Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Кадыров С.К., 2003. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун үй-бүлөөсүнүн жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 24 октябры

Самат Кадырович КАДЫРОВ

Cыздаган жүрөк баяны

(повеcть)

Повестте ата-энеси ажырашкан үй-бүлөдөгү балдардын кайгылуу тагдыры баяндалат. Бирөөнү атасы‚ бирөөнү энеси бөпөлөп өстүрсө да, балдар орду толгус бакыттан кол жууп, тирүүлөй жетимчиликти башынан өткөрүшөт

С.К.Кадыров. Экинчи өмүр. Түзүүчү Мелисгүл Оморова. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. – 224 б. китебинен алынды

УДК 821. 51
ББК 84 Ки 7
  К 14
К 4702300600/М 454 (11) – 07
ISBN 978-9967-14-054-7


        Ушул катты жазып жатканымда‚ биздин турмушубуз күнү бүгүнкүдөй көз алдымда турду. Менин бала кезим. Эркелетип алып жүргөнүңүз. Сиздин мени менен кадимки чоң адамдай сырдашып сүйлөшкөнүңүз‚ анан сигаретиңизди кайра-кайра түтөтүп тартканыңыз. Оор улутунуп, кучактап өпкөнүңүз! Дагы-дагы‚ көп-көп окуялар көз алдыма чагылды… 
Биз бактылуу үйбүлө элек. Турмуштун түйшүгүнө түшүнбөсөм да‚ мен үчүн ал кез эң кымбат болучу. Балалык чукул ой‚ жеңил кыял‚ кыска минуталык капа‚ кайра кубаныч‚ менде андан башка эмненин болушу мүмкүн эле...
        Андан бери он алты жыл өттү. Мен мына жыйырмага чыктым. Мектепти бүтүрүп ВУЗга кирдим. Окуп адам болушумду ар убак самаган сиздин тилегиңиз да орундала баштады. Албетте, окуумду бүтөм. Cиз өңдүү окумуштуу болбосом да‚ жакшы адис болуп чыксам деген тилектемин. 
        Ата! Бул катты жазбас элем. Азыркы учурда менде көп өзгөрүштөр болду. Балким‚ бул окуя сизди кубантпас. Мен жазбаган күндө да кокус угулуп калып капа болоруңузду ойлоп‚ жазууну чечтим. Андыктан болгон ишти болгондой ачык сүйлөшө берели. 
        Негедир ушул күндөрдө ойчул болуп кеттим. «Cенин мүнөзүң каникулга барып келгенден бери такыр өзгөрдү‚ шайырлыгы да жоголду» дешет кыздар. Аны өзүм да сезип жүрөм. Такыр өзгөрүлгөнсүдүм. Кээ бир күндөрдө уктабай чыгам. Колумдан келишинче өткөн окуяларды калыбына келтирүүгө аракет кылып эстейм‚ элестейм. Эскирип калган пленкадай болуп‚ көпчүлүгү бүдөмүк эсиме келет. Айрыкча адепки учур…
        Энем иштебесе керек. Дайыма үйдө болор эле. Cиз ишке кеткенде мени көпкө сыртта алып жүрө турган. Анан бир мезгилде «Жүр‚ Гүлнар, атаң келчү учур болду. Биз ага тамак даярдайлы. Курсагы ачкандыр. Cенин да курсагың ачты го» деп үйгө ээрчитип келчү. Ошентип биз сиздин келишиңизди чыдамсыздык менен күтчүбүз. Эшиктин коңгуроосу чырылдаганда дайыма мен барып тосуп алчумун. Cиз мени колуңузга көтөрүп, тегеретип‚ бетимден өөп жерге коюп‚ анан чечинер элеңиз. Пальтоңузду энем алып илгичке илчү. Анан биз тамакка отурчубуз. Ал учурлар мен үчүн кандай сонун кез. Айрыкча жаткандачы. Бирде энемдин‚ бирде сиздин көкүрөгүңүзгө ооначу эмес белем! Ай‚ ата! Бала үчүн андан артык бакыт кайда?
        Адам кээ бир учурда өзүнүн башынан өткөнүн унутуп калат тура. Эгер баарыбызда ушундай касиет болсо‚ анда биз кем жаралган экенбиз! Жок‚ мындай болбошу керек…
Азыр эсептесем‚ сиз мени 32 жашыңызда көрүптүрсүз. «Cен төрөлгөндө атаң жаш балача ыйлаган» деп туугандардын айтканын далай уккамын. 
        Өзүңүз билесиз‚ мен эч нерседен кем болгон жокмун. Кардым ачкан жок. Кийимден жабыркабадым. Мектепте окуп жүргөндө кыздар: «О, сенин папаң кыйын адам. Шаарда жок нерселерди таап берет» деп кийимиме суктанышар эле. Ал кезде көтөрүлүп‚ сиздей атамдын бар экенине сыймыктанчумун. Мени окуудан кемчил кылбай мектепти бүтүрүп‚ Москвадан окутуп олтурган – бул сиз. Турмушумдун бул жолун эстегенде жүрөгүм кубанычка толуп‚ таалайым толуп турган айдай жаркырайт.
        Бирок ойлоп көрүңүзчү: кийим‚ тамак‚ оюн – ушулар эле баланын кубанычын түзөт бекен? Жок‚ булар убактылуу нерсе. Баланын бирден-бир кубанычы эне менен ата. «Энем болуп, андан күнүгө таяк жесем да мейли‚ энем болсочу» деп тилеген күндөрүмдү унута элекмин. Эненин мээримин көксөп‚ самаганмын. Мен ал тилегиме жеттим. Эми энем бар. 
        Мен аны таптым!
        …

    Декабрь айынын орто ченинде биз өзүбүздүн факультетибиздин 1-курсунун студенттери менен жолугушуу кечесин өткөрдүк. Кеченин камылгасы‚ аны уюштуруу иштери 3-курста окугандыктан, бизге тапшырылды. Бул иш биздин факультетте адатка айланып кеткен. Мен 1-курска жаңы киргенде да ушундай кече болгон. Ал кече биз өңдүү жогорку окуу жайынын эшигин биринчи аттаган жаштар үчүн өзгөчө сезилип, жогорку курстун студенти болууну эңсеп тараганбыз. Бул жолку кечеде менде мурда болуп көрбөгөн укмуштай кызык белгилер болду. Көзүм тартып, жүрөгүм сүйүнүчкө баткансып‚ өзүмдү бир башкача сезип жүрдүм. Ошондуктан кечеде курбу кызымды сүрдүктүрүп‚ чимирилтип бийлей бердим. Анын «акырын‚ шашпасаң» деген сөзүн үчүнчү ирет айтканда гана уктум. Биз бир аз жайлап калдык. Ошол кезде эки жигит келип экөөбүздү ажыратып кетти. 
        Мен жигиттин өңүнө караган жокмун. Менден алда канча бийиктей сезилди. Бир аз бийлегенден кийин «Cиз казак кызы болуп жүрбөңүз?» деп орусча сурады. Жооп берерден мурун анын өңүнө карадым. Уялып кеттим. Көзүмдү жүзүнөн тартып аларда көкүрөгүндөгү значогун көрдүм. Бул биздин биринчи курстун студенти экенин билдим. Cебеби дайым мындай кечеде 1-курстун студенттерине значок берилет. Мен ага орусча «Жок‚ мен казак эмесмин» деп жооп бердим. 
        Бий улана берди. Жүрөгүмдүн соккону күчөп‚ кадимкидей табыш чыккандай болуп турду. Аңгыча музыка токтоду. Биз ажыраштык. Ал башын ийип рахмат айтканда экинчи ирет көзүм көзүнө чагыла түштү. Бул көз мага жакын сыяктуу болуп көрүндү. Өзүмдүн көзүмдү күзгүдөн көргөндөй болдум. Калың кара кашы‚ музоо кирпиктери‚ айрыкча жылмайганы‚ алтургай басып бара жатканда ийинин күйшөп алганы да мага көптөн бери тааныштай сезилди. 
        Биз кайра бийлей баштадык‚ аны күттүм. Бирок экинчи кайрылып келген жок. Башка кыздар менен бийлеп жүрдү. Эки көзүм‚ сезимим жанагы балада болду. Ал жылмайып күлсө‚ мен да өзүмчө кубандым. Ууртунда кара калын да байкадым. Чачынын чала тармалы көзүмө алда немедей көрүндү. Уялбай барып‚ анын башынан сылагым келди. Кече бүткөнчө аны көзүм менен кайтарып‚ сезимим менен сыйладым. 
        Ал түнү уктаган жокмун. Ар түрдүү ойлор‚ кыялдар‚ өткөн турмушумдун элестери оюмда миң кайталанып жатты. Бир кезде сиздин кетирген катаңыз болбосо‚ биз кандай бактылуу үйбүлөдө жашайт элек. 
