Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Аскаров Ч., 2011. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 21-майы

Чынтемир АСКАРОВ

Поезддеги баарлашуу

(повесть)

Мугалим жигиттин айылдык турмушу, махабаты, анын азап-тозогу менен бакыты повесттин өзөгүн түзөт. Повесть жолоочулук жагдайдан башталып, окуя баян иретинде улам кызып, улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун мекенине жетелеп, ошол жерде өрчүп, окурманды арбап алат.

 

Купеде экөөбүз гана. Жанымдан орун алып келаткан адам мага бейтааныш. Анын үстүнө менден улуураак көрүнөт. Эгер сүйлөшө келсе а кишини аке деп айтып, сылык сыпаа мамиледе болорлугумду ойлоп бараттым. 

Поезд ылдамдыгына жетип, бир калыптагы таскагына түштү окшойт, така-тука-так, така-тука-так деген темир сызыктагы дөңгөлөктөрдүн гана үнү угулуп калды. Тиги түк тынч ала албай койду. Бирде салынган төшөгүнүн үстүнө кулай кетсе, кайра тура калып отургучка отурат да, чылымын бурулдата тарта кетет. Анысы мага жакпай, сасык түтүнгө жаным кашайып келе жаткан менен анын улуулугун сыйлап унчукпадым. Акыры айнекти ачып коеюнбу деп суранганда:

– Кечирип кой иним, бая эле ачып койгондо болмок экен. Эмне, чылымга жоксуңбу? – деп суроо таштады.

– Ооба, чылымды тартмак турсун оозума алган жан эмесмин.

– Азамат экенсиң. Мени айтпайсыңбы. Жыйырма бешке чейин тарттпай жүрүп, анан тарта кеттим. Үч жолу таштап, үч жолу койдум деп жерге түкүрдүм. Болбоду. Акыры чөнтөктү да, оозду да сасыткан ажырагыс дос болду да калды. Эми мен өлгөндө кошо өлбөсө менден ажырап жан бере тургандай эмес.

Ушундан баштап экөөбүздүн ортобуздагы баарлашуу кызып кетти.

– Жигит канчадасың, кайда бара жатасың? – деп сурай кетти бир маалда.

– Бараткан жерим – Чыңгыз агабыздын айылы Шекер. Ал жерди көп жылдан бери көргүм келип жүргөн. Тагдырдын жолу мага эми ачылды окшойт. Деги аер өзүнчө эле керемет жер болуу керекко ава?

– Ооба, жакшы жер. Бизден кырк чакырымдай эле алыстыкта. Ичкен суубуз, жуткан абабыз бир болгону менен ал жердин табият тартуулаган жагымдуу өзгөчөлүгү бар окшобойбу. Эмесе дүйнөнү дүгүрөткөн ушундай алп талант жаралмак беле. Баса, канча жаштамын дедиң?

– Жыйырма үчтөмүн.

– Сен куу бала, Шекерди көрөм деген болуп, бир сулууду издеп келе жаткан жоксуңбу? Жаштыктын жалбырттап турган кези экенин жүзүңдөн көрүп турам. А– а, мен дал сендей убагымда махабатка кабылып, тозогуна түшкөн күндөрүм болгон, эмнесин айтасың...

– Азыр ава, андай тозокко түшө элекмин. Бирок айтсаңыз махабат бир көз караш менен эле келет дешет ко. Мындай болгондон кийин кайдан жүрүп тозокко түшмөк элем.

– Бир көз караш менен үйлөнө коюш ал чыныгы сүйүү эмес. Анын келечеги болорлугу да күмөн.

– Анда, махабаттын тозогуна түшкөнмүн деп калдыңыз. Ошондон баштасаңыз. Мүмкүн эртеби кечпи махабаттын тору мени да чырмап алар.

– Ооба чыныгы махабатка кабылсаң анын торуна түшпөй кое албайсың. Азыр мен баштан өткөн окуянын баарын төкпөй чачпай айтып берейин деп турам.

Ал чылымын оозунан түшүрбөй купеде ары-бери басып жүрдү. Айткысы келбей айныдыбы деп ичимден чыйпылыктайм. Жок, бир топтон кийин гана жаныма отура калды да, така-тука-так, така-тука – так деген поездин дөңгөлөгүнүн добушун унуткарып, жаныма жайлуу отуруп, баштан өткөн окуяны куюлуштуруп айта баштады...

 

...1-сентябрь күнү майрамдагыдай кийинишкен окуучулар кудум байчечекей гүлүндөй сүйкүм көрүнүшөт. Жай бою отпускада жүргөн мугалимдердин да көңүлдөрү куунак. Өз ара кызуу сүйлөшүшүп, ара тородо тамашалашып каткырып калышат. 

Бул коллективге кошулуп чоочун көрүнгөн мен гана. Ошондонбу “кайсы сабактан берет экен, кайсы жердик бала?” деп күбүрөшүп калышат.

Сабак башталарын даректеп когуроонун үнү катуу жаңырды. Мугалимдер отурган жеринен тура калышып атайы жасалган текчеден журналдарын алышып, папкелерин колтуктай конторадан чыга башташты. Расписаниени да жакшылап карабаптырмын. Эки жакты элеңдей карап, эмне кыларымды билбей турганда директор агай жаныма басып келди.

– Жүрүңүз, – деп ал сылык сыпаа мамиле менен үн катты, – мен сизди классыңыз менен тааныштырып коеюн. Сиз мындан ары жетинчи классты жетектеп жүрөсүз. Негизинен бардыгы окууга кызыккан балдар. Бир карын майдан бир кумалак чыгып калат дегендей начарлары да бар. Бирок андайларды педагогикалык ар кандай жол менен тарбиялап алууга болот. Ал эми сабакка келгенде өзүң аябай дарданышың керек. Окуучулар сабагыңа бир кызыгып калса, анда сенин ишиң оңунан чыкканы дей бер. Начар даярдык менен сабак өтсөң класста тартип бузулуп, кадыр баркың болбой калат. Директор ушул акыл насаатын айтып бүткөнчө класстык бөлмөгө жакындай түштүк.

Класста отузга жакын окуучулар бар экен. Алар менин жаңы мугалим экенинимди көрүшүп, тигиле карап калышты. Чынын айтканда тигилген көздөрдөн жалтактап, денем титирей түштү. Өзүмдү кармай албай жаткансыдым. Бирок бул абалымды балдарга билгизбөөгө аракет жасап, бир аздан кийин гана өзүмө келип чыйрала түштүм.

– Силерге мындан ары класс жетекчи ушул жигит, – деп директор агай тааныштыра баштады, – аты жөнү– Коргонбаев Чымыр. Бул сөздү угар менен айрымдары шыңк этип күлүп оозун баса калышты. Мындай болорун класска кирерим менен сезгем. Анткени университетке жаңы окуй баштаганда сабак өткөн мугалим “ Коргонбаев барбы?” дегенде фамилиясы кызык экен дешип студенттер кыраан каткы күлүшүп калышкан. Карачы ошол күлкү бул жерде да кайталанды. Бирок директор алардын бул күлкүлөрүн орунсуз көрүп “ тынчтангыла” деп уруша сүйлөдү. Заматта класстын ичи чымын учса угулчудай тынчтыкка бөлөндү да калды.

– Бул агайыңар силерге кыргыз тили жана адабиятынан сабак берет. Канчалык тартиптүү болуп жакшы окусаңар ошончолук агайыңарды сыйлаганыңар. Демек баары силерге байланыштуу болгондон кийин мен силерге ишенем. Мени да, агайыңарды да уятка калтырбагыла.

– Уятка калтырбайбыз, уятка калтырбайбыз, – деп балдар чуулдады. Тартиптүү балдар тура деп мен ичимден сүйүнүп калдым. А директор болсо мен өз милдетим аткардым дегендей класстан чыгып кетти.

Ошентип менин педагогикалык ишим ушинтип башталды. Алды менен окуучуларга билим берүү ушунчалык кызыктуудай сезилди. Анткени ар бир сабагымды окуучуларым тынч отурушуп, кунт коюп угушат. Түшүнбөгөн жерлери болсо суроо беришет. Суроолоруна жооп берүүдөн тажабайм.

Экинчи чейректин аяктарына жакын калганда завуч аял сабагыма тынымсыз кирип жүрдү. Кирген сайын “ сабагың начар, минтип онунчу классты бүтүргөндөр да бербейт. Мындан көрө башка ишке өтпөйсүңбү,”– деп жанымды кашайта берет. Бирок ага ишене бербейм. Анткени университетте мыкты студенттердин бири болчумун. Жакынкы мектептерге да практикада болуп сабак өтчүбүз. Бизди апарган профессор эжеке дайыма мени мактаар эле. Эми карабайсыңбы, профессор эмес, катардагы эле бир мугалимдин жемесине калып, ушундан улам демим сууп, эмне кыларымды билбей калдым. Кабагым карыш түшүп мектепке келем да, кабагым карыш түшүп мектептен чыгам. Баарын жыйыштырып өзүм жашаган айылга эле кетким келет. Билем ал жерде мага орун жок. Иштебей сандалып каламынбы деп оюм онго, санаам санга бөлүнөт. Тиги завуч аял мен үчүн желкеме чыккан чыйкандай сезилип, андан эми кутула албайм го деп ойлой берем.

Чейрек аяктаарына жакындап калганда, мугалимдер дайыма өтчү педсоветке чогулушту. Баары калбаска келишиптир. Столдун баш жагында директор, берирээкте завуч, столдун эки бетинде кыркалакей тизилип мугалимдер отурушат. Алды менен чейрек жыйнтыгы жөнүндө маселе козголуп, акырында Меке экөөбүздүн өткөргөн сабактарыбызга талкуу жүрө баштады. Завуч аял сөздү баштаганда эле Мекени мактап кирди.

– Педагог деп ушуну айт, – деди чү дегенде эле, – ар бир өткөн сабагын балдардын кулагына куюп коет экен. Көргөзмө куралдарды, техникалык каражаттарды өтө жөндөм менен пайдалангандыгын айт. Жыйнтыгында математикадан көпчүлүк балдар “5”ке окуйт. Мен суранат элем бул жигиттин иш тажрыйбасын башка мектептерге да жайылтуу керек деп.

Мекенин көңүлү көтөрүлө түшүп, галстугун оңдоно мени карап койду. Эх, дейм ичимден, мени да ушинтип мактаса көңүлүм көкөлөгөндөн көкөлөп булутка башым жетпейт беле. Бирок тигил аялдын айтаар акылы, айтаар сөзү мага айкын болуп турду.

– Эми дагы бир мугалимдин өткөн сабагына токтололу. Ачыгын айтканда Чымыр Коргонбаевдин сабагына. Чымыр мырза айтканыма чычалабасын, туура кабыл алсын. Мугалим деген аты гана болбосо заты жок. Өткөн сабактары чаржайыт. Көргөзмө каражаттары жок. Ошон үчүн окуучулар мугалимдин сабагына көңүл бурушпайт. Жолдош Чымыр Коргонбаевич минтип сабак өтө берсе, жыйынтыгында биз күнөөлүү болуп калабыз.

– Эмне, жаш мугалимди башка жумушка которулсун деп айтканы турасызбы? – деди ары жактан бирөө.

– Ооба, мектебибизди мыкты мугалимдер менен камсыз кылсак, окуп чыккан балдарыбыз да мыкты болуп атыбыз алыска угулат. Ушул жагын ойлойлу урматтуу педагогдор.

Гүлгаакы Орунбаеванын андан кийинки сөздөрүнүн бири да кулагыма кирбей, акыл эстен адашкан кишидей абалда калып, эмне деп жатканын түшүнбөй калдым. Эшикке атып чыккым келди. Бирок кантип анте алам? Жумушка жаңы эл орношуп отурганда үйгө кантип барам? Иштен кууп жиберди деппи? Апам ушунча жыл окутса, анан чемоданымды көтөрүнүп барып калсам ошондо ал эмне дейт?..

Баятан бери кемирип кесип жаткан тигил аялдын сөзүнөн кийин башымды шылкыйтып отурганым менен акыры башымды көтөрүп, дироктор жакты көзүмдүн кыйыгым менен карай койдум. Негедир директор Гүлгаакы Орунбаеванын сөзүн жактырбагандай сезилди. Завуч экөөнүн ортосунда көптөн бери чыр-чатак бар экенин мугалимдерден укканым бар. Гүлгаакынын бир тууган тайкеси дал ушул учурда зав. РАЙОНО имиш. Директорлук креслону талашканы көп болуптур. Бирок түз жана таза иштеген директорду себеби жок өз орунунан кантип алып таштамак эле. Ал эми Гүлгаакынын мага асылышы кандайча экенин башым маң. Чынында жаш мугалим деп колдоо гана көрсөтүшү керек эле го.

Мугалимдердин педсоветте айткан сөздөрүнөн кийин жыйынтыктоо үчүн директор агай ордунан көтөрүлдү.

– Адам бир күндө эле акедемик болуп чыкпайт. Бул жигит турмуш босогосун жаңы гана аттады. Келечеги али алдыда. Менин оюмча бул жигитке колдоо керек. Билбегендерине көмөктөшүп жардам бергенибиз оң. Мен да жаш мугалим болгонмун. Кыйналганмын. Бирок мага мындай катуу сынды келерим менен эч ким айткан эмес. Ошондуктан Гүлгаакы Орунбаевна жаш мугалимдер менен аяр мамиле кылыңыз. Кудая шүгүр уучубуз кур эмес. Мектебибизде республикага таанымал эки эмгеги сиңген, эки эл агартуунун отличниктери бар. Алардын сабагына кирсин. Тажрыйба топтосун. Жанагы өзүңүз айткан “билим жактан орто мектептин окуучуларынан да төмөн” дегениңиз туура эмес. Эгер билими ошончолук төмөн болсо кантип жогорку окуу жайын бүтсүн. Анан калса Эл агартуу министирлиги бул жигитке өздөрү жолдонмо берип жатпайбы. Буга эмне дейсиз?..

Гүлгаакы директордон мындай сөздү күткөн эмес эле. Кызарып-татарып ордунан козголо албай отуруп калды. Экөөнүн келишпей жүргөнүн ушундан эле мага билинди. Ошондой болсо да ойлорум уйгу-туйгу. Качанкы эле бул аял менен акыйлашып, айтышып жүрмөк элем. Тайкеси зав. РАЙОНО болсо, бир күнү директор экөөбүздү тең мектептен кууп жибербесин...

Кабагым карыш түшүп сыртка чыгарымда директор агай кабинетине чакырып калды. Завучтун ачуу сөзүнөн кийин уялганымдан бетимдин кызылы тарабай турган. Бир жагы өзүмдү күнөлүүдөй сезип, агайды тике карай албай, желкемди таш басып тургансып отургучта жыгылып кетпей араң отургансыйм.

– Башыңды өйдө карма Чымыр Коргонбаевич. Эмне мажирөө адамдай, болбос нерсеге чөгөсүң. Эр жигит да сендей болобу. Бул эмгек жолуңдун бир гана үзүмү. Али сенин алдыңда канча деген ашуу, канча деген кубаныч менен кайгы бар. Ошон үчүн биз адамбыз. Ошонун баарын көтөрүү керек.

Анын айткандары кулагыма кирбей, акыл насаатынын эч кандай кереги жок болуп жатты.

– Жок агай, кетем. Апамды да бир чоң тамга жалгыз таштап келгем. Туура эмес кылыптырмын. Менин деломду бериңиз да иштен бошотуңуз. Эми түк иштейин деген көңүлүм жок. Айрыкча тиги Гүлгаакы Орунбаева турганда мен иштей албайм.

– Жок, кетпейсиң! – деп столду ургулап бакырып жиберди директор, – сени атайы министерство жиберген. Сен кетип калсаң мен аларга эмне деп жооп берет экем? Сен бул жагын ойлондуңбу!?.. Ошон үчүн урматтуу Коргонбаевич иштейсиң дедимби, иштейсиң! Түшүнүктүүбү?..

Эмне дээримди билбей тунжурап отурдум да, бир аздан кийин сыртка чыктым. Көңүлүм суз, тагдырыма ушунчалык капа болуп, ызалана, мээни тунжураткан ойлор менен алпурушуп көчөгө түштүм. Арадан анчалык көп убакыт өткөн жок, арт жагымдан кыздардын күлкүсү угулду. Жалт бурулдум. Үчөө экен. Катарыма жете келишти.

– Саламатсызбы агай? Жаныма жакындай түшкөн сары кыз мени менен илбериңки учурашты.

– Саламат, саламат, – деп мен да аларга жооп кылдым. Катарлаша басып баратып үчөөн тең кароого үлгүрдүм. Ортосундагы кыз өзгөчө көңүлүмдү бургансыды. Чиркин, көздөрү түндү жарык кыла тургансып балбылдайт. Сулуулугуна таң калып улам улам карап коем. Бирок тиги сулуу сырын алдырбай, канча караганым менен көңүл бөлүп назарын салып койсочу. Өзүн токтоо кармап, кошо баратамбы, баратпаймынбы оюна да, капарына да албагандай. Анткен менен ичимден ага эч капа болбой, кайра жолугуп калганыма ичтен сүйүнүп бараттым.

– Кайсы сабактан бересиз? – деп кызыга сурады сары кыз. Тиги сулуу эми бурула карады. Көзүбүз чагыла түштү. Аны билбейм, менин жүрөгүм дүкүлдөп туйлап кетти. Денем чок түшкөндөй ыссып чыкканын тигилер кайдан билсин, берген суроого жооп бере албай үн– сөзсүз буулугуп келатканыма аң-таң.

– Кыргыз тили жана адабиятынан сабак берем. Дирилдеп араң чыккан үнүмдү сары кыз сезе койду.

– Жакшы сабактан берет экен ээ,кыздар, – дегенде, тиги экөө жарыша сүйлөдү:

– Жакшы,жакшы. Биздин билбегендерибизди үйрөтөт бекен? – деди бирөө.

– Үйрөтөм кыздар. Ал жагынан эч ойлонбой эле койгула. Беш жыл университетте бекер окуду дейсиңерби.

– Ошондо да колум бош эмес деп бой көтөрүп басып кетип жүрбөңүз агай.

– Андайлардан көрүнбөйт, – деп күлүп калды сары кыз ачык айрымдыгын билдирип.

Катарлаша басып баратып караганым эле ортодогу сулуу кыз. Бир көрүү менен сүйүп калганымды билсе экен дейм. Бирок кургур бир ирет тиктешкен боюнча экинчи кайталанбады. Ошентсе да алдыда канчалаган күндөр бар. Бир күнү болбосо бир күнү бетме бет жолугушуп сыр чечишээр учур келер деп коем ичимден. Мен ошентип баратканда кыздар токтой калышты.

– Эмне болду сизге агай? Эмне эле ойго чөмүлүп калдыңыз? Бирөөбүздү жактырып калган жоксузбу? – деген сары кыздын тамаша айтып күлүп жибергени мага жага түштү.

– Үчөөң тең сулуу экенсиңер. Бирок азырынча кимиңерди жактырганымды айтпай эле турайын.

– Секрет деңизчи.

– Ооба.

