Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Сарманбетов А.И., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 3-декабры

Айдарбек Имангазиевич САРМАНБЕТОВ

Кандуу шаршемби

(Аңгемеден үзүндү)

Аңгеме 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда болуп өткөн кандуу окуя, анын келип чыгышынын себептери жана карапайым эл тарабынан жеке бийликтин кулатылышы жаш жигиттин көз карашы, турмушу менен сүрөттөлөт. Мурда жарыяланган эмес.

 

Акүйдүн ажосу делген Закиржон уйкусунан катуу чочуп ойгонду. Капырай, түшкө не кирбейт! Дырдай жылаңач бала кези экен. Үстүндө үйрүп салар кийими жок. Ээн талаада жалгыз жатыптыр. Ата-энесинин кайда кетишкени белгисиз. Балким о дүйнө салышкандыр, баласынын жалгыздыгын, мусапырлыгы менен кордугун көрбөйлү дешип. Суук, Асманда күн да жок, чаңгылт. Анан эле кайдан-жайдандыр калдайган алпкаракуш башына конду. Тумшугу кылычтай, көздөрүнөн от жанат. Чындык сымал качырбас, алгыр. Андан катуу коркконунан баа деп бакыра да албайт, ага да алы келбейт. Капыстан алпкаракуш как төшүнөн жүрөгүн суура чокумак болгондо Закиржондун жаны оозуна тыгыла түшүп көзүн чылк жуумп жиберди. Бирок ал күткөндөй болгон жок. Кыйлага күтсө дагы кылыч тумшук көкүрөгүнө сайылбады. Бир кезде көзүн акырын ачса алпкаракуш маңдайында заарлуу көздөрүн кадай тиктеп туруптур! Закиржондун үрөйү учуп, ыргып тура калып бет келди качып жөнөдү. Азыркы, алтымыштан ашып калган курагы экен. Бирок дырдай жылаңач. Үстүндө үйрүп салар чүпүрөк жок, колу да куру. Алпкаракуштан жанталаша артын карабай качып баратып ойгонуп кетти. Бу неси? Түш – алдын ала айтылган аян болот дешчү эле...

Уйкусу суу бүрккөндөй качып, коогалуу ойлордон арылмакка төшөгүнөн тура жөнөдү. Кечээ кечки узак үлпөттөнбү, башы зыңгырап, көзү караңгылап кетти. Жаш аялы анын ашаткы жытынан качса керек, нары карап тумчуланып жатыптыр. Кечиндеги үлпөттө бир түнгө жалдап алган чүрөктөй кыздарың да, мунусу да баары бир. Эч айырмасы жок.

Кеңгиресе да башына ушундай балакеттүү селсаяк ойлор келе берди. Минтип, түтүндөй түгөнгүс сарысанаа тарткандан көрө эрте болсо да ишиме барганым жакшы эмеспи деди ал. Башын да жазып алат. Анын ушутапта көзүнөн учуп, жалгыз гана самаганы ошол — мөлтүлдөгөн жүз грамм болчу.

Эсен адаттагысындай бүгүн да ишине эртелеп турду. Мындайда анын ыкшоолугу суу бүрккөндөй үркүп, көздөрү дароо умачтай ачылат. Анткени, үй-бүлөмдү бүгүн кантип багам, канткенде жашоосун жакшыртам деген санаасы күч. Анүстүнө беш-он мүнөт иштен кечикти дегиче бүттү, шефинин көзүнүн чаары чыгып, бирпаста эле бузулуп калат. Анан ал айыбы үчүн кийин, саресеп салып туруп айлыгынан сөзсүз кесип коет. Эгерим унутпайт. Анысын алдын ала: чет өлкөлөрдө ушундай деп коет. Сагызгандай сактыгын айтпа! Фирмадагы элүүгө жакын кишилерди бири-бирине аңдытып койгон деген имиш да чын болсо керек, кылт эткендин баарын билип алат. Тим эле жаныңда көлөкөдөй ээрчип жүргөндөй. Дегиңкиси жетекчилердин көбү эле ошондой кыйды дечи, бирок бул алардын ичинен жеткен куусу, анан өзүмчүлү. Ар бир ыңгайы келген кыпындай кемтикти текке кетирбей эбин таап жазалап, акчасына аябай сараң. Эптеп эле эки сом болсо да өзүнө өөнөп алууну ойлоп турат, эзели эч кимге бергиси жок. Ошону үчүн аны баары жактырбайт. Албетте, ичтеринен. Ачык айтып эле көрүшсүнчү, ошол замат иштен айдалат! Андайлар аз да болсо болгон. Андан көрө тилди тартып, кылыкты чатка ката жүргөн оң. Бу, менчик ишкана дегениң ошондой, кожоюндун көзү менен тең тегеретет тура. Кол алдындагы кызматкер — кулдан айырмасыз. Анан о, жыйырма биринчи кылымда жашап жатабыз, эгеменбиз, цивилизация укмуштуудай өсүп, демократия гүлдөп жатат деп опурулуп, төш какканыбызды кантесиң! Чокуң, сага! Кожоюн деген кудайдай эле, закон-пакондоруңду уруп ойнобойт.