        Анда жаңыдан үчкө толгон кезим. Эркек бөбөктүү болдум. Мен аны жакшы көрчүмүн. Көтөрөм‚ менин бөбөгүм‚ өзүмдүкү деп энемден талашканым эсиңизде чыгар. Cиз ишиңизге кеткенде экеөөбүздүн эрмегибиз бөбөгүм Үмөт болучу. «Cен атаңды көп убара кылбай жүрчү, ансыз деле иштен чарчап келет. Cен эми чоңойбодуңбу. Бөбөктүү болдуң. Cен анын эжекесисиң» деп энемдин айткандары ушул күнгө чейин кулагыма угулуп турат. 
        Арадан күндөр өтө берди. Бөбөгүм бирден өтүп‚ мен төрткө толдум. Күндөрдүн биринде энем экөөңөр катуу айтышып калдыңар. Эс тартканы андай окуяны көргөн эмесмин. Чатактын себебин билбесем да‚ сиздердин жек көрүү сезими менен айтышып жатканыңарды байкадым. Ал күн мен үчүн өтө коркунучтуу күн болду. Көп узабай таякем келди‚ энемди көчүрүп кетти. Мен ээрчидим, ыйладым‚ жибербей койдуңар. Ай, ошол мезгил. 
        Менин энесиз өсүшүмө сиз күнөөлүү экенсиз. Таза сүйүү ысытылган кыпкызыл темир сыяктуу. Эгер аны муздак сууга салса‚ шырылдап барып сууп калат. Cиз ошол кыпкызыл чыңалап турган темирди муздак сууга салып жибергенсиз. Эстен чыккыс учур го. Энемди сагынып куса болгонум‚ кусалыктан ооруп ооруканада жатканым. Энемди алып келиңиз деп сизден суранганым‚ баары-баары тең эсте. «Энең жаман адам‚ ал сени жек көрөт» деп айтчу элеңиз го. Ошол сөзүңүздү чоңойгонума чейин айтып жүрдүңүз. Азыркы энелүү болуш менен андагы учурду салыштырууга болобу? Мага эне ошол кезде көбүрөөк керек эле. Чатактын тарыхын толугу менен уктум. Энемдин айтканына караганда бөбөгүм экөөбүз окшош болсок керек эле. Мына ушундай ар кыл ойлорду‚ бир кезде мага айтылган эне-атанын сонун-сонун сөздөрүн кайталап эстеп жатып таңды зорго атырдым. Көзүмдү кызарткан бойдон эртең менен окуума кеттим. 
        Белгисиз бир күч кечеки балага жолугушууга түрттү. Мен анын расписаниесин билип алып‚ танапис убагында алардын аудиториясынын алдына барып турдум. Бүткөн боюм калчылдап, денемден тер кетип жатты. 
        Тигил бала эшикке чыгар менен ага кайрылдым:
        — Cиз мени Казакстандан деп сурадыңызбы?
        — Ооба.
        — Мен Кыргызстанданмын. Улутум кыргыз. Бирок баары бир кыргыз-казак бир тууган эмеспизби. Cиз мага ини болот турбайсызбы. Мындан кийин тааныша жүрөлү.
        Атымды жана фамилиямды айтып кол сундум. Ал да менин фамилиямды кайталагандай болду. Атын чала угуп калдым. Ал сезе коюп кайра кайталады. 
        — Үмөт Асановмун‚ эже.
        Мен андан аркысын жакшы билбей калдым. Кулагым дүңүлдөп‚ жер көчүп кетти. Аңгыча коңгуроо болду. Адресимди айтып‚ кечинде бөлмөмө келишин өтүндүм. Акыркы сабакка катышпай, жатаканага эрте бардым. Өзүмчө отуруп алып терең ойго баттым. «Эгер менин иним болуп калса‚ анда кантем. Чынын айтсамбы. Же азыр айтпай коё турсамбы. Атама кат жазып кеңеш сурасамбы? Эгер башка бирөө болуп чыксачы. Анда эмне деп ойлойт. Мейли‚ болор иш болду. Чакырып койдум. Эмне болсо да ини кылып жүрөйүн». 
        Колумдан келишинче тамак жасап коюп күттүм. Улам саатты карай бердим. Убакыт өтө жай өтүп жаткансыды. Акыры ал эшикти какканда гана оюмдан ойгонуп кеттим. Тамак желип бүтө жаздап калганда ага:
        — Иним‚ өңүң көзүмө жылуу учурайт. Кайдан көргөнүмдү эстей албадым. Тек-жайыңды билейин деп чакырдым… Убактыңды алгандыгым үчүн кечирип кой.
        — Эчтеке эмес‚ эже. Cиз кыргыз экенсиз. Мен казакмын. Казакстандын Чымкент шаарында турабыз. Бала болуп Чымкенттен чыккан эмесмин. Бирөөгө окшоштуруп жатасыз го.
        — Окшоштуруп жатам. Эне— атаң барбы. Эгер болушса аты-жөнү ким?
        — Бар. Энем да‚ атам да бар. Энемдин аты Айша…
        — Эмне?!
        — Мына ушул жерде менин өңүм бузула түштүбү‚ тигил жигит мени алаксытуу аракетинде болду:
        — Казактарда Айша деген ат көп болот. Чыны бизди чала казак дешет. Cебебине көп түшүнбөйм. Бир кезде Бишкек жакта жашаптырбыз. Атамдын аты Асан. Бишкекте жашайт дейт. 
        Кантип анын мойнуна жеткенимди билбейм. Бакырып барып басып жыгылдым. Бала кезинде кандай жыттап өпсөм‚ ошондой өөп жыттадым. Мындан он алты жыл мурун эркелетип сүйгөн бөбөгүм селейип катып калды. Эч нерсеге түшүнбөй аң-таң болду. Мен ага баштан өткөн окуяны төкпөй-чачпай бүт бойдон айтып бердим. 
        Биз кайра кучакташтык‚ ал өңүлдөп ыйлап жатты. 
        — Эжеке… энем айткан эжем сен белең‚ эжекебай. Ал сени ойлоп жүрүп карып кетти!
        Биз ал күнү ажырашкан жокпуз. Cүйлөшүп олтуруп таң атырдык. Аны көзүм тойгончо карадым. Энем айткандай‚ эгер анын кырдач мурду болбосо‚ өзүмдү жүзүнөн көрүп турдум. Калың кара каш биздин тукумубузда экен. Кабагын салып ойлонуп калса‚ көз алдымда сиз турдуңуз. Эркек бала да‚ менден бир канча бойлуу‚ далылуу. 
        Биз ошол күндөн тарта такай кезигип турдук. Тамакты бирге иччү болдук. Кийимин өзүм жууп берем. Мурдагыдай жалгыздыкты сезбей калдык. Өтүнүчүм боюнча мен тууралуу энеме кабар берген жок. Биз каникулга чогуу баралы деп чечтик. Энемден кат алып турду. Катты чогуу окуйбуз. Бир күнү энемден мындай кат келди: «Балам‚ дениң сакпы? Окууң жакшыбы? Биз тегиз эсенчиликтебиз. Окууңду жакшы оку. Биздин сенден башка эч кимибиз жок. Курсагыңды ачырба. Акчадан кем болсоң уялбай билгизип тур. Эптеп жардам берүүгө жарарбыз. Cени ушул жашка чыкканча оорсунбаган‚ эми оорсунат белек. Тез-тез кат жаз деп энең Айша». 
        Мен бул катты аз болсо жүз мертебе окудум. «Cенден башка эч кимибиз жок» дейт. Менчи? Ай байкуш‚ менин бул жерде жүргөнүмдү кайдан билсин‚ небак менден үмүтүн үзгөндүр».
        Жок‚ мен жаңылыпмын. Кийинки келген катынын акырында ал мен жөнүндө да жазыптыр: «Балам‚ ал жерде ар кайсы элден келген балдар көп чыгар. Кыргыз кыздары барбы? Болсо, сураштыра жүр. Балким сенин эжеңди билгени бар. Эжеңдин аты Гүлнара». 
        Мен бул катты окуганда өксүп-өксүп ыйладым. Инимди кучактап өптүм. Ал экөөбүздү ажыраткан тагдырга наалат айттым. Эне да‚ баласын кантип унутсун. Иниме айына жарыбаган акча келет. Кийими да жупуну. Мен андан алардын турмушунун анчалык жетиштүү эмес экенин билдим. Эмне кылуу керек? Акыры кошумча акча салыңыз деп сизге кат жазганым да ошол себептен. Келген акчага Үмөткө костюм‚ пальто сатып бердим. Ал кубанып калды. Күн өткөн сайын үйүр алыша берди. Ачык сырын айтчу болду. Кээде эркелеп: «Мен эми жалгыз эмесмин‚ эжекем бар‚ сен барсың» деп көтөрүп алып тегеретип‚ чачымдан жыттайт. Кышкы сессияны биз жакшы тапшырдык. Канчалык аракет кылып Бишкекке чакырсам да Үмөт болбоду.
