Кырк сегизге чыкканда артында калаар туягы жок “куубаш”, аялы Чыйырды “туубас” атанды. Эрди-катын балалууну көрсө ботодой боздоду. Көз жаштары жамгырдай төгүлдү. Жакып мазардан мазар тандап сыйынды, зыярат кылды. Кудайдан бала сурап жалынды. Баласыз кийинки өмүрүн элестете албады. Калмактан алган токолу Бакдөөлөттүн да согончогу канабады.

– Акыретке бет койсом, артымдан жоктоп калаар балам жок өтөмбү?! Артыңда бала жок болсо, дүнүйөсү курусун! – деп күнү-түнү эт бетинен кетип зарлады, Жакып бай.

 

ЖАКЫПТЫН ТҮШҮ

Бир сапар тоодон жылкысын көрүп келип уктап калган Жакып кызык түш көрдү. Түшүндө сулуу куш көрдү. Кушту колуна кондуруп, жибек боо такты. Коноорго туур жасады. Эртеси түшүн байбичеси Чыйырдыга жорутту.

– Айланайын ханым, оозуңа май! Түшүң ылайым туш келсин. Куш кармап, туурга отургузганың, башыңа дөөлөт конгону. Кудайым бу сапар бизди колдогону турат. Мен да сонун түш көрдүм. Түшүмө ааламды оп тартчу ажыдаар кирди. Андыктан эл чакырып, байлыкчачып, той берели. Көп мал соёлу, – деп кудуңдап алды байбичеси.

– Байым, пейлиңди тарытпа! Көп мал сойсо соёлу. Эби келсе андан эки эсе ашыра 0 тойлойлу!– деп токолу Бакдөөлөт байбичени колдоп жиберди.

– Ач арыктар тоюнуп, көпчүлүк бата берсе, кудайым бизге да бала берээр...– деди жүрөгү элеп-желептене бышактаган байбичеси Чыйырды.

Бай Жакып терең ойго батты. Анткени жөнеле той кылып, короосундагы көзгө жылуу көрүнгөн көп малынан айрылгысы келбеди. Ошентип үңкүйүп отурду, боз үйдүн түндүгүнөн көк асманга үзүлө көз чаптырды. Сакалын тынбай сылады. Ичинен келме келтирди. Бир убакта тутамдай кармаган камчысын бир башкачасилкип алды. Бу анын жүйөөлүү сөзгө көнгөнү эле.

Эртеси той камылгасына кызуу киришти. Жер очок ойдурду. Отун-суу камдатты. Союшун белендеди. Той камылгасы бүткөндө жер жерге чабарман чаптырды. Тойго он эки уруу кыргыз келди. Казак, калмак, маңгул калбай чогулду. Тойду айтылуу эл ырысы Акбалта тейледи. Жакыптын эли эки күн эт бышырды, конок тосту.

Чыйырды менен Бакдөөлөт бала— бакыра калтырбай курсагын тойгузду. Балдарга калпак кийгизди, мүрүсүнө чапан жапты, белине кур курчады. Бербей калдым дегенге беш тенгеден пул берди. Бай Жакып кадырлуусуна ат мингизди, карышкыр ичик, кымкап тон кийгизди. Ошентип тойго келген жаш-кары куру калбады. Баары ыраазы болду. Ошондо бай Жакып:

– О, кадырман журт, өткөндө бир укмуш түш көрдүм. Түшүмдө жүнү алтын, текөөрү болот, айбат менен караса алп кара куш сүрү бар, сонун куш көрдүм. Аны туурума кондурдум, бутуна жибек боо тактым. Серпкенин соо кетирбеген, туягы темир канжар экен. Бу не деген түш?! Кана, араңарда түштү жоруп берчү бирөө барбы?! –деди.

Ортодо кулак мурун кескендей жымжырттык өкүм сүрдү. Аш кайнам убакыт өттү. Эч ким, эч нерсе дей албады. Түш жоруй албай көпчүлүктүн шайы ооду. Ошондо Байжигит ортого чыкты. Бай Жакыптын түшүн минтип чечмеледи.

– Бу түшүңүз укмуш түш экен.Сизге оңдой берди болуптур. Сиз тууруңузга кондурган куш бу – бала. Кудаа буюрса, сиз балалуу болот экенсиз. Балаңыз күн тийген жердин баарына дөөлөтүн арттырат экен. Өзүңүзгө кара тоодой чоң касиет конот экен. Зарлап ыйлаганыңыздын акыбети кайтыптыр. Кудай жалгап, ниетиңиз кабыл болсун!

– Баракелде, Байжигит, куп жорудуң! Кадырлуу бай, түшүңүз кабыл болсун! Сиз көргөн түш дүйнөдөгү ажайып сонун түштөрдөн экен! Кудай сизге жана сиздин байбичеңизге күч кубат берсин! Ишиоңолгондун ити чөп жейт. Отуңуз жанды, кудайым сурагандын баарына эле бере бербейт, сүйгөн гана пендесине берет, – деди колун жая берип, бата тилегени турган Дамбылда чечен.

 

КЫТАЙДЫН ХАНЫ ЭСЕНХАНДЫН НЕГЕ ТЫНЧЫ КЕТТИ?

Тойго келген жаш-карынын баары ыраазы болуп кайтышты. Той таркады. Бирок бай Жакып өткөргөн той кытай ханы Эсенхандын жүрөгүнүн үшүн алды. Тынчы кеткен хан черүү башчыларын, билерман аалымдарын ордого шашылыш чакыртты. Жети кабат жерге каттырган, үч жылды алдын ала көрө билген, сыйкыры күч, касиеттүү китебине кошуп, үч кылым аша жашаган, сакал-муруту күмүштөй көлкүлдөп агарган, Ыраң Көөдөң деген карыя— сыйкырчысын алдырды. Сыйкырчысын сүйлөтүп, укканды таң калтырды.

– Кечээ эле чилдей тараткан кыргызга жан кирип, той өткөрүштү дейт. Аларың биздин башыбызга дагы кандай балээ үйгөнү жатышат. Алардын не билгени бар?! Кана, кимиң айтасың?! Кимиң мага жооп бересиң?!– деди хан чегинен аша жинденип.

– Урматтуу ханым, – деп сөз баштады Ыраң Көөдөң аттуу олуя карыясы сыйкыры күч кызыл китебин барактап жатып. – Мобу ыйык китепте “Жакында кыргызда Манас деген баатыр туулат. Ал кытай, калмак түгүл, ай тийген, күн чыккан жердин баарын чаап алат” деп айтылыптыр, – деп айтаарын айтып алып, жан ширин экен, далай хандарды көргөн олуянын башы Эсенхандын алдында шылкыя түштү.

– Ок, оозуңа таш, олуя болбой кал, сен?! Бу не деген шумдук?!– деп Эсенхан ордунан ийне менен безге сайгандай ыргып турду.

– Кудайдын каарына калгыр кыргыздар! Дагы кандай балээнин үстүнөн чыкканы турушат. Кыргыздан Манас деген баатыр туулат дегени эмнеси? Туулбай өлсүн, ошо душман! Шорубуз эми шорподой кайнайбы?! Ырысыбызды колубуздан талашкан ал баатырды, кандай аял тууйт экен? Кантип бизди кууйт экен?! Кана, айтчы, олуям!– деп кысмакка алды, каары көзүнөн көрүнгөн Эсенхан.

– Кыргыздан дүйнөдө жок баатыр туулушу туулат, – деди Ыраң Көөдөң, өз сөзүнө өзү какап-чакап. – Тилекке каршы, аны кайсы аял төрөйт, белгисиз ханым. Жок, туулчу баатырдын белгисин көрдүм. Сиз анны билип албасаңыз болбойт, себеби баланын белгисин элиңизге , черүүңүзгө таратасыз да , – деп көзүн сүздү. – Айт, ал кандай шумдук белги?! – деди Эсенхан каарын төгүп.

– Эркек бала туулса, колун ачып каратыңыз, урматтуу ханым, – деди сыйкырчы тегеректеп олтургандарды шекшине карап. – Туулган бала бир уучуна кан, бир уучуна май чеңгээлдеп түшөт. Алакандын бөлтөгүндө “Манас” деген ысым жазылган, аппак мөөрү басылган. Андыктан түйүлдүгүндө жайлабасак, шорубуз ошондо кайнайт!

– Тилиңе тибиртке, кандай шумдук немеле!– деп Эсенхан Манастын атын укканда чочуп кетти. – Эгер сен айткандай болсо, дароо буйругумду уккула! Жалгыздап кыргыз конбосун, беш-алты үйлүү бир консун! Беш үйлүүгө бир кечил, күнү-түнү көз болсун. Боюнда бар аял калбасын, кечил санагын алсын. Туулганда баланын алаканын карасын. Жок, төрөтпөй дароо жайласын! Арызга келген кыргыздар айыл-айылына тарасын. Улуу кытай, калмак катарын бузмакчы болгон кыргыздын Манас деген уулун черүүлөр кармап келсин! – деп ок жыландай атылды, черүү, кечилдерин баш кылып туш-тарапка шаштырды.

Ошо эле күнү “Кыргызда Манас аттуу баатыр туулат экен. Душманы кытай, калмакты Бежинди көздөй сүрөт экен” деген каңшаар кабар кыргызга да түгөл тарады.

– Кудай буюрса, өзүбүздөн баатыр чыгып, адилдик туусу көктө көкөлөйт тура! – дешип кыргыздар Манастын бу дүйнөгө келишине кудайындай эле ишенип калышты.

Эсенхандын буйругунан кийин кыргыз журту кытайдын кордугун, калмактын зордугун куп тартты. Черүү баштаган кечилдер селсаяк иттей шимшиледи. Боюнда бар аялдар турган боз үйдүн башына кара боо байлады. Чыңыртып ичин жарды. Жатыны менен чыккан баланы калжоо иттерге ыргытты. Туубас кылып кыргызды тукум курут кылды. Кол арага жараган кыз-баланыБежинге кулдукка айдады. Жигиттердин башы алынды. Үй мүлкү, бар байлыгы талоонго түштү. Кайгыга баткан кыргыз түгөл кара кийип калды.

Бай Жакыптын журту сай сайда каңгыды. Иттери чак түштө аялуу улуду. Баканооз кечилдер айылдан айыл жортту, Манастын кимден тууларын, кайдан келээрин билбей баштары маң болду. Жырткычтыгы өстү, талоондугу күчөдү. Ошондо да кыргыз канына тойбоду. Кытай, калмак черүүлөрү менен кечилдери өткөн өрөөндүн топурагы көз көрүнөө көккө сапырылды, жери такырланды, эли жакырланды.

– Кыргызды тукум курут кылбасак бизге бейпилдик жок! Канаке, баатыр туучу аялыңарды көрсөткүлө! Кылыбыз кыйшайбайт. Заматта ичин жарабыз, баласын итке таштайбыз! Баш көтөргөндүн жүнүн бирден тытабыз! – дешип баатырланды кечилдер.

Кыргызды куткарчу баатыр Манастын кабарын кечилдер Алтай, Ала Тоодон издеп, Букара, Анжыян шаарларынан таппай,акыры Самарканга келип түштү. Ал жерден Эшен деген кыргыздын Манас деген уулун желкелеп, Бежинге алып кетишти. “Буюрса бир балээден кутулдук” деп Эшендин Манас аттуу баласын түбү жок зынданга ташташты.

Кытай менен калмактын кордугу менен зордугуна чыдабаган Акбалта баатыр баштаган кыргыздар согушка жашыруун даярдык көрдү. Токой кыйды, көмүр өчүрдү. Көөнө усталар күн-түндү билбей катуу узанды. Темир эритип, найза, кылыч, чокмор, шылк этме дегендерди жасашты. Манасты таптык деген кытай, калмактарга кол шилтеп коюшту. Ары карап ыйлап, бери карап күлүп, аргасыз жүгүнүүгө барышты. Алтын, күмүш, жакуттарды, күлүк тулпар, баалуу аң терилерин, сулуу кыздарын тартуу кылып, өз жашоолорун барымтага алышты.

– Көптү үмүттөндүргөн Манас баатырыбыз туулса баарын кайрып алабыз. Көргөн азап-тозогубуз унутулат. Катары суюлган элибиздин саны өсөт. Кумурскадай кыжылдаган кытай, калмак черүүсүнүн эсебин ошондо табабыз, сазайын беребиз. Башыбызга бакыт кушу конот. Андыктан сабыр этели, чыдайлы. Бирок не бар, не жок, урушка даяр туралы. Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу! – деди Акбалта.

 

МАНАСТЫН ТӨРӨЛҮШҮ

Ошо түш жоруткан күндөн жыл айланбай бай Жакыптын байбичеси Чыйырдынын боюна бүттү. Көңүлүнө тамак барбады, күндөн күн өткөрүп азый берди. Бал, эт, кымызга табити тартпады. Уйку бетин көрбөдү. Көрсө, күсөгөнү жолборстун жүрөгү экен. Ошого талгак болуптур. Каңгайдын Кара мергени жолборс атыптыр дегенди угуп, жылкычы Бадалбайды ошол тарапка жөнөттү. Колуна эки жамбы карматты:

– Бадалбай балам, бирөөсүн мергенге, экинчисин өзүң ал. Мага сөзсүз жолборстун жүрөгүн алып кел. Антпесең күсөөм басылбайт, – деп Чыйырды катуу табыштады.

Жылкычы Кара мерген аткан жолборсту бат эле тапты. Жүрөгүн кесип алып, Чыйырды байбиченин өз колуна тапшырды.Чыйырды карап турабы, дароо жүрөктү чала–була бышырды, жанга бербей жалмады. Сорпосун ичип, талгагы канды. Анан күсөөсү канган байбиче көөшүлө уйку салды.

Ошентип, тогуз ай, тогуз күн көтөрүп, толгоо тартты. Көл шалтердеди. Манас баатырды төрөөчү энени төрөтүүгө бүбү-бакшылар чогулду. Айылдын Умай энеси келди. Толгоо тарткан байбиче баканды мыкчый бакырды. Түндүктү карай түйүлдү. Чыйырдынын кыйналганын көрүп, бай Жакып чыдай албады. Каңырыгы түтөдү.

– Байбичемдин кыйналганын көргөнчө тоого чыгып кетейин. Сүйүнчүсүнө кырк боз бээ айтам. Жетпесе жана берем. Кыз болсо үйдө калгыла. Уул болсо кабар айткыла!– деди кыл аркан кермекердирип жатып. – Мына бу, кырк боз бышты менен чапкыла. Ал жетпей баратса, жети кур атты кошо мингиле. Уулбу, кызбы аныгын билип анан мени тапкыла!– деп айылдан шайдоот аттанды.

Алтайдагы жетимиш үйлүү кыргыз “Чыйырды байбиче толготуп жатат” дегенди угуп аябай кубанды. Кабар далай кыргыз аялдарынын ичин жарган, өмүрүн кыйган кытай кечилине да жетти. Ал “Кыргыздын Манасы туулса башын жеп, Эсенхандын колунан эбегейсиз чоң тартуу алайын!” деп сүйүндү.

“Жексур кечил черүүсү менен келатат!” дегенди уккан Умай эне шашып калды. Толгоо тарткан Чыйырдыны бешикке салып терметти, килемге салып көлбүттү. Акыры Чыйырды төрөдү. Этек алдына көйкөлүп көк тулум түштү. Бүбү-бакшылардын таң калбаганы калбады.

– Ызы-чуу түшпөгүлө! Катын-калач баарың эшикке чык. Капкактуу бала турбайбы. Бу да болсо биздин ырысыбыз, – деди Умай эне жүрөгү жарыла. – А көрөкчө, короонун аркы четинде кыңшылаган канчыктын эки күчүгү жатат. Ошону тезинен алып келгиле, – деп илбериңки бирөөсүн жумшады.

Ал чыгып кеткенде Умай эне “Биссмийиллда!” деп көк тулумду жарды. Болтойгон бала көрүндү. Эңкее караса эки колуна канн чеңгээлдеп түштү. Баланын бүт ааламга чаң салчуудай түрү бар. “Кытайдын ыйык китебиндеги төлгө төп келдиби?!” деп жүрөгү жарыла ойлоду Умай эне.

– Бакдөөлөт, сен Баланы орой сал, – деди ал, кубанычы койнуна сыйбай.

– А, калганын өзүмө кой. Ээ, кудай, колдоочу болсоң колдой көр. Пендеңи уят кылба!

Бакдөөлөт баланы чүргөй салып, көздөн кайым жоголду.Умай эне Чыйырдыны төшөгүнө кайра жаткырды. Көк тулумга кыңшылаган эки күчүктү салып, оозун бууду. Бирдемеден кур калчуудай куюндай куугун салып келген кечил аң таң калды. Ал да көк тулумду көрдү. Эдиреңдеп шашып келген неме, не кылаар айласын таппай, ээси оой түштү. Жер үстүнө басканы мындай шумдук көрбөгөн. Черүүлөргө буйрук берди.

– Кана, эмне карап турасыңар! Тулумду жаргыла!– деп бакырды көздөрү чекчейген кечил. – Манасын кылычтап, итке ыргыткыла! – деди кечилдин каары кайнап.

