Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Балдар адабияты
© Качкыналы Сыдыгалиев, 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 27-марты

Качкыналы СЫДЫГАЛИЕВ

Дөңгөч баатыр

(Жомок-повесть)

Жазуучунун балдар жана чоң кишилер үчүн жазылган бул жыйнагында Дөңгөч баатырдын окуялары баяндалган.

К.Сыдыгалиев. Дөңгөч баатыр: жомок-повесть. – Б.: 2009 китебинен алынды.

 

МАЗМУНУ

Атасынын кеңеши
    Дөнгөч баатырдын жаралышы 
    Дөңгөчкө жан кирди
    Дөңгөчтүн биринчи тааныштары
    Короздун урушу
    Дөңгөч кочкорду сүзүштүрдү
    Дөңгөч балбанга түштү
    Дөңгөчтүн аркан тартканы
    Тойдогу тамаша,Дөңгөчтүн-Дөңгөч баатыр аталышы
    Дөңгөч баатыр хандын ордосуна келип аскер окуусун окуду
    Биринчи сынак
    Экинчи сынак
    Үчүнчү сынак жана Дөңгөч баатырдын аскер башчысы болуп
    Дайындалышы
    Дөңгөч баатыр аскер тартибин чыңады
    Дөңгөч баатыр душман менен салгылашты
    Мады хан мал берип,алтын-күмүш берип Чагатай хан менен Жарашты
    Дөңгөч баатыр Мады хандын кызына күйөөлөп келип кырсыкка
    Учурады
    Дөңгөч баатыр сууга агып аралчага чыкты
    Дөнгөч баатыр күкүккө арманын айтты
    Дөңгөч баатыр балыкчынын торуна түштү
    Дөңгөч баатыр кудайы сурады
    Дөңгөч баатыр эки бөтөлкө аракка сатылды
    Дөңгөч баатыр кемпирдикинде жашап жүрүп табыпка дарыланды
    Дөңгөч баатыр чымчыктын балапанын өлүмдөн сактап калды
    Дөңгөч баатыр экинчи жолу табыпка барып барып кара балбанды жеңди
    Дөңгөч баатыр сыйкырлуу кылычка ээ болду
    Дөңгөч баатыр түш көрдү
    Дөңгөч баатыр мекенине жол тартты
    Дөңгөч баатыр айлына келатып чунак кулак кырк койчуга кездешти
    Дөңгөч баатыр энеси менен кездешип Ады хандын аскери менен салгылашты
    Мады хан Дөңгөч баатырды алдап өлтүрөм деп өзү ажал тапты
    Дөңгөч баатыр эки элге хан болуп Алтынайга үйлөндү

 

АТАСЫНЫН КЕҢЕШИ

Илгери-илгери Омор деген зергер уста болуптур. Ал өмүр бою талыкпай эмгектенип, азын оолак дүнүйө чогултуп үч баласын тарбиялап өстүрүптүр. Кийин картайып, оорукчал боло баштаганда балдарын чакырып алып:

 — Ээ, балдарым, — дептир атасы, — мен силерди канаттууга кактырбай, камчылууга чаптырбай өстүрдүм. Бай болуп малай жумшабасам да эч нерседен кем болгон жоксуңар. Эми мен минтип картайып, турсам отура албай, отурсам тура албай калдым. Барган сайын төмөндөп, төрүмдөн көрүм жакын болуп баратат. Колдо азыноолак оокат барда, көзүмдүн тирүүсүндө силер менен кеңешейин деп чечтим. Болгон дүнүйөнү төрткө бөлөлү. Бирин Барат сен ал, бирин Марат сен ал, бирин Турат сен ал. Төртүнчү бөлүк апаң менен мага калсын. Силер колдогу дүнүйөңөрдү каалаган керегиңерге жумшагыла. Соода кыласыңарбы, окуу окуйсуңарбы, өнөр үйрөнөсүңөрбү же кумар ойноп жок кыласыңарбы өзүңөр билгиле.

Атасынын күтүлбөгөн сунушу, болгон дүнүйөсүн бөлүп бериши, балдардыкубандырып көңүлүн көкөлөтүп дегдетти.

 — Байлардын көпчүлүгүндө мал көп, — деди Барат, -мал аркылуу кирешеси да жакшы. Мен да мал алып, малымды уйчу, койчуга кайтартып коюп жыргайм.

 — Мен соода кылам, — деди Марат, -кербенчилерге кошулуп, башка өлкөгө барып көп-көп акча табам. Акчага үй салам, катын алам, балалуу-чакалуу болом

Эң кичүү уулу Турат:

 — Мен атам берген акчаны билимге жумшайм. "Өнөрлүү киши өлбөйт" деген, мен окуп өнөр алам, — деди.

Устанын балдары талашып, бирин бири жеңе албай акыры атасына калыстыка түшүштү. Атасы ойлонуп туруп:

 — Баарыңар баалу ойду айттыңар, бирок Тураттын келечекке кенен караганы көңүлдөгү төрт сап ырды эсиме салды. Ал мындай:

Кедей болсоң кайгырбай иштегин жөн,
    Байлыктын да түрү болот түгөнбөгөн.
    Балаңа байлык бербей билим бергин,
    Бул өзү эч көөнөргүз кенчтерге тең
.

Бул ырдын мааниси терең, келечеги кенен. Билимдүү адам эч качан кор болбойт. Мына мен зергер уста болуп иштеп баарыңарды бактым, баарыңарды чоңойттум. Эч кимдин колун караган жокмун, эч кимге кошомат кылбадым. Бул өнөрдүн күчү. Менин кеңешимди уксаңар үчөөңөр тең окугула, өнөр үйрөнгүлө. Мал багуу, соода кылуу качпайт. Жаштык кезиңер өтүп кетсе окуй албай каласыңар. Ойлонгула, — деди атасы.

Атанын кеңеши баарына жакты. Балдары окумак болуп үчөө үч шаарга жол тартышты. Бир жылдан кийин атасынын үйүнөн, ушул жерден кездешмекке макулдашышты.

 

ДӨҢГӨЧ БААТЫРДЫН ЖАРАЛЫШЫ

Бир жыл тез эле өттү. Атасы катуу ооруп төшөктө жатканда биринчи болуп улуу уулу Барат келди. Учурашкандан кийин атасы сурады:

 — Кана балам айтчы, эмне өнөр үйрөндүң?

 — Жыгач усталыкты үйрөндүм, ата.

 — Жакшы экен, — деди атасы ыраазы болуп, -жыгач уста ар качан элге керек. Ишсиз да калбайсың, ачка да болбойсуң. Барат инилерин күтүп калды. Эриккенде мал сарайдын артында жаткан дөңгөчтү балта менен сомдоп, керки менен келтире чаап он төрт-он беш жаштагы баланын келбетин келтирди. Колу, бутун жазап, сарайдын ичине киргизип аттын акырынын бир башына отургузуп койду.

Бир жума кечигип иниси Марат келди. Учурашкандан кийин атасы сурады:

 — Кана балам айтчы, эмне өнөр үйрөндүң?

 — Кийим тиккенди үйрөндүм, — деди Марат, -эркектин киймин да, аялдын киймин да, балдардын киймин да тигем.

 — Жакшы экен, — деди атасы ыраазы болуп, -кийим тиккен жакшы. Кийимди хан да кийет, бай да кийет, кедей да кийет. Иш табылат. Жакшы тиккич болсоң жерде калбайсың.

Марат сыртка чыгып сарайдын ичиндеги келбети келишкен, булчуңдары буртуюп чыккан, чачы тармал болгон татынакай баланы көрүп:

 — Барат, байке, муну ким жазады? — деп сурады.

 — Муну мен жазадым, — деди Барат, -сага жагабы?

 — Жагат, — деди Марат, -тим эле тирүү кишиге окшоп калыптыр. Каршы болбосоң мен буга кийим тигип кийгизип коеюн.

 — Мейлиң, — деди Барат компоюп, -сен да мага окшоп өнөрүңдү көрсөт. Көрөлү.

Марат балага киймин тигип кийгизип койду эле тим эле адамдын өзү болуп калды. Аны билбегендер көрүп сарайдагы малды кайтарып отурган бала экен деп ойлоп жүрүштү.

Он күн кечигип кичүү иниси Турат келди. Үйдөгүлөр менен учурашкандан кийин атасы андан да сурады:

 — Кана балам айтчы, эмне өнөр үйрөндүң?

 — Мен табыптыкты, сыйкырлыкты үйрөндүм, — деди Турат.

 — Жакшы экен, — деди атасы ыраазы болуп, -табыптык элге керек. Оорулуну дарылап, сыйкырлап айыктырсаң эл ыраазы болот. Үчөөңдүн тең эмгегиңер текке кетпептир. Ыраазымын, — деп ыраазычылыгын айтты. Турат ала келген чөптөн дары жазап атасына ичирди эле ал айыгып калды. Сыртка чыгып короодогу чоочун баланы көрүп:

 — Ие, катыгүн, тиги чоочун бала биздин короодо эмне кылып жүрөт? — деди чочулап, атасы.

Балдары каткырып күлүп калышты.

 — Бул бала эмес, — деди Барат, — бул дөңгөч. Мен чаап киши кылсам, Марат келиштирип кийим тигип кийгизип койду.

 — Ээ, буга жан киргизиш керек, — деди Турат, -ансыз эмгегиңер талаага кетет.

 — Ким жан киргизет?

 — Мен.

 — Качан?

 — Азыр.

 

ДӨҢГӨЧКӨ ЖАН КИРДИ

Турат бир аяк сууга дуба окуду. Көпкө окуду. Бир чай кайнам убакыттан кийин:

Я, Алла,
    Өзүң колдо.
    Жакшылыкка,
    Жолун жолго.
    Ушул сууга киринсин,
    Жыгач адам тирилсин
, — деп аяктагы сууну жыгачтан жазалганбаланын бетине чачты эле ага ошол замат жан кирди. Алгач дөңгөчтүн көзү кыймылдап, туштарапты карап, кирпиги ачылып-жабыла баштады. Дагы бир аздан кийин сүйлөп кирди.

 — Өх, — деди дөңгөч үшкүрүп, -мен абдан чарчадым.

Турат дөңгөчтүн сааттын маятнигиндей кыймылдаган көзүн тиктеп сурады:

 — Эмне, чарчагандай иш кылдың беле?

 — Сен да кызыксың, — деди дөңгөч жактырбаган үн менен, — бир жыл ысык, суукта сыртта жаттым. Анан тарсылдатып чапкылап сарайга киргизип зыкыйтып отургузуп койду. Суука тийгенби же күндүн ысыгы өтүп кеткенби айтор бутум да, колум да кыймылдатсам карч-карч этип ооруп калыптыр.

Турат дөңгөчтүн буту, колун кыймылдатып көрсө чыны менен карчылдайт экен. Көрсө уста муундарын жазап майлаганды унутуп калыптыр. Ал дөңгөчтү чечиндирип койдун майы менен майлап койду эле буту-колу жыпылдап жакшы болуп калды.

Дөңгөч ордунан туруп тамтаңдап ары— бери басып бир нече жолу жыгылып турду. Аны карап тургандар каткырып күлүштү. Жаңы жаралган адамга ат коелудеп үчөө үч башка атты айтып талашып кажылдашканда:

 — Менин сөзүм уккула, балдар, — деди атасы сакалын сылап, — бул баланын насили дөңгөчтөн жаралган соң атын Дөңгөч коелу. Макулсуңарбы?

 — Макулбуз, — дешти бир ооздон баары. Ушинтип өнөрлүү кишилердин колунан жаралган баланын атын Дөңгөч коюшту. Балдары үйдө бир жума чогуу болушуп:

 — Ата, эми бизге руксат бериңиз, окуубуздун бир жылдык мөөнөтү калды, бизошону бүтүрүп келелик, — дешти.

 — Баргыла балдарым, окуп окууңарды бүтүрүп келгиле. Жолуңар шыдыр, жолдошуңар кыдыр болсун, — деп Омор карыя бата берди. Илимдин артынан түшкөн балдар жай-жайына тарашты.

 

ДӨҢГӨЧТҮН БИРИНЧИ ТААНЫШТАРЫ

Дөңгөч адам болуп жаралгандан баштап үйгө кирбей сыртта жүрдү. Ага ар нерсе кызык. Атын билсе да, билбесе да баарлык нерсени кармалай берет. Бирде коктудан көрсөң, бирде дөңдөн көрөсүң. Мурун балдардын таягынан жалкып калган короз чоочун адамга жакындабай алыстан көз салып турду. Бир маалда Дөңгөч жерден таш алып, ары— бери оодарып карап, анан нан жегенсип кемирип кирди. Тиши өтпөгөн соң зуулдата ыргытты эле дубалдын кырында турган корооздун башына аз жерден тийген жок. Короз чочуп:

 — Коко-ко-ок! Коко-ко-ок! Тетиги баланын башы жок көрүнөт, нан деп таш жеп атат! Карасаңар, карасаңар! — деп кыйкырып калды.

Короздун кыйкырыгын угуп ар жактан улак, козу, мышык, күчүк, тоок, күрп, музоо чуркап чыгышты. Эң артында каз канатын жайып калдактап келип сурады:

 — Гаа-гаа, эмне болду?

 — Коко-коок, тиги бала тентек экен, — деди короз, -ташты нан деп жеп тиши өтпөгөн соң ыргытты эле менин башыма аз жерден тийген жок. Учурунда башымды тартып кетип аман калдым, болбосо чыныдай таш башымды жулуп кетмек.

Каз Короздун арызын угуп, балага абдан ачуусу келди. Мойнун сунуп, канатын жайып калдактатып "кышш-кышш" деп, тиштөөгө ниеттенип жакындапбарып сурады:

 — Ай бала, сен кайдан келдиң?

Дөңгөч каздын суроосуна түшүнө албай, жооп таппай оозун ачты. Бир аздан соң:

 — Кайдан келмек элем, эч жерден келген жокмун. Мен ушул үйлүкмүн, — деди.

 — Га-га-га! — деп каз күлсө:

 — Ло-ло-ло! — деп күрп күлүп ыкшып калышты. Байлануу ит жулунуп, жер тытып арсылдап күлдү.

Күчүк жакындап келип, куйругун шыйпаңдатып сурады:

 — Гав-гав, калп айтасың, бала. Сен мурун бул жерде жок болчусуң. Андан көрөкчө атың айтчы, атың ким?

 — Атым Дөңгөч.

Шатыра шатман күлкү теребелди дагы жаңыртты. Айбанаттар боору катып Дөңгөчтү шылдыңдап каткырып күлүп атышты, бирок күлкүсү мышыктыкы мыелоп, күчүктүкү гав-гав деп, короздуку ко-ко-коок деп, күрптүкү ло-ло-ло деп чыгып атты. Көчөдөгү чууну угуп Омор сыртка чыкса короодогу жандыктын баары Дөңгөчтү тегеректеп камап алышып чуулдап атышыптыр.

 — Киш-киш! — деди Омор чепкендин этегин чыбык менен тарс-тарс чапкылап, -жоголгула! Эмне эле киши көрбөгөнсүп баланы тегеректеп калдыңар?

 — Мени шылдыңдап күлүп атышат, булар, — деди Дөңгөч.

 — Эмне үчүн?

 — Мени кайдан келдиң дейт? Мен ушул үйдөнмүн десем мобул жону чаар мышык мени калп дейт. Сен бул жерде жок болчусуң дейт.

 — Сен эмне, булардын сөзүн түшүнөсүңбү?

 — Түшүнөм, — деди Дөңгөч, -а сенчи?

 — Мен түшүнбөйм.

 — Булар кишинин тилин түшүнөт экен, — деди Дөңгөч, — бирок кишиче сүйлөгөндү билбейт көрүнөт. Акылдары аз болсо керек...

 — Аның ырас, — деди Омор, — булардын акылы аз. Сен булардын сөзүнө терикпе. Бирөө "сен кимдин баласысың?" деп сураса Омордун баласымын. Омор атам болот. Барат, Марат, Канат байкем болот деп айткын. Анан тегеректеп турган жаныбарларга кайрылып:

 — Эй, ээмбаштар, бул менин уулум, силердин жаңы кожоюнуңар. Буга тийишпегиле. Бири бириңерди сыйлашып жүргүлө. Силер муну тарынтпасаңар силерди бул да тарынтпайт. Тентектерден коргойт— деп тааныштырды атасы.

 Мына ушундан кийин Дөңгөч баары менен таанышып, ынтымакташып кетти.

 

КОРОЗДУН УРУШУ

Дөңгөч балдар менен ойнобой эрмеги чымчык, карга, көгүчкөн, башка канаттуулар болду. Рогатка жазап алып тарсылдатып атып эсин оодарды.

Бир сапар Дөңгөч бак дарактын бутагында конгон чымчыктарды рогатка менен аткылап турса аржактан кошунасынын чаар короозу жети-сегиз тоокту ээрчитип короого келип калды. Бою бийик, тууралжын, таажысы тикесинен турган, "менден башка балбан жок" деп эрдемсинген неме экен. Ал өзүн баатыр сезеби же ээн эркин жүрүп көнүп калганбы деле койкоктоп болбойт.

Күчүк алардын чоочун экенин таанып алдынан үрүп чыкты эле короз коркмок түгүл кайра качырып сала берди. "Бак— бак" деп келип бир тепти эле күчүк иттин колтугуна кире качты. Үрмөк түгүл башын чыгаргандан коркуп жашынып калды. Чаар короз ансайын коок-коок сүйлөп болбойт. Чоочун короз келгенге эркин оттоп жүргөн тооктор чуру-чуу түшүп калышты. Аны уккан кызыл короз короонун ээси катары элтектеп кампадан чыга сала:

 — Коок-коок, эмне болуп кетти? — деди кол сала тургансып темир айрыдай буту менен жерди алмак-салмак тытып, -айтчы мага. Көрсөткүлөчү мага, — деп кыйкырды.

 — Эмне болмок эле, — деди кумда оонап жаткан мекиян тоок какылдап, — баягы кошуна короз келиптир.

 — Эмнеге келиптир?

 — Мен аны кайдан билем, сура өзүнөн.

 — Коок-коок, мен ага көрсөтөм, — деди кызыл короз, -мен аны келбе дебедим беле, же аны унуттубу?

Аңгыча чаар короз үйүлгөн кыктын артынан менменсип чыкты. Аны көргөндө кызыл короз кыйкырып качырып сала берди. Экөө тебишип, чокушуп жатып калышты. Короздордун мушташканы Дөңгөчкө жагып келип карап турду. Экөө көпкө тебишти. Чаар короздун семиздигиненби же машыгысуу жоктонбу чарчап, денесин тер басып кетенчиктей баштады. Ал анткен сайын Дөңгөч:

 — Сок дос, сок! Чаар корозду экинчи келгиз кыл! Жүнүн жул, шыйрагын сындыр, — деп сүрөп турду. Кызыл короз ансайын күчтөнүп, чыйралып руксатсыз келген корозду тепетепке алды. Акыры чаар короз качып жөнөдү. Анын артынан мекияндары кетти.

 Кызыл короздун жеңишке ээ болгонуна кубанган Дөңгөч кыйкырып, калпагын көккө ыргытып, качкан тоокторду өзү короосуна киргизе кубалады.

 

ДӨҢГӨЧ КОЧКОРЛОРДУ СҮЗҮШТҮРДҮ

Дөңгөчкө урушкан, мушташкан оюн жагып калды. Бирок канчалык кагыштырса да кой, эчки, торпок сүзүшпөй койду. Эртеңменен сыртка чыкса кошуна бала кой айдап өтүп баратыптыр. Анын ичинен чоң мүйүздүү койду көрүп:

 — Ай, бала алдакы чоң коюң күчтүүбү? — деди Дөңгөч.

 — Кайсы койду айтасың? — деди түшүнбөгөн бала.

 — Мүйүздү кара койду.

 — Ал кой эмес, кочкор.

Дөңгөч короосундагы байланып турган мүйүздү ак кочкорду ургачы кой экен дечү, малды жынсынан ажыратып айтарын түшүнгөн Дөңгөч сурады:

 — Сүзүштүрөсүңбү кочкоруң менен?

 — Сенин кочкоруң барбы?

 — Бар. Короодо байлануу.

 — Алып чык.