Эми өз ара күбүр шыбырлаша калышып, анан каткырып күлүп калышты. Аны оюма деле алган жокмун. Кайра бараткан жолубуз узарса экен, ушинтип сүйлөшүп кете берсек экен деп тилендим. Бирок жолубуз кыскара түштү окшойт, кыздар токтой калып, сылык сыпаа коштошушуп, бурулуштагы көчөгө түшүштү. Тиги сулууга көөдөнүмдөгү сырды айта албай калганыма өкүнүп, көздөрүм менен узатып, жана эле кар жаап турган кабагым ачыла түшкөнүн сездим. Өзүмчө кыңылдап ырдап, эртеңки күнү эмне болорун ойлонбой, үйгө карай кадам таштап бараттым.

Иштебейм, кетем деген оюм дароо бузулуп, эгер кетсем кызга экинчи ирет жолукпай каларымды ойлоп жаттым. Демек тиги завуч аял эмне гана дебесин анын сөзүн көтөрүп бул жерде иштешим керек. Анын үстүнө директор агай өзү мага жан тартып иштей беришимди суранып жатпайбы. Демек анын тилин алсам акыры жаман болбойм.

Үйгө келгенде китеп, дептерлеримди столундун үстүнө ыргыта салып, эски кроватымдын үстүнө куландым. Чалкаман түшүп көз ирмебей ойлуу шыпты карап жатам. Көз алдыма жанагы мен көргөн сулуу кыздын элеси тартыла баштады. Мени оттуу караганын эстедим. Бекер караган жок. Мен бир көргөндө эле жактырып калсам, ал да дал мендей жактырып калган болуш керек. Мен аны жүрөгүм менен сезбедимби дейм ичимден. Айтоор эртең эле көрсөм экен деген эңсөөм күчөп чыкты. Бирок анын мага болгон көз карашы кандай болот?.. Сырын билгенден кийин гана сөз айтпасам кур бекерден жармаша беришим туура эмес. Муну студеттик жылдарымда башымдан өткөргөн бир окуям бар.

Бир группада отуз эки студент окуур элек. Анын ичинен он экиси гана балдар болчу. Кечелерде, экскурсияга чыкканыбызда кээлерибиз экиден кызды колтуктап калчубуз. Мени Айгүл эч кимге берчү эмес. Бирөө жарым мага жакындайын дегенде эле бир шылтоону таап, алардан алаксытып алып кете турган. Өзү да бир да жанды жанына жакындатчу эмес. Сулуу десең сулуу, адамкерчилиги айтып түгөткүстөй эле. Мени жанындай жакшы көрчү. Муну бирге жүргөн күндөрүбүздө жакшы сезчүмүн. Бирок ага деген жүрөк отум таптакыр жанбай койду.

Бир күнү ал өтө жасанып жатаканага кирип келди. Китеп окуп отургам. Ал түз эле келип жанымдагы отургучка отура кетти. Себинген атыры каңылжаарымды жарып буркурайт. Бирок ага көңүл бурган жокмун.

– Чымыр сага эмне болгон, мени көлөкөңдөй көрүп карабайсың да, – деди бир убакта таарынгандай.

– Көрүп турбайсыңбы, китеп окуп жатпаймынбы, – деп жооп кылдым.

– Китеп менден да кымбат болуп кетиптирби? – деп бултуңдады.

– Мына сага көңүл бурдум. Эмне дейин дедиң эле?

– Эмне, келгенимди түшүнбөй турусуңбу?

– Жок.

– Өткөн жумада эле айтпадым беле, туулган күнүм деп. Эмне унутуп койдуңбу?

– И– и унутуп койгон турбаймынбы. Кечирип кой Айгүл. Туулган күнүң менен! – деп бетинен өптүм да анан, – аябай жасанып алыптырсың, каяка барайын дедиң эле, – дедим.

– Эч жакка эмес, сага келгем Чымыр, шаар аралап, анан кафеге отурбайлыбы?.. Ордумдан жылбай отурганымды көрүп, ал мага ойлуу карап турду. Мен да ойлонуп калдым. Баргым келбей турганын кантип айтаарымды билбей, анан дароо шылтоо таба салдым.

– Айгүл мени кечирчи, мен эч жакка баралбайм.

– Эмнеге?

– Кече зачет тапшыра албай калгам. Бүгүн түнү менен болсо даярданып албасам болбойт. Өзүң билесиң го Давлетов агайдын строгий экенин.

Айгүл эмне дээрин билбей туттугуп турду. Кыз башы менен суранып жатса, анын үстүнө туулган күнү болсо, мындай жоопту угам деп эч ойлобосо керек. Эми эмне кылат? Анын абалын түшүнүп турганым менен китепти жаап, ордумдан турдум да жеңил кийинип Айгүл менен кошулуп сыртка чыктым. Жаан нөшөрлөп жаап жатыптыр.

– Мындай жаанда мен эч жакка баралбайм, – деп анын таарынарын ойлонбой кесе сүйлөдүм.

Айгүл мисирейип турган түрүмө бир карап алды да, эмне кыларын, же эмне айтаарын билбей туттугуп туруп калды. Жанымда бир аз кайсалап турду да, чыны менен эле көңүлүм жок экенин сезди да, мага бет багып карай албай, көшүл ташыл ызага чөмүлүп, эчкире ыйлап, көнөктөгөн жаанды жиреп чуркап жөнөдү. Капырай ошондогу таш болуп катып калган жүрөгүм, жанагы сулууну көрөрүм менен жибий түшкөнүмө таң калдым. Таң калмак турсун түнү бою аны ойлоп жаттым. Ойлойм да, жолуксам, сүйлөшсөм дейм. Сулуулугун көз кырым менен карабай бет маңдай турганда карагым келет. Сулуулукка суктанып туруунун өзү кандай бакыт деп коем өзүмчө. Ошентип бул түндү ой менен алпурушуп, ой менен таңды аттырдым. Анткен менен ордумдан эрте туруп, мектепке да эрте келдим. Төрт саатты кабаты менен өтүп, бир жагы уйкудан калып чарчанып столдо отурсам директор агай жаныма басып келди.

– Кандай Коргонбаевич, дагы эле кетем деп жаткан жоксуңбу?

– Жок агай, сиздин акылыңызга көндүм. Эми мен эч жакка барбайм, – деп ишенимдүү айттым.

– Азаматсың! – деп далымдан таптап койду директор.

Конторада отуруп, айнектен көчөнү карап көзүмдү албайм. Бул жерден баары көрүнөт. Алды менен балдар бириндеп өтүп, андан кийин топ-топ өткөн окуучуларды көрүп калчумун. Мына онунчу жана он биринчи класста окуган окуучулар өтө баштады. Ооба, булар бизден төмөн жакта жайгашкан орто мектептин окуучулары. А мен иштеген мектеп тогуз жылдык гана мектеп эле.

Көчөгө жетпей тигилген чоң талдын түбүнө келип тигилерге көз салып тура бердим. Окуучулардын көбү өтүп кетти. Тиги үчөө көрүнбөйт. Менден атайы качып башка көчө менен кетип калдыбы, же үчөө тең акылдашып мектепке барбай коюшканбы дейм. Айтоор аларды көргөнчө оюм онго санаам санга бөлүнүп, талдын далдаасынан чыгып, тынчым кетип ары-бери басып калдым. Чыдамым кетип чыйпылыктаганым бекер экен. Көчөнүн этегинен үчөө эмес экөө көрүндү. Бүгүн эле баардыгы чечиле тургансып сүйүнүп кеттим. Көзүм эле тиги сулууга түшөт. Кечээ ал гүлдүү көйнөк кийип жүргөнүн көргөм. Азыр анын үстүндө ак көйнөк, башында жалтыраган ак жоолук. Жакындаганда ал кийимдер тим эле жаршыктуу экенин баамдадым. Катарына кошулганда жанымдагы сары кыз күлүп жиберди.

– Бизди күтүп турган жок белеңиз?

– Ооба, – деп чечкиндүү жооп кайтардым, – кечээ силерди көргөнүмө эле сүйүнүп кетип калыптырмын. Аты жөнүбүздү да айтып таанышпаптырбыз. Кана кыздар таанышалы. Менин атым Чымыр.

– Чымыр?.. Элде жок ат экен, – деп күлүп калды сары кыз. Аны коштоп тигил сулуу күлдү эле булак үнүндөй шыңгыр этип кулагыма жагымдуу угулду. Негедир кыздардан сүрдөнүп баратканым токтолгонсуду. Эми ортого түшүп эки жагымды карап коем. Сары кыз улам оттуу көз карашын узата коет. Бирок оюм эле тигил кызда болуп, ар бир кадам шилтешине чейин байкап баратам. Улам карасам улам карагандан тойбой, суктануум артат. Ал турсун кайсы бир сулуу актирисалардын бирине окшоштуруп коем. Анан капырай, кудай таалам да сулууларды жаңгыз жаратпайт тура дейм. Бирок актриса дегендериң актриса да. Алардын кылар иши эле сулуулануу. Ошол сулуулуктары менен элди өзүнө тарткылары келип канча убараланат дейсиң. Ал эми айылда эле жашаган бул сулуу кыз эч кандай боек соексуз эле асмандан түшө калган периштедей болуп, көргөн жигитти тамшандырып суктантаарын ойлоп бараттым.

Өткөндөгүдөй бурулушка жеткенде токтой калышты. Мен эми гана эсимди жыйнагандай:

– Мен го атымды жана эле айтып койгом. Силердин атыңарчы? – дедим. – Менин атым – Күндөй, мунун аты – Чүрөк. Демек таанышып алдык да. Эми бизге руксат бериңиз агай. Биздин көчөбүз башка, – деп колун сунду сары кыз. Анын менен кол алышкандан кийин арыраакта турган Чүрөктүн жанына келип колунан кармадым. Ыппысык, алаканынан от чыгып жаткансыды мага. Мөлтүрөгөн жүзүн карай албай көзүм тайгылана түштү. Колумду акырын колунан бошоттум да:

– Кыздар эртеңкиге чейин, – дедим. Күндөй болсо дагы эле шайырлыгын карматып:

– Чау-у! – деп жооп кылды. Алар кеткен жакты көз салып турдум. Жашаган жерлери мындан анчалык деле алыс эмес экен. Анан эмне бурулуштан эки жакка бөлүнөбүз. Үйүнө чейин узатып барсам деле болмокко деп коем. Ата– энелери эмитен кимди ээрчитип жүрөсүңөр деп урушат чыгар. Демек ушул жерге чейин узатып келсем деле көп нерселерди сүйлөшүп алууга жетишебиз. Канча айткан менен бүгүнкү жолугушуу жаман болгон жок. Чүрөк менен тааныштым. Колун кармадым. Эртең мындан жакшы мамиледе болорбуз деп жолмо жол ой көлүнө чөмүлүп келаттым.

Директор менен завучтун эрегишүүсү күндөн күнгө күчөй берди. Алардын чатагына мен да себеп болгондоймун. Өткөндөгү директордун мени колдогону Гүлгаакы Орунбаевнага катуу тийиптир. Айтоор РАЙОНО го арызданып жүрүп, акыры жети адамдан турган топ мектептин ишин текшерип жатып калды. Алар текшербеген эч нерсе калган жок. Менин сабагыма районго гана эмес, республикабызга аттын кашкасындай белгилүү болгон эл агартуунун отличниги Алтынай Керимкулова эжеке кирип калды. Алыкул Осмонов дегенде чыгармаларын гана эмес, газета журналдарга чыккан макалаларга чейин калтырбай окучумун. Дал ушул сабакты өтүү дал ушул күнгө туш келип калганына ичимден кымыңдап, толкундануу дегенди унутуп, кайра эргип сабак өткөнүмө Алтынай Керимкулова таң калгансып отурду. Анан бирдемелерди дептерине чиймелеп жазып отурганын көргөн элем. Анткен менен Тиги Гүлгаакы Орунбаеванадан жалкып калган жаным андан да бетер оттон алып чокко салгандай кызартпаса болду деп коем ичимден. Бирок педсоветте Алтынай Керимкулова бир аз кетирген кемчилигиме токтолгон менен жалаң мени мактоонун үстүндө болду. Анткен сайын дабам кана тиги завуч аялды карап коем. Гүлгаакы сабыры суз, көзүндө огу болсо атып жиберүүчүдөй Алтынай Керимкулованы заардуу карап алды. Бирок сүйлөп жаткан Алтынай эжеке Гүлгаакынын ал карашын байкабай да, көргөн да жок. Сөзүн улап баратып сабакта мен көргөн дептерди ача кетти.

– Чымыр Коргонбаев жакшы мугалим гана эмес, акын да экен. Бул ар бир адамдын бактысына келе бербейт. Уккулачы классик акыныбыз Алыкул Осмоновго арнаган ырын.

Ээн талаа. Мен жалгызмын. Кеч маалы,
    Көрөмүн деп ойлонбогом эч аны. 
    Кырдан түшүп келет бирөө боз атчан,
    Ал берилеп, улам жакын карааны. 

Карай салсам биздин акын Алыкул,
    Мени карайт, атын карайт ал утур. 
    “Мен өзүмдү акынмын деп сезбеймин,
    Ыр көлүнөн суу ичпесем бир учур”,

Деп Алыкулдун поэзия көлүнө баратканын, артынан барса чын эле Алыкулдун ыр көлүнөн суу ичип жатканын көрөт. Көрөт да мен да ушундай акын болсом деп тилек кылат. Жаш мугалимдин эң акырында жазган ыры мындай:

Жандырдыңбы жаш акындын үмүтүн,
    Өңүн көрбөй, укпай жүрүп бир үнүн. 
    Түшкө кирдиң боз ат менен Алыкул,
    Сайран болду, майрам болду бул күнүм.
 

Мен муну менен айтайын дегеним, жаш мугалимдин келечеги бар. Биз мындай мугалимдерди өстүрүшүбүз гана керек!

Гүлгаакы Орунбаеванын чыдамы кетип ордунан тура калды.

– Урматтуу коммисиянын жетекчиси, биз бул жерде акындын же башка бир таланттуу адамдын чыгармаларын талкуулоого чогулганыбыз жок. Биз педагогикалык чеберчилиги жагынан карап баа беришибиз керек.

– Татынакай тигиндей ырын окуп, Алыкул жөнүндө кеңири түшүндүрүп жатса мугалимдик чеберчилик эмей эмне!? – Алтынай эжеке үнүн бийик чыгара сүйлөдү.

– Далай ирет сабагына кирип бул жигиттин чеберчилигин көргөм! – деп токтоно албай кетти Гүлгаакы, – сабагы өтө начар. Балдардын баштары класска көңдөй болуп кирип, көңдөй болуп чыгат. Сиз азыр мактаганыңыз менен кийин биз жооп берип калабыз.

Өзүнүн жактаганын бербей жөнү жок талашып– тартышып жатканын уккан мугалимдер чыдай албай кетишти. Гүлгаакыга сын сөздөр жамгырдай жаап кетти. Бирөөгө ор казып, өзү түшүп кеткен адамдын кейпин кийип калгансыды.

– Завучтуктан түшүрүш керек! Кийинки кезде жөнү жок чатак чыгаруучу болду. Бул биздин ынтымагыбызды ыдыратып жатат. Ошондуктан биздин бүгүнкү айткандарыбызды РАЙОНО башчысына жеткирүүңүз керек урматтуу Алтынай Керимкуловна, – деди карыя мугалим Аман.

– Буга мен да кошулам, – деди Чолпон деген жаш кыз.

Гүлгаакы эмне дээрин билбей помидордон беш бетер кызарып – татарып отуруп калды. Ошентип Гүлгаакы үчүн он күндүк текшерүү пайдага чечилбей тескерисинче ордунан шыпырып түшө турган катуу сокку болду. Бул аралыкта Чүрөктү көргүм келип эңсеп көргүм келгени менен колум бошободу. Мына эми гана көңүлүм жайланып, сулууну дагы бир ирет суктана карап, көңүлдөгү сөзүмдү айткым келип, көчөгө чыктым да, жол карап турдум. Эгер бүгүн жолугуп калса айтаар сөзүм дайын эле.

Көчөнүн аягынан экөө келатты. Бири бая күнү таанышкан Күлүм, экинчиси Күндөй, Чүрөктүн жолдош кыздары. Ал эми Чүрөк кайда? Окууга барбай калганбы? Эмнеге?.. Ушул суроолор дароо башыма келе түштү. Алар жакындаганда түз эле катарына кошулдум. Экөө тең үн чыгарбай шыпылдай басып баратат. Кабактары салыңкы.

– Эмне болгон силерге? Деги тынччылыкпы? – деп тынчсыздана түштүм.

– Чүрөктүн отурган жеринен жүрөк ооруусу кармап, аны ооруканага алып кетти.

– Эмне дейт!..

– Укпай калдыңызбы?.. Чүрөктү ооруканага алып кетишти! Болгондо да Бишкекке. Аман– эсен болсо болду го. Аябай катуу кармады.

Ушуну айтып тиги экөө менден узай түштү. Эмне кыларымды билбей турган жеримде селейип калдым. Эми гана сүйлөшүп жакшылап таанышсам экен деп эки көзүм төрт болуп жүргөндө, анын минтип калганын кара. Эми мындан аркы тагдырым эмне болот? – деп жан дүйнөмө бүлүк түштү да калды. Ар нерсени ойлой берчү болдум. Бишкекке барып көрүп келсемби деп ойлоп коем. Кайра карама каршы ойго келем. Болгону эки жолу гана жолугушпадыкпы. Анан кайсы жакыны болуп барам. Мүмкүн ал мен жөнүндө ойломок турсун түшүнө да кирбей жүргөндүрмүн...

Кечинде китеп, дептерлеримди столдун үстүнө жайып коюп, эртеңки сабакка даярданайын дедим. Бирок жазууга да, окууга да көңүлүм чаппады. Чүрөктүн ооруканага жатып калганын ойлой-ойлой кейий берем. Кейиген менен не пайда, унутайынчы дейм кайра өзүмө. Ушул ойлордо жатып апамды эстедим. Жол алыс болгондуктан ага көптөн бери бара элекмин. Мени сагынып калгандыр апам. Мен да сагыныптырмын. Ошондонбу бүткүл турпат турушу көз алдыма элестей баштады. Апам ичке болгону менен узун бойлуу аял. Жаш кезинде солкулдаган чыбыктай бели бийчилериникиндей ийилчек боло турган. Бирге жүргөн курдаштары ошондой ийилчегине таң калчу. Өзү ак жуумал. Кашы билектей болуп, кимге болсун кашы биринчи көзгө урунчу. Болгону куш муруну сулуугуна шайкеш келбей турар эле. Ошондонбу жакындарыбыздын келиндери азыркыга чейин атын атабай “ куш мурун апа” деп тергешет. Ага апам терикпей кайра “олчойтуп атымды атабай ошентип койгонуңар жакшы” деп күлүп калат. Атам болсо согушка кетип келбей калган. Апам атамдан көп жыл бою үмүтүн үзбөй жүргөн. Бир күнү мектептеги мугалимдин биринен суранып ал кызмат өтөгөн частка кат жаздырып жибериптир. Бир жылдан кийин алакандай кагаз келди. Анда танка менен кошо өрттөнүп кеткен деп жазылыптыр. Ошондо апамдын ыйлаганын айтпа. Экөөбүз тең ыйлап суй жыгылганыбыз кантип эстен чыксын. Ошондон бери суук кабарлуу кара кагаз болгон менен тумардай сактап жоготпой катып жүрөт.