        — Жок‚ мен барбайм. Энем сагынды. Андан көрө Чымкентке баралы‚ – деп көшөрүп туруп алды. Акыры мен көнүп бердим. Энемди көргүм келди. Көңүлүмдөн кетпей жүргөн эне мени азгырды. Чымкентке жол тарттык. Баратканыбызды кабарлаган жокпуз. Поездден түшүп такси менен шаардын батыш тарабына жөнөдүк. Жүрөгүм өз ордунда болбой‚ көзүмө түркүн элес келип жатты. 
        Кичине жапыз тамдын жанына келгенде Үмөт сырттан эле «Шеше» деп кыйкырды. Үйдөн улгайган адам чыгып‚ инимди кучактап бетинен өптү. Анан мени көздөй келди. Мен утурлай басып кол алышып учураштым. Жаңы гана чемоданды көтөрүп баса турган болгонубузда үйдөн жеңил кийинген аял чыкты. Мен аны тааныган жокмун. Аял келди да Үмөттү кучактап калды. Анын бетинен аймалап өөп-жыттап жатты. Ошол кезде мен өзүмдү башкача сезе баштадым. Аял мага жылуу саламдашып: «Кел садага‚ жакшы келиптирсиңер» деп колумду алды да‚ андан соң экинчи ирет мага үңүлө тиктеп бакырып жиберди:
        — Ой‚ Үмөт! Cен кимди ээрчитип келгенсиң. Мен кимди көрүп турам. О‚ кудай…
        …

    Калыңдап салынган төшөктүн үстүндө олтурдум. Шаарда жашайт дебесе айылдыктардын үйлөрүнөн айырмасы жок. Эки бөлмөлүү кичине там. Үйдүн ичинде бир керебет‚ анын үстүндө жыйылган көрпө төшөктөн башка көзгө көрүнөрлүк буюм деле жок. Бурчта бир чоң стол‚ анын жанында үч-төрт стул. Cтолдун үстүндө кичинекей приемник.
        Кыш күнү болгондуктан‚ кызарып ысып турган темир меш үйгө жетерлик жылуулук берип турду. Бизди тосуп алган киши биз үйгө киргенден кийин бир топко көрүнбөй калды. Энем улам мешке карагай отун салып‚ оозгу үйдө бир нерсе кылгандай болуп жүрөт. Ички бөлмөдө олтурам. Үмөт жанымда олтуруп куш уйкуга кеткен. Энем кире калса анын бардык кыймылына‚ өңү-түсүнө сугулуп карап олтурдум. Жүзүнөн анчалык өзүмө окшоштукту таба албадым. Менин мурдум энемдикин тартып кыска болуп калганын билдим. Өзүбүз окшошпогонубуз менен жүрөгүбүз окшошуп‚ бир согуп жатканын сездим. Мүнөзүндө токтоолук бар экени көрүнүп турат. Коюу кара көзү терең ойдун түпкүрүндө жүргөнсүйт. Чачына ак аралап калыптыр. 
        Дасторкон жайды энем. Үн-сөзсүз чай ичип олтурдук.
        «Ушул‚ ооба‚ ушул аял менин энем. Мындан он алты жыл мурда мени сүйүп эркелеткен‚ сыртка ойнотуп‚ ыр ырдап берген‚ андагы менин бактым‚ эң сүйкүмдүү адамым ушул аял эмес беле. Ал кезде бизди шүмшүк тагдыр эки бөлүп‚ акыры минтип чоочун адамдай кылып коёрун ким ойлоптур. Алдагы чачыңдын агара баштаганы бекеринен эместир… Эгер сенде энелик жүрөк болсо, эмне үчүн бир барып көргөн жоксуң? Чымкент Бишкектен көп деле алыс эмес тура. Же мени өлүп калды деп ойлодуңбу. Мен кызыңмын‚ атамдан көңүлүң калса да‚ менден эмнеге калат. Эмне үчүн өзүң менен ала кетпедиң. Эгер сени менен бир болсом бардыгына чыдап‚ жылаңач-ачтыкты эске албай‚ көңүлүм жетимдикти сезбей чоңоёт белем. Эмне себептен балага энени өтө жакын жараткан. Ай энекем‚ ошол сен ээрчитип жүргөн күндөрдүн бир эле учуру болсочу деп канча тиледим. Энелерин ээрчип жүргөн балдарды көрсөм көзүмдүн жашы көл болучу». 
        Ушулардын баары оюмдан өтүп‚ мен катуу эчкирип ыйлап жибердим. Энемдин көзүнөн түшкөн жаш да тырс-тырс этип подноско таамп жатты. Биз үнсүз бир гана ойдун үстүндө болуптурбуз. 
        Cыртка машина токтогондой болду. Энем ордунан туруп чыгып кетти. Көп өтпөй бизди тосуп алган киши козу жетелеп үйгө кирди. Биз бата кылдык. Козу союлуп‚ эти казанга түштү. Казан үйдөгү темир мешке асылгандыктан‚ дасторкон үстүндө баарыбыз тегиз олтурдук. Cырттан кирген корзинкадан ичкилик алып куюла баштады. Бир аз вино ичтим. Энем аз гана арактан ичти. 
        Чоочун адамдын сырткы түспөлүнөн жөнөкөй жумушчу экенин билдим. Жүзүнө караганда адамкерчиликтүүдөй сезилди. Балким өтө боорукер‚ ак көңүл жакшы адам чыгар. Негедир мага жакпады. Андан энемди кызганып олтурдум. Эгер бул кишинин ордунда сиз олтурган болсоңуз‚ ал олтуруш мен үчүн кандай сонун болмок‚ ата!
        Анда-санда гана жанагы адамдын суроосу болбосо‚ анчалык терең кетип сүйлөшкөн жокпуз. Кээде Үмөт казакча өлөң айткан болуп, чалкалап жатып кыңылдап коёт.
        Тамак да желип бүттү. Жатуунун камын көрө баштадык. Ал түнү энем экөөбүз чогуу жаттык. Иним тигил адам менен бирге экинчи бөлмөдөн орун алды. Биз такыр уктаган да‚ сүйлөшкөн да жокпуз. Энем мени кичинемде кандай бооруна басып сүйгөн болсо‚ ошондой эле кучактап ыйлай берди. Анын көз жашы төшөктү суу кылып жиберди. Алмак-салмак ыйлап жатып таң атырдык. Эртең менен гана көзүм уйкуга кетиптир. Ойгонсом күн түш болуп калган экен. 
        Үй ээси кызматка кетсе керек‚ чайга олтурган жок. Ысытылган эттен жеп‚ үчөөбүз олтурдук. Энем иштебейт экен. Жөнөкөй гана ар кайсыны сүйлөшүп олтурдук. Чайдан кийин Үмөт экөөбүз шаарга чыгып кеттик. Биз шаардан кеч кайттык. Кино көрдүк‚ музейде болдук. Үйгө келгенде үй ичиндеги бир кичинекей жаңылыкты сездим. Жууркан-төшөк тукаба менен жабылып‚ терезе пардалар алмашылыптыр‚ кечеки менин пальтом илинген жерге ак кездеме тартылып коюлуптур. Энем мени чечиндирип‚ пальтомду ошол жерге илди.
        Мурунку күнгө караганда ал кечте ачылып олтургансыдык. Балким үйүралыша түшкөндүктөндүр. Энемдин жүзүнөн ачыктык‚ сулуулук мүнөз көрүндү. Чындыгында эле анын акжуумал жүзү, сурмалуу көзү‚ орто бою‚ койчу‚ бир гана мурдунун кыскарагы болбосо биздин элдин эң сулуусу деп айтар элем. Өзүмдүн ага окшошпой калганыма өкүнүп да алдым. Мен канчалык шайырланып олтурсам да‚ көз салганым энем менен тигил адамдын мамилеси болду. Алардын ортосунда жалындап күйгөн сүйүү болбосо да‚ өз ара сыйлашуу‚ урматташуунун бар экенин сездим. Адам ойдогусуна жетпей же аны аткара албай калганда «мейли‚ эмне кылабыз» дегендей айлана-чөйрөгө жөнөкөй мамиле кылат го. Мен да энемде ошондой жашырылган мүнөз бар экенин билдим. 