Ушундай ууру ойлор сезимин чаңдатып өткөндөн улам “эк, кудай алсын ошону, мага иш берип, айлык төлөп турса болду” деп Эсен ичинен өзүн жубатып, таңкы чайын шашыла ичип сыртка чыкты. Таңкы асман буурулдана чаңдап, майда жамгыр муздак дыбырап турган экен. Дегиңкиси, быйыл жай кечикти, апрель айынын бир жумасы өткөнүнө карабай күн жарытып ачылбай койду. Күнүгө эле жаан.

Чөнтөк телефонун унутуп калган экен, эстей коюп дарбазадан кайра үйүнө кайрылды. Аялы, балдары жерге салынган “коммунизмдин төшөгүндө” кыдырата тизилип дымырап уктап жатышат. Бейгам. Улуу уулу он үчтө, барган сайын бою чыгып, баскан-турганына чейин өзүнө окшошуп барат. Анын мурдун борбойтуп бейкапар уктап жатканын көрүп ичи элжиреп, өзүнүн өспүрүм кезин эстеп кетти. Саамга токтоло калып көз толтура уулун карап алды. Аман болсун! Эки кызы али кичине, энесине ыктап жатышат. Беш жандын бир бөлмөдө тыгылышып жатканына кейип алды. Ар бир баласына өз-өзүнчө бөлмөлүү үйү болсо кана? Ага качан жетери да белгисиз, жер жок, акча артпайт. Бу, орус кемпирдин бир бөлмө жер кепесин узун-туурасы он метр жери менен эптеп, бир жылдай созуп, бөлүп-жарып төлөп жүрүп сатып алганына он жылдай болду. Дагы жакшы, анда аялы экөө иштечү эле, тун уулун айылдагы энеси багып. Антпесе ушул кезге чейин батирлеп көчүп-конуп жүрүшмөк экен. О, ал азапты айта көрбө! Көрүнгөндүн көзүн карап, сөзү мокоп, күнү-түнү кысынып, балдары эркин басып, ойной албай... Ошондон ушу кезге чейин же жерге жетпей, же акчага жарыбай келет.

