Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия
© Раев С.А., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 6-майы

Султан РАЕВ

Таажы

(драма)

Бул чыгармада адамдардын татаал драмасы чагылдырылган. Чындык менен иллюзия, актык менен жалган дүйнө, бийлик жана байлык, атак-даңк жана карылык – ушул сыяктуу философиялык ой жүгүртүүлөр драматургдун көз карашынын өңүтүндө.

 

Катышуучулар:

Адам
Аял-элес
Караандар
Көрлөр
Кайып-кыз

Окуя күңүрт жарыкта өтөт. Бул жарык окуянын жүрүшүнө жараша ар кандай формага өтүп турат. Бул чыгармачыл фантазиядан жаралган эч бир реалдуулукка кыл келе бербеген өзүнчө бир абстрактуу дүйнө, ал бирде үйгө, бирде көргө, бирде түрмөгө, бирде какыраган ээн чөлгө, бирде көчөгө, бирде көрүстөнгө, бирде аянтка айланат. Бул чөлкөмдү алыстан алыстан билинбеген дубал курчап турат. Дубал жөнөкөй дубал эмес, ал адамдардан тургузулган, алар жылаңач адамдар... Алар үстүнө ак, кара кийим кийген, бул кийимдер окуянын жүрүшүнө жараша өзүнүн өңүн өзгөртүп турат...

 

Биринчи көрүнүш:

Сахна капкарыңгы ортодо башын жерге салып, жети ак кийимчен периштедей болгон кыздар олтурат. Алардын көйнөгү аппак, өздөрү да кудум эле периштелерди элестетип турат. Жетөө тең башын ылдый салып үнсүз-сөзсүз. Тээ түпкүрдөн Бир Караан көрүнөт. Анын колунда шам. Шам үлбүлдөп араң гана жанып турат. Ал түпкүрдөн ортого келет да эки жагын алаң-алаң карап, бир нерсе жоготкондой, бир нерсе издеп жүргөндөй таасирди калтырат. Бул караан Адамдын карааны эле. Ал ортого келип тээ Айга кандайдыр кусалык менен тиктейт да, кудум эле ошол ай нуруна жуунуп жаткандай бетин тосуп, өзүнчө бир кыялдын, таттуу кыялдын азгырык дүйнөсүнө арбалат. Башын жерге салып олтурган жети ак кийимчен периштедей болгондорго жан кирип, баштары кыймылга келет да колдоруна скрипкаларын алып, жүрөктү эзген, жүрөктүн кылындай сыбызгыган эң бир назик, эң бир тунук музыканы ойнойт. Ал ушунчалык тазалыкты, аруулукту сыбызгытып жаткандай көрүнөт. Ай нуру эми Адамдын өзүнө гана түшүп, жети скрипка ойногон периштедей болгон жандар караңгылыкка кирип кетет. Алар менен кошо сыбызгыган скрипканын үнү да акырындап угулбай калат. Бул — ааламда ал жалгыз өзү калат... Кыялынан жаралган музыкага элире түшкөнү анын жүзүнөн байкалып да турат. Бир замат анын жаадына өзү жоготуп ийген, жанатан бери эч жерден табалбай кыжаалатка салган буюм эске түшөт да.. кайрадан издеп кирет... Колунда бүлбүл жанган шам, ал сахнанын алдыңкы планына чыкканда бир нерсеге чалынып жыгылып түшөт. Жыгылган жеринде бир паска унчукпай жатып калат да... анан акырын кыймылга кирип, бутунун алдында турган, эми эле өзү чалынып жыгылган нерсеге карайт... Карайт да акырын жин тийген немедей ууртунан жылмаят, ал жылмаюу барган сайын күчөп-күчөп ааламды тунжураткан копол күлкүгө айланат. Ал колуна алып, кийген кийими менен аарчыйт, тим эле улам-улам түкүрүп, жылтыратып арчыйт. Ал буюм жөнөкөй буюм эмес эле, ал –хан таажы. Адам таажыны алат да оозуна жакындатып бекем өбөт. Акырын кытмыр гана күлөт. Башына кийип көрөт. Жөн эле кийип көрбөстөн өзүнчө эле маашырланып, өзүнчө жыргап кийип көрөт. Башына алчыланта кийет, таажы анын башына чак эмес эле. Ныгыра кийет да, башына толук батыра кием деп ылдый тартканда алтын таажы башын кесип кетет. Ошол кескен жеринен кан чыгат. Ал чоочуп кетет да, шилекейлеп кан чыккан жерин көйнөгү менен арчыйт. Анан ордунан турат да, чокусуна кондуруп алган таажыны кийип, бул дүйнө кудум эле бут алдына чөгөлөгөндөй түр жасап, аркы-терки басат. Эч ким аны көрбөйт. Ал бул Белгисиздиктин падышасы сымал аркы-терки чабагандайт. Эч ким аны көрбөйт...

Адам ортого келет да эч ким укпасын дегенчелик кылып, шыбырап, акырын уурданып, кысылган добуш менен алсыз гана үн катат.