Дөңгөч короого кирип кочкорду жетелеп чыкты. Ал да торпоктой болгон кочкор экен. Ал койду көрө сала жулунганда Дөңгөч мойнундагы жибин чечип коеберди эле түз эле узап бараткан койго чуркады. Ал жакындаганда кара кочкор "келсең көрсөтөм" дегенсип алдын тороп маңкайып туруп калды. Ак кочкор аны көргөндө токтоп жерди туягы менен чапчып-чапчып, каршысында турганды "жол бошот!" деп сез көрсөттү. Кара кочкор анын айбатынан коркмок түгүл кыймылдаган да жок. Ак кочкор аны баарлык күчү менен чуркап келип сүзгөндө кара кочкор кулагына оролгон мүйүзүн тозо берди. Кочкорлордун мүйүздөрү кагышканда мылтык атылгансып "тарс" этип бактаотурган каргалар уча качты. Экөө сүзүшкөндөн кийин тарап кетүүнүн ордунаартка кетенчиктеп чегинип кайра качырып келип сүзүштү. Каңк деген мүүздүн үнүнөн асман айрылып кете жаздады. Кочкорлор "болбой калды" дегенсип ооруган баштарын чайкап кайра кетенчиктешти. Бу сапар узакка кетенчиктеп барышып кайра адыраңдап чуркап келишип "карс" дегизе кагышты эле экөө тең очорулуп отуруп калды. Дөңгөч кочкорлор ар бир сүзүшкөн сайын алакан чаап, кыйкырып кубанып турду. Ушул учурда кошунасы көрө коюп:

 — Ээй, тентектер эмне кылып жатасыңар, токтоткула ойнуңарды! — деди.

Аны уккан балдар кайда, ар ким өздөрүнүн кочкорун колдоп, сүрөп кыйкырып турушту. Кошуна киши шашып келатканда кара кочкор ак кочкорду акырекке сүздү эле кулап түштү. Оңдолуп туруп калганда капталга кайра сокту. Ак кочкор эки аласалып оңолгончо кошуна жетип келип тургузбай кармап калды.

 — Кочкор сүзүштүргөндү кимиңер ойлоп таптыңар? — деди кошуна.

Атасынын ачуусун көргөн бала:

 — Мен кой айдап баратсам Дөңгөчтүн кочкору жибин үзүп алып короодон чыгып сүзүшө кетишти. Анан биз токтото албай карап турдук, — деди шыпырылтып.

 — Ал туура эмес, — деди митаамдыкты билбеген Дөңгөч, — биз атайы сүзүштүрдүк. Кимдин кочкору күчтүү экенин көрөлүк дедик.

Кошуна киши кимисин тилдерин билбей ак кочкордун мойнуна жип байлап

 — Ме балам, — деди кошуна жиптин учун Дөңгөчкө карматып, -алпарып ордунабайлап кой. Ал эми сен уулум экинчи калп айтпа, айтчуу болсоң тарынба.— деп эскертти.

 Дөңгөч кочкорду жетелегенде кежирленип баспай койду эле ал аны туурасынан кучактап көтөргөн бойдон басып кетти.

 

ДӨҢГӨЧ БАЛБАНГА ТҮШТҮ

Омор уулунун кылган тентектигин угуп, кочкордун чөп жебей кыйналып турганын көрүп капаланды, бирок Дөңгөч аны оюна да алган жок. Дагы ушундай кагылыштырууну ойлоп желигип калды.

 — Ие, балам, — деди бир күнү Омор Дөңгөчтү чакырып алып, -кайсы убакка чейин үй күчүк болуп жүрөсүң, элге аралашпайсыңбы?

 — Кантип аралашам?

 — Эртең менен уйду табынга айдап барып мен кошоюн, сен укта. Кечте уйду табындан сен айдап кел, мен эс алайын. Буга эмне дейсиң?

 — Макулмун, ата, — деди Дөңгөч, — бир сапар көрсөтүп кой, анан өзүм барып айдап келем.

Экөө эртеси кечке жакын ээрчишип жөнөштү. Жолдон кембагалдар уйларын кезектешип өздөрү кайтарарын, аны "кезүү" деп атарын айтып түшүндүрдү. Айылдын сыртындагы көк жайыкка барса уй күткөндөр балдарды күрөштүрүп жыргап каткырып отурушуптур.

 — Ата, ата булар эмне кылып атышат? — деди Дөңгөч.

 — Муну күрөш дейт, балам, — деди Омор, -эки киши күрөшөт. Күчтүүсү жыгат, күчсүзү жыгылат. Буга күчтөн башка ыкма да керек.

 — Оо, балбанын ээрчитип Омор аксакал да келген тура, — деди четтеги аксакал киши сөздү тамашага айландырып, -уулуңду күрөшкө саласыңбы?

 — Балам али бул оюнду билбейт, — деди Омор, — бираз көрүп көзү каныксын, анан көрөжатарбыз.

 — Антпей эле уулум коркок дейбейсиңби, — деди экинчи киши.

 — Коркпойт, — деди Омор Дөңгөчтүн башынан сылап, -андан көрөк өзүңөр байкагыла, балдарыңар жыгылып бакырып ыйлашпасын.

 — Алып чык уулуңду, биздин балбандар жыгылса да ыйлашбайт, — деди үчүнчү киши, -Булар ар күнү күрөшүп бышып бүтүштү.

Омор белиндеги кайыш курун чечип Дөңгөчтүн белине байлап:

 — Байка уулум, — деди кулагына шыбырап, -күрөшкөн кишиңди ар түрлүү ыкма менен жыгып, кырынан түшүп калса басып далысын жерге тийгизсең мөрөй сеники болот. Жыгылып калсаң арданба. Ызаланып ыйлаба, бул деген оюн. Макулбу?

 — Макул, ата, — деди Дөңгөч башын ийкегилеп, -сен айткандай кылам. Баарын тең чалкасынан салам.

Отурган тараптан бою Дөңгөчкө барабар келген бир баланы алып чыгышты. Анын белине да кайыш кур байланды. Экөө ортого чыгып курдан алышып ары— бери тартышты. Бала көтөрөйүн деп Дөңгөчтү көтөрмөк түгүл козголто албай койду. Дөңгөч өз кезегинде колунун учу менен баланы таптак көтөрүп чалкасынан чаап таштады. Эл дуу дей түштү.

 — Опээй, Омордун уулу оңбогондой балбанго, алып чыккыла алдуурагын, — деди кара сакал киши.

Бу сапар жанакыдан чоңураак бала чыкты. Аны да жыкты. Дагы андан чоңун, андан күчтүүсүн алып чыкты эле аны да жыкты. Айтор ошол жердеги балбанмын деген балдардын баарын жыкты.

 — Кана балбаныңар барбы, чыккыла! — деди тамашалап Омор, -агерде жашташ балаңар жок болсо чоңуңар да чыккыла. Күрөшөт, — деп демитти. Айткандай эле эңиштен, күрөштөн байге алып жүргөн Ашырбай деген жигитти сүйрөп чыгышты. Ал бала менен күрөшүүдөн уялса да болгон жок.

 — Балам, "Күч атасын тааныбайт" деген макал бар, коркпой күрөш. Алың жетсе жыгып ташта, жетпесе айла жок. Жыгылсаң жер көтөрөт, — деди Омор уулуна.

Жигиттер экөөнү жетелеп барып курларынан кармаштырып коюштуу. Эртеден бери күрөштүн ыгын билип калган Дөңгөч Ашырбайдын алын билгени тим койду. Ал ары силкип, бери силкип Дөңгөчтү чалкасынан салайын деп ыгын келтиреалбай бышылдап чарчай баштады. Убакыт созула түштү.

 — Карма курдан бекем, — деди Омор уулуна кыйкырып, -я, Алла деп көтөрүп жерге ур!

Атасынын ушул сөзүн укканда Дөңгөчтүн денесинде күчтүү сезим пайда болуп, булчуң эттери чыңалып, эки бутун жерге ныктап туруп:

 — Я, Алла! — деп көтөрдү эле Ашыралынын аягы асманда тыбырап айласын таппай калды. Ал ошол бойдон башынан ашырып барып жерге таштап жиберди. Ашыралынын деми кыстыгып, өңү чүпөрөктөй кубарды. Жарданып тургандар келип башынан жөлөп тургузуп алышты.

Ушуну менен оюн да бүттү, уй да жайыттан келип ар ким малын айдап үй үйүнө тарашты.

 

ДӨҢГӨЧТҮН АРКАН ТАРТКАНЫ

Эртеси Дөңгөч уй тозгону жалгыз келди. Эл кечээкийдей эле топтошуп чуулдашып аркан тартып атышыптыр. А дегенде балдар тартып, анан чоңдор тартып, аягында чалдар тартышып кыраанкаткы күлүп жатышты. Дөңгөч оюнга катышпай четте карап тура берди. Кечээки күрөшкөн балдардын бирөө:

 — Кел Дөңгөч, аркан тартабыз, — деп калды. Оюндун эрежесин так билбеген Дөңгөч сурады:

 — Арканды кантип тартат?

 — Ушу турган балдар экиге бөлүнүп аркандан кармап тартабыз, кайсы тарап күчтүү болсо ошол тарап сүйрөп ортону бөлүп турган чийинден өткөрүп кетишет, мына ошондо ошол тарап уткан болот. Түшүндүңдү?

 — Түшүндүм, — деди Дөңгөч, — бирок менде бир сунуш бар. Макул десеңер айтам.

 — Айт, — деди четтеги бала, -угалык.

 — Макул болсоңор, — деди Дөңгөч, -мен аркандын бир жагын жалгыз өзүм тартайын, силер баарыңар чогулуп экинчи жагын тарткыла.

 — Ха-ха, — деп күлдү бала, -мунун дымагын кара. Ушу жерде турган он эки баланы жеңип кетем деп ойлойсуңбу? Байка, аркан тартыш кечекидей күрөш эмес. Кечээ бир кишиге бир киши чыкса бүгүн бир кишиге он эки киши күч жумшайт. Муну билесиңби?

 — Билем, — деди Дөңгөч билегин түрүп, -чыккыла.

 — Мелдешелиби?

 — Мелдеш деген эмне? — деди Дөңгөч, -ал да оюнбу?

Карап тургандар каткырып күлүп калышты.

 — Мелдеш оюн эмес, — деп түшүндүрдү четтеги бала, -ал байге. Кимдеким оюндан жеңсе ошол айтылган, убадалашкан байгени алат. Уттурса берет.

 — Түшүндүм, — деди Дөңгөч, -эмнеге мелдешели.

 — Агерде сен уттурсаң ушул он экибизди тээтиги бакка чейин бирден көтөрүп барасың, алеми биз уттурсак сени биз бакка көтөрүп барабыз. Ушуга макулсуңбу?

 — Макулмун.

 — Келе колду!

Экөө кол кармашты. Узун аркандан так ортосунан баштап он эки бала бир жагын кармап каздай тизилишти, экинчи жагын Дөңгөч белине курчап кошколдоп кармады. Буйрук болуп белги бергенде эки тарап тең тарта баштады. Алгачкы учурда он эки бала Дөңгөчтү дыргаяктатып сүйрөп жөнөштү. Буту көк чөпкө сыдырылып ортону бөлүп турган чийинге жетип жетпей чуңкурга буту түшүп такалды. Мына ушул жерден кыйкырып, шаңданып сүйрөп келаткан балдардын күчүн токтотту. Же алдыга жылбай, же арка тарта албай эки тарап тең токтоп калды. Дөңгөч Саал эле бутун чуңкурдан чыгарса кайра эле чанадай сыйгалантып сүйрөп кеткен турушат. Дөңгөч арканды чалкалай тартып жылдырбай, бир бутун чуңкурдан алып, такасы менен шашпай жер казып, ныгырып батырып, анан экинчи бутун алды. Ушул ыкмага салып жай гана кетенчиктеп жыла берди. Барган сайын аркан зымдай керилип балдардын көйнөктөрүнүн ийиндери айрылды. Антсе да болбой балдар өжөрлөнүп бир кишидей чиренип тартып жатышты. Карап турган кишилер бирде балдарга болушуп кыйкырып, бирде Дөңгөчкө жан тартып дем берип, күч берип жатышты.

Мелдеш көпкө созулду. Өмүрүндө тердеп көрбөгөн Дөңгөч ымшып чыкты, бирок айтканынан кайтпай кумурскадай жабалактаган он эки баланы акырын сөөмдөп жылдыра берди. Он эки баланын алдыңкысы ортодогу чийинге жетип бир карыш калганда алар да жылбай токтоп калышты. Баарлыгы буттарына чуңкур казып, чирене тартып туруп алышты. Кендирден өрүлгөн аркан улам жанып, чырт-чырт деп үзүлүп баратты. Бир аздан кийин Дөңгөчтүн атасынын айтканы эсине түшүп, баарлык күчүн чогултуп "Я, Алла!" деп бир булкту эле аркан чарт үзүлүп балдар чуулдап бир тарапка, Дөңгөч камгактай чимирилипэкинчи тарапка кулады.

 Карап тургандардын таң калганын айтпа, билектей аркан үзүлүп, акыйкатта укмуш эле болду. Мелдеш өз-өз жандарында калды. Дөңгөч утпаса да эл анын күчү менен эсептешүүгө аргасыз болушту.

 

ТОЙДОГУ ТАМАША, ДӨҢГӨЧТҮН — ДӨҢГӨЧ БААТЫР АТАЛЫШЫ

Аз убакытта Дөңгөчтүн аты кулак уккан, көз көргөн жерге тарады. Кайда барбагын, ким менен сүйлөшпөгүн Дөңгөч жөнүндө сөз. Анын балбандыгын ооздон түшүрүпөй кеп кылышат. Ошол учурда Чагатай хан кызын күйөөгө берип той өткөзүп айыл-айылга кабар айттырды. Оморду эчким чакырбаса да айылдан эки ат сурап келип токуп даярдап койду. Эртеңменен ойноп жүргөнДөңгөчтү чакырып алып:

 — Балам, "Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны" деген жакшы кеп бар, Бүгүн мени ээрчи, көзүмдүн тирүүсүндө мен сени эл таанытып, жер таанытып келейин, — деди Омор.

Дөңгөч кубанып кетти:

 — Кайда барабыз, ата?

 — Хандын кызынын тоюна, — деди Омор, -адамдын өмүрүндө мындай чоң той аз кездешет. Ошол себептен ал тойду сен көрүшүң керек.

 — Той деген эмне? — деди Дөңгөч таң калып, -ал дагы оюнбу?

— Той деген кубанычка арналып өткөрүлчү шаан-шөкөт. Бул шаан-шөкөттө мал союп, тамак берип конокторду сыйлайт. Эң кызыктуусу атайын уюштурулган тамаша, оюн. Бизге окшоп чакырылбагандар ошол оюнун көрүүгө барышат. Ал жерде чоң-чоң балбандар күрөшкө, эңишке чыгышат. Ат чабыш, улак тартыш жана башка көптөгөн оюндар болот. Уткандар чоң байге алышат. Биз үчүн ошолордун кызыгын көрсөк жетишет.

 — Анда тез эле жөнөйлү, — деди кызыккан Дөңгөч, — балким мен да ошо чоң балбандар менен күч салышам.

Дөңгөч шаштырып жолго чыгышты. Бир түнөп араң хандын айлына жетишти. Келсе эл жыкжыйма. Атчандардан жөөсү көп. Калпак ыргытса жерге түшпөчүдөй шыкалып турушат. Акбоз ат минген ырчы ырдап жар салып жүрөт. Бир маалдахандын жасоолдору кылычын кынынан сууруп элди айдап ортону бошотуп күрөш башталды. Он чакты балбан беттешип бүткөндөн кийин ортого хандын балбаны жылаңачтанып чыкты. Карап турсаң укмуш, бою эки жарым метр келип, туурасы кучак жеткиз, булчуңдары буркуйган неме экен. Аты эле адам болгон менен кейпи жомоктогу кадимки дөөдөй көрүнөт.

Балбандын барандуу караанын көргөндө менменсип кезек күтүп турган балбандардын жүрөгү түшүп ордунан кыймылдабай калышты. Жарчы кайра-кайра бул күрөшкө чоң байге сайганын айтып эл аралап ырдап жар салды, бирок шыкалган элдин арасынан бирөө да чыккан жок. Беттешерге пенде чыкпай калган соң байгени хандын балбанына ыйгара турган болуп калышты. Бир оокумда күжүлдөгөн элдин ортосунан:

 — Эй-эй, шашпагыла. Алдакы балбаныңар менен мен күрөшөм, — деди Дөңгөч.

 — Эй, балам, ээленбе, — деди Омор уулун колунан тартып, -майып болуп каласың.

 — Коркпой эле кой, ата, — деди Дөңгөч, -хандын бок курсак балбанын сөзсүз жыгып берем. Андан көрөкчө байгени кантип алып кетер жолун ойлон, — деп тамашалап чечинип элди жарып алдыга чыкты.

Хандын көзү да, калктын көзү да тармал чач, булчуңдары буртуюп чыккан чымыр балада болду. Бу сапар балбандардын белине кур байланган жок. Кол тийген жерден кармашмак болушту. Алгачкы учурда хандын балбаны теңсинбей кол учу менен кармашты эле бир аздан кийин Дөңгөчтүн чулу балбан экенине түшүнүп этияттап калды. Кимдин колу мурун тийсе ошол кармаган жерин коебербей бурап, толгоп жыгуунун аракетин кылып жатты. Көпкө күрөштү. "Ит жыгылыш"болуп нечен жыгылып, нечен оонап турушту. Тер жамгыр болуп себеледи. Экөө кармашкан жер такыр болуп чаң чыкты. Бир оокумда хандын балбанынын сол билеги колуна илинди эле Дөңгөч ийнинен артылта салып"Я, Алла!" деп чапканда хандын балбаны жерге күп деп жыгылып ошол бойдон турган жок. Кызмат кылып жүргөн хандын жигиттери самбилге салып көтөрүп кетүүгө аргасыз болушту.

Карапайым калктын кубанганын айтпа "Ураа, ураа!" деп кыйкырышып, калпактарын көккө ыргытышты. Хан бир чети балбанынын жеңилгенине ыза болсо, бир чети баланын балбандыгына ыраазы болуп:

 — Эй, жигиттер, жеңген балбанды чакыргылачы бери, — деди.

Ошол замат Дөңгөч атасы экөө жетип келип ханга ийилип салам айтышты. Хан баланы сынай тиктеп туруп колун берди:

 — Азаматасың, — деди жылдызы жанып турган баланын колун силкип, — куттуктайм жеңишиң менен. Дагы ушундай жеңиштерге ээ боло бергин.

Хан башка сөз айткан жок. Дөңгөч хандын куттуктоосуно кубанып калды. Оюн уланып жатты. Атасы айткандай көп-көп тамаша болду. Бир оокумда"Бука жыгыш" болот экен деп жоон жыгач менен тозулган короого бет алып эл дүрбөп калышты. Эл менен кошулуп экөө келди. Эреже боюнча каалаган адам тозмонун ичине түшүп куштай учуп, куландай туйлаган буканы бурап жыгып же бычак менен сайып өлтүрсө мөрөй алып, өлсө доосу болбойт экен.

Дөңгөч менен атасы жеткенде коргонго мүүзү найзадай тикчийген, көзүнүн агы аңтарылып, мурду ышкырган каарду кызыл буканы айдап чыгышты. Ал короого киргенде мөңкүп, оюн салып жанына адам эмес канаттууну жолототурган эмес. Аны көргөн эл жанынан түңүлүп:"Бул оюнга өлөм деген гана киши чыкпаса башка киши чыкпайт" деп кобурашты. Бирок топтун арасынан бир киши чыкты. Бою шырыктай, ак көйнөк, боз жаргак шым кийген жигит экен. Кыймылына караганда өтө эле шамдагай көрүнөт. Ал сол колуна кызыл желек кармап, оң колуна бычак кармап тосмонун ичине түштү. Аны көргөндө эле бука качырып сала берди. Жигит сол колундагы желекти ылдый кармап булгалактатканда бука ошону качырды. Ал желекти сүзгөндө жигит бычак менен буканы жамбашка сайды. Бука бычак жеп огобетер жинденди. Ушинтип желек менен алаксытып беш-алты жолу бычак сайды. Бирок өлтүрө алган жок. Жаны ачыган бука акыркы жолу кайрылып келип желекти эмес жигиттин өзүн челип өттү. Найзадай мүйүзүнө илинген жигит бир топ жерге сүйрөлүп барып түштү. Ал ошол жерде тыбырап туралбай жатып калды. Аны алып чыгышка эчким даап барган жок. Эртеден бери тамашага батып бакырып турган эл мостоюп-мостоюп туруп калышты. Башка каалочулар болбоду. Дөңгөч атасына бир ооз кеңешпей алдыга жөнөдү.