Жалаңдаган черүүлөр жөн турабы. Кылычтап көк тулумду жарып ийишти. Ичинен кибиреген эки күчүк түштү. Кыңшылаган бирөөсү кечилдин этегине жабышты.

– Катыгүн, байбиче мени жедиң. Бала эмес, күчүк тура! Же көрүнчүсү көрүнүп жатабы? Ал мунуңу... – деп кечил тили күрмөөгө келбей, кетенчиктей жыгылды.

– Туугандар, кечил өлүп калса, ошондо чындап азапка калабыз! Кана, күчүктүн бирин алып келгиле! Ырымы болсун!– деп Умай эне шашкалактай бакырды.

Аңгыча каяктандыр Акбалта жетип келди. Алып келген күчүктүн ичин жарды, эси ооган кечилге садага чапты. Курмушу түтөтүп учуктады. Башына арча түтөттү. Көздөрү сурданып, эсине келе түшкөн кечил үйдөн чыкканча шашты. Катуу коркуп калганбы: “Бу айылга турбайм!” деп кытайга өтө качты. Кечил чыккан барабар бала оозантсак экен деп дегдеп келген байбиче, бүбү-бакшылар кайра боз үйгө киргенче шашты.

– Бу ата-энеңдин жөрөлгөсү, кыргыз бабаңдын ыйык салты. Умай эне сага бакубат өмүр берсин!– дешти ак элечек байбичелер, баланы май менен оозантып жатып.

Бала аркырап оозун ачты. Үнү күрүлдөп катуу чыкты. Ал үндөн көл чайпалгандай, күн мөндүрлөп куйгандай, талаа-токойдогу жан жаныбарлар жабыла үрккөндөй туюлду.

Балдар сүйүнчү айтууга шашты. Кермеде байланган аттарга минип, бай Жакыпты издеп, туш-тарапка чабышты. Айыл заматта кымгуут түшүп калды.

Сулайка байбиче эчтемеден бейкапар олтурган абышкасы

Акбалтаны аткый капты.

– Ай, абышка, дүнүйөң көпбү?! Атпай журт алчу олжодон кур жалак калгың барбы?

– Ой-бой, жебиреген жез кемпир, кудайга карасаңчы?! Кырк быштыны талашып балдар кетти. Сегиз кур атты алкынтып, көк сакал, аксакалдары чапты. Ошончо киши таласа мага бирдеме ашабы?! – деди ачуусу чукул Акбалта.

– Ай, абышка, уксаң мени! Илгертен жүгүргөн албайт, буюрган алат деген сөз бар. Андыктан, булут менен учса да буюрганы албайбы, чапкандар куру калбайбы! – деди Сулайка абышкасынын камчы, чапанын колуна карматып жатып. – А көрөкчө, Көкчолокту мине сал да, бай Жакыпты көздөй сыз, – деди сөз жебеген байбичеси безилдей.

Бу сөздөн кийин Акбалта баралбайм деп айталбай жүрүп кетти. Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү, бир караса Кара тоонун боюнда Жакып отурат. Кубанып кетти. Кара жалдуу кула бээси тууган экен. Ак сур кулундун тумшугун сыгып телчитип, энесине ээрчитип бушайман жеп жатыптыр. Жанында эч ким жок, жалгыз өңдөндү.

Ошондо гана кубанып кеткен Акбалта бар күчү менен:

– Сүйүнчү! Сүйүнчү! Сүйүнчү! – деп бакырды.

– Не дейсиң?!– Жакып аңгүдүк чаңырды.

– Оо, арстаным Жакып, сүйүнчү! Байбичең уул төрөдү. Карыганда байбичең кабылан тапты, сүйүнчү! Кайгырганда байбичең каралды тапты, сүйүнчү!

Бай Жакып уккан кулагына ишенбей акылынан тана жаздады. Көзүнүн жашы он талаа. Сүйүнгөндөн өпкөлөй сөз катты.

– О кудай, жараткан мага перзент берген турбайбы! Тууганына сүйүнбөй, тураарын кудайдан тилейин. Акбалта, сен өз көзүң менен көрдүңбү, же бирөөдөн уктуңбу?! – деди Жакыптын санаасы санга бөлүнүп.

– Оо, Жакып, сөзүм чын! Өз көзүм менен көрдүм. Баркыраган добушу тай чабым жерден угулду. Чулгоосунда чиренсе отуздагы кишидей бакубат көрүндү.

– Андале, мобу калтадагы алтынды ал. Төрт түлүк малдан каалаганыңды тогуздап ал. Ал да жетпей баратса, сүйгөнүңдү сүйрөп ал, жээк, жергемен жетип ал. Эми, сен экөөбүз ай талаада акыйлашып турбайлы. Байбичеге жөнөйлү. Баласын барып көрөлү. Аттаналы, Акбалта, үйгө бачым жетели, – деди бай Жакып шашкалактай.

Акбалта менен бай Жакып айылды көздөй “чү” койду. Аңгыча аларды алды-артынан эл тосту. Арасында атчаны бар, жөөсү жүрөт.

– Сүйүнчү бай, сүйүнчү! Сизге кудай уул берди! – деп айгай салышты.

– Болсун, болсун!– деди Жакып төбөсү көккө жете. – Баарың мага бир боорсуң. Кимиң кайсы атты минип турсаң, ошону сүйүнчүгө ал! Калганыңар дартыңарды кийин айтаарсыңар. Азыр мага жол бергиле, байбичем менен көрүшөйүн, – деди аттан түшүп.

– Арба, байбиче! Аман эсен көз жарып алдыңбы! Бешик бооң бек болсун! Жараткан жашын бек кылсын! Кана, уулумду көрсөткүлөчү, – деди колун сунуп.

Алып келген уулун элжирей карады. Түндүктү карай оболото көтөрдү. Кыргызга көктөн кут түштү. Баам салса, маңдайы жазы, кочкор тумшук, көзү тик, ээги узун, эрди калың эр мүнөзү көрүндү.Кең көкүрөк, жайык төш, аркасы кең, пил мүчөсү көрүндү. Жолборс моюн, жоон билек, бөлөкчө түрү көрүндү. Оң колунун уучун ачканда, “Манас” деген ат бадырайып жазылып турганына кубанды.

– Жакып, бизге кудай берди. Эгер макул көрсөң Манас атын убактылуу өзгөртүп, каймана ат коёлу, – деди Акбалта. – Антпесек, душман билип калат. Аны “Чоң жинди” деп атайлы. Кандай дейсиң?– дегенде алакандын бөлтөгүндөгү жазуу дароо жоголду.

Көпчүлүк Акбалтанын сөзүн эп көрдү. Жакып баланын маңдайынан элжирей жыттап, байбичеси Чыйырдыга узатты. Бактылуу эне балпая отурду, балкайган балага эмчек салды. Эненин кубанычы тоодой эле.

– Элдин үмүт-тилегинен жаралган балаңдын жаны бек болсун!

– Элге күйүмдүү, жерге байыр эр болсун! – деди эл.

 

ЧОҢ ЖИНДИ АТАНГАН МАНАСТЫН АЛГАЧКЫ ЭРДИКТЕРИ

Кыргыздын кубанычы той. Уулдуу болдум деп бай Жакып чоң той берди. Дүйнөнүн төрт тарабынан эл келди. Түмөндөп байге сайды. Жамбы атып, эрлер эңишке, балбандар күрөшкө түштү. Аламан байге бүйрү кызытты. Чоң кичине калбай ыраазы болду. Той соңунда Жакып байбичеси Чыйырдыны коштоп ортого чыкты.

– Калайык калк, ата салты менен балама азан чакырып ат койбосом болбостур. Андыктан, кудайдын кулагы сүйүнсүн. Уулума ат коюп бергиле, – деди катуу шаң менен.

Көпчүлүк балага кандай ат коёорун билбей дымыды. Аз убакыт өттүбү, көп өттүбү, кайдан жайдан келди, эл арасында аса таягын шалдыратып, ак көрпө тебетей кийген бир дубана пайда болду.

– Атты мен коём, – деди ал, ортого суурулуп чыгып. – Аты Манас болсун, ар балээден калас болсун! Ааламда жок баатыр болсун! Башынан ак калпагы түшпөсүн! Эли журтуна кайрымдуу болсун!– деп көздөн кайым болду.

– Болсун, болсун! Манасты Теңир жалгасын!

– Манас аты кут болсун! – дешти көпчүлүк.

Ат коюлуп, той таркады. Арадан жылжып жылдар акты. Манас жетиден сегизге карады. Жалгыз бото эмеспи, атасы бел тутуп, энеси эркелетип бакты. Оюна келгенди жасап чоңойду. Ага-инини көзгө илбеди, ашата сөктү. Балдарды жыйып бак— дарак кыйды, мазарды талкалады. Жакыптын Чоң жинди уулу бир балээнин ичинен чыгат деп эл кулак түрүп калды. Жакып эрте күндү кеч кылбай байбичесине кеңеш салды.

– Ыя, байбиче, балаңдын тентектиги жанга батты. Минтип жүрүп отурса өзүбүзгө кыйын. Мындан ары эркелетип отурбай жайлоодогу койчуга тарбияга берели. Аяктан сөөгү жетилет. Сөз кадырына жетип, дүнүйө баркын билип келет. Буга не дейсиң?– деди.

– Не дейин, сен айткандай болсун, атасы!– дей салды нарк сактаган байбичеси.

– Жөлөгүм менин, менде кайсы ал калды дейсиң, – деди атасы баласын ымдап чакырып алып. – Мен карыдым, арыдым. Тоодо Ошпур деген бай бар. Ошонун козусун кайтарсаң сага да бирдеме артаар, балам. Барасыңбы? – деди ата кооптоно.

– Акысын берчү бай болсо, барайын атаке. Андан кам санабаңыз, мени ойлобой өзүңүздү жакшы асыраңыз, – деп уулу кубанды.

Ошентип ата-бала чапкылап Ошпурга келди. Ийри отуруп, түз кеңешти.

– Ошпур бай, сага козу бакканы малай алып келдим. Эти сеники, сөөгү меники. Кандай баштасаң ошондой башта. Ток болобу, ач калабы ишим жок, бирок турмушка канык болсун. Кеби тийсе ур, токмокто. А сен балам, Ошпур бай не дебесин сөзүн ук. Айтканын кыл, – деп жөнөп кетти бай Жакып.

Эртеси Манас Ошпурдун уулу Чегебай экөө жайытка козу айдап чыкты. Тоо этектеп калганда козуга карышкыр тийди. Балдардын көзүнчө козунун жарым этин жалмап ийди. Жашы тогузга толгон, бирок ошончо жашка келгенче үйдөн карыш жылып көрбөгөн Чоң жинди:

– Бу не деген шумдук?! – деп айраң таң калды.

– Атасынын көрү, муну бөрү дейт, – деди он бирдеги Чегебай билермандана. – Анын эркине койсо, сен экөөбүз кайтарган козунун бирин калтырбай жейт. Каарына алса бизди кошо мойсойт, – деп качып жөнөдү.

– Ой, коркок, сен кайда качтың?! Токто, акылың жайындабы?– деди Чоң жинди кайраттана. – Бөрү болмоктон, шайтан болсун! Козуга убал, куткарып алайын, өлбөгөн жерден калайын, – деп бөрүнүн артынан кууду.

Карышкыр тоо таяна чуркады. Артынан такымдап жете тургандай болгондо аркайган асканын коңулуна кире качты. Из кууган бала артынан жете келди. Карышкыр кире качкан коңул чоң үңкүр экен. Үңкүргө кирип эле аземдүү тон кийген, аргымак тулпар минген, бир өзгөчө сүрдүү кырк чилтен кишини көрдү. Жанында жартысы желген козусу аман турат. Жаныбар козу баланы көрүп маарап ийди.

– Арбаңыздар агалар! Менин көзүмчө бир бөрү тиги козуну көтөрө чаап, жарым этин сугунгандай болгон. Эми карасам козу тирүү. А бөрү кайда кетти? Жөнүн айта аласыңарбы? – деп Чоң жинди суроо салды.

– Балам, өзүң аңдап көр, – дешти алар сыпайы кайрылышып. – Бөрү кебетесине келип, козуңа тиш салган кырк чилтен деген биз болобуз.

– Кандайча карышкыр болуп кубулуп кеттиңер. Мен силерге ишенбейм. Көк бөрү болгон кимиңер? Кайра кубулуп көргүлөчү, – деди каарын чачып.

Чоң жинди оозун жыйганча кырк чилтендин бирөө силкинип бөрүгө айланды. Бөрүчө улуду. Аңгыча Чоң жиндинин артынан акмалап келген Чегебай көрүндү.

– Манас, сага Чегебай жолдошуң келип кошулду. Мындан ары аны Чегебай деп чакырба, Кутубий деп атап жүр. Анткени башыңа кут түштү, дартыңа дабаа табылды. Эми бизге уруксат, жолго чыгалык, – деп көздөн кайым жоголду, көркөмү чоң кырк чилтен.

– Кырк чилтен жөн кишилерден эмес, касиеттүү кишилерден тура. Сообу тийсин, ушу козуну союп жейли, – деди акыл калчаган Чоң жинди.

Экөөлөп козуну ары-бери соё салышты. Отун камдап, от тамызганга оттук таппай жан алакетке түштү. Бир маалда кыядан белине балта байлаган, беш улоо айдаган Баянчор деген калмак чал оропара жолукту. Оттук сураса бербей койду, ынсабы жок чал. Кайра эки баланы боктоп сөктү. Чоң жинди чыдап тура албады. Чалды курчанган курунан оодара тартып, оттугу менен бычагын тартып алды.

– Чагып бер десе чакмакты, чакпай койдуң. Чык таттырбас сараң, акмак экенсиң. Бар эми, кимге арыздансаң ошого арыздан, – деди олжосуна маашырланган бала.

Чал кеткенден кийин кошуна айылдан төрт бала чаап алчуудай келди. Чоң жиндиге тийиштик кылды. Чоңурагы Кутубийди көтөрүп чаап, ат кылып минип алды.

– Бул жер биздин жайыт. Силер козуңарды башка жерге жайгыла, – деп чоңдугун салды.

Мындайда Чоң жинди жөн турабы, жини тутту. Муштумун көкүрөккө туштады, ар бирин бирден муштады. Козуларын кошуп алды.

– Мени төрө деп жүргүлө. Мобу козунун шишкебегин тойгончо жегиле. Тойбосоңор дагы союп берем. Бүгүн үйгө бармай жок. Ушул жерде түнөйбүз. Алтообуз болдук, чүкө ойнойбуз, ордо атабыз. Түшүндүңөрбү?!– деди көзүн алаңдатып.

Чоң жинди айткандай түнү бир, эртеси эки козу союлду. Козу жайыттан кайтпай, кою маарады. Айыл түп көтөрүлө издеп жөнөдү. “Козуларга карышкыр тийди, же алардын түбүнө бай Жакыптын баласы Чоң жинди жетти” деп ой калчашты алар. Акыры табышты. Санак кылышты. Козулар Манастын бычагынан, карышкырдын азуусунан аман экен.

– Бу не деген шумдук?! Козунун баары түгөл. Эмнеге калп айттыңар?– дешти чоңдор.

Чоң жиндини колдогон кырк чилтен кишинин касиетин кара таман калк туйган жок. Ошондуктан канчалык карышкыр тийди, көп козу союлду дебесин козу санагы туура чыга берди. Оттугун бербей коюп балээге калган Баянчор калмак Ошпур байга Чоң жинди деген малайың мени тоноп алды деп катуу арызданды.

– Ай, Чоң жинди, кандай балээ бала элең? Ойлобо, аяп коёт деп. Менден бирди көрө элегиңде дароо калмактын оттугу менен бычагын кайрып бер. Болбосо көргүлүктү менден катуу көрөсүң! – деди Ошпур бай малайына опурула карап.

– Оттук менен бычак менин олжом. Олжому эч кимге бербейм! Берсем Чоң жинди атым өчсүн! Ал аздык кылса калмагыңдын канын кактабай сором!– деп Баянчорго талпынды.

“Бу кандай балээ бала эле? Минтип отурса мени бат эле курутат. Кой, эрте күндү кеч кылбай, бай Жакыпка жетейин” деп Ошпур Жакыптын үйүнө келди.

– Балам кандай жүрөт?– деди Чыйырды амандашкан соң.

– Жакшы эле жүрөт. Аныңыз өз билгенин кылууда. Козуну чекеден союп атат. Акыры өзүмдүн шорум шорподой кайнайбы деп корком, – деп Ошпур жер карады.

– Эх, Ошпурум, Ошпурум. Менин атактуу койчум, менин жалгыз медеримден кутула албай жүргөн немесиң го! Мейли, баламдын аманында энесине тапшырайын. Жүр Ошпурум, кайым айтышпай тоого жөнөйлү, – деди Жакып сөз төркүнүн сезип.

Эртеси тоого жете келишти. Аттан түшүп-түшпөй Жакып:

– Айланайын каралдым, козу карабаганың аз келгенсип, карыган калмакты тоногонуң эмнеси? Калмак арызданса көргөн күнүбүз не болот? Сен ушуну ойлондуңбу?– деди.