Ушулардын баарын ойлоп эртең эле үйгө баргым келип кетти. Эртеси эле агайым Муса Мураталиевден руксат сурасам биротоло көчүп келсең руксат берем. Жөн эле жибере албайм. Көрүп турусуңго эки мугалим ооруп ооруканада. Анан сен кетип калсаң, мектеп эмне болот деп тим болду. Жагдайды билип туруп эмне демек элем. Унчукпадым. Бирок көчүп келбейсиңби деген сөзү ойго салды да койду.

Бара-бара Меке экөөбүз ынак болуп кеттик. Ага тиги завуч аялдын ичи тарыйт. Бир убакта Мекени өз тарабына тарткысы келип мактап жүрчү эмес беле. Эми Меке Гүлгаакынын кандай экенин түшүнүп, өзүн оолактата баштады. Анын үстүнө экөөбүз тең бойдок эмеспизби, башыбыз кошулса эле кыздар жөнүндө сөз козгойбуз. Тиги орто мектепте окуган кыздардын кайсынысы жагат деп калат ал. Мен үшкүрүнүп Чүрөктүн ооруканага жатып калганын айтам. Ал Күндөйдү сүйүп, сөз айта албай тартынчактанып жүргөнүн айтып менден бешбетер үшкүрүнүп алат. Күндөй менен жолуктурайынбы дейм ага. Жолуктурчу. Алардын көңүлүн кантип таап алдың эле деп сурай кетет. Эмне көрбөй жүрөсүңбү кошо басып тиги бурулушка чейин барып жүрбөймүнбү. А сен болсоң үңкүйүп эч жакка чыкпайсың, эч ким менен да сүйлөшпөйсүң. Билесиңби сендейлерди үй күчүк дейт. Шылдыңдабачы деп оңурая карап калат. Ошентип экөөбүз бири бирибизди эриктирбей турган болдук.

Бир күнү:

– Чымыр, Күндөй менен тааныштырчы, – деп калыптыр.

– Таныштырам. Бир айлыгыңды бересиңби? – дедим тамашалап.

– Берем, –деп шыр эле айта салды.

– Анда болду. Бүгүн эле алардын алдынан тосуп чыгалы дедим ага. Ошентип сүйлөшүп отургандын ортосунда кыздар көчөдөн көрүнө калды.

– Жаның барбы бол кыймылда, – дедим ага.

– Бизден качып балээ болбосун, – деп Меке кетенчиктей кетти.

– Жеткен сөлдүр турбайсыңбы, – деп урушуп колунан кармап көчөгө алып чыктым. Кыздар жакын басып келаткан бизди көрүп күлүп жиберишти. Алар менен кошо басып баратканда Меке Күндөй жакка өтө калды. Күлүм экөөбүз алдыга өтүп кызуу сүйлөшүп бараттык.

– Тиги айылдын клубуна жакшы кино келиптир. Индия киносу дейт, – деп сөз баштап калды Күлүм.

– Баргың келип жатабы? – дедим мен.

– Ооба. Индия киносуна аябай кызыгам.

– Демек сөзсүз барабыз. Болгону Күндөйдү калтырып жүрбө. Аны Меке аябай сүйүп калыптыр. Эгер мени сүйбөй койсо сууга чөгүп өлөм деп жүрөт. Күлүмдүн күлкүсү катуу чыгып тигилерге бурула карады.

– Эй Күндөй, Чымырдын айтканын уктуңбу я?

– Эмне деп жатат?

– Укпай калган турбайсыңбы. Ошо укпаганың жакшы болду, – деп Күлүм күлкүсүн тыя албай жатып акыры токтоду.

Эки кыз тең көңүлдүү эле. Ошондонбу айтоор алар киного барууга бат эле макул болуп калышты. Меке экөөбүз сөзсүз кечке келерибизди айтып, үйгө көздөй бет алдык. Меке досумдун сүйүнгөнүн айтпа. Күндөйдү ай, күнгө теңеп сөзү түгөнсөчү.

Кеч күздө аба ырайы өзгөрүлмө. Жана эле күн чайыттай ачылып турганы менен кайдан жайдан экени белгисиз кара булуттар асманды каптады да калды. Көптөн кийин шамаал жүрүп, булуттар чачылып, күндүн көзү кылтыйып көрүндү. Меке экөөбүз баятан бери нөшөрлөгөн жаан жаап, бара турган жагыбызга барбай калабызбы деп көңүлүбүз тынчыбай жатса, эми култуңдап кубана түштүк. Кечинде баары ойдогудай болду. Эки кыз да укмуштай жасанышып чыгыптыр. Себинген атырлары алыстан эле буркурайт. Тим эле жүрөктү жалындатып өздөрүнө тартып баратат. Айрыкча Меке Күндөйдү көрөрү менен оозу ачылып калды. Каш, кирпиктерин, бети башын боенуп, өзүнө жарашыктуу кийим кийип чыккан экен, кудум көлдөгү ак куудай чүрөк болуп калыптыр.

Клубга киргенде төртөөбүз катар отуруп калдык. Индиялык кинолордо көбүнчө сүйүү жөнүндө баяндалат эмеспи. Биз кирген кино да дал ошол махабат жөнүндө экен. Кыз менен жигиттин кыймыл аракеттери делебени козгоп, сүйүүнү аргасыз тутандырып жатканын жүрөгүбүз менен сезип, ал сыйкыр күчкө биз да арбалып кеттик. Күлүм мага ыктай отуруп анан жүргүмдүн тушуна башын кое койду.

– Жүрөгүң аябай катуу кагып жатат, – деди акырын шыбырап.

– Сеникичи?

– Билбейм.

– Кино көрсөтөсүңөрбү! – деди ачууланып арт жагыбыздагы аял. Тынч отуруп калдык. Күлүм болсо мурунку калыбынан кыймылдап койбой жүрөгүмдүн дабышын угуп жаткансыды. Мен да белинен кучактай кармап өзүмө карай тарта койдум. Меке да жөн отурбаптыр. Күндөйдүн колун аярлай кармап анан алаканы менен алаканын сылагылап жатат. Бир маалда карасам Күндөй да Мекенин көкүрөгүнө башын кое койгон экен. Чачтары Мекенин костюмун жаап мажүрүм талдай төгүлөт. Чиркин кинонун да таасири ушунчалык күчтүү болот турбайбы. Болбосо Күлүм мага башын жөлөп, Күндөй Мекеге минтип эркелеп калары мүмкүн эмес эле.

Ошентип кинодон көңүлдүү чыктык. Күндөй кинодогу артистердин ырларынын айрым кайрыктарын үйрөнө салыптыр. Дал ошолорду туурап ырдап, бийлеп жиберсе болобу. Тим эле залда отургансып Меке экөөбүз кол чаап жибердик. Күндөй кол чапканыбызга демдене кеттиби белдерин ийилтип, кайкалатып көпкө чейин бийлеп, чарчай түшкөндө токтоду.

– Күндөй алтыным, талант деген сенде жаткан турбайбы. Кийин артис окууга апарсам барат белең? – деп Меке колунан баардыгы келе турган адамдай мактана сүйлөдү.

– Сен каякка апарсаң да бара берем, – деп Күндөй экилене Мекени колтуктай калды. Алардын бат эле жакындаша түшкөндөрүнө таң калдым. Тээ түштө эле Меке Күндөйгө жолуккандан корунуп, менден сөлдүр деген сөздү укпады беле. Эми чечкиндүү болуп кеткенин карасаң. Деги адамды чөйрө да өзгөртүп жиберет окшобойбу.

Ошентип бир аз көңүлүбүздү ачкандан кийин жолубузга түштүк. Эки айылдын ортосу эки чакырымдай болсо, анын жарымын гана өтсөк керек. Анткени дал ортодо бир убакта тигилген адам кулачы жеткис тал теректер бар. Баса биз жашаган айылда маданияттуу эс алууга шарт түзгөн эч нерсе жок. Клуб эмес, эч болбосо китепкана болсочу деп калабыз. Мындай кино же театр артистери келгенде айла канча, ушинтип жөө жалаң басып ылдыйкы айылга барып көрүүгө туура келет. Келгенден бери бир караңгылкта жашаган айыл экен деп биерди жактырбай келем. Бирок буга да көнүп кетет окшойм. Муногудай сулуу кыздарды көргөндө башка эч бир жердин кереги жок болуп калат окшойт.

Күн качан эле ачылып кеткен эле. Көктө алтын шакектей жылт-жулт эткен сансыз жылдыздар. Ай төбөбүздөн балбылдап күмүш нурун төгөт. Тиги айылдын өйдө жагындагы бийик тоолор көккө тумшугун малып, тунжурап уктап жаткансыйт. Табийхаттын бул керемет көрүнүшүнө суктана бири-бирибизден алыстабай бирге басып келе жатканбыз. Негедир Меке артына кетенчиктеп токтой калып:

– Күндөй токточу, сүйлөшө турган сөз бар эле, – деди.

– Сөзүң болсо айта берчи эми. – деп Күндөй жактырбагандай үн катты.

– Жок, токтосоң, бери келсең, өзүңө гана айта турган сөз бар.

– Кечиргиле, секретный деп жатпайбы, угайынчы, – деп Күндөй Мекеге бурулду. Меке баса бергиле дегендей белги берип кол шилтеди. Күлүм экөөбүз бир аз баскандан кийин артыбызды карадык. Экөө тең кайда житип кеткенин билбей аң-таң болуп туруп калдык да, анан өздөрүнчө сүйлөшүп алсынчы бири-бирин жактырып калса керек деп божомолдодук.

Күлүм да көптөн бери мага көз карашын таштап, жактырып жүргөнүн жакшы билем. Анткен менен көңүлүм Чүрөктө экени да ага белгилүү. Мындай ээндикте чын сырын билдирейин дедиби мага жакындап костюмумдун жакасын оңдгон болуп мойнумдан кучактай калды. Унчукпай турдум. Анан кинодо ал көкүрөгүмө башын коюп, мен кучактай калганымды эстедим. Эми эзиле эркелетет го деп ойлосо керек. Мойнумдан колун кое бербей көздөрүн балбылдатып карап турду. Караганы менен курусун, Күлүмдүн ордуна Чүрөк болуп калсачы, кандай бакытым ашып ташыйт эле деп ойлоп жаттым. Ойлодум да кучагыма алып жан эриткен сөздөрүмдү айткандын ордуна жөн эле ордумдан кыймылдабай карап турдум.

– Эмне, Чүрөктү ушунчалык катуу сүйөсүңбү? – деди ал.

– Билбейм. Жаңы эле таанышканда ооруканага жатып калбадыбы. Эгер өзү биерде болгондо анын оюн мен билип, менин оюмду ал билип алмак. Ошондо гана бири бирибизди түшүнмөкпүз.

– Аның туура дечи. Бирок ал оорукчан болуп калбадыбы. Сенин кадыр баркың жете алар бекен?..

– Эмне деп жатасың Күлүм, оорукчан адам айыкпас болуптурбу?

– Мен сага боло айтып жатам. Жүрөк оору деген оңой эмес ко.

Күлүмдүн мойнума оролгон колдорун тартып алдым да эч нерсе дебей унчукпай туруп калдым.

– Эмне таарынып калдыңбы? – деди Күлүм.

– Эмнеге таарынайын. Сенин айткандарыңдын да чындыгы бар чыгар, – деп көңүлсүз артка бурулдум да, – андан көрө Мекелер эмне кечикти карабайлыбы, – дедим.

– Карайлы Чымыр, Күндөйдүн апасынын мүнөзү жаман эле. Эртең чатак чыгарып жүрбөсө эле болду.

Күлүм экөөбүз ылдый басып келатып тигил экөөн көрүп калдык. Кыналышып бакка сүйөнүшүп турушат. Көңүл жарашса ушул тура, түн бир оокум болгону менен кетебиз деген ойлору жок. Аларды көрүп:

– Кете бербейлиби, – дедим Күлүмгө.

– Кой, ал жолдоштук иш эмес да. Чакырайлы, кетеликчи, – деп чыйпылыктап кетти Күлүм.

Таза абада кобурашкан сөздөр да даана угулат экен.

– Эртеден бери сага айтайын деген сөзүмдү айта албай жатам, – деди Меке

– Эмне коркуп турасыңбы?

– Жок.

– Анда айта бербейсиңби?

– Мен сени абдан жакшы көрүп калдым.

– Ошол элеби?

– Ошол эле.

Бул сөздөрдү угуп Күлүм экөөбүз тең аба жаңыртып күлүп жибердик. Алар алды менен чоочуп кетип, анан бизге бурулду да, эмне бизди көрө албай жатасыңарбы деп кайра бизди күнөөлөп бери карай келатты.

Эртеси уйкум жакшы канбай ыңгыранып зорго турдум. Мектепке келсем Күндөйдүн апасы директордун кабинетинде отуруптур. Директор агай мени көрөрү менен чакырып калды. Тигил аялдын катуу уруш чыгарарын түшүнүп жүрөгүм зырп дей түштү. Денем өзүнөн өзү калтырап – титиреп барат.

– Мына ушул жигит! – деп сөөмөйүн кесеп сүйлөдү тигил аял, – Ушундай мугалимдерден кантип тарбия таалимди күтсө болот. Мындайлар кыздарыбызды жакшы жолго салгандын ордуна кайра тескери тарбия берип ата-энелердин шоруна калат. Айтсынчы, кызыбызды түнү менен кайда алып жүргөнүн? Бети жок ай, бети жок! Аял атырылып мага жүткүнгөндө Муса Мураталиев колунан кармай калды.

– Эже эмне болуп, эмне койгонун териштирели. Күнөөсү болсо педсоветке салабыз. Баары ошондо чечилет. Арыз жазыңыз да мага таштаңыз.

– Таштайм арызды! Бул баланы бүгүндөн баштап кетиргиле. Мындайларга мында орун жок!

– Чымыр Коргонбаевич, кана сен айтчы эмне болду эле? – деди директор.

– Эмне болчу эле агай. Индия киносун көрдүк. Эки сериялуу экен. Кеч бүттү. Келгенибиз ушу болду. Менин эч кандай күнөөм жок агай.

– Карасаң бети жоктун айтканын! Мен муну жөн койбойм! Райондун чоңдоруна чейин барам! Ачууга алдырган аял арыз жазып таштап кетүүнүн ордунан атырылып турду да, эшикти катуу жаап чыгып кетти.

Кабинетте директор экөөбүз калдык. Билем директордун мүнөзүн, ачуусу келгенде кабагы салаңдап, эки бети кызарып чыгат. Азыр дал ошентип отурду. Айла жок кирейин десем жер катуу болуп уялганымдан башымды өйдө көтөрө албай жер тиктеп отурам.

– Эмне мынча шылкыйасың? Күнөөң барбы?..

– Жок агай. Болгону киного бардык. Аларды зордуктап жетелеп барган жокпус. Анан эмне чатак чыгарып жатканын түшүнбөй жатам.

– Түшүнбөй жатам деп коет. Айтып коеюн ортоңордо бир нерсе болсо мен да сени аябайм! Андай иш эртеби кечпи угулуп калат. Деги сен кимсиң?

– Мугалиммин.

– Мугалим болсоң жүрөгүң ак, таза болушуң керек. Сен эмне кылып жатасың. Иштегениңе бир жыл болбой жатып артыңдан жаман сөз ээрчитип жатасың, – Ай, ай Коргонбаев!

– Кечирип коюңузчу агай, экинчи киного трос менен сүйрөсө да барбайм.

– Барба деп ким айта алат. Болгону артыңдан сөз ээрчитпе деп жатам.

Директордун түнөргөн кабагы ачылган жок. Анын үстүнө Гүлгаакы Орунбаеванын ортосундагы чатак чегине жетип калган эле. Эми мына менин чатагым андан беш бетер кан басымын жогорулатып жибергендей болду. Күндөйдүн апасы районго чейин арызданып барса Гүлгаакы да жөн жатпайт. Мен Коргонбаевди башка мектепке которгула деп канча жолу айткам. Моралдык жактан туруксуз, ишке жоопкерчиликсиз деп айтканым менен директор ага жан тартып колдоп келет деп айтаары бышык болчу. Мен ушуларды ойлонуп мындан аркы окуялар күкүрт менен от жаккандай өөрчүп кетеби деп өзүмдү өзүм күнөөлөп, эртең эле бир нерсе болуп кетчүдөй кооптоно баштадым.

Сабактарымдын баарын көңүлсүз өткөрдүм. Кайрадан айылга кетип калгым келди. Анткени мен ашык болгон кыз айылда жок. Качан келери да белгисиз. Эми кимди караан тутуп биякта жүрөм. Күлүмдү каралаппы. Ал деле студент убагымдагы Айгүлдөй жүрөгүмдү жылыта бербейт. Ал эми директорумдун жүзүн көрүп отурам. Кокустук менен күнөө кылып койсом ал деле аяй турган эмес. Айылга кетейин. Эптеп документтеримди алып кетсем эле болду. Үйгө келип да ушул ойдун тегерегинде баш катырып, акыры Меке дос менен акылдашайынчы деп чечтим.

Дем алыш күн эле. Үйдө отуруп зеригип кеттим. Анан кечээги ойлорум эске түшүп Мекени көздөй бет алдым. Анын үйү көчөнүн кылда башында. Андан кийин бир да там жок. Тоого абдан жакын. Болгону жарым сааттык жол. Меке бош боло калсам эле тоого чыгам. Абасы керемет деген бир жолу сүйлөшүп отурганда. Чын эле тооду мен да жакшы көрөм. Кичинекейимде далай жолу мандалак, чүкүрү терип жегенмин. Мекенин үйүнө баратып ушуларды эстеп, атайы келаткандан кийин үйүндө эле болсо экен деп самадым. Кудай жалгап ал үйүндө болуп чыкты. Малдарына чөп салып жатыптыр. Деги чарбачыл жигит экен. Элүүгө жакын кой багып жатса, алардын баары семиз.

– Баракелде-е! – деп мактап жибердим көрөрүм менен.

Ал күлдү.

– Сен эми биздин үстү жагыбызга там сал. Экөөбүз коңшу болобуз. Сага да үйрөтөм. Эки үч жылда бай болуп чыга келесиң.

Меке колундагы айрысын ары жакка ыргытып жиберди да:

– Жумуштап келдиң беле? – деди.

– Жөн эле. Сейилдеп келбейлиби?

– Кыздар чакырып жатабы?

– Оюң эле кыз болуп калганго.

– Ананчы.

– Күндөй менен Күлүм мен айтканда эле чуркап келет дейсиңби. Тоого эле.

– Анан бая эле ошентип айтпайсыңбы. Анда мен азыр...

Меке үстү башын жакшы караган жигит. Ал дароо жуунуп тазаланып тойго бара тургансып үйүнөн чекчейип кийинип чыкты. Сумкасына бирдемелерди салып, беш– алты куртту мага сунду.