 — Ай, балам, кайда барасың? — деди Омор карыя чочулап.

 — Бука менен кармашам, — деди Дөңгөч, -мен ага кишини кантип сүзгөндү көрсөтөм.

"Кой" деген атасынын сөзүн да, коркуткан элдин сөзүн да уккан жок. Ал коргонго түшүп өлүп жаткан жигиттин бычак, желегин алар менен жинденген бука башын жерге салып, тикчийген мүүзүн найзадай соройтуп качырып кирди. Дөңгөч желекти тозуп, улам мант берип элге бир топ оюн көрсөттү. Бир маалда жоон мамынын түбүнө келип кызыл желекти булгалактады эле бука күү менен келип мамыны бир сүзүп заматка токтой калды. Мына ушундан пайдаланып Дөңгөч шак мүүздөн алып мойнун толгогондо бука буралып барып жыгылды. Ал жыгылганда Дөңгөч дагы булкуп— булкуп бурап койду. Буканын мойну карч деп сынып ошол бойдон турбай калды. Баланын күчү, баатырлыгы баарлык элди таңдандырды. "Той да болот, тойдун эртеси да болот" демекчи той аяктады. Хан Дөңгөчтү атасы менен чакырып алып:

 — Омор аксакал, балаңыз жөн эле Дөңгөч эмес, баатыр Дөңгөч экен. Мындан ары баласыңыздын аты Дөңгөч баатыр болсун, — деди.

Омор карыя ханга ыраазылыгын билдирип, колун бооруна алып жүгүнүп таасим этти.

 — Бул уулуңдун Дөңгөч баатыр болгону биринчи маселе, — деди хан сөзүн улап, -экинчи маселе элди душмандан коргош үчүн ушундай эр жүрөк баатырлар керек мага. Мен сизден сураарым балаңызды калтырып кетиңиз, аны мен аскер ишине машыктырайын.

Айла канча, хандын суроосу буйрук экенин түшүнгөн Омор макул болбоско аргасы калган жок.

 — Ханым, — деди Омор таасим кылып, -мен макулмун. Сиз уулума үйгө барып апасы менен коштошуп келгенге руксат бериңиз. Кайра мен өзүм жеткизип келем.

 — Болуптур, — деди хан, -сен айткандай болсун, бирок кечиктирбе. Азыр бөрү этектен, жоо жакадан алып турган учур.

 Хан Оморго да, Дөңгөч баатырга да жазалгасы менен күлүк ат мингизип, утуп алган мөрөйүнөн башка да мал бергизип, үч кулга айдатып айлына жөнөттү.

 

ДӨҢГӨЧ БААТЫР ХАНДЫН ОРДОСУНА КЕЛИП АСКЕР ОКУУСУН ОКУДУ

Дөңгөч баатыр айтылган күнү аргымакты алкынтып ханга жалгыз келди. Хан бала менен сүйлөшүп отуруп анын арстандай күчү болсо да али куулук, шумдугу жок экенин сезди.

 — Дөңгөч баатыр, — деди хан бир аздан кийин, -сен аскер кесибин мыктап үйрөнүшүң керек, антпесе болбойт. Ал окууну жакшы бүтсөң сени аскер башчысы кылып дайындайм. Жаман бүтсөң жогорку даражадагы кызматка кое албайм, он башы болуп жүрө бересиң.

 — Аскер ишин үйрөнүүгө мен даярмын, — деди Дөңгөч баатыр дилгирлигин билгизип, — бирок аны мага ким үйрөтөт?

 — Үйрөтчү киши болот, — деди хан, — бирок аскер башчысы жалаң эле сайышкан, чабышканды үйрөнбөй окуганды да билиш керек. Иш үстүндө, согуш мезгилинде сага жашыруун кат барса элге көрсөтпөй өзүң гана окушуң керек, ошол себептен сенин билимдүү болушуң өтө зарыл.

 — Окуганды да үйрөнөм, — деди Дөңгөч баатыр, -ал үчүн кабатыр болбоңуз.

 Хан вазирин чакырып Дөңгөч баатырды аскер мектебине алпарышын буюрду. Ал жерден Дөңгөч баатыр жаа тартканды, найза сайганды, кылыч чапканды, ат үстүндө ойногонду, эңишти, окуганды үйрөндү. Күч жумшаган эмгекти тез эле өздөштүрсө да, окууга келгенде акылы жетпей абдан кыйналды. Антсе да тырышып отуруп бир жылдын ичинде окуганды, жазганды үйрөнүп чыкты.

 

БИРИНЧИ СЫНАК

Аскер мектебин алтымыш бала бүтүрүп бүгүн сынакка келишти. Бул сынак окуп бүткөндөрдүн келечектеги иштээр ишин, тагдырын чече турган болгон соң хан өзү кабыл алды. Ал атайы жазалган бийик секиге чыгып отурду. Оң жагынан бир вазири, сол жагынан бир вазири орун алды. Ар бир сынакка баа коюп, калыстар тобунун айтканын кагазга түшүрүп туруш үчүн каздын канатынан жазалган калемсабын кармап катчы да отурду. Балдардын өнөрүн көрүшкө эл көп чогулду. Баарлыгы шаймашай даяр болгондо:

 — Урматтуу биздин ханыбыз, урматтуу калыстар тобу, — деп сөз баштады вазир, — сиздердин калыс көз карашыңыздарга быйылкы аскер мектебин бүткөн балдар, жалпы эле калайык калк муктаж. Биринчи сынак жамбы атмай. Сынакка үч жамбы үч бийиктикке орнотулду. Биринчи бийиктик жөнөкөй, жалпы эл пайдаланып жүргөн бийиктик, экинчи бийиктик андан бийик, үчүнчү бийиктик абдан бийик. Кимдеким үчүнчү бийиктиктеги жамбыны атып түштүрсө ошол түшүргөн жамбыны алат, анан хандын эң жогорку сыйлыгына татыктуу болот. Экинчи бийиктиктегини атып түшүрсө экинчи орунду, үчүнчү бийиктегини атып түшүрсө үчүнчү оруду алат. Сынакка катышкандын ар бирине тогуз жебенин огу берилет. Бирин атып түшүрөбү же үчөөнү тең атып түшүрөбү ал аркимдин устаттыгына байланыштуу. Канчалык көп атып түшүрсөал ошончолук байге ээ болуп, хандын сыйлыгын алат.

Оюн башталды. Эл кызыгуу менен карап турушту. Мелдешке катышкандар кезектешип атып киришти. Көпчүлүгү биринчи бийиктиктегини атышты. Аны он жолу атып түшүрүп, он жолу кайра илишти. Экинчи бийиктегиге он төрт киши гана жаа тартты. Аны эки мертебе атып түшүрдү. Ал эми үчүнчү бийиктегини эч ким даап ата албады. Анан калса ал узу-у-ун теректин башына илинген эле.

Эң акыры болуп Дөңгөч баатыр чыкты. Колундагы жаасынын чоңдугу, жоондугу беркилердикинен он эсе чоң экен. Ал түз эле үчүнчү бийиктике барып болжолун алып карап турду эле, башындагы калпагы түшүп кетти. Эл аны жамандыкка жоруп "Эми аталбай калды" деп кобурап калышты. Дөңгөч баатыр калпагын алып ары жакка коюп жамбыны мээледи. Көпкө мээледи. Бир маалда жаанын туура байланган жибин кере тартып туруп коеберди эле жаанын жебеси ызылдаган бойдон жамбынын жанынан өтүп жок болду. Экинчи атканда жебе ышкырган бойдон кетти. Үчүнчү атканда жебе жамбыны байлап койгон жипти кыркып өттү.

Элдин кыйкырганын айтпа, тим эле өздөрү атып түшүргөндөй кубанышты. Дөңгөч баатыр өнөрүн көрсөтөйүн дедиби же ажал айдап келдиби айтор асманда айланып учуп жүргөн кулаалыны атты эле ал талп деп хандын астына түштү.

Хан жебеге сайылган кулаалыны колуна алып:

 — Ырахмат баатыр, бул сынакта баарынын алды болдуң, душманыңды да ушинтип учурбай атып түшүр— деди.

 Эл кол чаап биринчи сынак ушуну менен аяктады.

 

ЭКИНЧИ СЫНАК

— Урматтуу күйөрмандар, — деп сөз баштады башкы вазир, — кезектеги сынакта кылыч чабуу башталат. Мына өзүңүздөр көрүп тургандай жолдун эки жээгине, өлчөмдүү аралыкта жаш, жаңы кыйылып келген тал сайылган. Тал ичке бутактан баштап баланын балтырындай жоондукта бүтөт. Кимде ким атты чаап келатып ушул талды башынан кирип аягына чейин чаап чыкса биринчи орунду алат. Эң баалу белек да ошонуку. Аягына чейин чыкпаса чабышына жараша экинчи же үчүнчү орунду ээлейт. Алган ордуна жараша белек берилет. Экинчи оюн кызуу башталды. Кезек менен чыккандар аттарын ызгытып баратып кырчын талдарды шакылдатып кыя чаап, жоон жерине жеткенде кылычтары өтпөй, же колдорунун алы жетпей токтоп калышты. Кээбирөнүн кылычтары туруштук бербей сынып да кетти. Бирөө да аягына чыга чаба албады.

 Акыры болуп Дөңгөч баатыр чыкты. Кылычы да өзгөчө экен. Узундугу да, жазылыгы да, калыңдыгы да келишиптир. Ал алыстан атын атырылтып келип оңду-солду чаап кирди. Бир да тал чабылбай калган жок. Аяк чениндеги чоң-чоң талдарды чапканда алар чамындыдай учуп жатты. Калыстар эмес хан Дөңгөч баатырга аябай ыраазы болду.

 

ҮЧҮНЧҮ СЫНАК ЖАНА ДӨҢГӨЧ БААТЫРДЫН АСКЕР БАШЧЫСЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛЫШЫ

— Эмки сынакта, — деди хандын биринчи вазири, -эр эңиш, тыйын эңиш, улак тартыш болот. Булар жөн оюн эмес— бул деген согуш оюну. Адам баласы жайчылыкта да душманы менен кездешет. Ошол себептен атка миништи, ээрдин үстүндө өзүн эркин алып жүрүштү, зарылчылык учурда аттын капталына жабышып алып чабышты, кармашкан адамын атынан оодарып түшүштү, талуу жерине чаап жыгышты билиш керек. Бул оюн согуш адамы үчүн өтө керектүү оюн.

Вазирдин руксаты менен оюн башталды. Биринчи тыйын эңиш болду. Чаап келатып жердеги тыйынды эңиштен биринен бири калган жок, баарлыгы шамдагай, баарлыгы аттын кулагы менен тең ойногон эпчил экен. Экинчи оюн эр эңиш болду. Мында Дөңгөч баатыр алдына киши чыгарган жок. Ал эми улак тартышта Дөңгөч баатыр бирине да улакты берген жок. Чыккан сайын көп элдин колунан улакты сууруп чыгып мөрөгө таштап турду. Кызыктуу оюн менен кеч да кирди. Сынак бүткөндөн кийин хан Дөңгөч баатырдын үстүнө алтын менен саймалаган чапан жаап:

 — Урматту элим, мына өзүңөр калыс болуп көрүп турасыңар, аскер окуусун окуп чыккандардын арасынан Дөңгөч баатыр баарлык оюндан, бүткүл сынактан биринчи орунду алды. Бул жогорку сыйлыкка татыктуу болду. Бул жигиттин элибизди, жерибизди коргоого татыктуу экенине ишенебиз. Ушуга байланыштуу мен Дөңгөч баатырды аскер башчысы кылып дайындап, хан ордосунан орун берем, — деди.

 Калк хандын калыстыгына ыраазы болуп. терең ыраазычылык менен тарашты.

 

ДӨҢГӨЧ БААТЫР АСКЕР ТАРТИБИН ЧЫҢДАДЫ

Дөңгөч баатыр аскер башчысы болуп иштеп калды. Көп жылдан берки аскер устаттарынын жардамы менен жоокерлерди согуш ишине, чыдамдуулука, кайраттуулука машыктырып атты. Эски жоокерлерди мөөнөтү бүтөрү менен кетирип, жаңысын үйрөттү. Иш менен, оюн күлкү менен дуулдап жүргөндө арадан эки жыл өтүп кетти. Эл бейкуттукта жатканда түн жармында хан чакыртып жибериптир. Барса хан ордо кызматчыларын чогултуп күтүп калыптыр.

 — Отур Дөңгөч баатыр, — деди хан жанынан орун көрсөтүп, -иш чатак. Душман кол салыптыр.

 — Качан, ким экен кол салган? — деди Дөңгөч баатыр.

 — Мады хан кол салыптыр. Ал биздин башынан берки казыбыз. Ал мындан жети жыл мурун күч менен күн чыгыш чек арадагы кыркка жакын айлыбызды базып алган. Аскерибиздин астыгынан, күчүбүздүн жоктугунан кол кайрый албай отуруп калганбыз. Азыркы келген чабармандын айтуусунда ал кечээ чекараны бузуп кирип келиптир. Жолундагы айылды талап, эркегин кул, аялын күң кылып келатат дейт. Анын максаты биздин хандыкты бүт каратышы керек экен. Ушул себептен уйкуңарды бузуп баарыңарды чакырттым. Оюңарды ачык айткыла, каршылык көрсөтө алсак чыгалы, каршылык көрсөтө албасак, күчүбүзгө ишенбесек кол куушуруп багынып берели. Бекеринен кан акпасын...

Мады хандын күчүн, мыкаачылыгын билген вазирлер, кеңешчилер үн катпай отуруп калышты. Бираздан кийин:

 — Ханым, — деди хандын кеңешчиси, -Мады хан бизге кол салгандан мурун тегергегиндеги хандын баарын караткан. Өтө күчтүү. Ага элди кырдырбай элчи жиберип, белек менен астынан тозуп чыгалы, антпесек арты жаман болот.

 — Силер кандай ойлойсуңар? — деди хан вазирлерге бурулуп.

 — Биз дагы кеңешчи ойлогондой ойлойбуз, бирок аскер башчыбыз эмне дээр экен?..

— Сен кандай ойлойсуң Дөңгөч баатыр? — деди хан аскер башчысына кайрылып

 — Согушабыз, — деди Дөңгөч баатыр шар эле, -ага окшогон баскынчылар менен салгылашып жергебизден кууп чыгабыз.

 — Кантип кууп чыгасың, баатыр? — деди хан, -ал түмөндөгөн колду курап алып кирип келсе, сен чогулткан аскериң жок болсо кантип туруштук бересиң?

 — Туруштук берем, — деди Дөңгөч баатыр, -туруштук бермек түгүл аларга көргүлүктү көрсөтөм. Аскерди кантип чогултушту, душманды кантип кууп чыгышты мага коюңуз.

 Дөңгөч баатырдын ачык айткан сөзүнө ишенбей хан вазирди, вазир кеңешчилерди карады. Биртоп талкуудан кийин душманды тозуп чыгууга чечим кабыл алышты.

 

ДӨҢГӨЧ БААТЫР ДУШМАН МЕНЕН САЛГЫЛАШТЫ

Дөңгөч баатыр согушууга буйрук алар менен " Он сегизден алтымыш жашка чейинки дени сак эркектер казатка аттансын. Душман тарапта жашагандар курал жарагын алып жолдон мага кошулсун, башка тараптагылар чогулуп түн бою майданга келишсин" деп айттырып чабарманды туштарапка чаптырды. Өзү колдогу аскер менен жөнөп кетти. Бир жерге токтобой, эч жерге эс албай түнү менен жүрүп отурду. Таң аппак атканда мейкин талаага келип токтоду. Мадынын аскери да ошол талаанын аркы өйүзүндө экен. Эки тарап бирин бири көрүп аттын басмайылын бекитип, жоо жарагын даярдап калышты. Арадан бир чай кайнам убакыт өттү. Дөңгөч баатырдын эли туш тараптан самсып келе баштады. Барган сайын күч кошулуп, аскердин карааны көбөйө берди. Дөңгөч баатыр ортого чыгып:

 — Кана, баатырыңар жекеге чыккыла! — деп найзасынын бөрү тилин күнгө жаркылдатып кыйкырды.

Дайыма жеңишке ээ болуп көнүп калган Мадынын аскер башчысы бир балбанын чакырып алып:

 — Чагатай хандын, жарма куйган чаначтай жигитин жара сайып таштачы, — деди дөөгүрсүп.

Эл эки жаат болуп кылкылдап карап турушат. Ар жактан айткан атактуу балбан чыкты, бер жактан Дөңгөч баатыр өзү тозуп ортодо турду. Экөө эреже боюнча жакындашып келип, аралыкты алыс кармап учурашып, экөө эки тарапка бастырды. Бута атым барып токтошту. Анан экөө бирдей атына камчы уруп чаап жөнөштү. Биринчи беттешкенде эле Дөңгөч баатыр аны жыга сайды. Экинчиси чыкты, аны да ыргыта сайды. Үчүнчүсүн да кулатты. Күн түш болуп калды. Каарына чыдабай Мады хандын аскер башчысы өзү чыкты. Экөө кечке кармашты. Найзалары сынып кылыч менен чабышты. Кылычтары талкаланып чокмор менен салгылашты. Экөө эрегишип бирин бири жеңалбай атканда күн да уясына батып күүгүм кирди. Эки тарап эс алууга эки жакка бөлүнүштү. Бүгүнкү согушта убакытты утуу Дөңгөч баатыр үчүн чоң олжо эле. Анысы аныкталды. Таң жаңы супа салганда дөңгө чыгып караса келген калктын карааны душмандын аскеринен алдаканча ашып кетиптир. Чоор тартылып, барабан урулуп согуш кайра башталды. Түнү менен эс алган эки аскер башчысы кайра салгылашты. Найза, кылыч сынып, шылк этме үзүлүп экөө эңишип киришти. Экөө бир эт бышым тартышканда астындагы аттар чарчап баспай калышты. Экөө аттан түшө калып кармашышты. Бир маалда Дөңгөч баатыр жамбашына салып туруп "Я, Алла!"деп чапты эле Мады хандын аскер башчысы жерге күп дей түштү. Дөңгөч баатыр кынынан бычагын сууруп алып мууздап таштады. Башчысы өлгөн соң душман кача баштады.

 — Алгыла, — деди Дөңгөч баатыр буйрук берип, -кары, жашына карабай кыргыла, колго түшкөнүн тирүү калтырбагыла!

 Чагатай хандын аскери качкан жоону артынан кууп сайышты. Сүрүп отуруп эски чек арага жеткирип токтошту. Мады хан коркуп тие алган жок. Дөңгөч баатырдын артыкча балбандыгын угуп аны амал менен жок кылууну чечти...

 

МАДЫ ХАН МАЛ БЕРИП, АЛТЫН-КҮМҮШ БЕРИП ЧАГАТАЙ ХАН МЕНЕН ЖАРАШТЫ

Дөңгөч баатыр душманын жеңип чекарада токтоп калганда эртеси таңата Чагатай хан көп кол менен келип калды. Дөңгөч баатыр астынан тосуп чыкты. Хан Дөңгөч баатыр менен учурашып көрүшүп:

 — Жеңишиң менен куттуктайм, баатыр, сен болбосоң эл Мады хандын кол астында эзилип, салык төлөп кыйналат эле, — деди.

Дөңгөч баатыр ханга сый көрсөтүү боюнча ордонун шартына көнүп калган эле ал колуп төшүнө коюп ийилип таасим кылып:

 — Мен сиздин падышачылыгыңызды коргоого дайым даярмын, — деди.

 — Рахмат уулум, — деди хан кубанып, -ырахмат. Мен да сени менен сыймыктанам.