– Атаке, коркуп жүрүп көргөн өмүрүң курусун. Калмактан коркоор мен эмес. Мага демек, бирөө эмес, баары келсин! Эр башында бир өлүм, кармашып өлөм, – деди уулу.

– Ошондо да көтөрүмдүү болгон жакшы, балам. Сен али жашсың. Балтыр этиң толо элек, балбан чагың боло элек. Мертинтип коюшат, – деди атасы салмак менен. – Апаң сени абдан сагынды, мени мененкетесиңби? – деп ата балага жалооруй карады.

Чоң жинди кыйыктанбады. Жүрүп кетти. Кыр аша бергендетигилерди атайлап күтүп жаткандай Жакыптын жылкычысы карпа-күрп чыга калды.

– Бай Жакып, калмактын жер коруган черүүлөрү көп үйүр жылкыны айдап кетти. Эми эмне айла кылабыз?– деп ыйламсырады, бети башы канжалаган жылкычы.

– Ал кимдин жылкысы? Мурда кайда турган!– деди Чоң жинди.

– Биздин, – деп чынын айта салды бай Жакып акырын.

– Ата, анда эмне карап турабыз.Бачым бастыргыла, жылкыларды кайрып алабыз, – деди, жылкы тийген калмак черүүлөрүнөн коркпой.

Антип-минтип аттарын темингенче аларды жер коруган калмак черүүсү курчап калды. Кеп сөзгө келбей Кортук деген башчысы Жакыптын тебетейин учура чапты. Атасын урган немеге Чоң жиндинин каары келди. Жылкычы Ыймандын укуругун колунан жулуп алды. Кача берген Кортукту кайың укурук менен башка сокту. Экинчисин соккондо чалкасынан, үчүнчүсү узунунан суналды. Калганын кыр аша кууду.

– Айланайын каралдым, алды артыңды карагын. Сенин балбан чагың боло элек. Көп калмакты укурук менен уруп түгөтө албайсың. Эртең эле өлгөн калмактар кун төлөгүлө деп чыгат. Атыңдын тизгинин тарт, – деп атасы Жакып баласын араң токтотту.

– Кун дегени эмнеси, атаке? – деп кайра суроо узатты бала.

– Уулум, бирөөнү өлтүрсөң ордуна кун деп көп мал берет. Дүнүйө сурайт. Айтканына көнбөсөң журт бузулат. Үй таланат. Акырында өлтүрүп тынат.

– Ай, атаке, калмак өзү кыргын салаарда жарабайт мени тыйганың. Ырасын айтсам, бу ырысымды кыйганың. Ошондуктан жайытка мал жыйбай айыл жыялы, короого мал жыйбай коңшу жыялы. Эл башын бириктирип күч топтойлу. Андыктан, мен өз тегимди билгим келет. Ата, айтчы, менин тегим ким?– деп сурады Чоң жинди.

– Эртеби, кечпи ушу суроону берериңди билгем, балам. Учуру келди, айтайын. Биз түптүү элдин уругунанбыз. Уругубуз кыргыз, тегибиз түрк, – деп түнөрө айтты Жакып. – Чоң атаң Ногой бул жагы Алтай, тигил жагы Анжыян, Самаркан, Ала Тоону башкарды. Кытайдын жылас ханы Эсенхан кыргызды көрө албай жүз миң кол менен келди. Чоң кыргын салды, көп кыргыз кырылды. Өлгөндөн калганы туш тарапка тентиди. Бай деген агаң Опол тоону, Орозду деген агаң Алайды жердейт деп угам. Үсөн деген агаңдан үмүтүм капкачан үзүлгөн. Анткени, ал кытайдын түштүк жагында деп айтышкан. Үсөн атын өчүрүп, Көзкаман койду деп чоң баласы Көкчөгөз айткан. Дагы канчасы кайсы жерде тентип жүрөт билбейм. Арманым аттын башындай, балам. Же тентиген кыргызды кураган бирөө жок. Менин чамамды өзүң көрүп турасың. Алдан тайып баратам, – деди оор үшкүрүп.

Жаш болсо да Чоң жиндинин боору толгонду. Жаны кыйышты. Кайда житип кетти, бөрү болуп кубулган кырк чилтен киши деп өзүнчө күңгүрөндү. Бел-белге, кыр-кырга көз жүгүрттү. Кудайга үнү жеттиби, ойлогон ою төп келди. Кең талаада кырк киши кылтылдай көрүнгөндө каткырып күлдү. Атына камчы уруп, ары-бери чапкылап жүрдү.

– Балам, бери бастыр, – деп кырк чилтен сөз таштады. – Эми көзүңү жум, – дешти алар, алдына келген балага. Бала көзүн жумду. Аны көз жеткен жердин баарында көк темир кийген көп аскер курчаптыр. Аскер башында алтын таажылуу, агала сакал бирөө турат.

– Бу кайсы аскер, тиги киши ким?– деп сурады Чоң жинди касиеттүү кырк чилтенден.

– Аскер сеники. А тиги киши болсо сага көрөр көз, көкүрөгүңө эс болчу адам. Анын жардамы сага сөзсүз тийбей койбойт. Атасы Бай деген киши. Эми көзүңдү ача берсең болот, Чоң жинди баатыр, – деди кырк чилтен.

Чоң жинди көзүн ачты. Ачса, кырк чилтен эмес, эми эле жанында турган өз атасы жылан сыйпагандай жылас жоголуптур. Ал кайдан билсин, атасы Жакып баламы жин уруп кетти деп энеси Чыйырды турган ак өргөөгө айкырып түшкөнүн.

– Ээ, кокуй байбиче! Бизди балээ басты. Балабызга жин тийди. Бакырсам да тилимди албады. Оолуккан бойдон калмактардын артынан кууп кетти, – деди.

– Ыя, абышка, не дейсиң? Карыганда көргөн эрмегиме жин тийди дегениң эмнеси? Шорум эми каткан турбайбы. Жылкың менен жылас калгыр! Мага баламдын караанын көргөз! Мени өксүтүп койбой ээрчитип келсең болбойбу, ыя! – деп эне муңкана чыңырды. Туруп элечегин оңдоп кийди. – Карыганда баласыз өткөн өмүрүм курусун. Сен барбасаң, өзүм барам. Өлүү, же тирүү экенин билбеген кандай мерес неме элең! – деп Бозтайлак күлүктү тандап минди. Короодон карааны үзүлө бергенде Саламаттын иниси Сарбан суук кабар менен кирди.

– Жакып аба, калмактар түшкө жетпей сиздин айылыңызды чаап алабыз деп камданып жатышат. Бир айла кылбасаңыз болбойт, – деди өпкөлөп.

Жакып катуу ойлонду. Тез арада даярдык көрбөсө болчуудай эмес деп Акбалта менен Бердикени, Саламат менен Ошпурду чакыртты. Сарбанга ат котортуп мингизди.

– Казак, кыргыз, кара түрк туугандарга чап. Наймандын Чоро баатырына, коңураттын Байбак карысына, Айдарканга айт, – деди шашкалактаган Жакып.

– Эмне деп айтайын, Жакып аба?

– Бай Жакып өлдү. Малын калмак талап алды. Уулу кошо ойрон болду де.

Суук кабар тез тарайт эмеспи. Кыжылдаган калмактар качан бизден өөдө эле деп кабар жеткендер сапырылып калышты. Кылыч, найзаларын алышып, күлүк тандап миништи. Байрактары желге желбиреп, Жакыпты көздөй шашышты.

Ушу тапта ай талаада Чыйырды байбиче баласын жоктоп келатып, жолдон көп жылкы айдап келаткан Чоң жиндиге жолугуп калбаспы.

– Олда апакем ай, сизге не болду?! Көзүңүз шишип, ыйлагандай түрүңүз бар. Кайдан келе жатасыз? Деги тынччылыкбы? – деп баласы утурлай чапты.

– Айланайын көз мончогум, аман-эсен барсыңбы?!– деп энеси кучагына жыгылды.

Иштин жайын апасынан укту. “Олда атакем, ай!” деп каткырып алды баласы.

– Апаке, атам да күтүп калды. Эми үйгө кайталы, – деди апасын Бозтайлакка жөлөп-таяп атказып жатып. – Ыйман, сен жылкылардын алдын кайры, жолго сал. Калмактын черүүсү эми тийбестир, – деди чарбага көзү каныга калган Чоң жинди.

Күүгүм талаш маңдайкы кырдан топ калмактын черүүсү чаап түштү. Тиги экөөнү көрүп алдын тороду. Бирөөсү Чоң жиндини жазбай тааныды.

– Топ калмактын башын жуткан ушу бала! – деди тааныган калмак ызырына кылыч кезеп. – Амалдууга ажалдуу кийик жолугат. Башына шири кийгизели. Эр өлтүргөн баланын энесин кошо туткундайлы Кана, калмактар, карап турбагыла, чабуулга!– дегенде черүүлөр жабыла ат койду, камчы чапты.

– Балам, эми жалгыз канттиң?!– деп буркурап ийди эне.

– Кайгырба энеке! Болгону алты калмак турбайбы. Алтымышы келсе да аларга алдырбайм!– деп калмактын бирөөсүн далысынан чапчый көтөрүп, экинчисине кагыштыра урду. Бет келгенин тоголото чапты. Ошондо аман калганы:

– Бу кандай бала эле? Бирөөсүнүн үстүнө жана бирөөсүн өлтүргөнүн кара, – деп кара жанын алып качты. Анча өтпөй ити чөп жеп, алгачкы утукка мадырайган Чоң жинди энеси Чыйырды экөө үйгө келип түштү. Аларды алдынан Жакып тосуп чыкты.

– Байбиче, Чоң жинди, аман-эсенсиңерби? Дайынынарды билбей чоң кайгыга баттым. Эсим чыгып, туш-тарапка кабар салдым, – деди ал тынчсыздана.

– Эсенбиз абышка, бирок жолдо бизге калмактын черүүсү кол салды, – деди Чыйырды.

– Андан кам санабагыла. Кыргыз деген кыйла журт. Байлыгымды чачсам да аларга туруштук берем. Өлсөм өчүмдү ала турган балам бар, – деди Жакып кайраттуу. – Себеби, баламдын эр жеткенине кечээ толук көзүм жетти. Биз дагы оңой жоо эмеспиз. Урушка даярданып алдык. Калмактын черүүлөрү Кортуктун куну деп шылтоолоп, канча миң жылкыны айдап кетишти. Эми бүт түрктү чапмакчы болуп жатышат. Кан төгүлгөнү турат. Ошондуктан өзүбүзгө сак болбосок болбойт, – деп сөзүн бүтүрдү бай Жакып.

Эртеси Жакыптын айылына туш-туштан көп аскер чогулду Добулбасы урулду. Көк асаба, кызыл туу көктү карай какайды. “Манастап” ураан чакырды. Күн желеси менен жыла басып келген калмактын кыжылдаган черүүсүнө айгай салды. Боз талаа ызы-чуу түшүп калды. Ошондо бир тууга бириккен кыргыз катылгандын сазайын куп эле берди. Алдыда Чоң жинди деген каймана аты бар жаш Манас жүрдү.

– Атасынын көрү, кыргыздын түбүнө өзүм жетем. Кун куугандыкы, ошондуктан бирин койбой кыргыла! Кыз-катынын олжолоп алгыла!– деп сегиз жүз аша кол баштап келген Домабил деген черүү башчысы Манастан энчисин алды. Жонуна Сырнайза сайылды. Душман чектен ары сүрүлдү. Урушта эки тараптан көп адам набыт болду.

– Өлгөндөрдү эмне кылабыз?– деп жардап тургандарга собол таштады Акбалта баатыр.

– Абаке, эгер көпчүлүк эп көрсө, мен айтып көрөйүн. Мага уруксат бергиле, – деди Манас баатыр элди сыдыра карап. – Жерди терең казып баарын бирдей көмөлү. Анткени алар урушта набыт болду. Баатырды баатырдай жерге бергенибиз эп. Ушул салтты колдонсок кантет, калайык!?

– Туура айттың, Манас. Илгертен асыл таштан, акыл жаштан дейт эмеспи, – деп эл жапырт колдоп кетти.

Ошентип жер терең казылды. Каза болгондорду курал— жабдыгы, ат-тону менен кошо көмүштү. Үстүнө чоң-чоң балбал таштар коюлду. Жакшы сөздөр жазылды.

Бай Жакып марттык кылды. Калмактан түшкөн олжону элге тепетең бөлүп берди. Ар бир өлүк чыккан үйгө жылкы бердирди. Алтын, күмүш таратты. Эл көбөйдү, жер кеңейди. Чарбасы өстү, жер айдашты. Курама урууларды кошуп алып отуруп, жетимиш үйлүү кыргыздын саны кыйла өстү. Кыргызды туу тутуп, эл болом деп келген көп калмактын элине үй көтөртүп берди. Кара-Шаар деген айыл пайда болду. Жеңиштин арты той менен аяктады. Ат чабыш болду. Казак, кыргыз, түрк, жаңы тууган манжу калмактары жыргап калды. Жакыптан чоң сый көрүштү. Кербен каттап, эл соодага каныга баштады.

 

МАНАСТЫН АТ-ТОНУ, КУРАЛ ЖАБДЫГЫ ЖАНА ОРДОДОН ЧЫККАН ЧЫР

Бай Жакып менен Чоң жинди караган аштык аябай мол түшүм берди. Атасы Жакып кырк төөгө буудай, жетөөнө алтын-зар, үчөөнө курут-май жүктөдү. Үч төөгө бирден эр алып, көп жылкы айдап Эсенханга жөнөдү. Канча ай жол жүрүп барган Жакыпты Эсенхан жакшы тосуп алды.

– Кадырлуу Эсенхан, мал-жаныңыз аман, өзүңүз шүгүр турасызбы? Падышалык тагыңыздын дөөлөтү аша берсин, миң жыл жашаңыз! Сизге кулдук уруп арыз менен келген Жакып бай деген чалыңыз. Мобу төөлөргө жүктөлгөн алтын-зар, көп жылкы, буудай, курут, май менден сизге тартуу, аз дебей алып коюңуз, ханым! – деди Жакып бай таазим эте жагынып. – Алооке деген ханга бооз катындардын ичин жардыртып, “Манас деген бала туулат экен деп беш үйдөн бир кондуруп, бирден кечил койдурдуңуз. Биз аябай кыйналдык, же Манас деген бала туулуп өлсөчү! Өзүм Алтайга барганы короомо мал толду. Куу баш атанган жаным уулдуу болдум. Мурда калмак тартып алган Буурултокой деген жеримди кайра өзүмө кайрып бер деп келдим, – деди Жакып бай

Көңүлдөгү көп тартууну алган Эсенхан Жакыптын арызын турган эле жеринде канааттандырды. Ал тургай, колун коюп, жыгалуу мөөрүн басып хандык даража тартуулады. Бай Жакып эле, эми Эсенхандын жарлыгынан кийин хан Жакып атка конду. Эми мен жөнөйүн деп ордунан тура калган Жакыпка куру кетпе деп кабаттап тогуз тон, тогуз ат тартуулады. Жакып албайм деп болбой койду. Неге куру кетмек элең деп кыстай бергенинен улам Жакып Акбалта айткан кепти эсине түшүрдү. Акбалта курдашы бул жакка жөнөп жатканда:

– Эсенханда Манас минчү бир ат бар. Өзү кула тай. Ошо тайдын белгиси: ак сур кула түгү бар, кулун даакы түшпөгөн учасында жүнү бар. Өтө чоң эмес, өзү орто эшектей бою, жоон сабоодой колу бар. Жаныбар байкуш өсө албай жүрөт. Ушундай тай көзүңө илинсе кайра тартпагын! Сураганын берип, ошо тайды албай койбо!– деген Акбалта.

– Улуу урматтуу ханым, берем десеңиз тээтиги корооңузда турган жүдөмүш кула тайды бериңиз, – деди хан Жакып күлмүңдөй карап.

– Жакып, кула тайды берсем көөнүң жай болобу? Андале ала бер, кула тай сага тартуу. Анын жайы мындай баатыр, айтып берейин, – деп калды Эсенхан улуу башын кичүү кылып. – Короомдо куу чаар бээм бар болчу. Үч жылда бирден төл берчү. Үч жыл кысыр калчу. Алтайдын Айдыңкөлүнө качып барчу да, кардына бала бүткөндө кайра кайрылып келип калчу. Эки асыйда бир кара кулун тууду. Аны Алооке көрүп калып, күндө келе берип жадатканда, ортого оңой эмес арбын мал койдум. Ошо мен айткан малдын түгүн калтырбай берип Алооке кара кулунду алып кетти. Үч жылдан кийин ошо бээ жана тууду. Кедеңдин уулу Жолой балбан келе берип, көп мал, мол пул берип, ал алды. Андан кийин үч жыл туубай жүрдү. Эки жыл жоголуп кетти. Кийин короомо келип калыптыр. Ошо жылы тууганы сен сураган кула тай. Жашы бышты болгуча даакы жүнү түшпөдү, жоон сабоодой буту бар. Өзүң байкагандай жүдөмүш жүргөн мал болду. Ичке буту сынып, бир күнү өлүп калабы деп жүрөм. Сага жарайбы ушу тай?! – деди Эсенхан жоомарттана.