Эсен өйдөкү Төкөлдөштөгү үйүнөн демейдеги төтө жолу менен Алматы көчөсүнө чыкканда эле топураган кишилерди алыстан көрдү. Ошондо гана анын эсине кечээки ар кимден уккан “оппозиция таң эрте Атамбаевдин “Форумуна” чогулат экен” деген кеп түштү. Бийлик борбордук аянтта митинг өткөрүүгө уруксат бербей койгон. Бирок мынчалык эл чогулат деп ишенген эмес. Кийинки эки-үч жылдан бери көпчүлүк адамдар митинг, пикеттерден жадагансып, же тыңыраак, дили, “колу” таза лидер чыкпай, үмүттөрүн актабагандан улам оппозицияны ээрчибей, тажап калгансыган. Эки жарым жыл мурдагы ноябрь митингинде катуу чыгып, Текебаев, Атамбаев, Бабанов, Сариевди катуу колдошкон. Бийлик аларды түтүн менен атып, “Бакиев – политический труп!” деп айкырган Атамбаевге премьер-министрликти, митингдин тамадасы аталган Эшимкановго КТРди, штаб башчы Каттани-Суванбековго Нарын губернаторлугун, кыркка чыга электигине карабай Бабановго вице премьерликти, дагы-дагыларына өкмөттөн үлкөн кызмат берип, калгандарын кысып койду эле бүттү, Байсалов батышка, Байболов Казакстанга, Жээнбекову Германияга... качып, Жекшенкулов менен Исаковду абакка камап салган соң оппозиция дым-дым болуп калышкан. Эми мына, Бакиев бир да убадасын аткарбай, тескерисинче мурдагы президенттин он беш жылда жасаган жамандыктарын беш жылга жеткирбей жети эсе ашыра жасап, эл кысталып, азыркы да, келечек да турмушунан өксүтүп, баарынан жаманы — алгы үмүт-тилектеринен ажыратып салды. Аны Эсен өз турмушунан билет. Алган алты миң сом айлыгынын миңден ашыгын ай сайын светке төлөйт, антпесе дароо кесип кетишет. Аны кайра жасатуу да акча. Быйыл январь айынан тартып анын эки эсеге кымбаттаганы катуу кыйноого салып койду. Дагы миңи баласынын мектебине, улуу кызынын бала бакчасына, майда кийим-кечелерине, таштанды акысына кеткенде эле калганы тамак-ашка өп-чап калат. Алары да кымбаттап кетти. Тууган-урук, жолдош-жоролордун жакшылык-жамандыктарына катыша албай элден четтеп калганы да ошол, акчанын айынан. Үй-жайды оңдогонго эмес, тыңдап кийимге жетпей калышты. Баарынан да кышкыга отун, көмүр алууну эстегенде Эсендин деми өлө түшөт. Накта азап ошол. Бери дегенде он миң сом – очойгон акча! Жаз-күз бою дилин курттай жеген санаа ошол. Эптеп ай сайын балдарынын оозунан, кийим-кечесинен миң сомдон өөнөп, чогултуп, өп-чап отун алышат. Аялы болсо үйдө, бирге, бешке чыга элек кыздары менен. Эптеп, эшиги алдына камок ачышты эле ага лицензия ал, салык төлө, ай сайын отчет бер, “шаар иштерине кошумча кош” деп жатышып иштетпей коюшту. Нечен убара менен тапкан азыноолак акчасын тоноп алган кудум эле каракчылардай. Айрыкча “шаар иштерине” деп эки айдын биринде чогултканыны түшүнүксүз. Ал акчаларды райондун акиминин, мэрдин туулган күндөрүнө, кыз-балдарынын тойлоруна, дагы ушул сыяктуу “жакшылыктарга” берет дешет. Алар болсо чогултуп алып чоң үлүшүн “өйдө жакка” беришет дейт. Мына, коррупция, паракорлук деген ушул эмей эмне? Анан дагы коррупция деген ажыдаар менен жан аябастан кармашып жатабыз, аны курутуп, соолтобуз дешет. Өзүлөрү нака коррупционерлер! Өкмөт камокко бир тыйындык товар, же акча берип койбосо эмнеге салык алышат? Жок дегенде азыраак алышса боло. Эсен ушуну түк түшүнө албайт. Эгер камокту салганга колдоо көрсөтүп, акча же жер бөлүп берип, товарын ташышып койсо бир жөн. Чырпык башын сындырбай туруп чыңырта акча жулуп алышат. Бу кайсыл кудайга жатат? Ишинен бир күнү айдалса бүттү, ачкадан өлүп, үй-бүлөсү менен тилемчиге айланышат. Өкмөт карап да койбойт ошондо. Бийликтегилер болсо эл байлыгын талап тоноо, өз кишилерин тегерегине чогултуу, папкесин сактап калуу менен алек, элди ойлогону жок. Куру убада, баш айлантмай кептери эле. Эртеңки турмуш кандай болот, белгисиз. Алгы үмүт да жок.

Жумушсуздар, алда кандай болуп кетер экен деп кызыгып келген бекерпоздор, атайылап көмүскө убадалашкан СДПчылар, “Ата-мекенчилер”, кай бир ак шумкарчылар, бирин-экиндеген тыңчы чекисттер менен “гражданча” кийинип, кой терисин жамынган милийсалар, тегерек-четтен келишкен бейпай айылдыктар үч-төрттөн, он-жыйырмадан болуп ар тараптан агылып “Форум” алдына чогулуп жатышты. Дээрлик көбү жаштар. Баары чоочун, арасынан бир да Эсендин таанышы көрүнгөн жок. 7-апрелде оппозиция элдик курултай өткөрөт экен, президент Бакиевдин баласы Максимдин каны бөлөктүгүнөн кыргыз элине душман жасабас караниеттиктерди жасаганы, “башбакандын” инилери андан кем калышпай үкаларына эрегишип, эр өлтүрүүгө чейин барып жаткандары, дагы көп-көп ашынып кетүүлөрү үчүн атасы ачып берген экономиканы өнүктүрүү департаментинин директорлугунан Максимди, бири айыл өкмөт башчысы болуп туруп иш жүзүндө эки облустун “авторитети”, экинчиси акасынын жансакчыларынын башчылыгынан сырткары бүтүндөй өлкөнүн жанчактысына айланып түмөндөгөн кыңыр иштердин түйүнүн кармаган “кара кагандыктан” кетирүүнү талап кылып, эгер аны орундабаса Бакиевдин өзүнүн отставкага кетүүсүнө катуу мажбурлайт экен деген күдүк сөздөр соңку кездери күчөп кеткен болчу. Бир жылдан бери эле оппозиция ана чыгат, мына көтөрүлөт деп келип мына, жаз да келди. “Эми башталган окшойт... ай, ким билет...” деген Эсен элди аралап баратып:

— Кечинде Атамбаев менен Текебаевди СНБнын СИЗОсуна камап салышыптыр...