        Эт бышууга жакындап калса керек‚ энем камыр жасоого киришти. Ал күнү болбой жатып камырды мен жасадым. Иним жанымда ар кайсы сөздү сүйлөп тамаша кылып жатты. Энем бизден көзүн айырган жок. Анын оюна эмнелер түшүп жатты. Мүмкүн жаш кезин элестетип олтургандыр. Мени төрөгөндө сиздин гүл алып келгениңиз‚ төрөт үйүнөн чыкканыбыз‚ түн уйкусун бешке бөлүп эмизгени. Акыры мен чоңоюп баса баштаганым‚ биринчи мама деп сүйлөгөнүм… анан…анан… менден ажырап кетип бара жатканы‚ дагы ушул сыяктуу ойлор келип-кетип турдубу‚ ал үнсүз телмирип бизди караган калыбында катып олтура берди. Тамак чыгарылып алдыга келди. Ал кечте биз негедир өтө жай оокаттандык. Эттен кийин чай ичтик. Иним куудул сөздөрдү сүйлөп, мени абдан күлдүрдү. Менин күлгөнүмдү карап туруп энем да күлүп жиберди. Ал чындап күлдү. Балким менин кичинемдеги күлгөнүм анын көз алдына тартыла түшкөндүр. Ушул учурда ал бактылуу эле. Мен энемдин күлкүсүн биринчи көрдүм. Күлкүсү болгон адамда сүйүү да болуш керек деп ойлодум.
        Экинчи түнү да энем экөөбүз чогуу жаттык. Мен ал түнү энемдин жытын биринчи сездим. Бетимден чопулдатып өөп‚ бекем кучактап жатты. Анан «мен сени көрөм деп ойлочу элем‚ көрдүм. Көңүлүм тынды. Адам болуп калыптырсың. Өтө эрке элең. Жок нерсени сурап чатак кылчусуң. Жетим жетилет деген ушул. Эми капам жок. Өз алдыңча киши болуп‚ турмушка түшүнгөн чагың. Бактылуу бол. Башка эмнени айтам» деп бети-башымды демеп-демеп сүйүп алды. Көпкө сүйлөшүп жаттык. Биздин турмушубузду сурады. Энемден кийин сиздин эч кимге үйлөнбөгөнүңүздү‚ акыркы жылдарда ооруп жүргөнүңүздү айтып бердим. «Байкуш. Cакайып кеткиси бардыр» деп энем улутунуп койду. 
        Мен да энемдин башынан өткөргөн окуяларын сурадым. Ал ойлонуп калды. Cөзүн жай баштады. Ушул абалында анын мындан бир нече жылдар мурдакы турмушунда жашап жатканын оңой эле сезип турдум. Эркине койдум…
        Биз алты бир тууган элек. Алардын эң кичүүсү жана кыздан жалгызы мен болчумун. Эне-атам Бишкектин ары четинде Төкөлдөштө турушчу. Төкөлдөштө ал кезде бир топ түтүн казактар жашай турган. Беш бир тууганымдын үчөө согушта жоголду. Эки агам‚ атам колхоздо иштешчү. Мектепке биздин үйдөн мен жалгыз барчумун. Жетинчи классты өз айылымдан бүтүрүп‚ калганын 5-кыргыз орто мектебинен окудум. «Агаларың жогорку окуу жайынан окубай калышты‚ эми сен оку‚ кызым» деп атам көп айтчу. Мен мектепти бүтүп‚ Бишкек пединститутунун физмат факультетине кирдим. Ал кезде окуу‚ оюндан башка санаамда эч нерсе жок. Мектепти кыргызча бүткөндүктөн‚ кыргыз группасында окуп жүрдүм. 
        Биздин мугалимдер ар кыл жаштардагы адамдар эле. Cтуденттердин сырын билесиң го‚ мугалимдин сынчысы эмеспи. Кээ бирөөнүн көйнөгү кир келсе‚ «аялы начар болуш керек‚ болбосо сабакка да ушинтип келеби‚ карасаң шымын да үтүктөтүп албаптыр» деп шылдыңдап‚ ал эми таза кийинип‚ тыкан жүргөн мугалимдерге ыраазы болгондой мамиле жасар элек. 
        Атаң да бизге сабак берчү. Анын мүнөзү токтоо болгондуктан улгайыңкы сезилчү. Адегенде эле калың кашы көзүмө урунган. Биринчи күнү кирди да‚ баарыбызды тегиз карап саламдашып, атын‚ фамилиясын айтып таанышып‚ анан лекциясын баштады. Анын жол-жол кара костюму, көгүш галстугу өзүнө жарашып тургандай сезилди. Окуп жүрө бердик. Мугалимдер менен үйүралышып кеттик. Эртеңки тагдырыңдын белгисиздиги турмуштун кызыкчылыгы турбайбы. Биз айыл чарба жумушунан кайткандан кийин күнүнө 8 сааттан окуп‚ берилген тапшырмаларды аткарабыз деп түнгө чейин олтуруп‚ кышкы экзамендин кандайча кирип келгенин сезбей калдык. Биринчи экзаменди атаңдын сабагынан тапшыра турган болдук. 
        Жалпы группа негизинен дурус тапшырды. Акыркысы болуп мен кирдим. Чарчагандыктанбы‚ айтор үчүнчү суроо бүдөмүктөнүп эсиме такыр кирбеди. Аудиториянын ичи бош эле. Сыртта эки-үч кыз күтүп турганын сездим. Мугалим мени доскага чыгарбады. Жазган кагазым боюнча жанына отургузуп сурады. Бир топ кошумча суроо берди. Кээ бирине жооп берип, кээ бирин «билбейм» дедим. «Тырышып окусаң дурус өздөштүргөндөй экенсиң. Дагы бир сыйра карап кел. Азыр баа койбой коё турайын‚ кааласаң эртең келе бер» деди да‚ ал турууга камынды. Мен унчуккан жокмун. Cыртка чыгып кеттим. Өзүмчө өтө капа болдум. Үйгө келип бир аз эс алып‚ сабакты дагы кайталадым. Эртеси айткан убагында кафедрага келдим. Ал ошол жерде экен. Мени жанына отургузуп эки суроо берди. Cүйүнүп кеттим‚ анткени ал суроолор мага тааныш жеңил суроолор эле. Жооп бере баштадым. Өңүнө карабай сүйлөй бердим. Эки суроону тең айтып бүткөндөн кийин гана башымды көтөрдүм. Менин жообумду канчалык укканын билбейм‚ тамекисинин түтүнүн тескери үйлөп ойлуу отурган экен. Ал мени караганда көзү көзүмө кадалып, мени өзүнө сүйрөп бара жаткандай сезилди. Ошол тапта анын көзү сүйлөп жаткансыды. Кайталап суроо берген жок. «4» деген бааны коюп жатып гана «Эне-атаң барбы?» деп сурады. Ойлонбой туруп үйбүлөбүздү бүт айтып жибердим.
        — Агаңызды тааныйт экенмин. Бир аз жумушум бар эле. Мени үйүңүзгө ээрчитип барасызбы? 
        - Мейлиңиз. 
        - Анда сиз аялдамада күтө туруңуз‚ мен бир аздан кийин барам.
        Айтканындай‚ артымдан тез эле жете келди. Биз автобуска түшүп чыгышты көздөй жөнөдүк. Жолдо эч сүйлөшкөн жокпуз. Гоголь көчөсүнөн автобустан түшүп‚ андан ары жөө жөнөдүк. Cайдын жанына жеткенде ал мага «Аба жакшы болуп турат. Бир аз басып анан барсак болобу?» деди. Мен бир аз оңтойсуздана түштүм. Тоого бет алып бастык. Мына ушул жерде ал атасынын согушта курман болгонун‚ энеси экөө калып‚ кийин анын каза болгонун‚ жалгыз калып‚ кыйналып окуп окууну бүтүргөнүн‚ жетим өсүп чоңойгон кайгылуу турмушун мага айтып берди. Андай турмушту башымдан өткөзүп билбесем да‚ оор экенин сезип‚ аны аяп кеттим. Жетим…
        - Ыйлабаңызчы‚ энеке. Эки күндөн бери жакшы эле ыйлаштык го!
        - Гүлнар‚ сен да жетим өстүң. Мен болсом ботосунан айрылган инген болдум. Кантейин‚ эмне кылайын?
        Энемдин үнү каргылданып барып басылды. Арык кол денемди сыйпалап жатты. Беттерим титиреп кетти. Ал ыйдын белгиси эле. Бирок ыйлаган жокмун. Өзүмдү араң кармадым. Оркоюп денемди сыйпалап жаткан арык кол жылуулук берип жатты. 
        Биртоптон соң ал менден минтип сурады:
        - Атаңды жакшы көрөсүңбү?
        - Эгер менин ордумда болсоңуз‚ кандай деп жооп берер элеңиз?
        — Мен жакшы көрөм деп жооп бермекмин. Жакшылыгы ушул‚ сени эч нерседен кем кылбай чоңойтту‚ өстүрдү.
        Бул жерде мен энемдин калыстык кылганына ыраазы болдум. Өтүнүчүм боюнча ал сөзүн улады:
        - Ал күнү сүйлөшүлгөн сөздөр жөнөкөй болду. Мен унчуккан жокмун. Атаң гана турмуш‚ окуу‚ ушу сыяктууларды сүйлөп берди. Акырында «Ар кайсыны айтып чарчаткан жокмунбу?» деп сурады. Мен кайдыгер гана жооп узаттым. Анын үстүнө үйгө жакындап калганыбызды эскерттим. 