– Урматтуу ханым, Алооке менен Кедеңдей менде эр чыкчу кайсы уул бар дейсиң?! Серек менен Сыргак азыр ымыркай балдар. Балким, кызым Карлыгач минер деп көөнүм түштү эле. Башка буюм сурабайм, берсең ушу тайды бер, – деди Жакып көшөкөрлөнө.

– Сураганыңды ал, Жакып хан. Мен сага ошо кула тайды бердим, – деп Эсенхан айткан күнү Жакып шашылыш камынып, ошол эле күнү жолго аттанып чыкты.

– Жакып кеттиби, ага эмне бердиң? – деп сурап артынан көптү көргөн увазири кирди.

– Кула тайды сурады эле кармата бердим. Башка эчтеме сурабады, – деди Эсенхан жайдары.

– Катыгүн, Эсенхан бу не дегениң?! Кула тайды бергениң, падышалык тагыңды ага тартуулаганың эмеспи. Падыша болдум деп калдайып, малыңдын жайын жакшы билбейсиң. Алооке алган кара тай азыр хан Коңурбай минген Алгара деген тулпар болду, билсең! Жолой дөө минген сур тайың Ачбуудан деген тулпар болду! Эми буту чийдей начар деп, көңүлүңө илбей Жакыпка берген кула тай Аккула деген ат болот, ай-ааламга даңк болот. Сураганын неге бердиң Жакыпка, эми багың качып жоголот! Ар үч күндө бир келип көрүп кетчүмүн. Бүгүн келсем кула тай ордунда жок. Желдетиңи чакыр, Жакыптын артынан ылдам жөнөсүн. Узап кете электе тайды алып келсин! – деп Жаңгыр увазири түнөргөндө Эсенхан желдетин дароо чаптырды, алып кел деп бакырды.

Хан Жакып үйдөн аттанып чыкканда эле артыман баары бир кула тайды доолап келет деп ойлогон. Ошон үчүн шашкан. Артынан чымын-куюн болуп келаткан желдет башын көргөндө төөлөрүн кырдан ашырып ийди. Жетегиндеги баспаган тай өчөшкөнсүп араң эле бут шилтейт. Кыбырап же арымы болсочу, чийдей арык буттары сынып кетчүүдөй араң кыбырайт. Аңгыча кылычын жалаңдатып, атын алкындата желдет башы жетип келди. Камчысын үйрүп Жакыпты көздөй басканда, кула тайдын ноктосун башынан шыпырып алып, өзүн агытып жиберди. Желдет башы кула тай кана дегиче, мына деп көрсөтө салды. Хандын короосунан көрүп жүргөн малды желдет башы дароо тааныды. Ары айдады, бери айдады, кула тай баспады. Желдетти аябай кыйнады.

– Хан болбой катып калгыр! Ушу жыгылганы араң турган жаман тайын доолайт! Сабоодой болгон ипичке буттарын кара, – деп чапкылап кетти.

Ханга жетип буту сынып арам өлүп калыптыр деп барды. Антпесе, хан бул жакта калып, увазир төрө аябай убара кылаарын билди.

Жакып аман-эсен үйүнө келди. Кула тайды Акбалта баатырга бактырып койду.

– Ыя, абышка, кула тай мында келгени, менин эмчегим ийип кетчү болду. Эгер менин сөзүмү эп көрсөң, эмчек сүтүмө аралаштырып буудай берейин деп жүрөм, – деди байбичеси Чыйырды. – Уулуңдун ырысына кытайдын бир бээси тулпар тууп койгон окшойт, – деп Чыйырды буудайдан кочуштап сүткө салып, тайга сунду.

Ал дайыма Чыйырдынын колунан жем жеп жүргөндөй буудайды көз ирмебей жегенден улам “Аккула менен Манас эмчектеш” деген сөз тарады.

Ошентип, Манас он бирге толду. Көңүлү өстү, дили катты. Жылкылардын туур учурун боолголоп, Айбанбоз атын минип, жайлуу жайлоону төрлөп кетти. Топ балдарды жыйды. Ордо атты, тогуз коргоол ойноду, кийик уулады. Эртеден кечке оюн-күлкү, тамашанын үстүндө болду.

Кытайдын ханы Эсенхан жаш Манастын кабарын угуп катуу жинденди. Самаркандан жалган Манасты таап, өз колунан тартуу алган бир топ кечил, черүүлөрдү чакыртып башын алды. Үйбүлөсүн кара жумушка салды. Ордо жыйында анткорлоно минтти:

– Акылмандарым, көп түмөн аскер баштап кыргызды чаап алалы дедиңер. Эми “Кыргыздын бир аялы Манас деген уул төрөптүр” деп калкты бүлдүргөнүм жарабас, – деди Эсенхан кытмыр жылмайып.

– Кантсе да алар бизге алтымыш жыл букара болуп турду. Ойт десек ойго, кыйт десек кырга көчүп, кытайдын кызматында жүрдү. Канча жыл казына толтурууга көмөк болду. Жумшасак малайыбыз, өлтүрсөк кулубуз эле. Андыктан качан да болсо бал тилге салып балдарын алдайбыз. Каар тилге салып карыларын жайлайбыз. Күчкө салып элин талайбыз, жерин ойрондойбуз, кыз-келинин олжолойбуз. Кыскасы, баарына үлгүрөбүз, – деди ордунан обдула туруп. – Хандык жарлыгым ушу: Чоң кербен даярдалсын. Казынадан дүнүйө бөлүнсүн. Тандалма черүү соодагердей кийинсин. Алтай тоосун сүрө кыдырсын. Соодагер-тыңчылар Манасты тапсын. Ага жакындан көз салсын. Бизге кол салчу немелер бекен билсин. Шек— шыбыты билинсе, карап турбайбыз, кыргыз аттууну жер үстүнөн жексен кылабыз, – деп бир кербен тыңчы жөнөттү.

Бежинден чыккан кербен беш айда Алтайга жетти. Төрт түлүк малдын тууту кызуу учурунда, талаа-токойду, адыр-тоону аңкыткан гүл каптаган сонун маалда келди. Жаш Манас жайлуу төрдө ордо атып, ичке түшүп, чүкө чертип жаткан. Кой-ай дегенге үлгүртпөй кытайлык соодагерлер ордону кечип токтоду. Анткени “Балдардын алы бизге жетмек беле, чүкөсү алардын ок беле?” деп ойлошту.

– Ордо салтын бузбагыла, төөңөрдү алгыла, – деп Манас сыпайы айтса болбоду. Томпою менен кулжанын эңкесин черткенде төөнүн шыйрагын жулуп кетти. Жана черткенде эшеги мүрт жыгылды.

– Бежинден келген улуктун кербенине кол салган бу кандай акмакчылык. Чыркыраган жанды аябай баарын мууздагыла! Карап турбагыла, кылыч кезеп, найза сайгыла!– деп кербен башы бакырды.

Манаска өзү баш болгон алтоосу жабылды. Аңыраңдап айкырган кербен башынын алтын кемеринен иле кармап, жерге көтөрүп урду. Көөдөндөн басып, башын жулуп алды. Аны көргөн кытай, калмак калтырап-титиреп туруп берди.

– Баатыр, канча кааласаң ошончо байлык бар. Баарын ал. Биздин башыбызды аман кой, – деп жалдырашты. – Бизди болгону Манас деген бала жөнүндө билип келгиле деп кытайдын пашасы Эсенхандын өзү жөнөткөн, – дешти чымындай жандары чыркырап.

– Билгиңер келсе Манас деген бала менмин. Бай Жакыптын баласымын, – деди карс-карс күлүп. – А биздин салтты бузуп, ордо оюнун кечтирип келген төө, эшек, дүнүйөңөр бизге олжо. Ажал тапкан черүүңөр жерге олжо, – деп бою башын түзөдү. – Жигиттер, мобу беш-алты калмакты калтырып, тыңчы черүүлөрдү көз жаздым кылгыла. Атам баш болгон Акбалта, Бердике, Дамбылда, Ошпурга тезинен кабар айткыла. Дүнүйө бөлүп алышсын, – деп буюра сүйлөдү.

Чакырылгандар күлүк аттай бат жете келишти.

– Бу нак Бежиндин өзүнөн аттанып чыккан кербен го, казыналык нардан го?! Максатыңар не эле? – деп Акбалта саксына кайра-кайра суроо салды.

– Максатыбыз эр Жакып менен анын баласы Манас дегенди билип кайтуу болчу. Өз көзүңөр менен көргүлө. Элинин кол салчу түрү барбы, билгиле деп Эсенхан өзү жөнөткөн, – деди аман калган он калмактын бирөө.

– Балээ басып, балам тентек чыкты. Эсенхандын адамдарына тийиштик кылып бизди кудай урду. Эми сансыз кытай каптап кирсе тукум курут болобузбу?!– деп бай Жакып муңайым кейип турду.

– Тукум курут болбойбуз. Ай, ушу сени элеби, Жакып бай, – деди Акбалта башын чайкап. – Болсо бала шок болсун, шок болбосо жок болсун. Пешенеге жазганын көрөбүз. Буга чейин деле эсирген Эсенханың пешенебизден сылап, эркелетип жүрдү дейсиңби?! Далай жылдардан бери айтканы менен болуп, кызыл канга бөлөнүп жүрбөйбүзбү. Же ал да калпбы?! Чын. Эми кытай чаап алат деп дүрбөбөй, алар келгенче даярданып албай жаныбыз жокбу?! Даярдыкты бүгүнтөн баштаганыбыз оң, – деди чечкиндүү.

– Аттигине, атаке, акылыңыз канаке? Куу дүйнөнүн түбүнө жеткен ким бар? Курулай корко бербе. Артыңда калдайган кыргыз журтуң бар. Бу жарык дүйнөнү толтурган ким бар дейсиң, – деп бала Манас күйүп турду. – Кытай, калмактан коркуп жүрө берсек, бизди кудай урбайбы! Кырк беш төөгө жүктөлгөн дүнүйөнү элиңе бөлүп бер, атаке. Аман калган он калмакты журтуңа кошуп ал, – деди баласы Манас нарк менен.

– Калайык, биздин ишибиз оң тартып баратат. Кыргыздын тиреги, үмүт-тилеги, жан кубаты арстан Манас баатырыбыз жаштыгына бай көп эрдиктерди жасады. Өзүңөр билесиңер, кытайдын олуялары канча жыл илгери эле “Кыргызда Манас аттуу баатыр туулат” деп башыбызды жерге тийгизди. Канча адамдын бейкүнөө өмүрү кыйылды, – деп муңкана кейинди Акбалта баатыр. – Биз да курама жыйнап журт кылчу, кулаалы таптап куш кылчу баатыр Манасыбыздын бу дүйнөгө келээрин билчүүбүз. Ошондуктан баатырга тете ат-тонун, курал жабдыгын камдап койгонбуз. Бай Жакып атасы кезинде буудайга алмаштырып алган кула тай келишкен Аккула ат болду. Эми журт алдында Бөлөкбай уста жасаган жоо жарагы менен жоого минчү атын тартуу кылалы. Бабалар наркы кут болсун! – деп Акбалта менен Жакып хан Манастын алдына ат тартты.

– Бу ээр-токуму келишкен, жылкы пири Аккула. Үзөңгү, көмөлдүрүк, куюшканы бүт алтын. Жүгөнү бугу кайыштан, ноктосу жибек кенептен. Ээрдин кашы чылк күмүш. Бу оңду-солду шилтесе эки жүздөн баш алган, темирди талдай таарыган, чапканын кеспей калбаган, уруштуу күнү узарган, учу өрттөй кызарган Аркескен кылычы. Сырты калың өткүр миз, бели кайкы, учу түз, ташты боордон тез кескен Ачалбарс аттуу кылычы. Тигиниси, көкжал темир менен чоюндап, урушканда колго чак, кытайдын кызыл кырымы от бүркчү Койчагыр деген мылтыгы. Мунусу ортодогу темири сомдолуп жылтыр түзөлгөн, сай ташындай ок салса, аткан огу жөн кетпей, ажалдуу жанды издеген, үнү ачуу атылган Аккелте аттуу чоң мылтыгы. Бул уңгусу, учу темирдин бышыгы болоттон жасалган найза ак жыгачтан сапталган. Жайдын күнү колу тердеп кетпеске коло менен байланган. Кыштын күнү болгондо, колу үшүп кетпеске кой макмал менен капталган. Тийген жерин ырбатып, сайганы сая кетпеген Сырнайзасы. Бу көк ыргай сабы пил териси менен капталган, темирден сомдоп жасалган, учу миздүү Айбалтасы. Бу көзү майда тордолгон, арасына болот эгелген, бир кабаты ак була, бир кабаты ак жүндөн. Арасы болот темирден. Кылыч кеспеген, найза тешпеген, Бараңдын огу өтпөгөн Аколпок кийими.

Уста баатырдын курал жабдыгын айлап-жылдап узанды. Билеги жоон канча балбанга барскан, балка чаптырып, жердин бетин от кылып, темирди кызыл суу кылып агызып жасап чыккан айтылуу төкөр уста Бөлөкбай. Акы албай, Бакайдан бата алган ошо Бөлөкбай устанын куралы ээсин тапты. Эр жигиттин өнөрү куралы менен сыналат. Эр куралы, эр аты элибиздин атынан сага тартуу! Сен ага татыктуусуң, Манас баатыр! – деди Акбалта баатыр .

– Жаша Манас! Жаша Бөлөкбай!

– Эр жигиттин ат-тону, курал жабдыгы кут болсун!

– Манасты дөөтү колдосун, кыргызга тийген оңбосун!

– Бали, Бөлөкбай уста, кылымга тете иш кылдың! – деп эл көкүрөгүндөгү тилегин айтты.

 

ЖАКЫПТЫН АГАСЫ БАЙДЫН БАЯНЫ

Кытай ханы Эсенхандын кыргынынан кийин кыргыз тукуму туш тарапка чачылды. Ала Тоо журтунан айрылып, көз көргөн жерге тентиди. Жакыптын агасы Ороздунун он баласы болгон менен ынтымагы жок эле. Өздөрүнчө чырлашып тургандыктан өнүгө албады. Ал тургай, бир тууганы Байды да батырышпай, балдары менен башка шаарга көчүп кетүүгө мажбур кылышты. Анын Бакай, Тайлак деген эки уулу болот. Бир күнү атасы Бай аларга кеңеш салды.

– Балдарым, туугандын кордугу курусун. Кой десең, кайра эрегишип урушат. Эрте күндү кеч кылбай Жакып деген инимди табайын. Кай жерге болсо барайын. Ал да бизге окшоп зарлап жүргөндүр, – деди узак сапарга даярданган атасы . Акылы жетик Бакай деген уулу:

– Ат чабышка барган балдардан бай Жакыптын Чыйырды деген байбичеси эр бала төрөптүр деп уккам. Чын эле ошондой болсо ашыгыбыздын айкүр конгону. Атаке, Алтайга чейин барыңыз. Туугандын кабарын таппай кайтпаңыз. Жолуңуз шыдыр, жолдошуңуз кыдыр болсун!– деп жолго азыгын камдап берип узатып калды.

Ошентип жетимиш таянган Бай сапарга аттанды. Көп жүрдүбү, аз жүрдүбү, үчүнчү күнү караса какыраган чөлгө кез келди. Алты миң эл арык казып атыптыр. Арыкты каздырган Эсенхандын Нескара деген дөөсү экен. Ал аёо дегенди билбептир. Ары-бери каттагандардын аттарын тартып алыптыр, өздөрүн ишке салыптыр. Арык башы Басаңкул дегени андан ашса ашыптыр, асти, кем калбаптыр. Жер кезип, жакын тууганын издеп чыккан Байдын шору ошондо кайнады. Басаңкул атын тартып алып сойдуруп жиберди. Колуна кетмен, күрөк карматып өзүн ишке кошту. Карыган киши абат болобу, эки күн иштебей өлүп калды. Өлүгү арыктын кырына чала-була көмүлдү.

Канча убакыт өттү жан киши билбеди. Бир убакта өлдү деген Бай жылтыраган көзүн ачты. Эсине келип аң таң калды. Анткени Нескара дөө кишиче сүйлөгөн чабдар аты менен адатынча купуя сүйлөшүп атыптыр. Өз көзү менен көрдү, өз кулагы менен укту.

– Нескара, арык менен бекер эле алышып жатасың. Жакып дегендин түмөндөгөн жылкысы бар. Ошону бери куусаң көп дүнүйөгө маарыйсың. Жакып Алтай тоосун жайлайт, андан көрө ошого сыз. Жылкысына тийгенде он үчкө жаңы эле толгон, отуз нөкөрлүү Манас деген баласы артыңан куугун салат. Аны куткарбай туткундап ал. Куткарып ийсең курудуң, байкуш. Эки көзүңү оёт, өзүңү жер үстүнөн жоёт. Анткени Манас күн сайын эмес, саат сайын күчкө толууда. Азыр аттанбасаң кеч болуп калат.

Нескара дөө сыйкыр бүткөн атынын акылы менен алты миң кишиге ат, курал берип Манасты чапканы ашыкты. Эсенхан да катуу колдоду, ал тургай тез жөнөгүн деп буюрду.