– Баракелде-е, сен абдан камбыл көрүнөсүң, – деп жонунан таптадым.

Меке досум бул тоонун жыбыт жылгаларынын коен жатагына чейин жакшы билет экен. Ал улам бир жылгы жыбыттардын таржымалын айтып отуруп акыры Моло-Таш деген чокуга чыгарды. Бул жерден биз жашаган айыл алаканга салгандай көрүнөт экен. Бир аз эки жакты карап, таза абсынан кере жутуп, анан ылдыйладык. Бир чоң түп талдын жанынан шылдырап булактын суусу агып жатыптыр. Талдын көлөкөсүнө үстүбүздөгү кийимибизди жая салып тим эле курортто жүргөндөй жайланып отуруп калдык. Меке газеталарды жая салды да үстүнө нан коюп, баклашкадгы айранын мага сунду. Нан менен айран ичкенибиз менен апетитибиз укмуштай ачылып кетти.

– Талаанын тамагы ушундай таттуу болот. Кап, үйдө бышырылган эт бар эле, ала келбей деп кейип калды Меке.

– Досум, ушунуңа деле рахмат. Курсакты да, көңүлдү да кампыйтып койдуң...

Жан жаныбыздан жан сергиткен айдарым жел сого баштады. Кечээгидей кабагым карыш түшпөй өзүмдү сергилең сезе түштүм. Мекенин жанымда отуруп сөзү түгөнбөйт. Айтканы эле Күндөй. Улам эле мактай берет. Сулуу ээ деп коет. Ие, абдан сулуу деп көңүлүн көтөрүп коем. Дардалаңдап сүйүнүп калат. Күзүндө сөзсүз үйлөнөм. Сен күйөө жолдош болосуң дейт. Башка жигиттерди тап. Мен айлыма кетип калат эмесминби отпуска алгандан кийин дейм. Баары бир, кыргызстандын кайсы бурчунда болсоң да таап алам дейт Меке. Анын мындай досчулукка бекем экенине ичим жылый түшөт.

– Меке, – дедим бир маалда. Ал көңүл буруп мени тиктей калды.

– Эмне дейин дедиң эле?

– Менин иштегим келбей жүрөт. Кетем. Директор макул болсун, болбосун ушул чечимге келип жатам.

– Эмне жинди болгонсуңбу, – деп чоочуп кетти Меке. Эч болбосо окуу жылынын аягына чейин чыда. Чүрөк деп эле оозуңдан түшүрбөй жүрөсүң ага чейин ал да келип калат.

– Катуу ооруп кетти дейт. Жакында чыга койбос.

– Эмнеге андай ойлойсуң. Кечээ Чүрөктүн апасы келип кызымды операция кылганы жатат деп бизден акча алып кетти. Операцияны атактуу профессор Улук Жумабеков жасайт экен. Алтын колдуу ал кишинин колунан канчалар айыкпады дейсиң. Көрөсүң го Чүрөк айыгып келет.

– Оозуңа май досум. Бат эле айыгып келсе кана, – деп оор үшкүрүнүп алдым. Бул жолу да кетем деген оюм таруудай чачылды да калды.

Жүрөктө махабат оту бир алоолонуп алса аны өчүрүү кыйын болот тура. Мына үйгө келгенде эч нерсеге көңүлүм чаппай баягы кроватымда, баягы калыбымда үйдүн төбөсүн теше тиктеп аны элестей баштадым. Бүт турпаты сүрөткө тарткандай карегиме түшүп калыптыр. Сулуулугун эстеп тим эле периште эмес беле дейм. Мен кетип калсам, сөзсүз андан айрылам. Сүйгөнүмдөн айрылам. Адамга мындан артык катуу сокку болобу. Жарык дүйнөдө өз сүйгөнүмө жете албасам, анда жашоонун эмне кереги?.. Ушундай ойлор менен алпурушуп жатып уктап кеткен экенмин, түшүмө Чүрөк кириптир.

...Операция столуна ак халат кийген медсестралар үймөлөктөшөт. Кайдан жайдан экенин билбейм, алар менен аралашып мен да жүрүптүрмүн. Эч кимиси сен кимсиң, кайдан келдиң деп сурашпайт. Үңүлүп операция боло турган кызды карайм. Чыны менен эле Чүрөк. Жаным оозума кептелип, көзүмдөн салаа-салаа жаш куюлат. Тигилердин угар укпасына карабай:

– Бул менин сүйгөн кызым. Аман алып калгыла. Суранам силерден, өтө суранам! – деп жалбарынып жалынып жатам. Ошол маалда оозуна марли тагынган адам кудум жүрөктүн кагышындай дүк-дүк эткизе басып операция столуна жакындады. Карасам Меке айткан Жумабеков эмес, дал атактуу Ахунбаевдин өзү болуп чыкты. Резина кол каптарын кийип, анан бычагын алып эч нерсени кенебей денени тилип жатат.

– Абайлаңыз доктор, абайлаңыз, – деп эле чыйпылыктап жатам.

– Жигит айланайын, мага жолто болбой кое тур. Бат эле бүтүп калат, – дейт менин жанында турганымды жактырбай. Бат эле бүтөт дегени көпкө созулду. Чекесинен чыбырчыктап аккан терлерин медсестралар улам сүртүп коет.

Операция бүттү окшойт, Ахунбаев колдорун жууп кабинетин көздөй басып кетти. Чүрөк палатага киргенден кийин гана көзүн ачты.

– Менмин Чүрөк. Тааныдыңбы дейм ага.

– Тааныбагандачы. Сиз Чымыр деген агайсыз да. Мен сизди келеби деп күткөм. Такыр келбей койдуңуз. Эмне башканы таап алдыңызбы, – дейт таарыныч менен.

– Антип ойлбочу Чүрөк. Сенден башка эч кимим жок. Өмүр бою жаңгыз өтсөм да сени гана сүйөм, сени гана....

Ушинтип жатып ойгонуп кеттим. Күн кечтеп калыптыр. Кроватымдан турдум да, кайра көргөн түшүмдү көз алдымдан элестетип жаттым. Кудаа кааласа айыгып келет экен. Андан да мени эстеп жатканын карасаң. Чын эле барып көрүп койсом болмок. Сүйүнүп калар беле деп койдум ичимден. Бирок анын оорусу жүрөктү өйүйт. Келечекте ал кандай адам болот дейм аны алсыз адамдардын катарына кошуп. Кайра көкүрөгүмдөн жаман ойлорду кубалайм. Сүйгөнү дудук же мунжу болуп жашагандар канча. Ал сүйүүнүн күчү эмеспи. А менин Чүрөккө болгон сүйүүм алардан кемби?.. Мен Чүрөк кандай абалда болбосун сүйүүм керек. Ак сүйүүмдү, темирдей бекем сүйүүмдү арноом керек дейм өзүмчө. Анан дагы качанкы бир укканымды эске түшүрдүм. Анын окуялары айтылуу “ Каргул ботом” дастанына окшошуп кетет экен.

Анда мен кичинемин. Бир тойдон келатканбыз. Атамдын жолдошу атта. Биз, атам экөөбүз эшекке учкашып алып аттын артынан калбай кыдыңдатып бастырып баратбыз. Тигилер кызуу сүйлөшүп келе жатып анан жомоктон жомок улап акырында бир жомоктун кызуусуна түшүп кетишти.

– Илгери, илгери, – деп сөзүн баштады атамдын жолдошу, – ушул эле Ала-Тоонун бир жылгасында он чакты гана түтүн эл жашайт экен. Бир азыраак мал кармашып, көбүнчө аңчылык менен жашаган эл болот. Алардын ичинен Койбагар деген жигит атканын жаза кетирбеген көзгө атар мерген болуп чыгат. Тектирдеги текелерди, аскадагы аркарларды койбой, кайберендерге бүлүк салат. Жаратылыштын да сыйкыр күчтөрү бар окшобойбу. Кайберен Эненин айласы кетип акыры өз кызын адамга айландырып Койбагарды көздөй жөнөтөт. Дал ушул учурда Койбагар аңчылыктан жолу болбой башын салбыратып, кабагы карарып тоодон түшүп келе жаткан. Анткен менен суудун жээгинде отурган бир сулуу кызды көрө коюп сүйүнүп кетет. Айылда деле кыздар бар. Бирок Койбагардын көңүлүнө толо берчү эмес. Бул кыз өзгөчө сулуу экенин жанын келгенден кийин гана көрүп таңдана карады. Жүрөгү элеп-желеп согуп, колдору дирилдей түштү. Кызга жылуу мамиле жасап колундагы чаканы ала салды..

– Үйүңөр кайда? Ушунча жылдан бери тоо ташты кыдырып жүрүп бул ортодон үй көргөн жок элем го, – дейт Койбагар.

– Ооба бул ортодо үй жок. Бирок апам бул үңкүргө апкелип жашатып койду.

– Кызык, ал кандай үңкүр. Адам жашай тургандайбы, көрсөтчү мага. Коркпо мен сага түк тийбейм, – деди Койбагар. Кыз Койбагарды ээрчитип кирди. Үңкүрдүн эң түбүндө бир гана төшөк жайылып турат. Башка көзгө көрүнө турган эч нерсе жок.

– Бул эмне деген жашоо? Эч кандай буюм тайымдар жокко. Эмне менен деги жашайсыңар?..

– Ал жөнүндө эч кимге айтпа деген апам. Эми чыгып кетиңиз!

Койбагар андан кадам алыстагысы келбей жүзүнөн нур төгүлгөн кызды карап турду. Мындай сулууну өмүрүндө көргөн эмес. Көзү чачырап жаны жай таппай кетти. Ага болбой кыз колунан тарткылап:

– Кетиңиз, бекер сизге жаман болот. Мен адам эмесмин. Кайберендин кызымын. Сага эскертип кой деди. Тукумубуз азайып баратат. Биротоло түгөнө электе токтотсун деген.

Койбагар ага түк ишенген жок. Менден кутулуунун амалы го деп ойлоду. Анын айткандарынын бирин да кулагына илген жок. Ою эле кыз кумарына балкып, анан эмне болсо да көрөйүн дейт. Жүрөгү мурункудан да бешбетер дүрсүлдөй кагып, кызды кучагына азыр эле имере тарткысы келет. Бирок буга кыз кандай мамиле жасайт? Муну ойлоп тартынчактай түштү да, көпкө кайпаластап туруп калды. Бирок балбылдаган көздөрү, нур төккөн жүзү жанды жай алдырып коер эмес. Анын үстүнө кыздын беттеринин оттугу эми алмадай албыра кызарып чыкты. Качып кетип жүрбөсүн дедиби кыздын колунан шап кармап калды. Кыз мурункудай эле “мага тийбе” дегенден башканы айтпады. Бирок Койбосту эч бир күч токтото албайт эле. Тал чыбыктай белинен кучактап, баятан бери жете албай жаткан алмадай беттеринен жан алы калбай өөп жатты. Кыз дагы эле:

– Койбос, мага жакындаба, сыртка чыгалы, мени кое бер, – деп жалбарынып жалынды. Койбагардын атын эл көбүнчө Койбос деп атаганын бул кайдан билип алганын түшүнбөй башы маң. Мейли мени ким десе ошо десин, бирок колумдан чыгара койбосмун деди ичинен. Жигиттик сезими ичинен түтөп чыгып, башы тумандап, тырсыйган көкүрөгүнөн көзүн албай калды.

– Ары тур Койбос. Мен Кайберен Эненин кызымын. Сен ойлогондой кыз эмесмин. Бүгүн сага адаммын. Эртең кайберен болуп жок болуп кетем, – деди кыз Койбостон ырайым сурап.

– Жок сулуу, сен бир күндүк кыз болсоң да, сенин жаныңдан кетпейм. Суранам, кубалабачы шылтоо таап. Аччы кучагыңды. Айдай тунук жүзүңдөн аймалап, ушул түндү сени менен өткөрмөйүнчө, бир күндүк болсоң да сенин ыллазатыңа рахаттанмайынча өлсөм да кетпейм.

– Апамдын каргышына калабыз.

– Апаңдын каргышы мени эч нерсе кыла албайт. Колумда мылтыгым туру. Көзгө көрүнөр менен атып салам, сен адам бойдон каласың.

Ошентип Койбагар кыздын айтканына ишенбей, ишенсе да перидей сулууга арбалып, көзү чачырап, каруулуу колу көйнөгүнө тийди эле, аны быт-чыт кылып айрып жиберип, босогого ыргытып жиберди. Кыздын денесинен нур төгүлүп үңкүрдүн ичин жапжарык болуп кетти. Башы ың-жың болуп, сендиректей түшүп, кучактаган бойдон төшөккө жыгылды...

Түн ортосу ооп кетти. Койбагар бирөөлөр түрткүлөгөндөй кызуу уйкудан ойгонуп көзүн ачты. Кыз айткан Кайберен Эненин каргышы тийбей эле кыз менен айкалыша кучакташып жатат. Мылтыгын жанына койгон. Ал да өз ордунда. “Айланайын кудайым, бул жакшылыгыңа ыраазымын”-деп күбүрөнүп алды. Эми уктабашым керек. Кайберен Эненин келгенин өз көзүм менен көрөйүн деди ичинен. Бирок таңкы уйку таттуу болот эмеспи, уктап кетип ойгонсо, сыртта, көк шибердин үстүндө жатат. Жанында ак эчки. Эки көзүнөн салаа-салаа жаш агат. Бул кадимки бакма эчки эмес, кыз болуп кубулган эчки экенин көрөрү менен баамдады. Катыгүн ай, деп эми бармагын тиштеди. Эми эмне кылам?

Жанында жаткан мылтыгын алып, көк мелжиген тоого көз жүгүрттү. Бүгүн да кур кол барамбы деген ой анын тынчын алды. Улам-улам жашы тыйылбаган эчкини карап коет. Бирок аны ушул жерден эле жайлап коюуга кантип колу барат. Ал чынында түндөгү кыз эмеспи.

Койбагар бекер кылган экенмин деп ичтен түтөп, аман эсен соомда кетейин деди да өзөндөгү суу муздак болсо да үстү башын чайына кетти. Жаңы гана ордунан туруп, кетүүгө камына баштаганда, эчкинин маараган үнү угулду. Тим эле жаагын жанып жатат. Тиги бетти көздөй кубалап жиберейинчи деген ойго келип, жанына басып келди. Эчки мурункудан бешбетер жашын төгөт. Койбагар баарын түшүнүп турат. Бирок болору болду, арга жок, колдон эч нерсе келбейт.

Эчкини тоо жакка айдады эле артка кетенчиктеп Койбагарды көздөй тырышып туруп алды. Бир жагы буга аяо жок турбайбы деген бүтүмгө келсе, бир жагы мергенчилик таш боор сезими ойгон түштү. Дароо мылтыгын ийнинен ала салып эчкиге туштап мылтыктан ок чыгарды. Эчки дароо кызга айланып чачтарын сеңселтип эки колу менен көкүрөгүн басып чалкасынан кулап түштү.

– Алтыным, мен сени байкабай атып алдым! Өлбөчү!.. Эгер Кайберен сенин энең болсо мени тирилтип ал дечи. Мындан ары силердин укум-тукумуңарга тие турган болсом ошол жерден сенин Кайберен Энеңдин кусуру урсун!

– Баары кеч Койбос. Баарын сага айтканмын. Мен өз милдетимди аткардым. Кыздын бетиндеги кызылы азайгандан азайып боз топурактай бозоргондон бозоруп баратты.

– Өлбө дейм, өлбө! – деп Койбагар аска зоону жаңыртып өңгүрөп өксүп ыйлап алды да, анан катарына жата калып мылтыгын мээсине такап өзүн өзү атып калды. Ошентип ашкан сулуунун бир күндүк ылаазатына бүт өмүрүн берген экен Койбагар.

Ооба, эстен чыккан бул уламыш Чүрөк оперцияда экен дегенден кийин эске келип отурат. Эгер Койбагардай бир күндүк тагдыр Чүрөк экөөбүздүн башыбызга келсе эмне кылар элем? – деп ойлоп коем.. Ооба, дейм өзүмө өзүм, мен да сүйгөнүм үчүн, жана тиги дүйнөдө да бир болуш үчүн, эч ойлонбой жанымды кыймакмын.

Бир күндө эле түш көрүп, бир күндө эле атамдын жолдошунун жомогун эстегендигим кара. Түшүмдү го жакшылыкка жорудум. Эмнеге тиги жомокту эстей салдым. Эми ал жомокту таптакыр башымдан алып ташташым керек. Анткени Чүрөк аман-эсен келет. Анын сүйүүсүнө жетүү үчүн өзүмдү ким экенимди көрсөтүп, мага деген ашыктык отун тутантып, өзүмө тарта албасам анда мен жигит эмесмин...

Меке экөөбүздүн кыздарга баруубуз токтоп калды. Күндөйдүн апасынын чатагын Муса Мураталиев өзү басты. Анткен менен кыздарга жолугуу кыйын болуп калды. Меке экөөбүз тең алардын апалары дагы чатак чыгарып жүрбөсүн деп коркобуз. Бир жагы аларды ойлоого да чамабыз келбей калды. Завучубуз Гүлгаакы Орунбаевна улам директордун үстүнөн арыз жазып отуруп жоон топ комиссияны чакыртып, мектептин окуу тарбиялык иштерин текшерткен эле. Жыйнтыгын чыгарыш үчүн кайрадан педсоветтин чогулушуна отуруп калдык. Бул коммиссияда да Алтынай Керимкуловна келиптир. Муну завучубуз жактырбай мурдун чыйрый коюп отурду. Окуу тарбия иштери катуу талаш тартыштарды жаратып акырында жыйынтыкталды.

– Биз Гүлгаакы Орунбаевнанын завуч болуп иштешине каршыбыз, – деди мурдагыдай эле Аман агай ордунан тура калып. Аны мугалимдердин көпчүлүгү коштоп кетти.

– Жаш мугалим катары бул эжекеден жардам алгандын ордуна демимди суутуп чыгармачылык ишиме суу сээп келатат. Алдыңкы тажрыйбаны ар бир мугалимге жеткирүүнүн ордуна жалаң директорлук орунду талашуу менен, арыз жазуу менен убара. Жазгандары бир китеп болуп кеткен чыгар Алтынай Керимкуловна. Мен кесиптештеримдин айткандарына кошулам. Бүгүндөн баштап орунду бошотсун, – дегенимде Гүлгаакы Орунбаевна мени жеп жиберчүдөй карап алды да:

– Мен бул орунду бошото турган эч кандай далилдер жок. Мунун баарын уюштуруп жаткан директор Муса Мураталиев жана мугалим сөрөй болуп иштеп жаткан Чымыр Коргонбаевдер.

– Мугалимдерге жек көрүнүп калдыңыз. Эмне эле тырышып кайра завуч болом деп жатасыз. Анчалык кызыга турган бийик деле орун эмес ко, – деди Эсен деген мугалим.