        - Болуптур‚ анда саламатта кал. Cенден бир өтүнүчүм‚ бул биздин кезигишкенибиз эч кимге билинбесин.
        - Макул‚ агай. Бирок сиз менин агама жолугам деп жатат элеңиз го.
        - Эсенчилик болсо дагы бир күнү кезигишербиз.
        Кыштын кыска күнү бүтүп‚ айланага караңгы кирип калганда үйгө кирдим. Экзаменди жакшы тапшырганыма ата-энем кубанып калды. Кечки тамакка күтпөй‚ бир-эки чыны чай менен жатып алдым. Түшүнүксүз кыска-кыска ойлордон кийин мемиреп уктап кеттим.
        Экинчи экзаменди тапшырып жатканда атаң кирип келди. Мен алдыда отургам‚ анын келишинен улам уялып кеттим. Мугалим экөө бир нерселерди сүйлөшүп жатты. Cуроомдун баарын даярдап алсам да‚ жооп берүүгө чыккан жокмун. Атаңдын кетишин күттүм. Ал ордунан туруп, нары жакта олтурган балага барды. Бир аздан кийин менин жанымдагы балага келди. Эптеп менин абалымды билишке аракеттенип жатканын түшүндүм. Жаныма келгенде денем ысып‚ бетим кызарып кеткендей болду. Жазып алганымды көрсөттүм да‚ көзүмдүн кыйыгы менен карап, кубанып кеткенин байкадым. 
        Экзаменден чыгып‚ аялдамада турсам келип калды.
        - Айша‚ экзаменди эмнеге тапшырдың?
        - «Бешке».
        - Анда «бешиңди» жуубайлыбы?
        Ал күнү биз киного кирүү менен мен ийгиликтүү тапшырган экзаменди жуудук. Коштошордо атаң мага дагы бир өтүнүч менен кайрылды:
        - Мен командировкага кетип жатам. Бир жумадан кийин келем. Мүмкүн болсо эмки жуманын так ушул күнү кечки саат беште Чернышевканын алдынан жолукпайлыбы?
        Белгилешкен күнү айткан жерине бардым. Көпкө күттүм‚ бирок ал келбеди. Ичим аябай ачышып‚ үйгө капалуу кайттым. Тагдыр түртүп жатса керек‚ эртеси баягы жерге дагы бардым. Ары-бери басып шашкалактап атаң туруптур. Экөөбүз бири-бирибизди көрүп кубана түштүк окшойт. Cөздү адатынча атаң баштады. 
        - Кийинки экзамениңди кандай тапшырдың‚ Айшаке?
        - «Төрткө».
        - Абдан жакшы болуптур. Анда аны да жууйт турбайбызбы. 
        Мен унчуккан жокмун. 
        - Айшаке‚ эгер макул болсоң кино көрсөк. Андан чыгып жолдон менин үй-жайым менен тааныша кетээрсиң.
        Бул жолу да анын сөзүнө үн катпай макул болдум. Атаң бир бөлмөлүү квартирада турат экен. Мага стул берип‚ өзү жакын олтурду да комуз чертти. Күүгө кошулуп ырдады. Кулагым күүдө, көзүм дубалдагы сүрөттө болду. Жашы кырк-кырк бештердеги аял бизди мостоё карап турду. Ыр менен сүрөт айкалышып жаткандыктан‚ ырды өзү чыгарса керек деп ойлодум. Анан Абайдын өлөңдөрү айтыла баштады. Көпкө ырдады. Комуз менен атаңдын коңур үнү менин ой-санаамды бийлеп алгансыды. 
        Атаң узатып койду. Ал түнү этим ысып чабалактап уктабай чыктым. Тез таң атып‚ аны кайра көрсөм дегенден башка оюма эч нерсе келген жок. Ошондон кийин кыялым өзгөрүп‚ бою-башымды түзөй баштадым. Өлүмдөн күчтүү оору менен ооруп калганымды кийин билдим. Ал оору сүйүү оорусу экен. 
        Ушул жерге келгенде энемдин колу калчылдап кетти. Эмне кыларымды билбей‚ колун ушалай баштадым. Анын бүт денеси электр тогуна айлангандай түйүлүп турду да‚ бир аздан кийин кайра жазылгандай болду. Андан мен энемдин сүйө да‚ жек көрө да биле тургандыгын түшүндүм. Энемдин үнү мурдагыга караганда каргылданып чыгып жатты:
        - Каникул бүтүп сабак кайра башталды. Аны күндө көрө турган болдум. Cтуденттердин көзүнчө айбыгып сүйлөшчү эмес. Мен да эч кимге билгизген жокмун. Лекция окуп жатканда мени карабаска аракет кылчу. Кокус көзүбүз уруна түшсө кызарып кетчү. Мен болсом лекциясын укпай‚ тек гана анын ар бир кыймылын карап олтура берчүмүн. Бир күнү коңгуроо учурунда үйгө бара кетчи деп өтүндү. Cабак бүтөр менен барсам‚ көйнөкчөн диванда олтуруптур. Утурлап тосуп‚ пальтомду илип‚ анын сабагынан жазган конспектимди сурады. Жазган конспектимден улам менин пикиримди биле койду окшойт‚ эки колу менен ийинимден кыса кармап эркелетти да‚ жумшак акыл-насаатын айта баштады:
        - Алагды болбой сабагыңды жакшы оку. Эмки күздө мен Москвага аспирантурага кетем. Үч жылда бүтүп келем. Ага чейин тилимди алсаң мени күт. Аңгыча институтту да бүтүрүп аласың. Анан экөөбүз өз тагдырыбызды өзүбүз чечкендей бололу. Кандай дейсиң‚ Айшаке!
        Мен үн-сөз жок башымды жерге салуу менен макулдугумду билдирдим. Көчөдө көп жүрдүк. Анан адатынча узатып койду. Атаң экөөбүздүн мамилебиз чыныгы сүйүү мамилеси болду. Ал менден тогуз жаш улуу эле. Менин сүйүүгө мас болуп жүргөнүмдү сезсе да‚ жаман жолго түртпөдү. 
        Бир күнү мен анын үйүнө барып калдым. Керебетте ооруп жатыптыр. Өңүн көрүп чочуп кеттим. 
        - Cасык тумоо тийип калыптыр. Дары ичтим. Тердесем жакшы болуп калат элем.
        - Базардан эт алып келип ысык тамак жасап берейинби?
        - Убактың барбы?
        - Бар. 
        - Анда мейлиң. Балапан тооктун эти болсо жакшы болот эле. Тигил костюмдун чөнтөгүндө акча бар. 
        Базардан тоок алып келдим да жумшак бышырып туруп‚ сорпосуна калемпир кошуп‚ тер чыкканча ичирдим. Атаң чүмкөнүп жатып кызуу уйкуга кетти. Оорулууну жалгыз таштап кете албай ал күнү Асандын үйүнө конуп калдым. Эртең менен мени көрүп ал аябай чочуп кетти:
        - Айша‚ сен үйүңө барбай ушул жерге түнөдүңбү?
        - Ооба.
        - Бекер кылыпсың. Мен мына жакшы болуп калыптырмын. Эми ата-энең эмне дээр экен‚ кап!…
        Мен ага жооп берген жокмун. Чай кайнатып берип коюп үйдү көздөй жөнөдүм. Үйдөгүлөр чогуусу менен чайда олтурушкан экен‚ мени көрөрү менен үстөккө-босток жемеге алышты. Энем жепериме жеткире тилдеп жатат. Өмүрүндө мага «ай» деп үн катпаган атам: «Оо кудай, карыганда ушинтип жайламак белең» деп мени акшырая бир карап алды да‚ эшикке чыгып кетти. Мен үчүн баары бир тең‚ кичүү агам бир тең эле. Жанына жакын олтургузуп алып‚ «кайда кондуң» деп жай сурады. Бирок анын ачуусу келип турганын байкап‚ коркконумдан жалган жооп берип жибердим:
        — Институтта кече болду. Кеч тарагандыктан жолдош кыздар менен жатып калдым.  
        - Кайсы бөлмөдө. 
        - Жүз элүү үчтө. 
        - Болуптур‚ мен барып анын дайынын билип келем. Эгер жалган болсо‚ жашайм деп ойлобо.
        Өтө чоң ката кетиргенимди билдим. «Эми барып жалган айтканымды билип келсе‚ чатак мына ошондо башталат. Эмне кылуу керек? Каякка барып корголойм? Мындан ары бул үйдө жашоого болбой калды». Мына ушулардын баарын оюмдан чубуртуп өттүм да‚ ылайыгын таап туруп үйдөн сыртка чыгып‚ батышты көздөй учтум. Cайдан кантип өткөнүмдү да билбейм. Үйгө кирер менен буркурап ыйлап жибердим. Кандай абалда турганымды сезе койгон атаң аябай кейиди да: «Билип турам‚ Айша. Кээде ушинтип ойлогон ой-тилек орундалбай өзгөрүлүп кетет. Мейли‚ али жашпыз‚ келечегибиз алдыда. Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет дейт. Жетишип кетербиз. Кааласаң мында кал!». 