Өлдү деп кумга көмүлгөн Бай абышка бардык күчүн жыйнап, кумдан суурулду. Талаада жүргөн көп качырдын бирөөсүн кармап минем деп калмак менен кагышты. Акыры аны алды. Качырын кыкылап, Нескара дөөнүн аскеринин артынан акмалап жүрүп олтурду.

Бул убакта жайлоодо чардаган баласы Манасты жоктоп, атасы Жакып Туучунак атын минип издеп чыгат. Өр талашып келе жатып, алдынан качыр минген чалды учуратты. “Бу жалгыз жарым жүргөн кандай мээнеттүү чал эле? Эмне максаты u1073 бар?” деп ойлонду, бирок озунуп амандыгын сурады.

– Аманмын баатыр. Аты-жөнүңдү айт, ата тегиң ким? Кайда баратасың?– деп карыя Жакыптын жайын ал да сурады.

– Карыя, мен өзүм Байыр тукумунанмын. Экинчи атам Бабыр хан, үчүнчүсү Түбөй, төртүнчүсү Көгөй. Андан Ногой. Мен ошо Ногойдон болом. Он жети жашымда ата-энемден ажырадым, айдоодо болдум. Быйыл Алтайдын тоосун байырлаганыма отуз жыл толду. Атым Жакып, – деди улуу кишинин суроосуна жооп берип.

– Ой куруп калгыр, дүнүйө эй! Өөдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болчу иним?! Каралдым, Жакыбым, бу сенсиңби?! Мен Бай агаңмын, бир боорум!– деп агасы өпкөлөй кыйкырды.

Жакып качырды тизгиндеди. Агасы Байды колтуктап түшүрүп, кучагына кысты. Ага-ининин көрүшпөгөнүнө алтымыш жыл болуптур. Сагыныч кусасы аябай толуптур. Ай талаада зарлап көрүшкөн экөөнүн үнү бир топ жерге угулуптур.

– Жакып иним, балаң барбы?– деп сурады Бай карыялык мээрим менен.

– Балам бар. Жараткан өзү жар болсун! Быйыл он үчкө толду. – Жакып көөдөн керди.

– Абаке, сиздин канча балаңыз бар?

– Менин Бакай, Тайлак деген эки уулум бар.

– Иним, жалгызыңдын аты ким?

– Жалгызымдын аты Манас.

– Айткан оозго толуп, аты жакшы экен. Манасыңды ата-бабалардын арбагы колдосун. Ии, эсиме жара чыккыр десе!– деп Бай агасы колун шак урду. – Унутуп бараткан турбаймбы. Эсенхандын Нескара деген дөөсү Манас балаңды өлтүрөм, атасы Жакыптын мал мүлкүн талап алам деп алты миң аша колун баштап келатат, – дегенде Жакыптын жүрөгү зиркилдеп кетти.

– Абаке, сөздү узартпай аттаналы. Кеч болуп кала электе айылга кабар берели, – деди карбаластай. – Эртелеп камданбасак Нескара дөө кыргызга кыргын салаары бышык.

Бай Жакып аты күйүккөнчө чапкылап айылга жетти. Акбалтаны түрк урууларын чакырууга буюрду. Жер силкинте, согуш добулбасы урулду. Алыстан көрүнгөн ак өргөөнүн алдына убай-чубай кыргыз түгөл чогулду. Кызыл туулар жер бетин бербей жайнады. Тоо-таш дүңгүрөп, төбөдө кара булут айланды. Ошпур менен Саламат тең жарыша өз жамааттарын башкарды. Камбардын уулу Айдаркан кол курап келди. Айыл башы Акбалта аскер башы болду. Уккандын үшүн алып, алаамат кыргындын сүрү жакындагандан жакындай берди.

 

МАНАСТЫН НЕСКАРА ДӨӨ МЕНЕН УРУШУ

Нескара дөө Жакыптын Кең Арал жайлоосун кайгып өтүп, маңгулдун оңбогондой көп жылкысын тийип алды. Жолдо учурагандын баарын тоноп келатты.

– Бу жер дүңгүрөткөн кайсы кол? Силер ким болосуңар, кайсы элденсиңер? Жоолаган жооңор ким?! – деп сурады жылкы ээси Жайсаңбай маңгул.

– Биз Жакыптын баласы Манасты издеп жүрөбүз. Сенин сан жетпес жылкыңы тийип алдык. Бери кел, бизге Манасты таап берсең тийбейбиз, – деди жыландай соймоңдогон арык казгандардын башчысы Басаңкул.

– Бала Манас баатырды кармап берер каруум жок. Жылкымы тийип алдыңар. Эми айылымды чаап алсаңар да алдыңарга салып берер алым жок, – деди Жайсаңбай.

– Анда өзүңдү кармайбыз. Айылыңдын таш талканын чыгарабыз, – деди кутурган Басаңкул Нескара дөөгө таянып.

Көп өтпөй байкуш Жайсаңбайдын айылы таланды, олжого бөлүнүп кетти. Бирок ошо талоондо Басаңкулга ок жаңылып, өзү о дүйнө карады. Жайсаңбай тоого кире качты.

Алты жүз аскери менен Манас Нескараны Каражой деген талаадан тосту. Каптал жагынан Камбардын уулу Айдаркан, наймандан Карабек, арт жагынан маңгул баатыры Үйшүн беш жүз, Жайсаң бир жарым миң, Күнөс балбан сегиз миң аскери менен курчап алыптыр. Талаа бетин бербеген эки жоо ошол жерде тирешип турду. Өмүр менен өлүмдүн айкашуусу күчөдү.

– Көбүрүп кайдан келдиңер. Эр болсоңор жекеме жеке эр сайышка чыккыла! – деп Көкчө баатыр кыйкырып, өзү жекеме жеке сайышка шайланып ортодо кыйкырып жүрдү.

Бирок анын сүрүнөн коркуп, кытайдан эч ким чыкпады. Майданга эми күрсүсүн сүйрөп маңгулдун Күнөс балбаны атырылды. Ага каршы кытайдан Даңдаң баатыр аттанды. Ажыдаардай арбашып экөө узака кармашты. Канткен менен Даңдаң чапчаңдык кылды. Күнөстү ээрден жулуп алып, бар күчү менен кара жерге көтөрүп урду.

– Кыргыздын жаны ушинтип кетет. Дагы мага даап келе турганың барбы? Болсо майданга чыккыла, жаныңарды ажалыңардан мурун алам!– деп Даңдаң айгайлап турду.

Баятан каны кызып турган Көкчө “Айдаркандап” бакырып талаага чапты.

– Ой, токто, Көкчө балам! Сенин балтыр этиң толо элек, балбан күчүң боло элек. Кези келгенде дагы чыгаарсың . Андыктан , бүгүнкү кезекти мага бер, – деди атасы Айдаркан.

Акылдуу жан эмеспи, Көкчө атасынын кебин эп көрдү. Атасын жекеме жеке сайышка узатып калды. Айдаркан Уларбозго камчы уруп, алдыга найзасын сунуп, Даңдаңды тике качырды. Даңдаң ойт берди. Душман кайра кайрылып келип сайганда акылы тунук Айдаркан найзасын кагып жиберди. Даңдаң күүлөнүп келип, Айдаркандын найзасына капортосунан сайылды. Даңдаңдын өчүн алам деп кытайдын түрү суук Көдөң деген балбаны Айдарканга кол салды. Ыраңы суук Көдөңдүн түрүнөн жалтанып, Айдаркан кача берди.

Кызык ошондо башталды. Аккуласын теминип майданга Манас баатыр өзү бакырып чыкты. Көдөңдү ээрден учура сайды. Көмөккө чаап келген эки баатырдын башы да чаңга буланып калды.

Баатырларынын өлүмүнө арданган Нескара дөө каардана чабдарына камчы урду.

– Атаңдын көрү, каапыр! Келатканын өгүздөй өкүрүп, көргөндүн үшүн алып. Акыр заманды сага бир көргөзөйүн, – деп бала Манас Нескара дөөнү каршы алды.

Кырк чилтен баатыр катуу колдоду. Бирөөсү кабылан болуп бакырды, экинчиси арстан болуп айкырды. Маңдайында агы бар, кулагында шамы бар, куюндан бүткөн жаныбар, тумшугунун үстүндө ноктодон калган тагы бар Аккула аты атырылып жөнөдү. Үстүндө алп кара куш зуулдап, ажыдаардай түк күткөн көкжал Манас Нескара дөөгө айбат менен кол салды. Манас баатырдын сүрүнөн эси чыккан кытай дөө урушууга шайманы келбей, жер жайнаган аскерин аралай качты.

– Баары бир сенин ажалың менден! Кууп жүрүп жаныңды алам!– деп кыргыз уулу артынан кууп алды.

Он тогуздагы Нескара дөө качып жүрүп калкына муңкана кайрылды.

– Атаңдын көрү, дүнүйө! Катыларга катылбай, жолугарга жолукпай жолумун катканы ушубу?! Же баатыр Манас эч бир жоого жеңилбейт деген кытайдын ыйык китебине ишенбей, мени ушул жерге айдап келген ажалымдын жеткени ушулбу?! Эсенхандын бал тилине алданып, Манастан көргүлүктү көрөр күнүм ушулбу?! Азап айдап, бу жерге эмне үчүн келдим?! Ушинтип мени кудай урдубу?! Эсен бол, калкым! Тулпарым, жүгүрсөң кутулдум, ташыркасаң тутулдум! – деп кытайды көздөй куйругун түйдү.

Манас Нескара дөөнүн артынан калбай такымдай чапты. Жоонун кежигеси даана көрүнгөндө, алтын кемер чети деп, ай далынын бети деп Сырнайзасын батырып алды. Дөөнүн буту үзөңгүдөн тайды. Бели бырч-бырч талкаланды. Сырнайза арка белинде сороктоп, Нескаранын октой учкан чабдары Аккулага жеткирбей алып учуп баратты... Шайтандай сызып баратты... кийик баспас жол менен... четиндүү кыя жер менен...

– Жердин түбүнө кирип кетпесе эле, Бежинге кирип кетсе да жетпей койбойм, жанын албай тынбайм! – деп канкор Манас Аккуласын тепеңдетип келатты.

Кырга чыга бергенде Туучунак атына түйүлтө камчы үрөп, артынан атасы кууп жетти.

– Балам, Манас, сабыр кыл! Нескара качып, арык башчысы Басаңкул баштаган улугунун баары өлгөн соң, туусу жыгылып, колу багындык деп бизге баш урду, – деп чылбырдан алды.

Айкөл Манас акыл токтотту, атасынын ыгына көндү. Таманы кызыган Аккула тулпарынын тизгинин тартып, “Манастап” ураан чакырган колго кайтты.

– Жаша Манас!

– Бар бол, Манас!

– Манасты Теңир колдосун! – дешти туу желбиреткен калың кол.

Манас маңгул Жайсаңдын элин туткундан бошотту. Бала— бакыра, кыз-келин, чал-кемпир калбай кубанды. Тонолгон мал — мүлкү кайтарылды. Нескаранын дүнүйөсүн элге өзү үлөштүрүп берди. Жансоогалап колун төбөсүнө алган алты миң үч жүздөн ашык кытай, калмактан куралган черүүнүн ат-тонун, курал жарагын тартып алды.

– Ханыңар качып кетти. Силерге азаттык. Үйбүлө, бала-чака, эл-жериңерге баргыла. Кааласаңар мында калгыла. Үстүңөргө үй, оокатыңарга мал берем, – деди айкөл Манас.

– Жакып бай, Манас баатыр, силерди Теңир колдосун! Биздин урууну ажалдан сактап калдыңар. Кулчулуктан бошоттуңар, мал мүлкүбүздү кайрып бердиңер, – деп кулдук уруп, курун мойнуна салып келишти Жайсаң, Үмөт, Үйшүн деген маңгулдар. – Кимдин кимдигине эми көзүбүз жетти. Ылаажы болсо, бизди өзүңөрдүн журтуңарга кошуп, эл кылып алгыла. Ачсаңар алаканыңарда, жумсаңар жумуруңарда бололу.

– Ак ниетиңер менен айткан сөз болсо, биз каршы эмеспиз. Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололук. Анткени суубуз бир, жайлообуз канатташ, – деди Манас.

– Атанын жакшы уулу бол! Өлүмдү билбес эр бол! Сага кастарын тиккендердин өлчөөсү кара жер болсун!– дешип алты миң кол кубанып тарады.

Манас баатырдын урматына тизе бүгүштү. Атын атап сый урматын кылышты. Жекеме жекеге чыгып шейит кеткен маңгул Күнөс балбандын агасы уулун Манаска нөкөр кылып берди.

 

МАНАСТЫН ОН БИР ЧЕРҮҮ МЕНЕН КАРМАШЫ

Арадан аркырап айлар өттү. Арыктын суусундай жылжып жылдар акты. Манас он төрткө толду. Колуна беттегенин бербес Акшумкар кушун кондуруп, иттин пири Кумайыгын ээрчитип, жолдоштору менен ит агытып, куш салды. Сайрандап кетип кабарсыз жоголчу болду. Атасы Жакыптын санаасы тынбады. Издеп жөнөдү. Кайгырып келатып ат кулактуу ойдуңда кытайдын он бир тандалма черүүсүнө кабылып калбаспы. Баары түгөл көк темирден соот кийиптир, белине кылыч илиптир. Колунда сыр найза, мылтыгы ийинде асылуу, жүрүшү аябай сүрдүү.

– Атың ким? Кайдан келе жатасың? Бай Жакыптын баласы Манас дегенди билесиңби? Бизди кытайдын ханы Эсенхан өзү жиберди. Ошондуктан өлтүрүп канын ичебиз, же тирүүлөй алып кетебиз. Бол тез, жооп бер! – деп камоого алды.

– Атым Бердике, кыргыз деген элденмин, – деди Жакып хан куулана. – Манас деген жанда жок тентек бирөөнү билем, канкор деп угам. Аны айдап кетмектен, өлтүрүп салсаңар канаке! Ал баарыбызга кас, – деп астапырла кылды.

– Андай болсо, жол көрсөт. Жакыптын айылына бүлгүн салалы. Баатыры Манасты байлап алалы. Антпесек Эсенхан бизди соо койбойт. Шорлотуп өзүбүздүн каныбызды шорподой ичет! Ар кимибиз ар журттун, ар уруунун аты чыккан баатырыбыз, хан жиберген черүүсүбүз, – деди он бири бир ооздон, көөдөн кере.

– Макул, силер айткандай эле болсун. Бай Жакыптын айылына алып барчу жолду көрсөтсө көрсөтөйүн. Тээтиги чоң тоону көрдүңөрбү?! Ии, көрсөңөр ошол жакты көздөй чапкыла, – деп тескери жолго салып, өзү айылды көздөй шашты.

Убакытты өткөрбөй акылдашы Бердике, айыл башы Акбалта, агасы Бай, айыл аксакалдары менен кеңеш курду.

– Эмне эле кытайлар бизге кекенип калды. Бирөөнүн кунун төлөп, Манас ушул бала деп ордуна башка баланы кармата берсек кантет, ыя? – деди хан Жакып, күтүлбөгөн жерден.

– Кандай акмак жансың! – деп каршы болду агасы Бай. – Ким баласын малга сатат! Мындай келжирек кепти экинчи укпайын. Камап жаткан кол жок. Ал тургай алты миң кол курап келген Нескара дөөнүн тымтыракайын чыгарган Манаска он бир черүү кепби?!

Сөз кызып, талаш күчөп жаткан маалда он бир черүү Манасты алты баласы менен кошо кармап алышты. Кабар айылга октой тарады. Чогулгандар жете келишти.

– Атаң кайсы, бизге көрсөт! – деп найзасын суна сурады, дөөгүрсүгөн бирөөсү.

– Атам мобу киши, – деди Манас тайманбай он бир черүүгө.

– Эй, куураган чал! Неге бизди алдап, адаш жолго салдың? Сен биздин ханыбыз Эсенханга каршысыңбы?! Эми аянбайбыз, чыркыратып жаныңы алабыз, – деди он бири катуу камалап.

– Өкүмдүк кылабыз деп өзүңөр бир балээге калбагыла, – деди уулуна таянган Жакып.

– Ай, төрөлөр, алдыга келгендин жанын алабыз деген не деген жансыңар. Карыган кишиге катылбагыла, – деп Манас да туурадан чыкты.

– Экөөнү тең байлап салгыла! Акесин таанытып, тилин кесип алгыла! – деди он бир черүүнүн башчысы Бакбурчун.

Ошондо жаалы катуу Манастын чындап ачуусу келди. Төртөөнү төрт жеринен кармап, көтөрүп урду. Жетөө жапырт жабылды. Бирисин кармап, экинчисине урду, кошоктоп сокту. Ачуусу кайнады:

– Силердин каныңарды ичпесем Манас атым өчсүн! Кайдан келген кыйынсыңар, он бириң келип мени кармап кетем деген. Силерде тырмактай акыл жок. Бул жерде бекер жаткан пенде жок. Менде өчүңөр болсо, Эсенханга айта баргыла. Арбын аскери менен келсин. Антпесе өзүнүн башы шорлойт. Эми атыңарга мингиле да жөнөгүлө! Кыйыктансаңар башыңар кетет, – деди Манас арстандай күркүрөп.