– Куйрукка кыпчылган куюшкандай болуп сизге эмне жок! Сизге карата эч нерсе айтып жатпагандан кийин иттей болуп үрбөй отура бербейсизби. Иттер ушинтип үрө берет. Бирок баары бир муну агартуу министрге чейин жеткирем. Уюштуруучу Муса Мураталиев жана райондук агартуу бөлүмүнүн ага инспектору дейм. Ошондо кирерге ийин таба албай жүрбөгүлө.

Гүлгаакы ачууга алдырып өзүн өзү токтото албай, оозуна эмне кирип,эмне чыгып жатканын билбей калды.

– Этика деген болот, – деп Муса Мураталиев токтоо сүйлөдү.

– Жети жыл бою этика-метика дегенди укпай эле иштеп келгем. Эми, бүгүн эле силерге этика-метика керек болуп калдыбы?!..

Мансапты канчалык жакшы көргөнү менен Гүлгаакынын амалы түгөнүп, бир жагы ызасына чыдай албай ордунан турду да, эшикти катуу жаап чыгып кетти...

Күлүм менен Күндөйдүн ата-энелери жакшы эле такалап койсо керек, бизге түк жакындабай калышты. Мага го алардын токтогону токтобогону, сүйлөшкөнү сүйлөшпөгөнү кызык эмес. Бир гана Чүрөктү ойлойм. Эртерээк чыгып келсе дейм. Сүйүүмдү айтсам дейм. А Мекеге жаман болду. Күндөй менен жолуга албай кусадар. Мурункудай эмес түнт, ойлуу. Карап туруп ага боорум ачып кетет.

– Астынан чыгып эле сүйлөшпөйсүңбү, – дейм ага.

– Өткөндө мага жакындаба, менден алыс жүрчү, – деп кагып койгон. Ошондон бери жолой албай жүрөм. Бир амал тапсаңчы Чымыр.

– Көп кайгырба досум. Көчөнүн этегиндеги бакты билесиң го. Кыздарды ошол жерден тособуз. Анан көрөбүз. Таптакыр карабай койсо аны да көрдүк. Биз да сүйлөшпөй коейлук. Кайра бизге жалдырашып жүрбөсүн.

Бул сөз Мекеге майдай жагып, чын ыкластан күлүп калды.

Көптөн бери сыдырым суук өкүм сүрөт. Бул кеч күздүн шарты да. Ошондуктан жылуу кийинип бак ичине келип, тал теректерге кызыгы карап турабыз. Мурда сапсары жалбырактардын сапырылып жаткандарын көрсөк, азыр илинген бир да жалбырак жок. Жерде жаткандары чирип бүтүп калыптыр. Адамдын жашоосу да ушундай дейбиз Меке экөөбүз. Жаз – балалык, жай – жаштык, күз – картаюу, кыш – жок болуу го дейт Меке. Каяктан уктуң эле дейм мен. Деги өзүмчө оюм да дейт Меке. Анын жооштугу гана болбосо, ак көңүл, ичине кир сактабаган, куулук шумдукту билбеген жигит. Деги кай жагынан албайын бүт кылык жоругу мага жага берет.

Мына адаттагыдай жол менен окуучу балдар өтө баштады. Бактан алыстабай аларды чыдамсыздык менен күтөбүз. Алар алыстан эле байкады окшойт. Жайлап басып калышты. Көчөдөн өткөндөрдүн аягы суюлду. Экөөбүз эки кыздын алдынан тосуп чыктык. Учурашкандан кийин эле эч кимге көрүнбөй бак жакка туралычы дедик. Меке дароо Күндөй жакка өтүп колтуктай калды эле, ал жактырбай:

– Жөн турчу, бирөө жарымдар көрсө уят. Анын үстүнө өткөндө апам аябай урушуп ошондон бери балдар менен сүйлөшкөндөн да коркуп калдым.

– Менин апам урушкан деле жок. Апаң тажаал да, – деп Күлүм Күндөйдүн таарынарына карабай бетке айтып калды.

– Ошону айтып бер деп жатамынбы? – деп Күндөй бурк этти.

– Өттү, кетти. Өткөндү өрт алсын дегендей өткөндү эстебейличи. Мен сени сагындым, – деп Меке Күндөйдү кучактай калды.

Биз аларды карап тура бербей, Күлүм экөөбүз арыраак басып барып, бир талдын түбүн байырладык.

Көптөн бери көрбөгөндүгүмдөнбү, же мурда көңүл коюп карабагандыгымданбы Күлүм аябай сыналып кетиптир. Бетинде чекиттей так жок тим эле муздай сыпсыйдан. Коюу каштарынын астында карагаттай капкара тунук көздөрү балбылдап жанып турат. Күлүм көздөрүмдүн тигиле калганын сезе коюп, мага ыктай басып, колтугума кынала түштү. Көөдөнүмдөн жылуу сезим агылып, ага тартылып бараттым. Дароо курткамдын топчуларын чечип, жылуу койнума тарта кучактай калдым. Эми эмне дээр экен дегенсип Күлүм менден көзүн албай карап турду. Мен да от чачкан каректерин кызыга карап, кандайдыр бир сыйкырлуу күчкө азгырылып, мөлтүрөп бышкан эриндерине тамшана, тартылып бараттым. Бирок дал ушул учурда Чүрөктүн элеси көз алдыма тартыла калды. Тартыла калды да “Сен ушундай белең!” – деген үн кулагыма жаңырып кеткенсиди. Денем заматта муздай түшүп, селт эте чоочуп, Күлүмдөн кучагымды бошото салдым.

– Сага эмне болду? – деди Күлүм.

– Эч нерсе болгон жок. Жөн эле чоочуп кеттим, – деп шылтоо таба койдум.

Күлүм өткөн жолугушуудан кийин мага таарынып калган болуш керек деп ойлоп жүргөм. Көрсө көргөнүн көңүлүнөн бат эле чыгарып, кымындай да көңүлүнө кир сактабайт экен.

– Көптөн бери сага берейин деп сактап жүргөм, – деп Күлүм сумкасын ача кетти. Ачты да бет арчыны алып чыгып, мага сунду, – чекелерин өзүм саймаладым. Эстеликке Чымыр. Дайым жаныңда жүрсүн.

Эмне кыларымды билбей калдым. Албай койсом таарынарына көзүм жетип турат. Анан калса туура Айгүлдөй ызаланарын ойлоп, бет аарчынын ар жак,бер жактарын караган болуп:

– Ырахмат, тим эле сонун жасаптырсың, – деп мактап, жүрөк тушундагы чөнтөгүмө салып койдум.

– Чын элеби? – деди.

– Чын эмей.

Күлүм жакшы ойдо калганбы, кайра кучагымда экилене эркеледи.

Арадан а-бу дегенче эле эки саат өтүп кетиптир. Бая эле азоо аттай ыргыштап жаткан Күндөй каймак майдай эриди окшойт, Мекенин кучагынан чыкпай махабатка малынышып чоң теректин түбүндө турганын Күлүм экөөбүз карап турдук. Мына Меке бир нерсе деп кобурап, анан башы ылдыйлай түштү. Күндөйдүн калың чачы Мекенин далысына ороло калды. Өбүшүп жаткан го деп Күлүмдүн ичи тарый түшүп, турган жеринен кыйкырып жибере жаздады.

– Жөн эле коелу. Жай басып кете береличи, –дедим.

– Жок, ансыз да кечигип үйгө бара жатабыз. Анын апасы кызын эмес, мени күнөөлөп урушуп жүрбөсүн.

Ооба, Күндөйдүн апасы кызынын биз менен жүргөнүн билсе, анда бизди кечирбеси анык. Ушул ой эми гана башыбызга келгендей:

– Күндө-өй!.. – деп кыйкырды Күлүм, – эмне экөөңөр тең эч нерсени ойлонбой калгансыңар. Кетпейлиби?..

– Түндө жүргөн жерибиз жокко. Күндүз кимден коркот элек, – деп Күндөй күңкүлдөдү. Алды менен эки кызды кое берип көптөн кийин гана Меке экөөбүз бактан чыгып, өз-өз үйлөрүбүзгө бет алдык.

Күн күнгө уланып убакыт жылып өтө берди. Чүрөк болсо операция болуп чыга турган болуп жатканын качан эле уккам. Бирок кечиккенден кечиге берди. Антсе да аны көрсөм экен, сүйлөшсөм экен деген эңсөөм жүрөгүмдү тынчытаар эмес. Айтоор келет келет дегенден бери кусалык, сар-санаа башыма үйүлдү да калды.

Он күндүк каникулга чыктык. Көчүп келбейсиңби деген директордун айтканы эсиме түшүп, Муса Мураталиевичке жолуга калдым.

– Эмне жумуштап, – деп мени көрөрү менен сурады.

– Көчүп келсемби деп жатам. Кандай дейсиз?

– Мурда эле айтпадым беле, үйдө тамак кыла турган, кир жуба турган сөзсүз бирөө керек деп. Анын үстүнө апам жаңгыз дейсиң. Апкел. Сага бардык шарт түзүп берүү менин милдетим. Квартира болсо дайын. Бүгүн көчүп келем десең мына кагаз, жазып берейин, гаражда машина турат, ал да көчүп келе бер.

Көп ойлонбой эле машинаны алып жолго чыктым.

Кичинемден чоңойгон үй бир башкча көзгө сүйкүм көрүнөт турбайбы. Анын үстүнө бул тамды атам өзү салып анан согушка кеткен. Эжем экөөбүз ушул үйдө өсүп чоңойгонбуз. Былтыр эжем машиналардын кагылышуусунан кийин кайтыш болгон. Бул кырсык апамдын жүрөгүнө катуу сокку урду. Ошондон бери кан басымы жогорулап ооруп келет. Апамдын таянар тоосу да, ишенери да мен. А менин турмуш жолум мугалимдик кесиптен башталып, анын аягы кандай болору белгисиз. Бирок алдыга максат коюп, алга умтулуп иштесем акыры майнап чыгат ко деп ойлоп коем.

Үйгө кирдим. Апам чай ичип отуруптур. Ордунан тура калып:

– Эмнеге мынчалык келбей жүрүп алдың, – деп бетимден чопулдата өөп кирди.

– И-и ушундай апа, мугалим дегениң балалуу аялдай экен, эмне кылайын, балдардан бошоно албай жүрдүм.

– Мейли, отурчу, жагдайыңды айтчы. Дени сак-саламатта иштеп жүрсүңбү? Сен кечиккен сайын эмне болду деп убайымга түшүп жүрдү элем. Келгениң сүйүндүрүп койбодубу, – деп апам эбеленип-чебеленип чачымдан сылагылап сагынычын жазды.

Канча айткан менен апанын мээримине жетпейт ко. Мага деп сактап койгон май каймагын, шире, татти-токочторун жайнатып дасторконго кое салды. Чай ичип жайлангандан кийин:

– Апа, сизди иштеп жаткан жериме көчүрүп кетейин деп келдим, – дедим.

– Мени жагыз таштабай багайын деген экенсиң. Чоңоюп жигит болгон баладан айланайын. Сен жүр десең жердин түбүнө чейин кете берем. Бирок атаңдын көзүндөй болгон бул конуш жайды эмне кылабыз? Адам отурбаса эртең эле бузулуп, тал теректери куурап калбайбы?..

– Чекир атамдын баласы мен отурайын деген. Ал шаардан жакында эле көчүп келиптир. Шаардан жададым, жер алып, жерди иштетип, мал баксам дейт. Эки балалуу болуп калыптыр. Шаарда көп жылдан бери жашаса да айылга келип маңдай терин төгүп иштеп, ак эмгектин үзүрүн көрөйүн дегенин айтпайсыңбы апа.

– Эч нерсе эмес балам, ал да айылдык турмушка көнүп кетет. Тамак ашын жерден алып турса. Кийим кечек кудай алсын, ал жагы кыйын эмес. Чакыр анда, үйдүн ачкычын таштап кетели.

Ошентип көчүүгө камынып калдык. Апам тамак ашын даярдап, коло –коңшуларды чакырттырып дасторконду кенен жайды.

– Жийдегүл, сен канча айткан менен түшүнүктүү аялсың да, – деди коңшубуз Абды ата, – конуш которуштурганда ушинтип биздей аксакалдардын ак батасын алганың жакшы. Ким экенин ачык айтпайын, бая жылы айлыбыздан эле бирөө тамын сатып, биз менен коштошпой, түн жамнып, жоо кубалагандай көчүп кетиптир. Бул ата салтыбызга сыйбаган иш. Бир айылда жашагандан кийин баарыбыз бир тууганбыз.

– Ал жигиттин атын эмне жашырып жатасыз Абды ата. Канчалык жашырганыңыз менен бул жерде отургандардын баары билет. Конушбекти айтып жатасыз ээ.

– Ооба. Бир аз жашырайын десе... О кысталактын баласы ай, – деп Абды ата кыйпысыктай түштү. Отургандар дуу күлүп калышты.

Үй эмеректерибиз анчалык көп болбогондуктан коло коңшулардын балдары эле жүктөшүп коюшту. Машина зыпылдап айылдан чыга бергенде киндик кан тамган айылым менен коштошуп, ичим тыз дей, көзүмдөн жаш имериле түштү.

Мен кирчү там мурда бухгалтер болуп иштеген бирөөдүн тамы экен. Өтө көп суммадагы акчага растрата болуп камалып кетиптир. Кыясы ал акчадан кутула албай мамлекетке өткөрүп берсе керекко.

Апам бул тамды көрөрү менен аябай сүйүндү. Ичин карап чыгып кайсы жерге эмне коерун, кайсы жерге килем туш кийиздерин илээрин айтып түгөтө албайт. Анан бизге жетпей жаткан буюм тайымдарын да айта коет.

– Кудай буйруса бардыгын таап берем апа, азырынча отунубуз жок эмеспи, Меке досумдун бош турган газ плитасы бар экен, ошону апкеле коеюн. Жакында айлыгым тиет, кем карчыларыбызды түгөлдөп алгандан кийин сизге окшогон көйнөк алып бербесемби.

– Азырынча ушул көйнөгүм да жетишет. Жалтырак-жултурак көйнөктөр мени көкөлөтүп жибермек беле. Сенин ден соолугуң тилейин балам. Дүнүйө болсо колдун кири. Бир күнү бар да, бир күнү жок.

Ошентип апам экөөбүз эле үч бөлмөлүү тамда кенен кесири жашап калдык. Жашоо шартым да жаңгыз жашап жүргөнүмдөн жакшырып калды. Үстү башымды тыкан кармачы болдум. Мунум апама жагып калып, качан келин аласың деп калат. Жакында деп коем. Айтканымдын жөнү бар эле. Башыма кандай иш түшпөсүн Чүрөккө үйлөнөрүмдү ой менен бекемдей берчүмүн. Бирок апама айтсам оорукчан турбайбы деп секирип кетеби деп сырымды билдирбөөгө тырышчымын. Ошондой болсо да жаш жигиттин келинчеги жылдыздуу болгону жакшы дей берет апам. Демек Чүрөктү бир көргөндө эле апам жактырат.

Меке кызык жигит. Укканын ичине түк сактай албайт. Деги ичим тап болуп ичине сактап жүргөндөрдөн көрө ошонусу жакшы. Өзгөчө мага эч нерсени жашырбайт. Ал турсун Күндөй менен кандайча жолукканына чейин айта салат. Аны мага айтпай эле койчу дейм ага. Ага болбойт. Укканын, көргөнүн ортого төгө салат.

Бир күнү кечке маал үйгө кирип келди. Чуркап келгенби тим эле көл-шал болуп тердеп алган.

– Эмне болду мынчалык? – дедим ага.

– Укан жоксуңбу? – деди ал

– Жок.

– Сүйүнчү берем десең айтам.

– Берем.

– Кана колума сал.

– Мына жүз сом. Жетеби?

– Жетет.

– Маалкатпай айтпайсыңбы эми.

– Чүрөк келди!..

– Чынбы Меке?

– Чын.

Экөөбүз тең бири-бирибизди кучактап, ал турсун бири-бирибизди көкөлөтө көтөрүп сүйүнүп жаттык. Акыры айылдагы магазинге барып жакшы эле “майрамдап” коюптурбуз, эртеси баш терибиздин өңү өзгөрүп, үрпөйүп мектепте отурдук..

Чүрөк үйүнө келгени көңүлүм тынчыбады. Качан көрүп жолугушаар экем дейм. Баягыдай эле сулуубу, же оорукчандыгы өңүн өзгөртүп салдыбы, ооруунан кантти экен, толук айыктыбы,эмне болду, баарын эртерээк билсем экен дейм. Бирок Чүрөк көптөн бери мектепке да барган жок. Көчөдөн да көрүнбөйт. Бул мени кайрадан сар санаага салат. Ушунчалык катуу ооруганбы, же кандай себеп?..

Бекер эле кайгы чегиптирмин. Көп өтпөй Чүрөк мектепке барып калды. Көчөдөн баягы үч кыз бири-биринен бөлүнбөй өтө баштады. Чүрөктү көрүп жүрөм. Үстүндө ак жакалуу пальто. Жибек тор жиптен жасалган аппак баш кийим кийип алыптыр. Кийген кийимдери боюна да, өзүнө да жарашып турат. Эми каерде жана кандайча жолугушабыз? Бул менин жүрөгүмдү өйкөп жүргөнү менен Меке дос Күндөйдү Чүрөккө жумшаарын айтты. Бардыгы биз ойлонгондой болуп чыкты. Күндөй Чүрөктү биздикинде болобус деген шылтоо менен үйүнөн алып чыкты.

Айылдын чекесинде калың алма бак бар. Аны Кожомкулдун багы деп коюшат. Анын да себеби бар. Союз тараганда Кожомкул аксакал бул бакты менчиктештирип алган. Башынан багбан болуп жүргөн киши бул бактын багын ачты. Жайында алмалары укмуш салат. Алма бышкан убакта башкалардай болуп катуу коорубайт. Жесеңер жегиле, бутактарын сындырбагыла, күбүп кетпегиле деп гана басып кетет. Адам пейилди оңдосо, кудайым да ошол кишиге ырыс чачат тура. Күзүндө алмаларын машиналап сатып, өзүнө киреше кылат. Эл ичинде да Кожомкул атанын кадыр баркы чоң.

Ошол бакты көздөй бет алдык. Бир таман жол кетиптир. Акыры бакка байырлап туруп калдык. Меке менен Күндөй биз менен бир аз сүйлөшүп турду да, бизге жолто болбоюн дедиби ары басып кетишти. Качан эле жалбырактары түшүп, жылаңачтанган алманын түбүндө Чүрөк экөөбүз туруп калдык. Жана эле сураганым менен кайра суроого туура келди.

– Ден соолугуң жакшы элеби?

– Жакшы. Оор операция дешкен. Чынында эле ошондой болсо керек. Өмүрүмө биринчи кудай себепкер болсо, экинчи мени операция кылган Жумабеков врачым себепкер болду. Мурункудай эмесмин, өзүмдү сергек сезип калдым. Баары бир сактанышым керек экен.

– Мага таарынган жоксуңбу?

– Эмнеге таарынмак элем. Ачыгын айтсам кат жазабы дегем. Сен эмес тиги классташ досторум да кат жазышпай коюшту.

– Кечирчи мени. Сенин мындай ойдо болоруңду билбептирмин.