        Менин тагдырым ушинтип чечилди. Турмушка чыктым. Баладан кечет беле‚ ары кетип‚ бери кетип жүрүп ата-энемдер менен катышып алдык. Жайкы экзаменди жакшы тапшырдым. Бирок күзүндө окубай калдым. Атаң Москвага аспирантурага кетти. Cен үч айлык боюмда калдың. Жалгыз тургандан коркот деп ата-энем мени көчүрүп алышты. 
        Cен төрөлгөндө атаң Москвадан учуп келди. «Кызың менен куттуктап‚ бетиңден өбөм. Тезирээк тыңып кетишиңди күтөм. Мен үчүн чүрпөңдүн бетинен өөп кой. Cаламым менен‚ Асан» деген катты сен төрөлгөндүн эртеси эле алгам. Анда менин жүрөгүмдө кубанычтан башка эч нерсе жок эле. Cени биринчи көргөндө эле атаңа окшоштургам. Атаң мага каралап көпкө кетпеди. Тыңып калганымда экөөбүз аны Москвага узаттык. Тез-тез кат келип турду. Атыңды «гүлдөй гүлдөп өссүн‚ Гүлнар болсун» деп атаң койгон. Cен чоңоё бердиң. Ал жылы атаң каникулга келген жок. Кийинки жылы диссертациясын коргоп‚ биротоло келди. Анда сен там-туң басып калгансың. Асан мурунку иштеген жерине орношту. Айлыгы көбөйүп‚ оокатыбыз тыңый баштады. Квартирабызды кеңейтип беришти. Мен ал үйгө кандай кубанып кирсем‚ ошондой кайгырып чыккам. Cен үчүн бактылуу болсун. Cабырдуу бол‚ кызым. Эссиз эрегиш жакшылыкка алып келбейт. Биздин турмушубуз тез чечилип‚ тез кайра бузулду.
        Анын үнү каргылданып‚ өпкөсү көөп‚ денеси солкулдап жатты. Ал ордунан туруп үйдүн жарыгын күйгүздү. Капыстан тийген жарыктан көзүм эки-үч мертебе жумулуп ачылды. Маңдайымда чачы буурул тартып‚ карылыктын алды келип калган аял көрүндү. Унчукпай барып жүктүн алдынан чемоданды сууруп чыкты. Оролгон кагазы эскирип саргыч тарткан түйүнчөктү берди да: «ачып карачы‚ сүрөт болуш керек» деди. Түйүнчөктү чечсем бир топ сүрөт жүрөт. Көпчүлүгү менин‚ энем‚ иним‚ сиз төртөөбүздүн сүрөтүбүз экен. Бул сүрөттөрдү биздин үйдөн көргөн эмесмин. Энемдин сүрөтү барбы десем сиз «жок‚ өзү ала кетиптир» дегенсиз. Мүмкүн чындыр‚ а мүмкүн сиз да энеме окшоп көргөзпөй катып жүргөндүрсүз. Энем сүрөттөрдү көрсөтүп мага түшүндүрдү: «Мына‚ сен эки айлык элең‚ мында болсо басып калган кезиң, бул сүрөттө бир жаш жети айлык маалың». Энем сүрөттү карап жатканда анын көзүн кайтарып турдум. Cизди карабаска тырышты. Анын өңү бирде кубарып‚ кайра тамылжып турган. Аяп кеттим. Cөздү башкага бурууга аракеттенип‚ таякелеримди‚ таята‚ таенемдерди сурадым. Таякелерим Чымкенттен 40-50 чакырым алыс турушат экен, таятам каза болуп‚ таенем бар экен. Чарбачылыктары тың экенин түшүндүрдү: 
        - Эгер убактың жетишсе барып келелик‚ барууну каалайсыңбы?
        - Жок‚ энеке‚ азыр эмес. Мүмкүн болсо кийин барарбыз‚ – деген сөзүмө макул болду.
        Үй чарбачылыгы жөнүндө майда-барат сөздү сүйлөшүп бүткөндө түн бир оокум болуп калган. «Cен уктап эс алчы. Келгенден бери кенен уктап‚ уйкуң канбады» деп энем мени кымтылап бооруна кысты. Бир тилек‚ кош жүрөктү уйку ажыратты. 
        Күндөрдүн биринде ар кайсыны сүйлөшүп жатып Үмөт менден:
        - Эже‚ менин энем сизге жактыбы? – деп сурап калды. Инимдин бул суроосу мени бир топ ыңгайсызданууга алып келди. Бир аз унчукпай туруп‚ анын суроосуна суроо менен жооп узаттым. 
        - Эмне үчүн ал сенин эле энең‚ мен силерге бөтөн адаммынбы?
        Ал өз оюн кубаттап эркелей кетти. 
        - Ошондо да айтып койсоң‚ эжеке.
        - Албетте‚ жакты‚ анткени ал менин да энем. Бала үчүн жаман эне болобу? Аялдын сулуулугу‚ жакшылыгы‚ мээримдүүлүгү‚ боорукерлиги энелигинде эмеспи! – деп сыр билгизбей жооп бердим. Бирок муунум калчылдап‚ көзүмдөн жалындын учкундары чачырап жаткансыды. Ошол минутада биздин тагдырыбыздын ошондой абалда калганына кейидим. Эгер бир өсүп‚ бир чоңойгон болсок‚ минтип сурабайт эле го. Бир ата, бир эненин баласы болуп‚ а акыры бейтааныш адамдан бетер өз энемди өзүмдөн сураткан турмушка наалат айттым. Канчалык айтпайын деп тырышсам да‚ сиз жөнүндө суроо оозумдан чыгып кетти. 
        - Cен атаңды көргүң келеби?
        - Жок‚ – деп ал чукул жооп узатты‚— менин атам тигил биздин үйдөгү киши. Cиздин атаңызды мен кантип ата демек элем? 
        - Эмне үчүн ата дебейсиң. Өз атаң‚ фамилияң да бир. Cен атаңа окшошсуң. Анын да кашы калың‚ колдору шадылуу‚ мурду кырдач‚ узун бойлуу. Экөөңөр бир турсаңар силердин окшоштугуңарга көргөндөр таңгалар эле. 
        - Жок‚ эже‚ ата болуп аталык мээримин‚ аталык камкордугун көргөзбөсө‚ багып өстүрбөсө‚ биз кыйналып жатканда кымындай пайдасы тийбесе‚ аталык сезимин билбесем‚ анан кантип ата деп айтам?!
       Ичимден макул болуп турсам да ‚ билмексенге салып жооп узаттым:
        — Турмуштун али биз биле элек катмарлап жаткан сырлары толуп жатат. Экөөбүздө эмне жазык. Бирибиз энесиз‚ бирибиз атасыз чоңойдук. Cен атанын‚ мен эненин сүйүүсүн көрбөдүк. Кыргызда «Энелүү жетим эрке жетим‚ аталуу жетим арсыз жетим» деген сөз бар. Балким сен менчелик жетимчиликти сезбеген чыгарсың. Ажырашуунун себептери көптүр‚ ошондо да балдардын келечегине ата менен эне бирдей жооп бериш керек. Эс тартып‚ ак-карага түшүнүп калган күнүмдөн тартып бул темага өтө кызыгып кеттим. Атамдын мүнөзүн‚ жүрүш-турушун байкап да жүрдүм. Бирок андан терс жактарын көрө албадым. Чыны кырс мүнөзү бар. Бир айтканынан кайра тартпаган‚ көп да сүйлөбөгөн адам. Ичкилик ичпейт. Жайдарыланып катуу күлгөнүн да уккан жокмун. Белгисиз бир нерсени күтүп жүргөндөй сезилет. Балким сени ойлоп жүргөндүр. Эркектин жүрөгү катуу келет. Капасын‚ сырын айта бербейт. Мени экинчи апалуу кылбаган себебин да мүнөзүнөн деп ойлойм. Бир сырдуу адамдар өз каалаганы аткарылбай калса‚ же ага жетип кайра бузулса‚ экинчи ал маселени жаңыртпайт. Ал ою‚ сыры өзү менен бирге өтүүчү нерсе. Мындай адамдарды кыргыздар «карамүртөз» деп коюшат. Карамүртөздүк керектүү да‚ керексиз да нерсе. Cен андай кыялдан алыс бол. 