Аттарынын көкүл-жалын, куйруктарын түбүнөн кырктырып жолго салды, “Манасты байлап кетебиз” деген он бир балбан черүүнү.

Кыргызга кут түштү. Жакыптын токолу Бакдөөлөт уул төрөдү. Жакып кубанып “Манасыма өөдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болсун” деп атын Абыке койду. Тойлоп жыргап калды. Жакыптын эли көбөйдү, жери кеңейди.

 

МАНАСТЫН САЛБУРУНГА ЧЫГЫШЫ ЖАНА ХАН ШАЙЛАНЫШЫ

Алмустактан Алтай ичи кайберен, канаттуу кушка бай. Жер соорусу Оркун дайранын, Баркөл көлдүн керемети чоң. Баатыр Манас ошо кереметти эңсеп кырк чоросун ээрчитти. Кумайык, Акшумкарын алып, адаттагыдай салбурунга жөнөдү.

– Айланайын каралдым, али жашсың. Андыктан алды-артыңа карагын, – деп атасы Жакып Камбар боздун үйүрүнөн беш быштыны бөлүп берди.

Манас үчөөнү жолдошторуна мингизип, экөөнү жетелетип алды. Манасты ээрчиген балдардын саны сексен төрткө жетти. Чаркастандын оюна буулуккан жигиттер ит агытып, куш салышты. Кийик уулап, бугун чыгарышты. Салбурунга алты күн болгондо сексен баланын бирөөсү:

– Балдар, бирөөбүздү хан шайлап албайлыбы. Ханыбыздын айтканы, дегени менен болсок жаманбы, –деди тапкан акылына маашырлана.

– Кандай шарт менен хан шайлайбыз? – дешти башкалары кызыга.

– Хан болом деген бала минген атын сойсун. Убада катуу сакталсын. Ошо атын сойгон киши бизге хан болуп калсын. Кана, манжулук Шакун, сен хан бол, атыңы сой, – дешти.

– Өз атымды жоюп, Нескара дөө баштап келген жоо менен болгон урушта Манаска нөкөр болгом. Менин төрөм Манас. Менин хан болууга акым жок, – деди ал.

– Айдаркандын уулу эр Көкчө, сен атыңды союп жибер. Балким ханга жарап жүрбө?

– Мени хан бол деп камалабагыла. Баарыңарды арбак урсун! Напси деген жаман. А көрөкчө, тоодо кийик, элик, бугу көп. Ошолорду атып жейли, – деп кыйкырды эр Көкчө.

– Башкасы айтса да сен айтпа. Башкаларды хан болуштан айнытпа! Тим отур, – деп Аскардын уулу Жабагы деген тыйып койду.

– Андай болсо өз атыңды сой, хан болуп ал, – деди Көкчө тийише.

Ошпурдун уулу Чегебай, Саламат уулу Айнакул, Күлдүрдүн уулу Чаланбай ойлорун тике айтышты.

– Биз Манастын нөкөрүбүз. Андыктан Манасты хан кылууга ынтызарбыз, – дешти жабыла кыйкырышып.

– Манас, сен буга кандай дейсиң? Бизден бата ал. Макул де, – деп кыстады Көкчө.

– Атын союп хан болуш адам угаар кеп эмес. Салтта да жок. Этке өтө эле талгагыңар ашып жатса мейли, сойсо союп берейин. Кана, Аккуланы бери тарткыла. Союп берип ач курсагыңарды тойгузайын , – деп эр Манас чечкиндүү кадам шилтеди.

– Аккула аттын эти жок, аны жеген кишинин бети жок, – деди Чегебай ордунан ыргып туруп. – Арстан Манас атын сойбос ниети жок. Андан көрө хан Жакыптын колунан кармап минген менин боз быштымы айтуякка тарткыла. Байрак кылып, туу кылып, кичүүбүз Манас баланы хан шайлап алалы! Кандай дейсиңер? Ошпурдун уулу Чегебайдын сөзү көбүнө майдай жакты. Минген аты боз бышты союлду. Манасты ак кийизге салып хан көтөрүп алышты.

– Ханыбыз Манас! Жаныбыз Манас!

– Хан Манасты кудай колдосун! Сук арткан душман оңбосун!

– Хан нөкөрү бололук, хан айтканын кылалык!– дешип балдар Манаска таазим этишти. Көк асаба, кызыл тууну өөп, ант беришти.

– Кой десем болбой хан көтөрүп алдыңар. Мындан ары менин сөзүм эки болбосун! Алтайдан ары Аңыртыны аша чалгын чалалы. Дагы кыйынсынган кытай, калмак, каңгайы жортуулга келатабы? Же ууру, каракчысы чыга калабы баарын туткундайлы. Болбосо бугу, кийикке уу кылалы. Кана жигиттер, бачым аттангыла! – деди жаш Манас хан.

Жигиттер “Манастап” ураан чакырды, шайдоот аттанды.

Кытайдын ханы Эсенхандын кырк беш төөгө дүнүйө жүктөтүп, кытай, калмак, сартты жандатып “Манасты билип келгиле” деп жиберген кербени изин таптырбай кеткенине ичи күйдү. Андан бери алты жыл өтүптүр. Эч жактан кабар болбогондон кийин Анжияндагы Алооке ханга, Кашкардын беги Канкууга кабар айттырды.

– Кербен кабарын билип, мага тез кабарлагыла. Каяша кылгандын элин талап алгыла!

Эсенхан өз жарлыгы менен тогуз жүз аскерге Нуукер дөөнү башчы кылды. Максат бирөө: кыргызга кыргын салуу, Манасты кармоо жана туткундоо.

Нуукер дөө беш ай жол жүрдү. Акыры Марал Кечүүнү аралап өтүп, Оркун дайрага кирип келди. Аскерин өргүтүп, өзү дүрбү салды. Чоң өзөндүн аркы өйүзүндө мадыра баш балдардын бугу атып сайрандап жүргөнүн көрдү. Ичинен кубанды. Жүз аскер бөлүп “ Тигилерди кармап келгиле, сөзгө көнбөгөндүн башы кетсин!” деп буюрду.

Улуктун буйругу жүз аскерди күрпүлдөгөн Оркун дайраны кечтирди. Аркы жээкке чыкканча жыйырмасы агып өлдү. Аларды Манастын тозоттогу балдары көрдү.

– Улугу күчтүү болбосо, ким кечет улуу дайраны! Бу оңой жоо эмес. Өзүбүзгө сак бололу! – деди тозотто турган хан Манас балдарды кашына чогултуп алып. – Эми мени жакшылап тыңдагыла, жоо алды жетип келгенче өзүңөрдү чыңдагыла!–деп оозун жыйганча Нуукердин жалаңкычтай болуп жулунган сексен черүүсү жетип келди.

– Силер кайдан келген балдарсыңар? Же караган малыңар, же тиккен багыңар жок, – деп омуроолоп кетишти. – Бизди көрбөй турасыңарбы, бугу уулап жүрөбүз, – деген жооп болду Манастан. – А өзүңөр кимсиңер, кайдан келдиңер? – деди Манас бөйрөгүн таяна.

– Биз атайын буйрук менен Бежинден келген черүүбүз. Кол башчыбыз Нуукер деген дөө. Силерди көрүп, айдап келгиле деп жиберди.

– Астапырла, айдап барчу силерби?! – деген Манастын Ачалбарс кылычы кынынан суурулду. – Мына, айдалып барчу мен бекем?! – деп башчысынын башын кыя чапты. Калганын хан нөкөрлөрү жайлады.

Оркун дайрасынын аркы өйүзүндө туруп, жүз черүүсүнөн айрылган Нуукер ойго чөмүлдү. Бир убакта ордунан ыргып турду. Дүңкүлдөтүп барабан кактырды. Сегиз жүз аскери шымалана тал— терек кыйып, тегеренгис сал кылып, сууга түштү. Оркун дайранын сырын билбеген жоонун көбү сууга чөктү. Эптеп жээкке чыкканын Нуукер дөө “Алтайлыктарды кармап келгиле!” деп каарыды. Бөрүдөй жойлогон аскери балдарды камынтпай тегеректеп алды.

– Силер кайсы элденсиңер? Тегиңер ким? – деп сурады черүү башчысы.

– Түпкү атам Түбөй хан, чоң атам Ногой хан. Өз атам Жакып, менин атым Манас. Менден алчу кегиң болсо бат айт. Баары бир каныңы суудай агызам!

“Манас” деген атты укканда башчынын эти “дүр” этти. Черүүсү котолоп чогула калды. Күбүрөшө түшүшүп, Кымкар деген балбаны алдыга суурула мындай деди:

– Манас, көздөгөнүбүз да, кыра турган жообуз да сенсиң! Сен Эсенханды оңой ойлобо! А көрөкчө, жекеме жеке урушка шайлан. Ошондо кимдин ким экенин байкайсың, айбан! – Манас, тигилер бизди соо койбойт. Аман-эсенибизде ойт качпайлыбы, – деп Айдаркандын уулу Көкчө тескери наалыды.

– Эр Көкчө, чоң болгонуң менен акылың жок тура. Көп экен дедиңби, же Эсенхандын аскерибиз дегенден коркуп кеттиңби? Сен минтип биримдик ортобузга бүлгүн салба!– деп Манас өзү жекеме жекеге камданып калды.

– Манас, сен биздин ханыбызсың. Хан болгон соң наркыңды сакта! Тим тур, биз деле аларга тең келебиз, – деп Айнакул бери жактан опурулду.

Уят өлүмдөн катуу экендигине көзү жеттиби эр Көкчө атын камчыланды. Атыраңдатып барып Кымкарды өлтүрө сайды. Кытайдын Болжоң деген баатыры Аламойногун алчаңдатып, Кымкардын кунун кууп Көкчөнү айгайлай качырды. “Түрү жаман Болжоңдун найзасы Көкчөнү бөөдө мерт кылып жүрбөсүн” деп Манас Аккелтеси менен бир атып, кытайды ойрон кылды. Болжоң баатыр жалп этип жер кучактады. Баатырынын өлгөнүн көргөн Нуукер дөө чыдай албай камчыланып жөнөдү. Атыраңдап келип ачууга алдырган Көкчөнү ээрден жулуп алды. Көтөрүп кара аскага урарда Манас жете барды. Нуукерди ай далыдан чапчыды. Байкаса экөө эки колунда тыбырчылап жүрөт. Ошондо Көкчөнү жерге коё коюп, Нуукердин башын толгоп жулуп алды.

Башкасы карап турабы, аламан уруш баштады. Сексен төрт бала “Манастап” ураан чакырды. Душманга тик качырды. Айбалта башка шака-шак тийди. Найза төшкө така-так сайылды. Башта кылыч жарка-журк чагылды. Денеге жебе төпө-төп батты.

– Манас! Манас! Манас! – деген ач кыйкырык талаа-түздө жаңырды.

Ажал тапканы ачуу чаңырды. Тер мончоктоп төгүлдү. Айнакул, Чегебай, Манжыбектер кумурскадай кыжылдаган жоонун канын суудай сапырды. Кытайдын тымтыракайы чыкты, бет келди чачылды. Сууга боюн урганын улуу дайра Оркун өзү жалмады. Кутулганы Бежинди көздөй качты. Артынан кууган Манас “канкор” атка конду.

– Канкор Манас! Кабылан Манас! – Ушинтип ураан таштаган балдар кубанып турду.

– Жигиттер, эми үйгө кайталы, – деди канкор Манас.

Көзгө сүйкүм бел ашып, Алтайдын түзүн басып, Айдың көлдүн жээгине конгон Жакыптын айылына кайтып, өргүп калышты. Жайлоонун чөбү толук күчүнө кирип, кымыз күүгө келгенде канкор Манас кошуна урууларды, түрк уругунан түк койбой чакыртты. Камбар боздун үйүрүнөн тогуз бээ сойду. Эл эсебин алды. Сый үстүндө салмагы чоң Жакып карыя:

– Калайык, Эсенхандан жалтанбай, кайра ага кас болдук. Уучубуз узарды, Алтайдан көп калмакты сүрдүк. Жерибиз кеңейди, элибиз көбөйдү, ач тоюнду. Нескара дөөнү, он бир черүүнү, тогуз жүз аскери менен Нуукер дөөнү жеңдик. Жайыты болбой мал, каары болбой хан болбогондой, өкүмү болбой журт өнүкпөйт тура. Бекер жатпай пейли катуу бирөөнү хан шайлап алсак кантет? Ханыбыз болсо кайраыбыз жана артар беле?!– деди.

Айыл башы Акбалта менен акылдашы Бердике колдоп кетти.

– Туугандар, бул жерде кырк уруу кыргыз, үч уруу казак, канча маңгул, кангай, манжу отурасыңар. Казатка баштап чыгар азаматыңар болсо айткыла! Хан болом дегендер ортого чыккыла! –деди айыл башы Акбалта. – Ичиңерде кымындай арман калбасын! Хан болчулар ортого чыкпады, болот элем деп эч ким көкүрөгүн какпады.

– Балким, мобу жүрөгү жалын жаштардан хан чыгып жүрбөсүн? – деди Бердике карыя.

– Неге чыкпайт экен, чыгат, – деди сөзгө чечен Айнакул. – Ай, калайык, биз салбурунга барган сексен төрт бала Чегебай минген боз быштыны айтуякка тартып, Манасты хан көтөрүп алганбыз. Биз көтөргөн хан улуу менен кичүүнүн, уруу менен уруунун эбине бап келер бекен. Биз мына ушуга кызыкдарбыз, – деп элге жар сала айтты.

– Ханыбыз Манас болду!– деп жаштар күрүгүү түштү.

Дөбөдө дүңкүйүп отурган Камбар карыя небереси Көкчөнү каарын төгө көр жемеге алды.

– Манастан эмне кемиң бар. Бир мингич атыңды аяп хандыктан кур калганыңды бүт эл укту. Айдаркан атаң экөөң малды өзүңдүн жаныңардан да артык көрөсүңөр. Мага келсең андай мингичтен сага жүздү бербейт белем, ыя! Эмне казактан хан чыкса болбойт беле?! Карачы, күтүрөп турган калың журт Манасты хан көтөрүп алды.

– Калайык, менин сөзүмү уккула. Манасты хандыкка жарабайт дегениңер тартынбай айткыла. Арманыңар ичте калбасын, – деп Акбалта журтка жарыя кылды, кулак түрдү.

Арстан Манас жыйынга басып келди.

– Калайык, талаада ат союп, хан болдум эле деп өз көмөчүмө күл тартпайын. Жыйында кыргыз казагың, калмак маңгулуң, каңгай тыргоотуң отурат. Хан болом деп бел байлаган азаматы болсо ортого чыксын. Ой, максаты жарашса хан шайлап алалы, – деди.

– Не болсо да Жакыптын дүнүйө-малы көп. Карыса да хан көтөрүп алалык. Уулу кабылан Манасты Баатыр койсок жарашат, – деген оюн ортого салды Айдаркандын Көкчөсү. – Атасы Жакып хан болду, Баатырлык мансабы уулу Манаска тийди. Эби келсе мени да төрө кылып алгыла, – деди мансап сурангандай эр Көкчө.

Бу чоң атасы Камбар, өз атасы Айдаркандын жана кандаш— журтташ көп казактын казабына чыдабай айтылган кеп болчу.

– Мейли, Көкчө төрө болсун! Ал төрөлүккө татыктуу. Казактан төрө болсо жаман болбос, – деп көпчүлүк дуу жарылды.

– Калайык, токтой тургула! Мени хан көтөрбөгүлө. Дүнүйө курусун, көп болсо да көп ыйладым, бала үчүн. Ага көбү күбө. Карыганда мени калжаңдатып хан көтөрбөй, арстан Манас баламды хан көтөрүп алгыла, – деди бай Жакып бурчактап жашын тыйбай.

Калайык калк ага караган жок. Кыргыз казак камалап, калмак маңгул жабылып, ак кийиздин үстүнө бай Жакып менен баласы Манас баатырды отургузду. Эл аралай басты.

– Жигиттер, болду эми! Мен түшөйүн. Мага көрсөткөн сый, урматыңарга, көрсөткөн ишеничиңерге u1095 чексиз ыраазымын! – деп жети кадам басканда жеткилең Жакып карыя жерге түшүп калды. Ак кийизди көтөргөндөр жеке Манас баатырды отургузуп алып, чоң жыйынды жети айланып чыкты.

– Мүдөөбүзгө жеттик. Эр Манасты хан көтөрүп алдык!

– Ханыбыз Манас бар болсун!

– Манас! Манас! Манас! – деп ураан чакырды, добулбас кагылды, мылтык атылды.

Хан таажысы ушу деп шөкүлө бөрктү кийгизди, Акбалта баатыр менен акылгөй Бердике. Бай Жакып сары майдай сактаган, атасы Ногойдон калган кызыл тууну оболото көтөрдү. “Уулум Манас хан болду” деп тогуз күн удаа той берди.