Өзүмдү күнөөлүдөй сезип, эмне айтаарымды билбей калдым. Бир маалда гана мен ага жакындадым. Пальтосунун жакасын оңдогон болуп аны карап турам. Мына көптөн бери уйкумду умачтай ачкан, бассам турсам элеси көз алдымдан кетпей жүргөн бешенемдин чолпон жылдызы бет алдымда турат. Ушул көз алдыма келе калган бактыма жетине албай, толкундануунун да, кубануунун да кучагында бөлөнүп турганымды Чүрөк сезген жок. Ойлуу мени карап коет да, эми эмне айтаар экен дегенсип тим болот. А мен болсом анын жакасын оңдогон бойдон эч нерсе айта албай тымтыйып турам. Мунун баары биринчи жолугушууданбы деп өзүмчө ойлоп коем. Бирок канткен менен мергенчи Койбагардай болуп суктангандан суктанып, жүрөктөгү албуут сезимди башкара албай тартылгандан тартылып бараттым.

– Үшүгөн жоксуңбу? – дедим акырында пальтонунун сыртынан кучактап.

– Сенчи? – деди ал.

– Үшүп турам. Койнуңа аласыңбы?

– Пальтонумдун топчуларын чече алсаң.

– Чечпегендечи, – деп аракет кылганым менен ал тырыштыра тартып жакшы эле убара кылды.

– Мынакей, – деп күлдүм мен, – эми сенин демиңе жылынам.

Чын эле Чүрөктү пальтонун ичине кирип кучактарым менен анын деми лапылдап уруп оттун табында отургансып ыссып чыктым. Көзүбүз көзүбүзгө кадалып, жүзүбүз жүзүбүзгө жакындап, эриндерибиз саал умтулсак эле тийише тургансыйт. Мындайга биринчи туш болгон жаным, эринден өөп коюуга даай албадым. Мөлтүрөгөн жүзүнө азгырылып, сулуулугуна көзүм чачырап, ошого эле каниет алгандай мемиреп, кыймылсыз тура бердим. Айтаар сөзүмдү эмнеден баштоону таппай туруп анан:

– Мен сенин элесиңди түшүмдөн да, өңүмдө да көрүп жүрдүм. Айыгып келсең эч болбосо жолугушуп сүйлөшсөк экен деп кудайдан тилегенимди айтпа. Мына эми сен жанымдасың. Ишенсең азыр менин бактым ашып ташып турат.

– Кыздарга ушундай жалындуу сөздөрдү айтууну үйрөнүп алсаң керек Чымыр. Мен сенин бул сөзүңө ишене албайм.

– Эмнеге?..

– Күлүм менен кинго барыптырсың го.

– Кантип жашырайын. Баргам. Меке дос жүр деп болбой койгондон кийин. Барганым да жакшы болгон. Күндөй менен Мекени жакшылап тааныштырып койдум. Мына алар эгиз козудай ээрчишип жүрүшпөйбү.

– Ал Күндөй менен ээрчишип жүрсө, сен Күлүм менен ээрчишип... Анан Күлүмдөн бет аарчы алып... Демек мени эмне кыласың?!.. Күлүмдө ден соолук десең ден соолук, өң десең өң бар.

Чүрөк мага таарына калып, ачуусу бат эле тутана түштү. Колумду белинен силке салып, кетүүгө камынды. Каяктан Күлүмгө жолугуп калдым эле деп өзүмдү өзүм күнөөлөп аябай өкүнө түштүм. Чүрөк болсо буруюп менден алыстап баратты. Жаңы эле көкөлөгөн кубанычым кайда учуп кеткенин билбей калдым. Артынан жете барып:

– Токточу Чүрөк, – деп колунан кармап калдым, – чынымды айтайын, ага эч кандай ичим жылыбай койгон. Жөн эле ал мага жармашкандан кийин көңүлүн алган болуп жүргөм. Кызганбай эле койчу андан. Түк эми ага жакындашпайм.

Чүрөктүн ачуусу тарабай турганын сезгеним менен колун бошотпой тура бердим. Кызганычтан көзүнөн жаш кылгыра түшкөнүн көрүп ичим ачыша түштү. Аны боорума тарта:

– Алтыным менин, көп кейибечи. Ал сенин ден соолугуңа зыян. Мен куруюн, эми экинчи андай болбойт, – деп жалбарынып жалынып жибердим.

Чүрөктүн таарынычы жазыла түшкөнсүдү. Жакындай түшүп, өзүмө тарттым. Бур этип жагымдуу жыт мурдума өрдөдү. Алапайым таппай кеттим. Чачтарынан сылагылап, анан бетинен чоп эткизип өөп алдым. Ошого эле денем дирилдеп жатканын сездим. Байкоомдо Чүрөк да менден бешбетер калтырап турат. Аяп кеттим. Эрининен өбө албадым. Талчыбыктай белине оролгон колумду бошотууну суранды. Кое бердим. Ачылган пальтосунун топчуларын салып, жакасын оңдодум. Мекелер келип калды.

– Эмне сагынычыңар тарадыбы? – деди Күндөй мени колтуктай калып. Унчукканыбыз жок. Чыйыр салынган жол менен бири бирибиздин артыбыздан катарыбызды бузбай үйлөрүбүзгө келаттык.

Өткөн түн мен үчүн керемет түн болду. Чүрөктүн бир аз таарынганы болбосо ортобузда от чачкан тунук сүйүү бар экенин сездим. Ал от мындан да жалындап жалбырттап чексиз сүйүүгө айланарын ойлосом көөдөнүмө кубанычым батпай кете тургандай. Ылайым эле ошондой болсо экен деп ичимден жаратканга жалбарынып жаттым.

Чүрөк менен жолугушкандан кийин не бир жакшы ойлор, не бир максаттар пайда боло баштады. Окуутуунун жаңы ыкмаларын үйрөнүп, аны башкаларга үйрөтүүгө далалаттана баштадым. Менин бул аракеттериме Муса Мураталиев таң кала, өзгөчө көңүл бөлөт да, сабагыма кирип, күндөн күнгө такшалып баратканымды айта калчу болду. Үйдө да мүнөзүмдүн өзгөрүлгөнү байкалат окшобойбу. Өзүмчө кыңылдап ырдап, майда барат иштерди апамдын оюндагыдай бүтүрө коем. Өзүмчө эле шайырланып, апамды тамашалай берем.

– Минтип колоңдоп жүрө бербей келинчек апкелсең боло, – дейт апам.

– Окуу жылы аяктасынчы апа, сөзсүз келин апкелем. Көрөсүз го ай десе ай, күн десе күндөй сулуу кыз.

– Ошондой болсо кана. Анча мынча тескери кыялы болсо кудай алсын, жакшы мамиле кылсам, ал да адам баласы го жөнгө келет. Анан бул кара казанды ага өткөзүп берип, чалкалап жүрө бербейт белем, балам.

– Ошентесиз апа. Ага чейин бөөдө кырсыктан аман болуңузчу, – дейм апама кичинекейимдей эркелеп.

Мугалимдик кесиптин өйдө төмөнү көп боло турганын келгенде эле сезгенмин. Мына эки начар окуган окуучуму жөнгө сала албай көптөн бери убарамын. Анын бири Саматов Керимбек деген бала. Өзүнүн айтканынан кайтпаган кежир, айтканды айтып жатасыңбы, деп жатасыңбы дебеген неме. Анын бул кыялдары класс жетекчи катары мага жакчу эмес. Тарбиялоо үчүн канча аракет жасаганым менен тоң моюндугун койбой койду. Айлам кетет. Директорго айтсам, тарбиялоо сенин милдетиң. Начар окуса жолун тап. Эч болбосо орто окуучуларга жеткирүү сенин милдетиң деп тим болот.

Бүгүн да аны доскага чыгардым. Суроого жооп берүүнүн ордуна мени тоготпогонсуп кыйшалаңдап класстагы окуучуларды күлдүрүп жатты.

– Минтип жүрсөң ордуңда каласың! – дедим ачуулана.

– Эмне эле күйүп бышып жатасыз агай, ордумда калсам мен калам. Сиздин бирдемеңиз кетип жатабы, – дейт эч нерсени тоготпой.

– Сенин келечегиңди ойлоп жатам Керимбек.

– Ойлобой эле коюңуз. Керек болсо окубай деле коем.

Керимбек түз эле партасына келип сумкаларын алып сыртка умтулду.

– Сен эч жакка кетпейсиң! Отурасың, окуйсуң!

– Колуңузду тартыңыз!

– Тартпайм! Ушул жерден чыгып көр!

– Чыгам.

Анын мындай катуу каршылыгына денем титиреп чыкты. Ачуум менен итерип жибердим. Керимбек полго кулады. Окуучулар дуу көтөрүлүп, аны карап калды. Ал ордунан көтөрүлөр менен өңгүрөп өксүп ыйлап сыртка чыгып, үйүн көздөй бет алды.

Сабагым аяктай электе эле директор агай кирип келди.

– Чымыр Коргонбаевич деги класста эмне болуп жатат? – деп ачуулуу карап алды.

– Эч нерсе болгон жок агай. Окубаганы аз келгенсип мени окуучулардын алдында шылдыңдагысы келди. Ачуум менен итерип жиберсем жыгылып калды. Болгону ушу.

– Ай, ай Коргонбаев баягыда тигиндей, эми мындай. Сени деги эмне кылсам? Айла жок сөзсүз педсоветте карайбыз, – деп директор кабагын карыш түшүрүп класстан чыгып кетти. Мен да ойлуу мектептен чыктым. Керимбектин ата-энелери азыр чуркап келип абийримди айрандай төксө кантем дейм. Баарынан директордун сөзү катуу тийди. Эртең ал жыйырма мугалимдердин ортосуна салып чоктой кызартат. Коенду камыш, жигитти намыс өлтүрөт деген сөз эсиме түштү. Эгер катуу сөгүш бере турган болсо, эч нерсени карабайм да көчүп кетем. Тойдум анда жумушуна.

Мына ушундай ойлор менен алпурушуп, арт жагымда келе жаткан кыздарды сезбей калыптырмын. Кулагыма сиңип калса керек, Чүрөктүн күлкүсү булактын үнүндөй шыңгыр этти. Шарт бурулдум. Чүрөк менен Күндөй. Жаңы эле карыш түшкөн кабагым ачыла түштү.

– Эмне мынча ойлуусуң? – деди Күндөй мага жете келип.

– Силерди ойлоп келе жаттым эле.

– Ойлогонуң жакшы болгон. Эртең бошсуңбу?

– Бошмун. Сабагым жок.

– Тоого чыгайлыбы?

– Кандай алтын кызсыңар. Муну кимиңер ойлоп таптыңар?

– Айтпайбыз. Андан көрө Меке барат бекен?

– Ал милдетти мага жүктөгүлө. Жонума көтөрсөм да алпарам.

Ошентип үчөөбүз жылуу коштошуп, ар кимибиз өз үйлөрүбүзгө бет алдык. Керимбектин ыйлап класстан чыгып кетиши жүрөгүмдү өйүп туруп алды. Жөн жайды билейин деп ал жашаган үйгө бурула калдым. Керимбек “ мени агай урду. Класстан качып чыктым” деп даттанып жатыптыр. Дал үстүнөн чыкканымды кара. Апасы мени көрөр замат атырылды.

– Баламды урган сенсиңби я?!..

– Уксаңыз эже, мындай болду...

– Урарың уруп алып, актанайын деп келдиңби! Өлүң-тириди көрөйүн десе, силерди уруп-тебелесин деп чоңойтуп жатыптырмынбы! Эртең эле сотко берем. Экинчи үйгө келчи болбо. Жого-ол!

– Жөн жайды угуп анан урушуңуз. Болгон ишти болгондой айтмайынча кетпейм.

– Эмне чатак? – деп Самат аке үйүнөн чыга калды.

– Муногу мугалим го, карасаң баланы токмоктоп артынан жете келиптир. Бүгүн эле милийсага бер. Окуучу баланы урган кандай болорун анан түшүнөт.

– Бажылдабай үйгө кирчи! Бо-ол! – деп кыйкырып жиберди Самат аке.

Кудум мугалимдин астында күнөөлүү окуучудай башымды шылкыйтып турдум. Каяктан түртө салдым деп өзүмдү өзүм күнөөлөйм. Ачуу менен кол жумшап жибереби деп кооптоном. Бирок Самат аке мен ойлогондой болбой чыкты. Оор басырыктуу, пейли кенен киши экен. Баарын сурады. Болгонун болгондой айтып бердим.

– Баары келип Керимбектин окубаганынан чыкты. Жаш кезинде билим алып калса дейм. Өзүңдүн келечегиңе жакшы болот десем, түк түшүнбөй койду. Айлам кетип жүрөт Самат аке.

– Бизден да ката кетип жатат, агай. Кой багабыз деп жайында жайлоого, кышында кыштоого кетип калабыз. Керимбек чоң апасынын колунда калат. Сабагын ким көзөмөл кылып жатат дейсиң. Начар окуганынын негизги себеби ошондон. Сизге эч кандай күнөө кое албайбыз. Мындан ары өзүм окуусун колго алам. Жыл аягын чейин жакшы окуп кетүүсүнө жардамдашабыз.

Жакшы адам менен сүйлөшүүнүн өзү жан сергитет окшобойбу. Жана эле ар кандай ойлорго кабылып, көңүлүм чөгүп турса, эми кабагым жарк эте ачыла түштү. Анын үстүнө эртең Чүрөк менен тоого чыгарымды ойлоп, ал кубанычыма, бул кубанычым кошул ташыл кошулгансыды.

Меке экөөбүз үйдөн эрте чыктык. Бөксө тоонун чокусуна чыгып отурганда күн кадыресе көтөрүлүп калган эле. Көктө тырмактай да булут жок, жаркырап тийген күндүн нуруна денебиз жайылып, калың өскөн шибер чөптү төшөк кылып жайлана отуруп, айыл тарапка көз салабыз.

Мына айылдын баш жагынан бир топ улан кыздар көрүндү. Алардын арасынан үч кыз бөлүнүп чыкты. Бул жерден аларды даана көрүп турдук. Чүрөк менен Күндөйдүн ортосунда Күлүм келатты. Сүйүү адамга бир келсе жакында өчпөйт окшобойбу. Күлүм өткөндөгү менин кылган мамилемди кымындай да ойлоп койбоптур. Мени көргөндө жадырап жайнап, жылуу жумшак мамилеси менен жароокерлене кетет. Мен да анын берген бет аарчысын жок кыла элекмин. Кымбат буюмумдай чөнтөгүмө сактап келем. Бирок Чүрөк көрүп калбасын деген ойдо аны Чүрөктөн жашырам. Кокус Чүрөк көрүп калса экинчи бет карашпай каларын сезип, бет аарчыгым келгенде да чөнтөгүмдөн чыгарбай, бекиткеним бекиткен.

Күлүм тиги эки кызды тоодо күтүп отурганыбызды билсе керек. Дароо алардан бөлүнүп, топ-топ болуп бараткан кыздардын арасына кошулуп, Моло –Таш деген жакка бет алышты. Күндөй менен Чүрөк биз жакка бурулганда Меке экөөбүз сүйгөн кыздарыбыз менен ээн эркин жолугарыбызга көзүбүз жетип, сүйүнгөндөн ичтен кымыңдап бараттык.

Чокуда отуруп албай, алардын жолун утурлай төмөнгө түштүк.

– Силердей да жигиттер болобу, сумканы алып жардамдашсаңар болбойбу, – деп Күндөй тердей түшкөн чекесин аарчына бизди карады.

– Кечирип койгула айымдар, аттаны кудай алгыр десе, байкабай калганыбызды карачы, – деп Меке жан далбастап чуркап барып эки кыздын колундагы сумканы ала салды.

– Силер тим эле койсоңор болмок. Тамак ашты Меке экөөбүз деле толтура көтөрүнүп келгенбиз, – дедим мен.

– Ашык дөөлөт баш жарбайт, – деп күлдү Меке.

Ошентип чечекейибиз чеч, көңүлүбүз көкөлөп, эки кызды ээрчите булактын боюна келип токтодук. Бир аз эс алып, суусундуктан ичкенден кийин эле Меке Күндөйдүн жанын койбой тоо жакка сүйрөгүлөй баштады.

– Гүл терем дедиң элего, болбойсуңбу эми, таза сөзүң түгөнбөй отуруп калдыңго, – дейт Меке уламдан улам.

– Жөнчү, – деп колун кага коет Күндөй.

Жөн эле кылыктанып тура бербей, ордунан тура калып кетсе экен деп коем Күндөйдү. Мен да Чүрөк менен ээн эркин калууну самап, ар бир мүнөт өткөн сайын убакыт бат эле өтүп кетчүдөй болуп ичимден чыйпылыктап жаттым.

Меке эми Күндөйдүн оюна койбой колунан тартып ордунан тургузду. Дароо колтуктай калып, өзөндөгү суунун жээгиндеги бир таман жол менен өйдөлөп баратып бизге көрүнбөй калды. Чүрөк сумкаларды ыңгайлуу жерге жайгаштырып, чаң болуп калыптыр деп идиштерди жууп тазалоо менен убара. Анын ар бир кыймылына көз салып, жаңы гана аны көргөнсүп сулуулугуна тойбой карагандан карай бердим.

– Алтыным, жумушуң бүттүбү? – дедим колу бошой калганын көрүп.

– Бошоду. Эмне айтайын дедиң эле?

Көз алдымда жан эритип карап турду.

– Жаныма келчи. Жанаша отуруп сүйлөшөлү.

– Мына отурдум.

Экөөбүз ыкташа калдык. Бур эткен тааныш жыпар жыты мурдума өрдөй түштү. Белинен кучактап, ууздай аппак алкымына тартылып бараттым. Чүрөк болсо менин бетиме жабылган чачтарын эми гана сезип, алаканына чогултуп акырын аркасына таштап койду. Алчадай кыпкызыл эриндери мына мына эрип анан куюлуп кете тургансып мөлтүрөйт. Эмне кыларымды билбей көңүлүм уйгу-туйгу. Жүрөгүм алып учуп дүкүлдөгөндөн дүкүлдөйт. Мындай абалды катуу корккондо гана сезчи элем. Кубанычым койнума батпай турганда эмнеге мынчалык калтаарып жатам деп койгонум менен анын эрининен өбүүгө эрдигим да, эрким да жетпей жатты.

Экөөбүз тең жымжырттыкка байланып, ал жымжыртыкты көпкө буза албай кучакташа отура бердик. Тиги суу жээгиндеги талга кайдан жайдандыр бир жактан эки чымчык учуп келип конуп калышты. Бири бирине ыкташа отуруп, экөө тең эки жакты элеңдей карап, анан канаттарын жайып чырк-чырк деп үндөшө баштады. Тумшуктарын да тийиштире кеткендиктери эки жашты элестетип кетти. Мындан таасирлене түштүкпү, мен Чүрөктү кучагыма кыса бергенде ал жүрөк тушума башын жөлөдү.

– Жүрөгүң катуу согуп жатат го, – деди Чүрөк.

– Сен деп согуп жатат.