Согуш башталгандан бери эл чогултуп, жол жүрүп чарчап келаткан хан жатып уктап кетти. Ата Мекенин баскынчылардан коргоо үчүн эл тынбай келе берди. Ат таппай калганы өгүз минип, өгүз таппагандары жөө келишти. Чекараэлге толуп чыкты. Аны сырттан баамдап турган душмандын жаңы аскер башчысы Мады ханга барып:

 — Ханым, — деди тизесин бүгүп чөгөөлөп, -чекарада ахвал начар. Чагатай хандын аскери кумурскадай жайнап кетти. Ал аз келгенсип тынбай үстү үстүнө кошулуп атат. Чагымда зор күч топтоп чекараны басып өткөн турат окшойт...

Мады хан аскер башчысы кеткенден кийин бөлмөдө ары бери басып ойлонду. Айтылган сөздүн анык— даныгын өзү чыгып текшерип да көрдү. Акыры айласыз, жети өмүрү жерге кирер чечимге келди. Башка аргасы калбаганын карт Мады хан түшүнүп Чагатай ханга элдешүүгө элчи жиберди.

 — Эч кандай жарашпайбыз, — деди Дөңгөч баатыр элчинин сөзүн угуп, -мен Мады хандын элин кырып бүтмөйүнчө, Чагатай хандын туусун шаардын бийик мунарасына орнотмоюнча жаным тынбайт.

 — Анткен жарабайт, — деди Чагатай хан Дөңгөч баатырды четке чыгарып алып, --анын жерин зордук менен алганда андан биз пайда көрбөйбүз. Чоочун эл эртедир кечтир көтөрүлүп чыгат. Кагылыш болот. Элде тынчтык болбойт. Эл тынч жашаш үчүн зордук-зомбулуктун кереги жок. Мадыл хан келсе "Экинчи кол салбайм" дедирип тил кат алабыз.

Чагатай хан Дөңгөч баатырдын ачуусун араң басып сөзгө келтиргенден кийин:

 — Болуптур, — деди Чагатай хан душмандын элчисине, -жарашса жарашалы, бирок бул маселени чечиш үчүн Мады хан өзү келсин. Ал жалаң гана жарашышты ойлобой чыккан чыгымды төлөштү да ойлой келсин.

Эл эс алып жатып калышты. Биртоп убакыттан кийин Мады хан тараптан асманга көтөрүлгөн чаң, жер жайнап жылып келаткан караан көрүндү. Аскер келатабы деп Дөңгөч баатыр тараптагылар аттарына минип, найзасын кезей кармап салгылашууга даярданып калышты. Аз өтпөй эле ак желек көтөргөн Мады хан жанжөкөрлөрү менен келип калды. Ал аттан түшүп Чагатай ханга алыстан салам айтып:

 — Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт дейт, Чагатай. Жаңылдык, жаздык, кечирип кой, — деди башын ийип.

 — Болуптур, — деди Чагатай хан, -кылган күнөөңдү мен кечирейин, ал эми эл эмне дейт экен? Бул согушта бирөөнүн атасы өлдү, бирөөнүн энеси өлдү, бирөөнүн уул-кызы өлдү. Алардын ыйы, алардын жашы кантет? Сиз ушуну ойлондуңуз бекен?

Ойлондум, Чагатай, ойлонгон үчүн алдыңа түшүп белек апкелатам. Арттагы түмөндөлгөн мал, төөгө жүктөлгөн алтын, күмүш сиздики. Аны өзүңүз аласызбы же алпарып элге бөлүп бересизби ал сиздин иш. Мындан ары ынтымакта болуп жашайлы. Кыз берип, кыз алышалы. Тукумубуз өзсүн, — деди Мады хан жойпуланып.

 — Жарашса жарашалы, — деди Чагатай хан, -айтканың чын болсо экинчи кол салбастыка тил кат бериңиз, ошондо жараштык деп эсептеймин. Мады хан ошол замат катчысын алдырып экинчи Чагатай хандын элине тийбеске тил кат берип, мөөрүн басты. Ушуну менен согуш бүттү. Чагатай ханды, анын вазирлерин жана Дөңгөч баатырды кошуп Мады хан конокко чакырды. Согуш жаңы эле аяктап, ич күйдүлүк басыла электе Чагатай хан конок болгусу келбесе да элдин биримдигин бекитиш үчүн барууга туура келди. Конок болушту. Дасторкон үстүндө отурганда:

Урматтуу Чагатай хан, — деди Мады хан маанилүү сөз баштап, -эки өлкө жоолашып жарашканда, жарашкан сөздү ишенимдүү бекитиш үчүн илгеркилеркыз алып, кыз беришчү экен. Мен да ошол салтты ойлоп турам. Агер сиз макул болсоңуз, эки элди мындан да жакын кылыш үчүн кудалашалы. Мен кызымды Дөңгөч баатырга берейин, сиз келин кылып алыңыз.

 — Болуптур, — деди Чагатай хан, — биз макулбуз. Бойго жеткен кызыңыз бар деп угуп, кызыл кыргын, кара сүргүндөн кийин кудалашалык деп айткандан тартынып турдум эле. Ырас болду. Макул десең азыр алып кетели.

 — Анткен жаштардын жакшы жөрөлгөсүнө жарашпай калат го, — деди Мады хан арамза күлүп, -эл тынчысын, жок дегенде жарым жыл убакыт өтсүн арадан. Үч айдан кийин Дөңгөч баатыр келип кыз менен таанышып, сүйлөшүп, тойдун убактысын тактап кетсин. Күңгө окшотуп учкаштырбай той кылып кызымды берейин.

 Мады хандын жүйөөлү сөзүнө макул болуп, кудалашып, эки тарап тең ыраазычылык менен тарашты.

 

ДӨҢГӨЧ БААТЫР МАДЫ ХАНДЫН КЫЗЫНА КҮЙӨӨЛӨП КЕЛИП КЫРСЫККА УЧУРАДЫ

Согуш басылгандан кийин арадан үч ай өтүп кетти. Бир күнү Чагатай хан Дөңгөч баатырды чакырып алып:

 — Балам, келечек кайнатаң сени келип кетсин деп кабар айттырыптыр. Сен Мады хандын айлына барып, колуктуңду көрүп, сүйлөшүп, тойдун качан болоорун макулдашып кел, — деди.

Дөңгөч баатыр кырк жигити менен жолго чыкты. Аларды Мады хандын эли чекарадан тозуп алышты. Баарыдан да ак куудай болуп кырк кыз тозуп чыкканы көңүлдү көтөрдү, бирок хандын кызы көрүнбөдү. Кыздардын башчысы Дөңгөчтүн жанына келип:

 — Саламатсызбы, хан жезде. Алыс жолду арытып аман эсен келдиңизби? Кыйналган жоксузбу? — деп эркелеп калды.

 — Саламатчылык, кыйналсак да келдик, — деди Дөңгөч баатыр.

 — Хандын кызы Кайыргүл эже сизди күтүп атат атасынын ордосунда. Көргөндө көрүмдүктү өзүмө бересиз, жезде, — деп жарокерленди кыз.

Күйөө жолдош жигит:

 — Эмне үчүн Кайыргүл келген жок? — деп сурады.

 — Келген жок жигит, — деди кыз кылыктанып, -айттым го, ал хан жездени күтүп атат. Биздин салт ушундай, кыз жигитин тозуп чыкпайт, жигит кызды издеп барат. Жүрүңүздөр. Кеттик.

Кыздын тосуп чыкпаганына Дөңгөч баатыр көңүл бөлгөн жок, бирок күйөө жолдошко бул негедир табышмак сезилди, антседа жергиликтүү элдин салтын билбеген соң үн катпай ээрчип шаардын четинде учу кыйрына көз жетпеген көк мейкиндикте атайын тигилген кырк бир боз үйгө келишти. Көркөмдүгүн айтпа, көргөндүн көзү тайгылат. Жабылгасын келтириптир, аппак кийиздин кылын искектетип суурутуп, үзүктүн жээгин оюлатып, алтын, күмүш бастырыптыр. Ички жазалгасын айтпа, кооздугунанан кирсең чыккың келбейт. Керегенин бою менен тең илинген килем, илбээсиндин терилери, алтын, күмүш, каухар менен жазалгаланган буюмдар. Чыгдан тарапта алтын алабаканга илинген тор.

Тордун ичинде сайраган кооз чымчыктар. Үйдү тейлеп чуркап жүргөн сулуу кыздар. Айтор сыйдын алдын көргөндө эле жигиттердин көңүлү тоюп жайлана түштү. Биринчи күнү хандын ордосунда мамлекет башчылары менен чогуу конок болуп, сый көрүштү. Аягында Мады хан:

— Урматтуу уулум Дөңгөч баатыр, урматуу күйөө баламдын жолдоштору келгениңерге мен ыраазымын. Биз силерди келет деп көпкө күттүк. "Элиң тынч, жаның тынч" деп эл бекер айтпайт. Ушул бейкуттукта жатып эс алгыла. Ойногула, гүлгүлө, бул жашоонун ырахатын билгиле, — деп баарына ийгилик каалады.

Мады хан кеткенден кийин жигиттерди бирден жазалгаланган боз үйгө киргизип, тейлегенге, кызмат кылганга бирден сулуу кыз бекитишти. Дөңгөч баатыр четтеги обочо тигилген үйдөн орун алды. Ал боз үй өзүнүн көлөмдүүлүгү жана жазалгалулугу жагынан башкалардан алдаканча артыкчылыгы байкалат.

Жигиттер эс алып жатып калышты. Күндүз чогулуп оюн тамаша куруп, кечте орундарына келип жатып эс алышат. Жатаарда жанакы сулуу кыздар бир кезеден бал кошкон кымыз алып келип ичирип турушту. Арадан эки күн өттү. Жигиттер да жергиликтүү элдин салтына, шартына көнө түштү. Дөңгөч баатырколуктусун чыдамсыздык менен күтсө да ал келген жок. Караанын көрүүгөзар болду. Бул табышмактуу тамашанын түйүнүн чече албай турганда Дөңгөч баатырга кызмат кылган сулуу кыз:

Баатыр, — деп шыбырады кечки кымызды сунуп атып, -этият болуңуз. Сиздин баскан жолуңузга капкан коюлган, түшсөңүз чыкпайсыз.

 — Ал эмне капкан? -Дөңгөч баатыр да шыбырап сурады.

 — Аны мен билбейм, бирок бир балээ болорунда шек жок.

 — Муну сен эмне үчүн айтып атасыз, коркпойсузбу угуп коет же билинип калат деп?

 — Корком, — деди кыз шыбырап, -корккондо да абдан корком. Бирок мен сизди сүйөм, хандын акылы жок кызына ыраа көргүм келбейт.

Дөңгөч баатыр ичип аткан кымысын жерге коюп сурады:

 — Мага ушунчалык жакшылык ойлогон, мени сүйгөн, деги өзүң кимсиң? Атың ким? Кайдан келдиң?

 — Менин атым Алтынай. Менин атам коңшу мамлекетте хан болбосо да калк башкарган улуу инсан болгон. Согушта колго түшүп малча байланып келгем. Азыркы абалым күң. Башыма ээ эмесмин. Кырк жигитиңе кызмат кылган кыздардын баары мага окшогон күң. Силер каалаганды аткарыш биздин милдет. Койчо мууздап таштасаңар да эрк силерде. Өлсөк дообузду эч ким сурабайт. Мады хан муну атайы уюштурган. Арты жамандык менен бүтөрүн жүрөгүм сезип турат. Сиз макул десеңиз бул кырсыктан качып кутулалы. Эртең кеч болуп калат.

Дөңгөч баатыр Алтынайдын келишимдүү келбетине, кайгылуу карегине сынай тиктеп тим болду. Ичинде:"А, ары жок күң, мага ашык болуп, мага тең болуп тийем деп турганын кара" деп ойлоду.

Эртеси чекарадан тозуп чыккан кыздардын башчысы келип:

 — Урматтуу хан жезде, көрүмдүгүмдү даярдаңыз, эртең колуктуңуз

Кайыргүл келет. Таазим кылат. Сизге арнаган сүйүүсүн тартуулайт, — деди.

Дөңгөч баатырдын жүрөгү алеп-желеп болуп калды. Келечек күндү чыдамсыздык менен күттү. Айткандай эле эртеси кырк кыз ээрчитип Кайыргүл келди. Ашкан сулуу болбосо да, келбети келишкен кыз экен. Ал келип учурашып, Дөңгөч баатырдын жанында отурду. Кечке оюн тамаша болду. Кечте, жатаар мезгилде, күндөкү кымыз ичээр убакытта бир кыз менен Кайыргүл кайрылып келечек күйөөсүнүн үстүнө кирди. Ал жаркылдап-жайнап жанындагы кыздын колундагы эки алтын аяктагы кымыздын бирин алып Дөңгөч баатырга сунуп, экинчи аяктагы кымызды өзү колуна кармап:

 — Кана Дөңгөч баатыр, менин сүйүктүүм, атайын ат арытып мени издеп келгениңизге чоң ырахмат. Мен буга өтө кубанычтуумун. Эми кеткениңизче эртеден кечке чогуу болобуз. Чогуу тамаша курабыз. Айтылбаган ойду, сүйлөшүлбөгөн сөздү сүйлөшөбүз. Ар түнү жатар астында кымызды ушинтип чогуу ичебиз. Колдогу насипти токтотпой алып жибериңиз, баатыр, — деди жылдыздай жымыңдап.

Дөңгөч баатыр алып жиберди. Ар түрлүү тамаша сөздү чаргытып сүйлөп Кайыргүл да алды. Кош айтып, тынч уйку каалап жолдошу экөө ээрчишип чыгып кетти. Эртеси да чогуу отуруп кымыз ичишип, кызыктуу сөз сүйлөшүп тарашты.

Үчүнчү кечте Кайыргүл кандайдыр өтө көңүлдүү кирди. Бүгүнкү кымызга уктатуучу дары кошулганын билгизбезге аракет кылып алтын аяктагы кымызды кошколдоп сунду. Аякты колуна алган Дөңгөч баатыр колуктусунун карагат көзүнө кадалып, ширин сөзүнө кулак төшөп, кумарланып токтоп калды. Кайыргүл аны байкамаксан болуп экинчи аяктагы кымызды өзү алып кылкылдата жутту.

 — Алыңыз, хан жезде, — деди жанындагы кыз Дөңгөч баатырды шаштырып, -алып жибериңиз. Колуктуңуз алганда сиз карап турганыңыз уят же эжемди теңсинбей турасызбы? — деп кысымга алды.

 Дөңгөч баатыр сөз кайырбай колундагы аятагы кымызды шак дегизе тартып жиберди. Кыздар бирин бири табышмактуу тиктешип, күлүп калышты. Дагы бир аз отуруп, Дөңгөч баатыр үргүлөй баштаганда чыгып кетишти. Дөңгөч баатыр кыздар кетер менен жаздыкка кулады. Ошол бойдон өлгөн адамдай сулк жатты, ойгонгон жок. Аңдып турган Мады хандын жигиттери жарым түндө жан кишиге билгизбей колу— бутун байлап, күркүрөп аккан дарыяга ыргытып жиберишти.

 

ДӨҢГӨЧ БААТЫР СУУГА АГЫП АРАЛЧАГА ЧЫКТЫ

Дөңгөч баатыр Ала-Тоонун аркыраган муздак суусуна денеси тийгенде бир гана ойгонду. Көзүн ачса бирде жээке тийип, бирде ташка тийип агып баратат.

Айласын таппай калды. Кармайын десе колу байлануу, таканчыктайын десе буту чырмалуу. Кылган аракети эле башын көтөрүү. Чөкпөө. Дөңгөч баатырга жаратылыш жардам берип чөкпөй, калкып агып жүрүп отурду. Көпкө акты. Түнү бою акты. Үшүп калтырап чыкты. Бир маалда эңкейиштеп акпай жайык жерге кез келди. Ташка, дүмүргө согулуп көгөрүп шишиген денеси тынчый түштү. Айланып, тегеренип калкып суунун үстүндө жүрдү. Таң да атты. Эң биринчи болуп асмандан торгойдун үнүн укту. Алар ачык асманды жаңыртып канатын дирилдетип бийлеп, сүйлөп жатыптыр.

 — Чурлуйт-чурлуйт, — деди биринчи торгой таңданып, -көл үстүндө киши жатат.

 — Мен аны тааныйм, — деди экинчи торгой, -ал Дөңгөч баатыр.

 — Ал бул жерге кайдан келди?

 — Акылы жоктугунан келди. Бул душманынын айлына келип, атасынын төрүндө жаткандай чалкалап жатып алды. Жоокер башчысы болуп туруп эшигинин алдына кароолчу койгон жок. Түшүнбөстүгү мына ушунда. Мады хан ушундан пайдаланып кызы аркылуу уктатчуу дары ичирип, жарым түндө колу— бутун байлап дайрага салып жибертти. Түнү бою шар сууда аласалып, оодарылып агып ушул жерге келип токтоду. Түшүндүңбү?

 — Түшүндүм, — деди биринчи торгой, — бирок бул шордууга кантип жардам берүүгө болот?

 — Билбейм, — деди экинчи торгой, -жардам бериш биздин колдон келбейт.Анын үстүнө жардам берип да болбойт, анткени бул аскердин окуусун окуп жүргөндө жаа тартышты үйрөнүш үчүн учуп жүргөн торгойдун неченин жаа менен атып түшүргөн. Кийин дөөлөтүнө дөөгүрсүп аркар, кулжаны, эчки, текени аесуз кырган.

Торгойдун сөзүн угуп Дөңгөч баатыр жапайы жаныбарларга мыкаачылык менен мамле кылганын эсине түшүрдү. Аңгыча жылгадан катуу шамал уруп чимирилтип айдап жөнөдү. Көңүлү караңгылап, башы айланып онтоду. Шамал кыйналганына карап да койгон жок күү менен апарып шаркыраган агымга урду. Аласалып, оодарылып, урунуп— беринип дагы агып жөнөдү. Анда-санда ачык асманды көргөнү болбосо ойлонууга да чамасын келтирген жок. Көбүктөнгөн суу бирде оозуна, бирде көзүнө кирип убара кылды. Бир кезде кулакты жарган күркүрөгөн добуш угулду. Дөңгөч баатыр коркуп кетти. Билүүгө, көрүүгө аракет кылды, бирок көралбай койду. Жүрөктү түшүргөн добуш жакындагандан жакындай берди. Бир оокумда кулагынын түбүнөн эшитилди. Башын көтөрүп караганча кушка окшоп учуп жөнөдү. Көптөн кийин барып терең көлмөгө чалп этип түшүп, чөгүп барып кайра чыкты. Көрсө күркүрөгөн добуш бийик шаркыратманын үнү экен.

 — Өх, — деди үшкүрүнүп Дөңгөч баатыр, -ташка тийсем соо калмак эмес экемин. — деп олоп койду.

Бул жерге да токтогон жок. Дагы аласалып агып жөнөдү. Күн түш болуп калды. Бир оокумда сүрдүгүп барып аралчага барып токтоду. Аралча дегенибиз сайроон жер экен. Суу астынан жылжып, капталынан шаркырап өтүп жатты. Чалкасынан түшкөнү оңдой берди болуп туштарапты караганы, дем алганы оңоло түштү. Ушул калыпта кыймылдай албай жатып алып: "Эми эмне кылсам, оонап шар аккан сууга кайра түшсөмбү же жата берсемби. Бул аралчада жатсам балким бир айла болор. Өткөн-кеткен көрүп калар" деп ойлоду.

Ушул учурда коң карга жээке келип конуп:

 — Ка-ак, ка-ак, мында келгиле, кызыкты көрөсүңөр, укмушту угасыңар, — деп каркылдады.

Асманда айланып учуп жүргөн карганын баары жабыла учуп келип жээке конушту. Сайроондо байлануу жаткан кишиге таңыркап, жакшылап көрүш үчүн улам бир көзү менен тиктеп, таңыркап карашты.

 — Айтчы, апа, бул эмне деген макулук? — деп сурады карганын баласы.

Коң карга Дөңгөч баатырдын жыгачтан жаралганын, анан сыйкырдын аркасы менен адам болгонун айтып келип:

 — Бул жаман бала, — деди жинденип, — бул бала элдин, ата-энесинин каргышына калган. Аскер башы болгондон бери атасын, апасын унутуп койду. Барып көрмөк түгүл, кабарын да сураган жок. Мындай бала болгондон көрө жогу жакшы. Ушуну унутпагыла. Ата-энесин сыйлабаган жаман бала арабызда болбосун! — деп карк-карк этти эле:

 — Жаман бала арабызда болбосун!