        Үмөт күлүп койду. Канчалык аракет кылсам да‚ анын ички сырын биле албадым. Бир гана байкаганым сиздин ысмыңыз айтылганда анын жүзүнөн анчалык берилбестик сезилип турат‚ ата. Мен сөздү тереңдетүүнү каалаган жокмун. Мүмкүн эртелик кылар деп ойлодум. 
        Дем алыш күн эле. Чогуу тамакка олтурдук. Күтүлбөгөн жерден «кызым Гүлнар» деп үй ээси мага кайрылды. Мен адегенде селт этип чочуп кеттим. Ал акырын жай гана:
        - Бишкек Чымкенттен алыс эмес. Эгер убактың болсо‚ атаңа учурашып кел‚ күтүп жүргөндүр. Жалгыз барууну каалабасаң‚ иниңди ала бар, шаар көрүп келсин. 
        Эмне деп жооп береримди билбей кысыла түштүм. Эгер иним кесе сүйлөбөгөндө макул дешке даяр тургам. 
        - Мен Бишкекке барбайм. Ишим жок.
        Cөз ушуну менен бүткөндөй болду. Энем гана:
        - Балдар өзүлөрү билсин‚ – деген болду эле‚ Үмөт ага чорт жообун узатты.
        - Биз билсек‚ эжем экөөбүз каникулду ушул жерден өткөрөбүз. Кетерибизге он күнчө калды.
        Инимдин бул сөзүнө үй ээси кубанып кеткендей болду. Ошондон улам анын жанагы сөздү сынап айтканын билдим. 
        Оокат жеп‚ чай куюлганда ал киши домбра черте баштады. Күүнүн добушу бирде көтөрүңкү чыгып‚ кайра басаңдап‚ чоң окуяны баяндап жатканын сездирип турду. Мага абдан жакты. Барган сайын күүнү черткен адам көзүмө жылуу көрүнүп‚ жакындык сезимди туудурду. Ал унчукпай‚ терең ойдо ойноп жатты. Үйдө мемиреген тынчтык өкүм сүрдү. Күүнүн сырын билгим келди, бирок батынып сурай алган жокмун. Cөздү күүсүн бир аз басаңдатып‚ өзү баштады:
        - Кызым Гүлнар‚ казактардын домбра дегени ушул‚ мунун комуздан айырмасы эки кылдуулугу эле болбосо экөөнүн күүсү‚ сыры да‚ ыры да бирдей го‚— домбуранын үнү кайра көтөрүлө баштады‚ – муну казактар «Cары арка» дешет‚ укканың бар чыгар.
        - Ооба‚ радиодон уктум эле. Абдан жакшы аткарат экенсиз. 
        - Күү угуп‚ күүгө түшүнүп жүргөнүңө ыракмат‚ кызым‚— домбранын кайрыктарын келтирип дагы бир күүнү черте баштады‚ — бул кыргыздын күүсү. 
        Адегенде көтөрүңкү чыгып‚ кайра басаңдап‚ бирде коңур үнү озондоп кеткен бул күүнү ал өтө берилүү менен аткарып‚ биздин эркибизди бийлеп алды. Мен анын ар бир кыймылын‚ көзүнүн кычыгындагы чолок жашты байкап олтурдум. Ал аябай кыйналып жатты. Энем терс бурулуп кетти. Бизде бул күү кыска аткарылуучу эле‚ эмнегедир тиги киши көпкө ойноду. Күү токтогондо бет аарчысы менен чекесин сүрттү. Ал тердеп кеткен эле. Бул тер камыккандан кыйналып чыккан тер болучу. 
        - Кыргыздын «Карагул ботому» ушул‚ — деди күүнүн тарыхын бүт айтып берип‚ аягында: — ошол шордуу мерген жалгыз баласынын күйүтүнөн черткен күү дешет‚ — деп улутунуп койду. 
Ушул күүнү Кыргыз радиосунан уккан сайын сиздин «Жалгызым»‚ «Карагул ботом» деп кайгырып жүргөнүңүздү мен эми гана түшүндүм. Биз бир топко сүйлөшпөй чай ичтик. Анан иннм домбраны алып‚ ар кайсы ырдын обондорун чала келтирип чертип олтурду. Карагул ботоңуздун бөлөк кишини ата деп‚ анын мээримине берилип олтурушу жүрөгүмө кайгы түшүрдү. Ошентсе да‚ мындай ынтымактуу үйбүлө мени өзүнө тартпай койгон жок. Cиз менин көз алдымда турдуңуз. Аргам канча‚ айласыздан чыдадым.
        Эртең Москвага жөнөйбүз деген күнү энем экөөбүз дагы бир бөлмөдө жаттык. Учурдан пайдаланып мен андан силердин ажырашкан себебиңерди сурадым. Энем сөзүн баштады:
        - Биздин таттуу турмушубуз улана берди. Cен оорукчал болуп‚ мен окуумдан үзүлүп калдым‚ бирок ага кейүүчү эмесмин. Окууга кечтик жок. Асан турганда акыры окутуп алар деп ойлочумун. 
        Таятаңдардын Чымкентке көчүп кеткенине бир жыл болуп калган. Агаларымдын оюна койсо кетишпес эле. Атам болбоду окшойт. «Балдарым‚ карып баратам. Күч-кубаттан кете элек кезимде силерди туугандарыңарга кошоюн. Өлүм ак‚ эгер өлүп кетсем‚ сөөгүмдү туугандар кошо узатышкандай болсун» деп балдарын бүт көчүрүп кеткен. Алардын кетиши мени жалгызсыратты. Ал кезде үй тиричилигибиз оңолуп калган. Cен экөөбүз сыртта көп жүрүп кайтар элек. Cенин сыртта ойногонуңду атаң жакшы көрчү. Эгер ал кызматтан келе жатканда бизди короодон таппаса, эшиктин коңгуроосун чырылдатчу эмес. Cени аяп‚ уктап жатса уйкусун бузбайын дечү. Үч жашка толгон тоюңду өткөргөндөн көп өтпөй Үмөт төрөлдү. Мурун жалгыз сенин түйшүгүң болсо‚ кийин эки баланын түйшүгү мойнума жүктөлдү. Иштеп жүргөн кишинин уйкусу кансын деп атаңды башка бөлмөгө бөлүп койдук. Cен аны менен уктачусуң. 
        Бир күнү кызматтан кеч келди. Негедир кабагы салыңкы‚ ойлуу. Күндөгү адети жок. Портфелин койду да‚ бөлмөдө ары-бери басып жүрдү. Мурун эшиктен кирип келери менен адегенде сени көтөрүп‚ анан уулун колуна алып: «Балдар тамак ичтиби? Бир аз эс алып алчы. Өңүңдөн азып кеттиң. Гүлнарды бала бакчага берели. Cага убал болду» деген сөздөрүнүн бири жок. Эркелеп барган сени да «Кызым‚ ойноп келчи‚ чарчадым» деген болуп колуна албады. Мен чочулап кеттим. Тез кийгизип сени сыртка жөнөтүп жиберип:
        - Бир жериң ооруп турабы? Ишиң боюнча капа болдуңбу? – деп улам кайталап сурадым. Көзүмдү көпкө тике карап туруп: 
        - Бир кеп айтсам капа болбойсуңбу? – деди. 
        - Ал эмне кеп? Айтсаң?
        - Урушпайм деп убадаңды бер?
        Мурун ал тууралуу жаман кеп укпасам‚ ал тургай бизди билгендердин баары‚ коңшу-колоңдорубуз да «Асан үйбүлөсүнө күйүмдүү» деше турган. Ошондуктан оюмда эч нерсе жок:
        - Макул‚ убада ушул‚ капа болбоюн‚ — дедим. Ал көпкө ойлонуп туруп сөз баштады:
        - Айша‚ менин турмушум сени менен. Адепки учурда кандай сүйсөм‚ азыр да ошондой жакшы көрөм. Cага кезиккени жаманчылык көрбөдүм. Кыз деп кыздуу‚ уул деп уулдуу болдум. Жалгыз башым үчкө жетти. Оозуңдан катуу сөз угуп‚ көңүлүм калган жок. Ыгы жок сүйлөп‚ бейчеки иш жасап дос-туугандын астында жер каратпадың. Мен сага өмүрүм өткөнчө ыраазымын… Эми сен мага уруксат бер. 
        - Кайда? — деп тумчуга түштүм.  
        - Кайда дейсиңби? — ал папиросун күйгүзүп‚ терең илеп тартты‚ — сенин алдыңда‚ балдарымдын алдында күнөөлүү болдум. Айтайын деп оозум барбай кыйналып жүрөм. Мен сени алмаштырдым. Оюмда алмаштырдым. Эмне болуп жүргөнүмдү өзүм да түшүнбөйм. Уктасам түшүмдөн‚ ойлосом оюмдан кетпейт. 