АДАМ: Эй, силер билесиңерби, мен киммин, ыя?.. Билесиңерби?.. (Делөөрүп жооп күткөндөй туруп калат). Укпайтам... каттуураак айтсаңар... каттуураак... киммиң, ыя? (Эч кимден эч кандай үн чыкпайт).
МЕН: Менби? (Өзүнө суроолуу карап.) Жин тийгендей күлүп, анан кытмырланып, эң оболу эки жагын каранып, кимдендир корунуп тургандай түр жасап, акырын шыбырайт. “Мен... мен... деген падышамын... Па-ды-ша.. иии... па-ды-шаа! Колумда бийлигим да, алдымда байлыгым да, жумшаган элим да жок жадесе... Ишенесиңерби?.. Болгону мобу эле алтын таажым бар. Бу да алтынбы же жезби... өзүм деле жакшы билбейт экемин... Кий, сен падышасың деп кийгизип коюшкан. Кийсем ушунчалык тар экен... кечээ күнү башыман каерде түшүрүп жибергеними да билбейм.. мына азыр эле араң таптым... Кийген сайын бу таажы башымдын бир жерин кесип кетет... Башымда алтын таажы (Таажыны ишене бербей карап). алтынбы же жезби? (Таажыны тиши менен тиштеп көрөт). Тү-үү!!.. Тек карасаң алтынга окшойт... тиштесең жездин даамы келет... эмнеле деп дөөдүрөп жатам... И-э-ии... эстедим. Башымда алтын таажы, а бутум болсо жалаңайлак... Сен кантип падыша болуп калдың деп турасыңар го?.. Падыша боло турган деле ниетим жок эле... Мага айтып жатышпайбы, падыша болсоң эмине кыласың деп... Мен айттым баарыңарды Меккеге алып барып, күнөөлөрдөн арылтам десем эле баары мага ишенип алышпадыбы?.. Баарынан таза өлгүсү келет, менин деле таза, арууланып, пакиза өлгүм келет... Үстүңөрдөн алтын жаадырам, тилла жаадырам, жашооңорду жайыл дасторкон кылам деп убада бербегендердин бирин да такка көтөрбөй койду... Мен кийин айттым аларга: О, эл-журт мен деле силердей шор пендемин, күнөөм ичиме батпай турат, падыша болбой эле коеюн десем, баары төө бастыга салып, ошондо да башыма мобу тар таажыны кыйнап атып кийгизишкен, ошондо да таажынын тардыгына башым канаган... Эми көрбөйсүңбү бассам чалынып жыгылам, кийсем сөзсүз башымдын бир жерин тилип кетет... Күнөөм ушунча көп мына... (Ал башынан бир тал чач үзүп). Жадесе ушу бир тал чачымда да күнөө бар... Майланышканы майланышкан... (Ал чачын ҮФ! Деп үйлөп асманга тигилет). Айды кара, айдай тунук, айдай таза эчтеке жок... Капырай, Ай жаңырган тура!.. (Адам элирип Айды тиктейт) ай көрдүм… (Айдын ичинен Кайып-кыз көрүнөт.) Ал скрипка менен сыбызгыган музыканы ойнойт. Дүйнө ушунчалык аруу, тунук, тазалык гармониясы сезилет. Адам ушул гармонияга элирип алган, сүттөй тунук ак бөздү аркы-терки чууруп жети периштедей болгон Караан чыгат. Алар сахнаны сүткө жуугандай аппак ааламга айлантат. Ошол аппак ааламдын четине тегерете олтурган бул Жетөө колдоруна скрипканы алып, тээ Айдын ичиндеги Кайып-кыздын кайрыгына кошулат. Скрипкалар сыбызгый берет, ал бара-бара акырындап тээ алыстан жакындап келаткан шамалдын үнүнө кошулат. Жети Караан баягы аппак бөздү силккенде, сүрдүү кыймылдар башталат. Жарык алмашып тээ алыстан келаткан шамал үнү барган сайын күчөп, катуу добулга айлана баштайт. Эмелеки ак сүттөй болгон бул чөлкөм Куу Чөлгө айланат).

 

Экинчи көрүнүш: Шамал...

АДАМ: Шамал!.. Кайдан чыгып, кайдан удургуп жатырсың, кана бул ааламды алып учуп, чаң-тозоңго каптачы!..Кана, кыйын болсоң бу дүйнөнү шыпыргы менен шыпыргыдай алып уччу... кана, кана, мен сенин күчүңдү көрөйүнчү! Эй, шамал жин урган, желмайандай жел менен жерди түрө көтөрчү, кыйма-чийме чаташып жатып калсын бу ааламдын бүт баары... Кана!.. Кана!.. (Шамал барган сайын күчөй берет) Кана!.. (Кара жини кармаган шамал Адамдын башындагы таажысын башынан учуруп жиберет. Шамалга аралашып таажы кайдадыр учуп жөнөйт. Таажысын шамалга учуруп жиберген Адам сахнанын четине чейин таажысын кууп келип, кармай албай калат. Адам таажы артынан чуркап келатып жатып калат. Башында таажысы да жок.) Эй, жин урган шамал! Токто!.. Кубарыңдын акысы болсо да токто!.. Күчүң болсо дарактын жалбырагындай кылып мени да ала уч! Таажымы көрдүңөрбү? Ким көрдү?.. Күчүң жетеби ошого, кана жин урган шамал көтөр жалбырактай тээ асманга!.. Көтөр, алып жөнө!?.. (Адам шамал менен арбашып жатып жерге шалк жыгылат).

Шамал кыйлага барып басылат. Куу талаада шамал ойноп, жерди аласалып кетчүдөй жинденет. Кандайдыр армандын жүрөгүн жаргандай дилбиреп, күүгө келбей ооз комуз кайсы бир копол колдон кагылып жаткандай, шамал алда кандай тир укмуш түр салат. Капкараңгы аалам сөгүлүп үрүл-бүрүл жарык көз жарат. Тээ түпкүрдөн чүкөдөй Энесин артына көтөрүп алып бир Караан чыгат. Ал энесин улам-улам жылмышып бараткан сайын өйдө көтөрүмүш этип, артын алдын да, туш тарабын элең-элең карап, жоодон качып бараткандай таасир калтырат. Шамал барган сайын басаңдап, анын этек-жеңди булкуп кеткен азоо кыялы эми гана тынымга токтогон сыяктуу. Караан артындагы энесин көтөрүп катуу чарчагандай, Чүкөдөй энесин жерге коет да, элтеңдеп тыяк-быякка көз чаптырат. Тып-тынч. Караан эки жакты карап, жерде жаткан Адамды көрүп калат.

КАРААН: Эй, сен кимсиң?..
АДАМ: (Башын өйдө көтөрүп.) ...менби?.. Мен падышамын...
КАРААН: Пады-шаа!..Ушу сенби?..
АДАМ: Эмине окшобой турамбы, же сен окшото албай турасыңбы?..
КАРААН: Адам-эй!.. Жерде жаткандын баары эле мен падышамын дей берсе окшоткуң да келбейт экен. Мейли, сени паша дейин, андай болсо таажың канаке, улугум?!..
АДАМ: Эми... эле шамал учуруп кетти... Кууп барып жетпей калдым!... Шамалдын түрүн көрбөйсүңбү?!
КАРААН: Шамалдын түрүн сенсиз деле көрүп турам. Азыр кө-өөп мээни ачытпай жоголгун буерден. Жоголбой турган болсоң, өзүм сазайыңды берем!..
АДАМ: Сен, эмине!.. Күн көрбөгөн кул! Ким паша ким паша эмесин ажыраталбай калдыңбы, ыя?!
КАРААН: Тоббо эй! Мобу жылаңайлак “Пашанын” сөзүн кара, эми тим койсом “Мен Кудаймын, мен Машаякмын, мен Жебирейил жан алгычмын деп чыкпа!” Буерден кетпесең, арка мойнуң алдында калат, азыр мына-мына буерде паша өзү келип мобу кемпирлердин баарын Меккеге алып жөнөйт!..