 — Жоголсун!

 — Биз ата-энесин унуткан баланы арабызга кошбойбуң! — деп каргалардын баары чуулдашты.

Ушул сөздү укканда Дөңгөч баатырдын эсине атасы менен энеси келди. Атасы атка мингенди, мал кайтарганды, жер сайып эгин эккенди үйрөткөнү көзүнө элестеди. "Каргалар туура айтат, мага сооп жок, мага окшогон баладан көрөк жогу жакшы" деп ойлоп көзүнө жаш алды, Дөңгөч баатыр. Ачуулангандыктан, капалангыктан денеси калтырап, кулагы чуулдап каргалардын сөзүн укпай калды. Башы айланып эстен танды. Канча жатканын ким билсин көзүн ачса бакалар үстүндө секирип, куушуп ойноп жүрүшүптүр.

Ай-хай! — деди Дөңгөч баатыр сез көрсөтүп кыйкырып, -көзүмө көрүнбөй жоголгула!Буларды кара тебелеп-тепсегенин, — деп башын көтөрүп мулжуңдатты эле бакалар качып кетпей кайра ичине барып топтошуп отуруп алышты.

 — Ква-ква, ох, ичи кандай жылуу, — деди бир бака.

 — Ква-ква, ичи кандай жумшак, — деди экинчи бака.

 — Суудан чыгып күнгө жылынганга эми бизге жакшы болду, — деди үчүнчү бака.

Бакалардын коркор да, кетер да түрү жок. Ква-ква деп сүйлөшүп отуруп алышты. Бир маалда бирөө башка чаап кубалагандай шарт-шарт секирип сууга кирип жок болушту. Көрсө ар жакта узундугу бир кулач болгон суу жылан иймеңдеп сойлоп келатыптыр.

Бакалар кеткенге Дөңгөч баатыр эс ала түштү. Бирок жылан өтүп кетпей сойлоп бутуна чыкты. Ышкырып, ача тилин соймоңдотуп аркай жерин жыттап кирди. Бирде кончуна кирип, бирде жеңине кирип чыгат. Тилин этине тийгизген сайын, ышкырыгын уккан сайын денеси дүркүрөп, итатайы келет. Айласыз былк этпей жатты. Кыймылдаса эле чагып алган турат. Жылуу ийин издедиби же жем издедиби ким билсин сойлоп колтугуна кирип бир аздан кийин кайра чыкты. Улам бир тешикке башын салып текшерип чыгат. Ушул учурда Дөңгөч баатырдын башына ой туулуп оозун ачып былк этпей жатты. Бир маалда бир нерсеси унут калгансып ачылып турган оозго башын салды эле Дөңгөч баатыр шарт башын тиштеп муунтуп туруп алды. Жылан туйлап, куйругу менен чапкылап жаналакетке келди. Жылан туйлаган сайын Дөңгөч баатырдын кыжыры келип башын мойнунан кырча тиштеп түкүрүп таштады.

 — Мына сага, — деди Дөңгөч баатыр өлүп жаткан жыланды көзүнүн кыйыгы менен карап, -сен ушуну көрмөксүң.

Бакалар кетип, жылан өлүп Дөңгөч баатырдын жаны тынчып калды. Кечке жакын алты көк көгүчкөн учуп келди. Алар аралчага отуруп курт-кумурскаларды терип жеп кобурашып атышты:

 — Бул жигит мыкаачы, — деди бир көгүчкөн, -айбан эмес адамды аену билбейт. Илгери Мады хандын бир эмес үч балбаны ушунун колунан жеңилип өлүм тапканда зордоп айдап келген карапайым калк качып жөнөштү. Бул болсо мактанып кол кайра албаган элди кыргынга салды. Агерде бул чын баатыр болсо неге аларды өлтүрөт? Багынган элди өлтүрбөй койсо болмок. Мунун жетишпеген жагы ушунда.

 — Бул жигит Алтынайдын кузуруна калды, — деди экинчи көгүчкөн, -сүйүүсүн айтып жалынса, кырсыктан кутулуш үчүн качып кетели десе аны күң катары көрүп теңсинген жок. Анын тилин алганда бул кордукту көрмөк эмес. Эми бул жерден кете албайт. Капталына куласа таштын жаракандысына кыпчылат да чыкпайт, артка, алдыга жылууга болбой. Бул сууга суу кошулуп деңгели көтөрүлмөйүнчө ушул жерде калат. Чирисе чирийт, чирибесе дагы ылдыйлап агат.

 Дагы бир аз сүйлөшүп отурушуп көгүчкөндөр учуп кетишти. Дөңгөч баатырга ушунун өзү эле унутулгуз сабак болду. Кара таандай чуулдап качкан кишилерди далысынан найса сайып өлтүргөнүн эстеди. Колго түшкөн туткундарды аесуз өлтүргөнү эсине түштү. "Атаганат ушунун баарын туура кылбапмын" деп түштөн кийин, иш өтүп кеткенден кийин кейип башын чайкады.

 

ДӨҢГӨЧ БААТЫР КҮКҮККӨ АРМАНЫН АЙТТЫ

Дөгөч баатыр аралчада көпкө жатты. Тилегени эле жаан. Жаан жааса, кыян жүрсө, сууга суу кошулса, суу көтөрүлсө деп тиледи, бирок жаан өчөшкөнсүп жааган жок. Бир күнү батыштан шамал болуп, кара булут каптап жаан бир аз тамчылап келип токтоду. Мындай өзгөрүш анда-санда болуп турду. Аралчада жалгыз жатып Алтынайдын ажарлуу жүзүн, моймолжуган карагат көзүн,адамкерчилигин элестетти. Акыйкатта сулуу десе сулуу, акылдуу десе акылдуу кыз эле. Келгендин экинчи түнү алтын аякка куюлган кымызды кошколдоп сунуп жатып:

"Дөңгөч баатыр, катын албай кайын аласызбы же кедей болсо да акылы артык жар аласызбы?"— деп сурап калган. Алтынайдын бул сөзүнө анда Дөңгөч баатыр маани бермек түгүл, түшүнгөн эмес. Көрсө сүйлөшкөн кызың кандай болсо да төркүнү мыкты болсо аялдыка алабересиңби деген сөзү тура. Күң болуп, күңкор болуп турганда хандын кызынын караңгы жагын ачып айтпаса да табышмактатып хандын кызынын акылсыздыгын айтып түшүнүк бериптир. Ошондогу Алтынайдын жаракөр көз карашы али да көзгө көрүнүп турат.

 — Эх, чиркин, — деди Дөңгөч баатыр, — башта акыл болбосо жаныңда жанып турган бактыны да көрбөйт турбайсыңбы. Болбосо Алтынайдын күңдүгүн эсептебегенде анын хан кызынан артыктыгын неге билбедим экен. Сулуу десең сулуу, акылдуу десең акылдуу элего, чиркин. Мага окшогон акылсыз айткан сөзүнө түшүнбөгөн соң кийин махабатын коркпой этпей эле ачык айтып таштабадыбы. Душманымдын капкан салып атканын эскертпедиби. Мен үчүн, махабат үчүн жандан кечип баарын жазабадыбы. Күң болгон кыздын колунан башка эмне келмек. Мен анын адамдыгын билбей, акыл айткан сөзүнө түшүнбөй ушул абалга келбедимби...

Дөңгөч баатыр кыялдын кучагында жатканда баягы тоо көгүчкөндөр дагы учуп келишти. Айланып курт-кумурсканы терип жеп:

 — Гу-гу, — деди бир көгүчкөн, — баягы киши дагы эле ордунда жатат.

Кыймылдабайт өлүп калган го...

 — Гу-гу, өлгөн жок, — деди экинчи көгүчкөн, -мээси менен тили араң эле иштеп атат. Бирок башынан дөөлөт кеткен соң, денесинде кубат калбаган соң, бирөөнүн жардамына муктаж болгон соң гана карапайым калктын түйшүгүн түшүнө баштаптыр. Бул жаңылык, бирок мээсине суук тийип жаман иштей баштаптыр...

Дөңгөч баатыр көгүчкөндөр учуп кеткенден кийин былк этпей жатты. Кыймылдоого да алы келген жок. Бир оокумда жээктеги талдын бутагына күкүк келип конду. Ал отуруп алып:

 — Ку-кук, ку-кук! — деп сайрады.

 — Э-эй, Күкүк куш, — деди Дөңгөч баатыр үн салып, -Мени таштап кетпечи. Дагы сайрачы. Уккум келет үнүңдү, уккум келет тилиңди, — деп суранды.

Күкүк дагы сайрады. Көпкө сайрады. Учуп кетерде Дөңгөч баатыр арманын айтып төмөнкү ырдады:

Күкүк, күкүк, күкүк куш,
    Бул абалга болдум туш.
    Хандын кызы калп сүйүп,
    Акырында болдум мыш.

Мендеги болгон жаңылык,
    Келипмин кызга жаңылып.
    Кыл аркан менен чырмалып,
    Кол, бутум жатат таңылып.

Чагатай ханга айтып кой,
    Сууда жатат бүткөнбой.
    Денем чирип, сыз өтүп,
    Тумандап барат баштагы ой.

Кыймылдаарга алым жок,
    Алыстайт менден болочок.
    Байкатпай туруп алдырып
    Жүрөгүм күйүп, ичим чок.

Суранам тилим алам де,
    Атамды көрсөң салам де.
    Аш эмес сууга зар болуп,
    Алсырап жатат балаң де.

Өмүрүм өтүп баратат, 
    Жашоону жакшы түшүнбөй.
    Кечээки менин көргөнүм,
    Сезилет мага түшүмдөй.

 Дөңгөч баатыр арманын айтып жатканда кыбыладан катуу шамал согуп, кара булут каптап келди. Катуу коогалаңды сезгенсип күкүк да уча качты.Дөңгөч баатыр эсине бирде келип, бирде келбей турган учурда жамгыр төктү. Жаан ушунчалык чакалап куйгандай жаады дейсиң тоодон кыян жүрүп кетти. Суу туш тараптан ташкындап дайрага кошулду. Денеси шишип жаткан Дөңгөч баатырды суу калкылдатып көтөрдү. Бир аздан кийин агызып жөнөдү. Эңкейиштен башы ташка согулуп Дөңгөч баатыр эсин жоготту. Ал жети күн, жети түн акты. Нечен айылды, нечен шаарды аралап өттү. Калкып агып кетеберди...

 

ДӨҢГӨЧ БААТЫР БАЛЫКЧЫНЫН ТОРУНА ТҮШТҮ

Күн шашке болуп калган. Балыкчы бир стакан аракты жутуп алып, тамак ашын баштыка салып алып дайранын жээгине жөнөдү. Келип бөтөлкөдөгү арактан дагы бир стакан ичти. Бут киймин чечип байлап койгон торун чечип тартты. Эң эле оор экен. "жаандын жардамы менен көп балык түшкөн чыгар" деп ойлоду. Ийнине салып күчтөп сүйрөп чыкты. Караса тордо он чакты майда балык, килейген өлгөн киши жатыптыр. Ал киши сууда көпкө жатканга тулуптай болуп шишип чыгыптыр. Балыкчы балыкты алып баштыка салып, өлүктү көк чөптүн үстүнө сүйрөп таштады. Тагдырына капа болуп калган арагын ичип, каткан нанды чайнап отурса кыңкыстаган үн угулду. Караса жанагы өлдү деген киши онтоп, кыймылдап атат. Жанына барып бир аз тиктеп турду да колу— бутун байланган арканды чечип сурады:

 — Эй, адамзат сен кимсиң?

 — Мен адаммын, — деди Дөңгөч баатыр тиштигип сүйлөп.

 — Адам экениңди айтпасаң да көрүп турам, атың ким?

 — Билбейм.

 — Не дейт? — деди балыкчы чочуп, -атын билбеген да адам болобу. Деги сен кайдан келдиң? Сени байлап сууга ким салды?

Дөңгөч баатырдын башы ташка урулгандан кийин акыйкатта акылынан танып эч нерсе билбей калган. Атын да билбейт, затын да билбейт, ким экенин да билбейт.

Дөңгөч баатыр жалдырап жатты. Бара— бара тунарган көзү ачыла баштады. Биринчи ирет көзүнө сакал-муруту өскөн балыкчынын саксайган башы, көрүндү. Анын кыйкырып, сөгүнүп айткан сөзү алыстан-алыстан айткандай араң эле угулат.

 — Мына халас, — деди балыкчы санын чаап сөгүнүп, -ушундай да келесоо болот экен ээ? Адамдыгын билип калганын билбегендигин кара...

Балыкчы суроосуна тыңгылыктуу жооп алалбаган соң:"Бирөө аябай сабап, мээсинен айнып калган экен" деп ойлоду. Тордун айрылган жерин жамап кайра дайрага салып чыкса жаткан кишинин көз карашы саал оңоло түшүптүр. Кызып алган неме жаткан кишини желкесинен көтөрүп, сүйрөп барып ташка жөлөп отургузду.

 — Өх, — деди Дөңгөч баатыр, -жамбашымдын ооруганы азайып эс ала түшбөдүмбү.

Балыкчы мас көзү менен бир аз тиктеп турду да:

 — Арак ичесиңби? — деп сурады.

 — Арак деген эмне? Мен аны ичип көргөн эмесмин, — деди Дөңгөч баатыр.

 — Аракты билбейсиңби? — деди балыкчы стаканга арактан куюп жутуп жиберип, — бул арам тамакты билбегениң жакшы. Билгенде пайда жок. Мына мен жаш чагымда билип алып, элге кошулуп ичип алып, эми азабын тартып атам. Ичпесем жашай албайм. Өлсөм да, талсам да күнүнө бир же эки бөтөлкө таап ичишим керек. Ансыз менде күн жок. Жалаң эле мен эмес баарлык ичкендер менчилеп ит турмушта жашашат. Билип кой муну. Ошол себептен ичкиликти ичпегениң да, билбегениң да жакшы. Мени ичет деп аялым кетип калды. Аны менен кошулуп балам да кетти. Азыр жалгызмын. Каңкайып жалгыз жүрөм. Жан сакташ үчүн тор салам. Түшкөн балыкты бир күндүк кылып жегенге алып калып калганын сатам. Тапкан акчаны ичем. Мына менин турмушум. Менин турмушум иттикинен жаман. Иттин да ээси болот, багат, карайт. А мени караган, аяган киши жок, кайра мен келатсам "сен аракечсиң" деп сөгүп тилдешет. Үйлөрүнө киргизмек түгүл жакын жолотушпайт. Бул ичкиликти ичпегениң да, билбегениң да жакшы. Кийин ичип менчилеп ит болбо, макулбу?

Мас болгон балыкчы сүйлөп да атты, ичип да атты. Акырында такыр мас болуп Дөңгөч баатырдын жанында оонап көпкө уктады. Бир маалда көзүн ачып:

 — Эй, сен, кете элексиңби? — деди.

 — Мен кайда кетем, — деди Дөңгөч баатыр, — басмак түгүл тура албайм. Анын үстүнө бул шаарда таанышым жок. Шаарыңардын атын да билбейм. Сиз айып көрбөсөңүз айыкканча үйүңүздө жашап турайын.

 — Болуптур, — деди балыкчы башын чулгуп, -мени менен жашасаң жаша, бирок иштейсиң. Ансыз болбойт. Иштебесең ачкадан сен да өлөсүң, мен да өлөм. Дөңгөч баатыр таң калып сурады:

 — Эмне иш кылам? Колуман эмне келет?

 — Кудайы сурайсың, — деди балыкчы ыктытып, -кудайы сураган колуңан келет.

 Дөңгөч баатыр макул болду. Башка аргасы калган жок. Аңгыча ат кошкон араба кара жолду чаңдатып келатыптыр, сүйлөшүп ошого түшүп жөнөп кетишти.

 

ДӨҢГӨЧ БААТЫР КУДАЙЫ СУРАДЫ

Балыкчы эки бөлмө жер тамда жашайт экен. Бир салып жатар жамантөшөгүн, күндө колдонуп жүргөн эски идиш аягын эсептебегенде үйүндө колго илинер эч нерсе жок. Антсе да үй ээси болуп Дөңгөч баатырды сүйрөп келип оозгу үйдөгү тактайга таштап койду. Алып келген балыктын ичин жарып, ичеги-кардын алып, сыртын тазалабай ошо бойдон казанга салып кайнатты. Калган балыкты алпарып аракка айырбаштап келди. Балык бышкандан ийин чыгарып бираз жеп арак ичти. Өзү тойгондон кийин Дөңгөч баатырды тамдын керегесине жөлөп отургузуп сурады:

 — Сорпо ичесиңби?

 — Ичет элем, — деди Дөңгөч баатыр, — бирок оозума колум жетпейт. Ичалбайм. Ичирсеңиз ичем.

Балыкчы балыктын сорпосун кашыктап Дөңгөч баатырдын оозуна куйду. Акырында чөйчөктөгү аракты оозуна куюп зордоп жуткуруп жиберди. Бираздан кийин Дөңгөч баатырдын башы айланып дөөрүп сүйлөй баштады. Ойду, тоону сүйлөдү, бирок мас болгон балыкчы анын эмне сүйлөп атканын түшүнгөн да жок.

 — Арак дегенди ичип көргөн жокмун дебедиң беле, — деди балыкчы Дөңгөч баатырды шылдыңдап, -арак деген ушундай болот. Соо кишини жинди кылат. Жиндини келесоо кылат. Сага окшогон келесоону айбан кылат. Билдиңби?!

Дөңгөч баатыр мас болуп уктап эртеңменен гана бир ойгонду. Балыкчы туруп, бети колун жуубай бөтөлкөдөгү калган аракты оозунан жутуп алып Дөңгөч баатырдын жанына келип:

 — Эй, макоо, — деди киркиреп, -тур. Мен барып торго түшкөн балыкты апкелейин, сен көчөгө отуруп кудайы сура.

 — Кудайыны кантип сурайт? — деди Дөңгөч баатыр, -мен сурап көргөн эмесмин.

Мен сага кудайы сураганды үйрөтөм, — деди балыкчы Дөңгөч баатырды дыргаяктатып көчөгө сүйрөп чыгып, — делегой мунун арамзасын. Атын да билбейт, кантип сууга агып келгенин да билбейт, эми кудайы сураганды да билбейм деп калп айтып турганын кара, — деп кобурап, көчөнүн бурчуна отургузуп, алдына өзүнүн жаман шапкесин таштап койду.

 — Көрдүңбү мобул шапкени? — деди балыкчы Дөңгөч баатырды көзгө чукуп.

 — Көрдүм, эмне экен?

 — Көрсөң өткөн-кеткен киши ушул жаман шапкеге акча таштайт. Кудайы берет. Сен суранып, тиленип жылбай жанында отурушуң керек. Анан мен келем. Түшүндүңбү?

 — Түшүндүм.

 — Түшүнсөң отур, былк этпей!

Дөңгөч баатыр жалдырап өткөн-кеткенди тиктеп отуруп калды.. Бир маалда улгайган эки аял өтүп баратып кайрылып токтоп калышты:

 — Ой, шору бар, — деди аялдын бири жаны кейип, -карачы кейпин, тим эле өлөйүн деп калыптыр. Шишип-көпкөнүнө караганда көп күндөн бери тамак ичпесе керек.

 — Өлмөктөн өлсүн, — деди экинчи аял силкинип, — бул деген аракеч. Жумалап ичип шишип көөп калганын көрбөй турасыңбы. Жүр кеттик!

Биринчи аял кеткен жок. Токтоп намиянынан акча алып таштады. Күн бешим болгуча дагы он чакты киши берди. Кечке жакын балыкчы келип, шапкедеги акчаны көрүп кубанып кетти.

 — Жарайсың, макоом, — деди акчаны алып жатып, — бир эмес эки шишелик таапсың Эртең да ушинтип акча табасың.

 Ал кечте да балыкчы Дөңгөч баатырдын оозуна балыктын сорпосун кашыктап куйду. Акча тапкандыгы үчүн кийинки күнү ага балыктын сорпосуна нан туурап эзип ичирди. Муундары саал-паал кыймылдап оңоло баштады. Бирок эшикке өзүнчө кирип, чыга албай аракечке аябай кор болду.

