Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Балдар адабияты
© Казиев А., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 19-январы

Асек КАЗИЕВ

Тамгалар ырдайт

«Тамгалар ырдайт» китепчеси жаңыдан тамга таанып жаткан бөбөктөргө арналды.

Казиев А. Тамгалар ырдайт / сүрөтчүсү М. Жунусбекова. — Б.: 2009. — 36 б. китебинен алынды

УДК 821.51 — 93
ББК 83.8
К 14
ISBN 978-9967-25-418-3
К4803300200-09

Нускасы 1000.

 

А

АЛМА

Ата, апа, алмага
«А» тамгасын жазабыз,
Алгач жолу билимди,
«Алиппеден» алабыз.

 

Б

БАЛЫК

Бала, балык, балкага
«Б» жазылат баш тамга.
Балдар туруп эртелеп,
Баратышат бакчага.

 

В

ВЕРТОЛЁТ

Велосипед, вертолёт
«В» тамгадан башталат.
Вокзал жакка паровоз
Вагон сүйрөп баратат.

 

Г

ГҮЛ

Гимн, гербди жазганда,
Керек дайым «Г» тамга.
Гүлай, Гүлзат баратат,
Гүл тергени талаага.

 

Д

ДАРБЫЗ

Данек, дарак, дарбызга
«Д» жазылат дайыма.
Дамир, Дөөлөт – эки дос,
Жардам берди Дайырга.

 

Е

ЕНОТ

Жашайт экен токойдо
Енот деген жаныбар.
Кудум мышык окшогон
Куйругунда чаары бар.

 

Ё

ЁЛКА

«Й» менен «О» биригип,
«Ё» тамга деп аталат.
Жашыл ёлка балаты
Жаңы жылда жасанат.

 

Ж

ЖАЛБЫРАК

Желек, жебе, жарганат
«Ж» тамгадан башталат.
Жоо келтирбей жерине,
Жоокер жерин кайтарат.

 

З

ЗООКА

Зоока «З»дан башталат,
Зым заводдон жасалат.
Уйдун пири – билип ал,
Зеңги баба аталат.

 

И

ИТ

Ийне, илгич, ийнелик –
«И» тамгасын билелик.
Илим кудук казгандай
Ийне менен изденип.

 

Й

ИЙИК

Йогурт менен йодду
«Й» тамгадан баштайбыз.
«Й» башында бөлөк сөз
Издесек да таппайбыз.

 

К

КOЙ

Кийим кийип калыңдап,
Канат кайда камынат?
Карасаңар, баарына
«К» тамгасы жазылат.

 

Л

ЛИМОН

Лампочкага, лыжага
«Л» жазылат башына.
Лейла кооздоп алыптыр,
Лента тагып чачына.

 

М

МЫШЫК

Мышык, маймыл, мамалак –
«М» тамгасы жазылат.
Майрам эже мышыгын
Мый-мый-мый деп чакырат.

 

Н

НАН

Мен «Н» деген тамгамын,
Нанды, нанды жазамын.
Нандан ыйык байлык жок,
Нанды дайым барктагын.

 

Ң

ДӨҢГӨЛӨК

Дөңгөлөнөт дөңгөлөк.
Дөңгөлөккө «Ң» келет.
Дагы кайсы сөздөргө
«Ң» тамгасы эң керек?

 

О

ОРОК

Тоголонгон топ окшош,
«О» тамгасы тоголок.
Окуу, отун, орокко
«О» тамгасы колдонот.

 

Ө

ӨРДӨК

«Ө» тамгасы тегерек,
Өгөө десең «Ө» керек.
Өтөгөнгө саначы,
Канча тамга «Ө» келет.

 

П

ПИЛ

Пахта, пилге, партага
«П» жазылат баш тамга.
«П» тамгасы болбосо
Парча айланат арчага.

 

Р

РАКЕТА

Ракетага, Рахатка
Сөз башына «Р» келет.
Компьютерлер башкарган
Роботтор иштешет.

 

С

САБИЗ

Сабыр сабиз сугарат,
Сайра сайдан суу алат.
«С» тамгадан башталып,
Сүйлөм сөздөн куралат.

 

Т

ТЫРМООК

Темир, тырмоок окшогон
«Т» тамгасы мен болом.
«Т» тамгасын жазбасаң,
«Топ» болбостон, «оп» болом.

 

У

УЛАР

Улуу тоодо жашаган,
Уккулуктуу сайраган.
Ушул кайсы канаттуу,
«У» тамгадан башталган?

 

Ү

ҮТҮК

Үлүл, үкү, үпүпкө,
Үстөл, үкөк, үртүккө
Жазылат «Ү» тамгасы
Жана дагы үтүккө.

 

Ф

ФОНАРЬ

Фартук жана фонарга
«Ф» жазылат баш тамга.
Фломастерлер эң керек,
Кооздоп сүрөт тартканга.

 

Х

ХАЛАТ

Халат, Хасан, халвага
«Х» тамгасын жазабыз.
Көк тиреген чокуну
Хан-Теңир деп айтабыз.

 

Ц

ЦИРКУЛЬ

Айлананы кагазга
Циркуль менен чиебиз.
Сонун оюн көргөнү
Циркке барып киребиз.

 

Ч

ЧАБАЛЕКЕЙ

Чабалекей, чагылган,
«Ч» тамгасы жазылган.
Чынчыл болуп чоңойгун,
Чындык ыйык баарынан.

 

Ш

ШАБДАЛЫ

Шыпылдатып колдорун,
Шырдак шырыйтШарипа.
Шабдалыны үзөм деп,
Шакир чыкты шатыга.

 

Щ

ЩЁТКА

Бул «Щ» тамга аталат.
Щётка кийим тазалайт.
Шатырата күн жааса,
Плащ жаандан калкалайт.

 

Ь

КОМПЬЮТЕР

Алигиче атым жок,
«Ичкертүү» деп коюшат.
«Июнь», «июль» сөздөргө
Мени жазып коюшат.

 

Ы

ЫШКЫРЫК

Ышкырыкка «Ы» келет,
Ырысбекке «Ы» керек.
«Ы» тамгасы колдонгон
Кайсы сөздү ким билет?

 

Ъ

ПОДЪЕЗД

Ат койбоптур энчилеп,
«Ажыратуу белги» деп.
Съезд, подъезд сөздөргө
Мени жазат белгилеп.

 

Э

ЭЛИК

Эшик, элик, эмерек –
«Э» тамгасы эң керек.
Эң бир ыйык адамың
Эне десең «Э» келет.

 

Ю

ОЮНЧУК

«Й» менен «У» биригип
«Ю» тамга деп аталат.
Юла деген оюнчук
Чимирилип айланат.

 

Я

ЯКОРЬ

«Й» менен «А» кошулса
«Я» тамга деп аталат.
Якорь, Ялта, январь
«Я» тамгадан башталат.

 

Файлды PDF форматында толук тексти менен, китепти сүрөттөрү менен ачуу

 

© Казиев А., 2009. Бардык укуктар корголгон

 


Количество просмотров: 118197