(Булардын талашын арыда олтурган Чүкөдөй кемпир да эшитип калат.)

КЕМПИР: Балам, Меккеге аз калдыбы?..
КАРААН: Аз калды... дагы бир аз чыдай тур... Паша келсин...
АДАМ: Паша менмин... Менмин да... тааныбай турасыңбы?..
КЕМПИР: Чын эле үнү тааныш...

Чүкөдөй кемпирдин башында ак элечек, колунда кичинекей чыбыкча. Караан эки жакты шектүү карап, түпкүргө саара кылат.

КАРААН: (Саара ушатып жатып). Пашамын дейт го... кудайды карабай... анан калса таажысы да жок... Бу силерди Меккеге кантип баштап барсын...
КЕМПИР: Меккеге аз калдыкпы?.. Эптеп чымындай жаным чыдап берсе, Меккеге жетерим менен жан берем балам...

Караан бу чөлкөмдө кыбыр эткен жандын жок экендигине көзү жеткен соң, Адамдын жанына басып келет.

КАРААН: Мекке!.. Мекке!.. Кайдагы Мекке?! Мекке тургай бу кемпирлердин сөөгүн коер жерди табалбай турганда кайдагы, Мекке! Пашабызды хан тактыга көтөрөрдө баарыңарды Меккеге өзүм алып барам деп убада берген экен... ошондон бери бу кемпирлердин баары Меккеге барып жан беребиз деп өлгүсү жок! Меккеге барып ак өлгөндөн көрө, алтынды аягына басып буерде чирип өлбөйбү, кайдагы убаданы берип пашабыз биздин башка кыйын ишти апкелди...(Бул сөздөрдү кемпир укпасын деп Караан Адамга айтат.)
АДАМ: Мен ошо пашамын... сен мага ишенбей жатпайсыңбы... Меккеге апарам деп ошо мен убаданы бергем... Мен бергем...
КАРААН: Паша бергенден көрө, ушу сен берсең жакшы болмок экен, бу чүкөдөй кемпирди колуңа тапшырып кете бермек экемин... Мен... (Адам карап.) азыр келем... (Караан бул чөлкөмдө кыбыр эткен жандын жок экендигине көзү жеткен соң, Меккенин алыс-жакын экендигин эшиткиси келген Энесин кылчак-кылчак карап, кайсы бир караңгы тарапка безип кетет. Караан караңгылыкка житип жок болор замат экинчи Караан чыгат. Ал да чүкөдөй энесин артына көтөрүп алган. Артындагы кемпирди эми эле уулу таштап кеткен кемпир жанына калтырып бул Караан да түп-орду менен жоголот. Үчүнчү, төртүнчү, бешинчи Караандар чыгып өз Энелерин ээн талаага калтырып жок болушат).

Сахнада сокудай башы жалгыз калган кемпирлер:

Уулум?..
Уулум?..
Уулум?..
Уулум, кайдасың?..
Уулум...

Кемпирлердин баарынан жалбарган, жалооруган аянычтуу үндөр чыгат, ал үндөр бири-бирине иретсиз, өзүнчө эле ызы-чууга түшкөн кемпирлердин аянычтуу үндөрү бул чөлкөмдү ээлеп алат. Кемпирлер бирден-бирден адамды кармап алып, анын бутун, колдорун сылайт. Бирок, аны эч кимге окшото алышпайт.