– Мен деп согуп жатса айтып кой, сени сүйөт экен деп.

– Макул жүрөгүмө азыр эле айтайын. Бирок сенин жүрөгүң меникиндей согуп жатабы? Көрөйүнбү?..

– Көрсөң көр. Сен үчүн жүрөгүм ачык.

Чүрөккө оңтойлоно отуруп жүрөгүн тыңшай кеттим.

– Сенин жүрөгүң меникинен бешбетер дүрсүлдөп жатат.

– Анда сен деп согуп жаткандыр.

– Мен деп согуп жатса айтып кой, сени сүйөт экен, – деп.

– Айттым. Ал кабыл алды.

Экөөбүз тең күлүп калдык.

Тоо жели лепилдеп согуп бети башыбызды аймалайт. Чүрөк экөөбүз ордубуздан туруп, желге бой тосуп, Мекелер кеткен жакты карадык. Караандары көрүнбөдү. Күн таптуу тийе баштаганда эле үстүңкү кийимдерибизди чечип көйнөкчөн болуп калган элек. Мына кайрадан Чүрөктү өзүмө тартып кучагыма алдым. Денебиз денебизге жармаша түштү. Ысык илеп бирибизден бирибизге өтүп жатты. Мурунубуз мурунубузга, эринибиз эринибизге тийишерине сөөмдөй гана аралык. Чүрөктү өпкүм келип, эркелетким келип, анын да шылтоон таппай амалым куруп турду. Акыры эринимди эринине жакындатканда бетин алаканы менен жаба салды. Ичимден “жаркыным ай, эмнеге уялып бетиңди жаба салдың” деп тим болдум.

– Ушинтип тура беребизби, биз да тоого чыкпайлыбы, – деди Чүрөк.

– Чыгалы. Өйдөгө басканда сага кыйынчылык келбейби?

– Көрөм го. Ошондой басалычы.

Убакыт куштай учат окшобойбу, Чүрөк экөөбүздүн бирге отурганыбызга эки сааттай убакыт өтүп кетиптир. Күндөй менен Мекенин бөксө тоонун чокусунда отурганын эми гана көрдүк. Мен аларды көздөй баратканда Чүрөк жылгадан өйдө бир аз басып келип токтоп калды. Түшүнүп турам, жүрөгүнө саал эле жүк келсе Чүрөк сезе коет.

– Чымыр, мен баралбайм. Гүл ала кел, – деп кыйкырды жоолугун булгалап.

Тиги Мекелерге жетпей он чакты тюльпан гүлүн таап алдым. Жаңы гана таажыларын ачкан бул гүлдөрдүн жыты жыттуу, көрүнүшү да көз тайгылтат. Бул табылгама өзүм да сүйүнүп Чүрөктүн жанына кандайча жетип келгенимди билбей калдым.

– И-и, аябай кооз экен. Гүлүң үчүн... Белегиң үчүн... Бери болчу, – деп бетимден өөп алды. 

– Алтыным менин, андай өппөйт мындай, – деп эрдене түшүп, билегиме сала көтөрүп алып, бетинин эч жерин койбой өөп жаттым. Ал буттарын тыпырчылатып жатып акыры менден бошонуп алды. Көйнөктөрүн оңдонуп колунан түшкөн гүлдөрдү телмире карап турду. Туура эмес мамиле кылдымбы деп өзүмчө чоочулап турдум. Жок антпеди. Бажырайган көздөрү менен тигиле карап турду да, анан мойнума асылды. Тал чыбыктай белинен кучактай калдым.

– Чынымды айтайын көптөн бери жолукпаганыңа сагынып кетиптирмин, – деп Чүрөк мени жумшак алаканы менен бетимди сылагылап, анан тартынбай өөп жатты. Туңгуч махабаттын албуут дайрасында балкып тургансып ордубузда үн-сөзсүз тура бердик. Бир маалда гана эсибизге келгенсип, чачылып жаткан гүлдөрдү көрө коюп, аны тере баштадык. Бул арада Меке менен Күндөй да келип калышты. Алардын экөөнүн тең колдорунда гүл бар экен.

– Деги тоого гүл калтырдыңарбы, – деп тамашаладык аларды.

– Дагы керекпи, жүргүлө, таап берем, – деп Күндөйдүн айылга жакында кеткиси жок.

– Гүлдү эмне кыласыңар, курсак аарчыган пияздай ачып турат. Кыздар, дасторконду жайсаңар болбойбу, – деп Меке сумканын ичинен килтейген колбасаны алып сугунуп кирди. Чүрөк ордунан эпилдеп тура калып, дасторконду бат эле жая салды. Дасторкондун үстү түркүн даамга толуп кетти. Талаа тамагы үйдөгүдөй эмес даамдуу болот эмеспи. Болгон эттерди бат эле мойсоп жиберип, чердейип отуруп калдык. Апкелген шампаныбыз эми гана эсибизге түштү. Меке ордунан ыргып туруп, сумкасынан алып чыкты да оозун ачып бардыгыбызга куюп чыкты. Шампан баарыбызды кызытып койду окшойт. Сен ырда, бол ырда дебей эле ар кимибиз билгендерибизди ырдап жаттык. Чүрөктүн үнү баардыгыбыздан өзгөчө экен. Ичке назик үнү ооз комуздай дирилдеп, таза абада калкып, жүрөктөн кан тамырга таралып, көшүлтүп койгонсуду. Ал турсун жыбыт жылгалар мемиреп, тиги арстандын тишиндей аска тоолор кулак төшөп, башын саладатып угуп жаткансыйт. Айдарым жел согуп бадалдардын ичке бутактары кыймылга келген сайын шуудурай түшөт. Капырай ырдын да керемет күчү бар тура деп, ырдап жаткан Чүрөккө кандай алкоо сөздөрүмдү айтаарымды билбей жаттым. Бир жагы мындай кызды сүйүп калганыма эки дүйнө ыраазы экенимди, эгер максатыма жетип үйлөнсөм менден бактылуу эч бир адам болбостой ойго келе бердим.

Чүрөк акыркы ырдын кайрымасын кайталап, анан аз– аздап обонду басайтып барып токтоду. Биз театрда отуруп угуп жаткансып шатырата кол чаап жибердик.

– Чүрөк дегендей эле бардык жактан чүрөк экенсиң, – деп Меке ордунан тура калып колунан өптү.

– Мен жөнөкөй кыздар менен жүрбөйм да, – деп Мекеге сөз таштап мактанып койдум. Баарыбыз күлүп калдык.

Меке бир караган кишиге жоош көрүнгөнү менен кайсы убакта болсун акыл менен иш кылган камбыл жигит. Керек болорун түшүнүп магнетофонун ала келгенин көрбөйсүңбү. Аны эми гана сумкасынан алып чыкты да, жайлуу жерге кое койду. Андан музыка төгүлүп баарыбыз бийлей кеттик. Мына рахат! Кайрадан Чүрөк кучагымда. Көлдө кемеде бараткандай жыргап, жай гана кыймылдап коебуз. Чүрөк көкүрөгүмө башын коюп, мен төгүлгөн чачтарынан жыттай, бул ааламда экөөбүз гана махабатка көлкүп тургандай болобуз. Асманда ак булуттар, өзөндө суу шаркырап, жайкалган жашыл адырлар да биздин кубанычыбызга кубаныч тартуулагансыйт. Кайрадан жүрөктү жалындаткан ысык дем, жыпар жыт делебемди козгоп, тигилерди көзүмө илбей Чүрөктүн эрининен өбүүгө ниетенип баратканымда:

– Чымыр, мен Бишкекке окууга бара турган болдум, – деди кулагыма шыбырап Чүрөк.

Эмне айтаарымды билбей, бийлей да албай, дал болуп туруп калдым. Анткени көптөн бери ал окууду бүтсө эле үйлөнөм деген оюм бар эмес беле.

– Эмне деп жатасың?! – дедим ага буруя карап.

– Айттым го окууга барам деп. Ага эмне таарынасың? Же таптаза окубай эле кой дегиң барбы?

– Билбейм Чүрөк, сен алыс кетсең, мен эмне болорумду. Сагынып саргайып өлөмүн го.

– Сагынып саргайба, мага бат-бат барып тур. Анан көрө өтүп кетсем го. Укмуштай конкурс дейт. Ишенсең билимсиз келечегимди көрө албайм.

Уйгу-туйгу ойго кабыла түштүм. Чын эле окуун бүтүп келсе экөөбүз бир жерде иштеп ага да мага да жакшы. Бирок адамдын шайтаны адам дегендей бирөөнүн бал тилине азгырылып кетсечи. Анда мен түбөлүккө андан айрылып, ал соккуну көтөрө албай жүрүп чүнчүп жок болом го. Бул ойлор мээге дароо чапчып:

– Мени сүйсөң сен эч жакка барбайсың! – деп ачуулана сүйлөп жибердим.

– Силерге эмне болду? – деп Күндөй менен Меке карап калды. Чүрөк кучагымдан дароо бошнду да эч нерсеге карабай ылдыйды көздөй чуркап жөнөдү. Эмне кыларымды билбей бир аз селейип турдум да, анан бир күч мени катуу итере салгандай шашыла артынан чуркадым. Кууп жетип колунан кармадым.

– Кечирчи Чүрөк, мен куруюн. Окуйм десең окучу, мен жолто болбоюн.

Чүрөк мага бурулду. Көзүндөгү жашы али кургабаптыр. Боорума кысып, кундуздай кара төгүлгөн чачтарынан сылагылап жаттым. Көп өтпөй сумкаларды көтөрүнүп биздин артыбыздан Мекелер келип калышты.

Ошол күн, бир көргөн түштөй өттү да, кетти. Эртеси эле баягы көйгөй башталып, чуру-чуулуу дүйнө менен алпуруштум да калдым. Дыйкандар эмгегинин үзүрүн күзүндө көрсө, мугалимдер ишинин жыйынтыгын төртүнчү чейректе чыгарышат. Мен жетекчиликке алган 29 окуучунун бардыгы класстан класска көчүрүлдү. Баягы тилимди албай жанымды жеген Керимбек деген окуучум да чейректин аягында жакшы окуп кетти. Директор Муса Мураталиев бул ийгилигимди педсоветте баса белгиледи. Андан көп өтпөй эле РайОНО нун мактоо баракчасын колума тапшырды. Алгачкы мындай ийгиликтер мени кубантпай койгон жок. Тапшырылган ишти жоопкерчилик менен аткарууга бел байлап калдым. Апам болсо менден бешбетер кубанып Мактоо Баракчамды рамкага салып төрдүн башына илип койду.

Бир күнү директор шашылыш түрдө кабинетине чакырып калды. Дагы кандай кубанычтуу сөз айтаар экен деп кудуңдап кирип бардым.

– Совхоздон атайы көмөкчү чарба уюштурабыз деп он гектар жерди бөлдүрүп алганбыз. Аларга чоң рахмат, жерди айдап, кызылча уругун сээп беришти. Мындан аркы жумуш биздики. Жакшылап карасак он гектардагы кызылчадан жакшы эле киреше алганы турабыз. Сен жок дебе, кур шылтоо таба койбо, ошону багып өстүрүүнү сен жетекчиликке аласың. Он жети баладан турган бригада түзүлөт. Тамак аш, көлүк жагы ойдогудай болот. Эми бир гана сенин макулдугуң керек. Кана эмне дейсиң?..

– Сиз айткандан кийин мен эмне демек элем. Макулмун агай.

– Азаматсың Коргонбаевич. Мен сени дал ушундай жигит деп ойлондум эле да, – деп далымдан таптап койду.

Үйгө келсем апам нан бышырып жатыптыр. Бети башын көөлөп алганын көрүп күлүп жибердим. Муну сезе коюп бетин кумгандагы сууга жууду да:

– Качанга чейин казан аяк менен алыштырып коесуң. Айткан убадаң жакындап калды. Келин алар күнүңдү эрте билдир. Узун мурут акем балаң үйлөнө турган болсо уюмду бүгүн эле жетелеп барам деп жатат. Туугандарыңдын да дымагы күчтүү. Сое турган малы менен арак-шарагын биз көтөрөбүз дешет экен. Сөз өзүңдө калды балам. Сени үйлөнтүп жайлантып анан көз жумсам эки дүйнө арманым жок!..

– Бир аз сабыр кылчы апа. Сабырдын түбү сары алтын деген сөз бар го, – деп үйгө бет алдым. Бир кылчайып артымды карасам апам ойлуу жер тиктеп туруптур. Анысы жүрөгүмдү зырп эткизип катуу тийди.

Экзамендер аяктап балдар каникулга чыккан менен менин колум жакында бошор эмес. Кызылчанын түйшүктүү жумуштары башыма жүктөлдү да калды. Кечке маал гана бошой түшүп үйгө келбесем, таңдан кечке кызылчанын башынан чыкпайм. Чүрөккө баягыдан кийин жолуга элекмин. Окууна мага билдирбей кетип калдыбы деп тынчым кеткенин айтпа. Күндөйгө барып сурасам али кете элегин айтты. Кечки саат тогузда. Кожомкулдун багында деп кат жазып Күндөйдүн колуна тапшырдым. Муну сөзсүз Чүрөккө жеткизем деп күлдү Күндөй.

Бакка белгилеген убакыттан эрте келдим. Чиркин мындагы алмалар укмуш салыптыр. Мөмөлөрү жерге түшүп жатса да аны саттыкка алып чыгууга шарт болбой жатса керек. Эмесе жылда бул жерге чоң-чоң машиналар толуп чыгып, Кожомкул аксакал кат-кат акчаларды бурап кармап отурар эле. Анын үстүнө элдин ыймандуулугун айтпа. Кожомкул аксакалдын руксаты жок бир да адам кол тийгизбейт. Ошол тартип менин да каныма сиңип калганбы үзүп алганга колум барбай жердеги алмалардан үчөөн тандап чөнтөгүмө салып койдум.

Болжошкон убакыттан жарым сааттай өттү. Дароо оюм онго, санаам санга бөлүнө баштады. Деги кат жеттиби? Келеби? Келбей калсачы? Өтсөм өтпөсөм да, окууга барсам экен деп жүрөгү элеп-желеп болуп жаткандыр. Ооба ошентет. Муну орто мектепти жакшы аяктаган окуучулардан көрүп жүрбөймүнбү. Демек окуу деп мени да унутуп койгондур?..

Сааттын жебеси чыкылдап жылган сайын чый-пыйым чыгат. Бүгүн кезикпесем эртең эле кетип калчуудай бактын арасынан сыртка чыгып, ал келчү жолду карай кеттим. Кыбыр эткен жан жок. Асмандан ай балбылдап, жылдыздардын алсыз нурлары төгүлөт. Убакытты өткөрүү үчүн жылдыздарды санай кеттим. Беш жүзгө чейин санасам ал ортодо келип калар деп ойлойм. Дагы беш жүздү санайм. Анан дагы... дагы.... Чүрөк көрүнбөйт. Үмүттүн жиби үзүлүп, жолго түшүп үйдү көздөй бет алдым.

Кандай кубаныч! Бет алдымдан Чүрөк чыга калды.

– Көпкө күтүп калдыңбы? – деди келери менен, – үйдөгүлөр жаткандан кийин суурулуп чыктым.

– Алтыным, таң атса да күтмөкмүн сени. Келчи кучагыма дедим да, чөнтөгүмдөгү үч алманы көрсөттүм.

– Бул менмин, дедим чоңураагын көрсөтүп. Бул сенсиң дедим ортончусун колуна карматып. Бул балабыз, ботонокой алма бекен?

– Эмитен балалуу болсок дейт турбайсыңбы?

– Ооба.

– Эрте эле эңсебечи?

– Эмнеге?

– Мен окуюн да. Төрт беш жыл күтө тур байкеси.

– Эмне деп жатасың Чүрөк?! – деп өзүмдү кармай албай түтөп кеттим.

– Ачууланбачы.

– Ачууланбай турган ишпи?!.. Апам күндө келин апкел деп кулагымды жеп жатса, сен эч нерсени ойлобой төрт-беш жыл күт дейсиң. Ойлочу, кантип күтөм? Сенсиз төрт беш жылды кантип өткөрөм. Күтө берип,күтө берип, анан саргайып картайып кетем го Чүрөк...

– Окуй турайынчы. Убакыт көрсөтөөр. Эми ачууң таратчы деги, – деп Чүрөк экилене мойнуман кучактады. Баягы жагымдуу жыт мурдума өрдөп баягы деми денемди жалындатып баратты. Бирок Чүрөк бат эле колдорун мойнумдан тартып алып:

– Эртең Бишкекке жол тартмак элем, эс алып алайын, – деп шарт бурулуп кетүүгө камынганда эмне дээримди, же эмне кыларымды билбей шалдырап туруп калдым. Чүрөк болсо бол эми, бол эми кетели, деп шашкалактап жатты. Жолугушуу ойдогудай болбогонуна ичим ачышып, аргасыз анын сөзүнө көнүп, колтуктап баратканыма анча каниет албай, көңүлүм суз кадамды жай таштап Чүрөктүн үйүнө жеткирип, анан тоо томкоро чарчанган адамдай шалдырап өз үйүмдүн босогосун аттадым.

Күздө иш кычап чыкты. Кызылчанын түшүмүн жыйнайбыз деп эртеден кечке убараланып күндүн кантип чыгып кайра батканын билбей жүрдүк. Мол түшүм аларыбызга көзү жетип жүргөн директор Муса Мураталиевдин сүйүнгөнүн айтпа. Чынында эле мээнетибиздин акыбети кайтты. Жыйырма жети тонна кантты кап-кабы менен мектепке түшкөндө, көргөндөр аң-таң калышты. Бригадада иштеген балдардын бири да кур кол калган жок. Он беш каптан энчибизди алып, кубанычыбыз койнубузга батпай калды.

Муса Мураталиев бригаданын жетекчиси болдуң деп окуучу балдардан өйдөрөөк акы төлөп берди. Жыйырма кап кантты машина менен апкелип үйгө түшүргөндө апам өз көзүнө ишене албай турду.

– Ушунун баары биздикиби балам?

– Ооба апа, биздики. Сатасызбы, сактайсызбы өзүңүз билиңиз.

Апам келген канткка өзүнчө эле байып, кабы эки миң беш жүз, жыйырма кабы элүү миң акча болот экен деп эсеп чоттой кетет. Баарын сатмак белең, үйгө да алып калыш керек дейм апама. Өзүбүздөн аяайт белек, алышынча алып калабыз. Калганын сатсак деле канча киреше болот. Үйдү жасалгалайлы. Келин алсаң куда тособуз. Ачуу басар, жыгылып баруу деген болот. Бул каптагы канттар көп ишке жарап кетет.

– Жакында үйлөнөйүн деген оюм жок апа.

– Ботом окуу жылы аятасынчы дебедиң беле, же ал айтканыңды унутуп кеттиңби?

– Мен сүйлөшүп жүргөн кыз окууга кетип калды.

– Андан башка кыз жок дейсиңби. Көчөдөн эле не бир татынакай кыздарды көрүп жүрөм. Бирөөнө сырга салып киргизе салалы.

– Болбойт апа, болбойт.