 

ДӨҢГӨЧ БААТЫР ЭКИ БӨТӨЛКӨ АРАККА САТЫЛДЫ

Арадан бир жума өтүп кетти. Балыкчы күндө Дөңгөч баатырды сүйөп-таяп келип эки жолдун кезилишине отургузуп коет. Эл бири берсе, бири бербейт. Бергени берип, бербегени көңүл бөлбөй өтүп кете берет. Арасынан айрым адамдар акча таштамак түгүл "Жаш туруп ушинтип кудайы сураганча өлсөңчү" деп тилдеп кетишет. Антсе да "Көп түкүрсө көл" деп бешимге чейин көп акча чогулуп калат.

Бир күнү кырсык болду. Чогулган акчаны балыкчыдан мурун бирөө келип шыпырып алып кетти. Бешимде балыкчы келип шапкеде акча жок экенин көрүп жинденип сурады:

 — Эй, макоо акча кана?

 — Алып кетти.

 — Ким?

 — Билбейм, — деди Дөңгөч баатыр, — бир сакал-муруту өскөн, кийми кир жаман киши.

 — Кой, тийбе деген жоксуңбу?

 — Айттым. Болгон жок.

Балыкчы тилдеп, сөгүп тим болду. Эртеси да акчаны алдырып жиберди. Кийинки күнү да алып кетти. Башы ооруп, арак таппай турган балыкчы Дөңгөч баатырды тепкилеп кирди. Колу менен койгулап, буту менен тепкиледи. Эч нерсеге алы келбеген Дөңгөч баатыр бакырып, жансоогалап чаңда оонап жатты. Аны көргөн ак чач кемпир келип:

 — Ай, балам, муну эмне тепкилеп атасың? — деди.

 — Бул макоо мага арак карыз, ошол карызды бербей атат, — деди балыкчы шыпыртып.

 — Канча арак карыз?

 — Эки шише.

 — Ошол аракты берсем сен бул баланы мага бересиңби?

 — Берем, — деди балыкчы, -келе акчаңды.

Кемпир чөнтөгүнөн эки бөтөлкөлүк аракка акча алып берди. Балыкчы акча колуна тиер менен базарга жөнөдү.

 — Тур балам, — деди кемпир Дөңгөч баатырга кайрылып, -тиги аракеч кайра келгенче кетип кал, болбосо дагы таяк жейсиң.

 — Менин барар жерим жок, — деди Дөңгөч баатыр жер тиктеп, -анын үстүнө оорукчалмын. Араң-араң басам. Ошол себептен балыкчы мени кудайы суроого мажбур кылып атат.

 — Анда жүр, — деди кемпир, -мени менен тур. Менин балам жок, мен сени бала кылып алам. Иш кылбасаң да эрмек болуп үй кайтарып берсең болду.

 Дөңгөч баатыр кубанып кемпирди ээрчип жөнөдү.

 

ДӨҢГӨЧ БААТЫР КЕМПИРДИКИНДЕ ЖАШАП ЖҮРҮП ТАБЫПКА ДАРЫЛАНДЫ

Дөңгөч баатыр кемпирдикине жашап калды. Кемпирдин болгон байлыгы бир саан ую, эки кою, он тоогу бар экен. Күндө уюнун сүтүн, тоогунун жумурткасын базарга алпарып сатып, акчасына ун, талкан алып жашап жүрүптүр. Баспаган бала багып алып түйшүгү көбөйсө да кабагым кашым деген жок. Бир сапар чай ичип отуруп:

 — Балам, атыңды эстедиңби? — деп сурады.

 — Эстеген жокмун, — деди Дөңгөч баатыр.

 — Адамдын аты болбосо болбойт, уят болот. Мен сени эки шише аракка сатып албадымбы ошол себептен сенин атың Сатыбалды болсун. Мындан ары мен сени Сатыбалды деп чакырам. Сен бул атты унутпай эстеп алгын. Бирөө атың ким деп сураса Сатыбалды дегин, — деди кемпир.

Ушинтип Дөңгөч баатыр Сатыбалды аталды да калды. Кемпир колунан келишинче Дөңгөч баатырды бөпөлөп багып, билгенинче дарылады. Анын күндөн күнгө ден соолугу оңолуп үй ичинде кенен басып, короонун оозуна туруп мал тосконго жарап калды. Бирок атын, кимдин баласы экенин, кайдан келгенин эстей албай койду. Кемпир уулунун элпектигине ыраазы болуп малын сатып дарылоону чечти.

 — Балам, даярдан, бир жумадан кийин сени табыпка апарам, — деди.

Дөңгөч баатыр сурады:

 — Каяктагы табыпка, апа?

 — Коңшу мамлекетте чоң табып бар экен, ошого барабыз.

 — Ал жакынбы?

 — Он күндүк жол.

 — Ага кантип жетебиз

 — Унаа жалдайбыз, балам.

 — Акчабыз жок да...

 — Акча табылат. Коркпо. Ишикылып сен айыгып кетсең болгону.

Мына ушул күндөн кийин даярдык жүрө баштады. Кемпир эки коюн сатып бир ат араба жалдады. Ошол арабага экөө түшүп алып жөнөштү. Он күн өткөндөн кийин чоң шаарга жетип табыпка кайрылышты. Ал көрүп туруп:

 — Байбиче, балаңызга биринчиден көз тийиптир, экинчиден суу денесине өтүп бөйрөгү, муундары сезгентиптир, күпчөктөй болуп шишигенида ушундан, үчүнчүдөн башына келген бактысын көтөрө албай дөөгүрсүп, пейли бузулуптур. Мен мунун көз тийген жана суук тийген оорусун айыктыра алам, ал эми пейлинен бузулганын айыктыра албайм.

 — Аны кантип айыктырса болот? — деп сурады кемпир.

 — Аны өзү гана айыктыра алат, — деди табып, — бул балаң качан гана кара өзгөйлүгүнөн кайтып, ниетин оңосо айыгат. Ансыз айыкпайт. Антсе да бир жылдан кийин келип кетсин, балким ага чейин дарысы табылып калар. Табып Дөңгөч баатырга үч түрлүү дары берип узатты. Экөөнү ичип, бирөөнү денесине, муундарына сыйпады. Бир айдан кийин муундары толук кыймылдап, күчүнө кирип калды, бирок атын, атасын, кайдан келгенин такыр эстей албай койду.

 

ДӨҢГӨЧ БААТЫР ЧЫМЧЫКТЫН БАЛАПАНЫН ӨЛҮМДӨН САКТАП КАЛДЫ

Дөңгөч баатырдын ден соолугу оңолуп кемпирдин колуна кол, бутуна бут болуп жардам берип жүрдү. Уйун жетелеп оттототуп, жетелеп сугарат. Кечте келатканда көк чөптөн көп оруп келип алдына салып сарайга байлап коет. Эмгегин кайтарып уй да кашка кызыл музоо тууп берди. Сүт ичип, сүт сатып жыргап калышты.

Бир күнү Дөңгөч баатыр уюн оттоткону жетелеп баратса чымчыктар жардам сурап чырылдап боздоп калышты. Караса чал кучак келген кара жыгачты балталап чаап жатыптыр. Жакын келип салам айтты:

 — Ассалоом алейкум, ата.

 — Ваалейкума салам, балам.

 — Бул кара жыгачты эмнеге кыйып атасыз?

 — Ээ, балам, — деди чал чекесинен шорголоп аккан терин шыпырып, -өлбөгөн жанга эртең эле кыш келет, кыштык отун даярдап атам. Күндүн ысыгында кыйып кертип койсом кышка чейин кургап калат.

— Үйүңүздүн жанындагы көлөкө берген бакты кыйбай токойдон эле кургак отун чогултуп албайсызбы.

— Токойго барып отун апкелгенге күч жок, ага жиберерге бала да жок, балам.

— Ата, караңызчы, — деди Дөңгөч баатыр бактын башын көрсөтүп, — бутагында жүздөгөн уя турат. Ар биринде төрттөн, бештен темир канат балапан бар. Сиз бул кара жыгачты кыйбаңыз ошонун баары кырылат.

 — Мен аны билип турам, — деди карыя, — бирок кыйбаска аргам жок. Кыйышым керек. Антпесем кыштан кемпирим экөөбүз чыкпай тоңуп калабыз.

 — Биз келишели, — деди Дөңгөч баатыр, -сиз бул бакты кыйбаңыз, мен ар күнү токойдон кургак жыгач сүйрөп келип кыштык отунуңузду даярдап берем.

 — Болуптур, — деди карыя, -макулмун.

 Мына ушул күндөн баштап Дөңгөч баатыр чалдыкына отун сүйрөп апкелип турду. Короосу отунга толду. Чымчыктар балдарын аман эсен учуруп, Дөңгөч баатырды көргөн сайын ыраазычылыгын билдирип сайрашты.

 

ДӨҢГӨЧ БААТЫР ЭКИНЧИ ЖОЛУ ТАБЫПКА БАРЫП КАРА БАЛБАНДЫ ЖЕҢДИ

Кемпир баласынын айыгып кеткенине, жаман балдарга окшоп басып кетпей жардам бергенине кубанып жүрдү. Өткөндү унутканы аны көп тынчсыздандырган жок. Бирок табыптын "бир жылдан кийин келип кетсин" дегенин эстеп, уйдун музоосун сатып, каражат кылып Дөңгөч баатырды табыпка кайра жиберди. Ал жалгыз кетти. Табып көрүп алып:

 — Балам, жакшы болуп калыпсың. Жүрөгүңө да жакшылыктын, жоомарттыктын жышааны жалын болуп күйө баштаптыр. Сен ушул жакшы пейлиңден танбасаң жакынаранын ичинде толук сакайып кетесиң, — деп ичкенге дары берди. Дөңгөч баатыр дарыгер менен коштошуп баккан апасына белек алайын деп базарга чыкты. Бир жерде эл үймөлөктөшүп чогулуп жатыптыр. Кызыгып басып барса эки хан жаат-жаат болуп балбандарын мушташтырып жатыптыр. Ал мушташтын эрежеси боюнча кол менен муштап, бут менен тепкенге болот экен. Жеңилген киши жыгылып турбай калмайынча же өлүп тынмайынча мушташ улана берет экен.

Дөңгөч баатыр балбандардын ойнун кызыгуу менен карап турду. Алгачкы учурда майда балбандар чыгып уткандар байге алышты. Анан орточо балбандар чыкты, кийин чоң балбандар чыкты. Бир сыйра мушташтан кийин жергиликтүү Бугубай хандын бир гана балбаны калды. Анын чоңдугу алачыктай, булчуңдары буураныкындай экен. Аны менен бетешээрге киши чыкпасын билген хан байгени да чоң койду, бирок эчким даап чыга албады. Ансайын балбан:

Сөзүмдү баарың уккула,
    Кыйыныңар чыккыла!
    Ичиңерди жарамын,
    Колуңду сууруп аламын.
    Бугубай хандан бата алгам,
    Кара балбан атангам, — деп күркүрөдү
.

Ал анткен сайын эл даап чыкмак түгүл, ага карап сүйлөй албай калтырашты. Байгени бакырган балбанга бере турган болгондо:

 — Шашпаңыздар, мен чыгам. Мактанган балбаныңыздар менен мен мушташам, — деп Дөңгөч баатыр элдин арасынан суурулуп чыкты.

Бийикте отурган хандар "бул кимдики?" дегенсип бирин бири карап калды. Бугубай хан сурады:

 — Ай, бала, сен кайсы ханга баш ийесиң?

 — Мен эч кимге баш ийбейм, — деди Дөңгөч баатыр, -мен жолоочумун. Өзүмө өзүм гана баш ийем.

 — Сен бул оюндун эрежесин билесиңби?

 — Билбейм.

 — Билбесең угуп тур, — деди Бугубай хан ачуулу, — бул өтө коркунучтуу оюн. Акыркы балбан менен мушташкан же өлөт же өлтүрөт. Ушуга макулсуңбу?

 — Макулмун.

 — Анда мушташкыла!

Экөө мушташып киришти. Көпкө мушташышты. Көгөрбөгөн көзү, томуйбаган башы калышкан жок. Экөө тең бир нече жолу жыгылып турушуту. Акыркы жолу Дөңгөч баатыр толгонуп туруп урду эле Кара балбандын кашынын териси жарылып көзүн кан жаба берди, экинчи ирет урганда экинчи көзүнүн суусу агып түшүп калды. Эки көзү көрбөй темселей түшкөндө кулак түпкө койду эле Кара балбан тоо кулагандай кулады. Ошол бойдон турган жок. Бираздан кийин дем тартпай калды. Нечен жылдан бери биринчиликти алып келген балбаны өлгөнгө Бугубай хандын ачуусу келип жеңген балбанды амал менен өлтүрүүнү чечти.

 — Баракелде, — деди Бугубай хан Дөңгөч баатырды калп эле мактап, — азаматсың. Акыйкатта мыкты балбан экенсиң. Мен сага ыраазымын. Сенин балбандыгың баалап жакшы сыйлык берүүнү чечтим. Азыр мен кат жазып берем, ошол катты ордого апарып вазирге берсең сага көп алтын берет. Агерде мага балбан болуп калгың келсе мени күт, мен түштөн кийин барам, — деди.

 Дөңгөч баатыр катты алып, хандын калыстыгына ыраазы болуп колун өптү. Эл да хандын марттыгына кубанышып кол чабышты.

 

ДӨҢГӨЧ БААТЫР СЫЙКЫРЛУУ КЫЛЫЧКА ЭЭ БОЛДУ

Дөңгөч баатыр катты алып кубанган бойдон чуркап жөнөдү. Ысыктын күнүндө чарчап бактын көлөкөсүндө отуруп эс алып катты ачып караса:"Сен ушул бала барар менен Аль-Ахрамдын кылычы менен башын кыя чап. Антпесең алың жетпейт. Бул бала, адамдын алы жетпеген, канжар сайса өтпөгөн Кара балбанды мушташ оюнда өлтүрдү. Өчүн ал!" деп жазыптыр. Окуп алып чачы тик турду. Бугубай ханга ачуусу келди. Башка кагаз таап алып:"Сен ушу барган балбан балага бир куржун алтын, менин согушка минген аргымагымды токулгасы менен, анан Аль-Ахрамдын кылычын бер!"— деп деп жазып койду. Шашып барса вазир ордунда экен. Катты окуп андагы жазылгандын баарын бергизди. Кылычты берип атып казына кармаган карыя киши:

 — Балам, бул кылыч сыйкырлуу. Бул кылыч миң жыл мурун Аль-Ахрам деген баатырдан калган. Муну менен таш чапчаң ташты жарат, темир чапсаң чөптөй кыят. Жоого шилтесең үч кулачка чейин узарат. Бул кылычты Бугубай хандан башка киши кармачу эмес, сага кандайча ишенип бергенине айран таңмын, — деди.

Дөңгөч баатыр рахмат айтып, кындуу кылычты асынып, бир куржун алтынды ээрге арта салып, аргымакты атырылтып минип алып жолго түштү. Шаардан чыгып токойго келгенде кишинин белиндей болгон кайыңдарды кылыч менен чапканда чөп чапкандайда сезилген жок. Шилтеген сайын жалп-жалп деп кулап атты.

Үч күн, үч түн жол жүрдү. Токойдон чыгып кең жайыкка келгенде бирин бири түртүшүп качып келаткан калың элди көрдү. Утурлай бастырып астынан чыгып сураса бири да токтоп жооп бергенге жарашкан жок. Эң артында акактап келаткан кары кишини токтотуп:

 — Ой, аксакал, сиздерге эмне болгон? Эмнеден качып келатасыздар? — деп сурады.

 — Жаман-жаман, — деди аксакал колун артка шилтегилеп, -тыякта бизди ажыдаар кууп келатат.

 — Кайдагы ажыдаар?

 — Ушул коктунун башында булак бар. Эл да, мал да ошондон суу иччүү. Быйыл ошол жерде бир чоң жылан пайда болуп ээлеп алды. Эң мурун булакка барган козу, улакты кармап жеди. Чоңое түшкөндө кой, эчкини жеди. Анан уй, жылкы барса жутуп койчу болду. Эми малга ыраазы болбой кишилерге кол сала баштады. Кууп келип артта калган кемпиримди небереси менен жутуп таштады. Биз ошондон качып келатабыз.

Качпаңыз аксакал, — деди Дөңгөч баатыр, -мен аны өлтүрүп элиңерди заарду ажыдардан куткарам.

Кой балам, — деди карыя, — барба. Бекерден бекер өлбө. Сени өлүмгө бергенче биз туулуп өскөн жерди таштап кетели. Акыры ал ажыдардын да ажалы жетер, ошондо биз болбосок да биздин неберелер кайтып келишер.

 — Жок аксакал, — деди Дөңгөч баатыр аттан түшүп, -сиздерди туулган жерин таштатып талаалатканча мен өлүп бергеним оң. Сиз бул атты кармап туруңуз. Кокус мен кайтпай калсам атты, куржундагы алтынды апама жеткирип бересиз. Дөңгөч баатыр кылычты кынынан сууруп жылганы өрдөп ажыдаарды бет алып жөнөдү. Дүргүп качкандар токтоп, тайманбай ажалга бараткан адамды таңданып карап калышты. Ал адам жогорулагандан жогорулап кете берди. Дөңгөч баатыр булакка жакындаганда кулак тундурган ышкырык чыкты. Караса ажыдаар ышкырып оп тартып турган экен. Жакындаган сайын артынан бирөө түрткөнсүп Дөңгөч баатыр лепилдеп өзүнөн өзү ажыдаарды көздөй чуркады. Токтоорго алы келбей баратканда казандай ташты кучактап жашынды. Ага да болгон жок ажыдаар соргон сайын таш-пашы менен жылып баратат. Жакындаганда күч менен ташты түрттү эле таш учуп барып ажыдардын оозуна кептеле түштү. Ал ташты жутканча тура калып кылыч менен моюнга чапканда ажыдаардын таш тиштеген башы шарт үзүлүп коктуга кулап, кан фантан болуп атты. Ошол кандын чачырандысы Дөңгөч баатырдын бетине тийди. Ал ошол замат эсинен танып жыгылды. Эл элейип карап турганда эки сагызган учуп келип бутакка конуп шакылыкташты:

 — Аи-ий, ажыдаар да өлүп, аны өлтүргөн киши да өлгөн турбайбы, — деди биринчиси.

 — Жок-жок, — деди экинчи сагызган, -киши өлгөн жок. Ал эсинен танып атат. Андан көрөк сен муну тааныйсыңбы?

 — Тааныбайм, — деди биринчи сагызган.

 — Билбесең билип ал, — деди экинчи сагызган, — бул деген Дөңгөч баатыр. Кудайдын каарына калып акылынан айнып аты-жөнүн билбей калган. Бирок бул мурунку кетирген кемчилигин түшүнүп оңоло баштады. Элге, жерге, канатууларга, айбанаттарга жамандык ойлобой жакшылык ойлоп калган. Азыр ажыдаардын уусуна мас болуп атат.

 — Жамандык ойлобогону ушулбу, — деди биринчи сагызган, -Кара балбанды муштап өлтүрүп койбодубу.

Ал деген эрегишкен оюн, — деп түшүндүрдү экинчи сагызган, -Дөңгөч баатыр өлтүрбөсө атаандашы Дөңгөч баатырды өлтүрмөк. Туура кылды. Ал Кара балбан нечен кишини өлтүрүп убалына калганын унуттуңбу? Ал тирүү калса дагы көп кишини өлтүрмөк. А, сен Дөңгөч баатырдын жакшы жагын көргөн жоксуң.

 — Кайсы жакшы жагын айтасың?

 — Бугубай хан кат жазып амал менен Дөңгөч баатырды өлтүрмөк болгонун билесиңби?

 — Билем. Дөңгөч баатыр бир учурда мектептен окуп-окуганды, жазганды билгенинин пайдасын көрдү. Анын окуганына, билимдүү болгонуна башымды ийем, эмне экен?

Сен түшүнбөпсүң, — деди экинчи сагызган, -Дөңгөч баатыр сыйкырлуу кылычка ээ болгондо аны менен Бугубай ханды да, баарлык аскерин да жалгыз өзү кырып таштаса болмок, бирок Дөңгөч баатыр ага барган жок. Ачуусун, күчүн ажыдаардан чыгарды. Элди сактап калды. Муну көрбөй турасыңбы?

 — Көрүп турам.