 

КЫРК ЧОРОНУН АНТЫ

Баатыр Манас кырк канат ак өргөө тиктирди. Ак өргөөнү «Хан ордо» деп атады. Арызга келген калкты хан ошо Ак өргөө ордодо кабылдай баштады. Калк мүдөөсүн аткарып, бийликти калыс, адилет жүргүздү. Абакеси Байдын кеңеши менен Кашкардан чоң уулу Бакайды алдырды. Акылы тунук Бакай Манаска кеңешчи болду. Агасы Бакай аз сүйлөгөнү менен саз сүйлөп, нускалуу кепти айтып, Манаска билбегенди билгизди, туйбаганды туйгузду.

– Манас, сенин ата бабаңдын баары хан болгон. Баарысын тең кырк чоро жигит жандап жүргөн. Сен да эми ушу нарк насилди сактап, жаныңа кырк чоро ал. Алар баатырдын баатыры, эрдин эри, чыгаандын чыгааны болсун. Анткени, алар сага көзүңө көз, колуңа кол, күчүңө күч болот. Кылычтын гана ханы болбостон, акылдын да ханы болууга тырыш. Кырк чоронун түбү түптөлгөн экен, эми ага башчы тандап ал, – деди.

Бакайдын айтканы, айткандай болду. Кырк чорого Кыргыл башчы болду. Бакай хан атагын алып, бүт аскерге башчы болду. Манас кырк жигиттин урматына Камбарбоздун үйүрүнөн бээ алдырып айтуяк чалдырды. Бабасы Ногойдон калган Ачалбарс кылычты, кызыл тууну алдырды. Добулбас кактырды, сурнай тарттырды.

– Ханыбыз Манаска ак кызмат өтөө үчүн ант беребиз. Күнөө кылсак төбөсү ачык көр, төшү түктүү жер урсун! Башыбызды ушул кылыч алсын! – деп кырк чоро кызыл тууну өөп, ант беришти.

Кырк жигити ант берип жатканда хан Манастын төбөсү көккө жеткендей кубанды. Кыргыз журтунун карыя-байбичеси, кыз-жигити, казак, кыпчак, кытай, калмак, маңгул, найман, нойгут, өңдүү уруу өкүлдөрү баатыр Манаска сын берип турду.

Алтын менен күмүштүн
    Ширөөсүнөн бүткөндөй,
    Асман менен жериңдин
    Тирөөсүнөн бүткөндөй,
    Айың менен күнүңдүн
    Бир өзүнөн бүткөндөй,
    Алды калың кара жер
    Жерлигинен түткөндөй!
    Ай алдында дайранын
    Толкунунан бүткөндөй,
    Абадагы булуттун
    Салкынынан бүткөндөй,
    Асмандагы ай-күндүн
    Жаркынынан бүткөндөй!

– Манас ата бабалардын салтын сакта, жерин баала!

– Кырк жигит калкка калкан, Манаска жолдош болгула!

– Калктын үмүт тилегинен жаралган эр Манасты кудай колдосун! Дүйнөдө жок хан болсун! – дешти курама жыйнап, журт кылган Манасты.

 

ХАН МАНАСТЫН КАЛМАКТЫН ТЕКЕС ХАНЫН ЖЕҢИШИ

Хан атасы Жакып жыйын курду. Жыйынга аттуу-баштуу кишилердин баары келди.

– Оо калайык журт, Алтайдан көчүп, Анжиянга барсак кантет? Ажыдаардын куйругун басып алдык көрүнөт. Бир күнү Эсенхан келип, элди чаап кетеби деп корком.

– Ээ, кудай! Ажыдаардын куйругун басып алдык деп дүнүйөнү чачабызбы, дүрбөп качабызбы?!– деди акылдашы Бердике.– Биротоло кытай, калмактан коркуп бүтүпсүң. Анжиян менен Алайдын жолу тик, ашуусу бийик. Кыйналып калбас бекенбиз. Анан калса, ал жакта атагы чыккан Алооке деген кыйын жоо бар.

– Жакыптын кеби жөндүү. Кудайым сактанганды сактайт. Кытайдын кыйырына жатып алып кыргын таап калбайбызбы, ыя! – деди акылы зирек Байжигит.

– Төрөлөр, кырып ийем деп кытайдан келген кыргын жок, – деп Камбардын уулу Айдаркан кепке аралашты. – Кыргыз, казак жыйылып калжырашпайлы. Ажал жетсе баарыбыз өлөбүз. Анткени туулган жерде өлүм бар. Эр Манас менен акылдашып көрөлү.

– Кекиликтей кукулдап, таранчыдай быжылдап таркап кетип, жаманатты болбойлу. Ар кимибизде уул бар. Менин Чубагым да эр жетип, жоо чаап жүрөт. Ошону Манаска чоро кылып берейин. Чубагыма кошуп дагы мыкты жыйырма киши кошоюн, – деди Акбалта баатыр. – Бир балага он киши, жумушчу кылып берсек жарашчуудай, – деп оозун жыйып алганча Манас чоролору менен кирип келди.

– Ай, ага-ини журтум!– деп Манас отургандарды сыдыра карады.

– Азырынча айыл жыйып, элди дарбытпайлы. Чындаса, кытай козголсо соо койбойт. Бүгүн Ошпур байдан уккан кептин маңызы терең. Терс Суудагы калмактын Текес ханы кыпчак, кыргыз, казактын азабын колуна берейин деп Бежинге кабар айттырыптыр. Жалынса жан калабы?! Эсенхан деген кыйын жоо деп коркконубуз жарабас. Тим жатпай аскер топтойлу. Чогулчу жер ордо талаасы. Атка минген азаматы, тың аксакалы калбасын. Атамдан калган жерди алдырып ийчү мен эмес. Алтын айчык, кызыл тууну асмандата көтөрөлү. Кытайга өзүбүз кыргын салалы. Кайтарып жерди алалы. Эр азыгы камдалсын. Топко кошулбагандын, кечигип келгендин башы кетет. Келгени эсепке алынат, – деди Манас.

Таң заардан дүңгүрөп добулбас кагылды. Көк асаба, кызыл туу, айгайлаган ызы-чуу, көк жаңырткан улуу чуу жер дүңгүрөттү. Алтайдын талаасына жык толгон кошуундан жер майышып турду. Соот, кемерлер жаркылдап, күлүктөрү алкылдап, кең багелек балкылдап, туулары бийик калкылдап, эр Манас баштаган кол жөнөй берди, шартылдап.

Текес хан Куяс деген сыйкырчысын Манаска каршы кол топто деп жөнөттү. Ал айлана-тегерегин сыйкыры менен дубалап, дубасын катуу окуду. Куястын күчтүү дубасынан тал-терек, чөп— чар, камыш, чий, карагай, кайың калың колго айланды. Чынар терек дөө болду. Суу үстүн өрт каптады.

– Ханым, жоо жаракчан колуңу кабыл ал. Менин аскерими адам аттуу жеңе албайт. Кыргыз деген болгону бир ууч эл. Аларды ушулар жок кылат. Кайгырбаңыз, бул жерге келгендин баары өз ажалын табат, – деди Куяс сыйкырчы ишенимдүү кебелбей.

– Мынча кол менен Манасты жеңерибиз ырас, – деди Текес кубанып.

Шүңгүр баатыр сынамака найза сунду эле, бирок өзү ээрден кантип шалак этип жыгылганын сезбей калды. Хан Куястын өнөрүн жогору баалады. Ыраазычылыгын билдирип чоң шаң берди. Башка хандарга жашыруун кабар жөнөттү. Куястын керемет сыйкырына, ал жыйнаган айбаты зор аскерге ишенди, кыргыздын ажалы ушулардан деп кенебей жата берди, Текес хан.

Төртүнчү күнү баатыр Манас аскери менен чекте турду. Алдыңкы сапта келген Айдаркан Текестин жер жайнаган колун көргөндө оозун ачып калды. Аскердин арасын чычкан аралап өтө алчуудай эмес. Бала болуп, башына түк чыкканы, аяк-башы бир күнчөлүк жерге созулган мындай котологон аскерди көрбөптүр.

– Баатырлар, акыл токтотолу. Мобулардын алдында алты жүз тууга бөлүнгөн алты жүз миң аскер төрт кишидей эле көрүнүп калдык. Бу каапырларга катылбай кайра кайтсак кандай болот? – деди Айдаркан менен Мунаркан коркконунан алдастай.

– Качкан катындын иши. Ушунча келип катылбай кантип кайтасың, – деп Манастын каары кайнады. – Көккө чыгып кетип, же жерге кирип кетип эле тирүү калбасаң, мынча черүү соо койбойт. Ошондуктан жатып өлгөнчө, урушта өлгөн артык, – деп Аккуласын минип күүлөнүп калды.

– Ай, токто баатыр! – деп кыйкырды акыл кеңешчиси Бакай. – Алдыга мен барайын, качкан болуп алайын. Мени кууп жөнөгөндө уруш салып арачылап аларсың, – деп Алмабаш мылтыгын асынып, саадагын белге байланып Көкчолок атына камчы урду.

Артынан Манас акмалап жүрүп отурду. Бута атым жерден Бакай бирөөсүн сайып качайын деп найза сунду. Алар да карап турбады, жалпысы найза сунду. Атайын деп мылтыгын алса, каапырлар мылтык кезеди. Кантер экен деп кылыч кезесе, кол жапырт кылыч кезеди. Сүйлөсө сүйлөдү, күлсө күлдү. Акылы бай Бакай ошондо билди, калмак сыйкырчынын тапкан амалы экенин. Манаска айтты. Көпчүлүк акылдашып, Аккелте мылтыктын кара дарысынан аябай төктүрүп, от коюп жиберди. Өзөндү өрт каптады. Жоо жаракчан аскерге айланган тал-терек, чөп-чар, камыш, чийи калбай күйдү.

Манас калмак ордого каптап кирди. Туусу бат эле жыгылганын түшүнгөн Текес хан жаалына чыдабай Куястын ичин жара тартты. Көкжалдыгы тартып, ажалы арбап “Кыргызга туткунга түшпөйүм” деп өзүнө бычак урду.

– Ээ, калайык, жакшылап ук! Менин аскерим силердин жырык ийнеңерге тийбейт. Текес ханыңар өлдү. Элчиликке келели. Башка адамды хан көтөрүп алгыла, – деди Манас.

Көпчүлүк дүрбөп калды. Манастын айкөлдүгүнө тан беришти. Ошондо гана калмактар чогулуп аны айтышты, муну айтышты болбоду. Акыры сексен таянган Карача карыянын каары бетинен көрүңдү.

– Арстан Манастын айкөлдүгүнө миң мертебе таазим! – деп калмактын Карача карыясы кулдук урганда, бүт калмак тизе бүктү. – Арстан Манас, миң жыл жашасын! Өзүн кудай колдосун! Эр сөзү эки болбойт. Эр Манас хан шайлап алгыла десе, баарың хан болуудан качасың. Менин сөзүмү эп көрсөңөр, Темир хандын кенжеси Тейишти хан көтөрүп алалы! Кандай дейсиңер?! – деп калмакка айгай салды.

– Көтөрчү ханыңарды бул жакка алып келгиле! – деди эр Манас кылычын көккө көтөрүп.

Топ калмак өзүнө өзү ишенбеген Тейишти ак кийизге салып келишти. Тейиш көзүн алаңдатып, ак кийизден түштү, Манаска кулдук урду.

– Тейиш, хан болсоң, хандай бол! Кимдин доорунда хан болгонуңду, асман кимдики экендигин эсиңден чыгарба! Биз менен акылдашып тур, – деди Манас.

– Куп таксыр, миң жыл жашаңыз! – деп жаңы хан эр Манас кармаган кылычтын мизин өптү. Шашыла кулдук уруп, таазим этти.

 

МАНАСТЫН КЫЗ САЙКАЛ МЕНЕН БЕТТЕШҮҮСҮ

Тейиш хандын урматына той башталды. Тойдо өткөн балбан күрөштө Көкжору деген кыргыз эч кимге мөөрөй бербеди. Эр сайышка Сарыбуурул атын алкынтып кыз Сайкал чыкты. Кыз болсо да анын сүрү көбүн жалтантты. Андан коркуп, эч ким майданга чыга албады.

– Анда байгесин бергиле, алып кетебиз! – деп кыйкырды калмактар.

– Силер чыкпасаңар, мен чыгайын. Акыры сайып түшөрмүн, – деп Манас баатыр жоо жарагын алып, майданга шайланды.

– Куяс менен Текести акыретке караткан Манасты өлтүрүп тынайын. Андан кийин кыргыз журтун кырайын, – деп кыйкырды каары катуу Карачанын кызы Сайкал.

Сарыбуурулга камчы үрөп, сарала байрак найзаны колго алды. Кыз Сайкал Манасты оодара сайганы качырды. Астын Манас тороду. Жакшылап байкаса өзү алчу сулуу кыз экен. Катуу сайсам өлүп калбасын деп оң мүрүгө акырын найза сайып өттү. Сайкал анын аяганын билген жок. Найзаны кагып ийди. Өлөр жери ушу деп, как жүрөктүн тушу деп сайып жиберди. Манастын көзүнөн от чагылып кетти. Карыга тийген Сайкалдын найзасы аркасынан оркоюп чыга түштү. Кокус кызга алдырсам, кеби кылымга угулар деп Манас Сайкалдын жакасына кол созду. Жаалданган Сайкал ойт бере, айбалтаны башка шилтеди. Бирок айбалта башка тийбей калканга кадалды. Манас айбалтаны тартып алып, ыргытып жиберди. Эми калмактын Сайкал балбаны оң далыдан апчый кармады. Аттан оодарып салганы атына камчы үйүрдү. Баатыр ээрден көтөрүлө түшкөндө Чубак октой сызып барды.

– Бу эңиш эмес, сайыш!– деп Сайкалдын атын башка кагып өттү. Чубак болбогондо Сайкал Манасты ээрден шыпырып кете жаздап калган.

– Жер соргур кыргыз, сайышканың бир кыз! Эмнеге экөөлөп кетесиң?! – деп Дого деген баатыры өпкөлөй айкырды.

Хан Бакай менен Айдаркан уруш чыгып кетпесин деп майданга жарыша чапты.

– Тейиш хан өзүң калыс бол! – дешти алар.

Бакай Сайкал сайган найзанын түпөгүн шыпырып, сууруп алды. Найза чыккан жерден кан оргуштап акты. Манас Оржемил деген дарыны ичкенде аккан кан тып басылды. Атына оңдонуп минип, Сайкалды кайра качырды. Кыз Манастын каарынан коркуп калың калмактын колуна кирип жашынды.

– Кызды жыга саялбай, элиме кантип барайын, кыргызга кантип карайын. Жыгылсын, же жыксын! Күттүрбөй Сайкал бат чыксын!– деп күркүрөдү Манас.

Найза жеп калган Сайкалдын өңү бузула түшүптүр. Тейиш хан менен атасы Карача барса да болбой койду. Артынан Бакай менен Мунар чапкылап барышты.

– Токсон жылкы, тогуз төө байгеңерди алгыла. Баатырыбыз чыкпады, сайышты токтотсок кантет?! – дешти Тейиш хан менен Карача карыя.

– Мунаркан, бу айтканы жарабайт. Токсон жылкынын ордуна тогуз жүз жылкы берейин. Кайра бар, Сайкалды сайышка чыгар, – деди эр Манас көгөрүп. – Сайышты акырына чыгарбай, мага байге берген Тейиш хан менен Айдарканды кудай урганы калганбы! – деп кыйкырганда Карача абышка ортого кыпчылды.

– Эгер менин сөзүмдү эп көрсөң, Сайкалдын аты тартуу! Калмактын жаны тартуу! Намыс сеники, – деди кулдук ура тизелеп.

– Айтканыңызга көндүм, тартууңарды көрдүм, – деп жөндүү сөзгө ынана түшкөн Манас дагы бир жолу айкөлдүгүн көргөзүп, атты алып, кайра Карачага берди.

Ошондон кийин кыз Сайкал Манастын көзүнө экинчи көрүнбөдү.

 

МАНАСТЫН ОРГО ХАН МЕНЕН УРУШУ

Манастын Текес ханды чапканы Алтай, Анжиян, Алай элине дүң дей түштү. Кытай, калмак кооптонуп, кол жыя баштады.

– Калмактын Орго ханы, күрүчүңү акта, күлүгүңдү тапта. Атарга мылтык камда, кылычыңды мизде. Болбосо кыргыздан бирди көрөсүң. Көрбөсөң мени ит дегин, – деди калмактын Култаң баатыры.

– Эртеңден калбай ат жалына казан асып, урушка даяр келгиле! Аскер башы менен аймактын башкаруучулары кошо келсин! Акун ханга кабар айткыла! Алтайдан чыккан хан Манас Текестин элин чааптыр. Эми колун баштап бизди көздөй салыптыр, – деп чилмарданын чалдырды, добулбасын кактырды, катын жаздырды.

Аяк-бияктан жети жүз миң кол топтоп, жетимиш балбанга моюн бербеген Атан аттуу балбанын майданга чыгарды. Башы казандай, кабак-кашы комдонуп жаткан иттей көрүнгөн, эңгезердей бою бар, жоондугу үч кучак Атан балбанды Орго хан өзү таптаптыр.

– Кыргызды азып-тозуп ар жактан келген эл деп угабыз. Адам алы жетпеген Манасын ээрден алып түш! Ага сенин гана алың жетпесе, башканын алы жетпейт, – деди калмактын ханы Орго.