– Болбосо мен да болбойм. Быйыл келин албасаң, бул жерде бир күн да турбайм. Айылга кетип калам. Сен өзүң казан аякты кармап отура бер.

– Кайра-кайра айта берип мени кыйнабачы апа, – деп ыйламсырап барып апамдын отурган жеринен тизесине жыгылдым. Апам мага аң-таң калып, өңүмдү көрүп жаны ачып кетти. Башымдагы шапкени алып жерге койду да, чачымдан сылагылады.

– Балам өзүң билчи. Мындан ары сага эч нерсе дебейм.

Канткен менен апам бекер айтып жаткан жок. Окудум. Окууну да бүттүм. Иштедим. Ишим да жаман эмес. Эми эмне калды? Апам айткандай үйлөнүшүм керек эле. Үйлөнөйүн десем кара басып окуйм эле деп Чүрөктүн эч нерсеге карабай кетип калганын карабайсыңбы. Меке туура кылды. Ал ушул жуманын ичинде Күндөй менен баш кошуп, үйлөнүү тоюн өткөргөн жатат. Мени күйөө жолдош болосуң деп эки жолу үйгө келип кетти. Канча айткан менен ынак жолдош болуп калбадыкпы, сөзсүз барышым керек.

Баары Мекенин мага айтканындай болду. Жекшемби күнү атайы жасалгаланган машина менен барып куда түшүп, Күндөйдүн ата-энелеринин уруксаты менен үйгө апкелдик. Ошентип үйлөнүү үлпөтү башталды да, ыр, бийлер биринин артынан бири болуп, шаңдуу музыка басылбай калды.

Күлүмдү көрбөгөнүм да, сүйлөшпөгөнүм да көп болгон. Бир жагы менден биротоло көңүлү калып калгандыр деп ойлочумун. Бирок андай эмес экен. Бийде жаныма жакын басып келип бийге чакыра калды. Анын көңүлүн калтырмак белем. Экөөбүз бир бийди бүтүрсөк экинчи бийди бийлеп жүрдүк. Мурда элес албай келсем эми жакшылап назар салдым. Өзүн өзү жакшы караганынанбы баягы көргөндөн да сыналып кетиптир. Сулуулугун Чүрөккө теңебегеним менен азыркы мөлтүрөгөн бешенеси караган сайын өзүнө тртып баратты. Ошондонбу улам улам карегимди кадап карай калам. Мындай көз карашыма Күлүм да аң-таң.

– Сулуу болуп кетиптирсиң Күлүм, – дедим бир маалда.

– Чынбы?

– Чын.

– Мындай мактаганыңа рахмат. Бирок Чүрөктөй эмес чыгармын.

– Дүйнөдө эки сулуу болсо, дал ошол сулуулардын экөө тең силерсиңер.

– Өтө мактап жибердиң Чымыр. Биз экөөбүз тең айылдын жөнөкөй эле кыздарыбыз. Айыл деген жаныбыз, кийин деле айылдык жигиттерге турмушка чыгабыз. Бирок билбейм бир ушак сөз уктум. Чүрөк шаарда калам дейт экен.

– Кандайча?.. Мен айылда эле жашап жүрбөймүнбү. Мен аны шаарга жибере койбойм.

– Э-э Чымыр сага айткандан да ооз барбай турат.

– Чүрөк жөнүндөбү?

– Ооба.

– Анда азыр айт. Эмесе сага таарынам, бетиңди карабайм.

– Анда угуп тур. Ал университеттин ректорунун баласы менен жүрөт экен. Ошо киши Чүрөктү оңой эле өткөзгөн имиш.

– Сен кимден уктуң?

– Тигинде Чүрөк менен бирге окуган Айсалкын жүрөт. Ишенбесең азыр эле андан сура.

Бул сөз бекеринен айтылбагандыгын дароо сездим. Өзүмдү өзүм токтото албай калчылдап кеттим. Өңүм өзгөрүлө түшкөнүн Күлүм сезе койду. Жандай көргөн адамымдай көңүлүмдү көтөргүсү келип эбеленип чебеленет. Бирок жан дүйнөм ызага ууга түшүп анын сөздөрүнүн бири да кулагыма кирген жок. Кайра аны бери алып чыгып:

– Тиги Айсалкынга айтып кой. Чымыр үйлөнүп алыптыр деп айтсын. Чүрөк эмес периштенин кызы болсо да кереги жок! – деп жиндене сүйлөдүм.

– Мага эмне кыйкырасың. Айтып койгонум үчүн күнөөлүүмүнбү? Айтса айтам Айсалкынга, – деп Күлүм бултуңдап ары басып кетти.

Өмүрүмдө мынчалык кайгырбаган чыгармын. Өзүмдү өзүм жоготуп койдум. Ал турсун өңгүрөп өксүп ыйлагым келди. Ага жигиттик намысым жол бербеди. Акыры тишимди кычыратып тим болдум.

Ошол ошол болду Чүрөктөн көңүлүм сууй түшүп бир жыл бою ага барган жокмун. Ал да айылга келген жок. Шаардагы агасынын үйүндө жүргөнүн кийин уктум. Күлүмгө үйлөнсөмбү деген оюм күндөн күнгө күч ала берди. Бирок өткөндөрдү түк унута албай койдум. Асмандан түшкөн периштедей элеси карегимде жана берет. Аны ойлосом уйкум качып, умачтай көзүм ачылат. Эки жолдун айрылышында кайсы жол менен кетерин билбеген жолоочудай башым маң болду да калды. Мекеге жолугуп сырымды жашырбай айтып бердим. Барып көрбөйсүңбү дейт ал. Чыны менен эле Чүрөк ал жигитти сүйүп калса сен ага эч нерсе дебей жүрө бер. Күлүмгө үйлөнүп ал. Ошондо Чүрөктүн ичи өрттөнөт дейсиң тим эле жалындап жалбырттап айла амалын таппай калат. Бул акылы мээме куюла түшкөнсүдү. Барайын, билейин деп жолго чыктым.

Көптөн бери шаарга келбей сагынып калыптырмын. Студенттик күндөрүмдө баскан жерлеримдин бардыгын кыдырып чыктым. Кечке гана Эркиндик гүлбагындагы отургучтардын бирине отура кеттим. Ылдый жактан кыздардын шаңкылдаган күлкүлөрү угулду. Биринин күлкүсү кулагыма шыңгыр этип жагымдуу. Жазбай билдим, эч бир жанда жок Чүрөккө таандык күлкү. Алар берилеген сайын жүрөгүм дүкүлдөйт. Тиги эки кыздын ортосунда келаткан жигитке каарым чачып турам. Анткени колго конгон бактымды колдон сууруп алып койгон ректордун баласы ушул экенине күмөн санаган жокмун.

Чүрөк болсо мени алыстан тааныды. Бирок тиги жигитке сыр алдырган жок. Жаныма келгенде гана:

– Саламатсызбы? – деди.

– Саламат, саламат.

– Качан келдиңиз?

– Эмне Чүрөк, сендин ордуна сизге өтүп калдыңбы. Окууга барам деп жан талашкандыгың бекер эмес экен да! Чыныңды айт бул жигит ким?!

– Эй, эй, эмне кыйкырасың! Керекпи күйөөсү болом! – деп тиги жигит мени сүрдүү карады, – Сен бала, жоголгун бул жерден! Эмесе...

Жаным кашайып чыкты. Ачуум ток тийгендей бүткүл денемди дирилдетип жиберди. Жаак талаштыра кандай күч менен коюп калганымды билбей калдым. Бейтааныш жигит эсине келе албай колу менен жаагын сыйпалап жатты. Өпкөгө тээп калдым. Көрүп турган эки кыз бакырып жиберди. Чүрөктүн жүрөк оорусу кармап отургучка араң жетти. Мунун баарын милицияга өзүм билдирип, ошол күнү эле камакка алындым.

Бейтааныш жигиттин абалы ошол күнү эле белгилүү болду. Жаагы ашташынан чыгып, көкүрөгүндө көк ала тактар бар экен. Чүрөк ошол күнү эле жүрөк оорусу кармап ооруканага жеткирилиптир. Каргаша каш менен кабактын ортосунда деген туура экен. Бул иш заматтын ортосунда болуп отурбайбы. Эгер тиги жигит бет алдымдан чыга калбаганда бул иш болбойт беле деп ойлоп коем. Бирок Чүрөктүн ким менен жүргөндүгүн, кандай кыз экендигин билип алганым жакшы болду. Эмесе төрт, беш жыл саргая күтүп жүрүп, аягында тиги балага алдырып жибермикмин го.

СИЗО до өткөргөн эки күнүм эки жылдай болуп кетти. Төрт тарабымдан тосмолонгон дубалдын ичинде жаңгыз отурганыма эмес, Чүрөктөн биротоло айрылып калдымбы деп ойдон ой чубап убайым чегем.

Ошондон үч күн өткөндөн кийин апам менен директорум Муса Мураталиев келип калды. Апамдын көзү көл дайра. Шаарга эмне келдиң, ушуну көргөнүбү? Мен эми эмне болом? Карманаар, каранарым да сен болсоң, эртеңки күнүм эмне болот? Кудайым ай, азапты башка салдыңбы! – деп зар какшап ыйлаганда Муса Мураталиевич да жашый түштү.

– Коюңузчу апа, сабыр кылыңызчы, ыйлаган менен не пайда. Тагдырдын башка салганын көрөрмүн, – деп кайрат айткан болом апама.

Тергөө аяктаганча “подраспискага” чыгарып алыш керек деп Муса Мураталиевич шашылыш чыгып кетти. Апам бир сумка тамак ашын берип жатып:

– Баягы каптагы кум шекерди сатып кырк миң сом кылдым. Сага жумшаганы апкелдим. Алтын башың аман болсо дүнүйө жерге кирсин. Аны бере тургандарга берип сени куткарып кетишим керек.

– Жок апа, андайлар ченде чыгат. Анан көрө Муса Мураталиевичтен акыл сураңыз. А киши агамдай болуп калбадыбы. Эми ыйлабаңызчы, көрөсүз го бат эле чыгып барып калам, – деп апамдын көңүлүн жубатып жолго салдым.

Теңирим жалгап эртеси эле Муса Мураталиевич “подрасписка” алып камактан чыгарып кетти.

Сурак бир айга созулуп кетти. Бул аралыкта бир бутум шаарда болсо, бир бутум айылда болуп канча жолу шаарга каттабады дейсиң. Каттаган сайын Чүрөктү ойлоп, буга чейин ооруканадан чыгып кеткендир. Чыга элек болсо барсамбы дейм. Ага да батына албайм. Тиги жигити барып жүргөндүр деп ичиме таруу айланбай кызганып кетем. Күйөөсү болом дебди беле. Анда мени көрөйүн деген көзү жоктур. Демек түрмөдөн аман-эсен чыксам башкага эмес Күлүмгө эле үйлөнөм. Мүмкүн Күлүм камакка түшөрүмдү укса мурункудай артымдан түшпөй, кайра аны кубалаганым менен карматпай калар.

Жамандык башка келгенде кайдагы коркунучтуу ойлор үймөлөктөшө берет тура. Ошол үймөлөктөшкөн ойлор менен алпурушуп келатып астымдан чыккан Айсалкынды көрбөй калыптырмын.

– Агай саламатсызбы? – дегенде гана чоочуп кетип баш көтөрдүм.

– А-а, Айсалкынсыңбы?.. Окуулар кандай?

– Жакшы.

– Сен Чүрөк менен бир группада окуйт турбайсыңбы?

– Ооба. Ал ооруканада. Азыр эле андан чыгып келатам.

– Жакшы болуп калдыбы?

– Жакшы. Буйруса эртең чыгат. Сиз эмне, бир жолу да барбай коюптурсуз го.

– Кантип барат элем. Күйөөбү болом дебеди беле аны жандаган жигит.

– Каяктагы күйөөнү айтасыз. Көлөкөдөй ээрчип жүргөндөрдүн баары күйөө боло бермек беле.

– Күлүмгө жигити бар деген да сен турбайсыңбы.

– Жигити бар деген эмесмин. Чүрөктү ошол жигит менен эки үч жолу театрдан көргөм деп эле айткам.. Көрсө Күлүм таптаза ушактап жиберген тура. Күлүм да кызык, сиз менен жүрөм. Күзүндө үйлөнөбүз деген. Аны келерим менен Чүрөккө айтсам аябай ыйлаган. Карачы ушак сөз эмнени гана кылбайт.

Ойлуу туруп калдым. Айсалкынга эмне дээримди билбей, көптөн кийин гана акыл эсиме келип:

– Эртең Чүрөккө бирге барбайлыбы, – дедим.

– Мейли. Бирок мен көп боло албайм. Зарыл иштерим бар эле, – деди Айсалкын.

Мына оорукананын асты. Калың бактын арасына бир канча отургучтар коюлуптур. Чүрөктү медсестралар аркылуу чакыртып Айсалкын экөөбүз отургучтун бирине жайланып Чүрөктү күтүп отурабыз. Ушул учурда эмне деген гана ойлор мага келбеди. Анткени жарашуу да, айрылуу да дал жакынкы мүнөттөрдө чечилери анык. Ошондонбу сүйүнөрүмдү же кайгырарымды билбей жүрөгүм дүкүлдөй кагып чыдамым кетип бир жерде турбай калдым.

Мына Чүрөк чыга калды. Баягыдан да сулуу, баягыдан да сыналып кеткендей көрүндү көзүмө. Өзүмдү анын астында күнөөлүдөй сезип, тике кароодон айбыгып, желкемди жер тартып турду.

– Кандай Чүрөк, жакшы болуп кеттиңби? – деп тилим араң күрмөлдү.

– Жакшымын. Бүгүн чыгам. Айылда кандай жаңылыктар бар?

– Аябай көп. Баарын айтып берейин деп атайы келдим.

– Мейли сен шаардагы, агай айылдагы жаңылыктарды айтып, бирге отура тургула, – деп Айсалкын кетүүгө камынды.

Айсалкын кеткенден кийин Чүрөккө жакындай отурдум. Болгонду болгондой төкпөй чачпай айтып бердим. Ал да эч нерсени жашырган жок. Тагдыр бизди кайра тогоштурганына чексиз сүйүндүм. Тартынып тура бербей Чүрөктү боорума кыстым. Нур төккөн жүзүнө, оттуу көз карашына мас болуп, демине отсуз күйүп жанып турдум. Анткен менен жакынкы күндөрү биротоло темир тордун ичине түшөрүмдү ойлоп муздап чыктым да:

– Мен куруюн, сенин сүйүүңө татыксызмын, – дедим.

– Эмнеге? – деди көөдөнүмдөн башын көтөрүп.

– Түрмөгө түшөм деп жана эле айтпадым беле.

Чүрөк мойнума асылып ыйлап жиберди. Мен сени канча жыл болсо да күтөм. Мен сени эч кимге бербейм.

– Мен да сени эч кимге айрыбаштабайм, сенсиз жашай албайм– деп Чүрөктүн бетин аймалап өөп жаттым...

 

***

Бишкек – Жалал-Абат поезди жайлап станса Маймакка келип токтоого жакын калганда Чымыр:

– Ушул жерден эле түш. Биздикине конок болуп кет, – деп туруп алды. Өзүнүн аңгемеси менен жол карытып келаткан сапарлашымдын көңүлүн калтыргым келген жок. Макул болуп түшүп калдым. Бирок Чымыр жашаган айыл стансадан төрт-беш чакырым алыстыкта экен. Анан калса түн жарымында балпактатып чаңдуу жолду басып келатабыз. Мындайды көрбөгөн жаным кыртышым сүйбөй Чымырга бекер эле түшүрүп калдыңыз деп корс-корс сүйлөп коем. 

– Антип таарына көрбө, – дейт Чымыр, – мен аңгеменин аягына чыкпай калбадым беле.

– И-и, эстен чыгып кеткен тура. Муногу чаңдуу жолуңуз кыскара түшсүн, – деп кулак төшөй калдым.

– Ошол жолугушуудан кийин Чүрөк сырттан окууга которулуп алды. Камактын алдында Чүрөктү үйгө апкеле салдым. Ата-энелери кесиле турган балага бере албайбыз деп үйдүн чаңын асманга көтөрүштү. Чүрөк көшөрүп койду. Аны менен эки-үч күн тургандан кийин эле мени камап салды. Эл бар экен, журт бар экен аздыр көптүр эмгегиме баа беришип, арыз жазышып отуруп бир жылдан кийин бошотуп алышты. Буга көбүнчө Муса Мураталиев агайымдын аракети зор. Камактан келгенден кийин агартуу тармагына жолотпой коюшту. Кокусунан биз түшкөн станса Маймакка келе калсам, жумуш табыла койду. Ошентип кесибим биякта калып, беш жыл жолчу болуп иштедим. Кудай жалгап Муса Мураталиевич РайОНОнун башчысы болуп иштеп калды. Анан Чүрөк экөөбүзгө тең орун таап берди. Чүрөк болсо мектепте математик, мен тилчимин. Мына тууган турмуш деген ушундай экен. Бир гана сага айтаарым сүйүүгө туруктуу бол. Ал эми жүрөгү калбыр болгондорду көрүп жүрөм. Аларды кудай өзү жазалайт.

Тегереги бакка курчалган кооз үйгө келип дарбазанын астында турдук. Эшикти он жашар чамасындагы кичинекей кыз ачып:

– Ата-а келип калдыңбы, – деп Чымырдын мойнуна асылды.

– Жата элексиңерби?

– Тамак асып сизди күтүп отурат апам, – деди кыз.

Кирерим менен Чүрөктү жазбай тааныдым. Чын эле Чымырдын айтканы чын экен. Сулуу десең сулуу, чүрөк десең чүрөк. Анан калса адамкерчилигин айт. Дасторконду бат эле жая салып үстүн түркүн даамга толтуруп жиберди.

Чай ичип чекем нымшый түшкөндө Чүрөккө тартынбай суроо жөнөттүм.

– Тагдыр силерди саал жерден кошпой калмак экен го эжеке, – дедим күлүп.

– Чын сырыңдын баарын төкпөй чачпай айткансың го бул жигитке, – деди Чүрөк Чымырга нааразылана.

– Айттым алтыным, баарын айттым.

– Мейли айтсаң айттың да. Эми мен бир нерсени силерге айткым келет. Адамды өлтүрө турганы да, душманы да ушак экен. Аны ушул убакка чейин Чымыр экөөбүз жакшы сезебиз. Сен да жаш жигит экенсиң, бирөөнүн ушагына алданып сүйгөнүңдөн айрылып калып жүрбө, – деп Чүрөк тамаша чын аралаштыра айта салды. Баарыбыз чын ыкластан күлүп калдык.

Журналисттик кесип абдан кызык. Мен эч бир кесипке алмаштыргым келбейт. Ал эми Чымырдын тагдыры менин ишимдин бир үзүмү. Алдыда кандай күндөр, кандай тагдырлар күтүп турарын биле албайм. Бир гана билерим калемим колдо турганда Чымырдай каармандар менен далай ирет жолугушам. Азырынча аман бололу, жолубуз тогошо берсин дейин каарманым Чымырга.

 

© Аскаров Ч., 2011. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 6312