Көрсөң ушундай. Жакшылык үчүн жабыр тарткан адамды жараткан өзү колдойт. Ушул учурда кыймылсыз жаткаган Дөңгөч баатыр өзүнө келип башын көтөрдү. Сагызгандардын сөзүн угуп, алардын учуп кеткенин көрүп калды. Өйдө туруп караса эл даап кеалбай алыстан жарданып карап турушуптур. Мына ошондо гана ажыдаарга келгени, анын мойнун кыя чапканы эсине түштү. Бөлүнүп жаткан ажыдаардын жонунан узун кылып кайыш кур кесип алып ылдый түштү. Эл жетер менен тегеректеп калышты.

 — Аман эсен келгениңе биз кубанычтуубуз, балам, — деди атын кармаган карыя алдынан утурлай тозуп, -ажыдаар эмне болду?

Ажыдаар өлдү, — деди Дөңгөч баатыр белине оролгон терини чечип колуна карматып, -ал жок. Мына анын териси. Калган терисин өзүңөр барып сыйрып алгыла. Элдин кубанганын айтпа, улуулар кучактап бетинен өөп, жаштар"Ура-а!" деп кыйкырып Дөңгөч баатырды бирнече ирет асманга ыргытып тозуп алышты. Дөңгөч баатыр эл менен коштошуп сапарын узатты. Эл бир топ жерге узатып барып кол булгап коштошуп калаберишти.

 

ДӨҢГӨЧ БААТЫР ТҮШ КӨРДҮ

Дөңгөч баатыр кындуу кылычын асынып, ээр токуму, жүгөнү алтын-күмүш менен жазалгаланган чымкый кара аргымакты минип жашап турган шаарга келгенде көрүп жүргөдөр тааныбай калышты. Баккан энеси көрүп, кучактап бетинен өөп:

 — Айланып кетейин уулум, бул атты кайдан алдың. Уурдап келген жоксуңбу? Уурулук жакпайт. Ууру болгон болбойт. Ал оңбойт, — деп безилдеп жиберди.

 — Уурдаган жокмун, апа, — деди Дөңгөч баатыр, -кудайдын буйругу менен колго тийип калды. Коркпоңуз. Ат эле дейсизби, башкасы да бар.

Дөңгөч баатыр куржунду түшүрүп, оозун чечип:

 — Мына, апа, бул алтынды да кудай берди. Эми элче жашайбыз, — деди.

Кемпир ишенген жок. Дөңгөч баатыр болгонун болгондой, жолдон келатып ажыдаарды өлтүрүп, өзү да аз жерден өлбөй калганын айтканда кемпир тура чуркап, аякка суу толтуруп башынан айлантып жолго чачты.

Дөңгөч баатыр ошол эле жумада шаардын орто ченинен келишкен чоң үй сатып алып энесин көчүрүп барды. Андан башка сырттан көп жер сатып алып, үй, сарай салдырып бир короо кой, бир табын уй бактырып койду. Шаарда да, сыртта да жалданган үй кызматчылары иштеп жүрүштү. Дөңгөч баатыр иш менен көчө бойлоп келатса баягы өзү отурган жерде балыкчы жаман шапкесин топуракка коюп кудайы сурап отуруптур.

 — Ээй, балыкчы, байке, — деди Дөңгөч баатыр токтоп, -эмне кылып отурасың?

 — Кудайы сурап отурам, — деди жактырбай, -көрбөй турасыңбы?

 — Көрүп турам. Балык кармаган торуң кайда? Шапкеңде акча эмес, тыйын жок го...

 — Торум жок, чирип жараксыз болуп калды. Ачкалыктын айынан кайыр сурап отурам, — деди балыкчы колу, башы калчылдап, -эл бербей атат. Аракечке эч кимиси бербейт экен.

 — Мени тааныйсыңбы?

 — Тааныбайм.

 — Жакшылап карачы, мен баягы сен тордон чыгарган макоо киши эмесминби. Ушул жерге отуруп кудайыдан түшкөн акчаны аракечтер тартып кеткенде уруп, эки бөтөлкө аракка сатып жибергениң эсиңде чыгар...

Балыкчы карап алып оозу ачылып калды.

 — Тур өйдө, — деди Дөңгөч баатыр, -мен сага арак алып берейин.

Арактын атын укканда балыкчы учуп турду. Дөңгөч баатыр ээрчитип барып ашканадан тамак, ичкиликке курсагын тойгузду. Жаңы тор, кийерине кийим, жатарына төшөк сатып берди.

 — Урсаң да, тилдесең да сен менин жанымды сактап калдың. Ушуга ыраазы бол, — деп колуна көп алтын акча карматып коштошуп жолуна түштү. Түз эле мал баккандарга келип чоң бактын түбүндө жатып уктап кетти. Түшүнө атасы кирет. Баякыдай болбой жүдөп калыптыр. Экөө ээрчишип барып көчөнүн оюндагы орунтукка отургандан кийин:

 — Ээ, Дөңгөч балам, мени унуттуң го, — деди наалып, -эстеп элиңе келмек түгүл, атаң да, апаң да, бир туугандарың да эсиңден чыкты. Бирөө сураса атамдын аты Омор болчу, өз атым Дөңгөч баатыр болчу деп айтканга жарабай койдуң. Мунуң болбойт, балам. Бизди унутпай эстей жүргүн. Ата-энесинин эмгегин унуткан бала акыры оңбойт.

Атасы ушул сөздү айтып тарынып ордунан туруп талааны көздөй тушкелди басып жөнөдү. Дөңгөч артынан чуркап:

 — Ата-а, атаке-е, токточу! Мен сиздин атыңызды унутуп калыпмын, эми эстедим. Кечириңиз— деп бакырды. Ойгонуп кетсе түшү. Ошол замат атасы да, апасы да, бир туугандары да, өзүн аскер кызматына алган хан да, эл да эсине түштү. Кара аргымакка минип шаарды көздөй чапты. Келип көп мал союп, боорсок бышыртып айланадагы кембагалдарды чакырып:

 — Урматту замандаштар, мен ушул убакка чейин атымды айткан эмесмин. Кечиргиле. Менин атым Дөңгөч баатыр. Омор деген атам бар, Ажар деген апам бар. Барат, Марат, Турат деген бир туугандарым бар. Душман мага уктатуучу дары берип, катуу уктагандан кийин колу— бутум байлап сууга таштап жиберишкен. Агып келип мобу отурган балыкчынын торуна түшкөм. Андан апам алып бакты. Акыры айыгып күчкө толдум. Эми мен айлыма кетишим керек. Өзү жарды болсо да малын сатып өз баласынан артык кылып багып дарылаган апа сизге ырахмат. Торуңузга түшкөндө түйшүк менен тартып алып жанымды сактап калган балыкчы байке сизге ырахмат. Басалбай байкуш болуп кудайы сурап отурганда шапкеме аз да болсо акча тыштап жардам берген элге ырахмат. Эми мага руксат бергиле, мен элиме, жериме кайтайын, — деди Дөңгөч баатыр. Апасы ыраазычылыгын айтып, "Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун. Ылайым жамандык көрбө, балам. Сагынган элиңе, ата-энеңе эсен жет"деп бата берди. Эл да бата кылышты.

 

ДӨҢГӨЧ БААТЫР МЕКЕНИНЕ ЖОЛ ТАРТТЫ

Дөңгөч баатыр кара аргымакты минип, кылычты ийнине илип, эл менен, энеси менен коштошуп жолго чыкты. Узак жүрдү. Калың токойду аралап баратса кыргый булбулду кармап алып, тырмагын этине батырып, жүнүн жулуп тытып отурган экен. Көрөсала кылычты кынынан сууруп шилтеди эле үч кулач узарып кыргыйдын башын кыя чапты. Булбулду мыкчыган бойдон кулап түштү. Өлүп бараткан булбул:

 — Эй, адамзат, мени жырткычтын тырмагынан куткарсаң да өлүмдүн тырмагынан куткара албас болдуң. Саал кечигип калдың. Кызыл эт эки балапаным калып баратат бул жарык дүйнөдө. Колуңан келсе ошол балдарыма жардам бер. Эптеп чоңойсо жанын багып кетер, — деп айтып дем тартпай калды. Дөңгөч баатыр уядагы эки кызыл эт балапанды койнуна катып, этти чайнап жуткузуп, оозу менен суу берип бакты. Нечен күн жол жүрдү. Нечен суу кечип, нечен тоо ашты. Токойго конуп, талаага түнөдү. Балапандар чоңоюп койнунан чыгып ийнине кончу болду. Бара— бара канат, куйругу жетилип уча баштады. Эрке балага окшоп күндүз ийнине конуп, түнкүсүн колтугуна кирип жатышат. Баарынан да алардын эрмеги жакшы болду. Жол жүрүп келетканда ийнине конуп сайрап берет. Анын сайрашын укканда астындагы кара аргымак да кулагын тикчийтип тыңшап калат. Экөөнү айырбаштабас үчүн экөөнө эки башка ат койду. Бирин Үкүбаш, экинчисин Чөкүбаш атады. Үкүбашы жоош, сайраганда үнү коңур болчу. Чөкүбаш тентек, сайраганда үнү ичке болчу. Ал экөөнү мына ушундан айырмалачу. Экөө кошулуп сайраганда өтө уккулуктуу сайрашчу. Бир cапар токойдун жайык жерине келип токтоду. Кооздугу укмуш. Айлана өскөн ак кайың бирин бири жөлөп, бирин бири сүйөп көк мелжип бийик. Күн тийген ачык талаага ар түрлүү гүлдөр өсүп, жыты аңкыйт. Көпөлөктүн көптүгүн, кооздугун айтпа тим эле биринен бири өтөт. Бал тарткан аарылар гүлдөн гүлгө конуп тынбайт. Дөңгөч баатыр Кара аргымакты жайдактап тушап отко коеберип өзү көрпөчөнү жая салып, башына ээрди жаздап эс алып жатты.

Жаратылыш жардам бердиби же жердин кооздугу делебесин козгодубу айтор булбулдар бутакка конуп алмак-салмак ар түрлүү обонго салып сайрады дейсиң уккандар дагы уксак деп эңсешти. Ошол жагымдуу үн менен узак сайрашты. Дөңгөч баатыр айланага көз чаптырса кара аргымак оозуна чөп тиштеген бойдон кулагын тикчийтип катып калыптыр, токойдогу куштар учуп келип алар да тыңшап отурган экен. Ал эле дейсиңби аю, жолборс, түлкү, коен да келип калышыптыр. Токойдо жашагандарга концерт берейин деп ойлоштубу айтор экөө тынбай көпкө сайрашты. Булбулдар басылганда гана келгендер акырын-акырын тарап кетишти. Дөңгөч баатыр "Булар чоңоюптур, эми жайжайына коебериш керек" деп ойлоп атканда "Мына биздин сайраганды көрдөңбү" дегенсип булбулдар Дөңгөч баатырдын жанына учуп келишти.

 — Менин алтын ырчыларым, — деди Дөңгөч баатыр булбулдарды колуна кондуруп шилекейин жуткуруп, -сайрап атып суусаган чыгарсыңар жуткула менин шилекейимди. Балким акыркы иреттир, жутуп алгыла. Силерден ажыраш мен үчүн оор. Кыйын. Бирок силер менен коштошор убакыт келди. Силер өстүңөр, чоңойдуңар, күчкө толдуңар. Эми өзүңөрчө жашагыла. Бул токойду пааналап ушул кооз жерде калгыла. Кааласаңар тууганыңарга кошулуп жылуу жакка учуп кеткиле. Мени менен жүргөнүңөр өтө коркунучтуу, кырсыкка учурап калышыңар мүмкүн.

 — Жок, кетпейм, Дөңгөч байке, — деди Үкүбаш булбул, -мен сенин жаныңда калам.

 — Мен да кетпейм, Дөңгөч байке, — деди Чөкүбаш булбул, -мен да силер менен болом.

 — Менин душманым көп, — деди Дөңгөч баатыр, -алардын куралы бар, өзгөчө жаа силер үчүн коркунучтуу. Канатуу куш конуп турмак түгүл учуп баратканда атып ташташы мүмкүн.

Алардын жаасы болсо, бизде баш бар, көрөргө көз бар, — деди Үкүбаш, -аттырбай качып кутулууга жарайбыз. Бирок жакшылыкка жакшылык кылышыбыз керек. Сен жол жүрүп кыйналып келатсаңда бизге чоң жакшылык кылдың. Өлүмдөн алып калдың. Чоңойттуң. Шилекей алышкан дос болдук. Эмки кезек биздики. Эми биз жакшылык кылабыз. Эми биз жардам беребиз.

 — Кандай жардам бере аласыңар, эмне колуңардан келет?

 — Чарчаганда, чаалыкканда көңүлүң көтөрүп сайрап беребиз, — деди Үкүбаш.

 — Душманыңдын жашыруун сырын, күчтүү жагын, начар жагын билип беребиз, — деди Чөкүбаш.

 — Бул согуш учурунда өтө баалу, — деди Дөңгөч баатыр, -Ал эми силер мени менен калсаңар, чогуу болсоңор мен өтө кубанычтуумун.

 — Андай болсо кеттик, — деди Чөкүбаш чебелектеп, -эмне отурабыз.

 

ДӨҢГӨЧ БААТЫР АЙЛЫНА КЕЛАТЫП ЧУНАК КУЛАК КЫРК КОЙЧУГА КЕЗДЕШТИ

Дөңгөч баатыр жайык жерге жатып эс алып эртең менен эрте жолго чыкты. Жаныбарлардын басып өткөн изи менен, тапталган жолу менен чытырман токойду аралап жүрүп отурушту. Түш болуп калганда Үкүбаш сурады:

 — Дөңгөч байке, биз кайда баратабыз?

Дөңгөч баатыр кайдыгер жооп кайтарды:

 — Кайда бармак элек, үйгө баратабыз.

 — Үйүң ушул жактабы?

 — Анан кайда экен?

 — Эхе, Дөңгөч байке, — деди Үкүбаш күрсүнүп, — биз үйгө барбай эле түндө түнөп чыккан жерге баратабыз.

 — Койчу тамашаңды, — деди Дөңгөч баатыр, — биз ушул жол менен кетеберсек токойдон чыгабыз. Анан чоң жолго түшөбүз.

 — Сен да кызык экенсиң Дөңгөч байке, — деди Чөкүбаш сөзгө аралашып, — биз бараткан жаныбарлардын жолу. Алар ушул жол менен айланып аң улап жүрүшөт. Токойдон чыгышпайт. Кечигелекте кайра тарталы.

Дөңгөч баатыр көгөрүп болгон жок. Жаныбарлар калтырган из менен алдыга жүрөберди. Күн бешимден ооп калганда айланып баягы эс алган жайга келишти. Ошондо ийнинде отурган булбулдардын күлгөнүн айтпа, Үкүбаш оң кулагына, Чөкүбаш сол кулагына каткырып күлдү дейсиң боорду эзип салды.

 — Ээ, Дөңгөч байке, — деди Үкүбаш, -сөз укпай койдуң эле, мына арты эмне болду? Бул сапар эмес өткөндө да беш жолу адашкансың. Ушинтип жүрө берсек бир жылда да үйгө жетпейсиң7

— Жеңилдим, — деди Дөңгөч баатыр күлүп, -жеңилгенде да баш көтөргүз болуп жеңилдим. Эмкиден кийин силердин айтканды аткарууга убадамды берем.

 — Мына, — деди Чөкүбаш табалап, -качан гана башыңа балка тийгенде бизге түшүнө баштадың. Экинчи сөздү угуп жүр, Дөңгөч байке.

 — Угам, угам, — деди Дөңгөч баатыр каткырып, -сөзсүз угам. Силерсиз карыш жылбайм.

Күн кечтеп Дөңгөч баатыр атын отко коеберип ал түнү да кооз жайга түнөп калды. Эртеңменен сапарын узартты. Бул сапар булбулдар токойдун үстүнөн учуп кайда барарды, кайда буруларды, кайсы жерде коркунуч күтүп турганын алмак-салмак айтып турушту. Нечен-нечен токойлордон адашпай өтүштү. Бир жерге келгенде:

 — Дөңгөч байке, — деди Үкүбаш ийнине конуп, -алдыда чоң суу жатат. Аны барган жерден кечип өтүүгө болбойт. Коркунучтуу. Ат эмес пилди агызат. Жогору бастырсаң тайыз кечмелик бар. Аралыгы бир эт бышым жол. Ошол жерден өткөнүң оң.

 — О, койчу, — деди Чөкүбаш Үкүбаштын сөзүн жактырбай, — бул жерде жакын кечмелик бар. Ошого барабыз.

 — Ал кайда?

 — Төмөн жакта. Бир чай кайнам жол.

Дөңгөч баатыр бир дөбө ашкандан кийин туурасы кенен, түбү терең дарыяга туш болду. Чөкүбаштын сөзү менен жээктеп төмөн бастырды. Күркүрөп аккан суу бир жерге барганда жайылып агып калды.

 — Дөңгөч байке, мына ушул жерден кеч, — деди Чөкүбаш чырылдап, — башка жерден кечүү таппайсың. Бул тарапта жок.

Дөңгөч баатыр атына камчы уруп сууга кирди. Кирген жерден эле Кара аргымактын буту жерге тийбей кулагын шамдай тикчийтип, көзүн чакчайтып, таноосуна кирген сууну "прр-прр!" деп бүркүп коюп кетип баратты. Бир маалда түз жүрө албай агынга алдырып кыйгачтап сүздү.

 — Сен ушуну кылмаксың, Чөкүбаш, ат агып баратат! — деп Үкүбаш чырылдады. Ат ылдыйлап бараткандан Чөкүбаш да коркуп суу үстүндө ары— бери чебелектеп учту.

 — Коркпогула, — деди Дөңгөч баатыр, -Кара аргымак чөкпөйт. Ал суунун ыгынакарата сүзүп баратат, андан көрөкчө жакшылап сайрагыла. Силердин мукамдуу үнүңөр атка жардам берет.

Үкүбаш менен Чөкүбаш алмак-салмак сайрашты. Кошулуп бирге сайрашты. Суу Кара аргымактын бирде жалынан, бирде соорусунан ашып, капталга, кабыргага уруп жыгууга аракет кылды, бирок ат жыгылган жок булбулдун сайраганын уккан сайын күчүнө толуп сүзүп жээке чыкты.

 — Ура-а-а! — деп кыйкырды Чөкүбаш.

 — Азаматсың! — деп кыйкырды Үкүбаш.

 — Ырахмат силерге, — деди ыраазы болгон Дөңгөч баатыр.

Ушу чоң дайрадан ээсин аман эсен алып чыкканга Кара аргымак да кубанып калды.

Дагы көпкө жүрүштү. Айылга жакындаганда топ-топ болгон көп караан көрүндү. Үкүбаш менен Чөкүбаш чалгындап учуп барып кайра келишти

 — Кана, эмне көрдүңөр, сүйлө, — деди Дөңгөч баатыр.

 — Кырк чунак кулак киши кырк короо койду кайтарып жүрүшөт, — деди Чөкүбаш.

 — Ким экен алар?

 — Билбейм.

Дөңгөч баатыр атын чаап ызгыткан бойдон жетип барды. Жарактуу кишини көрүп бары аңга кире качышты. Биринчи жигитти көргөндө эле Дөңгөч баатыр таанып:

 — Ай, токто. Качпа. Мен Дөңгөч баатырмын, — деп кыйкырды.

Чунак кулак жигит да Дөңгөч баатырды тааныды. Чуркап келип кучактап ыйлап жиберди.

 — Бизди кудай урду, — деди кулагы кесилген жигит, -сага уктатуучу дары бергенде бизге да бериптир. Биз да өлүк болуп уктап калыпбыз. Эртеңменен ойгонсок сен жоксуң. Бизди терекке бирден чырмап байлап таштады. Мады хан келип:"Силердин ишенген Дөңгөч баатырды колу— бутун байлап аскадан ыргытып жибердик. Ал жок. Эчак эле сууга чөгүп өлдү. Өлүгүн күргүштөп кирген суу алдакачан баткакка апарып тыкты. Каршылык көрсөтсөңөр силер да өлөсүңөр. Азырынча бирден кулагыңарды кесем, айтканымды аткарбасаңар башыңарды кесем. " деп өз колу менен баарыбыздын оң кулагыбызды кесип ээрчип жүргөн итине ыргытты. Иттер каны шоргологон кулакты жеп жүрүштү. Ошондон кийин баарыбызды бошотуп:"Эми айлыңарга барып Чагатай ханга айткыла. Каршылык көрсөтпөй багынып берсин. Антпесе, айлыңарды чаап, талкалап, шаарыңарды өрттөп эркегиңерди кул, аялыңарды күң кылам" деп сабап жөө кубалады. Келип Чагатай ханга айттык, ал айласыз багынып берди.