БИРИНЧИ КЕМПИР: Буту кыска, тапаны... тапаны жумшак... бу кудайурган неме менин балама окшобойт! (кемпир Адамды жактырбагандай түртөт). Тур ары...
ЭКИНЧИ КЕМПИР: Кана, кыска бут, жумшак тапан бекен, бу менен уулум го?.. (Кемпир Адамды жанына чакырып, акырын бутун сылат). Сол бутуңду берчи, менин уулумдун сол бутунда бармак басым меңи бар... Мын... мына... буту... тапаны... бу сол бутуңбу? Жо-жоок... бу меники да эмес экен... анын меңи бар эле... бармак басым...
ҮЧҮНЧҮ КЕМПИР: Кана, кайда жүрөт? Мен деле тааныйт чыгармын. Бери, жакыныраак келчи... (Кемпир колу менен Адамды бутунан, колунан, бетинен, мойнунан колдору менен сылап көрөт да чоочуп кетет). Сен кимсиң?!.. Кимсиң сен?!..
БИРИНЧИ КЕМПИР: Мен пашамын деп мактанып жаткан... Бу ээн талаа эрме чөлдө пашага суутуп коюпбу?..
ҮЧҮНЧҮ КЕМПИР: Паша?... О, кудай ай!... Колдорума ишенбей турам!... Башыңда тырыгың бар эмес беле?.. (Кемпир колдору менен башын кармайт). Мына манжаларым сезип турат... мага тааныш тырыктар... Сени хан көтөрүп элдин баары жабылып башыңа таажы кийгизгенде.... тар таажы башыңды тилип кеткен... А тууралуу өзүң мага айтып бербедиң беле, улугум?!.. Сен чын эле пашасың, мен жанеле үнүңдөн тааныгам...
АДАМ: Кечиресиз... а мен Сизди тап-такыр тааныбайт экем...
ҮЧҮНЧҮ КЕМПИР: Хан бардык букараларын тааныганга акысы жок...
АДАМ: Менин деле хан болом деген ниетим жок эле. Аны баары эле билет! Айтат десе менделе... убаданы берип салгамын баарыңарды Меккеге апарам деп... баарыңарды күнөөдөн арылтам деп... Бу жалганда мынчалык күнөөлүү адамдардын көптүгүнөн кайдан билдим дейсиң... Мына ошо сөзүм балга аралаштырып берген уудай болду. Мени да хан сарайдан кууп жиберип... ушу ээн талаа... эрме чөлгө... көзүмдү кара чүпөрөк менен таңып апкелип салышты... Быягы деле кум, тыягы деле кум... Кузгундан башка эчтеке жок буерде... таажым кантип өзүмдө калып калган ушуга таңмын... Тээ асмандан кузгундардын үйүрү мага карай шукшурулганда таажымды башыма кийе салам... алтын таажыга кузгундар да батынып кол салалбайт тура... Эми болсо мобу шамал таажымды кайда учуруп жиберди... түк билбейм...
ҮЧҮНЧҮ КЕМПИР: (Колдору менен алдында чөгөлөп турган Адамдын башын сылап). Мына... манжаларым сезип туру... мобу жараттар ошо тар таажыдан калган... Таажыны алгач кийгениңде эле башыңды тилип кеткенин жаман боолгогонбуз... бу жаман белги деп...
АДАМ: Сен мени ушунчалык жакындан билет экенсиң. Кимсиң өзү?..
ҮЧҮНЧҮ КЕМПИР: Менби?.. (Кемпир ордунан турат. Ага кандайдыр кайрат киргендей чыйрала түшөт. Бул Кемпир бир убакта атагы таш жарган улуу актриса эле. Ромео жана Джульетадан! Эсине кичинекей үзүндү кылт дей түшөт.)
ДЖУЛЬЕТТА (3-кемпир.): Караңгыда сырымды угуп, бөлүшкөн ким... (Кемпир АДАМДАН кандай жооп болот экен деп туруп калат).
РОМЕО: (Адам-Ромео)
Батынып өз атымды айталбаймын,
Сен дедим, жек көрдүм да таштап салдым
Кагаздан көрсөм дагы өз атымды,
Ант үчүн окубастан, айырармын,
ДЖУЛЬЕТТА: Он чакты сөз сүйлөшкөндөн,
Тааныш сүйкүм үнүңүз
Ромеобу? Монтеккиби? Сиз кимсиз?
РОМЕО: Эч кимиси эмесмин, атыма тыюу салынды.
ДЖУЛЬЕТТА: Бул жерге кантип жеттиң, неге келдиң?
Тосмодон кол жетпеген кандай кирдиң?
Эгерде атам, энем билип калса,
Шек кылба, шоолам, жаным, анда өлдүң.
РОМЕО: Ашыктык бу короонун жолун тапты,
Ашыктыкты эч дарбаза токтото албайт.
Ата-энең эмне кылса өзү билсин,
Сүйүүдө иштебеген амал калбайт.
ДЖУЛЬЕТТА: Өлтүрөт алар сени көрүшсө эле
РОМЕО: Жыйырма канжардан да көзүң сүрдүү
Бир карачы балкондон салып пейлиң
Мен үчүн соот калкан сенин көзүң...

(Таң калып. Адам Ромеонун образынан кайрадан өз кейпине келет).

АДАМ: Кечир... кечир.. эми тааныдым... Сен экөөбүз театрда канча ролдорду ойнодук... кечир... Хан сарайга келген адам баарын унтат экен... Иш!.. Иш!.. иш... Тим эле чачтан көп... Мен элди мынчалык баео деп ишенген эмесмин “Баарыңарды Меккеге алып барып тазартам, агартам, күнөөңөрдөн арылтам деп койсом эле тактыга апкелип отургузуп коюшпадыбы.. эл баебу... аңкообу... түшүнбөй калдым. Тактыны берди да, алдымда кулдук уруп жатып калды... Мен алгач буга ишенген эмесмин, бу өңүмдө эмес түшүмдө болуп жатат, бу-театр дегемин! Мен бир алжыган падышанын ролундамын дегемин, алжыбасам элдин баарына мен силерди күнөөңөрдөн арылтам деп убада беремби?!... Анан көрө бейишке чыгарам, бей чеки жашайсыңар, акча да, байлык да, катын да, дүйнө да бекер болот! Акча деген таптакыр жоюлат... Адамдар баарыбыз бири-бирибизди сүйөбүз, урматтайбыз, бирөөнү бирөө кемсинтпейт, улук да болбойт, кичик да болбойт, баарыбызды Кудай кандай сүйсө, биз да бири-бирибизди ушундай сүйүшүбүз керек деп убада бербейминби?!... Жо-жоок... Анткеним жок... мен тек гана элди алдадым... күнөөңөрдөн арылтам деп Баары ишенип албадыбы... ишенип алды... ңМенден кайсы паша, мен деле ошо элдей болгон бир шордуумун го... Шорум ушунда да өмүр бою театрда партнер болуп келген эң сүйүктүү актрисамды да унутуп бараткан экемин... жо-жоок таптакыр эле унуткан экен деген ой кетпесин саган... эстеп жүрдүм... эстегенден башкага аргам жок эле... наамың, даңкың бар эле... роль ойноп жатат деп айтып келишкен мага... Артисттерди билесиң го.. кичине эле баягы эски ооруңду карматып, бешенесинен сылап койсоң эле болду “Мага наам бергиле, мага там бергиле, мага орден бергиле!” деп кирет... ошондобу өзүмдүн тең өмүрүм калган театрды аз эстегенге аракет кылдым...
ҮЧҮНЧҮ КЕМПИР: Буерге сени ким апкелди?..
АДАМ: Ким апкелмек эле... Шамал...
ҮЧҮНЧҮ КЕМПИР: ...шамал?
АДАМ: Ий-э... шамал... катуу шамал куураган куурайдай кылып эле ала салып апкелип койду. Кудай айткыр. Бу шамал эң оболу башымдагы таажыны учуруп жөнөдү... артынан өзүм кууп жөнөдүм... көзүмдү ачсам эле ээн талаа... эрме чөлдө жатам...
ҮЧҮНЧҮ КЕМПИР: Буердин аты барбы?...
АДАМ: Кире бериштеги жазууну окуган жок белең?
ҮЧҮНЧҮ КЕМПИР: Жок... эмине деп жазыптыр...
АДАМ: “УЛУУ АДАМДАРДЫН МОРГУ” деп жазыптыр...
ҮЧҮНЧҮ КЕМПИР: О-пей! Оозуңа таш!
АДАМ: Ха-ха-ха!.. (Жалган каткырык салып). Чоочуп кеттиңби?...
ҮЧҮНЧҮ КЕМПИР: Кулакка жаман угулат экен...
АДАМ: Сенин Улуу Убадаң менен моргдо кана иштешиң керек дешкенби, ушерге таажы-паажым менен кошо апкелип койбодубу?..
ҮЧҮНЧҮ КЕМПИР: Театрда ойногон пашаң деле алжыган паша эле, турмушта да алжыган паша болгон окшойсуң?
Эми, мейли... паша пашаа менен болсун, а деги кандай ойнош элем, ыя?!..
ҮЧҮНЧҮ КЕМПИР: Жаман адам жакшы ойнош боло албайт. Ойнош жагынан өзүңө эч ким жетпейт эле, бир жолу сенин ойношуң катары чоң чогулушка да салып көрбөдүбү, а мен айткамын аларга... Мени башкаргыла, жазалагыла, сындагыла... бирок, менин сезимиме чоңдук кылбагыла дегем...
АДАМ: Эсимде... Сен бир алаамат жан элең го...
ҮЧҮНЧҮ КЕМПИР: Мени пашаанын ойношу экен деп да гезитке жазып чыгыптыр... (Кемпир Адамга карап.) Сен буерде эмине кылып жүрөсүң, сенин тактыңды талашып кызыл-кыргын болуп жатпайбы?...
АДАМ: Талаша беришсин, талашкан күндө да таажы менде... Буерде эмине кылып жүрөсүң дейсиңби? Моргго түшкөндөрдүн мээсин жууйм... Азыр сеникин да жууганга туура келет...
ҮЧҮНЧҮ КЕМПИР: Менин мээмди паша өзү жууган десем шыр эле бейиштен орун берет го?
АДАМ: Береринен күмөнүм бар... Кайдан да тилимен жаңылып убада бере салдым эле... Мен ушунчалык эркиндикти, азаттыкты сагындым... Тээ таңкы шүүдүрүмгө чыгып жылаңайлак шүүдүрүмдү басып чуркагым келет... пашаа болсом да дүйнөм тар, жаде калса башымдагы таажым да тар, баары тар... Тар дүйнөгө чоң жүрөк батпайт экен... Кайран Шекспир! “Бүт аалам—  театр” деп бекеринен айтпаган чыгар. Баарыбыз мен да, сен да, таажысы барбы же жокпу, пашаң да артист, адамдын баары артист... Турмуш драмасынын катышуучусубуз барыбыз... Бу дүйнө театр эле болуп калбаптыр, анда баарыбыз өзүбүз каалаган ролду ойномокпуз...
ҮЧҮНЧҮ КЕМПИР: Анда мен өзүмдү өзүм ойномокмун...
АДАМ: Театрда мынчалык алжыбасам керек эле... бийлик деген алжыбаска арга бербейт экен... Ха-ха!.. Улуу актерлордун баары бийликтин короосунда!... Мен а короонун дубалын акка боем, алар түн жамынып олтуруп карага боеп чыгат... Аларың эмине дебейт дебейсиңби? Сиздей эч ким убада берген эмес, сиздин убайымыңыздын деле кереги жок, эчтеке жасайм деп деле убаракерчилик көрбө-ңүз болгону... элге баарыңарды күнөөңөрдөн арылтам эле деп койсоңуз болду. Бу жагын өзүбүз эптейбиз деп атышпайбы...