— Атамбаевдин үйүн жүздөй спецназчылар штурмовайт кылышыптыр...

— Өмүркуловду да камаптыр...

— Эртең менен эле Москвадан келип түшкөн Сариевди “Манас” аэропортунан СНБычылар кармап кетишиптир...

— Бийликтин бул эмнеси, тыңдардын баарын эле ушинтип жок кыла беришеби?

— Ал, лидерлерди камабаш керек эле. Катуу жаңылышыптыр. Жыландын куйругун басып алышкан турбайбы...

— Эми эл анык көтөрүлөт...— деген күдүң-күдүк сөздөрдү угуп жатты.

Ал, күнүгө ушул, Алматы көчөсү менен төмөн, жөө эле ишине түшүп барат. Акчага да үнөм, ден соолугуна да пайда.

Көпчүлүктүн арасынан көзгө уруна бербеген орто бойлуу, сары жүздүү Эсен темир жолдун көпүрөсүнүн алдынан өтүп баратып артына кызыгып кылчайганда эл миңге чукулдап калгандай көп көрүндү. Дагы бараткандардын аягы жок. “Эмне болушар экен? Бакиев, анын ини-балдары бийликти оңой менен бере коюшпайт. Элге курал колдонгондон кайра тартышпайт. Кан чыгып кетпегей эле...” деген кооптуу кептердин айтылып келатканына көп болду. Күч кызматтарын да парламенттеги акжолчу-аткошчу депутаттарынын колдоосу менен колуна алып алган. Солдаттарды өз элинин толкундоолоруна каршы пайдаланууга Жогорку Кеңештин уруксатын алып, Бай мыйзамга да жаздырган. Ошол кантип кудайга жаксын?! Демократиясы ашынып кеткен эч бир өлкөдө да куралчан аскерлер менен элин тыйып, басуу деген жок. Аскерлер да элден чыккан, элдин эсебинен-казынасынан багылат. Анан элине бактырып алып кайра анын төбөсүн каңдатуу кандай мораль, не деген жосун?!

“Мен ок атканды билемин, бийликти коргой аламын, кай бирлерчилеп өз элимен качып кетпеймин” деп ачык эле мактанбады беле, Бакиев, эл көзүнчө, теледен. Ай, ушу, эл – тегин айтчу эмес эле... не болуп кетээр экен?”

Дегиңкиси Эсен бу, нааразы тарапты колдой турган. Өзү деле алардын бири. Баш оорусу эле: канткенде адам сыңары кеңири үй-жайга жетип, баласы чоңойсо кантип жогорку билим берери, аны кайсыл акчага окутары, кыздарына кандай кесип берип, кантип эл катары турмушка узатары... Аларды ойлогондо амалы куруп, зааркана түшөт. Өзү, аялы деле ошол, каражаттын жоктугунан жогорку билим ала албай калышты. Атасын билбейт, үч жашында эле үйдөн кетип калыптыр, дайыны жок. Энеси эптеп иниси экөөнү чоңойткону менен тыңдап тирек боло албады. Тээ, отуз жылдай илгери эптеп чүргөп алган эки көмүт үйдө азыргачейин кичүү баласы менен айылда өлбөстүн күнүн кечирип келишет. Эсенден болсо аларга эч жардам жок. Өзүнө жетпей жатса балээнин жардамыбы?! Берейин эле дейт...

Эсен аскерден келгенден кийин жарым жылдай айылда каңгып бош жүрдү да иш табылбагандан кийин Бишкекке баса берген. Үлүшкө деп тийген жерин энеси токсон эки, токсон үчүнчү жылдардагы тополоң-катуу кризис кезинде сатып жиберген. Шаардан эптеп жолумду таап, турмушумду оңдоп кетермин деген үмүт баккан эле Эсен. Андай болбоду. Дагы жакшы, майда-чүйдө курулуштарда, базарларда жүк ташып жүрүп компьютерлик курстан эптеп окуй коюп менчик гезитке дизайнер болуп орношуп, өзү кызыгып жүрүп жакшы билип алды. Ошонусу менен эптеп иш таап, жан багып келет. Болбосо ким билет, үй-бүлөсүн кантип бакмак. Көрүнгөнгө малай катары жалданып, же тачке түртүп жүрмөк беле. Эми минтип, үй-жай саткан фирмага орношуп алды. Аз акча болсо да таза, эл катары, жеңил... Мамлекети жарды, башчылары башкарууга татыксыз болсо элинин шору турбайбы! Эл-журтту башкарыш үчүн журтбашылардын каны, улуу адамдардын урпагы болуш керек тура. Эсен бул кепти элден көп угуп жүрөт. Демек, чын. Эл – эч качан жаңылбайт.