Мады хан Чагатай хандын каршылык кылбай багынып бергенине карабай алпарып орго салды, аны менен кошо атаңды, үч бир тууганыңды камады. Бизди ушинтип жөө кой кайтартып койду. Мингенге ат эмес өгүз бербей темселетти. Бизди эл "Чунак кулак койчу" деп аташат.

 — Азыр Чагатай хандын ордунда ким хан? Элди ким башкарат?

 — Мады хандын иниси Ады хан башкарат, — деди кулагы кесилген жигит, -ал хан болгондон бери салыкты көбөйтүп, төлөй албагандардын мал-мүлкүн саттырып элди кыйнап атат. Көп адам ачкадан өлдү. Тирүүсү эптеп жашап келатышат.

Дөңгөч баатыр Мады ханга ачуусу келип, чунак кулак кырк жигитти ээрчитип айылга жөнөдү.

 — Дөңгөч баатыр токточу, — деди жыртык малакай кийген чунак кулак жигит тынчсызданып, — деги биз кайда баратабыз?

 — Үйгө, — деди Дөңгөч баатыр камырабай, -эмне экен?

— Кеп ушунда, — деди чунак кулак жигит, — биз үйгө барбай эле душмандынтурган жерине, уюткусуна баратабыз. Биз илгери хандын кызына күйөөлөп барып, беймалал жүрүп, сен сууга агып, биз кулактан ажыраганды унутуп калдыңбы? Сен унутсаң да мен унута элекмин. Ошол себептен этият болушубуз керек. Силер ушул жерде токтоп тургула, мен барып илгери сага жигит болгон кезектеги курал-жаракты катып койгом, ошону апкелейин.

 — Коркпо, — деди Дөңгөч баатыр, -мен барда алар тийише албайт. Тийишсе ажалын табат. Кеттик!

 

ДӨҢГӨЧ БААТЫР ЭНЕСИ МЕНЕН КЕЗДЕШИП, АДЫ ХАНДЫН АСКЕРИ МЕНЕН САЛГЫЛАШТЫ

Дөңгөч баатыр атчан, чунак кулак жигиттер жөө казкатар тизилип айылга кирип келишти. Алардын караанын алыстан көргөндө эл жардап карап калышты. Көпчүлүгү ийнине чымчык конгон адамды таңыркап карашса, айрымдары Дөңгөч баатырды таанып кучактап учурашты. Эл менен аралашып жүргөн Ады хандын тыңчысы ханына кабар айтканы чаап жөнөдү.

Ажар байбиче балдардан "уулуң аман-эсен келатат" деген жакшы кабар угуп сыртка чыгып турганда аттын дүбүртү, элдин чуулдаганы дабышы чыкты. Жетелеген баладан сурады:

 — Балам биз тарапка канча киши келатат?

 — Көп, чоң апа, — деди бала, -тим эле толтура.

 — Атчанбы же жөөбү?

 — Бир киши атчан, капкара ат минип келатат, үч жүздөй киши жөө келатат.

 — Ады хандын аскери көрүнбөйбү?

 — Жок, чоң апа.

Апасын алыстан көрүп Дөңгөч баатыр аттан түшүп жөө далбактап чуркап келип апасын кучактап көтөрдү. Апасы уулун кучактап, өпкүлөп көзүнөн жашын агызды. Апасынын көзү көрбөй калганын байкаган Дөңгөч баатыр сурады:

 — Апа, көзүңүз эмне болгон?

 — Ээ, балам, — деди кошуна кемпир апасы үчүн жооп айтып, -апаң силердин азабыңарды тартып, жатсада ыйлап, турса да ыйлап ушинтип кайгыдан сокур болуп калды. Каралашар кишиси жок кыйналды. Меникина жаша десем "Балдарым келсе издеп калат, үйдө эле турам. " деп болбой койду. Тегерек четтеги кошуналар кирип-чыгып каралашып турабыз. Апаңдын ахвалы ушундай балам.

Дөңгөч баатыр талаада жайылып жүргөн хандын малын айдатып келип сойгузуп келген кембагалдарды этке тойгузду. Эртеңменен туруп эл менен сүйлөшүп турганда Үкүбаш менен Чөкүбаш үстүнөн ары— бери кайкып учуп чулдурт-чулдурт деп сайрашты. Эл булбулдардын чулдуртаганына көңүл бөлгөн жок, бирок алар "Адыл хан сенин келгениңди билип "Барып байлап келгиле" деп тандалма жүз балбанын аттандырды. Алар келип калды. Сак бол" деп сүйлөп атты. Аны уккан Дөңгөч баатыр Кара аргымакты минип алдын тосуп чыкты. Айткандай эле көп аскер кара жолду чаңдатып чаап келатканын көрдү. Аңгыча чунак кулак кырк жигит жоожарагын алып, ат таап минип алар да келип калышты.

 — Силер ушул жерде тургула, — деди Дөңгөч баатыр, — алар менен өзүм сүйлөшөм.

Дөңгөч баатыр бастырып айылдын четине чыкканда хандын аскери да келип калышты. Келе сала аскер башчысы кыйкырып сурады:

 — Эй, сен кимсиң?

 — Мен Дөңгөч баатырмын.

 — Дөңгөч баатыр болсоң жүргүн биз менен.

 — Кайда барам?

 — Ады ханга.

 — Мен ага барбайм, — деди Дөңгөч баатыр, -менин анда ишим жок.

 — Барбасаң байлап кетебиз.

 — Мен байлатпайм.

 — Байлатпасаң башыңды кесип Ады ханга алпарам.

 — Башымды да кестирбейм, — деди Дөңгөч баатыр, -андан көрө сый-сыпатыңар менен кеткиле. Бекер кан төгүлбөсүн. Бекерден бекер өлүп калбагыла.

 — Муну кара, — деди аскер башчысы шылдыңдап күлүп, — бизге акыл үйрөтөт. Бизди коюп өз жаныңды сактап ал. Алгыла! Кармагыла! Байлагыла! — деп буйрук берди аскер башчысы бакырып.

Араң турган аскерлер жабылып кирди. Дөңгөч баатыр кылычын кынынан сууруп чапканда бештен, ондон баштар ыргыды. Өлтүрөм деп келгендердин баары өлүм таап бирөө гана качып кутулду. Аны Дөңгөч баатыр "Ханына айтып барсын" деп атайын тим койду. Чунак кулак кырк жигит душмандын аттарынан тандап минип, жоожарактарынан тандап алып токтобой хандын ордосуна бет алышты. Барса Ады хан жашынып калыптыр. Кырк жигит издеп таап, "биз көргөндү сен да көр" деп бир эмес эки кулагын кесип култуйтуп сүйрөп чыгышты.

 — Эй, Ады хан, — деди Дөңгөч баатыр, -мен сени тирүү коеберем. Барып байкең Мады ханга айт. Кан төгүшпөй багынып берсин, болбосо өзү баш болуп кыргынга учурайт. Баарыңар кырыласыңар. Анда сен да тирүү калбайсың.

 Ады ханга ат берип, астыга коеберип, артынан Дөңгөч баатыр кырк жигити менен ээрчип жүрүп отуруп, чекарага жетип токтошту.

 

МАДЫ ХАН ДӨҢГӨЧ БААТЫРДЫ АЛДАП ӨЛТҮРӨМ ДЕП ӨЗҮ АЖАЛ ТАПТЫ

Дөңгөч баатыр чекарага токтогондо чалгынчылары барып:" Дөңгөч баатыр болгону кырк жигити менен келиптир. Ал кырк жигит баягы сиз кулагын кескен коркок жигиттер. Биз алардын алын билебиз, кылыч көтөрүп чыксаң эле качып жөнөшөт. Тандалган, согушуп сындан өткөн үч жүз аскер бериңиз, мен аларды капысынан барып талкалап келем"— деп билдирди. Мады хан ары ойлоп, бери ойлоп:

 — Болуптур, — деди чалгынчынын айтканына макул болуп, -тандалма аскерди сен өзүң башкар. Жашынып душманга жакын тургула. Мен ага элчи жиберип сүйлөшүп атканда же элчибиздин колундагы тууну жыкканда капысынан качырып кирип талкалагыла. Алыңар келбесе башка айла ойлоп табабыз. Баары Мады хан пландагандай болду. Хандын бир кишиси келип "азыр элчи келет. Согушарын же багынарын айтат" деп билдирди. Артынан ак желек көтөрүп хандын башкы вазири келди. Аттан түшүп, сол колу менен ак желекти кармап, оң колун бооруна алып:

 — Дөңгөч баатыр, сиздин койгон талабыңызды аткарып согушпай кол куушуруп берүүнү туура таптык. Азыр Мады хан өзү келип багынганын билдирет. Айып көрбөсөңүз аттан түшүңүз, жеңилгендин белгиси кылып тизеңизди кучактап, этегиңизди көзүмө сүртөйүн— деди.

Вазир чөгөлөп сүйлөп атканда булбул элдин үстүнөн кайкып учуп:"Дөңгөч байке, этият бол. Аттан түшбө. Азыр душмандын аскери кол салат"— деп чырылдашты. Эл аны билген жок, билмек түгүл булбулдун учуп жүргөнүнө көңүл бурганда жок. Дөңгөч баатыр кылычын кынынан сууруп, мыйыгынан күлүп:

 — Мен сага тиземди кучактатпайм, — деди, -анткени сенин пейлиң жаман, оюң арам, сүйлөгөнүң калп.

Дөңгөчтөн ушул сөздү угар менен колундагы желекти жалп эткизип жерге кулатып өзү артка чегинди. Ушул желектин жыгыларын күткөн аскер кыйкырып капысынан качырып киришти. Дөңгөч баатыр астынан тозуп чыгып жакын келгенин жалпайта чапты. Айрым учурда кыйгай шилтенген кылыч өзүн эмес минген атын да экиге бөлүп таштады. Айланып өткөнүн кырк жигиттин кылычы жайлады. Өлгөнү өлүп өлбөгөнү качып жөнөдү. Дөңгөч баатыр аларды кубалабай:

 — Силер бара бергиле. Барып ханыңарга айткыла. Мен эч качан кол салбайм, кол салганды талкалайм, — деп артынан кыйкырды.

Бир аз өтпөй бир топ киши менен хан чыкты. Ал жандоочулары менен келатканда булбул адатынча ары— бери башынан кайкып учуп:"Дөңгөч байке, байка. Азыр хан келип астыңа чөгөлөйт. Ал чөгөлөгөндө сен да аттан түш. Ал сага кымыз сунат. Аны ичпе. Ичинде уу бар. Кымызды өзүнө ичир. Ичпесе оозуна куй"— деп чырылдады.

Мады хан кардын салаңдатып жай бастырып келди. Аттан түшүп Дөңгөч баатырдын астында чөгөлөп:

 — Кечир мени Дөңгөч баатыр. Сен бир кезде күйөөлөп келгенде менин душманым көралбастык кылып сууга таштап жибериптир. Анан мага качып кетти деп айтышты. Мен ачуум менен жигиттериңдин кулагын кесип таштадым. Кечир менин ошол итчилигимди. Азыр болсо бизди жарашпасын деп душмандарым дагы сага кол салды. Бул менин күнөөм эмес. Бул ошол душмандардын, биздин жарашканыбызды көрө албагандардын күнөөсү, балам. Мен багындым. Кызым да, хандык тагым да сеники, — деп калп айтып жапылдады. Дөңгөч баатыр аттан түшүп, Мады ханга колун берип:

 — Кечирдим. Баарын кечирдим. Кагылышпай, карапайым калктын канын агызбай багынып бергениңе ыраазымын, — деди.

 — Ырахмат, — деди Мады хан жайпактап, -сага чоң ырахмат. Ушундай болоруна ишенгем. Илгеркинин салты боюнча нан ооз тийип, кымыз ич, балам. Суусаган чыгарсың.

Хан ушул сөздү айтып белги бергенде татынакай кийинген эки сулуу кыз, бири ак дасторконго нан, туз коюп, экинчиси алтын аякка кымыз кармап чыгышты. Дөңгөч баатыр нандан сындырып, үстүнө туз себелеп ооз тийгенден кийин Мады хан кыздын колунан кымызды алып сунду:

 — Кел, балам алып кой кымызды.

 — Жок, хан ата, сиз улуусуз, сиз алыңыз, — деди.

 — Жеңишке ээ болгон адам кымызды биринчи алат, жеңилген адам экинчи алат. Мен албайм, сен ал деп туруп алганда Дөңгөч баатыр кымызды оң колуна кармап, сол колу менен хандын сакалынан кармап "Сиз турганда менин ичкеним болбойт" деп Мады хандын оозуна зордуктап куйду эле ал ошол замат жантасилим болду.

 

ДӨҢГӨЧ БААТЫР ЭКИ ЭЛГЕ ХАН БОЛУП, АЛТЫНАЙГА ҮЙЛӨНДҮ

Мады хан өлгөндөн кийин калгандары каршылык көрсөтпөй багынып беришти. Карапайым калк кубанып той өткөрүштү. Дөңгөч баатыр түрмө башчысын таап камактагыларды бошотуп, жакынын издеди. Биринчи атасын тапты. Ал чачы да, сакалы да агарып карып калыптыр. Экинчи ханды тапты. Чагатай хан нымдуу зынданда жатып катуу ооруп ордунан тура албай калыптыр. Аны төрт— беш кишилеп көтөрүп чыгышты. Ал жердин үстүнө чыккандан кийин, көк чөптүн үстүнө отуруп:

 — Ырахмат, Дөңгөч баатыр, мен жаркыраган күндү, жарык дүйнөнү көрбөйм дечү элем. Сенин аркаң менен көрдүм. Сага да, кудайга да ыраазымын. Мени өзүң көрүп турасың, оорукчал болдум. Эл башкарганга күчүм да, акылым да жетпейт. Хандыгымды сага бердим, мындан ары сен хан болгун, — деди.

 — Ырахмат ишенимиңизге, хан ата, — деди Дөңгөч баатыр, -сынык бүтөт, оору айыгат эмеспи. Сиз да айыгасыз, сиз да күч кубатка толосуз өзүңүз хан болосуз. Эл сиздин калыстыгыңызды күтөт.

 — Жок, балам айыксам да хан болбойм. Хандыкты сага өткөрүп берем, — деди Чагатай хан.

Үчүнчү болуп Барат менен Марат агасын тапты. Аларды күндүз иштетип кечте зынданга салып таштайт экен. Аягында Турат агасын тапты. Аны өтө сыз жерге таштап коюптур. Тамакты начар ичип кыйналыптыр. Турат сыртка чыккандан кийин атасын да, ханды да дарылап айыктырды. Чагатай хан Мады хандын элин чогултуп:

 — Кана туугандар, ханыңар бирөөнү өлтүрөм деп өзү өлдү. Аны жакшы билесиңер. Эми каалаган кишиңерди хан көтөрүп алгыла, — деди.

 — Биз Дөңгөч баатырды каалайбыз, ошол бизге хан болсун, — дешти эл.

 — Эй, калайык, — деди Чагатай хан, -Дөңгөч баатырга мен ордумду бердим, ал биздин элге хан болду. Силерге хан болалбайт.

 — Болот, — деди сакалы күмүштөй жайкалган карыя, — болгондо да сонун болот. Биз силердин элге ыктыярыбыз менен кошулабыз. Бир мамлекет болобуз. Ханыбыз бир, жаныбыз бир болот.

Бул сунушка баары макул болуп Дөңгөч баатыр эки элге хан болуп дайындалды. Тактыга отургандан кийин Алтынайды издетип таптырып:

 — Алтынай, мен сени сүйөм, мага аял болгун, — деди.

— Менин макулдугумду эмне сурайсыз, — деди Алтынай тырчып, — Мен күңмүн. Сиз хансыз. Сиз кандай айтсаңыз ошондой болот. Кааласаңыз катын кылып аласыз, каалабасаңыз сатып жибересиз. Менде эр тандап тиер эрк жок.

 — Антпегин Алтынай, — деди Дөңгөч баатыр, -сен мени сүйсөң, макул болсоң гана аял кылып алам, менде зордуктоо болбойт.

 — Мен бир кезде сизди сүйгөм, жардам берүүгө да аракеттенгем, бирок сиз анымды кабыл алган эмессиз. Ана алам деген Мады хандын кызы турат ала бериңиз. Азыр сизге Кайыргүл эмес башка хандын кыздары тийүүгө куштар.

 — Мен сени сүйөм, — деди Дөңгөч баатыр, -өткөнгө өкүнбөй кечиримдүү бололу. Күнөөмдү мойнума алып алдыңа чөгөлө десең чөгөлөп берейин, бирок мени боюңдан, оюңдан алыстатпагын.

Алтынай жумшай түштү, антсе да хандан тартынбай шарт койду:

— Мени сүйгөнүңүз чын болсо, аялдыка алгыңыз келсе эки шартым бар.

 — Ал эмне шарт? — деди Дөңгөч баатыр.

 — Биринчи шартым кулдуктан бошотуп үйгө жибер.

 — Мен жалаң эле сага эмес баарлык кул, күңдөргө боштондук бергем. Сенин башың бош. Эркиң колуңда. Кайда кааласаң ошо жакка бара бер. Эч каршылык жок.

 — Ырахмат, — деди Алтынайдын кабагы ачылып, — бул жарлыгыңызды укпапмын. Ыраазымын.

 — Экинчи шартыңды айтчы, Алтынай.

 — Экинчи шартым мындай, — деди Алтынай, -мени күңгө окшотуп база калбай атамдын төрүнөн шаан-шөкөтү менен алып кетиңиз.

 — Ага да макул, — деди Дөңгөч баатыр, — бул акылың абдан туура. Биздин той сен айткандай болот.

 — Эми менде бир суроо бар, Алтынай, — деди Дөңгөч баатыр.

 — Ал эмне суроо?

 — Ал суроо мындай, Алтынай, — деди Дөңгөч баатыр, -Ушул жалаң эле мени эмес кырк жигитти, элди азапка салган Кайыргүлдүн дары кошкон кымызы болду. Мен ушул хандын кызын кантип айыптарды сага тапшырам. Сен чечкин. Сен кандай айтсаң ошондой болот.

 — Бул Мады хандын кызы Кайыргүл кем акылдыгын бизге да көрсөттү. Бизди да боздотту, бирок акылсызга теңелип болбойт. Азыр анын колунан эч нерсе келбейт. Тим кой жашай берсин. Эл көргөн көр турмушту ал да көрсүн. Ага андан өткөн жаза жок. Өлтүргөндө өмүрүң узарбайт, каматканда хандык даражаң чоңойбойт, — деди Алтынай.

Дөңгөч баатыр Алтынайдын чечимине макул болду. Кайыргүлдү камактан бошотуп жайына койду.

Атасы Оморду баш кылып, эки агасын кошуп, калыңы деп мал айдатып, атан төөгө алтын, күмүш жүктөтүп, Алтынайды боз жоргого мингизип, көп аскерге кайтартып атасына барып куда түшүп келишти.

Турат апасын алдырып, көзүн дарылап айыктырды. Ал Дөңгөч уулунун сакал-мурутчан болгонун көрүп:

 — Убакыт өткөн экен, балам, — деди уулун кучактап өпкүлөп, — баралыңа толуп бакыйган жигит болупсуң. Эми элиңе кайрымдуу, калыс падыша бол.

Арадан аз күн өткөндөн кийин Дөңгөч хан Алтынайга үйлөнүп чоң той болду. Кырк күн, кырк түн конок кабыл алышып, ойноп, күлүп кубанышыты.

Үкүбаш менен Чөкүбаш тойду мактап, элди мактап, жерди мактап сайрады. Түрлүү обонго салып элдин кумарын кандырды. Ошол булбулдардын тукуму азыр да бакка конуп көпчүлүктүн көңүлүн көтөрүп сайап жүрүшөт...

 

© Качкыналы Сыдыгалиев, 2009. Бардык укуктар корголгон 
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3902