Түпкүрдөн баягы биринчи Караан чыгат. Ал эч бир дабыш чыгарбай колундагы каптын ичинен эттерди алып чыгып, кемпирлердин жанына чачып кайрадан артка жөнөйт. Сасыган эттин жыты келет.

КЕМПИР: Жыт келеби? Сасыган эттин...
КЕМПИР: Эт сасып чыкты го?..
КЕМПИР: Бу кайдан?..
Сасык эт!..
Көңүлүм айнып чыкты!..
Уулум!..
Уулум!..
Кузгундардын үнү эшитилеби?
Кузгундар, тыңшасаңар?..

Асмандан кузгундардын үнү угулат.

1-КЕМПИР: Бу эмине? Кузгундарбы?.. Кайдан келишти...
2-КЕМПИР: Каралдым кайда кеттиң? Кузгундарды айдачы?!..
Кузгундардын үнү барган сайын күчөп, сасыган эттерге коно баштайт. Сахна кузгундун үнүнө толуп чыгат. АДАМ сасыган этке конгон кузгундарды “күш”, “күш”! деп кууйт. Кузгундар аны тоготуп да койбойт.
АДАМ: Карасаң буларды тоотуп да койбойт! Эй, кузгундар, силер да менин тилимди алгыңар жокпу?.. Мен деген “огород” корууган каракчы эмесмин...Мен деген паашамын!.. (Кузгун “Карк” деп АДАМДЫ чокуйт.) Мына! Сага кузгун! (АДАМ колуна кирген чыбык менен кузгундарды айдайт. Барган сайын сахна кузгундардын ызы-чуусуна толуп чыгат.) Кузгун менен менин вазирлеримдин айрымасы жок, карасаң кузгун болсо да кудум эле вазирлеримдей мени чокуганын көр!..
1-КЕМПИР: (Колундагы чыбык менен.) Күш! Күш!

Кузгундар кемпирлерге кол салат.

АДАМ: Күш! Күш эй! Сасыган этке балдай жабышкан, кузгундар! Күш! Күш!...

(АДАМ жинденип жатып баягы эски талмасына карматат. Ал азыр кудум Король Лирге айланып, анын образына кирип кетет.)

АДАМ — ЛИР:
Соккун, шамал, аябай сок!
Куюн кутур, бороон боздоп,
Эч аяба, сок да сок!
Ызгаар күчөп, бетти үшүт,
Жамгыр нөшөр, шаркырап ак,
Бүт дүйнөнү топон ал!
Чиркөө менен хан сарайлар,
Суу астында басылып кал!
Даракты чарт-чурт талкалаган
Чагылгандын оту тийсин,
Сакалымды өрттөп өтүп
Карыган башты куйкалап сал!
Күн күркүрөп, көктү жаргын,
Бүт ааламга бүлүк салгын,
Ырайымсыз тукумду кыр,
Изин жогот, күлүн сапыр!..
Уйгу-туйгу бурганак ур!
Чагылган, сен да өрттөп бүтүр
Дүйнөнү бүт сел да каптап,
Жер бетинин кейпин кетир... (АДАМ өзүнчө бир экстазга түшүп жатып калат.) Же.. ер.. бети... нин... кей-пин... кее-тиир...