– Кыргыз деген ким эле?! Манас аты болсо да кыйратайын тим эле!– деди Атан дөө көкүрөгүн каккылап.

Даңкара атын теминип, кирген суудай күрпүлдөп майданга кирди. Каар чачкан кабагынан жалтанган жети жүз миң аскер, жол ача тең жарылды. Котологон аскер тең жарыла бергенде Атандын жолунда кибиреген кипкичинекей чал калып калыптыр.

– Эй, колдун сөөмөйүндөй болгон кибиреген чал, сени ким чакырды бул жерге?! Бүжүрөп жолумду торобой, тур мындай! – деп жаны ачыган аюудай кыйкырды Атан дөө.

Атандын доошунан чочуп кеткен чал жалт карады. Ооздон чыккан желден учуп кете жаздачуудай калдаңдады. Кыйнала шашылды. Бирок, канча кадам кылса да, бир карыш жерге жылбады. Же байкуш, аюудай айкырган Атан дөөнүн жолунан чыкпады.

“Чиркейдей ызылдаган кибиреген чал жоодон өлбөсүн, менин колуман өлсүн. Тумшугуна бир чертип, тоодон ашырып ийейин!” деп ойлоп Атан дөө атынын тизгинин тартты. Жылкы жаныбар бирдемени сезгендей алдыңкы аягын көтөрдү. Катуу үрктү. Кош таноосу жалын бүркө кошкурду. Чалга жакындай албай, жер чапчый кетенчиктеди.

– Жолу каткан чал, сени элеби?! Азыр сага көргүлүктү көргөзбөсөм! – деп атын ой-боюна койбой камчылаган Атан, жөө чалды далысынан карыштыра кармады.

Чал да куру калбады. К ү т ү л б ө г ө н жерден Атанды белден чапчый кармап, кыямат к а й ы м д ы көрсөттү. Ээрден ж е п ж е ң и л көтөрүп, жерге топ эткизе урду. Эл эмне болуп кеткенин да аңдабай калды. Көөдөндөн басып, башын коон үзгөндөй үзүп алды.

Биринин үстүнө, бири жыгылган калмактын жер бетин бербеген аскери “Бу адамбы, же шайтанбы?!” деп айраң таң калды, тобо кылды. Сакалы бары сакалын тутамдады, сакалы жогу мурдун кашыды, көзүн алайтты.

– Көйүш баатыр азамат, чоң ишке жарадың! – деп кыргыз тарап катуу дуулдады.

Кипкичинекей Көйүш чал Атандан тартып алган Даңкарага тыпыйып минип алды.

– “Мен керкөлдүк кишимин. Кечээ тоодон келгем” деп талканын чайып, жеп отурган. Кийин байкасак, талкан дегени таш экен, – деп калмактар таңдана өз ара сөз кылышты.

Капыраай, адамдан айла качып кутулбайт тура! Чал дегени, көрсө калмак колунун арасына кирип алып, кибиреген чалга айланган Көйүш деген кыргыз балбаны экен. Ал айла-амал менен Атан дөөнү атайын жеңгени келген сыйкыры күч тоолук карыя тура.

Орго хан чыдап тура албады. Кернейин тарттырды, добулбасын кактырды, чилмарданын черттирди. Билек түргөн жети жүз миң колун аламан урушка салды. Колду Манас баштаган Бакай, Кыргыл кары менен кырк чоро каршы алды. Эки тарап арманы жок салышты, аркы-терки чабышты. Манас Орго хандын ажалын тапса, Эштектин уулу Жамгырчы калмактын эр Кейменин ыргыта сайды. Кыраан Бакай Илебин ханын барса келбес кыяматка жөнөттү. Орго хандын туусу жыгылды. Колунун көбү өлдү, өлгөндөн калганы Бежинди көздөй артын карабай качты.

Орго хандын аялы Санамкүл каныша казынадан окшош он ат жана арбын дүнүйө алып, хан Манаска тартуулаганы ордого келди. Ханышаны кеңешчиси Ыраман менен акындыгы бир далай жерге угулуп калган уулу Каратай коштоп жүрдү.

– Манас баатыр, жеңиш сиздики. Демек, жолуңуз улук. Ханыша алдыңызда турат. Өлтүрсөңүз, койсоңуз өзүңүз билиңиз. Суранарым эки баламдын жанын аман койсоңуз.

– Каныша, тартууңузга мен ыраазы. Адам сүйлөгөндө, ат кишинегенде билинет дейт. Байкоомдо сиз жакшы энесиз. Балдарыңыздын күнөөсүн кечтим. А Ырамандын ырчы уулунун зиректиги билинди. Каратай менин кырк чоромдун бири болсун, заман даңазасын ырга кошсун! Дайыма жанымда болсун! – деди айкөл Манас.

– Мен макулмун, урматтуу Манас ханым. Булактын көзүн ачкан билет. Каратайды сизге, сизди кудайга тапшырдым, миң жыл жашаңыз! – деп көөнү тынган Санамкүл каныша ийиле таазим этти.

Кийин жамакчы баланын Каратай аты өчүп, Ырамандын Ырчы уулу аталып кетти.

 

МАНАСТЫН АКУН ХАНДЫ ЖЕҢИШИ

Акун хан өз элине кырк беш жыл хан болуптур. Ошондо Орол тоонун ичи калмак элине жык толуптур. Акун хан “Текес ханды жеңип, Манас баатыр ат тизгинин биз жакка буруптур” дегенин угуп жол тостурду. Кат жазып, мөөрүн басып, туш-тарапка чабарман чаптырды. Майданга тез келгиле деп чакырды. Өзү Манас менен болчу уруштун камын жеди. Ордосунда керней тартылды, добулбас кагылды. Колу адаттагыдай бат чогулду, көптүгүнөн тоо көчкөндөй дүңгүрөдү. Адатта жоолашкан жоонун салты – эр сайыш.

Ошондонбу, болот туулгасын кийип, көк найзасын көтөрүп, калмактын Кегети деген баатыры уруш майданында өөдө-төмөн чапкылап, кудай ургандай айкырып турду.

Аны көздөй Манастын Абдылда баатыры бет алды. Найзалар катуу тирешти, эки баатыр чиренди. Ачалбарс кылыч чабышты, аркы-терки салышты. Ай балта башка согулду. Бири-бирин жеңе албай күүлөнүп күрсү чабылды. Жааны колго алышты, мылтыкка дүрмөт салышты. Ажалын таба алышпай, кечинде бөлүнүшүп алышты, жай-жайына барышты.

Эртеси эр сайыш кайра уланды. Акун хан Тугалак баатырын чыгарды. Таноосу шамшар бычактын кынындай, муруттары ай балтанын сабындай, узун чачы өрүлгөн эр калмакча ураан чакырды. Аны эр Көкчө айбаттана качырды. Найзасын кагып түшүрүп, артынан куугун салды. Жонуна найза матырып, кайра сууруп алды.

Тугалактын жыгылганын көрүп желкесинде айдар чачы бар, кыл мерген жаачы Жамыра калмак найзадай болгон жебесинин огун эр Көкчөгө туштады. Жебенин огу жети кабат калканды тешип өтүп, кабыргага бир эли кирип токтоду. Эти ачынган Көкчө калмак мергени саадагынан жебе алып, киричине салганча көөдөнгө найза муштады. Капыр өлүп, Көкчө жайына кайтты.

– Кыргызмын дегениң бул жакка кел! Ажалыңды менден табасың! – деп кытайдын Мөндү Чебең деген балбаны бөлөкчө айгайлады.

Калмакты кыйкыртып карап турабы, Мажик эр жетип барып уруш салды. Калмактын баатыры үстөмдүк кылдыбы, көп өтпөй бети-башы жарылган Мажик кача берди. Кыпчактан чыккан эр Үрбү куугун салган кытай баатырын төрт бөлүп салды.

– Эми кезек меники. Бири эмес, миңи келсин! Кыргыз аттуунун бирин койбой кыйратам. Атым Тулус, өзүм калмак эр! Эй, кыргыз, майданга жекеме жекеге чык! Сазайыңы колуңа берем! – деп эр калмак Тулус арстандай айкырды.

– Тулустун түрү жаман. Буга эр Манастын өзү тең келбесе, башкасы тең келбейт. Ошондуктан Манас өзүң чыкпасаң болбойт, – деп Бакай чебеленди.

Хан Манас карап турабы, эр сайышка атырылып чыкты. Кылычын кыңгыратып, ай балтасын шыңгыратып, Аккелтесин жаркылдатып, ак асаба, сур желек Сырнайзасын сунуп, Аккуласын дембе-дем теминип ортодо турду.

– Ары жок кыргыз, акылыңдан тандыңбы?! Ажалыңды сагынган Манас деген сенсиңби?! Аккула атың желдиби, ажалың айдап келдиби?! – деп эр Тулус күрсү урду.

Калканга күрсү чабылды, көзүнөн от чагылды. Эр Тулустун кеби эр Манастын ачуусун келтирди. Кыябын келтирип соккондо, Ачалбарс кылыч оң колду ийинден шылып u1090 түштү. Айбалта ишке кирип, сол колун карыдан бөлө чапты. Мындай кордукка чыдабаган Акун хан отуз тандалма балбанын бөлүп:

– Ат койгула! Кырылбай кыргыз калбасын! – деп айкырды.

– Бабалар бизди колдосун! Душмандар бизден оңбосун! Каптагыла, – деп хан Бакай айгайлады. Өзү “Манастап” ураан чакырып урушка кирди.

Аманат жандан кечип, жоолашкан эки жоо аралашып кетти. Кылычтуу кылыч чапты, найзалуу найза сайды. Балталуу балта урду, жаачы жебе, мылтыктуу мылтык атты. Туу түбүндө урушту. Туубуз аман турат деп кубаттана калышып, аралашкан эки жоо ач бөрүдөй сүрүштү.

Акун хан чыдамы кетип чыркырап, туура жүз миң кол менен туу жанында турган. Тууну жыгыш кыйындай көрүндү, чоролорго. Ошондо арстан Манастын каары көрүндү. Маңдайында багы бар, кулагында шамы бар, куюндан бүткөн Аккула атын теминди. Оң— тескери шилтесе эки жүздөн баш алган, уруштуу күнү узарган, учу өрттөй кызарган Аркескен кылычы кынынан суурулду. Ары-бери шилтеп туу түбүндө турган калмактын жүз миң черүүсүн астын— үстүн кылып, кырып салды.

Хан Бакай баштаган Манастын: эр Көкчө, Чалыбай, Абдылда, Мажик, Чалик, Чубак, эр Сыргак, Кыргыл, Мунар аттуу чоролору калган колду ойрондоду. Качканы кутулду, калганы тутулду.

Акун хандын туусу жыгылганын угуп, Ташкенди бийлеп турган кытайдын Панус деген ханы Манастан өч алууну күсөдү. Ташкендин айланасында жашаган кыргыз, казак урууларынын тынчын кетирип, четинен талкоолого буйрук берди. Өзү Манаска каршы аттанды. “Панус хан келатат” деген кабардын чет жакасын угуп калган кыргыздар Көкөтөй деген карыядан акыл сурады. Көкөтөй “Манаска кошулганыбыз эп” деп Манаска каршы жөнөгөн калмак кошуунунун соңунан сапар алды. Көп өтпөй көөдөнү жука Панус хандын алдынан эр Манас кезикти. Панус хандын туусу жыгылды, колу талкаланды. Манас өз колун баштап Алтайга кайтты. Талас жергесин аралай өтүп келатып, жердин кооздугуна суктанып өттү.

 

ХАН МАНАС БАШТАГАН КЫРГЫЗДАРДЫН АЛТАЙДАН АЛА ТООГО КӨЧҮШҮ

Карагайлуу чердеги u1082 көк жайыкта он эки канат ак өргөө өзгөчө шаңкаят. Ак өргөөнүн тегерегинде көп адамдар жүргөнүнө карабастан чымындын ызылдагы угулчуудай жымжырт. Анткени Манас баатыр үч түн кылычына өбөктөп чырым албай чыкты. Ичинен миң толгонуп, терең ойго батты. Казатка чыкчу белги берилбеди, же кытай тараптан келген жоо көрүнбөдү. Сырын билген чоролор бу саам не ойлогонун билбей башы катты. Бакай менен Акбалта, Бердике менен Ошпур, Байжигит менен Дамбылда жана бир канчалары баш болуп кыргыз, казакты кеңеш жыйынга чакырды. Чабарман барганда бат эле чогулушту.

– Кагылайын кадырман журтум, – деп кебин баштады баатыр Манас жыйында. – Мен силерди эмнеге жыйдым. Бизди чапканы келаткан жоо жок. Казатка да аттанбайбыз. Үч күн, үч түн толгонуп жатып бабалардын ата журту Ала Тоого көчсөкбү деген ойго келдим, – дегенде ичи от жалын болуп күйгөн көпчүлүк үстүнөн оор жүктү алып таштагандай жеңилдей түштү. – Көбүңөр Ала Тоону көрүп келдиңер, көрбөгөнү отурат. Эрк өзүңөрдө, көчкүлө деп кордогон эч ким жок. Көөнүңөрдө болсо көчөлү, болбосо жок деп жарыя айткыла, – деди.

Ала Тоо деген сөздү укканда көздөрү балбылдай жана түшкөн карыялар кужулдашып калышты. Кыпчак уруусунун чечени Таз карыя:

– Уулум Үрбү мени кыйын ахыбалга калтырды. Алатоолук Айсалкын деген кызга үйлөнүп, эми ошол жакка кетем деп убара. Кыз үчүн балам кетем десе, ортодо мен кыйналып жаман курудум. Кыргыз көчпөй койсо да мен көчөм деп турам, – деди.

– Ой Таз, биз Үрбүнү казатка барды деп жүрсөк, катынга барган турбайбы, – деп карыялар тамаша чалышты. – Үрбү го кайын журтуна барат экен, а калганыбызга кыйын болот го?! – деп муңайбай күлүп алышты.

Жыйын Алтайдан Ала Тоого көчүү чечимине токтоду. Жыйындын арты тойго айланды. Манас жоомарттыгын көргөздү. Сексен бээ, сегиз жүз кой сойдуруп, ажыраш аяк тоюн кылды. Карыялардын ар бирине атап аземдүү тон жапты, жоргодон тандап мингизди. Алтын ооз керней тарттырды, алтын доол кактырды. Алты жүз атан төөгө Ак ордо жүгүн арттырды.

Коколору көнөктөй болгон коңгуроолуу кара нар төөлөр ордунан козголгондо кыргыз көчүнүн салтанаты артты. Көч шааниси кылып, кыялга мас кыз-келиндер шаңкылдап обон созду. Комузда кол ойноткон жаштардын шаңы теребелди жаңыртты. Алты миң аскер көчтү кайтарып жүрүп олтурду. Саламат менен Ыйманга жылкыларын айдатты. Көч Турпан, Кер Көл багытын карай сапар тартты. Манастын иниси Абыке атасы Жакыпты ээрчип, көч артынан жөнөдү. Кылым көчү күндүзү ашуусу бийик тоолорду, кечүүсү терең сайларды басып өттү.

Эрме чөл, боз талаага келгенде көктөгү жымыңдаган жылдыздарды мелжеп жүрүп олтурду. Күндөн күн, айдан ай өттү, Айдаркан баштаган көч Каркырадан жай тапты. Таз чечен уулу Үрбү Көтмалдыны басып өтүп, Чүй башын ээлеп калды. Хан Манас Анжиян менен Кашкардын ортосуна конуш алды.

Бай Жакып Кара-Кулжа сайына жылкысын сугарып, Отуз— Адыр оюна келип конду.

Жер чалып Кырк-Күнгөй аталган адырга, жайылып аккан Тар дайрага барды. Кышы салкын болсо керек деп ойлоп Тар дайра бойлой өскөн, ат бойлобос жыш өскөн сарыкамыштуу ойду көрдү, жерине суктанды. Анткени камыш арасында эркин жойлогон каман, элик, жолборсторду, каз, өрдөктөрдү, аркы жээгиндеги Агой тоосундагы, Кырк-Күнгөй адырындагы, Учук оюндагы сайдын ташындай шагыраган кекилик, кыргоол, тоодактарга аябай таң калды. Тар дайранын боюна күрүч, коон, дарбыз, сабиз эккен дыйкандар менен ымалага келди. Жер жемишине мал берип, эт, май, курутка алмаштырып алып жүрдү Жакып. Тар, Кара-Кулжа сайын бойлой кеткен бийик тоолордогу көмүрдөй кара көп кулжаларды атып, хан Бакай ошол өрөөндү Кара-Кулжа атагына батырды.

 

АЛООКЕ ХАНДЫН МАНАСКА БАГЫНЫШЫ

Кыргыз көчүн көрүп, кытайдын ханы Алооке жериме душман кирди деп шашылыш беш жүз миң кол топтоду. Шашылыш балбандын балбанын, баатырдын баатырын жыйды. Кол алдындагы кыргыз урууларын кодулай баштады. Тизелик деген баатырын шашылыш алдырды. Катуу табыштап, элчиликке жөнөттү…

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

PDF форматында китепти көөчүрүү

 

© Осмонкулов Ж., 2011, 2016 ж.

 


Количество просмотров: 16724