— Өх-х!— деп ырахаттана жыргап алды Закиржон, хрусталь ыстакандын ичиндеги аракты кулкунуна куюп жиберип.

Жолдуката, колоннанын баш-аягында улуп-уңшуп, кызыл-көк жарыгын жаркылдатып жол бошоттурган МАИчилер канчалык ашыкса да оозу кургап, башы сынып кете жаздаган. Үйүндө деле башын жазып алса болмок дечи, али жаш кызы менен уулунан уялбадыбы. Балдардын бакырайган таза көздөрү жамандыкка жол бербейт. Аларды алдоо кыйын, кылмыш.

Терезеден көчөдөгү бирин-серин элге сереп салып келди. Ал, акча менен майда-барат көр тирликке жанталашкан байкуштар ким да, Закиржон ким. Букара менен Хан. Алардын ар биринин, керек болсо баарынын өмүрү менен тагдырын каалагандай калчап кое алат. Алар кумурска, Закиржон алардын кудайы. Ушундай өз ойлоруна корстон болуп койду.

Аңгыча катчы кызы эшик черте башбакты.

— Закиржон Салиевич, Данияр Токолович менен Мурат Сүталиевич сизге шашылыш кирсек дейт.

— Анчалык өрттөнүп бараткан эмнелери бар экен?

— Биле албадым...

— Киргизе бер...— деп, атыр жыты буркурап, тал чыбыктай буралган кызга артынан сугун арта карады.

“Көрүнүшүн кара, тим эле куурчактай суйкайымыш этип, көргөмүн сени...”

Мурунтугу жок өгүздөй адыраңдаган өкмөт башчы менен чала сомдолгон сокбилектей солдойгон коопсуздук катчысы кирип келишти. Чакыруусун күтүштүбү же тартиптүү көрүнөлү дештиби экөө тең жалтаң учурашып, босогодо бой тиреше катып калышты. “И, ошентип өз ордуңарды билип жүргүлө. Үлпөттөшкөн менен силер ким да, мен киммин. Чымын чапкандай жалпайта чаап коерумду дайыма унутпагыла” деп Салижон ичинен маашырланды. Ошондон улам тигилерди жанына чакырган жок.

— И, эмне болуп кетти?

Данияр Токолович тамагын каракүчкө кырынымыш этип:

— Закиржон Сали-ич, кечээки сөз болгон “толпалар” “Форумга” чогулуп жатышыптыр...— деп жүүнү бош үн салып, сөзүнүн аягын жутуп жүлжүк көздөрүн коркокбилиш кыбыңдатып калды.

Жанындагысы казык жутуп алгансып какайып үн катпады.

— И, анан, кечээ эле баарын жайлайбыз, талкалайбыз деп опурулуп жатпадыңар беле?

— Түнү менен иштедик, Закиржон Сали-ич. Ажыдаардын жети башын тең кесип, лидерлерин түгөл камап салдык. Эми толпаны спецназ менен кубалатып, алгач түтүн менен, ага болбосо ... атып тымтыракайын чыгара таркатып салалы дейбиз.

— Анда мага эмнеге келдиңер? Көрүндүгүңөрдү берейинби?..

— Жо-о, макулдугуңузду алалы деп эле...

Закиржон тигилерди ата-бабаларынан мурастаган шишик көздөрү менен олурая карап адатынча мытайымданды:

— Талпаны таркатуунун айла-амалын силер сунуш кылгансыңар, мен эмес. Калган тыңдарын снайперлер менен бирден терип коебуз, ошону менен иштери бүтөт дебедиңер беле? Демек акыр-аягына дейре силер жооп бересиңер.— деп тигилердин өз сөзүн эскертип, эмне кылышарын да кыйытып койду.

Тигил экөө өздөрүнө бардык опурталдуу да, оор да жүк оодарылганын сезе коюп аргасыз жасакерлене какая түшүштү.

— Анда аткаралык!

— Ыракым этсеңиз...

— Жөнөгүлө!

 

© Сарманбетов А.И., 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2504