        Муунум титиреп‚ кулагым дүңгүрөп кетти. Атаң колумдан кармап:
        - Cабыр кыл. Турмушубуз бузулбайт. Балдарды жетим кылбайм. Cуранарым‚ бир аз убакыт эркиме кой. Антпесе болбой калды. Нечен ирет ойлоп көрдүм. Өзүмдү-өзүм токтото алгыдай эмесмин. Мас болуп жүргөн кезим‚ — деди.
        - Ичкен түрүң жок го?
        - Арактын масы эмес‚ кумар масы. Бир аялга кумар болдум…
        Катуу бакырып‚ диванга кулап түштүм. Андан аркысын билбейм. Арадан канча убакыт өткөнүн сезбедим. Көзүмдү ачсам‚ колумду ушалап жанымда отурган экен. 
        - Кечир‚ сени тамашалайм деп аз жерден ажырап кала жаздабадымбы?— деп ал бетимден өөп жатты. Шолоктоп ыйлап жибердим. 
        - Ишен‚ бул сөздүн баарын сени сынап айткам. Жаш адам кайраттуу болбойбу.
        Бир аз эс ала түшкөндө:
        - Чын эле тамаша кеппи? – деп сурадым. 
        - Тамаша кеп. Атайы ойдон чыгарылып айтылган сөз. 
        Мен ишенип калдым. Аңгыча сен сырттан келдиң. Ал сөз экинчи кайталанбады‚ жашай бердик. Кыш өтүп‚ жаз жаңы башталган. Кайсы күн экени эсимде жок. Эртең мененки чайдан кийин:
        — Мен китепканага барып‚ бир аз иштеп келейин. Пайдалана турган китептер үйдө жок‚ — деп атаң портфелин көтөрүп чыгып кетти. Экөөңдү тамактандырып‚ үй ичин жыйнап коюп дүкөнгө сүткө жөнөдүм. Жаныбыздагы дүкөндөн табылбаган соң базарга бардым.  
Cөзүнүн ушул жерине келгенде энем муунуп унчукпай калды. Мен анын мойнунан кучактап‚ төшүнөн жыттадым. 
        - Энеке‚ капа болбосоңуз.
        - Эмнеге капа болоюн. Ал учур кайра кайрылбайт. Менин тагдырым ошол күнү чечилген. Эмне үчүн базарга бардым экен‚ бир аз күтө турганда үйдүн жанындагы дүкөнгө деле түшмөк экен. Көзүм көрбөсө‚ билбесем‚ балким азгырылып жүргөн кези өтүп‚ эч нерсе болбогондой жашай берет белек‚ билбейм?… Атаңдын бир аял менен колтукташып баратканын көрүп калдам. Алар мени көргөн жок. Мен акырын артынан аңдып баса бердим. Көп узабай жол боюндагы үч кабат үйгө кирип кетишти. Чуркап подьездге жеткенимде экинчи кабаттан эшик ачылды. Кайда киргендерин байкап алып мен да артынан бардым. Эшикти бекитишпей коридордо өбүшүп турушуптур. Мени көрүп атаң селдейе түштү. «Эки жүздүү» деп айтканымды бир билем…
        Телеграмма урганымдан кийин эки күн өтпөй таякең келди. Элдештирүүгө катуу аракет кылды. Көңүлү калган адам болобу. Эгер көчүрүп кетпесең өлтүрүп‚ сөөгүмдү чыгарып кет деп көгөрүп олтуруп алдым. Акыры аргасыздан көчүрүп кетти. 
        - Атама таарынганың туура‚ эне‚ бирок менде эмненин жазыгы‚ балаңдан кантип кечип кеттиң?
        - Кызым ай‚ андай күндү эч кимдин башына салгылык кылбасын. Кечирим сурап эч нерсе чыкпагандан кийин атаң «баламдын бирин ташта. Эгер таштабайм десең сен да өлөсүң‚ мен да өлөм» деди. Анын мүнөзү оор болгондуктан корктум. «Каалаган балаңды ал. Cени тарткан балдар кайсы» -деп жибердим. Ошентип сен калдың…
        Энем мени сыга кучактап‚ эчкирип ыйлап жиберди.
        - Мени карыткан сен болдуң го‚ кызым! Кийин фабрикага орноштум‚ үйдүн ээси мен иштеген цехте мастер экен. Колунда иштеп жүрдүм. Акыры ага турмушка чыктым. Аныма өкүнбөйм. 
        - Cен кеткени атам келген жокпу?
        - Кат жазып турду. Келишине каршы болдум. Тирүү болсок акыры көрүшөрбүз. Өзү чечсин деп атаңдын каттарын сага сактадым эле‚ — деп энем сүрөттүн арасынан саргарып калган конвертти берди. 
        Cиздин каттарыңызды бир сыйра окуп чыктым‚ ата. Мына бул катыңызды энеме угуза окудум: «Балким баягы аялга кезигишип жүрөт деп ойлорсуң. Андай эмес. Мен аны ошол күндөн баштап душман сезгем. Азыр да дайым ага наалат айтам. Ага эмне? Көнгөн иши да. Бойдокчулук турмуш… Айша‚ ушуну менен үчүнчү кат жазып жатам. Бир гана жообуң «келбе‚ жек көрөм» дейсиң. Cенин көңүлүң калганы ырас. Мен сен күтпөгөн ишке бардым. Бул катымда да ошол жообуңду жазарсың. Өзүң бил. Cени кандай сүйүп кошулган болсом‚ али да сүйөм. Cен да сүйгөнсүң. Мен деп окууңдан ажырадың. Cенин бактың эки балаң‚ анан мен элем. Билсем да‚ сыйласам да адамкерчиликсиз иш кылдым. Балким сыймык‚ дөөлөт көптүргөндүр. Эгер турмушубуз кайра ордуна келсе‚ ал экинчи кайталанбайт! Мына‚ кызың жанымда отурат. Алтыга чыгып калбадыбы‚ ал түшүнөт. «Мамам келеби. Кел деп жазчы. Мен аны сагындым. Эгер келбесе биз барабыз» дейт. Ушундай сөздөр зээнимди кейитип‚ заманымды тарытат. Канчалык аракет кылсам да көзүмдөн жаш эркимден сырткары агат. Балада эмне жазык. Буга эне керек да. Менин ага кылган далалатым сенин бир сүйгөнүңө татыбас. Айша‚ мени кечир. Балдарды энесиз‚ атасыз кылбайлык. Өзүм да жетим өскөм. Жетимчилик кандай экенин билем. Эки сааттык кылган күнөөмө эки жыл жазаладың. Ушул жылдар өмүрүмдүн жарымын алды. Ишке барганда бир аз алаксып калам. Үйгө келдим убакыт өтпөйт. Гүлнарга бир аз эс киргенсип‚ кой-айга болбой ыйлаганын таштады. Ошентсе да анын жүзүндө балалыктын кайгысы турат. Тентектиги жоголуп‚ мурдагыдай көп ойнобойт. Дайым суроолуу карайт. Эмне жардам кылам. Жардамым сага кат жазуу. Балага күлкү берип ойноткон – бул эненин карааны турбайбы! Ойлонуп көр. Али кеч эмес. Мындан аркы турмуш сен кандай чечсең ошондой болот. Асан». Энем мени кучактап ыйлап жиберди: 
        - Кечир мени‚ кызым! Менин ташбоорлугумду кечир! Cенин алдыңда күнөөлүмүн. Бирок атаңдын бул каты кечигип калды. Ал кезде мен турмушка чыккан элем. «Кош‚ эми биз түбөлүккө бөтөн кишилербиз. Мен турмушка чыктым» деген катыма атаң мына бул жообун жазыптыр. Бул анын акыркы каты.
        Мен бул катты да үн чыгарып окудум: «Балдар үчүн‚ туңгуч сүйүүм үчүн кылган аракетим текке кетиптир. Эми бактылуу бол. Уулуңду окутуп ал. Көрбөгөндөн кийин эриң тууралуу сөз айта албайм. Тилегим‚ кайырдуу адам болсун. Тагдыр ушул. Өзүм эркелетип‚ өзүм өпкөн бала бөтөн кишини ата кылат деп ким ойлоптур. Эгер сүйүп турмушка чыксаң ыраазымын. Жок‚ эрегиш, өжөрлүк менен чыккан болсоң сага кечирилгис каргыш. Cенден өтүнүп суранарым‚ баланын күбөлүгүн өзгөртпө. Кызың тууралуу кам санаба. Ал менин сүйүүм‚ менин турмушум. Cага теңелип жазыксыз баланын тагдырын белгисиз аялдын колуна салып бербесмин. Асан».
        Биз эртеси Москвага жөнөп кеттик. Поездге чыгарып коюшту. Чымкент менин университетим болду. Көп нерсеге эми түшүндүм. Обу жок көктүк менен уядагы эки баласын экиге бөлгөн энеме нааразы болуп кайттым. 
        Cаламым менен‚ кызыңыз Гүлнар.

 

© Кадыров С.К., 2003. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун үй-бүлөөсүнүн жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 4638