Дүйнө алдын-астын түшкөнсүп, бир заматта жым-жырттык өкүм сүрөт. Ар-ар жерде денесин кузгун талаган кемпирлер жатат.

Ың-жыңсыз тынчтык...

Алыстан-алыстан жеңил музыка угулат.

Апакай көйнөкчөн кыз бийлеп жатат. Бий тазалыктын, аруулуктун бийине окшойт. Кыздын балет бийи дүйнөнүн сулуулугун ырдагансыйт. Бийчи кыз жерде өскөн гүлдү чогулткандай эми эле ар жерде жаткан кемпирлердин ак элечектерин чогултуп, кадимки эле узун-узун ак банттар менен бийлеген Кайып-Кызга окшошуп кетет. Кыз бийлеп жатканда ошол кыздын карааны менен кошо музыка үзүлөт.

Сахнага балдары таштап, ээн талаада, эрме чөлдө калтырып кеткен кемпирлер чыгат. Чачтары жазылуу. Мойундарына кайсы бир адамдын сүрөтүн илип алган. Ал сүрөт АДАМДЫН сүрөтүнө окшойт. Кемпирлер Адамды тегеректеп айланат. Ортодо Адам Колунда күзгү. Күзгү жарыкка чагыла түшөт. Бирден-бирден жанына келген кемпирлердин оозуна Адам күзгү такайт. Күзгүгө Үчүнчү кемпир келет.

АДАМ: Үйлө... (Кемпир үйлөйт.) Үйлө...
3-КЕМПИР: Дем жок... менин жаным эбак эле учуп кеткен...Андан көрө мени жерге бергиле...
АДАМ: Жерге... чын эле... дем жок... (Күзгүнү колу менен сүртөт.) Күзгүнүн бети куп-кургак... Сен менин театрда өмүр бою партнерум болуп келдиң... Экөөбүз кандай сонун ролдорду ойнодук... менин дале эсимде бар, сенинчи?.. Эсиңде, бар чыгар, туурабы?.. Неге сен унчукпайсың, ыя?..(Колдору менен Кемпирдин бетин кармалап.) Баягы сулуулугуңдун издери дале кете элек... Карачы, көздөрүңдү... чачыңды... кашыңды... баарын мен таанып турам... бутуңду аны тиктеп канчабыз ашык болдук... Эми анын баары жок! Жо-оок!... Мен буерде, моргдо жан үзүлгөн улуу адамдардын сөөгүн жууймун десем күлдүң эле. Киммин ыя?... Эрте күлгөн экенсиң... мен азыр сенин денеңди жууганга мажбурмун.... Ох, Улуу Актриса кана, сенин чачыңдын ар бир талына желимдей жабышкан күйөрмандарың, сени көрсөк деп кумардын ышкысына ууланган ашык жандарың, бутуңа дейре гүл төшөп, баскан жериңе килем болуп жайылган ойношторуң, о, улуу Актриса! Баарын кимге таштадың?.. Жаның эбак учуп кетсе да, сөөгүңдү жууган адам жок!.. Жанале теңиңе албай шылдыңдап турган сенин паашаң, мен сенин сөөгүңдү жууганы турам, бейиш дейсиң... а деген кайда... мен деле анын жоктугуна көбүрөөк ишене турган болдум... Сени мен тааныбасам, бул жердегилердин эч кими сени таанымак эмес... Сөөгүңдү да издемек эмес... Биз, бу жалгандын чындыгын издейбиз... чындык кана? Кана, издейбиз да таппайбыз... Туура... таппайбыз... Чындык ошо биздин чындыкты издейм деген гана сөзүбүздө тура. Аны көргөн да, билген да, сезген да жан жок экен... Адамдын пол жууган чүпөрөктөн айырмасы жок экен... Мына, мен паашамын! Мени ким издеп, мени ким сурап жатыптыр?! Эч ким... эч ким... Паашаны эмес, ошо пашанын алтын таажысын издеп жатышат... Сени эч ким издеген да жок, сенин тентип, безип кеткениң кай бирөөлөрдүн чырагына май тамызса, а даңкын уйку бербей, кай бирөөлөрдү кан чыгарбай мууздап туру... О, улуу Актриса, сөөгүн эч ким сурабай жатып калган, эң мыкты ролду ойно десе ойномок эмес элең... Эмичи... Ааламды керең тынчтык ээлейт...
3-КЕМПИР: (Акырын шыбырап, тунук обон созот).
Түш көрдүм... көк белесте сен экөөбүз
Көмүлүп тулаңдарда жатыптырбыз.
Колдорубуз оролуп мойундарга,
Махабат мазесине батыптырбыз...
Көмкөрүлүп көк асман үстүбүзгө
Жылдыздуу жууркан болуп жабылыптыр,
Жымыңдашып, нурларын бизге чачып
Жылдыздар тегеректеп алышыптыр.
Аңгыча кара кийим кийген бирөө чыгат экен.
Пенденин бараар жери бирөө.
Дүрбөй түшүп жылдыздар... жылдыздар... (Акыркы эки сапта Кемпирдин үнү улам-улам катуу чыга баштайт. Кемпир акыркы сөздү айтканда кулагын басып жатып калат.) Жылдыздар!... Жылдыздар!..
КЕМПИРЛЕР: (Баары) Ыйлагыла, кайрымдуу кишилер... ыйлагыла, жан атадан айрылдык... Эми кандай күн болот?.. Ыйлагыла!.. Ыйлагыла...
АДАМ: (Таң калып.) Кимден?... кимден айрылдык?! (Кемпирлердин мойнуна арткан сүрөттөн өзүн көрүп чоочуп кетет.) Бу менмин го?!.. Мен!?... Алжыган куу баш кемпирлер, мени тааныбай турасыңарбы, акыркы бу сүрөттөгү менмин да!.. Тааныбай турасыңарбы?!... Сенчи!? Менин улуу Актрисам ... сен да менин сүрөтүмдү илип алыпсың го мойнуңа...

Кемпирлер үн-сөзсүз ортодо айлампага түшкөндөй айлана берет. Алардын ортосунан баягы кемпирлерди ээн чөлгө таштап кеткен Караандар пайда болот. Кемпирлердин чок ортосунан чыккан Караан кудум эле кара жиндүү Бакшыга айланат. Ал Бакшы бийине түшөт. Олдоксон кыймылдар. Колундагы аса-мусасын жерге ургулап, жер тыңшап кайсы бир алааматтын кабарын бергендей түр салат. Жиндерин чакырып, олуя-машаяктардын атын атап кыйкырат.

Биринчи план

Авансценага АДАМ менен 3-кемпир келет. Караан келип Адамдын да Кемпирдин да көзүнө кара чүпөрөк тагат.

АДАМ: О, кудайым менин жашагым келет! Аячы пендеңди... аячы... Жандырчы жарыкты... неге көзүмү чүпөрөк менен байлап салгансың, айтчы?... Ак жашадымбы, кара жашадымбы жаратканым мунун баары сага маалым, кең пейлиңди неге тарып олтурасың?...
КЕМПИР: Көзүмдү таңган чүпөрөгүмдү чечип, күндүн кыйшык нурун көрсөтүп койчу, ушунчалык жашагым келип турат менин. Сурагың болсо, сура, кейбирлик менден кетсе кечирим суроого жаным курман... Билем, билем, эскертпечи...
АДАМ: ... Адам өзү ошо экен, иш деп жүрүп, кара жан жеп жүрүп калбыр болуп кетет экенсиң... Акыйкат болууга, адам болууга мен деле тырыштым бирок, бирок антүүгө чамам жетпеди...жашырганда не аны сенден? Адамдардын баарын аруулантам, күнөөдөн арылтам... деп жаңылган экемин, күнөөнү кечирмек Кудайдан тура... Кудайдын сөзүн озунуп алып жибергениме, бийликтин кусуру уруп ээн чөлдө, куу баш болуп Куурап олтурам... Таажым да, тагым да жок... Театр да, турмушта да пааша боло албадым... Театр да жалган пааша, турмушта да жалгаан пааша атка кондум... бу чөл эч кимге кереги жок адамдардын чөлү (Колу менен кумду алып сапырат.) карачы, канча адамдын сөөгү сөпөт болуп, ар бир кум ар бир кереги жок адамдай... арасынан алтындын күкүмүндөй болуп жылтырагандары да бар, үйлөсө какымдын үлбүрөгүндөй учуп кайым болгон кумдар да бар... ар бир кум адам тагдыры... кумга айланган адам тагдыры ошо тагдырдын арасына куюлган суу да какшыган чөлгө бекер төгүлгөн тамчыдай жоголот... А, балким мен да кумга төгүлгөн бир тамчыга тете эмес адам чыгармын... мени да... жадесе паашаны да эч ким издеп келбеди...
КЕМПИР: ...мен бир билем... көчөдө баратканмын... Колумда акыркы жолу ишенип беришкен пьеса бар эле... Ал пьеса Улуу Актриса жөнүндө эле... Пьесанын баары жакты мага...бир гана финалы жаккан Жок...Байкуш Актрисанын сөөгү он күн бою моргдо жатып калганы... аны эч ким тааныбай калганы... анан анын жанында Сөөгү жуулбай жаткан сүйгөнү. Ал тек гана эмес... экөө сахнада.... турмушта да бири-бирин сүйгөн эле.... Ал Улуу Актрисага болгон сүйүүдөн жинди болуп кеткен эле... Көп жылдар бою Чым-Коргондо жаткан... өзүн дайыма пааша элестетчү... эски мискейди башына таажы кылып кийип алаар эле... бирөө сүйүүдөн жинди болсо, бирөө моргдо калды... Кандай аянычтуу финал... ал мага жаккан эмес... ал гана эмес пьесанын атын айтсаң... “Улуу адамдардын моргу” ... бу эмне деген ат?..
АДАМ: Бир күнү эле бийликтин тээ кыл учуна чыгып, бир күнү эле эч ким ата-жотоңду сурабаган эрме чөлдө каламбы?.. Бу-түш... түш...

Экинчи план

КАРААН-БАКШЫ: Ыйлагыла!.. Ыйлагыла!.. Жан адамдын айрылдык! Сүф!..

Бакшы колундагы аса-муса таягын коюп, жердеги отту үйлөп, барган сайын улуулатат да, өзү От бийине түшөт. Бийден катуу чарчаган бакшы жерге жатып калат да акырын туруп, шыбыр үн менен кеп салат.

КАРААН-БАКШЫ: Азис Мисир өлдү! Ыйлагыла!.. Азиз Мисир өлдү...

Караан-Бакшы чөгөлөй калып, тээ айды карап, кудум узун кеп айтып жаткандай түр күтөт.

КАРААН-БАКШЫ: Азиз Мисир өлдү! Азиз Мисир өлгөндөн кийин Зулайка бардык мал-мүлкүн ыйык Жусуптун жолуна сарп кылып, кембагал болду. Жусуп ыйыкты көрө албады, тилегине жетпеди. Жусуп ыйыктын күйүтүн тартып жүрүп эки көзү солуп калды... ар дайым ач калганда: “Ах, Жусуп ыйык!..” дээр эле..., суусаса да, чаңкаса да, чарчаса да: “Ах , Жусуп!...” дээр эле...
Күндөрдүн биринде Жусуп ыйык ууга аттанды. Зулайка анын дабышын эшитти. Бир эле кол-кызматчысы калган. Ага карап айтты:
ЗУЛАЙКАНЫН ДОБУШУ: Мени Ыйык Жусуптун жолуна алып барчы... Зулайканы колтуктап алып, экөө Жусуп ыйыктын келер жолуна барып турушту.
БАКШЫ: Жусуп ыйык жакындап калганда, ал бечара кабар берди. Зулайканын асасына сүйөнүп турган эле, айтты:
ЗУЛАЙКАНЫН ДОБУШУ: Алла таалага улук урмат болсун! Дили таза кулду бийик мартабага жеткизип падыша кылаар, жазык кылып напсисине алдырган падышаны улук мартабадан түшүрүп кул кылаар...
БАКШЫ: ...деди... аттардын дүбүртүнөн улам Жусуп ыйык Зулайканын сөздөрүн эшитпеди. Алла таала шамалга амир кылды: “Зулайканын авазын ыйык Жусуптун кулагына жеткир” — деди. Ошол замат жел жеткирип, ыйык Жусуп аттын башын тартып:
ЖУСУП ЫЙЫК ДОБУШУ: Зулайка...
БАКШЫ: ...деди. Зулайка Жусуп ыйыктын авазын эшитип, “Ах” уруп жыгылды. Жусуп ыйык аны көрүп, ырайымы келди. Айтты:
ЖУСУП ЫЙЫК ДОБУШУ: Сенин гүлгүн жаштыгың кана? Жамалың, чырайың кана?..
БАКШЫ: Зулайка айтты:
ЗУЛАЙКА ДОБУШУ: Сенин ышкыңдын күйүтүндө жүрүп жок кылдым...
БАКШЫ: Жусуп ыйык айтты:
ЖУСУП ЫЙЫК ДОБУШУ: Көрө турган көзүң кана?
БАКШЫ: Жусуп ыйык айтты:
ЖУСУП ЫЙЫК ДОБУШУ: Азыр тилегениң эмне?
БАКШЫ: Зулайка айтты..
ЗУЛАЙКА ДОБУШУ: Сенин жамалың!
БАКШЫ: Жусуп айтты:
ЖУСУП ЫЙЫК ДОБУШУ: Байлыгыңды бирден чачтырдым, көзүңдү соолутуп сокур кылдым, махабатыңды өчүрүп сүйүүңдү какшыттым, дагы алаар сенден эмнем калды эле?... Жүрөгүңдү тепселеп калбыр кылып салдым, сен дале мени сөз кыласың?!.. Мен азабыңдын түбүнө жетпеген кай касиетиң бар эле? Неге менин ысымымды өчүрө албай койдуң?..
БАКШЫ: Зулайка айтты...
ЗУЛАЙКА ДОБУШУ: Атыңды жерге жазсам жер түтмөкпү, асманга жазсам сыя жетмекпи, сен менин эсимдесиң, эс-тутумумдасың, эч бир адамга да, ыйыктарга да укук берилген эмес адамдын акыл-эсине кол салганга.
БАКШЫ: Ыйык Жусуп айтты...
ЖУСУП ЫЙЫК ДОБУШУ: Жараткандын жалгыз күнөөсү... адамдын акыл-эсин өлбөс кылып жараткандыгында... Ошол айыбын тартып актриса жан берди.
БАКШЫ: Ыйлагыла!..Ыйлагыла! Жан адамдан айрылдык! Сүф!..

Бакшы жер тепкилеп өзүнүн жапайы бийин улантат. Мойнуна АДАМДЫН портретин илип алган кемпирлер кайрадан баягы сөзүн кайталайт: — Ыйлагыла!.. Ыйлагыла..

Эки кемпир, эки караан төрт жерге барып олтуруп калат. Керең тынчтык ээлейт сахнаны. Кайрадан Кайып-Кыз пайда болот. Колунда скрипка. Ал сыбызгытып тирукмуш музыканы ойнойт. Кайып-Кыздын белине оролгон баягы кемпирлердин ак элечегинин ар бир уучунан Бакшы бирден алып төртөөнө тең карматат. Музыка сыбызгый берет. Ал бул дүйнөнүн чоң Айлампасына окшоп, бул айлампанын парасына Бакшы да, Шайтан да, күнөөсүз кемпирлер да, баары бир парада айлана турганын элестетет. Кайып – Кыздын этеги дүйнөнүн чоң Айлампасына айланат. Музыка сыбызгый берет... Бу айлампанын парасына Улуу Актриса да, Пааша да түшөт. Айлампанын парасы айлана берет... Паранын ортосунда экөө: Актриса жана Пааша...

АКТРИСА: Пенденин барар жери бирөө. Мен бүгүн алыскы сапарга жол алганы турам... Бу дүйнөдө көрбөгөндүн баарын көрдүм...Эми акыретке башым даяр... болгону сөөгүмдү жууп беришсе, жакындарым, досторум, туугандарым... сөөгүмдү ушерден көтөрүп чыгып... эл журтка: “Эй, узун элдин учу ук, кыска элдин кыйыры ук Улуу Актриса каза болду... Ыйлабагыла! Андан көрө Турмуштун Улуу трагедиясын ойногон Актрисага шатырата кол чаап, “Браво!” деп кыйкыргыла!... Бут алдыма розалар келип түшсүн! Эми менин бутуму розанын тикени да кесе албайт!.. Баркыт көшөгөнү жаппагыла, Актриса силердин үнүңөрдү, оттуу көздөрүңөрдү көргүсү келет, о менин кастарым, артымды ушак, алдымды тузак кылган көралбастарым силер да бүгүн менин көзүмө өлүм алдында тик карагыла! Силер мени жеңдиңер, бирок даңкымды жеңе албайсыңар!.. Көкүрөктөгү муштумдай эт жүрөк гана жарыктын үлпүлдөгөн үзүлөөр жарыгын ыраа көрбөй узартсам деп кагып жатканын карасаң, о дүйнөгө арууланып баратам... Колтук астындагы муштумдай жүрөк кургур көкүрөктөгү уясынан учуп кете бербей неге кармалат десең... Көздөрүм караңгылашып, колтугумдун асты муздап барат, оозум кургап, акырет демим аздык менен үзүлүп барат... Бүт ааламга жар салгыла, улуу Актриса өлдү деп, Өлдү деген сайын мен тирилем, менин түбөлүктүүлүгүм ушул ыйык сөздүн өзүңдө... Жар салгыла актриса өлдү деп...
АДАМ: (Паранын ичинде айланып, акыркы актык деми менен).
Алмустактан чечилбейт Улуу талаш,
Такты талаш, бийлик талаш, байлык талаш,
Бу дүйнөнүн чындыгы — жылгыз талаш...
Жан талаш, жарды талаш, кара талаш...
Так ошол талаштын тактысында
Так секирип шаа мүйүздүү шайтан бийлейт,
Анткени, бу талаштын башы да жок, учу да жок... аягы жок!..

Пара айлана берет. АДАМ айлампанын ичинен катуу бакырат:

АДАМ: Таптым!

(Ал колуна таажыны кармап бийик көтөрөт. Баары таажыга карай умтулушат. Кайып-кыздын скрипкасынын кылы үзүлөт, скрипка тең жарымынан сынат. Баары ортого карай умтулуп, эми жанагы Айлампанын парасын жамынып жатып калышат. Бул көрүнүш жайды элестетет).

Ортого, авансценага ошол жайдан ыргытылган таажы келип түшөт. Жарык жайга, авансценадагы таажыга түшөт.

Аягы

 

© Раев С.А., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3206